Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19

Total number of words is 4017
Total number of unique words is 1845
29.8 of words are in the 2000 most common words
40.9 of words are in the 5000 most common words
47.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
белгилүү бир бөлүгүнө чейин кадимки хулиган болуп, полициялар менен
кармашып, жумушчу көчөлөрүнүн ак ниеттүү жана күнөөсүз ээлерин уруп,
токмоктогон шайканын башчысы болбоду беле. Азыр анын көз карашы өзгөргөн.
Ал өзүнүн айланасындагы таалимдүү жана тарбиялуу, асемдүү кийинишкен
эркектер менен аялдарга көз жиберип, алар менен бир абадан дем алды. Калың
көйнөкчөн талпайган жайык калпак кийген жаш кезиндеги карааны өзүн көздөй
тартаңдай кадам шилтеп, конок үйүнүн жерге салган килеминин үстү менен
басып келе жаткансып көрүндү. Айтмакчы, ал бир кездеги көчө шайкелеринин
башчысынан, жумшак креслодо олтуруп, университеттин профессору менен
жайдары аңгемелешип олтурган тап-такыр башка Мартинге айланып кеткен эле.
Чындыгын айтканда, Мартин өзүн-өзү эч жерде жана эч качан ыраазы
болгондой сезген эмес. Ал ар кандай шартка тез эле көнүгүп, мейли иш жагынан,
мейли оюн жагынан болсун башкалардан кем калышпагандыктан өзүнүн
тегерегиндеги адамдардын чексиз сүймөнчүлүгүнө жана урматтоосуна ээ болгон.
Бирок ал, эч качан жана эч жерде өзүнө-өзү магдырап ыраазы болчу эмес. Ал ар
качан өзүнүн үзөңгү жолдошторун толук канааттандырып, бирок эч качан өзүнө
толук канааттануучу эмес. Анын ар качан кандайдыр бир күчтүү тынчсыздануу
кыйнагандай, кандайдыр бир белгисиз чакырык кайдадыр чакырып жаткандай
жана акырында өзү каалаган китеп, искусство жана сүйүүгө кездешкенге чейин
аларды издеп жер жүзүн кыдырып жүргөндөй болду. Мына азыр ал өзүнүн
бардык баштагы жолдошторунан бөлүнүп, көрүнүктүү адамдардын арасында
олтурат. Ал эми Морздордукуна болсо, качан кааласа дал ошондо эч кандай
тартынуусуз эле келе алат.
Бирок бул ойлордун бардыгы ага профессордун сөзүн терең көңүл коюп
угууга эч кандай тоскоолдук келтирген жок. Ал өзүнүн аңгемелешип олтурган
адамынын билиминин тереңдигине таң калып жана ал Спенсердин
чыгармаларынын жардамы аркасында илимдердин жалпы негиздерин билген
болсо да, анда-санда өзүнүн билиминин жетишпегендиктерин жана
кемчиликтерин терең сезип олтурду. Билимдин бул жетишпегендигин толуктоо
үчүн убакыт гана керек эле. «Мына ошондо көрөбүз!» — деп ойлоду ал. Ал
профессордун тизесинде олтуруп, анын айтып жаткан сөздөрүн терең көңүл
коюп жана кастарлоо менен угуп жаткансыды. Бирок ошондой болсо да, Мартин
акырындык менен өзүнүн аңгемелешип жаткан адамынын талкуусунан анын
улам кайталанган начар жактарын ачык сезе баштады. Жана ал анын бул
талкуусунун кемчиликтери эмнеде экендигин түшүнөөрү менен, профессор
менен болгон аңгеменин башталышында анын кыялында пайда болгон
теңсиздик сезими жоюла түшкөндөй болду.
Руфь экинчи жолу аларга жакындап келгенде, Мартин өз сөзүн мындан деп
баштап жаткан эле:
— Мен сизге жаңылыштыгыңыздын себебин же башкача айтканда, сиздин
талкууларыңыздын кемчилдиги эмнеде экендигин түшүндүргүм келет, — сиз
биологияга кош көңүл мамиле кылат экенсиз. Кала берсе, сиздин биология
жөнүндө түшүнүгүңүз да жок экен. Башкача айтканда, мен жансыз ткандарды
лабораториялык тажрыйбалар жолу менен жандандыруудан тартып өтө кеңири
социологиялык жана эстетикалык жалпылоого чейинки чыныгы илимий
биологияны айтып жатамын. Руфь айран-таң кала түштү. Ал эки жыл бою
профессор Колдуэллдин лекциясын угуп жана профессор ал үчүн
акылмандыктын эн жогорку үлгүсү болуп калган эле.
— Мен сиздин сөздөрүңүзгө жакшы түшүнбөй жатамын, — деди профессор
ыңгайсыздана түшүп.
— Мен сизге ачык түшүндүрүүгө аракеттенем, — деди Мартин, — бир кездеги
Египет тарыхынан, Египет искусствосун өлкөнүн жалпы мүнөзү менен алдын-ала
таанышпай туруп түшүнүүгө мүмкүн эмес деп окуган сөздөрүм эсиме түштү.
— Абдан туура айтасыз, — деп макул болду профессор.
— Мына ошондуктан менимче, — деп сөзүн улантты Мартин, — өлкөнүн
жалпы мүнөзүн, өлкө турмушунун пайда болушун жана анын кантип
түзүлгөндүгүн баяндоочу материалды алдын ала толук билбей туруп, үйрөнүүгө
мүмкүн эмес. Эгерде биз закондорду, мекемелерди, үрп-адаттарды жана
диндерди үйрөнө турган болсок, анда буларды түзгөн адамдарды жана алардын
ички дүйнөсүн терең билбей туруп, кантип түшүнө алабыз? Чындыгында адабият
дагы ушул эле Египет искусствосу сыяктуу адам түзгөн нерсе болуп саналат. Кала
берсе, ай-ааламда бүткүл жаратылыштык эволюциянын законуна баш ийбеген
бир нерсе барбы? Мен кээ бир искусствонун өнүгүш тарыхынын иштелип чыккандыгын билемин, бирок бул чындыгында үстүртөн иштелип чыккан. Кала
берсе, адам мында катышкан да эмес. Арфа, кыл кыяк жана музыка менен ыр,
бийлер- дин эволюциясы эң сонун иштелип чыккан, Ал эми адамдын өзүнүн
биринчи ырдаганга, же болбосо биринчи инструментти жасап чыгарганга
чейинки өсүп-өнүккөн кээ бир мүчөлөрү жөнүндө эмне айтуу керек? Мына ушул
жөнүндө сиз унутуп жатпайсызбы, а мен болсом муну биология деп атаймын.
Чындыгында эле! Менин кээ бир сөздөрүм азыраак байланышпай кетип жатат,
бирок өз идеямды өзүм тактоого аракеттенгим келип жатат. Бул идея менин
башыма сиз сүйлөп жаткан учурда келген эле, бирок мен аны так түшүндүрө
албай саал буйдалып жатамын. Сиз эми эле бардык себептерди өз кучагына
алууга адамга мүмкүндүк бербеген анын бир кыйла чектелгендиги жөнүндө
айттыңыз. Калыбы сиз менимче, мына ушул бардык искусствонун эң негизи
болгон — биологиялык факторду — башкача айтканда, адамзаттын бардык
искусствосунун түзүлүшүнүн башкы материалын көңүлдөн чыгарып
жибергенсиз.
Мартиндин күтүлбөгөн жерден катуу соккуга дуушар болбогондугуна Руфь
кубана түштү жана тескерисинче профессор Мартинге карап калыбы анын
жаштыгын кечиргендей жылмайып койгонсуду. Профессор бир топко чейин
унчукпай, акырында алтын чынжырын кармалап сөзүн улантты:
— Сиз билесизби, — деди ал, — бул жөнүндө мени мындан мурун бир улуу
эволюционист Жозеф Леконт деген окумуштуу адам да жемелеген болучу. Бирок
ал өлгөн, мен ошондон кийин эми менин эч ким бетимди ачпайт ко деп ойлогом,
мына күтүлбөгөн жерден сиз мени күнөөлөп олтурасыз. Калыбы — мен муну
мойнума албай коё албаймын, — сиздин койгон күнөөңүздө аз болсо да чындык
жок эмес, кала берсе аз эмес, зор чындык бар десем дагы жаңылбаймын. Мен
классикага өтө берилип кетип, табыйгы билимдердин өнүгүшүнө көп байкоо
жүргүзбөй жатам, бул жөн гана кубаттуулук менен жөндөмдүүлүктүн
жетишпегендигинен болуп саналат. Сиз балким менин эч качан, эч бир
лабораторияда болбогондугумду билсеңиз таң кала түшөр элеңиз. Чын айтып
жатам. Канчалык деңгээлде чын экендигин билбеймин Мартин Иден, айтор
Леконт да сиз сыяктуу эле туура айткан болучу.
Эмнегедир бир нерсеге шылтоолоп Руфь Мартинди четкерээк чакырып алды
да, мындай деди:
— Сиз профессор Колдуэллди тап-такыр эле ээлеп алдыңызда. Мүмкүн башка
бирөөлөр да аңгемелешкиси келер.
— Кечиресиз, — деди уяла түшүп Мартин, — анын сөзү ушунчалык кызык
болгондуктан — мен аны сүйлөөгө мажбур кылып башкалар жөнүңдө унутуп да
жибериптирмин. Ушул күнгө чейин мен эч качан мындай акылдуу жана билимдүү
адамды жолуктурган эмесмин. Бирок билесизби? Мен мурда университетте
окугандардын жана чоң кызматта иштегендердин бардыгын тең эле акылдуу
жана билимдүү адамдар деп ойлогонмун.
— Аны эсепке албоо керек. Миңдин бири ошондо чыгат да.
— Мүмкүн. Ал эми сиз мени азыр ким менен сүйлөшсө дейсиз? Же болбосо,
мына бул Хэпгуд менен жолуктурасызбы?
Мартин Хэпгуд менен он беш мүнөтчө сүйлөштү. Руфь өзүнүн сүйгөн кишиси
үчүн кубанычы койнуна батпай кетти. Анын мурдагыдай көздөрү алактабай,
жүздөрү кызарбастан токтоолук менен аңгемелешип жаткандыгына Руфь тан
калып олтурду. Бирок Мартин үчүн казына ишмерлеринин бардык тукумдары өз
кадыр-барктарын жоготуп, кеченин акырында Мартин алар жөнүндө эң акыркы
богооз акмактар деген гана корутундуга келди. Ал эми берки аскер жигит болсо,
Мартинге өтө кичи пейил, чыйрак жана токтоо, өз тагдырына өзү ыраазы
сыяктуу көрүндү. Мартин анын университетте эки жыл окугандыгын билип жана
анын алган билимдеринин кайда кеткендигин түшүнбөй тан кала түштү. Бирок
эмнегедир бул офицер Чарльз Хэпгудга караганда Мартинге өтө жаккандай
болду.
— Мен анын богооздугуна жиним келген жок, — деди кийинчерээк Мартин
Руфка, — анын мурдун көтөрүп, чалкалап, кошоматтыкка салып,
келжирегендигине жиним келип кетти. Бул ишмер мага бириккен жумушчу
партиясы демократиялык партия менен кошулуп кеткендигин түшүндүргөнчө,
мен реформациянын бардык тарыхын баштан аяк айтып чыгаар элем. Ал оозуна
келгенин шалпып, ашкан кумарчы сыяктуу картасын өткөрүп койгонун кантесиң.
Бир күнү муну өзүңүз да көрөсүз.
— Анын сизге жакпай калгандыгы өтө өкүнүчтүү, — деп жооп берди Руфь. —
Ал мистер Бэтлердин жанындай көргөн досу. Экинчиден мистер Бэтлер бул
адамды эң ак ниеттүү жана өтө ишеничтүү адам деп эсептейт, ал дагы бул
адамды, кандай гана казына болбосун анын мекемесин тургуза турган асканын
ташына салыштырып жүрөт.
— Мен бул жөнүндө анын кээ бир сөздөрүнө караганда да эч кандай шек
санабайм. Бирок мен азыр чынын айтайын казыналарды жек көрө баштадым.
Бирок алтыным, мен оюмду ачык айтып жаткандыгым үчүн таарына көрбөңүз.
— Эч канчалык таарынбайм. Бул абдан кызык.
— Туура айтасыз, — деп кубаттап койду Мартин, — бирок сиз менин
цивилизациядан биринчи таалим алган кески экендигимди жакшы билерсиз...
Экинчиден мен өнүккөн адам үчүн шексиз чоң кызыкчылыкты элестетүүгө
тийишмин.
— Ал эми менин аталаш эжелерим жөнүндө эмне дейсиз? — деп сурады Руфь.
— Алар мага башка аялдарга салыштырганда көбүрөөк жакты. Бардыгы тең
өтө шайыр, бойлорун көтөрүшпөгөн жакшы аялдар экен.
— Демек, сизге аялдар дагы жактыбы?
Мартин башын чайкап койду.
— Мына бул коомдук ишмер аял, — тим эле бир тоту куш окшойт, эгерде
анын мээсин ачып көрө турган болсоңуз, өз алдынча бир дагы идеясын таппас
элеңиз. Берки сүрөтчү аялдын паанайы пас көрүнөт. Бир жолу да күлүп койгон
жок. Жана ал Хэпгудга аябай пар келе турган неме экен. Ал эми, берки музыкант
аялчы! Билбейм, мүмкүн анын техникасы өтө күчтүү жана кубулжутуп
уккулуктуу кылып ойноор, — бирок ал музыка жөнүндө эч нерсе билбейт
окшойт.
— Бирок айтсаңыз да, айтпасаңыз да ал эң сонун ойнойт, — деди Руфь каршы
чыгып.
— Албетте! Бирок ал, сырт жагынан гана укмуш ойногонсуп көрүнөт, ал эми
музыканын ички мазмуну ал үчүн тап-такыр түшүнүксүз. Мен андан музыканын
ички мазмуну эмнеде деп эсептейсиз деп сурап калдым, — билесизби, мени
эмнегедир ушул суроо ар качан өзүнө кызыктырат, — ал эми ал болсо мага —
музыканы жанымдай жакшы көрөмүн, мен үчүн музыка дүйнөдөгү бардык
искусстволордун эң улуусу жана музыканы чындыгында жанымдан да артык
көрөмүн дегенден башка эч нерсе деп жооп кайтара алган жок.
— Сиз отургандардын бардыгын баштан аяк өз адистиги жөнүндө сүйлөтүүгө
мажбур кылдыңыз окшойт, — деп, Руфь жактырбагансыды.
— Сыягы ошондой болду окшойт. Бирок алар ушул өздөрүнө бештен белгилүү
тема жөнүндө пайдалуу эч нерсе айта алышпагандан кийин, ойлоп көрүңүзчү,
эгерде алар жалпы бир нерсе жөнүндө бардыгы тең аңгемелешип калган болсо,
кандай авалга туш келишээр эле? Дагы мен маданияттын бардык
жыргалчылыктары- нан пайдаланышкан бул адамдар бул жерде... — Мартин бир
секундага токтоло калып, анын көз алдынан өзүнүн баягы көлөкөсү эсине
түшкөндөй болду, кыры калдайган чоң чий калпакчан жаш жигит термеле басып
бөлмөнүн ичи менен өзүн көздөй келе жатты:
— Ооба, мен мурун аларды акылга терең, билимге бай адамдар экен деп ойлоп
жүрчүмүн? Азыраак болсо. да ушул көргөндөрүмдүн натыйжасында мен
төмөндөгүдөй корутунду жасай аламын: булардын көпчүлүгү жеткен наадан,
калгандары болсо, сабыры суз, көңүлсүз адамдар көрүнөт. Ал эми профессор
Колдуэлл болсо — тап-такыр башка иш. Бул чыныгы адам.
Руфтун жүздөрү тамылжый түштү.
— Мага ал жөнүндө айтып бериңизчи, — деди ал, — бирок анын бөтөнчө
сапаттары жөнүндө эмес, анткени мен аларды эң жакшы билемин. Сиз мага анын
кемчиликтери жөнүндө айтсаңыз. Мен өтө билгим келет.
— Бирок кокус мен өзүм уят болуп калып жүрбөйүн, — деп, Мартин
тамашалап койду, — мүмкүн сиз өзүңүз, эң алды айтарсыз. Же сиз андан бир гана
жакшы жагын көрүп турасызбы?
— Мен андан эки жыл сабак алгам, бул мезгилдин ичинде мен аны бир топ
билгенсидим. Мына ошондуктан сизге анын кандай таасир калтыргандыгын
билгим келет.
— Демек, башкача айтканда, сизди анын мага калтырган тескери таасирлери
кызыктырат экен да? Болуптур эмесе. Мен, ал сиздин бардык сый-урматыңызга
толук татыктуу болот деп чексиз ишенем. Мындай терең акылдуу жана билимдүү
адамды мен өтө сейрек кездештирсем керек, бирок анын саал уяты жогураак
окшойт. Сиз бирок тескери түшүнбөсөңүз экен! — деп чочуп кетип Мартин. —
Мен, ал мага турмушка терең көз караштуу ар нерсеге көзү жеткен, бирок саал
жүрөгү тайкы адам сыяктуу таасир этти деп сизге айткым келип олтурат. Мүмкүн
мен өз оюмду түшүнүксүз баяндап жаткандырмын? Эмесе, башкача түшүндүрүүгө
аракеттенип көрөйүн. Көз алдыңызга чытырман токойдогу жашырын алтын
сарайга кетүүчү жолду табарын таап, бирок барбай койгон адамды
элестетиңизчи. Ал мүмкүн, алтын сарайдын өзүн көрсө да, бул алтын сарай эмес
эле анын сөлөкөтү деп өзүн өзү бекем ишендирип кете бермек. Же болбосо бул
адамдын колунан бир кезде зор жакшылык келмек дейлик, бирок ал эч кимге эч
качан жакшылык кылган эмес, ал эми азыр болсо, ошол жөнүндө терең өкүнүчтө
калып олтурат. Ал жүрөгүнүн тереңинде эгерде бир жакшы иштеген болсом ал
үчүн сыйлык алмак элем, атаганат, жакшы иштебей, сыйлык албай калдым деп
өзүнө өзү күлгөндөй да жана ошол эле учурда өкүнгөндөй да болду.
— Мен аны мындай жолдор менен сынаган эмес элем, — деди Руфь, — жана
чынын айтсам, мен сиздин эмне айткыңыз келип жаткандыгын толук түшүнө
албай жатамын.
— Себеби — мен үчүн дагы мунун бардыгы күңүрт сыяктуу, — деди Мартин
кандайдыр актангандай, — логикалык жактан негиздей албай жатам. Бул бар
болгону сезим гана. Ал мени аябай алдап жатса керек. Сиз, мүмкүн профессор
Колдуэллди менден жакшыраак көрсөңүз керек.
Бул Морздордукундагы болуп өткөн кечеден Мартин тан каларлык жана
бири-бирине карама-каршы келген сезимдерге дуушар болду. Ал өзү, ушундай
бол- сом деген кишилеринен көңүлү аябай сууду. Экинчи жактан аны ийгилик
толкута баштады. Бул деңгээлге жетүү, көрсө ал ойлогондой анчалык деле
кыйын эмес көрүнөт. Мартин каалаган деңгээлине жетүү кыйынчылыгын
жеңмек түгүл (ал муну жасалма жупунулукка салып, өзүнөн өзү жашыргысы
келбеди) ал бир гана профессор Колдуэллди чыгарып таштаганда, башкалардын
бардыгынын өсүш деңгээлинен ашып кеткен эле. Мартин булардын бардыгына
караганда турмушту жана китептерди көбүрөөк билүүчү. Ал, бул терс аяктар
өздөрүнүн билимдерин кайсы көргө, кайсы түпкүргө катып салышкан деп
ойлонуп таң калып кетти. Бирок өзүнүн бөтөнчө акылдуулугу жөнүндө анын
башына да келип койгон жок. Ал чыныгы жана терең акылдуу адамдарды эч
качан Морздордун конок үйүнөн издебөө керек экендигин билген жок. Ал эми
бул сыяктуу ойчулдар кадимки тоо бүркүттөрү сыяктуу күндөлүк турмуштун
жанды кейитүүчү азабунан жана түгөнгүс машакаттарынан алыс, көк асман
мейкиндигинде жалгыздап сызып жүрүшөт эмеспи.
XXVIII ГЛАВА
Эми анын жибергендери өзүнө кайтарылып келбеди, ал эми ийгилик болсо;
аны өзү издей баштады. Ал жыйырма беш күн эс алуусуз, кала берсе жекшемби,
майрам күндөрү да дем албастан отуз мин сөздөн турган «Күндүн наалаты» деген
көлөмдүү чоң макаланын үстүндө такай иштеди. Бул болсо — Метерлинктин
мектебинин кереметине, идеалисттик илимдердин чебинен чыгып, сонун
нерселер жөнүндө кыялданышкан фантазиячыларга каршы багытталган көз
карашка карата уюшулган катуу чабуул боло турган. Ал эми бул макаланын
өзүндө да турмуш менен байланышкан бир топ сонун жана укмуш нерселер бар
болучу. Мартин бул көлөмдүү чоң макалага кийинчерээк «Укмуштун ачкөздөрү»
жана «Биздин «менибиздин» чени» деген эки кичинекей очеркти кошту. Бул
кичинекей жана чоң макалалар редакциялар боюнча саякаттап кетти.
Жыйырма беш күнүн зарп кылып жатып жазган «Күндүн наалатын» Мартин
алты жарым гана долларга сатууга аргасыз болду. Дагы бир кичинекей
чыгармасын — элүү центке юмористикалык жумасына чыгуучу , бир журналга
жиберген эки мыскыл ырын бирин эки долларга, экинчисин үч долларга сатты.
Мартинге акырында бүткүл акчасын түгөтүп алып, (магазинчи ага беш долларга
чейин карыз бергендигине карабастан), велосипеди менен пальтосун магазинге
өткөрүп, карызга акча алууга туура келди. Бир жагынан жазгыч машинкасын
пайдалангандыгы үчүн акысын макулдашуу боюнча бир айыныкын шарт боюнча
алдын ала төлөөгө тийишсиз деп, кыстап да келишти.
Мартин бир нече майда чыгармаларын өткөргөндүгүнө көңүлү көтөрүлүп,
«өнөрпостук кесибин» кайрадан улантууну чечти. Мүмкүн ушул аракетинин
аркасын- да эптеп жан сактоого болор? Анын столунун алдында адабияттык
бирикмелер тарабынан четке кагылган жыйырмага жакын майда аңгемелер
үйүлүп жаткан эле. Мартин буларды кайталап окуп чыгып, акырында газета
кандай аңгемелерди баспай тургандыгын жана кандайча жаңы жолго түшүү
керек экендигин толук түшүндү. Ал газеттик аңгемелерде окуянын акыркы
корутундусу оор кайгы менен бүтүүгө тийиш эмес экендигин, артыкбаш кооздук
жок болуп, аңгеменин ою жөнө- көй, сезимдер болсо адамдын делебесин козгоп,
назик болуш керек турбайбы деген корутундуга келди. Бирок сезимдер эң күчтүү
жана асыл. Мисалы, ал бир кезде театрдын жогорку ярусунан туруп өзү эрксизден
кол чапкан «Дүнүйөгө кедей, бирок чындыкка бай» деген сыяктуу
пьесалардагыдай болууга тийиш.
Мына ушунун бардыгын ал эсине тутуп, өзү иштеп чыккан атайын эреже
боюнча аңгеме түзүүгө киришти. Эреже үч бөлүктөн турмак болду: 1) эки
сүйүшкөн түгөй бөлүнүп кетүүгө тийиш; 2) кандайдыр бир окуянын жардамы
менен алар кайра кошулууга тийиш; 3) акырында үйлөнүү тоюнун салтанаты. Бул
эреженин үчүнчү бөлүгүнөн башка биринчи, экинчи бөлүгү чексиз өзгөрүлүп,
берилиши мүмкүн. Сүйүшкөн түгөйлөрдү жазууда бир каргашалуу жаңылыштык
кетип, кырдаалдардын чукул өзгөрүлүшү, кызганыч, күңүлөштүк, ырайымсыз
ата-энелер, митаам арачылар ж.б.у.с. ажыраштырып жиберүүсү мүмкүн, ал эми
сүйүшкөн түгөйлөрдүн бири- бирине кошулушу, — сүйгөн жигит менен кыздын
жасаган каарман аракеттеринин, ата-энелердин, жооп берүүчү адамдардын,
күңүлөштөрдүн мажбурланган же болбосо, өз эрктери менен макулдуктарын
беришкендиктеринин,
кандайдыр
бир
күтүлбөгөн
сырдын
бетинин
ачылышынын, жигиттин сүйгөн кызы үчүн каны-жанын аябагандыгынын жана
башка ушул сыяктуу чексиз көп себептердин натыйжасында гана ишке ашышы
мүмкүн. Бул теманы иштеп жатып, Мартин кээде сүйгөн кызды биринчи жолу
сүйгөндүгүн баяндоого мажбурлоого жана да башка бир топ кытмыр
айла-амалдарды ойлоп тапты. Бирок бир гана нерсени — өзүнүн көз карашы,
каалоосу боюнча аткарууга күчү жетпеди: ар бир аңгеменин арт жагында
асмандын төбөсү оюлуп, жердин мээси чыгып кетсе дагы, эки жаш кошулуп
той-тамаша, үлпөт менен бүтүш керек эле. Аңгеменин көлөмү да таптак
аныкталды: эң эле көп дегенде — бир аңгеме бир жарым миң сөздөн ашпагандай
жана эң эле аз дегенде
бир мнң эки жүз сөздөн кем болбогондон болушу керек.
Бул сыяктуу аңгемелерди жазуунун ыкмаларына толук ээ болууга чейин
Мартин беш-алты схема түзүп алып, ар дайым жазган учурда ушул схемага
ылайыктап туруп жаза турган. Бул болсо кадимки математик- тер пайдалануучу
таблица сыяктуу өйдө көздөй, ылдый көздөй, оңдон солго, солдон оңго карай
окулуп эч кандай мээнин күчүн чарчатпастан эле, ар дайым бир- дей, туура жана
так, каалаган комбинацияны түзүп алууга мүмкүн болучу. Бул схемалар боюнча
Мартин жарым сааттын ичинде он чакты сюжетти түзүп таштап коюп, анан бош
убактыларында аны иштеп чыгуучу. Бул ишти ал көбүнчө жатар алдында,
күндүзгү оор жумуштан кийин гана аткара турган. Кийинчерээк ал Руфка бул
сыяктуу аңгемелерди түшүндө да жазгандыгын айтты. Эң кыйыны эле — схема
түзүү, ал эми калгандары болсо, оңой эле иштелет.
Мартин өзүнүн бул эрежелеринин тууралыгына эч кандай шек кылган жок
жана ал басма кызматкерлеринин талабын ушунчалык жакшы билгендиктен
жана өздөштүргөндүктөн, биринчи эки аңгемесин жиберүү , менен булар сөзсүз
акча болуп келерине ишенди. Чындыгында эле Мартин он күндөн кийин ар бири
төрт доллардан сегиз долларга эки чек алды.
Бул мезгилдердин ичинде Мартин журналдарга тиешелүү болгон жаңы бир
жагымсыз окуяны билди. «Трансконтиненталдык ай сайын чыгуучу» журналы
анын «Коңгуроонун дабышы» деген аңгемесин басып, бирок чегин жиберген жок.
Мартин тыйынга өтө муктаж болуп редакцияга жазып да жиберди. Ал, чек кийин
жиберилет, бирдемелериң болсо жиберип тургун — деген гана жоопту алды. Ал
эки күн бою наар татпай, акырында велосипедин дагы карызга тапшырды. «Ай
сайын чыгуучу» журналдан өзүнүн ала турган беш доллары жөнүндө журналга
эки жолу билдирип, бирок кокусунан бир гана жолу кат алды. Мартин бул «Ай
сайын чыгуучу» журналдын катары менен бир нече жылдар бою эптеп-септеп
күн көрүп келе жаткандыгын, ага эч ким жазылбагандыгын, эч ким сатып
албагандыгын, жарыяланган кулактандыруу үчүн төлөнүүчү акы — кайыр-садага
үчүн жумшалат деп, жазган кишилерге акча төлөбөй тургандыгын түшүнгөн жок.
Бул «Ай сайын чыгуучу журнал басма кызматкерлери менен редакторлорунун
бирден бир жашоо булагы боло турган, мына ошондуктан алар өздөрүнүн беш
долларын редактор тамын актатып алуу үчүн жибербей жаткандыгынан эч
кандай шек санаган жок. Бирок ошондой болгон күндө да, беш доллар редакторго
тамын актатуу акысы үчүн жетпестигин түшүндү. Анын көз алдына редактор да
акча кошум- чалап, бир иш таштоого каршы чыккан жумушчуну жалдап, үйүн
шыбатканы жатканда, аны бирөө түртүп жиберип, кулап кетип буту сынып, аны
тез ооруканага алып кеткенсигендей элес келе түштү.
Чикаго газетасына жиберген өзүнүн «Казына издөөчүлөр» деген очерки үчүн
он долларын да ала элек. Шаардык китепканадан журналды ачып көрүп,
очеркинин басылып чыккандыгын өз көзү менен көрдү, бирок жооп эмнегедир
кечиккенден кечикти. Анын жазган каттарына эч ким жооп кайтарган да жок. Ал
редакторлордун өз колдоруна тийсин үчүн бардык каттарын заказ менен
жөнөттү. Бул чындыгында талоончулук боло турган, талоончулук болгондо да
чаңкайган чак түштөгү, ашыкпаган талоончулук болучу. Ал ачкалыгынан өзөрүп
жүрсө, бирөө анын сатып оокат кыла турган дүнүйөсүн уурдап кеткен эле.
«Жаштык жана жетилгендик» деген жума сайын чыгуучу журнал боло турган.
Ал Мартиндин жыйырма бир миң сөздөн турган повестинин үчтөн эки бөлүгүн
басып чыгарып, анан эмнегедир журналдын басылышы токтолуп калды.
Ошентип, Мартиндин буюрса эми он алты доллар алам го деген үмүтү таш
капкандай болду.
Бул аз келгенсип, анын эң мыкты деген аңгемеси «Казан» дагы дайынсыз жок
болду. Ал бул аңгемесинин экинчи бир нускасын эптеп таап алып, көп
журналдардын
адресин
оодарыштырып
жатып,
акырында
аны
Сан-Францискодогу «Толкун» деген журналга салып жиберди. Анын бул
журналды тандап алганынын себеби — журналдын редакциясы булуңдун өтө
жакын экинчи жээгинде орношкондуктан жооп тезирээк келмек. Арадан эки
жума өткөндөн кийин, ал журналдын көрүнүктүү жерине, кала берсе сүрөтү
менен чыккан өзүнүн аңгемесин кубанычтуулук менен окуду. Жүрөгү
кубанычтуу соккон бойдон Мартин үйүнө келип өзүнүн бул эң мыкты аңгемесине
канча төлөөрүн элестетүүгө киришти. Ал бул аңгеменин кол жазмасы
жактырылып,.
кабыл
алынгандыгы
жөнүндө
редактор
ага
мурда
билдирбегендигине карабастан, аңгеме кабыл алынып, тез; басылып
чыккандыгына бөтөнчө шаттыкка бөлөнө түштү. Мартин эки жума төрт күн
күтүп, акырында уялууну жыйыштырып коюп, «Толкундун» редакторуна өзүнүн
кичинекей гонорары редакциянын көрүнүктүү иштеринин арасында эмнегедир
унутулуп калгандыгын бекем көрсөтө кат жазып жиберди.
«Эгерде мага бул аңгеме үчүн жок дегенде беш доллар төлөсө, — деп ой
жүгүрттү Мартин, — мен бул акчага түрдүү буурчак сатып алып, мындай
аңгемелердин беш- алтысын жазып салат элем».
Акырында бир жеткен уятсыз жооп келип, Мартиндин аябай жанын кашайтып
жиберди:
«Биз сиздин эң сонун аңгемеңизге өтө кубанычтуубуз. Бардык редакциянын
кызматкерлери чогулуп окуп, өтө толкундандык. Өзүңүз билесиз, журналдын
көрүнүктүү жерине басып чыгардык. Биз аңгеменин сүрөтү жаккандыр деп
ойлойбуз.
Сиздин катыңызга караганда, бизди өзүбүз заказ бербеген чыгармалар үчүн
дагы гонорар төлөйсүздөр деп эсептээрсиз. Биз муну демейдегидей аткара
албайбыз, анткени сиздин аңгемеңизге биз заказ берген эмеспиз. Бул бир.
Экинчиден, биз сиздин аңгемелериңизди басууга киришкенде бул тартип
жөнүндө билет ко деп ойлогон элек. Биз мындай түшүнбөгөндүктүн болуп
өткөндүгүнө албетте өкүнөбүз. Дагы бир жолу сизге рахмат айтып жана сизден
дагы бир нерселерди алабыз го деп ниеттенебиз. Жана башкаларды кабыл
алууңузду сурайбыз!»
Каттын аягына өз колун койгондон кийин ал «Толкун» эч кимге акысыз
жиберилбей тургандыгын жана ошого карабастан Мартинди келерки жылдын
журналына жазылуучуларынын тизмесине кошуп коюуну өзүнүн ардактуу иши
деп эсептей тургандыгын жазыптыр.
Мына ушул кайгылуу тажрыйбадан кийин, Мартин дайыма ар бир кол
жазманын биринчи барагынын жогору жагына: «Сиздин демейдеги наркыңыз
боюнча төлөнсүн» деп жазып койчу болду.
«Шашпа бир кезде, — деди ал өзүн өзү сооротуп, — алар менин демейдеги
НАРКЫМ боюнча төлөшөт!»
Бул мезгилдерде Мартин өзүнчө такшалуунун сезимине бүтүндөй берилип
өзүнүн «Көңүлдүү көчө», «Тур- муш шарабы», «Кубаныч», «Деңиз ыры» жана
башка алгачкы аңгемелерин кайта-кайта оңдоп, бардыгын баштан аяк таптаза
кылып кайра көчүрүп чыкты. Ага азыр мурдагыдай он тогуз сааттык жумушчу
күнү да аздык кыла баштады. Айласын кетирип кыйнаган тамекинин
кумарчылыгынан өзүн өзү араң эле кармап, өтө тырышкандык менен окуду жана
жазды. Руфтун тамекиге каршы жиберген дарысын жазуу столунун тартмасынын
эң түпкү бурчуна катып салды. Тамеки чегүүнү каалагандык сезими айрыкча ачка
болгон кезде бөтөнчө кыйнады: ал канчалык тамеки чегүүнү каалагандык
сезимии басууга аракеттенгени менен күчү жетпеди. Ал өзүнүн бул сапатын эң
чоң эрдик деп белгиледи, ал эми Руфь болсо, муну ушундай болуш керек жана
болду деп гана эсептеди. Ал төөнөгүч алууга арналган акчасына Мартинге тамеки
тартуудан баш тарттыра турган дары сатып берип, бир нече күн өткөндөн кийин
бул жөнүндө унутуп да калды.
Мартин өзүнүн үстүртөн жазган аңгемелерин жек көрүп, шылдыңдап, бирок
ошондой болсо да, анын бул аңгемелери бардыгынан өтүмдүүлүк кылган эле. Ал
бул аңгемелердин жардамы менен өзүнүн бардык карыздарынан кутулуп, кала
берсе велосипеддин жаңы шиндерин сатып алган болучу. Бул аңгемелер ага
күндөлүк тамагына толук жетип, олуттуу иштердин үстүндө иш- төөгө да далай
убактысы бош калуучу. Мындан башка, бир кезде «Ак чычкандан» алган кырк
доллары жөнүндөгү ой Мартиндин көңүлүн асманга көтөргөндөй болду. Мүмкүн
башка дагы жогорку үлгүдөгү журналдар белгисиз авторлорго ушундай эле
суммада төлөшөр, же болбосо, мындан да көбүрөөк төлөөр, кайдан билесиң?
Бирок маселе ушул биринчи даражадагы журналдарга карата жол салууда турат.
Алар эмнегедир ушунчалык туруктуулук менен анын эң жакшы аңгемелерин,
ырларын четке кагышып, ошол эле учурларда өздөрүнүн журналдарынын
беттерине ондогон кызыксыз одоно чыгармаларды эсепсиз көп басышат.
Эгерде бул көрүнүктүү басма кызматкерлеринин кимдир бирөө, — деп кээде
ой жүгүртөт Мартин, — кичи-пейилдикке, жок дегенде бир ооз көңүл көтөрөрлүк
сөз жазып жиберген болсочу. Мүмкүн менин чыгармам
аларга башка себептерден жакпай жаткандыр, бирок кантип эле менин
чыгармамда жок дегенде, жооп кай- тарууга татыктуу эч нерсе жок болсун!
Мартин эми «Уккулуктуу окуяны», же болбосо, мааниси жагынан окшош
башка аңгемелерди, басма кызматкерлеринин жооп бербегендик себебин
түшүнүүгө аракеттенүү үчүн кайра-кайра жүз жолу кайталап окуп чыкты.
Калифорниянын жылуу жазы башталар менен Мартин үчүн жыргалдуу
күндөр аяктады. Бир нече күндөр бою адабияттык уюмдардын эмнегедир
түшүнүксүз жооп бербегендиктери — аны өтө катуу тынчсыздандырды.
Акырында, бир күнү күтүлбөгөн жерден, өзүнүн «үстүртөн» жазылган он
аңгемеси жараксыз деп табылып кайтып келди. Бул аңгемелерге кошуп,
адабияттык уюм бир кат жибериптир. Ал катта, дал ушундай материалдарга
редакция жык толуп, батыра албай жатабыз, мына ошондуктан, бир нече айга
чейин эч кандай деле жаңы кол жазмаларды жибербесеңиз да болот — деген
сөздөр жазылыптыр. Ал эми Мартин болсо, бул аңгемелерине ишенип, акыркы
убактардан бери көбүрөөк түгөнүп кеткен эле. Адабий уюм дайыма I анын ар бир
аңгемесине беш доллардан төлөп туручу, бирок акыркы жиберген анын он
аңгемесинен көпкө чейин жооп келбегендиктен, Мартин элүү доллары кассада
жаткандай акчасын ысыраптап жүргөн эле. Мына ушинтип, күтүлбөгөн жерден
Мартин үчүн өтө кыйын кырдаал туулду. Ал кайрадан үмүт үзүү менен эски
аңгемелерин майда журналдарга, ал эми жаңы жазылгандарын болсо, калетсиз
кайтарылып келе турган чоң, журналдарга жөнөтө баштады. Ал окленддик акча
карыз берүү жайга кайрадан барчу болду. Анын тамашалуу эки-үч ырлары
нью-йорктук жума сайын чыгуучу журналга басылып чыгып, андан келген бир аз
акча менен ал бир топко чейин чыдамыш этти. Ошондон кийин, ал ; эмне үчүн
менин чыгармаларымды басышпайт? — деп жазып жиберүүнү туура тапты жана
жазып да жиберди. Анын бул катына: «биринчиден — көрүнгөндөн келген кол
жазмалар көпчүлүк учурларда текшерилбейт, ал эми экинчиден — журналдарга
басылып чыккан материалдардын көпчүлүк бөлүгү болсо, — журналдардын
тапшыруусу, өтүнүүсү боюнча тажрыйбага каныгып, атакка , ээ болушкан гана
жазуучулар тарабынан жазылат» — деп, жооп кайтарылып келди.
XXIX ГЛАВА
Мартин Иден үчүн бул жай өтө оор болду. Редакторлор менен рецензенттер эс
алууга кетип калышып, демейде үч жуманын ичинде кайтып келип калуучу кол
жазмалар эми редакцияларда үч ай бою жатып калучу болду. Мунун бир гана
жакшы жери, маркага акча которулган жок. Бир гана талоончул журналдар алдыартына карабай мурдагыдай жашай беришти. Мартин аларга өзүнүн бардык
алгачкы чыгармаларын: «Акак кармоочуларды», «Суучулдун кесибин», «Таш бака
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.