Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08

Total number of words is 3839
Total number of unique words is 1954
22.5 of words are in the 2000 most common words
32.5 of words are in the 5000 most common words
39.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
менен бекитилет. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан төрт жагы
бирдей көзчөлөр пайда болот. Саканактардын баш (жоон) жагынан 70— 80—72—82
см. жеринин ички бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6—12 издүү сай салынат.
Керегенин ар бир канаты — узуну боюнча 18—20 көздөн, бийиктиги (туурасы)
боюнча 10 көздөн турат. Жыйылган керегенин бийиктиги эки метрдей, эни 75 см.
болот. Жазганда бийиктиги кичине төмөндөп, эни 2—2,5 метрге жетет. Керегенин
уук байланчу жогорку ачакейлери — «кереге башы», анын карама-каршы төмөнкү
бөлүгү — «керегенин аягы» деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргендей,
алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталгандай, «канат боо»
менен орой чалып байлайт.
Канат боо — жайылган керегени тыкандап байлай турган эшме жип же сызма.
Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына, уук баштарына жараша болот.
Айрым жерлерде «арзан көз» кереге деп аталат. Бат жайылып тигилип, тез
жыйналып, жазылышы үчүн «жел көз» керегелер да болот. Ал көчүп-конууга жеңил
да, оңой да келет. Жыгач аз чыгымдалат. Илгери кышында «тор көз» керегелер
тигилчү. Анын көзүнөн муштум араң батат. Кенендиги сөөмгө да жетпейт. Калын кар
түшкөн кезде ошол керегелер чыдамдуу келген.
«Уук-кереге» деп эгиз айтылат. Анткени, ал ар бир гана адамдын колунан
жаралат. Айрым чеберлер керегелерди үчкө бөлүп узанышат. «Тор көз» керегенин
көктөлгөн көктөрүнүн аралыгы 16 смге, «Орто көз» керегеники 18 смге, «жел
көздүкү» 20 смге барабар. Ал эми кереге бүктөлгөн чакта — үчөөнүкү 32—30—40 см
болот. Керегенин талынын жазылыгы үч см, туурасы эки жарым см, дм 11 см,
керегенин жыйылгандагы узундугу — 75 баштуу үйдүкү эки метр 10 см, 65—66
баштуунуку эки метр болот. Керегенин башы ортосуна чейин 20 см. бүкүрөйүп
турат. Башы болсо 50 см. чалкалайт. Кереге башы-аягы 10 см, кереге кайчысынын
аралыгы 8—10 см ди түзөт. Кереге аягы да 8—10 смге барабар. Мында керегени
босого-таякка аштоодо эки кереге кыйгач кесилип, бирөө босого-таякты түз
олтургузат.
Айрым аймакта үйдүн жыгачтарын сырдоодо жошого май кошуп кайнаткан да,
ал эки жолу боелгон.
Боз үйдүн ушундай формасында үй эмеректери сыйымдуу келет.
Усталар керегенин жыгачынын ийриликтерин аныктоо үчүн анын жыйылып
жана жайылып калышкандагы мыйзамченемдүүлүктү даана билишет. Ошондуктан,
бөйрөктүү болгондуктан, «Боз үй тигели, эл көп батат» дешип, боз үй тигүүбүз да
бекеринен эмес. Чакан боз үй үчүн керегенин жыгачтарынын ийрилигин усталар
атайын өтө чоң кылып маташат. Ушундан улам боз үйлөрдүн симметриялуулугу
(төптүгү), көркөмдүгү (тактыгы) келип чыгат. Натыйжада, чоң боз үйдүн жыгачын
кичине боз үйгө тигүүгө болбойт. Усталар жасалуучу боз үй чоң келсе, анын
жыгачынын ийрилигин кичине, ал эми кичине боз үйдүн жыгачынын ийрилигин
чоң кылып жасашкан.
Кереге эки жерден, уук бир жерден маталат. Демек, ууктун билегин төрт кере
карыш кылып койсо, үй көрктүү да, көптүү да тигилет. Өйдө жагы түптүз болсо,
кийиз тегиз тиет. «Учаарыңды жел, конооруңду сай билет» дегендей устанын
кармаган үлгүлөрүн эл тааныйт да, эл калыс таразалайт. Жыгачтардын бирибиринен айырмаланган ички касиеттерин, ал эмнеге жарактуу, кайсы жыгачтан
кандай буюм жаратууга болорун чеберлер так, ачык жооп бере алышат.
КЕРЕГЕ КӨКТӨӨ — Матоодон чыккан талдарды бириктирүү. Керегени көктөө
үчүн көзөлүүчү жерин темгектеп чыгат. Көктөөгө чеберлер кийинчерээк жылкынын
терисин да колдонуп жатышат. Буюмду чүпүрөк менен кайрадан сүртүп чыгат.
Усталар мунун бир жерин он жолу кармоого туура келет. Аны туташ көктөөдө кереге
баштарын эсептеп чыгат. Башынан ылдый ийри-муйру саканактарын кескен чакта
бири-бирине аштала калат. Айрым зергерлер илгертен бери карай түйүлгөн кереге
көгүн көрсөтпөө үчүн ага атайын кооздук келтирүүдө жука жез менен күмүштөн
көрчөгө урат. Андай ар бир көрчөгө — топчунун калыптары болот да, ал көк
арасынан өткөрүлө кагылат.
Илгери төө тери үй жыгачын көктөөнүн негизги жердиги болгон. Азыр уй териси
менен көктөлөт. Кереге көктөөдө беш-алты адамдын колу тиет. Боз үйдүн
жыгачтарын кармоодо, төтөн, керегенин көгүн жапырт көктөй коюу үчүн атайын
«ашар» чакырат. Алты-жети адам келип, анын экөө эпилдете көктү тилип,
калгандары керегени көктөй баштайт. Демек, уста көк үчүн уйдун терисин
жыдытып, жүнүн бычак менен кырат, аны көктөө учурунда кайрадан жибите коет.
Чеберлердин өзү көктү жасап, аны тилип даярдап, жардамчыларына үйрөтүп
турат. Көктү көзөнөктөн өткөрүп, күч менен басып тартып, өзүнүн жекече ыгы менен
көктөлөт. Көктүн түп жагынын орто ченинен бир смдей тешик кылып тилинип,
ошол эле түп жагы имерилип түйүлүп жасалат. Анан көктүн учтуу жагы керегенин
тешигинен өткөрүлүп, чирене тартылып, кайрадан тешилип (1 см) түйүн чыгат.
Көктүн түгүн устара аркылуу кырып алат. Андыктан, аны түздөбөй туруп, бетине
улпакты калың төгүп, жылуу жайга ороп коюп жибитип, сууга таза жууп,
араларындагы ширелишкен чаңдарын кетирип, анан түгүн кырып алат.
Жерди чуңкур казып, көлчүккө жаңы сыйрылган төөнүн терисин көөмп таштап,
жүнү жыдыры менен көк тилген чеберлер да бар. Кереге Көктөөгө жаш өгүздүн
териси да аябай бышык да, ийкемдүү да келет. Тал ордуна карагайдан тилип,
алкактап, үй жыгачын матагандар да кездешер. Мында бутагы жок жерин ийге
салып, жоон-ичкесин жонуп-кесип алат.
Кереге үчүн бардык эле көк жарай берген эмес. Көк төөнүн, өгүздүн терисинин
боор жаккы бөлүгүнөн жана жылкынын баш терисинен алынган. Терини чийкилей
жүнүн жыдытып алып, жазылыгы бир смдей көк менен көктөйт. Көктүн эки жаккы
тарабы топчу сыяктуу түйүлөт.
Тор көз кереге майда (төрт чарчы) келип, уук жыш уланат. Отуруктуу үйдүкү тор
көз, жайлоо үйлөрүнүкү жел көз болуу максатка ылайыкталат. Айрымдар төө тери
эмес, уйдун терисинин соорулуу жеринен көк тилишет. Кереге карыш келсе «жел
көз», сөөмгө жетпесе «тор көз» деп аталат. Көк тегиз тилинүү керек. Мунун үшкүсүн
бир метр «үшүп» (көзөп), бир адам көктү тилип, бирөө көктү көзөнөктөн өткөрүп,
бери болгондо үч адам аракеттенет.
КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ — Жайылган керегенин белинен курчала турган буюм. Ал
көбүнчө өрмөк согуучулук жана килем токуучулук ыкмасы аркылуу пайда болот.
Буюмдун эни 70 смге чейин жетет. Түштүк кыргыздын айрым аймактарында
чеберлер мына ушундай энде өрмөк дүкөнүн жана килем дүкөнүн куруп, килем жана
өрмөк ыкмасы аркылуу «кереге таңгыч» токушууда.
Мында терменин ортолук көчөтү үчүн адатта, түгөйлүү жүз жипти кара-кызыл
өңдө күзүктөйт. Анын четине «кырк шак көчөтүнүн» бир жагы түшөт. Анда түгөйлүү
он алты жип болот. Ал эми мунун экинчи тарабы да он алты жиптен турат. Анда
көркөм көчөттү ич ара бири-биринен аттын кашкасындай айырмалай турган
«чычкан изине» (ала мончогуна) эки четине үчтөн алты тал жуп жип кетет. Анан ак
жип менен кара жиптен «секиртме» түшүрөт. Мындан сырткары буга көбүрөөк
согуучу мүнөздүү көркөм көчөттөр «тээкче» (кулундун ноктоосунун учуна тагуучу
мүйүз того), «сынар ийин» (түгөйү менен бирдей эле жип бир из менен терилет)
өңдүүлөр кирет. Ал эми «жээк көчөтү» жана «бото мойнок көчөтү» үчүн он үчтөн жип
тандалат. Кереге таңгыч «тегирич» энинде да согулат.
КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ — өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири.
Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма. Мунун эни
«үзүк боо», «жабык баш боо», «туурдук боо» өңдүүлөрдөй келет. Өрмөктүн эриши
ошолордой күзүктөлөт да, аларга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр терилет.
Кереге чалгычка «чатыраш» деген көчөттү согуу үчүн үстүңкү жип (19+19)
астыңкы тал жип да (19—19) болот. Өрмөктүн четиндеги төрт кара жип терүүгөчалууга кирбейт. Дагы төрт тал кызыл жип «чычкан изи» (ала мончок) болуп түшөт.
Эми терүүгө түшүүчү ошол 19 жипти гана алабыз. Алар кара жана ак жиптен болсо
адегенде үстүнөн он ак жип, анан эки кара жип териле баштайт. Анан беш ак, алты
кара, сегиз ак, кайра беш кара, андан соң ак жиптин баары терилет. Эми тогуз кара,
эки ак жип, тогуз кара, жети ак, алты кара, жети ак жип терилет да, кайра жети кара,
алты ак — ушулар төп жана так терилери менен көркөм көчөттүн жарымы пайда
болот. Ошондо жогорудагыдай терүү-чалуу дал өзүндөй кайрадан кайталанат.
Терменин кара — ак аркылуу согулушу аттын кашкасындай ачыктыкты
көрсөтөт. Ошондой эле кызыл-көк көчөт түшүрүүдө элдик наркка эгедер көк жиптен
үчөө, кызыл жиптен үчөө түшөт, көк жиптен төртөө келгенде кызыл жип илинбей
калат. Көк жиптен кайра бешөө түшөт. Мына ушундай ыкма менен кереге чалгыч
үчүн «жарым бадам» көчөтү пайда болот. Мунун эки четинде эки талдан төрт кара
жип терилбей ошол бойдон түшөт. «Кереге
чалгычтын» чети кара-көктөн болуп, 27—30 жуп тал жиптин ортосундагы
кызылы экиден бир күзүктөлүп, өрмөккө аркак салынып эле жөнөкөй согулат. Үзүк
боо, туурдук боо, жабык баш боолорго деле муну пайдаланса болот.
КЕПИЧ — кол булгаарыдан ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын
сыртынан кийилгенинен башы ичтелет да, четтери тарамыш менен кайылат. Ал бут
кийимдерди ултаруу, үй буюмдарын тигүү үчүн малдын, көбүнчө, жылкынын жибек
тарамышынан колдо чыйратылган жип керек. Жаны союлган малдын тарамышы
кургагандан кийин эки жыгачтын ортосуна салып, жанчып жумшартат да, бирдей
таралып, тигилүүчү буюмга жараша жоон же ичке чыйратыла эшилет. Кээде буюмду
тигүүдө тарамышка төөнүн чуудасы кошулат. Кийимдин апкыты катуу болсун үчүн
арасына жука жыгач салынат. Таманы анча бийик эмес өкчөсү жыгач мык менен ич
таманга бекитилет.
Өтүкчүлөр кепич жеңил болсун үчүн такасынын ичин көңдөй кылып да
ултарышкан. Жигиттердин жана кыз-келиндердин кепичтери шири жана көн
буюмдары сыяктуу ар кандай оюм-чийим менен кооздолгон. Кепич өтө бышык бут
кийим болуп саналат.
КЕРГИЧ— Жыгачтан төрт чарчы же тегерек кылып жасалып бетине сайма
сайылчу жердик кериле турган алкак. Ал төрт кыр жана жумуру жыгачтардан болот.
Бирине-бири кийгизиле тургандай сырткысы чоңураак, ичкиси кичирээк эки
алкактан да жасалып, алкактын ортосуна кездеме кысылып бекитилет. Чоң кергич
(40x75 см) бир гана жыгачтан туруп, кездеменин четтери ага чырашталып
бекитилет. Сайма кездеменин керилген бөлүгүнө түшүрүлгөндөн кийин анын
четиндеги чыраш сөгүлүп, улам жылыштырылып, кайра жөрмөлүп, бекитилип
турат.
КЕРКИ— Жыгач устанын аспап — куралы. Чеберлер муну ыргайдан, кайыңдан,
четинден, талдан саптап алат. Аткарган милдеттерине карата анын «чот керки»,
«аталгы керки», «байтеше» жана «аштама керки» деген түрлөрү бар.
КЕРМЕ (жаа) — өрмөчүнүн өрүмдү жүзөгө ашыруучу кол куралы. Ал — жарым
айлана түрүндөгү жыгач. Чебер өрүмдү баштоодо кермеге (жаа) кайыш өзөктү керип
алат да, аны суулап, анан ак самындап, (илгери мал майы менен) жибитип,
сыдыргыга алып, күч менен кырдырганда, керилген өзөк жылмаланат. Анан
тилинген көктүн талдарын өрүү башталат. Мыкты чеберлер отуз-кырк тал көктү көз
алдыда бирдей калыпта тиле да, өрө да алат. Тоо текенин мүйүзүн алып, аны сууга
кайнатып, түздөп, жаа формасын берип ийишкен. Ал бир калыпта катып,
урунтулуктуу болгон. Өрүмдүн өзөгү үчүн мурун пайдаланылып калган эски
кайышты алып, (анда өрүм өрүлүп бүткөндөн кийин да, камчылануу учурунда да
өзөк чоюлуп кетпейт өрүм аралары ачылбайт) өзөктүн бир башын жаага бекем
бекитет. Эми жаанын экинчи башын күч менен катуу басып туруп, атайын жасалган
илгичине илет. Айрымдары өрүм жаасын ат тырмоонун тишинен жасап жүрүшөт.
Болот темир ийилгич келип, өзөк менен өрүмдү керүүгө оңтойлуу келет.
Жыгачтан да жаа жасалат. Теректен тал бышыктык кылат. Талды суу кезегинде
кыйып келип, эки-үч күнү күнгө коюу зарыл. Ойдогудай кургаган тал кийин
жарылып кетпейт. Улам баскан сайын ийилип турган жерин сууга салып коет. Сууга
салынган жыгач жибип, жарылуудан сакталат.
КЕСТИК — көбүнчө кийиз бычуудагы, ага көркөм оюм чыгаруудагы жука, учу
учтуу, өтө курч, кармоого эптүү уздардын маки сымал бычагы. Азыр айрым чеберлер
кайчы менен да кийиз кайчылап калышат. Бирок, ал бат эле колду талытып
жиберет. Кийиз калың болгондуктан, кестик оюмдун бурчтарын төп чыгарууга
оңтойлуу келет.
КЕПШЕР (кепшердөө) — «Курама темир курч болот» (Макал). Бул — чорт сынган
темир буюмдарын карматуу. Усталар кепшер жасоодо бири-биринен ич ара
айырмалары болот. Алсак, болжолдоо, күмүштөн эки эсе, ыроодон (цинктен) бир эсе,
же анын ордуна жезден кошуп, өгөөлөп аларды аралаштырып, уютуп алат. Аны
пайдаланаарда четинен кетип, кайра өгөөлөп майдалап, ага ак данакерди (бураны)
кошуп, оттун табына кармайт. Муну менен тең бөлүнгөн темир-тезектер жиксиз
ширетилет. Металл башка жеринен чорт кетсе да экинчи жолу ал жеринен түк
сынган эмес.
КИЙИЗ БУЮМДАРЫ — ала кийиз, шырдак, аяк кап, жабык баш, үзүк, туурдук,
эшик тыш өңдүүлөрү. «Кыргыз кийизге туулган» деген сөз бар.
Бул «Кыргыз кийизге жан киргизет» дегенди туюндурат. Андай кооз
буюмдарыбыз кылымдарды кыдырууда.
КИЙИЗ — «Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» (Макал). Бул — элдик көркөм
кол өнөрчүлүктө жүндөн уютулган жердик. Боз үйдүн жабуусунун, шырдактын,
жабык баштын, ала кийиздин, кементайдын, калпактын, өрө кийиз, ала кийиз,
шырдак (шырдамал, оймо теке) жана башка буюм-тайымдардын кийизи болуп
бөлүнөт.
Кийиз уютуу үчүн чеберлер кылчыктуу күзгү жүндү тандашат. Уютулуучу жүн
кыска болушу зарыл. Узунун кырчып-кырчып кыскартат. Талпакта аябай сабалган
жүндү токулган чийдин үстүнө белгилүү өлчөмдөгү калыңдыкта тарамдап жаят.
Кайнак сууну текши сээп таптап, чий менен орой түрөт. Дагы кайнак суу сээп, арканжип менен аябай чырмап таңат да, бир топ адам тепкилейт. Чийдин арасынан
күрсүйүп жүн чыга баштаган чакта гана кийизди тепкилөөнү токтотот. Кирген
кийизди чийден алып, ага кайрадан ысык суу сээп, үч-төрт адам катар чөгөлөй
отуруп, кайта-кайта имере тоголоктоп билектейт.
Билектөө — кийизди колдо ийлеп, ийине келтирүү. Айрым элдер муну
«талдырма» деп аташат. Мында уюткулуу жүндү кичине киргизип, аны боеп туруп,
оюм берип, анан кайра алдына жүндөн коюп, алиги оюм берген кийизди анын
үстүнө жаткызып, кийизди кайрадан киргизе басышат. Ошентип, уздар мындай
караганда буга шырдак оюмдарына окшош кооздук беришкени байкалат.
Кийиз уютуу бир эле адамдын колунан келбейт. Ал эми шырдактык кийизди
уютуу үчүн да күзгү жүн пайдаланылат. Мында да жүндү өтө майдалап тытып, анан
сабоолойт. Жүндү чийдин үстүнө көп калың кылбай тегиздеп жайгаштырат да,
кылчык жүнгө ысык сууну чени менен себелейт. Эгерде жүн уяңдуу болсо, анда көп
ысытылбаган жылуу суу гана керектелет. Себеби, ысык суу мындай жүндү эзип,
жараксыз кылып коюшу же билектеп баскан чакта ал жакшы кирбей, көпшөк кийиз
болуп калышы мүмкүн.
Жабыкбаш, шырдак болуучу кийиз даяр болгон соң аны ыраңдуу кылып боёйбуз
зарыл. Адатта, шырдак жасалуучу кийиз ачык кызыл, көк, сары, жашыл түстөргө
гана боелот. Аны муздак суу менен эрикпей жууй билиш зарыл. Качан кийиздин
ысыгы толук катып, колду күйгүзүп албагыдай болгондо жана боек эч жукпай
калган учурда гана бир топко чейин билектеп басып, кайра дагы жылуу суудан сээп,
акырында он-он беш минута гана басуу сунуш кылынат. Мында кийиз мурдагыдан
да бышык чыгат да, кийин соң көпшөктөлбөй, чыйрак сезилип калат. Кийиз оюм —
түшө турган буюмдардын түбөлүктүү жердиги. Анын жасалуу ыкмасын башынан
аягына дейре билгичтик жана кылдаттык менен иштөө ар бир уздан талап кылынат.
Муну жасаарда абалы ага ылайыктуу жүндү тандап алган жакшы. Азыр ага күзгү
жарым уяң жүндү уздар арбын пайдаланууда.
КИЙИТ — Эки куда катташкан убактарда кийилүүчү кийим. Илгертен келе
жаткан сый. Кызын берип жаткан кишилерге ыраазылык билдирүү, алардын
көңүлүн алуу, жөн эле жарашпаган бир майда-чүйдө кийим-кече Менен эмес,
алардын бойлоруна чак, купулуна толорлук кийим
тигилген. Ырас, кыздын ата-энеси да жооп ирээтинде уулдун ата-энесине кийим
кылышат.
Кийит даярдоо — узчулукту билдирет. Кийитке ичик, чепкен, чапан, кемсел,
бешмант, тебетей, калпак, кош этек өңдүү элдик кийимдер кирген да, алар кудасөөктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша атайын арналып тигилген. Кымбат баалуу
кийим «баш кийит» делген. Ал кан куда-кудагыйларга, аксакалдарга кийгизилген.
Кийит үчүн эндей кездемелерди да коюшкан. Азыр даяр кийим-кечектерди сатып
алууга бөтөнчө көңүл бөлүнүүдө.
КИСЕ— («текмат») — оттук, кын, окчонтой, баштык, кылыч кезтик өңдүү
мергенчилик, жоокерчилик аспап — куралдар кыстарылуучу жазы кур. Илгерки
көчмөн, жоокерчилик заманда кисеси жоктор эр бүлө катары эсептелбеген. Бул
буюм да чебер кооздолуп жасалган. Киселер баалуу мүлк катары атадан балага
мурас катары өткөн. Мыкты кисе жана ага илинген ар түрдүү буюмдар ээсинин
турмуштук абалына жараша алтын, күмүш, жез сыяктуу асыл заттар чөгөрүлүп
кооздолгон.
КИЛЕМ ТОКУУЧУЛУК — «Килемди согуп түр кылган, Кирген үйүн гүл кылган»
(Жеңижок). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Түштүк
Кыргызстандын эл чыгармачылыгындагы эң сыймыктанар өнөр. Элибизде таандык
көркөм мурастардын ичинен бул өткөн кылымдарда эле укмуштуудай тез өнүгүүгө
арымдуу мүмкүнчүлүк алган. Өзүнө гана тийиштүү өзгөчөлүгү, кооздугу аркылуу ал
Түштүк Кыргызстандын көркөм мурасынын мерчемдүүсү болуп саналат. Андан
кыргыз элдик гармониясы, стилдик мүнөздөрү, боектордун түстөрүнүн жалпылыгы
даана көрсөтүлгөн.
«Ичкиликтер» деп аталган элдер жердеген Лейлек, Баткен, Кадамжай, Алай,
Ноокат жана Тажикстандагы кыргыздарда килемчиликтин өнүгүшүнүн санжыралуу
салттары бүгүн да ойдогудай улантылууда. Ал Түштүк Чыгыш, Түндүк Батыш
аймактарына акырындап тарала баштаган.
Кыргыздын кызыл калы килеми тууралуу жакшынакай тарыхый маалыматтар
бар. Мына ушундай килемдер менен катар (жазылыгы өрмөктөй 80—90 смдей)
таңгыч (боз үйдүн керегесинин тышынан тарткыч»), «эшик тышы» (боз үйдүн
эшигинин сыртын кооздоо), аяк кап, кайчы кап, күзгү кап, баштык, чавадан, жапсар,
туткуч, куржун, уук кап, кереге кап (уук керегенин учтарына кийгизүүчү баштык),
жайнамаз, жабык баш, тегирич өңдүү боз үйдүн ички-сырткы жасалгаларынан
сырткары ат жабдыктарына тиешелүү көпчүк (көрпөчө ордуна ээр үстүнө жаланкат
салынуучу, эни тайкы килемче), тердик, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк сыяктуулар да илгери арбын токулган. Түштүк чеберлери биз
санап кеткен мындай түктүү буюмдарды токуу менен бирге муну түксүз (таар)
ыкмасында да согушуп, турмуш-тиричиликке ушундай эле наркта жана салтта
пайдаланууга укмуштай узданып келишкен.
Килем токуучулук — көркөм кол өнөрчүлүктүн массалык мүнөзүнө эгедер түрү.
Мында нагыз чыгармачылыкка караганда бирөөдөн таалим алуу, бирөөгө үйрөтүү,
мурдатан берки элдик адаттагы көчөттөрдү түшүрүү басымдуулук кылат.
Ошондуктан, килемчиликте оймочуларга, саймачыларга жана зергерлерге
салыштырганда ойдон нагыз оюм-чийим түшүрүп, уздун стилин айкын көрсөтүп
берүү анча салтка айланган эмес. Чеберлер өзүнчө оюнан оюм-көчөт түшүргөнү
менен көрүнбөй, ошол буюмга элдик килем көчөттөрүн аябай аяр бергендиги
аркылуу бааланат.
Килем көчөттөрүнө такай уздануу түйшүгү кыз-келиндердин баарына таандык
сапаттардан болот. Кыз бала эс тартканы өз себин (биз жогоруда санап кеткен
буюмдар) өзүлөрү кармап бүтүрүүсү эбактан бери адатка айланган. Ар бир жаш
ынтызар Дүкөн четинде тып отура калып, көкүрөккө жат көчөттү (оюмду)
түшүрүүдө түк жаңылбайт.
Башаты эл ичинен келип чыккан көркөм өнөрдү азыр атайын килем токуу
цехтерде бүгүн калк мүдөөсүн канааттандырып, кыргыздын кооз килемин көп санда
чыгарууда. Мисалы, Ош Бирикмесинин Өзгөндөгү филиалында орточо алганда
айына кырк беш, элүү чарчы метр килем чыгууда.
Элдик чеберлердин чоң тобун бириктирген мындай өнөрканалар Лейлекте,
Ноокатта райондук турмуш-тиричилик комбинатында бар. Аларда килем токуу
узкана иштеп жатат. Мындан дагы аянты ар кандай килем атайын өтүнүч боюнча
токутуп алууда.
Азыр килемчиликти мындан ары карай арымдуу өнүктүрүү максатында жарым
кылчыктуу агыш-көгүш жүнү жана тегерек куйругу бар «алай» тукумундагы
койлордун жаңы тукуму негизделип, анын продуктуулугу артылууда. Ошондой эле
килем үчүн жүнү кылчыктуу өздөрү өстүрүшкөн куйруктуу койлорду кыркышат.
Килемге кылчык жүндүн жазгы кыркымы жакшы болот. Анткени, кылчык жүн узун
келип, түйдүктөөгө, ийиргенге жана чыйратканга, сокконго аябай шартташат.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өнөрдүн бул түрүн кайрадан колго алуу
аракеттери жанданат. Кыргыз килемдери базарларга арбын чыгып, айыл арасына
кеңири тарайт. Мурунку чеберлер жаштарга уздук камкордугун үйрөтө баштайт.
КИЛЕМ ТОКМОК — «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» (Макал).
Бул — темирден, же жыгачтан аркагай 12—15тей тиши бар, төрт бурчтуу, колго
токтомдуу, жумуру кыска саптуу, сокмоктуу курал.
Килем токмок менен эришке чалынган жиптерди уз салмактуу урганда, «түк»
(жүл) жыш кынапталат да, анан килем түгү кол кайчы аркылуу тегизделет.
КИЛЕМ — «Байчечекей жайнатып, Алтын жиптүү зор килем» (ооз еки адабият).
Түктүү көркөм көчөт салынып, колдо токулган үй ичин жасалгалоочу буюм.
Кыргызда негизинен жүл (түк) жана Араби килем токулат. Килем аркагы өрмөктөй
эле кадимки жүндөн жана мурунку эриш жиптердин калдыктарынан ийрилет.
Араби килем түксүз болот. Анын өзүнчө көчөтү салынып, ал жеңил, бир эсептен
бышык жана кооз.
Килемге негизинен койдун жазгы кылчык жүнү, эчкинин, топоздун кылтагы, төө
жүнү пайдаланылат. Буюмду токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, токмок, бычак,
кайчы, күйөө, салык, жазгыч өңдүү аспаптары бар. Муну 4—5 адам токуйт.
Кыргыздын кызыл калы килемин согууга үлгү даярдоодо муну эске алуу зарыл.
Килемдин ортолугу төрт бурчтанып табактанып, туура тушу «үч тиш», ортоңку
узуну «ашкана көчөт» өңдөнөт да, татаал көчөттөрдөн «өрөжө» жана «мүшкүл»
түшөт. Буга «Нампарды» (нан жабуучу кымкап калкандын элеси), андан ары «теке
мүйүз», «ит таман», жана «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак»
сымалданган көчөттөрдү ирээти менен берүүгө болот. Лейлек, Баткен, Ноокат
тарапта жүн килемди токууда төрт тарабына кыркалекей «саамал» түрүн
түшүрүшөт. Муну өзү «өзөк», «эки карын», «эки колдон» турат. Саамал көчөтү
көбүнчө кызыл-кара түстө болот. Эми килемдин негизги көчөтү «кочкорек» берилет.
Муну «путев кочкорек» жана «сыңар кочкорек» деп да аташат. Андан ары карай
чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күлкөптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура
мүйүз», «карагай бутак», «нампер көчөтүн» келтирет. Килем көчөттөрү ич ара
татаалдашып отурат. Килемчилер муну жатка жупташтырууга машыккан. Көчөт
түйүндөрүн чечүүдө: «эки жагына он чыгарылганы «эки жүздүү кайкалак», бир аз из
болуп сайылса, «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп сайылса, «кош кайкалак» — деп
айтып турушат.
Кыргыз килеминин аянты ар кандай. Килем аркагына кой-эчкинин жүнүн
аралаш колдоно берүүгө болот. Демек, тытылган жүн түйдөктөлүп, өрмөктүкүндей
килемдин эриши үчүн ийрилип, чыйратылган жип сууга кайнатылып, аны эки
казыкка жүгүртө керип, ортосуна жарым кулач жыгачты салып, алиги жипти аны
менен күч келтире бурап алат. Ал «чантуу» деп аталат.
Өрмөктүкүндөй эриштин ар бир талынын аралыгы жүгөрүнүн даны баткандай
болууга тийиш. Мында өрмөктөй эки аркак өткөзүп, эки курдай байлайт. Бул
килемди токуунун башталышы болуп саналат. Килемде да аркак өткөрүүгө
өрмөктөгүдөй эндүү «адыргы» колдонулуп, бирде өзүн көздөй, бирде артын карай
тартып турат.
Уздар эстетикалык өзүнүн татымын аркалап, ар бир буюмдун мүнөзүнө карай
боек сары саптоого умтулушат. Элдик килемчиликте көбүнчө кызыл-көк түс берүү
наркка жатат. Кызыл, кочкул кызыл, сөзсүз көк өң менен жымдашып турат. Ошондой
эле көк-карага кара-кызылга деле жупташа берет. Килемдин «ала мончогуна» ак,
кара, сары өңдөр бири-бирине айкалышат.
Мурун уздар өсүмдүктөрдүн тамыры менен шактарынан атайын боек
даярдашкан. Килем аянтына карата базарда анын баасы бычылат.
Килемдин аябай аянттуусун «ордо килем» дейт. Бул өтө эле чоң, кирип отурган
бөлмөнүн энинен да ашып түшөт.
Ал эми «калы килем» болсо көбүнчө ысык үйдүн дубалына жана боз үйдүн
керегесине тартууга жарашат.
«Төр килем» да аянттуу келип, дайыма жерге гана төшөлүп, өтө бышык болуп,
кыйла жылдары урунууга болот.
Уздар көргөндүн көзүн тайгылтып, элдик шаан-шөкөттү айгинелей турган
каркыралуу көчтө төөнүн жүгүнө атайын жабууга ылайыктуу килемдерди да
токушкан. Мындай анча эле чоң эмес буюмду «төө килем» деп аташат. Көчүпконууда урунууга чакан «жайлоо килеми» да өтө кооз көрүнөт.
Буюмдун орточосу 3,5—2,5 м. келсе, күзүгү үчүн бир кг. дай эле кебез сарпталат.
Килемде жүндүн арбыны анын түгүнө (жүлүнө) чыгымдалат. Буга элүү — алтымыш
килодой жүндү ийрип-чыйратат. Ал эми бир килемди бүтүрүү үчүн анын челдөөсүнө,
чыйратуусуна, чыңдоосуна, тазалоосуна, ийрүүсүнө жана түктү тегиздеп
кыркындысына бир аз жүн таштандыга чыгат.
Кыргыз килеми союздагы жана чет өлкөлөрдөгү ири көргөзмөлөргө жана жайма
базарларга дайыма катышып, этнографиялык музейлерге экспонатталууда. Эгер
аянтты 5X8 метр килем токутсак, анда буга баары биригип сексен килодой жүн
даярдообуз зарыл. Муну чеберлер төмөндөгүдөй бөлүп жумшашат. Килемдин
«эришине» эчки жүнүнөн («кылтак») он килодой, анын «аркагына» кой эчкинин
жүнүнөн дагы он кг. дай жумшалат.
Килемдер геометриялык элестерге жоомарт келет. Төтөн, килемдердин ортосу,
чатыраш, же ромб, болбосо сегиз бурчтук түрүндөгү көчөттөргө толот. Килемдерде
кызыл түс көк менен беттешип, ак жана карадан «ала мончогу» түшөт. Кызыл килем
өзбек, тажик базарларында үстөмдүк кылып турган. Боекторунун ачыктыгы,
көчөттөрүнүн бири-бирине шайкеш келгендиги, койдун кылчык аралаш жүнүнөн
болгондугу жана аянты көрүүчүлөрдү, алуучуларды, өзүнө тартып, буюмдун баасын
жогору көтөргөн.
Килемге кыргыз көчөттөрү так түшүп, бир бүтүм ойду туюндурган. Килемдин
четине «тумарча көчөтүн» берип, андан кийин «кайкалак көчөтүн» көчүрүп, анан
калган түрлөрүн ич ара ирээттүү келтирип, алардын араларын эндей эле жүл
калыбында калтырууга да болот. Мында кара-кызыл өңдөр ич ара жупташат да,
кызыл-көк айкалышса, кызыл түс өзүндө оодарып турса, кара-кызыл өңдөрдө кара
түс буюмдун жалпы жердигин чечип коет. Эгер кызыл-ак менен беттешсе, кызыл
бөтөнчө таасир берет. Көркөм үлгүнүн ортолук көчөттөрүн табакча-табакча
өңдөнтүп берүүлөрү уздардын чеберчилик жүздөрүн баамдатып турат. Анда ар бир
табакчага «нампар көчөтүн» негиз кылып, алардын араларына «ийрек» түшүрүп
отурат. Ал эми анын четтерине табакчанын жарымын келтирүү аркылуу кооздук
жаратат.
Айрымдар көркөм көчөттөрдүн четине жашыл өңдү да жүргүзө коет. Бул кызыл
менен кара өңдүн араларын ачат. Ал сарыдан да, актан берилет да, «ала мончок»
сымалданып түшөт. Андай кара-кызыл түстөн турган килемдердин көркөм
көчөттөрү көк менен кызыл өңдү көбүнчө айкалыштырган Баткен, Лейлек
аймактарда арбын учурайт. Анда көчөттөрү эң эле майда көрүнөт. Жүл килеминин
четине «казан кулак», «чөмүч сабы», «тайлак таман» (анын ичинде тогуз дөбөсү бар),
«кыйкач» (бул суу ордуна берилет), «калит (кулпу) көчөтү» ирээти менен түшүп
турат да, борбордук көчөттөн (негизги көчөт) «бычак учу», «козу тиш», «шапат»
(көөкөр өңдүү) кооздуктар түшөт. Анан табакча көчөттөр башталат, анын ичинде
«мандалак баш», «козу тиш», «омуртка оюму» өзүнчө кооздук катары түшүрүлөт.
Жөрмөмө килем — өзүнчө нукура үлгү. Мунун оң-тетири тарабы бирдей көрүнөт.
Демек, кажары, терме таарлардан бул айырмаланат да, анын четине «кабырга
көчөт» түшүп, ал өзүнчө өрмөк аркылуу согулуп, буюм жээги болуп көрүнөт. «Катар
кайкалак көчөтү» берилип, табакчаларынын ичиндеги түрлөр жөрмөмө
килемдегиден бөлөкчө көрүнөт. Бул килемдин кооздуктары да башкачараак болот.
КИЛЕМ БУЮМДАРЫНЫН КӨЧӨТҮ — Буюм бетине түшүрүлгөн кооздук, түр.
Буюм — көркөм көчөттөрү аркылуу даңазаланат. Мунун салттуу көчөттөрү көркөм
кол өнөрчүлүктүн берки түрлөрүнүн оюм-көчөттөрү менен мыйзамченемдүүлүктө
жалпы үндөшүп турат.
Килем буюмдарынын төрт жүздөн ашуун көчөтү кездешет. Алар өрмөкчүлүктөгү
жана чырмакчылыктагы көркөмдүктөр менен айкалышат. Мисалы, «мүйүз оюму»
(«кочкорек», «кайкалак») килемчиликтеги оюм-көчөттүн негизин түзөт. «Кабырга»,
«ашкана көчөт», «тогуз төбө» көчөт өңдүүлөрдү азыр арбын учуратабыз. «Ит таман»,
«тайлак таман», «жолборс таман», «мышык таман», «машаты» — айтор
айбанаттардын изи эски жүл килемде көп кездешет. Алардын ордуна элет
жерлеринде «кош кайкалак», «машаты», «казан кулак», «бычак учу», «нампар» жана
«шапалак», «кырк шак», «жарты кырк шак», «бото моюн», «пашайы», «кыңыр моюн»,
«ала мончок», «нокто башы», «тамаша көчөт», «кытай көчөт», «күйдүм көчөт»,
«кызгалдак көчөт» бар.
Окчун айырмаланган көчөттөрдүн эски-жаңы форумдарын бир эле килемге
ритмдүү жана ажардуу пайдаланып жатышкан уздар арбын кездешет. Ушундай
адаттан тышкаркы жөрөлгөлөрдү Ноокаттык, Лейлектик, Баткендик килемчилер
ынтызардуулукта пайдаланышат.
Көркөм көчөттөрдө жырткыч айбандын же канаттуулардын элеси, диндик
касиеттер да чагылдырылат. Килемге кызгылт, чыйкандай кызыл, кырмызы түс
фон болсо, көк, жашыл «аламыч», же аралаш өңдөгү жип көчөттөрдү улам өзгөртүп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.