Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09

Total number of words is 4066
Total number of unique words is 1839
30.6 of words are in the 2000 most common words
41.8 of words are in the 5000 most common words
48.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
байланып жаткан учурда, кулагын жарган кандайдыр бир ачуу дабыш аны селт
эттирип жиберди. Көрсө, бул анын кулагына ага азыр эле угулуп жаткандай
сезилген, эчак сиңип калган Бернард Хиггинботамдын жиндиникиндей
каткырган күлкүсү экен.
Алардын артынан Морздордун эшиги жабылганда гана Мартин Руфь менен
бирге басып бара жаткандыгына араң ишенди, ал күтүлбөгөн жерден баш аламан
ойлорго, уйгу-туйгу бүшүркөөлөргө кириптер боло түштү. Бул сейилдин
кубанычы күтүлбөгөн жерден эртең мененки тумандай тарап жок боло түштү.
Себеби ал өзүн кандай кармашты билбей кетти. Ал Руфтун чөйрөсүндөгү адамдар
көчөгө чыгышканда аялдарын колтуктап алышаарын бир нече жолу көргөн.
Бирок, алар дайыма эле минтип жүрүшчү эмес, ал колтукташып жүрүү мүмкүн
кечкисин гана колдонулар, же болбосо, аялдары менен күйөөлөрү, же бир
туугандары менен карындаштары колтукташып жүрө тургандыгын да анчалык
жакшы түшүнбөдү.
Руфь менен тепкич аркылуу түшүп келе жатып, Мартин Минни жөнүндө эсине
түшүрдү. Ал өтө кооздонуп кийүүнү сүйгөн кыз эле. Мартин менен экинчи жолу
жолугушкандан кийин эле, ал ага жентельмендер сыяктуу, кыз менен сейилдикте
бара жатканда, тротуардын ичи менен жүрбөй, сырты менен жүрбөйсүңбү деп
катуу эскертүү берген жана дагы ал, Мартин экөө көчө менен бара жатып, аны
туура кесип өтөөрдө Мартинге жолдун сырт жагы менен жүрүүнү унутпагын деп
эскертип, анын бутун басып коймой адат пайда кылган эле. Бирок Мартин анын
бул сыяктуу эрежелерди кайдан таап алгандыгын жана жогорку таптардын
чөйрөсүндө ушундай эреже барбы же жокпу, жана аны сактоо керекпи же керек
эмеспи анысын толук түшүнө албады.
Акырында Мартин мындан эч кандай кырсык болуп кетпегендигин түшүнүп,
көчөгө чыгары менен Руфту алга жиберип, өзү анын катарына тротуардын сырт
жагы менен жүрүп олтурду. Бирок, ушул замат экинчи бир суроо пайда боло
түштү: өзүн колтуктоону ага сунуш кылыш керекпи, же? Бул убакка чейин ал, эч
качан өзүнүн жанында бара жаткан кызга өзүн мени колтук- тап алыңызчы деп
сунуш кылган эмес эле. Аны менен жүргөн кыздар эч качан жигиттер менен
колтукташып басышчу эмес. Алгачкы таанышкан учурларда алар жигиттер
менен жөнөкөй гана катар басышчу да, андан кийин бара-бара терең
таанышкандан кийин алар мүмкүн болушунча караңгы көчөгө салып, анан
баштарын өздөрүнүн жигиттеринин ийиндерине жөлөп, өздөрү алардын
белдеринен кучактап басышчу. Бирок бул жерде иш башкача эле. Руфь башка
чөйрөнүн кызы. Мына ушинтип, Мартин эмне кылар айласын таппай. башы
катты.
Аңгыча болбой анын башына бир ой келе калды. Ал оң колун саал өйдө
көтөрүп көнүмүш иретинде кокусунан жасангансып акырын ийип койду эле,
укмуш окуя боло түштү. Мартин Руфтун назик колдору өзүнүн билегинин үстүнө
кандайча шып этип келип, коюла калгандыгын билбей да калды. Анын делебеси
козголо түшүп, бир топко чейин ал жер менен баспастан, денесине канат
бүткөндөй, асманга көтөрүлө түшкөнсүп кетти. Бирок, жаңыдан пайда болгон
татаал ойлор анын башын тегеретип жибергенсиди. Алар көчөнү туура кесип
өтүшүп, эми тротуардын сырт жагынан ич жагына түшүштү. Эмне кылуу керек
эми? Руфтун колун коё берип, жолдун экинчи жагына чыгыш керекпи? Эгерде,
көчөнү алар экинчи жолу кесип өтүүгө туура келсе, ан- Да эмне болот? Эгерде
үчүнчү жолу кесип өтүшсөчү? Бул жерде бир нерсе эмнегедир түшүнүксүз,
Мартин өзүнүн одонолугун токтотуп, тартипти сактоого аракеттенди.
Бул аракет дагы аны толук канааттандыра албады, эми ал жолдун ички жагы
менен бара жатып, бат-бат жана кызуулап сүйлөй баштады, ушинтсем жолдун
сырт жагы менен басууну унутуп калгандай түр көрсөткөн болом. Бул бир жакшы
илээ деп ойлоду ал. Мүмкүн анын бул «жаңылыштыгын» Руфь дагы сөзгө
кызыгуунун таасиринен деп түшүнөр...
Бродведе аны жаңы сыноолор күтүп турган эле. Көчө фонарларынын
жарыгынан ал күтүлбөгөн жерден Лиззи Коноллини жана анын күлкүчүл
жолдош кызын көрүп калды. Мартин бир аз ыңгайсыздана, олку-солку боло
түштү да, анан калпагын алып ыклас көрсөтүп, башын ийкеп койду: Лиззи
Конолли аны көздөй жооп кайтарып, Руфтун назик жана токтоо көз карашына
такыр окшобогон жайдары жана келе-келүү көз карашын жиберип, ал дагы
башын ийкегенсип койду. Ал андан кийин көз карашын Руфту көздөй жиберип,
анан анын сырткы түзүлүшүнө — көйнөгүнө сын берип өтүп, коомдук абалына да
түшүнгөндөй болду. Өз кезегинде Руфь дагы ал кызга жагымдуу көз карашын
чаптырып, анын укмуштуу шляпасына таң кала түшкөнүн жана арзан кездемеден
жасалгаланып кийинүүнү аябай жактырышкан жумушчулар табынын кыздарына
окшош экендигин сезгендигин Мартин дароо эле байкай койду.
— Кандай сулуу кыз, — деди Руфь бир мүнөтчөдөн кийин.
Мартин ага бул сөзү үчүн чексиз рахмат айтайын деп ойлоп, бирок, кайра
мындай деди:
— Ким билет. Ар кимдин ою ар түрдүү: мен бул кыздан эч кандай деле
сулуулукту көрүп турган жерим жок.
— Жок антпеңиз! Мындай татынакай келишкен сулуу кыз миңден бирөө гана
чыгат. Чырайы тим эле акак- тай экен. Ал эми көздөрүн карачы!
— Сиз чын эле ушундай деп жатасызбы? — деди Мартин таң кала түшүп,
себеби ал үчүн дүйнөдө бир гана сулуу кыз бар болучу, ал болсо өзү менен бирге
кол кармашып, катар басып келе жаткан Руфь эле.
— Ишенип коюңуз, эгерде ушул кызды жакшынакай кылып кийиндирип жана
өзүн-өзү кандай алып жүрүүгө үйрөтсө, бардык жигиттердин: алардын ичинде
сиздин дагы жүрөгүңүздү, Мартин Иден, сөзсүз бийлерине мен ишенип турамын.
— Ал, эң алды, түзүк сүйлөөгө эле үйрөнүп алса кандай, — деп жооп берди
Мартин, — анткени анын сүйлөгөн сөздөрүнө көпчүлүк жигиттер түшүнүшпөйт.
Эгерде ал сиз менен көнүмүш өнөкөтүнчө сүйлөшө турган болсо, сиз анын
сөздөрүнүн жарымысына да түшүнбөй тургандыгыңызды айтып эле коёюн.
— Келжиректик. Сиз бир нерсени далилдөөгө келгенде, өз оюңузду бербеген
кадим эле Артурдай экенсиз.
— Сиз, экөөбүз биринчи жолу жолуккан кездеги менин кандай
сүйлөгөндүгүмдү унутуп калган жоксузбу? Азыр мен тап-такыр башкача сүйлөп
жатам. Анда мен дал ушул кыздай тилимди чайнап сүйлөчүмүн. Бул убакыттын
ичинде мен сиздердин тилиңиздерге толук үйрөнгөндөй эле болдум, мына
ошондуктан мен сизге өзүңүздүн түшүнүктүү тилиңиз менен сиз анын
сөздөрүнүн бирине дагы түшүнө албайсыз, эч качан, деп айткым келет. Сиз, эмне
үчүн ал өзүн мындай алып жүрөрүн билесизби? Мен азыр гана, мурда башыма
таптакыр келбеген нерселер жөнүндө терең ой жүгүртүп, көп нерселерге түшүнө
баштадым.
— Сиз, эмне үчүн, ал өзүн мындай алып жүрөт дейсиз?
— Билесизби, ал бир нече жылдан бери фабрикада иштеп келе жатат. Анын
жаш денеси кадимки сагыз сыяктуу чоюлчаак келип, оор жумуштун шартына
жараша ар түрдүү формага тез эле өтүп кетүүгө ийкемдүү. Мен тааныбасам дагы,
көчөдөн кандай гана жумушчуну жолуктурбайын, бир көз караштан эле, анын
кандай кесипте иштей тургандыгын так аныктай аламын. Мени байкап
көрүңүзчү, эмне үчүн мен басып бара жатканымда теңселгенсип жүрөмүн?
Билсеңиз, анткени мен жалган айтпасам, бүткүл өмүр бою деңизде жүргөнмүн.
Эгерде мен суучул болбостон, кандайдыр бир касапчы боло турган болсом, анда
мен минтип термеле баспайт элем, бирок менин буттарым семиз, жоон болот эле.
Мына, ушул кыз да, дал ошондой. Эгерде одоно деп эсептебесеңиз, сиз анын
каардуу көз караштарын байкадыңызбы? Себеби — бул бечара, эч качан
бирөөнүн аркасы менен жан-сактаган эмес. Ага ар качан өзү жөнүндө өзү гана
ойлоого, өзү гана кам көрүүгө туура келүүчү, ал эми, жаш кызга өзү жөнүндө өзү
ойлоп кам көрүүгө туура келген учурда, анын көз караштары мисалы... мисалы
сиздикиндей назик жана токтоо болушу мүмкүн эмес.
— Сиз, балким, туура айтып жаткандырсыз, — деди жай гана Руфь. — Кандай
өкүнүчтүү! Карачы, кандай сулуу кыз өзү...
Мартин Руфту көздөй бурулуп, анын көздөрүнөн капалануунун белгилерин
байкады. Ушул замат өзү аны канчалык сүйөөрүн жана бактысына жараша экөө
колтукташып, лекцияга бирге бара жаткандыктын чексиз зор бактысы туура
келгендиги жөнүндө терең ойлоно түштү.
«Мартин Иден, сен кимсиң өзүң? — деп сурады ал ошол күнү кечинде үйүнө
келип, күзгүнүн алдында олтуруп, өзүнөн-өзү. Ал күзгүдөн өзүн-өзү көпкө чейин
кызыгуу менен карап. — Сен кимсиң жана сенин колуңан эмне келет? Сенин,
турмушта ээлей турган ордуң кайда жана кайсыл? Сенин ордуң Лиззи Конолли
сыяктуу кыздардын жанында. Сенин ордуң баштан аяк бардыгы олдоксон, одоно,
орой адамдардын топурандыларынын арасында эмеспи. Сенин ордуң жумушчу
малдардын, ыплас жана икир-чикир булганчтардын арасында. Сенин бет
алдыңда жашылчалардын акыр-чикир таштандылары, картөшкөлөр чирип
жатат. Тур иттин баласы, ошол чирикти барып жакшылап жыттагын. Бол, тез!
Сен болсоң, китеп тиктеп, кооз музыка уккуң, сүрөттөргө берилгиң, өз тилиң
жөнүндө кам көргүң жана өзүңдүн жолдошторуңдун бири дагы ойлобогон ойду
ойлогуң, Лиззи Коноллиге кол шилтеп, өзүңдөн миллион эсе жогору турган
жылдыздардын арасында жашаган кызды гана сүйгүң келет, ээ! Сен кимсиң?
Деги айтчы, сен өзүң кимсиң, ия? Ушул жоргуң сени жакшылыкка алып келет деп
ойлойсуңбу?»...
Ал күзгүдөн өзүнө өзү муштумун түйүп, анан керебеттин четине келип
олтурду да, телмире тиктеген көздөрүн терезе жактан албады. Бир аздан кийин
ал, жаздыктын алдынан дептерин, алгебра окуу китебин алып чыгып чарчы
теңдеменин үстүндө ойлоно баштады. Сааттар жылып, жылдыздар өчүп,
терезеден жаңыдан кылая баштаган таңдын мунарык шооласы сезиле баштады.

XIII ГЛАВА
Жайдын ысык бир күнү, Сити-Холл — багында чогулган жумушчулар табынан
чыккан сөзгө шыктуу социалисттер менен философтордун маеги күтүлбөгөн
жерден Мартинди бир улуу ачылышка түрткөндөй болду. Велосипед тээп, парк
менен китепкананы көздөй бара жатканда, айына бир-эки жолу түшө калып,
алардын кызуу талкуусуна кулак салып тыңшап калуучу, жана алардан тез эле
бурулуп кетүү ал үчүн жеңил иш эмес эле. Булардын талкуулары жалпы мүнөзү
жагынан мистер Морздун талкуусунан бир кыйла айырмаланып туручу. Бул
талашуулар анчалык деле көрүнүктүү жана татыктуу талашуулар эмес боло
турган. Алар өз эркинче талашып-тартышып жана бирин-бири шылдыңдуу ат
менен аташып, богооз сөздөр менен тилдешип, уулуу как- шыктарды
жаадырышып жатышты. Бир эки жолу алар кызыл чеке болушуп салгылашууга
чейин да барышкан. Ошондой болсо да, эмне себептен экендигин Мартин өзү да
жеткире аңдабай, бул талашып-тартышуулардан кандайдыр бир жандуу негизди
сезгендей болучу: сыртынан олуттуу сыяктуу көрүнгөнсүгөн, бирок, артта калган
мистер Морздун көз карашына караганда ага бул талаштар пайдалуураак болуп
сезилди. Англис тилин ыксыз бурмалашып, кээде жинди адамдарга, бири-бирине
өз ойлорун жаңдоо менен түшүндүрүшкөн, жана өздөрүнүн пикир жактан
келишпеген душмандарына кадимки алгачкы коомдордогу адамдардай аяндуу,
айкыруу менен келип бир тийген бул адамдар, ага мистер Морз менен анын досу
мистер Бэтлерге караганда турмушту алда канча көбүрөөк түшүнүшкөн жана
билишкен адамдар сыяктуу болуп көрүндү.
Мартин бактагы чогулуштан бир нече жолу Герберт Спенсер деген атты уккан
болучу, мына, бир күнү ушул жыйналышка анын бир окуучусу келип калды, ал
бечаранын кийими да жок, бир байкуш сел-саяк, көйнөгүнүн жоктугун
билгизбеске аракет кылып, үстүндөгү жупуну күрмөсүнүн бүчүлөрүн тыкыз
кылып топчулап алыптыр. Чексиз көп тартылган тамекинин түтүнү, какырык
менен түкүрүндүлөргө карабай дагы бир кармашуу, талаш башталды, бирок ушул
кармашууда жанагы селсаяк өтө билгичтик менен бардык соккуларга жооп
кайтарып жатты, кала берсе келекелеп: «Түшүнбөстүктөн башка кудай деген жок,
Герберт Спенсер болсо, анын байгамбары!» — деп жумушчу-социалисттердин
бирөөбү кыйкырып чыкканда да, келиштирип жооп кайтарганга жараган. Мартин
талаштын эмне жөнүндө болуп жаткандыгына түшүнө албай, бирок ал Герберт
Спенсерге бөтөнчө кызыгып, китепканадан анын «Негизги башталыштарын»
сурады, себеби бул чыгарма жөнүндө жанагы селсаяк талашып-тартышууда
ушунчалык көп сөз кылып өткөн эле.
Ага бул улуу ачылыштын башталышы болду. Мартин бир күнү Спенсерди
окууга аракеттенип, бирок ал аны окубай «Психологиянын негиздерин» окуйм
деп, кадимки айым Блаватскаяны окуймун дегендей эле, аракети текке кетти. Бул
китептен ал эч нерсени түшүнө албады, жана окубастан китепканага кайра
өткөрүп берди. Бул күнү кечинде ал алгебра менен физиканы окуп бүтүп, көпкө
чейин кармашып ыр жазуудан кийин, керебетине келип жатты да, «Негизги
башталыштарды» ачып окууга киришти. Китептин барагын жаппастан ал танды
да атырды. Ал уктай албады. Бул күнү ал калем сапты да колуна кармап койгон
жок. Ал кабыргалары ооруп кеткенге чейин, кырынан түшүп жатын окуган
абалынан козголбоду, андан кийин ал керебеттен түшүп как жерге чалкасынан
жатып, китепти төбөсүнө кармап, бир колу уюса, экинчи колуна ала коюп окуй
берди. Ал аңгеме жазууга киришейин деп ойлоду эле, бирок, кумардануу
ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал дүйнөдөгүнүн бардыгын унутуп, жана кала
берсе, кечинде Руфь менен жолугууга макулдашкандыгын да эсинен чыгарып
жиберип, кайрадан китеп окууга киришти. Ал качан гана Бернард Хиггинботам
эшикти ачып кирип келип, сеп эмне биздин үйдө ресторан орношкон деп
ойлойсуңбу? — деп сураганда гана эсине келди.
Мартин ар дайым өзүнүн бир нерсеге аябай талаптануучулугу менен
айырмалана турган. Ал бардыгын билгиси келүүчү, бир чети мына ошондуктан
ал, жер шарын кыдыруучу суучулдук — селсаяктык кесипке кызыгып кеткен.
Азыр ал Спенсерди окуп, ал өзүнүн али эч нерсе билбей тургандыгын түшүндү
жана канчалык деңиз кыдырганы менен эч нерсе биле алмак эместигин түшүндү.
Ал өзүн курчап турган нерселерге үстүртөн гана көз жиберип, чачыранды
кубулуштардан кээде айрым корутундуларды чыгарын жүргөн — бирок ал мунун
бардыгын, өзүнө кесепеттүү кокустуктардан чиркелишкендей сезилген
жаратылыш кубулуштарын бир системага келтирип, анын өз ара байланышын
аныктоого эч кандай аракеттенбей иштеген эле. Ал учуп жүргөн канаттууларга
көз жиберип, алардын учуу механизми жөнүндө көп ой жүгүртүүчү; бирок ал эч
качан учуу механизми жөнүндө жана канаттууларды учууга чейин алып келген
өзгөрүү, өнүгүү процесси жөнүндө ойлоп да койгон жок. Кала берсе, ал мындай
процесстин болуп өткөндүгүн аңдаган эмес. Канаттуулар «пайда болушу мүмкүн»
деген ой анын башына келген да жок, ал үчүн канаттуулар башынан эле «дал
ушундай болушкан» жана таралышкандай гана түшүнгөн.
Дал ушул чымчыктар жөнүндө анын ою кандай болсо, башка бардык нерселер
жөнүндө да анын ою ошондой эле. Анын билиминин жана ой жүгүртүү
машыгуусунун жоктугунан анын бардык философиялык корутундулары
натыйжасыздыкка дуушар болду. Канттын орто кылымдык метафизикасы ага өз
акыл күчүнө ишенбестикке түрткөндөн башка, эч кандай пайда келтирген жок.
Ал ушундай эле натыйжасыздыкты эволюция теориясын Роменстин өтө татаал
китеби боюнча үйрөнө баштаганда да учуратты. Бул окуудан тапкан бир гана
пайдасы — бул тантыраган тил менен баяндоого аракет кылган кээ бир ашкере
чеберсинген адамдардын эч кандай негизи жок ойлоп чыгарган теориясы деп
аталып келген эволюция жөнүндөгү түшүнүк болучу. Азыр болсо, ал бул теория
чындыгында тап-такыр жылаңач теория эмес, жалпыга маалим өнүгүүнүн закону
экендигин сезип турду. Эгерде бул маселе боюнча окумуштуулардын ортосунда
дагы талаш жүрө турган болсо, эволюциянын түрлөрүнүн жекече маселелери
боюнча болушу мүмкүн деп ойлоду ал.
Мына, эми, — Спенсер деген окумуштуу чыгып, мунун бардыгын бириктирип
бир системага келтирип, корутундулар чыгарып, жана бул айкын-ачык тартипке
келтирилген дүйнө Мартинди таң калтырып, анын көз алдына кадимки
суучулдардын өздөрү кооз кылып жасап, суу куюлган айнек банканын ичине
салып сатышкан кеменин кичинекей модели сыяктуу айкын-ачык элестегендей
боло түштү. Бул жерде эч кандай күтүлбөгөн жана кокустук нерселер жок эле.
Бардыгы табигый закондун негизинде болучу. Ушул законго баш ийүү менен
чымчыктар асманга учуп чыгышуучу, ушул эле законго баш ийүү менен формасы
суюк кан кыймылга келип, чоюлуп олтуруп дене пайда болуп, жана бул денеге
канат бүтүп, акырында келип, бүткүл канаттуулар пайда болгон эле.
ндии акыл-эси барган сайын такшалып олтуруп, мына эми азыр, эн жогорку
бийиктигине жеткенсиди. Ал күтүлбөгөн жерден заттардын сырдуу мазмуунуна
түшүнүп, жана табийгаттын сырына түшүнгөндүдүгү аны мас кылып да жиберди.
Ал түшүндө зор окуялар менен аралаш кудайларды да көргөндөй болду. Күндүз
болсо, ал кадимки элирме тийген адамдай болуп, өзүнүн бүдөмүктөшкөн көз
алдынан Спенсер ачкан гана дүйнөнү көргөндөй басып жүрдү. Тамак ичип
олтурган мезгилде да, ал өзүнүн көз алдындагы бардык нерселердин себептүү
байланыштарын табуу менен алпурушуп, жашоо турмуштун ар түрдүү майда
маселелери жөнүндөгү бакылдаган сүйлөшүүлөр менен талашууларга көңүл
бурбады. Ал столдогу жайпак табакта турган этке түшкөн күндүн нурларына көз
чаптырып, жана алардын бардык кубулушу, өзгөрүлүүсү аркылуу чыккан
миллиондогон миль алыс калган булагына чейин ой жүгүртүп, ошол эле замат
анын ою өзүнүн колдорунун булчуңдарын кыймылга келтирип, аны эт кесүүгө
мажбур кылган күч жана бул булчуңдарга буйрук берип турган өзүнүн мээси
жөнүндө жана акырында кайрадан күндүн энергиясы жөнүндөгү ойго келип
такалганга чейин кыялга чумуй берди. Ал терең ойго ушунчалык түшүп
кеткендиктен Джимдин: «Жигит акылдан айныды» деген сөзүн уккан жок,
эжесинин корккондой көз караштарын да байкабады, Бернард Хиггинботамдын
«Мээ дегенден ыпым жок» деп, маңдайын чукуп көрсөткөн сөөмөйүнө да көңүл
бурган жок.
Мартинди бардыгынан күчтүү таң калтырган нерсе, бул илимдердин өз ара
байланыштуулугу, кала берсе, бардык илимдердин өз ара байланыштуулугу
болду. Ал билимге ушунчалык умтулчаак жигит болучу, бирок анын мурдагы
билгендери анын эсинин айрым клеткаларына бөлөк жайгашкандай туюлчу.
Мынакей, анын эсинин бир клеткасына деңизде сүзүү боюнча бир канча
үзүндүлүү маалыматтар топтолгон. Экинчи клеткасында — аялдар жөнүндөгү
маалыматтар. Бирок, бул эки клетка ал үчүн эч качан бири менен бири катнаша
албаган. Андыктан аялдардын долулугу менен бороондуу күндөгү кеменин
чайпалышынын ортосундагы байланыш бар деш Мартин үчүн эч качан мүмкүн
болбой турган жана жеткен сандырактык корутунду болуп көрүндү. Бирок,
Герберт Спенсер мындай ойдо эч кандай сандырактык жок экендигин гана эмес,
кала берсе, тескерисинче, бул эки кубулуштун ортосунда байланыш болбой
коюуга мүмкүн эмес деп далилдеген; Дүйнөдөгүнүн бардыгы, алыскы асман
тереңдигинде орношкон жылдыздардан тартып, адамдын таман алдында жаткан
кумдардын эң майда бөлүкчөлөрүнө чейин бири-бири менен тыгыз
байланыштуу.
Бул Мартинди дайыма таң калтыруучу күч болуп, ал ушу планетадагы жана
башка планеталардагы заттар менен кубулуштардын ортосундагы байланышты
издеп табууга аракеттенүү менен дайыма алек болду. Ал өзүнчө ар түрдүү
нерселердин бир канча тизмесин түзүп, алардын ортосундагы байланыштарды
тактап, аныктаганга чейин. — тынч ала албады. Мына, ошентип, ал сүйүүнүн,
поэзиянын, жер титирөөнүн, оттун, ок жылаандын, асман желесинин, асыл
таштардын, майыптыктын, күндүн батышынын, арстандын айкырышынын,
күйүүчү газдын, райымсыздыктын, сулуулуктун, баш кесерлердин, ойноштордун,
таянычтардын, тирөөч чекиттердин жана тамекинин ортосундагы өз ара
байланышты түздү. Азыр анын көз алдына бүткүл ай-аалам бирдиктүү бир нерсе
болуп көрүнүп, ал анын, булуң-буйткалары, сырдуу чытырман токой туюктары
менен, мурда эч ким иш жүзүнө ашыра албаган максаттарды көздөй өжөрлүккө
салып бара жатып, адашкан жолоочу сыяктуу болбостон, эч нерсени көз
жаздымында калтырбастан, байкагандарынын бардыгын картага тыкандык
менен түшүрүп бара жаткан байкоочу — саякатчы сыяктуу болуп сапар чегип
жүрдү. Ал канчалык көп билген сайын, ошончолук бул дүйнөгө жана бул дүйнөдө
жашап жаткан өзүнүн өмүрүнө суктанды.
— Эх, аңкоо! — деди ал өзүнүн күзгүдөгү сүрөтүнө кыйкырып, — сенин
жазгың келди жана жаздың, ал эми сенин жаза турган эч нерсең жок болучу!
Макул эмне жөнүндө жазмакчы элең? Түшүнүктөрүң маанисиз, сезимдериң
тайкы, сулуулук жөнүндө түшүнүгүң бүдөмүк — наадандыктын уюткусу, жүрөгүң
болсо махабаттан жарылып кетүүгө даяр, өзүмчүлдүгүң сүйүүңдөй эле күчтүү,
наадандыгыңдай эле натыйжасыз. Анан дагы жазгың келет, ээ? Бирок, сен азыр
гана эмнелер жөнүндө жазуу керек экендигин билип келе жатасың. Сенин
сулуулук жөнүндө жазгың келет, бирок, өзүңдүн сулуулуктун табийгаты жөнүндө
түшүнүгүң барбы? Жок. Турмуш жөнүндө жазгың келет, бирок анын мазмунуна
түшүнөсүңбү? Сенин дүйнө жөнүндө жазгың келди, ал эми дүйнө болсо сен үчүн
кадимки кытайдын баш катырмасы сыяктуу түшүнүксүз. Сен эмне жөнүндө гана
жазбагын, анын бардыгы баштан аяк өзүңдүн наадандыгыңды өзүң дагы бир
жолу ашкерелеп, көрсөткөндүгүң болуп эсептелет. Бирок капа болуп, төмөн
чөкпөгүн, менин эркебайым, Мартин! Сен али көп жазасың. Сен азыр бир нерсеге
жаңыдан гана түшүнүп келе жатасың, албетте, азырынча өтө аз, бирок сен туура
жолго эми түштүң, бара-бара абдан көптү билесиң. Эгерде сенин бак- тың ачылса,
качандыр бир кезде, адам билгендин бардыгын сен дагы билесиң. Мына, дал
ошондо сен жазасың!
Өзүнүн кубанычын жана таң калуусун бөлүштүрүүнү ойлонуп, ал Руфка
өзүнүн улуу ачылышы жөнүндө билдирди. Бирок Руфтун буга өтө токтоолук
менен мамиле кылгандыгына караганда, ал, калыбы мунун бардыгын мурда эле
билсе керек. Руфтун мындай мамилеси — аны таң калтырган жок, мунун себеби
— бардыгы Руфь үчүн, анын өзүнө сезилгендей жаңылык эмес экендигин жакшы
түшүндү. Ал эми Артур менен Норман болсо, анын билимине караганда, экөө тең
эволюциялык теориянын жактоочулары жана анчалык зор таасир көрсөтпөсө
дагы Герберт Спенсерди окушкан көрүнөт, ал эми көз айнекчен жигит Вилли
Ольнэй болсо Спенсер деген атты укканда, жагымсыз гана жылмайып койду да,
Мартин баштан угуп жүргөн: «Түшүнбөгөндүктөн башка кудай деген жок, ал эми
Герберт Спенсер болсо, анын байгамбары» деген кескин-кескин айтылган
пикирди кайталады.
Бирок Мартин бул Ольнэй менен Руфтун ортосунда эч кандай жакындык жок
экендигин сезгенден кийин, анын жанагы келекелүү күлкүсүнө анчалык маани
берген жок! Анын угушуна караганда, Ольнэй Руфь менен жакындык мамилеси
жок түгүл, кайра ал Руфь менен от менен суудай экен. Мартин буга түшүнө
албады. Бул, ааламдын башкы кубулуштары менен байланыштырууга,
түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон, бөтөнчө бир өзүнчө кубулуш боло турган. Ал
гана эмес, Мартин Руфтун ушунчалык сулуулугу менен жароокерлигине табигый
бир кемчилигинин себебиненби Ольнэйдин баа бере албагандыгына боору да
ачып кетти. Алар жекшемби күндөрү көпчүлүк учурларда бардыгы чогулушуп
алып, велосипед тебише турган, бул сейилдикте жүргөндө Мартин Руфь менен
Ольнэйдин кайнаса каны кошулушпай тургандыгына анык көзү жетти. Руфь,
Артур жана Мартиндин маегине көп аралашпай, Ольнэй Норман менен
жакындашып кеткендигине Мартин өтө ыраазы болду.
Бул жекшемби Мартин үчүн тим эле, эки эсе майрамдай салтанаттуу болуп
көрүндү, анткени — бул жекшембиде Руфь менен сейил курса, бир жагынан
Руфтун чөйрөсүндөгү жаштар менен таанышып аралашты. Бул жаштар
үзгүлтүксүз окуп билимге ээ болушса дагы, Мартин өзүн акыл жагынан булардан
кем калышнай тургандыгын сезди; алар менен аңгемелешүү ал үчүн туура
сүйлөөнүн практикасы болду. Ал өзүнүн байкагычтыгына ишенип, жүрүш-туруш
эрежелеринин көрсөтмө китебин окубагандыгына көп болгон. Ал кээ бир гана
учурларда бөлөк нерсеге алагды болуп кетип, байкабай эле калбаса, дайыма
кылдаттык менен өзүнүн жолдошторунун бардык кылык-жорук, кыймылдарына,
сүйлөгөн сөздөрүнө чейин көңүл буруп, алардын бири-бирине кылган
мамилелерин ийне-жибине чейин калтырбай эсине сактап калууга аракеттенди.
Спенсерди элдин аз окугандыгы Мартинди таң калтырып жиберди — себеби
— маалыматтар бөлүмүндөгү китепканачы бир күнү ага кайрылып, — о, Герберт
Спенсер — бул улуу акылдуу адам эмеспи. — Калыбы, ушул китепканачынын өзү
дагы бул улуу акылдуу Спенсердин жараткан чыгармаларын эң аз билсе керек.
Бир күнү Морздордун үйүндө, түшкү тамактын мезгилинде, Мартин мистер
Бэтлердин көзүнчө Герберт Спенсер жөнүндө кеп кылып калды. Мистер Морз бул
англиялык философдун идеалисттик теориясы менен көз карашын катуу сынга
алды да, экинчиден анын «Негизги башталыштарын» окубагандыгын эскерте
кетти, ал эми мистер Бэтлер болсо, Спенсердин чыгармалары аны зериктирип
жибере тургандыгын жана анын бир дагы барагын акырына чейин окуй албай
тургандыгын, анын чыгармасысыз эле жан сактай тургандыгын баяндады.
Мартиндин башына олку-солку ойлор келе түштү, эгерде анын бекем жеке көз
карашы болбогондо, анда ал көпчүлүктүн пикирине кошулуп кетип, мындан ары
Спенсердин эмгектерин окууну токтотуп салмак эле. Бирок Спенсердин дүйнөгө
көз карашы ага талашсыз чындыктай көрүнүп, андан баш тартуу, ага кадимки
деңиздеги суучул деңизге картасы менен компасын ыргытып жибергендиги
менен барабардан сезилди. Мына ошондуктан, Мартин эволюция теориясын
үйрөнүүнү улантып, улам барган сайын аны тереңдеп окуп, жана Спенсердин көз
карашын кубаттаган миңдеген башка жазуучулардын чыгармаларын
жолуктурду. Ал чыгарманы канчалык тез окуп үйрөнгөн сайын, ошончолук бет
алдынан илимдин али изилдениле элек тармактары ачылып жана ар бир суткада
жыйырма төрт гана саат бар экендигине аябай өкүнүчтө боло түштү.
Бир күнү ал, күндүн кыскалыгын эсепке алып, алгебра менен геометрияны
таштап салды. Тригонометрияны болсо, ал колуна да кармай элек. Андан кийин
ал өзүнүн тизмесинен химияны сызып таштап, физиканы гана калтырды.
— Мен адис эмесмин да, — деди ал бир күнү Руфка актангандай, — менин адис
болгум да келбейт. Ал эми, илимдердин тармактары болсо, ушунчалык көп, анын
бардыгын үйрөнүп чыгууга адамдын өмүрү да жетишпейт. Мен жалпы билим
алгым келет. Эгер мага атайын билимдер керек болсо, мен аларды китептерден
окуп үйрөнө аламын.
— Бирок бул, ал билимдерди өз күчүң менен алгандыкка таптакыр жатпайт,
— деп каршы чыкты Руфь.
— Эмне үчүн аны өз күчүбүз менен алышыбыз керек? Биз ар дайым
адистердин эмгектеринен пайдаланабыз да. Ошондуктан алар адистер да, эгерде
андай болбосо, алардын эмне кереги бар? Сиздикине келип, мен V мор
тазалагычтардын иштеп жатканын көрдүм. Алар дагы адистер, алар өз иштерин
бүтүргөндөн кийин, сиздер, мештин түзүлүшүн билбеген болсоңуздар дагы,
тап-таза болуп тазаланган мешти пайдалана баштайсыздар.
— Коюңуз, бул ага байланышы жок кеп!
Руфь ага жактырбагандай көз кырын жиберди эле, Мартин анын карашынан
жана үнүнөн зекүүнү байкады. Бирок ал өзүнүн туура айтып жаткандыгына
бекем ишенип турган эле.
— Жалпы маселелердин үстүндө иштеген бардык ойчулдар, бардык акылы
даана адамдар чындыгында адистердин эмгектеринен пайдаланышкан. Алар көп
миңдеген изилдөөчүлөрдүн ачкандарын корутундулашып, жалпылашкан. Жана
Герберт Спенсер да ошенткен. Ал жер үстүндөгү бардык окумуштуулардын
ачкандарын корутундулап чыкты. Жана бардык нерсенин сырын өзү ачыш үчүн
ага миңдеген жыл өмүр да чак келбес эле. Дал ушундай эле окуялар Дарвиндии да
башынан өт- көн. Ал багбандар менен малчылардын билгендерин пайдаланган.
— Туура айтасыз, Мартин, — деди Ольнэй, — сиздин максатыңыз бар экен, ал
эми Руфта болсо андай белгилүү максат жок. Ал кала берсе, өзүнө эмне керек
жана эмне керек эмес экендигин дагы жакшы билбейт окшойт. Ооба, ооба, —
деди ал каршы чыгууга Руфка мүмкүндүк бербей сөзүн улантып, — сиз муну
жалпы маданияттуулук деп эсептегиңиз келип жатат, билип турамын. Ал эми
ушул маданияттуулукка жетишүү — бул изилдеп үйрөнүү да эмеспи? Сиз француз
тилин үйрөнсөңүз дагы, немец тилин, же болбосо, эл аралык жасалма тилди
үйрөнсөңүз дагы — баары бир, «жалпы маданият» деген нерсеге ээ болосуз,
туурабы? Же болбосо, колдонууга сизге эч качан туура келбесе дагы грек менен
латын тилдерин үйрөнөсүз дейли. Бирок, сиз маданияттуулукка ээ боло аласыз.
Мына, "Руфь мындан эки жыл мурун англо-саксондук тилди үйрөнүүгө
аракеттенип, кала берсе, жакшы эле үйрөнүп калган болучу, ал эми азыр болсочу
«жыпар жыттуу апрель айынын жамгыры кандай сонун» деген бир сүйлөмдөн
башка эч нерсени билбейт, унутуп салган. Туура эмеспи, Руфь? Бул болсо, сизге
«жалпы маданиятты» берген эле, — деп күлүп жиберди ал Руфка каршы чыгууга
мүмкүндүк бербестен. — Билем, билем. Экөөбүз бир курста окубадык беле.
— Сиз маданият эмес, каражат деген сыяктуу сүйлөп жатасыз! — деди
жактырбагансый түшүп Руфь. Анын көздөрү жалындап өңдөрү кызара түштү. —
Маданият өзүнөн өзү баалуу нерсе. Аны билип коюңуз!
— Бирок Мартинге бул керек эмес да.
— Сиз кайдан билесиз?
— Мартин өзүңүз эле айта коюңузчу. Сизге эмне керек? — деди Ольнэй аны
көздөй тез бурулуп.
— Туура айтат Мартин, айта бериңиз сизге эмне керек, — деди Руфь, — Бул
биздин талашыбызды чечет.
— Албетте, мага маданият керек, — деди Мартин калдастай түшүп. — Мен
сулуулукту сүйөмүн, ал эми маданият болсо, мага бул сулуулукту жакшыраак
баалоого жана түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Руфь кубаттагандай түрдө башын ийкеп койду.
— Келжиректик! Сиз муну өзүңүз да жакшы түшүнүп жатасыз, — деди
Ольнэй. — Мартин маданиятка эмес, даражага жеткиси келип олтурат. Анын
маданиятка ээ болбой туруп мансап, даражага жетмек эмес, бул бир кокусунан
тушташ келүү. Эгерде ал химик болгусу келсе, маданияттын ага эч кандай деле
кереги жок болор эле. Мартин, билесизби, жазуучу болгусу келет, бирок ал бул
жөнүндө айтуудан тартынып тургансыйт, себеби — биздин бул пикир
талашыбыздан сиздин утулуп калышыңызды каалабай. Эмне үчүн Мартиндин
жазуучу болгусу келет, билесизби? — деп сөзүн улантты ал. — Себеби ал
материалдык жактан начар турат. Сиз эмне себептен саксон тилин үйрөнүп
«жалпы маданиятка» жетишүүгө аракеттендиңиз? Мунун — себеби сиз келечегиңиз үчүн анчалык деле күйүп-бышып, далбас урбай деле коё аласыз. Ал үчүн
сиздин кам көрө турган атаңыз бар. Ал сиз үчүн эмне десеңиз ошону, айталык,
көйнөк жана башка кийим-кечектерди сатып берет. Сиз ойлоп көрүңүзчү Артур,
Норман жана дагы сиз экөөбүз алган билимден эмне пайда? Биз кекиртегибизге
чейин «жалпы маданият менен куралданганбыз» эгерде биз, кокустан эртең эле
жакырдана түшсөк, чынымды айтайын, мектептин мугалимдигине да жарабай
калар элек. Руфтун бул кездеги өтө эңсеп жүргөн кесиби — бул кыштак мугалими
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.