Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05

Total number of words is 4170
Total number of unique words is 1818
31.4 of words are in the 2000 most common words
43.5 of words are in the 5000 most common words
50.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жылмайып, жолдош кызын колдон алып, токтойтур дегендей белги берди;
курдашы токтосо токтоп турайын дегенсип, каткырып күлүп жиберди.
Күтүлбөгөн жерден Мартиндин жүрөгү эмнегедир зырп эте түштү: мүмкүн Руфь
өтүп бара жатып анын бул кыздар менен сүйлөшүп тургандыгын көрүп коюшу да
ыктымал. Ушундан кийин ал кара көз кызды көздөй бурулуп, анын катарында
жөн эле бир бара жаткан кишидей болуп басымыш болуп калды. Азыр анын
сүйлөгөн сөздөрү жана кыймыл-аракеттери эч кандай ыңгайсызданууну
туудургандай болгон жок. Бул жерде ал өзүн кадимки үйүндөгүдөй эркин сезип,
өткүр сөздөрдөн кээде жиберип коюп жана дагы жасалма сөздөрдөн чалдыра
сүйлөп, каткырып, тамашалап-какшыктап, айтор өз оюнча болуп келе жатты.
Мына ушинтип жүрүп олтуруп, көчөнүн бурчуна жеткен кезде, алдыга умтулган
элден арткараак калып кыска көчөнү көздөй бурулгусу келди. Бирок кара көз кыз
жолдош кызынын кармаган колун коё бербей туруп, Мартиндин чыканагынан
кармап булкуп алып, кыйкырып жиберди:
— Токтой тур Билл. Кайда мынчалык шашасың? Же бизден тезирээк качкың
келип жатабы?
Мартин токтой калып күлүп, жүзүн кыздарды көздөй бурду. Алардын арт
жагында күндүзгүдөй жарык көчө менен адамдар чубап келе жатышкан эле. Алар
сүйлөшүп турган жер бир топ караңгы болгондуктан, эгерде ушул жерден Руфь
өтүп бара жатса ага өзүн байкатпай көрүп калышка болот эле. Ал эми Руфь ушул
жерден сөзсүз өтүүгө тийиш эле, анткени бул жол Руфту үйүнө алып баруучу жол
боло турган.
— Жолдошуңуздун аты ким болот? — деди Мартин кара көз кызды көздөй
көрсөтө, анын жанагы кыткылыктап күлгөн жолдошунан сурап.
— Анын өзүнөн сураңыз, — деди ал каткырып.
— Ким болот? — деди ал, эми кара көз кызга бурулуп.
— Сиз мага өз атыңызды айтып койдуңуз беле? — деди ал каршылык
көрсөтүп.
— Сиз менин атымды сураганыңыз жок да, — деди Мартин жылмайып, —
бирок менин атымды билет тур- байсызбы. Менин атым чындыгында. эле Билл.
Туура айттыңыз, туура айттыңыз!
— Токтоңузчу! — кара көз кыз жалынданып, жоодураган көз караштарын
Мартинден көпкө чейин албай. — Сиз, чын эле айтып жатасызбы? — деп, ал
Мартинди дагы бир жолу карады. Көп кылымдар өтсө дагы эч бир өзгөрүлбөгөн
аялдардын байыртан берки бардык мазмууну азыр анын көздөрүндө чагылышып
турду. Азыр кандай өзгөрүү болоорун Мартин шексиз билди: бул кыз ага
акырындык менен ийилип, бара-бара ага жоошуй баштарын, эгерде Мартин
кокус өзгөрүлүп кетсе, же ага карата болгон кызыгуусунун жалыны өчө баштай
турган болсо, анда ал Мартинди эч качан аябастыгын сезип турду. Кантсе да
эркек тана болгондуктан, Мартин ага эрксизден бериле баштады жана ал кыздын
жалооругандай көз караштары Мартинди козгоп жиберди. О, ал бул кыздарды эң
жакшы биле турган, билгенде да, беш колундай билүүчү! Оор жумуш менен жан
сактоого туура келген ушул таптын эң мыкты деген даңктуу кыздары эле
ушулар. Оюн-күлкү тамашасын сатууга өздөрүнүн адамгерчилик — уяттары жол
бербеген бул кыздар ынтызарларын койгондук менен күндөлүк турмуш- тан жок
дегенде кенедей бакытты болсо да, көргүлөрү келишкен эле, ал эми алардын
алдында болсо келечек деп аталган чексиз караңгы түпкүр жаткан, бул жерде
болсо аларды чексиз оор жумуштар же болбосо, башка бир жакшыраак төлөнүүчү,
бирок укмуштай кыйын тур- муш жолу күтүп турган эле.
— Билл, — деп ал кайра жооп берди. — Кудай урсун! Билл Пит, дал ушундай.
— Тамашалап жатпаңыз? — деп кайталап сурап калды кара көз кыз.
— Тан-такыр Билл эмес, — деп күңк этти экинчи кыз.
— А, сиз кайдан билесиз? Сиз мени эч качан «өргөн эмессиз да.
— Көрбөсө эмне экен! Алдап жатканыңызды түшүнүп турамын!
— Кандай? Айтсаңыз эми, чын эле Биллби? — деди биринчи кыз.
— Мейли Билл болсо, Билл болсун, — деп тамашалап жылмайып койду
Мартин.
Кара көз кыз анын ийининен алып туруп, тамашалап далыга акырын чаап
койду.
— Сиздин алдап жатканыңызды билгем. Анткениңиз менен сиз жаман жигит
эмессиз.
Мартин анын тамашалап жаткан колдорун бекем кысып туруп алды да жана
анын алакандарынан өзүнө тааныш быдырлуу кесиктер менен айрыктарды
сезди.
— Консерва заводунан эчак эле кеттиңиз беле? — деп сурады ал.
— Сиз кайдан билесиз аны? Же сиз эмне көрөр көз, угар кулаксызбы? — деп
эки кыз тең таңкалыша сурап калышты. Мына ушинтип ал, бул кыздар менен
тамашалуу сөздөрдү сүйлөшүп жатып, күтүлбөгөн жерден көз алдына
кылымдардын акылмандыктарын өз ичине сактаган китепкананын зор
томдорун элестетти. Ал бул ыңгайсыз сезилген көрүнүшкө саал капалуу
жылмайды да, бирок ошол замат кайра бул ойдун кучагына тартылып кетти. Ал
ушул ойлордун жана сөздөрдүн таасиринен көчөдөгү адамдардын
кыймылдарына көңүл бурбай да коюшу мүмкүн эле, бирок бул көрүнүштү да
эмнегедир көз алдынан жаздым өткөзүп жиберген жок. Мынакей! Лампалардын
күндүзгүдөй жарыгынан Руфту көрдү; ал бир тууганы менен жанагы көз
айнекчен чоочун жигиттин ортосунда келе жатат. Анын жүрөгү токтой
түшкөнсүдү. Ушул учурду ал көптөн бери күтүп турган. Ал Руфтун жүздөрүнөн
кандайдыр бир назик нурданууну, чексиз сулуулукту жана чыбыктай ийилген
белдеринин караанын, басыш кыймылынын сулуулугун байкап жана көчөдөн
туура өтүп бара жатып юбкасын чебердик менен бир аз көтөрүп алганын көрдү.
Мына эми Руфь да өтүп кетти, ал болсо эки жумушчу кыздын жанында калып,
алардын эски болсо да айла жоктон эптеп жарашыктуу кылып кийүүгө
тырышкан көйнөктөрүнө, алардын арзан батинкелерине, салынган арзан
шакекчелерине, арзан ленталарына көз жүгүрттү. Ким- дир бирөө аны чыканакка
түртүп жиберип, мындай дегендей болду:
— Көзүңдү ач, Билл. Сизге эмне болду?
— Сиз эмне дедиңиз? — деп, кайталап сурады Мартин.
— Жөн эле, эч нерсе деле эмес анчалык, — деди кара көз кыз башын чайкап,
— мен жөн гана ойлодум эле...
— Эмнени?
— Эгерде сиз менин бул жолдош кызыма, жакшы бир жигит таап берсеңиз, —
деди ал жолдош кызын көрсөтүп, — анда биз төртөөбүз бир жерге барып кофе
ичип, морожный жейт элек.
Ал күтүлбөгөн жерден эмнегедир көңүлүнүн ирээнжий түшкөндүгүн сезди.
Себеби Руфтан кийин булар менен мамиле кылуу, ага өтө одоно шекилдүү болуп
көрүндү. Бул кыздын жалооруган көз карашы менен катар Мартин күтүлбөгөн
жерден тазалыктын кол жеткис бийиктигинен өзүн көздөй жанып турган
жылдыздай нур чачкан Руфтун туп-тунук жана эң ыйык көз караштарын
көргөндөй болду. Ал өзүнөн кандайдыр бир улуу күчтү сезгендей сыймыктана
түштү. Ал өзүн азыр бул жердегинин бардыгынан жогору сезди. Морожный
менен жигиттер жөнүндө гана кыялданышкан бул эки кыз менен
салыштырганда, турмуш ал үчүн андан да мазмуундураак, маанилүүрөөк болуп
көрүндү. Ал мурда да ички сырын эч кимге айтпай жүрөгүнө бекем сактап жүргөн
кездерин эсине түшүрдү. Ал кээде бул сезимдерин башкаларга ишенгендик менен
айткысы кел- ген эле, бирок, ушул күнгө чейин анын оюн түшүнгөн бир дагы аял,
кала берсе бир дагы эркек чыккан эмес. Эгерде ал өз оюн башкаларга сүйлөп
берсе, уккандар аны таң калуу менен карап калыша турган. Албетте эгерде анын
оюна башкалардын түшүнүшү кыйын болсо, демек ал өзү дагы тигилерден
шексиз жогору турат. Ал жүрөгүнөн кандайдыр бир зор күчтү сезип, анын
муштумдары эмнегедир түйүлө түштү. Эгерде турмуш ага кандайдыр бир зор
нерсе сыяктуу сезилген болсо, ал андан чоң нерсени талап кылууга акылуу, бирок
бул жерден эмес, бул кыздар менен жасаган мамиледен эмес. Бул кара көз аны эч
кандай бийик максаттарга шыктандыра албайт эле. Мартин алардын көз
караштарынан — морожный жана дагы көп нерселердин чагылышып
тургандыгын байкады. Ал эми Руфтун перизаттыкындай көз караштары болсо, ал
умтулган нерселердин бардыгы — жада калса, андан да чексиз көп нерселерди
тартуу кылууну ишендирип турган эле. Бул көз караш ага: китептерди,
сүрөттөрдү, сулуулукту жана бейкапардыкты, жогорку даражалуулуктун жана
назик- тиктин кооз турмушун мына эмнелерди тартуу кылмак. Кара көз кыз
терең ойго чөгүп кеткенсиди. Мартинге бул толук түшүнүктүү боло турган. Бул
ага кандайдыр бир сааттын механизми сыяктуу болуп көрүндү. Ал анын ар бир
кичинекей бурамаларына чейин дааналап байкап тура ала турган. Бул көз
караштар акырында түпсүз караңгы көр күтүп турган алдамчы жыргалды көздөй
чакырып турган эле. Ал эми перизаттын көз карашындай Руфтун көз караштары
болсо, түбөлүк жашоонун кереметин, ачылгысыз сырларды түшүнүүнү көздөй
чакырып турган эле. Мындан ал өзүнүн да, Руф- тун да ички дүйнөсүн көрүп
турду.
— Программада бир катачылык, — деди ал үнүн бийик чыгарып, — мен бүгүн
бош эмесмин.
Кыздардын жүздөрү бузула түшүп, бир минутага эч нерсе түшүнө алышпады.
— Оору досуңузду көргөнү бармак белеңиз? — деп, кара көз кыз какшыктап
калды.
— Жок, эмне үчүн... — деп ал мукактана түштү, — бир кыз менен жолугушууга
белгилештим эле.
— Калп айтып жаткан жоксузбу? — деди кыз кескин түрдө.
Мартин анын кара көздөрүнөн көзүн албай туруп мындай деди:
— Эмне дебеңиз, чын айтам. Бирок, биз башка бир күнү жолугуша алабыз.
Сиздин атыңыз ким? Каерде турасыз?
— Менин атым Лиззи, — деди ал, анын колун бекем кысып, бүткүл денеси
менен аны көздөй ыкталып, — Лиззи Колонлли. Мен базардын жанындагы
Бешинчи көчөдө турамын.
Алар дагы бир беш минут сүйлөшүп турушуп, анан коштошушту. Мартин түз
эле үйүнө кайткысы келбеди.
Ал өзүнө тааныш бакты көздөй бурулуп, Руфтун терезесннин тушунан
толкундануу менен мындай деди:
— Руфь, менин жолуга турган кызым сен. Башка жолугушууну мен
каалабаймын.
VII ГЛАВА
Мартиндин Руфь менен таанышканынан бери бир жума болуп калды, бирок ал
алиге чейин ага барып жолугуудан эмнегедир тартынды. Кээде ага баргысы
келип аракеттенүүчү, бирок дагы эле кайра анын уялчаактыгы жана
сүрдөнгөндүгү жеңип кетүүчү. Канча убакыттан кийин, жолугушууну кайталасак
ылайык боло турганын ал жакшы биле албады, анын үстүнө бул учурда ага
түшүндүрүп кеңеш бере турган эч ким да болгон жок, ал эми өзү болсо, кокустан
түзөтүлгүс жаңылыштык жиберип койбогой элем деп катуу чочуду. Ал мурдагы
бардык жолдошторунан четтеп, баштагы кылык-жоруктарынан кол үздү, анын
жаңы жолдоштору жок эле. Мына ошондуктан, ал бир гана китеп окуу менен
убакытты өткөрүүнү чечти. Ал окуганда да жөнөкөй адамдын көздөрү мындай
окууга эчак туруштук бере албай тургандай эң эле көп окуду. Бирок анын көздөрү
курч, саламаттыгы бекем жана чың болучу. Мындан бөлөк, ал ушул убакка чейин
китептик бүдөмүк ойлордон четте жашап жана анын мээси кандайдыр бир тукум
себүү үчүн эң сонун топуракты түзгөн, ал чети оюла элек кара топурактуу дың
жер сыяктуу эле, Ал илим менен иштеп чарчаган эмес, ошондуктан китепке
моокуму канбаган кишиче асылып, андагы терең көсөмдүктү бүткүл ынтаасын
коюу менен үйрөнүүгө киришти.
Жуманын акырынын келиши Мартинге ал бир, жүз жыл күткөндөй көрүнүп
кетти. Мурдагы турмуш менен дүйнөгө кылган мамилеси ушунчалык алыс
калгандай сезилди. Бирок, ага даярдыгынын жетишпегендиги дайыма
тоскоолдук кылды. Ал көп жылдар бою атайы үйрөнүүнү талап кылган
китептерди да алып окуду. Бүгүн ал Грек-Рим дүйнөсүнө жана маданиятына
байланыштуу китептерден жана эртең болсо жаңы философиядан окуду, мына
ушинтип, анын башында түрдүү идеялар бири менен бири чаташып кетип жатты.
Экономикалык илим боюнча да дал ушунун өзү болду. Китепкананын бир эле
текчесинен ал Карл Марксты, Рикардону, Адам Смитти жана Миллди таап алды
жана ага түшүнүксүз формулалардын бири экинчисинин аныктамасын
төгүндүккө чыгарып жатты. Ал өзү аябай сүрдөгөнсүп да кетти жана ошентсе да
ал бардыгын билгиси келип, бир эле мезгилдин ичинде экономика, индустрия
жана саясат жөнүндө өтө кызыгып окуй баштады. Бир күнү ал Сити-Холл багын
аралап өтүп бара жатып, беш-алты кишини ортого алып, тегеректешип турган
бир топ кишини көргөн. Алардын бардык көрүнүштөрүнө караганда кандайдыр
бир маселени кызуу талашып жаткандай көрүнгөн. Ал аларга жакын келип,
биринчи жолу эл философдорунун ага чоочун сүйлөгөн сөздөрүн укту. Анын
бирөө селсаяк, экинчиси — профсоюздун үгүтчүсү, үчүнчүсү — университеттин
студенти ал эми калгандары болсо, талаш-тартышты сүйгөн жумушчулардан
болуучу. Биринчи жолу ал анархизм, социализм, бирдиктүү салык жөнүндө жана
социалдык философиянын бири-бирине кас системасы бар экендигине түшүндү.
Ал өзүнүн маалыматтарды жыйноонун жупуну тизмесине али кире элек
илимдердин тармактары боюнча жаңы жүздөгөн. терминдерди укту. Мына ушул
себептен ал талашып-тартышуунун өнүгүшүн кылдаттык менен байкай албады,
бирок сезгичтик менен бул таң каларлык сөздөрдүн ичинде жаткан идеяларды
ойлоп тапкандай болду. Талашып тартышып жаткандардын арасында
теософ-ресторанынан келген кара көз малай, нан бышыруучулар профсоюзунун
мүчөсү — агонистик, бардык жаратылыш бул чындык, деп аныктоого
негизделген өзүнүн укмуштай философиясы менен бардыгын айран-таң
калтырган чал жана экинчи бир ай-аалам, атом-ата жана атом-эне жөнүндө
узакка талкуулаган дагы бир кары киши бар эле.
Бардык бул ой жүгүртүүчүлөрдөн Мартиндин башы катып кеткендей болду,
Мына ошондуктан. ал азыркы уккан жана эсинде сакталып калган он чакты
сөздүн түпкү маанисин билүү үчүн китепкананы көздөй шашып жөнөдү. Ал
китепканадан үйүнө Блаватская айымдын төрт томун алып келди. Алар:
«Доктринанын
сыры»,
«Өөрчүү
жана
жакырдык»,
«Социализмдин
квинтэссенциясы», «Илим менен диндин согушу» деген томдор эле. Тилекке
каршы окууну ал «Доктринанын сырынан» баштады. Бул китептин сөздөрүнүн ар
бир сабы ал түшүнбөгөн эң татаал сөздөргө жык толгон болучу. Ал керебетте
олтуруп, китепке караганда сөздүккө көбүрөөк көз жүгүртүп, үңүлүп жатты. Ага
ушунчалык көп сөздөрдү жаттоого туура келгендиктен бир сөзүн эстесе, экинчи
бир сөзүн унутуп калып жатты, мына ошентип ага абдан убараланууга сөздүктөн
улам кайрадан кайталап кароого, издөөгө туура келди. Ал бул сөздөрдү башка бир
өзүнчө дептерге түшүрүп, аз убакыттын ичинде эле анын жыйырмадай бетин
толтуруп салды. Бирок, ошенткени менен ал эч нерсе түшүнө албады. Ал түнкү
саат үчкө чейин окуп олтурду; анын башы тегеренип, тап-такыр иштебей
калгансыды, ушинтип убара болгону менен да ал китептеги сөздөрдүн бирине да
жакшылап түшүнө албады. Башын көтөрүп бөлмөнүн ичине кез жиберди эле ага
үйдүн таманы деңиздеги толкун мезгилиндеги кемедей болуп ары-бери
чайпалып тургансып көрүндү. Ушундан кийин анын ачуусу келип, сөгүндү да,
колундагы «Доктринанын сырын» ыргытып жиберип, газды өчүрүп уктоого баш
койду. Берки үч китеп менен да иш оңунан чыкпады. Мунун бардыгы анын
башынын начар иштегендигинен эмес, жөн гана сөз байлыгынын жана
машыгуусунун аздыгынан болуп жаткан эле; антпегенде бул ойлордун бардыгын
оңой эле өздөштүрүп, ал турсун эң сонун жаттап алмак. Ал муну акырында
түшүнүп, бир топко чейин өзүнө түшүнүксүз сөздөрдүн бардыгын жаттап билип
алганга чейин бир гана сөздүктүн өзүн окууну чечип, ага бардык дилгирдик
менен киришти.
Мартин үчүн бирден бир көңүл ачуучу нерсе бул поэзия эле: ал өзүнө ар бир
сабы ачык-айкын түшүнүктүү болгон жөнөкөй акындардын ырларын
толкундануу жана суктануу менен окуп чыкты. Ал сулуулукту сүйүү- чү, ал эми
бул жерде болсо, андай сулуулуктар жетишээрлик түрдө бар эле. Поэзия ага
кадимки музыка сыяктуу күчтүү таасир этип, кандайдыр бир билинбеген жол
менен анын акыл эркин келечектеги мындан да кыйын иштерге даярдачу. Анын
зээнинин баракчалары али кадимки актай барак сыяктуу болучу, ошондуктан ал
эч кыйналуусуз эле, бир сабак ырдын артынан экинчисин эсине тез эле тутуп
жатты. Көп убакыт өтпөй эле бул жаттаган ырларынын бардыгын тең жатка
айтып китептин саптарынын тилге кирген ыргактарынын жаңырыгына
рахаттанчу. Бир күнү ал кокусунан Гэйлинин «Классикалык мифтерин» жана
Бельфинчтин «Жомоктор кылымын» кездештирип калды. Күтүлбөгөн жерден
кадимки күндүн жарык нуру анын караңгы нааданчылыгын жарып өткөндөй
жана аны поэзияны көздөй мурдагыдан да көбүрөөк умтулдуруп жибергендей
болду.
Столдо олтурган адам Мартинди мурдатан эле таанучу, Мартин китепканага
келген кезде кадимки эски таанышы катары ал Мартинге жылуу жүз менен
башын ийкер эле. Мына ошондуктан, бир күнү Мартин бир нече китеп алып
жатып, китепканачы анын карточкасына белги коюп жаткан учурда тобокелге
салып, мындай деп калды:
— А, сизден бир нерсе суроого болор бекен?
Китепканачы жылмайып күлдү да, анан болот дегендей башын ийкеди.
— Эгерде сиз бир жаш кыз менен таанышып, анан ал сиздин келип
турушуңузду суранган болсо... Кыскасы... Качан жолугууга болот?
Мартин уялганынан чыга түшкөн теринен жонуна көйнөгү жабышып
калгандыгын сезди.
— Менимче, качан болсо деле жолугууга болот, — деди жооп берип
китепканачы.
— Жок, сиз түшүнбөй жатасыз, — деди Мартин тактагысы келип. — Ал...
билесизби кеп эмнеде, үйүндө болбой да калышы мүмкүн. Ал университетте
окуйт.
— Эч нерсе эмес, башка күнү да жолугууга болот.
— Чындыгында кеп мында деле эмес, — деди Мартин акырында чечилип,
тобокелдикке салып, — көрүп турасыз го, мен жөнөкөй эле бир суучулмун, анын
чөйрөсү менен анчалык коошум жок. Бул кыз тап-такыр мендей эмес, мен
тап-такыр андай эмесмин... Бирок сиз мени тамашалап жатат деп ойлобонуз, —
деди өз сөзүн өзү бөлүп.
— Жок, жок, эч нерсе эмес, — деди китепканачы, шашып калып, — албетте,
маалыматтарды берүүчү бөлүмгө сиздин талабыңыздын тиешеси жок, бирок
ошондой болсо да, мен сизге колумдан келишинче жан-дилим менен жардам
берүүгө даярмын.
Мартин аны таң калып карап калды.
— Эх, эгерде мен дагы ушундай шыпылдак болсом, анда иш башкача болор
эле, — деп жиберди ал.
— Кечиресиз...
Эгерде мен да дал сиз сыяктуу келиштирип жана маданияттуу сүйлөй билген
болсом, анда кандай жакшы болор эле деп, айткым келип турат.
— А! — деди китепканачы, Мартинге боору ачыгандай түр менен.
— Айтыңызчы, качан барса болот? Күндүзбү? Бирок түшкү тамактын үстүнөн
чыгып калсам жаман го? Же кечинде барсамбы? А, мүмкүн, жекшемби күнү
барсам кандай болот?
— Билесизби, мен сизге бир кеңеш берейин, — деди жылмайып китепканачы
— сиз ага телефон чалып, сурап көрүңүз.
— Абдан туура айтасыз! — деп, Мартин сүйүнүп, китептерин жыйнап эшикти
көздөй шашты.
Босогого келгенде кайрыла калып:
— Сиз жаш кыз менен, мисалы айталы мисс Лиззи Смит деген кыз менен
сүйлөшүп калсаңыз, эмне деп айтаар элеңиз: мисс Лиззи деппи же мисс Смит
деппи?
— «Мисс Смит» деп атаңыз — деди китепканачы салмактуу үнү менен, — аны
менен өзүңүз абдан жакындап таанышканыңызча «мис Смит» деп атасаңыз туура
болот.
Мына ушинтип маселе чечилди.
— Качан кааласаңыз ошондо келе бериңиз. Мен дайыма түштөн кийин өйдө
боломун, — деди Руфь телефондон Мартиндин сизден алган китептеримди кайра
качан алып келип берсем болор экен деген чоочулагандай суроосуна жооп
кайтарып.
Мартинди Руфь эшигинин алдынан өзү тосуп алды. Анын сынчыл көз карашы
Мартиндин үтүктөлгөн шымынын кырын, сырткы кебетесинин өзгөрүлө
түшкөндүгүн байкады. Бардыгынан да таң каларлык нерсе анын өңүнүн
кадыресе болуп калганы эле. Анын саламаттыгы ташкындап тургандай сезилип,
толкундуу илеби Руфту өз кучагына тартып кеткендей болду. Руфь дагы ага
ыктагысы келип, анын денесинин ысык илебин сезүүнү каалады жана Мартинди
көрөр замат ага бериле түшкөнүнө кайра таң кала түштү. Руфь кебездей жумшак
колун сунганда Мартиндин делебеси козголуп, жыргалданып, рахатка баткансып
кетти. Экөөнүн ортосуңдагы бир гана айырма Руфтун ички толкундануусун
сыртка билдирбегендигинде, ал эми Мартиндин болсо, тескерисинче чачынын
түптөрүнө чейин кызарып кеткендигинде болду.
Мартин дагы эле мурдагыдай олокосуз термеле басып, Руфтун артынан
ээрчиди. Алар конок үйүнө келип олтурушкан кезде Мартин өзүн эми саал эркин
кармагансыды. Руфь анын ого бетер өзүн эркин сезип олтурушун каалап, ар
түрдүү аракеттерди жасады жана бул аракеттердин бардыгын ал ушунчалык
сыпайылык жана кылдаттык менен аткаргандыктан, Мартиндин көзүнө ал
мурдагыдан жүз эсе сүйкүмдүү көрүнүп кетти. Алды менен алар окуган
китептери жөнүндө, Мартинди тан калтырган Суинберн жөнүндө жана ал үчүн
түшүнүксүз болгон Броунинг жөнүндө кеп кылышты. Руфь аңгемени багыттап
олтурганы менен эки оюнун бири, Мартинге кантип жардам көрсөтсөм дегенде
болду. Ал Мартинге кандай гана болбосун жардам көрсөтүүнү самады. Мартинди
жакшы көрүп жана боору ачып аяды, бирок бул боор ачууда анткордук жок эле.
Бул болсо ал үчүн мурда эч качан сезип, башынан өткөрүп көрбөгөн, кала берсе,
энелик назик, таза сезим болучу. Бирок Мартиндин ага жакын мамилеси Руфтун
жаш жүрөгүн толкундатып, аны таң каларлык ой-сезимдерге салды, барган
сайын жаштык оту эки жашты чексиз жакындаштырды, дал мына ушундай
учурда Руфтун, жанагы Руфтун ага карата боор ачыгандыгы жөнөкөй,
демейдегидей жупуну боор ачуу боло алышы мүмкүн беле? Жок, мүмкүн эмес,
эле! Руфтун кайра дагы анын мойнунан кучактагысы, ага эркелеп, колун ийнине
койгусу келе түштү. Бул каалоо аны мурдагыдай эле уялдыргансып жиберди,
бирок Руфь ага эми үйрөнүп калды. Жаңыдан пайда болгон сүйүү жаш сезимди
ушунчалык козгойт деп анын оюна эч качан келген эмес эле, кала берсе ал, өзүн
бийлеген бул сезимдин сүйүү экендигин да билген жок. Руфка Мартин зор
мүмкүнчүлүктөрү ачылбай жаткан бөтөнчө адам болгондуктан гана
кызыктыргандай сезилчү жана аны өзүнө тартып жетектеген сезимдер бул жөн
гана адамгерчилик кылып жардам көрсөтүүнүн сезими деп түшүндү.
Ал Мартинди кааларын өзү да билген жок; ал эми Мартин менен болсо иш
тап-такыр башкача болду. Мартин Руфту катуу сүйөрүн билүүчү; сүйгөндө да ал
өмүрүндө болуп көрбөгөн күчтүү сезим менен сүйүп турган эле. Ал бардык сонун
нерселерди сүйгөн суяктуу эле, поэзияны мурда эле берилип сүйүүчү, ал эми Руфь
менен кездешкен күндөн тартып болсо, ага сүйүү лирикасынын кең дүйнөсүн
көздөй зор дарбаза ачылгандай болду. Руфь аны Бельфинч менен Гэйлиге
караганда көп нерселерге үмүттөндүрүп турган эле. Бир жума мындан мурун ал
төмөндөгүдөй саптар жөнүндө ойлонуп да койбос эле: «Бечара жигит, сүйүүгө
бек, бир өпсө да, анан өлсө да арманы жок», бирок бул сөз анын башынан кетпеди.
Ал буга эң улуу ачылышка таң калгандай таң калды; ал Руфка карап турду да
анан: ооба бир өпсөм да, анан өлсөм арман жок — деп ойлоду. Мына ушундан
кийин өзүн «сүйүүгө бек, бечара жигит» деп сезип буга сыймыктанып турду; эгер
аны бирөө рыцардык даражага көтөрсө дагы ал азыркыдай сыймыктанууну
сезбес эле. Ал акырында турмуштун мазмунуна жана өзүнүн бул дүйнөдө эмне
үчүн жашап жаткандыгынын максатына түшүндү.
Мартин Руфтун сөзүн угуп жана анын жылдыздай жанган көздөрүнө суктана
тигилип турганда көңүлү көтөрүлүп, кыялы асманга учкансып кетти. Ага бир
кездеги Руфту колунан кыскандагы сезген рахаты көз алдына элестеп, азыр дагы
ал сезимдердин кайталанышын кайрадан самап кетти. Кээде ал жалынданган
суктануу менен Руфтун эриндеринен көзүн албады. Бирок, бул жалынданууда
жана берилүүдө эч кандай одонолук же табыйгаттан тышкары көрүнүш жок эле.
Ал дагы эле тигилген көз караштарын сүйлөп жаткан Руфтун назик эриндеринен
алган жок. Ал Руфтун эриндеринин ар бир кыймылынан сөз менен айтып
түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жыргалданууну сезип турду; бул эрин кадимки
башка бардык аялдар менен эркектердин эриндериндей эмес, бөтөнчө эрин
болучу. Анын эриндери кадимки перизаттыкындай көрүнүп, аны өбүүнү
каалагандык башка аялдар козгогон сезимге тап-такыр окшош эмес эле. Ал зор
каалоо менен анын бул назик эриндерине кенедей чап жабышкысы келди, бирок
мындай кылуу баары бир алда талаага жакындаганга барабар эле. Ал өзүнүн
жүрөгүндөгү болуп жаткан өзгөрүштөргө терең баа бере албай кеткенсиди жана
Руфту караганда сүйүүнү эңсеген бардык эркектердин көз карашынын
жалынындай эле, анын көзү да жалындап турганына түшүнө албады. Ал өзүнүн
жалындуу жана курч көз караштары менен Руфтун бүткүл денесин бийлеп
алгандай болду. Руфтун жаңы ачылган гүлдөй назиктиги жана тазалыгы анын
бардык сезимдерин асылдандырып, көңүлүн жылдызга учургансыды. Ал өзүнүн
көз караштарынан тараган кандайдыр бир сырдуу жылуулук Руфтун бүткүл
денесин аралап жана ал жерден ага кайра жооп кайтаруу жалынын пайда
кылгандыгын сезсе ушунчалык таң калат эле. Анын тынчсызданган көз
караштарынан сүрдөп жана толкундана түшкөн Руфь бир нече жолу сүйлөй албай
мукактана калып жана араңдан зорго дегенде өзүнүн чаташып кеткен ойлорун
тартипке келтирүүгө үлгүрдү. Демейде ал адамдар менен сүйлөшкөндө эч кандай
тоскоолдукту сезбестен, эркин сүйлөшө турган, азыр болсо ал өз абалын
Мартиндин күчтүү таасири менен түшүндүрдү. Ал ар түрдүү көрүнүштөргө өтө
сезгичтик менен мамиле кыла турган жана акыры-аягы бул башка дүйнөдөн
келген саламчынын өзүн чексиз толкундатып жибергендигине таң каларлык
деле эч нерсе жок эле.
Ал Мартинге кандайча жол менен бир жардам берсем деп ойлонуп,
аңгемесинин негизги багытын ошол жакты көздөй бурган учурда Мартин андан
өзү жардам сурап кайрылып калды:
— Мен сизден кээ бир кеңештерди сурай алар бекемин? — деп сурады да,
Руфтун ага жооп кайтарып, колумдан келген кеңештеримди мен сизден эч качан
аябаймын деген сөзүнө кубанганынан жүрөгү аз жер- ден жарылып кете жаздады.
— Билесизби, мен китептер жөнүндө жана ар түрдүү ушул сыяктуу нерселер
жөнүндө бирөө менен талашып-тартыша, талкуулаша албаймын, бул жагынан
менин жөндөмүм жок деп, сизге мурда бир айтты элем, Мына ошондон бери мен
абдан көп ойлондум. Китеп- канага барып, андан ар түрдүү китептерди алуучу
болдум, бирок ал китептердин бардыгы менин күчүм жете турган китептерден
эмес экен. Же мүмкүн бардыгын кайра башынан башташ керекпи? Мен эч качан
чындап киришип окуп көргөн эмесмин. Жаш кезимден тартып иштей баштоого
аргасыз болдум, мына азыр гана китеп- канага барып жүрөмүн, түрдүү
китептерди таап окудум, мурда болсо мен, чынымды айтайын, эч бир пайдасыз
китептерди окуп жүрүптүрмүн. Билесизби, сиз- дин үйүңүздөгүдөй китептерди
башка фермалардан же болбосо, кемелердин бөлмөлөрүнөн эч качан таба
албайсың. Ал жерде, китеп окуу да тап-такыр башкача, мен дал ошондой окушка
аябай көнүп алыптырмын. Бирок мен сизге мактанбай эле айтайын, андагы
өзүмдүн кирген ийримимдегилерге мен түк окшошчу эмесмин. Бул албетте мен
өзүмдү башка суучулардан же болбосо уйчуман менен койчумандардан, кала
берсе мен өзүм дагы уйчуман болгонмун, — артыкмын деп эсептеп
жаткандыктан эмес, — бирок өзүңүз эле сын бериңизчи, мен китептерди ар качан
сүйүүчүмүн жана колума кандай гана китеп тийбесин аны суктанып окуп
чыкчумун, өзүмө өз башым жолдошторумдукуна караганда тап-такыр башкача
иштей турган баштай сезилчү. Бирок кеп мында да эмес. Мен өмүрүмдө эч качан
сиздикиндей сонун үйдө болгон эмесмин. Мурдагы жумада мен сиздикинде
болгонумда сизди, сиздин апаңызды жана бир туугандарыңызды көрүп, аябай
кубандым, сиздердин баарыңыздар мага бөтөнчө жактыңыздар. Мен мурун
мындай сонун ынтымактуу үй-бүлөлөр жөнүндө китептен гана окугам, көрсө
чындыгында эле турмушта андай үй-бүлөлөр бар болуп чыкты, китеп калп
жазган эмес экен. Мага чындыгында эле сиздердин үйүңүздөр өтө жакты,
эрксизден менин да ушундай үйүм болсо деп ойлодум жана азыр да ойлонуп
турамын. Мен дагы сиздердин үйүңүздөрдөгүдөй абадан дем алсам,
туш-тушумдун- бардыгы китептер, сүрөттөр жана ар түрдүү кооз буюмдар болсо,
үйдө жашагандар болсо акырын жана салмак менен гана сүйлөшсө, алардын
кийимдери жана ойлору да таза болсо дегендей кыял- дарга чөгөмүн. Ал эми мен
өмүр бою дем алган аба болсочу, жүзү курусун, мага алар кир ашкана, ичкилик,
тилдеп-сөгүнүү жана жатакананын акысы үчүн чыр- чатактуу талаштар гана
жыттанат. Сиз ордуңуздан өйдө болуп, өз апаңызды өбөйүн деген учуруңуз мага
ушунчалык кооз болуп көрүндү, — чындыгында мындай сулуулукту мен
өмүрүмдүн ичинде көргөн эмес элем. Бирок мен өмүрүмдүн ичинде далайды
көрдүм, кала берсе башкалардын бардыгынан да көбүрөөк көрдүм. Мен көптү
көрүүнү каалаймын жана дагы көптү көрсөм экен деп тынымсыз умтуламын.
Бирок, кептин бардыгы ушунда гана эмес. Эң башкысы мына бул: мен сиздин
ушул жашап турган үйүңүздөй турмуш деңгээлине жетүүнү каалар элем. Турмуш — бул бир гана мас болуу, мушташ жана оор жумуш эмес да. Эми, мына
мындай бир суроо: мындай деңгээлге кантип жетиш керек? Эмнеден башташым
керек? Иштештен мен коркпоймун; эгерде бул жөнүндө сөз козгой турган болсом,
анда мен иште ким менен гана болбосун ат салышкан болсом озуп кете алар элем.
Мага бир жолу гана баштап алышым кыйын, андан кийин тим эле, күнү-түнү
менен талбай иштээр элем. Мүмкүн сиз менин бул сөздөрүмө күлөрсүз? Мүмкүн
мен сизге бекер жеринен кайрылып жаткан чыгармын, мүмкүн эч кандай кажат
чыкпас, бирок чынын айтсам менин сизден башка кайрылар эч кимим жок, же
Артурга кайрылыңыз дейсизби? Мүмкүн менин ага кайрылышым керек эледир?
Эгерде мен...
Ал күтүлбөгөн жерден токтоло түштү. Чындыгында эле Артурдан сураш керек
эле, ай иттикай, бир акмак болуптурмун да, деген ойду ойлоно түшкөндүгүнөн
анын бардык планы бузулуп кетти. Руфь тез жооп кайтарган жок. Анын бардык
ою Мартиндин байланышсыз түшүндүргөн сөздөрү менен жөнөкөй ойлоруна,
анын көзүнөн окулуп турган чыныгы ойлор менен бирге байланыштырууга катуу
аракеттенүүсүнө бурулган эле. Ал эч качан мындай жеңилбес күч жанып турган
көздөрдү учураткан эмес. Бул адамдын колунан бардыгы келет — мына анын көз
караштары эмнелерди айтып тургансыйт, бул анын тил байлыгынын
кедейлигинен сөз жүзүндө толук баяндалбай гана турат. Анын үстүнө Руфтун
акылы ушунчалык жеткилең жана татаал болгондуктан, ал чыныгы жөнөкөйлүк
менен ак ниеттүүлүккө чындап туура баа бере албады. Кала берсе, Мартиндин
бул кекечтенген ойлорунан да кандайдыр бир зор күч сезилип турган. Мартин
Руфка колундагы чынжырын үзүп таштоого мелдешкен алп сыяктуу болуп
көрүндү. Анын көздөрү демейдегиден башкача нурдана түшүп Мартинге:
— Сиз өзүңүзгө эмне жетишпегендигин өзүңүз билесиз, — сизге
маалыматтуулук жетишпейт. Сиз кайра башынан баштасаңыз болор эле. Эң алды
мектепти бүтүрүп, андан кийин — университеттин курсуна өтсөңүз жакшы болор
эле.
— Ал үчүн акча керек да, — деп Мартин сөзүн бөлүп кетти.
— О, туура айтасыз! — деди таң кала түшүп Руфь, — мен ал жөнүндө ойлонгон
эмес экенмин! Бирок, сиздин жакындарыңыздын эч кими сизге жардам көрсөтө
алышпайбы?
Ал жок дегендей башын тескери чайкады.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.