Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09

Total number of words is 3855
Total number of unique words is 2021
23.4 of words are in the 2000 most common words
32.9 of words are in the 5000 most common words
39.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
отурат. Килем беттериндеги көчөттөрдү дааналап тирмийсең, мында бир түр —
айбалтырканды, тигиниси — куузан кумай жерди, беркисиниси кумай өтөктү,
аркынысы көк канатты, тияктагысы — ковлоч чөмүчтү, айтор, тиктеп отурсаң сыр
кашыкты элестетесиң. Килем беттеринде «чаян», «кош кулак», «ала күлүк»,
«дагыра», кетмен куйрук (бүркүттүн түрү) «көк кашка» (өсүмдүк), көрө (өрүк),
алманын жаш түйүлгөнү, «зарынза» (өсүмдүк)... Айтор, айта берсек анын аягы
түгөнүп койбойт. Кайсы бир килемдердин чачылары төгүлүп, көчөтү төөнүн коюу
жондорун, самсаалаган чуудасын, кучак, кучак мамык, мөңгү күнгө жаркылдаган,
асманда калкыган сур булуттарды элестетип кетет.
Килем токуучулукка жана өрмөк согуучулукка бирдей таандык «кайкалак» башы
беш жиптин жүгүрүшү менен баштап, улам бир талдан терилип, андан соң ичине бир
жиптен чалынып, анан да ичине бир жиптен жылдырылып, туташтырылып
согулат.
Жаратылыштагы тигил-бул элестер чагылышат да, ошол көрүнүш көчөткө негиз
болууда. Маселен, «топчу баш» деген өсүмдүктөн улам «топчу баш кайкалак» пайда
болот. «Мышык таман», «чөмүч», «тал барки», «сегиз писте», «өнөр көчөт»... Мындай
көчөттөрдү айта берсек арбын да, ал жалаң элестөөлөрдөн пайда болгон. Ал эми
«аркар туяк», «кой көзү», «кой шыбак», «кылыч көчөт», «кыйгач көчөт», «кыңыр
моюн», «бото моюн» көчөттөрү менен килем токуу кийинки кездери ушунчалык
ургалдуу өнүккөн. Булар өз ара бири-биринен кичине-кичине айырмаланбай
койбойт.
Килем көчөттөрү көркөм кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрүнүн оюм-түрү сымал
мезгил талабынын коштоосунда өзгөрүү-өнүгүү жана жаңыруу касиеттерине
тушугуп турат. Мындай килем токуучулукта элдик салттуу жагдайдан четтеп,
карандай сүрөт тартуу аракеттери ийгиликтен баш аламандыкта алып барууда.
Килемдин ортолук көчөттөрүнө «каз аякты» (каз таманды) уздар арбын
түшүрүшөт. Анын алдына «кош мүйүз» берилет. Буга «каз аяк көчөтү» таажы сымал
көрүнүп кетет. Мындан «карга тырмак көчөтү» айырмаланып турат. Төрт бурчтук
өзөктүн төрт тарабынан кадимки «карга тырмак» түшөт. Ал килемге эң эле ичке
берилет.
Килемчиликте «кочкор мүйүз» («кочкорек», «кайкалак») бир эле табакчаланган
көчөттөрдүн төрт жеринен «кочкор мүйүз», «кочкорек», «кайкалак» ич ара жупташа
чыга келет. Мунун татаал элементтери бар. Эки «кочкор мүйүз» же «жарым кочкор
мүйүз» тутумдашат. «Кош мүйүз кайкалак», «илмек кайкалак», «кайкалак» — булар
бири-биринен айырмалана алат. Бир табакчада ичке төрт «илмек кайкалак» болот.
Уздар килем үчүн «омуртка көчөтүн» арбын пайдаланышат. Анын ортосу таңдай
саймадай төрт бурчтанып, чакмак сызыктанып кетет. «Омуртка көчөтү» мына
ушундай жагдайдан келип чыкканы туюлуп турат. Мунун төрт бурч эң майда
элементтери бар. «Жылдыз көчөтүн» сегиз үч бурч түзөт. Мындайынан алып
караганда анын ар бири «бычак учу» болуп көрүнөт. Анын тегерегине «суу» түшөт
да, өзүнчө кадимкидей жылдыз сыяктуу көрүнөт. Бул таарга, кездемеге түшкөн
«тогуз дөбөгө» окшошуп кетет.
Килем бетиндеги «тай туяк» көчөтү таар буюмдарына түшкөн ушул түрдөн
айырмаланбайт. Бирок, көркөмдүктүн аяк-башы «карга тырмак» өңдөнүп кетет.
Килем бетине сегиз элементтен «тогуз дөбө көчөтү» берилет. «Тайлак таманда» сегиз үч бурчтук тайлактын кадимки таманы сымал төрт
тарабынан чыгат.
Адатта, уздар көчөттү айлана-чөйрөдөн алаары түшүнүктүү. Мында «чыт
көчөтүн» кездеме бетине түшүргөнү белгилүү. Анткени, анда чыттарга түшкөн
ирээтсиз кооздуктар орун алат. Анын аяк-башында «кош мүйүз көчөтү» бар. «Орус
көчөтү» да кайдан келгенинин өзү эле айтууда. Көчөт элементтери жоонураак
берилгени болбосо элдик «кайкалак көчөтүнө» окшошуп кетет. Кийинчерээк
таасирленүү аркылуу бул орус элинин туштук (панно) сайма, түймө өңдүү
буюмдарынан алынганы туюлат. Мында төрт бурчтуктан төрт кайкалак орун алат.
«Кыңыр моюн көчөт» четтери «араа тиш» (бычак учу) болуп көрүнөт. «Пашайы
көчөт» болсо төрт бурчтуктун ичи-сыртынан «араа тиш» (бычак учу) сымалданган
түрлөр түшөт. Ал болжолдо буюмдун борборуна: ортолугуна табакча табакчаланып
кетет. Анын минтип, төрт чарчы келип, эки капталында сөйкөнүкүндөй иймеги бар
көчөт элементи түшкөн түрү да кездешет. «Калкан көчөтү» килемчиликке мүнөздүү
келет. Бул төрт чарчы келип, анын ичинде төрт жеринде «ала мончогу» болот. Ичи
такта-такта болуп көрүнөт. «Чаян» — «чаян куйрук» көчөттөрү кудум «беш
кештедегидей» сезилет.
Татаал көчөттөрдүн бири килемчиликке «Кытай шак» болуп саналат. Болжолдо,
уздар Кытай элдик оюм-чийимдеринен көчүргөнү баамдалат. Оң жана сол жагында
ар кыл, анча деле көркөмдүгү жок сегизден он алты элемент бутактанып турат.
«Кош мүйүз», адатта, мунун төрт бурчтукка берилүүчү төрт элементтери бүкүрөйүп
кетет да, өрмөк буюмдарында да мына ушул түр арбын кездешет. Кош мүйүздүн
бири-бирине түшкөн бөлөк түрлөрү бар.
«Пашайы көчөтүн» — бүгүн килемчилер буюмдарына арбын пайдаланышат.
Анын эки түрү бар. Биринчиси, төрт чарчы крест формасында түшөт да, ичтери
тегерекчелер аркылуу толтурулат. Анын ортолорунан төрт үч бурчтук бөлүп турат.
Көчөттүн экинчи түрү жыбырчык көрүнөт. Мунун биринчи түрүн уздар арбын
колдонууда. Мындан сырткары килем буюмдарынын бетинде «кара калпак көчөтү»
(коңшулаш элдин үлгүлөрүнөн алынган), «туткуч» кадимки эле туткучтун өзүн
көчүрүү сыяктуу көчөттөрдү түшүрүү салттары азыр кенен жайылып баратат.
Кажары (букары) таарындагы «багжай» көчөтү так ошондой эле килемде да четтик
көчөт катары килемчилер таасын түшүрүүдө. Мындан сырткары «кабырга көчөтү»
кездешет. Ал төрт чарчы элементтен үч бурч курактай түшөт. Төө өркөчтөнүп,
«толкун» болуп көрүнөт да, бул «арабы килемде» негизги көчөт болуп, курактай
билинет. Мындай бөтөнчөлүктөрдү биз Түштүк Кыргызстандын килем токууга
аябай куштар аймактары: Лейлек, Баткен, Ноокат, Алай, Өзгөн тараптарынан даана
баамдай алабыз.
КИЛЕМ БОЕО — элдик килемчиликтеги түс берүүчү ыкма. Кызыл, кочкул кызыл,
сөзсүз көк өң менен өңдөшөт. Ошол көк — карага да, кара — кызылга да жупташат.
Буюмдун «ала мончогунда» ак, кара, сары өңдөр бири-бири менен айкалышат. Ал
эми жашыл өң кызыл, көк кара өңдөр менен анча коошо бербейт. Илгери уздар
өсүмдүктөрдүн тамырынан жана шактарынан атайын боек даярдап алышкан.
Албетте, жүндү боео аны керектүү ыраңга келтирүү машакаттуу келет. Жергиликтүү
өсүмдүктөрдүн тамырынын (ышкын, чөөл, боёо, чүкүрү ж.б. ) же кабыктардан (анар,
жапайы тал, карагай ж.б. ) даана кирүүчү боёктор даярдалган. Мисалы, анардын
кабыгы менен кермектин тамырын кошуп жанчып, ага сапардын гүлүн кошсо
сапсары боек келип чыккан. Ышкын түп менен чүкүрүнүн жалбырагынан чыккан
боек көк түспөлдө болот. Чыны жана бөрү карагаттын мөмөсүн жаңгактын көк
кезиндеги кабыгына аралаштырса, жашыл өңгө айланат.
КОМУЗ — Чебердин тийсе кол учу, Чер жазган мукам добушу, Чертилип келдиң,
байыртан, Чечен тил кыргыз комузу. (Байдылда.)
Бул — ак калпак кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы.
Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана
мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат. Комуз чабууга чеберлердин көмүркөйүндө
көбүнчө керки, бычак, ийги, үшкү, түрпү, өгөө өңдүү жөнөкөй куралдары болот.
Мүмкүн катар сууга кайнатылып, сары суусу, чайыры чыккан жана ыштатылган
жыгач бек да, добуштуу да болот. Аспап ар кандай формада чабылып, анын моюну
ичкерип кетет. Комуздун жалпы узундугу болжолдо 75 смдей келет. Комуз башы,
тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги (тээги), үч кулагы (өрүктөн,
арчадан, мүйүздөн), анан үч кылдан турат.
Жалпы түспөлү көрүнгөн комуздун эми ичин оюу керек. Аны ченөө үчүн өзүнчө
үлгүсү «искенени» (бул да жыгач устанын жалпак, бир башы курч куралы)
колдонулат. Элдик аспаптын жалпы бетине капкактык жука тактай жабылат.
Мындан кийин моюн чыгарып, эми үч кулакты тагууга да ченебегендей чеберчилик
зарыл.
Комуз тээги тыкан коюлуп, кылын керип тагаары менен «кылдар» добуш берет.
Кыргыз ССР Театрлар коомунун өнөрканасынын комуз
жасоо бөлүмүндө бир метрден ашуун «эмендин» кесиндисинин сыртын сыйдалап
сүрүп, аны комуз «үлгүсүнө» коюп, карандаш менен чиет. Анан колго жазылыгы
сегиз гана мм келген «змейка» деген кичине араа аркылуу айланта араалап чыгат.
Мында чеберлер комуздун үн тембрин таба билишет. Негизги үндү комузда
капкактын ичи, айрыкча, тээктин алды берет. Аспап кооз, колго кармоого эптүү,
сыпаа болушуна көңүл бурулат. Бир колдон биротоло чыгарылып жаткан үндүү
аспаптын урунттулуктуу болушуна да назар ташталат.
Комуздун жаны — жыгач жана кыл. Жыгачка кыл кайыш менен мыксыз
тартылбайт. Аспап капкагы желимделет. Азыр ошол өнөрканадан жасалып жаткан
комуз лак, же палитура менен жалтырайт да, кылы үчүн жасалма тарамыш (жилька)
колдонулууда. Мунун чарасынын жана көөдөнүнүн өлчөмү да, калыңдыгы да бирдей
болуп турат. Андан соң жыгачтын жик-жик сызыктарынын аралыктары жарыш
жатат.
Комуз бетинин жиги ушундай сызык-сызык түз келиши — үндү бийик өткөрүүчү
касиетке эгедер. Үн ар кандай таралат. Боз үй коолдоп үндү өткөзөт. Эмеректүү үй
үндү өзүнө жутат. Ээн үйдө кош жаңырык болоору шексиз. Айталаада үн чар тарапка
кетет. Жыгач жиктери кыйшык болсо, үндүн толкуну такалары бышык.
Кеп комуздун көлөмүндө эмес, жыгачтын касиетин жакшылап билүүдө.
Комуз чабууда абалы анын жыгачы тандалат деп айттык. Демек, жарыш түз
сызыктары жыш чыгып, үндүү келет. Эгер жыгачтын жарыш сызыгынын аралыгы
кең көрүнсө, анын артын этият жонуп, жукартуунун зарылдыгы бар.
Айрым усталар өрүк жыгачын декабрь айларынын ортосунда (кыргызча
айтканда «Токсон түшкөндө») кыят. Мында өрүк жыгачы боюна тартып, өсүшүн
токтотуп турган учуру болот. Узанган учурда да, пайдаланган кезде да ал жыгач
жарылып кетпейт. Анын кабыктарын аарчып, сомдоп, жерди чуңкурча казып, ага
суук түшкөн чактагы ат тезегин салат. Ошого жыгачты көөмп, үстүнө тезекти төгө
берет. Ал бир кезде өзүнчө бууланып түтөп, комуздун ширесин тартат. Жыгач жазга
дейре жатып, ойдогудай кургайт. Муну да чабылуучу ээрдей, «каныктырыш» үчүн
солидол шыбап, ошол бойдон шамал тийбес жайда бир жыл жатат. Ошондон кийин
чебер чаба баштайт.
Эгерде тоо карагайы болбосо Сибирь карагайынын чайыры жогун тандап,
ошондон комузга капкак даярдоого да болот.
Азыр элдик үндүү аспаптын ата башы ушул комуз болгондуктан, муну жасоо
тууралуу чеберлердин арасында да ар кандай пикирлер бар. Деген менен алардын
кармаган аспаптарынын устакерчилиги бирдей эмес. Чоркок усталар ондой турган
нерсени сомдоп коюшу да ыктымал. Өнөр боюна ырды да, ыйды да, үшкүрүк менен
муңду да топтоп, адамзаттын кайгысы жана кубанычынан куралган күүнүн добушу
Ала-Тоосу, ак калпагы менен көкөлөп жаткан доордо торгой тил комуздун сапаттуу
жасалышына ар бир адам күйөрман. Таамай айткандай, муну «чечен тилин» даана
тапкандар азыр жергеде аз. Анткени, комузчунун өзү комуз уста болгон. Аспапты
жасоо үчүн өнөрпоздун угуму, добушту ажырата алышы, жердигин тандай билиши
бөтөнчө бааланат. (Тоо булбулу Токтогулдан тартып Кара Молдо Орозов, Ыбрай
Туманов, Чалагыз Ыйманкулов сыяктуулар комузду өзүлөрү чаап алышкан.
Аспабынын ички сырларын өзүлөрү гана билип, бирөөлөргө карматпай, кыраан
шумкардай таптап, кол тийгиздирбей асырап жүрүшкөндүктөн алардын комузунун
тили «буудай кууруп туруучу».) Бул аспап чакан болгон. Ат үстүндө, чепкен ичинде
колтукка катып жүрүүгө шартташкан. (Мисалы, Токомдун комузунун узундугу
алтымыш үч гана см келип, төрт дубан элде шаңшыган.)
Комуз өзүнүн формасы менен бирге үнү да сыбызгып, назик келип, адамдын
сезимин ойготуп, жүрөгүн кытыгылагандай болот. Башка жыгачтарга караганда
өрүктөн чабылган комуз нарктуу. «Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн
кыл». Табы менен жакшы кургатылып чабылган, карагайдын тармалынан капкак
жабылган, кара койдун ичегисинен өтө жоон эмес, өтө ичке эмес, орто кыл тагылган
өрүк комуз дуулдап, үндүү да, чечен да келет.
Мурунку чеберлер комузга капкакты көрүнгөн эле карагайдан жасай беришпей,
адырга, кайкыга, белеске, тумшукка, шамалдуу жерге өсүп, аягы бойдон кургаган
карагайлардан жасашчу.
Комуз чабууда өрүк жыгачынын чайырын чыгаруу үчүн сууга кайнатып эле арыбери чаба салууга түк болбойт. Өрүк комузду чапкандан кийин аны кызартуу үчүн
акиташ менен аябай сүртө шыбап же пахтанын майы менен чылпылдата майлап
таштаган чеберлер да бар. Мында комуз өз үнүн жоготкону байкалат.
Айрымдары өрүктүн жыгачын туш келди мезгилде эле кыя бербейт. Аны боюнан
суу качып калган мезгилде, боюна суу тарай элек мезгилде кырка турган. Аны кыкка
көөмп, анын чайырын алып, сомдоп туруп, белгилүү бир температурада коюп
кургатуу керек. Комузду жакшы чапкан чеберлер мыкты комузчулардын алыска
учаар канаты болгон. Анткени менен жеке эле комуз эмес, башка үндүү аспаптар:
кыл кыяк жасап тартуучулар, темир комуз жасап каккандар, чоор жасап, анда
ойноочулар, азыр абдан азайып кетти. Бул өкүнүчтүү абалды түзөт. Кылымданкылымды басып, белден-белди ашып, ата-бабаларыбыз колдонуп жана пайдаланып
келген аваздык аспаптарыбызды өзүнүн үнү менен сактап, улам кийинки
муундарыбызга өткөрүп берүүбүз күн тартибиндеги маанилүү милдеттерден.
Жакшы кургатылбаган комуз бир жылга жетпей ийрейип-мыйрайып алдын
карай ийилип, же артын карай чалкалап кетет. Ошондой эле аны жакшы кургатпай
капкактоого да болбойт. Бул аспапты түбөлүктүү кылыш үчүн анын үнүн, тембрин,
колоритин, ыргактуулугун, элпектигин сактап калышыбыз керек. Чындыгында аны
иш жүзүнө ашыруу өтө татаал процесс. Мындай болуунун көп калыс да, жекече да
себептери бар.
Жыгачтан мукам үн чыгарып жаткан кыл кокусунан үзүлүп калса, аны бирибирине улаштырып койсок, анда комуздан эч кандай аваздык добуш чыкпайт.
Илгерки айрым комузчулар өз комуздарына кысыркалды кыргыз коюнун же
аркардын ичегисинен кыл ийрип тагышкан. Ал кылды бат-бат алмаштырып
турушкан. Себеби, кыл бир аз түлөгөндөн кийин аваздык так үн бербей калат.
Тикенек оттобогон кылчык жүндүү койду соеру менен муздак сууга салган
ичегисин сыдыргы менен тазалап, аны оңго ийрип, анан керип кургаткан. Азыркы
комуздардын кылдары дээрлик «леска» деген балык кармоо үчүн жасалган нерсе
аваздык мааниге анча ээ эмес. Атактуу комузчуларыбыздан тартып балдарга чейин
ушул «леска» кылын чертет. Анын үстүнө айрым жерлерде кылчык жүндүү кыргыз
коюн табыш да кыйындоодо.
Бирок, буга «лесканын» бардык эле түрү жарабайт. Анын өңү берки лескалардан
айырмаланып, ак түстө болуп, кол менен кармаганда жумшак сезилип, андан
кыйчылдаган үн чыгат. Туура кесилиш аянты 0,25 мм, бул лесканы үч каттап
комуздун кулагынын тешигинен өткөзүп, учун катуу түйүп, экинчи учун дагы
ошондой түйүп, карандашты кылдын илмегине киргизип, аны толгоп чыйратабыз.
Анан комуздун кайышына бекитебиз. Үч кыл тең ошондой тагылып, кыл быдырлуу
болуп, кооз көрүнүп калат. Анын антип быдырлуу болушу кошумча тондорду (үндү)
чыгарууга жөндөмдүү касиет берет. Физиканын тили менен айтканда
«обертондорду» пайда кылат. Мындай кылдарда эч кандай фальш болбойт. Мисалы,
дистирленген таза суу организмге жакпаган сыяктуу, таза аваздык үн дагы угуу
сезимине терс таасирин тийгизээри билинет. Эгер «ЛЯ» — 440 г. камертонун үч
минута тынбай уксак, анда башыбыздын айланганын сезебиз. Ошондуктан бир кат
жылмакай леска эч качан уккулуктуу тембр бере албайт. Анткени, анда
обертондордук жагдайлар өтө аз.
Өрүк жыгачынын ичинен да абдан жакшы үн берүүчү өрүктү тандай билүүбүз
керек. Кээ бир чеберлер мисалы, ноябрь, декабрь айларында өрүктү кыйып, аны
келерки күзгө чейин кой короодогу кыкка көөмп ташташат. Ошондо өзүнчө ысып
жатып, сары суусу, чайыры чыгат да, жаткан жеринде кургап калат. Анын капкагы
үчүн карагайды керектешет. Буга бака теректин бутагы жок жылмакайынан
пайдаланса да болот.
Мында комуздун узундугу орто каршы аркылуу өлчөгөндө төрт-төрт жарым
(70—75 см) келет. Ошондо чарасын карыш кылат. Комуз кылынын ичегиси жоон
ийрилсе, долдурак үн чыгат. Ичке ичеги кыл чыңкылдап калат.
Илгерки кыргыз комузу көбүнчө боз үйдүн ичинде чертилүүчү. Ырчылар аны
менен ат үстүндө жар чакырган. Ошондо комуздун үнү өз чөйрөсүндө жакшы милдет
аткарган.
Кийин чоң залдарда мунун үнүн кантип жогорулатуу милдети келип чыкты.
Жыгачты тандап, аны чаап, кайрадан ойлонуп, утуру чаап коюп, айрым усталар
жекече байкоолорун жүргүзүүдө.
Экиден кылды түгөйлөп тагып, алты кылдуу комуз чыгаргандар да бар. Анда
алты кулакты тең бурап туруу керек. Мунун чарасы кенен, көөдөнү терең. Моюну
болсо ажырама келип, бул алып жүрүүгө оңтойлуу жана жеңил көрүнөт да, кылды
жогору көтөрүшкө, же төмөндөтүшкө да зарыл.
Улам жекече байкоолордун жемиштүү натыйжасында кылдары ичегиден электро
комуз жасаган чеберлер да бар. Аны «эки тембрлүү комуз» деп атайбыз. Бул
чыгарылган элдик аспаптын артыкчылыгы:
— биринчиден, мында алты тембр (мукам үн) бар;
— экинчиден, биринчи тембри боюнча атактуу комузчулардын залкар күүлөрү
дал өзүндөй чертиле алат. Экинчи тембри менен чертме күүлөрү чертилет.
Үчүнчү тембри менен шаңдуу күүлөрдү чертүүгө болот.
Төртүнчүсү — аккордеонго көп үндүүлөр үчүн да бул өтө керек. Айрымдар
мындай комуздун капкагын пластмассадан кылат да, ал черткен убакта тактай
бетиндей тарсылдап кетпейт.
Өрүктүн өзүнө соода кошуп, сууга кайнатса, андагы составдык бөлүктөрү бөлүнүп
чыгарылып, жыгачтын өзүн тазартат. Ал дагы экинчи кайнатууну талап кылат.
Ошондо аны акиташтын суусуна кайнатуу зарыл.
Комузга чабыла турган жыгачтардын төрт тарабы (чыгыш, батыш, түндүк,
түштүк) болот. Себеби, түштүк тараптын жылдык өсүш катмары жыш сыяктуу
көрүнөт. Муну батыш-чыгыш ыңгайы боюнча гана жарыш керек. Ошол түштүк тарап
бөлүмүнүн жарыш сызыктары майда келип, үндү мыкты берет. Ушундан улам
жиктери түз жарыш кеткен жыгачтар комуз үчүн тандалат. Бул ачык үн берип,
комуздун тулкусунун резонансын — термелүүсүн күчөтөт. Ал эми комуздун
моюнунун жиги да дал ошондой болушу керек. Мында аспапты туюк чаппообуз
тийиш.
Комуздун бардык тулкусунун түз сызыктары жарыш, жыш жана жиктүү болушу
баарынан зарыл. Мунун капкагы болсо карагайдын түрлөрүнөн тандалат. Баарынан
буга «Тянь-Шань карагайы» жакшы болот. Анткени, анын чайыры аз, резонансы —
термелүүсү өтө күчтүү келет. Алардын көбү кыранда, таштак жайда өсөт да, аны
«мары карагай» деп аташат. Ал урунууга андан бетер чыдамдуу келип, черткенде
комуз капкагы башкалардай түлөп кетпейт.
Мунун жарыш сызыктары менен бирге туура кеткен билинер-билинбес майда
сызыктары да көрүнүп, ошол аваздык үндү ойдогудай берүүгө шарт түзөт. Үнүнүн
талаптагыдай чыгуусун текшерүү үчүн айрым усталардын атайын аспаптары бар.
Бул калып-аспап резонансы — термелүүсү күчтүү жыгачтарды тандоого колдонулат.
Ошентип, бир топ бөлүктөрдөн турган комузду эми желимдөө керек. Желимди
колдонуунун да өзгөчөлүктөрү билинет. Желимдөө учурунда мунун да мерчемдүү
өлчөмүн чебер билүүсү тийиш. Эгер ботала кылып желимдесең, анда жыгачтын
термелүүсүнө ал өзүнүн залалын сөзсүз келтирет.
Аваздык аспаптарга темирди түк жолотпоо керек.
Желимдин да ар кандай түрлөрү бар. Илгери муну колдо жасай турган. Мүйүздөн
да желим болот. Чеберлер айрандан да, сүттөн да желим чыгарган. Арык малдын
этине, туягына талпак өңдүүлөрдү кошуп, бир кайнатып, илээшме желим жасашкан.
Жыгачтардын чайырлары да желим катары колдонулган.
Азыр «Мездробный» деген жыгач желими керектелет. Аны кайнатуунун да табын
билүүбүз тийиш. Буга эски талпакты, мүйүздү, туякты аралаштырып, аябай
кайнатуу менен желим кылып алышат. Комуз бөлүктөрүн бири-бири менен аштап
кыноодо албетте өтө кылдаттык талап кылынат.
Комуздун чарасы см менен өлчөнүп, ал үчкө бөлүнөт.
Мунун туптуура үчтөн бир бөлүгүндө комуздун тепкеги турушу керек. Ал эми
үчтөн эки бөлүгүндөгү чекитте комуздун тешиги — капкактагы көзөнөгү келет.
Тепкектен баштап моюн босогого чейинки (кыл өткөн жери) аралыкты комуздун
жумушчу бөлүгү деп атайт. Бул да өзүнчө мыйзам ченемдүүлүктү сактаган касиетке
ээ. Демек, мындан комуздун моюну узун, же кыска деген пикирлер тууйт. Мунун да
өзүнүн жекече белгиси көрүнөт. Ушундай комуздун жумушчу бөлүгү аваздык нота
боюнча алганда 19 бареке (ладка) барабар. Ошондо гана аваздык мыйзам туура
сакталат.
Комузду көп өчөйтпөй, бир градуска (1° ка) жакын, тактап айтканда, жети мм
кайкалап туруусу зарыл. Бул жолжобону сактаган чакта аспаптын жыгачы 50
процент үнөмдөлөт. Комуздун чарасынын капталдары кийинчерээк ийрейип,
баштапкы абалын жоготпосу үчүн атайын аны калыпка салып, белгилүү градуста
ысытылып, ал ойдогудай ийилип кургатылат.
Айрым чеберлер өрүк жыгачын чилде айларында кыят. Мында чеберлер
айткандай, өсүмдүктүн өзөгүнүн суусу качкан, жылуулукту араң сактаган, ал
кургатууга жана жарууга ыңгайлуу абалда болуп турган учуру.
Дегинкиси жыгачты башка мезгилдерде кыюуга түк жарабайт. Анда балта тиери
менен жыгач нуксуз бүт жарылып, ал буралып түшүп калат. Кыйылган ошол өрүктү
салкын жайга тигинен тургузуп коет. Бул «табигый кургатуу» деп аталат.
Үч-төрт айдан соң анын өзөгүнүн тең ортосунан дааналап жарат да, өзөк бетин
жана сырткы бетин этиеттеп чаап алат. Ушундан кийин комуздун өз үлгүсүнө салып,
жалпы түзөлүшүнө келтирет. Аспаптын чарасына керектүү калыңдыктан өйдө
өлчөмдө ашык калтырып коюп, эми ичин оюп кирет. Ушул абалында дагы үч-төрт
айча көлөкө жайга коюп кургатат. Ошондон кийин гана комузду таккесе чаап
бүткөрүүгө болобу, жыгачтын нымдуулугу кандай, же дагы кое турабызбы, мунун
өлчөмүн усталар өздөрү айкындайт.
Өрүк жыгачы табына таасын келген тапта комуздун моюнун, сырткы түзүлүшүн
өз кейпине келтире башташат. Демек, сырткы-ички жактары толук бүткөндөн кийин
комуз кулагын жана тээгин коет, кайышын тартып, Лад (кылды көтөрүп туруучу
жоондугу ширеңкенин чийиндей, узундугу анын жарымындай — 2,5 смдей неме, ал
үч кулактын алдында болот) коюлат.
Комуз капкагына Тянь-Шань карагайынан («мари карагай»), Чоң-Кеминдин БашКайыңдысындагы, Жети-Өгүздүн Чоң-Жаргылчагынын башындагы көп жылдар бою
өскөн, өтө жоон, карт (80—90—100 см) карагайлар ойдогудай капкак боло алат.
Алардын дагы бутагы жогу, шоолдоп түз өскөн жери керектелет.
Мында чебер жыгачтын узундугун элүү смдей кем эмес кылып араалайт.
Бутактарын жайланышканына карата уюлдан жарылган таза жерин бөлүп алат. Аны
кайрадан кадимки тактай сыяктуу сүртүүбүз тийиш. Капкактын калыңдыгын бешалты мм кылып, кыры менен тилет да, аны табигый кургатууга коет. Капкакты
комуздун тулкусуна жабыштыруу үчүн бүгүн жыгач (столярдык) желимди колдонуп
жатат.
Илгерки бул аспаптын бети көбүнчө айнек же бычак менен кырылуучу, тоң
майды жука сүртүүчү. Эми болсо шлифовка (сыртын жылмалоо) берет да, анан үнүн
текшерет. Өрүк комузду лактабоо зарыл. Лакты ал жакшы кабыл албайт.
Айрымдар чапкан аспаптарынын көөдөнүн-көкүрөгүн кененирээк алат да, ал
кандайдыр үндүү чыгат. Мына ушундай бөтөнчөлүктөрдөн улам ага кардар
адамдардын эч кандай дооматы болбойт. Коомдук комуз өнөрканаларында шарттын
болбогондугунун натыйжасында, адатта аспаптын жердиги ойдогудай эмес. Бүгүн
үндүү аспаптык материалдар базарларга аз түшөт. Алардан деле талаптагыдай
аспапты чаба албайсың. Ошол колдо бар жыгачтардан кармалган комуз, албетте, биз
ойлогондой жарала албайт.
Комуз капкагы үчүн берилген карагайлар чирик, бутактуу, мындайча айтканда,
отундук жыгачтар болуп саналат. Келип жаткан бук жыгачынын калыңдыгы эле
беш см көрүнөт. Чеберлердин кээде сегиз-тогуз см букту иштетүүлөрү материалды
ашык чыгымдоого учуратат. Демек, ал жердик өзүн-өзү актай албай калат. Арийне,
мындай өксүктөр элдик үндүү аспаптын кендирин кесет.
Комуздун тилин табууда — жердик (жыгач), уста, комузчу — үчөө бириксе гана
аспаптын таасын үнүн таба алышат. Мындайча айтканда, эки комузчу, эки уста —
төртөө өнөктөш отуруп, бирөө чертип берсе, бирөө байкап, кемчиликтерин устага
айтып туруусу зарыл. Андыктан республикада атайын көркөм байкоо өнөрканасы
болуусу тийиш.
Ошондой эле кыргыз чеберлери союздагы жашаган элдердин улуттук үндүү
аспаптарынын жердигин байкап чыгуулары зарыл.
Комуз жасоодо бир эле жыгачты же форманы эмес, ар түрдүү жыгачтарды жана
форманы тандап, ага карата изилдөө-иликтөө иштерин жүргүзүү максатка
ылайыкташат.
Комузду эл кадырлап чертет, муундан муундарга чейин чертиле бермекчи.
Бирок, азыр элге тарап жаткан комуздардын ондон биринде, же жүздөн үчөөндө гана
нак комуздук касиет бар. Кыл ордуна «жилка» тагылгандыктан, үнүндө, тилинде
анча тактыгы жок. Бул кимдир бирөөнүн ышкысын өзүнө буруу эле эмес, кайра анын
көңүлүн суутуп таштайт.
Кылдын үнүн жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билүү үчүн айрым
чеберлер байкоо жүргүзүшүүдө. Атайын кылдуу аспаптар үчүн «капрон», «нейлон»
сыяктуу сапаттуу жана үндүү кылдар бар. Ошондон комузга ылайык жоондукта кыл
кылгандар бар. Демек, кадимки кылга ичеги капрон, нейлон же жибек жиптеринен
бир аз кошуп синтездешүүдө. Анда жалгыз ичеги берген үндөн да бийигирээк,
тазараак, угумдуураак, сапаттуураак үн пайда болот.
Бут кийимдер цехтериндеги жибек же капрон жиптерин алып, тийиштүү
жоондукта каттап чыйратып, (ийикке салып ийирет), комузга тагып чертсе,
«жилкага» караганда үнү жумшак да, так да угумдуу да болоорун баамдаган усталар
жана комузчулар жолугат.
Албетте, кыл менен тээк эриш-аркак. Бирок, кылы ичегиден жасалган
комуздарда тээк анча көп жылышып кетпейт. Ал эми жылбышууга ийкем келип,
тээктин жылып кетүүсүнө кайсы бир деңгээлде түрткү болот. Комузду жасоодо
капкактан чыгып тургандай 1 —1,5 мм дм деги катуу нерсени (мисалы,
пластмассаны) тээк келүүчү жерде капкакка киргизе чаптап, бекитип койсо да
жарайт. Мында тээк өзү бош болуу менен алдыга жылып кетпейт.
Тээк адатта, өрүк менен дубдан жасалуусу тийиш. Эгер жарылбай турган катуу
жыгач табылбаса, пластмассадан жасап коет.
Дүкөнгө чыккан комуздардын кулактары жыл айланып айланбай жешилип,
токтобой калат. Мында кулактары да, кулак бекитилүүчү тешиктери да түптүз.
Демек, кулактын түп жагы саал жоонураак тартып, уч жагы бир аз ичкерүү менен
көзөнөкчөлөрү да ошого карата конус формасында жасалышы керек.
Конустук ичкерүү жана таруу бир, бир жарым мм дей гана айырмада болот.
Ушундай учурда буроодон улам шыкалып, кулак кылды жандырып жибербей, бекем
кармайт.
Айткандай, комуздун татаалдыгын, артыкчылыгын, сонундугун, чертилишин
(позициясын) беренесин так таба билүү керек. Бул:
— биринчиден, үндүк туюмдун күчтүүлүгүн айгинелейт;
— экинчиден, үйрөнчүктөрдү, жаш комузчуларды ошого тарбиялайт.
Ошондуктан, үйрөнчүктөргө жеңил болсун үчүн ички бөлүгүн конструкциялоо
ылайык.
Комуз башынын ички көңдөйүнө, же асты жагына, болбосо аркасына сайлуу
тетиктер орнотулуп, кулактардын буралышы ошолор аркылуу кыймылга келсе,
(мисалы, гитара, домбралардыкы сыяктуу) ошондо алдына чыгып жанып кеткен
кылды күүлөп, кулакка түкүрүп туруу зарылчылыгы болбой калат. Үйрөнчүк
комузчуларга жеңилдик болушу үчүн экинчи чертилиштин ортону, төртүнчүнүн
сөөмөйү, бешинчинин ортону келе турган мерчемдүү гана үч жерге кичинекей седеп
шакекчелери чөгөрүлүп коюлса, жетишээрлик болот.
Комузду жасоодой эле аны сактоо жана урунуу күлүктү таптаган саяпкерге, куш
асыраган мүнүшкөргө барабар. Аны кургак жайда ыйык катары тутуубуз тийиш.
Комузду чалкасынан же көмкөрөсүнөн жаткызбайт. Ал жүккө, дубалга жөлөнөт.
Башынан, кулагынан алып, мыкка илип койбош керек.
Эки жакка чыкканда жылаңач алып жүрбөй, анын комуз кабы болушу зарыл.
Экинчиден, комуздун мойну көөдөнгө кирген бөлүгүнүн аркасына (шилисине)
тогоо бекитип, чачыланган жиптен боо тагылат. Комуз кабына салынбай турганда
дал ошол илгичтен үйдүн көрүнүктүү жерине мыкка илинет.
Үчүнчүдөн, комуз менен көркөм тигилген комуз каптарын кошо жасатып, аны
комузга кошуп камдоо зарыл.
«Кыргыз музыкасынын тарыхы узак мезгилди камтыйт. Тан (династиясы)
доорунда Батыш өлкөлөрдүн (Орто Азия, Түркстан) жана түндүктөгү уруулардын
музыкасы «хуме» (Хулардын музыкасы) деп аталган. Кыргыздардын музыкасы анын
бир бөлүгүнө таандык. Тан (династиясы) доорундагы хан сарайында ойнолуучу он
түрдүү музыканын үчөө Синьцзяндыкы (Түркстандыкы). Бул үч музыкага: «Гаоган
юе (?)», «Цюцы юе(?)», «Шули Юе (?)» кирет. Кыргыз музыкасы — «Гаочан юе»
музыкасынын бир бөлүгү. Синьцзяндагы Турфан шаарынын батышындагы «Чжао ха
чун гае чан» (?) өрөөнүнөн IX кылымдын башталышына таандык байыркы бир сүрөт
табылган. Сүрөттөгү кичине бала чертип жаткан аспап — кыргыздардын комузу.
(«Жэнь мэн ин юе чубаньше» — «Эл музыкасы басмасы» чыгарган «Майда
улуттардын музыкалык аспаптары жана жекече ойнолгон салттуу күүлөрдүн
жыйнагы» деген китепти караңыз.) Комуз «муцин» — «жыгач комуз» деп да аталат.
Комуз бүтүндөй жыгачтан жасалып, ага тагылган үч кылды кагуу аркылуу үн
чыгарылат. Ал кыргыз элинин эң байыркы жана кеңири тараган музыкалык
аспабы... Байыркы заманда эле (комуз) башка улуттар жашаган аймактарда, ал түгүл,
чет элдерге да тараган. Тан (династиясы) доорунда кыргыз эли Тан падышасына
белек катары бир комуз беришкен. Кийин, Тан падышасы ал комузду япондорго
сыйлык катары тартуулаган. («Бүгүнкү Китай авторлору байыркы кыргыздар
жөнүндө») Илим. далил жана божомол («Кыргызстан маданияты», 23-июль 1987жыл.).
Айрым аваздык чеберлер комуз чабууда өрүк кыйып, ал элешем кургаганда
(орточо кургаганда) сомдойт. Ичин оюп коет. Аны солидол же алиф менен майлап,
көлөкө жерге таштап койсо 20—30 күндө жыгач ойдогудай кургайт. Комуз капкагы
үчүн башкалардай эле жергиликтүү карагайларды пайдаланат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.