Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12

Total number of words is 3774
Total number of unique words is 2040
20.4 of words are in the 2000 most common words
29.7 of words are in the 5000 most common words
37.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
тар' тып, керип чоюп, талкууга коюп да ийлешкен. Иштетүүгө ийкемдүү кайыш.
Илгери сыйрылган теринин түгүн дароо кырып, чийкилей да ийлешкен. Ийи жеткен
мындай эң жука кайышты боекко салат. Андан кийин анын ички бетин түрдүү
миздүү таракча менен кайчылаш утур-тетир сүргөндө кадимки баркыт сымал жыш
түкчө пайда болот. Мындан сыйда бут кийимдер, мээлей, намиян сыяктуу I буюмдар
тигилген. Күдөрү кооз көрүнөт да, абдан бышык болот, өңү тез оңуп кетпейт, суу да
өтпөйт.
КҮЖҮ — «Күжү күйгүзгөн, күмүштү күлгүзгөн» (Макал). Бул — көрүктүн отту,
чокту, үйлөп чоктонтуп туруучу бөлүгү. Колго сагыздай ийленген чопо топуракка
майда кыркылган кылтак жүн аралаштырып, кудум куйма калыптай ийине
келтирип, «күжү» жасалат. Түсү бышкан кирпичтей күжүгө тигил ноктолонгон эки
ачакейдин тумшугу кирет. Көмүрдү (чокту) үйлөй турган, жоондугу
карыштай тешиктен сыгылган жел өтө басымдуу чыгат. Эгер тешик мындан
кенен келсе, жел начар үйлөнөт.
Такай иштелген «күжү» бир айга араң чыдайт. Күжүнү улам кайрадан ошондой
жол менен усталап жасап алып турушат. Ордунан өйдө-төмөн козголбошу үчүн
көөрүктүн эки ачакейинин чатына жыгач уруп таштайт. Мындай асма көөрүктү
усталар ортолук устаканаларды уюштуруудан баштап пайдаланып келүүдө.
КҮЗГҮ КАП — Кыз-келиндердин өздүк буюмдары салынуучу баштык. Ага: атыр,
күзгү, самын, шуру, эндик өңдүүлөр кирет. Күзгү каптагы көркөм көчөттөр туш
кийизден айырмаланат. Күзгү каптын капкагы, этеги «тор чачык» жана «топ чачык»
менен чачыланат. «Кылыч байлоо» менен кооздолот. Үстүнкү кулакчаны аркылуу
кереге башына илинет. Ага түшкөн ар кандай көчөттөрүнүн чекесин уз ак-сары жип
аркылуу «ала мончоктойт». Негизинен көркөм көчөттөр кызыл жип менен сайылып,
анан өндү дагы даанараак ачыш үчүн анын четинен сары, ак өң курчалуу керек.
Ошондой эле түшүрүлгөн көчөттүн эки булуңундагы кызылдын ичи эки курдай
сары, ак менен алмак-салмак айландырылат. Уздардын түшүргөн «кыялынын»
ортосунда да суу жүгүртүлүп, өңдү ача билишет. Күзгү кап менен текче бир бүтүмдү
түзөт. Түшкөн сайын көчөттөрүнүн чекесин ак жип аркылуу текчедей «ала
мончоктоп», ал «текчеге» окшошуп, экөө үйдүн ички жасалгалары үчүн эриш-аркак
көркөмдүктү тартуулайт.
Саймачылар орточо күзгү каптын көлөмүн 100x50 см кылышат да, мунун жээгин
мүмкүн катар кундуздашат. Бетине сайма көчөттөрү түшкөн күзгү кап илгери
кийизден да, таардан да, териден да жана калың кездемеден да жасалган.
Күзгү каптын жана текченин эң эски үлгүлөрүндө алтын түспөлдүү муунакмуунак зымча түйүлгөн төкмө, түймө чачылар сеңселип турат. Ага түшкөн көчөттөр
«көөкөрчө», «жүрөкчө», «комуз тили», «бугу мүйүз» өңдөнөт. Алардын араларын
«суу» ажыратат.
Күзгү кап илгери таш күзгүгө чакталып, сүйрүрөөк жасалган. Кийинки күзгү
каптар аяк каптан айырмаланбайт. Алардын жердиги жана ага түшкөн көркөм оюмкөчөттөрү бири-биринен анча өзгөчөлөнбөйт. Турмушта буларды буюм катары
астектеп колдонуу улам барган сайын басаңдоодо. Тек гана боз үйдүн жалпы сайма
жасалгасынын бир бөлүгү катары керегеге тартылуу аркылуу кооз көрүнөт.
Айрым «күзгү кап» мурунку салттуу буюм-тайымдардын негизинде жаралуу
менен туштукка үндөшүп, аны менен бир бүтүмдү түзүп, көчөттүн көркөм
каражатын
чечмелей келгенде уздар «чамгаракты» элестетет. Себеби, андагы тор чачык боз
үйдүн керегеси өңдөнөт да, мүмкүн жабык баштын же тегиричтин да элесин
бердирет. Буюмдун чок ортосундагы табакча сайманы «Түндүк» десек да болот.
Жалпы алганда көркөм көчөт түндүктүн чамгарагындай баамдалат.
КҮЙӨӨ — өрмөктү чаташтырбай согуу үчүн жиптерди чыбыкка үстүнөн топ-топ
кылып байлоо. Андыктан эриш жиптин ортосундагы жиптерди арбыныраак, четки
жиптерди аз аздан бириктирип байлайт.
КҮЗҮК — килем токууда жана өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын
үстүңкү — эркек жиптеринин ар биринин арасы менен астыңкы — ургаачы
жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу бөлүгү. Килемде эриш
жип бүт бойдон жүгүртүлүп бүтүп өрмөктүн эриш жиби жүгүртүлүп жатканда күзүк
өтөт. Эриш жиптердин ургаачылары күзүккө илинет да, эркек жиптери илинбейт.
Өрмөкчү, килемчи адыргыны өзүн көздөй тартып кырынан тургузганда, эркек жип
күзүк жиптин арасы менен өөдө чыгып, адыргыны жалпагынан ары жылдырганда
ургаачы жиптин арасы менен төмөн түшүп турат. Күзүктөлгөн эриштерди көтөрүп
согууга даярдоо үч бут мара болот. Эриштин эки тарап жыш жиптери бат-бат
алмашып, арасына аркакты кысып алат. Килем менен өрмөктүн токулган бөлүгү
жылган сайын күзүк да, күзүк көтөргүч мара да (можу, иймек) күйөөнү көздөй
жылдырылат.
КҮМҮШ БАЛКА — «Балкасы менен зер чапкан, Бармагы менен мал тапкан»
(макал). Бул — зергерлердин аспабы. Муну менен күмүштү темир бетине чабат,
жашытылган күмүштү сомдойт жана ийет. Анын сабы сыйда, кармоого эптүү,
күмүштү чабууга элпек, жеңил болуп, түспөлү ар кандай көрүнөт. Эки тарабы тең
чукулдук кейиптенген балка, бир башы тегерек, дөшүдөй уңгулуу балка, бир башы
чукулдук өңдөнгөн балка, же бир башы керки өңдөнгөн балка... Аларды зергерлер
өзүлөрүнүн узануу оңтоюна карата жасап алышат.
КҮМҮШ ЖАЛАТУУ (ширетүү) — Зергерликтин бир ыкмасы. Бул — күмүштү
иштетүүнүн жөнөкөй, бирок негизги түрү. Адегенде күмүштү жашытуу зарыл. Бул
үчүн зергерлер күмүштү темир бетине чабуудан мурун аны отко кармап, улам тап
менен жашытып, үлбүрчөктөй жукартат. Ансыз ал талаптагыдай чыңалбайт.
Зергерлер өзүлөрү мыктылап жасап, ширетип алган албарстай өткүр балкасы
аркылуу кара темирге кыйма-чийме торчо сызык түшүрөт. Ага үлбүрчөктөй
чыңалган күмүштү аяр кармап келип жалатат да, балка менен акырын таптайт. Муну
күлдүү чүпүрөк, же кийиз менен мизилдете сүрткөндө асыл зат өңүнө чыгат, көз
уялта жалтылдап, кадимкидей даана кумүш буюм болуп калат.
Мурун ат жабдыктарынын бөлүктөрү (жүгөндү, көмөлдүрүктү, басмайылды,
куюшканды, үзөңгүнү) көндү, жыгачты, мүйүздү жана башка буюмдарды шөкөттөөдө
темирди торчолоп, ага күмүш жалатуу ыкмасы укмуштай өнүккөн. Кооздук түшүрүү
— бул аялдар себине, ат жабдыктарына, салттуу жана азем буюмдарына темир
чөгөрүү, ага күмүш жалатуу жана анын бетине көркөм оюм-чийим түшүрүү. Бул
зергерчиликте «сынпостоо», «чегелөө», «шөкөттөө» деп аталат.
Адегенде кара темирден шөкөт куюунун ар кандай көркөм калыптары болот.
Темирди көөрүктө эритет да, өзүнүн калыбына куят. Сууп болгондон кийин аны
кайыш бетине чабат. Эми накта күмүштү зым кылып чоет. Улам майда тешикчеден
өткөрүп отуруп, зымдын ичкелиги аттын туу куйругундай болгондо албарстай курч
балкасы менен алиги кайыш бетине чабылган куйма темирдин бетин торчолоп,
күмүш зымды ошого жаткырат да, кичинекей бетине өзүнчө оюм түшүрүлгөн күмүш
зымдар жалатылат. Усталар ушундай ыкмада кыз-келиндердин азем нускаларын,
салттуу эмеректерин, ашкана буюмдарын шөкөттөй алышкан.
«КЫЛЫЧ БАЙЛОО» — Түймөчүлүктүн бир түрү. Муну негизинен Тоң, Ат-Башы,
Нарын аймагындагылар арбын кармашат. Аны көбүнчө боз үйдүн тегиричи, сайма
жабык башынын жээгине тартат. Мында ар бири алты талдан жипти үчтөн
кайчылаштырып байлайт. Анын «өрмө чачысы» бар. Мында да алты тал
чыйратылган жип экиден үч сыйра өткөзүлөт да, анда текши көзчө (торчо)
чыгарылат. Мунун аягына адаттагыдай «топ чачысы» түйүлүп, буга болжол менен
жүз, жүз элүүгө чукул тал жип керектелет. Муну «чок» деп айтат.
КЫРГАК — Кооз буюмдардын бир түрү. Бул шөкүлөнүн, такыяны, элечектин эң
сырткы кырчоосу. Азем буюм-тайымдар ушул кыргагы менен көрктүү көрүнөт. Алар
ар кыл эндүүлүктө, ар кандай кездемелерден кооз саймаланып жана кештеленип да
жасалат. Кымбат баалуу металлдар менен чөгөрүлүп да кармалат. Элечекти кооздоокөркөмдөө менен анын жанып, чубалып калуусунан да сактаган. Кыргак
кооздолушуна жана жердигине жараша: «алтын кыргак», «күмүш кыргак», «сайма
кыргак», «кеште кыргак», «оймо кыргак», «бермет кыргак», «шуру кыргак», «жибек
кыргак», «кымкап кыргак» деп айтылат да, устанын-уздун устаттыгы менен
уздугуна жараша укмуштай чырайланат. Алтын же күмүш жипчелер чырашталган
кыргактардын кырка этегине түрдүү формадагы (узундугу бир эличе) алтын,
күмүштөн кыюуланган майда желбирөөчтөр аркылуу «төкмө чачыланган».
Күмүш кыргактын күмүш шөкөттөрү томпок, төрт чарчы туташ көрүнөт да, ага
түшкөн кооздуктар «айчык», «карга тырмак», «куш канат» сымал көркөм оюм
элементтеринен турат. Мунун жээктери да желбирөөчтөрдөй, бой тумардай,
күбөктөрдөй майда күмүш калакчалар аркылуу төкмөлөнөт.
КЫНА — көркөм кол өнөрчүлүктө чөптүн тамырынан алынган боек. Муну
ышкын түптөн күз айларында атайын казып, сыртындагы чопо топурагын тазалап
алат да, сууга кайнатканда чыйкандай кызыл өң берет. Кынага ачык каш кошуп, жүн
боёгондо «аты да кына, заты да кына» болуп өмүрү өңү өчпөйт.
КЫЧКАЧ — зергердин аспабы. Муну менен жашыган күмүштү, күжүдөгү
чоктонгон темирди кыпчып алып, дөшүгө коет. Бул жашык металлдан жасалат.
Ичке, майда нерселерди кармоого эптүү эки учу учтуураак, жаактары бүкүрүңкү
келет да, шакектелип коюлат.
Кычкачтын бөлөк түрлөрү да бар. Мисалы, төрт чарчыланган анын ички учу
быдырлуу келген, нерсени шып кыпчып чабууга, мык суурууга ылайыкташат. Аны
усталар «аңырооз» дешет. Ал аттишке окшошуп кетет. Кычкачтар ар кандай
түспөлдө жасалып, «кыпчуур», «чымчуур» деп бөлүнөт.
КЫЯЛ — а) Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө узануу менен уздануудагы
чыгармачылыктын жогорку чеги. Ал — ар бир устанын жана уздун бири-бирине
анча коошпогон өздүк көркөм оюм-чийим жаратуудагы жекече мамилесинин
натыйжасы. б) Айрым атактуу чеберлердиң аттары кошо айтылган көркөм оюмдары
менен көчөттөрү. Мисалы: «Салбай оюм», «Садыбакас оюм», «Маркатай оюм», «Садык
оюм»..., «Шакен оюм», «Алтын оюм», «Макен оюм», «Күлүшары оюм». в) Элдик
сыналган көркөм оюмдун жана көчөттүн жалпы аталышы.
КЫЛДЫРООЧ — «Кыдырата карадым, Кылдыроочу кооз экен» (макал). Бул —
боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете
жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Терме кылдырооч
нарктуураак көрүнөт. Анын чети чачыкталат. Ал — тегиричтин бир түрү.
Кылдырооч «эр жак», «эпчи жак» деген эки бөлүктөн турат. Көчкөндө бул кооз
Зуюмду шаан-шөкөт үчүн жүктүү төөнүн мойнуна салаңдата ороп же жаап коюшкан.
Тегирич, шалча, кереге таңуу өңдүү согулган терме үлгүлөрү кылдыроочко жарай
берет. Кылдырооч үчүн да түймөчүлөр жипти бышык чыйратып, жакшылап челдеп,
түрдүү түстө боеп алат. Түймөчүнүн аракети аны мыктылап ийрип, чыйратып,
челдеп, анан чебердеп түйүшүнө байланышат.
Же мунун четине «Чагармак» аттуу көчөт түшүрүлүп, ага кара-актан жети кош
жип эриш келип, андан кийинки көчөткө тогуз көк-кызыл жип керек. Андан кийин
«Тай туяк» көчөтүн түшүрөт уз. Мында уздук касиет элдик көчөттөрдү жат билүү,
аны өрмөккө ойдогудай түшүрүүсү менен эле өлчөнбөйт, эң негизгиси, ошол көркөм
көчөттөрдү буюм четине, ортосуна айкалыштыра берүүнү билүү керек. Ошентип,
«тай туяк» көчөтүнүн чети жарым тумарча болуп чыгат. Ага жуп үч тал жип
керектелет. «Тай туяк» көчөтүнө жуп 15 тал жип сарпталат. Адегенде беш көк жипти,
анын ортосуна үч көк жипти алып, бирден кызылды терип, анан четин эки көк, бери
четинен бир көк келет. Андан кийин төрт кызылдын, бир кызылдын үстүнөн, эки
кызылдын четинен эки көк, алты кызыл, эки көк кайталанат. Жарым «тай туяк»
элестеп, ал кайра четинен терилип, толук көчөт пайда болот.
Кылдыроочко жупталган 59 тал жипти алып, үстүнкү жээгине жуп үч, андан
кийин үчтөн тогуз жипти терип, буюмдун ортолугуна «Табак оюм» түшүрөт. Анын
майда жана кезек түрү кездешет. Термечилер анын майда түрүн өзүнчө
«кыялдантып» бере алат.
Бул буюмдун эки түрү бар. Баш кылдыроочтун ар кандай үлгүлөрү болот. Кооз
көрүнүшү үчүн мунун башына «бадам», «кыял», «бармак боочу» өңдүү шырдак оюму
берилет да, асты «тор чачыланат». Так ушундай кылдыроочтун кооз түрү боз үйдүн
бел кырчоосунан кийин да тартылат. Ылдыйкы кылдыроочтун кийиз оюму кара
кызыл өңдө берилип, ал өйдөкү кылдырооч менен айкалышып турат.
Кылдырооч ортолугу жалаң термеден болот. Ошондо бул буюм эшик тыштын
четине бастырылган ичке тилкедеги көркөм оюмга үндөшүп калат.
Чеберлер сары, кызыл, ак өңдөрдү өзүнчө жупташтырып, атлас шайы
сымалдантып, көчөт түшүрүшөт. Аны «бачайы көчөт» деп аташат. Мунун четине аккарадан эки элидей «жээк» түшүрөт. Ал эми кылдыроочтун кажары таардан
жасалышы көркөмдүктүн чегине жетет. Мунун четине ак-карадан «кырк шак»
көчөтү түшөт. Андан кийин сары өңдө «төрт илик» кара жердикке «ичирилип»
берилет. Андан «тумарча көчөтүн» түшүрүп, кайра төрт илик (айры көчөтү) сыяктуу
бачайы көчөттөр кызыл түстө көк фондо түшөт. Анын экинчи четинде кайрадан
«кырк шак» берилип, чыйратылган шоона жиптен тор чачык жасалат.
Уздарыбыз буюмду кооздоодо боектун түрлөрүн аяшкан эмес. Кийиз оюмдары
менен терме көчөттөрүн эриш аркактай жупташтырып кармаган оймочу-термечи
беш-алты өңдү бири-бирине кыйыштырып сары саптай алат.
КЫЛ КЫЯК — элдик үндүү аспаптардын бир түрү. Бул муң-зарды өзүнө батырып,
өткөн доордун музасын топтоп турат. Аспаптын узуну үч карыш, эки эли болот.
Анын эки кулагы бар. Кыл кыяктын кулагынын мындай чоң болушунун себеби,
аттын туу куйругунан тандалма токсон талын буроо учун ал, албетте, токтомдуу
болушу керек. Кыяктын арты томпок көрүнүп, маңдайы айыш-өңкөгөйрөөк келет.
Эгер мунун бетин түз кылса, аспап уй мөөрөгөндөй үн берип калат. Бул аспаптын
тепкеги комуздун тепкегиндей болсо үн чыкпай калат. Натыйжада, чеберлер ачакей
бутактарды алат. Анын чолок буту тик туруп, кыяктын орто капкактуу жерин басуу
зарыл. Тепкектин тайтайыңкы буту аспаптын четин басып турганда гана үн
ойдогудай чыгат.
Усталардын жана кыяк тартуучулардын айтымында, кыл кыяктын бетинин төө
териси менен капталышынын мааниси бар. Анткени, аспап жайкы чилдеде
укмуштай какшайт да, укмуштуудай үн чыгат («ботосу өлгөн ингендей боздойт»),
Тумандуу күндөрдө, жаанда, кыскасы, аба ырайы бузулган чакта бир аз нымдашып,
кыл кыяктын үнү анча чыкпай калат. Ошондуктан, аны кургак жайда сактообуз
зарыл.
Кыяктын жаасынын узундугу 65—70 см келип, көркөм жана бышык
келгендиктен мунун жыгачы бир гана табылгыдан тандалат. Жаанын кармай турган
жагына булгаары капталат. Колдун төрт талаасы ага баткандайучун тешип, буга
кылдын учун түйүп коет. Кыяк кылына ат, айгырдын туу куйругунан 120—130
талды жулуп алуу керек. Тал кылдар бири-бирине буралтып, чырмалтып текши
төгүү зарыл.
Бул үндүү аспаптын авазын талаптагыдай көтөрүү үчүн карагай менен
куурайдын чайыры керектелет. Аны кылга өлчөмүнөн көбүрөөк сүртсө, аспап
кыркырап калат. Андай учурда мокок бычак аркылуу кайра кырып, таза чүпүрөк
менен сүртүп таштоо тийиш. Абалы чайырды сууга кайнатып алса, анын даты кетип,
тазасы калат. Аспап кылдарына мына ошону этиеттеп сүртүп турат.
Кыяктын кылына май тийсе, үн бербей калат. («Бууранын терисинен капкагым
болсо, сүйкөнгөнүм карагайдын чайыры болсо, жайдын саратанында тартса боздоор
элем» — деп, кыяк айтыптыр деген уламыш эл ичинде
бар.) Бул аспапты кыякчы алгыр куштардай бөпөлөп асырап турат.
Мында айрым усталардын жекече байкоолорун да эскере кетебиз. Ал кыякты
жасоо комуздун ыкмасына үндөшүп кетет. Андан анын айырмасы кыл кыяктын
капкагы төө териден болору белгилүү. Мында теринин челин тазартуубуз зарыл.
Анан ал теринин белгилүү өлчөмдө тептекши жукартабыз.
Төө терисинин бардык жери бирдей эмес. Мүмкүн катар теринин текши жеринен
кесип алынат. Ал комуздай кайкайыңкы эмес, ошончо 10—7 мм дей бүкүрөйүңкү
болот. Ошондо моюн менен чаранын бириккен жеринин ийилүү тереңдиги 2,5 см, же
25 мм болот. Мында тепкектин капкакты басуу күчү азаят да, демек, капкактын
эркин термелүүсүнө ойдогудай шарт түзөт.
Кылды талдап тагып жатканда баарынын жоон-ичкелиги бирдей болушу керек.
Мунун алтымыш талы астына, сексен эки талы үстүңкү кулакка тагылат. Ошондо
астыңкы кыл жогорку нотаны (ичке үндү), төмөнкүсү темөнкү нотаны (жоон үндү)
берет. Кылдарын бирдей тандап алгандан кийин аны (илгери шакар, эми «Айна»)
таптаза жуушубуз тийиш. Азыр төө терисин табуу, албетте, кыйын. Кыргыздын
классикалык чыгармаларын ойноону жеңилдетүү үчүн чеберлер кыл кыяктын
капкагын карагайдан тандоодо. Ал түз эмес скрипка сыяктуу томпок келет. Мунун
кылы мурункудай эле болуп, тээги скрипканыкына окшош көрүнөт.
Кыл кыяктын көңдөйүнө, тепкектин алдына тирөөч коюлат. Аспап скрипкадай
кайкалак болот. Демек, жалпысынан алганда бул скрипкага окшошуп, улуу
композиторлордун даанышман чыгармаларын ойноого укмуштай мүмкүнчүлүк
берет. Ал комуздун тембрине да даана жакындашат. Мындай музыкалык
касиеттерди биз, төтөн, бир тууган казак элиндеги домбра менен кыл кыягындагы
шайма-шай окшоштуктардан да байкайбыз. Ошондуктан, алардын ансамблдери
«Сары арка» өңдүү жүрөк-жүлүндү титиретип, шамалдай жорткон күүлөрдү ойноп
жатканда эки аспап бири-бири менен укмуштай эриш-аркак айкалышат. Кыл
кыяктын жаасына 120 тал кыл тандалат.
КЫЛЫЧ — Ал өрмөк согуучу тактай курал. Кылычтын узундугу болжолдо 45—55
см, жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы 3—5 см, бир кыры жукартылган сабы бар
бычак түспөлүндө болот. Адыргы аркылуу улам өрмөктөгү эриштин астыңкы
жиптерин үстүнө, үстүнкү жиптерин астына алмай-телмей өткөргөндө, бул кылыч
менен эки-үч салмактуу соккондо аркак жип эришке кынаптала түшөт.
КЫРМА — Жыгаччылыкка узануунун бир түрү. Түркүн жыгачтан ар кандай
идиш-аяктарды жана башка ашкана буюмдарын жасоо жана кооздоо ыкмасы.
КЫРМАЧЫ — Кырма менен узанган чебер.
КЫРМАЧЫЛЫК — Бул — челек, аяк, чөйчөк, табак, сузгу, кашык өңдүү ашкана
идиштерди кырып жасоочулук жана кооздоочулук. Мында абалы жасалуучу
буюмдун, же идиштин көлөмүнө жана ыңгайына карата жыгачы тандалат. Аларды
жөнөкөй сомдошко керки менен балта керектелет.
Идиш-аякты жасоодогу кол дүкөнү — бир учу түркүккө такалып, экинчи учу
кыруу жыгачка кагылган беш темир мыктан азуусу бар ок жыгач. Аны «кырма»
(дүкөн) дейбиз. Кыруучу курал «ийги» — метрдей таяктын башына бекитилет.
Кыруу учурунда таянычка ийгини басып турган жыгачты «туур» дейт. Кырманы
(дүкөн) айлантып турган кош жыгачты «тепки» деп, эки бутун алмак-салмак
эпилдетип тынбай баскан адамды «кырманын (дүкөндүн) тепкичи» дешет. Ал
кырмачынын шекити болот. Кырма идиштерине түшкөн кооздук жалпысынан
«кеште» деп аталат.
Кырмачылыкта байтеше көп колдонулат. Кырылып бүткөн буюм илгери өз
кырындысы менен жымсаланган. Мындай буюмдар кыргыз жергесинин ашкере
чырайлуулугун, түгөнгүс түптүү байлыгын, ал эч бир жайда кайталангыс экендигин,
мындай жыгачтардан уникалдуу нерсени көп жасоого ойдогудай жагдай түзүлгөнү
даана баамдалат.
Азыр жаңгак токойлорунда иштетилип, чет өлкөлөргө дейре жөнөтүлүп жаткан
көркөм нускалар арбын. Элдик чеберлер өз дүкөндөрүндө электрлешкен техникалык
прогрессти пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.
МАКИ — «Алтын саптуу, ак маки, Канткенде кынга батты экен» («Манас»), Бул —
мизи ачылып-жабыла турган, чөнтөккө салууга ыңгайлуу бычактын бир түрү.
Усталар муну курч металлдардан таптап жасап, анын кармоочу сабына күмүш
жалатышкан жана ага «сыя төгүү» (зооткер) жана «чапкылоо» өңдүү зергерчиликтин
ыкмалары аркылуу кооз оюм-чийим түшүрүшкөн. Макинин сабы жыгачтан да,
сөөктөн да, мүйүздөн да, мизден да, жезден да, калайдан да болот.
МАЛАКАЙ — «Малакайы алтындан, Бардашы журттан артылган» («Манас»), Бул
— элдик баш кийимдин бир түрү. Көбүнчө карыялар кийишкен. Уктаарда кийип
жатканда башты жылуу сактаган. Ал өңдөлгөн (бордолгон), ышкын түпкө, анарга
жана башка өсүмдүктөргө боёлгон түктүү териден аңтара тигилет. Малакайдын
көрпөдөн бир-эки элидей «кыюусу» болот. Кыюусуз тигилген малакайга кездеме
менен көрпөдөн «милте» (жээк) коюлат. Аны бычып-тигүүдө жана кийүүдө
аймактык айырмачылыктар бар.
МАРЖАН — «Тал чыбыктай боюңду, Таза баккын ыргалып, Тамагыңдын тагына,
Маржан таккын ыргалып» (Барпы). Бул — зергерчиликте бир чети асемдик буюм
катары колдонулуп, жипке тизилип, мончоктой эле моюнга тагылган шурунун бир
түрү. Шурудан жасалган кооздук. Ал желбирөөч (моюнга тагылуучу көркөм тумарча),
жаак мончок, чач учтук өңдүүлөргө өткөрүлөт да, элечектин тартмасына, чыны
каптын, кайчы каптын, күзгү каптын бетине, шөкүлөнүн, тыш кийимдин жана ушул
сыяктуулардын өңүрүнө бастырылат. Кыз-келиндердин кооз буюмдарындай эле
алар токуна турган ат жабдыктарына да маржан шурулары бастырылган.
МАТОО — «Уукчулардын», «керегечилердин», «түндүкчүлөрдүн» жалпы алганда
боз үйдүн жыгачына узануусу. Демек, кереге саканактарынын башкы бөлүгүн
кайкалата, уук-алакандарын бүкүрөйтө ийүү дегендик. Матоо үчүн «Тез» керек.
Чеберлер маталган кереге-уукка атайын тарткы менен сай түшүрүшөт. Жерди
ууктун билеги жана саканактын башы баткандай кылып казып да, ийилип даяр
болгон ууктун билегин, саканактын башын ошол чуңкурчага салып, анын үстүнөн
оор таш менен бастырган. Бул матоо деп аталат. Матоодон ойдогудай чыккан
жыгачтын ийилгени көп убакытка чейин жанбайт. Үй формасын жоготпой, кептүү
турат. Ошондуктан, кыргыздар матоосу жанбас үчүн боз үйдү дайым тигип жана
жыйып турушат. Үй көпкө чейин тигилбей калса, үйдүн матоосу жанып, көрүнүшү
бузулат.
Матоодо таңгак жыгачтардын чекесинен чечип туруп, сууга салып, нымдашкан
чакта чокко (кор кылуу — «кордоо») салат. Тал кызыйт. Кол күйөр-күйбөс болгондо
алганда ал жибектей жумшарат да, матоого коюлат. Ал жерге ташталбай, түркүк
кылып коюлат.
МААСЫ — өкчөсү жок, чулгоо оролуп кепич менен кийилүүчү кончтуу, жеңил бут
кийим. Мунун жасалышына, жердигине карай «намеркан маасы», «кыром маасы»
деген түрү бар. Алар оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана
эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилген.
Чеберлер кол булгаарыдан кашыктай сыйда мыкты маасыларды ултарып, ага
чийме сынпос түшүрүүчү. Бул бут кийим эркектердин маасысы, ургаачылардын
маасысы болуп экиге бөлүнөт. Жигиттердин жана кыз-келиндердин кийген
маасыларынын кончунун алдыңкы бети чиймеленет. Андай элдик мүнөзгө эгедер
көркөмдүк өтүк, жагдан, чыны кап, көөкөр, кечим (тердик), ээр өңдүү көн жана
булгаары буюмдарына түшкөн кооздуктарга өтө үндөшүп турат. Буга наар (чийме —
сынпостун бир түрү) берүүдө чеберлер «мүйүз», «кыял» сыяктуу элдик оюмдардын
элементтерин учтантып, айкаштырып берет.
Кийинчерээк маасы жандыктын терилеринен ичтетилип, булгаарыдан тигиле
баштады. Жердик жука болгондуктан, ага өсүмдүктөрдүн сабактарын, бакдарактардын мөмө-жемиштеринин бутактарын жана жылдызчаланган сайма
көчөттөрүн бир өңдө келтирүүдө. Ошондой эле башка өңдөгү булгаарыдан оюм
чыгарып, аны маасынын маңдай бетине жабыштыруу же оюп коюп тигүү аркылуу
ага кооздук берилүүдө. Азыр өнөр жайдык негизде көп нускада чыгарылып жаткан
бул бут кийимге көркөм көчөттөр атайын сайма сая турган машинасы менен
түшүрүлүп, дүкөндөргө такай чыгарылууда.
МОНЧОК — буюмдун жердиги. Көбүнчө моюнга тагылуу менен шөкүлөгө, топуга,
кеп такыяга, туштукка, туш кийизге, чач учтукка, чачкепке, чачкапка жана башка
асем буюмдарга бастырылат. Ал ар түрдүү (тоголок, сүйрү же көп кырдуу) формада
болот да чеберчиликте жасалгаланат.
МИС — «Шакеги кызыл мис болгон, Самаганы иш болгон» (Калык). Бул —
зергерчиликтин жердиги. Мистин касиети сары жезге окшошот. Анын эриши кеч
болот. Алсак, сары жез 10 минута, мис 18—20 минутада эрийт. Экөөнүн
чыдамдуулугу бирдей келет. Ийкемдүүлүгү жумшак болгондуктан заматта жешилет.
Дат чалып, бат эле өз өңүн өзгөртүп жиберет. Мына ушундай бөтөнчөлүктөрдү эске
алып, усталар ат жабдыктарынын шөкөттөрүн кармоодо мурун буюмдун үлгүсүн
жасап алат. Ошого салыштырып, жасап жаткан чакта ийне учундай да кемтик
кетирбей, так жана таза кармоого аракеттенишет.
МИСТӨӨ — жездин бетине калай жугузуу. Усталар жездин сары, кызыл түрлөрүн
билет. Мындай жаркырак металлдардан ат жабдыктардын көркөм шөкөттөрүнөн,
кыз-келиндердин өздүк кооз буюмдарынан башка мистабак, аптаба, чөөгүн, чайнек
өңдүү ж.б.у.с. идиш-аяктарды ойдогудай жасап алышкан. Жезди, колону эритүүнүн
өздүк ыкмасы күмүштүкүнө өтө окшош болуп, таза жездин өзүнө бирдеме салуу же
коюу анча нарктуулукка жатпаган. Демек, жездин ичин калайлоодо илгери торко
электен өткөн майда кум менен жездин ичин жалтырата тазалайт. Ушундан кийин
жездин бетине калайды жука-жука кесип, көрүктүн жалынына кармап эритип,
ношотурду себет да, кебезден жасалган куургуч аркылуу сүртөт. Ошондо калай
жездин бетине жабышып, ак түзгө айланат.
МИНА КОЮУ — азем буюмдарын кооздоонун бир ыкмасы. Ал «күмүшкө мина
төгүү» деп да аталат. Мында күмүш бетине түшкөн чийимге минаны мыскылдап
салып, отко коет. Мина мөлт этет да, чийимдин ичинен жатак алат. Аны кургак
чүпүрөк же кийиз менен сүртсө, көркөм оюм жаркырай түшөт. Минтип күмүш
буюмдарды кооздоо эски зергерлердин салты болгон.
Мина боегу түрдүү түстө болот. Бул бөтөлкө сымал да көрүнөт. «Кызыл мина»,
«сары мина», «көк мина», «жашыл мина» — деп айтылат.
Мина төгүү — «сыялоонун» бир түрү. Муну биз зер буюмдарына пайдаланарда
аны абдан гүл майдалап, же сууга чылап, кадимки сыядай кылып алат. Демек, күмүш
бетине түшкөн оюм-чийимди минтип, «сыялоону» «мина төгүү» же «мина коюу» деп
да аташат. Муну менен ат жабдыктарын, азем буюмдарын кооздоого көбүрөөк көңүл
бурулган.
МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ — Ат жабдыктарын узанууда татаал өрүмдөрдүн бир түрү.
Жортуулга камчылана турган камчылардын түшкүнү сокмоктуу болгон. Түшкүндүн
сабын чеберлер күздө кыйылган тобулгу (табылгы) же ыргайдан сапташкан. Камчы
түшкүнүн көбүнчө жылкынын, торпоктун терисинен өрүшөт. Өрүм сегизден тартып,
жыйырма талга дейре жуп сан менен өрүлөт. Өрүлүүчү көктүн талын күндүн табына
кургаткандан кийин ашаткыга салып ийлейт. Күдөрү түрдө аябай ийленген аны
жаага керилип коюлган жумуру өзөктүн үстүнөн өрө баштайт. Ал кадимки терме
өрүмдөй бирдей терилип, бирден басылат. Натыйжада көгү жоон тилинет. Өрүмү
жыш түшүп, музоонун тишиндей төрт чарчы көрүнөт.
«Музоо тиштин» берки «суйсалма өрүмү», «жылан боор өрүмү» өңдүү татаал
өрүмдөрдөн айырмасы байкалып турат. Мисалы, «суйсалма өрүмдө» бирден терилип,
үчтөн басылса, «жылан боор өрүмдө» бирден терилип, экиден басылат. Демек,
«музоо тиш» бирден басылып, бирден өрүлгөндүктөн учунан да, ортосунан да такыр
жанбайт.
Айрым өрүмчүлөр «музоо тиш өрүмүн» алты тал эле кайыштан өрүп берет.
Ортосуна өзөк коюлуп, өрмөсү анча сыйда болбой, одуракай көрүнөт, өрүмдүн
ыкмасы оңой келет. Анда алты тал үчтөн экиге бөлүнүп, өрүмү сол колдон бир талды
алдыга коет да, оң колдогу көктү үстүнөн басат. Муну көк менен да чеберлер алты
тал аркылуу өрө алат. «Музоо тиш өрүмүн» «торпок тиш» деп да атайбыз.
МҮЙҮЗ — зергерчиликтин жердиги. Көркөм буюмдарды кармоонун түбөлүктүү
материалы. Аларга үй айбандарынан — уйдун, топоздун, кой-эчкилердин,
кайберендердин — тоо текенин, кулжанын, бугунун, эликтин мүйүздөрү кирет.
МҮЙҮЗ УСТА (мүйүзчү) — ар кандай мүйүздөрдөн элдик кооз буюм-бечкектерди
жасоочу чебер.
МҮЙҮЗЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү устачылыктын бир түрү.
Мүйүз устанын аспап-куралдары башка чеберлерден анча айырмаланбайт.
Зергерчиликке таандык: кол араа, балка, ийди (ийги), үшкү (көзөгүч), бычак, үрпү,
өгөө өңдүүлөр кирет. Элдик салттуу мүйүз буюмдарына өз бетинче узануу
аракеттери чынында басаңдап баратат. Бүгүнкү чеберлер — мүйүз усталар атайын
өнөр жай негизинде биргелешип иштөө аркылуу жалаң белек-бечкектерди
чыгарышып, алар дүкөндөргө такай чыгып, чет мамлекеттерге дейре жөнөтүлүүдө.
Малдын жана кайберендердин мүйүзүнөн чеберлер турмуш-тиричиликке
таандык мүйүз тарак, мүйүз чакча, ат тушамыш, желенин тээги, камчынын,
бычактын сабы, түндүктүн чамгарагы, ордо оюнуна абалак, кыз-келиндердин асем
үлгүлөрү жасалган.
«Картык» да жасап, бул элдик табыпчылыкта оорулуудан кан чегүүгө, бүткөн
боюна жел турганда соруп алууга мүмкүн кадимки банка койгондой аспап болгон.
Анан «наштар» жасап, бузук канды сордурган.
Ок-дарылардын нымдан, ысыктан сактап, дайыма белдеги курда жүрүчү «куту»
да мүйүздөн болот.
Бүркүт кондуруу үчүн балдак болгон. Азыр бул өнөрдүн элдик мүнөзгө эгедер
жактары бара-бара басаңдоодо. «Кыял» жана «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк
бирикмелеринде, Кыргыз ССР Театрлар Коомунун өндүрүштүк өнөрканаларында
«чакча», «тоо теке», «бүркүт», «гүл салгыч», «ваза» өңдүү белектер атайын үлгүлөр
аркылуу арбын чыгарылууда.
Мындай түрдүү буюм-белектердин кайсынысын кантип даярдап, кандайча
кылып жасоо керектигин мүйүз өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн өзүнөн-өзү «айтып
берип» турат. Мүйүздүн бири-бирине окшобогон табияты бар. Ал кооз
көрүнүштөрдү чеберге алмак-салмак айкалыштырып бирдеме жасай берүүгө
ишенимдүү жөлөк болот.
Кыз-келиндердин мүйүздөн жасалгалары сөйкө, желбирөөч, билерик, шакек,
оймок, чолпу, тарак, чач бастыргыч, түймө-тор токуучу иймек, төөнөгүч, бой тумар,
ачкыч илгич, бут кийимди кийүүчү кашыкча, мындан сырткары чакча өңдүүлөр
төрт-беш түрлөнүп кармалат. Буларды өзүнчө чыгаруучу формаларын бири-бирине
окшоштурбай кармоочу чеберлер бар.
Акыйкатта, мүйүзгө жана сөөккө күмүш, жез, мис, нейзильбер, мельхиор,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.