Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31

Total number of words is 4188
Total number of unique words is 1938
32.5 of words are in the 2000 most common words
45.2 of words are in the 5000 most common words
52.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жаштык кылып энемдин тилине кирип кеткеним ырас. Менин андай кылышым
керек эмес эле. Бирок сиз, адамдын жаңылыштыктарына кечиримдүү жана
мээримдүүрөөк мамиле кылуу керек деп айтчы элеңиз го? Мага бир жолу
мээримдүүлүк кылып, кечирип коюңузду сураймын!
— О, кечиремин сизди! — деди ал туталана түшүп. — Күнөөсүз адамды
кечириш жеңил! Сиздин кечире турган деле эч күнөөңүз жок. Сиз өз каалооңузга
жараша иштедиңиз. Тескерисинче, өз убагында мансаптуу ишке барбагандыгым
үчүн, кайра мен сизден кечирим суроого тийишмин.
— Бирок, мен, сизге жакшылык каалаган элем, — деди ал, жандуу каршы
чыгып, — мен сизди сүйгөндөн кийин, жакшылык каалабай коё албаймын да!
— Айтканыңыз туура, бирок сиз мага боор ачыймын деп аз жерден мени
өлтүрүп ала жаздадыңыз. Ооба, ооба, аз жерден менин талантымды жана
келечегимди ташка чаап сала жаздадыңыз! Мен ар качан чындыкты сүйөмүн, ал
эми буржуазиялык искусство чындыкка чыдат тура албайт. Буржуазияда жүрөк
жок. Ал турмуштан коркот. Жана сиздин дагы мени турмуштан коркууга
мажбурлагыңыз келген. Сиз мени туюк темир торго камоого да аракеттенгенсиз.
Сиз мени жалган байлыктын алдында таасим кылып, баш ийүүгө
мажбурлангансыз жана мага шарттуу, одоно үрп-адатты жабыштыргыңыз келген
болучу.
Мартин Руфтун күнөөсүн мойнуна албастыгын сезип турду.
— Бул бардык адепсиздиктер толугу менен туура, бирок, ошого карабастан ал
буржуазиялык маданияттын, таптык идеялардын, таптык үрп-адаттын, таптык
ырым-жырымдардын негизи болуп саналат. Мартин кайгылуу башын чайкап
койду.
— Сиз азыр дагы мага түшүнбөй жатасыз. Сиз менин сөздөрүмдүн чыныгы
мазмунуна башкача түр берип жатасыз. Сиз үчүн менин сүйлөп жаткан
сөздөрүмдүн бардыгы баштан аяк кур кыял гана болуп көрүнсө керек. Ал эми мен
үчүн болсо бул — жеткен чындык. Сизди мүмкүн баткактан суурулуп чыккан
кайдагы бир арсыз жигиттин сиздин табыңызды тайманбастан сындоого чейин
батынып, аны адепсиз тап деп аташы — кызыктырып жана айран таң калтырып
тургандыр.
Руфь чарчагандай башын Мартиндин ийнине жөлөп жана ошол замат анын
бүткөн бою дүркүрөп кетти. Ал бир мүнөтчө Руфтун сүйлөшүн күтүп, токтоп
турду да, андан кийин сөзүн уланта баштады:
— Ал эми азыр болсо, сиз биздин сүйүүбүздүн кайрадан башталышын каалап
жатасыз! Сиздин азыр мага күйөөгө чыккыңыз келет. Сизге мен керек болуп
калдым! Ал эми, мындай да болуп калышы мүмкүн эле — мени түшүнүүгө
аракеттенип туруңуз — менин китептерим жарык көрбөй жана окуучулардын эч
кандай колдоосуна ээ болбой калды дейли — бирок, мен болсом — өзгөрүлбөстөн
кандай болсом дал ошондой, баягы Мартин Иден бойдон кала берет элем да,
туурабы? Бирок, сиз мага эч качан азыркыдай кайрылып келбес элеңиз! Бир гана
ушул китептер үчүн, ай ушул китептер сени...
— Сөгүнбөй эле коюңуз эми, — деп Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.
Мартин какшыктагандай күлүп жиберди.
— Мына, мынакей! — деди ал. — Сиз бүткүл өмүрүңүздүн жыргалчылыгы
тууралуу маселе алдыга коюлуп да, караңызчы эми, одоно сөздөрдү угуудан да
коркуп жатасыз. Сиз мурдагыдай эле турмуштан дагы эле коркосуз.
Руфь өзүнүн аракеттерине эч кандай маани бербегендей сезилген бул
сөздөрдөн кийин селт эте түштү, бирок, кантсе да ага Мартиндики туура эмес
сыяктуу көрүнүп катуу таарынгандай болду. Руфь кайгыга батып, эмне кыларын
билбей, Мартин болсо, өткөндөгү сүйүү мамилелерин эсине түшүрүп — ал экөө
бир топко чейин үн катышып сүйлөшкөн жок. Ал азыр өзүнүн чындыгында,
Руфту эч качан сүйбөгөндүгүн айкын-ачык түшүндү. Ал кандайдыр бир телегейи
тегиз келишкен башка бир Руфту, өз кыялынын күчү менен жараткан жана сүйүү
поэмаларында ырдаган перизаттай сулуу, кыялы кызыл гүлдөй назик, кыскасын
айтканда ургаачынын уздуусун, олоң чачтын мыктысын сүйгөн эле. Ал эми бул
чыныгы Руфту, буржуазиялык кызды, анын буржуазиялык кулк мүнөзүн жана
тар көз карашын эч качан сүйгөн эмес!
Күтүлбөгөн жерден Руфь сөз катып калды:
— Мен сиздин айткандарыңыздын көпчүлүгү калетсиз туура деп эсептеймин.
Мен чындыгында эле турмуштан корккон элем. Мен сизди жетишерлик түрдө
күчтүү сүйгөн эмес экенмин. Бирок, азыр мен бекем сүйүүгө үйрөндүм. Мен сиз
азыр да жана мурда да, кандай болгон болсоңуз дал ошондой сүйөмүн. Мен сизди
менин чөйрөмдөгү адамдардан бардык айырмаңыз үчүн дагы сүйөмүн. Сиздин
көз карашыңыз кээде мага түшүнүксүз болсо мейли. Мен аларды туура түшүнүүгө
дале болсо үйрөнөмүн. Мен аларды туура түшүнүүгө үйрөнүүгө тийишмин! —
Сиздин чылым чеккениңиз менен ачууланып сөгүнүшүңүз — мунун бардыгы
сиздин жашооңуздун бир бөлүгү жана мен сизди дал ушул үчүн да сүйөмүн мен
көп нерсеге үйрөнөмүн. Ушул эле акыркы он минутанын ичинде мен далай
нерселерге үйрөнгөндөй болдум. Же качандыр бир кезде мындан мурун мен бул
жерге сага тартынбастан келген белем? О, Мартин!..
Руфтун көзүнөн жашы мончоктой түшүп, маңдайын Мартиндин көкүрөгүнө
жөлөп койду. Ал өзүн көпкө чейин көрүшпөй жүргөндөн бери Мартин биринчи
жолу эрекелете катуу сыга кучактап алгандыгын сезе түштү. Ал ушуну сезип
Мартинге нур жанган көздөрүн жалжылдатып жиберди.
— Өтө кечигип калдыңыз, бийкеч, — деди Мартин, Ал Лиззинин сөзүн эсине
түшүрдү. — Мен оорулуумун, Руфь... бирок денем эмес, жок. Жаным, мээм
оорулуу, Мен үчүн бардыгы өз баркын жоготту. Мен азыр эч нерсени
жактырбайм. Эгерде сиз мындан жарым жыл мурун келген болсоңуз, анда
бардыгы башкача болмок эле. Ал эми азыр болсо, өтө кеч, өтө кеч болуп калды!
— Жок, кеч эмес! — деп кыйкырып жиберди Руфь. — Мен муну сизге
далилдеп көрсөтө аламын. Мен сизге менин сүйүүм таптык ырым-жырымдардан
алда канча күчтүү экендигин далилдеп көрсөтө аламын. Мен буржуазия үчүн эң
кымбат нерселерден дагы таптакыр кол үзүп кетүүгө даярмын. Мен эми
турмуштан коркпоймун. Мен ата-энемди таштап, өз атымды кордотууга болсо
дагы даярмын. Мен эгер сиз кааласаңыз, азыр эле түбөлүккө сиз менен бирге
жашоого даярмын жана мен бул үчүң сыймыктанар жана сүйүнөр элем. Эгерде
мен мурда сүйүүгө турксуздук кылган болсом, азыр менин сүйүүмө каршы
болгондордун өздөрүн жазгырып жолго салууга даярмын.
Руфь Мартиндин бет маңдайында көздөрүн чачыратып, өзү таштай катып
туруп калды.
— Кана, Мартин! — деди ал титиреген үн менен. — Сиздин бир ооз «ооба»
деген сөзүңүздү күтөмүн. Кана мата бир тике карап коюңузчу.
«Бул кандай сонун, — деп ойлонду ал, Руфка бир жалт карап алып ал өзүнүн
мурдагы бардык каталыктарын жууп кетти, мына чыныгы сүйгөн жар болсо,
ушундай эле болор, карачы, буржуазиялык аң-сезимдин илинчээктеринен
арылган экен. Мунун бардыгы укмуш, эң сонун, эң зарыл... Бирок, мен өзүм эмне
болуп турганымды түшүнбөйм?»
Руфтун бул мамилеси аны козгой алган жок. Ал аны акылы менен гана
баалагандай болду. Өрт жалын ордуна — муздак гана колдоо. Анын жүрөгү
муздай тоңгон бойдон, каалоосу канат какпастан калды. Ал Лиззинин сөзүн
кайрадан эсине түшүрдү.
— Мен ооруп турам, өтө ооруп турам, — деди Мартин колун үмүтсүз шилтеп.
— Мен өзүмдүн ушунчалык катуу ооруп турганымды эчак эле сезгем. Өзүмө эмне
болгонун дагы билбеймин. Мен эч качан турмуштан корккон жан эмес элем жана
турмушка карата кызыкчылыгымды жоготомун деп ойлогон эмесмин. Бирок,
азыр мен турмушка өтө тоюп кетсем керек. Менин жүрөгүмдө эч кандай каалоо
калган жок. Кала берсе, сизди да көргүм келбейт! Көрдүңүзбү кандай оору
экендигин!
Ал олтургучка саал чалкалай түшүп олтурду да, көздөрүн жумуп, түрдүү
кыялдарга кетти, ал кадимки күн нурунун алтын шооласына берилип ыйы
басыла түшкөн бала сыяктуу өзүнүн ооруп тургандыгын, Руфтун келишин жана
кала берсе, дүйнөдөгүнүн бардыгын ушул замат унутуп салып, күтүлбөгөн
жерден пайда боло түшкөн көрүнүштөргө күн нуру себеленип турган жашыл
жалбырактарга тымызын көз жибергендей болду. Бул али жаш өтө кооз
жалбырак болучу. Ага бул али жаш жашыл жалбыракка көз жүгүртүү өтө оор
болуп көрүндү, бирок ал өзүнүн бул жашыл жалбырактарга эмне үчүн мынчалык
тигиле көз жүгүрткөндүгүн өзү дагы толук түшүнгөн жок.
Мартин эшиктин туткасынын кычырашынан селт эте түшүп, эшик жакты
көздөй көз чаптырды эле, Руфь босогодо турган экен.
— Бул жерден кантип чыгам, айтып коюңузчу? — деп Руфь жалооругандай
сурап калды. — Коркуп турам.
— О, мени кечирип коюңуз, — деди Мартин ордунан ыргып туруп, — эмне
боло түшкөнүмдү өзүм дагы билбей кетиптирмин! Сиздин бул жерде
экендигиңизди дагы сезбей калыптырмын.
Ал карбаластай түшкөндөй чекесин сыйпалап калды.
— Көрдүңүзбү, менин саламаттыгым өз ордунда эмес. Мен сизди үйүңүзгө
чейин узатып коёюн. Биз жашырын эшик менен чыгабыз. Эч ким бизди
байкабайт. Чүмбөтүңүздү түшүрүп алсаңыз болот.
Руфь анын колунан бекем кармап, экөө кууш далис, караңгыдан көрүнбөгөн
тепкичтер менен унчукпай жүрүп олтурушту.
— Эми мен коркпоймун, сиз, бара берсеңиз болот, — деди Руфь көчөгө чыгып
келгенден кийин, колун бошотууга аракеттенип жатып.
— Мен сизди үйүңүзгө чейин узатып коёюн, — деди Мартин.
— Жок, жок, — деди Руфь каршы чыгып, — тим эле коюңуз!
Руфь дагы бир жолу колун бошотууга аракет кылды. Бул күтүлбөгөн жерден
Мартинди түрдүү ойлорго салды: Бардык коркунучтардан өтүп алгандан
кийинки Руфтун бир нерседен чочулагансып турушу — Мартинди аябай таң
калтырып жиберди. Руфь кыжалат болгонсуп, андан эртерээк бөлүнүп кош
айтышып кеткиси келди. Бирок, Мартин аны колунан коё бербестен үйүн көздөй
ээрчите басты. Бир көчөнүн бурчуна келген кезде, Мартин узун паьточон бир
адамдын эки кабат үйдүн эшигине кирип кеткендигин байкап калды. Мартин
анын арт жагынан башпага калып, чоочун адам — Руфтун бир тууганы — Норман
экендигин тааныды.
— Мартин менен Руфь жолдо келе жатышып бири-бири менен үн катышып,
сүйлөшкөн да жок. Руфь көңүлсүз, Мартин өзү кош көңүл сезди. Мартин Руфка
өзүнүн Тынч океандын аралдарына жөнөй тургандыгын баяндап, ал эми Руфь
болсо, өз кезегинде ага күтүлбөгөн жерден келип калышын кечирип коюусун өтө
суранды. Мына алардын бар болгон сүйлөшүүлөрү ушул болду. Ал экөө Руфтун
дал эшигинин алдынан коштошту. Алар бири-биринин колдорун бекем
кысышып, жакшы жатып жай турууну каалашып, (Мартин бул учурда таазим
эткендей башынан калпагын өйдө ала койду) коштошуп бөлүнүштү. Эшик катуу
жабылды, Мартин чылым тартып, кайра конок үйүн көздөй бет алды. Мартин
мурда Норман бекинип калган, азыр болсо ээн далиске токтой калып, терең
ойлоно түштү.
— Ал мени алдаган экен көрсө, — деди ал өзүнө-өзү. — Ал мага мен бул жерге
коркпостон жана тайманбастан келип олтурамын деп мени ишендирүүгө дагы
аракеттенип коёт, көрсө аны кайра ээрчитип кетүү үчүн агасы кошо келип, күтүп
турган турбайбы. Ал каткырып күлүп жиберди. Эх, ушул байларды! Эмне кылса
болор эле! Мен кедей кезимде анын эжесинин ченине жолой алчу эмес элем. Ал
эми менин казынада акчам катылып жаткан кезде, ал эжесин өзү мага ээрчитип
келип бергенин көрчү!
Мартин өз жолун улантып, алга басайын дегенче болбой, кандайдыр бир
кайырчы, анын жанына такай келип калып, чыканагынан булкуп алды.
— Бир жыйырма беш тыйын кудайы берип коюңузчу, мырза! Жатакана үчүн
төлөшүм керек эле! — деди ал. Мартин бул сөздөн селт эте түштү. Жана ал көз
ирмемдин ичинде, эски досу Джонун колун бекем кысып калды.
— Билесиңби, экөөбүз сөзсүз жолугабыз деп мен айтпадым беле, — деди Джо,
— мен муну алдын ала билгенмин. Мынакей, көрдүңбү, кездешет деген ушул
эмеспи!
— Эх-э... Сен тим эле жашарып кеткенсиң го ыя? — деди Мартин таңыркай
түшүп. — Толуп, семирип да калсаң керек.
— Туптуура айттың, — деди Джо жаркырай түшүп. — Мен кайыр сурап,
тентиреп жүрүп жашоо деген эмне экендигине толук түшүндүм! Салмагыма отуз
фунт коштум, өзүмдү өзүм кадимки алп сыяктуу сезип турамын! Менин мурда оор
жумуштан тим эле терим менен сөөгүм эле калган окшойт. Ал эми азыр болсо,
кудая шүгүр, андан азапты көргөнүм жок.
— Бирок, конор жер издеп жүргөнүң кандай? — деди Мартин аны саал
чымчылап, — ал эми, түн болсо ан- чалык жылуу эмес!
— Мм! Жатакана үчүн суранам! — Джо чөнтөгүнөн бир кошууч майда
тыйындарды уучтап чыкты. — Мага ушул деле түнөгүмө жетишмек, бирок сенин
түр-түспөлүңдүн ырайымдуулугуна карап, болсо болбосо тобо- кел деп, сени
кароолдой калгандыгым ошол болду.
Мартин каткырып күлүп жиберди.
— Оо, бул акчаң сенин, ичкилгиңе да жетишет окшойт ко ыя? — деди ал. —
Джо сыймыктануу менен кайра акчасын чөнтөгүнө салып койду.
— Кечиресиз, сиз минтип айтпасаңыз дагы болот, — деди ал. — Мен азыр
ичпеймин, ичкиликти таштап салгам. Көңүлүм чаппайт. Мен баягы экөөбүз
ажырашкандан кийин бир жолу гана ичип мас болгом. Анда дагы акмак болуп,
ачкарын уруп жибериптирмин. Ал эми азыр болсо, мен адамча жашап жатамын
жана ошондуктан ичкиликти дагы аз-аздан адамча ичемин! Кээде эң эле көп
ичтим дегенде бир гана стакан, ошону менен бүттү.
Мартин Джо менен эртеси жолугушууга макулдашып, конок үйүн көздөй бет
алды. Кире бериштеги далистен ал кемелердин жүрүш убактысына көз жиберди.
Беш күндөн кийин Таитиге «Марипоза» жөнөмөкчү экен.
— Мен үчүн телефон аркылуу каютаны ээлетип койсоңуз, — деп сурады ал
порт ээсине, — бирок, жогор жагынан эмес, асты жагынан, шамал тарабындагы
жактан ээлеп койсоңуз. Унутпаңыз. Шамалдуу тарабынан деп жазып деле
коюңузчу.
Ал өз бөлмөсүнө келип, керебетине чалкасынан түшүп тырп этпей уйкуга
кетти. Анын мээси өтө чарчагандыктан, ал эч кандай кубулуштарды кабыл алууга
жарабады. Ал гана эмес, Джо менен жолугушкан кубанычтуу окуя дагы ага эч
кандай таасир көрсөтө алган жок. Бул жолугушуу бар болгону көз ирмемчелик
убакытка гана созулду жана ал ушул убакыттын ичинде, өзүнүн эски досун
жолуктуруп, бирок аны менен сүйлөшкүсү да келбегендигине өзү өтө өкүнүчтүү
болуп калды. Ал гана эмес, эми беш күндөн кийин өзүнүн сүйүктүү океанына
сапар тартары да аны кубандыра албады. Ал жыргалдануу менен көзүн жумуп
туура сегиз саат былк этпестен уктады. Ал чабалактай, ооналактаган да жана түш
да көргөн жок. Ал терең уйкудан ойгонуп, башын көтөрүп, катуу өкүнүчкө бата
түштү. Турмуш аны алсыратып, жапа чектирсе, убакыттын өтүшү ага тозоктун
кыйноосунан оорураактай болуп сезилди.
XLVI ГЛАВА
— Билесиңби Джо, — деп Мартин сөзүн эртеси күнү эртең менен, — ушул
жерде Жыйырма сегизинчи көчөдө бир француз турат. Ал аябай акчаны көп
жыйнап алып, эми Франциясына кайра кеткени жатат. Анын бир кичинекей,
бирок өтө татынакай жана эң сонун жабдылган киржуугучканасы бар. Эгерде
мындан ары күлүңдүн бир жерге додо болушун каалай турган бол- соң, анда бул
сен үчүн баа жеткис табылга болот. Ме, мынабу акчаны алып туруп, өзүңө бир
жакшы кемсел- шым сатып алгын дагы, аны менен барып жакшылап сүйлөшкүн.
Бир деме десе, Мартин жиберди дегин, бардыгын көрүп чыгасың. Эгерде,
киржуугучкана көңүлүңө абдан жага турган болсо, кайра тез мага жетип кел —
мен аны сага сатып беремин. Ал көп эле болсо, өзү айткандай, он эки миң доллар
турар. Уктуңбу? Өзүңчө бир киржуугучкананы ээлеп жатып каласың. Тур,
токтоосуз жөнөгүн эми! Мага тоскоолдук кылбагын. Экөөбүз кийин сүйлөшөбүз.
— Ушундай дегин, Март, — деди ал, жай гана, ичи күйүп-бышып тургандыгын
билдирбеске аракет кылып, — мен бул жерге сени менен учурашайын деп
келдим. Түшүндүңбү! Ал эми сенден киржуугучкананы белекке алайын деп келип
олтурганым жок! Мен сага эски дос катары эсендешейин деп келип олтурсам, сен
кап-кайдагы бир киржуугучкананы сунуш кыласың! Сенин киржуугучканаңдын
мага тыйындай да кереги жок, өзүн эле кут болсун, билдиңби?! Кошкун! Кеттим
мен!
Ал ордунан тура калып, эшикти көздөй жөнөйүн дегенде, Мартин аны
ийинден алып туруп, өзүн көздөй булкуду.
— Билип койгун Джо, — деди ал, — эгерде сен дагы бир жолу мени менен
ушундай тамаша кыла турган болсоң, атаңды таанытып коёмун! Ал үчүн мени эч
нерсе кыла албайсың. Түшүндүңбү? Ыя? Же бирди көргүң келип турабы?
Джо Мартинди түртүп жиберип, булкунуп бошонуп кетейин деди эле, бирок
ага күчү келбеди. Экөө кармаша түшүп, комнатанын ичинде бир топко чейин
ары-бери тегеренишип жүрүштү да, акырында столго барып бир тийишип, стол
сынып кетип, өздөрү жерге барып кулап түшүштү. Джо Мартиндин алдында
калды, Мартин аны көпкө чейин тургузбай, ныгыра басып туруп алды, акырында
тигинин кыстыгып, энтигип бара жатканын сезип, койчу эми деп боору ачып
кетип, бошотуп жиберди.
— Мына эми, сени менен сүйлөшүүгө болот, — деди Мартин, — көрдүңбү,
мени менен ойнобой жүргүн. Эң алды айттым го, киржуугучкана жайындагы
ишти бүтүрүү керек. Андан кийин кайра келсең, ошондо экөөбүз эски досторчо
башка нерселер жөнүндө шашпай, терең аңгемелешебиз. Мен сага азыр
аңгемелешүүгө убактым жок деп түшүндүрбөдүмбү. Өзүң деле көрүп
турбайсыңбы.
Дал ушул учурда, эшиктен конок үйүнүн кызматкери кирип келип, эртең
мененки почто менен келген бир кучак кат жана журналдарды столдун үстүнө
таштап кетти.
— Мына карачы, минтип, дагы каттар келип калды, буларды да мен азыр окуп
чыгышым керек, баары бир азыр сүйлөшө албайбыз. Андан көрү сен айтканга
көнүп, киржуугучкана жайындагы ишти бир жаңсыл кыл да тез кайра чуркап
келгин. Макулбу?
— Макул, — деди Джо кош көңүл гана жооп кайтарып, — сен менин теримди
тескери союп саласыңбы деп чоочуду элем, бирок жаңылыптырмын. Бирок Март,
мени бокстап жыга албайсың. Мелдешсек да болот.
— Болуптур, кайта келгин, анан колкап кийип алып, кармашып көрөбүз, —
деди Мартин күлүп.
— Сөзсүз! Мен киржуугучкананы сатып алгандан кийин. — Джо он колун суна
муштумун көрсөтүп. — Көрдүңбү? Мен сени эки дегенче кулатып түшүрөмүн.
Джо кеткенден кийин Мартин эс ала түшкөндөй, көкүрөгүн кере терең бир
дем алып алды. Ал бир чети түнт да болуп кетти. Эл менен аралашуу ага улам
барган сайын кыйын боло берди. Элдин арасында ал өзүн абдан көңүлсүз сезип
жана алар менен болгон сүйлөшүү жана жолугушуудан ал кандайдыр бир оор
тынчсызданууну сезип, элден бөлүнгөн кезде гана ал өзүн өзү өтө сергек сезерин
туюнду.
Ал Джо кетери менен эле келген каттарды тез ачып окуй баштаган жок. Ал
жарым саатча отургучка чалкалап, эч нерсе кылбастан, ой чуркатып олтурду.
Анын башында түрдүү ойлор чаташып, уйкуга тартылып бара жаткан акылдын
кыскача жарк-журк этип жанышы гана байкалгансыйт.
Акырында ал ордунан туруп, каттарды талдай баштады. Ондон ашык кат,
Мартин бир көргөндө эле билгендей, андан колу коюлган китебин тезирээк
салып жиберишин суранышыптыр, ал эми калган каттар болсо, көнүмүш
сурануучулар түбөлүк кыймылдаткычтын кебин тургузган ойлоп чыгаруучу
менен жердин үстүңкү кыртышы жантайып турган жер шарынын ички бөлүгү
болуп саналат деп эсептеген математиктерден тартып, Төмөнкү Калифорниянын
жарым аралдарына коммунисттик колонияны уюштуруу үчүн керектүү
буюмдарды сатып алууга андан акча жагынан жардам сураган адамга чейинки
түрдүү апендилер менен дардаңбайлардын каттары болуучу. Кала берсе, бул
каттардын ичинде аны менен таанышууну өтө каалаган аялдардан келген каттар
дагы бар эле, анын бири эрксизден Мартиндин күлкүсүн келтирип жиберди,
анткени бул катта бир аял өзүнүн тазалыгын жана адамгерчиликтүүлүгүн
далилдөө менен бирге, туруктуу жашап турган жери чиркөөнүн дал өзүндө
экендигин көрсөткөн кагазын катка кошо тиркеп, салып да жиберген экен.
Китеп басып чыгаруучулар менен редакторлор каттарды үстү үстүнө
жаадырышып, алардын кээ бирлери жалынып-жалбара андан статьяларды
сурашса, кээ бирлери жаңы китеп жазып жибериңиз дешип өтүнүшүптүр —
кыскасы алардын бардыгы, анын кол жазмаларын баягы бир кездеги,
редакцияларга жөнөтүү үчүн ичпей-жебей, өзүнүн тапкан ташыгандарынын
бардыгын жумшоого аргасыз болгон байкуш кол жазмалардын тез келишин
чыдамсыздык менен эңсеп жатышты. Бул каттардын арасында дагы күтүлбөгөн
чектер — англис тилинде чыккан китеби үчүн жана чет элдик тилдерге
которууга руксат бергендиги үчүн төлөнүүчү акчалардын чектери да бар боло
турган. Ал өзүнүн англиялык жалчысы анын үч китеби Германияда которулуп
чыгуу укугуна ээ болгондугун түшүндүрүптүр: анын китептери Швецияда
которулуп чыкты, бирок Швеция Берндик келишимге катышпагандыктан, бул
котормолор үчүн эч кандай тыйын алууга мүмкүн эмес эле. Ошондой эле,
Россиядан дагы. анын чыгармаларын которуп, басып чыгарууну суранган өтүнүч,
талаптар келди, бирок бул дагы, бул өлкө дагы Берндик келишимге
кошулбагандыктан эч нерсе төлөй албады.
Мартин газеттик макалаларды кесип алып топтоштуруп берүүчү
макалалардан өзү жана укмуштай тез тараган өзүнүн даңкы жөнүндөгү
жазылгандарды окуп жана талдап чыкты. Мартин топурандыларга тайманбастан
бардык чыгармаларын тартуу кылды. Калыбы, мына, дал ушунун өзү менен анын
күтүлбөгөн жерден пайда болгон таш жарган даңкынын себебин түшүндүрүү
мүмкүн эле. Киплинг сыяктуу ал дагы бул топурандыларды кысым менен жеңип
алды шекилди, анткени улуу жазуучу Киплинг дагы өлүм алдында жатканда,
ушул эле топурандылар эмнегедир анын китептерин талашып, кыйкырып окуй
башташты. Мартин мына ушул топурандылар жарым жыл өтпөй эле Киплингдин
китептерин окуп түшүнө алышпай, аны жаман атты кылып жүрүшкөндүгүн
жакшы билүүчү, бул ойдон ал эрксизден күлүмсүрөй түштү. Ким билет! Мүмкүн
жарым жылдан кийин анын дагы китептерин дал ушундай тагдыр күтүп
тургандыр. Бирок, ал топурандыны алдап кетет. Себеби — ал кезде алыскы
океандын үстүндө сүзүп, өзүнүн камыш алачыгында олтуруп алып, акак
таштарды сатат, толкунду жиреп суу астындагы аскалардан чебердик менен өтүп,
акулаларды кармап, Тайохэ өрөөнүнүн катарындагы өрөөндөн жапайы тоо
эчкилерге аңчылык кылып жүрөт.
Ушул минутада ага өзүнүн бардык абалынын үмүт- сүз экендиги көз алдына
ачык-айкын элестей түштү. Ал өзүн Көлөкөлөр Өрөөнүндө жүргөндөй сезип
кетти. Ага өзүнүн бардык өмүрү өтүп кеткен сыяктуу еезилди, анын өмүрү гүлдөй
соолуп, оттой өчүп жана айдай батып бара жаткандай көрүндү. Ал азыр өзүнүн
канчалык көп уктачу болгондугун жана мындан ары дагы, ар качан уктагысы
келерин сезип турду. Ал эми ал жакын- да эле уйкуну ушунчалык жек көргөн эле.
Уйку анын өмүрүнүн эң кымбат баалуу сааттарын уурдап, билиндирбей жутуп
кеткенсиди. Ал кезде жыйырма төрт саат- тын төрт гана саатын уктачу, демек ал
башкаларга караганда төрт саатка кем жашаган. О, ал кезде ал уйкунун азабын
кандай тарткан эле! Ал эми азыр болсо, ал турмуштун азабын тартууда! Турмуш
ага кайгылуу, көңүлсүз жана анын даамы кыйгыл тарткандай сезилди. Мына дал
ушул жерде анын ичер суусу түгөнүп, өлүм коркунучу күтүп турган эле.
Жашоодон жай таппаган өмүр, өлүмдөн жай тапмак. Анда эски көнүмүш, өзүн өзү
коргонуу сезими козголо түштү. Ооба, ал жолго чыгууга шашууга тийиш. Ал
бөлмөнүн ичине бир жолу көз чаптырып чыкты да, чемоданга буюмдарын салып
камынуу жөнүндө ойлонуп, коркунучка бата түштү. Кала берсе, эми буга
шашуунун деле кереги жок эле. Алды менен керектүү тамак-аш, жана жолдук
буюмдарды сатып алуу керек эмеспи.
Ал эртең менен калпагын кийип, үйдөн чыгып туура түшкө чейин автоматтык
курал, балык кармоочу шаймандарды тандап, курал-жарак сатуучу дүкөндө
болду. Буюмдардын модалары ушунчалык тез алмашып тургандыктан, ал
шашпай, Таитиге келгенден кийин эле, сатууга мүмкүн болгон бардык
буюмдарды алдырып алат. Ал гана эмес, зарыл керектүү буюмдарды
Австралиядан дагы болсо, которуп алдырууга мүмкүн болучу. Бул ой аны өтө
толкундатып жиберди. Азыр анын таптакыр эч нерсе кылгысы жана эч нерсе
жөнүндө кам көргүсү келбеди. Ал конок үйүнө кайтып келип, өзүнүн жумшак
жана ыңгайлуу олтургучуна олтура калуу жөнүндө жыргалдануу менен ойлоно
түшүп, бирок бул олтургуч-креслодо анын келишин күтүп Джонун камырабай
олтургандыгын көрө коюп, каардануудан катуу кыйкырып жибере жаздады. Джо
киржуугучкананы көрүп, айран-таң кала түштү. Бардыгы тартипке келтирилген,
эртең эле ишке киргизгенге даяр эле. Мартин көзүн чала жумуп, керебетине
жатып, Джонун аңгемелерин көңүл коюп уга берди. Мартин терең кыялга чөгүп,
өзүн өзү унутуп жибергенсиди. Убакыт өткөн сайын, ал Джого бирдеме деп
сүйлөөгө козголо түшүп жатты. Ал Джону жакшы көрчү эмес беле. Ал эми Джо
болсо бул убактын ичинде турмушту өтө сүйүп, ага терең берилип калган учуру,
мына ошондуктан, аны менен жакындашуу Мартинге өтө оор болду. Бул болсо,
анын чарчаган жүрөгү үчүн оор жүк сыяктуу болуп ныгырды. Жана Джонун ага,
экөөбүз бир кезде, колубузга кол- кап кийип, аяшпастан боксташып көрөбүз деп
айтып калган сөзүнөн анын жаны чыгып кете жаздады.
— Билип койгун Джо! Сен өзүңдүн киржуугучканада баягы «Кайнар
Булактагы» өзүң айткандай тартип шексиз түзүлүп жана сакталсын. Эч кандай
ченемден ашыкча иштөө болбосун. Ал эми түнкүсүн болсо, таптакыр. Алганың
болсо толук жетишет. Балдарды жалдаймын деп ойлобогун! Эч качан!
Джо башын ийкеп, чөнтөгүнөн дептерчесин сууруп чыкты.
— Мен бүгүн эртең менен бир эреже түздүм. Мына угуп турчу.
Ал окуй баштады. Мартин болсо аны калп эле, кубаттаганы менен ичинен
тезирээк эле кетсе экен деп тиленип олтурду. Мартин итапкандай бир топтон
кийин барып ойгонду. Ал башын көтөрүп, бөлмөнүн ичине көз жиберди. Үйдүн
ичинде эч ким жок. Калыбы, Джо, Мартиндин уктап бара жатканын сезип
билинбей кетип калса керек. «Маданияттуулугун карасаң, азаматтын» деп ойлоду
Мартин. Андан кийин ал көзүн жумуп, кайра уйкуга кетти.
Экинчи күнү Джо кечке чейин киржуугучкананын түзүлүшүн үйрөнүү менен
алек болду. Сүзүүгө жөнөөргө аз калган кезде, кезиттер өздөрүнүн беттерине
Мартин «Марипозага» түшүп алыска кетет экен деп, жарыялап чыгарышты. Ал
өзүн өзү сактоонун табыгый адатына дагы эле болсо баш ийүү менен докторго
келип, өзүнүн саламаттыгын текшерип берүүнү суранды. Анын саламаттыгы
куландай таза болуп чыкты. Анын өпкө-жүрөктөрүнүн абалы да ойдогудай эле.
Врачтын айтканына караганда, анын бардык органдары таптаза жана сонун
иштеп жаткан болучу.
— Сиздин эч нерсеңизде оору жок, мистер Мартин, — деди ал, — туурасын
айтканда да, эч кандай ооруңуз жок. Сиздин организмиңиз укмуштуудай бекем
экен!
Чынымды айтсам, мен дагы сизге суктанып жатамын. Сиздин саламаттыгыңыз
өтө зор. Көкүрөгүңүздүн кеңдигин караңызчы! Өзүнчө эле бир жаткан кең талаа!..
Эгерде аш казаныңыз бузулбай туура иштей турган болсо, бул сыяктуу көкүрөк
менен сиз сөзсүз көп жана узак жылдар жашайсыз... Сиздикиндей адамдын мүчө
түзүлүшү миңден, ал гана эмес он миңден бирөө гана чыкпаса, чыкпайт.
Башкасын билбейм, эгерде бир кокустук, же бир кырсык болбосо эле, сиз шеги
жок жүз жашка оңой эле чыгасыз.
Мартин азыр баягыда Лиззинин берген сыны туура чыккандыгын түшүндү.
Чындыгында эле анын саламаттыгы буканыкынан кем эмес болучу. Бирок анын
башы эмнегедир катуу ооруп жана бул оору бир жакка жол жүрүүдөн жана
океандык саякатка чыгуудан гана толук айыгышы мүмкүн эле. Баарынан жаман
нерсе бул дал азыр өзүнүн сүзүүгө жөнөр алдында, эмнегедир өзүнүн эч жакка
саякатка чыккысы келбей калгандыгы жана чыгууну каалабагандыгы болуп
саналды. Тынч океан ага буржуазиялык коомдук өнүгүштөн анчалык деле артык
болуп көрүнбөдү. Ал сүзүү жөнүндөгү ойдон эч кандай жанданууну сезген жок,
тескерисинче жана ал кемеде олтуруп алып, башка эч нерсе жөнүндө ойлонгусу
жана аракеттенгиси келбеди.
Акыркы күндөр ал үчүн чындыгында эле, өтө оор болуп сезилди. Анын
деңиздик саякатка жөнөрүн кезиттен билишип, Бернард Хиггинботам, Гертруда
бардык тууган-туушкандары коштошобуз деп бүт чогулушуп келишиптир. Андан
кийин ал бир аз иштерин бүтүрүп, карыздарынан кутулуп жана адамды
жадаткыч кабарчыларды канааттандырып чыкты. Кечки мектепке барып ал
Лиззи Конолли менен да коштошуп келди. Конок үйүнө кайтып келип ал, кечкече
киржуугучкананын иштери менен алышып жүрүп кечинде араң бошоп,
коштошуп келүү үчүн келип күтүп олтурган Джону көрдү. Буга болсо, анын ачуусу
катуу келип барып, кайра токтоду жана ал өзүнүн жолдошунун жарым саатка
созулган ой-тоонун башын бир сүйлөгөн сөздөрүн чыдап угуп олтурууга мажбур
болду. Ал жини келгендиктен олтургуч- тун кармоочун да сындырып жибере
жаздады.
— Эсиңе тутуп койгун Джо, — деди ал акырында, сени бул киржуугучканада
иштебесең да иштейсиң деп эч ким таңуулабайт. Эгерде киржуугучкананын
кереги
жок десең, качан да болсо сатып жиберип акчасын эмне кылам десең өзүң
билесиң. Уктуңбу? Эгерде эч нерсенин кереги жок болуп, кайра баягы
селсаяктыгым жакшы экен дей турган болсоң бардыгын саткын дагы башың
кайда оосо, ошол жакка жөнөп кете бергин. Кандай кааласаң, ошондой жашай
бергин!
Джо жок дегендей башын чайкады.
— Эми мен мурдагыдай болуп, төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып жүргүм
келбейт. Селсаяктыктын бир гана жаман жери бар — болбосо, башкасы жаман
эмес. Мен кыздар жөнүндө айтып жатам. Мен аларсыз жашай албаймын! Жок,
эмне десең ошо де, бирок мен сел- саяк болгум келбейт! Селсаяктануу үчүн өзүң
билесиң жалгыздык керек. Кээде бир үйлөрдүн жанынан өтүп бара жатып,
музыка ойноп, бийлеп жатышкан ак көйнөкчөн татынакай чүрөктөй болгон
кыздарды көрүп каласың, алар сага көз жиберишет дагы, жактыргандай
жылмайып күлүшөт! Ай, ошондой учурларда аларды кучактап туруп өпкүң келет
дейсиң! Ал эми мен болсом шаардын сыртына сейилдикке чыгууну,
бий-тамашаны,
айлуу
түндөгү
көңүл
ачууларды
ж.б.у.с.
сүйөмүн.
Киржуугучканадагы иш болсо, өтө оор иш, бирок кий- гениң жакшы костюм,
ичкениң жакшы тамак, чөнтөгүңдө дайыма ойноп күлгөнүңө жеткидей акчаң
болот! Айтмакчы, мен кече бир кыз менен тааныштым. Эгер макул десе, бүгүн эле
үйлөнүүгө да даяр элем. Кечке чейин бир жүрүп, тим эле черим жазылгандай
болду. Көздөрү тим эле адамды эркелетип гана турат, үндөрү болсо, тим эле
коңгуроодой кубулжугансыйт. Эх, Мартин, эмне кара басып сен ушул убакка
чейин үйлөнбөй жүрөсүң? Ыя? Акчаң болсо аябай көп! Ушундай акчаң менен тим
эле дүйнөдөгү эң сулуу кызга үйлөнбөйсүңбү?
Мартин күлүмсүрөдү да, жүрөгүнүн тереңинде жалпы адамда эмне үчүн
үйлөнүү сезими пайда болоруна айран таң кала түштү. Жана ал үчүн бул таң
каларлык, ошол эле учурда түшүнүксүз нерсе боло турган.
«Марипозанын» палубасында туруп, дал жөнөр алдында Мартин коштошкону
келгендердин арасынан Лиззи Коноллини байкап калды. «Лиззини өзүң менен
кошо ала кет», — дегенсиди кандайдыр бир ички добуш анын кулагына
шыбырап. Адамга кең пейилдик кылуу — кандай жакшы — эгерде ал чын эле
ушинте турган болсо, Лиззи чексиз бактылуу болмок эле. Ал бир аз азгырыла
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.