Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07

Total number of words is 3844
Total number of unique words is 1999
20.7 of words are in the 2000 most common words
30.7 of words are in the 5000 most common words
37.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
керек. Андыктан сууга салып, «сыдыргыдан» өткөрүлөт.
Калмак өрүштүн экинчи түрүндө аны эки талдан алты кыр чыгарып өрүүгө
болот. Ат жабдыктарына кайышты бир метр 30 см. кылып тилсек, өргөндө токсон
см. ге кыскарат да, ал орточо токулгага чак келет. «Калмак өрүмдөн» «калмак
байлоо» деген келип чыгат.
Чебер тилинген көктү жумурулап, тоголок эшип алат. Аны өткөрүштүрүп байлап
отурат. Мындай караганда «чаян түйүштөй» буга «түйүм өрүм» окшошот. Ал —
«өткөрүп түйүп» өрүү. Мунун көгү эки бүктөлүп, бири-бирине каршы өткөрүлүп
түйүлөт. Булардан «калмак байлоо» түйүмү татаал келет. Буга, үндөш «жарым
өрүмгө» тогуз тал кайыш тилинет да, буюмга карата ал жазы да, ичке да болушу
тийиш.
Ат жабдыктарынын жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл, чаболон өңдүү
бөлүктөрүн жалпысынан «калмак өрүм» деп да атайт. Анткени, өрүмдөр жазы болот
да, бир бүтүмдү түзөт. Бирок, калмак өрүмдүн камчы өрүмгө таандык түрү да бар.
Өрүмчү кайыштан сегиз тал тилет да, өрүмү төрт кыр болуп түшөт. Аны айрым
жерлерде «казак өрүм» деп аташат. Чынында мындай көркөмдүктү нарындыктар,
ат-башылыктар «суйсал» дейт. Өрүмү даана көрүнүп, урунууга бышык болот. Андан
сегиз тал төрттөн экиге бөлүнөт да, өрүмү оңдон-солго эки четинен башталат. Эки
тал каттай түшүп, бир талы кайра үстүнө чыгат. Өрүмчүлөр «суйсалды» көбүнчө өзү
ийлешкен ак кайыштан өрүшкөн. Ал кезек-кезек өтүшүп, камчы өрүмдү да
элестетет.
КАЛЫП (куйма калып) — металл буюмдарынын үлгүсү, кеп. Ар бир устанын
өзүнчө куйма калыбы болот. Элдик зергерчиликте, бул — буюм-тайымдарды
көркөмдөөнүн өзүнчө бир ыкмасы. Ал — эритилген затты (күмүштү, колону, мисти,
жезди) куюучу жатак. «Чоко» (Чоко топурак — бозомук, кызыл минералдык зат. Тоң
районунун Кажы-Сай аймагында «Чопо-Булак» деген жерге усталар атайын
барышып, казып алышкан) деп аталган чопо сымал топуракты күл майдалап, анан
торко электен өткөрөт. Ага жүндү, тыбытты жана кылтакты кошуп, аябай ийлейт.
Ийлөөсү жеткенде чөйчөкчө кылып кургатат. Ал идишке зергерлер жердикти
эритишип, ага каалагандай оюм-чийимди түшүрүп алышкан.
Эми эритиндини калыпка куюу үчүн эритинди затты эритүүчү чөйчөкчөсүнө
салып, тапка кармаганда ал бат эле көлкүлдөй түшөт. Ошол көк жашыл түс чыккан
күмүштүн, жездин үстүнө ак данакерди себет. Эритинди бир аздан кийин кара күрөң
түскө айланат. Мында бөлүнүп чыккан ыпыласы үстүнө калкыйт. Эритиндинин
температурасы өзгөрүлө электе калыпка тез куюу зарыл. Антпесе, калыптын ичине
аба боштугу пайда болсо, чуңкурчалар чыгып, куюлуучу көркөмдүк сыйда түшпөйт.
Ошондо эритиндинин үстүндөгү ыплас калдык чөйчөктүн бетине жабышып калат.
КАНАТ ЧИЙ — «Килем көчөт» келтирип, чырмак салган чийне («Манас»). Бул
чырмалган же эндей чийден токулган боз үйдүн сыртынан калануучу жабуу. Анын
узундугу боз үйдүн аянтына карата аныкталат. Ал эми бийиктиги чыгдан (ашкана)
чийдей келет. Эки башында үчтөн алты боосу болот. Алар ыңгайына карата уукка,
керегеге жана босогонун таягына байланат. Канат чийдин баш-аягы ийректелет.
Эгер көркөм оюм түшүрүлсө, анда чийдин баш-аягы кара жүн менен чыбыкталат.
Керегенин сыртынан калоочу чийди үйдүн чоң жана кичинесине карай эки бөлөк
согот. Канат чийди кызыл, көк, жашыл, сары, ак ж. б. ар түрдүү түстөгү жүндөн түр
салып чырмайт. Ал «чырмак чий» деп аталат. Чийди жибек менен да чырмашкан.
Өткөн мезгилдерде 10—12канат ак үйлөргө тасма чийди да колдонушкан. Бир
кылка ичке чийди «тасма чий» деген. Анда көркөм көчөт түшүрүшкөн. Жалаң ичке
чийди тандап алып, түрдүү жибек менен чырмап, кооз көчөт берген. Тасма чийлерди
чырмоо — татаал көрүнүш. Эки канат чийди минтип чырмап бүтүрүүгө эң кеминде
4—5 чырмакчы болжолдо 5—6 ай убакытты сарптаган.
Канат чийди көркөм оюм-түр түшүрбөй, түрдүү түстөгү жип менен жыш эле
чырмактап да жасашат. Аны «чыбыктоо» же «тап бердирүү» деп атайт. Канат чийге
«мүйүз оюмун» бериш үчүн ар бир чийдин эсеби алдын-ала такталат. Чырмалуучу
ошол бир талдын аяк-башынын чени да узга белгилүү болот. Эгер муну төрт өңдө
берүүгө тийиш десек «мүйүз оюмунун» башын же анын чеке-белин так көрсөтүүдө
кайсы түстөгү жүн канчанчы тал жүн аркылуу кошулат. Оюм менен ак чийдин
аралыгы кандай берилет, оюмдун кылда учу менен аягы кандайча кошулат, ошондо
узун-туурасы метр-бир метр сексен см. бийиктиги бар буюмдун жалпы аянтына
канча тал чий, жүндүн түрүнөн канча өлчөмдө кетээрин чырмакчы баамдайт. Ар бир
чырмалган тал чий белгиленип турулат.
Канат чийди чырмоо жана согуу үчүн буюмдун мыкты үлгүсү катары узданууну
мындан баштоо керек. Чийдин аяк-башы, адаттагыдай, кара жүн менен
чырмакталып, ал «ийректелет». Эми түшүүчү көчөттүн фонуна кызыл өңдү
тандообуз керек. Анан көктөн «мүйүз оюмун» бергенде, буюмдун ортосу үч бурчтук
келет. Анын ичине сарыдан көчөт түшүрүп, жогоруда айткан ушул шарттуулук дал
өзүндөй кайталанат. Кызыл менен көктүн айрым жерлери сары өң аркылуу
жээктелет. Ал андан бетер жүзүн ачат. Адатта, чий буюмдарына түшүүчү көркөм
оюм-көчөттөр бурч чыгарылып, сындырылып түшкөндүктөн «мүйүз уюмдарынын»
башы «бармак боочу оюму» баштанып калуусу да ыктымал. Мына ушундай канат
чийдин өзүн жогорудагы үч өңдү айкалыштырбай эле ак-кара аркылуу да берүүгө
болот. Мындай бири-бирине карама-каршы эки өң өтө «алачакмактанып» калат.
Болбосо, кара ийректен кийин канат чийдин жээгин сарыдан берип, буюмдун
четтигине кызыл-кара «бадамча оюмун» түшүрүп, анан «салбай оюмун», «табак
оюмун», «омуртка оюмун» келтирүү салтка айланган. Мындай көрүнүш Нарын
аймактарында кулач жаюуда. Мында оюм көчөттөрдүн ортолору омурткаланып, өз
ара шуруланып, «тап бердирилип», төрт бурчтук, тумарчаланып, кошуу ( + ) белгиси
өңдөнүп, «ала мончоктолуп» турат.
Көркөм буюмга «ала мончок» берүү көбүнчө чий чырмакчылыкка, өрмөкчүлүккө
жана килемчиликке бөтөнчө таандыктай туюлат. «Тап бердирүү» — буюмдун өңүн
буруу жана ачуу, айрым жерлерине өзүнчө өзгөчөлөнгөн ачык белги берүү. Маселен,
чийди чырмап чыбыктап, аны ак чийге аралаштыра токуу, өрмөктү эндей таар согуп
баратып, айрым жерлерине түр түшүрө чалып кетүү, токулуп жаткан килемдин бир
өңчөй жерлерине башка өң келтирүү жана башка ушул өңдүүлөр — тап бердирүүнүн
ачык далили.
Жоон чийди жүн менен чырмоо тасма чийге караганда оңой болгон. Жалпы эле
көчөтү бар чий үйдүн ички жасалгасына кошумча кооздук берип, жайдын күнү үйдүн
ичин чандан коргоп салкындаткан. Кыштын күнү сууктан сактаган. Үйдүн эптүү
тигилишине шарт түзгөн.
Чий чырмалса, чырмалбаса да кыргыздар чийсиз боз үй тикпеген. Анткени,
чийсиз боз үй коолдоп, ички көрүнүшү жоголуп, ысыкты да, суукту да өткөрө берет.
Кыргыздарда «Кереге чийдей болбойт, келин кыздай болбойт» — деген кеп бар.
Үйгө калана турган чийдин бийиктиги орто эсеп менен 1,50—1,70 см. болот.
КАНЖЫГА — «Канжыгасы кабат», «Куу канжыга» (эл сөзү). Бул — ат
жабдыктарынын бир бөлүгү. Ат үстүндө ар кандай нерсени байлануу жана бөктөрүү
үчүн ээрдин арткы эки чагаракка «чаян түйүлгөн» жарым кулачтай ичке кош кайыш.
Аны ийленген кайыштан тилет да, кез-кез майлап турат. Көчкөндө бешикти, же
баланы өзүнчө өңөрүүдө аялдардын ээринин эки капталынын алдыңкы четине да
атайын жазы кайыш тагылган. Олжолуу адамды «кош канжыгалуу» деп айтат.
КАҢДОО — Күмүштөн, калайдан, жезден, мистен жана ушул өңдүү металлдан
жасалган идиштердин, буюмдардын жыртык, тешиктерин калай, коргошун аркылуу
данакерлөө. Бул — калайды да арбын пайдалануу, чайнек, чака, чөөгүн, самоор,
топчунун сабагын, оймок, шакек өңдүүлөрдүн кошунду жерлерин жаракалатып
карматуу. Муну карматуунун алдына ачуу ношотур — кислота менен тазалайт. Ал
металлдын кирлерин жеп кетет. Демек, зергелер ширетүүдө, калайлоодо, чоюн,
коргошун, коло өңдүүлөрдү колдонуу сырларын мыкты билишет.
Ширетүү — темир менен темирди кошуп бекитүү. Каңдоо — темир менен
темирдин ортосуна ак данакер менен сүртүп жез коюу.
КАМЧ Ы — «Булуттай учкан тору айгыр, Бучкакка камчы салганы» («Манас»).
Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унааны бастырууда (камчылануу)
колдонулуучу курал.
Камчы: тобулгу (табылгы) сап камчы, элик сап камчы деп айтылат. Камчы сапка
көк да, күмүш да, жез да, мис да, калай да курчалат. Аны «бел көк» же бел шакекче
дейт. Ал төрт-алты курдай сапка имерилет. Камчынын камчылана турган жагына
түрдүү түстөгү булгаары каптап, анын башына, түбүнө төкмө чачы чыгарылат. Жез,
күмүш өңдүүлөр менен чүкүрттөлөт да ал 7—9 талдан болуп, нукумдай жеринен
көзөлүп, ичке кайыштан «бүлдүркөн» (25—30 см.) өткөрүлөт. Ат үстүнө камчы
түшпөскө бүлдүркөн, адатта, ортон колго илинет. Ал демейде мыкка, же боз үйдүн
керегесинен.
Камчы башына калай же күмүш кадалат. Аны камчы бөрүк же «бөрүктүн
калайы», «бөрүктүн башы» дейт. Камчынын алаканына көбүнчө кара жана күрөң
булгаары капталат. Мунун узундугу 25 смге барабар. Анын да узундугу үч смдей 9—
11 талдан чачысы бар. «Алаканы күмүштөн, Жылаан боор камчы алып» (Эл ыры).
Чакан камчынын сабы 42—45 см. болушу тийиш. Камчы саптын ортосунда да узуну
беш см дей төкмө чачысы болот.
Камчынын алаканы менен белине күмүш чегелеп, «жылдызча», «куш тырмак»,
«мүйүз», «ийрек», «кыял» сыяктуу элдик оюмдардын элементтерин түшүрүшкөн. Ат
жабдыктарына узанып жаткан азыркы чеберлер көбүнчө жезден, калайдан
«тумарча» же «төрт бурчтук», же «тегерекче» «көрчөгө» уруп коюшат.
Камчы жасоодо өрүмү, сабы жана алаканы үчөө сындан өтөт. Алакан түспөлү ар
кандай болушу шарт. Аны чыгаруу жөнөкөй, бирок, көркөм көрүнүү керек. Бышык да
болот. Алакандын маңдайына көрчөгө чаап, анын учу түшкүн менен бекитилет.
Эликтин шыйрагын, табылгыны (тобулгуну), ыргайды, текенин мүйүзүн
камчыга сап кылат. Текенин мүйүзүнүн маңдай жагын араалап, анын узунун камчы
сапка ченеп, дагы узунунан тилип алат. Араа аркылуу аны жумурулайт. (Сууга салып
кайнатып жашытып, асты-үстү катуу немеге жаткырып, оор нерсени үстүнө
бастырып коет). Эгер мүйүз жакшы катпаса, кайра мурунку нугуна түшүп, ийрейип
кетет.
Камчынын кооздугу анын алаканын берүүдөн жана чегелөөдөн билинет. Ага эки
кат калың булгаарыны тандап, өзүнчө үлгүдө салынып бычылып, четтери кайылып,
ортосунан камчы өзөгү өткөрүлүп тагылат. Камчы сапка алакан шакекчелер, же көк
аркылуу бекилет. Аны кандай түрлөнтүп жиберүү — ал устанын чеберчилигине
байланышат.
Табылгы табыш кыйын. Камчы сап үчүн бук жыгачын пайдаланабыз. Бул жыгач
бышык келет да, эч качан өңүн өзгөртпөйт. Азыр белек катары чыгып, дүкөндөрдө
сатууда турган камчылардын сабы жоон жана кыска. Бүктөй кармаганда камчы
өрүмү саптан беш-жети см. ашып туруусу керек.
КАП — «Кара каптын кагынчык, Аңдыгандын жаны чык» (Элдик ооз еки
адабияттан). Бул — таар буюму. Мунун жердиги жүндөн болуп, идиштик милдет
аткарат. Эндүү курулган өрмөктүн эриши ак менен кара жиптен эле күзүктөлүп,
аркак салынган да жөнөкөй согулган. Мындан кара ала кап пайда болгон. Идиш төрт
чарчылана бычылып, жээктери кыюуланат. Каптын ооз жагынын эки жагына
өрмөктүн эриш жибинин калдыгынан өрүлүп же эшилип жасалган эки кулакчыны
тагылат. Мунун бирөөнө чыйрак чыйратылган буугуч жип байланат.
Каптын чаканын дорбо деп атайт. Ал ат үстүнө өңөрүүгө, атка жая же арта салууга
ылайыктуу.
Буюмдун өтө ичтүүсүн зумбол деп атайт. Ал эгинди төөгө жана башка күч унаага
теңдеп жүктөөгө оңтойлошкон.
КАПКАК — Казандын үстүнө жабылуучу тегерек буюм. Ал тактайдан
кынапталып, ак чийден токулуп жасалат. Жыгач капкактын үстүңкү бетинде жумуру
жыгачтан туткасы, чий капкактын чыйрак чыйратылган шоодан, ичке кайыштан
боосу болот.
КАПКАН — «Күмүш жаак капканың, Күндө күмүш тапканым» (Эл ыры). Бул —
аңчылык куралы. Карышкыр, илбирс, аюу, кулжа, теке сыяктуу жапайы
айбанаттардын ички мүнөздүү жагдайларына карата усталар көлөмдүү капкандарга
көп узанышкан. Мындай капкандардын жаактары катуу болгондуктан, эки-үч адам
араң басат. Усталар капкандарды чаптырып көрүп сынашат. Анын ийи сугаруудан
билинет. Капкандын тышкы катмарын жашык, ички катмарын курч бойдон сугаруу
үчүн көрүктүн жалынына тышкы бетин бир аз кармап, аны жашытып, сыртын
кургак бетеге менен жоруптап сүртүшөт. Темирдин табына келген кези устанын
баамында ал бетеге чала күйгөн убак деп божомолдонот.
Капканды жасаган адам аны салуунун ыкмаларын да мыкты билет. Капкан салуу
учурунда бул да чоң өнөр болгон. Буга атайын аттанып түшкөн капканчылар
учурунда бир айыл элди баккан.
Капкан көбүнчө темирдин ак курчунан жасалат. Капкан чарасынын жумурусун
0,2 дм. тереңдете ийет. Анын серперин жети смдей жука темирден өз өлчөмүндө
жасайт. Мунун жаагы жарым болоттон тандалат. Адатта, буюмдун тээги жыгачтан
жасалуучу. Бирок, түшкөн жырткыч чайнап кое тургандыктан айрым чеберлер
темирден жасап жүрүшөт. Аны ысытып иет да, өз өлчөмүндөгү курч темирден кесип
туруп, жаакка бекитет.
Капкан жырткычтардан тартып кемирүүчүлөргө чейин өз-өзүнчө салынат. Темир
капкан үч бөлүктөн турат: жаагы, түндүгү жана серпөөрү делет. Жырткычтарга
текөөр берүүчү бул куралды жасоодо чебер анын темирин тандайт. Мунун жээк
жаачасы менен түндүгүнө жашык темирди, ал эми серпөөлөрүнө курч темирди
керектейт. Ал болоттон жасалып, пружинадай шамдагай серпилип турат.
Уста абалы темирди сомдойт. Серпөөрдүн калыңдыгы үч мм. келет. Эгер
сугаруусу жетишкен капкан чапкан чакта бир карыш (10—15 см) өйдө секирет. Анын
биринчи сугаруусу катуу болот. Жаакты сугарууда он беш градусча ысытат да, аны
суу тал менен улам жышып сугарат. Анан улам эки кычкач менен ийип, күчүнө
келдиби, же жокпу көрүп турат. Темир сынбай турган болгондо сууга ширетип,
мелүүн муздатып алат.
Сугаруу бул — курчутуу деген түшүнүк. Тап жылдырбай сугарган капкан узак
убакытка чейин айбанаттарга салынат. Ал бир жаак, эки жаак тиш-тиштүү да болот.
Эки жаак капкан өтө катуу келет. Муну такай карышкырга, аюуга, илбирске салат.
Бир жаак капкан менен түлкү, суур, коён өңдүүлөр кармалат. Эки жаак капкандын
тишине кийиз коет. Антпесе, курч капкан жырткычтардын сөөгүн талкалай кыя
чаап, айбанат бутун жулуп кетет. Ошондуктан, капкандын кандай чабышын кандим
аңчылар байкашат. Капканда тээк, күлтүк, (тегерек кийиз, бул капкандын түндүгүнө
чак келет) чынжыр, казык, сойгок болот. Мунун чарыш жиби менен кийизинин
үстүнөн аң келип басканда тээк тайып, жаактын серпилгич күчү менен кош серпөөрү
кыймылга келип, тарс чаап калат. Куралдын чарасын 0,2 кумурулап тереңдеп ийет.
Серпөөрүнө 7 смдей жука темирден тандап, өз өлчөмүндө карыш болоттон жаагын
жасашат. Айрым капкандардын тээги темирден да болот. Жыгач тээкти
карышкырлар чайнап ташташы мүмкүн. Ошондуктан, муну курч темирден өз
өлчөмүндө кесип туруп, жаакка катар бекитет.
КАРГЫ— тайгандын моюнуна тагылуучу кур. Чеберлер аны булгаарыдан же
кайыштан узундугу 30—35 см, туурасы 3—5 см, эки учуна тегерек темир же чагарак,
же дөңгөлөк бекитет. Кыраан тайгандар үчүн сырткы бетине ар түрдүү күмүш
чөгөрүшөт. Оюм-чийим түшүрүп, ар кандайча кооздойт. Уучулар жетелеп жүрүүгө
кыргынын чагарактан ичке кайыш боо-тартма (сыдырма, жүгүртмө, танап) өткөрүп,
алгыр тайганды кыраан куштардай көпчүлүк тааныгандай көркөмдөө өнөрү да
болгон.
КАРСЫНАН — Сайма буюмдарына көркөм көчөт түшүрүү үчүн жердикти кере
турган жыгач алкак. Карскан — электин алкагы. Карскан менен карсынан бирибирине үндөшүп турат. Кээде мындай керилген алкакты кергич деп да жүрүшөт.
КАШЫК — «Кашыктап жыйган мүлкүмдү, Чакалап чачып отурат» (Эл ыры). Бул
— жыгач идиштеринин бир түрү. Узуну 10—15 см, ичтүүлүгү 25—30 грамм кашык
сабынан кармап, тамак ичүүгө ылайыкталган. Сузгунун (чөмүчтүн) кичинекей түрү.
Буга узанууда бир аз айырмачылыктар бар. Чеберлер сузгуну керки, байтеше
аркылуу чапса, кашыкты жасоодо бычак, өзүнүн кичинекей ийгиси керек. Кол
башындай бул идишти бычак жана ийги аркылуу жапырактатып кырат. Сузгунун да,
кашыктын да башынын ичин карай иймекей сабы болот. Муну усталар этияттап
жасап чыгарса, колго эптүү, көзгө көркөмдүү көрүнөт. Усталар өзүлөрү да көчүрүп
өстүрүп алышкан тал-теректерди көбүрөөк керектейт. Кырма идиштерин бүтүндөй
бир колдон чыгаргандар жыгачтардын ич ара айырмачылык бөтөнчөлүктөрүн айра
тааныйт. Башкалардай эле ак тал, кара тал, турпан тал, эчки тал, жер тал, сары тал,
бака терек, кайың, арча, карагай, жаңгак жана башкаларды кашык, сузгу жасоого
негизги жердик катары бааланат. Булардын ички касиеттерин билип-туюп
узангандыктан урунууга бышык келет.
КАШЫК КАП — Чакан сайма буюмдарынын бири. Анын кооз саймасы жана оюму
болот. Буюмдун жердиги көбүнчө кийизден, таардан, кездемеден тандалат. Ал
көркөмдүк үчүн «аяк кап», «күзгү кап», «кайчы кап» сыяктуу эле кереге башына
илинет. Кээде кашык капка ара туулган козунун, улактын, чаарчыктын терилери
пайдаланылат. Ага да көркөм сайма көчөттөрү түшөт. Мына ушундай майда буюмдан
улам «кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» деген сөз бар. Кереге башы сайын
баштык илинип, алардын ар биринин турмуштук мааниси жана ич ара кооздуктары
бар. Кайчы капка деле көркөм көчөт түшүрүүдө ушундай кооздуктарды пайдаланат.
КЕМЕНТАЙ — «Ак олпогун жамынса, Кийгенине жарашкан, Астындагы Аккула,
Мингенине жарашкан» (Жеңижок). (Ак олпок — кементайдын бири. Жоокерчиликте
кийилет.) Бул — элдик сырт кийим. Мунун жердиги кийиз болот. Ал орточо
калыңдыкта бышырылат. Ар түстөгү кийиздерден чепкендей узун жасалган бул
сырт кийим кементайдын учасы менен өңүрүнүн бириктирилген жерлери жана
бардык тигиштеринин арасы тон жана ичиктей «милтеленет». Анын жээктери
көбүнчө айланта өңдөш кездемелер аркылуу кыюуланат. Мунун кийизинин жүнүн
кылдап, ойдогудай бышырып бычат. Андай кементай бышык болот. Суу өткөрбөйт,
кийин кирип-тарып кетпейт. Тикесинен койгондо да кадимки ноотудай жыгылбайт.
Ак кементайдын жакасы, жең учтары, өңүрү менен этеги карыштай түрдүү түстөгү
баркуттар менен кыюуланат.
Кементай кийинчерээк көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан мындай үлгү
болоорлук бөтөнчө түрүн эске тутуу зарыл. Кементайдын ичиктики өңдүү кайырма
жакасы болот. Бул кара, көк, көрүң баркуттардан тандалат да, жаканын этегине
топчулук, бүчүлүк тагылат. Кийимдин жакасына тегерете көркөм көчөткө «бадам
оюмун» келтирип, «илме сайма» аркылуу кызыл жип менен кыялданта берип, анын
ортолорун эндей калтырып, четинен ак же сары өң менен жээктеп сайса, түшүрүлүп
жаткан көчөт кашкаят. Жеңи да сөөм карыштай баркут менен кыюуланган
кементайга жогорудагы көркөм көчөттөр дал өзүндөй кайталанат. Кийимдин
өңүрүнүн өзүнчө этегине тегерете кара жиптен «ала мончоктоло» «көбөө» (жээк)
түшөт. Аралыгы карыш-сөөмдөй ага жүрөк тушунан, этек үстүнөн карадан «секиртме
сайма» менен «суу» берилет.
Жаштарга ылайыктуу кементайларга кур курчоого да болот. Ал бир, бир жарым
эли (2—3 см) колдо чалынган чааралекей ич курга (ычкырга) окшош келет. Анын
төрт, алты жеринде ак жүндөн ийрилип, чыйрак чыйратылып, челденип, барпайган
«топ чачыктары» төгүлүп турат.
Кийимдин үч түрү бар. Сөөлөттүүлөр кие турган кементайдын ичи ичтелет. Этекжеңи адими кездеме аркылуу кыюуланат. Ага бир бүтүм кылып, окшош бөрктүү
кыюусу менен ак калпак тигилет.
Жылкычынын кементайы аттанып-түшүүгө элпек тизе шыйрактарды жабууга,
оронуп жатууга этек-жеңи кең, жаан өтпөгөндөй кийизден жасалат.
Койчулардын кементайынын жылкычылардын кементайынан айырмасы
бешмант өңдүү болуп, тоо-таштарда, адыр-белестерде жөө жүрүүгө шартташат.
Натыйжада, эл оозунда «Жыргал менен жылкы багат. Кокуй менен кой багат» —
деген кеп калат.
КЕМЕР КУР (Эр кемери) — «Күндөй бетин нур чалган, Күмүштөн кемер
курчанган» («Семетей»). Бул — азем буюм. Зергердин зиректигин айкындай турган
нускалардын бири. Кадимки курдай белге чактала булгаары, кайыштан жазы
тилинет да, каттай тигилет. Анын бетине түркүн түспөлдө жазы жашык темир
чабылат. Кемер тогоосу маңдайынан караганда берки шөкөттөрдөн калкандуу келет.
Ал ичинен темир илгич менен курчалат. Буга чабылган темирди шөкөттөөдө
калдыркан күмүш жалатылат. Ошондуктан, ал күмүш кемер болуп калат. Буга
берилген оюм-чийимге «Сыялоо» (себет төгүү) жана «чапкылоо» (из түшүрүү)
аркылуу жүзөгө ашырат.
Кол булгаарыга чабылган шөкөттөрдөн өзүнчө кооздукта болгон мунун бириненбири өткөн бир нече түрлөрү бар. Андай көзгө дароо урунаарлык кооздук кемердин
тогоосуна бөтөнчө таандык. Бул төрт чарчы тегерек болот. Абалы кара темирден
формасы алынат да, ага да жука күмүш жалатылат. Төрт башына жылдызчаланган
көрчөгө (тегерек кооз шөкөт) урулат. Анын ортосуна жатак жасап, акак таш жана ага
тете асыл заттар чөгөрүлөт. Анын тегереги майда күмүш зым жипчелери менен
торчолонот.
«Тогуз төбөлөө» (акак чөгөрүү) кемер курдун тогосунун экинчи учуна да так ошол
шөкөт өзүндөй кайталанат. Кемердин кайышына тегерете урулган шөкөттөр
тегерек, төрт чарчы, сүйрү келип, ал жыш да, сейрек да чабылышы ыктымал. Мында
шөкөттөр кадимки сайма көчөттөрү сымал ирээти менен кайталанат.
Кемерге калкан кейиптенген жазы чөгөрүлгөн күмүш шөкөттөр жарашык
ыйгарат. Ага көбүнчө «себеттөө» («сыя төгүү») ыкмасы мүнөздүү. (Атагы таш жарган
зирек зергерлер ойдон-ой жаратат, жоктон бар кылат. Алардын күлүк ою кайда
барса, ошол тарапка бурулуп, кыял чабыктарынан зор чыгармачылык шыктануу
алып, күтүүсүз кооздуктар ошондо жаралат. Азыр атайын кемер кур курчануу салты
жоюлууда. Аны кармоочу зергерлер да суюлууда). Артисттер, өздүк көркөм
чыгармачылыктын мүчөлөрү гана муну кастарлоодо. Асыл буюмдарды кармаган
айлакер усталардын көзү өтүп, алтын колдору жер астында да, керез катары калган
буюмдары эл арасында, коомдук маданий орундарда, тарых, этнографиялык, сүрөт
музейлеринде түбөлүккө сакталууда.
КЕМСЕЛ — «Кыздарын кызыл кийгизип, Кызыл кымкап этегин, Кыйгачтап
жерге тийгизип» («Манас»). Бул — адими калың кездемеден, таардан тышы, жука
кездемеден ичи бар элдик кийим. Муну бешмант, күрмө деп да коет. Ал тизеге дейре
бычылып, жеңи узун да, чолок да болот. Мунун жалаң каты, жүн, кебез ичтелип
(астарланып) жасалган түрү бар.
Кемсел чепкендин ичинен кийилет. Көркөм көчөттөр менен саймаланат. Анын
жаш өзгөчөлүккө байланыштуу жердиги кызыл, кара, көк, күрөң баркуттан жана чий
баркуттан тандалат. Муну жөнөкөй кемселдердей тик жака кылып тигет да, түшкөн
көркөм көчөттүн элементтери негизинен «бармак боочудан» турган «кыял
оюмунун» араларын «сегиздик» (88888) формасы бөлүп турат. Кемселдин эки
өңүрүнүн учунан эле эмес, жүрөк тушунан ылдый этекти тегерете жээктей
жазылыгы бир жарым, эки элидей (3—4 см) көчөт көрүнөт.
Бул кооздук кийимдин тик жакасына, жең учтарына да тегерете берилет. Адатта,
кемселге кемер кур курчалат. Мындан тик жака кемселдин кездеме курунун энине
жана түшкөн көчөтүнө жогорудагы кооздуктар дал өзүндөй кайталанышы керек.
Жакасы тик, бели кыз-келиндердикиндей кыпчараак келген кемселдер да
тигилүүдө, буга топчу же илгич гана тагылат. Жакасына көркөмдүк берүү анча
салтка айланбайт. Жаканын түбүнөн ылдый жээктей бадырайта сайма көчөттөрүнүн
жана кийиздин «мүйүз», «ит куйрук», «бычак учу», «бармак боочу», «кыял» өңдүү
оюмдарынын элестүү элементтери кара күрөң, же көк жердикке ак өңдө берилсе,
мунун эки жагынан жарыш жээк чыгаруу жарашык ыйгарат.
Кемселдин бир аты «бешбел». Анткени, ага чөнтөк салынат. Бешбел — колтуктан
чөнтөктүн оозуна чейин кынала тигилген тигиштер. Мында чөнтөк түз салынат.
Кыйгачыраак кылып, кемселдин тик жакасы келет. Аны өзүнчө бычып алат.
Кийимдин топчулуктары ичилик менен кошо жасалат. Ичилик — «ичинен
ичтөө», «ичинен тордоо» деген түшүнүктү берет. Кемселдин этеги менен, бели-белге
кыналышы зарыл. Кемсел эки жеңден, жакадан, үч бойдон турат. Үч бой, бул — эки
капталы, бир бели. Мында үч бойду бириктирип тигип, жака салып, анан жеңдери
тигилип, чөнтөк тигиштери болот.
Танап коюу — курсакка ылайыктап, кынап тигиш түшүрүү. Ансыз жаканын түбү
калдайып, кийим бойго чакталбай калат. Кемсел ичи көбөө менен кошулуп, үч бойго
биригет да, буга жукараак ийин коюлат. Кыз-келиндер кийүүгө өтө көрктүү кийим
кемселди «Беш бел» деп да айтат. Себеби, этеги төгүлүп, бели кыналып турат.
Мындай беш жеринен бел кыналып, этеги жайылып турган кийим тизеден беш эли
узун болот. Ага кийүүчүнүн жаш өзгөчөлүктөрүнө карай сайма көчөттөрү түшүрүлөт.
Мунун байбичелерге куп жарашкан үлгүлөрү да бар.
Кийимдин жердигине карай ага берилүүчү көркөмдүктөр аныкталат. Эгер
буюмдун жердиги кара, күрөң өңдөрдөн турса, анын өңүрүнө түшүүчү көчөт үчүн ак
менен кызылдан «суу» салып, ортосуна жашыл өңдү чуркатат. Ошондо «суу»
түшүрүлүп жаткан көркөм көчөттөрдүн араларын ачып, ажарына чыгарып турат.
Анан сары өң аркылуу «чабалекей канат көчөтүн» берип, андан кийин анын учуна
көк жана кызылдан «суу» жүрөт. Кийимге кайырма жака ордуна сайма көчөттөр
түшүп, анын булуңчасына келтирилген кооздуктан белдемчи жана чепкен
сыяктууларга түшкөн көчөттөрдөн анча айырмаланбайт.
КЕП ЖЫГАЧ — Кете, нөкөрү, көкжеке, кепич, өтүк, маасы жана башка бут
кийимдерин ултарууда кеп катары колдонулуучу үлгү. Чеберлер аны арчадан, кара
жыгачтан, кайыңдан бут түспөлүндө жасашат. Ал кийүүчү буттун көлөмүнө жараша
ар кандай өлчөмдө жонулат. Азыр өтүк, маасыдан башкаларды ултаруу аракеттери
калып баратат, элдик форма катары бут кийимдердин түркүмүн көбөйтүү үчүн
жогорудагыдай үлгүлөрдү кайрадан жаныртып кармоо чеберлердин асыл милдети
болуп саналат.
Жылаан боор
Жаа
Зергер
Мамбетов
Таалайбек
www.bizdin.kg
Ийик
Каз таңдай
Канат чий
Канат чий
www.bizdin.kg
www.bizdin.kg
Кереге таңгыч
Килем
Килем
Куюшкан
Көмөлдүрүк
Кылыч байлоо
Кылдырооч (Боз үй)
Кырмачы Кочкоров Календер
Мончок
Мүйүз сөйкө
Мүйүз чакча
Көркөм оймочу Осмоналиева Сылый
Көркөм оюм
www.bizdin.kg
Саймачылар (илме сайма)
Кийиз сандык
Сузгу. Кырмачы Исаев Болот
Талкуу. Чотонов Абдыракман
Тегирич
Текче
Күмүш тердик
Сайма тердик
Тери буюмдары
КЕПТАКЫЯ — «Калем тарткан сыядай, Кашынды бирпас ырдайын, Кеп такыя
жарашкан, Башыңды бирпас ырдайын» (Эл ыры). Бул — ургаачылардын баш
кийими. Ал башка ылайыкталып, элечектин четинен этеги чыгып калбагыдай
бийиктикте ак жердиктен шырылып жасалат. Аялдар мойну талыганда элечегин
алып, жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө берет. Ал элечекти алууну жана кайра
аны кийүүнү жеңилдетет. Элечекти терден сактап, шырылган ак болотнай чыккан
терди сиңирип алат. Ошондо элечек сарала болбойт, бат-бат жуулбайт, өңү өчпөйт.
Кеп такыяны кийүүдө аймактык айырмачылыктар бар.
Күйөөгө аттанаарда кызга кийгизүүчү кеп такыянын эки жагындагы кызыл
жердикке сайма көчөттөрү айрыкча «терс кайык» саймасы менен так жана өтө майда
берилет. Анын ажарын «ала мончоктолушу» ачып турат.
Түштүк Кыргызстандын Алай, Совет, Ноокат тарабында жашаган уздардын
жасаган кептакыялары баш кийимдин даана үлгүсүн түзөт. Мында кептакыянын
жаак учтарындагы тор чачыктарына шуру, каухар жана башка асыл таштардан «акак
мончоктолот», «коңгуроо» дечү кулакчындын учтарынын жээктерине зер тартылат
жана берметтелет. Кийимдин маңдайы сөзсүз «кыргакталат» да, кийимдин
«куйрулчулугуна» (чач жапкычына) өзүнчө «жээк» түшөт. Анын учтары тор
чачыкталат жана шуруланат. Кийим жердиги, ага түшүрүлгөн көркөм көчөттөрүнүн
түрлөрү, боегу жер бөтөнчөлүктөрүнө карабай, бири-бирине айкашып жана үндөшүп
турат.
Мындан эки кулакчындан төмөн карай эки жаакта 16— 18 тал түрдүү шурулар
төгүлүп, мунун төрт-беш жеринен төрт бурчтуу жалпак тактачаларга күмүш
тоголокчолор илиштирилип, шурулар менен бириктирилип турат. Ал зер
тактачаларга «чапкылоо» («иш түшүрүү»), «сыялоо» (зооткерлөө) жана «сирке
төгүү» (таруулатуу) өңдүү көркөм зергерчиликтин бүтүндөй ыкмалары колдонулат.
Анын чокторунун сабактары дүйүн гүлдөр байчечек сыяктанып өтө кылдат
кармалат. Жаак мончокторунун учуна жарым тегерекче муунактуу-муунактуу
күбөктөр биригип, андан барпайган төкмө чачылар чыгат. Ал эми кептакыянын тор
чачыланган саймалуу куйрулчугунун учундагы «чаян түйүшкө» сүйрү жана жарым
тоголок күбөктөр «төкмө чачылана» түшөт.
Кептакыянын шөкөттөрү менен саймалары ар кыл, түрдүү түстө майда болот. Зер
менен кездемеге түшкөн көркөмдүктөр ич ара ширелишип, буюм шаңдуулукту жана
асемдүүлүктү тартуулап турат.
Кептакыя кулакчындарынан кудум уштуктай шуруланган, зери бар төрт-үч
бурчтуу үч канат төгүлүп чыгат. Алардын аралары бөлөк зер шөкөттөрү менен
кооздолот да, учтары тегерек, сүйрү зер же кол чачыктары төгүлөт.
Кептакыянын куйрулчугу сайма аркылуу өтө кооз болот. Анын чачыктарына
күмүш зымчалар оролот да, «карга тырмак», «байчечек» өңдүү көркөм көчөттөр
«илме сайма» менен сайылат. Мында кызыл өң үстөмдүк кылат. Албетте, сайма
өнөрүндө бир көчөт көңүлдүн борборуна алынат да, калган кооздуктар ага
жардамчы көчөттүк милдетти аткарат.
КЕРЕГЕ — «Керегесин кынадың, Керүүдөн туруп сынадың» (Жеңижок). Бул — үй
жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү
бөлүгү. Мисалы, талаптагыдай боз үйдүн керегесинин дм 2,6—3,7 см, узундугу 235—
305 см, баш-аягы бирдей жумуру (52—62-даана) саканактардан (таякчалардан)
турат. Алардын баары бир аз ичин көздөй ийилип, уук байланчу баш жагынын 15—
20 см. жери сыртын көздөй кайкалай маталат. Саканактардын ар бири 14—15—15—
19 см. аралыкта бири-бири менен кайчылашкандай кылып, эки жагы түйүлгөн көк
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.