Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11

Total number of words is 3631
Total number of unique words is 1863
21.4 of words are in the 2000 most common words
30.7 of words are in the 5000 most common words
37.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Көркөм кол өнөрчүлүк — усталардын, уздардын, зергерлердин асем буюмдарды
жаратуучу кесиби. Ал улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, элибиздин тарыхый
эстелиги, калк казнасы, атадан — балага, энеден — кызга өткөн мурас. Кыргыз кол
өнөрчүлүгүнүн башаты тереңден башталып, буюмдардын кандай жердиктен
жасалгасына, жасоо ыкмаларына жараша бир нечеге бөлүнүп кетет. Анын
оймочулук, саймачылык, килем токуучулук, өрмөк согуучулук, бычып-тигүүчүлүк,
чий чырмоочулук, ат жабдыктары үчүн өрмөчүлүк менен кайыкчылык, териге ар
кандай наар түшүрүүчүлүк, зергерчилик, мүйүзчүлүк, жыгаччылык өңдүү түрлөрү
бар. Андан тышкары жип-шуу эшүүчүлүк, түймөчүлүк, метилеп таш чегип, тегирмен,
жаргылчак жасоочулук жана боекчулук да элибизде аябай күчтүү өнүккөн.
Өнөрлөрдүн башка түрлөрүндөй эле көркөм кол өнөрчүлүк да партия менен
өкмөтүбүздүн аталык камкордугуна бөлөнгөн. Көркөм мурастын кечээкиден
бүгүнкүсү кызык, азыркыдан эртеңкиси укмуш. Анткени, анын ар тараптан өсүпөнүгүшүнө, кеңири кулач жайышына, арымдуу кадам шилтешине шарт түзүлүүдө.
Азыркы кезде элдик өнөрпоздордун чыгармачылыгы мурун болуп көрбөгөндөй
өсүүдө.
Бүгүн кыргыз элдик кол өнөрчүлүгү эки багытта өсүп-өнүгүүдө. Биринчиден, ар
бир айылда, үйдө кооз буюмдар жасалууда. Чеберлер адатта илгертеден келе жаткан
элдик ыкмаларды колдоп, андан ары өнүктүрүүгө өз үлүштөрүн кошууда.
Экинчиден, эл ичиндеги ошондой чеберлерди топтоштуруунун негизинде жержерлерде бирикмелер уюшулууда. Мисалы, Бишкек шаарында «Кыял», Ошто
«Мурас», Таласта «Шумкар» бирикмелери иштеп, алардын Тоңдо, Балыкчыда,
Кочкордо, Нарында, Өзгөндө, Кара-Кулжада, Кадамжайда, Алайда ири филиалдары
бар. Аталган көркөм өнөрканалардан кооз буюмдар, сувенирлер элге тартууланууда.
Азыркы кезде колунан көөрү төгүлгөн усталар суюлуп баратат. Алардын
шакирттери да аз. Биз алардын калтырган издерин айыл ичинде сакталып калган
аруу буюмдарын гана көрүп: «Баланча зергердин колунан чыккан тура!» — деп
тааныйбыз. Ошондуктан үзүлбөй келе жаткан бул жөрөлгөлөрдү жаш муундар андан
ары улап кетүүлөрү керек.
1973-жылы июнда элдик кол өнөрчүлүгүн жакшыртуу боюнча Бүткүл союздук
координациялык Совет Кыргызстандын борборунда өттү. Анда илимий көз
караштагы пикирлер айтылып, тажрыйбалар алмашылды. Оң натыйжалар жалпыга
тиешелүү өрнөк катары белгиленди, элдик өнөрдү улантуучулар камкордукка
алынып, алар жараткан буюмдарды чыгармачылык талдоого алуу каралды.
КПСС Борбордук Комитетинин «Элдик кооз буюм промыселдери жөнүндө»
токтому (февраль, 1976-жыл) советтик социалисттик маданияттын ажырагыс бир
бөлүгү болгон элдик өнөрдүн андан аркы гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзүп, күндөлүк
иштердин айкын программасы болуп калды.
Кыргызстан КП Борбордук Комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Совети
«Элдик көркөм кол өнөрчүлүгү жөнүндө» (30-июль, 1975-жылы) токтомунда элдик
көркөм кол өнөрчүлүктү андан ары өнүктүрүү, иликтөө-изилдөө жана пропаганда
иштерин жүргүзүү үчүн Атайын Көркөм Эксперимент Лабораториясынын милдетин
аныктады. Анын негизги милдети — көркөм кол өнөрчүлүктүн ыкмаларын үйрөнүү,
элдик чеберлерди табуу жана үйдө иштөөчүлөргө практикалык жардамдарды берүү,
ишканалар үчүн атайын үлгүлөрдү жаратуу.
Ал эми Кыргызстан Республикасынын Министрлер Советинин 1979-жылдын 10апрелиндеги токтому боюнча Орто Азия республикаларында биринчи болуп атайын
окуу жайы ачылган. Бул окуу жайы жергебиздеги элдик көркөм кол өнөрчүлүк
бирикмелерине чыгармачыл кадрларды даярдап жатат.
Кыргыздын элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндө аймактык айырмачылыктар бар.
Маселен, Нарын тараптагы уздарда жана усталарда боз үй жасоо салтка айланган.
Мына ошондуктан боз үйгө байланыштуу чий чырмоо жана согуу, шырдак шыруу,
ала кийиз уютуу, туш кийиз саюу жана ат жабдыктарына узануу кеңири өнүккөн.
Аларда улуттук кийимдерди жарашыктуу бычып тигүүнүн эң сонун үлгүлөрү бар.
Көл өрөөнүндө сайма саюу, кийизчилик, өрмөчүлүк жасоо мыкты өнүккөн.
Ал эми Талас өрөөнүндө жашагандарда көркөм көчөт түшүрүлгөн терме
таарларды согуу өзгөчө өнүккөн.
Ош жергесиндеги элдик чеберлеринин кармаган көркөм буюмдарынын өзүнчө
жүзү бар. Аларда килем токуучулук, өрмөк согуучулук, саймачылык өзгөчө бааланат.
Түштүк килеми өңүнүн ачыктыгы, жалаң кылчык койдун жүнүнөн токулганы,
эндүүлүгү менен илгертеден белгилүү.
Көркөм кол өнөрчүлүктүн айрым түрлөрү улам барган сайын суюлуп баратат.
Аларга таш чегүүчүлүк, жыгаччылык, көн (шири), сөөк, мүйүз буюмдары кирет.
1982-жылы СССРдин 60-жылдыгына карата элдик чеберлердин республикалык
кароо-конкурсу
эл
чарбасынын
жетишкендиктеринин
көргөзмөлөрүнүн
павильондорунда уюштурулду. Анда кыз-келиндерибиздин өздүк кооз буюмдарын
кармоо, жүгөн-куюшкан, басмайыл, көмөлдүрүк өрүп жана кайыш кармоо, жыгач
идиштерин кыруу боз үйдүн уук-керегесин матоо, түндүктү ийүү, ээр чабуу, ала
кийиз уютуу, кайыш ийлөө, мүйүз буюмдарын жасоо, шырдак оюп шыруу, туш кийиз
саюу, килем токуу, терме, беш кеште кажары согуу, чыгдан кармоо, тор чачык чалуу,
жип-шуу эшүү, элдик кийимдерди бычуу-тигүү өңдүү көркөм кол өнөрчүлүктүн
түрлөрүнө узануунун жана уздануунун чеберчилик ыкмалары толук көрсөтүлдү.
Анда өнөр жай ишканаларында элге керектүү буюм катары көп
нускада чыгаруу үчүн көркөм үлгүлөрдү тандады. Өзгөчө кооз буюмдар Бүткүл
союздук көргөзмөгө, музейлерге экспонат катары жөнөтүлдү.
Андан кийин элдик чеберлердин республикалык I слету болду. Анын
катышуучулары элдик чеберлерге жана уздарга элдик көркөм кол өнөрчүлүктү
өнүктүрүүнү жандандыруу боюнча үндөө кабыл алышты.
КӨПТҮРМӨ САЙМА — ийне сайманын бир түрү. Мында жердикке түшүрүүчү
учуна жипти эң майда кылып сайса, ал бирдей түшүрүлөт. Сайма тик бурчтуктанып,
оюм-чийимдин ийине ойдогудай түшпөй калышы да мүмкүн. Көптүрмө саймага
түшкөн көчөттүн көрүнүшү чийге, килем бетине жана өрмөккө берилгендей
«сындырылып» кетет. Ошондо жердиктин эки бетине сайма бирдей түшүүсү тийиш.
Муну менен «сүлгүнү», «бет аарчыны» (жүз аарчыны), «керебетке тарткычты»,
«кийим жапкычты» саймачылар кезегинде жүзөгө көп ашырышкан. Натыйжада, аны
бир эсептен кыргыздар «эки жүздүү сайма» деп аташкан.
КӨПЧҮК — көрпөчө ордуна ээрдин үстүнө салынуучу эни тайкы төрт чарчы
буюм. Бул таардай эле кездемеден ичтелип, териден да, килемден согуп да, токуп да
жасоого болот. Эни анча эмес аны айрым аймактарда «кажары таар», «терме таар»,
«беш кеште» түрүндө да көркөмдөп согушат. Көпчүк эндүү жасалса, аны «ээрге
салгыч» деп айтат. Бул да ат жасалгасынын бир бөлүгүн түзүп, өрмөкчүлүктүн
көркөм көчөттөрүнүн көпчүлүк түрү түшүп, укмуштай кооз көрүнөт.
КӨЧӨТ — бири-бирине окшошпогон эки-үч элементтин айкалышынан турган
түрдүн, сөлөкөттүн, көркөмдүктүн жердикке ирети менен алмашылып берилиши.
Көчөт килемчиликтин, саймачылыктын, өрмөкчүлүктүн, чырмакчылыктын, негизги
көркөм каражаты болуп саналат. Көчөт көчүрүү алмак-салмак орун алмаштыруу
деген түшүнүктү берет. Ал аркылуу бир бүтүм орду түшүүгө мүмкүн. Чыгаан
саймачылар, өрмөкчүлөр, килемчилер, чырмакчылар мунун ички сырларын мыкты
чечмелей алышат. Көркөм көчөттөрдө жашоо-турмуш, кесипчилик, жаратылыш
жана айбанаттар дүйнөсү элестелип турат.
КӨШӨГӨ — «Келинге тарткан көшөгө, Көгөрө бербейт өзү эле» (Райкан). Бул
үйдүн бир капшытын бөлүп, далдалап турган буюм. Абалы жөнөкөй эле болуп, боз
үйгө шартташкан. Алда бара-бара кооздоло баштайт. Жука кездемеден (2,5—3 м, 2—
2,5 мм тигилет да, үстүңкү кыюусуна илмектер кадалып, ага ичке бүчүлүктөр
өткөрүлүп, илмектин эки учу ууктарга, мыктарга кере тартылып байланат.
Көшөгө кыздын себи менен кошо келет. Жаңы үйлөнгөндөр салт боюнча
көшөгөнүн ичине жатышат. Буга да узчулукка таандык сайма көчөттөрү көбүнчө
илме сайма менен түшүп, туш кийиз өңдүү үйгө жасалга берет.
КУПА — «Купасы кумган түбүндөй, Жаактары сары алтын» («Манас»), Бул —
күмүш шөкөттөрүнүн бир түрү. Купа — металлдан тоголок шарча түрүндөгү
жасалган кооздук. Ал төрт чарчы да, ортосу томпок, казан көмкөрүк да болот.
Зергерлер кара темирге күмүштү жалатуу, жезден калыпка куюу, өгөөлөө аркылуу
жасашып, көбүнчө ат жабдыктарына, үйдүн салттуу эмеректерине, көн буюмдарына
азем жасалгаларга чабышкан. Купа 2— 2,5 см. болот. «Купа баскан шурусу, Арасында
жаркылдап» («Манас»), көркөм шөкөттөрдү «чарбусу» деп да атайт.
КУРАК — «Кымкаптын өөнүн эп кылган, Кыздарына сеп кылган, Баркуттун
өөнүн эп кылган, Балдарына сеп кылган» (Калык). Бул — түрдүү түстөгү кездеменин,
теринин, кийиздин, таардын өөнүнөн кураштырылып жасалган буюм жана буюмду
кармоо ыкмасы.
КУРАКЧЫ — курак куроо боюнча уз.
КУРАКЧЫЛЫК — бычмачылык — тикмечилик өнөрүнүн бир түрү. Бул термин
айрым аймактарда «курама» деп да аталып жүрөт. Анын негизги себеби, бир
боордош өзбек, тажик элдери менен бул ичкилик кыргыздардын эзелтен
этнографиялык тыгыз байланышта экендигин күбөлөндүрөт.
Куракчылык — илгертеден калган жасалга өнөрү. Ал — ата-бабадан калган салт.
Көркөм кол өнөрчүлүктө үнөмдүүлүктү сактоонун негизги шарты. Илгертен курак
ыкмасы менен кооздолгон жана өтө кылдаттык менен пайдаланылган буюмдарга
кадимкидей колдонмо-жасалга үлгүлөрү кирген. Курак кыздардын себинин да
негизин түзөт. Уздар мындан жууркан, төшөк, жаздык, көшөгө, табак кап, кашык кап,
күзгү кап, чай туткуч, текче, дасторкон өңдүү буюмдарды жасашкан. Курак
буюмдары жүктүн көркүн чыгарат.
Курак ат жасалгасын түзгөн. Илгери кулакчын кылып жасап, аттын башына
кийгизишкен. Демек, кулагынан куйругунун учуна чейин курак менен
жасалгаланган атка мингизип алып, күйөөгө узап жаткан кызга чоң энеси насаат
ырын айткан. Курак буюмунун жердиги элдик аш-тойлордон жана кыз берип, уул
үйлөнгөндө аларга тигилген кийимдерден, даярдалган септин кыркындыларынан
болгон. «Тилеги — ушул адамдардай узакка жашап, уул үйлөсөк, кыз берсек» —
деген ниети курактан сезилип туруучу.
Жаздыкка жана келиндин көшөгөсүнө «турна көчөт» түшүрсө, тескерисинче,
жерге салынуучу курак төшөккө ал көчөт колдонулган эмес. Бүгүн курак ыкмасы
менен жасалгаланган буюмдардын саны жана сапаты мезгилдин учкул талабына
жараша өзгөрүүлөргө ээ болууда. Курак буюмдары баркыт, жибек, кыжым, жүн,
парча, атлас сыяктуу баалуу жердиктен жасалып, сапаттуулугу жана көркөмдүүлүгү
артылууда. Элдин турмуш-тиричилигинин жакшыруусу менен жаны буюмдар пайда
болду. Аларга: «диван жапкыч», «керебет жапкыч», «телевизор жапкыч» жана
«кресло жапкыч» сыяктууларга байланыштуу жаны терминдер чыкты.
Күзгү кап, текче жана жаздык (балыш), туштук өңдүү саймаларынын ичке
кыюуланган четинен кийин «кунаба курак» (тажатма курак) майда курак, жүргүзүү
адатка айланган. Анан кездемеге ирилештирип жылдызча, же бөрү көз (карышкыр
көзүнө окшош) өңдөнтүп, куракты окчун-окчун берет. Кайрадан майда «боорсок көз
куракты» (төрт чарчы) тажатма куракты түшүрүп, эми буюм жердигинин ортосуна
«илмедос саймасы» түшөт.
Көркөм көчөттөрдү анча коюулантпай, бадал бутактана алуу көрктүү болот.
Үйдүн саймачылык өнөрүнөн башка буюмдарга да, эриш-аркак көркүнө-көрк
жаратуучу ыкмалардын негизгиси азыр курак болуп саналат. Курактын «каттама
курак», «айырма курак», «бөрү көз курак», «турна курак», «каркыра курак»
сыяктуулары бар.
Уздардын кылдаттыгын сынаган түрү «кунаба курак» болуп саналат. (Бул «кунап
болдум», «тажап кеттим» деген ойду туюндурат). Мындан курактын эң эле майда,
муну тигүү-бычуу өтө татаал экенин түшүнтөт. «Кунаба» деген сөздүн өзү «курак»
деген түшүнүктү да билгизет.
Бычып-тигүү өнөрүндөгү өтө татаал түр ушул куракчылык делгендиктен муну
кайчылап, тумарчалап, бирине-бирин туташтырат. Курак негизинен учуктуу ийне
аркылуу жүзөгө ашат. Илгери тигүү машинага караганда ийне менен кездемени
кыюу-кыюу жеңил болгон жана нарктуудай туюлган. Арийне, курак куроо — ийне
менен кудук казгандай. Анткени, жогоруда айткандай, күзгү каптагы, текчедеги,
балыштагы, жаздыктагы, туштуктагы курактар өтө майда да, сыйда да түшөт.
Көрпөчөдөгү, жер төшөктөгү курактарды «катта курак» (чоң курак) дейбиз. Же
«жөнөкөй курак» деп аталат. Курактын жердигин илгери илас дечү. Ал ак сүрп менен
кара иластан турат. Мындан сырткары кызыл кочкул, ачык кызыл иластан «колтук»,
«маңгыз» жана «көз» салынат. Бул — жогоруда көрсөткөндөй, элдик куракчылыктын
көркөм көчөттөрү болуп саналат.
Курак элибиздеги байыркы өнөрлөрдөн болот. Куракта деле тигил-бул бир
түшүнүктү туюнтууга мүмкүн. Куракчылар «омуртка», «ийрек» жана «жылдызча»
өңдүү көркөм көчөт түрлөрүн курак буюмдары үчүн жеринен такай кармап келүүдө.
Азыр адегенде өөндү же кездемени бычып, текшилеп алышат. Анан түрдүү
түстөгү ошол жердикти бир баштан тигүү машинасына коет. Алар көөнүнө жаккан
түрдү-көчөттү ошол буюм-тайымга ылайык түшүрүүгө көңүл берет. «Омуртка»,
«ийрек», «жылдызча» өңдүүлөрдү келтирүүдө кездеменин чымкый өңү жарашык
берет. Курак буюмга кара-ак, кара-кызыл, көк-ак түс ажар ачат. Демек, курак буюму
бүгүн жеке туш кийизде, күзгү капта, текчеде, туштукта, балышта эле эмес, азыркы
үйлөрдүн жаңыча жасалгалоодо шырдак үстүнө курак төшөк салынууда. Дивандын,
керебеттин үстүнө жапкыч кылынууда. Телевизор менен радионун бетине
тартылууда.
Курак, бул — жоктон бар кылуучу өнөр. Абалы, ошол ар нерселерден түшкөн өөнбучкакты тегиз бычып алышыбыз тийиш. Анын бирөөнү чоңураак, экинчисин
кичинерээк кылса, ал курагыбыз жасалуучу буюмубузга түз түшпөйт. Ийриленипсөлпүлөнүп (куракчылар айткандай «жинди курак») болуп калат. Эгер ошол куралып
жаткан жерине бирди-жарымы чак келбесе, аны тегиздеп (өзүнчө курап) алышат.
Жасалуучу буюмду өтө эле «агала чакмактатып» берүүнүн анча зарылчылыгы
болбойт. Куракта элдик саймачылыктай «суусу» (куракта көчөт араларын бөлүүчү
белги) үчүн ак менен сары өң укмуштай ачык чечет. Ал эми куракчылар бардык
өңдөрдү пайдаланып, аларды айкалыштыра билүүгө чебер келишет. Куракта
кооздук өзүнчө «табакча-табакча» болуп келип, «суусу» ак, сары өң аркылуу
тегеректелет.
Курак көчөттөрүнүн түрүн уздар ар түрдүүчө кыла берүүгө да мүмкүн.
Бүткөрүлүүчү буюмдун көчөттөрү мындай карасак «кыял» өңдөнүп да кетет. Уздар
жүзөгө ашырган курак төшөк, туш кийиз, керебетке жапкыч, телевизорго тарткыч
анан жаздыкка койгуч сымал буюмдар ыгына карай сындырылып түшүрүлөт. Курак
төшөктөрдү жээктеп туруп, четин кырка тумарчалап коет. Анда төшөктү өйдө-төмөн
кылганда бүктөлбөйт жана бырышпайт. Куракты талаптагыдай кооз түшүрүү үчүн
өңдү арбын тандап, аларды чаташтырбай айкалыштырып, өөн-бучкакты кылдат
тиге билүүгө машыгуу керек.
«Каттама курак» — негизги курактардын бири. Мында ак-кара кездемелердин
өөнү буюмдун негизги жердигин түзөт. «Каттама курак» каттама калама нан
өңдөнүп, курак биринин ичинен бири чыгып кеткендей элести берет.
«Чий куракты» да арбын пайдаланып жаткан уздар бар.
Бул «кунаба куракка» (тажама курак) окшоп, өтө майда алынат. Анда кездеме
өөнү өтө ичке болот. Куракчылар ширеңкенин чийиндей ипичке өөндөн да керектүү
буюм жаратышат. Анда төрттөн бир «топ» болуп, мунун ортосуна «тумарча» келет.
Ошондо жаздыкта беш топ болот да, алардын чекесине «каркыра канат»
(каркыралардын учуп бараткандагы элеси) айланта берилет.
Жаздык, балыш үчүн «калит куракты» да тигишет. (Кулпуга окшош курак, айрым
аймактарда кулпуну «калит» дейт.) Мунун чекесине «турна канат» катар
айлантылат. Ал турналар катар учуп бараткандай элестейт. Биз айтып жаткан курак
өнөрүнүн бүтүндөй түрүнө «каркыра канат» дайыма келтирилгендиктен аны
куракчылыктын «суусу» катары карайт. «Суу» курак көчөттөрдү бири-биринен
айырмалап, алардын ажарын ого бетер ачып турган көркөм каражат болуп саналат.
Уздар «жылдыз куракты» да жүк буюмдарына кеңири пайдаланып келүүдө.
Курактын табиятына коошо турган өң кара-актан болот. Кара-сары түс да курак
буюмдарына узданууга талаптагыдай жооп берет. Кызыл кездемени чарчы-чарчы
кылып, көчөттөрдүн, ортосуна «көз катары» салууга мүмкүн. Муну тиккен учурда
бир көзүн ак-кара, экинчи көзүн сары-кара кылып тизмектештирип тигип, анда бешалты «көз» түшүрүлөт. «Көз» — (көзчө түшүрүү) курактын чок ортосундагы көркөм
белги.
Жаздыкка «кирпик курагы» кооздук тартуулайт. Төрт чарчыланган топ куракка
көздүн кирпиги сыяктуу муну айланта коет. Ал эми «бөрү көз курагы» көрпөчө үчүн
түшүрүлөт. Мында өөндүн ортосуна чоңураак кара-кызыл өңдү жупташтыра коюп,
анын чекесине актан «суу» берип, кызылдан чекесине кара түр түшүрүлүп, анан бир
элидей «тасма» («жээк») түшөт.
Мунун негизги жердиги өөн-бучкак болгону менен талаптагыдай туш кийизди
курактап жасоодо сөзсүз кездеп кездеме бычууга да туура келет.
Айрым уздар курактарын жалпысынан «мүйүз курак» кылып да берет. Мында,
биринчиден, куракта бир өңчөй өң айлантыла куралып, төрт көз бир «үйдү» түзөт. Ал
өң «айлантыла тигилгени» үчүн ортосу уюлгуп, гүл өңдөнүп кетет. Анда алты өң
болот, алардын ичинен кызыл-көк өң үстөмдүк кылат. Эки көздү сол айлантканда,
эки көздү оң айлантканда, ал жогорудагыдай уюлгубай, ортодон даана өң мүйүз
болуп түшөт. Анда төрт өң ич ара шарттуу жупташат. «Жылдызча куракта» ички
көчөттөрү менен боек түрлөрүн «бычак учтары» бөлүп турат.
Гүлдөнтүп, күн карама сымалдантып, ачык, күлгүн, сары, мала түстөр тандалат
да, ар бир куракты алты бурчтантып чыгаруу аркылуу өзүнчө «үй» түзүү
чеберчилиги көрүүчүлөрдү магниттей тартат. Мында жүздү сары (ток сары, ач сары,
мала сары) түс өзүнө оодарып турат. Мындан сырткары төрт бурч (эни бармак
басым болот) өөндү алып куроо салты өтө кылдаттыкты билдирет. Бир табакчада он
эки сары, сегиз кара, төрт күрөң, бир көк (көзчө) биригет да, ар түрдүү түстөгү
мындай табакчаларды «суу» курчап жана бири-биринен бөлүп турат. Айрым курак
элементтери алты кызыл өңдө келип, карадан «көз» болот да, четине сарыдан «суу»
жүргүзүп, же ак менен короолоп койсо, кооз көрүнөт.
Короолотуу — курак өнөрүндө табакчаларды бири-биринен бөлүү. Ал «суу»
катары милдет аткарат.
Кыйкындан (өөн-бучкак) чыныгы өнөр жаралбайт. Анткени, ал калдык.
Таштандыга ыргытылат. Деген менен андан курак пайда болот. Азыр жеке буюмтайымдардын эле эмес, өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын, өөн-бучкактарын
кайрадан иштетип, буюм жаратып, элге керектүү товар (буюм) катары каралат.
«Кереге куракта», сары, кызыл, жашыл, көк, ак өңдөр ортодон орун алат да,
күлгүн кызыл, кара, кызыл-сары чеке — четтик көчөт катары түшөт. Анда кесиндикыйкым ромбик формасында берилет. Ал эми төрт гүл сымалдын араларына
омуртка курак түшөт.
Куракты гүлдөнтүп, күн карама сымалдантып берүүдө ачык, күлгүн, сары мала
түстөр тандалат да, ар бир куракты алты бурчтантып чыгаруу аркылуу өзүнчө «үй»
түзүү чеберчилиги жаралат. Мында сары (ток сары, ач сары, мала сары) түс өзүнө
оодарып турат. Андан сырткары төрт бурч (эни бармак басым болот) өөндү алып
куроо салтты да уздук кылдаттыкты билдирет. Бир табакчада он эки сары, сегиз
кара, төрт күрөң, бир көк «көзчө» биригет. Ар түрдүү түстөгү мындай табакчаларды
«суу» курчап, бири-биринен бөлүп турат. Куракчылардын айрым курак элементтери
алты кызыл өңдө келип, бир карадан «көз» болот да, четине сарыдан «суу» жүргүзөт,
же ак менен короолоп коет.
«Каттама курак» мындайынан «кунаба курактай» көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бул
«кунаба курактан» бир аз чоңураак болот. Мында «Кыйкымы» (кыйыгы) азыраак
коюлат. «Кыйкым» — кайчы менен кыркып чыгарган жердиги. Демек, беш катар
кара, төрт катар кара-ак курак чыгат.
«Бөрү көз курагы» жогорудагы курактардан айдан ачык айырмаланып, төрт
чарчы болот да, бир аз чон көрүнөт. Мындай курактар Түндүк Кыргызстандын
уздарына да кенен тараган.
«Сегиз пара курагы» тегирмендин барасынан улам пайда болгон. Ошону
баткендик уздар символдоштурган. Мында эки өң беттешет. Мисалы, ак-кара, аксары, кызыл-кара өңдүүлөр бири-бири менен кыйышат. Мунун араларын «бөрү көз
курагы» бөлүп турат.
Ал эми «он эки пара курагына» да уздар эки өн айкалыштырат. Боз үйдүн жабык
башы, тегиричи ордуна тартууга болот. Муну шыптык деп айтат.
«Шапалак курак» дегени бар. Алакандын отундагы кыйма-чийме издерден улам
бул пайда болгон. Чоң бычып, муну менен жер төшөктөрдү, майда бычып, текче,
жапсар баштык, күзгү кап жасаса болот.
«Майда калит курагы» төрт табакчадан турат. Жөнөкөй курактардын катарына
кирет. («Катта калит» — «чоң кулпу» деген түшүнүктү берет).
«Тал курак» да бар. Мында көчөт элементтери төрт катар түшөт. Каттама
курактан айырмасы анда сегиз катар көчөт элементи чыгат.
«Жылдыз курак» аты эле айтып тургандай буюм көчөттөрү жылдызданып кетет.
Бул түндүк-түштүктү бирдей аралаган кооздук болуп саналат.
«Баргек курагы» — бышкан өрүктүн данегин чагып, өзүн ак кылып кургатып
алынганын уздар символдоштуруп куракты пайда кылуусу. Мындай куракты
Баткен, Лейлек тарапта азыраак кармашат. Ал жөнөкөй курактын катарына кирет.
КУРГАК УСТА — көмүр өчүрбөгөн, көрүк үйлөтпөгөн, күжү күйгүзбөгөн, өгөөлө,
ийүү, чоюу өңдүү ыкмалар аркылуу буюмдун шөкөттөрүн кармаган чебер. Бул
көчмөңдүү өнөр келип, басып-турган, отура калган жерден узана алат. Мисалы, тери
ийлөө, бирдемелерди жонуу, түймө түйүү, түйдөктөө, жип ийрип-чыйратуу өңдүү
аракеттер мына ушундай узануу-узданууну туюндурат.
КУРЖУН — «Көк-Талдан көчүн эңкейткен, Көк куржунун деңкейткен, Ак-Талдан
көчүн эңкейткен, Ак куржунун деңкейткен» (Жеңижок). Бул — ортосу
бириктирилген кош көздүү баштык. Ал ар кандай көлөмдө жасалат. Орточо
куржундун бир көзү 50x50 см келет. Аны айланта «милте» (жээк) коюп, чети жана
бурчтары чачыланат. Бул килемден да жасалат.
Куржундун килиттери болот. (Килиттөө — куржундун көзүн топчулоо). Ал төрт
кат чыйратылган жиптен жасалат. Көчкөндө тайлакка, тай, кунанга чакан куржун
теңдеп коюу салты болгон. Азыр малчылар үчүн аны турмуш тиричилигинде
колдонуу, ат үстүнө такай сала жүрүүнүн мааниси зор. Орточо терме куржунга 38
түгөйлүү жип кетет. Мында бир талдан жаңылса, көчөт түшпөй калат.
Көөкөр.
Дыйканбаева Хабида
Терме таар. Үмөталиева Дилде
Терме шалча
Тогуз кумалак
Топчулар
Туш кийиз
Үзүк боо
Чачыктар
Челектер
Белдемчи
Күмүштү чегүү
Чыгдан
Чыны кап
Шалча
Шырдак
Шырдак
Түр шырдак
Шырдамал
Эки жүздүү терме
Аваздык аспаптар. Койчуев Жамалдин
Күмүш чапкан ээр
Сынпооз ээр
Эшик тыш
Ээрчи Бекешов Асек
Ээрге чийим түшүрүү. Молдокабылов Абдыжапар
Куржунда тизгич сымал энсиз «кыюуну» четине алып, алардын ортолоруна
чалма менен «аламыч» (көчөттөрдү бири-биринен айырмалай турган өзүнчө түр)
түшүргөндө жакшы кооздук берет. (Чалма — бул өзүнчө өнөр, ал кол башында
жүзөгө ашат. Эгер ак-кара жиптен болсо, бирөөнү оңго, бирөөнү солго чыйратып
чалганда, көркөм таңдай болот.)
Килем куржундун ортолук көчөтү төрт чарчыланып, ичин «кочкарек көчөтү»
ээлейт да, анын өзөгүндө «ала мончок» болот. Ал — көркөм көчөттөрдүн араларын
бири-биринен ажыратат. Алардын жүзүн ачат. Ал кийиз буюмдарына түшкөн
«аламачы» саймалардагы «сууну» элестетет. Килем куржунга көчүрүлгөн кооздукту
башкараак берүүгө да мүмкүн. Буюмдун чок ортосунда «сегиз жылдыз» орун алат. Ал
«тогуз дөбө» деп да аталат. Алардын учтарына карадан «сыңар мүйүз» (жарым
кочкорек) түшөт. Буюмдун четине кара-кызыл өңдө — «кочкорек көчөтү» түшкөн
буюмдар, албетте, чырайлуу көрүнөт. Мунун килити чыйрак чыйратылган кара
жиптен чалынат да, анын төрт жеринде топ чачысы болот.
Килем куржундагы көчөт араби килемдин согуу ыкмаларында да байкалат. Анын
ортосунда ак-сарыдан төрт бурч «ала мончогу» келет. Анын этегине үч-төрт жерине
барпайган «топ чачык» чыгарып койсо, буюм кооз көрүнөт.
Килемден токулган «куржун», «текче» (баштык), «бокчо», «чавадан» өңдүүлөр
үчүн көркөм тандоодо биринин кооздугун бири толуктап турат. Тигил-бул буюм
үчүн андай түрлөрдү алмак-салмак түшүрө берүүгө болот. Мында үлгүнүн жердиги
көк-кызылдан тандалып, ортолук көчөттөрдүн арасына сарыдан «ала мончок»
түшүрүп, четтерине да тумарчаланган көчөттөр келтирилсе, андай майда
кооздуктары жашылдан берилген «ийрек» (ала мончок сыяктуу килем көчөттөрдүн
ажарын ачып турган түр) болуп турат. Анын куржун килиттери, чачыктары эшилген
чыйрак кара шоонадай болот. Куржундун эки көзүнүн ортосунда «омуртка»,
«ашкана» көчөттөрү берилүүсү да тийиш. Мында буюмдун төрт-алты жеринде «топ
чачысы» чыгат. Же төкмө чачылап койсо да жарашат.
Селкилердин куржуну — кыздын куржуну, бозойдун куржуну (жигиттин
куржуну, мырза куржун) деп эки түрдүү жасалат. Куржунда жети жиптүү «чагармак
көчөтү» түшүп, ал көк-кызыл өңдө берилип, четтеринде «чычкан изи» бар. Анда аккара түс мүнөздүү көрүнүп, түрдүү жиптер менен күзүктөө аркылуу терме көчөтсүз
эле аркак өткөрүп согуу ыкмасы да колдонулат. Куржун кара-ак жиптен согулуп,
жиби кезектеле ийрилет.
КУЮШКАН — «Куюшканы кабат» (макал). Ал — ат жабдыктарынын бир бөлүгү.
Токулган ээрди эңкейиште аттын (унаанын) моюнуна кетүүдөн сактайт. Мунун эки
учу ээрдин арткы актасындагы чыгарагына бекитилет. Куюшкан да кайык, өрүм
аркылуу бүткөрүлөт.
Анын шөкөттөлгөн «кошундусун» төрт-алты-сегиз талаа чыгарып көркөмдөгөн
зергерлер чыккан. Мунун чок ортосуна күмүш жалатылган томпогой темирди
көмкөрүп, анын четтери чегеленет. Ага асыл таштарды чөгөрүп да шөкөт тешчү.
Андан алтыга чейин талааланган «кошундунун» беттери «чымын канат»,
«жылдызча», же «байчечек» өңдүү оюм-чийимдерге жыш толгон. Айлакер усталар
куюшкандын «кошундусун» сегиз талаалата да бере турган. Ат жабдыктарынын бул
бөлүгү аттын бели менен соорусуна жайыла салаалап, күнгө чагылыша түшкөн.
Куюшкандын куткуну (чычаңы) 20 см ден 40—42 см ге барабар. Анын
«кошундусу» куткундун ортосу 24 см ден 48—50 см ге жетет. Ал кошунду менен
чагармактын байланышкан аралыгы 70—70=140 см болот. Мында куюшкандын
солоңдорунун бирөө 10—12 см келип турат.
Айрым зергерлер ат жабдыктарына узанышууда өзүнүн бөлөгүрөөк чыйырын
салат. Куюшкандын эле ондон ашуун көркөм шөкөттөрү бар. Мунун «кошундусунун»
бир канатынын эле ар бири үчтөн-төрттөн, үч-төрт жерден бутактанып чыгышы да
мүмкүн. Алардын ар бирине ар түрдүү өңдөгү таштар чөгөрүлгөн. Жалаң куюшканга
бир нече кошунду шөкөттөрдү кармагандар чыккан. Ошондо ал солоңдорлор ат
соорусунун эки тарабынан жарашыктуу түшүп, сынакей көрүүчүлөр токулгалуу
атты тегерене карап чыгышкан.
Куюшкан — токулгалуу жылкынын сынын чыгаруучу ат жабдыктарынын
көркөм бөлүгү. Азыркы куюшкандын алты сүзмөсү эки чагармак аркылуу бекийт.
Чагармак — айлана түрүндөгү шөкөт. Анын бат жешилип кетпөөчүдөй болгон быдыр
жолдору бар.
Куюшканды өрүүдө жана анын бөлүктөрүн бири-бирине кошууда татаал
аракеттер жүргүзүлөт. Аны айрым эле өрүмчүлөр жүзөгө ашыра бербейт. Мында 16
тал (тилим) 32 тал (тилим) болуп түшсө, «калмак өрүм» (айрым жерлерде моңолдор
өрүм) өңдөнүп кетет. Антип айтканыбыз, өрүм «кош өрүм» болуп көрүнөт. Мында
адегенде биринчи оң колдон солду карай имерилет. Солдон экөө оңду карай
имерилет. Оңдон үчөө солду көздөй бири «жээк» болуп түшөт. Ошондо өрүм
бөлүктөрү кошулуп келе жатканда анын эки чети «суйсал өрүм», ортосу «жээк өрүм»
болуп түшөт.
Буюмду «балык жон өрүм» (нарындыктар бул өрүмдү ушундай атайт. Талас
тарапта ал «Жон өрүм», «жөмөрүм» же «нокору өрүм» делет. Айрым аймактарда аны
«үч өрүм» деп коет). Аны «кош өрүм» кылып да өрүүгө жарайт. Ат бүктөлө түшүп
чуркаганда куюшкан ат соорусун карсылдата чапкылап, соору ак көбүктөнүп кетет.
«Күлүккө таккан куюшкандай шакылдап» — деген салыштыруулар бар. Ушундан
улам «ат чабышта», «улак тартышта», «кыз куумайда», «тыйын эңмейде» токулган
ээртокумдун куюшканы узартылып коюлат.
КҮБӨК — «Эңкейсең эрке чайпалган, Күбөгүңдү сагындым» (Аалы). Бул — зер
буюму. Күбөктүн узундугу 80 см болот. Мунун эки өрүм чачка тагыла турган эки
бөлүктөн зер шөкөттөрү бар. Анын ар биринде аралары мончоктолгон тоголок
күмүш чыйрак жиптерден турган чаян түйүштөрү тизмектешет. Конус
формасындагы себет түшкөн сөйкө сыяктуу эки күбөктүн узуну 7,5—8 см, дм 7,5
келет. Бул күбөктүн жалпы көркөмдүгүн арттырып турат. Мунун башында
чөйчөкчөлөнгөн көлөмдүү (4 см, дм — 12 см) ичине чыйрак чыйратылган, сыртында
кызылдан (60 тал, узундугу 12 см), ичинде 60—80 тал узундугу 24 см төкмө
чачыктары болот. Аны жибектен да, жүндөн да, кебезден да ийрип чыйратып алат.
Күбөккө түшкөн оюм-чийимдер азем буюмдарына (жасалгаларына) түшкөн
кооздуктардан анча айырмаланбайт. Күбөктүн жиптери, канатындагы оюмчийимдер бирдей окшоштукта болот. Күбөктүн жиптери кызыл да, сары да, жашыл
да, кара да болушу мүмкүн. Буюмду Талас, Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал
тарапта жашаган элдер арбын колдонушат.
КҮДӨРҮ КАЙЫШ — «Чын күдөрү болсун деп, балбандарга тарттырган» (эл
ыры). Бул — колдо иштетилген кол булгаарынын бир түрү. Айрым чеберлер толгоп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.