Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02

Total number of words is 3780
Total number of unique words is 1991
21.6 of words are in the 2000 most common words
31.8 of words are in the 5000 most common words
38.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жеринен «карга тырмак оюму» чыгат. Негизги күрөң кызыл менен ач жашыл өң
бирин-бири жутушпай, алардын жүздөрүн сарыдан бастырган «милте» ачат.
Борбордук оюмдун бурчтарын
жарым табакчалар
бүтөйт.
Мында
«аламычтардын» арбын түшүшү буюмдун дубалга килем ордуна тартылышына да
ойдогудай шартташат. Же шырдактын «четтик оюмун» «жарым кыялдантып»,
«жагалмай канаттантып» буюмдун жалпы танабын кочкул кызыл менен көк өң
өзүнө оодарып, сары-карадан берилген «аламыч» куп жарашат. Шырдактын
«ортолук оюмунун» четине да ушундай «ит куйрук оюму» түшүп, борбордук
табакчалардын араларына жарым табакчалар орун алышы керек. Мында да негизги
көк-кызыл өң биринчи кара-сарыдан турган «аламыч» экинчи түрдө көрүнөт.
АЛАЧЫК — «Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз
үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү
жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк
менен ууктан турат. Тактап айтканда, түндүктүн көзүнө өткөрүлгөн ууктун башын
жерге саят. Уукту сайып бүткөндөн кийин, «тизгич» тизилет да, сыртынан үзүктү,
түндүк жабуусун жабат. Анын эки этеги эшик жабуулук милдетти аткарат. Буга от
жагылат.
2) Ит арка — алачыктын дагы бир түрү. Аны «сойломо» деп аташат. Убактылуу
жашоо үчүн канат керегенин башын кайчылаштырып кошулат. Үстүнө кийиз
салганда алды-арты ачык калат. Аны башка кийиз, таар менен жабат, буга от
жагылбайт. Алачыктардын бул түрлөрүн жоокерчилик турмушта, же көчүп-конууда,
ара жолдо шашылыш эле тиге коюшкан. Муну «Куш күйүткө» чыккандар,
жылкычылар, койчулар, жатакчылар көп колдонушкан.
Алачык айрым жерлерде «кеп», «ак тигер», «тигертмек» деп да айтылат.
АРАБЫ КИЛЕМ — килемдин бир түрү. Ал түксүз килем деп аталат. Чеберлер жүл
(түк) килемдей эле муну да арбын токууда. Бул түктүү килемден токулуш ыкмасы
жагынан кескин айырмаланат. Буга жүн абдан аз чыгымдалып, жиптен таштанды
чыкпайт. Таар сымал согулуп, килемдикиндей аркак салынбайт. Чеберлер жумасына
бир орто аянттагы арабы килемди бүткөрүп коюшат. Буюм жерге төшөөгө
шартташып, анда эришине аркакты санап гана өткөрүү аркылуу көчөт түшүрүлөт.
Буга жүл килемине түшкөн көчөттөр толук берилет.
Анын четине уз «Казан кулак» көчөтүн түшүрсө, ал «бычак учуна» окшошуп
кетет. Бул жарты болуп берилсе, «казан кулак» үч бурчтук өңдүү көрүнөт. Андан
кийин «Жээк көчөтү» үчүн уздар «жарты омуртканы» тандашат. Баткендин
Самаркандек, Рават тарабы «Пара көчөтүн» (бара-тегирмендин парасы) арбын
түшүрүшөт да, анын ортолук көчөтү (борбордук көчөтү) бүтүн «омуртка көчөтү»
болуп көрүнөт. Бул бири-бирине эриш-аркак көркөмдүктү_ «суусу» бөлүп турат.
Көчөт араларындагы жарым табакчаларды алар «Колтук» деп айтышат. Негизи
баткендиктерде буюм үчүн кара-кызыл өңдөрдү мүнөздүү карашат да, буюмдун
материалы — жердиги такай кылчык жүндөн болот. Жүн килеминин көчөттөрүн
арабы килемде да кайталайт. Мында негизги көчөттөрүнө «тарелка көчөтү»,
«ашкана көчөтү» кирет. Алардын четтерине «Талик», «Кыйкач» өңдүү жарым
көчөттөрү дайыма түшөт.
«АЛДАЯР ӨРҮМҮ» — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн түрү. (Илгери Ысык-Көлдүн
«Чоң өрүктү» дегенинде Алдаяр аттуу адам ат жабдыктарынын чебери чыгат.
Айрыкча анын татаал өрүмдөрүнө калк куштарланып, аны «Алдаяр өрүмү» деп
аташат). Мында экиден тал көк сегиз кыр болуп түшөт. Бул «калмак өрүмгө» окшойт.
Өрүм он көктөн турса, ал бештен эки жакка бөлүнөт да, бирден көтөрүлүп, бирден
басылат да, он тал тең бөлүнүп, экиден көтөрүлүп, бирден басылат. Өрүмчүлөр
жыйырма төрт көктүн ар бир үч талын бир тал менен бастырып өрөт. Эгер тилинген
көк жоонурак келсе, үч талды экиден бастырып өрүү, эң эле сыйда көрүнөт. Демек,
тал көктөр ичке жана көп болсо, муну үчтөн бастырат.
Ал эми камчыдан жетимиш см. көктүн өрүмү (түшүнү) кырк смге барабар.
Өрүмчүлөр көктүн узун-туурасын так өлчөп тилишет. Эгер өрүмдү отуз алты тал көк
аркылуу жүзөгө ашырса, көк канчалык ипичке тилинсе да, түшкүн (өрүмү) ошончо
жоон көрүнөт.
АЛТЫГАТ — Жүк буюму. Бир жак бети бачайы, атлас шайы, сатин, чыт сыяктуу
кездемелер менен капталган калың кийиз төшөнчү. Уздар мунун кездеме жак
бетинин баш-аягына карыш-сөөмдөй башка кездемелерден «кыюулап», ага ийне
сайма, илме сайма (шибеге сайма) аркылуу көркөм көчөттөрдү түшүрүшкөн.
Саймачылар мында «бадам», «мүйүз», «гүл», «кыял» оюмдарынын элементтерин ич
ара айкалыштыра беришкен. Буга «секиртме сайма», «таңдай сайма», «көптүрмө
сайма» мүнөздүү келет.
АРГАМЖЫ — Эшме өнөрү аркылуу бүткөн буюм. Аркандын кыскараагы. Бир
нерсени байлоо, таңуу үчүн пайдаланылат. Ал да аркан сыяктуу кылдап, топоздун,
эчкинин кылтагынан кыл аралаштырыла эшилип жасалат. Элде «атты, уйду
аргамжыла», «атты, уйду, малды арканда» деген сөз эгиз айтылат.
АРКАК — «Эришке жараша аркагы» (Макал). Бул өрмөк согууда эриштин (эркеги
үстүңкү жиптери) менен ургаачысынын (астыңкы жиптери) ортосунда каршытерши жүрө турган жоон шоона. Аркак эриштен тез өтүп турушу үчүн ал, адатта,
сүйрүлөнө түрүлөт. Өрмөктүн «адыргы» менен «кылычы» жана «үч марасы» (үч
буттуу жыгачы) өрмөктү өйдө көтөргөндө, мунун күзүгүнүн бирөө өйдө чыгып, бирөө
ылдый түшүп турат. Бул экөөнү айрып турган чыйратуусу келишкен «тизгин» деген
жиби бар. Ал согуп жаткан жакты жазы, ичке кылбай, бир калыпта алып турат.
АРКАН — «Кыл аркандын селкинчек, кыздар ойнойт эркиндеп» (Эл ыры).
Жылкынын жал-куйругунан, эчки-топоздун кылтагынан эшмечилик өнөрү менен
бүткөрүлгөн жүк жүктөөчү, кайтарылган малга тагылуучу жоон жип. Анын узуну 12
кулачка жетет. Аны эшүү чылбырды, бел кырчоону, желени эшүү менен окшошот.
Даана кыл аркан жылкынын куйрук-жалынан болот да, ал урунууга өтө бышык
келет.
АК ӨРГӨӨ — «Торум кыздын ак сарай, Салтанаты бир далай, Асемдүү боо
тактырган, Ак манат менен жаптырган». «Жалаң үйдүн форумун, жарым күнү
ырдаган» («Манас»). Бул — жасалгалуу боз үй, үйдүн көлөмдүүсү. Күнөстүү
Кыргызстанда салтанаттуу тойлордо, «Малчылар күндөрүндө», эс алуу жайларында
жана урматтуу меймандарга карата атайын тигилген боз үйлөр Ак өргөө болуп
саналат. Ал мурун обочо, бийигирээк жайга тигилген. Актыгы, чоңдугу менен
кооздугу аркылуу берки үйлөрдөн айырмаланган. Өргөөнүн жасалгасына атактуу
усталар жана уздар катышат. Ак өргөөнүн чаканы «алты канат», чоңу «он эки
канатка» дейре жеткен. Ак өргөөгө чыгдан тартылбайт, от жагылбайт.
(Мындан алты жыл мурун ГДРдын Лейпциг шаарында Бүткүл дүйнөлүк көркөм
көргөзмө-ярмарка ачылган. Анда кыргыз боз үйү аалам алкактарынан келген
сынакай көрүүчүлөрдү таң калтырат. Боз үйүбүз кошо катышкан форумдар ГДРде,
Индияда, Канадада, Сирияда, Турцияда, Алжирде, Швейцарияда, Монголияда жана
башка ушул өңдүү ондогон чет өлкөлөрдө болду). Ак өргөөнү көтөрүүдө айлакер
зергерлердин, суусун ичкен жыгаччынын, кайкач бармак оймочунун, көз каргыткан
саймачынын жана термечинин, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын,
бычмачы-тикмечинин аруу колдору катышат. Ичинен тегерек «тегирич» илинет да,
сыртына кыдырата «кылдыраач» тартылып, ак өргөөнүн төрт жери кооз
«төтөгөлөнөт». Анын эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
АЛКАК — «Алкак ийип арчадан, түп кынаган челекке,
Ак кайыштай чоюлуп, Карскан ийген элекке» (Калык) Жыгаччылыкта челек,
элек, май бышкыч (куу-күү) сыяктуу идиштердин бөлүктөрүн бириктирүүчү,
алардын эки-үч жерине курчала турган ичке (2,0—3,0 см.) түпкүч формасындагы
жыгач. Аны чеберлер сууга салып, жибитип, табына келген кезде ийишет. Мындай
ыкма менен казанга түпкүч, элекке карскан, шири идиштеринин оозуна кептөөч да
жасалат.
АСМА (үч мара) — курулган өрмөктү өйдө көтөрүп, согууга ыңгайлуулукту түзгөн,
башы бириккен үч буттуу жыгач. Анын ортосунда өрмөктү өйдө көтөрө турган
илгичи болот. Адатта, өрмөк ак жайда курулат. Күн ысыкта ал саябалык милдет да
аткарат.
АТ ЖАБДЫК— (ээр токум, ат токулгасы). «Атка, уйга жарашкан, жабдык сатты
кайран эл» (Ысак). Бул — атка токуп, минип кетүүгө керектүү буюмдардын жана
шаймандардын жалпы аталышы. Ага: ээр, үзөңгү, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр,
көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмектен сырткары көрпөчө, ат
жабуу, үртүк, камчы кирет. Аталган буюм-тайымдардын ар биринин өзүнчө аткара
турган милдеттери бар. Жасалышы жана санжырасы жагынан эркектердин ат
жабдыгы, аялдардын (кыз-келиндердин) ат жабдыгы деп айтылат. Аларды чебердеп
көркөмдөп жасоо жана жашоодо урунуу элибиздин маданий-материалдык турмуштиричилигине жараша болот. Көчмөңдүү турмушта уюткулуу журтчулук
зергерчиликтин күчү менен ат жабдыктарын укмуштай сынпостоткон жана
шөкөттөткөн.
Ат жабдыктардын көз тайгылткан даана кооздугу жана жаңыртуусу күйөөгө
узатуучу кыздын аттанаар атын токууда бөтөнчө көрүнгөн. Мурунку чеберлер
кайышты жана көндү ийлешсе, азыркылар ат жабдыктарын узанууда заводдун
булгаарысына ак кайышты каттап кайып жана ак кайышты өрүү ыкмасын
колдонушат да, ага көбүнчө күмүш ордуна жез, мис чөгөрүшөт. Ат жабдыктары
негизинен «өрмөчүлүк» менен «кайышчылык» өнөрлөрү аркылуу жүзөгө ашат.
Буга узануучу усталарды «Зергер», «ат жабдыктарынын чебери» «ээрчи»,
«өрмөчү», «кайыкчы» жана «кайышчы» деп бөлүшөт.
АТ ЖАБУУ (тикек) — Ат жасалгаларынын мерчемдүү бөлүгү. Ээрдин алдынан,
тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу көркөм буюм. Сынга толуучу
аруу буюм ат жабуу өрмөкчүлүк (терме, кажары, беш кеште) менен катар
саймачылык менен асемделет. Демек, эндей таарга жана кездемеге сайма
көчөттөрүн көчүрүү үчүн уздар ботонун, койдун жүнүн ипичке ийрип, аны оңго жана
солго чыйратышкан. Ат жабууну кадимки жүн жиптер менен саймалаган.
Четтериндеги түймө чачыктары шуруланып, төкмө жана топ чачыкталган түрүн
«тикек» (дикек) дейт. Мында буюмдун жердиги, сары таарыдан турат да, ага кызыл,
көк өң менен сайма көчөттөрүн түшүрүшөт. Ал сайылган кештелер балышжаздыктарга берилген: «тогуз төбө», «байчечек», «кайкалак», «допу талаа»
көчөттөрүнө окшошуп жана үндөшүп турат.
Тикектин жердиги кездемеден да тандалат. Анда ага көбүнчө «илме дос» (илмеилме, илип саюу) мүнөздүү келет.
Ат жабуу кийизден да болот. Демек, ар түрдүү жердикке мына ушундай сайма
көчөттөрдү алмак-салмак түшүрүү Түштүк Кыргызстанда бөтөнчө өнүгөт. Тактап
айтканда, мында буюмдун жердиги үчүн чеберлер төөнүн, койдун жүнүн даярдашат.
Кийинчерээк кебезди да ийрип чыйратышкан. Өрмөктү курууда бир өңчөй өңдөгү
жиптер гана күзүктөлүп, эриш жип (өрмөктүн үстүңкү-астыңкы жиптери) ичке
ийрилген. Ага аркак (эриш жиптердин ортосунан өтүүчү шоона жип) өткөрүп, эч
кандай көркөм көчөтсүз, эндей согулат. Адатта, жүндүн түсүнө карата анын өңү
саргыч, ак, кызгылт, кээде кара да болушу ыктымал. Демек, ушул таарга уздар «илме
дос», «илме сайма» өңдүү сайма ыкмалары аркылуу көркөмдүктү беришет.
Саймачылар буюмдун четине «төкмө чачык», «тор чачык» берет. «Жээк» катары
кажары таарынын ыкмасында ак менен карадан «кош кайкалак көчөтүн» (багжагай)
эки элидей эндүүлүктө келтирет. Анын четинде өрмөкчүлүк жана саймачылык
аркылуу четтик көчөт көчүрүүгө да болот. Анын эки тарабына «чычкан изин»
түшүрөт. «Багжагайдан» кийин буюмдун жердигине сайма көчөттөрү сайыла
баштайт. Анда көркөм көчөттөр «жарым кайкалактын» элементтеринен турат да,
бөз жердикке түшкөн, көк, сары, кара, кызыл өңдөрдү көк (ток көк) өзүнө оодарып,
буюм түшкөн четтик көчөттөгү «чычкан изи» (суу) өзүнчө «ала мончоктоло» берилет
да, анын четтерине теке мүйүздөнгөн көркөм элемент-көчөттөрү болот. Ортолук
көчөт эки чоң тегерекчеден, тактап айтканда, табакчадан турат. Андан бутактанып
экиден төрт кичине көчөт бөлүнүп чыгат. Табакчалардын ичи-сырты жарым
кайкалак жана жылдызчаларга жыш толтурулган. Жалпы көз карашта алганда,
мында өңдөрдүн ич ара айкалышын жана сайманын ыкмасын биринчи орунга
коёбуз.
Элүүнчү жылдары улуулардын нускоолору менен чеберлер бул буюмга жапырт
узданууга аттанышат. Сайманын мындай үлгүлөрү салттуулукта кармоонун
көөнөрбөс нускаларын далилдеген. Бул сайманын эски ыкмаларын дал өзүндөй
сактоо менен көркөм көчөттөрүбүз элдик нукта, андагы уздардын уздук
кызыкчылыктары да элдик мүнөздө болот.
Ат жабуунун четине «чымын канат» түрүн калтырып, ал өрмөктө ак-карадан
терилгендиктен бир аз ала чакмактана берилет. Мунун четтик көчөттөрү өтө эндүү
болот. Аттын соорусунун эки жагына жаба этектеле түшүрүлгөндөй бештен он
окшош көркөм көчөттөр кабыргаланып, тоту куштун канаты сыяктантып, «жарым
кайкалак көчөтүнүн» элементтерин арбын пайдалануу керек. Анын чачылары
чыйрак чыйратылган кара шоонадан төкмөлөнө берилип, атка жабылганда
кооздуктун өзүнчө ажарына келет.
Терме таар ат жабуу адими буюмдардын катарына кирет. Ат жабуунун формасы,
жасалышы жана пайдаланышы боюнча бир нече түрлөрү бар. Ал «кара терме»,
«кажары терме», «беш кеште», «пиязы таар» түрүндө да болот. Эгер сайма көчөттөрү
түшүп, чети түймө-чачыкталса, аны «тикек» дейт. Мисалы кажары терме түшкөн ат
жабууга үлгү катары «тай туяк» деген көчөттү түшүрүүдө термечи өрмөк күзүгүнө
жыйырма алты тал жипти жүгүртүп алат. Ал он үчтөн бөлүнүп, асты-үстүнө чыгат.
Ал жиптер кызыл менен көктөн болсо, абалы бир көк жипти өйдө терип, анын
бирөөсүн алдына калтырат. Биринчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн
алдына калтырат. Экинчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн алдына
келтирет. Үчүнчүсүндө, төрт көк жипти өйдө терип, төрт кызыл жипти алдына
таштайт. Эми беш көк, жети көк, тогуз көк жиптен кийин алты кызыл жипти
калтырат. Дагы он көк жип үстүнө чыгат. Кызыл жиптен беш талы алдына түшөт.
Мындан кийин төрт көк жип, эки кызыл жип үстүнө, дагы төрт көк, анан беш кызыл
жип үстүнкү «кеште үчүн» түшөт. Эми үчтөн кызыл-көк үстүнө, дагы төрт көк менен
беш кызыл жип, бир көк жип, беш кызыл жип, жети кара жип, бир көк жип, беш
кызыл жип, тогуз кара жип чыгат. Кажары көчөтү биротоло түшкөндөн кийин анын
четинин «секиртмеси» («чычкан изи», «ала мончок», «бычак учу») үчүн үч ак, үч кара
жипти күзүктөп кетет.
ААЧЫМ (аарчым) — кандайдыр бир нерсени сүртүүгө (аарчыгууга)
ылайыкташкан чүпүрөк. Аны бет аарчынын (жүз аарчы, кол жоолук) сүлгүнүн бир
түрү катары кароого болот. Ага сайма көчөттөрү түшүрүлгөн.
АШАР — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк
согууда, кереге көктөөдө, там салууда чеберлердин — адамдардын биргелешип, бир
асыл буюмду жана үйдү бүтүрүү салты, бир иштин соңуна чыгуу аракети. Ал
мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунунузануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болот. Ашар иштин арымын аябай
тездеткен. Мында устаттар — нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар
үйрөнгүчтөргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Буга келгендерди үй ээси мал
союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мисалы, килем токууга
келген көпчүлүк аз күндүн ичинде эле (4,5 мХ2,4—3) «төр килемин» токуп коюшат.
АШАТКЫ — «Кырк эчкинин териси, Ашаткыга жатыптыр, чыгы менен
катыптыр» («Манас») Терини ашатуу үчүн пайдалануучу жарма, ачкыл, айран жана
улпактын аралашмасы.
Жаңы сыйрылган терини жайып, күнгө бир аз тоборсуган соң анын чел этин алуу
үчүн жандыктыкына (кой, эчки, кийик) орок, бодонукуна (төө, уй, топоз) кол күрөк
керектелет. Жарма, айран, улпактын аралашмасы ашаткы болуп эсептелет. Адатта,
ачыган айранга кара тузду жана улпакты, кээде ачкыл жарманы аралаштырып,
жандыктын терисинин бетине бирдей жайып, күнгө коет. Же жандык союлары
менен туз сээп, күнгө кургатат. Анан ун аталасына айрандан кошуп, же кошпой деле
өзүнчө жалатып, 5—6 күнчө бүктөп коет. Тырмап көргөндө эти сыйрыла из түшүп
калганда, терини жууп туруп, коңур кургак кылып кургатат.
Бетине 5—6 күн ашаткыны жаңылап, күндүн илеби сууганча жайып, кайра алып,
бүктөп койсо, күнгө жайылган жандыктын терилери ийине бат келет. Бул ыкмалар
«терини ашатуу» деп аталат. Тери ийине келгенде нымыраак бойдон баканга арта
салынып, көлөкөгө жайылат. Ашатуу — терини колдоо иштетүүнүн алгачкы аракети.
АСЕМ — «Укмуштай асем болгонсуп, Асмандан жылдыз төгүлдү» (К. Жантөшев)
элдик кол өнөрчүлүктө кооз жасалга, керемет көркөм көрүнүш. Аруу колдон
жаралган V буюм-тайымдардын бир бүтүмү. Ал көбүнчө көркөм оюм жана көчөттөр
аркылуу бүткөн нускаларга карата айтылат. Боз үйдүн ички-сырткы көрүнүшү, ат
жасалгалары, кыз-келиндердин зер буюмдары, элдик кийим-кечектердин мыкты
үлгүлөрү өз-өз орду менен пайдаланыла турган учуру асем болуп саналат.
АТКУУР — 1) Ашкана буюму. Бышып жаткан этти оодарыштырууда, бышкан
этти чыгарууда колдонулат. Анын жердигин усталар муңайым темирден тандашат.
Ал көбүнчө төрт айрылуу болуп, этти аткып сайып алууга шартташкан. Эгер аткуур
башы өзүнчө темирден болсо, депкир сыяктуу мис менен карматылат. Аткуур
кармоого эптүү болушу үчүн учу бычак сабындай жыгачтан жумуру жасалат. Аткуур
сабынан бери бүтүндөй темирден болушу да ыктымал. Анын сабына зергерлер
күмүш жалаткан жана ага оюм-чийим беришкен.
2) Ачакейи бар жумуру саптуу балка түспөлүндөгү, өзүлөрү оюндагысындай
жасап алышкан усталардын аспап-куралы. Аны менен мык суурулуп алынат.
АЯК (кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок).
Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара
жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш
бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан оюп кармалган.
Чоң кара аяктын диаметри 20 смдей келет. Аяктын капталдары, кыры, түбү,
кемери, адатта, көркөм кештелерге толот. Аны жасоодо чот керки, ийди, бычак өңдүү
кырма аспаптары ирээти менен керектелет.
Түштүк Кыргызстандагы чеберлер көбүнчө жемиш бактарынан аяк жасашат.
Алар аяктын көлөмүнө карата адегенде жыгачын тандашат. Жердикти сомдоп,
идиштин тү7спөлүн берүүдө керки менен балта керек. Анан чара табактай муну да
кырма дүкөндүн азуусуна бекитип, өз ийдиси менен кыра баштайт. Аяктык жыгач
суу бойдон да, кургак бойдон да кырылат. Ал чебердин өзүлөрүнүн жекече
чыгармачылыгына байланышат.
Түндүк Кыргызстандагы кырмачылар жыгач идиштерин көбүнчө талдан
тандашат. Талдын да өзүнчө бөтөнчөлүгү бар. Ал тарамыштай бышык келип, ийримуйру жарылат. Аны ошол жарылган ыгы аркылуу жонуу зарыл. Араалаганга
караганда колдо жарылган талдан жасалган аяктын калыбы кийинчерээк анча
өзгөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң кайра табигый
жолуна түшөт.
Чеберлер талдан кырылган аяктын сөлөкөтү келген чакта жеткилең кайнатып,
жыгачтын сары суусу менен чайырын чыгарып алышат. Мындай аяк такыр
чирибейт. Бышык болуп, урунууга ойдогудай келет. Жарылбашы үчүн жасалып
бүткөн идишке каймак, май сыйпап, отко «кайсап» (жалынга тосуу) да алышкан.
Аяктын чаканы «татымал салгыч» болот. Мунун түзбөлү аякты элестетет. Бирок,
анын түбү жазы жана көтөрүңкү келет. Аны азыр момпосуй, каймак, кант, май
салгыч катары колдонууга болот.
Туз салгыч да аяктын бир түрү. Анын түрү ичкерээк, сүйрүрөөк келет да, түбү
жазы, же бир аз көтөрүңкү көрүнөт. Ага да аяктыкындай кештеси көбүнчө
кырбуусунда (курбусунда) болот. Чебер кол менен зерикпей отуруп, идиштердин
ичин оюп жасайт. Мында үч-төртүн бир эле дароо сомдоп, сууга салып коет. Арадан
күн өткөрүп, бир баштан алып, ичин оюп. кирет. Идиш биротоло бүткөндөн кийин
кайрадан сууга салып кайнатат. Мында да жыгачтын сары суусу, чайыры чыгат.
Андан кийин майга салып, «бышырып» алат. (Май сиңди жыгач кийин урунууга нап
берет).
Мына ушундай жолду аркалап, ашкана буюмдарын жүзөгө ашырууда негизги
курал-аспаптарга өзүлөрү жасап алган кадимки керки, аталгы, жарым айлана
түрүндөгү ийги жыгачтын ичин оюшка оңтойлошкон.
Же аяк (кесени) жасоо үчүн бутагы жок, көчкү тийбеген түз кайыңды кыйып
алып да, суу бойдон сомдой коюп, сууга салып кырат. Ансыз кайың тез жарылып
кетет. Анан күжүгө тосуп, жалынга «кайсап» (тосуп) алат да, кайра сууга коюп, өз
чамындысы менен аарчып-жышып, жүзүнө чыгарат. Идиштерди ысык кезинде
майлоо зарыл.
АЯК КАП — Кийизден жасалган ашкана буюму. Буга жыгач идиш-аяктарды
сакташат. Ал көчмөңдүү турмушта кенен керектелип, боз үйдүн эпчи тарабына
керегеге эки кулакчасынан илинген. Мунун жөнөкөй түрү жалаң кийизден турат.
Коозу кадимки оюмдун четине көбүнчө аккарадан «араа тиш», «бадам оюму», «ит
куйрук оюму» өңдүүлөр берилет. Айрым жерлерде мунун кийизин шырдактай
кынаптап шырыйт.
Аяк капка түшкөн шырдак оюмдары ар кыл. Көбүнчө уздар кызыл менен көк
өңдү, же кара менен сары өңдү, кара менен кызыл өңдү айкалыштырышат. Ага да
«жалпы оюмду» оюп берүү мүнөздүү келет. Ал эми аяк каптын капкалдырыгына да
өзүнчө оюм түшөт. Ага негизинен «мүйүз оюму», «табак оюму», «кыял оюму» келет
да, бет оюмуна шарттуу көрүнөт. Буюм боз үйдүн ички жалпы жасалгасына өзүнүн
жекече кооздугун кошуп турат. Аяк каптын капкалдырыгынын бүчүсү ортолук
оюмдун чок-ортосуна кадалган топчуга бүчүлөнөт. Чарчы жарым тегерек борумунда
жапкычтуу келген бул кооз буюмдун чети чарчы тордолонот жана «төкмө
чачыланат».
БАРАҢ — «Балдары бараң аткан жер, Баракатта жаткан жер» (Токтогул). Бул —
оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан
чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери «алма
баш», «көк жал», «тыргоот», «ак бараң», «чаар бараң», «алты сай», «кара келте» өңдүү
түрлөрү болгон. Бараң ар кандай формада, узун-кыска жасалышына карата мына
ушундайча айтылат.
Мылтык үчүн темирдин орточо жашыгы керектелет. Бирок, бараңдын түтүгүнүн
(стволу) учуна төрт элидей ак курч темирден улап ширеткен. Дары тээп, окту
чыгарып баратканда ошол ак курч темирге жеткенде музга тайгандай ок ого бетер
катуу тебе чыгат. Атылган ок алыс учушу үчүн, ошентип, мылтыктын учун тарттыра
жасайт. Бараңдын түтүк темиринин ичине оңдон-солго карай эки-үч айлантып, сай
салат. Бул буралып, октун окторулуп алыс кетээрине шарт түзөт. Демек, адегенде
темирди карышкарыш кертип, текши кетип, аларды жалпак чозуп алат. Мунун
калың-жукасы бирдей келет. Катуу темирди төрт эли жумуру жасап, анын ийилбеши
үчүн сугарып алат. Темирдин узун-кыскасына карай жалпак чозгон темирди
шакекче кылып кызартып, ошол төрт эли темирге орнотот. Темирдин узункыскасына карай төрт эли темирден 8—9—Юго чейин жасап алат. Буларды көрүккө
салып, бири-бирине улай кынтыксыз ширетет.
Албетте, буга өтө таптуу чычырканактын жана арчанын көмүрү гана жарайт.
Мунун ичин эки жаак тепме өгөөнү темир сүмбөнүн (мылтыктын темир түтүгүнүн
сайын тазалай жана майлай турган курал) башына ороп алып, ичин түздөө үчүн,
ушинтип тартат. Ичин биротоло жыпжылма кылышка кум сүргү тартылат. Оттук
ташты, май ташты, чарык ташты, кайрак ташты таап алып, аларды аралаштыра
майдалап, ага аз-аз айнек кошуп, торко электен өткөрөт. Муну колдон жасалган сары
желим менен кездемеге «ичирет», ширетет.
Табылгыдан, ыргайдан мылтыктын ичине кенен баткыдай сүмбө жасалат. Тигил
кум сүргүнү ушунун быдырлуу башына ороп, анын ичине кум сүргү тартат.
Мылтыктын ичине сүрүлүп-чийилип баткыдай үч кыр өгөө калыбында курч
темирден сай салгыч жасап, мунун кырын анча-мынча тектир кылат. Тектирдин
башын оңго-солго бир тарапты көздөй бурап коет. Эми он чакты кыска темир
сүмбөдөй калтекче жасап, аны түтүкчөнүн ичине жеңил балка аркылуу бири-бирине
куудуруп-шишкектетип уруп отурат. Түтүктүн башына чыкканда анын ичине
кадимкидей сай түшүп калат. Анан эки ачакей темирден тепме сүмбөнүн (бүлөө
ташты торко элекке элеп, желимге ичирип алуу) башына ороп, түтүктүн ичин
бүлөгөндө ал жылтылдай түшөт. Ал жеңил жана бышык болгондуктан кызыл
табылгыдан тандалат. «Келтенин огу кетпеген, Бараңдын огу батпаган» («Сейтек»)
— деп айтылат.
Бараңдын кундагы, шыйрагы ыргай менен чыргайдан (ал көк жашыл келип,
ыргайдан айырмаланат) жасалат. Мылтыктын башына оолан толгойт. Башы бурама
келип, бир башын бурама аркылуу кундакка чебер бекитет.
Ооландын жалына чүрпө салынат. Мунун түтүкчө тешигинин башына мистөөн
бекийт. Ага туташ келип, жаак жатат да, бириктирген бараңдын балкасы орун алат.
Алдында илгич болуп, аны шыкаалап тартканда балка мистөөндү чабат. Мистөөн от
алып, дарыны күйгүзүп, ал окту айдап чыгат. Анан усталар чарык жип менен
тактайга кадимки танап тарткандай түп-түз кароол жасайт.
БАЙТЕШЕ — Жыгаччылардын аспабы, чот кетмен түспөлдүү керки. Чеберлер
мунун эки жагын тең, же бир жагын жыгач сапка ашташат. Бул аспап жоон, жумуру
жыгачтардын бетин чуңкурайтып, оюп-чаап иштетүүдө өтө оңтойлуу болот.
Байтеше менен усталар көбүнчө ээр чабышат. Табак, сузгу, челек, соку сыяктуу
кырма иштерин оюп жасоого оңтою бар.
БАКАН (Түндүк бакан) — «Ар бир айыл четинде, алты бакан селкинчек» (К.
Жантөшев). Бул боз үйдүн жыгачына кирет. Мунсуз боз үй тигилбейт. Түндүк бакан,
босого-таяк, каалга бир бүтүмдү түзөт. Түндүк бакандын (түндүк көтөрүүчү)
узундугу 2,8 м. болуп, анын башынын ачакей 4 см. менен өлчөнөт. Ал көбүнчө
балатыдан жасалат.
БАЛДАК— Мүйүз буюму, мүнүшкөрлөрдүн ууга алып чыкканда кушту атайын
кондуруп жүрүүчү тууру. Мүйүздөн жасалган таяныч ача таякчасы. Демек,
балдактын аяккы учу көзөлүп, ал көк менен ээрдин кашына, же аңчынын белиндеги
жазы курга тикесинен бекитилет. Балдакты жасоодо чеберлер ар кандай мүйүздүн
жумуру жерлерин тандашкан.
БАПИК — (Чачык) — «Ырамандын ырчы уул, Ычкыры бапик кырк муун»
(«Манас»). Бапик — муунакталып бекитилген кырк-элүү жүн жиптен талы бар төкмө
чачы. Ал жүндөн ийрилип, чыйрак чыйратылып, таза челденет да, жоондугу
шоонадай келет. Аны түрдүү өңгө боего да болот. Мындай бапиктер чач күбөктөрүнө
да тагылат. Же күбөксүз эле бапиктерди чач учтук катары колдонгон байбичелер да
болгон.
БАРГЕК — «Баласынын башына, Баргектей үкү тагыптыр» («Манас»). Зер буюму.
Кыз-келиндерибиз кыргак сымал чекеге тартып кийүүчү, же олоң чачына тагына
турган күмүш жасалга. Мындай нускага зергерлер күбөк, сөйкө, желбирөөчкө
узангандай «себет төгүү», «зым тордоо», «сирке төгүү», «зым эшүү» өңдүү
ыкмаларды колдоно алышат. Алар бири-бирине аябай үндөшүп турат.
«Алтындан баргек сөйкөнү, Асемдеп сага тагайын», (К. Жантөшов). Мунун экинчи
түрү-желбирөөч чөйкө. Маңдайына же чачына тагуучу зер желбирөөч. «Маңдайда
бардек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас») деп, тегерек тарткан бул
буюмдун формасын чырмакчылар, саймачылар көркөм буюмдарды саюуда, чий
чырмоодо көп пайдаланышат. Ал «баргек көчөт» деп аталат.
БАСМАЙЫЛ (тартма) — «Манастан калган басмайыл, Ак быштандап тарттырып»
(«Манас»). Бул — кайык жана өрмө аркылуу бүткөрүлгөн ат жабдыктарынын бир
бөлүгү. Унаага токулган ээр-токумду бекитүү үчүн белинен тартууда колдонулат.
Анын бир учунда жазы темир тегерек (260°) 1-огоосу болот. Ал ээр-токумга экинчи
тарабындагы ошондой тогоосуна кайыштан тилинип улаштырылган ичке боо
аркылуу курчаланат.
Басмайылдын «ээр бастыргычы» кайыштан болот да, калган тарабы бүтүн эки
метрден ашпаган «беш кашка», «жети кашка», «суйсалма» өрүмү бир кош өрмө
кайыштан жасалат.
Көрпөчөгө басмайылдын канжыгадай эки тал кайышы «ак быштан» курчалат.
Басмайыл боору өрүмдөрдөн турат. Болжолдо 74—78 смдей өлчөнөт да, ал кош
өрүмдөрдүн жазылыгы 1—1,5 смге барабар. Көрпөчө бастыргычтын жазылыгы 1,5
смдей болушу зарыл. Айрым жерлерде солоңдорду «куюшкандын салпынчагы» дейт.
Кайыш түймөлөрү аркылуу бүткөн басмайыл да болот. Аны беш жерден түйүп
чыгарат. Ошондуктан, «беш кумпа» деп атайт. Зергерлер басмайылдын күмүш
жалатылган тогоосуна «айчык», «из», «толкун сызык» сыяктуу көркөмдүктөр
келтирип, түрлөнтүп жиберет. Кадимки темир тогоого күмүш зым тартып жалатып,
өзүнчө кооздук жараткан усталар да болгон. Тогоонун бекиткен башына
басмайылдын кайышына төрт чарчы элидей жерине да күмүш чабуу салты бар
(күмүш чабуу — темирге жалатылган күмүштү кайыш жыгач, мүйүз өңдүүлөргө
кадоо). Ал урулган шөкөттөрдүн ортосунда да тегерекчелеп, анын ичи «чымын
канаттанып», «жылдызчаланып» өзүнөн-өзү эле кереметтенип тургандай сезилет.
Басмайылдын тогоосу үчүн калыңдыгы 2,5 мм жезди же колону керектейт.
Тогоонун туурасы алты смге барабар. Аны зергерлер кооздоодо жарым айлана
формасындагы темиринин четтерин жон-жон келтирип, ич жагынан оюм-чийим
түшүрүшөт. Мындай окшоштуктар кайыш кире турган жеринде да болот. Мында
темир бетин тешип коюу, ачык коюу, көзөп коюу, чегелеп (мыктап) коюу өңдүү
чапкылоо жолдору аркылуу басмайылдын тогоосу көркүнө чыгат. Андай кооздук
кайышта да чабылат.
Басмайыл — негизинен «жээк», «беш кашка» жана «жети кашка» өрүмдөрүнөн
турат. Аны өзгөртүп 13 тал (тилим) аркылуу эки четин «суйсал өрүм» кылып, ортосуна «жээк өрүмдү» берүүгө болот. Мунун ортосу дагы «кош өрүм», эки тарабына
(жээги) «жылаан боор өрүмү» түшөт. Демек, бул — татаал өрүм. Ал «майда өрүмдөр»
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.