Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06

Total number of words is 3787
Total number of unique words is 1996
20.0 of words are in the 2000 most common words
29.7 of words are in the 5000 most common words
36.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
эзилген» (Жусуп). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги.
Уздардын кооз буюм жаратуудагы негизги материалы. Муну менен оймочулук,
саймачылык, чырмакчылык, түймөчүлүк, өрмөк согуучулук, килем токуучулук,
бычмачылык-тикмечилик, куракчылык өнөрү жүзөгө ашат. Жүндөн уютулуп кийиз,
ийрип-эшип жип жасалат. Мында «жүн кыркуу», «жүн сабоо», «жүн кылдоо», «жүн
тытуу», «жүн боео», «жүн жуу», «жүн түйдөктөө», «жүн чабактоо» өңдүү аракеттер
аркылуу буюм-тайымдар жүзөгө ашырылат. Жүндүн кылчык, жарым кылчык, уяң
жарым, чала уяң өңдүү түрлөрү бар. Көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кылчык, жарым кыл
чык жүн өтүмдүү болот.
ЖЫГАЧ — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө буюм-тайым кармоонун жердиги.
Күнөстүү кыргыз жергесинде жыгачтын түрлөрү арбын. Аларга: арча, карагай, кара
жыгач, кайың, тал, терек, ак чечек жана жемиш бак-дарактары: өрүк, жаңгак, тыт,
алма, алча өңдүүлөр кирет. Булар ар кандай көркөм буюм-тайымдарды жасоо үчүн
чеберлерге укмуштай бай негиз боло алат.
ЖЫГАЧ УСТА (жыгаччы) — Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу
чебер. «Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат.
«Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» — эр ээрин, айырмачты,
ыңырчакты, «Кырмачы» — табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү,
кашыкты, сокуну, чыны кутуну, бишкекти, «Тактачы» — сандыкты, үкөктү,
жагданды, жүк тактаны, саба тактаны, чанааны, чийнени, чарпаяны, «Комуз уста» —
комузду, кыякты, чоорду, тактекени, добулбасты, жыгач ооз комузду, темир
комуздун кутучасын жасайт.
Европа элдеринде жыгаччыларды «ак жыгаччы», «кызыл жыгаччы» деп
даңазалап, чеберчиликтерин дааналап бөлөт. Кызыл жыгаччы — өнөрдүн эң
жогорку чеги. Мындай мамиле чыгармачылыкты, өнөрдүн өсүшүн, ага жасалган
камкордукту далилдейт. Биринен бири үлгү алып, устасынан ашып түшкөн
шекирттери жыгаччылыктын суусун ичкен айлакер чеберлер болуп саналат.
ЖЫГАЧЧЫЛЫК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Ар бир жыгачтын
өзүнүн өзгөчөлөнгөн касиеттерин чеберлер мыкты билишет.
Алардын ичинен өрүк жыгачы катуу келет. Бул темирдин болоту сыяктуу чорт
сынма болот. Жыгачтын курчу ушул өрүк бычакты да майтарат.
Эгер ошондой жоондугу бирдей алма жыгачын эки таштын ортосуна коюп урса,
ал чорт сынбай, узунунан жарака кетип, кайыштай толгонуп, былчыйып туруп алат.
Кыймылда турганда түбөлүктүү, чыдамдуу келгендиктен андан суу тегирмендин
барасы жасалат.
Кайың да катуу жыгачтардан болот. Анын сырткы кабыгы кадимки тери менен
резинага окшошот. Бирок, алма менен өрүк жыгачтарына караганда мындан кылган
колдонмо буюмдар жана идиш-аяктар үч эсе оор келет.
Тал орточо катуулуктагы жыгач. Бутактары аз болуп, ага көркөм оюм-чийим
түшүрүү да оңой.
Өрүк-жыгачтын эң көркөмү. Бетине чабылган алтын-күмүш шөкөттөрүнө өзүнүн
жердиги айкалыша түшөт. Өрүктүн өз өңүн буруш үчүн илгери чеберлер чекенди,
арча, четинди сыяктуу түтүнү «ачуу» өсүмдүктөрдүн күлүн сыйпоочу. Адегенде
кургак күлдүн өзүн да, анан аны сууга чылап чайкап, өрүктүн өңүн бурушкан.
Азыркы чеберлер ага акиташ сыйпайт. Ошондой эле өрүккө май сыйпап, отко койсо,
ал кызарып, улам майды сиңирген сайын өрүк каракочкулдана, күрөң өндөнөт.
Бирок, комуздун үнүнө мындай ыкма тескери таасир этет.
Шилби өтө катуу болот. Анын жекече касиети анча байкалбагандыктан мындан
чүлүк, үзөңгү сыяктуу гана аз санда буюмдар жасалган.
Табылгы-жыгачтын эң катуусу. Даана кургаган ага бычак да, араа да өтпөйт.
Өзүнүн атайын боеп койгондой, такыр өзгөрбөгөндөй түбөлүктүү өңү бар.
Ошондуктан, табылгыдан камчыга сап, кыяктын жаасы жасалат.
Жыгачтын касиеттерин чеберлер бөлүп карашат. Жыгачты кургатууда жана
сактоодо табигый түрдө (жак боюнча) кургатуу, кыкка көмүү, кайнатуу, кабыгы
менен, кабыгын аарчып кургатуу, күндө жана көлөкөдө кургатуу өңдүү жолдору бар.
Жыгачтарды жик боюнча жарууда анын түндүк, түштүк, батыш, чыгыш тараптарын
чеберлер эске алышат. Чеберлердин жыгачтардын морттугун, борпоңдугун,
чымырдыгын, катуулугун, чарымдуулугун, бутактуулугун, чайырдуулугун,
майлуулугун карап, ошого карата буюмдар жасалат.
Ооба казык учтайбы, ийикке сап кылабы, сабоо кыябы, токмок чабабы, түпкүч
ийеби — баары бир жыгаччынын колунан өтөт.
Жыгач буюмдары жашоо-турмуш ыңгайына карата: боз үйдүн жыгачы (сөөгү),
тиричилик эмеректери, ашкана жана аземдүү буюмдар болуп төрткө бөлүнөт. Ар бир
жыгачтын өзүндө жекече иштетүү касиети бар. Мисалы, карагай, кайың, липа, алма,
кара жыгач, өрүк өңдүүлөр ич ара айырмаланышат.
Карагай, кайың сыяктуулардын табияты иштетүүгө жеңил болот. Булардын
бетине оюм-чийим түшүрүү да оңойдой туюлат. (алма, кара жыгач болсо күйгүзүү
аркылуу кооздук түшүрүүгө оңтойлуу жердик.) Алма менен өрүк жыгачынын
структурасы мыкты болот. Жыгачты чабуу менен кургатуунун сырларын да
чеберлер мыкты билишет. Кургатуу — жыгач буюмдарынын табы, кеминде жыгач
эки-үч жылы көлөкө жайда жатуусу. Ошондо аны иштетүү шарттуу келет. Төрт жыл
жаткан жыгач андан бетер жакшы болот. Мында буюм баштапкы абалын сактап
турат. Кээде эки-үч ай кургаса эле иштете баштайбыз. Мындай шартта бара-бара
жыгачтан шек кетпей койбойт.
ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ— Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү.
Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан
бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип,
жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски
нускал5ры азыркы муундарга эң эле аз санда жетүүдө. Айыл арасынан азыр мындай
мурастарды чала-чарпын гана кездештиребиз. Көбүн эсе мунун айрым үлгүлөрүн
эмки муундар музейлерден учуратууда. Жыгачтан көркөм буюмдарды жасоо
салттарын, айрыкча, жемиш-дарактарынын чордону Түштүк Кыргызстандын
аймагынан бир аз табууга болот.
Жыгач оюмдары элибиздин кол өнөрчүлүгүнүн көркөмдүктү көздөгөн башка
чыгармачылык түрлөрү менен бөтөнчө байланышта көрүнөт. Мындай үндөштүктөр,
төтөн, кийиздин, темирдин беттерине түшкөн оюм-чийимдерден даана көрүнөт.
Жыгачка гана таандык кооздуктун өзүнчө касиети бар. Мында чебер менен
жыгачтын, адамзат жана жаратылыштын бири-биринен ажырагыс мыйзам
ченемдүүлүгү бар. Жыгачты иштетип жатканда буркураган аромат жыт уруп, кандай
оюм-чийим түшөөрүн өзү айтып турат.
ЖЫЛААЖЫН — «Желенин орду аңгырап, Желге айтып сырын жалдырап,
Жылаажын үндүү кулундун, Жүргөнүн эстеп кайгырат» (Байдылда). Желпинүү
аркылуу үн чыгарып, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей коңгуроо.
Адатта, уук учтук боз үйдүн эшигин ачып жабууда эпкин менен термеле түшөт. Ошол
эпкин менен жагымдуу үн берген жылаажынды жасоо үчүн курч темир керек. Анын
ичинде тил салынат да, төбөсүнө бүлдүргө тагынат. Коңгуроо түбү ачык болот. Ал
эми тай-кулунга, алгыр куштарга тага турган коңгуроонун түбү туюк келет да,
кичине тешигинен жел кирип, ал үн берет.
ЖЫЛААН БООР ӨРҮМҮ — «Чокусунда чогу бар, өзөгүнүн ичинде, сомдоп койгон
огу бар» («Манас»), Бул — камчы өрүмдүн негизги түрү. Буга көбүнчө жыйырма төрт
тал көктү тилип, ич ара алмаштырат. Акыйкатта, татаал өрүмдү жүзөгө ашырууда
өрүмчүнүн ашкере кылдаттыгы айкындалат. Жылан боор өрүмү биринин кооздугун
бири арттырып турат. Эгер татаал өрүмдөрдүн бир талынан эле өрүмү жаңылса,
өрүм таптакыр тескери жакка кетет. Демек, үзүлгөн тал улаштырылбайт. Жылан
боор өрүмүндө он алты талдан өрсөк көк сегизден экиге бөлүнөт. Анда экиден көктү
бирден көк басып отурат. Буга сегиз сай түшөт да, ал өтө кооз көрүнөт.
Ич ара салыштырып айтсак суйсал өрүмү, жылаан боор өрүмү сыяктанганы
менен айырмасы үч көктү бир басып отурат да, ага алты сай түшөт. Буга 10—12—14
тал кылып тилүүбүз керек. Жылаан боор өрүмүнө 16 тал көк тилсе, сегизден экиге
бөлүнөт да, экиден басылат. Эгер он эки тал көк тилинсе, ал талдар алтыдан экиге
бөлүнөт. Экиден басылып бир талы — «аркак» болот.
Терме өрүмү, суйсалма өрүмү, жылан бооруму 12 талдан тартып, 24 талга дейре
төп басылат. Жылан боор өрүмү менен терме өрүмүнүн түшкүнү он бир тал менен
бекитилет. Түшкүн — тал-тал көктүн камчы өрүмү болуп түшүшү. Айрым
өрөөндөрдөгү чеберлер он бир талдан котур өрүмдү жана он алты талдан нокору
өрүмдү, сегиз талдан төрт кыр кылып, камчы өрүмүн бергендер да бар.
Мыкты өрүмчүлөр 16 тал көк аркылуу бир эле камчыга өрүмдүн беш түрүн:
жылан боор өрүмүн, терме өрүмүн, каз таңдай өрүмүн, суйсалма өрүмүн жана жарым
суйсалма өрүмүн табышмактанып кете берет.
ЖЭЭК (ыскыт милте) — шырдак оюмдарын беттөөчү жип. Мунун бирөө оңго,
бирөө солго чыйратылат. Ал мындай караганда таңдайча болуп түшөт. Жээк жүндөн
ийрилип, ар кандай жасалат. Айрым чеберлер муну сары-көк боекко сугара боеп да
алышат.
Жалаң кат кара кийизге жээк басууда да бөтөнчөлүк бар. Анда жип ошондой
оңду-солду ийрилип, аны үч кабаттап, чыйрак чыйратып, өзүнчө жип кылып алат,
ошондой эле чыйратылган үч кабат жипти жанаша кылып, аны чууда жип аркылуу
кийизге басат. Шырдактык жээк үчүн «ыскытты» эки өңдө чыйратып, көркөм оюмга
«ала мончок» кылып басуулар бар.
ЗЕРГЕР (зергер) — «Эл кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет» (макал).
Бул — алтын-күмүш устасы. Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор,
нейзильбер жез, мис, датчалабас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары: шакек,
билерик, сөйкө, желбирөөч, иймек,
Сөздүн төркүнү зер жасалгалары жөнүндө бара жатат. «Кулактары куйма алтын»
— Мында сөйкө-сырганы айтууда. «Куюлуп түшкөн мурду алтын» — адатта, элечек,
кеп такыянын кыргагы зерден болот да, анын калакчалары мурундан түшүп
көрүнөт. «Ак үйүнүн куту алтын» — мында үй ичиндеги: алабакан, сандык, жагдан,
ат жабдыктары, кыз-келиндердин жасалгалары өңдүүлөрдүн жалпы көрүнүшү көз
алдыга тартылат. «Аккари кийген буту алтын» — аккари — ургаачылардын адими
бут кийими. Ал көң булгаарыдан (кол булгаары — колдо иштетилген булгаары)
тигилет. Буга да чеберлер алтын-күмүш жана башка ага тете түстүү металлдарды
чабышкан да, бут кийимдин маңдай бети жалтылдап турган. «Оромол салган башы
алтын» — оромол жасоолук. Негизи кыргак элечек, кеп такыя өңдүүлөрдүн жээгинде
болот. Мында баш кийимдерге да алтын-күмүш тагууга болот — деген түшүнүк бар.
«Олоңдой кара чачы алтын» — чачка чачкап, чач кап, чолпу, күбөк, учтук өңдүүлөр
тагылат. Алар сөзсүз зер менен шөкөттөлөт. Мындагы акындын «алтын» деген
кайталоо сөзү күмүш менен да алмашылышы тийиш, анткени, кыргыздар үчүн
алтынга караганда күмүш нарктуу жана салттуу болгон. Мындан биз элдик
зергерчиликтин бир учурда укмуштай өнүккөндүгүн билебиз.
Кээде жабдык шөкөттөрүнүн (кайыш бетине чабылуучу темир кооздук) формасы
сөлпү да узунураак да келет. Мында элдик эски салттуулуктун мүнөздүү белгилери
болот. Мунун эки-үч түрүн усталар пайдаланып жүрүшөт.
Айрым зергерлер шөкөттөргө оюм түшүрүүгө, ага «сыя төгүүгө» —
«зооткерлөөгө» бөтөнчө умтулушат. Арийне, жездин табияты антип оюм-чийимди
түшүрүүнү анча жактырбайт. Экинчиден, жез үчүн шөкөттүн өз формасы оюмчийимсиз эле көркөм көрүнөт. Демек, томпогураак, казанкөмкөрүк шөкөт, «колдун
салаасындай, кыздын баласындай» сыйда жана шарттуу көрүнөт.
«Сыялоо», «зооткер түшүрүү» — күмүштүн гана касиетин арттырып, анын жаны
катары сезилет.
ЗУМУРУТ (Измурут) -Зумуруттан токсон бар, Көрүп барып билип ал» («Семетей»)
Бүл — зергерчиликтин жердиги, Ачык жашыл түстүү асылзат. Аны менен кызкелиндердин асем буюмдарын, эр кемерин, ат жабдыктарын жана салттуу
нускаларды кооздойт. Бул зер буюмдарынын жүзүн ачат. Зергерлер муну кармоодо
көркөм нуска, табылгыс жердик катары баалашат.
ЗЫМ ТАРТКЫЧ — Зергердин куралы, аспабы. Бул — күмүш, жез сыяктуу
ийилгич заттардан ар кандай жоондукта зымдарды чоюп жасоо. Зергерлер муну
жасоонун төмөндөгүдөй ыкмаларын жүзөгө ашырышат.
1. Күлбото болуп ийленген чопо топурактан жан аяктай чакан калып жасалат.
Анын түбүндө ар кандай кеңдикте тешиктери болот. Күмүш зымды тартууда бир
гана тешиги калтырылып, калган тешиктери чопо менен бүтөлөт. Көөрүктүн чогуна
эриген зым тарткычтагы күмүш тешиктин көзүнөн көзгө илээшпей куюла
баштаганда ага кайра күмүштү тийгизип тартканда күмүш зым такыр үзүлбөй, ичке
болуп созула берет.
2. Зым тартуучу атайын темир калып болот. Анын ар кандай кеңдикте 15—
20дай көзөнөгү бар. Мурун мунун жумуруланган күмүш көзөнөгү кененирээк
калыпта чоюп-созуп алуу керек. Андан соң андан тарыраак көзөнөктөн күмүш зым
өткөрүлөт. Мына, ушинтип, жыйырмадай тешиктүү калыптардан өткөрүлгөн күмүш
зым аттын туу куйругундай ипичке болот да, ал он беш-жыйырма кулачка жетет.
Мында адегенде зым сомдолот да, анан учун ичкертип алат. Көзөнөкчөлөргө саптап
алып, «чымчыкооз» аттишке кыпчып, эки буттун ортосуна коюп, өйдө тартканда,
зым сыдыргыга салгандай тегизделет. Аны «кыргыга салуу» деп айтат. Мындай
күмүш зым менен элдик зергерлер кыз-келиндердин желбирөөч, сөйкө, билерик,
шакек, төөнөгүч сыяктуу асем буюмдарын «тордоо», «эшүү», «чыйратуу» ыкмалары
менен кооздошкон.
ИДИШТИ ЧАЙКОО — кара темирдин бетине жезди сүртүү. Металлды кызартып
алып, ага ак данакерди сээп, анан жезди жука кесип алып, көмүргө кармайт. Жез
эрийт да, темирге таралат. Мында данакер темирдин желими катары милдет
аткарат.
ИЙДИ (ийги) — «Көөкөрчө кылып ийдирген, Кыл кыяк чаап чийдирген»
(Тоголок Молдо). Бул — жыгаччылардын аспабы. Аны чеберлер курч темирден
тууган айдай кылып жыгачтан жумуру саптуу жасайт. Ал жыгач идиштерин оюпжонууга жана кырууга шартташат. Иштегенде эптүү болушка 30—40° ийип, атты
такалоо учурунда туякты тазалап, өсүп кеткен жерин тегиздөөдө да колдонулат.
Анын мизи бир эле жагында болот да, калыңыраак кара болоттон кармалып,
кабелтең келип, сабы темири менен чалгы сымал ашталып, кармоочго колго
токтомдуу келет.
ИЙИК — жүндөн, кебезден жип ийирүүчү аспап. Анын сабы катуу кургатылган
талдан жана тобулгудан тандалат. Ал сап төмөн карай ичкертилип, узуну 30—35 см,
жоондугу 7—10 мм. болот. Тегерек таштан, коргошундан, оор металлдан же
карападан ийик башы көзөлүп, сабынын жогорку учуна кийгизилет. Ийик саптын
жогорку учу көзөлүп, ага ичке чий, же катуу жыгач өткөрүлөт. Ал ийиктин «буйласы»
деп аталат. Ийрилип ийик баштын алдына тоголок түрүлгөн жип салмактанганда
ийик баш алынат да, тоголок жип чыгарылат. Муну «бир баш алмай жип» деп айтат.
ИЙИК ИЙРҮҮ — Ийик менен көзгө илээшпей чимирилтип, жүндү ичке-жоон
бурап толгоо. Көркөм кол өнөрчүлүктө шырдак шыруу, милте (жээк, ыскыт) чалуу,
өрмөк согуу, килем токуу жана түймө түйүү өнөрү жалаң ийрилген жүн аркылуу гана
жүзөгө аша алат. Оң-тетири ийрилген жалаңкат жипти кайра каттай ийирсе, мында
бирдемелерди жамоо үчүн жип чыйрак түшөт.
ИЙНЕ — «Саптай албаган учук тандайт, сая албаган ийне тандайт» (Макал). Бул
— чеберлердин куралы, учу учтуу, башында учук саптай турган көзү бар, мунун ичке,
жоон, орточо түрлөрү болот. Анын жоонун темене жейт. Ийне жасаган, сынган
ийнени кепшердеген усталар да чыккан. Анын жердиги ак учук — ийненин көзүнөн
өткөрүлгөн жип. Ийне курч темирден тандалат.
ИЙНЕ САЙМА — «Беши жубан, беши кыз, Мелдешип ийне сайышкан, Беш
жубандын ичинде, Беш манжасы майышкан». (Калык) Бул — сайманын бир түрү.
Ийне сайма — жөрмөп саюу. Ичке ийне менен сайма сайса, сайым элпек кетет да,
түшкөн көркөм көчөт ошончолук сыйда көрүнөт. Мыкты саймачылар учуктук жипти
кыска сапташат. Бул ийнени сайып, учукту тартууда анча чубалжып чачышпайт.
Адатта, жипти оң кол менен уч жагынан кармап, учуктун учун чыйратып, ийнени сол
колдо учунан тутуп, өйдө маңдайга көтөрүп, ийне көзүнөн өткөрөт. Бул — учукту
саптоо.
Сайма саюуда оң колдо учуктуу ийне болот. Сол колго жердикти кармоо зарыл.
Ийнени оң колдун үч манжасы (башбармак, сөөмөй, ортон) менен эптүү кармайт. Ал
эми сайманын жердиги энине карата тизеге басып, сөөмөйгө ороп, атайын «алкакка»
керип туруп да саюуга болот. Мына ушундай жолдор «сайма саюу» деп аталат.
ИЙЛӨӨ — «Булгаары ийлеп, шым кылса, Өңү сонун кулпурса, Уздун чери
жазылат» (Токтогул). Бул — терини колдо иштетүү. Тебелеп, ушалап, жумшартып,
талкууга коюп, бодонун, жандыктын терилерин ийине келтирүү.
Ийлөөнүн эки түрү бар. Майда жандыктардын (кой эчки) жана кайберендердин
терилери кол учунда эле ийленет. Бодонун, бугу-маралдын терилери атайын
талкууга түшөт. Терини ийлөө жолу менен кол булгаары (көн), кайыш (ак кайыш),
чанач жасап, ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө узанышып, каада-салттуу буюмдарды
жана элдик кийим-кечектерди тигишкен.
ИЙРЕК — Теринин бетиндеги челин, этин, майын ала турган аспап. Аны
чеберлер өзүлөрүн эки башын жумуру
жыгачтан саптап (50—60 см), ортосуна быдырлуу тишин чыгарып,
оюндагысындай кылып, жасап алышат.
Ийрек — териге көркөм оюм-чийим түшүрүүчу аспап. Ал жыгачтан жумуру
сапталган шибеге сымал болот. Чеберлер — ийректин ичке жана жоон түрүн
колдонушат. Аларды ар бир чебер өзүлөрүнүн көөнүнө жаккандай жасап алышат.
Кандай болгондо ойдогудай оюм-чийим түшөөрүн акыл таразасынан алар кылдат
өткөрүп, аны абалы ичке ийрек аркылуу чийип көрүшөт. Жоон ийректи болжолунан
тайдырбай ысытып туруп, ошол оюм-чийимдин үстүнөн катуу бастырат. Ошондо
көркөм оюм-кашкая түшөт. Аны чеберлер териге тырмак изи түшкөндөй кургаган
чакта жүзөгө ашырышат.
ИЛМЕДОС — ийне сайманын бир түрү. Саймачы мында саюучу учукту жердиктен
ичке алат. Эки башынан (аралыгы бир см. дей) илмек өңдөнтүп улам илип, ) улам
улаштырып тартып отурат. Муну ар нече курдай кайталаганда сайманын чети
«жөрмөмө саймадай» болуп, ортосу «кереге көз» өңдөнүп калат. Аны менен Түштүк
Кыргызстандын аймактарында жашаган элдер «балыш», «жаздык», «текче»,
«туштук» өңдүү жүк жана жасалга буюмдарын такай саюуну салтка айланткан. Бул
сайма берилген көчөт чийимдерди толтурууга өтө эле ийкемдүү келет.
ИЛМЕ САЙМА — (шибеге сайма) — элдик сайманын нукура түрү. Анын аспабы —
жыгач керме жана илме шибеге. Мында уздун колунда илме шибеге кергичтин
алдынан сол колун алып, жибек жип шибегеге илинет да, кездемеден тырс-тырс
өтөт.
Сайманын жаңы аспабы бар. Бул илме сайма машинасы (тамбарный шов) деп
аталат. Ал тигүү машинасына окшошуп, тигиш кездеменин сыртына калкып, түшкөн
сайманын өзү кадимки шибеге саймадай болот. Андан сырткары «килем сайма» бар.
Мындай караганда муну жүзөгө ашыруу ыкмасы украиндыктардын элдик
саймасына үндөшүп кетет. Анткени менен уздар элдик көчөттөрдү кандим
көрсөтүүсү аркылуу ачык айырмаланат. Айрым аймакта уздар туш кийизди так
ушундай ыкмада кармап жатышат.
Сайма шибегесин усталар жасап беришет. Ал тигүү машинасынын шибегесине
окшош болот. Демек, буюмдун жердигин кермеге керет. Ошол кездеменин ич
тарабын керип алып, анан шибегенин көзүнөн жипти өткөрүп, кадимкидей
тырсылдатып саят. Сайма бети түктуү көрүнөт да, жүн килемди элестетет. Муну
менен элдик көркөм көчөттөрдү түшүрүү ошончолук кооз да көрунөт.
ИСКЕК — «Адамды койдой кердирген, Искектеп чачын
тердирген» (Барпы). Бул — кыз-келиндердин өздүк буюму. Кашты тууган айдай
кылып терүүгө ылайыкташкан кичинекей кыпчуурду зергерлер асем нускаларга
кошуп жасап, септин ичине кирге тиш чукур, айры өңдүү зер буюмдарынын
катарында турат да, бой тумардын жанына тагылган.
ИЧМЕК — Аттын белин жумшактоо үчүн тердиктин алдына коюлуучу чакан
жумшак кийиз.
Ичмектөө — тердиктин алдына ичмек коюу. Ичмек болжолдо (70—70 см) төрт
чарчы кийизден болот.
ИЧИК — «Көчкөндө көчү жылдыздай, Көрпө ичиги кундуздай» (Жеңижок). Бул —
элдик салттуу сырт кийим. Ал кездемеден тышталат, кара саксактан ичтелет. Мунун
сырты өзүнчө, ичи өзүнчө тигилет. Шартка жараша ичиктин ичи ар кандай өңдөгү
терилерден болот. Ичиктик жакага кара көрпө ойдогудай шартташат. Кийинчерээк
бүйүрмө ичик да тигилүүдө. Ага топчу ордуна илгич кадалат.
Жердиги жашыл болсо, кийимдин өзгөчөлүктөрүн өзү эле баамдатат. Жең менен
жака ойдогудай коюлса, кийим көрктүү көрүнөт.
КАДОО — «Казан кадаган уста, Калк ишине жараган уста» (макал). 1. Бул — катуу
буюм-тайымдарды, шаймандарды оңдоо, керекке жаратуу. Демек, кадоодо устанын
бөтөнчөлүктөрү билинет. Сынган, бүлүнгөн, жарылган, тешилген, көзөлгөн нерсени
же буюмду жиксиз кынаптап бириктирүү. Көбүнчө жыгач, темир, калай, жез
буюмдарды септөөдө кадоо чеберчилиги колдонулат. Анын ар кандай ыкмасы бар.
Оор, калың жана жоон нерселердин эки жагына бирдей шакшак сымал кадооч нерсе
коюшат. Сыйда буюмдардын ички же сырткы кадоосу билинбегендей, жымсалыраак
көрүнгөндөй бөрк менен бекитет. Мындай нерсенин кадоосу чыкпасы үчүн
бөрктөөдөн мурун анын астына эбелек коюшат. Кээде кадоонун учун кичине гана
кылтыйтып чыгарып, аны балка менен билинер-билинбес бөрктөп да коет. Буга
оңтойлуу жумшак темир, жез, мис, калай көбүрөөк колдонулат.
2. Эки жагына бөрктөлүп урулган мык. Ал жарыгын, же капталган катмарын
эпкелиштирип кадаш, бекитиш үчүн колдонулат.
КАЖАРЫ (БУКАРЫ) — «Кажары согуп түр кылдың, Кармаган үйүң гүл кылдың»
(Жеңижок). Бул — өрмөкчүлүктүн бир ыкмасы. Терменин түрү. Түштүк
Кыргызстандын Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал, Ноокат, Алай-Куу тарапта кажарыбукары терме таарлары арбын кармалат. Анын өңдөрү ачык, көчөттөрү төп,
көркөмдүгү так келет. Мында жип түгөйсүз күзүктөлөт. Ал түгөйлөнбөгөн жалгыз
жиптин бирөө кара, бирөө кызыл болсо буга ким кайсы «кештени» (көчөттү) кааласа,
өзү билгендей сого берүүгө болот.
Ат жабуу үчүн уздар «кыйдым» деген кештени арбын түшүрүшөт. Анда көркөм
көчөт кыйгач кетет да, ага беш жети тал жип керектелет. Муну шартка жараша
шалча катары согуп, дубалга тартууга болот. «Керебет жапкыч», «диван жапкыч»,
«жүк жапкыч» өңдүүлөр жасалат. Жерге төшөйт. Буюм жалаң жүндөн ийрилип
согулуп урунууга бышык келет.
Кажары термеде таардын үстүндөгү жүзү (берки бети) кара термедей көчөттөрү
жылма болот. Ал эми астыңкы бетинен (арткы бети) жиптери калкып калат.
Ойдогудай кооздолуп жасалган терме таарлар үйдүн ички жасалгалары үчүн да өтө
ажардуу болот.
Кажары таарынын бир үлгүсүн согууда абалы өрмөк четине көбүнчө тумарча
көчөтүн берип, ал, адатта, ак карадан -болсо, анан «чычкан изи» жүргүзүлөт. Андан
соң «тарак көчөтү» (кадимки чөп жыйнай турган төрт илик) «тумарча», «жарым
тумарча» түрлөрүн терип, кайрадан «чычкан изин» берүү менен сарыдан жана
карадан «сыңар мүйүз көчөтүн» жарым тумарча көчөтүнө айкалыштырат. Булардын
ортолорундагы «чычкан изи» ажыратып турса, буюмдун жүзү байчечекейдей ачык
маанайды берет. Андай согулган таарга жалаң «чычкан из» түшүрүү аркылуу да
көркөмдүк тартуулоого болот. Ошондой эле көркөм көчөттөрдүн четине кызыл
«жээк» берип, алардын ортосуна да «суу» жүргүзүлсө, буюмдагы кооздуктар
ойдогудай шартташат.
«КАЗ ТАҢДАЙ ӨРҮМҮ» — эски өрүмдүн бир түрү. 7—9—11 тал көк тилет. Муну
менен басмайыл да өрүлөт. Мисалы, жети талдан тилип өрмөдө ортосуна кобул
(жик) түшпөй, туташ өрүлүп, «жылаан боор өрүмүнө» окшош жалпак түшөт.
КАЙМАК БЫШКЫЧ — жыгач идиштеринин бири. Түспөлү челектен
бөлөкчөрөөк, бою сокудан да, челектен да узун болот. Анын бийиктиги 80—100 см
дей жасалат. Бул ашкана буюмунун үч-төрт жеринде муунагы, бел куру (алкагы) бар.
Ал темирден, көбүнчө талдан ийилет. Чабактары кудум челектей бекитилип,
ичкелиги менен андан айырмаланат.
Идиштин бишкеги сабаа бишкегине түспөлдөшөт. Анын узундугу 80—90 см,
диаметри 13—15 см келет. Сүт сыртка чачырабагандай кылып, идиштин капкагын
жаап, күпүлдөтө бышат. Муну Түштүк Кыргызстандын айрым жерлеринде «күү-күү»
деп атайт.
КАЙЫ — жердикти (кездемени, таарды, булгаарыны, кайышты ж. б.) бирибирине каттап тигүү. Мисалы, кездемени, таарды терс кайып тиксе, булгаарыга ак
кайышты беттеп коюу.
КАЙЫК — ат жабдыктарына узануунун бир түрү. Тигилген тигиш. Бул —
жүгөнгө, көмөлдүрүккө, басмайылга, куюшканга булгаары кайышка ак кайышты
жана ак кайышты ак кайышка беттеп, чыйратылган тарамыш же кебез жип менен
кайып жасоо. Каптаган ээрди да кайып бүткөрүүгө болот. Өтүк, маасы, көк жеке,
мөкү, кепич өңдүү бут кийимдерди, жагдан, чыны куту, көөкөр, көнөчөк, көнөк, сабаа,
көңдөөл өңдүү тери, шири идиштерин тигүүдө да кайык өнөрү көп колдонулат.
КАЙЫКЧЫ — кайышты беттеп кайыган чебер.
КАЙЫШ — «Сылап-сыйпап үйрөттү, Кайыштан чылбыр сүйрөттү» (Тоголок
Молдо). Бул — малдын, кайберендин терисинин ийлеген түрү. Ат жабдыктардын
негизги жердиги, жүнү алынып, же ашатылып ийленген тери. Чабылган ээрди
каптоодо чылгый тери керек. Жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, канжыга,
тердик, желдик, чылбыр, үзөңгү боо, камчы өңдүүлөрдүн бөлүктөрү бүтүндөй
териден турат. Үй жыгачтарын көктөөдө, чарык, кепич, маасы сыяктуу бут
кийимдерин тигүүдө, кур, бычакка кын кылууда жана башка буюмдарды кармоодо
кайыш керек.
Кайыш жасоодо «терини жыдытуу», «терини малмага салуу», «терини ашатуу»,
«терини талкууга алуу» өңдүү ыкмалар колдонулат. (Булар китепке өзүнчө термин
болуп түшүүдө.)
Кайыш «ак кайыш», «күдөрү кайыш» деп эки түргө бөлүнөт да, муну жасоо
аракеттери бири-биринен айырмаланат. Айрым чеберлер кайыш өрүмдөрү үчүн
кунаажындын терисин тандашат. Өгүздүн териси өрүмгө анча жарабайт. Мунун
өркөчү менен соорусу калың, калган жерлери жука болот да, тилими бирдей
түшпөйт. «Эки эли кайыш кур менен, Досунун белин курчады» (Осмонкул).
КАЙЧЫ — 1). Чеберлердин уздук жана устачылык куралы. Күмүштү жана күмүш
ордуна колдонуучу жезди, мисти, колону, калайды, нейзилберди, мельхиорду,
датчалбасты жана башка заттарды кертүү-кесүү үчүн колдонулат. Анын эки жаагы
калыңыраак темирден тандалат да, бир аз катуу келип, ал элпек кайчылоого
шартташкан. Кайчынын кармай турган жагы баш бармак менен сөөмөйгө
илингендей шакекче келип турат. Муну зергерлер «күмүш кайчы» деп да коюшат.
2). Узчулук куралы. Жумшак нерселерди (кийиз, кездеме, тери, таар) кесүүчү
кайчылардын жаагы элпегирээк келет да, сыйдараак жасалат. Кайчынын кармай
турган жаагы тегерек шакекче болуп, баш бармак менен сөөмөйгө илинет. (Кайчы
жаактарынын карама-каршы тургандыгынан «кайчыла» дегенден ушундай
аталышы мүмкүн).
КААЛГА— (боз үйдүн каалгасы) — Үй жыгачынын бир бөлүгү. Бул топтоосуз,
мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн
турган тактайча. Түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын
баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип, элпек ачылып-жабылат.
Эшик каалгага, босого-таякка түшкөн көркөм оюм-чийимдер үкөктөн, сандыктан
анча айырмаланат. Үкөккө «мүйүз», «кыял», «бармак боочу» оюмдарын беттеп
«табак оюмду» берүү шарттуу болсо, каалгага «мүйүз», «ит куйрук», «карга тырмак»
оюмдарын үзүл-кесилсиз «жалпы оюм» кылып чийүүбүз көрктүү көрсөтөт. Боз үйдүн
каалгасына үкөктөй эмес эле тактайдын бир учунан баштап эч жеринен өөн
чыгарбай узун чийип алып, ага көркөм оюмду кынаптап түшүрүү салты сакталган.
Ага түшкөн кооздуктар босого-таякка үндөшөт да, жыгач оюмунун бир бүтүмүн
түзөт. Босого-таякка жана каалгага заводдон чыккан химиялык боекторду сүртүүгө
болбойт. Коюу тартылган сыр үйдүн ички жасалгасын өзүнө жутуп алат. Дегенкиси
жыгач буюмдарынын — үй эмеректеринин өңүн өзгөртүү оюм-чийим түшүрүүдөн
кийин гана жүзөгө ашат. Эгер мүмкүн болсо оюм-чийим түшкөн жыгач буюмдарына
кичине жошону сүртсө болот. Жошо жыгач улам эскирген сайын жүзүн ачат.
Каалганын ортосунда үкөктүкүндөй кулпу салгыч болот.
Жыгачка көркөм оюм түшүрүүдө көбүнчө шырдакка түшүрүлүүчү элдик оюмдар
көрүнөт. Чыныгы чеберчилик абалы — оюмду тактай бетине чийип алуу. Буга оюм
түшүрүүдө чебер өзү жасаган аспаптарын колдонот. Мында жыгачтын ички
касиеттерин тааный билүү зарыл. Жыгач оюмдарына терек мыкты болот.
Карагайдын жаш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу муунактары, сызыктары бар.
Чайырдуу келип, бутактары арбын аны иштетүү татаал. Тактай беттери темгилтемгил келет. Натыйжада, ага көркөм оюм түшүрүү дааналанбайт. Терек бети аппак,
ойдогудай иштетүүгө жумшак, чеберге шык берип турат. Азыр жергиликтүү
теректер арбын пайдаланылууда.
Жүк такта, сабаа такта, үкөк өңдүү салттуу буюмдардын түп нускаларына назар
ташталып, чанда гана жыгаччылардын колдорунан тама турган мындай үлгүлөр
азыр эки максатты тең көздөп, колдонмолук да, жасалгалык да мааниге ээ болот.
Бул буюмдарга «кыял», «табак», «мүйүз» оюмдарынын элементтерин табакчатабакча жана жалпы оюм менен так
жана төп түшүрүү менен боеп-сырдоонун эски элдик ыкмалары пайдаланылат.
КАЛАЙЛОО — «Жалгыздын куюшканын калайлап, Мен куда болуп мал айдап»
(«Саринжи-Бөкөй»). Бул — бир эсептен данакерлөө. Күч келүүчү буюмдар
калайланбайт. Ташкалай анча эрибейт. Усталар мындан көз-көз ат жабдыктарынын
шөкөттөрүн, чач тарактарын кармаган.
Илгери ачуу ношотур Кашкар тараптан келүүчү. Чоюн казандын сыныктарын
чогултуп, көрүккө коюп эритип, калыбына салып, андан буурусунга тиш куя турган.
Бул — зергерчиликте колдонуучу күмүш түстүү жука, жумшак, каңылтыр металл.
Калайлоо — муну менен буюмду же идишти чайкоо, «Жылтыраган калайлуу, Сандык
сатты кайран эл»» (Ысак Шайбеков).
«КАЛМАК ӨРҮШ» — жөнөкөй өрүмдүн эң эски ыкмаларынын бири. Ага он эки
көктүн үстү-астына бирден тал «аркак» болуп түшүп отурат да, бир кыр чыгат.
Мында «куюшкандын кошундусуна» чеберлер жыйырма төрт тал тилет. Анын
кандай жупталып кеткени жиксиз болот. Өрүмдө тал кайышты тоголок кылыш
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.