Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23

Total number of words is 3702
Total number of unique words is 1832
23.4 of words are in the 2000 most common words
33.5 of words are in the 5000 most common words
40.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
копол көрүнүп калат. Устанын баяндоосунда ээрдин чарасынын алдыңкы актыргага
«тыйын эңиште», «улак тартышта» согончок чап илине түшөт. Ошондуктан, усталар
атайын улут оюндары үчүн бирден ээр чабышкан. Анын көчүк басаар чарасы
жайыгыраак келет да, актыргасы кенен болот.
Ээрдин моюну кыска болсо, бир моюн адамдай көрүнүп калат. Ал эми кашы
узунураак өзүнүн ченемине келип, суйкайыңкы болуп турса, аргымак аттын же
туурунда таранып олтурган кыраан куштун моюнун элестетет.
Акыйкатта, ээрдин моюну так ошондой болгондо гана кашы көрпөчөдөн койкоюп
көрүнүп турат.
Ээрдин эки капталы — үзөңгү илээр жери дөңүрөөк болушу зарыл. Ал аттын эки
далысынын чуңкурчаларына кынаптала кирип, демек, ат мында бөйрөк жоор
болбойт. Ээрдин баш-аягы аты жок менен чыканак аркылуу өлчөнөт. Ал «чыканак
чен» деп аталат. Ээрдин арты (арткы актасы) туура карыш болсо, аттын белин
баспайт. Ээрдин алдыңкы «сээри», башкача айтканда, «алдыңкы актасы» сөөм
болушу максатка ылайыкташат. Ээрдин үстүңкү эки капталы устанын өлчөмү менен
туура эки карыш болот.
Көл тарапта ээрдин жердигин тал менен теректен тандашат. Мунун ичинде кара
талдан даярдалган ээр кийин кажып кетпей, урунууга өтө бек келет, Терек ээр утуру
тетири чабылат да, муну да кармоонун ички-сырткы сырлары бар. Демек, талтеректи кыйып келээри менен дароо чаба коюп, биротоло чабылган ээрди бир
жерде кургатат. Кургоо учурунда жарылып кетпеши үчүн алар да солидол сыйпап
таштайт. Анан биротоло чабылып, кургап бүткөн ээрди уста уйдун чылгый териси
менен каптаганда ал чап кармайт.
Алар көбүнчө «кучмач» ээрге узанышат. Анын кашын чеберлер туурда таранып
отурган куштун томогосундай өтө көркөм чыгарганы менен көрүүчү сынакейлерди
өзүнө тартат. Ээрдин узундугу 55 см, дм и 46 см болгондо ал карчыттуу болуп,
жылкыга токууга талаптагыдай шартташат. Ээр далынын күзгүсүнө бирдей жатып,
арты аттын бөйрөгүнө кынаптала түшөт. Андыктан, ээрдин астыңкы тарагын эки
жарым эли, арткы тарагы үч эли, ээр каптыргасына чейин сөөм кылып кармообуз
керек.
«Бир эле ээр аттын алты жерин жоор кылат» — дешет тажрыйбалуу чеберлер, —
ошолордун бирөө жоорубаса ошол «ээрчи» деп аталат. Жаман ээр аттын өркөчүн
шишитет. Ээр эки бөйрөгү менен эки далысын басат да, аттын белине тиет. Айрым
усталар көңүлүнө жаккан эски ээрди аттын белинен алып, анын бөлүктөрүн карап,
көңүлгө түйүп, өлчөмүн ченеп, ээр чабууну баштайт. Ал ээрдин түспөлү бара-бара
көкүрөккө жатталып калат.
Күзүндө талды кыйып, анан чоң ээрлердин узундугун 55 см кылып араалап,
кабыгын аарчыбай, бетине гудрон (кара май) сыйпап, көлөкөгө коюп, эки-үч айдан
кийин кургаганда аны чаба баштаган ээрчилер бар. Мында ээрдин ар бир бөлүгүнүн
кагазга чийилген өлчөмү сакталат. Тактап айтканда, см менен берилген кагазда
ээрдин бөлүктөрүнүн үлгүлөрү так болот.
Усталар «чоң ээр», «орточо ээр», «кичине ээр» — деп, муну көлөмү боюнча үчкө
бөлүп узанышат. Ээрдин кадимки нускасын чабуу үчүн эски ээрлерди иликтеп,
алардын үлгүлөрүн так алууга аракеттенүү керек. Ээрди курап да жасашат. Ал
«курама ээр» деп аталат. Мындайынан алганда «курап жасоо — усталык, туюк чабуу
жөнөкөй эле өнөр» — дешет. Деген менен бул эки ыкмага тең устанын колу тиет.
Куранды ээр кармоо — татаал аракет, түйшүктүү келет. Мунун сыры желимди
«ичире» жана аны жасай билүүдө турат. Тарамышты тарап, желим аркылуу аны
курандылап «ичирүү керек». Ичирүү — желимди коюу жабуу. Эски анжиян ээрин
таап, аны атайын ажыратып, ички бириктирилген ыкмаларын байкаса, мурунку
усталар буюмдун түбөлүктүүлүгүнө назар ташташкан. Ал ээр сегиз бөлүктөн болот.
Ээрдин эки капталы, кашы так ортодо болуп, акырек тең эки бөлүк, чарасы үч бөлүк,
эки капталы эки, ортосу бир бөлүк болуп түшөт. Бири-бири менен жешилбөө үчүн
мына ушул бөлүктөргө усталар мүйүздөн, сөөктөн «жээк» кылып коюшкан. Кайың
кабыктарын жаап, өзүнчө кооздук берген. Анжияндык кыргыздардын ээри туурга
конгон туйгундай сындуу келип, «сыры кетсе да, сыны кетпейт». Ал жылкынын
белинен омоктуу орун алат. Жеңил да, бышык да келет. Көпчүлүк усталар жалпы
журтчулукка бирдей жаккан мына ушул ээрдин үлгүсүн алууда. Ат жабдыктарын
кармоого ышкысы артылган чеберлер бир топ сынган ээрлерди чогултуп алып,
мына ошолордон үлгү жаратат. Мыкты усталар чапкан же кургаган ээрлерине
өзүнчө талап коет. Ат оонаганда, улут оюндарында («эр эңиш», «улак тартыш» ж. б.)
токунганда сынбашы тийиш. Улам убакыт өткөн сайын ээр ич ара чапталышып,
жыгач өзүнүн ички касиеттерин кармап, бышыктала барышы зарыл. Албетте, бул
буюмдун жердигине, аны табы менен кургатып, иштете билүүсүнө шартташат.
Чебердин айлакердиги мына ошондо билинет. Демек, үстү адамга тынч, алыс-жакын
жүргөндө белибиз оорубайт. Элдик оюн - шоокторго атайын токулууга жасалып
калгандай туюлат. Анткени, «улак тартышта» улакчы ээрдин кашына алат. «Эр
эңиште» балбандар ээр кашын кармашат. Бири-биринин колдорун каштын
ачакейине басышат. Азыркы усталардын көбү ээрлердин кашын жакшы беките
алышпайт. Натыйжада, бак-дарактардын бутактарына илинсе, сарайларга киргенде
босогого каштары сынып калат. Кашты жасоо, омкорулган каштын ордуна каш
салууда айрым усталар жан киргизип коюшат.
«Сынбасты уста кармабайт, өлбөстү кудай жасабайт» — дейт. Кандай гана буюмтайым болбосун өзүнүн чегине жеткен сапатта болушу талап кылынат. Ээр жерден
бирдеме эңгенге оңтойлошот. Кой-эчки жана башкаларды өңөргөндө үзөңгү шак
бутка илине калып турат. Ат майдандарында тамандуу үзөңгүдө салмак болот.
Кандай гана буюм кармаба, аны берилип, каалоо менен жасап, ал буюмду сактап,
барктап урунуубуз устанын кадырын арттырат.
«Малдын жашын менден сура, кайыштын жашын майдан сура» — дейт. Ат
жабдыктарынын бөлүктөрүн жылына эки курдай майлап, кургак кийизди бензинге
малып, чабылган шөкөттөрүн сүртүп туруу керек. Тери буюмдары үчүн балыктын
майы, сорпонун майы колдонулат. Жылкынын майы кайышты кыпкызыл кылып,
ага наар түшүргөндөй өң берет. Каштын башын булгаары менен каптоодо чоң
чеберчилик болушу зарыл. Мейли усталар ээрди туюк чабабы, же курап жасайбы,
баары бир желим менен тарамыш керектелет. Ансыз ээр ойдогудай бекемделбейт.
Айрымдар мурунку усталардын кармаган ээрлеринин сүрөтүн тартып,
чийимдерин так алып, мына ушунун негизинде өзүнүн чаба турган ээринин ченемин
табат. Демек, мингичке токууда мына бул үлгүнү пайдаланган чеберлер бар. Ээрдин
жердик коер каптыргасы 44 см, кашынын бийиктиги 32 см, чарасынын бийиктиги
26 см, ээрдин алды (өркөчкө тийүүчү жери) 30 см, анын үстү жагы 19 см, ээр
кашынан чарасына чейинки узундугу 55 см, чарасынын туурасы 41 см, чаранын ээр
кашынын түбүнө чейинкиси 41 см, арткы каптыргасы 36 см болушу зарыл. Ээрдин
алдыңкы чагарак илгичи 9 см, арткысы 18 см, экөөнүн туурасы 9 см келет. Ээр
чабууда усталардын бири-биринен айырмасы ээр өлчөмү боюнча 5—1,2 см эле боло
алат. Адам ат менен ат жабдыктарынын кадырына жете урунуусу бул буюмду
жасоого шык болот.
Күмүштөн башка жалтырак металлдар сыяны өзүнө кабыл албайт. Шөкөттөрдүн
жүзүн ачпайт. Чапкан кооздуктарда усталар эркектер менен аялдардын эски ат
жабдыктарынан нуска катары калтырылган үлгүлөрүнүн ортосунан өзүнчө форма
— түр тапканы көрүнөт. Албетте, узануунун бөтөнчөлүктөрү аспап-куралдардын ар
түрдүүлүгүнө байланышат. Аны ар бир чебер өзүнүн көөнүнө жаккандай жасап
алышат. Мүйүз балка жука темирлерди чабууга шартташат. Чөлмөк шибеге «чүмөк
шибеге» десе да болот. Ал кайыш менен булгаарыны беттей кайып жатканда
чымыратып тартып турат. Сары мүйүз илме шибеге болот. Чеберлер аймактык
ээрлердин сүрөтүн анын өлчөмүн алууга да болот.
Талас өрөөнүндө ээрдин эки түрү бар. Анын бири «кудаяр ээри» деп аталат. Муну
«Кокон ээри» деп да коюшат. Кашы жалпак келет. (Сүйрү калак баш сымал кашы бар
ээрлер Талас тарапта арбын болот.) Ага оюм-чийим шөкөттөрү, гүл мыктары
чабылат. Зергерлердин ээр кашына жука металлдарды чаап, бетине оюм-чийим
түшүрүү салты азыр да сакталган. Мындан сырткары «Анжыян», «Куш баш ээри» эл
ичине таралган. Бул таберик-нуска катары жүздөгөн жылдары колдонулган
буюмдар өзүнүн көөнөрбөс үлгүсүн, өлбөс-өчпөс өмүрүн жана сын-сыпатын сактап
кала берет.
Ээр чабуу жеңил-желим иш эмес. Ээрдин накта үлгүсүн табуу үчүн аттын үстүнүн
гипси менен калыбын алган чеберлер бар. Азыр жылкылардын жаңы тукуму
өстүрүлүүдө. Мына ошого карата ээрдин жалпы өлчөмү өзгөрүшү да мүмкүн. Биз
үлгүнү эски-жаңы кылып сактообуз керек. Ошондо орточо алганда ээрдин эки
актаргасы 43— 45 см, өркөчтүн үстү 15—16 см болушу тийиш. Чоңу болсо, өркөчтү
басат, кичине оюлса, атты жоор кылат. Ээрдин арткы бел басаары, 20—22 см,
чарасынын туурасы 40 см, киши отура турган жеринин алды 12 см, эки актырганын
ортосу 30—32 см ге барабар. Арт жагы 34—35 см болот. Ээр кашын өзүнчө жасашат.
Минтип жасоодо жыгач да үнөмдөлөт. Кашы менен чапкан ээрдин жыгачы жумуру
болушу тийиш. Анан1 ээрге үч бурчтук формада кашты аштап, желимдеп коёт.
Мында ээрдин чарасынын жукалыгы 15—18 см болот. Бул чебердин өтө
кылдаттыгын баамдатып турат. Мунун жердигин уста теректен тандаса, мындай
жыгачтын суу кезин, же кургак кезин даана билүүсү керек. Суу чакта чапса, жыгач
кургаганда куушурулуп, өзүнөн-өзү кысылып, кичирейип кетээри түшүнүктүү.
Демек, жыгачтын туурасынан жыйрыла турган касиети болот. Мында абалы анын
ичин оюп алып, анан үстүн сыйдалайт. Ошондо жыгач мээлүүн кургап, улам чаап,
улам коюп отуруп, өз өлчөмүнө келтирилет. Кыйылган терек кабыгы аарчылбай
күндүн ысыгында жатса, анда өзүнчө биологиялык процесс жүрөт да, борсуйт, ич ара
ачыйт. Ошол боюнча кармаган ээр кийин баштапкы абалын сактай албай, кажып
калат. Ошон үчүн сууга кайнатып, сары суусун чыгарганда жыгачтын тарам-тарам
болгон тарамышы гана калат.
Айрым усталар ээрдин 15—20сын бир убакта чабалышат. Мында алды кургап
чапканча берки чабылуучу ээрлер күтүп турат. Ошондо айына 20—25 ээр колдон
чыгат.
Негизи терек ээр август айында кыйылат. Теректи аарчыйт да, бир ай жайында
сулк жатат. Сомдогон ээрлер көлөкөдө болуп жарылайын десе же катууланып
баратса солидол сыйпалат. Чоң уйдун териси болсо 14—15 ээрге тыш болот.
Болжоодо он бир ээрге сегиз кило (2,5—3 см) мык жумшалат. Айрым усталар
«Нанбаш» ээрин алты бөлүктөн кылат. Айырмач ээр 18 бөлүктөн турат. Куш баш ээр
туюк чабылат. Ээрди чабууда, анын кашын чыгарууда бычак албай, жалаң керкинин
мизин этиет тийгизип отуруп, кашыктай сыйда кылып таштагандар бар.
«Эр ээринин ата башы ак каңкынын» түспөлун усталар эски ээрлерден алат. Муну
кичине да, орточо да, чоң да — так өзүндөй кылып да чабууга болот. Албетте, ээр да
өзгөрө бериши мүмкүн. Усталар анын жаңы түспөлүн табууга изденишүүдө. Буга
кынаптап тердик менен желдикти шайкештентүү керек.
Куранды ээр чабууда да чеберлердин жекече өздүк ыкмасы, байкоолору бар. Буга
40—50 мм тактайлар жарай берет. Ал атайын үлгүлөр менен кесилип алынат да,
аракет ээрдин бөлүктөрүн даярдап алуудан башталат. Демек, ээрдин каптыргасы
өзүнчө, чарасы менен эки акыреги, кашы өзүнчө кармалып, курама ээр негизинен
жети бөлүктөн турат. Алар бири-бири менен жиксиз кынаптала ашталып, желимге
«ичирилет».
Туюк ээрден курама ээр абдан айырмаланат. Биринчиден, мында жыгач
үнөмдөлөт. Экинчиден, токунуп жүргөн чакта кийин ээр баштапкы калыбын
сактайт. Үчүнчүдөн, курандылар каршы-терши жайлашып, Анжиян ээрден бышык
болот. Буга азыр «ПВА» смола өңдүү желимдер пайдаланылат. (Бул — химиялык
жолдор аркылуу жасалган чайыр.) Кучкач ээрдин кашы кичине келет. Куштун
башына окшошот. Ошон үчүн «кучкач ээр» (куш баш ээр) десе керек. Ак каңкы болсо
башы барбайып, бүркүт томогосундай (негизи бүркүт баштанып) алдына эндүү
болот. Экөөнүн тең көөдөнү бирдей келет. Мында эки ээрдин кашынан гана айырма
көрүнөт.
Ээрдик талдын узундугун 50—55 см кесип, адегенде акта келүүчү жагын түздөп,
чаап алат. Астыңкы акта менен арткы актанын өлчөмүнө карата (акта-желдик
келүүчү жери) чийип алып, ошого карата актанын коңулун биринчи бүтүрсө болот.
Анан ээрдин үстүңкү бетин чаба баштайт. Буга чарасы менен моюну кирет. Эгер тал
нымдуу болсо, иштетүүгө жумшак келип, узануу учурунда жарылбайт. Жердик өтө
катуу болсо чабуусу оор. Өтө суусу жарылып кетет. Чаранын формасын чыгарган соң
анын кашын бүтүрөт. Эгер жыгачтын өлчөмүндө ээрдин көөдөнү кошо чыга турган
болсо, кашты туюк эле бир чабуу керек. Көөдөнү жетпесе, кашы өзүнчө жасалат да,
экөө бири-бирине ашталат. Мында актанын узундугу ээрдин кашы менен
чарасынын узунунан 10—12 см кыска болот. Анда жалпы ээрдин узундугу эки
карыш, бир нукумдай (50—55 см келет). Ошондо актасы 40—42 см, актарынын
коңулунан бийиктиги алды болжолдо 14—16 см (бир карыш), артынын бийиктиги
11—12 см (сөөмдөй) келип, ээрдин атка отурушу көркөмдүү көрүнөт. Ээр бийик
болсо, коңкоюп калат.
Терекке караганда ээр чабуу үчүн бак мыкты көрүнөт, — деген усталар бар. Ал
тарамыштуу катуу келет. күздө кыйып, ченеп алып, абалы аны балта аркылуу
сомдойт. Анан керки менен майдалап чаап, ээрдин өзү жаралгандан кийин -ал
жарылып кетпеси үчүн чоң казанга тузга кайнатат. Мында ичиндеги заттар сууга
чыгып, бактын тарамыштары бири-бирине жабышып биригет. Тузду жыгач өзүнө
сиңирет. Анан малдын майын же вазелин сыйпап койсо, ээр какыс болуп, өмүрү
жарылбайт. Тузга кайнатуудан чыгары менен, ушинтип, күн көргөзбөй туруп, дароо
каптоо зарыл. Ошондо элдик ат майданына токуп, ат оонап калсын, оңко турсун,
жарылып кетпейт.
Айрым ээрлер улакчылар токунууга шартташкан бөтөнчөлүктөрү болот. Анда
үзөңгү боо өтүүчү теминги эки элидей өйдө алынат. Бул улакчы улакты өйдө ныгыра
жапмага — жоон санга жеткире тыкан басууга оңтойлошот. Ансыз улак жапмадан
салаңдап калат да, ал колдон бат чыкма болот.
Ат-Башы, Нарын өрөөндөрүндө бака терек өсөт. Ал оролуп чыгат да, шоо
жарылып кетпейт. Бышык келет. Бул — илгертен бери климатташкан өсүмдүк.
Мырза терек шоо кетип, түз жарылат да, мындан чапкан ээр кажып калат. Ар бир
устанын өзүнчө ыкымы болот. Ал ошол аймактын жер шартына байланышат.
Октябрь айы ченде тал-терек бышат, жалбырактары түшөт. Ошол тапта кыйып,
ээрге ченеп-өлчөп араалайт да, балта аркылуу сомдоп, көлөкө жайга, как жерге коет.
Арадан он күн өткөрбөй «жарылбай жакшы кургап жатабы» — деп, улам карап турат.
Эгер жарылайын деген шек берсе, аны солидол менен майлашат.
Илгери болсо ошол жерге уйдун жаңы тезегин жабыштыра сыйпап коюучу. Күн
алыс ошону суу менен жышып туруучу. Терек жайында бир айда кургайт. Ээрди
арчадан чапкандар да бар. Капталбаса, кадимкидей арча жыты уруп турат. Аны чаап
бүткөндөн кийин ага акиташтын суусун сыйпаса, кийин кыпкызыл болуп калат.
Туюк чабууда ээр кашы негизги чарадан бийигирээк келет. Курсактуу адамдарга
ээрдин моюну кыскараак келет. Себеби, ичти урбайт. Ээр кашы бычак менен чыгат.
Ээр чабууда: түз керки (кадимки керки), ийги керки (чуңкур жери жаңырган ай
сымал), жеңил керки (моюну жеткен жери чабылуучу керки). Буларды чеберлер
курч, серпилгич темирден жасап алышат.
Айрым чеберлер ээрдин жердигин көк терек менен жөнөкөй талдан тандашат.
Муну чабуудан мурун ээрлерди чогултуп, үлгүлөрүн атка токуп көрүп, айтор, өзүнчө
сындан өткөрүп, анан жердикти кайсы убак болсо да кыйып келип, койдун жаңы
кыгын күрөп келип, тал-теректи ошого көөмп, он-он беш күнчө жаткырып алат.
Мында аарчылган ак жыгач өрүк өңдөнүп күрөң тартып, өзүнөн-өзү чымырданат.
Керки чакырлап, араң өтчүүдөй болуп калат. Ээр биротоло туюк чабылат. Чабуу
учурунда кичине кемтик чыкса, жиксиз улап коюу, албетте, устанын кылдаттыгын
көрсөтө алат.
Ээрди чабууда айрымдар кагаз үлгүсүнө таянат. Ал бир нече бөлүктөрдөн турат.
ЭЭР КАПТОО — ээрди каптоо төрт бөлүктөн турат. Абалы алдын, эки
каптыргасынын баш-баштары, чарбасы, үстү капталат. Териге өзүнчө өң берүү үчүн
кадимки кара тушту (сыяны) пайдалангандар бар. Аны чылгый теринин ич жагына
сыйпайт. Ошондо ал сырткы өңүнө чыгат. Ансыз ээр кадимки жыдытылган
карындай чел болуп, ээрдин жыгачы көрүнүп калат.
Сыйрып алары менен терини жылуу кезинде эле түгүн сыртына чыгара ороп
коёт. Ичине жел кирбей жылуу жерге турса, ал төрт күндө жыдыйт. Жүнү өзү эле
колго келбей калат. Ички челин, тери этин кырып алат. Сөөктөй катып калган тери
болсо да жибитип, жүнүн жыдытат. Терини ээрге каптоодо эки см дик мык
керектелет. Буюмдун жээктерин жана каштарын кооздоо үчүн бөрктүү мыктарды
пайдаланат. Аны ээрге чапканда көрпөчөлөнгөнсүп, кадимки шөкөттөлгөндөй,
сынпоздолгондой кооздукту тартуулап турат.
Кол кайык аркылуу жүзөгө ашырууда жыгачты араалоодо же чөптү таңгактоодо
механизмди кыймылга келтирүүчү капрон жиби бар резина аралашкан жазы тасма
курду тилип, эки катын ажыратып алса болот. Ошону кайыш менен булгаарынын
ортосуна беттей коюп кайыйт. Кайык жипке капронду пайдалангандар бар (өзүнчө
чоң түрмөк, аны дүкөндөрдө сатат). Тилинген кош кат кайыш булгаарыны дискага
кыпчытып, жүгөндү, көмөлдүрүктү, басмайылды, куюшканды алты-жети күндө
кайып бүткөндөр бар. Ошондо бир ат жабдык жарым айда колдон биротоло чыгат.
Ээрди каптоодо уй терисинен төө териси 8—10 жыл бышыгыраак болот.
Кийинчерээк ээрчилер уй териси менен эле каптап жүрүшөт. Аны жыдытуу үчүн
айрымдар бетине акиташ себет. Анда ички кыртышы жумшарат, жүнү жыдыйт.
Жумуру жыгачты тамга жөлөп, ошого жыдыган терини артка салып, жүнүн орок
менен шыпырып ташташат. Кайра ички бетин сыртына арта каратып, челин да
сыдырат. Анан эки-үч кун таза сууга салса, акиси
кетет. Ансыз каптаганда жылаңач ээрди тери чап кармай албайт. Ал «Там тешээр
ээр» болуп калат. (Тамга койгула, ат-маты менен эшиктен кир, ат жыгылып, үч-төрт
ала салсын, оңко турсун ээр сынбайт. Ушуну там бузаар ээр деп атайт.) Эгер ээр
кургап, даяр боло элек чакта анда аны каптоочу терисин белендеп алат. Ошол жүнү
шыпырылып алынган кургак көлөкө жерге керип, калдыркандай катырат.
Айрымдар терини ным жерге таштап, чиритип же көгөртүп коет. Ошол кургатып
алган терини сууга салып, чылгый кылып дароо ээрди каптай коюшат.
Демек, ээр каптоо — бодонун чылгый терисин чабылган ээрдин сыртынан
бычып карматуу. Мында ар бир чебердин өзүнчө таандык ыкмалары баамдалат.
Чебер терини челекте муздак сууга жыдытып, жүнүн бычак менен алат. Кайрадан
туздап, челекке эки күнчө салып таштаса, тери чыйралат да, калыңдыгын да,
сапатын да сактайт. Чылгый терини чабылган ээрдин сыртынан бычат да, өзүнүн
мыгы менен урат. Тери чылгый чагында капталса, ээрди чап кармайт. Чылгый
теринин өңүн буруш үчүн азыркы чеберлер кара лакты, көк, жашыл жана кызыл
боекту да пайдаланышат. Терини чала ийлеп, туз жаап, ысык сууга салып, күнү-түнү
коюп да жыдытууга болот. Абалы ээрдин ичи, анан эки каптыргасы капталат. Ээр
каптоо үчүн чеберлер кайыңдан мык жасашкан.
ЭЭРДИ СЫНПОСТОО — капталган булгаарыга кооздук түшүрүү. Түшүрүүчү
сынпостоодо мурун ээрди булгаары аркылуу каптайт. Мунун каптыргалары да
булгаары болот. Ал тердикти жаап турат. Ошого чебер өзүнүн чийим шибегеси
менен оболу кичине ичке оюм түшүрөт. Анан жумуру сабы бар чийим шибегени отко
ысытып алып басат. Мында усталар өзүнө таандык көркөмдүктү берет. Ээрге жана
тердикке түшүргөн чийме сынпостор «мүйүзчөлөнүп», «кыялданып», «карга
тырмактанып» кетет. Айрымдар ээр каптоосунда да жекече ыкмалары бар. Мында
жылытылган тери аркылуу капталган ээрдин кашын өзүнчө каптап, анын үстүнөн
тигип коет. Себеби, ал жыртылганда кайра тигүүгө оңтойлуу келет. Кара
булгаарынын ичин кийиз же нооту менен ичтеп, четине нечен түрдүү кайык
түшүрүп, жээктери кийиз, тукаба өңдүү бышык жердиктер менен да кыюуланат.
Ар бир өнөрдүн түрлөрүн табы менен кармаган зергерлер жигит ээринин эки
капталынын этегине ак жип (илгери жибек тарамыш) менен энин жарым элидей
кылып, «жээк» коюшат. Ага эни эки элидей кош карыш ичке балык жон «наар»
келтиришет да, анын ичинен чийим шибегеси аркылуу «ийрек» сымал «тиш-тиш»
түшүрүшкөн. Мындай «чиймесынпос» өзүнчө эле кооз көрүнгөн.
Айрымдары муну өзүнүн «кыял оюмдары» менен да наар кылып түшүрө алуучу.
Чийим шибегесиндей эле «чийме сынпосту» түрлөнтүп жиберүүгө өтө онтойлуу
«жылдызча», «тоок көз», «тегерекче», «толкун» сыяктуу аспаптары кол булгаарыга
кооздук ыроолоонун мыкты шарты экенин баамдайбыз. Бул көркөм көчөттөр
ээрдин эки капталына бипбирдей түшөт. Мында ээрдин кашы оюм-чийим түшкөн
моюнунан өйдө өзүнчө капталып, алкымынан булгаары чачы чыккан. Албетте, эски
зергерлердин берген «чийме сынпостору» биринен-бири кайталанбай, кайра
түрлөнтүп кетишчү. Анткени менен кимдин «чийме сынпостору» экенин эл билип
туруучу. Ушундан улам усталар ат жабдыктарына узанууда терини колдо
иштетүүнүн асемдүү сырларын мыкты билишкен.
ЭЭРДИ ШӨКӨТТӨӨ — буюмдун бетине түстүү металлдарды чабуу. Темирге
күмүш жалатып, көрчөгөлөрдү берүү менен ээрдин бетин кооздоо салты. Мында да
ар бир зергердин өзүнө таандык чеберчиликтери баамдалат. Ээрдин алдыңкы,
арткы акталары күмүш менен жээктелет. Көкүрөгүнүн асты-үстү жана ээр кашы
айланта туташ чабылган күмүш алкактарга «чапкылоо», «сыя төгүү», «кесүү», «оюм
кылуу» өңдүү көркөм ыкмалары менен кооздуктар түшүп, атайын көркөм
калыптарга куюлуп, жылдызчаланган көрчөгөлөр (топчулар) чабылат. Ээрдин
алдыңкы бетине чөгөрүлгөн кызыл, жашыл, көк, сары түстөгү асыл таштардын
төгөрөгү эшилген майда күмүш зымчылар жана торчолор аркылуу «тогуз
төбөлөнөт». Мындай кооздук ээрдин кашынын эки ачасында да күйгөн жылдыздай
жаркырап көрүнүп турат.
Зергерлер кыз-келиндер үчүн токунган ээрлерге узанууда бөтөнчөлүгү бар. Анын
эр ээриндей тегерек кашы болбойт. «Ыңырчак сымал» алды-артын бирдей көрүнүп,
муну көк менен да, жыгач менен да кураштырып жасоого болот. Демек, зергерлер
ээрдин алдыңкы-арткы беттерине туташ күмүш чабышат. Четтерине «араа тиш»,
«толкун», «чычкан изи» сыяктуу көркөмдүк жүгүртүшүп, анан кооз оюм түшөт. Ал
«мүйүз», «кыял», «карга тырмак» өңдүү оюмдардын элементтерин таасын сактайт.
Буга да эр ээрдей жашыл, сары, кызыл, көк асыл таштар, айнектер чөгөрүлүп,
«чапкылоо ыкмасы» менен атайын из түшүрүп, көркөм чиймеге «сыя төгүп»
кооздолот. Жука күмүштү кайчылап, оюм кылып чаап, шөкөттөгөн усталар да болот.
Алды-артына бирдей сүйрү каш чыгара чаап, укмуштай шөкөттөөчү усталар
Талас, Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал тарапта көп чыккан. Андай
ээрлерди кооздоо, албетте, беркилерден айырмалануучу бөтөнчөлүктөрү бар.
ЭЭРДИ ТОКУУ — атты минүүгө даярдоо. Абалы ичмек салынат. Ичи кийиз
шөкөттөлгөн тердиктин үстүнө ат жабдуу түшүп, кош желдик бастырылат. Мурун
куюшкан анан көмөлдүрүктөн кийин — басмайыл тартылып, жүгөн катылат. Белине
ээрди кондурганда туурда турган куштай көрүнүп, ат соорусунан караганда эки
кулагы шамдай даана көрүнүп, ээр аттын өркөчүн баспайт. Мында кучкач ээрдин
кашы шаңшыган бүркүттүн томогосундай, сергек сезип, таранып отурган алгыр куш
элестейт. Ак каңкы ээрдин куш башын жээктей атайын көркөмдүк үчүн чөгөргөн
күмүш, мүйүз, сөөк көрчөлөр кара баркут көрпөчөдөн кашкайып, седептей агарып
көрпөчөнүн кыюусуна жарашык берип турат.
Кыз-келиндердин ээр токумунда эркектердикине караганда күмүш шөкөттөрү
өтө бай чабылгандыктан ат жарыктыктын төрт туягы гана көрүнөт. Толук септелген
кызды аткарган ат күмүш да септелгенсип, чайпалып калат.
Ээрден башка ат жабдыктардын бөлүктөрүнүн кооздолгон түрүн «жалпооч» же
«жалпоочтонгон ат жабдык» — деп айтат. Жетектеген атка ээр токулбайт. Ал эми
ээрчен атты жетектеп жүрбөйт. Анткени салаңдап жүргөн үзөңгү термелген аттын
бутуна тийип, майып кылуусу ыктымал. Демек, ээрчен атты жетектеп жүрүү
зарылчылыгы туулуп калса, үзөңгү канжыгага байланат. Жалпоочтун составына
ээрдин кирбегени да ушуга байланышат. Жалпоочтолгон ат — өтө шөкөттөлгөн, ат
жабдуу жабылып, жетектелген ат. Албетте, мындай жасалгалуу ат менен бирөөлөрдү
куттуктаган же тартуулаган. Ал шаан-шөкөгтөрдө токула турган.
«Манас» эпосунда «Кандагайга чаптатып» — деп айтылат. Бул «атка согуштук ат
жабдууну жабуу» деген түшүнүктү берет. Эгер бир буюмду булгаары, тери менен
каптаса да «кандагайга чаптатып» дейт.
ЭШИК ТЫШ — эшик чийдин сыртынан каланган кийиз. Адатта, эшиктин баш
босогого чейинки сырты ак кийиз менен жабылат. Анын үч тарабынын, эки
жагынын жана аягынын жазылыгы 15—18—20—22 см келген жерине түрдүү
түстөгү көркөмдүк түшөт. Ага баркут, манат өңдүү баалуу кездемелерди кармагандар
бар. Эшик тышка көбүнчө «мүйүз», «кыял», «бадам» өңдүү оюмдар түшөт да, көбүнчө
кызыл, кара өңдө берилет. Ал жээк катары аламычталып коюлушу мүмкүн. Анын
ордуна кара кийиз эле жээктелген эшик тыштар да болот. Эшик тыштын башына
сызмаданбы же эшилген жиптенби боо тагылат. Ал эми мунун кырчоого байлана
турган эки четки ичке боосу эшме болот.
ЭШИК ЧИЙ — боз үйгө кирип-чыгууда эшиктин элпек
жабылышы үчүн жылкынын жазы көгү менен токулган чий. Боз үйдүн бир
бөлүгү. Түшүүчү көркөм көчөттөр анча ала чакмактанбай, буюмдун четки ийреги
кийизге беттей тигилет да, мында негизи кызыл-көк, кара-кызыл, кара сары, кара-ак
сыяктуу эки өң гана жупташат. «Мүйүз оюму», «такта оюм», «шайы оюм» өңдөнгөн
көчөттөр эшик чий үчүн өтө мүнөздүү көрүнүп, чийдин төптөшүп, жакшынакай
чырмалып токулган кайчы көктөлгөн көктөрдүн, «ууктун жана жел боонун»
алдынан көрүнүп турат. Мунун көркөм көчөттөрүнүн четине түшкөн «ала
мончоктору», «араа тиш», «тумарча» кейиптенет. Ачып-жабууда абдан бышык
болушу үчүн аны согууда атайын жылкынын жазы көгү колдонулат да, буга деле
чыгдан (ашкана) жана канат чийге таандык көркөм көчөттөр түшүрүлөт.
ЭШМЕ — «Көбүгүбүз көгөт эшет, Айраныбыз аркан эшет» (элдик оозеки
адабият). Тытылган койдун жүнүнөн, эчкинин, топоздун кылтагынан, жылкынын
куйрук-жалынан түйдөктөп, чыйратуу менен жип кылуу. Малдын түгү
эшмечиликтин негизин түзөт.
ЭШМЕЧИ — эшмени жүзөгө ашыруучу чебер.
ЭШМЕЧИЛИК — кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Байыртан берки көчмөндүүлүктө
күндөлүк турмуш-тиричилик жагын көздөп, жалаң мал чарбачылыгына
байланышкан калк боз үйдүн боолорун, бирдемелерди байлоо жана жүктөө үчүн
муну кыргыз аялдары жапырт кармашкан.
Эшменин үч түрү бар. Жалаң жүндөн эшилүүчү жипшууларга боз үйдүн: «уук
боосу», «түндүк боосу», «туурдук боосу», «үзүк боосу» анан «кырчоосу» сыяктуулар
кирет. Жалаң кылдан көбүнчө «чылбыр», «аркан» эшилет. Анан кылга жүндү бөлөп,
«желе» кулун-тайга «нокто», козу-улакка «көгөн» эшишкен. Кап, баштык, уук
боолору да ошондой эшилген. Кыргыздын кылчык койлорунун жүнү эшмечилик
үчүн негизги жердик болгон.
ЭШМЕ ЖИПТИ БАЙЛОО — бир нерсе тигүүдө жип ийне же шибеге өткөн жерден
өтүп кетпей такалып калсын үчүн учу түйүлөт. Ал түйүн деп аталат. Чие байлоо
сыяктуу байлоонун түрлөрү пайда болгон. Алар ыңгайына жараша колдонулган
жана керегине жараша өздөштүрүлгөн. Мисалы, бут кийимдин боосу илмек
байланат, анткени аны кайра чечкенге оңой болот. Казык баш чалып байлоодо да
илмек болот. Мында жип оңой чечилет. Ал эми атты үч буттап, отко койгондо
чылбыр аттын арткы бутуна күрмөп байланат. Күрмөп байланган түйүн эч качан
өзүнчө чечилип кетпейт. Анда да учу илмек болот, кол менен кайра оңой чечилет ж.б.
Ошентип, көчмөндүү турмушка байланыштуу жипти байлоонун ар кандай ыкмалары
өздөштүрүлө баштаган.
Бара-бара жиптен өрүп, эшик, түйүп буюм жасоону үйрөнө башташкан. Жоондугу,
узундугу, чыйратылышы, челдениши, текшилиги, чыйрактыгы, бышыктыгы — оңуп
кетпеши аркылуу жиптин сапаты өлчөнөт. Жиптин чыйрактыгы жана бышыктыгы
— бири-биринен ажырагыс касиет. Эгер жипти чойгондо кайра жыйрылса, анда ал
жип бышык, мындай жиптин сыны бузулбай, узак мезгил көөнөрбөйт.

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.