Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03

Total number of words is 3791
Total number of unique words is 2012
23.2 of words are in the 2000 most common words
34.6 of words are in the 5000 most common words
41.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
деп аталат. Басмайылдын кошундуларын өрүүдө өзүнчө түйүн чыгарылат. Жүгөндү,
көмөлдүрүктү, куюшканды өрүүдө мындай ыкма тогоону көк менен бекитүүгө
караганда сыйда көрүнөт. «Калмак өрүмгө» 12 тал алсак, анда да эки чети «жээк
өрүмү», ортосу «суйсалма өрүмгө» өтөт.
БАСМА САЙМА — Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай
жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты
(бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу
сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил сайылган жиптерди байлай саят.
Сайма учуна жетип, жогорудагыдай сайылган жиптерди кайра байлай саят. Анын
жогорудагыдай үч-төрт жолу жарыш сайып алууну кайрадан баштайт. Демек, басма
саймада жарыш саюу жана байлай саюу менен атайын чийилген көркөм көчөттөрдүн
жолу боюнча жогорудагыдай ыкма кайталана берилет.
Басма сайма менен «кийим жапкыч», «терезе парда», «кровать жапкыч»,
«телевизор жапкыч», «газета салгыч», «радио жапкыч» жана ушул сыяктуу үйдүн
жасалгасынын жүзүн ачуучу буюмдар сайылат. Басма саймасы менен көркөм
көчөттүн ордуна көбүнчө гүлдөрдүн түрүн саюу жүзөгө ашып келген.
Уз басма саймасын саюуга отурууда эрикпей улам жердигин карап кылдат саят.
Мисалы, сайылып жаткан көчөттү толтуруп жатканда, ошол тапта байкабай жипти
катуу тартып алса, сайылып жаткан кездеменин бырышып калышы мүмкүн. Ал эми
сайым өтө эле бош ташталса, жиби чыгып калат. Ошондуктан, саймачы жипти катуу
да, бош да тартпайт. Мында сайманы баштаганда кездемеге жиптен узунураак бир
таякча алат да, түшүрүп жаткан көчөттүн көлөмүнө жараша белгилүү бир шартта
кайрадан үстүнөн бастырып жүрүп отурат. Мына ушул көчөттүн ичин толтуруп
бүтмөйүнчө ушул эле ыкманы кайталап кете берүү керек.
Басма саймасынын да башка саймалардан бөтөнчөлөнгөн кооздугу бар. Ал
жердикке бышык болуп түшөт. Жердик эскирип, жыртылып калганда да басма
сайманын жиби ошол бойдон сакталып кала берет. Албетте, ар бир чебердин
чыгармачылык «кыялдануусу» ар башкача сезилет. Бирок, кээ бир уздар көрүп
сайганды жакшы көрүшөт. Жиптердин өңүн көк, ак, кызыл, кара жана жашыл менен
ич ара жупташтырып берүүдө уздук мамиле керек.
БАШ КИЙИМ — «Баш кийим бардык элде бар, Байыртан жашап келди алар,
Атадан калган балага, Андан да кымбат эмне бар» (Байдылда). Бул — башка
кийилүүчү кийимдин жалпы наамы. Ар бир элдин, жердин шартына, салтына жана
жынысына карата баш кийим да ич ара бөтөнчөлөнөт. Кыргыз элинде калпак,
тебетей, малакай, топу, элечек, шөкүлө, кеп такыя өңдүүлөр болгон. Баш кийим
жылдын төрт мезгилине жана аба ырайына карата кийип жүрүүгө шартташат да,
малдардын, андардын терилеринен, кийизден жана кездемелерден бычылып
тигилген.
БАШТЫК — «Манаптан баштык тиктирип, Жем илейин дечү элем,
Мамыркандын ашына, Бир минейин дечү элем» (Тоголок Молдо). Бул кийизден,
таардан, териден, кездемеден жасалып, түрдүү нерселерди салуучу жана жанда алып
жүрүүчү чакан буюм, идиш. Ага ар кандай кийиз оюмдары, сайма, терме, чырмак
көчөттөрү да түшөт. «Кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» дейт. Аларга: туз
баштык, самын баштык, чай баштык, жем баштык, нан баштык, аш (тамак) баштык
өңдүүлөр кирет. Азыр баштыктар өз формасын жана колдонмолук маанисин
өзгөртүп, жалаң жанда алып жүрүүгө шартташууда.
БЕЛДЕМЧИ — «Кызыл, көк көчөт келтирип, Кыпча белге кынаптап, Кыз бурак
сенин белдемчиң» (эл ыры). Бул — ургаачылардын бел-ылдый тартынуучу кийими.
Анын жердиги тас баркыт, чий баркут, нооту, трайке, лампук өңдүү кездемелерден
болуп, этеги көйнөктөй жазы, жогору жагы белге тыкандалып кыпчаланып, ага
кашат коюлуп, кийим эки учалуу тигилет.
Адегенде белдемчини бычып, сырткы тигишин өзүнчө тигип алат да, анан бор
менен түшүрүүчү көркөм көчөттү чиет. Бул буюмдун четине «кыял оюмун»
үзүндүлөбөй, жазылыгы төрт элидей узун кылып жүргүзөт. Эгер ал «кыял оюму»
кызыл өң менен толсо, сыртынан жашыл өңдү айлантып, көчөттү ачуу керек. Мунун
этек-көчөтүнүн эни сөөм-карыштан ашпоосу керек. Мында көркөм буюм үчүн кызыл,
жашыл, сары, ак жип сырдуу айкалышат.
Белдемчинин этегине, мурункудан жазы чийим түшүп, ага кызыл-сары өңдү
айкалыштырып, анын ичи-сырты «аламончоктолот». Анын жээктерине сайма
көчөттөрү түшүп, анан кундуз, көрпө же аң терилери карматылат. Тигилген буюмдун
жердиги, тигилиши жана көркөмдүгү аны кийүүчүнүн жашына ылайыкташат.
Мисалы, байбичелер кийүүчү белдемчи көбүнчө кебез, жука кийиз, жүн, жаңы же ара
тууган козу-улактын өңдөнгөн терилери менен эле ичтелет. Көпчүлүктүн жүзүн
өзүнө бура турган бул аруу буюмдун бир нече үлгүлөрү бар. Мунун бели төрт элиден
келип, эки өңүрү, этек, жээги жазылыгы нукумдай сайма
аркылуу кооздолушу керек. Буга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр «кочкор
мүйүздөнүп», ал ич ара көл толкунундай жана дарак бутактуу көрүнөт. Белдемчинин
көчөттөрүн берүүдөн мурун абалы эки тарабына кош жээк түшүрүлүп, мунун
ортосуна өзүнчө толкун сызыктар берилет. Андан соң көчөт кабыргаланып, балаты
бутактанып кетет.
Белдемчиге да чепкен, кемсел, чыптама сыяктууларга түшүрүүчү сайма көркөм
көчөттөрдүн дал өзүндөй кайталанышы ыктымал. Бул буюмдун алардан айырмалуу
жагдайы мында сайма көчөттөрүн алдыңкы өңүргө эки эсе эндүү саюуга да болот.
Албетте, элдик мындай кийимдерди саймалуу кылып жасоо аны кийүүчү
адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө тыгыз байланышкан. Чепкен, кемсел, чыптама,
белдемчи өңдүүлөргө жээктей толкун сайма түшүрүп туруп, араларына тегерек
чекитче берсе, мында да буюм кооз көрүнөт, «Бадам оюмдун» өзүн эле чебер сайып
койгон учурлар бар.
Белдемчинин негизги саймасынын «жээгине», «көзчө», «ийрек» сайып, үч-төрт
элидей кундуз, же ага тете асыл терилерден бастырып, айырмалоо үчүн актан
кичине кыйык «күбөлөп», анан сөөмдөй (10, 12 см.) негизги сайма көчөтүн кызыл
жиптен түшүрүп, аны сары менен жээктеп, кайра актан көбөөлөп, кайрадан жээгине
«көзчө», «ийрек» сайса да болот. Буюмдун эки этегине бутактанып, өзүнчө көчөттүн
бир бүтүмүн сары, кызыл өң аркылуу кыялдантып, бадырайта келтирсе да жарайт.
Белдемчинин жердиги башка сырт кийимдеринен айырмаланбайт.
Баатырлардын жоо кийимдеринин бир бөлүгү катары алды жактан тартылып,
жоокерчиликте казаттарда аттанганда ичти жана табарсыкты сактоо үчүн да
жасалган. Анын жерди металлдан, териден, калың кийизден, көн булгаарыдан
болгон.
Белдемчинин сайма көчөттөрүн жалаң шуру бастыруу аркылуу жүзөгө ашырууга
болот. Мында буюмдун өңүрүнүн майда шурулары төрт бурч «тумарча» болсо, этекжеңдеринде тизилген шурулар «омуртка» өңдүү көчөттөрдөн турат. Буюмду
тартынууда анын анча оор сезилбеши үчүн шуру менен түшкөн көчөттөр анча жыш
көрүнбөйт.
Белдемчи бели төрт-беш элидей жазы болсо, адатта, ал топчуланат. Белдин эни
тайкы жасалса, боо тагылат. Анын боосу да ычкырдан (ич курдай) көбүнчө кызыл,
жашыл, көк, ак өңдөр менен кол учунда чалынат да, башы папиктелип, топ
чачыланат. Буюмду шурулап кооздоо жердикке жана анын өңүнө тыгыз
байланышат. Азыр уздар белдемчини баркуттан жасап жатышат.
Адаттагыдай, кундуз жана башка аң терилерин жээктеп туруп анын четине
саймадан бир сыйрадан «жээкти»
www.bizdin.kg
Ат жабдыктардын чебери Апышов Рыспай менен
баарлашуу
Ат жабуу
Аяк
Басмайыл
Баштык
Бешик Жунусбаев Мадис
Боз үйлөр
Бычак кыны
Жаздыктар
Жаздык
Дөшү
Жети кашка
түз түшүрүп алуу керек. Көркөм көчөттүн кош «жээги» жарыш сайылат. Ал
көчөттүн элементтери жазыраак, жагалмай канаттанып, тарам-тарам болуп, учтары
сүзүшкөн экинчи кабырга көчөт менен айкалышат. Бул көркөмдүктөрдү кайрадан
бир сайым «жээк» бөлүп турат. Буюмдун этегинин ортолук көчөтүн айырмалап,
анын ажарын ачуу үчүн актан «чычкан изин», же «тап бердирип» (сейрек сайып),
анан жагалмай канаттанган көчөттү кайрадан берүүбүз керек.
Аң терилеринен кош жээк бастырып, анын ортосундагы сөөм-нукумдай жерге
түшкөн көчөттөр анча коюланбай, «кыял» оюму сымал же «бадамча оюму»
кейиптенип берилсе, албетте, буюмдун жүзү ачылат. Мындай көркөм көчөттөрдү
белдемчинин белине берүүгө да болот. «Белдемчи таккан -белине, Пейил жаккан
элине» — дегендей, ал көйнөктүн сыртынан тартылат да, чыптама менен бир
бүтүмдү түзгөндөй болот.
Белдемчинин жалаң сайма көчөттөрү менен жыш толгон түрү да бар. Аны «кызыл
белдемчи» деп атайт. Бул — кара күрөң баркутка көбүнчө кызыл жипти илме сайма
аркылуу саюу аркылуу буюмду жүзүнө чыгаруу. Белдемчи сайманын жээгине
«көзчө» же «ийрек» сайып, үч-төрт элидей кундуз өңдүү аң терилерин бастырып, аны
айырмалоо үчүн актан кичине «кыйык» күбөлөп, анан сөөм-карыштай негизги сайма
көчөтүн кызыл жиптен берип, аны сарыдан «жээктеш» керек. Актан күбөлөп,
кайрадан жээгине «көзчө», «ийрек» сайылат. Ошондо кийимдин эки этегине
бутактантып өзүнчө көчөттүн бир бүтүмүн сары, кызыл өңдө кыялданта берүүбүз
зарыл. Демек, жогорудагы сайма жиптердин өңүн кызыл жип өзүнө оодарып алат.
Буюм текчеде илинүүчү, Кереге башына же төр ала баканына да илинет. Үйдүн
ички жалпы жасалгасы үчүн башка кийим-кечектердей эле мунун да орду бар.
Жердиги кызылга сайма түшүрсөк ал «Кызыл белдемчи» деп аталат. Мында көз
алдыга кемедей бир тартылып кетүүчү кубулушту элестетет. Эгер «Кыргак сайма»
менен «Илме сайма» эриш-аркакталса, чачыгына шуру чөгөрүлсө. Көчөттөр
суюгураак түшсө, чыптамасы экөө бир бүткөн ойду, буюмдук үлгүнү түзөт. Буга
жанда ала жүрүүчү баштык кошулат. Андай «атыр баштыктар» мындан мурун
көркөм үлгү катары жасалуучу. «Көөкөр көчөтү» болсо, «илме сайма» жана «кыргак
сайма» экөөнүн кыйышуусу аркылуу бүтсө буюм өз жүзүн алат. Анткени, булар
биринин кооздугун бири толуктап, мындай караганда «көөкөр көчөтү» үкүсү булаган
тебетейди, түтүнү булаган боз үйдү символдоштурат.
Жердиги кара баркут белдемчи жашы 45—50 жаштардагы ургаачылар кийүүгө
шартташкан. Саймаларынын чекесиндеги бастырылган кара күрөң кундуз ошол
курактагы адамдарга чакталганын баамдатат. Анын көркөм көчөттөрү ай
шоокумданып кетет. Буюм табакчасынын ортосундагы кызыл өң зер буюм ортосуна
акак таш чөгөрүлгөнсүп, күрөң кызыл сымалданып, табигый кооздук бергендей
туюлат. Бул аттуу-баштуу кийимге көркөм көчөттөрдүн өңү кадимки зумурут
баамдалат. Буга жазы кемер курундай түр түшүрүп, буюм этеги күмүш кемер кур
көчөттөрү өңдөнүп көрүнөт. Кийим өңүрү кыз-келиндердин элечек кыргагы, күмүш
кемери сымалданат.
Белдемчи бир эсептен — аялдардын төрөп-түшкөндөн кийин белден төмөн
тартылуучу сырткы кийими. Белдемчини илгертен эле, келиндин өз энеси кызынын
«жээн көрдү» тоюнда тартуулаган. Ошондой эле ал, биринчиден, көчмөн кыргыз
аялдары үчүн белин бекем буудуруп, тазалыкты жана ден соолукту сактоочу кийим
болсо, экинчиден, той-тамашаларда кооздукка тартынышчу. Ошол себептен, аны
саймалап, этегине суусар, кундуз терисинен кармап кооздошкон. Акырында кымча
белин келиндерге, ал эми энелерге ар түркүн кыйыктан курап жасашкан. Белдемчи
тартынуу азыр кайрадан жанданып баратат.
Эгер жердиги сары күрөң баркуттан тандалса, ага жашыл өң талаптагыдай
жупташат. Ошон үчүн жашыл жиптен эки жолу «суу» салып, ага актан «ийрек»
берилсе, анан «куш канат» сайылса, «секиртме сайма» (сирке төктү) жарашат.
Белдемчиге берилген көркөм көчөттөрдүн жалпы эни беш элидей (7—8 см) келип,
анын четине бир-эки элидей кундуз карматуубуз наркка жатат. Булуңчасына
жашылдан сайылган «кош мүйүз» оюмунун элементи жалпы кооздукту өзүнө
оодарат.
Уздар белдемчи жээгине «милте» коюшат. Мунун боосу чалма болот. Бүчүлүк
жасоо үчүн кездемени тешкенде, албетте, кийим бузулат. Натыйжада, кемселдин үч
жеринде, белдемчинин бир жеринде чалмасы болот да, анын төрт учу «топ чачы»
менен чоктолот. Белдемчинин бешманты болот. Ал туюк жака, тегерек жака келет.
Демек, жеңинин учуна гана көркөм көчөттөрдү саюубуз тийиш.
Илгери аялдар өпкө-боорун, белин жылуу кармай турган белдемчини киер эле.
Белдемчинин белине карышка жакын кийиз коюп, этегин өтө кеңири кылып бычып,
атка мингенде тизени жаап турган.
БЕТ ААРЧЫ (жүз аарчы, кол жоолук) — «Бет аарчы бердиң белегиң, Бетиңди
тосчу өбөйүн, Жоодурап карап турбачы, Жолумдан калбай жөнөйүн» (Жоомарт).
Жүздү ачуучу, белек катары бирөөлөргө берилүүчү «таңдай сайма», «басма сайма»,
«көптүрмө сайма», «жөрмөмө сайма» аркылуу көркөм көчөт келтирилген төрт
бурчтуу сайма буюм. Ал (30—30 см) төрт четинде таңдайлашкан саймалары болот.
Уздар жигиттерге сунуучу жүз аарчыда кусалык сырын, сезимин төкпөй-чачпай
атайын арзуу менен айлакердикте көчөт аркылуу чагылта турган. Аны колуна алган
жигит кыздын жүрөгүндө чөгөрүлгөн сүйүүсүн, болгон дилин «ачып окуй» алат.
БЕЛЕК— (Белек-бечкек, сувенир) — «Дагы берген белек» деп, Зумурут көздүү
бир шакек» (Сарынжы-Бөкөй). Бирөөдөн бирөөгө арналган сыйлык, эстелик катары
сак алуучу буюм. Ал жалаң гана башкалардын сунган белеги менен эле чектелбейт.
Кызыктуу кишилерге жолугушуусу, спорттук мелдештер, декада, көргөзмө,
фестиваль, кароо-сынак өңдүү купулга толгон көпчүлүк орундарында
катышкандыгы жөнүндө эскерип жүрүүгө өзүнө-өзү белек, эстелик катары алган
чактары да болот. Белек-бечкектерди чырмак, сайма, оймо аркылуу кармоо азыр
укмуштай өнүгүүдө. Алар көбүнчө өнөр жайдык негизде чыгарылууга мүмкүнчүлүк
алууда.
Булардын жердиги адими чийден да, кийизден да, кездемеден да, таардан да,
териден да болуп, өнөр жай өндүрүшүнөн жана чеберлердин буюмдарынан түшкөн
калдыктарынан да тандалууда. Ооба, буга биринчи ирээт элдик саймачылык,
оймочулук, чырмакчылык, түймөчүлүк өнөрү чоң себепкер болууда. Аларга:
«баштык», «календарь илгич», «телевизор жапкыч», «туштук» өңдүүлөр менен кошо
үйдүн ичине көркөмдүктү өзүндөй ыроолоочу чакан жасалга — утилитардык
буюмдары да кошулат. Элдик белек-буюмдарынын көпчүлүгү түймө өнөрү аркылуу
кошумча кооздолот жана көркөм оюм-көчөткө жуп катары милдет аткарат.
БЕЛ КЫРЧОО — боз үйдүн туурдугунун ортосунан тегерете курчалган узун жип.
Ал жүндөн да, кылдан да болот. Кыл же жүн таралып, түйдөк кылынат. Кол менен
катталып, аркан менен чылбырдай эшилүүчү жиптер оңго чыйратылат да, толгоосу
солго имерилет. Үч адам толгойт, бирөө эшилип жаткан бел кырчоолук аркан —
жипти түрөт. Муну жасоо — эшмечиликтин татаал түрү. Бул тогуз — он эки жиптен
турат да, бел кырчоонун узундугу боз үйдүн аянты менен өлчөнөт.
БЕРМЕТ — «Шуру, бермет, аралаш, Тагындың мончок чачыңа» («Эр Табылды»),
Зергерчиликтин жердиги, дүр, мончок, асыл таш. Кыз-келиндердин асем
буюмдарына: желбирөөч, бойтумар, чолпу, күбөк, чачкап, чачпапик өңдүүлөргө
тизилүүчү, кийим-кечектерине бастырылуучу, моюнга тагылуучу жана башкаларга
колдонулган. Бермет
таза, нарктуу нускаларды жаратууда пайдалануучу кымбат баалуу мончок, асыл
таш.
«БЕШ КАШКА ӨРҮМ» — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну беш тал
кайыш менен жүзөгө ашырышат. Же болбосо, өрүм үчүн жуп сан кылбай чеберлер
5—7—9 тал тилинет да, төрт талдын, тогуз талдын ортосунан бир тал аркак болуп
жүрөт. Мында беш тал көктүн экөө бир жагына, үчөө бир жагына оңду-солду болуп
отурат. Айрым чеберлер «беш кашка өрүмүн» жети талдан тилет. Ал үчтөн алып
басылат да, бирөө «аркак» болуп түшөт. Аны чеберлер көбүнчө басмайыл үчүн
колдонот.
БЕШИК — «Ардактап энем төрөгөн, Ак бешикке бөлөгөн» (эл ыры). Бул — жыгач
буюмдарынын бир түрү. Наристени терметип уктата турган жыгач керебетче. Буюм
кайың, арча, тал, тыт өңдүү жыгачтардан кармалат. Билектей жумуру бир
кулачтайын кыйып, как жара бөлүп, эки алкак ийилет. Бешиктин төрт бутуна
көзөнөк оюлат. Же ал көзөнөктөргө карыштай чабактар (таякчалар) бекитилет. Ага
узун-туурасынан сызма тартылат. Ал эми жыгачтын ошондой түрлөрүнөн эле
(узундугу бир жарым метр, бийиктиги 0,5 метр) күлтүк үчүн тешик калтырат да,
сызмалардын ордуна туташ таякчалар кагылат. Мунун эки алкагы дого сымал
ийилген жазы жыгачтардан болот. Эки таманына ашталган карскан жаа өңдүү жыгач
анын термелишин жеңилдетет. Бешиктин сабы жумуру жоон жыгачтан тандалат.
Муну айрым аймакта «Жорго бешик» дейт. Бул чебер муунакталып, усталар жүк
тактадай, сабаа тактадай, боз үйдүн босого таягындай көркөм оюмдарды
түшүрүшөт. «Термеле бер, термеле бер, Биз бөлөнгөн арча бешик» (Б. Абакиров).
Арча бешик ата-бабадан бери ардакталат, ал жер-жерлерде арбын жасалат.
Оштук чеберлер кармаган бешиктерде анын жаа сыңары ийилген эки алкагын
бириктирип, туташтырып турган капгал жыгачы — кооз оюктарга ээ. Ар бири
өзүнчө бөлөк-бөлөк түстөгү боёктор менен боёлот.
Бешик көчкөндө өңөрүп жүрүүгө шартташкан. Усталар буюмдун андай сынсыпаттарын сактап, өзүнүн чеберчилигин натыйжалап, үлгүнүн жаңы түрүн ойлоп,
аны чыгармачылыкта андан ары өнүктүрүүгө жетишүүдө. Чынында жыгач бешик эч
качан сырдалбайт. Ал жалаң жыгачтан жаралып, жердик өзүнүн жекече касиетин өзү
гана дааналап көрсөтөт.
Айрым бешиктердин башкы бөлүгүндө тартмасы болот. Ал бир нече
кутучалардан турат. Ага наристенин упчусу, оюнчуктары, жүз аарчысы, чүкөсү,
татымалдары жана өздүк буюм-тайымдары сакталат. Бешиктин аяк-баштарында
атайын көркөмдүк үчүн чырмак чий кынаптай түшүрүлөт. Акылмандуулукта
ойлоштурулуп жасалган бул асыл буюм — бир гана чебердин чыгармачылык
түйшүгүнөн жаралган табылгасы эмес. Атадан балага, улуулардан урпактарга
сынбай-бүлбөй табарикке, көөнөрбөс белекке берилип келе жаткан нуска.
Бешик — көпчүлүктүн биргелешкен чыгармасы. Ал жыгылса сынбаган, өңөрсө
тең салмакты сактаган, көч үстүндө термелген...
Бешикке бөлөө салты — элибиздин мыкты каадаларынын бири. Бул расми да
ата-энеге кубанычтуу окуяларды күбөлөндүрөт. Төшөнчүсү, жамынчысы, жаздыгы,
күлтүгү, шимеги, мончогу, шылдырак оюнчугу — баары толугу бойдон даярдалып,
таянеси тарап алып келген. Ымыркай уул болсо «уста болсун» — деп устачылыкка
керектүү майда буюмдарды, «билимдүү адам болсун» — деп, калем-кагаз, а кыз
болсо «уз болсун» деп ийне, жип, кайчы сыяктуу буюмдарды бешиктин жаздыгына
коюшкан. Боорсок, ар түркүн канттан чачыла чачылып, андан соң «көп жашаган,
боору бүтүн» байбичелер кемпир баланы бешикке бөлөгөн. Расми бүткөн соң көңүлү
агарып, ыраазы болуп кетсин деп байбичеге ак жоолук салышкан. Ушундан улам
«Бешик ыры» чыккан.
Бала бешикке салынган соң ата-эне мүмкүнчүлүктөрүнө жараша айлын чакырып,
той берген. Жону жукалар мал союу колунан келбей калса, жакшы тамак жасап,
кошуналарын чакырган. «Баласын бешикке салып, бата алды» деп айтылган.
БЕШ КЕШТЕ — «Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө» (Жеңижок). —
Бул — өрмөчүлүктө буюмга көркөм түр түшүрүүнүн бир ыкмасы. Өрмөк согуп
жатканда жипти сыйдалап илип кетүү. Жүндөн жипти ичке кылып ийрип, чыйрак
чыйратып, түрдүү түскө боёп алат. Өрмөктү болсо, адаттагыдай эле курат. Анын эни
жасалуучу буюмга карай ар кандай келет. Мында өрмөктүн «эришин» актай согуп
баратканда уз түрдүү жиптин бирөөсүн үстүңкү эриш жипке илип-чала тыкан
байлай барат. Бул кадимки «көптүрмө сайма» менен бүткөндөй көрүнөт. Мында
«адыргыны» көтөрүп, «кылычты» согуп, «аркакты» кайра өткөрүп туруп, берки түр
жиптерди үстүңкү жипке байлап турат. Өрмөкчүлөр боз үйдүн боо-чууларын,
куржунду, ат жабууну, туштукту, шалчаны жана башка ушул өңдүү жасалга
буюмдарын аруулата кармай алышат.
Беш кеште, бул — өрмөкчүлүктүн саймасы. Мындай үлгүнү Түштүк
Кыргызстандын Ноокен, Базар-Коргон, Ноокат, Баткен, Кадамжай, Алай, Алай-Куу,
Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал тарабында жашаган уздар арбын
жасашат.
БИЛЕРИК— «Кош билерик, кош шакек, оң колуңа сала кет» (Тоголок Молдо). Бул
— зер буюму. Мунун эни ар кандай көрүнөт. Дегинкиси, жазыраак билерик көркөм
көрүнөт. Билериктин да шакектей өзүнүн калыбы бар. Андан муунак-муунак болуп
чыккан күмүш билерик түспөлүн жараткандан кийин мунун эки башын атайын
чарчылап, төрт кырдап, ага тиешелүү чапкылар менен «көзчөлөп», «жылдызчалап»
кооздук түшүрүлөт. Мындай билериктин жалпы айланасына чапкылар аркылуу
толкун сызыктарды, же «айчык», «тоок көз» жылдызчаларды сейректете чабат. Ал
эми атайын чапкы менен из түшүрүлгөн ушундай эле үлгүдө да калыңыраак
зомдолгон билериктин ортосуна өзүнчө төрт бурчтуу таман чыгарып, ага «тумарча»,
«ийрек» сыяктуу оюмдарды жарашыктуу берет.
«Сыя төгүп», оюм-чийим түшүргөн билерик жукаараак, бирок, эндүү болушу
зарыл. Мунун таманы тегерек келип, ага түшкөн оюмдар шакектикине, чолпунукуна
окшошот. Бермет, акак таш, айнек өңдүү асыл жана ага тете заттарды чөгөрүп,
тегерете торчолоп кармалган билериктер айыл арасында көп кездешет. Кызкелиндердин кооз зер буюмдары менен ат жабдыктарын «тогуз төбөлөөдөн» мунун
кооздугу анча айырмаланбайт. Мындай шөкөттөөлөр бул буюмдун эки башында
болот. Эни чоң, экиден төрт кичине, асыл таштарды куткундап чөгөрсө, буюм жүзүнө
чыгат.
Жердиги жука билерикти жазы алып, жалаң чапкылоо менен кооздук берүүнүн
түркүн сырлары бар. Аны майдалап көркөмдөп отуруу килем көчөттөрүнө окшошуп
кетет. Алсак, анын четине «көбөйтүү» (XXX) түрдү кош сызып кайталай түшүрүп,
анан «айчыкты» айкалыштырып, арасына «тоок көзчөнү» берип, кайрадан
«көбөйтүү» белгилери («XXX») келип, «айчык», «көзчө» кайталанып, мурунку
көркөмдүктөр алмаша берилет. «Колунда күмүш билерик, Колуктум болсоң
түбөлүк»...— Уз колдогу жумуру билерик билекти ого бетер көркөмдөйт.
Жез билерик жасоодо адегенде жезди тазалоо үчүн сууну шарактата кайнатып,
ага туз менен ачык ташты салуу зарыл. Көк жашыл бөтөлкөдөн майдалап алган
«заркун» деген менен сүртө баштаганда жез билерик өзү эле жүзүнө чыгат.
БОЗ ҮЙ — «Төрт колдоп уук улаган, Дөбөдөн үйүн сынаган. Берметке шуру
кынаган, Белгиси жакшы байбиче, Белестен үйүн сынаган» (Калык). Бул —
кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү.
Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган,
теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык
так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл
каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн
үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган
жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн
жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол
өнөрчүлүгүн жумшаган.
Көчүүгө жеңил, каалаган жайга кондурууга ылайыкталган, жаан суусун тез
агызган, табияттын ар кандай таасири-күчүнө туруктуулук кылган боз үйдүн ичине
от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлоткон.
Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан.
Алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан аркы өнүктүрүлгөн
түспөлү катары каралат. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар — чыныгы
архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү,
бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу бул
мүлкүнүн көлөмү, албетте, ар кандай болот.
Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз
баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоңкичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигипчечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—-75
баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн
томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты»
жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө
көөрү төгүлгөн зергердин, жыгачынын, кайкач бармак оймочунун, саймачынын,
өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачытикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
Боз үйдү жасоодо, тигүүдө, чечүүдө, жүктөөдө, сактоодо көркөм кол өнөрчүлүктүн
ар бир түрү табы менен кармалат да, тери - жүн, сайма, таар, жыгач, таш буюмдары
боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: оймочулук,
саймачылык, чыгармачылык, өрмөкчүлүк, килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык,
зергерчилик, кайышчылык, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, таш чегүүчүлүк боз үйдөн
көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер
өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда
санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир
колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл
кармаган.
Боз үй азыр ак өргөө катары тигилүүдө. Анда коломто жок. Үйдүн эни менен
бирдей шырдак, ала кийиз, шалча салынат. Боочулары, тегиричи, кылдыроочу
кадимки терме болот. Боз үй тигүүдө айырмачылыктар бар. Жасалга буюмдарында
жашыл түс арбын пайдаланылса, ички жасалгалар жашыл болуп көрүнүп, аны
«жашыл үй» дейт. Мына ушундай боекторуна карай «сары үй», «кара үй», «кызыл үй»
деп айтылышы ыктымал.
БОЗ ҮЙДҮН НЕГИЗГИ ЖАБДУУЛАРЫ — узанылуучу жана узданылуучу көркөм
буюмдардын жалпы аталышы. Мында үй жыгачка негизинен уук, кереге, түндүк,
босого-таяк, каалга жана бакан кирет. Үзүк, туурдук, түндүк жабуу биригип келип,
боз үйдүн өрө кийизин түзөт. Боз үйдүн эшик чийи, канат чийи чыгдан чийи болот.
Үйдүн жип-шууларына эшме, сызма болору кирет да, ансыз боз үйдүн жабдуулары
бекитилбейт.
БОЗ ҮЙДҮН ИЧКИ ЖАЙЛАНЫШЫ — «Ыпчада» туруучу эркектин, Ат жабдык,
куралы, жарагы. «Эпчеде» болуучу аялдын, Чыгданы, сабаасы, табагы» (Г.
Момунова). Бул — эмеректердин үйдүн ичинен орун алышы. Эгер боз үй тегерек
болбосо, шамалга байымсыз көрүнмөк. Мында шамалдын таасир эткен күчү аз
болсун үчүн айлакер элибиз боз үйдүн цилиндр формасын тандап алышкан. Бул
үйдүн ичин көркөмдөөгө, эмеректерди ирээттүү жайлаштырууга ойдогудай жагдай
түзөт. Казан-аяк, ашканадан өйдө көшөгө (уул-келин тартып жата турган жай)
жайлашат. Төр, жүк, кийим-кечек, ала бакан үй ээсинин жайынан кийин ээр-токум
орун алат, анан эшик, ортодо коломто-тулга турат.
Боз үйдүн ичинин ашкана тарабы «эпче», эр бүлө жайлашкан тарабы «ыпча» деп
бөлүнөт.
БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ — Элибизде үйдү тигүүнүн да өзүнчө жол-жобосу сакталган.
Үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалат. Үйдү сууга жакын, жол
тарапты беттеп, шамалга каршы келбегендей түз жайга тиккен.
Илгери үйдүн эшигин чыгышты каратышкан. Жайдын күнүндө бир нече үй бир
короо айыл болуп конуп, көбүнчө үйлөрдү короого тегерете тигишкен. Эшиктерин
короонун ортосуна каратпай, жогоруда айтылган эреже так сакталган.
Боз үйдү тигүүдө оболу төр керегеси жайылат. Анын канаттары оңго жана солго
керилет. Бири-бирине ашталган кереге саканак ортолору атайын сызма жана эшме
жип саканак таңгыч аркылуу арчындалып бекем тартылат. Канат керегелердин бир
жак учу, боз үйдүн босого-таягы да босого таңгычына ушундайча бекитилет.
Тегеректеле канат керегелер жайылгандан кийин, кереге чалгыч салынат да, эки
жагындагы жел боолорунун башы бакан (алтүндүк бакан деп аталат) менен кошо
түндүктүн чок ортосундагы чамгарагынан ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн
чок ортосуна туруп, өйдө көтөрүп берет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын адегенде
ар кай жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге
баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат.
Ууктун учтары түндүктүн көзчөлөрүнө буралып, имериле сайылса, үй өчөйүп,
сынын бузуп, бөйрөктүү болбой калат. Ошондуктан, үй тигүүчүлөр уук баштары
менен кереге учтарын кайрадан карап, түздөп чыгат да, түндүгү ортодо туура
турганын байкагандан кийин, уукту ар бир кереге башына аштай байлайт. Эгер бир
тарабынан уук көбүрөөк тизилсе, түндүк ошол жагына көтөрүңкү көрүнөт. Бул
учурду кыргыздар «түндүк чыгып кетти» деп коюшат. Мындай убакта түндүк чыгып
кеткен жактын карама-каршы тарабындагы керегенин бооруна жел боону алып
барып, катуу тартып, байлоо керек.
Боз үйдүн жыгачы турган соң, эшик тыштын чий чырмакталган узун учунун
атайын керилген сызмасы түндүктөн илинип, түндүк босогого казык бош чалынат.
Андан кийин жабык башты, тегиричти жаап, кереге таңгычты керегенин белинен
жүгүртүп, эшик таякка курчай чымырата таңып алат. Канат чий керегеге курчалат.
Боз үйдүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы
эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет.
Үйдүн кош туурдугу (тутуусу) да кадимки канат чий өңдүү керегеге жабылып,
туурдуктун бел кырчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, букары болоору
ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат.
Үзүктү жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип, үзүк
тумарча кылынып, үч бүктөлөт да, ортосундагы адам бакан менен орто белинен
өйдө шап көтөрөт. Үзүктүн үстүңкү жээктери түндүктүн түбүнө такалат. Анан четки
экөө үзүктүн эки этегин ылдам жайып кетет. Үзүктүн сырткы эшме боолору ууккереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра
керегенин түбүнөн ичкери карай өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө
илмектүү байланат.
Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, боз үйдүн артынан бир адам эле так
өйдө көтөрүп, бакан менен жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки
капталына бел кырчоого байланат. Алдыңкы жиби түндүк жабууну алга-артка
тартууга жана түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкталып, беркилерден
жоонуураак келет.
Ошентип, үйдүн бардык жабуусу жалаң ача бакандын жардамы менен
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.