Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05

Total number of words is 3793
Total number of unique words is 1874
21.8 of words are in the 2000 most common words
32.7 of words are in the 5000 most common words
39.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жашаган жакта) аймактарына бөтөнчө мүнөздүү бул кооз буюм азыр да мыкты
өнүгүп, жүктүн жарашыгын берип турат.
Балышка (жаздыкка) көчөт түшүрүүнүн бөтөнчөлүктөрү көрүнөт.
Биринчиден, буюм үч табакчадан турат да, анын саймалары жыш берилет.
Табакча четтерине ак жиптен «суу» түшүрүлөт. Анын ичине «кой* кайкалак», «сынар
мүйүз», «ит куйрук» көчөттөрүн берүү салтка айланууда.
Экинчиден, ар бир табакчада курак өнөрү менен «илме дос» эриш-аркак
катышкан кездери бар. Андан «каркыра курак» ак-карадан түшөт да, анын ичине
«суу» чуркатып, төрттөн эки көчөт айкалышат да, ортосунда өзөктөн өзүнчө «карга
тырмак» көчөтү орун алат. Эгер «каркыра курактын» ордуна ак-кызылдан ошого
окшош көчөттөр түшсө, ал «бычак учу», «араа тиш» болуп өткөрүлөт.
Түштүк саймасынын жердиги жана ага түшкөн кооздуктар түп тамырынан бери
бөтөнчөлөнүп турат. Ал майда туштуктардан, балыш менен жаздыктардан мыкты
баамдалат. Мында «илмедос» саймасы зор орунду ойнойт. Мындагы көркөм
көчөттөрдүн негизин «кайкалак көчөтү» түзөт. Бул — ушул аймактагы элдик
көчөттөрдүн ата башы. Анын элементтерин ичине-сыртына кайталай саят. Көркөм
көчөттүн жердиги чий макмалдан (чий баркут) болот да, ага мулина жипти көбүрөөк
пайдаланышат. Ал эми түк макмал (момосуй) анын ортолугуна эндейлене түшөт.
Сайма көчөттөрдүн көркүн түс чечет. Мында уздар жашыл, ачык кызыл, кочкул
кызыл, сары өңдөрдү бири-бирине билгичтик менен жупташтырат. Жашыл өң
көчөттүн элементтеринин жалбырагы болсо, ачык кызыл анын үстү жагына берилет
да, жалбырактын асты көлөкөлөнө түшүп, күүгүм жашыл көрүнгөндүктөн ага кочкул
кызыл өңдү берет. Эгер уз «кайкалак көчөтүн» тандаса, буюмдун жердигин карадан
алат. Ага кызыл өң айкалышат. Кызыл жердикке кара жип да так ошондой
шартташат. «Топ гүл» көчөтүм түшүрсө, мунун өзөгүнүн ортосун сары жип ачат.
Гүлдүн так өзүн көркөм көчөттөрүнө берүү саймачылык өнөрүнүн салтына анча
коошо бербейт. «Кайкалак көчөтү» бир гана жип менен жүзүнө чыгат. Ал тарамтарам бутактанып, көчөт элементтери уламдан-улам уланып кете берет. Мында
сыртында «кайкалак көчөтүнүн» канча элементи чыкса, ичинен да так ошончосу
пайда болот.
Чеберлер сайманын «илме дос» ыкмасын курак өнөрү менен жупташтырып, буюм
жасоого өтө уз келишет. Бул көркөмдүк жаздык менен балыштан баамдалып турат.
Анда «кайкалак көчөтү» башкы мааниге ээ. Жаздыктын саймасы табакча-табакча
болуп келет. Муну «топ гүл» деп да коет.
Ал эми «кайкалак көчөтү» бир нечеге бөлүнүп кетет. Аларга «сыңар кайкалак»,
«кырк шак кайкалак» (биринен кийин бири улаштырылып отурат), чөмүч сабы
кайкалак», «иймек» (биринин артынан бири иймек болуп, тегеренип түшөт). Алсак,
жаздыкта «алты көз» (алты табакча), ал эми балышта «үч көз» (үч табакча) түшүрүү
салттуулукту аныктайт. Көркөм көчөттөрдү кыйыштырууда жалпы окшоштуктар
жана өз ара уздук чыгармачылык изденүүлөр боюнча бири-биринен окчун
айырмаланган жагдайлары баамдалат.
Уздарда «тогуз дөбө» көчөтү, адаттагыдай, табакча-табакча болот. Мисалы, бир
жаздыкта үч көчөт түшүп, анын өзөгүн «тогуз дөбө» ээлеп, четтерине «мүйүз
оюмдары» берилип, алардын үстүнөн «карга тырмак көчөтү» өзүнчө бутактанып
кетээрин көрүп турабыз.
Мында «тогуз дөбөнүн» айланасына төрт «кочкор мүйүз» менен «кош мүйүздү»
айкалыштыра берүү аркылуу уздар сайма буюмдарын жүзүнө чыгарат. Үч «жүрөкчө
көчөтү» бир табакча түзүп, анын ар биринде төрт жүрөкчө болот. Мында түшкөн
табакчалардын араларына «суу» жүргүзүлүп, көчөт ортолорунан өзүнчө көчөттөрдөн
көчөт элементтери туундуу катары чыгат.
Буюмдарда көркөм табакчалардын ичинен төрт «кочкор мүйүз» төрт «карга
тырмак» көчөтү биригип, өзүнчө өзөк болот. Мындай көчөттөрдүн сыртынан ичке
жээк (четтик көчөттүн берилиши үчүн өзүнчө жол) түшүп, ортолорунан бычак
учуланган, араа тиштенген, толкун сызыктанга «суу» берилет.
Баткендик уздардын жаздыктары бир серепчеленген адамдарга баары бирибирине окшоштой туюлат. Мында жалпы колорит бар. Бирин көрүп бири
узангандай, бирине-бири үлгү бергендей, ич ара таасир алгандай, өзүнчө изденбей
эле жапырт тууроо адаты биринчи планда тургандай сезилет. Айтсак, оюмкөчөттөрдү кыйыштырууда түс чоң роль ойнойт. Аны тандоодо уздар эч кандай
жаңылышпайт. Кайра алардын уздук татымы бири-бирине өтөт. Бул керемет өзүнчө
жасалга үчүн тигилген балыш-жаздыктардын көркөм көчөттөрдөн даана таанылат.
Ушундай бөтөнчөлүктөрдөн улам жалпы мүнөздүү уздук белгилер келип чыгат.
Эгер көчөттүн коозу жана көлөмдүүсү «тогуз дөбө» ак түстө болуп,
табакчалардын өзөгүн түзсө, анын тегерегине төрт «карга тырмак» менен төрт
«кочкор мүйүздү» алмаштырып берүүгө болот. Бул аймакта «жылдыз көчөттөрү» да
арбын пайдаланылат. Андай кезде булардын ичине кичине «ала мончок» берип,
кызылдан «күн карама көчөтүн» жыш толтуруп, алардын араларына «суу» жүргүзүү
аркылуу буюмдун жүзү ачылат. Демек, балышта-жаздыкта өрмөк согуу, килем токуу,
чырмакчылык көчөттөрү өз ара катыш жасайт да, аларды айкалыштырып
түшүрүүдө уздардын кыялы кайда жетелесе, ошол тарапка бурулуп турулат.
Бир эле жаздыкта беш табакча көчөт түшөт да, ал «мүйүз көчөтүнөн» туруп,
арасынан «жарым чагармак» орун алат. Ошол ар бир табакчалардын арасын
«аламишек» бөлүп берет. («Аламышек» бизче саймада «суу» дегенди түшүндүрөт.
«Аламыч», — «Ала мончок» да саймада «суу» дегенди түшүндүрөт. «Аламыч», «Ала
мончок» деп атаса да болот. Көчөт араларын бөлө турган, чуркатылган «сууну»
Баткен, Лейлек тараптагы уздар «Аламишек» дейт). Мындай көркөм көчөттөр
жеңдин учунан алынган. Илгери жеңдин жарымына мына ушундай мүрзөк коюла
турган. Бул «жеңинин теңи сайма экен» деген түшүнүктү берет. Мында «көптүрмө
сайма» боюнча узануунун бөтөнчөлүктөрү да байкалат. Мунун белге байлана турган
жоолукка-оромолго, жаздыкка көркөм түшкөн четки (жээк) саймасы (күңүрө) деп
айтылат. Ал бир аз жоонураак берилет да, көчөт «суу» катары көрүнөт. Аны
жогорудагыдай «алмишек» деп атаса да болот.) Анын ортолук көчөтү үчүн
«кызгалдак». өңдүүлөрдү уздар арбын берет. Далпы алганда берилүүчү сайма
кооздуктарынын ич ара айкалышынын эни тайкыраак келет.
Жаздыкта «Чекас саймасын» уздар учукту ийнеге жипти жоонураак кылыңа
өткөрүшүп «кеште» түшүрөт. Ал «аламишек» болуп көрүнөт. Албетте, мындай
саймалар аз жолугушат. Мындай сайманы «секиртме сайма» десе да болот. Анда
негизги сайма көчөттөрү берилбейт да, бир гана жиптер ирээти аркылуу түшүп,
өңдөрү ачылып турат.
Буюмда басма сайма менен «жүрөк көчөттү» шартташса, мында «чагармак
көчөтү» мүнөздүү келет. Анда беш көчөт табакчалары бир буюмдун жалпы
кооздугун түзөт да, араларына ошол көчөттөрдүн жарымы бурч көчөтү болуп түшөт.
Андагы «аламишек» (суу) ак-кызылдан ар кандай өңдө берилип, көчөттөр сайма
түрлөрүнө ич ара алмаша берилет. Биринен-бирине өтөт. Анткени менен аларды
саюу, көчөт-оюм түшүрө аракеттери ар башкача болуп, уздун уздугу аларды жогорку
чекке көтөрөт.
ЖАМБЫ — «Алты миң жамбы, миң кундуз, Алым алып турганы» («Манас»). Бул
— элдик зергерчиликте колдонулуучу уютулган накта күмүш. Жамбы илгери соодасатыкта ар кандай салмакта уютулуп, кадимки акча катары наркка өткөн. Ал «тай
туяк жамбы», «бөйрөк жамбы», «төө көз жамбы», «уй көз жамбы», «чүчпара жамбы»,
«шаңшур жамбы» деп көлөмүнө жана түспөлүнө карата бир нечеге бөлүнгөн.
Жамбыны темир бетине жалатып, ага оюм түшүрүүдө гана баркы-наркы артылган.
Илгери табигый алтын-күмүш да «жамбы» деген. Жалаң жамбы урунууга анча
нап бербей, бара-бара жешилип, жоюлуп, жок болуп кетет. Ошондуктан, аны
зергерлер «тёмирдин боегу» дейт да, темир бетине жалатышуу аркылуу баасын
көтөрүшөт.
ЖАН АЯК — Жыгач буюму. Ал — чөйчөк сыяктуу тегерек, же сүйрүлөнүп, ичи
ичтүү жасалат. Кармоого эптүү жумуру сабы бар тамекинин жалбырагын назыбай
кылып ийлей турган идиш. Мунун узуну бир жарым карыштай, жалбыракты ийлөөгө
оңтойлуу чуңкурчалуу торчолонгон жумуру таякчасы болот. Ана жанаяктын
«баласы» деп коет.
Жанаяк жасоо үчүн чебер талды, тегеректи кырма идиштердей көлөмдө кыйып
келип, ичин оё баштап, көлөкө жайда кургатат. Муну да бир кайнатып алса, сары
суусу чыгып, тарамыштай бышык, узакка урунууга оңтойлуу болот.
Айрым аймактарда жанаяктын ичин ошон үчүн кол механизм — дүкөндү да
колдонушкан. Чеберлер көбүнчө буга ийги менен бычакты эле пайдаланышат.
Кезегинде жанаяктан кештелеген жана ага жыгач оюмдарын укмуштай берген
чеберлер да кездешкен.
Жанаяктын сабы менен таякчасынын учун ысыган шиш аркылуу жешип, кайыш
өткөрүп, боо башын «чүкүрттөп», чачылап кереге башына илип коюшкан. Аны
азыркы тапта өткөндүн эстелиги катары тарых музейлерден гана көрүп калдык.
ЖАРГЫЛЧАК — «Керектүү таштын оордугу жок» (макал). Таш буюму.
Жаргылчак — кичинекей кол тегирмен. Ал кол менен чуркатылат. Жаргылчак
менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да
майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылып алат. Туз майдаланат, илгери эжигейкурутту кургатып, кадимки талкандай тарткан. Андай тамак-аштар күлазык болгон.
Жаргылчак бар жерде буркураган жарма болот. Көбүгүн черткен бозо ачылат.
Талкандан кошкон май даярдалат. Жаргылчакка тарткан талкан өтө жагымдуу
келет. Ток келип, баланы бат ирдентет. Анын аш болумдуу болушунун себеби, азык
мында нукура даамын сактап, өзүнүн касиети менен ичилет.
Таш мында бирдеме майдалоого жарай тургандай элпек тегереткендей
чакандала чегилет. Аны көчмөңдүү турмушта элибиз унаага арта салып, кайда болсо
да кошо ала жүрүшкөн. Мунун үстүңкү ташы, астыңкы ташы болот да, астыңкы ташы
тегеренбейт. Анын так ортосунда көзөнөгү бар. Анда тегирмендикиндей кагылган
катуу жыгачтан же темирден «шимеги» орнотулат. Бул үстүңкү ташынын ортосуна
келип, аны бир окто айлантып турат.
Тартылуучу дан ошол шимектүү чуңкурчага (көзөнөкчөгө) уучталып салынган.
Үстүңкү ташын бир жак чети көзөлүп чуңкурчага, ага кагылган жыгач тутка аркылуу
жаргылчак эки кол менен оңдуу-солдуу айландырылат. Тартылган дан анын алДына
салынган супурага түшөт. Жаргылчактын үстүңкү кырбуусу тегерек тартпай,
жайпагыраак болгондо ал элпек айланат.
Жаргылчак чегүү — тегирмендикиндей астыңкы-үстүңкү бетинин чуңкурларын
жик-жиги боюнча чукулдук аркылуу чукулдатып, секиртип-секиртип чыгуу. Ошондо
дан майда тартылат. Ансыз бети. жылмаланып калат.
Жаргылчакка көгүлтүр чаар кайрак сымал таштарды таап, ошону чексе болот.
Орточосу үчүн анын горизонталы 30—40 см, жем түшө турган чуңкурунуку 5—6 см,
тутка кагуучу чуңкурунун тереңдиги 2,5—5 см. болот. Ал эми туткасынын узундугу
8—12 смге барабар. Мында үстүңкү таштын калыңдыгы 5—7 см. келип, томпогураак
көрүнөт. Алдыңкы таштын калыңдыгы 6—7 смге барабар. Таш чеккичтердин буюму
чоң-кичине кылып жасашы анын чуркашына, данды майда тартышына шартташат.
Мындан «кичине жаргылчак майда чыгарбайт» — деген түшүнүк келип чыкпайт. Ал
жаргылчак жана тегирменди кез-кез чегип туруусуна байланышат.
ЖЕЗ — «Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык). Бул —
зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана
«жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жезди түшүнөбүз.) Ат
жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, үзөңгү,
камчы), салттуу буюмдарга (ала бакан, жагдан, сандык), ашкана буюмдары (чыны
кап, көөкөр, көнөчөк, көнөк) жана башкалардын беттерине чаап, шөкөттөөдө жез
арбын колдонулат.
Сары жез — таза жез. Күмүштөй чоюлуп, бирдемелерге пайдаланууга ийкемдүү
келет. Үзөңгүнү туюк куюуга да жез бирден-бир жердик катары тандалат. Илгерки
самоор, чылапчын, чайнек сары жезден болгон да, аны эритип, уютуп алып,
күмүштөй чайкоого (темирди жабуу) жана жалатууга да өтө ийкемдүү келген. Жез
бат эрийт, бат муздайт. Мисалы, бир тегерекче жасап туруп , сары жез чоюлуп
сынбайт, коло сынып кетет.
Чеберлердин үзөңгүнү такай сары жезден уютуп жатышы — таза жездин
нарктуулугу. Муну эритүүнүн табын усталар билет. Алсак, «жез өзү эле эмне болуп
баратканын шыбырап турат». Жез эрий баштаганда жашыл түтүн чыгат. Бул заттын
чала эригенин баамдатат. Ал даана эриген кезде анын үстү ак күлгө (карагайдын
күлүнө) окшошот. Мына ошол тапта «чий көбүгүн» (үстүндөгү ыпласын) алат.
Ошондон кийин кайра ак күл чыгат. Мына ошол боюнча ысык калыпка куят. Эгер
калып муздак болсо, эритинди бытыроондой чачырайт.
Сары жез азыр шартка байланыштуу күмүштү алмаштырууда. Өтүмдүү жана
иштетүүгө ийкемдүү аны салттуу, нарктуу, алгылыктуу жердик катары карайбыз
жана баалайбыз. Жез күмүштөй жашыбайт, эрийт, чоюлат. Аздыр-көптүр анын
касиетин сактайт. Бул «күмүштү кармоочулар жезди да так ошондой даражада
кармоого болот» — деген ишенимди берет.
ЖЕЛ БОО (түндүк боо) — таар, эшме жип буюму. Ал боз үйдүн боо-чокусуна
кирет. Түндүктүн эки жагына тагылат да, азыр көбүнчө термеден болот. Үй тигүүдө
— түндүк көтөрүүдө боо башы менен кошо кармалат. Бул көбүнчө уук-керегеге
кыстарылып коюлат. Оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп туруу үчүн аны эки жүздүү
терме кылып согуу максатка ылайыкташат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же эшме
жиптен деле жасалат.
Эшик боо түндүк боого окшош согулат. Көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук
берген. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Мунун да «жел
боодой» (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат. Натыйжада, эки жүздүү
терме кылып согулат.
Же мунун жөнөкөй эле сызмадан, кара таардан, эшме жиптерден бүткөрүлгөн
үлгүлөрү да болот. Буюмдун эки четине экиден бир-төрт жип кетет да, «ургаачы»
(астыңкы жип) 26 тал болот. Анын көк жиби алты жип экиден саналат. «Эркеги»
(үстүңкү) да жыйырма алты тал жип келет. Көк жип экиден алты жип да экиден
жупталат. Мында такай көк жип терилет. Демек, «аркакты» салбай туруп, кол менен
астына кете турган бирөөн үстүнө чыгарат. Анан үстүңкү бир жипти астына
түшүрүп, аркак салып согот. Муну курганда эриштин эки башына каалаган көчөттү
түшүрүп, «күйөө чыбыкка» терилүүчү көк жип экиден чалынат. Эркек жип күзүктө
түшөт.
ЖЕЛБИРӨӨЧ — моюнга тагынуучу зер буюм, (чачык сыяктуу желбиреп,
ушундан улам желбирөөч деп аталат). Бул — сөйкөнүн бир түрү. «Сөйкөнүн
желбирөөчтөрү» деп да аталат. Азем буюмдардын эң негиздүүсү. Шөкөттөлгөн
желбирөөчтүн кадимки сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, анын бетине
асыл таштар чөгөрүлүп, мунун эки учу күмүш зымдар менен чынжырланат. Ошондой
эле торчолонгон бир нече сеңселген тал-тал чачылары төгүлүп турат. Ага
жумурулган сүйрү жука темир илинип, анын сырты ипичке эшилген күмүш зымдар
менен жиксиз торчолоно кынапталат. Мындан да жогорудагыдай кайрадан күмүш
зымдар чынжырлана чыгып, анын араларына шуру тизилет. Андан төмөн учтарына
сүйрүлөнгөн жука күмүш кулакчандар түйүлүп турат. Ушундай аземделип бүткөн
желбирөөчтүн эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу, же жүрөкчө
түрүндөгү зер жасалгасы ошол эки канаттын чынжырланган күмүш зымдары
аркылуу биригет.
Мында күмүш бетине из түшүрүүгө, акак таш, айнек өңдүүлөрдү чөгөрүүгө да
ойдогудай мүмкүнчүлүк болот. Ага «кыял», «жарым кыял», «мүйүз», айчык», карга
тырмак» сыяктуу оюмдун өз ара ыргактуу элементтеринен турган кооздуктар
кылдат берилет.
Желбирөөч ар кандай түрдө жасалып келинген. Анын көйнөктүн сыртынан
моюнга тага турган чаканыраак, башкалардан айырмаланган түрдө кармалган
түспөлдөрү да бар. Мындай буюмда чыны шуру басымдуулук кылып, анын жүзүн
ачат. Тал-тал бөлүнгөн бул шурулардын араларын бөлүп, беттери өтө майда-майда
жылбырчыктата «чегелеген», «сиркелетилген» жана «тогуз төбөлөнгөн» кооздуктар
менен тутумдашат. Кызыл шуру менен зер биринин кооздугун бири толуктап, ого
бетер кулпунтат. Буга катар бой тумардын бүтүндөй бөлүктөрү түшөт. Анда тиш
чукур, искек өңдүүлөрү болот.
ЖЕЛДИК — «Желдиги жок ат минсең, өркөч, бели жоор болот» (Осмонкул). Бул
— ээр токумдун бир бөлүгү. Тердиктин үстүнө коюлат. Ал — ээрдин эки
каптаргасына кынала өлчөнүп жасалган кош кийиз. Муну чеберлер эки-үч каттай
катуу шырып жасайт. Анын кайыштан кошогу болот. Бышык болушу үчүн мунун
сыртына көбүнчө булгаары капташат. Көчмөңдүү турмушта кыз-келиндер токулуучу
желдиктин бурчтарын жылдызчалап чегелеп, ээрдин астынан жалтылдап көрүнүп
тургандай кылып койгон. Ал «музтердик» деп аталат. Муну айрым жерлерде
«ээрдин жаазы» дейт. Анын оң жагы ээрдин оң актасына, сол жагы ээрдин сол
актасына кынаптала түшө турган белгилери болот.
ЖЕРДИК — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө буюмдун түпкүлүгү, чыккан негизи,
үлгүнүн материалы. Жердик — буюмдун туруш-турпаты. Буюм жердикти тандайт.
Жакшы жердик кандай буюм кармоону өзү эле айтып турат. «Жердиги мыкты экен»
— деген сөз мына ошондон калат. Кардар адамдар абалы дал ошол жердикти карап,
мамиле кылышат. Демек, буюмдун чыккан башаты ошол жердик ойдогудай болсо,
чебердин өзү да кызыга кармайт. Анткени, узанган жана узданган сайын кереметтүү
сырлар ачылып, аны улам каалагандай өзгөртүүгө ийкемделет да, чебердин
чыгармачылыгын арттырат.
Начар жердик чебердин иш-аракеттерине шек келтирет. Көңүлдү кайт кылып
таштайт. Аны адамдар да көңүлдөрү чөгөт кабыл алат. Мисалы, сынпостоо үчүн
ээрди каптап, ага наар түшүрүүдө сөзсүз кара булгаары керек. Ат жабдыктарына
кайыш, шөкөттөөлөргө күмүш, жез, нейзильбер, мельхиор, датчалбас өңдүү түстүү
металлдар, оймочулукта кийиз, саймачылыкта баркут, үй жыгачтарына тал, терек,
токуучулукта, түймөчүлүктө, өрмөчүлүктө жип, бычмачылыкта кездеме,
чырмакчылыкта чий, эшмечиликте кыл, көн-шири буюмдарында тери жасалуучу
буюмдун жердиги болуп саналат.
«ЖЕТИ КАШКА ӨРҮМҮ» — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал
кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак
өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат.
ЖИП— элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн ийрилип, буюм-тайымдарды
тигүүдө, согууда, түйүүдө, эшүүдө, жөрмөөдө, байлоодо, артууда пайдаланылуучу
буюм. Муну койдун, төөнүн жүнүнөн ийрүү нарктуу болот. Ал ийрилүү, чыйратылуу,
эшилүү аркылуу жүзөгө ашат. Аны менен кийиз шырылат. Андан өрмөк согуп, килем
токуп, көчөттөр түшүрүлөт, чий чырмалып, тор буюмдары түйүлөт.
Мунун бош жип чыйратылган жип, челденген жип, эшилген жип, шоона жип
өңдүү түрлөрү бар.
ЖОН ӨРҮМ (үч кыр өрүм) — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Жалаң гана кайышты
тилүү аркылуу буюмду жүзөгө ашыруучу өнөр. Чебер 12—14—16 талга чейин жазы
да, ичке да тилет. Өрүмдүн бул ыкмасында көк астыңкы бетинен каз таңдайлашып,
бири-биринен шарттуу өтүшөт. Анда талы үзүлүп-кесилип калса, өрүм түк жанбайт.
Себеби, «жон өрүмү» үч кырдуу, кайыштын ар бир талы үстүңкү кырдан кезек-кезек
өтүшүп, алдын карай айланып турат. Бул өрүм кооз да, бышык да болот. «Жон
өрүмү» менен жүргөн, көмөлдүрүк, куюшкан, чабалон жасалат.
Чеберлердин өрүмдөрүндө ич ара өзгөчөлүктөрү байкалат. Жон өрүм он-он эки
талдан да турат. Буюмду ого бетер сыйдалатуу үчүн жука кайыштан он эки талды
тилип, жүгөн өрсө, анын жому (жону) экиден, он талдан жону бир-бирден кетет. Аны
Ат-Башы, Нарын тарапта «Балык жон өрүмү» деп да айтышат. «Балык жон» өрүмүнө
он эки тал кайышты алат. Ал алтыдан экиге бөлүнөт. Ошондо ортодон баштап
өргөндө аягы өйдө төртүнчү , тал кайра башынан ылдый үчүнчү болуп түшүп, ал жон
үстүнө чыгат. Ошол эле тараптан четки талды алып, экөөнүн үстүнө чыгарат да,
үчөөнүн астына кайра түшүрөт. Анда бир жагы жети, бир тарабы беш тал болот. Ал
жети талдын үчүнчүсүн оңдон солго оодарат. Ошол эле он жактагы эң четки талды
алып, эки талды басып, үч талдын астынан өткөрөт. Мына ушул ыкманы өрүмчүлөр
таасын аткарганда гана өрүмдүн асты жалпак, үстү жон болуп калат.
ЖОШО — «Боз үй тиктик жасалгасы келишкен, Жыгачтарын жошо менен
сырдаган» (эл ыры). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Жыгаччылыктын
боегу. Ал кызгылт, күрөң, же кочкул кызыл түстүү топурак, чопо кейиптенген
минерал зат. Чеберлер көбүнчө боз үйдүн уук-керегесин, түндүгүн, босого-таягын,
каалгасын, үкөктү, чарпаяны, жүк тактаны, сабаа тактаны, бешикти жана башка
жыгач буюмдарынын өңүн ачуу үчүн такай колдонушкан. Жошо жыгачтын касиетин
сактап, буюм бара-бара жүзүнө чыгат. Жыгачты жошолоонун өзүнчө жол-жоболору
бар. Таштардын боорунан орун алган «жошо» өңдүү топуракты алышат да, аны сууга
эритет. Аны абалы чүпүрөккө жугузуп, жыгачка жук сүртөт. Сүртүлгөн жошонун
үстүнөн койдун боору, көк боору же жылуу каны менен жылмаласа, ал жыгачка
жошону сиңиртет да, колго жукпай, жыгач жалтырап калат. Буюм бара-бара жүзүнө
ого бетер чыгып отурат. Андыктан, жошолуу жайга атайын аттанып барып, кат-кат
болуп катып жаткан аны казып алат.
Жошо — жошолуу булактарда да болот. Бул минералдык топурактын сырткы
каткан бетин казып таштайт да, ички тазасын өзүнчө алат. Аны упуратып, сууга
салып, ага эки чыны ун, жарма кошуп, күнү-түнү коюп ачытат. Үй жыгачын кийиз
менен муну сүрүп жошолойт. Демек, жыгач буюмдарынын түпкү боегу — жошо.
Элде «жошолоп койгондой» деген сөз бар. Өзүнчө түс берип, жыгач
буюмдарынын бара-бара бир жагымдуу өңүн арттыра турган бул минералдык
заттын өзүн жармага кошуп ачытып, анан жыгач бетине сүртөт. Андан кийин койдун
боорун (көк боору, каны да жарайт) жаап буюмдун өңүн ачат. Ал кийин эчтекеге
жукпайт да, буюм түбөлүктүү түскө ээ болот. Муну менен босого-таякка, каалга
өңдүү буюмдарга да көркөм оюм түшүрүү жана аны урунуу салттуу көрүнөт.
Же мурун үй жыгачтарын түрпүгө копшоп коюп, өзүнчө катмар болуп турган бул
топуракты бычак менен чукуп, тоголоктоп баштыкка салып келип, куруттай
кургатып алышат. Четинен эзип, койдун боорун кошуп, аябай ийлеп, ошону менен
боз үйдүн жыгачтарын сырдайт. Жошонун өзү маламык келет, боор кошуп
сырдаганда кара кочкул болот.
«ЖӨРГӨМ ӨРҮМ»— (уй мурун өрүм). Бул уйдун таноосуна окшоштугунан
ушундай аталат. Төрт-төрттөн төрт кыр болуп түшөт. Өрүмдө өзөктү чыңай керет.
Аны бир-эки күн коюп, өзөктү катырып алып, өрүшүбүз зарыл. Эгер көгүбүз узун
болсо «түшкүнүн» өзү менен кошо тилип бекитет. Эгер көк кыска болсо, кошумча
көк улаштырылат. Түшкүн негизинен үч эли (5 см) болот. Эгер 8— 12 тал көк
тилинсе, көктү төрттөн же алтыдан экиге бөлүп, анан бир жак четинен бир көктү
алдынан орой үстүнө карай ордуна келгиче бири-бирине бастырып алып кетет.
Демек, көктүн бирөө астына, бирөө үстүндө келип турат. Өрүм оң жагынан башталса,
сол жагына барат. Сол жагы оң жагына келет. Ошентип, бири-бирин басуу аркылуу
алмаштыра өрүм түшөт.
Өрүм аракети көккө байланышат. Буга кийиктин териси табылгыс жердик. Ал
тегиз да, бышык да келет. Анан торпок менен тайдын терисинен көк жасалат.
Тайдын териси тегиз болгону менен андан торпоктуку бышыктык кылат.
Терини чылгый кезинде чиритпей жыдытып алат. Теринин узунун чыгарып
(илгери түз жерге, азыр тактай бетине керет), катуу керип, ошол боюнча кургатып
коет. Мында теринин туурасын катуу чойбой тегиздеп алат. Көктү тиле билүү, аны
сыдыргыга салуу, кыртышын кыруу — мына ушулар өрүм талдарынын кынаптала
түшүшүнө өбөлгө түзөт. Ансыз өрүмдөгү көк менен кайыш алжайып калат. Көктүн
майдараак болушу өрүмдү кооз көрсөтөт. Эң мыкты эски үлгүлөрдү таасын жасоонун
өзү чоң чеберчилик, ал бирөөлөрдүкүн кайталоого жатпайт. Демек, шарттуу
кайталоо да оңой кылдаттык эмес.
Камчы өрүмүн «Суйсалма өрүм» кылып өрүүдө сегиз тал кайыш тилип, талдары
сыйда алар экиден басылып, бири үстүнө чыгып отурат. «Түшкүн» аягын «чаян»
түйүм кылып, өрүмдүн учу беш см. калганда тал көктөр бирден астына калып,
бирден үстүнө чыгып, «суйсалма өрүм» башка түспөлгө өтөт. Андай ыкма кийин
түшкүн жанып кетпөөсү үчүн болгон чеберлер ойлоп тапкан айлакердиги.
ЖӨРМӨМӨ САЙМА — ийне сайманын бир түрү. Чебер бул саймада бир нече
майда таякчаны оңго карай жантык сайып чыгат. Анын узундугу жана бири-биринен
аралыгы 1—1,5 смдей болушу зарыл. Муну кайрадан солго карай так ошондой жантык саят. Сайылган сайма көчөтү үч кошкон түрүндө
көрүнүп калат. Жөрмөмө сайма да майда сайманын катарына кирет.
ЖУУШАҢ — кайчынын бир түрү. Майда жандыктардын жүнүн кырка турган
курал. Ал ак болоттон жасалат да, жаагынын узундугу болжолдо 40—45 см,
калыңдыгы бычак сырты болот. Жүндү кыркууда оң колдун сөөмөйү менен бармагы
кенен баткандай кайчы өңдүү тегерек шакекче көзү чебер жасалат. Жуушаң учу
аркылуу теридеги жүндү текши жиретип алып, сол кол жуушаңдын эки учун бүктөй
капшыра кармаганда жүн таза жана арымдуу кыркылат.
ЖҮГӨН — «Укурук салбас азоолор, жүгөндөп минсең көнүгөт» (Токтогул). Бул —
ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Жылкынын башына катылат. Ат жабдыктарынын
өлчөмү ар кандай болот. Орточо жүгөндү колдон чыгаруу үчүн анын тумшугунун эки
жагы 16 смден — 32 см, эки «ооздук» келүүчү жери 6 смден 12 см, жүгөндүн «оң
жаагы» 33—35 см., «сол жаагы» 80—82 см., «сагак» 40—42 см, «сагакты илүүчү жери
14. см. болушу тийиш. Мында ат жабдыктык кайыштын жазылыгы көмөлдүрүк,
коюшкан үчүн да бирдей 2—2,5 см. болуп тилинет.
Күмүш чабылган жабдыктарындагы (көмөлдүрүк, куюшкан үчүн да) кайыш,
булгаарынын жазылыгы менен жез, мис чөгөрүлгөн жабдыктардын эни бирдей эмес.
Мисалы, азыр чеберлер жүгөнгө, көмөлдүрүккө, куюшканга жез чөгөрүүдө. Ошондо
орточо жүгөндүн жаагы 52 — 54 см. мунун тумшугу 42—44 см. болушу керек. Кайык
да, өрүм да ыкмасы менен бүткөн ат жабдыктарынын негизги бөлүктөрүнүн (жүгөн,
көмөлдүрүк, куюшкан) жазылыгы үч см. ден ашпоого тийиш.
Ооздук эки бөлүктөн турат да, эки чагамагы «жүзмө» аркылуу кайышка
тутумдашат. Чагарактын айланасы 260° болуп, ооздуктун жагалмай канаты 9 см.
келет. «Жүзмө» бекиген ушундай чагармагы бар шакекче аркылуу бири-бирине
илише бекип, ойдогудай элпек кыймылга келип турган кош темир. Жүгөндүн
башынын өлчөмүнө карай узартылып жана кыскартылып турат.
Кыз-келиндер токуна турган ат жабдыктарынын бөтөнчөлүктөрү өзүнөн-өзү
кашкайып турат. Андай өзгөчөлүктөрдү атка катылган жүгөндөрдөн айрыкча
баамдайбыз. Азыркы усталардын колунан тамган ат жабдыктар негизинен
эркектерге таандык болуп эсептелет. Жүгөндөрдүн маңдайында «купасы»
(көрчөгөсү) анын астында чачылары бар. Бул ушул эле жөнөкөй көрүнүшү аркылуу
купулга толот.
Илгери көчмөңдүү турмушта кыз-келиндерибиз катынуучу жүгөндөрдүн тумшугу
кадимкидей конус кейиптенген кичинекей күмүш калакчалары менен майда
зымчалардан турган чачылары бар элечектин кыргак сымал шөкөттөрү тартылат.
Аны ар бир зергер өзүнүн учкул «кыял» чабыттары менен таң калаарлык даражага
жеткендей көркөмдөгөн. Жүгөндүн мындай көркөмдөлгөн тумшугу аттын чекесинен
кыргакталып, эки кулактын ортосу аркылуу кежиге менен бириккен.
Шөкөттөргө айнек, асыл таштар чөгөрүлөт. Күмүш «топчулардын» беттерине
«себет» төгүшөт. «Чапкылоо ыкмасы» менен из түшүрүшөт. Ал кооз оюм-чийимдер
кайберендердин сөлөкөттөрү кейиптенет. «Бугу мүйүз», «марал мүйүз», «кулжа
мүйүз», «куш канат», («ит куйрук»), «түлкү куйрук» өңдөнүп, күмүштү көркөмдөө
өнөрүнүн жогорку четине жетет. Жүгөндүн маңдайында, эки жаагындагы купа
томпоктоло кыр чыгарыла чабылат. Буюмдун маңдай «купасынын» төмөнкү
четинде 6,5—7,5 см, чачы үстүндө үч см. «жүрөкчө» болот.
Жүгөндүн эле өзүндө бир нече бөлүктөрү бар. Тумшук, сагак, эки жаактан турат.
Өрүмчүлөр буларды бири-бирине тутумдаштырууда «Тээк» (эки жыгач) коюп, өрүп
кетет. Буга «тээк» коюп отурбай, өз ичинен эле өрүм чыгарып, өрүп кетүүгө да болот.
Булардын ортолоруна «Тээк» коюлгандыктан катуу кайыштын өрүм аралары
бошураак көрүнсө сүткө же сууга салып өрүлгөн. Муну кургак өрүүгө болот. Себеби,
антпесе заводдун кайыш өрүмү өтө катуу болуп калат.
Тизгин — «Окуроо түйгөн ак тизгин, Кош колунда карышып» («Манас»). Бул —
жүгөндүн бир бөлүгү. Мингичти башкаруу үчүн ак кайыштан эни 1,5—2 см дей,
узуну 225—240 см дей тилет. Анын учтары ооздуктун эки жагындагы чагаракка
«чаян түйүштөлө» байланат.
ЖҮК — «Алган жарым Көксулуу, Алдын карап жүк жыйдың, Артын карап үй
тиктиң» (Жеңижок). Бул — үй эмеректеринин бир бүтүмү. Төргө үстү-үстүнө
бүктөлүп жыйылган ала кийиз, алтыкат, жууркан, төшөк, жаздык. Жүк жыюу мурун
негизинен боз үйгө шартташкан. Анын эң алдына жүк такта орнотулат. Буга чачылуу
кара терме, кажары терме таар же килем жабылат, анын үстүнө жагдан, сандык орун
алат. Алардын үстүнө ала кийиз, килем, алтыгат, көлдөлөң коюлат. Чекелери
саймаланып жана кыюуланып, кертимделген жууркан менен төшөк жыйылат.
Үстүнө саймалуу куш жаздыктар кыркаланат. Аны килем же таар же сайма жабат.
Айрым жерлерде сайма балыш, жаздыктар өзүнчө кертимделет. Жүктүн
жакшынакай жыйылышы үйдүн ичине өзүнчө ажайып кооздук тартуулайт. Кызкелиндер жүктү кынаптап жыюусу аркылуу кирип-чыккандарга өзүнүн үйдү таза
тутуусун, адептүүлүгүн, чеберчилигин жана табигый маданиятын көрсөткөн.
ЖҮН — «жүнүн сабап, чийин чырмап ар кимдин, сен элең го бир кезекте
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.