Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22

Total number of words is 3990
Total number of unique words is 1929
23.7 of words are in the 2000 most common words
34.2 of words are in the 5000 most common words
41.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кочкул, жашыл же кочкул жашыл, көк же көк кочкул манаттан, ноотудан тигиле
баштайт. Ар кыл матадан ичтелип, ага кундуз, түлкү, суур өңдүү аң терилери
кыюуланат. Кийин баркуттан шырып тигип да жүрүшөт. Төбөсүнө же каптал
тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылат.
Шөкүлөнүн төбө алкагына зер чөгөрүүгө болот.
Мында шурулар арбын колдонулат. Бул желбирөөчкө, тумарчага, жаак мончокко,
чач учтукка өткөрүлөт. Ал элечектин тартмасындай ушул шөкүлөгө бөтөнчө азем
берет.
Шөкүлө — салттуу баш кийим. Ал салт боюнча кийинки сиңдилерине сакталат.
Демек, кыз турмуштанган жерине кийип барып үч-төрт күндөн кийин шөкүлөнү
кайра берип жиберет. Бул баш кийим боз үйдө текчеде (секичек, текичек) турган, же
болбосо сандыкта сакталат.
286 – 303 беттер китептин өзүндө жок.
соодо жүндү тытып, аны жууп, анан чийге чабактап, айтор, мында эски ыкмалар
сакталат.
Жалаң кийизге «ыскыт» басуу — албетте, татаал көрүнүш. Ал эми андагы бешалты өңдү өз ара кыйыштыруу аркылуу көркөм оюмду сары саптоо андан бетер
чыгармачылыкты талап кылат. Чынында, шырдамал үчүн негизги үлгүнүн ата
конушу Чаткал, Аксы, Ала-Бука, Жаңы-Жол тарапта айыл ичинде кара кийиздин
өзүн эле төө жүнүнүн жиби менен шыруу адатка айланган. Мына ошону көрүп,
чеберлер ага түрдүү түстөгү «ыскытты» түшүрүп, аны шырдамалга айландырып,
өзүнчө уздук нук таап, чыгармачылыкта өнүктүрүп жатканы даана көрүнүп турат.
Эгер шырдамалдын четине «кош кайкалак оюму» түшсө', андан кийин эндей
кийиздин өзүнө баскан «бадам», «ит куйрук», «араа тиш» оюмдарынан кийин келген
буюм ортолугуна төрт «табак оюмдун» тегереги «ит куйрук» менен курчалат.
Ошондон негизги «табак оюм», төрт бөлүктөн да, анын ар биринде «кош мүйүз»,
«кочкор мүйүз» оюмдарынын элементтери айкалышат. Мында ыскыттын боегу
сары-карадан, же кара-актан, кызыл-карадан болушу даана узчулукту далилдейт.
Шырдамалдын четтиги үчүн кийиздин «жагалмай канат оюму» берилип, ортосуна
«эндей ыскыт» басылган буюмдары да көп жолугат.
Натыйжада, уздар шырдамалдык ыскыт жипти үч кабаттап чыйратып туруп боеп
алат. Мында боекту да ич ара бөлүп пайдаланат. Адатта, кара кийизге кызыл (ток
кызыл — коюу кызыл), бышты (күлгүн кызыл — ачык кызыл), сары (ток сары —
кою сары, ачык сары), көк (ток көк — коюу көк), көк (ачык көк), жашыл өңдөр
тандалат. Боелгон жип келеби боюнча кургатылат да, тоголок түрүлөт. Аны «бир
сүрп» (бир тоголок), эки сүрп (эки тоголок) деп коюшат. Эми муну кийиз бетине
басыш үчүн койдун күзгү жүнүнөн (илгери төөнүн жүнүнөн) ийрип, чуу жип (чууда
жип) кылып алат. Албетте, шырдамалдык кийиз эки кат болот. Демек, биринчи бети
тандалма кара жүндөн уютулат. Ал эми экинчи каты кийиз сырткы кабатта калат да,
ал ар кандай өңдө боло берет. Жээктик жип бирөө оңго, бирөө солго чыйратылганда
таңдай болуп түшөт. Шырдамалдын четине «кош мүйүз оюму» (үч элидей) берилет
да, анан «суу» түшөт. (Суу — оюм-көчөттөрдүн араларын ажыратуу.) Ыскыттын
боегу өзүнчө өңдү берип турат. Ал ортолук оюм менен четтик оюмду бөлүп көрсөтөт.
«Четтик оюмга» «чоң чеке» деген оюм мүнөздүү болот (бул шырдакка да түшөт).
Ортолук оюмдун араларында өзүнчө «суу» (аламыч) бар. Ал алты элидей өңдүүлүктө
келип «кош мүйүз» менен «ит куйрук» оюмдарынын элементтеринен турат да,
көбүнчө сары өңдө берилсе, оюмдун жүзүн ого бетер ачат.
Уздар көлөмдүү шырдамал жасашса, ортолук оюму үч тактадан болуп, аны «табак
оюм» дейт. Үч тактанын ар биринде ич ара алтыдан ички оюм бөлүнүп чыгат. Аны
«алты оюм» деп айтат. Ал гүлгө сымалдангандан «гүл оюм» десе да болот. Анда ар
бир тактаны бөлүп турган «салмочка» (чагаракталган мүйүз оюмдардын элементи
бар.
ЫЗГЫТ — («Милте», «жээк», «басыткы») — бычылган же оюлган нерсенин
ортосуна айырмалуу коюлган тилке, белги. «Ызгыт» кийиздин кийим-кеченин
таардын жана башка үй буюмунун кырка четине, оюмдун арасына — тигишине)
тигилет же кабылып шырылган жерине жип, кездеме кошулуп бастырылат. Анын
жип (жүндөн ийрип чыйратылган) «ызгыт», чүпөрөк (кездемеден жасалган)
«ызгыт», көчөт (килем, таардан четине түшүрүлгөн оюм) «ызгыт» өңдүү түрлөрү бар.
ЫШКЫН ТҮП — Ышкындын тамыры жана андан колго даярдалган боек.
Ышкындын тамыры кеч күздө, ышкын түп бышкан кезде казылып алынат да,
кабыгы аарчылып, майда-майда кертилип, көлөкө жерге өрүк кагындай кургатылат.
Андан соң сокуга жанчылат. Кээде ага эчки талдын кабыгы да кошулуп даярдалат.
Ышкын түп менен боелгон жүн, өңдөлгөн тери кочкул сары түскө өтөт.
ЫШТЫК — шири идиштерди (сабаа, көнөк, көөкөр, көнөчөк, чанач ж.б. ) жана
терини ыштоочу жай. Жардын кырына, дөң жерге же кашатка туурасынан узундугу
3— 4 метрдей ийри-муйру кобул оюлуп, анын үстүнөн тереңдиги 2,5—3 метр
диаметри 155 сантиметрдей тегерек чуңкур казылат. Чуңкурдун ичине ала бакандар
орнотулуп, ага ышталуучу идиштер же тери илинет. Чуңкурдун кырларына (четине)
шыргыйлар сайылып, анын баштары алачык сымал байланат да, үстүнөн кызыл
куурай сары саман, карагайдын тобурчагы, ак чий төө таман жана башка өсүмдүктөр
жыш жабылат. Ыштык отун алоолонуп күйүп кетпей быкшып түтөп, ыш чыгарып
турушу үчүн сууга чыланат.
ЫШТЫКЧЫ — тери жана көн буюмдарды ыштоочу адам.
ЫЧКЫР (Ич кур)) — Ырамандын ырчы уул, Ычкыры папик кырк муун»
(«Манастан»). Бул — бел курдун бир түрү. Шымга байланат. Анын жиби алты талдан
башталып, жыйырма сегиз талга чейин жетет. Ар түрдүү өңдөгү жиптерден
чалынгандыктан кооз көрүнөт.
Ычкыр көп тал менен чалынабы, же аз тал менен чалынабы, ал ийрилген жиптин
жоон-ичкесине байланыштуу. Ычкырды жөнөкөй салуунун бир түрүнө жети илмек
(манжа баштарына илинүүчү жиптин туюк учу) экиден эсептегенде он төрт тал
болот да, аны чалууда эки кол тең аракеттенет. Демек, бир колдо үч илмек, экинчи
колдо төрт илмек болот. Эми үч илмек бар колдун чыпалагы менен төрт илмеги бар
колдогу жипти илет да, үч жип бар жакка өткөрүп кетет. Ошондо жиптер алмашып,
чыпалактагы жип аты жокко, аты жоктогу жип сөөмөйгө, сөөмөйдөгү төртүнчү
жиптин арасынан кайра алмашканда чыпалакка келет. Ычкырдын эки башы топ
чачыланат.
ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ТЕРМЕ — буюмдун эки жагына тең көркөм көчөт түшүрүү.
Өрмөкчүлүккө ал — көркөм көчөт түшүрүүнүн татаал түрү. Мунун өрмөгү
адаттагыдай эле курулат. Мисалы, боз үйдүн «жел боосун» (түндүк боо) согуу үчүн
өрмөктөгү күзүк байланбаган жипти — сол жип (ургаачысы) дейли. Күзүк байланган
жип — оң жип (эркеги) дейбиз да, эми «оң жип», «сол жип» деген терминди колдоно
беребиз. Ошентип, өрмөктү сого баштаганда бир жүздүү термеде ак жипти жүгүртө
баштасак, ал «сол жип» деп аталып, ал күзүктөлөт. Демек, эки жүздүү термеге көркөм
көчөт берүү керек болсо, кара жип эки курдай күзүктөлүп, анан бир курдай
күзүктөлбөйт. Кийинкисинде ошол ак жип күзүктөлөт. Андан кийин кара жип эки
ирээт күзүктөлбөй өтөт да, эми ак жип кайра күзүктөлөт. Ошол эле ак жип кийинки
жолу бир жолу кайрадан күзүктөлбөй калат. Кыскасы, мына ушундай ирээт каалаган
өлчөмгө чейин кайталанат.
Термечилер эки жүздүү термеге «ийрек» деген көчөттү түшүрсө, мында «аркак»
салаарда күзүккө байланган «оң жип» терилет. Сол жиптеги кара жипти бармак
менен басып туруп, «аркакты» өткөрүп алат. Анан кайра аркак өткөрөрдө ал ирээт
кайталана берет. Бул ыкма менен өрмөкчүлөр көбүнчө «кереге чалгычты», «уук
тизгичти», «желбоону» (түндүк боону), «эшик боону» жүзөгө ашырып келе жатышат.
Эки жүздүү терме менен «уук тизгич», «кереге чалгыч», «туурдук боо» (түндүк боо)
өңдүүлөрдү жасашат.
ЭРИШ ЖИП — өрмөктүн узатасынан кеткен көп талдан турган жиби. Анын
үстүңкү жиптери жана астыңкы жиптери бар. Үстүңкү жип «эркеги», астыңкы жип
«ургаачысы» деп айтылат.
ЭЛДИК КИЙИМ-КЕЧЕК — «Адамдын көркү чүпүрөк» (Макал). Бул — көркөм кол
өнөрчүлүктүн бир түрү. Улуттук үлгүнүн жалпы аталышы. Мунун да күндөлүк жашоо
шартыбызды жана көркөмдүктү көздөй турган жагдайлары бар. Жаш-карыбыз
сыймык катары кийип жүрүүгө жарашыктуу көрүнгөн көркөм сайма көчөттөрү
түшкөн, кийиз оюмдарынын элементтери айкалышкан кийимдер элибиздин, көлдөй
чалкыган жергебиздин бай табиятын символдоштуруп, башка элдерден айдан-ачык
айырмалап, өзүбүзгө гана таандык бөтөнчөлүгүбүздү белгилеп турат.
Улуттук кийим — элдик маданияттын негизги көрүнүштөрүнүн бири. Ал
калктын турмуш-шартынын, чарбачылыгынын зарылдыгынан улам жаралып,
туруктуу келип, көп кылымдар бою жашап келүүдө. Мына ушул туруктуулукка гана
таандык болгон өзгөчөлүк аркылуу кайсы бир элдин байыркы же кийинки
мезгилдеги маданияты жөнүндө сөз козгоп, ага карата айрым ойлорду айтууга
болот. Мындай мураска кыргыз эли да бай. Элибиздин улуттук кийимдеринин бай
үлгүсү, чебер тигилиши, асемдүү кооздугу эзелтеден эле даңаза болуп келүүдө. Алар
тууралуу маалыматтар жазма адабияттарда өтө эле сейрек кездешкендиктен, элдик
оозеки чыгармачылыкка кайрылууга туура келет. Элдик казынанын ыйык мурасы
катары бизге келип жеткен кыргыз элинин баатырдык эпосторунун улуттук
кийимдердин ар кандай түрлөрү, алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө бай
маалыматтарды жолуктурабыз.
ЭЛЕЧЕК (Илеки) — «Элечек кийген башыңар, Ийнеликтей кашыңар»
(Жоомарттан). Бул — баш кийимдин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп
оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана
үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. «Кеп такыя элечек»
чечкенде анын кеби бузулбас үчүн астынан кийилет. Кийип-чечүүнү жеңилдеткен
элечектин «сала коймосу» (желке жагы) менен «ээк алмайы» болот. Аны жыкканда
ага тирек болуучу мунун «астыңкы тартмасы» (бөлүгү) кыска 25—30 см че келет.
«Үстүңкү тартмасы» (же жыгымы) элечектин бардык оромун тыкан кармап турат.
Элдик салтта аялдар муну жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык кийишкен.
Улгайгандардын элечеги жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнөт. Сыртынан чоң ак
жоолук менен жабылган. Аза күткөн (же жесир) аял кара бүркөгөн элечек кийген. Ал
эми өлгөн кишинин жакын туугандары аны өткөнчө элечектин ээк алмайынын бир
жаагын бошотуп да жүргөн.
Колуктулар кийген элечектин маңдайы шуруланат. Бул «шуру тартма элечек»
деп аталат. Элечектер кээде күмүш калдыркан, күмүш желбирөөчтөр менен да чебер
кооздолуп, укмуштай кыргакталат. Элечек формасы, кооздолушу жана кийилиши,
калк арасында таралыш таржымалы боюнча жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ээ. «Каз
элечек бош таштап, Катарлап төө көч баштап, Кан-Жайлоо көчкө жарашкан»
(Жеңижок) — деп элестүү айткандай бул ак
болуш зарыл. Ал койкойто мыкты оролуп, чүчтөдөй чакан элечек болот.
Сүрп элечекти «сурп элечек» деп атайт. Сурп — жөнөкөй кездеменин бир түрү.
Боёлбогон, агартылбаган жибек кездемени илгери эл «торко» дешчү. Бул элечектин
жердигинин милдетин аткарат. Чеберлер театрлардын, филармониялардын
артисттери жана өздүк көркөм чыгармачылыгынын ышкыбоз коллективдери мунун
жакшынакай үлгүлөрүн сактап, андан ары өнүктүрүүгө зарыл.
Зергерлер жана уздар чач кепти жасайт. Аны кеп чач, баш кеп деп аташат. Бул
элечектин астынан кийилүүчү баш кийимдин бир түрү. Чач кеп элечектин ички
оромун терден-кирден жана чаңдан сактайт. Муну бөтөнчө байбичелер жылуулук
үчүн жоолуктун ичинен да кийип жүрүшкөн. Мындай чач кеп көбүнчө кызыл,
жашыл, көк, кара манат менен баркыттан жасалган. Чач кеп маңдайы тегиз, эки жан
(каптал) жагынан жаак (кулакчын) түшүрүлүп, артынан (желкесинен) сала коймо
(куйрулчук) чыгарылат. Үч кабатталып, башкача айтканда, тышы колдо токулган ак
бөздөн тышталып, ичи гүлдүү чыттан астарланат. Ортосуна өрмөктө созулган тасма
салынып жасалат. Төбөсү тигилбестен, жип өткөрүп бүрмөлөнгөн же байланган
(кездеменин өзүнөн төбө чыгарылган) чач кептин жаактары, маңдайы, сала коймосу
сайманын «терс кайык», «илме» («илме дос»), «туура сайма», «басма сайма» деген
түрлүрү менен «мүйүз», «ит куйрук», «ийрик», «кыял», «куш канат», «бармак боочу»,
«кочкерек» өңдүү көркөм оюм-көчөттөр менен кештеленет. Чекесине бермет, шуру,
топчу жана башка кооздук тагылып, жылаажын, шамалбак да кадалган. Ал канча
белден ылдый карай төгүлүп турган олоң чачты чаңдан жана ар кандай
тоскоолдуктардан сактоо эле эмес, кыз-келиндерди артынан караганда шаңдуулук
да болуп саналат.
«Күмүштөн чачпак соорунда, Күлгөнүң турат оюмда». Муну чач кап деп айтабыз.
Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн чачын ачып-жаба
тагынган, топ чачпактан чогу бар кооз жасалгасы. Чачпак үч бөлүктөн турат: Башы
(чач байлана турган жагы), ортосу (кутучалар же кутуча кооздуктар асемделип
тагылган тарабы) жана учу (чачы же кооз асемдик кадалган жери). Чачпактын
жасалышы жана кооздолушу боюнча айлакер зергерлер, кайкач бармак уздар өзүнүн
жекече ыкмалары менен көркөмдүктүн жогорку чегине жеткен. Муну жасоодо да
жергиликтүү өзгөчөлүктөр байкалат. Чачпактын учу күбөктөлө папиктелет, ал
жибектен эшилип, чыйратылган жүн жиптен түймө чачыланат.
Илгери 30 метрдей кездеме (стампул) сарпталса, азыр уз. 20 метр ак кездемени
алат. Сурп өңдүү, бирок, жука батистей анча жука эмес жеңил жердик элечек үчүн
жакшы болот. Азыркы ак кездемелердин аралашмасы бар. Ошондуктан, оор көрүнөт.
Буга негизи кебез кездемелери мыкты келет. Мурун кептакыяны кийип, мунун
үстүнө элечекти ороодо кептакыянын төбөсүн бууган жерине бир жарым метр
керектейт. Анын бир учун астына карай коюп, кептакыянын эки жаактагы
саймасынын үстүндөгү «кулакчыны» деп аталуучу кооздолгон ак кездеменин астын
карай астыңкы учун бүктөп, маңдай жаактан ылдый алып келет. Ошол элечектин
кулакчыны «түп» деп аталат. Үч метр кездемени артка куйрулчукка кынаптала
бүктөп, куйрулчуктун саймасынын жогору жагына жиберилет. Ал «уч» деп аталат.
Мында уз кеп такыянын башын (түбүн) бекитип алат. Экинчи, куйрулчуктун
саймасын баспагандай кылып, жогору жагынан «түп» кездеменин учу менен жабат.
Анда «түп» эки милдетти аткарат: кулакчын жасалат, калган бөлүгү менен «уч»
пайда болот. Эки түп үчүн үч метр кездеме керектелет. Анын бир учу кеп такыянын
төбөсүнө байланат. Арты үч бүктөлүп, ичине оролгон калың кебез коюп, кездемени
түрүп келип, маңдай жакты көздөй оройт. Калган кездемелерди таптап, бырышын
керип (үтүктөп), үстүнө ороп, биринчи учу ийне аркылуу бекитилет. Анын маңдайын
таңдайлатып оройт.
Ал улам оролот, башкы иймек чоңоюп, астын көздөй ийилип кете берет. Мында
төбөсү менен маңдайга кездеме арбын чыгымдалат. Ошондо элечек артынан алдын
карай сүйрү, астына ийилген абалды берет. Аны орогон сайын жылып кетпөөсү үчүн
ар бир ором ийне менен учуксуз тепчилет. Мында кеминде 25 ийне керектелет.
Оролуп бүткөн элечектин үстүнөн орому чачылып кетпеске артка салмай кыргак
менен (1,5—2 эли) өңү кызыл тасма аркылуу бекитилет. Тактап айтканда, кыргак
маңдайдан желкени көздөй элечекти тегерете айлантыла байланат, бир учу
маңдайга бекитилет.
Элечек кыргагын саймалайт-оймолойт. Мурун күмүш кыргак да болуучу. Манат
этегине зер калакчаларын да кадаар эле, кеп такыяга түшкөн көркөм көчөттөр
менен зер шөкөттөрү элечектин кооздугуна үндөшө турган. Илгери элечекти дуруя
жоолук менен үстүн жапчу. Аны «ала коймо», «сала коймо» деп айтышчу. Азыр дуруя
жоолуктун ордуна ак кездеменин четине кызыл чачы кармайт. Аны үч бүктөп,
элечектин үстүнө салып коет. Албетте, уяттуу келиндер үстүңкү «ала коймо», «сала
коймо» жоолуктун астыңкы учун бетин карай түшүрүүчү.
ЭЛДИК АВАЗДЫК АСПАПТАР — кыргыз эли таланттарга бай. Алар ар түрдүү
үндүү аспаптарга ойной жана ошолордун коштоосунда ырдай да, бийлей да
билишкен. Андай аваздык аспаптарга комуз, темир комуз, жыгач ооз комуз, чоор,
сыбызгы, чыңыроон, кыл кыяк, добулбас, сурнай, керней өңдүүлөр кирет.
ЭЛДИК ЧЕБЕР — Чыгармачылыгы мол, көзүңдүн кароолуна алынгандан жоктон
бар кылган, үзүлгөндү улаган усталар жана уздар. Чебер ошол буюм-кечедеги түрдү
буруп, өнөрдүн даана табиятына таандык көркөмдүктү өзүнүн табитиндей берүүгө
умтулушат. Чыныгы чебер ар түрдүү көркөм оюм-көчөттөрдөн жаңы ыргактарды
таап, жаңы мазмундарды кошуп, көркөм буюмдарды жүзүнө чыгарат. Муну
жаратуудагы уздун жана устанын бөтөнчөлүгү кооздуктун мотиви менен анын
шумкардын чалгынындай ыргагын учурга шайкеш келтире алат. Өзүң бирөөлөрдөн
мыктап үйрөн, анан уздан, узан, ойдогудай машыксаң башкаларга үйрөтүүң, таалимтарбия берүүң жеңил болот. Бул чеберлердин жекече ыйык парзы. Элдик чебер —
кооз үлгүлөрдү жараткандар, аны колдон-колго тараткандар. Оюмду берүүдө,
көркөм түр түшүрүүдө буюм бетинде чебердин бирдеңкеге өкүнүчү, кусалыгы,
самаган ой-максаттары жүзөгө ашкан болот. Көмүркөй күтүп, көмүр өчүрүп, күжү
күйгүзгөндүн буюм-тайымдарына көз жүгүртүп, түгөлү менен «уста», «уз» деп, учкай
атап койгонубуз менен чыныгы көркөм өнөр ээлеринин чеберчилиги бөтөнчөрөөк
сезилет. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн кан жолунда буюм бетине өздүк көчөт
көчүрүүчүлөр, түр түшүрүүчүлөр, оюм берүүчүлөр, чыныгы чыгармачылыктын
ээлери элдик чеберлер деп аталат.
ЭЛЕК — «Ак кайыштай чоюлтуп, Карскан ийген элекке» (Калык). Торунан ун,
талкан жана башка майда нерселерди өткөрүүчү буюм. Анын жердиги жыгач жана
кылдан турат. Кыл тегерек алкакка (карсканга) бекитилип жасалат. Элек кээде
чыпка катары да колдонулат. Кыл электин майдасын «торко элек» дейт. Мунун
«сүзгү элек», «чыпка элек» деген түрлөрү бар.
Мында чебер оболу карсканын (алкагын) ийип алат да, аттын туу куйругун
жулуп алып, учун түйүп өткөрүп, экинчи жагын да ошентет. Антип төрт тарабынан
кылды керип алып, анан ийнеге аттын кылын өткөрүп, чатыраш кылып отурат.
Ошондо ийне кылдын артынан жана үстүнөн алмак-салмак өтүп турат. Алкактын
чети болсо эчкинин жаргагы менен жээктелет.
ЭЭР (ЭГГЕР) — «Кечип жүрсө, чок өткүс, Кезеп атса, ок өткүс, Атка жердик
салдырып, Ак каңкы ээр алдырып» («Манас»). Бул — ат жабдыктарынын ата башы.
Анын жердиги карагайдан, талдан, теректен болот да, ал ат минүүдө адамга
отургучтук милдетти аткарат. Ээр «байтеше» аркылуу чабылат. Байтеше менен ээр
сомдоосунан ойдогудай чыккан жыгачтын кем-карчы маки, бычак аркылуу чебер
жонулуп, жымсалдоодо түрпү менен түрпүлөнөт.
Ээр чабуунун үч түрү бар: «Оймо ээр» — тоголок жыгачтардан чабылат. Муну
усталардын басымдуу көпчүлүгү кармайт. «Аштама ээр» — бул төрт бөлүктөн турат:
ээрдин эки капталы, ээрдин кашы, ээрдин чарасы болот. Анын чарасы уюл жыгачтан
чабылат да, кашына катуу жыгач тандалат.
«Курама ээр» (Пайгер ээр) — көп бөлүктөрдөн турат. Муну «чаптама ээр» деп да
коет. Чеберлер көбүнчө. кучмач ээрине узанышат. Аны айрым жерлерде «Ак канкы»
деп аташат. Бул кыргыз ээри болуп саналат. Ал — ээрдин өзүнчө өзгөчөлөнгөн түрү.
Алдыңкы кашы жазы жана тегерек түспөлдө да болот. Кыскасы, бул — эр ээри болот.
«Эр эңиш», «улак тартыш», «тыйын эңмей» сыяктуу улут оюндарына токулат. Айрым
аймактын ээр чабуучулары буюмдун жердиги үчүн бака теректи, сай теректи, көк
теректи, кара жыгачты жана тоо кайынды да көбүрөөк пайдаланышат. Жоон долоно,
акчечек өңдүү жыгачтардын ийин тапса ээр үчүн табылгыс жердик болот. Мисалы,
бака теректи кыйып келет да, өлчөп, төрт-беш ээрдик жыгачты суу кезинде бир
учурда сомдоп, аны темир бочкага салып, үч-үч жарым саат кайнатат да, көлөкөдө
кургатат.
Кайноодон чыккан ээрге эми солидол сыйпалат. Мында ал жарылбайт, шамал
өткөрүлбөйт. Солидол жыгачты сиңирип алат да, курганда суук ирбейт. Капталган
теринин ичиндеги жыгач чирибейт.
Бизде «хожент ээринин» (Тажикстанда Хожент деген жердин ээрчилеринин
чапкан ээри) түспөлү да сакталган. Ээр чоң, карчыттуу жана чаралуу келет да, кашы
кичине, ачакейи кенен, моюну букталуу көрүнөт. Чеберлер өзү жасап алышкан,
иштөөгө оңой ээрдин кашын чыгара турган кийине ийгиси болот. Ал «кош кыргы»
деп аталат.
Чен бирдиги менен алганда коло жыгачтын (чүркөнү) узундугу 60 см кыйылса,
мунун (2 см и кетип) 58 см и ээрге чакталат. «Жыгач кырксаң узун кырк» — деген
сөз бар. Туурасы 40 см болуп, каштын башы менен алдыңкы актасы 38 смге, мунун
кобулу 18 см ге, кобулдун арты 22 смге барабар. Ээрдин чарасы менен тээги (арткы
актанын башы жана чаранын алды менен беш см келет. Актасынын (тарагынын)
узундугу 42 см ди, эндүүлүгү 10 см ди, ички кобулу, асты жети см ди, аркасы беш см
ди түзөт. Анткени, аттын сээри — өркөчү бийик келет. Аттардын жону ар кандай
көрүнөт. Кыр жон ат, кой жон ат бар. Мунун жону тоголок болот. Ээрчилер мындай
бөтөнчөлүктөрдү эске ала узанышат. Мында чаранын айланасы 80 см, анын
калыңдыгы 3 см, орточо 1,5 см, ээр кашынын ичке моюну 15 см, моюндун этегинин
калыңдыгы төрт см болсо гана максатка ылайыкташат.
Жергиликтүү карагайды кыйып келип, кабыгын албай, кенен бир жылдай
кургатат. Анын эки учуна солидол сүйкөп коёт. Анткени, ортолоруна чирик
өткөрбөйт. Мунун 55 см орточо ээрге, 60 см чоң ээрге чакталат. Жыгачты кесип
алып, сомдоп туруп, суу ичине өтүп, сары суусу менен чайыры чыкканча кайнатат да,
анан чаба баштоо керек. Улам чаап, улам кургак жерине жеткен кезде кайнак суудан
куюп, чаба берет. Ээрдин алдыңкы актасын айрым чеберлер 18,5—19 см кылат.
Себеби, уй терисинин калың жери жана жука жери бар. Ошого карата арткы актасы
24 см болот. Андан кемиткенде аттын жонуна токтому болбойт. Эгер мындан кең
болсо, атты жоорутат. Ээрдин кашынын узуну 12 см келет.
Талды кыйып келип, дароо сомдой коюп, ага солидолду сыйпап таштаса ал сиңет
да, жыгачка ачык күрөң өң берет. Мындай жыгач көпкө жатып, май сиңди болот.
Айрым чеберлер ээр чабууда чыканак ченди колдонушат. Сары талды кыйып келип,
абдан кургатат. Анын кабыгын аарчып, көбүнчө күнгө коюп, анан чаба баштагандар
бар. Болбосо, талды кыят да, ал эки-үч жыл катары көлөкөдө кургатылат. Мында
аздан кармап чаап, кайра таштап, ойдогудай кургатып чаппаса, кийин токулганда
кыйшайып, кажып кетпейт. Ошондуктан, бир топ ээрди чабууну бир мезгилде
баштап коет да, кезек-кезек кармап отурат.
Тал, теректи кыйып келип, андан тактай жасоо керек. Ээрдин бөлүктөрүнүн
өзүнчө үлгүлөрү боюнча тактайды араалап, маштап, татаал жерлери керки аркылуу
жымсалданат. Мында уста анын эки босогосун чыгарып, ал жыгач желим аркылуу
чапталат да, ага тарамыш коюлат. Анан ээрдин чарасы менен эки каптыргасы өзүнчө
бириктирилет. Ага эки босого карматылат. Арткы шынаасы жана ээр кашы
акырында орнотулат. Мунун бул бөлүктөрүн бириктирүүдө бодонун, төтөн,
жылкынын жибек тарамышы керектелет.
Ээрди кайыңдан чапкан усталар бар. Тоголок кайыңдын бир жак тарабын тегиз
тактай кылып чаап, анан бир жак башынан 31 см ге ченеп, артын 37 см ге ченеп,
сызгыч аркылуу сызып, калган ашык тарабы чабылып ташталат. Анан ортосун оет.
Мунун алдыңкы каш жагы 14 см дей болот. Арт жагы 11 см тереңдикте болот.
Чабууга татаал үстүңкү бети бейтеше менен алынат. Анын орто жери атал1ы керки
аркылуу жыгачтын каршысынан чабылып, ийине келет. Демек, ээрдин чарасынын
калыңдыгы бир гана см болушу керек. Ал эми ээрдин чарасынын эндүүлүгү 37 см ге
барабар келет. Ээрдин алдыңкы актасы 4—5 см, мунун калыңдыгы бир см, арткы
актасы 15 см, калыңдыгы бир жарым см дей келет.
Ээрдин эки капталы 'жыйырма см дей болушу зарыл. Ошондо ээрдин узундугу
(жаздыгы) 40 см келип, каштын бийиктиги 25 см, чаранын жаздыктан бийиктиги 15
мм ди түзөт.
Мында ээрчи ээрдик кайыңды кыйып келээри менен дароо чабат. Аны анан чоң
казанга бир саат кайнатат. Ошондо кайыңдын сары суусу чыгып, жыгач бышык
болот. Суусу бат кургап, кийин урунууда жарылбайт, же токунууда жешилип, кажып
кетпейт.
Ээр кашын бүркүт томогосундай чыгаруу көрктүү көрүнөт, Ээрдин кооздугу
көрпөчө салбай, басмайыл тартканда атты да шаңдандырып, ойдогудай оюлган
каптырга соорусунан караганда аттын кош кулагы шамдай көрүнүп турат.
Илгерки усталар таптаза чаап бүткөн ээрлерин сорпонун майына «кана ичирип»,
отко кайсап алса, эмикилер «веретонка» майын сыйпайт. Ага автол сүйкөсө да
жарайт. Суу жыгач жарылбай, боюна тартып, кайра мүнөздүү катып, мыкты кургайт.
Айрымдар ээр чабууну көк теректи бүрдөй электе кыйып келүүдөн баштайт. Аны
даярдоо кышында болот. Өсүмдүктүн кабыгын аарчыбаса жарылбай тура берет.
Мында болжоп, көлөмүн алып, чаап кирүү керек. Сомдолгон ээр эки айча көлөкө
жайда жатат. Ал жарылып кетпесин үчүн жыгач желимди сүйкөп коет. Чеберге
ээрдин кургаганы билинип турат. Ээрди чабууда абалы эски ээрдин көлөмүн өлчөп,
адегенде ат өркөчүн баспагандай кылып, анын үстүн чаап алат. Эң аягында кашы
берилет. Айрым чебердин ээр чарасы үчүн чүпүрөктөн бычып алган үлгүсү болот. Ал
өлчөм катары колдонулат. Бул эки түрдүү ээрдин чабылышына чакталат. Ээр
чарасынын кездеме үлгүсү эки бүктөлгөндө тепетең болуп, төптүктү жана тактыкты
сактап турат. Албетте, мындай көрүнүштөр чебердин колунун кылдаттыгын,
буюмду таза кармоонун, устачылык абийирин сездирет.
Тактыкты талап кылып, математикалык өлчөм болгондо гана буюм таза
кармалат. Мында ээрдин бир актасы 45 см, арткы актасынын куюшкан бекитээр
жери 11 см, өркөч үстү 16 см, мунун арты 21 см, жалпы алганда 36 см, асты 30 см,
асты 19 см, чарасы 38 см, айланасы 95 см, ээр бери 45 см болот. Мында кашынын
айланасы 32 см ге барабар. Ээрдин кашынын моюну 16 см, каш башынан тартып,
алдыңкы актанын учуна чейин 31 см болушу тийиш. Анын калыңдыгы бир жарым,
чарасынын калыңдыгы бир см дей болот. Ал эми ээр кашы эки кулактан турат да,
айланасы 15 см ди түзөт.
Илгери ээр чабуучулар үчүн чен бирдиктери болгон эмес. Алар ээрдин ички
бетин карыштап чыгарган. Мындай чапкан ээрдин ички бети 17 см ден башталат да,
бели (отуруучу ортосу) 15 см ге барабар болот. Ээр бөлүктөрү так өлчөнөт да, чебер
алардын өзүнчө схемаларын түзүп чыгат. Ээр көкүрөгүнүн калыңдыгы төрт см,
кашынын моюнунун айланасы 17 см ге өлчөнөт. Кашы кичине болуп, моюну бийик,
бели кичирээк ээр көркөм көрүнөт.
Ээр чабууну жүзөгө ашырууда көркөм шык эле жетишпейт. Аны кармап жатканда
көкүрөк аркылуу туюп турушубуз керек. Адам дилинде уста болушу зарыл. Дээринде
чеберчилик жатса, көркөмдүк ага жардамчы боло алат. Ээр чаап жатканда алдына ат
тартылып, ага кандай токулат, муну көкүрөк сезип турушу тийиш. Демек, адам сезип
турган нерсени бирөөлөргө өткөрүштүн өзү кыйын. Мындай чакта форма, сырткы
көлөм, кооздугу бир гана көрүнүш болуп саналат. Кыргыз ээрин жасаган уста менен
алармандын ортосунда ички жылуу сезимдер болушу зарыл. Чапкан ээрлерибиз
аттын белин жоорутса, аларды жыйнап алып, өрттөп коюшат. Начар ээрлерди азыр
дүкөндөргө чыгарып туйтунуп жатабыз. Арийне, бул көз басмалоо, өнөрдүн кадырын
түшүрүү болуп эсептелет.
Талды кышында кыйып коюш да керек. Мында тал-теректин түп жагы катуу
болуп калат. Аны чебер ээр көлөмүндөй араалап алат. Суу бойдон чаап, суу бойдон
каптайт. Мында жыгач жарыла электе тери жыгачты тырыштырып, кадимки кайыш
сыяктуу кургатат.
Ээрдин чарасы ээр кашынан төмөнүрөөк болушу керек. Чеберлер куш баш ээрин
арбын кармашат. (Куш баш кашынан улам айтылса керек). Эки актасы (желдик келе
турган жери) кайкыраак болуп, аттын жону түспөлдөнүп кетет. Ээрдин жону
билинээр-билинбес, аттын жонуна тиер-тийбес болушу керек. Ошондо аттын
үстүндө чарчабай тынч жүрөбүз. Ал өтө эле бийик болсо, дөңгөчкө мингендей болуп
калабыз. Ээр энкейиште табарсыкты какпашы тийиш. Өйдөдө артына шыпырылып
кетпеси керек. Айрым ээрлерди байкасаң адам жалаң ыңырчакка мингендей болот.
Ээр чарасынын эки тарабына кооздук жана сынбасы үчүн бир элидей эки нукча
коюлат. Мындай көрүнүш ээрдин алдында да болот. Ал көрпөчөнү алга тартпай
турат.
Ар бир ээрчинин ээр чабууда өзүнө таандык тактыктары бар. Ал анын жекече
узануу чыйыры болуп калат.
Айрым ээрчилер чабылуучу ээрдин узундугун 54 см кыят. Бир тарабын түз чаап,
аны чалкасынан салып туруп, арткы актасын 36 см, алдын 32 см кылып, ошол сызык
боюнча эки капталын түптүз чабат. Ошондо каштын башы менен алдыңкы
актасынын учуна чейин 28 см болушу керек. Ээрди чалкасынан коюп, чарасынын
учунан алты см таарып салса, арткы актанын башы чыгат. Каштын башы алты см
келсе, алдыңкы актанын башы көрүнөт. Мында, актанын узундугу 42 смди түзөт.
Алдыңкы актанын туурасы (көмөлдүрүк бекитүүчү жери) дагы алты см болушу
керек. Ошондо арткы акты менен чаранын түбүнө чийин 19 см ге барабар. Демек,
мунун борбору 18 см, туурасы 36 см, кашынын туурасы сегиз мм дей болот.
Чеберлер көбүнчө орточо ээрдин үлгүсүн алышат. Орточо ээрдин калыңдыгы 1,5
см болушу тийиш. Колдон келишинче жука чабуу зарыл, чаап бүтөөрү менен
актасына дароо рейка уруу керек. Ал талтайып да, же куушурулуп да кетпейт,
көлөкөдө тап менен мыкты кургайт. Ээрдин жердигине теректи кыйып келээри
менен чаап болуп, аны соляркага салып коюу керек. Ал жыгачтын сары суусун,
шорун жана чайырын өзүнө тартып алат. Солярка ойдогудай сиңгенден кийин
жыгач өтө какшып кургап, урунганда кажып калбайт.
Албетте, усталардын минтип көркөм буюмду кармоолорундагы жекече
ыкмалары анын башкалардан айдан ачык айырмаланган өздүк тажрыйбасын жана
чыгармачылыгын түшүмүн айкындап турат.
Айрым чеберлер топ ээлердин сомдоосун бир мезгилде баштап алат. Аларды
ыңгайына карай биринен сала бирин кармап отурат. Ошондо төрт-беш ээрди бир
гана учурда колдон чыгара алат. Ээр кашын усталар «Уй туяк», «Шалпык кулак»,
«Төө таман», «көөкөр каш» өңдүүлөр бөлүп узанышат. Алсак, «көөкөр каш» каштын
эки уурту кадимки көөкөрдүн бурчундай, ийиндүү болуп, же ийиндүү кишидей
имериле көрүнүп турат. Айрым чеберлердин чапкан ээринин кашы «шалпык кулак»
деп аталат. Мында каштын эки ууртун эңкейтип коет. Мындайынан караганда ал
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.