Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22

Total number of words is 3983
Total number of unique words is 1890
31.3 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
андагы ичкилик ичишип, кыйкырышып каткырышкан адамдарды көргүсү келди.
Дал ушундай араккана «Гротто» болучу. Бриссенден менен Мартин кайыш менен
капталган олтургучтарга чалкалаша олтуруп алып, шотландиялык кызыл
бөтөнчө вино менен сода суусунун аралаштырып иче башташты.
Алар кызуу аңгемеге түшүп, ар түрдүү нерселер жөнүндө сүйлөшүштү;
өздөрүнүн аңгемелерин алар кезек менен жаңы ичкилик-тамак буйрук бергенде
гана токтотууга аргасыз болушпаса, башка учурларда эч качан токтотушкан жок.
Мартин өзүнүн ичимдикке ушунчалык көтөрүмдүүлүгүнө карабастан, бет
алдындагы бөтөлкөлөш досунун да көтөрүмдүүлүгүнө таң калбай коё алган жок.
Андан бетер тигинин барган сайын күчтүүрөөк чыгып жаткан терең ойлоруна ал
таң кала түштү. Тез эле Мартин Бриссендендин көптү биле тургандыгына жана
бул чындыгында анын жолунан кездешкен экинчи чыныгы интеллигент
экендигине ишенди.
Ал гана эмес, профессор Колдуэллде жетишпеген бир кыйла сонун сапаттар
анда бар экендигин Мартин сезди. Ал андан өтө кыраакылыктын жана
сезгичтиктин жалынын, кыялдын кандайдыр бир бөтөнчө эргишин көрүп турду.
Ал эң сонун да сүйлөөчү. Анын жука эриндеринен жүлүнгө жетүүчү кадимки
машинада кайралып чыккан курч сөздөр атып чыга турган. Анын бул сөздөрү
адамдын жүрөгүнө кадимки ийне менен сайгандай жана бычак менен кескендей
таасир эте турган. Бир аздан кийин кайра анын сөздөрү өз ичине турмуштун кол
жеткис сулуулугун, жашыргандай назиктик, жумшак, элестүү жана эп
келишкендик менен чыгып жатты. Кээде анын сөздөрү ай-ааламдагы
салгылашуулардын кызыл кыргынына чакырган кадимки согуштук сурнайдын
үнүндөй бийик чыгып, күмүштөй жалтылдап, илимдин акыркы жеңип
алгандарынын чындыгын кыскача жана так кылып баяндап, кадимки
жылдыздар дүйнөсүнүн муздак нурлары сыяк- туу жансыз чачырап тургансыды.
Ошол эле учурда бул, сөз менен айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон жана
адамдын тажрыйбасы жетпеген кандайдыр бир алыскы тереңдиктерди көздөй
аралап кирип барган акындын сөзү эле. Бирок анын сөздөрүнүн чыныгы
сыйкырдуу искусствосу ага жөнөкөй акылдар түшүнө албай турган жөнөкөй
сөздөрдүн ичине зор мазмунду камтыган сөздөр эле. Бирок Мартинге алардын
мааниси өтө жакын жана түшүнүктүү боло турган.
Мартин Бриссенденге карата болгон мурдагы жек көрүүсүн тез эле унутуп
салды. Анын көз алдына ушул убакытка чейин китептерден гана окуган зор
адамдын образы тартыла түштү. Анын көз алдына, өзү мурда суктанып жүргөн
ойчул адамдын дал өзү турду.
«Мен мунун бут алдында гана жатышым керек» — деди ал кайталап өзүнө өзү,
аңгемелешип олтурган адамын айран-таң калуу жана суктануу менен угуп.
— Сиз калыбы, биологияны окусаңыз керек, — деп үнүн көтөрө чыгарды.
Анын таңданышына Бриссенден жок дегендей башын тескери чайкады. — Бирок
сиз биологияны түшүнбөй туруп талкуулай алгыстай нерселерди айтып жатасыз,
— деп сөзүн улантты Мартин Бриссендендин таң кала түшкөнүнө көңүл буруп. —
Сиздин талкууларыңыз улуу окумуштуулардын талкууларынын жүрүшү менен
туура келет. Менимче, сиз аларды окубашыңыз мүмкүн эмес!
— Сизден мындай пикирди уккандыгым үчүн өтө кубанычтуумун, — деди
тиги, — менин үстүртөн билген билимдерим, мага чындыкка жетүүнүн эң кыска
жолун ачып бергендигине мен өтө кубанычтуумун. Ал эми мен үчүн болсо,
чындыгында өзүм туура айтып жатамбы же туура эмеспи — мунун эч кандай
айырмачылыгы жок. Баары бир бул эч кандай мааниге ээ болбойт. Себеби, чексиз
чындыкка адам эч качан жете албайт.
— Сиз Спенсердин окуучусу жана анын жолун жолдоочусуз го дейм? — деди
Мартин салтанаттуу кыйкырып.
— Мен эч качан Спенсерди барактап көргөн эмесмин. Жок, жок, жаңылып
жатам, бала кезимде анын «Тарбиясын» окугам.
— Мен дагы дал сиз сыяктуу эле, илимдерди тез өздөштүргүм келер эле, —
деди Мартин жарым саат өткөндөн кийин, Бриссендендин бардык акыл
запастарын кылдаттык менен текшерип чыгып, — таң каларлык нерсе бул —
сиздин чыныгы догматик экендигиңиз. Илим Аposteriori 5 боюнча гана аныктай
алуучу кээ бир абалдарды сиз догматикалык жол менен эле аныктап таштайт
экенсиз. Экинчиден сиздин көз ирмемдин ичинде жасаган корутундуларыңыз
тамгасынан бери туура. Сиздин билимиңиз чындыгында эле бир кыйла тайыз
көрүнөт, бирок ошондой болгону менен сиз күн нурунун ылдамдыгындай
ылдамдык менен билимдин чындыкка жетүүнүн төтө жолун басып өткөн
экенсиз. Бул бир табыйгаттан тышкары жөндөм- дүүлүк.
— Ооба, ооба. Мунун баары ар качан менин окутуучуларымдын, атам —
Иосифтин жана бир тууганым Дэттондун ачууларын гана келтирүүчү, — деп
каршы чыкты Бриссенден, — Бирок бул жерде эч кандай укмуштуу эч нерсе деле
жок. Жөн эле бир бактылуу себептин жардамы менен мен бала кезимде диндик
окууга кирип калгам. Бирок сиз өзүңүз билимди кайдан алдыңыз?
Мартин өзү жөнүндө Бриссенденге баяндап айтып берип жатып, ошол эле
учурда өтө көңүл койгондук менен анын сырткы түрүнө ак сөөктүк чымыр
жүздөрүнө, кенен ийиндерине, жанындагы стулга ыргытып салган чөнтөктөрүнө
китептер жык толгон анын пальтосуна көз жүгүртүп чыкты. Бриссендендин
жүздөрүнүн жана ичке колдорунун күнгө күйүп карайып калгандыгы Мартинди
терең ойго салды. Кантип эле, Бриссенден ачык абада көп жүргөн болсун. Анан
кайдан күйдү эти? Анын жүздөрүнүн күнгө күйгөндүгүнүн себеби — Мартинге
такыр тынчтык бербеди, ал бул жөнүндө кайта-кайта терең ой жүгүртүүгө
дуушар болду. Ага Бриссендендин кичинекей шимилип турган арык чырай
жүздөрү, бүркүттүкүндөй кичинекей ийри тумшугу эмнегедир жакшы көрүнүп
кетти. Анын көзүнүн кыйыгынын эч кандай деле бөтөнчөлүгү жок болучу. Анын
көздөрү анча чоң, анча кичине эмес, саал кой көз чалыш кара көз болучу. Бирок
ушул көздөрүнөн кандайдыр бир таң каларлык жалын жангансып жана
кандайдыр бир карама-каршы таң каларлык, эки түндүү түшүнүктүн белгилери
чагылышып турган эле. Каардуу жана таш боор көз караш, эмнегедир дагы бир
боор ачууну туудуруп турду. Мартин Бриссенденди чексиз аяп кетти, ал өзүнүн
бул сезими кайдан келип чыккандыгына тез эле түшүндү.
— Менин кургак учугум бар, — деди Бриссенден, өзүнүн жакында эле
Аризондо болгондугу жөнүндө айтып бүткөндөн кийин. — Мен ал жерде эки
жылча туруп калдым, климаттык дарыланууну өткөрдүм.
— Азыр бул климатка келгендигиңиз коркунучтуу эмеспи?
— Коркунучтуу?
Аposteriori (лат.) тажрыйбага таянуу.
Ал Мартиндин сөзүн жөн гана кайталап койду, бирок анын чындыгында эле эч
нерседен коркпой тургандыгын Мартин сезип турду. Бул минутада терең ойлоно
түшкөн Бриссендендин көздөрү жүлжүйүп, таноолору дердейип, жүздөрү
кандайдыр бир кадимки бүркүттүкүндөй айбаттуу, баатырдыкындай чечкиндүү
көрүнүп кетти. Бул адамга өтө суктанып Мартиндин жүрөгү катуу толкуй түштү.
«Кандай сонун адам», — деп ойлоду да, анан үнүн чыгарып жатып мындай
деди:
Тагдыр каарын төксө да, Алсырап башты ийбеймин.
— Сиз Гэндини сүйөсүзбү? — деп сурады Бриссенденден, көздөрү назик жана
эркелеткендей жана түшүп. — Албетте, аны сүйбөй коюуга болобу? Эх, Гэнли!
Улуу күч! Ал азыркы журналдардагы эптеп уйкаштырып жазган акын сөрөйлөргө
караганда, салпаяктардын арасындагы көсөмдөй жүз эсе өйдө турат.
А сизге журналга чыккан чыгармалар жагабы? — деп Мартин секин сурап
калды.
— А өзүңүзгө жагабы? — деп Бриссенден аяндануу менен корс этип койду эле,
Мартин чочуганынан селт эте түштү.
— Мен... мен жазамын, же тагыраак айтканда журналдар үчүн жазууга
аракеттенип жүрөмүн, — деди Мартин күнк этип.
— Бул жаман эмес албетте, — деди саал боору ачыгандай түр менен
Бриссенден, — сиз жазууга аракеттенет экенсиз, бирок эч натыйжа чыкпайт
окшойт. Мен сиздин бул натыйжасыз аракеттенгениңизди баалаймын жана
сыйлаймын. Сиздин жазарыңызды мен билемин. Бул үчүн мага сиздин
чыгармаларыңызды окуунун да кереги жок. Сиздин жазгандарыңыздын бир гана
кемчилиги бар, ал кемчилик чыгармаңыздын кендирин кесип жатат билсеңиз.
Жазгандарыңыз өтө терең, ал эми бул тереңдиктин журналдарга кереги жок.
Аларга ар кандай таштандылар керек жана алар бул таштандыларды керектен
тышкары өлчөмдө — сугунуп турушат. Бирок бир гана сизден эмес...
— Баары бир мен жазуумду таштабаймын, — деди Мартин.
— Тескерисинче — Бриссенден бир аз токтоло калып, Мартиндин бардык
белгилерине: анын эскирген галстугуна, көйнөгүнүн жыртылган жеңине сын көз
таштап карап чыгып, арык жүздөрүнө көңүл бурду. — Жазуучулук кесип өзү
сизден жатыркап качып, сизди таштагысы келип жатпайбы, ошондуктан бул
тармак боюнча эч кандай ийгиликке жетише албайсыз. Ай, дос! Эгерде мен сизге
азыр ал жөнүндө унутуп, тамак ичүүнү сунуш кылсам, таарынасыз го деймин,
калыбы?
Мартин эрксизден кызара түшүп, ал эми Бриссенден болсо, каткырып күлүп
жиберди.
— Ток киши мындай сунушка мүмкүн таарынбастыр дейм, — деди ал.
— Сиз шайтансыз! — деди ачуулу кыйкырып Мартин.
— Бирок мен сизге али эч нерсе сунуш кыла элекмин да!
— Сунуш кылып көрүүгө укугуң да жок!
— Ушундай деңизчи! Андай боло турган болсо, мен сизди кечки тамакты
бирге ичелик деп чакырамын.
Бриссенден бул сөздөн кийин ресторанды көздөй бет алууга ниеттенгендей
ордунан козголду.
Мартин муштумун түйүп кыжыры келе түштү.
— Жолдоштор! Аларды тирүүлөй жейт! Аларды түрүүлөй жейт! — деп
Бриссенден жергиликтүү, белгилүү жылаан жегичти жарыялаган театрдын ээсин
туурап, кыйкырып жиберди.
— Мен сизди чындыгында эле, тирүүлөй жээр элем, — деди Мартин өз
кезегинде оорудан дарманы кетип, алсыраган Бриссенденге каардуу көз карашын
жиберип.
— Бирок мени эч кимдин жегиси келбейт, эмнегедир аяшат.
— Сени аяшпайт алар өздөрүнүн тиштерин аяшат, — деп Мартин боору
катканча күлүп жиберди. — Мойнума алам, Бриссенден мени сиз арабөк
калтырып салдыңыз. Эгерде мен ачка боло турган болсом болуптурмун, эмнеси
бар экен, табыгый иш, эч кандай уяты жок. Мына көрдүңүзбү, майда
шарттуулукту жек көрөмүн жана болбогон нерселерге ишенбеймин. Мына,
ошондуктан сиз нерселерди өз аты менен атап, кубултпай эле жөнөкөй
сүйлөсөңүз бардыгы жайында болмок, мен дагы жанагы жагымсыз, болбогон
нерселердин туткуну болбойт элем.
— Чын эле таарынып калдыңыз, — деп кубаттап койду Бриссенден.
— Ооба, таарынып эле калдым. Ар кимде бар бир кыял. Мен көп нерселерге
үйрөнгөн болсом дагы, кээде өзүмдү кармай албай да кетемин. Ар кимдин мүнөзү
ар башка да.
— Сиз азыр ошол башка мүнөзүңүздү кичине өзүңүзгө баш ийдирдиңизби?
— Албетте.
— Чын элеби?
— Чын эле.
— Андай болсо, жүрүңүз тамактаналы.
— Жүрүңүз.
— Мартин ичкен винолору үчүн акча төлөөгө аракеттенип, чөнтөгүнөн эң
акыркы эки долларын сууруп чыкты, бирок Бриссенден официанткага акчаны
алдырбай, өзү төлөп жиберди.
Мартин капа боло түшкөндөй кабагы бүркөлүп барып, кайра Бриссенден
өзүнүн ийнине шайырдык менен достук алаканын акырын "коюп жатканын
сезип, жоошуй түштү.
XXXII ГЛАВА
Эртеси күнү Мария үчүн таңкаларлык бир окуя болду: анын үйүнө укмуштуу
бир конок келди. Бирок, бул жолу ал өзүн адаттагыдай эмес, тыкан кармап, кала
берсе, конокту конок үйүнө кийрип, Мартинди күтө турушун өтүнүп да суранды.
— Менин сиздердикине келип калгандыгымды сиз жаман көрбөйсүзбү? — деп
сурады Бриссенден.
— Жок. Кайта келишиңизге өтө кубанычтуумун! — деди Мартин коноктун
колунан бекем кысып ага өзүнүн жалгыз үстөлүн жылдырып, өзү керебетке
олтура кетип. — Биздин үйдү кантип таптыңыз?
— Морздордукуна телефон чалдым. Миссис Морз телефонго келди. Мына
ошентип, мен бул жердемин.
Бриссенден чөнтөгүнө колун салып, кичинекей томчо китепти сууруп чыкты.
— Ме, сизге бул бир акындын ырлар жыйнагы, — деди ал китепчени столдун
үстүнө коюп жатып, — окугун да, өзүңө сактап кой. Ме! — деп ал Мартиндин
керек эмес дегендей тескери жандоосуна жооп кайтарып кыйкырып жиберди. —
Мага китептин эмне кереги бар? Бүгүн эртең менен дагы кан түкүрүп
калыптырмын. Арагыңыз барбы? Албетте жок дечи! Эмесе, токтоп тура тур, бир
аз.
Ал ордунан ыргып туруп эшикке чыгып кетти. Мартин аны узата көз жиберип
жана бир кездеги анын зор ийиндеринин чөгүп кеткен көкүрөгүн көздөй
түшүңкү тартып турганын көрүп, терең капалана түштү. Мартин ары жактан эки
стакан таап келди да колундагы китепти окуй баштады. Бул болсо, Гэнри Яоган
Марлоунун эн акыркы ырлар жыйнагы болучу.
— Шотландык арак жок экен, — деди Бриссенден кайтып келип, — тиги
митаам, америкалык гана арак сатып жатат. Мына бир бөтөлкө алып келдим.
— Мен, азыр бир баланы лимонго жиберейин, экөөбүз азыр сонун горг 6
кылабыз, шашпай тургун, — деп сунуш кылды Мартин. — Кызык, Марлоу бул
китебине канча акча алды болду экен?
— Элүү доллардай болуш керек, — деп жооп берди Бриссенден, — бул дагы
эгерде анын бактысына кең пейил бир редактор табылган болсо.
— Демек поэзия менен жашоого мүмкүн эмес турбайбы?
Мартиндин үнүнөн терең өкүнүчтүн белгилери сезилип турду.
— Албетте, жок! Кайсыл акмак ыр менен жашоого таянат?! Ал эми акын
сөрөйлүк — башка иш. Мисалы, Брюс, Виржини Спринг же Сидживикке
окшогондор жакшы иштерди иштеп жатышат. Бирок чыныгы акындарчы... Сиз
билесизби Марлоу кандай жашайт? Өзү Пенсильванияда мектепте мугалим эркек
балдарды окутат, ал эми бул болсо, шексиз жер үстүндөгү анык тозоктордун
бири. Эгерде ал мага, сенин жаныңды дагы бир элүү жылга узартамын десе дагы,
аны менен кесибимди алмаштырабас элем. Анын ырлары болсо, азыркы кездеги
тантыраган ырлардын арасынан кадимки чолпондой жанып, айнектин
күкүмдөрүнүн арасындагы асыл таштай жаркырап тургансыйт. Бирок сынчылар
анын бул ырлары жөнүндө эмне деп тантырап жатышат дейсиң. Ушул
сынчыларды кудай алып кетсе жакшы болор эле!
— Чындыгында, өздөрү жаза албаган жана жазганды көрө албаган адамдар
гана, чыныгы мыкты жазуучуларга тыртаңдашып аябай жатып асылгылары
келишет, — деди Мартин, — Стивенсон жөнүндө алар эмне деп гана
келжирешкен жок!
— Былжыраган акмактар! — деди Бриссенден кыжыры келип, тиштерин
кычыратып. — Мен алардын бирөөн эң жакшы билем. Ал өмүр бою Стивенсонду
анын өз атасы Дамиенге жазган каты үчүн жекирип, адам уккусуз ушактарды
таратып келген. Ал акмак бул катты текшерип, өлчөп жана...
— Албетте, өзүнүн керт башынын бечара турмушунун чени менен ченеди
дечи, — деп Мартин кыстыра койду.
— Туура айтылган. Албетте! Алардын бардыгы кооздукту, чындыкты жана
боорукердикти тытмалашып булгашат да, андан кийин дагы сени калп эле
мактангандай ийинге чаап: «Фидо, эң жакшы дөбөт! Тьфу!» «Адамзаттын байкуш
сагызгандары», деп булар жөнүндө Ричард Рильф өлүм төшөгүндө жатып айткан.
— Алар жылдыз чаңын чокугулары келишет. Жиним келип мен ушул
сынчылар жөнүндө бир чоң макала жаздым.
— Кана апкелиңизчи, бери! — деди Бриссенден шаштырып.
Мартин столунун алдынан «Жылдыздар чаңынын» бир даанасын сууруп
чыкты. Бриссенден бышкырып алакандарын сүртүп, кала берсе, өзүнүн горгуп
ичүүнү да унутуп коюп, ошол замат окууга киришти.
— Айтмакчы, сиз өзүңүз дагы, ушул көрсокур эргежээлдердин өлкөсүнө учуп
келген жылдыздар чаңынын бир бөлүгүсүз да! — деп Бриссенден макаланы окуп
бүтүп кыйкырып жиберди. Калыбы, журналдар бул макалаңызды да четке кагып
таштаса керек?
Горг — арак же ромго кант жана ысык суу кошуп жасалган ичкилик.
Мартин өзүнүн кичинекей дептерчесине көз чаптырды.
— Бул макаланы жыйырма жети журнал четке какты.
Бриссенден каткырып күлүп жиберейин деди эле, ошол учурда жөтөлүп кетти.
— Чыныңызды айтыңызчы, — деди ал акырында киркиреп. — Сиз, мүмкүн,
ыр да жазасыз го деймин? Кана, көрсөтүңүзчү мен бир окуп берейин.
— Бирок бул жерден окубасаңыз экен — деп сурады Мартин, — мен бул
жерден сиз менен сүйлөшкүм келип олтурат. Ырларымды сизге ороп берейин
үйүңүздөн окуңуз.
Бриссенден анын «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарын» жана «Пери жана акак»
деген чыгармаларын өзү менен кошо алып кетти. Ал эртеси күнү Мартинге дагы
келип, мындай деди:
— Келе ырларын болсо дагы берчи.
Ал Мартиндин чыныгы акын экендигин далилдеди. Көрсө, анын өзү дагы
укмуштан ыр жазат экен.
Мартин Бриссенден ырларын окуп көрүп, толкундана түшүп жана анын ушул
күнгө чейин өз ырларын басып чыгарууга бир жолу да аракеттенбегендигине тан
калып кетти.
— Ой, ошол журналдарды урдум, — деди Бриссенден ырларын анын атынан
кандайдыр бир журналдарга жөнөтүп жибер деп, Мартиндин кылган сунушуна
жооп кайтарып. — Сулуулукту сулуулук үчүн гана сүйүү керек, ал эми бул
журналдар жөнүндө ойлонуп коюунуп да кереги жок. Эх, Мартин Иден! Сиз кайра
деңизге кайтсаңыз жакшы болор эле. Кандайдыр бир кемеге суучул болуп кирип
албайсызбы? Мен чып жүрөгүмдөн кеңеш берип жатам. Ал эми сиз, бул шаардык
адамкерчиликсиз адамдардын арасында бир жакшылык бар деп ойлойсузбу?
Кылдай да жакшылык жок. Буга ишенип коюңуз. Чындыгында, сиз өзүңүздү күн
сайын төмөн чөгөрүүгө дуушар кылып жатасыз! Сиз дүйнөдөгү болгон эң сонун
асылдыкты абийирин сатуучуга айландырасыз, ошондой эле журналдардын
бардык татыктарына ыкташасыз. Бул жөнүндө сиз жакында эле, эмне деп
айттыңыз эле? Ооба... «Адам — тез өзгөрүлүүчү нерселердин акыркысы беле»?
Демек, тез өзгөрүлчөөк нерселердин акыркысы, сизге даңктын эмне кереги бар?
Анткени сиз үчүн даңк уу да. Мактоонун май-талканынан жеш сиз үчүн али эрте.
Сиз — көзүңүзгө эле айтайын — менимче, ашкере акылдуусунасыз, элден
өзүңүздү башкача сезип жүргүңүз келет. Алакөөдөк да жайыңыз бар окшойт.
Экинчиден, мен сиздин чыгармаларыңыздын бир сабын дагы эч кандай
журналдар тарабынан сатылып алынбайт ко деп өтө чочуйм. Сулуулук үчүн гана
кызмат кылуу керек. Сулуулукка гана кызмат кыл, — топураган элдин сизге эмне
кереги бар? Ийгиликпи? Дагы кандай ийгилик керек сизге! Айтмакчы, сиз ага
өзүңүз жазган Стивенсон жөнүндөгү сонеттериңизде эле жетишип
олтурбайсызбы. Чындыгын айтканда сиздин бул ырларыңыз Гэнлинин
«Элестер», «Сүйүү жөнүндөгү сонеттеринен» жана деңиз жөнүндөгү ырларынан
жогору жазылган! Же чыгармачылыктын кубанычы сиз үчүн, эч нерсеге татыбай
турган нерсеби? Ал эми мен болсо, сизди ийгилик эмес, чыгармачылыктын өзү
тартарын эң жакшы түшүнөм. Муну өзүңүз да билесиз. Сулуулук сиздин
жүрөгүңүздү жаралаптыр. Бул бүтпөс жара, айыкпас оору, жүрөктү өрттөгөн дарт.
Журналдар менен жылпыштоонун эмне кереги бар? Андан көрө, бир гана
сулуулукту көздөңүз. Эмне үчүн сулуулуктан тыйын жасап алууга жанталашасыз.
Бирок, ошенткениңиз менен деле баары бир эч нерсе чыкпайт. Буга терең
ишенип койсоңуз болот. Сиз бул журналдарды миң жыл окусаңыз дагы, Китстин
ырларынын жок дегенде бир сабына тең келүүчү сөздү таба албайсыз. Эч качан!
Даңк жана алтын жөнүндө унутуп, эртең эле, сүзүүгө жөнөңүз.
— Мен даңк үчүн эмес, сүйүү үчүн эмгектенип жатамын, — деп күлдү Мартин.
— Сиз үчүн мүмкүн сүйүү таптакыр жок нерсе чыгар. Ал эми мен үчүн болсо,
сулуулук — сүйүүнүн кызматкери.
Бриссенден Мартинди көздөй таң калгандай түр менен боорукер көз карашын
жиберди.
— О, али канчалык жашсыз, Мартин! Эх, али жашсыз, жашсыз! Сиз асманга
бийик көкөлөп учарын учасыз, бирок билип коюңуз — сиздин канаттарыңыз өтө
эле назик. Кокус куйкалап албаңыз. Айтмакчы, сиз канатыңызды эчак куйкалап
алгансыз. Сиздин бул «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарыңыз» кандайдыр бир
бузулган аялдар жөнүндө да баяндайт... Маскарачылык!
— Бул ырларда сүйүү жөнүндө баяндалат, — деп Мартин каршы чыгып жана
кайра дагы күлүп жиберди.
— Акылсыздыктын философиясы! — деп каршы чыкты Бриссенден. — Мен
буга нашадан... бир аз тартып, таттуу кыялга чөккөн кезимде толук ишендим.
Сактаныңыз! Бул байлардын шаары сизди тумчуктуруп салбасын. Мисалы, сиз
экөөбүз биринчи жолу таанышкан, абийирин сатуучулардын чогулган үйүн көз
алдыңызга элестетип, көрүңүзчү. Кудай урсун, андай жер тим эле икир-чикир
ташталуучу чуңкурдан да жаман. Мындай чөйрөдөн адамдын бузулбай соо
калышы мүмкүн эмес. Мындай жерден эрксизден өлүмгө учурайсың. Кала берсе,
бул жийиркеничтүү көрүнүштөрдөн эч ким, бир дагы эркек, бир дагы аял —
качып кутула албайт. Мунун бардыгы өздөрүн кандайдыр бир жогорку идеялар
менен сугарылганбыз деп эсептешкен
басып жүргөн гана кап курсактар, ооба, басып жүргөн гана кап курсактар...
Ал бир кезде токтоло калып, Мартинди көздөй көз чаптырды. Күтүлбөгөн
жерден сезилген окуянын түйүнү, кадимки чагылгандын огу сыяктуу аны катуу
чочутуп жиберди. Анын жүзүндө коркуу жана таң калуу пайда болду.
— Ошентип, сиз өзүңүздүн эн сонун «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарыңызды»
болбогон бир сумсайган канчык үчүн жазган экенсиз да?
Мартин Брнссенденди алкымдан алып туруп катуу силкти эле, анын тиштери
шакылдай түштү. Бирок Мартин Бриссендендин көзүнөн коркунучтун жышаанын
көрө алган жок. Анын көзүнөн кандайдыр бир кызыккандыкты жана жин
тийгендей ыржаңдоону гана көрдү. Ошондо гана Мартин эсине келе түшүп
манжаларын анын алкымынан бошотту да төшөктүн үстүнө түртүп жиберди.
Бриссенден көпкө чейин эсин жыя албай жатты. Ал эсине келгенден кийин
өйдө тура калып, каткырып күлүп жиберди.
— Эгерде сиз менин калган өмүрүмдүн отун өчүргөн болсоңуз, анда сиз мени
өзүңүздүн түбөлүк карыздар адамыңыз кылып коёт элеңиз, — деди ал.
— Менин акыркы күндөрдө эмнегедир нервим өз ордунда болбой жүрөт, —
деп Мартин актана сүйлөдү, — мен сиздин бир жериңизди катуу оорутуп койгон
жокмунбу? Мен азыр жаңы горг жасаймын.
— Ай, чунак деее! — деди Бриссенден кыйкырып, — сиз өзүңүздүн күчүңүзгө
өзүңүз жеткиликтүү баа бербейт экенсиз. Сиз укмуштай күчтүү экенсиз. Тим эле
жаш кабылан окшойсуз! Жаш арстансыз! Жетишет, жетишет эми! Кокустан, өз
күчүңүздүн азабын өзүңүз тартып калып жүрбөңүз.
— Бул кандайча? — деп, Мартин ага стаканды сунуп жатып, кызыгып сурап
калды. Ичпип жибериңиз, таарынбаңыз.
— Жөпжөнөкөй эле, — Бриссенден горгун жутуп жиберип, жылмайып күлүп,
— бардыгы аялдардын кесепетинен. Алар сага азыр тынчтык бербегендей эле,
өмүр бою, көргө киргенге чейин эч качан тынчтык беришпейт. Мен кечээ эле
туулган бала эмесмин. Мени муунтуп өлтүрүш дагы оюңа келбей эле койсун. Мен
баары бир өз оюмду акырына чейин айтууга тийишмин. Бул сиздин биринчи
сүйүүңүз экендигин жакшы билемин, бирок сулуулуктун урматы үчүн келерки
жолу акылдуурак болуңуз. Бирок сизге бул байдын кыздары эмне эле жагын
калды? Сиз аларды таштаңыз, антпесеңиз, алар сиздин башыңызды айландырып
салышат. Андан көрө, өзүңүзгө ылайыктуу, жалындуу, ашык болгон, «өлүм менен
коркунучтарды кеп деп санап койбогон сүйүүгө туруктуу, шертке бекем» чыныгы
аялдардан таппайсызбы? Ишенип коюңуз, мындай аялдар турмушта бар жана
алар сизди кадимки байлардын чөйрөсү жараткан бечара жандар сыяктуу эле
ушунчалык берилип сүйүшөт...— деди Мартин катуу кыйкырып.
— Бечара жандар!...— деди Мартин катуу кыйкырып, жактырбай
кыжырданып.
— Дал ошондой бечара жандар! Ал сага ар түрдүү жүрүш-туруш эрежелери,
адамкерчилик жөнүндө кулагыңа кумдай куят жана ушул эле учурда, ал өзү
чыныгы турмуштан жан алгычындай коркот. Ал сизди өз көз карашы менен
сүйөт Мартин, бирок өзүнүн арзыбаган үрп-адатын сизден да көбүрөөк сүйөт. Сиз
түтөп күйгөн, улуу сүйүүнү каалайсыз, сизге кумарсыз боз көпөлөк эмес, эркин
көңүл, сүйкүмдүү жаркын көпөлөк керек. Ошондой болсо да эгерде сиз өзүңүздүн
бактысыздыгыңызга тирүү калган болсоңуз, анда бул сизди эң акырында
таптакыр жадатып бүтүрөт. Бирок сиз көпкө жашай албайсыз! Анан өзүңүздүн
кемеңизге да бара албай каласыз! Акырында өзүңүз чирип жок болгончо, бул
чириген шаарды кыдырып, сандалып басып жүрө бересиз.
— Эмне айткыңыз келсе, айта бериңиз, — деди Мартин, — сиз мени баары бир
өзгөрүлтө албайсыз! Өзүңүздүн мүнөзүңүзгө жараша сиздики өзүңүзгө жагат.
Меники өзүмө.
Ал экөөнүн сүйүү, журналдар жана башка дагы көп нерселер жөнүндө көз
караштары бири-бириникине туура келишпегендигине карабастан, Мартин
Бриссенденди эмнегедир бөтөнчө жакшы көрүп калды. Бриссенден Мартиндин
тар кепесинде бир сааттан артык боло албаса дагы, алар күн сайын көрүшүп тура
турган.
Мартиндикине келерде Бриссенден ар дайым чөнтөгүнө бир бөтөлкө арак
сала келүүчү, ал эми экөө кандайдыр бир ресторан сөрөйдө тамак ичип
калышканда, ал ар качан содалуу суу кошулган шотландык кызыл виного заказ
кылуучу. Ал дайыма экөөнүн ичкендерине жалгыз өзү төлөп коё турган. Анын
аркасы менен Мартин ар түрдүү, мурда өзү ичип көрбөгөн кымбат баалуу, таттуу
тамактар менен таанышып, биринчи жолу шампанский жана рейнвейн виносунун
жагымдуу даамы менен жытына кумарданды. Бирок ошенткени менен
Бриссенден ар качан Мартин үчүн табышмактуу болуп кала берүүчү. Ал
сыртынан караганда турмуштун жыргалчылыгынан кечкен, ошол эле учурда,
курч сезимдүү, угуту күчтүү адам боло турган. Ал өлүмдөн коркчу эмес жана адам
баласынын жашоосунун бардык көрүнүштөрүнө чексиз жек көрүү менен мамиле
жасоочу. Ошол эле учурда, турмушту — анын эң майда бөлүктөрүнөн бери көздөй
каны-жаны менен берилип сүйүүчү. Ал турмуштук эңсөөнүн майда дирилдөөсүн
коюулатууга, «мен пайда болгон космикалык чаңдын арасындагы өзүнүн
тырмактай мейкиндигинде кыймылдоого» умтулган бир жинди адам эле — деген
ал күндөрдүн биринде. Ал кумардантып мас кылуучу түрдүү дарыларды
пайдаланып, өз жанынын жыргалын дагы узартуу үчүн бардык аракеттерди
иштеген адам эле. Бир күнү ал Мартинге өзүнүн үч күн катары суу ичпей,
төртүнчү күнү суусунду кандыруунун жыргалын сезгендигин айтып берген.
Мартин анын ким экендигин жана кайдан келгендигин али билбеген. Бул болсо
ушул убакка чейин жакшылык көрбөгөн, келечеги жакын жерде күтүп турган
караңгы көр сыяктуу, азыркы убакытта турмуштун запкысы мөндүрөтүп турган
адам эле.
XXXIII ГЛАВА
Мартин мелдештен утулгандан утула берди. Ал канчалык үнөмдөгөнү менен
анын иштеп тапканы өз өлбөс оокатына да жетишпеди. Ал акырында кара
костюмун өткөзүүгө мажбур болуп, мына ошондуктан Морздордун
ыраазычылыктын күнүнө карата арналган тамагына баруу мүмкүнчүлүгүнөн
ажырап да калды. Руфь анын тамакка келүүдөн баш тарткан себебине түшүнүп,
өтө капаланып, көңүлү чөгө түштү. Бирок акырында Мартин Руфка,
«Трансконтиненталдык
айына
бир
жолу
чыгуучу»
журналга
өзү
баратургандыгын жана кол жазмаларды жөнөтүүгө кетүүчү беш долларына
костюм сатып алып, тамака сөзсүз келе тургандыгын билдирди.
Эртең менен ал Мариядан он цент карыз сурап алды. Ал бул акчаны
Брпссенден деле алмак эле, бирок ал апендинин эки жумадан бери кайда жоголуп
кеткенин эч ким билбеди. Мартин анын кайда кеткенин ойлонуп олтуруп, башы
да катты. Бул он цент ага редакцияга баруу үчүн океандын булуңунан моторлуу
кайык менен кесип өтүүгө керек эле, ал кесип өтүп, Маркетрит менен келе
жатканда эгер акча албай калсам кантем деп ойлонду. Кала берсе, Оклендге кайра
кайтуу өзүнчө бир чийеленишкен татаал маселе болду, анткени —
Сан-Францискодон ал эч кимден он цент карызга ала алмак эмес.
Мартин бир аз ачылып турган «Трансконтиненталдык ай сайын чыгуучу»
журналдын эшигинин алдына келгенде төмөндөгүдөй сөздөрдү угуп, эрксизден
токтоло калды:
Кеп анда эмес, мистер Форд. (Мартин Форд деген редактордун фамилиясы
экендигин жакшы билүүчү). Кеп, сиз мага төлөй аласызбы же жокпу мына
ушунда? Башкача айтканда, сиз мага акчаны нак төлөй аласызбы же жокпу?
Сиздердин журналыңыздардын келерки жылкы шарты менен менин ишим жок,
мен сизден эмгегимдин акысын төлөшүңүздү талап кыламын. Мага башка эч
нерсенин кереги жок. Бул сөзүмдү эмгек акымдын бир тыйынына чейин толук
бергениңизге чейин кайталай беремин жана журналдын майрамдык санын
басууга руксат этпеймин. Сөзүм сөз. Кошуңуз! Акчаңыз болгондо, мени өзүңүз
издеп таап алыңыз.
Эшиктин каалгасы ачылып, Мартиндин жанынан ызырынып, муштумун катуу
түйгөн бир адам шарт бурулуп өтүп кетти. Мартин ошол замат эле кирбестен, бир
он беш мүнөтчө күтүп турууну чечти. Ал бир аз көчөдө ары-бери басып жүрүп
кайра келди да, өмүрүндө биринчи жолу редакциянын мекемесинин босогосун
аттап, ичине кирди. Бул жерде кабыл алуу баракчасы колдонулбаса керек, бир
кичинекей бала тосмодон ары өтүп барып, мистер Фордду бир киши чакырып
жатат деп билдирди. Ал кайтып келип, Мартинди редакциянын ыйыктын ыйыгы
— редактордун бөлмөсүнө ээрчитип кирди. Мартинди биринчи эле таң
калтырган нерсе, бөлмөдө өкүм сүргөн адаттан тышкаркы башаламандык болду,
ал андан кийин өзүнө аябай кызыгуу менен караган бакенбарды бар столдо
отурган мырзаны көрдү. Мартин анын жүздөрүндөгү ток- тоолугуна таң кала
түштү. Көрсө басмаканачы менен болгон чатак анын мүнөзүнө эч кандай таасир
этпептир.
— Мен... мен... Мартин Иден, — деп баштады сөзүн Мартин («жана мен дагы
өзүмдүн беш доллар акчамды алганы келдим» деп айткысы келди).
Бул болсо, анын биринчи жолу бетме-бет кездешип олтурган редактору
болгондуктан, алды менен эле катуу кеткиси келген жок. Тескерисинче ал мистер
Форддун ордунан кыйкырып тура калганына таң кала түштү:
— Сиз эмне деп жатасыз! — Мындан кийин ал толкундануу менен Мартиндин
колун бекем кармап, катуу силкилдетип жиберди. — Эгерде менин сиз менен
таанышкандыгыма канчалык кубанычтуу экендигимди билген болсоңуз мистер
Иден! Мен ар дайым сиз жөнүндө ойлонуп, сиздин кандай экендигиңизди көз
алдыма элестетүүгө аракеттенүүчүмүн.
Мистер Форд бир аз токтоло түшүп, Мартинге өтө кылдаттык менен баштан
аяк бир жолу көз чаптырып чыкты. Мартиндин тордолуп жамалган костюму,
Мария Сильва абдан аракеттенип жатып үтүктөгөн шымы да чындыгында анын
мынчалык көңүл буруп кароосуна татыктуу эмес эле.
— Мен сизди мындан улуурак экен деп ойлогон элем. Аңгемеңизде өтө терең
ойлор бар. Жана абдан күчтүү жазылган. Сиз көркөм сөздүн чыныгы чебери
экенсиз, мен буга аңгемеңиздин алгачкы үч-төрт сабын окугандан кийин эле
түшүндүм. Сиздин аңгемеңизди биринчи жолу кандайча окугандыгымды айтып
берсем каалар белеңиз? Жок! Алды менен мен сизди кызматкерлер менен
тааныштыргым келет.
Мистер Форд аңгемелешүү менен аны катардагы жалпы бөлмөгө ээрчитип
кирди. Ал бул жерден Мартинди өзүнүн орунбасары, — арык чырай, кичинекей,
колдору таштай муздак, кургак учук менен ооруп жаны эле айыккан кишидей
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.