Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21

Total number of words is 4005
Total number of unique words is 1807
31.2 of words are in the 2000 most common words
42.3 of words are in the 5000 most common words
48.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
өзүмдүн жазган «өнөрчүлүк» чыгармаларым өтпөй калган учурда айлам жок
костюмумду тапшырганымда дагы ичимден кубанычта болгонмун. Сиз менин
«Сүйүү жөнүндөгү сонеттеримди» жазып жаткан кезимдеги сезген
жыргалдануумду эч нерсе менен салыштырууга мүмкүн эместигин билесизби? Ал
эми чыгармачылыктын кубанычы болсо, бул жер жүзүндөгү эң зор кубаныч
эмеспи. Ал менин бардык көргөн азаптарымдын ордуна жүз эсе кубаныч менен
жүрөгүмдү бөлөйт.
Руфь үчүн «чыгармачылыктын кубанычы» кургак бир сөз экендигин Мартин
билген жок. Руфь бул «чыгармачылыктын кубанычы» деген сөздү аңгемелешүүдө
тез, тез колдоно турган, бирок Мартин бул жөнүндө Руфтун өз оозунан биринчи
жолу гана угуп отурат. Ал бул жөнүндө китептерден окуп, университеттин
профессорлорунун лекцияларынан уккан, дагы ал искусствонун даанышманы
деген даражага жетүү сыноосун тапшырып жатканда, бул сөздү кайталаган.
Бирок ал, өзү ушунчалык түркөй, ар кандай чыгармачылык жалындуу
жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган адам болгондуктан, чыгармачылык жөнүндө
айтышкан башкалардын сөздөрүн сокур адамдай гана кайталай берүүчү.
— А, мүмкүн сиздин «Деңиз ырларыңызды» редактор оңдогону туура чыгар?
— деп сурады Руфь. Эгерде редактор адабий чыгарманы туура баалай албаса,
анда ал редактор да болбос эле.
— Мына, көпчүлүк кабыл алган пикирлердин туруктуулугунун далили, —
деди Мартин күңк этип, өзүнүн душмандары — редакторлор жөнүндө сөз
козгогондугуна кыжыры кайнап, — жашап келе жаткан нерселердин бардыгы
тең туура гана эмес, эң сонун деп эсептелинет. Ар кандай нерсенин өмүр сүрүшү
— бул анын акталышы катарында түшүнүлөт жана билип, түшүнүп коюңуз, бул
азыркы гана шарт үчүн эмес, түбөлүккө ушундай. Албетте, адамдар бул болбогон
нерсеге, Вейнингер ушунчалык эң сонун көрсөткөндөй, өздөрүнүн эскиликке
аябай жабышкандыгынын, наадандыгынын, өздөрүн-өздөрү алдагандыктарынан
гана ишенишип жатышат. Наадан адамдар өздөрүн өздөрү гана биз акылдуубуз
деп эсептешип, чындыгында акылдуу адамдардын тагдырын башкарышат.
Мартин күтүлбөгөн жерден бекер айтып жатсам керек, Руфь али мунун
бардыгын түшүнмөккө кайда дегендей, чочуп кетип токтоло калды.
— Вейнингер ким экенин билбеймин, — деп каршы чыкты Руфь, — сиз ар
качан бардыгын ушунчалык терең жыйынтыктайсыз, мына ошондуктан мен
көпчүлүк учурларда сиздин оюңузду түшүнө да албай кетем. Менимче эгерде
редакторлор!..
— Мен сизге айтып жатамын го, — деди ал Руфтун сөзүн бөлүп, бардык
редакторлор же болбосо, алардын токсон проценти иши ордунан чыкпаган бир
байкуштар. Булар жазуучу болууга ушунчалык аракеттенишкени менен, боло
албай калышкан бир шордуулар. Буларга чыгармачылык кубанычка берилгенден
көрө редакциянын оор жумушун аткаруу жана журналдын ийгилигине, басма
кызматкерлеринин эпчилдигине өздөрүнүн кул сыяктуу багынгандыктарын
моюндарына алуу жагымдуураак экен деп сиз ойлобоңуз. Алар жазууга
аракеттенишип көрүшкөн, бирок эч нерсе чыккан эмес. Мына ушундан кийин
бардыгы карама-каршы баш аламан боло баштаган. Адабий ийгиликке карата
бардык эшиктер мына ушул кароолчу иттер, адабиятта аракеттери таш капкан
акмактар тарабынан кайтарылат. Редакторлор, алардын жардамчылары,
рецензенттер — койчу кол жазманы кимдер окуса, ошолордун бардыгы качандыр
бир кезде жазуучу болгулары келишкен, бирок бул үчүн алардын дүрмөтү
жетишпей калган. Мына ошентип, алар талантсыз деп такыр талаада калышып,
бирок дагы акырында адабияттын тагдырын башкарышып, эмнени басыш керек,
эмнени баспаш керек экендигин чечишип калышат. Булар акылмандардын
бечара талантсыз калыстары. Ал эми алардын артынан ушулардын өзүндөй эле
таланттары таш кабышкан сынчылар келет. Сиз мага алар эч качан ыр же
болбосо — кара сөз жазышкан эмес жана жазууга аракеттенишкен эмес деп,
айтпай эле коюңуз, — алар жазышкан жана жазышканда да кандай аракет
кылышкан дейсиз, бирок мындан эч нерсе чыккан эмес. Бул журналдардын сын
макалаларынан кишинин жүрөгү кадимки балыктын майын жегендей айланат.
Калыбы, сиз менин сынга карата болгон көз карашымды жакшы билерсиз. Ал эми
улуу сынчылар бар, бирок алар кадимки куйруктуу жылдыздай болуп өтө чанда
кездешет. Эгерде мен жазуучу болбой калсам сөзсүз редактор боломун. Бул
болбоду дегенде токоч да — кала берсе, бал каймагы менен.
Бирок ошондой болсо дагы, Руфтун өткүр акылы өзүнүн сүйгөнүнүн айткан
пикирлериндеги кездешкен карама-каршы айтылган ойлорду тез эле сезе койду.
— Болуптур эмесе, сиздин эле оюңуз туура болсун дейлик, бирок андай болсо,
улуу жазуучулар кантип белгилүү болушту дейсиз?
— Алар ойго келбеген укмуштуу эрдиктерди жасашкан, — деп жооп берди ал,
— алар эң жалындуу, жаркыраган чыгармаларды түзүшкөн, мына ошондуктан
алардын бардык душмандары өрттөнүп күлгө айланып, жок болушкан.
Аларга миңдин бирине туура келүүчү зор бакыт, талант туура келип, мына
ошондуктан ийгиликке жетишкен. Алар кадимки жеңүүгө мүмкүн болбогон
Карлейдин алптарына окшойт жана мен дагы ошондой боломун. Мен дагы
мүмкүн болбогон нерсени түзөмүн.
— Бирок аракетиңиз иш жүзүнө ашпай калса, анда эмне болот? Сиз мен
жөнүндө да ойлонушуңуз керек, Мартин!
— Эгерде аракетим иш жүзүнө ашпай калсабы! — Ал Руфту көздөй, ойго
келбей турган таң каларлык бир сөздү айтып жибергендей, бир аз тиктеп калды.
Андан кийин көздөрү кайра нурдана түшүп:
— Анда мен редактор боломун, сиз болсоңуз, редактордун аялы болосуз!
Руфь жагымдуу гана кабагын бүркөп койду. Мартин ошол замат анын
жүздөрүнөн аймалап, анын бүркөлө түшкөн кабагын жазып жиберди.
— Коюңузчу, коюңузчу эми, — деди Руфь, — анын таасирдүү кучагынан
бошонууга аракет кылып, — мен ата-энем менен сүйлөшүп көрдүм. Сиз
ишенсеңиз, мен алар менен эч качан мынчалык күрөшкөн эмесмин. Мен жиним
келип, катуу ачууланып жибердим. Ал экөө тең сага каршы чыгышты, а бирок мен
өзүмдүн сизге карата сүйүүмдө бекем тургандыгымдан, алар унчуга алышкан
жок. Атам сизди өзүнүн мекемесине кызматка алууга да макул болду. Кала берсе,
ал сизге экөөбүздүн жашообузга жетишерликтей дурустап маяна да төлөп берет.
Экөөбүз үйлөнүп, шаардын четинен бир кичинекей үй таап, ошол жерде
жашайбыз. Чындыгында, бул атамдын бизге кылган чоң жакшылыгы, туурабы
Мартин? Эмнегедир Мартиндин көңүлү терең чөгүп, жүрөгү кысыла түшкөндөй
болду. Ал тамеки жана кагаз издеп, чөнтөгүнө колун салып, (ал эчактан бери
жанына тамеки алып жүрбөй калган) жана түшүнүксүз бирдеме деп күңк этип
койду.
Руфь сөзүн улантып:
— Ачык айтканда, бирок сиз таарынбаңыз — сиздин чечкиндүү көз
караштарыңыз атама таптакыр жакпайт, экинчиден ал сизди жалкоо жигит деп
эсептейт. Мен болсом, албетте, сиздин жалкоо эмес экендигиңизге толук
ишенемин. Жана сиз ушунчалык көп иштеп жатасыз, аны да билемин. «Жок муну
сиз дагы толук билбейсиз» деп ойлоп, Мартин анан мындай деди:
— Ал эми, сиз кандай деп ойлойсуз? Сизге дагы менин кез караштарым
бөтөнчө чечкиндүү сезилеби? — Ал чыдамсыздык менен жооп күткөндөй көз
карашын Руфтан албады.
— Мага сиздин көз карашыңыз... олку-солкудай сезилет, — деди ал акырында.
Бул сөз аркылуу бардыгы айтылгандай, турмуш Мартинге ушунчалык
көңүлсүз боло түшүп жана мына ошондуктан ал этияттык менен иштелген
Руфтун жанагы менин атамдын мекемесине кызматка кир деген сунушун эсинен
чыгарып жиберди. Руфь өзү сезгендей өтө катуу кетип жана кайра бул маселеге
кайрылыш үчүн ыңгайлуу учурдун пайда болушун чыдамдуулук менен күттү.
Бирок ал көпкө күткөн жок. Мартин өз кезегинде Руфка суроо бергиси келди.
Ал, Руфь ага канчалык күчтүү ишенерин терең сынай турган болду. Бир жумадан
кийин ар кимиси өзүнүн күткөн суроосуна жооп алды.
Мартин «Күндүн наалатын» Руфка окуп берип, ишти ылдамдатты.
— Эмне үчүн сиз кабарчы болгуңуз келбейт?!— деди Руфь толкундануу менен,
Мартин окуп бүткөндөн кийин. — Өзүңүз жазганды болсо абдан жакшы көрөсүз
жана сиз балким бара-бара ийгиликке ээ болуп, көтөрүлүп, атагыңыз чыгып
кетиши да мүмкүн. Анткени кээ бир атайын кабарчылар зор акча иштеп табышат
жана анын үстүнө бүт дүйнө жүзүн кыдырышат. Аларды Африка — Стенлиге.
жиберишет керек болсо, алар Ватиканда болушуп, пападан интервью алып,
Тибеттин сырдуу бурчтарын изилдешет.
— Демек сизге менин макалам жакпайт, деңизчи? — деп сурады Мартин. —
Сиз калыбы, мен журналист гана болууга мүмкүнчүлүгүм бар, ал эми жазуучу
болууга эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок деп ойлойсузбу? Же эсептейсизби?
— О, жок, антип эсептебейм! Сиздин макалаңыз мага өтө жакты. Эң сонун
жазылган. Бирок мен, окуучулар мындай терең жазылган макаланы түшүнө
албайтко деп чочуймун. Мен үчүн да бул өтө оор сыяктуу көрүнүп жатат. Угулушу
абдан эле сонундай, бирок мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун, баарынан мурун бул
макалада атайын илимий терминдер өтө эле көп экен. Сиз өтө эле чектен чыгып
кетүүнү сүйөсүз, менин жаным, сизге түшүнүктүү болгон нерселер биздин
бардыгыбыз үчүн таптакыр түшүнүксүз болуп кала берүүдө.
— Ооба, макалада философиялык көп терминдер бар, — дегенден башка,
Мартин эч нерсе айткан жок.
Анын толкундануусу али басылган жок, себеби ал азыр эле үнүн чыгарып,
өзүнүн эң бышып жеткен деген мыкты чыгармасын окуп бүткөн эле, ал эми
Руфтун бул пикири аны бушайманга салды.
— Макул, бул макаланын формасы начар эле деп коёлу, — деди Мартин
өзүнүн тууралыгын далилдөөгө аракеттенип, — бирок макаладагы ойлор кантип
эле сизди козгой алган жок?
Руфь башын тескери чайкады.
— Жок. Мунун бардыгы мен мурда окуган макалаларыма таптакыр окшобойт.
Метерлинкти окугам, ал мага абдан түшүнүктүү болучу.
— Анын жеткен диндик көз карашта экендиги сизге белгилүү болду бекен? —
деп кыйкырып жиберди Мартин.
— Ооба, түшүнүктүү. Бирок, сиздин ага мынчалык чабуул койгондугуңуз мага
эч бир түшүнүксүз. Албетте, эгерде жеке ыкма жөнүндө сөз козгогондо...
Мартии ачуусу келгендей колдорун силкип алды да, кайра токтоп калды.
Андан кийин анын кулагына Руфтун бир сөзү шак дей түштү.
— Чындыгын айтканда, сиздин чыгармаңыз сиз үчүн оюнчук болучу, — деди
Руфь, — сиз далайга чейин анын артынан түшүп кызыгып жүрдүңүз. Эми
турмушка, экөөбүздүн турмушубузга олуттуу мамиле кылуу керек. Бул күнгө
чейин сиз өзүңүздүн гана керт башыңыздын камын ойлоп келгенсиз, азыр
болсо...
— Сиз менин кызматка орношуумду каалап турасызбы?
— Ооба, атам сизге...
— Билем, билем, — деди ал, кескин түрдө анын сөзүн бөлүп жиберип, бирок
ачык эле айтып коюңузчу, — сиз мага мындан ары тап-такыр ишенбейсизби?
Руфь унчукпастан анын колун бекем кысып койду. Көздөрү болсо тумандана
түштү.
— Сизге эмес... сиздин адабий талантыңызга менин сүйгөнүм, — деди Руфь
үнүн угулар-угулбас чыгарып.
— Сиз чындыгында менин чыгармаларымдын бардыгын окуп чыктыңыз, —
деди ал, сөзүн жанакыдай эле кескин түрдө улантып, — сиз алар жөнүндө, кана
эмне ойлойсуз? Мүмкүн, сизге алар өтө жакпай жаткан чыгар? Же болбосо
башкалардын жазгандарынан да жамандыр?
— Башкалар өздөрүнүн жазган чыгармалары үчүн акча алышат.
— Бул менин суроомо жооп эмес. Же сиз, адабиятка менин шыгым жок деп
эсептегени турасызбы?
— Болуптур эмесе, мен жооп берейин, — деди Руфь өзүн өзү мажбурлан,
чымыркангандай. — Мен сиздин жазуучу болуп чыгышыңызга ишенбеймин.
Бирок мага таарынбаңыз менин сүйгөнүм! Сиз өзүңүз менден кыйнап
сурабадыңызбы? Ал эми сиз билесизби, адабият жөнүндө мен сизге караганда,
алда канча көбүрөөк билем.
— Ооба, сиз искусствонун даанышманы эмессизби? — деди Мартин
ойлогондой салмактуу, — сиз түшүнүшүңүз керек... Бирок муну менен али
бардыгы айтылган жок, — деди экөө тең кыйналып көпкө чейин токтоло
калгандан кийин. — Мен эмнеге жөндөмдүү экендигимди өзүм билемин. Муну
менин өзүмдөн башка эч ким жакшы биле албайт. Мен ийгиликке жетишеримди
билемин. Мен бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгамын. Менин жүрөгүмдө
аңгемелеримдеги,
макалаларымдагы,
ырларымдагы
көрсөтүлгөн
жалындануулардын бардыгы улам жаңырып ташкындагансыйт. Бирок мен, буга
ишенсеңиз деп сизден суранбайм. Сиз мага да, менин адабий талантыма да
ишенбей эле коюңуз. Бирок сизден менин бир гана сурарым — сиз менин сүйүүмө
ишенсеңиз жана мени дал мурдагыдай терең сүйүүңүз... Эсиңиздеби, мындан бир
жыл мурун мен сизден, эми эки жыл күтүңүз деп суранбады белем? Бир жыл өттү,
мен бүткүл жүрөгүм менен экинчи жылдын акырында ийгиликке жетишериме
ишенемин. Сиз билесизби, бир кезде мага сиз жазуучу болуш үчүн окуучулук
сыноодон өтүү керек деп айттыңыз эле. Эмне дейсиз, мен ал жолду басып өттүм.
Мен шаштым жана кыска мөөнөттүн ичинде көп аракеттерди иштөөгө туура
келди. Сиз менин бардык умтулууларымдын акыркы максаты болдуңуз жана сиз
жөнүндөгү ой, ар качан менин кайратыма кайрат кошконсуйт. Билесизби, мен
уйку деген эмне экендигин эчак эле унутуп койгонмун. Кээде мен каалашымча
уктап, уйкумду кандыра эс алган кезимде, мага миллиондогон жылдар өтүп
кеткендей сезилет. Азыр мени ар дайым сааттын шыңгырашы ойготот. Мен
эртеби, кечпи качан жатсам да ар дайым будильникти белгилүү бир убакытка
коюп коёмун. Менин ар качан эстеп, жатар алдында аткарар ишим: саатты коюп,
чыракты өчүрүү. Эгерде мен өзүмдүн уйкумдун келип бара жатканын сезсем,
кыйын китепти жеңилирээк китеп окуу менен алмаштырамын. Ал эми, эгерде
мен бул китепти окуп олтуруп уктап баратсам, анда уйкумду таратыш үчүн
өзүмдү өзүм башка койгулаймын. Мен уктоодон корккон бир киши жөнүндө
окудум, билесизби, Киплингден? Ал уктабас үчүн далай амалдарды ойлоп тапкан
болот, шишти керебетине, эгерде ал уктап кетсе, денесине тарс этип түшүп кете
тургандай кылып орнотуп койгон. Мен да ошенттим. Мен түнкү саат бирге, экиге
чейин уктабас үчүн өзүмө-өзүм сөз бердим... жана чындыгында эле, белгиленген
мезгилге чейин уктаганым жок. Бир нече айларга чейин ушинттим. Мен ушинтип
олтуруп, эми төрт гана саат уктачу болдум. Ал эми мурдакы беш жарым саат уйку,
мен үчүн кечирилбеген сайрандоо сыяктуу болуп көрүндү. Ушинтип мен азыр
уйкудан аябай калып жүрөм. Кээде башым айланып, ойлорум чаташып,
ушунчалык уйкум келет десеңиз, тим эле, кара көр мага жыргалдуу тынчтыктай
сезилип кетет. Мен көп учурларда Лонгфеллонун ырларын эсиме түшүрөм:
Деңиздин муздак түбүндө,
Бардыгы тынчтык, үргүлөө.
Кокустан толкун шарп этсе, —
Бардыгы түшөт бүлүнө.
Бул албетте, тантырагандык. Бирок бул мээнин чарчашынан болгон иш.
Бирок бир суроо: ушунун бардыгын мен ким үчүн иштеп жатам. Сиз үчүн. Жана
дагы окуучулук мөөнөттү кыскартуу үчүн, ийгиликти шаштырыш үчүн азыр
менин окуучулук такшалуум аяктады. Мен эмнеге жөндөмдүүмүн? Мен сизди
ишендирип коёюн, мен бир айдын ичинде үйрөнгөндү башка студенттер бир
жылдын ичинде да үйрөнө алышпайт. Чын айтамын: ишенсеңиз мага, эгерде мен
сиздин мени түшүнүүңүздү ушунчалык жан-дилим менен каалабасам, анда сизге
муну айтпас элем. Бул жерде эч кандай мактангандык жок. Менин билимимдин
натыйжасы китептер менен ченелет. Мени менен салыштырганда сиздин бир
туугандарыңыз тим эле бир наадан жырткычтар деп койсом жаңылбаймын,
анткени мен өзүмдүн билимимди алар коңурук тартып уктап жатканда
жыйнагам. Качандыр бир кезде менин дагы атактуу болгум келген. Азыр
даңктын мен үчүн эч кандай мааниси жок. Мен бир гана сизди каалаймын. Сиз
мага тамактан да, кийимден да, койчу, дүнүйөдөгүнүн бардыгынан артыгыраак,
керектүүрөөк көрүнөсүз. Мен бир гана сиздин көкүрөгүңүзгө башымды жөлөп,
терең уйкуга кетсем деп эңсеймин. Жана бир жылга жетпестен менин тилегим
орундалат.
Кайрадан анын күчтөрү кадимки толкун сыяктуу Руфтун бүткүл денесин
каптап кеткендей болду жапа Руфь канчалык ага каршылык көрсөткөн сайын,
анын жүрөгү ошончолук Мартинге тартыла жана бериле баштады.
Руфтун жүрөгүн бийлеген бул күч азыр — Мартиндин өткүр көздөрүнөн,
жалындуу сөздөрүнөн, оргуп кайнаган турмуштук кубатынан көрүнүп турган эле.
Мына, көз ирмемдин ичинде, бир гана көз ирмемдин ичинде Руфтун бекем,
кебелбес, туруктуу ички дүйнөсү козголо түштү жана ал өз көз алдынан чыныгы,
улуу жеңилбес Мартин Иденди көрүп турду! Ал кадимки айбандарды
үйрөтүүчүлөр шекчил болгондой, ал дагы бул адамдын багынбас эркин жоошутуу
мүмкүндүгүнөн аябай шектенип турду.
— Жана дагы, — деди сөзүн улантып, — сиз мени сүйөсүз. Эмне үчүн сиз мени
сүйөсүз? Ал эми бул болсо, мени жаздырууга, сизди мени сүйдүрүүгө мажбурлаган
күчтүн өзү эмеспи? Сиз мени айланаңыздагы адамдарга окшобогондугум үчүн
сүйүп жатасыз. Мен билемин. Мен мекеме, бухгалтердик китептер, майда
былыңгыт иштер үчүн жаралган эмесмин. Мени бул адамдар иштеген бардык
нерсени иштөөгө мажбурлап көрүңүзчү, бир абадан дем алдырып, пикир
бөлүштүрүңүзчү — ошол замат сиз, алар менен менин ортомдогу
айырмачылыкты жок кыласыз. Мени жок кыла- сыз, өзүңүз сүйгөн нерсени жок
кыласыз; мендеги болгон эң күчтүү жалындуу — бул чыгармачылыкка берилүү.
Эгерде мен адабият жөнүндө кыялданбаган, жүргөн бир кеңкелес боло турган
болсом, сиз мени эч качан сүймөк эмес элеңиз.
— Бирок сиз бир нерсени унутуп жатасыз — деп анын сөзүн бөлүп кетти
Руфь, анын мурдагы чолок акылы азыр Мартиндикине теңеле түшкөндөй болду.
— Мурда да, бүткүл өмүрүн кандайдыр бир түбөлүк кыймылдаткычты ойлоп
чыгарууга жумшашкан апенди — ойлоп чыгаруучулар болушкан. Алардын
аялдары да калыбы, аларды сүйүшсө керек, алар менен бирге кубанып, алардын
апенди чалыш жоруктары үчүн бирге кайгырышса керек.
— Туура деңизчи, — деди Мартин каршы чыгып, — бирок бүткүл өмүрүн
кандайдыр бир чыныгы турмуш- тук нерсени түзүү үчүн арнаган жана акырында
өз максаттарына жетишкен башка апенди эмес ойлоп чыгуучулар да болушкан
эмеспи? Бирок мен, эч кандай ишке ашпай турган нерсеге асылбаймын...
— Сиз өзүңүз «мүмкүн болбогон нерсеге» жетүүнү каалаймын деп
айтпадыңыз беле?
— Мен аны каймана түрдө айтканмын. Чындыгын айтканда мен, мага чейин
көп адамдар, өтө көп адамдар жетишкен жазуучулукка адабий эмгек менен
жашоого умтуламын.
Руфтун унчукпай калышы Мартиндин жанына бата түшкөндөй болду.
— Демек сиз менин максаттарымды түбөлүк кыймылдаткычты издегендей
эле натыйжасыз жана куру кыял бойдон калат деп эсептейт экенсиз да? — деп
сурады ал.
Руфтун кандай жооп кайтаргандыгы, анын, Мартин менен кадимки кежир
баланы энеси соороткондой, назик кол алышкандыгынан эле түшүнүктүү болду.
Руфь үчүн Мартин чын эле кежир бала, жок нерсеге жетүүнү каалаган апенди
сыяктуу болуп көрүндү.
Руфь дагы бир жолу, өзүнүн ата-энеси канчалык душмандык, катаалдык
менен мамиле кыла тургандыгын эскертти.
— Бирок сиз мени сүйөсүз да? деп сурады ал.
— Сүйөм, сүйөм! — деп кыйкырып жиберди Руфь.
Мен дагы сизди сүйөмүн, алар мага эч тоскоолдук кыла алышпайт, — анын
үнү салтанаттуу чыкты...— Эгерде сиздин сүйөрүңүзгө терең көзүм жетсе, анда
алардын жек көрүүсү менен менин ишим жок... Сүйүүдөн башка дүйнөдө
туруктуу, бекем, кебелбес эмне бар? Эгерде ал, баскан кадамынан мүдүрүлүп
жыгыла берчү кунары жок бир сасыткы сүйүү болбостой, чыныгы сүйүү болсо,
демек анда ал, баскан жолунан эч качан адашпайт жана күрөшүнөн жеңилбейт.
XXXI ГЛАВА
Бродвейден Мартин кокусунан өзүнүн эжеси — Гертруданы кездештирип
калды, жолугушуу кубанычтуу да жана капалуу да болду. Көчөнүн бурчундагы
трамвайды күтүп турган Гертруда Мартинди алды менен көрүп, анын арыктаган
жана кайгылуу жүздөрүн байкап, катуу чочуп кетти. Мартиндин чындыгында эле,
сабыры суз тартып жүргөн. Ал велосипед үчүн үстөк карыз алуу үчүн сүткор
менен болгон натыйжасыз кажылдашуудан кийин чыгып келе жаткан эле.
Күздүн салкын күндөрү башталган, мына ошондуктан, Мартин велосипедин эчак
күрөөгө коюп, бирок кара костюмун эч качан өткөрбөскө аракеттенди.
— Сиздин кара костюмуңуз бар да, — деди сүткор Мартиндин буюмдарын беш
колдой жатка билгенсип, — же аныңызды тиги еврей Люпкага тапшырып
койдуңузбу? Эгерде сиз чындыгында эле...
Сүткордун акшыя караганына ал чыдай албай:
— Жок, жок! Мен костюмумду сүрөөгө койгон жокмун, өзүмө керек, — деп
жиберди.
— Эң сонун! — деди сүткор, саал жумшара түшүп. — Бирок костюм мага да
керек. Ансыз мен сизге акча да бере албайм. Мен бул ишти көңүл ачуу, тамаша
үчүн жүргүзүп жаткан жерим жок.
— Бирок велосипед болбоду дегенде кырк доллар туруш керек, экинчиден
анын эч жеринде кемтиги жок, — деди Мартин каршы чыгып, — ал эми сиз
болсоңуз, мага ал үчүн жети гана доллар бердиңиз! Кала берсе жети долларга да
жетпейт! Экинчиден сиз алдын ала процентин да алат эмессизби?
— Эгерде дагы акча алгыңыз келсе, анда костюмуңузду алып келиңиз, — деди
ал, камырабастан мына ушундан кийин Мартин капа болуп, көңүлү чөгүп, ичинен
үшкүрүнүп кетип калган. Гертруданы ушунчалык кейишке салып, капалантып
жиберген Мартиндин сабырынын суздугу, мына ушуну менен түшүндүрүлө
турган.
— Алар жаңы эле учурашып эсендешип үлгүргөнчө болбой, Телеграф-авения
тарапты көздөй кетүүчү трамвай келип калды. Мартин эжесин колтуктап алып
трамвайдын тепкичинен ичкери карай түшүүгө ага жардам берерде, эжеси
Мартиндин өзү жөө кетерин баамдан койду. Трамвайдын тепкичинен Гертруда
Мартинди көздөй бурулганда, эмнегедир көңүлү түтпөй, аябай боору ачыгандай,
жүрөгү алеп-желеп боло түштү, анын жүдөгөн өңүн көргөндө.
— Сен түшпөйсүңбү? — деп шаша сурап калды эжеси.
Ошол замат ал трамвайдан кайра жерге секирип түшүп, Мартин менен
кошулуп жөө басты.
Мен ден соолукту чыңаш үчүн ар качан жөө басууну жакшы көрөм деп
түшүндүрдү Мартин.
— Абдан жакшы, мен дагы азыраак жөө басайынчы, — деди Гертруда, мага да
жөө басуу өтө пайдалуу. Мен өзүмдү акыркы күндөрү саал начар сезип жүрөмүн.
Мартин эжесин көздөй көз жиберип, анын ушунчалык өзгөрүлүп кеткендигин
сезип, ал дагы өз көзүнө өзү ишенбегенсип кетти. Анын жүздөрү ооруган
кишиникиндей арык, кубарыңкы көрүндү жана азыр анын оор, олокосуз кадам
шилтеши, мурдагы өзүнүн чыбыктай ийилген, шаңдуу, шайыр кыз кезиндеги
тыкан шилтеген кадамын шылдыңдагандай көрүнүп кетти.
— Кой эми, сен трамвайды күткүн, — деди Мартин, экөө трамвай токтоочу
жерге жеткенде. Ал, Гертруданын деми кыстыгып бара жаткандыгын байкады.
— Кудай өзүң кечире көр! Чын эле мен абдан чарчасам керек, — деди эжеси,
— сен дагы трамвайга түшсөң жакшы болор эле. Жөө барам дейсиң, ботинкаң
деле начар экен. Түндүк Оклендге жеткениңче таманың түшүп калбасын.
— Үйдө дагы бир ботинкам бар, — деп жооп берди Мартин.
— Эртең келип биздикинен тамак ичип кет, — деди Гертруда күтүлбөгөн
жерден, — Бернард үйдө жок болот, ал жумуштап Сан-Леандрого кетет.
Мартин бара албайм дегендей башын тескери чайкады, бирок тамактын атын
укканда көздөрүнөн байкала түшкөн аны самоолорунун жана өткүр
эңсөөлөрүнүн жалындарын жашыра албады.
— Жаныңда тыйының да жок болсо керек Март, ошондуктан жөө жүрөт
окшойсуң. Анан кайдагы сайран!
Гертруда капаланып, бир деме деп кагып жиберейин деди эле, бирок анте
албады.
— Ме ала кой.
Гертруда Мартиндин колуна беш доллардык алтын акчаны карматты.
— Баса, жакында сенин туулган күнүң болбоду беле, менин эсимден чыгып
кетиптир.
Мартин бул алтын теңгени алаканына салып эрксизден бекем кысып
жиберди. Ал ошол замат бул балакетти албай эле коюшум керек эле деп ойлонуп,
кайра койчу эми, бир алгандан кийин болду да деп ойлоду. Анткени бул алтын
топчу — анын көз алдына — өмүрдү, оокатты, саламаттыкты, шаттыкты жана
чыгармачылык күчтүн эргишин элестетип турган эле. Ким билет! Мүмкүн ал
өзүнүн кээ бир жазгандары үчүн дал ушундай көп, алтын акчаларды алар. Ал
марка сатып алууга эч нерсеси жок болгондон кийин, столдун алдында тоодой
болуп үйүлүп жаткан кол жазмалардын арасына ыргытып салган өзүнүн эчаккы
бир жазган эки макаласын эстеди. Макаланын аттары анын көз алдына кадимки
оттой жана түштү. Бул макалалардын аттары «Укмуштун ээлери» жана
«Сулуулуктун бешиги» деп аталчу. Бул макалаларын ал эч жакка жиберген эмес,
ошондой болсо да, ал макалаларын бардык макалаларынын эң сонуну деп
эсептөөчү. Марка гана болсочу. Ийгиликке ишенүү сезилип, аны таттуу ой
күтүлбөгөн жерден өзүнө тартып кетип, ал колундагы алтын акчаларын лып
эттире чөнтөгүнө тыкшырып койду.
— Мен сага бул акчаңды жүз эсе ашык кайтарамын Гертруда, — деди Мартин,
калтырай түшүп, үнүн муунуп бараткан сыяктуу араң эле чыгарып жана
көздөрүнө жаш келе калып — эсиңден чыгарбагын ушул сөзүмдү! — деди ал дагы
күтүлбөгөн жерден укмуштуу толкундана. — Бир жылга жетпей сага дал ушундай
төгөрөк алтын тыйындардын туура жүзүн алып келип бербесем, эмне дегин. Мага
ишенбей деле кой. Бирок күтүшүң керек. Акыры көрөсүң!
Гертруда ишенүү жөнүндө ойлонгон да жок. Ал эмне экенин билбей кетти. Бир
аз унчукпай туруп, андан кийин ал:
— Март, мен сенин курсагыңдын ачып жүргөнүн билбейт дейсиңби? Бул
сенин жашырсаң деле жүздөрүңдөн байкалып турат. Каалаган кезиңде келип,
биздикинен тамак ичип тургун. Уялбагын. Хиггинботам үйдөн кетери менен өзүм
сага кабар кылам. Балдардын бирөөн чуркатып жиберем. Эгердечи Мартин...
Мартин эжесинин эмне деп айтарын күн мурунтан эле билип турган эле,
анткени эжесинин кандай, эмне жөнүндө ой жүгүртүп жаткандыгын ал күн
мурунтан биле турган.
— Эми бир жерге орношсоңчу? Иштебей эле жүрө бересиңби?
— Сен дагы мени эч кандай ийгиликке жетише албайсың деп турасың го
дейм? — деп сурады ал.
Гертруда башын чайкап койду.
— Мына Гертруда мага өзүмдөн башка эч ким ишенбейт. — Ал бул сөздү
кандайдыр бир бөтөнчө жалынданган кубанычтуулук менен айтты. — Бирок мен
бир топ сонун нерселерди жазып салдым, эртеби- кечпи акыры бул жазгандарым
үчүн мен акча аламын.
— Алардын жакшы экендигин кайдан билесиң?
— Себеби дегенде...— Ушул замат анын башына адабият жана анын тарыхы
жөнүндөгү өзүнүн билгендери келе калып, бирок эжесине өзүнүн ишеничи
эмнеге негизделгендигин эч качан түшүндүрө албастыгын терең сезгендей боло
түштү. — Себеби дегенде, менин аңгемелерим журналдарга чыгып жүргөн
аңгемелеримдин токсон тогуз процентинен жакшыраак жазылган.
— Ошондой болсо да, акылдуу кеңешти угуш керек, — деди Гертруда
өзүнө-өзү бекем ишеничтүү жана Мартиндин кесели эмнеде экендигин туура
түшүнгөндөй. — Ошент Март, акылдуу кеңешти ук. Сага эч ким жамандык
ойлобойт, — деп кайталады ал, — ал эми эртең болсо, үйдөн келип тамак ичип
кет.
Мартин эжесин трамвайга түшүрүп коюп, почтого чуркап барып, үч долларга
бүтүндөй марки сатып алды. Түштөн кийин ал Морздордун үйүнө бара жатып,
жолдон почто бөлүмүнө кирип, эки пенсалык үч маркисинен башкасынын
бардыгын чаптап, чоң-чоң бир нече таңгак жөнөтүп жиберди.
Бул Мартиндин оюнан чыккыс көңүлдүү кеч болду, анткени ушул кечте ал,
Рессо Бриссенден менен таанышты. Бирок ал Бриссенден кайдан жана ким менен
Морздукуна келгендигин ушул күнгө чейин биле албады. Ал бул жөнүндө
кызыгып, Руфтан дагы сурагысы келген жок, себеби — Бриссенден ага канын
ичине тарткансып кубарып, кызыксыз да болуп көрүндү. Бир саат өткөндөн
кийин Мартин анын дагы олдоксондугун белгиледи: себеби — чындыгында эле
ал, бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө уят-сыйытты билбестен жулунуп кирип,
сүрөттөргө ыкшыя тиктеп, столдо жатып, текчеде турган китеп менен
журналдарга өөп жибере тургансып үңүлүп жатты. Акырында ал тегеректеги
адамдарды көзүнө илбестен кадимки өзүнүн үйүндөгүдөй отургучка лук этип,
чалкасынан түштү да, чөнтөгүнөн кандайдыр бир китепчени сууруп чыгып окуй
баштады. Ал чачын улам-улам сылап коюу менен окуп жатты. Мындан кийин
Мартин аны оюнан чыгарып таштап, бир гана зоок-кечесинин акырында анын
жаш аялдардын ортосунда кызуу аңгеме куруп, шалактап отурганын көрүп, кайра
эсине түшүрдү.
Үйүнө кетип бара жатып кокусунан Мартин Бриссенденге жете келди.
— Хелло? Бул сиз белеңиз? — деп калды ал.
— Тигил түшүнүксүз жана жактырбагандай бир нерсе деп күңк этип койду да,
унчукпай баса берди. Мындан кийин Мартин сөз козгоого аракеттенген жок жана
алар бир нече көчө өткөнчө үн дешпестен катар жүрүп олтурушту.
— Көпкөн гана картаң эшек!
Бул жек көрүүнүн чечкиндүүлүгү жана күтүлбөгөндүгү Мартинди айран-таң
калтырып жиберди. Анын күлкүсү келе түшүп, бирок бул Бриссенденге карата
баштагы жек көрүүсүнүн өсүп бара жаткандыгы экендигин түшүнүп, кайра
токтолуп калды.
— Сиз ал үйгө эмнеге барып жүрөсүз? — деди Бриссенден, Мартин экөө дагы
бир көчө унчугушпай өткөндөн кийин.
— А, өзүңүзчү? — деп сурады Мартин өз кезегинде.
— Өлүп кетейин билбейм — Бриссенден жооп берди. — Менин ал үйдө
биринчи жолу гана болушум. Бир суткада өзүңүз билесиз, жыйырма төрт саат бар,
ээ. Эптеп бул убакыттарды өткөрүү керек да. Жүрүңүз бирдеме ичебиз.
— Жүрүңүз — деп жооп берди Мартин.
Ал ушул замат өзүнүн тил алчаактыгын ичинен катуу тилдеп жибергендей
болду. Үйүндө болсо анын «өнөрчүлүк» иши күтүп турган эле, мындан башка ал,
бүгүнкү түнү Вайсмандын томун окуп чыгууну чечкен. Герберт Спенсердин өмүр
баянын ар кандай романга караганда, өтө кызыктуу деп эсептөөчү.
«Эмне үчүн мен бул кыртышым сүйбөгөн адам менен ээрчишип келатам?»—
деп ойлоду Мартин. Бирок, аны, бул жолоочу жана анын виносу эмес, — тунук
күзгүлөр, жарыктык, бокалдардын жаркырап чагылышы жана үндөрү,
тамылжыган жүздөр жана ишеничтүү чыккан үндөр кызыктырган эле. Ооба,
ооба, көңүлдүү жана эч нерседен капары жок, турмуштук ийгиликке жетишкен
адамдардын жана өздөрүнүн тапкан акчаларына мына ушинтип, шарап
кагыштырышып ичип олтурушкан адамдардын үндөрү, шаттуу күлкүлөрү
кызыктырган эле. Мартин жападан-жалгыз, бир гана өзү. Анын бактысыздыгы
да, дал мына ушунда боло турган. Мына ошондуктан гана ал Бриссендендин
чакыруусун жан-дили менен кабыл алган болучу. Мартин «Кайнар Булакты»
таштап, Джо менен коштошкондон бери португалдык дүкөнчү аны
сыйлагандыгын эсептебегенде, бир жолу да мындай ичкиликтин чөйрөсүндө
болгон эмес эле. Акылдын чарчашы — булчуңдардын чарчашы сыяктуу
алкогольду анчалык күчтүү талап кылбайт. Мына ошондуктан виного Мартиндин
көңүлү анчалык деле чапкан жок. Бирок анын азыр ичкиси башкача айтканда,
күтүлбөгөн жерден бул бака-шака, кажу-кужу түшкөн аракканага туш келип,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
  • Parts
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Total number of words is 4096
    Total number of unique words is 1923
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2032
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Total number of words is 4219
    Total number of unique words is 1994
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Total number of words is 4242
    Total number of unique words is 2001
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1818
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Total number of words is 4204
    Total number of unique words is 1914
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1830
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 1839
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Total number of words is 4066
    Total number of unique words is 1839
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Total number of words is 4088
    Total number of unique words is 1855
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1934
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1946
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Total number of words is 4163
    Total number of unique words is 1875
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 1798
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Total number of words is 4146
    Total number of unique words is 1914
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 1883
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    38.9 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 1869
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Total number of words is 4075
    Total number of unique words is 1922
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Total number of words is 4017
    Total number of unique words is 1845
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Total number of words is 3984
    Total number of unique words is 1903
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1807
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1890
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Total number of words is 3967
    Total number of unique words is 1878
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Total number of words is 4002
    Total number of unique words is 1933
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Total number of words is 3959
    Total number of unique words is 1945
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Total number of words is 4024
    Total number of unique words is 1889
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Total number of words is 4161
    Total number of unique words is 1991
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 1865
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 1790
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1787
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 1938
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Total number of words is 2695
    Total number of unique words is 1131
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.