Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28

Total number of words is 4151
Total number of unique words is 1865
32.9 of words are in the 2000 most common words
43.9 of words are in the 5000 most common words
50.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
билүүчү, ал эми азыр ал ушул бакка кирери менен ошол эчаккы унутулган жаш
кезектин элестери сезиминде ойгоно түшкөндөй болду. Бул жумушчулар болсо,
чындыгында анын чөйрөсүндөгү жолдоштору боло турган. Ал ушулардын
арасында туулуп, ушулардын арасында чоңоюп өскөн жана ал азыр алар менен
көп жылдардан кийин кайрадан жолугушуп олтургандыгына өтө кубанычтуу
болду.
— Ой, бул Мартин эмеспи? — деген сөз анын кулагына күтүлбөгөн жерден
шак дей түштү. Аңгыча болбой тааныш бирөөнүн колу аны ийинден булкуп
алгандай болду, — Ой, каяктан шумпай, кайда жүрөсүң... Деги дарегиң чыкпай
кетти да? Сүзүүдө жүрдүңбү? Же кай- да жүрдүң? Кана эмесе, кел олтура кой, бир
нерсе жутуп коёлу!
Бул болсо, кээ бир гана жолдоштордон башкасынын бардыгы баягы эле, эски
компания боло турган, рас алардын да кээ бирлери бул жерде жок эле. Булардын
бардыгы тең ташчылар эмес эле, бирок алардын бардыгы бул сыяктуу
жекшембидеги оюн-шоок кечелеринде болушуп, кумардан чыкканча бийлешүүнү
жана өткөн кеткендерди козгошуп аңгемелешүүнү, күчтөрүн сынашып көрүүнү
өтө каалашуучу. Мартин алар менен кошулуп бир аз ичкенден кийин кызый
түштү. «Кандай акмакчылык, — деп ойлоду ал, — карачы, булар менден канчалык
алга озуп кетишкен!». Ал ушул замат өзүн-өзү эгерде өз чөйрөмдү чанып кетпеген
болсом, эгерде илимдердин артынан түшүн, кубалабаган болсом жана өзүмдүн
жогору турган адамдардын чөйрөсүн көздөй умтулбаган болсом, азыркыга
караганда алда канча бактылуураак болмок элем, деп, катуу жемелеп жиберди.
Кала берсе, пиво дагы ал жылдардагыдай даамдуу көрүнбөйт! Даамы таптакыр ал
кездегидей эмес. Калыбы, ага бул жөнөкөй пивону унутууну Бриссенден, ал эми
өзүнүн бала кездеги шайыр теңтуш-курдаштарын унутууну болсо ага китеп
үйрөткөн болсо керек. Бирок, ал өзүнүн али бардыгынан таптакыр артта
калбагандыгын далилдөө үчүн, павильонду көздөй бийлөөгө жөнөдү.
Павильондон ал эжесинин квартирасында туруучу Джим деген жигит менен
кездешип калды, анын жанында кара көз, кара чач, сулууча келген бир узун
бойлуу кызы бар экен. Ал Мартинге эмнегедир бөтөнчө кичи пейилдикти
көрсөткөндөй боло түштү.
— Мына, бул ушундай жигит болучу! — деди Джим Мартиндин
жолдошторунун саал ачуусун келтиргендей, жана өзүнүн кызы менен Мартиндин
чимирилип сонун бийлеп жаткандыгына кызыгуу менен көз жиберип. — Бирок,
менин капа болгонум да жок. Кайра мен муну жолуктургандыгыма өтө
кубанычтуумун! Карачы, кандай укмуштай бийлейт, ия! Ушундай жигит менен
бийлеген кызды ким күнөөлөйт.
Бирок, Мартин кара көз кызды Джимдин колуна таптаза бойдон алып келип
тапшырды жана ал үчөө табышкандык үчүн деп, бир стакандан вино
кагыштырышып жиберишти да, дагы бир беш алты достор менен бирге
каткырышып, күлүшүп, көңүл ачууну уланта беришти. Мартиндин кайтып
келишине бардыгы кубанычтуу болушту. Анын жарыкка али бир дагы китеби
чыга элек эле, мына ошондуктан ал алардын мамилесинен эч кандай шек санай
турган жасалмалуулукту сезмек эмес. Алар анын дал өзүн гана сүйүшө турган. Ал
куугундан кайтып келип, өзүн азыр кадимки жалгызсыраган кандын уулундай
сезип жана жүрөгү бул — шат-шайыр куулук-шумдугу жок анык жүрөктөн
чыккан тамашага термеле түштү. Мартин табына келе түшкөндөй болду. Анын
үстүнө дагы чөнтөгүндө долларлары шыңгырап, ал бул долларларын оңду-солду
аянбастан кадимки мурдагы сүзүүдөн келген кездеги сыяктуу чача берди.
Аңгычакты болбой, Мартин бийлеп жүргөндөрдүн арасынан Лиззи
Коноллини көрүп калды, ал кандайдыр бир жумушчу жигиттин кучагында
тегеренип жүргөн эле. Бир аздан кийин Мартин павильонду кыдырып жүрүп,
анын тегерегинде муздак ичкилик ичип жатышкан столдо олтургандыгын көрдү
да, токтоло түшүп жанына басып келди. Лиззи Конолли бул жолугушууга өтө таң
кала түшүп жана кубанып кетти. Ал Мартиндин жалындуу музыка тартылып
жаткан бак жакка барып кичине сейилдеп жана сүйлөшүп келели деген сунушун
кабыл алды. Биринчи эле сөздөн Мартин бул кыз шексиз өзүнө таандык
экендигин ачык түшүнүп турду. Бул жөнүндө анын каймактана түшкөн
көздөрүнөн чыбыктай болгон денесинин кыймылдарынан жана анын Мартиндин
ар бир сөзүнө ой жүгүртүп, бөтөнчө көңүл бургандыгынан ачык-айкын сезүүгө
мүмкүн эле. Бирок, азыр Лиззи баягыда Мартин театрдан жолуккандагыдай жаш
кыз эмес эле. Ал азыр аял болуп калган, бирок ошондой болсо да, анын жаштык
шайырдыгы, жагалданган сулуулугу эми толук көркүн ачкан кези жана анын
жандуулугу мурдагыдай эле калып, бирок, саал токтоо болууга үйрөнө баштаган.
— Карачы, чүрөк тим эле, анык чүрөк, — деди Мартин эрксиз толкундануу
жана суктануу менен. Мартин эгерде кичине эле көз ирмеп, же болбосо, акырын
гана «жүр» деп коё турган болсо, Лиззинин, өзү менен бирге жердин жети катар
түбүнө болсо да, кете берүүгө даяр тургандыгын толук сезип турду.
Ушул учурда кандайдыр бир адамдын темирдей катуу муштуму келип анын
желкесине тарс дей түшкөнүн сезди. Моюнга талдап урса керек, бирок шашып
кетип, жаза коюп калгандай болду. Бул күтүлбөгөн жерден кол салган адам
Мартинди дагы бир жолу кайталап коюп жиберейин дегенче болбой, ал чукул
бурулуп кетип тийбей калды. Мартин эптүүлүк менен буйтай бер- генде,
муштаган жерине тийбей калды жана Мартин жооп кайтарган сокку менен
өзүнүн душманын жерге көмөлөтө уруп жыкты. Бирок, ал ошол замат
буркан-шаркан түшө ордунан кайра ыргып турду, Мартин анын жек көрүүмдөн
кубара түшкөн жүздөрүнө таң калуу менен карап, ичинен мен бул жигитти
мынчалык авалга жеткиргендей эмне кылдым? — деп ойлоду. Ошондой болсо да,
бул таң калуу ага кайрадан баш тартпаган сокку урууга жана бир уруу менен
душманын жерге сулатып түшүрүүгө тоскоолдук кыла албады. Джим жана анын
башка жолдош-достору экөөнү курчап алышты да, катуу кыжың-кужуң боло
түштү.
Мартин катуу калтырап кетти. Мына эмесе, баягы өткөн бактылуу күндөр:
бийлер, шоок-кечелер, мушташуулар! Ал өзүнүн күтүлбөгөн душманын көз
жаздымынан өткөрүп жибербестен туруп, Лиззи Коноллини көздөй, тез көз
жиберди.
Демейде мындай окуялар болуп жаткан учурда кыздар корккондорунан
кыңкысташып, эмне кылышарын билбей, далбастай түшүшөр эле, бирок Лиззи
антпеди. Ал бүткүл денеси менен алга умтулуп, демин чыгарбай эки колун
көкүрөгүнө алып карап турду жана анын жүздөрү кызарып; көздөрүнөн болсо
кубануунун нурлары чачырай түштү.
Мартинге кол салган адам болсо, ордунан тез тура калып, өзүн коё бербей
турушкан жумушчулардын колунан бошонуп кетүүгө жулкунду.
— Кыз мени менен барууну каалаган болучу! — деди ал, жек көрүү менен
чаңырып. — Ал мени менен барууну каалаган болучу, бирок мынабу арсыз акмак
аны ээрчитип кетти! Коё бергиле! Мен анын атасын таанытамын!
— Сен эмне, жинди болуп кеттиңби! — деди Джимми аны токтотууга
аракеттенип. Бул Мартин Иден эмеспи! Сен аны менен андан көрө такыр
байланышпагын. Ал сенин мурдуңду кандап коёт.
— Эмне үчүн анда кызымды алып кетет? — деди ал кыйкырып. — Алып
кетүүгө кандай акысы бар?!
— Ал сен гана эмес, атактуу голландиялык жел тамандын оозун буза
койгондугун билесиңби? Ал дагы оңой жигит эмес болучу, ошондой болсо да, аны
эки ургандан чыгарган эмес. Ал эми, сен болсоң, анын колунун учуна да
келбейсиң. Билдиңби?
Бул сөздөн, калыбы, тиги жигит саал сездей түштү окшойт, Мартинди көздөй
тешиле бир жолу тиктеп алды да, көп анча кыжырданбастан мындай деди:
— Андай деле түрү байкалбайт.
— Голландиялык жел таман да сенчилеп ойлогон, — деп Джимми ишендире
баштады. — Жүргүн! Бул ишти таштагын! Башка кыздар эмне, түгөнүп жок болуп
калыптырбы, ыя?
Жигит акырында макул болуп жана бардык компания павильонду көздөй
жабыла бет алышты.
— Бул жигит ким? — деп Мартин Лиззиден сурап калды. — Эмне болуп
кеткенине өзүм дагы түшүнбөй кеттим.
Ал, күрөшүү дагы өзүн мурдагыдай толкундатпагандыгып кайгыруу менен
сезип турду. Ал өзүн-өзү талдоого терең берилип кетип, кадимки алгачкы
доордогу адамдар сыяктуу ойлоо да, сезүү да жөндөмдүүлүгүнөн ажырай
түшкөндөй болду.
Лиззи башын ийкеп, мындай деди:
— Ооба, бул бир тааныш жигит, экөөбүз акыркы күндөрдөн бери таанышып,
көңүл ачып жүргөн элек.
Лиззи бир аз унчукпай калды да, анан кошумчалап:
— Жөн эле, өтө эригип кеткен болучумун... бирок мен сени эч качан унуткан
эмесмин...— ал үнүн басыңкыраак чыгарып, көз карашын айланага жиберди. —
Эгерде сиз мени менен жүрө турган болсоңуз, аны таш- таш оңой!..
Мартин аны көздөй кылдаттык менен көз жиберип чыгуу менен, азыр колдон
алып, өз эркинче бекем сыга кучактоого мүмкүн экендигин сезип турду, бирок
анын жөнөкөй чыгып жаткан сөздөрүн тыңдоо менен, кайра аны китептик
жылма сөздөр менен алдагысы келбеди жана... Лиззинин сөзүнө жооп берүүнү да
унутуп койду.
— Сиз аны мыктылап текке келтирип койдуңуз окшойт, — деди Лиззи
каткырып күлүп.
— Чымыр жигит көрүнөт, — деди кең пейилдик менен Мартин. — Эгерде
бизди ажыратышып кетпегенде, аны менен далайга чейин кармашууга туура
келмек эле.
— Баягыда бир, сизди мен бир кыз менен бара жаткандыгыңызды көрдүм эле,
ал кайсы кыз эле? — деп сурап калды Лиззи.
— Жөн эле бир, тааныш кыз болучу, — деп жооп берди ал.
— Ким билет, ошондо бир көргөм айтор, — деди ал ойго чөгө түшүп, — азыр
мен үчүн ал окуя миң жыл мындан мурун болуп өткөндөй сезилгенсийт!
Мартин анын бул сөзүнө эч нерсе деп жооп кайтарбастан, сөздүн темасын
башка жакка буруп кетти. Алар ресторанга барышып, вино ичишип, кымбат
баалуу тамактардан жешти, андан кийин ал экөө бийге келишип, кумардан
канганча, буттары талыганча аябай бийлешишти. Мартин бийлөөнү укмуштай
сонун биле турган мына ошондуктан Лиззи бут-бутуна тийбей эпелектей катуу
чимирилип бийлеп жатты; ал башын Мартиндин ийнине акырын коюп, чексиз
жыргалга күшөй түшкөндөй болду. Андан кийин алар кайрадан бакка барышып
жана өздөрүнө жаккан эски адат боюнча, Лиззи көк шиберге көчүгүн коюп, бутун
сунуп жиберип, Мартин болсо, чалкасынан түшүп, башын Лиззинин тизесине
жөлөп жата кетти. Ал мына ушинтип жатып, тез эле үргүлөп кеткендей болду, ал
эми Лиззи болсо, анын чачтарынан эркелеткендей сылап чексиз сүйүү жанган көз
караштарын анын жүздөрүнө жиберди.
Мартин бир аздан кийин көзүн ачып, Лиззинин көздөрүнөн назик нурданууну
учуратты. Лиззи уялынкырай түштү да, кайра ошол замат чыйрала түшүп,
Мартинди көздөй чечкиндүү жана өткүр көз карашын жиберди:
— Мен сени канча жылдар бою күттүм, — деди ал үнүн угулар угулбас
чыгарып.
Мартин үчүн бул эч качан болууга мүмкүн эместей сезилсе дагы, бул иш
жүзүндө боло турган турмуштук чындык эле. Кандайдыр бир зор күч аларды өз
кучагына тартып кеткендей болду: ал Лиззини бактылуу кылам десе дагы, дебесе
дагы өзү билип турат. Эгерде ал өзү бактылуу болбогон соң, башканы бактылуу
кылууга тийиш эмеспи? Кала берсе, Лиззини бактылуу кылсачы? Ал бул кызга
үйлөнүп алып, өзү менен кошо аны Маркиздер аралына алып кетсе да болмок. Ал
чын эле ушинтсем деп оолуга түшүп барып, эмнегедир кайра токтоду. Ошондой
болсо дагы, ал өзүн өзү жеңүү-менен сүйүү сезимине бекемдигин көрсөттү.
Өткөндөгү шайкелеңдик менен жеңилдик азыр жок болду. Ал мезгил эми
тиленсең да, кайтып келбейт. Азыр мурдагы Мартин жок, ал аябай өзгөрүлүп
калган жана өзүнүн канчалык өзгөрүлгөндүгүн ал азыр гана билип олтурат.
— Лиззи, мен күйөөлүккө жарабаймго, — деди ал жылмайып.
Лиззинин колдорунун кыймылдары бир аз токтоло түшүп, кайрадан
Мартиндин чачтарын назиктик менен сылай баштады. Мартин анын жүздөрүнөн
күтүлбөгөн жерден сурдануу менен чечкиндүүлүктүн белгилери түшүп барып,
тез эле кайра жоголуп, ошол эле замат кайра анын жүздөрүнө уялуунун кызыл
боёктору тарай түшүп, көздөрү болсо, назик жана эркелеткендей нурланып
кеткендигин даана байкады.
— Мен ал жөнүндө айтайын деген жок элем, — деди Лиззи уялыңкырай
түшүп, — бул мени, чынын айтканда, кеп анча тынчсыздандыруучу маселе эмес.
Ооба, — деди ал саал токтоло түшүп, кайталап, — бул маселе мени көп анчалык
тынчсыздандырбайт. Мен сиз менен достошкондугум үчүн рас, өтө
сыймыктанам. Мен сиз үчүн бардыгына даярмын. Мүмкүн, менин мүнөзүм
ушундайдыр!
Мартин олтура кетти. Ал Лиззини колдон алып, өзүн көздөй имерип, бекем
сыга кучактап койду. Бирок бул кучактоодо эч кандай жалындануу жок эле. Бул
кучактоодон Лиззиге жылуулук келбестен, тескерисинче муздак илеби келип
тургандай сезилди.
— Ал жөнүндө азыр кеп козгобой коёлучу, — деди Лиззи.
— Сиз өтө боорукер жана асыл кызсыз, — деди Мартин, — мен сиз менен
достошконума сыймыктанышым керек... Мен чындыгында эле, сыймыктанамын,
рас, рас, ишене бериңиз! Сиз мен үчүн караңгы жана кайгылуу дүйнөдөгү тийген
күндүн нурундайсыз, мына ошондуктан мен сизди, сиз мени кандай ардактаган
болсоңуз, мен дагы сизди дал ошондой эле ардактаймын. Ишенип коюңуз.
— Мага чындыгында баары бир. Сиз мени ардактайсызбы же ардактабай
коёсузбу. Мен сизди сүйөмүн. Сиз үчүн керек болсо, жаным да даяр. Мына
ошондуктан сиз мени эмне кылсаңыз өзүңүз билесиз. Мага десеңиз, мени
балчыкка басып туруп, аябай тебелеп таштасаңыз да, өзүңүз билесиз. Бирок, бир
гана сиз ушинте аласыз, — деди ал, сыймыктануу менен башын силке жогору
көтөрүп, — мен бекеринен кичинекейимден бери көздөй өзүмдү өзүм, бекем
башкарууга үйрөнгөн эмесмин!
— Мына, дал ошондуктан мен сиз менен кадимки ак ниеттүү чын досторчо
мамиле кылышым керек, — деди ал эркелеткендей. — Сиз ушунчалык
адамкерчиликтүү жана асыл адамсыз, мына ошондуктан мен сизге эрксизден
кичи пейил мамиле жасоого тийишмин. Мен үйлөнө албаймын, мурдагыдай
үйлөнбөй туруп, сүйө да албаймын, жок. Мен сизди бүгүн жолуктургандыгыма
өтө өкүнөмүн. Бирок, болор иш болду. Лиззи! Ишенсеңиз, сиздин мага канчалык
жагып тургандыгыңызды түшүндүрүүгө сөз да таба албайм. Кала берсе, мен сизге
өтө таң калып жана алдыңызга башымды ийемин. Сиз ырасын айтканда
талашсыз эң сонун кызсыз! Бирок, сиз муну айткан менен айтпаганда эмне пайда
деп, суроо берерсиз, туурабы? Мен сиз үчүн бир гана иш кылгым келет. Сиздин
тагдырыңыз өтө оор болгондугу рас, жакшы билемин, жана ал тагдырыңызды
жеңилдетүүгө сиз мага руксат этиңиз! — Лиззинин көздөрүнөн кубанычтын
нурлары чачырай түшүп, кайра ошол замат өчтү. — Жакында мен өтө көп акча
аламын! Өтө көп!
Ушул замат ал мурдагы өрөөн, булуңун жана камыш алачык менен, ак жел
кайык жөнүндө унутуп койду. Чындыгында, мунун бардыгынын эмне кереги бар
эле? Кала берсе ал, каалаган кемеге түшүп, каалаган жерине сүзүп бара алат
эмеспи.
— Мен ал акчаларды сизге бергим келип турат. Сиз бир курска кирип,
кандайдыр бир кесипке ээ болуп алсаңыз да болот. Кааласаңыз, стенографистка
болуп алыңыз. Мен анда сизге өзүм жардам берем. Же, мүмкүн сиздин ата-энеңиз
бардыр? Эгер бар болсо, мен аларга азык-түлүк дүкөнчөсүн сатып да бере алат
элем. Кана, мага эмне кааларыңыздын четин эле билгизип коюңузчу, мен кандай
орундатар экем.
Лиззи эки колун тизесине коюп, капалуу көз карашын алга жиберип олтурду
да, эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Мартин ушул замат анын эмне жөнүндө
ойлонуп, капаланып тургандыгын сезе коюп, жүрөгү аянычтуу сого түштү.
Аттигинай жанагы сөздү айтпаш керек эле. Анын сунуш кылгандары Лиззинин
ага чексиз берилгендиктери менен салыштырганда, болбогон бир нерсе катары
болуп көрүндү. Сүйүүнүн ордуна — акча! Ал болсо, Лиззиге өзүнөн арткан
нерсени сунуш кылып олтурат, ал эми Лиззи болсочу, — уяттан да, сыйыттан да,
шылдың болуудан да түбөлүк азап чегүүдөн да коркпостон, ага өзүн бүт бойдон
арнаган эле.
— Ал жөнүндө азыр сүйлөшпөй эле коёлучу, — деди да ал, тамагына бирдеме
тыгыла калгандай, жөтөлүп жиберди. — Кетиш керек! Өтө чарчадым!
Оюн-тамаша аяктап, бир дагы адам калбай, бардыгы тарап кетишти. Бирок,
Мартин менен Лиззи бактан чыгып келе жатышып өздөрүн күтүп турган бир топ
караанды көрүштү. Мартин иштин эмне экендигин түшүндү. Кармашканы
турушса керек. Булар болсо, Мартиндин жолдоштору эле. Мартинди тигилер
кокус уруп кетпегей эле дегенсишип, кайтарышып турушкан. Алар Мартинди
бактын темир дарбазасына чейин узатышып келди. Ал аңгыча болбой ар жактан
бир топ караан чыга калды. Бул болсо, баягы Мартнн кызын «тартып» алган
жигиттин жолдоштору эле. Боло турган тартипсиздикти алдын-ала сезишкендей
бир нече полицейский аларга кагылышууга жол бербес үчүн жакындап келишип,
бул эки топту тең Сан-Фраңциского жөнөөчү поездге чейин узатып келишти.
Мартин Джимге езүнүн поездден Он алтынчы көчөдөн түшүп кетерин эскертип
койду. Лиззи болсо, бул болуп жаткан бардык көрүнүштөргө кымындай да көңүл
бурган жок.
Поезд он алтынчы көчөгө келип токтоду. Ушул замат трамвайдын кондуктору
аябай шаштыргандай коңгуроону катуу какты.
— Бол эрте, Лиззини ээрчитип алып чык! — деди кыйкырып Джим. — Тез!
Жетише албай каласың! Тигилерди болсо биз токтотуп турабыз.
Бирок, тиги каршылашкан топ, алды менен бул амалданууга толук түшүнө
албай турушту да, токтоп турушпастан тез эле вагондон ыргып түшүшүп,
качкындардын артынан кетишти.
Трамвайда олтургандар шашып-бушуп, чуркап кирип келишип, алды жактагы
бош эки орунга олтура калышкан Мартин менен Лиззиге таң калышып карап
калышты. Жана олтургандардын бардыгы бул экөөнүн тиги вагондун
тепкичинен туруп вагонду башкаруучуга карата:
— Ай курдаш, аябай катуу айдагын, эч кимди киргизбе! — деп кыйкырган
Джимдин бир нерселери экендигине эч бир шек кылышкан жок.
Ошол эле замат, ал вагондун тепкичинен жерге секирип түшүп, трамвайга
кирүүгө жутунгандарга катуу сокку бере баштады. Мушташуу трамвайдын
сыртын бербей кетти. Джимдин жолдоштору ачык вагондун узун тепкичтерин
бүт ээлеп, кыйраткыч сокку менен кол салгандардын мизин кайтарып. жатты.
Трамвай катуу дабыш берип, ордунан козголуп, Джимдин жолдоштору анын
тепкичтеринен секирип-секирип түшүп кала беришти. Ушинтип кармашуунун
талаасы арт жакта алыс калгансыды, бирок жургүнчүлөрдүн биринин дагы
башына бул олтурган кыз менен жигит дал ушул кармашуунун анык себептери
экендиги жөнүндө кандайдыр бир ой келген да жок.
Бул салгылашуу Мартиндин да канын кызытып, кайратын тутантып
жибергендей болду. Бирок, көз ачып-жумгандын ичинде ал кайрадан мурдагы
өзүнүн көнүмүш капалануусуна чөгүп кетти. Ал өзүн эмнегедир картаңдай жана
жаш дүйнөдөн эч капарлары жок көзүнөн берки бул досторунан кадимки бир
кылым улуу кишидей сезип турду. Анын басып өткөн жолу өтө узак болучу
ошондуктан арт жакты көздөй кайра чегинүү жөнүндө ойлонуп коюунун да
кереги жок эле. Аны азыр өзүнүн мурдагы өмүр жолу эч бир өзүнө тарта албады.
Ал ушинтип досторунан да четтеп кеткен эле. Алардын турмушу ага эчак унутуп
калган арзан баалуу пивонун даамындай кычкыл сезилди. Ал өтө алыс кеткен
эле. Ага өзү менен досторунун ортосун миңдеген китептер кадимки дубалдай
болуп бөлүп тургандай сезилди. Досторунан аны эч ким эмес, өзүн-өзү
четтеттирип жиберген эле. Аны кайтып келүүгө мүмкүн болбогон акыл эстин
чексиз мейкиндигине саякат жасоо өзүнө бөтөнчө тартып кетти. Бирок дагы ал,
ушуну менен адамдык сапаттарын жоготуп койбостон мурдагыдай эле,
адамдардын чөйрөсүнө умтула берди. Ал, өзүнүн батып, баш калкалар жерин таба
элек эле. Аны өзүнүн достору дагы, тууган-туушкан жакындары дагы,
буржуазиялык жаңы тааныштары дагы, ал турсун өзү ардактап сыйлаган бул кыз
дагы аны түшүнө алышпады. Ал бул жөнүндө ызаа аралашкан капалануу менен
эскерди.
— Аны менен кайтып таанышып алыңыз, — деди кеңеш берип Мартин
Лиззиге, аны базар менен Алтынчы көчөнүн ортосундагы турган жумушчу
көчөсүндөгү үйүнө чейин узатып келип.
Таанышып алгын деп Мартин бул жерде Лиззинин тааныш жигитин айтып
жаткан эле.
— Эми... тааныша албаймын, — деди Лиззи жооп кайтарып.
— Кеп анда эмес, — деди Мартин тамашалай кыйкырып.
— Көзүңүздү ымдап койсоңуз эле, ал өзү чуркап келет.
— Кеп анда эмес, — деди Лиззи токтоо гана жооп кайтарып.
Мартин анын эмне айтайын дегенин жакшы түшүнүп турду.
Лиззи аңгыча болбой, Мартинди көздөй ыктай түшкөнсүдү. Бирок, анын бул
кыймылында эч кандай өкүмдүк жана жалбарыңкылык жок эле. Тескерисинче
бул кыймылдан корккондук менен алсыздык сезилип турду. Мартин чексиз
козголо түштү. Анын өтө боору ачып түшүп, белинен бекем кучактап туруп,
оозунан өөп жиберди.
— О, жараткан, — деди Лиззи үндөрү титирей түшүп. — Мен сиз үчүн өлүмгө
болсо да даяр элем!.. Сиз үчүн өлсөм!..
Ал ушул замат Мартиндин кучагынан жулунуп чыгып, дарбазага кирип,
көздөн кайым болду. Мартиндин көздөрүнө жаш келе түштү.
— Мартин Иден, — деди ал өзүн-өзү жекирип, — сеп айбан эмессиң, бирок
мандеми жок ницшеанчылсың. Сен билсең ушул кызга үйлөнүп, аны бактысына
жеткирүүгө тийиш элең, Бирок, бул иш сенин колуңдан келбейт. Мунуң уят жана
шермендечилик! Ал «Кайырча-чал кайгылуу даттанат» деп күңк этип, Гэнлинин
«Биздин бүткүл турмушубуз жаңылыштыктар менен шермендечиликке жык
толгон!» деген сөзүн эсине түшүрдү. Ооба, биздин бүткүл турмушубуз
жаңылыштык менен шермендечилнк!
XLIII ГЛАВА
«Күн наалаты» өктөбүрдө жарыкка чыкты. Мартин колундагы автордук алты
даана китеп салынган почтолук бандеролду ачып жатып терең капага чөгө түштү.
Ал эгерде, ушул окуя мындан бир нече ай мурун болгон болсо, мен үчүн кандай
кубанычтыкты түзмөк эле деп ойлонуп, жана өзүнүн азыркы кош көңүлдүгүнө
эмнегедир эч бир түшүнө албай кетти. Анын өзүнүн китеби, болгондо да биринчи
китеби — алдында жаткан эле, бирок ал эмнегедир буга кубанбады. Ал өзүнүн
бардык нерсеге кош көңүл сезип турду. Албетте, ал бул китебине бир топ акча
алары шексиз, бирок ага азыр акчанын эмне кереги бар?..
Ал бул китептеринин бирин алды да, ашканада олтурган Марияга алып келип
көрсөтүп:
— Бул китепти мен жаздым, — деп түшүндүрдү, ал Мариянын айран-таң кала
түшкөнүн сезип — мен бул китепти өзүмдүн жер кепемде олтуруп жазгам, ал эми
муну жазууда сиздин шорпоңуз дагы бир топ ролду ойногон. Ошондуктан ушул
китепти алып, сактап коюңуз. Бул китепти көргөндө мени эсиңизге түшүрүңүз.
Мартин Марияга атайы мактанайын деп эч ойлогон эмес эле. Ал жөн гана аны
сүйүндүрүп жана анын ага карата көрсөткөн көп жылдар бою ишеничин
актагысы келген. Мария китепти ашканадагы бибилия менен катар коюп койду.
Ага өзүнүн үйүндөгү жашаган адам жазган бул китеп достуктун ыйык тумары
сыяктуу сезилди. Азыр Мария Мартиндин мурда кир жуугучканада жөнөкөй
жумушчу болуп иштегендигине ишенди. Ал бул китептин бир сабына да,
түшүнбөгөнү менен бул саптардын эң сонун жазылгандыгына эч бир күмөн
санаган жок. Бул жөнөкөй кембагал жана оор турмуштун запкысынан өтө азап
тарткан аял, бир асыл сапатка ээ болучу бул, — адамга ишенүү боло турган.
Мартин өз китептерине кош көңүл мамиледе болду, кыркып жыйноо
бюросунан, өзүнө келген жакшы пикирлерге да ал эч бир маани берген жок.
Калыбы, анын бул китеби аябаган чоң чууну көтөргөн окшойт. Ал эми бул болсо,
өз кезегинде анын чөнтөгүн алтын акчага толтуруунун чыныгы жышанаасы боло
турган. Эми, Лиззини ишке орноштурууга бардык берген сөздөрүн орундоого
жана акырында камыштуу кооз сарайга көчүп кетүүгө мүмкүн эле.
Дарнлей и Ко фирмасы сактануу менен бар болгону бир миң беш жүз гана
нуска кылып басып чыгарган эле, бирок биринчи эле берилген баадан кийин бир
фирма анын китебин экинчи жолу үч миң нуска кылып, тез эле анын артынан
үчүнчү жолу — беш миң нускага жеткирип туруп, чыгарып жиберди. Лондондук
бир фирма да анын китебинин англия тилинде басылып чыгышы жөнүндө
келишим түзө баштап, Франция, Германия жана Скандинавиядан болсо
китебинин котормосунун шарты жөнүндө тезирээк билдирип жиберүүнү
суранып жазылган бир нече каттар да келди. Метерлинктин окуусуна асылуу
болжогондой өз учурунда болсо болобу. Айгышкан катуу талашып тартышуулар
башталды. Салиби менен Геккель «Күн наалатын» жактап чыгышты, анткени бул
экөө Мартиндин негизги көз караштарын туура деп табышкан. Крукс менен
Уоллес катуу каршы чыгышты, сэр Оливер Лодж болсо, Мартиндин көз карашы
менен өзүнүн бүткөн деп эсептеген философиясын байланыштыруучу түйүндү
издөөгө тырышты, Метерлинкти жактоочулар кереметке ишенүүчүлүктүн туусу
алдында топтолушту. Честертон өзүнүн бардыкка белгилүү болгон теманы
калыстыкта түшүндүргөн курч, акылдуу очерктери менен бүт дүйнөнү
күлдүрүүгө мажбур кылды окшойт, бирок анын үнүн Вернард Шоунун каардуу
үнү басып кетти. Ал эми, бул акылмандардан башка дагы толуп жаткан
мен-менсингендер өздөрүнүн добуштарын аябай бийик чыгаргандыктарын жана
мына ошондуктан, кыйкырыкчуу жер сууну каптап кете жаздагандыгын айтпай
эле коюу керек.
«Бул мурда эч качан болуп көрбөгөндөй окуя, — деп жазды Мартинге Дарнлей
и К° фирмасы, — философиялык сын китеп кадимки роман сыяктуу колго тийбей
таркап жатат. Сиз чынын айтканда мыкты тема тандап ала албаган болсоңуз
дагы, китебиңиздин чыгышы үчүн бардык ыңгайлуу шарттар бар. Сиз үчүн биз
колдон келгендерибизди эч бир аягыбыз келбейт жана сизди терең
ишендиргибиз келет. Азыркы учурда Кошмо Штаттарга сиздин кырк миң даана
китебиңиз тараган; ал эми бүгүнкү күндө болсо, биз сиздин ошол эле
китебиңиздин санын миң нуска кылып кайрадан жаңы басып чыгаруу үчүн
аракеттенүүдөбүз. Биз элдин талабын толук орундата албай жатабыз. Бирок,
экинчиден, биз өзүбүз дагы бул талаптардын өсүшүнө бир топ көмөкчү
болгондугубузду жашыра албайбыз. Бизге кулактандыруу үчүн гана ишенсеңиз,
беш миңден ашык долларды жумшоого туура келди. Бул китеп биздин оюбузча
бардык мөөрөйдү жеңип аларына көзүбүз жетет.
Сиз өзүңүздүн бул жаңы китебиңизди, ага кошо тиркеп келишимдин
долбоорун жибергендигиңизге биз өтө сыймыктанабыз. Экинчиден, биз сиздин
гонорарыңызды жыйырма процентке чейин көбөйттүк, бул болсо, биздики
сыяктуу көрүнүктүү фирмалар үчүн эң жогорку коюлуучу акча чени болуп
саналат. Эгерде сизди ушул шарттар толук канааттандыра турган болсо, анда
сизден келишимдин бланкасына өзүңүздүн китебиңиздин атын жазып
коюуңузду суранабыз. Биз сиздин китебиңиздин мазмуну мындай болсун,
тигиндей болсун деп, эч кандай шарт коюуга акыбыз жок. Мейли, кандай гана
мазмуунда, кандай гана китеп болбосун баары бир. Эгерде даяр бир нерсеңиз бар
болсо, андан бетер сонун. Анда көпкө создуктурбай тез жиберпңиз.«Темирди
кызуусунда сок» дейт эмеспи.
Биз сизден колуңуз коюлган келишимди аларыбыз менен эле, секелет
түрүндө токтоосуз сизге беш миң доллар жиберебиз. Мына, көрдүңүзбү, биз сизге
өзүбүздүн терең ишеничибизди билдирүү үчүн эч кандай чыгымдардан
коркпойбуз. Мүмкүн болсо, сиздин бардык чыгармаларыңызды белгилүү бир
мөөнөттүн ичинде, айталык он жылдын ичинде, толук басып чыгаруунун укугу
жөнүндө өзүңүз менен кеңешет элек, бирок ал жөнүндө азыр эмес, кийинчерээк
сүйлөшөлү!».
Мартин, катты столдун четине коюп койду да, эсеп чыгарууга киришти, ал он
беш центти алты миң менен көбөйтүп, жыйынтыгында — тогуз миң долларды
алды. Ал келишимге колун коюп туруп, анын баш жагына «Кубанычтын түйүнү»
деп, китебинин атын жазды да, өзү газеталык фельетондорду жазуунун
формулаларын тапканга чейин жазган жыйырма чакты көп чоң эмес
аңгемелерин адресин жазып туруп, басмаканачынын наамына кошо салып
жиберди. Жана арадан көп узабай эле, анын наамына беш миң доллардык акча
чеги келип калса болобу.
— Мария мен бүгүн сиздин мени менен саат экиде шаарга бирге барып
келүүңүздү суранамын, — деди Мартин, — чекти алгандан кийин, — же болбосо,
сиз менен туура саат экиде Бродвей менен Он төртүнчү көчөнүн так бурчунан
жолугушалы, кандай дейсиз?
Мария туура белгиленген убакта келди; ал ар түрдүү ойго кетсе дагы, анын
божомолу тапичкеден алыс кете албады. Мына, ошондуктан Мартин ага бут
кийим магазининин жанынан ээрчитип өтүп, кандайдыр бир чоочун конторага
алып келип киргизгенде, анын ачуусу келип нааразы да боло түштү.
Бирок, бир аздан кийин болгон окуя кадимки укмуштуу сыяктуу анын
көңүлүнөн эч качан унутулгус болду. Сыланышкан мырзалар Мартин менен жана
өз ара кат- кырышып күлүшүп, тамаша сөздөрдү сүйлөп жатышты. Ары жакта
машинка такылдагансыйт. Кандайдыр бир көрүнүшү жагынан маанилүү баракка
кол коюлду. Бул жерде Мария турган үйдүн ээси дагы бар экен, ал дагы бул
кагазга өз колун койду.
Алар эшикке чыккан кезде, үйдүн ээси Марияга бурулуп мындай деди:
— Эми Мария, мындан ары сиз мага айына жети жарым доллардан үй акысын
төлөөнү токтотосуз.
Мария айран-тан калгандыгынан селдейе түштү.
— Ооба, эмики айда дагы төлөбөйсүз, — деп ал сөзүн улантты.
Мария муну анын жакшылыгы катары түшүнүп, чексиз ракмат айтып жатты.
Бирок, үйгө кайтып келип коңшулары менен аңгемелешкенден кийин, биринчи
кезекте португалдык дүкөнчү менен аңгемелешүүдөн ал өзү көп жылдардан бери
жашап турган кичинекей үй кепе мындан ары түбөлүккө өзүнө таандык
экендигин түшүндү.
— Эмне үчүн сиз азыр менден эч нерсе сатып алгыңыз келбейт? — деп
трамвайды көздөй бет алып бара жаткан Мартинден португалдык дүкөнчү сурап
калды.
Мартин ага азыр тамакты өзү даярдап ичпестигин түшүндүрдү жана дүкөнчү
аны бир бөтөнчө вино ичип коюуга чакырды. Ал Мартинди дүкөндө болгон эң
сонун деген вино менен сыйлады.
— Мария, — деди Мартин ошол эле күнү кечинде, — мен эми сиздикинен
кетемин. Кала берсе, сиз дагы жакында бул жерден биротоло кетесиз. Мына
ошондуктан ушу баштан эле, үйүңүзгө бирөөнү киргизип, айлык акысын ала
бериңиз... Калыбы, сиздин Сан-Леандродобу же Гэйуордскобу бир тууганыңыз
бар окшободу беле? Сиз жууганы алган кирлериңизди жуубастан кайра тез
таратып бериңиз дагы, Сан-Леонадрго же Гейуордско бир сөз менен айтканда,
өзүңүздүн бир тууганыңыздыкына жөнөңүз... Анан бир тууганыңызга унутпай
айтып коюңуз, менин аны менен сүйлөшө турган чоң сөзүм бар. Мен Окленддеги
«Метрополдо» жашаймын. мени ошол жерден табат. Мүмкүн анын сизге деп
арнап жүргөн ылайыктуу фирмасы бардыр.
Мына ошентип, Мария өзүнчө үй-жайга ээ болуп, бир фирманы башкарып
жатып калды, оор жумуштарды аткаруучу эки кызматкер күттү, бардык балдары
мыкты кийинип, мектепке барып жүрүшкөндүктөрүнө карабастан, банктагы
өздүк акчасынын саны өскөндөн өсө берди. Мына ошентип, адамды ушундай
абалга жеткирген жомоктогу мырзаны — турмуштан кездештирүүгө ар кимдин
эле, бактысына туура келе койбос. Бирок, кара жумуштан мөгдүрөгөн жана эч
кандай мырзалар жөнүндө оюна келбеген Мария күтүлбөгөн жерден өзү мурдагы
кир жуугучкананын жумушчусу болуп жүргөн мырзаны учуратып калды.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.