Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08

Total number of words is 4140
Total number of unique words is 1839
31.2 of words are in the 2000 most common words
43.1 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
калды. Эх, атаганат! Эгерде ал, бардык өзүнүн көргөндөрү жөнүндө Руфь да көрүп
тургандай кылып, элестүү түшүндүрө алган болсочу! Аны, күтүлбөгөн жерден өз
оюнун тереңинде пайда болгон бул зор көрүнүштөрдү Руфка тезирээк сүрөттөп
айтып берүүнү каалагандык сезими кыйнап жибергенсиди. Мына, ал азыр
күтүлбөгөн жерден бир нерсени түшүнгөндөй болду! Мына, сырдын кулпусу
ачылды! Эмне дегенде бул ишти бир гана улуу устаттар — акындар менен
жазуучулар гана иш жүзүнө ашыра алышмак! Алардын улуулугунун сыры да, дал
мына ушунда турат. Алар бардык көргөндөрүн, ойлогондорун жана сезгендерин
сөз менен толук баяндап бере алышат. Күнөстөп уктап жаткан ит, көпчүлүк
учурларда уктап жатып, кээде үрүп да жиберет, бирок ал, түшүндө эмнеге
каңкылдап жана эмнени көрүп үргөндүгүн айтып, түшүндүрүп бере албайт. Мына
ал өзүн азыр ошол күнөстө уктап жаткан иттен артык сезбеди: анткени ал дагы
уктап жатып, жомоктогу окуядай укмуш сонун түш көрөт, бирок аларды баяндап
Руфка түшүндүрө албайт: Азыр болсо, уйкудан көздү ачуу керек. Ал эми көзү
ачылып, өзүнүн көргөндөрүнүн жомоктогудай кооздугун көркөм сөз менен Руфка
баяндоого жетишкенге чейин, талыкпастан окуйт да, иштейт. Кала берсе, ойду
түшүндүрүүнүн бөтөнчө сырына ээ болгон жана сөздөрдү өзүнө, кадимки кул
сыяктуу багындыра билген, аларды таң каларлыктай эң сонун айкалыштыра
алган адамдар да бар эмеспи. Ага күтүлбөгөн жерден, өзүн мурда кыйнап жүргөн
терең сырдын түйүнү чечиле түшкөндөй болуп, аябай таң калын кетти жана
анын көз алдынан күн нуруна бөлөнгөн ааламдын жашыл мейкиндиктери
көрүнгөндөй да болду. Айланасындагы мемиреген тынчтыкка таң кала түшүп
акырында ал эсине келди да, өзүн карап жылуу жылмайып турган Руфту көрдү.
— Мен терең кыялга түшүп кетиптирмин, кечиресиз, — деди Мартин,
толкундана түшүп.
Ал бул сөздү кантип тапты? Бул сөздөр анын олестеринин таасиринен пайда
болгон аңгемелешүүдөгү бир аз тыныгуунун себебин туура айкындап турган эле.
Бул чындыгында укмуш! Ал эч качан минтип, өзүнүн сонун ойлорун сөз жүзүндө
баяндап бере алчу эмес, экинчиден, ал баяндоого аракеттенип да көргөн эмес.
Албетте, деңизчи. Азыр бардыгы түшүнүктүү болду. Ал аракеттенип көрбөптүр.
Суинберн, Теннисон, Киплинг жана башка улуу акындар аракет кылып көрүшкөн
жана аракеттери ишке ашкан. Анын эсине өзүнүн жазган «Акак кармоочулары»
түштү. Ал жогоруда айтылгандай, эч качан сөз менен жүрөгүндөгү жаткан
кооздукту сүрөттөп көрсөтүүгө аракет кылган эмес. Эгерде ал башынан ушундай
аракет жасап жүргөн болсо, мүмкүн анын аңгемеси тап-такыр башкача
көркөмдүктү түзмөк эле. Ал эгерде чын эле ошондой иштеген болсом, канчалык
сонун нерселерди жазмак элем деп ойлонуп, өкүнүчкө бата түштү, анын кыялы
алда кайда алыска жетелеп кеткендей бөлүп, ойго батты. Эмне үчүн ал өзүн
толкунданткан бардык кооздуктарды ыр менен, жагымдуу назик ыр менен улуу
акындар сыяктуу берүүгө аракет кылып көрбөйт? Кур дегенде, ал өзүнүн Руфка
карата сүйүүсүн жана бул сүйүүнүн сырдуу жыргалын, көңүлдү асманга көтөргөн
анын бийиктигин баяндап көрсөтпөйбү? Эмне үчүн ал акындар иштеген нерсени
иштей албайт? Алар сүйүү жөнүндө ырдашат. Ал дагы сүйүү жөнүндө ырдайт!
— Кара баскырдыкы!
Бул өңдүү таң калуунун үнү анын кулагына кадимки күн күркүрөгөн сыяктуу
болуп катуу угулду. Кыялга терең берилип кетип, ал бул сөздү үнүн чыгарып
айтып жиберди. Анын бети албырып, күнгө күйгөн бозомук күрөң чачтарынын
түптөрүнө чейин кызарып кетти.
— Мен... мен... кечирип коюуңузду сурайм, — деди ал, — мен ойго түшүн
кетиптирмин...
— Сиз муну кээ бирөөлөр өңдүү: «мен чокундум» дегендей кылып айттыңыз,
— деп, Руфь өткөрө тамаша кылып жиберип, кайра ичинен уялып кетти.
Өмүрүндө биринчи жолу Руфь өзүнө тааныш адамдын оозунан ушундай
каргышты угуп, катуу ирээнжий түштү, бул ирээнжүү азыркы сөздүн кулагына
октой тийгендигинен жана үрп-адатты сактоо сезимине шек келтиргендиктен
гана болбостон, — анын бала болуп эс тартканы бейпилдикке бөлөнүп турганын
гана билген жылуу очогунда денени дүркүрөткөн суук шамалдын пайда
болушунун катуу чочутуп жибергендигинен да болду.
Руфь аны кечирди да жана өзүнүн ырайымдуулугуна таң калып да кетти. Аны
кечирүү эмнегедир оңой болуп көрүндү. Себеби ага турмуш шарттары башка
адамдар сыяктуу болууга мүмкүндүк бербеген, бирок ал бул кыйынчылыкты
жеңүүгө аракет кылып, бир топ ийгиликтерге да ээ болуп олтурат. Руфь өзүнүн
ырайымдуулугун түшүндүрүүчү дагы башка жөнөкөй себептер бар экендигин
билген да жок. Руфь Мартинге чын жүрөгүнөн берилип, бирок бул берилгендик
сезиминин эмне экендигине ал өзү да түшүнгөн эмес. Ооба ал түшүнө да албайт
эле. Ал өзүнүн жыйырма төрт жыл өмүрүн тынч, бир жолу дагы сүйүүнүн
жеңил-желпи кызыгуу- сун башынан өткөрбөстөн жашап жана сүйүүнүн
жалындуу сезимдери жөнүндө түшүнүгү болбогондуктан өзүнүн сезимдерин өзү
таасын ажырата да алчу эмес. Ал азыр дагы сүйүүнүн ысык жалыны анын
жүрөгүн жылытып тургандыгын түшүнгөндөй болгон жок.
XI ГЛАВА
Мартин өзүнүн «Акак кармоочуларын» жазууга кайрадан киришти, бирок
анын көңүлүн ыр жазууну каалагандык сезими өзүнө кумардантып кетпеген
болсо, балким аны тез эле аранын ичинде бүтүрүп коймок беле... Бул болсо Руфь
шыктандырган махабат жөнүндөгү ырлар эле. Бирок ал бир дагы ырын толук
аягына чейин чыгара жазып бүтүрө албады.; Кыска убакыттын ичин- де
поэзиянын укмуштуу сырларына ээ болууга мүмкүн эмес экен. Ритм, метр, ырдын
жалпы эле түзүлүшү өз алдынча чоң кыйындыктарды туудуруп жана мындан
тышкары ал улуу акындардын ырларынан дагы бир акыл менен ой жеткис
кандайдыр бир укмуш касиеттерди учуратып, бирок ал, бул сыяктуу касиеттерди
өзүнүн ырларына тап-такыр киргизе албады. Бул болсо, берүүгө анын кубаты
жетпеген поэзиянын ой жеткис бийик чокусу боло турган. Мартинге бул,
жакындап келип, бирок кайра атырылган бойдон алыс кеткен кандайдыр бир
удургуган оттуу тумандын нурдануусундай элестелип, ал ага умтулуп, канчалык
аракет кылганы менен тумандын эң майда бөлүкчөлөрүнөн башка колуна эч
нерсе илинбегенсиди, ушундан да ал кулагына кадимки музыка сыяктуу угулган
же көз алдына кандайдыр бир сулуу көрүнүштү элестеткен кээ бир кооз саптарды
гана түзгөндөй болду. Бул иш ага барган сайын оор болуп баратты. Сонун
сезимдер өзүн так түшүндүрүүнү талап кылды, бирок бул сезимдер кагаз бетине
супсак, жалынсыз, жөнөкөй кара сөздөрдөй болуп түшүп жатты. Мартин өз ырын
өзү үнүн чыгарып окуду. Ырдын өлчөмү, уйкаштыгы жана куюлуштугу түзүк
болгону менен, анда жалындуу таасирлер, көңүлдү толкундатуучу улуу күч жок
эле. Мунун эмне себептен ушундай болуп жатканына ал такыр түшүнбөдү. Кээде
капага чөмүлө түшүп, кайра өзүнүн аңгемесин жазууга киришет. Кара сөз болсо
ал үчүн күүгө жакшыраак келүүчү аспап сыяктуу сезилди.
«Акакты кармоочулар» жөнүндөгү очеркти жазуу менен бирге, Мартин дагы
башка, — деңиз кызматы, таш бакаларды кармоо, ысык өлкөлөрдө болуучу
түндүк- чыгыш кургак шамалы жөнүндө да очерктерди жаза баштады. Андан
кийин ал тажрыйба иретинде мазмуну кызыктуу кичинекей аңгеме жазууга
олтурду да, бир аңгеме жазуунун ордуна, ал кызыгып кетип, алты аңгеме жазып,
аларын ар түрдүү журналга жөнөтүп жиберди. Ал жазганын китепканага же
Руфка барыш үчүн болгон үч саатка гана токтотпосо, калган башка бардык
убакыттардын ичинде ал эртең менен кечке чейин, кала берсе, түнкүсүн түн
ортосуна дейре ордунан козголбой такай олтуруп, жемиштүү жана чыдамдуулук
менен иштечү. Мартин бул күндөрү өзүн чексиз бактылуу сезип, чыгармачылык
жалыйдануу болсо бүткүл аң-сезимин ээлеп алды. Ал мурда кудайлардын гана
колунан келет го деп ойлогон жаратуунун кубанычы азыр анын өз бийлигинде
турду. Аны мурда курчап турган бардык чөйрө: чириген жашылчалар менен
самындуу суунун жыттары, эжесинин адамдын боору ачый тургандай аянычтуу
мүчөсү жана мистер Хиггинботамдын күлкүнү келтирүүчү кебете-кепшири —
мына ушунун бардыгы ага азыр кандайдыр бир түш сыяктуу болуп көрүндү.
Чыныгы дүйнө анын элесинде гана жашап, ал эми жазган аңгемелери болсо, ушул
дүйнөнүн майда чачырандысындай болуп көрүндү.
Күндөр болсо өтө кыска болуп сезилип, окуй турган илимдеринин тармактары
болсо ушунчалык көп эле. Ал уйкунун убактысын беш саатка кыскартуу менен
толук эс алууга мүмкүн деп чечти. Бул мөөнөттү ал дагы төрт жарым саатка
чейин кыскартып көрдү эле, бирок бул аракетинен эч нерсе чыкпады, кайра
мурдагы беш сааттык уйку тартибине түшүүгө мажбур болду. Калган башка
бардык убакыттарын ал берилгендик менен өзүнүн чыгармачылык иштерине
жумшап, кээде илимдерди окуш үчүн гана араңдан зорго жазуусун токтото
турган, илим үчүн, — китепканага барыш үчүн токтотуучу; ал илимдердин
штурмандык рубкасы жана кандайдыр бир жол менен өздөрүнүн чыгармаларын
орноштуруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен сырдуу жазуучулардын аңгемелери
басылган толгон журналдар менен араң дегенде, аргасыз коштошо турган.
Мартин Руфтун үйүнө жолугууга тез келип жана кайра тез кетүүчү. Ал кетерде
жүрөгүнүн жарымы Руфтун үйүндө калгандай болучу, ошентсе да ал сыр
билдирбей сыртка чыгып, караңгы көчө менен убакытты жоготпос үчүн
шашып-бушуп китептерин көздөй чуркап жөнөөчү. Мына ушулардын
бардыгынан кыйыны — Мартин үчүн алгебра же физика китебин жаап, калем сап
менен тетраддарын жыйнаштырып жаткан кезде, чарчаган көздөрүнүн
эрксизден жумулуп кеткендиги болучу. Ушунчалык кыска убакытка уйкунун
саякатына кетсе дагы, ага бул өтө оор сезилди, бирок туура беш сааттан кийин
аны будильник кайра ойготоорун түшүнүп, ал өзүн-өзү сооротту. «Ал беш гана
саат убактысын жоготот, андан кийин аны будильниктин кулакты тундурган
ачуу үнү ойготуп, кайрадан он тогуз саат пайда болот.
Мына ушинтип, убакыттар өтүп жатты. Мартиндин болсо акчасы түгөнүп,
күткөн гонорарлары али келбеди, Бир айдан кийин ал «Өспүрүмдөрдүн
жолдошуна» жиберген өзүнүн кол жазмасын кайра алды. Пайдалануудан баш
тартылгандыгы жөнүндө келген бул жооп өтө кылдаттык жана кичи пейилдик
менен жазылгандыктан Мартинде бул басма сөз кызматкерлерине карата
кыжырдануу мамилеси эмес, кайра тескерисинче, кадырлоо сезими пайда боло
түштү. Бирок «Сан-Франңисконун баяндоочусу» жөнүндө кеп тап-такыр башкача
болду. Мартин эки жума жооп күтүп, келбегенден кийин кат жазып жиберген,
дагы бир жумадан кийин ал дагы бир жолу кат жазып жиберди. Эң акырында ал,
редакцияга өзү келип, редактор менен бетме-бет жолугушууну каалады. Бирок,
эшикти кайтарып турган сары баш, кара мүртөс бир жаш жигит, аны бөтөнчө
урматтуу редактор аял менен жолугушууга, анын жүзүн көрүүгө киргизбей койду.
Бешинчи жуманын акырында анын кол жазмасы эч кандай түшүндүрүүсүз кайра
кайтарылып келди. Же баш тартылганы жөнүндө жооп жазбайт, же бир түшүнүк
каты жок, эч нерсе жазбаптыр. Мына ушундай эле, анын Сан-Францисконун чоң
журналдарына жиберген башка аңгемелери да тез арада эле кайтып келди.
Ушундан кийин Мартин өзүнүн очерк- терин чыгыш штаттарынын газеталарына
жөнөтүп, бирок бул очерктер редакцияларга жетери менен, тезинен кайра эле:
чыкпай калды, жок деген жооптор келди.
Ушундай эле тагдыр анын аңгемелерине да туш болду: Мартин өзүнүн
аңгемелерин бир нече жолу кайра-кайра окуп чыгып, аңгемелери өзүнө
ушунчалык жаккандыктан, редакторлордун аны пайдалануудан эмне үчүн
мынчалык чечкиндүү баш тарткандыгынын себебин, ал, кол жазмалар сөзсүз
машинкага басылган болуш керек, деген сөздү бир кезиттен окуганга чейин,
өзүнө-өзү түшүндүрө албады. Бардыгы эми түшүнүктүү. Анын түшүнүксүз кол
жазмаларын талдап олтурууга редакторлордун албетте, убактылары жок болуш
керек. Мартин акысын төлөп, убактылуу пайдалануу үчүн бир жазгыч
машинканы тапты да, аны үйрөнүүгө керели-кечке аракеттенди. күнүнкү
жазганын күнүн басып бүтүрүп, андан кийин акырындык менен өзүнүн мурдагы
жазган бардык чыгармаларын баса баштады. Машинкага басып туруп жиберген
аңгемелеринин да кайтарылып келиши Мартинди канчалык айран-таң
калтыргандыгын түшүндүрүү кыйын эле. Мартиндин өңдөрү кубарып, жаак
сөөктөрү бери чыга түштү, ал ого бетер тажабаган өжөрдүк менен улам жаңы
адрестер боюнча өзүнүн кол жазмаларын кайрадан жөнөтө баштады.
Акырында ал өз чыгармасына адамдын өзүнүн баа бериши өтө кыйын
экендигин түшүндү. Мына ошондук- тан ал өзүнүн кээ бир аңгемелерин сынатып
көрүүгө Гертрудга окуп берүүнү чечти. Анын көздөрү жалындай түшүп,
Мартинди көздөй сыймыктануу менен карады да мындай деди:
— Сенин бул жазгандарың укмуш!
— Ооба, ооба, — деди Мартин шашкан түрдө. — Бирок сага жагабы же,
жакпайбы — ошону айтчы.
— Кудай урсун! — деди ал, толкундана түшүп, — жакпагандачы! Чындыгында
менин көңүлүмө ушунчалык жагып, жүрөгүмдү чексиз толкундатып
жибергендигин эч сөз менен айтып, түшүндүрө да албаймын!
Бирок, Мартин аңгемесинин бардыгы эле эжесине түшүнүктүү боло
бербегендигин сезди. Анын ырайымдуу жүздөрүнөн кандайдыр бир таң
калгандыктын белгиси көрүнүп турган эле. Мартин ойлонуп токтоп калды.
— Булардын акыры эмне менен бүтөт, айтсаң Март — деди эжеси бир топко
чейин унчукпай тургандан кийин, айтсаң Март, ия? Жанагы тили булбулдай
сайраган жигит эмне болду, берки кызга үйлөндүбү же үйлөнгөн жокпу?
Мартин ага, көркөмдүк жактан жетилди деп өзү эсептеген аңгемесинин аягын
түшүндүргөндөн кийин ал эрксизден:
— Мынакей, десе, мен дагы дал ушундай деп ойлогом. Эмне үчүн сен түз эле
ушундай деп жазган жоксуң?
Гертрудга онго жакын аңгемесин окуп берип, ал ага аягы кубанычтуу окуя
менен бүткөн аңгемелер жага тургандыгын түшүндү:
— Бул аңгемең, абдан жакшы жазылыптыр, — деди ал тепшиден өйдө боло
берип, үшкүрүнүп жана бууга кызарып кеткен колдору менен чекесин сүртүп
коюп, бир гана жери, мени эрксизден капага түшүрдү. Ыйлап да жибергим келди.
Ансыз деле өзүмдүн кайгым аз эмес эле. Жакшынакай көңүлдүү нерселер
жөнүндө уксам, кайгы-капам жеңилдей түшкөнсүйт. Эгерде ал жигит ошол кызга
үйлөнгөн болгон болсо... Мени жаман көрбөйсүңбү, Март, — деди ал тынчсыздана
түшүп. — Мүмкүн мен жаңылып жаткандырмын, анын үстүнө өзүм да аябай
чарчадым. Ал эми аңгеменин өзү тим эле укмуш, эң сонун. Эми, мунуңу кайда
жиберейин деп ойлойсуң?
— Бул башка кеп, — деп күлүмсүрөп койду ал.
— Эгерде бир жерге чыгарып калсаң, ушуга канча акча алар элең?
— О, анда кеминде жүз доллар алар элем.
— О-о! Эгерде чыгарып калсаң, жакшы болмок экен ээ!
— Аз акча эмес, туурабы эжеке? — Ал сыймыктануу менен дагы кошумчалап:
— Билип коюңуз, мен муну эки гана күндүн ичинде жазып бүтүргөм. Ошондо
күнүнө элүү доллардан тапкан болом!
Мартин өзүнүн аңгемелерин Руфка ушунчалык окуп бергиси келди да, бирок
кайра сүрдөнгөндөй токтоп калды. Ал бир нерсеси жарыкка чыкканга чейин
күтүп турууну чечти, — мына ошондо Руфь жок дегенде, анын чыгармачылыкка
болгон умтулуусун жакшыраак баалар. Ошол эле учурда ал окуусун да уланта
берди. Ага баштан өткөргөн мурдагы саякаттарынын бири дагы, азыркыдай —
адамдын акылынын али жол салынбаган чытырман түнт токоюн көздөй жасаган
саякатындай кызыктуу көрүнө албады. Ал физика менен химия окуу китебин
сатып алды да, алгебра менен катар физикалык закондорду, анын далилдөөлөрүн
үйрөнө баштады. Лабораториялык тажрыйбаларды ага кыялында жасоого туура
келди, анын элестөөлөрүнүн күчтүүлүгү, ага химиялык ар кандай реакциялардын
жүрүп жаткандыгын кадимки өз көзү менен көрүп жаткандай түшүнүүгө жардам
берди жана ал, тажрыйба жасоого катышып жүрүшкөн студенттердин кимисинен
болсо да, реакциянын формуласын жакшы биле турган. Окуган китептеринин
барактарынан Мартин акырындык менен дүйнөнүн сырын биле баштады. Ал
мурда дүйнөнү өзгөрүлбөгөндөй жана бирөө жараткан сыяктуу кабыл алган эле,
мына эми, азыр болсо ал — дүйнөнүн түзүлүшүн, кубулушун, күчтөрдүн
катыштарын, жаратылыштын түзүлүш закондорун түшүндү. Ал азыр, өзүнө
мурда өтө тааныш нерселердин ички сырын түшүнүүгө аракеттенди. Таянычтар
менен чыгырыктар анын эсине деңизде жүргөн кезиндеги оор жүк көтөргүч
машиналар менен крандарды түшүрдү. Ачык деңизде жүргөн кезде жолдон
адаштырбаска мүмкүндүк берүүчү кеме башкаруу илиминин теориясы азыр ага
жөп-жөнөкөй жана түшүнүктүү боло түштү. Ал бороон, жамгыр жана суу
ташкындарынын сырына түшүнүп, ысык өлкөлөрдөгү кургак шамалдардын
пайда болуу себептерин билди, кала берсе ал, ысык өлкөнүн түштүк-чыгышты
көздөй согуучу кургак шамалы жөнүндөгү өзүнүн очеркин өтө эрте жазып
койдумбу деп да бүшүркөндү. Жок дегенде ал ошол очеркти азыр жазган болсо,
мурдагыга караганда жакшыраак жана тереңирээк жаза тургандыгын сезип
турду. Бир күнү ал Артур менен бирге университетке келип, толкундангандыгын
билдирбестен кадимки диний ардак- тоо сезими менен лабораториядагы болуп
жаткан тажрыйбаларга көз жүгүртүп жана студенттерге окуп жат- кан
профессордун лекциясын да угуп олтурду.
Бирок, Мартин өзүнүн чыгармачылык иштерин таштап салган жок. Майда
аңгемелер мурдагыдай эле, анын калем алдынан жаралып жатты жана мындан
башка дагы ал журналдарга чыгып жүргөн ырлар сыяктуу бир топ ырларды
жазууга да убакыт тапты; андан кийин ал күтүлбөгөн жерден эргип кетип, эки
жуманын ичинде ак ырлар менен жазып бүтүргөн бир трагедиясын тилекке
каршы, басма кызматкерлеринин көпчүлүгү жараксыз деп табышты. Бир күнү ал
Гэнлини абдан окуп, анын «Ооруп төшөктө жаткан кезде жазылган
поэмаларынын» үлгүсү боюнча деңиз жөнүндөгү ырлардын өзүнчө бир тизмегин
жазып салды. Бул ыр болсо жөнөкөй, жаркыраган жана көркөмдүү, каармандык
менен кыялданууларга толгон ырлар болучу. Мартин аны «Деңиз ырлары» деп
атап жана өзүнүн чыгармаларынын эң мыктысы катары эсептеди. Бул ырлардын
тизмегине отуз ыр кирген эле: ал күн сайын өзүнүн негизги иши болгон карл сөз
жазуусун бүтүргөндөн кийин, бирден ыр жазуучу — эгерде модалуу жазуучу
болгон болсо, ал бул үчүн толук бир жума убактысын жоготор эле. Бирок, Мартин
үчүн эмгек өзүнөн-өзү эч кандай мааниге ээ болбогон сыяктуу сезилди. Ал сүйлөө
жөндөмдүүлүгүнө ээ боло түшүп, көп жылдар бою өзүнүн санаасында үнсүз-сөзсүз катылып келген көркөмдүк жөнүндөгү бардык ою жана тилеги жөнүндө
күтүлбөгөн жерден зор толкундануу менен баяндап жиберди.
Мартин өзүнүн «Деңиз ырларын» эч кимге көрсөткөн да, эч кайда жөнөткөн
да жок. Себеби ал редакторлорго карата болгон ишеничин жоготуп койгон.
Бирок, бул жолу ал өзүнүн чыгармасын жөнөтүүдөн ишенбегендиктен токтоп
калган эмес. Ага өзүнүн бул чыгармасы ушунчалык көркөмдүк менен
жазылгандай көрүнүп, мына ошондуктан ал, эгерде убактылуу мүмкүнчүлүк
келип калса жалгыз гана Руфь менен пикир бөлүштүрүүнү каалады. Ал дал ушуга
чейинки чыгармасын эч кимге айтпай, өзүнчө кайра-кайра окуп чыгып,
акырында жаттап ала турган да болду.
Ал ар бир минута сайын толкундануу менен жашап жана бул толкундануу
анын түшүндө да улантыла берди, анын акыл-эси мажбурланган беш сааттык
аракетсиздикке каршы чыгып, өңүндөгү көргөн жана ойлогон окуяларын
түшүндө да улантып, укмуштуудай жана ык- сыз кыялдарды туудуруп жатты.
Мына ошентип, ал такыр эс алган жок, эгерде анын ордунда башка бир денеси
бош, саламаттыгы начарыраак жигит болсо, эчак эле ооруп, жаздыкка кулап
түшмөк. Эми анын Руфь
менен болгон жолугушуусу улам барган сайын суйдаңдап, чанда болуп бара
жатты: мына Руфтун университетке экзамен тапшырып, диплом ала турган
мезгили — июнь айынын баш чени да жакындап калды. Искусствонун
даанышманы! Мартин бул наам жөнүндө ойлогон кезде, Руфь ал үчүн кол жеткис
бийиктикти көздөй сызып бара жаткансыйт.
Жумасына бир күн убактысын Руфь Мартин үчүн жумшоочу, бул күнү Мартин
Морздордукунан түштөнүп, андан кийкн музыка укчу. Бул анын салтанаттуу
күндөрү эле. Морздордун үйүнүн бардык атмосферасы, Мартин жашаган ыплас
шарттарга тап-такыр окшобой турган, анын Руфь менен жакындашы — көңүлүн
көтөрүп, кыялын асманга учуруп жибергендей болду, мына ошондуктан, ал кээде
эрксизден өзүнө-өзү: — ушул бийиктикке кандай гана болбосун мен дагы сөзсүз
жетишим керек, — деп, ант берген күндөрү да болгон. Чыгармачылыктын оту
өчпөгөн кумарына жана аны саматкан сулуулукка ушунчалык берилгендигине
карабастан, ал акыр аягында мунун бардыгы, бардык аракетим жалаң гана сүйүү
үчүн болгон күрөш деп, дагы бир жолу түшүндү. Ал баарынан мурун сүйүүнү
терең баалап, калгандардын бардыгын ошол сүйүүгө багындырган эле. Ага
ашыктыктын изденүүсү бардык башка изденүүлөргө караганда маанилүүрөөк
болуп көрүндү. Дүйнө ага кандайдыр бир сырдуу закон боюнча өз ара таасир
этүүчү молекулалар менен атомдордон тургандыктан эмес, ушул дүйнөдө Руфь
жашап жаткандыктан таң каларлык болуп көрүндү. Руфь ага мурда эч качан
билбеген, кыялданбаган, кала берсе ойлоп да койбогон укмуштуу керемет
сыяктуу сезилди.
Бирок, ал экөөнүн ортосундагы аралыктын таасири Мартинди кээде терең
кайгыга чөктүрүп жибере турган. Руфь андан кол жеткис чексиз алыстыкта
турду, ага жакындоо үчүн эмне кылуу керек экендигин ойлой берип анын акылы
айран болду. Ал өз табынын кыздары менен аялдарына өтө кадырлуу болучу.
Бирок, аларды сүйчү эмес, ал эми Руфту болсо, терең сүйүп калган. Кеп бул жерде,
Руфтун башка тапка таандык экендигинде эмес эле. Анын жүрөгүндөгү сүйүүсү
Руфту бардык таптардан жогору көтөрүп кеткендей болду. Ал бөтөнчө жан эле,
болгондо да Мартиндин оозунан сөзүн түшүрүп, жүрөгүн жаралаган сүйүүсү
менен ага кандай мамиле кыларын билгизбей, сүрдөткөн жан эле. Албетте,
Мартин өзүнүн акыл-эс, кез карашын кеңитип жана туура сүйлөөгө үйрөнүп
Руфка жакындай баштады, ал экөөнүн ортосунда жалпы тил, жалпы тема,
каалоолор жана кызыкчылыктар пайда болду, бирок сүйүүнүн умтулуусу ушулар
менен гана канааттанып калган жок. Анын назик кыялы Руфту ушунчалык ыйык
жана кол тийгизгис таза кылып сездирип, ошондуктан аны менен дене жактан
жакындашуу жөнүндөгү ойлорду башынан алыс качырды. Сүйүүнүн өзү андан
Руфту алыстатып жибергендей, кол жетпес бийик аскадай анын ортосун
ажыратып салгандай сезилди. Ал турмак сүйүү Мартиндин ушунчалык эңсеген
жылдызы — Руфтун өзүнөн бөлүп кеткендей да болду.
Мына, бир күнү, күтүлбөгөн жерден алардын орто- сун бөлүп турган чексиз
аралыкка көпүрө салына калгандай, ал экөөнүн ортосу көз ирмемге жакын боло
түштү жана мурдагы чексиз аралык азыр анчалык деле алыс болуп көрүнбөдү.
Алар жанаша олтурушуп, ширеси ачуу винону элестеткен, чоң-чоң кара
алчалардан жеп олтурушту. Руфь ага «Кан кызын» окуй баштаганда, Мартин
анын назик эриндеринен кызыл боёк сыяктуу алчанын жугун байкады. Көз
ирмемдин ичинде Руфтун мурдагы кол тийгис ыйыктыгы өз маанисин жоготуп
жибергендей болду. Ал да адам заттын баласындай, анын денеси да, бардык эле
адамдардын денесиндей бир гана законго баш ийгендей болуп көрүндү. Анын
эрин- дери деле өзүнүкүндөй жана алчанын анын эриндериндеги калтырган жугу
да өзүнүкүнө окшош болуп турду. Эгерде анын эриндери ушундай болгондон
кийин, демек, сөзсүз анын баркы бардык табийгаты да, дал ушундай болууга
тийиш. Ал аял болучу; башка бардык эле аялдар сыяктуу аял эле. Бул ой
Мартинди үстүнөн аска кулап түшкөндөй чочутуп жиберди. Ал үчүн бул
кандайдыр бир жаңы ачылыш болду.:Ал өзүн бул минутада асмандан түшүп келе
жаткан күндү көргөндөй же дин кудайларын шылдыңдап маскаралоого
катышкандай сезип кетти. Мартин бул ачылыштын мазмунуна терең түшүнүп,
бул перизаттын эмес эле, эриндерине алчанын кара кочкул боёгу сүртүлгөн
адамзаттын эле кызы болгон Руфтун сүйүүсүнө жетсем дегендей кумарданууга
берилип, жүрөгү туйлай түштү. Ал, бул жат ойлордон катуу чочуп кеткендей да
болду, бирок анын акыл-эси жана жүрөгү аны шаттандырып изден тайбастыкка
чакырып турган эле. Руфь анын бул күтүлбөгөн жерден болгон өзгөрүлүшүн
сезип калгандай окшоду, себеби, — ал окуп жаткан китебин токтото коюп,
Мартинди көздөй бурулду да, бырс этип күлүп жиберди. Мартиндин жалындаган
көз карашы Руфтун көгүлтүр көздөрүнөн, алчанын кичинекей жугу тийип калган
эриндерине түштү, бул сезимден ал эс учунан тангансып кетти. Мартиндин
колдору чаржайыт турмушту башынан өткөрүп жүргөн мезгилдеги башка
аялдарга сунулган сыяктуу азыр Руфту көздөй сунулду. Руфь кандайдыр
Мартиндин оюн түшүнгөндөй, аны көздөй саал ыктай түшүп, аны күткөнсүдү,
Мартин бул минутада бардык эркин жыйып, өзүн- өзү араңдан зорго токтотуп
турду]
— Сиз бир дагы сөзүн уккан жоксуз го дейм, — деди Руфь таарынгансый
түшүп.
Ушул эле замат ал Мартиндин уялып тургандыгын байкап, кубанычтуу
жылмайып койду. Мартиндин көз карашы Руфтун жылдыздай жанган көздөрүнө
чагылыша түшкөндө, ал өзүнүн жүрөгүндө кандай өзгөрүү боло түшкөндүгүн
Руфтун али толук сезбегендигин түшүнүп, өтө чаап кеткендей болду. Ал Руфтан
башка өзүн түшүнбөгөн бир дагы аялды учураткан эмес эле. Руфь болсо аны
чындыгында эле. түшүнө алган жок. Дал мына ушул жерде, ал экөөнүн
ортосундагы терең айырмачылык жаткан эле! Руфь болсо тап-такыр башка кыз
боло турган! Мартин өзүнүн одонолугунан жана Руфтун аны жаман
көргөндүгүнөн төмөн чөгө түшүп, ал экөөнүн ортосундагы чексиз алыс аралыкты
кошуп турган жанагы көпүрө кулап түшкөнсүдү.!
Ошентсе да, бул окуя аны Руфка саал жакындаткандай болду. Санаасынан
кетпеген бул окуя жөнүндөгү ой анын кайгы капасын басаңдаткандай жана ага
кээде шык берип, алга ээрчиткендей таасир этти. Алардын ортосундагы чексиз
аралык эми кайра мурдагыдай анчалык деле алыс болуп көрүнбөдү. Ал
чындыгында искусствонун даанышманы деген наамды алуу үчүн басып өтүлүүчү
жолдон да узак жана кыйын жолду басып өттү. Ал эми Руфь болсо, ушунчалык
таза, таза болгондо да, мындай тазалыктын дүйнөдө бар экендигин мурда ал эч
качан уккан да, көргөн да эмес. Бирок анын эрин- Деринде алчанын кара кочкул
темгилдери алиге турат.
Экинчиден ал дүйнөдөгү бардык жан-жаныбарлар сыяктуу эле физикалык
закондорго баш ийип, алардай эле жан сакташ үчүн, тамактанууга жана кала
берсе, суукка тийип ноокастап калышы да мүмкүн. Бирок, кеп мында эмес эле.
Кеп, ал дагы ачкалыкты жана эңсөөнү сезгендигинде, суук менен күндүн аптап
ысыгынан зааркана тургандыгында, демек акырында, сүйүүнү сезишинде —
эркектерге карата болгон сүйүүнү, назиктикти сезишинде жаткан эле. Ал эми
Мартин болсо, эркек да! Эмне үчүн, мындай болгондон кийин ал Руфтун сүйгөн
кишиси боло албайт? Мен бакытка жетемин, — деди ал, намыстана түшүп, үнүн
титирете шыбырап. Мен анын сүйгөн кишиси боло аламын! Мен бакытка
жетемин!
XII ГЛАВА
Бир күнү кечинде Мартин оюнда жыйылып жүргөн эң сонун образдардын
тумандуу болгондугуна карабай сонет жазамын деп кыйналып отурганында аны
телефонго чакырып калышты.
— Аялдын үнү окшойт. Өтө жагымдуу угулгансыйт дегеле, — деди аны
чакырып жатып, мыскылдагандай мистер Хиггинботам.
Мартин бөлмөнүн бурчунда турган телефонго келип, андан Руфтун тааныш
үнүн угуп, бүткөн бою чымырап, жүздөрү тамылжый түштү. Сонет жазам деп
алышып жатып, ал Руфтун дүйнөдө жашап жаткандыгын да унутуп жибериптир,
бирок азыр ал Руфтун тааныш үнүн укканда, чыныгы сүйүү кайрадан жаңы күч
менен, кадимки чагылгандын огундай кыйраткыч зор күч менен аны өз кучагына
тартып кетти. Бул кандай үн дейсиң! Кадимки алыстан угулган музыка сыяктуу
назик жана жагымдуу, күмүштөн жасалган коңгуроолордун шыңгыраган үнүндөй
ачык жана каухар таштай таза үн! Жок! Док урунган жөнөкөй аялдардын үнү
мындай болууга мүмкүн эмес. Бул үндө кандайдыр бир зор бөтөнчөлүк,
башкаларда жок айырмачылык бар эле. Сезимдердин толкунуна эрксизден
термеле түшүп, ал Руфтун арып жаткан сөздөрүн араңдан зорго туюнгандай
болду. Бул учурда ал мистер Хиггинботамдын чычкандыкындай тикчийген
көздөрү өзүнөн өтүп тургандыгын байкап, мына ошондуктан ал өзүнүн сырткы
көрүнүшүн ток- тоо кармоого аракеттенди.
Руфь бөтөнчө деле эч нерсе айткандай болгон жок: ал бүгүн кечинде Норман
менен каалоочулар үчүн уюштурулган лекцияга барууга даярданган эле, бирок
кырсык болуп Нормандын шакыйы кармап, төшөккө жатып калды! — белет
болсо сатылып алынган, мына ошондуктан, Руфь эгерде Мартин колу бош болсо,
өзү менен бирге лекцияга барбас бекен, ошону билейин деген эле.
Эгерде, колу бош болсо! Мартин кубангандыгынан калтырай түшкөн үнүн
билдирбеске аракеттенди. Ал өзүнүн кулагына өзү ишенбей жатты. Ушул
убакытка чейин ал, Руфь менен анын үйүндө гана жолугушуп, бирок аны эч качан
бир жакка чакырууга даай алган эмес! Мына эми, ал колуна телефондун
трубкасын кармап туруп, күтүлбөгөн жерден Руфка чексиз берилүүгө, ал үчүн
керек болсо, жанын да аябаска даяр турду. Анын көз алдына баатырдык образдар,
сүйүшкөн түгөйлөрдүн бири үчүн бири жанын кыйышкандыктары айкын-ачык
элестеп кетти. Ал аны ушунчалык күчтүү, терең кызганыч менен сүйүп жана бул
сүйүүгө жетээрине өзү ишенбей да турду. Бул минутада ал, Руфь өзү менен, ооба,
өзү — Мартин Иден менен бирге лекцияга бара тургандыгын ойлонуп, чексиз
кубанычтын таасиринен өзүн кандай кармаарын да билбей калды. Бул минутада,
анын башына бир гана Руфь үчүн жанын берүүгө даяр экендигинен башка эч бир
ой келбеди. Бул болсо, анын чексиз жана чыныгы сүйүүсүнүн бирден бир далили
болучу. Бул болсо, чыныгы махабатты башынан өткөргөн ар бир адамга
түшүнүктүү болгон, — сүйгөнү үчүн жанын кыюунун улуу толкуну болуучу. Бул
толкундануу сезими кургак чөпкө кокусунан жабыша калган жалындын баш
бербеген учкундарындай тездик менен шатырап анын бүткүл денесин каптап
өткөндөй болду. Руфь үчүн өлүү — деп ойлоду ал, — демек бул чыныгы сүйүү
жана жашоо дегендикке жатат. Ал азыр жыйырма бир жашта, Руфь болсо анын
биринчи гана сүйүүсү!
Мартин калтыраган колундагы трубканы ордуна илип, эстен тана шалдырай
түшкөн денесин араң эле кармап тургансыды Анын көздөрү кадимки
периштеникиндей чачырап, жүзү таптакыр башкача болуп өзгөрүлүп, жер
шарындагы болгон бардык арамдыктардан тазаланып, ары ыйык, ары
наристедей азис болуп турду.
— Эми жашырын жолугуша турган болдуңарбы? — деп, кер какшыгын салып,
кышылдады жездеси. — Мунун акыры эмне менен аяктаарын билесиңби?
Балакайым, арт жагыңды байкап жүр, полиция сотунун колуна түшүп калып
жүрбөгүн.
Бирок Мартин тез эле бул пикирди кабыл ала койгон жок. Кала берсе,
жездесинин бул орой сөзү аны ирээнжите албады. Ал бардык жек көрүү менен
ыксыз туталануудан тышкаары турду. Ал азыр укмуштай кооз көрүнүштөргө
арбалып, жана кадимки кудай сыяктуу пейлиң кенен таштап, бул жүргөн бир
караанга боору ачыгандан башка эч бир көңүл буруп койгон да жок. Мартин
андан бетер өзүн көздөй тешиле тиктеп турган бул Хиггинботамды байкагысы да
келбеди жана кадимки түшүндөгүдөй жай кадам шилтеп, кийинүүгө аркы
бөлмөсүнө кирип кетти. Кийимдерин алмаштырып кийип бүтүп, галстугун
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.