Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07

Total number of words is 4159
Total number of unique words is 1830
31.2 of words are in the 2000 most common words
41.9 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
таасын корутундуга келди. Бул жерден ал биринчи ирет Руфту жана ал жашаган
чөйрөнү айкын-ачык көз алдына элестетти, жана бул көрүнүш анын акылынан да
орун алып, аны өз колу менен кармап, аралаштырып, кала берсе тегереңдирип
көргөндөй болду. Бул дүйнөдө көп түшүнбөгөндүктөр жана тумандуу
бүдөмүктөшкөн нерселер көп эле, ал дүйнөнүн айрым бөлүкчөлөрүнө гана көз
жибербестен, анын бардыгына тегиз көз чаптырып чыгып жана ошол эле
убактын ичинде мына, ушунун бардыгын багындыруунун амалдарын ачык көрүп
турду. Жазуу керек! Бул ой аны оттой жандырып жиберди. Ал сүзүүдөн кайтып
келери менен эле токтоосуз жазууга киришет. Эң алгач ал казына издегенге
барган экспедиция жөнүндө жазат. Ал бул аңгемени Руфка билдирбестен туруп,
Сан-Францисконун кайсы бир журналына жөнөтөт жана Руфь анын атын
басмадан кокусунан көрүп алып, аябай таң
калып толкунданат. Ал бир эле мезгилдин ичинде жазат да, окуйт да. Бирок, бир
суткада жыйырма төрт эле саат бар эмеспи. Ал эч качан жеңилбейт, себеби ал
эмгектене алат жана анын бет алдындагы бардык чепгер эрксизден кулап түшөт.
Ал андан кийин деңизде жөнөкөй суучул болуп сүзүп жүрбөйт, ал аңгычакты
таттуу кыялдарга чөмүлүп кетип, көз алдынан өзүнүн менчиктүү кичинекей жел
кайыгын көрө калды. «Айтмакчы, өздөрүнүн менчиктүү кайыктары бар
жазуучулар жокпу? Албетте, бар», — деп ал өзүн-өзү жооткотту. Албетте, ийгилик
тез эле келе койбойт, азырынча ал өзүнүн жазгандары менен окуусун улантууга
жеткендей таап турса да жаман эмес... Ал эми, кийинчерээк болсо, канча убакыт
экенин азыр ачык айтуу кыйын — ал окуп үйрөнүп, даярдыкка ээ болгондон
кийин, улуу чыгармаларды да жаза баштайт жана анын аты ооздон-оозго таралат.
Бирок, мындан да маанилүү, бардык маанилүү нерселерден да чексиз маанилүү
нерсе, акырында ал — Руфка татыктуу болот. Даңк, өзүнөн-өзү жакшы нерсе
дечи, бирок, анын оюндагы бул максаттар жана тилектер анын даңкка жетсем
дегендигинен эмес, Руфка жетсем дегендигинен пайда болуп олтурат.
Чөнтөгү толгон акча менен Мартин Оклендге келип, баягы Бернард
Хиггинботамдын үйүндөгү кичинекей тар бурчтан орун алды да, жазууга
киришти. Ал өзүнүн келгендиги жөнүндө Руфка билдирген жок. Ал ага казына
изилдөөчүлөр жөнүндөгү очеркин жазып бүтүрүп туруп, анан баргысы келди. Ал
бул тилегин эч кандай кыйналуусуз эле иш жүзүнө ашырды — себеби — ал өзүн
бүт бойдон чыгармачылык кумарланууга арнап жиберген. Кала берсе, анын
жазган ар бир сабы аны Руфка улам жакындаткансып турду. Ал аңгеменин
көлөмү канча болорун ачык тактаган жок, бирок ал өткөн жумадагы
«Сан-Францисконун баяндоочусунун» тиркемесиндеги эки жөөктү ээлеген
очеркти көрүп, көлөмүн дал ошого чакандап жазууну чечти. Үч күн такай отуруп,
Мартин өзүнүн очеркин жазып бүтүрдү, ал аны окууга жеңил болсун үчүн
бадырайган тамгалар менен күзгүдөй кылып, таза көчүрүп чыкты да жана ошол
замат китепканадан алган көркөм сөз окуу китебинен абзаңтар менен
тырмакчалар боло тургандыгын билип ала койду. Ал булар жөнүндө мурун
ойлобогонун карасаң! Мартин окуу китебин улам карап коюп, очеркин кайрадан
көчүрүүгө киришти, ал бир эле күндүн ичинде жат жазуунун толук эрежелерин,
жөнөкөй мектеп окуучусу бир жылда да өздөштүрө албай турган дагы көптөгөн
маалыматтарды үйрөнүп ала салды. Ал очеркин экинчи жолу көчүрүп чыгып,
тыкандык менен жакшылап түтүкчө кылып ороп койду эле, аңгыча болбой, бир
газетадан жаңы жазып жүргөн авторлорго карата айтылган — кол жазманы
түтүкчө кылып оробош керек жана жазганда да ар бир барактын бир жак гана
бетине жазуу керек деп жазылган эрежени окуп калды. Ал бул закондун эки
пунктун тең бузду, жана дагы ал, эң мыкты журнал сөздүн ар бир жөөгүнө он
доллардан кем төлөбөйт деген сөздү да окуду. Мартин очеркин үчүнчү жолу
көчүрүп чыгып, сөзүнүн жөөктөрүн он долларга кайра-кайра көбөйтө берүү
менен өзүн бир топ эле соороткондой болду. Натыйжада, улам эсептегени менен
баары бир жүз доллардан ашпады, ошенткени менен бул суучулдун кызматынан
алда канча пайдалуу экендигин түшүндү. Эгерде ал эки жолу кол шилтеп,
жалкоолонуп койбогондо, үч күндүн ичинде дагы бир аңгеме жазылып бүтмөк. Үч
күндүн ичинде жүз доллар! Демейде мындай суммадагы акчаны табыш үчүн ага
үч ай бою деңиз кесип кетүүгө туура келмек. Эгерде жазганыңдан бир нерсе
чыгарсаң, кемеде сүзүп жүрүп эмне, акмаксыңбы? Ошондой болсо да, Мартин
үчүн акча өзүнөн-өзү анчалык деле, бөтөнчө баалуулукту түзө албады. Анын
баалуулугу жана чыныгы мааниси жалаң гана анын көңүл ачуусуна, жарашыктуу
кемсел-шым сатып алуусуна гана мүмкүндүк бергендигинде болучу, ал эми мунун
баардыгы биригип келип, анын бүткүл турмушун өзгөртүп, өмүрүн алга
шыктандырууга себепчи боло турган, арык чырай, ак жуумал, сымбаты келишкен
сулуу кызга жакындатууга тийиш эле.
Мартин кол жазмасын чоң конвертке салып, желим- деп бекитип туруп,
«Сан-Францисконун баяндоочусунун» редакторунун атына жөнөтүп жиберди. Ал
редакцияга жибергендеринин бардыгы тең, жетери менен эле, токтолбостон
басылып чыгат го деп ойлогон, ошондуктан очеркин жума күнү жиберип, анын
жарыкка чыгышын жекшемби күнү күткөн. Мына, дал ошол жекшемби күнү, ал
Руфка барат. Ошону менен бирге, ал укмуштуу сонун, анчалык оор эмес, туура
жана пайдалуу дагы бир идеяны ойлоп таап, анын артынан түшмөк болду; балдар
үчүн укмуштуу окуялуу аңгеме жазып, «Өспүрүмдөрдүн жолдошуна» жиберүүнү
чечти. Ал окуу залына барып, «Өспүрүмдөрдүн жолдошунун» бир нече даанасын
алып окуп көрдү. Көрсө, чоң аңгемелер жана повесттер бул жума сайын чыгуучу
журналга үзүндү- үзүндү болуп, ар бир санга үч миң сөздөн кем эмес сөз басылып
чыгат экен. Ар бир повесть беш санга чейин, ал эми кээ бир повесттер болсо жети
санга чейин созулат экен, ал дагы дал үшул эсеп боюнча аракет кылмак болду.
Мартин бир жолу Түндүк Муз океанында кит уулоо- чу кемеде суучул болуп
жүргөн эле; сүзүү үч жылга чегерилген, бирок кеме капыстан кыйроого учурап,
сүзүү жарым жылга созулду. Анын көркөмдүк элеси күчтүү болсо дагы,
фантазиясы көбүнчө чындыкты сүйө турган, мына ошондуктан ал, өзүнө эң
жакшы белгилүү гана нерселер жөнүндө жазгысы келди. Ал кит уулоочулук
өндүрүштү да эң мыкты биле турган, ошондуктан болгон окуяга негиздеп туруп,
эки баланын ойдон чыгарылган укмуштуу окуялары жөнүндө чоң повесть жазмак
болду. Бул анчалык -кыйынчылыкты туудурган жок, ал ишемби күнү кечинде үч
миң сөздөн турган повесттин биринчи бөлүмүн жазып бүтүрүп, Джимди өтө
кубандырып, Хиггинботамдын болсо, өзүнө көздөй багытталган: «а, жазуучу
сөрөй... андан көрө, кагаз булгагычмын десеңчи...» деген сыяктуу бир катар
шылдыңдуу, жийиркеничтүү сөздөрүн туудурду. Мартин унчуккан жок, бирок,
ичинен көтөрүлүү менен «Баяндоочунун» жекшембидеги санынан казына
изилдөөчүлөр жөнүндөгү очеркимди көрүп окуганда мыш болуп, кандайча таң
калганыңды көрөрмүн деп ойлонду. Жекшемби күнү ал эртең менен эрте туруп,
көчөдөн газетанын качан сатыларын күтүп турду.
Газетанын санын бир нече жолу этияттык менен карап чыкты да, анан бүктөп
туруп, кайра ордуна коюп койду, жакшы жери ал өзүнүн бул далбасы жөнүндө эч
кимге эч нерсе деп жарыялабагандыгын ойлонуп, өтө кубанып кетти. Ушундан
кийин ал өзүнүн мыкты деген аңгемелеринин басмадан буйдамга келбей тез эле
чыгып кетет го деген ою туура эмес, жаңылыш ой экендигин өкүнүү менен
түшүндү. Анын үстүнө, анын очеркинде күндөлүк турмуштун окуясы баяндалган
эмес эле, мүмкүн редактор алдын ала өзүнүн пикирин түшүндүрүп жооп жазып
жиберер.
Эртең мененки тамактан кийин ал повестине дагы киришти. Сөздүк менен
көркөм сөз окуу китебине тез-тез үңүлүү менен алагды болгондугуна карабастан,
анын башына сөздөр кудай жалгап өзүнөн-өзү эле куюлушуп келип жатты. Кээде
ал, ушундай токтоло түшкөн учурларда жазган повестин бир эмес, бир нече жолу
кайрадан окуп чыгып жана өзүн-өзү чыгармачылык улуу иштен көңүлүмдү саал
алагды кылганым менен, жат жазуунун эрежелерин билүүгө жана өз оюмду так
түшүндүрүп айта билүүгө үйрөнөмүн да деп тынчтангансый түштү. Ал кичинекей
бөлмөсүндө олтуруп, кеч киргенче жазып, андан кийин окуу залына келип, жума
сайын жана ай сайын чыгып туруучу журналдарды аңтарып окуп, кечки саат онго
чейин, башкача айтканда окуу залы жабылганга чейин олтурду. Анын бул жума
үчүн да планы дал ушундай болду. Ал күн сайын үч миң сөздөн жазып жана күн
сайын кечинде окуу залында олтуруп, журналдарды барактап жана журналды
басып чыгаруучуларга кандай ырлар, повесттер, аңгемелер жага тургандыгын
түшүнүүгө аракеттенди. Ал бир нерсенин шексиз экендигин түшүнүп турду; бул
журналдардагы сансыз жазуучулардын жазгандарынын бардыгын ал да жаза
алат, аны үчүн ага убакыт гана керек, ал кала берсе булар жаза алышпай турган
көп-көп нерселерди да жазып салууга дилгир. Ал «Китеп бюлльетенинен»
гонорар жөнүндөгү макаланы окуп, өтө кубанып кетти, анткени мында
Киплингдей жазуучулар бир сөзүнө бир доллардан алышат экен, ал эми аны өтө
кызыктырган, жаңы баштап жазып жүргөн жазуучулар болсо эң эле аз дегенде
бир сөзүнө өлчөмү — биринчи класстык журналдарда эки центтен алышат деп
жазыптыр. «Өспүрүмдөрдүн жолдошу» болсо, шексиз биринчи класстык
журналдардан боло турпан, мына ушинтип, ал күнүнө жазган ар бир үч миң сөзү
үчүн алтымыш доллардан алууга тийиш — бул болсо, сүзүүдө жүрүп тапкан эки
айлык акчасына барабар болуп чыгат.
Дүйшөмбү күнү кечинде ал өзүнүн повестин жазып бүтүрдү. Анын көлөмү
туура жыйырма бир миң сөз болду. Ар бир сөзү эки центтен болгондо да, ага бул
чыгармасы үчүн төрт жүз жыйырма доллар тийиш керек. Бир жумалык эмгек
үчүн бул тим эле бир бекер акча да. Ал өмүрүндө эч качан мындай көп акчалуу
болуп көргөн да эмес. Ал мунун бардыгын эмнеге жумшоо керек экендигин өзү да
билбей калды. Бул болсо алтындын кени эмеспи! Бул кенден керек болсо, ал
канча каалашынча сузуп алмак. Анын жакшы кийингиси, газет менен
журналдарга жазылгысы жана мындан ары китепканага чуркап жүрбөстөн
керектүү «Маалыматтар китебин» сатып алгысы келди. Ошентсе дагы, бул төрт
жүз жыйырма доллардан дагы итапканы артып калып олтурат, ал муну кайда
жумшаш керектигин ойлонуп башын катырып, акырында Гертруда үчүн үй
кызматчысын жалдап берип, анын баласы Мэриенге болсо, велосипед сатып
бермек болду.
Мартин «Өспүрүмдөрдүн жолдошуна» көлөмдүү кол жазмасын жөнөтүп
жиберип, ишемби күнү кечинде бермет кармоо жөнүндөгү очеркинин планын
ойлонуштуруп коюп, Руфка жөнөдү. Ал алды менен телефон ар- кылуу сүйлөшүп
койгон эле, мына ошондуктан Руфь аны эшигинин алдында өзү тосуп алды. Анын
карылуулугуна жана чың ден соолугуна карата болгон мурда- тан берки
сезимдери Руфтун бүткүл денесин дагы чымыратып, делебесин козгоп жиберди.
Бул күч Руфтун бүткүл дене-тамырларына тарап, аны толкутуп, оттой жандырып
жибергенсиди. Кокусунан анын колу Руфтун колуна тийип кетип, уялып кызара
түштү да, анан кайра анын көгүлтүр көздөрүнө жоодурай тиктеди, сегиз ай бою
деңизде жүрүп күнгө күйгөн Мартиндин жүздөрүнөн Руфь аны байкаган жок.
Бирок, жакасы өйкөп, күнгө күйгөн моюнунун кызара түшкөндүгү дапдаана
көрүнүп турду, Руфь муну сезип, бырс этип күлүп да жибере жаздап барып, араң
токтоду. Кала берсе, ал Мартиндин кемсел-шымынын тигиштерине чейин көз
чуркатып чыкты да, анан өзүнүн күлкүсүнүн кайда кеткенин билбей калгансыды.
Мартиндин кийген шымы өзүнө жарашып турган эле, — бул болсо анын заказ
берип тиктирген биринчи кемсел-шымы. Бул кийими менен Мартин келбеттүү
жана ичке болуп көрүндү. Дагы ал өзүнүн көлөктөгөн шапкесин жумшак,
жакшынакай калпак менен алмаштырып да алган болучу, Руфь аны кийип
көрүшүн өтүнүп, анын сырткы сымбатынын түзөлө түшкөнүн мактап жиберди
жана мындан мурун эч качан болуп көрбөгөндөй кандайдыр бир өзүн бактылуу
сезе түштү. Анткени, Мартиндин мындай өзгөрүшү түздөн-түз анын таасиринен
боло турган жана Руфь бул өзгөрүүгө сыймыктанып, мындан ары дагы кандай
жакшы жолго салсам деген таттуу кыялдар менен алпурушуп жатты.
Айрыкча аны бир нерсе бөтөнчө кубандыргандай болду — ал Мартиндин
сүйлөшүндөгү өзгөрүлүш болучу. Ал азыр туура гана сүйлөбөстөн, буйдалбай да
сүйлөп калган жана анын сөз байлыгы да арбыган. Чындыгында, анын сөз
байлыгы арткан сайын, анын кээ бир сөздөрүн ал унута баштап, кайрадан
жасалма сөзгө ©түп кетчү жана кээде ал жаңыдан эле үйрөнгөн сөзүн
кайталаймын деп жатып мукактана да калучу. Бирок анын сөздөрүнүн сырткы
гана түрү эмес, ички мазмуну да өзгөргөн эле. Анын сөздөрүнүн ачык-айкындыгы
жана курчтугу Руфту чексиз кубандырууга алып келди. Ушундай эле анын
табийгый шайырдыгы, күлдүргүчтүгү аны жолдошторунун алдында чоң
кадыр-баркка ээ кылып, соболосун көтөргөн. Бирок ал мурда Руфка бул шыгын
көрсөтө албаган себеби, Руфтун тили жана сөз байлыгы башкачараак эле. Ал азыр
акырындап бул чөйрөгө да ык ала баштап, эми мурдагыдай болуп өзүн жат
кишидей кармабай калды. Ошенткени менен аңгемелешүүгө келгенде өзүн өтө
эле сак кармачу болду. Ал Руфка жандуу аңгеме баштоого мүмкүндүк берип, андан калышпоого кээде ниеттенсе дагы, өзүн бекем кармап озунуп алды менен
сүйлөөнү каалабады.
Ал Руфка өзүнүн жазып жаткандары жөнүндө баяндап жана акча табыш үчүн
кандай жазуу керек экендигинин планын айтты. Мына ушундай жол менен ал
окууга да мүмкүнчүлүк түзө тургандыгын таамай сүрөттөдү. Бирок, ал
күтүлбөгөн жерден катуу ирээнжий түштү: Руфь анын бул планына анча баа
бербей, эмнегедир бир шек санагансыйт.
— Билесизби, — деди Руфь ачык эле, — адабият деле башка кесиптер сыяктуу
кесип. Мен албетте, бул жагынан атайын адис эмессиң, бирок ошондой болсо да,
баарыга маалым тууралыкты айтып жатамын. Алды менен жок дегенде бир үч
жыл же болбосо, бир беш жыл үйрөнбөй туруп, кантип темир уста болот? Бирок,
жазуучулар темир устага караганда көп табышат, мына ошондуктан өтө көп
адамдар жазуучу болууну каалашып өздөрүнүн күчүн сынап көрүүгө
аракеттенишет.
— Эмне үчүн сиз менин бул ишке жөндөмдүүлүгүм бар экендигин
белгилегиңиз келбейт? — деп, сурап калды Мартин жана өзүнүн туура суроо
бергендигине кубангандай. Ушул замат анын көз алдына азыр Руфь экөө
сүйлөшүп олтурган конок үйүнүн ичинен өткөндөгү турмушунун одоно жана
жийиркеничтүү жүздөгөн элестери көрүнгөнсүп кетти.
Бирок, бул көз ирмемге созулган түрдүү көрүнүш анын оюнун жүрүшүн
токтото, аңгемелешүүнүн кызыктуулугун басаңдата албады. Мартин өзүнүн кыял
экранынан жасалгалуу китептер менен сүрөттөргө толгон бир бөлмөнүн ичинде
англис тилинде сүйлөшүп олтур- ган бул жайдары жана назик кыз менен өзүн
көрдү. Мына ушунун бардыгы жаркыраган алтын нур менен себилгенсип турган
эле.
Бирок, бул экрандын тегерегинен тап-такыр башка көрүнүштөр пайда болуп
жана кайра жок болуп кетип жатты. Ал кадимки көрүүчү сыяктуу бул
картинанын кайсынысын жактырса, ошонусун эркин көрө алмак. Ал мунун
бардыгын тең, азыр эле ачык кызыл нур жарып өткөн тумандын мунарыгы
аркылуу көрүп тургансыды. Ал дагы көз алдынан аракканадагы көңүлдөрүн
көтөрүүчү ичкиликтен ичип олтурган уйчуман менен койчумандарды көрдү,
алардын айланасынан уят менен аралашкан орой сөздөр угулат, ал өзү болсо
ашынган баш кесерлердин ортосунда олтуруп, алар менен кошо шарап ичип,
кыйкырып, сөгүнөт же болбосо алар менен дагы, лампа май жыттанган чырак
күйүп турган столдо олтуруп, картаны өткөрүп жатып, фишкаларын шалдыратып коёт. Андан кийин ал белине чейин чечинип алып, муштумун түйүп,
«Сасквеганна» палубасында бир сарбыштак жел өпкө менен чоң кармашуу
алдында турган кезин элестетти; андан кийин козголоң чыккан күнкү —
булуттуу күнү эртең менен канга боёлгон «Джон Роджерс» палубасын, өлүм
алдында кыйналып, тырышып жаткан старший жардамчыны, колунда тапанчасы
бар капитанды, атылып чыккан ок менен түтүндү жана буларды тегеректешип,
үрөйлөрү учкан суучулдарды көрдү; кайрадан көз карашын жарык нур менен
боёлуп турган тынч жана мемиреген борбордук көрүнүшкө жиберип,
китептердин жана сүрөттөрдүн арасынан өзү менен жагымдуу аңгемелешип
олтурган Руфту байкады; Руфь ага кийинчерээк ойноп бере турган чоң роялга
көзү түштү; өзүнүн туура түзүлгөн жана айтылган: «Эмне үчүн менин бул ишке
жөндөмдүүлүгүм бар экендигин белгилегиңиз келбейт?» деген суроосун укту.
— Эгерде, адамдын темир усталыкка шыгы болгон күндө дагы, — деди Руфь
каршы чыга жылмайып, — бул али жетишсиз. Мен, эң алды үйрөнбөй туруп,
темир уста болуп кеткен эч кимди уккан эмесмин.
— Эми, сиз мага эмне деп кеңеш бересиз? — деп, сурады Мартин акырында, —
Бирок, билип коюңуз, мен жаза ала тургандыгымды чындыгында эле сезип
турамын. Муну түшүндүрүү кыйын, бирок чындыгында ушундай.
— Сизден жазуучу чыгабы же чыкпайбы, бирок ага карабастан, сиздин
окушуңуз керек, — деди жооп кайтарып. — Маалыматтуулук сиз кайсы гана
кесипти тандап албаңыз, сөзсүз керек жана ал маалыматтуулукка жетишүү
үзгүлтүк менен болбостон, системалуу түрдө болууга тийиш. Сиз мектепке
барышыңыз керек.
— Туура айтасыз, — дегенче болбой, Руфь анын сөзүн бөлүп жиберди:
— Сиз ал учурда деле жазууңузду уланта бере аласыз.
— Эрксизден улантам, — деп жооп берди Мартин саал ойлоно түшүп.
— Эмне үчүн мындай деп жатасыз?
Руфь ага жактырбагандык менен карады: ага тигинин тырышкандык менен өз
оюн бербегендиги жаккан жок.
— Себеби, жазбасам окуй да албаймын. Анткени мага окуш үчүн тамак, китеп
жана кийим керек.
— Мен аны унутуп койгон турбаймынбы, — деди Руфь күлүп. — Эмне үчүн
сиз, даяр кирешеңиз менен төрөлгөн жоксуз!
— Мен баш аман болуп, ден соолук болсо, адамга. Дүнүйө табылат деп
ойлоймун. Мен көп иштерди иштээр элем...— ал «сиз үчүн» деп айтып жибере
жаздады, — башка бир нерселер үчүн.
— «Иштер» деп, айтпаңыз! — деди Руфь чочугандай тамашалуулук менен —
бул бөтөнчө жасалма сөз болот.
Мартин уяла түштү.
— Сиз туура айтасыз, — деди Мартин. — Мени түзөтө бериңиз, өз эркиңизче,
ар качан...
— Мен... мен чын жүрөгүмдөн макулмун, — деди Руфь ишеничсиз жооп берип.
— Сиздин көп жакшы жактарыңыз бар экен, мен сиздин ушул жакшы
жактарыңыз дагы сонун болсо экен деп ойлоймун.
Мартин ушул замат Руфтун колундагы чопого айланып кеткендей болду жана
ал, Руфь эми менден эмнени жууруса, ошону жуурусун, деп ойлоду. Ал эми Руфь
болсо, жалындануу менен андан өзү адамдын идеалы деп эсептеген образ боюнча
эркекти жууруп чыгаргысы келди. Руфь ага, орто мектепке кирүү сыноосу
дүйшөмбү күнү башталат деди, Мартин андай болсо, тобокел кыларын
түшүндүрдү.
Мындан кийин Руфь роялга отуруп Мартинге көпкө чейин ойноп жана ырдап
берди, Мартин суктанган көздөрүн андан далайга чейин албай, таң калуу менен
карап турду да, анан ал, — эмне үчүн бул келишкен кыздын жанында өзүнө
окшоп, жүздөгөн ашык жигиттер чарк имерилишип, сыйлашып, кадырлашып,
кайгырышып, сагынышып, тегеренишип турушпайт деп, түшүнө албай да кетти.
X ГЛАВА
Бул күнү кечинде Мартин Морздордукуна конок болуп кетмек болду, ал
Руфтун атасына жагымдуу таасир кглтыргандыгы үчүн Руфь аябай кубанып
кетти. Аңгеме — суучулдук кесип жөнүндө козголду, ал эми бул кесип Мартинге
өзүнүн беш колундай белгилүү жана өтө жакын болучу: кийинчерээк мистер
Морз ал жөнүндө жакшы ойдо болуп, акыл-эстүү жана мыкты жигит катары
оозунан түшүрбөй айта жүрчү болду. Мартин орой жана ыксыз сөздөрдөн
сактанууга тырышып, өзүн адептүү конок катары кармап, шашпастан жайыраак
сүйлөп, оюн так түшүндүрө баштады. Ал түшкү тамактын алдында өзүн баягы
мындан бир жыл мурункудай кысынып-кымтынып кармабастан, бир канча
эркинирээк сезип олтурду, мунун өзү, — мурда эле Мартиндеги пайда болгон
бурулушка жагымдуу таңыркап олтурган миссис Морзго да бөтөнчө жакты.
— Бул Руфтун көңүлүнө жаккан биринчи жигит, — деги ал күйөөсүнө. —
Кызым, билбейм, жигиттерге эч качан көңүл да буруп койчу эмес эле, анын бул
кылыгынан мен чочугансып да жатам.
Мистер Морз аны көздөй таң калгандай жылмайып койду.
— Сен, ушул суучул жигит, кызыңдын күйөөсү болсо деп турасыңбы? — деп
сурады.
— Мен анын кара далы болуп, күйөөгө чыкпай, дүйнөдөн так өтүшүн
каалабаймын. Эгерде Иден Руфтун жалпы эркектерге болгон кызыкчылыгын
козгой алса, анда бул өтө баалуу нерсе деп ойлоймун.
— Өтө баалуу нерсе! — деп кайталады мистер Морз. — Мм! Бирок
жоромолдоп көрөлүчү кемпирим, ал эми кээде, жоромолдоп көрүү да керек,
мисалы жоромолдоп айтканда, ал Руфтун кызыкчылыгын жалпы эле эркектерге
туудурбастан, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгына туудуруп койсо, анда эмне
болмокчу? Анда кантесиң? Кемпир?
— Мындай болууга мүмкүн эмес, — деди миссис Морз күлүп, — Руфь андан үч
жаш улуу, экинчиден мындай болууга такыр мүмкүн эмес! Жок, жок эч кандай
чекилик иш болбойт. Мага ишенип коюңуз.
Мына ушинтип Мартин Идендин ролу так аныкталды. Ошондой болсо да,
Артур менен Норманга кызыгып, аларга жакындашкысы келип жүргөн Мартин
бир укмуш көңүл ачуу сейили жөнүндөгү тигилердин сөздөрүнөн терең ой
жүгүртүп калды, эгерде Руфь кошо барбаган болсо, аны мындай сейилдөө
кызыктырбайт да болучу. Ырас, Руфь бара турган болгондон кийин маселе
чечилди, ал дагы кошо барат. Сейилдөө келерки жекшемби күнү шаардын
сыртында велосипед тебүү менен өткөрүлмөк болду. Бирок ал, эч качан
велосипед тээп көргөн эмес, ошентсе да Руфь велосипед тепкен соң, ал да, кандай
гана болбосун тез аранын ичинде сөзсүз велосипед тебүүгө үйрөнүшү керек.
Мына ошондуктан, ал үйүн көздөй келе жатып, жолдон дүкөнгө кирип, кырк
долларга бир велосипед сатып алды. Бул сумманы ал эң оор жумуш кылып, бир
айдын ичинде да таба албас. эле жана ал кезде мынча акчаны зарп кылуу ага эң
оор абалды алып келбей койбойт эле. Ал өзүнүн «Баяндоочудан» алууга тийиш
болгон жүз долларына «Өспүрүмдүн жолдошу» ага төлөөгө тийиш болгон төрт
жүз жыйырма долларга кошуп, бул акчалардын бир аз бөлүгүн эстүүлүк менен
зарп кылгандыгына өзү да кубанып кетти. Анын велосипед тебүүнү үйрөнөмүн
деп жасаган биринчи аракети оңунан чыкпай, жыгылып калып, шымы менен
кемселин айрытып алгандыгы аны капаланта албады. Ал, ошол эле замат
Хиггинботамдын дүкөнүнөн кийим тигүүчүгө телефон чалып, жаңы костюм
тигүүгө заказ берди. Андан кийин ал сырткы тар тепкич аркылуу велосипедин
көтөрүп өзүнүн кичинекей тар бөлмөсүнө келди да, дубалга такай коюлган
керебетин саал бери жылдырып велосипедин койду эле, комнатанын ичинде
көчүк буруларга жер калбады.
Жекшемби күнү кирүү экзаменине даирданмак болду эле, бирок, акак кармоо
жөнүндөгү аңгемеси катуу тынчын алып, аны эрксизден өзүнө тартып кетти. Ал
керээли кечке өзүнүн бөлмөсүнөн сыртка чыкпай, берилүү менен аңгеменин
үстүндө иштеп олтурду. Бул жекшембиде да «Баяндоочу» анын казына
изилдөөчүлөр жөнүндөгү аңгемесин жарыялашкан жок, бирок бул аны эч
канчалык деле кападар кыла албады. Ал кыялы менен кошо алыс сызып кетип,
эки жолу тамак ич деп чакырган үндү да укпады. Ал мистер Хиггинботамдын
дайыма жекшембини белгилеш үчүн атайын жасатуучу түшкү тамагынан да ооз
тийбестен эшикке чыгып кетти. Мистер Хиггинботам үчүн мындай тамактар
анын өзүнүн турмуштук ийгилигинин чыныгы далили катары эсептелип жана ал
дайыма мындай тамактарды америкалык турмуш тартибинин акылмандыгы деп
жүрүчү, жана бул тартиптин адамдарга бай мүмкүнчүлүктөргө жол ачаарына
купуя ишенчү, жана коргой да билүүчү; мисалы, — дечү кээде ал бул сөздү баса
сүйлөп, — жашылча дүкөнүнүн сатуучусунан анын ээсине чейин көтөрүлө алат.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Мартин өзүнүн бүтпөгөн бермет кармоо
жөнүндөгү очеркине бир аз көз жүгүртүп алды да, оклендик мектепти көздөй
жөнөдү. Бир нече күндөн кийин тапшырган сыноонун жыйынтыгын билүү үчүн
келип, грамматикадан башка бардык сабак- тардан кулап калгандыгын укту.
— Сиздин грамматика боюнча тааныштыгыңыз, өтө терең көрүнөт, — деди
профессор Хилтон, калың көз айнеги аркылуу Мартинге тигиле карап, — бирок,
башка сабактар боюнча сиз эч нерсе билбейт экенсиз, чындыгында тап-такыр эч
нерсе билбейт окшойсуз, сиздин Кошмо Штаттардын тарыхы боюнча берген
жоопторуңуз Тоң кала тургандай тескери жана туура эмес; дагы эмне деп
айтарымды өзүм да билбеймин. — Таң кала тургандай жоопторуңуз туура эмес.
Мен сизге мына ошондук- тан бир кеңеш берер элем...
Профессор Хилтон токтоло калып Мартинди көздөй кадимки өзүнүн
лабораториялык айнек түтүктөрүнүн бирине көз жибергендей, жагымсыз жана
кош көңүл карап калды. Ал өзү физика боюнча профессор, көп бүлөсү бар,
азыраак алган маянасы үй-бүлөсүн багууга жетишчү эмес, бирок анын
билиминин запасы укмуштуудай чоң эле, ал физиканын закондорунун
эрежелерин тоту куштай жатка билүүчү.
— Ошондойбу, сэр? — деди Мартин токтоо гана, бул минутада өзү менен
профессор Хилтон эмес, маалыматтар бөлүмүндөгү китепканачы сүйлөшүп
жатпаганына өкүндү.
— Мен сизге, дагы бир-эки жылча башталгыч мектепте окусаңыз жакшы
болор эле деп, кеңеш берер элем. Саламат болуңуз!
Бул окуя, алды менен Мартинди анча деле козгогон эмес, бирок, профессор
Хилтондун пикирин ал Руфка билдирип келгенде, анын аябай капалана
түшкөндүгүнө өзү да таң кала түштү. Руфтун капалангандыгы калыбы
Мартиндин сыноодон кулап калышынан болсо керек. Мартин бул кулап
калгандыгына өзү үчүн эмес, Руфь үчүн көбүрөөк капага чөктү.
— Мына, көрдүңүзбү, — деди ал, — мен сизге туура айтканмын. Сиз кээ бир
студентке караганда чындыгында көбүрөөк билесиз, бирок, карачы, сыноодон да
өтө албай минтип кулап олтурасыз. Мунун себеби, сиз дайыма үзгүлтүк менен
окуп келгенсиз. Сиз белгилүү система боюнча окушуңуз керек, бул үчүн жакшы
мугалим керек. Билим негиздүү болууга тийиш. Профессор Хилтон туура айтат,
эгерде мен сиздин ордуңузда болгон болсом, — кечки башталгыч мектепке кирип
окуйт элем. Бир жарым жылдын ичинде сиз курсту бүтөсүз, ар жакта алты ай
ашып калып жатат. Мындан башка, күндүз жазууңузга жана эгерде жазууңуздан
эч нерсе чыкпай баратса, андан башка иш иштөөңүзгө да убактыңыз болот.
«Макул, эгерде мен күндүз иштесем, кечкисин мектепке барсам, анан сиз
менен качан жолугушмакмын?» — деген, Мартиндин айтуудан чочуган биринчи
ою болду. Мунун ордуна ал төмөнкүнү гана айтты:
— Кечки мектепке барып окуу — бул мен үчүн, өтө эле жаш балдардын
ишиндей көрүнүп жатат. Бирок, мен мындан пайда чыга турган болсо, ага деле
карабас элем. Менимче, мындан эч бир пайда жок! Мен мектептин
мугалимдеринен окугандан көрө өзүмчө окусам бир кыйла тезирээк үйрөнөмүн
жана бул — убакытты бошко кетирүү менен барабар (ал Руфь жөнүндө ойлоп, ага
жетүү жөнүндөгү өзүнүн тилегин эсине түшүрдү), ал эми мен болсом, убакытты
такыр жоготкум келбейт! Менин жогото турган убактым жок!
— Бирок, сиз ушунчалык көп нерселерди иштешиңиз керек.
Ал Мартинди көздөй жагымдуу тигилди. Мартин ага бекер каршы
чыккандыгы үчүн өзүн ичинен көк мээ торпоксуң деп атады.
Физика же химия үчүн лаборатория керек, — деди Руфь. Алгебра менен
геометрияны сиз эч качан өз алдыңызча түшүнө албайсыз. Сизге сөзсүз жетекчи,
тажрыйбалуу адис мугалимдер керек.
Мартин кантип ага жакшылап жооп берсем дегендей бир мүнөткө ой
жүгүртүп, токтоп калды.
— Мени мактанып жатат деп, ойлобосоңуз экен, — деди ал, — кеп тап-такыр
мында эмес. Бирок, менин сезимим күчтүү, эмнени болсо да жеп-жеңил гана
үйрөнөмүн. Мен өзүм эле бардыгына үйрөнө аламын. Каз сууну көздөй кандай
умтулса, мен да билимди көздөй дал ошондой умтуламын. Мен грамматиканы
кандай өздөштүргөндүгүмдү сиз көрдүңүз го. Мен мындан башка дагы көп
нерселерди окуп үйрөндүм; эгерде сизге анын баарын айтсам, сиз көз алдыңызга
элестете албайсыз, ушунчалык көп деңиз... Бирок дагы мен, жаңы гана үйрөнө
баштадым да. Мага бир гана...— деп ал токтоло түшүп, андан кийин: — саал
түрткү жетишпейт, — деди. Мен азыр гана туура жолго түшүп келе жатам.
— Түз жолго түшүү деген эмне? — деп, Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.
— Эмне десем, эмненин эмнеге кереги бар экендигин талдап билгендик
болот, туура жолго түшкөндүк, — деди ал.
— Бул сөз эч нерсени түшүндүрбөйт, — деди кайра ага Руфь.
Мартин оюн башкача кылып түшүндүрүүгө аракеттенди:
— Мен азыр гана өзүмдүн туура багытка түшкөндүгүмдү түшүнүп турамын.
Руфь бул жолу боору ооругандай, унчукпай калды. Мартин сөзүн улантып:
— Илим мен үчүн деңиз карталары катылып коюлган кадимки штурмандын
бөлмөсү сыяктуу көрүнөт. Китепканага барган сайын мен дайыма ушул жөнүндө
ойлоймун. Мугалимдин милдети өзүнүн окуучусун бардык карталар менен
бирден тааныштырып чыгуу гана болот. Болду ушуну менен бүттү. Ал — бир
өткөргүч сыяктуу. Ал өзү эч нерсени ойлоп чыгара албайт. Жаңы эч нерсени
жарата да албайт. Ал эми картада бардыгы ачык көрсөтүлгөн, мугалим болсо
окуучулар жаңылбас үчүн эмненин кайсы жерде жаткандыгын көрсөтүп гана
коёт. Мен болсом, жаңылбаймын. Мен жерлердин жана аралдардын аттарын да
билемин. Жана көбүнчө, эмнени иштөө керек экендигин түшүнөм... Дагы
бирдемеси туура эмеспи?
— «Эмнени иштөө» эмес, «Эмне иштөөдө» — деди Руфь.
— Туура айтасыз, эмне иштөө, — деп Мартин ыраазычылыгын билдиргендей
кайталады. — Мен эмне айтып жатамын? Ооба, деңиз карталары жөнүндө.
Демек,- эмесе мына мындай: кээ бир адамдарга...
— Адамдарга, — деп Руфь дагы түзөттү.
— Кээ бир адамдарга түшүндүргүч, баяндамачы адамдар керек. Бул дал
ушундай. Ал эми мен болсом, калыбы аларсыз эле, алга жылат окшоймун. Мен
мындай картинанын тегерегинде абдан көп жүргөнмүн жана мага кайсыл жээк
керек, кайсыл жээкти мен изилдөөгө тийиш экендигимди да жакшы билемин.
Мен кала берсе, багытты өзүмө өзүм тезирээк тандап аламын. Флоттун
ылдамдыгы ар качан эң жай жүрүүчү кеменин ылдамдыгы менен ченелет.
Мектеп дагы ушунун өзүндөй. Мугалимдер сабактан эң жетишпеген
окуучулардын катарына теңелүүлөрү керек. Ал эми мен болсом, жалгыз өзүм
тезирээк алга жыла аламын.)
«Бирок мен, өзүм жалгыз эмес, сиз менен бирге алга барууну эңсээр элем» —
деп, айтып жибергиси келди. Анын көз алдына ай-ааламдын зор картинасы, күн
нуру менен нурданган чексиз кенен мейкиндик жана Руфтун агыш саргыч, алтын
түстүү чачтары шамалга сеңселип, Мартиндин бетине тийип, экөө бекем кол
кармашып, жылдыздар жолунда зымырашып сызып бара жаткансып көрүндү,
жана ушул замат аны бирөө муундуруп жиберген сыяктуу, сүйлөй албай токтолуп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.