Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15

Total number of words is 3744
Total number of unique words is 1959
20.6 of words are in the 2000 most common words
31.5 of words are in the 5000 most common words
38.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
СӨЙКӨ (СЫРГА) — «Кулагыңа тагылган, Сыргаң болуп калсамчы» (Эл ыры). Бул
— кыз-келиндерибиздин кулакка тага турган зер буюму. Анын кулакка илүүчү
иймеги, ичке моюну жана сүйрү, тегерек, жумуру, жүрөкчөлөнгөн тоголок сыяктуу
түрдүү формада алаканы (солоңдору). Сөйкө зергерчиликтин «сыялоо», «сирке
төгүү», «тогуз төбөлөө», «Чапкылоо», «тордоо», «эшүү» «сомдоо» өңдүү негизги
ыкмалары аркылуу жүзөгө ашат.
Сөйкөнүн бир түрү «иймек» деп аталат. Ал жаштарга ылайыкталып, күмүш
зымдан иймекей формада жөнөкөйрөөк ийилип жасалып, кулактан өткөрүлөт. Ал
иймекейден кийин күбөк өткөрүүгө болот. Тоголок томпоктуу кылып, ага «себетти»
калыңыраак төккөн сөйкө сүйрү да, тегерек да, жүрөкчө кейипте да көрүнөт. Из
түшүрүлүп кармалган сөйкө жука келет. Атайын калыпка салып, чыгарган сөйкө
томпоктуу көрүнүп, мунун ортосу жазыраак болуп, ага өзүнчө кооздук түшөт да,
анын аяк-башы бирдей көрүнөт.
«Чапкылоо» ыкмасы аркылуу бүткөн сөйкөлөр ичке, узун келип, ага түшүрүүчү
түр «тап бердирме» (чөп башыланып, кооздук жөнөкөй түшүп, сейрек из түшүрүлөт)
гана болот. Мына ушундай формадагы сөйкөнүн бир аз жазыраак кылып, анын
бетине чеке-белине «сирке төгүлөт».
Желбирөөч, сөйкө, бой тумар, шакек, билерик, топчу, кыргак, чолпу күйөөгө
аттануучу кыздын зер буюмдарынын жалпы бир бүтүмүн түзөт да алар кыз себинин
ичине кирет.
Зергер бир эле сөйкө желбирөөчкө узанууда элдик зергерчиликтин («сыя төгүү»,
«сиркелетүү», «тогуз төбөлөтүү», «тордоо», «эшүү», «чыйратуу») кылдат ыкмаларын
бүтүндөй колдонот.
Сөйкө желбирөөчтүн бир нече түрү кездешет. Сөйкө катары кулакка тагылуучу
чакан сөйкө желбирөөчтүн иймеги берки сөйкөлөрдөй келип, дайыма кулакка
жүрүүгө шартташкан. Ал эми желбирөөч жалаң асыл жердиктен көлөмдүү жасалып,
көп машакаттар менен бүтүп, салмактуу келгендиктен төшкө тагылып, моюнга
илинет.
Сөйкө желбирөөч — жалпы алганда конус формасындагы зым торчолору бар эки
кулакка салына турган чачыктай төгүлгөн кош шөкөт. Мунун иймеги күмүштөн
тандалат. Мында майда чыйратылган күмүш зымчалар иймектин алдындагы конус
(тегерек сүйрү) темирдин сыртынан кылдат оролот. Анан анын этегине майда чыны
шурулар, көз мончоктор, асыл таштар жана түрдүү түстөгү айнектер кылдат «тогуз
төбөлөнүп» куткундалат. Зым торчолору төмөнкү түшкүнүн көздөй ортолору учуна
чейин жыш мончоктолуп шурулантып, зергерленет. Албетте, желбирөөчкө мына
ушундай узануу үлгүлөрү айыл ичинде жолугат. Биз этнографиялык жана тарыхый
музейлерден да арбын сакталып турганын көрөбүз.
Желбирөөчтө зым торчолордун кооздукту жаратуу мааниси зор. Муну элдик
зергерчиликте «тордоо», «эшүү» деп айтат. Кыздын төшүн жаркырата турган анын
эки канатынын көрүнүктүү бөлүгү «тумарча» жасалат. Анын торчолонгон жана
эшилген күмүш зымчалары ошо тумарчадан төрт бурчтук болуп чыгат. Желбирөөч
учтары сөйкө желбирөөчтөн калакча өңдөнгөн майда-майда зер аркылуу сеңселе
төкмө чачыланат. Мында буюмду «тумарча», «төрт бурчтук» бөлүмүнө түшкөн оюмга
«сыя төгүүгө», жөн гана «сирке төгүп») (таруулантып, «көз мончоктотуп» таштоого
да мүмкүн.
Сөйкөнү айчык формасына кейиптентип, майда зымчаларды коюп, же эшип,
зергерлер ага кол жеткистей түр-көчөт түшүрүп, алардын арасына бермет коюп,
кооздоп да келишкен. Муну өтө көркөмдөлгөн бир түрү желбирөөчкө өтө окшошот.
Элибизде «кулагыңа сырга болсун» деген сөз бар. — Мында туруктуулукту, сөздү
тыңдай, талдай билүүчүлүк, сөздү тута билүү касиеттерин символдоштурушат.
СӨӨК — зергерчиликтин жердиги. Көркөм буюмдарды кармоонун түбөлүктүү
негизи. Ага малдын (төө, уй, топоз, жылкы, кой-эчки, кайберендердин (бугу, тоо
теке, кулжа) сөөгү пайдаланылат.
СӨӨК УСТА — Сөөктүн ар кандай түрлөрүнөн турмуш тиричиликке таандык
буюм-кечелерди кармаган чебер.
СӨӨККӨ УЗАНУУЧУЛУК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бодо
малдардын — төөнүн, жылкынын, уйдун, топоздун жамбаш жана жото жилик
сөөктөрүнөн кооз белек-буюмдарды жасоочулук. Мында абалы сөөктүн майын
кетириш үчүн аны да мүйүздөй эле белгилүү өлчөмдө сууга кайнатып алат. (Азыр
элдик кол өнөрчүлүк бирикмелеринде сөөктү абалы авиабензинге салып,
перегидроддон 30 проценттей кошуп кайнатууну иш жүзүнө ашырууда.) Мындан
чебер өзүнүн формасына ылайык фигураларды, вазаларды кол учунан эле жасоого
жарайт.
Сөөктөн ар түрдүү кутучалар кармалат. Чеберлер сөөктүн ички кемиктерин оюп
ташташат. Мүйүз жана сөөктөн кыз-келиндердин азем нускаларын жасоодо
чеберлер шуру менен күмүш зымдын ар кандай жоон-ичке түрлөрүн эриш-аркак
пайдаланышат. Мындай буюмдар кезегинде көп чыккан. Алар мурас катары
этнографиялык, мамлекеттик тарых жана сүрөт музейлеринде арбын сакталууда.
Бүгүнкү сөөк менен мүйүз чеберлери улуттук мүнөзгө эгедер бир көркөм үлгү
түзүүдө оболу анын кейпин кагазга түшүрүп алышат. Ал үчүн сөөктүн, мүйүздүн ар
кандай жумурусу тандалат. Азыр талапка ылайык жука сөөк-мүйүздөр өтүмдүү
болот. Мындан бардык нерсени каалагандай жасап алууга болот. Сөөктөн азем
буюмдардан сырткары бычак сап, ар кандай тээктер, балага шимек, топчу, седеп,
ордо томпою өңдүүлөр кармалат да, аны жасоочу аспап-куралдары мүйүзчөлөрдүн
аспап-куралдарынан айырмаланбайт.
СӨӨК ЖЕРДИГИН ДАЯРДОО — Бул — сөөктөн көркөм буюм жаратуу аракетинин
башталышы. Сөөктөн бардык буюмдарды жасоого болот. Бирок, мында кол эмгегин
арбын колдонуубуз зарыл. Андан жаралган буюмдардын баасы артылат. Бүгүн сөөк
чеберлери элдик нускалуу буюмдарды жаратууда өзүнчө кооз үлгү жана бир
бүтүмдүү композиция ойлоп табууда түтүкчө сөөктүн чегинен чыга алышпай
жатышат. Ал үчүн сөөктөн ар тараптуу жана тоголок, тегерек буюмдарды жаратууга
болот. Андыктан деңиз жаныбарларынын сөөктөрүн пайдалануубуз тийиш.
Түбөлүктүү буюм-белек жана азем нускаларды жаратууда асыл жердик менен
чеберлердин камсыз болушу сөзсүз чыгармачылыкка алып келет. Жыгачтын кандай
текстурасы болсо, сөөктүн да дал ошондой ички касиеттери бар. Аны узак убакыт
колдонгондо мунун толкун уюл сымалданган кереметтери чыга келет.
СӨӨК БОЁО — Устакерчиликтин бир ыкмасы, жердиктин түсүн өзгөртүү, Ал
сөөктү боёодо буюмдарды бири-биринен айырмалоо үчүн атайын өзүнүн боегу бар.
Бул боюнча өзүлөрү ойлоп чыгарып, өндүрүшкө пайдалуу сунуштарды киргизишкен
чеберлери бар. Ыкчам чайдын чамасына уксус кошуп, ошого сөөктү бир сааттай
салып койсо, ал күрөң кызгылт, кудум ышкын түп өңдөнүп калат. Пияздын сырткы
кабыгына уксус кошуп да сөөк боеп алууга болот.
СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ — сөөктөн кармалган азем буюм. Ал да кызкелиндердин шөкөттөөчү буюм-тайымдарынын ичине кирет. Сөөк менен мүйүздөн
мунун ички касиеттерин ачып берүүдө чеберлер ар бирин чеберчиликте узанууга
жердик оң жолуна буруп турат. Аларга шык берип, ич ара чыгармачылыкка үндөйт.
Натыйжада, алар кармаган асыл нускаларда бүгүн да салттуулуктун санжыралары
көрүнөт. Сөйкө желбирөөчтү мүйүз менен сөөктөн бирдей кооздукта кармоого болот.
Мында бул буюмдун жердигин уйдун шыйрак сөөгүнөн тандашат. Сөөктүн ортосу
түтүкчө болот. Сөөктүн калыңдыгына жараша атайын механизм араасы аркылуу
узунунан бөлүп алат. Анан буюмдун формасын кагазга же сөөктүн өзүнө
түшүрүп, айрым ашык жерлерин чарыкка алдырып таштайт. Мында чийилген
кагаз үлгү башкы мааниге ээ болот. Медициналык бор машинасын иштетүү керек.
(Мунун көзөй жана кесе турган ийнеси бар. Ал учтуу да, тегерек да, жалпак да
көрүнөт. Алар менен тешет, жол салат, оюм-чийим чыгарат). Врачтар кадимки тиш
салгандай аракеттерди чеберлер да жүргүзүшөт. Мында сөөк буюмун жасоо менен
тишти жасоо, иштетүү бирдей көрүнөт. Алар колдоно турган аспап-куралдарды
чеберлер да жазбай колдоно алат.
Буюм боло турган сөөктүн сырты сомдолот. Андан кийин майда сыйдалоо
жүргүзүлөт. Ошондон кийин оюм-чийим түшүрүү аракеттери башталат. Кум кагазды
колго алып, аны этиеттеп сыйдалоо керек. Сөйкөнүн темир, күмүш илмектери
бириктирилип, ал жалтыратылат. Чеберлер жалтыратууда жана жылмалатууда тиш
порошогун, борду, эң болбоду дегенде кол аачый турган үлпүлдөк кагазды
колдонушат. Мында ошол мүйүздүн таарындыларын буюмду жылмалатууга кайра
колдонулушу мүмкүн. Механизмдин жардамы менен мына ушундай ыкма аркылуу,
чеберлер азем буюм-тайымдардын формаларын өзүлөрү каалагандай өзгөртүп
кармоого чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү бар.
СУЙСАЛ ӨРҮМҮ — «Толгоно түшкөн чоң камчы, Оң имерип алганы («Манас»), Ал
— камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бири. Суйсал өрүмдүн «каз таңдай өрүмү» менен
окшоштугу байкалып кетет. Бул да төрт талдан төрт жолу жупташат. Андыктан ага
өрүмчүлөр он алты тал көктү тилишет. Эгер «Суйсал өрүмү» 18 тал тилинсе,
тогуздан экиге бөлүнөт да, үчтөн басып отуруу зарыл.
Айрым чеберлер «Суйсал 0рүмү» үчүн он эки тал көк тилип, мында ар бир талды
бирден алып, бир капталына алты көктү үчтөн бөлөт. Анын «түшкүнүнө» жеткенде
башка көктөрдү басууну токтотуп, узун эки көктүн эки капталына экиден төрт көктү
өткөзө барат. Эми мунун бир капталын «жылан боор» кылып өрүш үчүн чебер үч
көктү бир басып, калган бир капталындагы үч көктү бирден алат. Ал эми жалаң
«терме өрүм» кылыш үчүн көктү экиге бөлүп, эки капталындагысынын ар бирин
бирден басуу керек. Мунун түшкүнүн бекитүүдө бардык көктү бирдей пайдаланат.
Өрүмдөр бири-бирине өтүшөт. Алар ар кандай да аталат.
СУЗГУ (ЧӨМҮЧ) — «Кашык чөмүч артынып, Катындарга сый кылган» (Калык).
Бул — жыгач идиш. Тамакты сузууга (ошон үчүн сузгу), сапырууга, куюуга
шартташкан идиш. Мунун кырбуусун да кештелеп коет. Түбүнө караганда оозу жука
болот. Муну жасоо үчүн чеберлер болжолдо үч жарым карыш талды тепетең бөлөт.
Эгер кыйган талыбыз ичке болсо, эки сузгу, төрт кашыкка чакталат. Тал жоон болсо,
төрт сузгу чабылат. Талды кыйып келээри менен аны дароо чаба коет. Кан-сөөлү
анча кача элек жыгач оңой чабылат. Ичи бычак, ийги аркылуу ийине келет. Анан
идишти көлөкөдө он-он беш күнчө койсо, ал жарылбайт да, талаптагыдай кургайт.
Сузгу менен кашыкты жасоого талдын кандайы керектигин чеберлер болжолдоп
кыйышат. Алар анын атайын көчөттөрүн тигип өстүрүп да алышат.
Сузгуга узануу үчүн чеберге балта, араа, ийги гана кирет. Муну жыгаччылыкта
жөнөкөй эле узануу деп атайт. Сузгу кырма, чалма, оймо идиштеринин бир түрү
катары каралат. Узун саптуу, ичи ичтүү, жыгач кашык формасында жасалат. Муну
айрым жерлерде сузгуну чөмүч деп тайпак да, ичи чуңкур да болот. Сабынын
узундугу 30— 55 см, ичтүүлүгү 250—300 грамм болот. Тактап айтканда чөйчөк
менен ичтеш келет.
СҮЗМӨ (Жүзмө) — Ат жабдыктарына чабылуучу шөкөт. Учу илмекей, сүйрүрөөк
келген томпогураак шөкөт. Мунун узундугу 6—7 см ге, туурасы 2—2,5 см ге барабар,
иймекей учу кайышка имериле чабылат. Куюшкандын эки жак «сүзмөлөрүн»
бириктирген чагарагы бар. Аттын соорусуна түшүп турган кайышка чабылган «кош
солондору» болот. Куюшкандык кайыш «кошунду» аркылуу биригет. Ат жабдыктарынын бул бөлүгү да өтө зергерчиликте шөкөттөлөт. Темирге күмүш
жалатуу менен күмүш сүзмө чабылган. Азыр чеберлер жез, мис, калай, сүзмөлөрдү
жасап, ат жабдыктарын ошону менен шөкөттөп, кайыш беттерин зерчелеп жатышат.
СЫЗМА — өрмөктө түрдүү өңдө (кызыл, сары, көк, кара, ак) боелгон тал
жиптерди күзүктөп, көркөм көчөт түшүрбөй эле бир гана аркак салуу менен согуу.
Мындан «уук тизгич», кереге башын «чалуу», «кереге таңуу», «саканак таңуу»,
«туурдук боо», «жабык баш боо», «үзүк боо», «тегирич боо» өңдүү боз үйдүн боочууларын, «шалча», «такта жапкыч» жана ушул өңдүүлөрдү көп жасашат. Айрым
аймактарда мындай сызмадан басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк өңдүү ат
жабдыктарынын бөлүктөрүн кылышат. Аны өрмөк басмайыл менен куюшкандын
алдынан тартышкан.
СЫНДЫРЫК — өрүмчүнүн негизги куралы. Анын негизги жердиги мүйүздөн
болот. Айрым жерлерде муну дуб, өрүк өңдүү жыгачтарынан да жасап жүрүшөт. Аны
көбүнчө табылгыдан (тобулгу), кайыңдан да кармоого болот. Демек, өзөк менен
өрүм ошол сыдыргыга салынып сыйдаланат.
СЫНПОСТОО — шири, көн буюмдарына көркөмдүк түшүрүү. Ал — териге оюмчийим берүү салты. Бул — ээрге, тердикке, көөкөргө, көнөккө, көнөчөккө, сабаага,
чыны капка жагданга, мөкүгө, кепичке, көк жекеге, маасыга жана башка салттуу
буюмдарга, кийимдерге элдик оюм чийимдерди жаратуу. Чеберлер катуу чийден
оюм-чийим түшө турган форма (калып) даярдап, чылгый терини анын үстүнө коюп,
аны оор нерсе менен бастырып, «ыштыкка» бир-эки күн койгондо чылгый тери
кургаган. Алиги чий өткөрүлгөн форманы алганда көркөм оюм өзү түшүп калган.
Мына ошол «наар» же «чийме сынпос» деп аталган.
Азыр атайын оюм-чийим түшө турган темир форманы булгаары үстүнө коюп,
пресске бастырат. Мында пресстеги ысыктык булгаарыны жибитет да, «чийме
сынпос» «наар» түшүп калат.
СЫЯ ТӨГҮҮ (зоот, мөөр түшүрү, себет төгүү). Бул — элдик зергерликте күмүштү
иштетүүнүн негизги ыкмасы. Күмүш бетин көркөм оюм-чийимдерди берүү менен
көркөмдөө. Мында ага из түшүрүп алуучу «ийне шибегени» колдонушат. Андан соң
анын сыртына зергерлер дапдаана оюм кылчу сабы жумуру жыгачтан эки см дей учу
бар «чийим шибегени» же «ойгучту» пайдаланышат. Эми көркөм оюм түшкөн жерге
«себетти» (боекту) кичинекей калакча менен салып, оттун табына этият кармайт.
Ошондо чукурча толот. Муну кургатып туруп, өгөөлөп койсо, кол менен тарткандай
кооздук түшөт. «Мөөр шакек», «Мөөр топчу», «Мөөр билерик» деген сөз мына
ушундан калат. Минтип, «сыя төгүү» (себет төгүү) менен зер буюмдарына түшкөн
тигил же бул элдик көркөм оюмду Ат-Башы; Нарын тарапта «Зооткер» деп айтат.
Албетте, бул күмүштүн негизги «саймасы» болуп саналат. Ошондуктан «Зооткер»,
«Мөөр», «Сыя төгүү», «Себет төгүү», «Зоот жасоо» деген терминдердин түпкү
түшүнүгү бипбирдей болуп саналат. Мындай ыкманы атактуу зергерлер ойдогудай
пайдаланышкан.
ТАБАК — «Эт эмес табагыңды таппай калды» (макал). Бул — кырма идиштердин
бири. Табак арчадан да, кайыңдан да, жаңгактан да, талдан да чабылат. Жарылып
кетпеси үчүн жаңы табакты майга же майлуу сууга (кээде сорпого) салып, аны
кайнатабыз жана отко кактап карайтабыз. Андай табак «кара табак» деп аталат.
Кээде муну майлоодон ага кичине жошо сүртүлөт. Чара табакты көмкөргөндө
айлананы элестетет. Бул кырмачылык өнөрү менен так жана таза бүткөндүгүн
аныктайт.
Тайпак табакты «желпүүр табак» деп да коет. Аны менен агышак, таруу өңдүү
дандардын кебегин учурат. Табактын айлана четине 2—3 сызык (кеште)
түшүрүлгөн.
Бул «кырбу» же «кобул» деп аталат. Жыгач табактын чуңкуру 6—12 см, дм и 20—
20 см болуп, түбү кууш жана тегерек келип, турмушта урунуп жүрүүгө бул укмуштай
шартташкан. Кээде аны илеген (тарелка табак) деп да коёбуз. Мунун да оозу кенен,
түбү кичине келет. Анын бир нече формалары бар. Тарелка табак, илеген табак,
тайпак табак жалпысынан окшош көрүнгөнү менен чеберлер бири-бирине
айырмалуу кармашкан. Булардын үч төрт жеринде «кеште» түшөт.
«Миске чара» — табактын иштүүсү. Кештелеринен тышкары оозу чыгат. Ал
жайпак түспөлүн берип турат.
Айрым усталар кол дүкөн колдонбойт. Чот, керки, бычак, ийги сымал жөнөкөй
куралдарды ыңгайына карай пайдалануу аркылуу бүткөргөн табактарын көбүнчө
талдан тандашат. Тал тарамыш сымал келип, ийри-муйру жарылат. Анын жарылган
ыгы менен конот. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган идишаяктын калыбы кийинчерээк анча өзөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру
жыгачтар кургаган соң табигый жолуна келет. Өрүктү иштетүүдө да ушул ыкманы
эске алуу зарыл. Идиштин сөлөкөтүн келтирген чакта кайнатып, заттын сары суусу
менен чыгарып алат. Бул болсо такыр чирибейт, урунууга бышык болот.
ТАКТА— 1) Үй эмеректеринин бири. Бул боз үйдө жүк жыюуга ылайыкталган,
жыгачтан жасалган текче. Ага кыска бут жасалат. (50 см дей.) Узуну жүктөгү
жууркандын бир кертиминдей болот. Көчмөн турмушта боз үйдөгү жууркантөшөктү таза кармоого жана тыкандап жыюуга шартташкан. 2) Сабаа тактанын
жасалышы төр тактадай эле болот. Бийиктиги 45—50 см, туурасы 80—90, 100— 150
см ге чейин жетет. Төр тактасы менен сабаа тактасы «жонуу», «кыруу», «сүртүү»,
«оюм түшүрүү» колдору аркылуу бүтөт.
Жыгаччы өзүнүн чеберчилигин аркалап, бул такталарга да көркөм оюм-чийим
түшүрө алышат. Ал түшкөн кооздук боз үйдүн кааласындай «табакча — табакча»
сыяктуу көрүнбөй, «жалпы оюмдай» ичке болот. Мында оюм өөн бучкаксыз
келтирилет. «Кыял», «мүйүз», «карга тырмак» оюмдары мындай эни тайкы тактай
бетинен таамай көрүнөт. Жыгач оюм-чийимдери жумуруланып, балык жондонуп
кетет. Ал жыгач улам эскирген сайын жүзүнө чыгат. Төтөн, жаңгак, өрүк өңдүү
жемиш бактарынын жыгачынан кармалган буюм бара-бара баштапкы абалынан
танып, өзүнчө өзгөрмөлүү касиетке ээ болот. Ошондуктан, жыгачка кадимки
аңимилин боегун коюу жабуунун мында кажаты жок. Такта буюмдардын маңдай
бети көркөмдөлөт. Көбүнчө килем, шалча өңдүү согулган жана токулган
буюмдар жабылгандыктан жүк такталар көркөм оюмсуз эле жасалышы ыктымал.
ТАЛКУУ — терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери
чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну
чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш
(азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш
жагы да азуулуу болот.
Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам оодарып берип турат. Экинчи.
адам ок жыгачты өйдө-ылдый сүргүлөп ыйкайт. Чеберлер бир метрдей аштама
жыгачтан да ачалуу талкуу жасап, жеке адам өзү эле ага терини коюп, тизелери
менен кайышты алмак-салмак басып да ийлейт.
Чеберлер тери былпылдабыраак болгон чакта талкууга коет. Катуу кургаган
тери талкууга келбей сынып калат. Табы менен талкууга түшкөн чылгый терини эки
күнчө басуу керек. Баш-аягы он күндө ийге кирген кайышты чеберлер тилет да, ат
жабдыктарынын бөлүктөрүн өрө баштайт.
ТАРТКЫ — жыгач усталардын негизги аспабы. Жыгаччылар колго эптүү эки сап
кылат. Анын эки тарабы миздүү болот. Тарткы менен уук-керегенин билегине
атайын жарыш сызык түшүрөт. Мындай чийим жыгач буюмга кооздук берет.
ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Таш — элдик
көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, өндүрүшкө пайдаланылып жаткан
каптоочу жана атайын жасалгалоочу таштардын кени табылууда. Алардын
негиздүүлөрү мрамор жана гранит болуп саналат. Таш кендерибиз — элдик көркөм
кол өнөрчүлүк үчүн жергиликтүү байлыгыбыз. Андан ар кандай буюмдар жаралат.
Таш чегүүчүлүк — азыр да, эртең да, кийин да ар кандай таштардан турмуштиричилик үчүн эң керектүү буюмдарды-белектерди жасоодо, жашоодо аны такай
колдонуу. Элибиздин күндөлүк жашоосунда таштан ар кандай буюмдарды жасоо да
учурунда белгилүү өлчөмдө өнүгөт. Мындан эл абдан кардар тегирмен, жаргылчак,
молоташ чегүүгө, аны жүргүзүү өңдүү күндөлүк турмуш жагдайы менен шартташкан
кесипчилик кирген.
Жип ийрүүчү ийиктин башы да таштан болот. Байыркы тарыхый эстеликтерди
алып караганда кыргыздар ташчылыкка талбай узангандыгын көрөбүз. Ага оюмчийим түшүргөндүгүн да айкын баамдатат. Азыр антип суу башында ноомат күтүп
тегирмен чуркатуучулук, кол тегирмен катары ар бир үйдө жаргылчак тартуучулук,
таштан ийикке баш көзөөчүлүк жоголууда. «Оп майда, оп майдалап!» — ат, өгүз
менен темин басуучулук кескин жоюлууда. Андай буюмдарды жана шаймандарды
элибиздин өткөн турмушунун унутулгус эстелиги катары биз музейлерден көрөбүз,
«Таш тогуз кумалак» да болот. Таш буюмдарынын түпкүчтөрүнө да тигил-бул
көркөмдүктөр түшүрүлгөн. Жаргылчак сымал турмуш-тиричиликке эн. зарыл буюмтайымдарга кезегинде кооз оюмдун элементтери чегилгени да баамдалат.
Түркүн таштардын ички-сырткы касиеттерин көрөгөчтүктө таанып-билген
усталар «куткундалып» жана «тогуз төбөлөнүп» жасалган зер буюмдарына да
таштан колдонушкан.
Адамзаттын жашоо-тиричилигин тарыхый жагынан алып караганда ата
журтубузда таш доору өтөт. Таш куралдар жасалган, таштан коргондор курулган.
Таш идиш аяктык да милдет аткарган. Ташты-ташка сүрүү менен от тутанткан. Таш
эстеликтери да учурунда көп жасалган. Эки таштын ортосуна коюп жанчып, таш
менен дан майдалашкан. Бара-бара оңтоюна карата чеберлер чекебелдерин чегип,
сыйдалык келтирип, каадалуу буюм катары көрсөтүү үчүн анын көркөмдүк жагына
көңүл бурушкан. Ушундан улам эң зарыл күндөлүк таш буюмдары акырындык
менен өнүккөндүгү өзүнөн-өзү көрүнөт.
Таш статуялар — айкелдик эстеликтерде, адамдын түспөлү, кийим-кечелери,
курал-жарактары
көчмөн
элдердин
жашоо-тиричиликтеринде
кенен
пайдаланылганы баамдалат. Эң жөнөкөй таш куралдарынын жасалышынан
башталып, элибиздин металлды, жезди, колону колдонулушу менен бүткөн
байыркы кыргыздардын турмушу көз алдыга чалдыга түшөт.
Таштан курал кармап иштетүү ыкмасынын өсүшүнүн ар түрлөрү болот. Эң эле
одоно түрдө жасалган кол чокмордон баштап, кескич, тешкич, жаргыч өңдүү таш
курал аспаптарын жаратууга өтүп, мына ушундай жөнөкөй аракеттердин аягы
ташты көзөөгө жана жылмалоого, сөөктү, мүйүздү, жыгачты иштетүү, карапа
идиштерин жасоо өнөрүнүн чыгышына мүмкүнчүлүк түзгөн. Маданий коомдук
жайларда, гүл бакчалуу орундарда кызыл таштарга кадимкидей элдик оюмдарды
чегүү аркылуу улуттук белгилерди, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү кашкайта
туюндуруу өнөрү азыр өркүндөп баратат. Гранитке көркөм түр берүү — өзүнчө
кооздуктун касиетине ээ. Мында «Кыял», «жарым кыял» оюмдары таш
чеккичтердин жекече чыгармачылык чеберчилигин далилдейт. Мындан сырткары
«мүйүз», «жарым мүйүз», «ит куйрук», «бадам» сыяктуу оюмдары аркылуу
кооздолгон орундарыбыз борбор шаарыбызда көбөйүп баратат. Демек, мындай
ташты иштетүүчүлүк жана ага көркөмдүк берүү салты элдик таш чегүүчүлүктү жаңы
шартка жараша өсүп-өнүгүп бара жаткан туундусу катары карайбыз жана
баалайбыз.
Адатта, деңиз шарттарында чөгүндүдөн пайда болушкан таштар — элибиздин
устакерчилиги үчүн баалуу жердик. Аны акиташ тектеринин арасынан кездешкен
байыркы деңиз жандыктарынын ташка айланган калдыктарынан зергерлер оңой
эле ажыратып билишет. Мындай баалуу материалдардын бири — үлүлдүү акиташ —
жеринен пайда болгон таштар. Мунун өңү саргыч, арасында агыш темгилдери
билинип турат. Такталып кетип, сайкалдап жылмалангандан кийин адамзат таң
каларлык табигый кооз оймо-чиймелер элестелет. Темгилдүү таштардан ар түрдүү
нурлар төгүлүп, ажайып өзүнчө көрк берет. Бул таштын дагы бир өзгөчөлүгү:
бекемдиги, суукка, күн нуруна, аба ырайынан ар кандай өзгөрмөлүүлүгүнө,
кислотага чыдамдуулугу аркылуу айырмаланат.
Бизде мрамор кени көп. Ал абдан тунук, бир өңчөй, майда кристалдуулугу менен
өзүнө тартып, өңү сүттөй ак. Араларында кызгылт, саргыч, жашыл темгилдүүлүгү
кездешет. Мындан элдик ташчылык өнөрүбүз өркүндөп өсүшкө багыт алат. Ой
жеткен жерге кол жетсе, жаргарттын көгүш түстүү мраморун белек-бечкек
буюмдарын жасоого колдонсо, эмне деген искусство болот!? Анын сайкалдап
жылмалагандан кийин көгүлтүр нуру төгүлүп, укмуштай кооз көрүнөт. Айкелге,
молого жана башка буюм тайымдарга жан киргизет. «Асыл таштан чыгат» дегендей
зергерчилик үчүн андай кооз таштар уюткулуу Кыргызстандын алкагында көп.
Мына ушундан улам XIX кылымда орустун окумуштуулары жергебизге келип, улуу
тоолордун тулкусундагы таштарды, минералдарды көрүшүп, «Дүйнөнүн
геохимиялык лабораториясы экен» — деп суктанышкан.
Жаратылышта кеңири тараган табигый курулуш материалдарынын бири —
гранит таштар. Байыркы гректер гранитти «Архитектуранын королу» — деп
айтышкан. Аны эбактан бери эле жана ташчылык өнөрүнө кеңири пайдаланышкан.
Демек, биздин элдин өнөрү метилеп таш чегүү менен буюмдарды жана
шаймандарды: (тегирмен, моло таш, жаргылчак өңдүүлөр) жасап, алтын-күмүшкө
алардын ордуна колдонуучу түстүү металлдарга айкалыштыра кармап,
зергерчиликти андан ары өнүктүрүү азыркы чеберлердин асыл максаттары болуп
саналат.
Бүгүн таштардан адам сөлөкөттөрү, балбалдар, жаныбарлардын кейипкерлери,
түрдүү буюм-белектер, базалар да жасалат. Аларга баарыдан мурда тегирмен,
жаргылчак, молоташ, ийик баш, таш чырак, тогуз кумалак, бүлөө, кайрак өңдүүлөр
кирет.
Борбор шаарыбыздын эле 6-микрорайонундагы сай таштары эмнеге
ылайыкташып турат. Ал көлөмүнө карата аныкталат. Өтө эле көлөмдүү көрүнсө,
жаргылчак эле эмес тегирмен да чегилет. Өтө жумуру келсе андан таш эстелик,
молоташ чексе да жарайт. Майдарактары ийик таш, бүлөө, таш чырак, кайрак жана
башкаларга шартташат. Таман алдында тапталган таштарды алып келип иштетип,
жалтыратсаң, укмуштай кооз көрүнүп, табигый касиетинде кубулат. Андан чебер
буюм жасай билүү гана керек. Ал эч нерсе менен алмаштыра алгыс көркөмдүктү
алып чыгат. Жергиликтүү гранит таштарынын өңү ар кандай. Бүлөө үчүн кара таш,
мрамор ташы жарайт.
ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР — Бүгүн таш кесүүчү аспап-куралдарга Таш
кескич кирет. Анын башына алмаз бекитилет да, ал «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат.
Балка негизги аспаптардан болот да, берки балкалардан кичине салмактуураак.
Сабы кыскараак келет. Азыр цех техника аркылуу иштейт. Таш кескич, тешкич,
жылмалоочу, жалтыратуучу дүкөндөр бар. Илгери болот темирди түрдүүчө сугарып,
(майга, кийизге) аны таш чегүүгө ылайыкташтырып алышчу. Аспап-куралдар
жөнөкөй болушу шарт. Айыл жерлеринде таш чегүүчүлөр үчүн дүкөндүн анча
зарылчылыгы жок. Анда балка, кескич, чукулдук эле керектелет. Кескич тишти
жарууга-тилүүгө мааниси бар. Чукулдукту жаргылчактын, тегирмендин бетинин
жылмасын чегип турууга колдонобуз.
ТЕБЕТЕЙ — «Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш
кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да,
түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш
кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын
жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер
улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат.
Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосунда да жүн
же кебез имериле коюлуп тигилет. Тебетейдин төрт талаасы бириктирилип,
капшыра тигилгенде кийимдин төбөсү төрт бурч болуп чыгат. Илгерки тебетейлер
кийгизилип, көрпөнүн учуна кайрылуучу. Чети тышына бириктирилген соң көрпө
сырт жагына кайрылат.
Кыздардын кызыл манат, жашыл, көк баркыт менен тышталган кундуз
тебетейлеринин төбөсүнө булая үкү тагылат да, шуру, бермет тизилип, ал асыл
заттар менен кооздолот. Ал эми эркектердин тебетейлеринин төбөсүнө топ
чачыктан «чок» тагылат.
ТЕГИРИЧ — «Тегерете карады, Тегиричи кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн
таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип
өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял
көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот. Анткенибиз, ошол «мүйүз
көчөт», «чагырмак көчөт» сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөккө түшүрүүчү кооздук
өзүнчө «кыял» сыяктантып берүүгө негиз болот. Ушундан улам аны айрым
айылдарда «чагырмак көчөт», «мүйүз көчөт» деп да аталышы тегин эмес. Термечи
ушул мүйүз сымалданган көчөттү терип чалууда көк менен кызыл тал жипти
түгөйлөп алат. Жүз эки жиптин теңи эриштин астына түшөт (ургаачы делинет), теңи
үстүнөн чыгат (эркеги делинет) да, күзүктөлөт.
Айрым өрмөкчү-термечилер өрмөктө көркөмдүк түшүрүү ыкмасын ортосунан
бир кызыл жипти чалып терүүдөн башташат. Анан жуп жети жипти таштап, кайта
эки жип алынып, дагы жети жип түшүп, кайра эки жипти терет. Ушинтип, мында
жалаң түгөйлүү кызыл жиптер гана үстүнө чыгып, бул симметрия сызыгынын
(төптөө) сол тарабында кандай терилсе, симметрия сызыгынын оң жагында да дал
ошондой кайталанат. Эми жиптин көп эриштин «эркеги» болуп үстүнө чыгат.
Ошондо мурунку жети жиптин төртөө, мурунку беш жиптин үчөө гана терилет да,
жогорудагыдай симметрия сызыгы пайда болот.
Өрмөктөгү териле баштаган «мүйүз-кыял көчөтүнүн» (жарым мүйүз-жарым
кыялдан айкалышы) жарымын согууда кызыл-көктү алмак-салмак асты-үстүнө
чыгаруу үчүн жети курдай оңго жана солго төптөштүрүү сызыгын кайталайт. Көк
жиптен эки «мүйүзчө» чыгышы үчүн түгөйлүү алты жип бирден кыскарып отуруп
эки келет да, ошол эки жип кайра үч курдай бирден оңго кайталанып, экинчи
«мүйүзчөсүн» чыгарат.
Тегирич — өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн кооз жасалгасы. Мунун эни
болжолдоо 20—22, 28—32 см дей жасалат. Ал ууктардын билегинин үстүнөн
тегерете айландыра тартылат да, сеңселе тагылган «төкмө чачысы», «топ чачысы»,
«кылыч байлоо чачысы» (түймөлөрү) керегенин башына тиер-тийбес болуп төгүлүп
турат. Кылдырооч кереге таңгыч, шалча өңдүү буюмдар үчүн согулган таар
тегиричке жарай берет. Алар бирин-бири алмаштырат.
Тегирич жыйырма жети см жазылыкта да согулат. Мисалы, мунун четин жөнөкөй
таар өңдөнтүп, андан кийин «ак секирик» («чычкан изи») берилет. Дагы
четиндегидей эндей таарчадан соң «тай туяк» түрүн түшүрүп, жогорудагыдай
кооздуктар кайрадан ирээти менен кайталанат. Бул жүгүртүлгөн жиптердин таасын
күзүктөлүшүнө тыгыз байланышат. Ага түшкөн көпчүлүк көчөттөр буга да түшө
берет. Кээде тегирич, кылдырооч, кереге таңгыч бирдей көркөмдүктү тартуулайт.
Эндүү терме буюмдары чачык өнөрү менен айкалышат. Бул жалпы эле жүндөн пайда
болгон үлгүлөргө эриш аркакталат.
Тегирич кажары термеден да жасалып жатат. Ал энсиз болот. Мисалы, «кыйдым
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.