Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18

Total number of words is 3835
Total number of unique words is 1968
21.7 of words are in the 2000 most common words
31.8 of words are in the 5000 most common words
39.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
төбөлөп», акак таш чөгөргөн зер буюмдардай жаркын элести тартуулайт. Албетте,
андайды «кызыл сайма» деп атайт. Кызыл кыжымынын ортолугунда кара жердикке
сайылган туш кийиздин четине кызыл, көк, ак, сары өңдөр өз ара айкалышкан
гүлдүн, гүл сыяктанган чөптөрдүн дүйүм жалбырактарынын кереметтүү элестери
тартылат. Анан сайманын ак-кызылдан берилген көркөм көчөттөрүнүн араларын
бөлүп, өзүнчө түр түшүрүү салты да жакшы сакталуу керек. Туш кийиздин ортолук
көчөттөрү жыш берилип, алар кандайдыр «куш канат» өңдөнүп, түрдүн ичинен
түрлөр кооздуктун ичинен кооздуктар уланып, туунду катары элес тартуулап турат.
Мында уздар кызыл-сары, күрөң, жашыл, ак, айтор, саймачылык өнөрүндө бүтүндөй
пайдаланылуучу түстөрдү ич ара ширетип, кереметтенте беришет. Андан кийин ал
көркөм көчөттөрдү ачыш үчүн «ит куйруктан» «суу» жиберип, «жарым бадам оюму»
кызыл жип менен торчолонуп, анын араларына кайра актан «суу» чуркатса болот.
Саймачынын чеберчилиги буюмдагы ошончо өңдөрдүн ичине кызыл түстүн жүзүн
ача жана ага берки өңдөрдү сыйкырдата «багынта» билгендиги жогору бааланат.
Жасап жаткан буюмда оюм-чийимди «буруп кетүү», «өзгөртүп берүү», «ага өзүнүн
жекече мамилесин жасоо» — өңдүү жагдайлар уздарда көрүнөт. Көлөмдүү кармаган
туш кийиз үйүндө үйдүн көркү, көргөзмөлөрдө көпчүлүктүн назарын өзүнө буруучу
ажайып кооздук, үйрөнчүктөргө үлгү катары асыл милдетти аткарат. Мында үч
тумарча (үч бурчтук) көрүнөт. Айрым жерлерде аны капкалдырык деп аташат. Ал
буюмдун борбордук көчөтүнүн чок ортосунда, эки четинде жайлашса, туш кийиз
«илме сайма» (шибеге сайма) ыкмасы аркылуу жүзөгө ашса, эндүү буюмда кийиз
оюмдары менен сайма, чырмак, өрмөк, токуу көчөттөрүнүн өз ара айкалыштары
болсо, мында четтик көчөткө (жээк көчөт) «куш канат» менен «карга тырмак»
берилсе, алар өз ара алмашса, араларына «суу» жүргүзүлсө мына ошондо буюм
салттуу болот. Кара баркутка уздук татым менен жашыл, сары, кызыл, көк өңдөр
бири-бирине чабалекейдей катыш жасайт.
Чеберчиликте түстөрдү сары саптоо, аны ич ара кыйыштыруу көңүлдүн
борборунда, кол учунда ойноктоп туруу керек. Мына ушуга байланыштуу борбордук
жана четтик көчөттөр түшөт да, сайма үлгүлөрүнүн ажарын ачат.
Туш кийизде кийиз оюмдары басымдуулук кылуу зарыл. Анда шырдакка
таандык «бармак боочу» (бармак башы, бармак менен сөөм биригет), «карга
тырмак» үч тырмактын ортоңкусу жок ага «жарым кыял» тутумдашат да, көчөт
табакчасынын ортосунан, жүрөк оюмунун элементтери берилет. Борбордук оюмдун
башына «кыял оюмун» берүүсү да буюмдун нукуралыгын баамдатат. Албетте, сайма
көчөттөрү менен оюмдары ичке алынат.
Уздук чыгармачылыкта үлгүнүн нукура жердигин иштете билүү бөтөнчөлүгү
болот. Жасап жаткан буюмундагы оюм-чийимди «буруп кетүү», «өзгөртүп берүү»,
«ага өзүнүн жекече мамилесин жасоо» өңдүү жагдайлар таасын көрүнөт. Алсак,
көлөмдүү кармалган туш кийиздер үйдүн көркү, көргөзмөлөрдө ажайып кооздук,
үйрөнчүк уздар үчүн үлгү катары асыл милдетти аткарат. Мисалы, үч тумарча (үч
бурчтук) көрүнөт. Айрым жерлерде аны «капкалдырык» деп аташат. Ал буюмдун
борбордук көчөтүнүн чок ортосунда, эки четинде жайлашат. Туш кийиз «илме
сайма» (шибеге сайма) ыкмасы аркылуу жүзөгө ашат. Бул өңдүү буюмдун кийиз
оюмдары, сайма, чырмак, өрмөк, токуу көчөттөрү менен өз ара айкалыштары бар.
Мында четтик көчөткө (жээк көчөт) «куш канат» менен «карга тырмак» берилет.
Алар алмашып отурат да, араларына «суу» жүргүзүлөт. Демек, кара баркут бетине
уздук татым менен жашыл, сары, кызыл, көк өңдөр бири-бирине чабалакейдей
катыш жасалат. Чеберчиликте түстөрдү сары саптоо, аны ич ара кыйыштыруу
көңүлдүн борборунда, кол учунда ойноктоп турат. Мына ушуга байланыштуу
борбордук жана четтик көчөттөр түшөт да, сайма үлгүлөрүнүн ажарын ачат.
Борбордук оюмдун башына «кыял оюмун» берүүлөрү да буюмдун нукуралыгын
баамдатат. Албетте, сайма көчөттөрү менен оюмдары ичке алынат. Тушта
тартылуучу буюмдун формасын уздар текчеден (текичек, текче, секичек, жапсар
баштык) алат. Мисалы, ушул өңдүү туштукка түшкөн көчөттөрдө жайдын
толукшуган учуру, тоо гүлдөрү жайнап, жайлоо нооматына келип турган кез
элестейт. Ошондо дүйүм топ гүлдөрдүн кычыктарында саратан конуп алат. Ал «Жай
саратан» деп аталат. Мына ушул учурду уздар сайма аркылуу элестетип берүүгө да
умтулушат.
Мында көчөт үчүн беш топ гүлдү алып, анда түгөйлүү сегиз саратанды кондурат.
Алар учуп-конгондой элестейт. Демек, буюм чачысына да жай саратанынын
сөлөкөтү түшөт. «Жайлоодо жай чилдеде баскан изиң саратан болуп кетет» деген
ойду пайда кылат. Кыргыз жери күнөстүү, жайлоо толукшуп, кайда бассаң көңүлүң
көтөрүңкү, делебең бийик, жүрөк кылы чертилип, адамга чыгармачылык шык
ыроологон жергебиздин табиятын сайма көчөтүнө өзгөртүп берүү аркылуу уздар
алдыга тартат. Жаңычыл саймачылар тармал терини тарамдап, мамыктай жумшак
кылып, аны чечмеленгенде буюм бетине боз торгойлорду символдоштурат. Мындан
сайма көчөттөрү таралат. Андан поэзия жаралат. Андай буюм жээгинде секиртме
саймалар орун алат. Кадимки боз торгой жашыл токойдо береке бейпилдикти
даңазалап тургандай туюлат. Буюмдун чети чеги жок көк асмандай. Албетте, ал көк
жердиктен турат. Ортосу көрпө болуп, анда «торгой уялары» бар. Арийне, бул майдачүйдөдөй, бирок, адам ниетине түшө турган маанилүү көрүнүш. Мунун төрт тарабы
«тор чачыкталат» да, учу топ чачыкталат. Ушундай эле сайма ыкмасы менен
бүткөрүлгөн текчелер болот. Ыргайдын мөлтүрөгөн кызыл мөмөлөрү бышып, адамга
укмуштай сезилет. Ошол көз жоосун алган учурун уздар сайма аркылуу берет.
Ортосундагы табакча анын мөмөсүн символдоштурат. Четинде сайма аркылуу
берилген таңкы шүүдүрүм элестейт. Эртең менен күндүн нуру арсак-арсак
чокулардан шыкаалай баштагандагы ыргай мөмөсүнө түшкөн шүүдүрүм так
ушундай мончоктой болот. Ошондо майда саймалар «торгой көздөнүп» кетет.
Туштуктардын аянты бирдей берилсе көчөт табакчалар так түшөт. Чакан буюм
төрт табакчадан турат да, «төкмө чачы» менен кооздолот. Бир табакчадан төрт
элемент бар. Мындан «мүйүз», «карга тырмак» оюмдары аркылуу билинет. Буюм
чети кызыл аскалардын башында күн нуру чалган кезин баамдаткан учурлар бар.
Жердиги көк, ал асман ачык дегендей ой, бейкуттукту билгизет. Мындагы көк менен
ак тазалыкты да, тунуктукту да көрсөтөт. Демек, көк, ак нерселерди көргөндө
өзүбүздүн маанайыбыз да жаркын боло түшөт.
Бир эле «туштукта» үч капкалдырыктын чыгышы оңой уздук эмес. Анын учунда
үч «топ чачык» түшөт. Табакча-табакча болуп, көркөм көчөттөрү «мүйүз
оюмдарынын» негизин кызыл өң дүйүм гүлдөрдү символдоштурат. Муну териден
(булгаарыдан-шабырадан) жасап бул үч илтик болот. Бул канаттуунун коозу тоту
кушту элестетет. Чечмелегенде ургаачысы, эркеги, баласы — үчөө болуп бир
бүтүмдү түзөт. Уздук туюм да жарык дүйнөнүн ичинде эс талдырган, көздүн курчун
кандырган укмуш сулуулуктар болот. Алар көңүлдү чайкап, эс алууга шарт түзөт.
Аны жан дүйнөң менен кабыл аласың, ырахатка бөлөнөсүң.
Жарык дүйнөнүн кооздугунан түшүнүк бар. Чынында тоту куштун өзүн сайма
аркылуу тартып эле койбой, ага өзүнчө форма берүүдөн, символдоштурууга
аракеттенүүдөн «жарык дүйнө» өзү эле кооз» — деген түшүнүк чыгат.
Капкалдырык — туш кийиздин ортолугунун чок ортосунан орун алган үч
бурчтук формасындагы сайма. Айрым аймактарда муну «тумарча» деп атайт.
Капкалдырыкка туш кийиздин ортолук (борбордук) жана четтик (жээк)
көчөттөрүнүн көркөм элементтери так өзүндөй түшүшү шарттуу көрүнөт.
ТҮЗГҮНДӨӨ — камчы өрүмүнүн учун бекитүү. Майда өрүмдүн учун жанып
кетпегендей түйүү. Өрүмчүлөр өрүм бүтө жаздап калганда өзүнчө ичке көк тилип
алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, көк
илме чалма (ычкыр-ичкур) чалынат. Ал чалмадан эки көк, илмесинен да эки көк түз
өрүлөт. Ошондо өрүм оролуна айланып, пружина сымалданып түшөт. Анан өзөктү
экиге бөлүп, анын ортосуна көктү кийирип, көктүн учу аркылуу кайышты бекитип
коет. Мындай түзгүн камчыланууда бышык болот.
Өрүм бир нече тиликтерден куралып, ал биригип, өзүнчө буюм жаратат. Буга
темир шөкөт чабуу кандайдыр бекердей туюлат. Анда биринчиден, шөкөттөр өрүмгө
жакшы кармалбайт; экинчиден, ошол шөкөттөрдүн чабылган жери өрүмгө туура
келбей, тилик (тал) кайыш үзүлүп калышы ыктымал; үчүнчүдөн, өрүмдүн ичинен
өрүм чыгып, кайталана берсе, ал кооздук, өнөр, чыгарма катары каралат. Эми ага
дайыны жок эле бирдемелерди чаба берүүбүз көркөмдүктүн наркын төмөндөтөт.
Эгер күмүш болсо, ага «зооткер» түшүрсөк, анда буюм үчүн түбөлүктүү кооздук
жаралат. Темир шөкөттөрү кайык ыкмаларына гана кынаптап чапса, ойдогудай
кармай алат. Эгер өрүмгө биз сөзсүз кооздук түшүргүбүз келсе, өрүмгө кара булгаары
бастырса, жарашат. Кайыкчылыкта да кара кайышка ак кайыштан «тап бердирип»,
шөкөт ордун көркөмдөгөндөр бар.
ТҮЙДӨК (түрмөк) — Кыркылган жүндү тытып, сабап туруп түйдөктөө. Түйдөк
(түрмөк) — майда тытылып, ийрүүгө ылайыкталып созулуп, тоголоктолуп түйүлгөн
жүн. Түйдөктү ийрүү учурунда сол колдун ортонуна иле турган анын буйласы болот.
ТҮЙМӨ — боелгон түркүн жүн жиптен жасалган чачы, кооздук. Түймө (чачык
өнөрү) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Чачык — боелгон жүн жиптен
жасалган буюмдар. Мунун «чаян түйүш», «кылыч байлоо», «өрмө чачы», «түймө
чачы», «төкмө чачы», «иймек чачы», «илмек чачы» сыяктуу ыкмалар бар. Боз үйдүн
«тегиричине», «аяк капка», «күзгү капка» жана «секичекке», «чыгданга» жана ушул
өңдүү буюмдарга да таандык чачыктын өзүнчө түрлөрү болот. Элдик өнөрдүн бул
түрүндө «түйүү», «тордоо», «чачылоо» жана «чалуу» деген терминдер алмак салмак
айтылат. Түймөчүлүктүн жүзөгө ашкан түрүн элибизде «чачык» деп аташат. Ал
«төкмө чачы», «түймө чачы» болуп экиге бөлүнөт. Мунун негизги жери жүн.
ТҮНДҮК — «Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн
очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз
үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге
матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн
тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу
сынакай калктын элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо
өнөрдүн өтө кылдаттыгын, татаалдыгын, сыпаалыгын, жана оордугун аныктайт.
Айрым чеберлердин түндүк узануу дүкөнү — тегерек дөңгөлөк. Оболу, талды, же
теректи кыйып келет. Жогоруда айтылгандай, корго салып кызытып алат. Түндүк
жыгачы жоон болгондуктан, кызытууга эки-үч саат убакыт кетет. Тигил дөңгөлөк
дүкөнүн төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Жаактык
жыгачты кызыткандан кийин дөңгөлөккө алып келип чынжыр, ломдун жардамы
менен жаадай кылып, керип бекитилет. Ал бир ай бою жаткан жеринде кургатылат.
Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушул ыкма дал өзүндөй кайталанат.
Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу ыктымал.
Ошентип, түндүктүн тегерегин (айланасын) бүткөндөн кийин анын чамгарагы
салынат. Түндүк чамгарагы үч-төрт чыбыктан турат. Анын уук көздөрү тегерете
көзөлөт.
Түндүктү жасоодо чеберлер бутагы жок кайыңды да тандашат. Мурун мунун ички
бети чабылат. Жай мезгилде отуз күндө жыгач табына келе кургайт да, өзүнүн
тезине салынат. Түндүк тези да кайыңдан жасалат. Аны беш-алты киши араң ийип,
аркан-кендир менен байлап, башын куушуруп бириктирет. Анан анын сырткы
кабыгына аарчып, дагы он беш күнчө кургатылууга коюлат. Көзү да үшкү аркылуу
көзөлөт.
Кээ бир түндүкчүлөр буга турпан талды пайдаланат. Аны кыркып келип, жара
чаап узундугу 3 метр, кыкка көөмп койсо, жыгач эки күндө былкылдап жибийт. Аны
тезге коет. Ага эки-үч адамдын колу керек. Тезден чыккан түндүктү жер казыкка
кагып, ошого жатак алдырат. Андан кийин тегиздеп чаап, бурама аркылуу карматып
көзөйт. Муну ычытып көзөөчү курал «чулгуур» деп аталат. Уук-кереге жана түндүк
кармоо үчүн усталардын дүкөнү болот. Түндүк кармаган адам боз үй жасай алат.
Абалы цемент куюп, жаа кылып, чебер аны 180 ошого айлантып коет. Түндүктүк
жыгач жарым айда кургатылат. Түндүктүн жарым үлгүсү үч метр болушу керек.
Түндүктүн талдын ичке башы сегиз-он см ге барабар. Аны 5—6—8-см кылып, төрт
бурчтуу чаап сүрүп, анан «кызытуу» дүкөнүнө салат. Ошондо он алты талды бир
салып, эки саат кайнатабыз да, четинен тезге коёбуз.
Түндүктүн жоондугу 28—30 см болушу керек. Чамгарагы үч жарым см, тегереги
(диаметри) 11 — 13 см ге барабар келет. Мында алты чамгарак үч-үчтөн
кайчыланат. Мунун ар биринин аралыктары 10—13 см болушу тийиш. Ушул түндүк
55—65—75 баш үйлөргө шартташат. Түндүктө эки жарым үлүш жаа бар. Мунун ар
бир жаасы үч метрден ченелет. Андагы эки жаанын биригишинде бир метрдей
жыгачтын учу эки жаанын катталышы үчүн пайдаланылат. Ошондо эки биригиштин
ортосу он см болот. Мында баарын эсептегенде 30 см ичинен биригип турат. Түндүк
көздөрүнүн тактыгы жана төптүгү болот. Ар бир көзөнөктүн сырты эки чарчы см,
ичи болсо эки жарым чарчы метр, көзөнөктөрдүн арасы, мисалы, 75 баштуу үйдө
жети см, 65 баштуусунда сегиз см, 55 баштуусунда 9 см болуп өлчөнүп алынат.
Чамгарактары жылдырбай кармашы жана байлашы үчүн үчөөнү бириктирип турган
жазы кооз жыгач жаткырылат. Анын узундугу чамгарактын үчөөсүнүн жазысынан
бир аз ашып турушу тийиш. Ал 40 см дей келет. Түндүк көзөнөгүнүн ички бетине дат
баспас үчүн ортосунан зым уруп да коюшат. Ал уук учунун ичине чыгып кетпейт да,
уук учу жакшы көрүнөт.
Көпчүлүк жерлерде түндүктүн негизги жердигин талдан, теректен тандашат.
Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим
түшүрүү нускасы да бар. Түндүктүн чамгарагына кулжанын мүйүзүн, же күмүш
чегеленген шакек койгон усталар да элибизге таандык. Түндүк көздөрүнүн ууктун
башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө жасалгандар кездешет.
Түндүк жасоонун дагы башкараак мына мындай ыкмасын да айта кетебиз. Муну
жасоо үчүн айрым чеберлер кара жыгачты керектөөдө. Анткени, ал абдан катуу
келет. Тең жара бөлүнгөн түндүктүн жыгачты узун бочкага төрт сааттай кайнатат.
Мында балпылдап жумшарган жыгач кадимки чөп тырмоочу машинанын
дөңгөлөгүнө бекитилет. Шамалдуу жайда бир нече күнчө как кургаган соң эки жаак
эми үйдүн формасына карай ортосунан кыйыштыра ашталат. Бул жерден чаткалдык
түндүк жасоочулар тууралуу да айта кетүү зарыл. Алар ийри кайыңдан кыркып
келип, анын кабыгын аарчып, бир жылча эски саманга көөмп, табы келген чакта
чабат. Мында беш-алты бөлүктөн турган чабакты бири-бирине жиксиз кынаштыра
алып, түндүк жасаганын көрөбүз.
Илгерки чеберлер көлөмүнө карата түз жайга төрт алты балбан казык кагып,
түндүктүн жаасын ошого жатак алдырган. Жаа аябай кынапталышы үчүн анын
айрым жерлерине жыгач шынаа урулган да, түндүк жаткан жайында кургатылган.
Ашталган түндүктүн эки жаасын шакекче аркылуу экиден төрт бурама менен
карматылат. Түндүк көзүнүн аралыгы төрт см ден болот. Ал 22—23 мм болгон кол
бургу аркылуу көзөлөт. Төрт чарчы болуп, уук учтары сайылат. Мында уук
имерилбейт. Шамалда түндүк айланбай, бири-бирине тирешип, туруктуу абалды
сактоо үчүн мунун беш көзүн оңго, бешөөн солго бурай көзөйт. Мурда азыркыдай
техникалык жарак-жабдыктар дээрлик жок кезде түндүктүн бөлүктөрүн кумдуу
кийиз менен жылмалоочу. Азыркы чеберлер кагаз өгөөнү пайдаланышат. Түндүккө
да кол жеткиздей көркөм көрчөгөрлөр урулат.
Усталар түндүккө түбүнөн түз чыккан жоон талдарды тандашат. Мында да
жерден килемче болуп чыккан тал табылгыс жердик болот. Түндүктү усталар эки-үч
бөлүккө бөлүп ийип жүрөт. Муну антип кургатып олтурбайт. Илгери түндүктүн
айланасын жерге чийип алып, аркы-терки казык урулган. Түндүктүн жыгачты
«корго» алып, казыктардын арасында ийилип, ошол жактан жайында кургатылган.
Эми болсо түндүктүн додей жер казып алып, ороо кылып, айланага ийип коюп, ошол
бойдон кургатат. Ийине келе кургаган эки-үч жааны алып туруп, бири-бирине
кынап, кадоо аркылуу бекитилет. Илгерки чеберлер шири коюп, чылгый көк менен
таңганда, ал катып, укмуштай бек болгон. («Катуулугу ширидей» деген сөз бар.)
Темирден жасалган төрт кырдуу, учу учтуу, жыгачты көзөй турган курал
«чулгуур» менен түндүк тешиктери көзөлөт. Мунун эки-үч түрү болот, биринчиси,
из, кичине тешик салып кетет; экинчиси, ал изди чоңойтот; кеңейтип кетет,
үчүнчүсү, ууктун учу баткандай көзөйт. Буларды биринен сала бирин отто ысытып
туруу керек. Мында түндүктүн тешиктери уук сайылган тараптан баштап, ички
бетине чейинки жантаймалуулугу 45° га барабар болот.
Түндүктүн жыгачы кайыңдан да, кара талдан да, өрүктөн да тандалат. Мунун
жоондугу бирдей болот. Ал эки кыйыктан (бөлүк) турат. Талдан жасалган түндүк
жеңил көрүнөт. Кайыңдын түндүгү, кара жыгачтын түндүгү салмактуу келет. Ошол
түндүктү «тепме түндүк» дейбиз. Ага уук да жакшы сайылат. Муну кыйып келээри
менен аарчый коюп, сомдоп кургатып алып, он күндөй сууга салсаң ным араң өтөт.
Корго салаарың менен чөп тырмоонун дөңгөлөгүнө жатак алдырат. Ал бир айда
барып кургайт. Түндүк боз үйдүн өлчөмүнө карата аныкталат. 80 баш үйдүн
түндүгүнүн айланасы 4 метр 80 см, 60 баш үйдүн түндүгү 4 метр 20 см болот. Мунсуз
үйдүн сыны чыкпайт.
ТҮНДҮК ЖАБУУ — Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна
жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2x2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле
«жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт.
Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга
бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың
тумарча кийиз тигилет. Тастар боо түндүктү жаап жана ачып турат. Түндүк жабууну
чүпүрөк менен ичтеп, ага кооз шырдак оюму да берилген.
Түндүк жабуунун төрт бурчунун ички тарабына үч бурчтуу кийиз тигилет. Ал
«Калтача» деп аталат. Күн жааган чакта үйдүн ичинен бакандын учун киргизип,
түндүк жабууну көтөрүүгө шартташкан.
Ак өргөөлөрдүн түндүк жабуусунун ичи адими кездемелерден астарланып, ага да
шырдак оюмдарын түшүрүүгө көңүл бурулган. Алсак төрт «табак» же «капкан»
оюмдары берилип, мунун ичи төрт «жүрөкчөдөн» турат. Оюмдун төрт жеринен
«мүйүз оюму» чыгат да, төрт оюм бири-бирине төрт тарабынан төп жана так
тутумдашат. Буга ак-кара, кызыл-көк, кызыл-кара өңдөр мүнөздүү болот.
ТҮПКҮЧ — «Түндүк болуп түйүлүп, Түпкүч болуп ийилип» (Манас). Бул
казандын орун алышы үчүн жыгачтан жасалган жатак. Же алкак чуңкурайыңкы эки
бөлүк жыгач бири-бирине тиксиз ашталат да, ал казандын түбүнө чакталат.
Кийинчерээк эл отурукташкандан тартып тегерек темирди да түпкүч кылып
колдонуп жүрөт.
ТҮРПҮ — жыгач усталардын аспабы. Мунун эки түрү бар: кезек тиштүү түрпү,
майда тиштүү түрпү. Мындай түрпү жыгачтарды жылмалоо менен бирге, анын
тулкусуна жик (наар) калтырып кетет. Албетте, бул жиктер боз үйдүн жыгачын
жошолоодо чоң мааниси болот. Ага жошо мыкты жугат. Ал эми кезек түрпү аркылуу
жыгачтын бутактуу жери сыйдаланат.
ТҮТҮК — Зергерлердин аспабы. Күмүштү «сиркелетүүдө» (сирке төгүүдө) майда
тоголок күмүш жасоодо үйлөтүү үчүн колдонулат. Муну зергерлер металлдан,
жезден, мистен, калайдан жасап алышат. Эгер жыгачтан (талдан, табылгыдан,
шилбиден жана башкалардан) болсо, анын жарылып кетпеси үчүн сыртынан
зымдан шакекче коет. Үйлөө менен желдин басымын берүүчү бул түтүктүн аяк
башы бирдей келип, анын дм и 15—20 мм болот.
ТҮШКҮН — «Кой башындай коргошун, Кошо түйгөн түшкүнгө» (Манас). Бул
камчы өрүм. Анын узуну 34— 36 см болуп, муну өрүүдө өрүмчүлөр чеберчиликтен —
чеберчиликке көтөрүлөт. Түшкүндү бекитүү өтө жооптуулукту талап кылат.
Түшкүндүн чачысынын алдынан, ортосунан жана учунан өрүмү жанбас үчүн
чеберлер өзүнчө түйүм берет. Анын узуну 2,5—3 см болот. Мындай камчылар абдан
карылуу, камчыланууга да бышык келет. Аны камчынын «сокмогу» деп да атайт.
Сокмокко койдун корголундай коргошун түйүп бекиткен усталар да бар.
Мыкты камчыны «булдурсун» деп коет. Аны көбүнчө жоокерчиликте камчылана
турган. Ал берки камчыларга караганда түшкүнү да чоң болот. Элик сап, тобулгу сап
камчылары кол жеткиздей шөкөттөө менен бирге ага «кош түшкүн» чыгарган
чеберлер да жолугат. Айрым жерлерде булдурсун үчүн торпоктун же койдун боор
терисинен көк кылып тилип, бекем тартып алып, бир көктү эки тал көктүн арасынан
өткөрүп отурат. Анда оң тарабынан да, сол тарабынан да бир көк эки көктүн
арасынан өтүп отурат. Түшкүндү кидергиге (сыдыргыга) самындап тартканда тегиз
төрт кыр көрүнүп, ал эч качан жанбайт. Түшкүндүн өрүмү өзгөрбөйт. Айтымында,
жердеги тебетейин камчы менен илип алганда түшкүнү (өрүмү) ийилип коюучу эмес
экен, көк канчалык ипичке тилинсе, көк ошончолук сыйда көрүнөт. Кылдат чеберлер
түшкүндүн жанбашы үчүн камчы чачысынын түбүнөн, ортосунан жана учунан түйүм
чыгарышкан.
УЗ — «Карасам тиктеп алыстан, Калпагы окшош тоосуна. Кандай уз тикти болду
экен, Карегим түштү коозуна» (Байдылда). Бул — көбүнчө аялдардын көркөм
буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы,
бычмачы, токуучу, өрмөкчү жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын
толук сактап кармагандар кирет. Ал кооздолуучу буюм-кечеге аздыр көптүр
жаңылыктарды жана толуктоолорду киргизүү менен чебер-аткаруучуларга
(шакирттерине) насаатчылык кылат. «Оңунан келген иш эле, Оймоктуудан уз эле»
(«Манас») деп айтылат.
УЗЧУЛУК — көбүнчө кыз-келиндерибиздин жумшак нерселерди кармоодогу
көркөм чеберчилиги. Аларга: оймокчулук, саймачылык, түймөчүлүк, чырмачылык,
бычмачылык-тикмечилик, эшмечилик, токуучулук, өрмөкчүлүк өңдүүлөр кирет.
Көркөмдүк адамдын бир гана тышкы келбетине же кийимге, таарга, териге
кездемеге эле эмес, буюмга да, үй жасалгаларына да тиешелүү касиет. Натыйжада, ар
бир адам көркөмдүктү түрдүүчө кабыл алып, ирээттүү жашоого дилгирленет.
Элибиздин үрп-адатын, салт-санаасын чагылдырган не бир сонун кооздуктарды
жаратууда эзелтен чеберлерибиз карек отун чачыратып келген.
УУК — «Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган»
(«Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун
алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см,
эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук
керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат.
Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей келет. Боз үйдүн башкы босогосунан
(босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы
аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.
Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 75 баштуу үй болсо ууктун
узундугу үч метр, 65 баштуусунуку 2,8 метр, 55 баштуунуку, 2,6 метр болот. Мында
ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынын жоондугу — 16 см ге,
баш жагы 8 см ге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см,
ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине
чейин сегиз-он см болот да, уук учунаЭО0 кыйгач кесип, керегенин сырткы
капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.
Илгери уукту билегине карата чуңкур казып, ошого коюп, үстүнө таш бастыруучу.
Керегелик жыгачты да жерге казып жөлөөчү. Ал көптө барып кургаган. Кургагандан
кийин аны бирден алып, кыргыга койгон. (Ат-Башыда ченөөчү жыгачты «бакшы
жыгач» — дейт. Ошо менен өлчөп, кереге көктөлөт. Көктөн чыкканда бир аз карайып
калган жыгач тарткы аркылуу агартылат.)
УУК БОО — кереге баштардын кайчы чалып, уук менен тыкан байлап беките
турган эшилген жип, же аркак салынып, түрдүү жиптен чалынган ичке сызма. Ал уук
башындагы көзөнөккө бекитилет, мунун узуну бир метрдей (кулач) келет да,
көчкөндө жыйналган ууктардын баштары ушул уук боо менен имере чалына
байланат. Уук боого түшүрүлгөн кооздуктар сызмага окшошот.
УУК УЧТУК (уук кап) «Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат
тыштатып» («Манас»), Топ ууктун учуна кийгизилүүчү кийиз менен таардан
ичтелип жасалган баштык (кап). Чечилип жүктөөгө даярдалган боз үйдүн тепетең
экиге бөлүнгөн ууктары «уук боо» аркылуу ороло байланат. Көчкөндө уук учтары
сынбасы үчүн атайын уук кап тигилген. Мунун узуну бир метрдей, оозунун
диаметри... см дей келип, аны беките байлоочу башында топ чачыланган боосу
болот. Уздар муну да адими буюмдай кештелеп, бетине кооз оюмдарды жана
көчөттөрдү түшүрүшкөн. Ал көчкөндө көч үстүндө көркөм көрүнгөн.
УСТА — «Кулукедей уста бол, Кыргыз элдин ичинде, Өлбөй турган нуска бол»
(Токтогул). Бул — жердиги катуу буюмдарга узануучу чебер. Буга кара уста
(темирчи), зергер (күмүш уста) (ат жабдыктарынын чебери: өрүмчү, кайыкчы,
кайышчы, анан жыгаччы, кырмаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүз
уста (мүйүзчү), тери буюмдарынын чебери (көн, шири, көөкөр, көнөк, көнөчөк,
көңдөөл, чыны кап жасоочу) өңдүүлөр кирет.
УЗАНУУ — зергерчилик, темирчилик, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, терини
иштетүүчүлүк, таш чегүүчүлүк. Тактап айтканда, көбүнчө эркектердин металлдан,
жыгачтан, мүйүздөн, сөөктөн, таштан, териден жана башка жердиктерден кооз
буюмдарды жасоо аракеттери.
УСТАЧЫЛЫК — темир, жез, миз, мүйүз, сөөк, жыгач, тери, кайыш, таш жана
башка жердиктерден кооз буюм тайымдарды кармоочулук. Элдик кооз кол
өнөрчүлүктүн мерчемдүү түрү. Күндөлүк жашоо шартын көздөп, салттуу, аземдүү
жана ашкана буюм-тайымдарын жасоо үчүн чеберден-чебер чыккан. Төтөн, күмүштү
кармоо доору күн тартибине келип, үй буюмдарына, ат жабдыктарын, азем
жасалгаларын, аруулата кармоо өзүнчө маданий төңкөрүштү түзгөн. Албетте, мында
устакерчилик элдик салтты дагы дааналап айкындаган таптык мүнөздү да көздөгөн.
Кийинки муундарга легендарлуу катары айтылган Дөөтүнүн устакерчилик «кан
жолун» улаган, анын «демөөрү колдогон» усталар чыккан. Алар кара темирди
камырдай жуурушкан. Алтын-күмүштү күндө күлдүрүшкөн.
Көркөм кол өнөрчүлүктүн табиятында уста болуп калыш көчмөндүү
турмушубузда көбүнчө тукум куучулукка шартташкан. Демек, жалаң гана усталарды
эле айтпайлы, колдонмо-жасалга өнөрүнүн бүтүндөй түрүн көз алдыбызга
келтирсек чеберлердин алгачкы шыктарын ата-энелери жана ага-туугандары,
айылдаштары көбүрөөк ойготкону, тутанткандыгын даана баамдайбыз. Албетте,
мында чебердин жекече шыгы, идиректиги, өнөргө кыялдануусу, баса отуруп
күндүр-түндүр талбай узануусу зор роль ойнойт.
Ошондой эле айтылган уламыштар, айрым атактуу усталардын алыстан угулган
атак-даңкы, алардын эл ичинде сейрек кездешүүсү, азем буюмдары устанын
узануусунун андан аркы өөрчүшүнө ичтен тымызын шык берген кездери да арбын
болот.
Элдик усталардын бөтөнчөлүгү — алардын уздануулары терең сырдуулугу, көп
кырдуулугу, Акыйкатта, уста — өнөрдүн ата башы. Көпчүлүк усталар ага дейре эле
өнөрдүн калган мындай түрлөрүн: жыгаччылыкты, мүйүзчүлүктү, ташчылыкты,
теричиликти, өрүмчүлүктү, кайыкчылыкты, айтор, булардын баарын тең тизгинде
кармоого дасыгышат.
Мурунку усталардын узануу шарты ар кандай болгон. Алардын чакан
өнөрканалары-дүкөндөрү боз үйдүн ыпта жагына жайланышкан. Айрымдарынын
устаканалары үңкүрдө же жер кепеде болгон. Элибиздин көчмөндүү турмушуна
байланыштуу усталар жайдыр-кыштыр эле бир жайга жалпак олтуруп узанышкан
эмес. Буюм жасатуучулар үйүнө атайын чакырып барып узантуучу. Анда усталар
керектүү аспап-куралдарын куржунуна артына барышкан. Демек, кардар түшкөндөр
өз шартына ылайык устага обочороок өзүнчө боз үй тигип, көмүрүн өчүрүүгө:
көөрүгүн басууга атайын киши дайындаган. Мындай шартта усталар көбүнчө кыз
себин кармаган. Жумуштун көлөмүнө карата узануу айлап, жылдап кеткен.
Азыр усталардын көбүнүн узануу шарты өзгөрдү. Булар ичи кенен жана жарык,
туруктуу узана турган дүкөндөрү бар. Анда бүгүнкү техникабызга ылайыктуу ар
түрдүү аспап-куралдары ирээттүү жайлашкан. Илгери алаа көөрүк болсо, ага
караганда күжүнү үйлөтүү жеңил болгондуктан асма көөрүк колдонулууда. Бүгүнкү
зергерлер жыгач көмүрдү анча өчүрүшпөй, көбүнчө таш көмүрдү жана «көгүлтүр
отту» (газды) пайдаланышат.
Илгери устанын өнөр акысы күн мурунтан эле бычылуучу. Алардын
айлакердигин баалагандар, албетте, эч нерселерин аяшпай, ат мингизишкен, тон
кийгизишкен, алдына мал айдатышкан. Элибиздин салтында аруу буюмдарды
«балдарга ыроолошкон», «бирөөлөргө тартуулашкан», «бала жентектеген», «белекке
беришкен». Ушинтип, «Темене тартып төө алган» учурлар устачылыктын
санжыргалуу салты жана наркы болгон. Мындай жөрөлгөбүз журтчулугубуздун
атам-замандан берки жоомарттыгын айгинелейт. Бирок, уста «Өнөрүн сатпайт,
кардар бергенин алат» — бул да устачылыктын наркы болот.
Устанын накта белгиси темирди төрт кырдап таамайтаасын чаба билүүсүнөн
көрүнөт. Балканы кармай жана темирди чаба билүүнүн өзү эле анын устакерчилигин
аныктап турат. Кара темирди таптоодон устанын кимдиги көрүнөт. Айталык,
чалгыны, керкини, балтаны таптоо менен мизин текши чыгара билүүдөн баамдалат.
Устанын айлакерлиги ошол темирдин ар кандайын сугаруудан көрүнөт. Бул — ар
бир курал-аспапта «тапка келтирүү» деген түшүнүктү берет. Ар түркүн темирлерди
кесүүгө-өгөөгө жарактуу кылуу. Чынында жашык темир аспап-курал боло албайт.
Натыйжада, аспап-курал ийине келтире сугарылып алуу аркылуу алмаздай курч
болот. Зирек усталар муну сугаруудан тап жылдырышат. Чоктонгон кызыл темирди
улам кичине сууга сунуп, улам четинен ширетип, кайрадан тартып алып, көрүпбаамдап, темирдин курчтугун же мококтугун көз өлчөм, ой таразасынан өткөрүп
турушат. Муну сугатына даана көзү жетпеген усталар темирди өгөө менен сынайт.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.