Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10

Total number of words is 3842
Total number of unique words is 2084
21.9 of words are in the 2000 most common words
30.6 of words are in the 5000 most common words
37.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Азыр комуз оркестрде да ойнолууда. Мында комуздун коштоосунда жаралган
комуздун нукура үнүн, колоритин уга-көрө албай жатышат. Анткени анын да өз
таржымалы бар. Оркестрдеги эң негизги аспап комуз болгондуктан ага чоң роль
таандык.
Бирок, ошол комузубуздун үнү нукура ата-бабаларыбыз чертип келген комуздун
шыңгыр үнүнө окшобойт. Кадимден бери залкар комузчуларыбыз кол ойнотуп
келген комуз таптакыр башкача күүлөнөт. Ал абалкы касиети жоголуп, аны күүлөө
принциптери караманча кыл келбеген эрежеге түшүрүлүүдө.
Балалайканын күүлөнүүсү менен комуздун күүлөнүүсүн бир эрежеге баш
ийдирүү албетте, туура эмес. Мунун өзү комуздун абалкы күүлөнүүсүн жокко
чыгаруу. Анын кийинки «реконструкцияланган» калыбын пайдалануу одоно
көрүнүш болуп саналат. Комуздун чыныгы күүлөнүшү эстен чыгууда. Абалкы нукура
добуштун, ыргактын, күүнүн, чертүүнүн ыкмалары өзгөрүлүүдө.
Азыр оркестр улуттук бирден-бир көзгө басар болгон аспабыбызды мурдагы
калыбына келтирүүгө аракет жасап жатканын акыйкатта, жакшы жөрөлгө катары
баалоо керек. Демек, буга дейре өзүбүздүн. улуттук аспабыбызга (комузга) салкын
көз
карашта
болуп,
анын
нукура
күүлөнүшүн
балалайканыкына
жакындаштырганбыз, залкар комузчуларыбыздын ойлонуп чертип калган комуздун
нака улуттук көрөңгөсүн тар кызыкчылыктан улам жогорудагыдай абалга туш
келтирип алганыбыз да албетте жакшы жышана эмес. Эми комузду адепки
нукуралыгына жетүүнүн өзү да машакаттуу иш. Себеби, оркестрдин чыгармачыл
ишин түп тамыры менен өзгөртүп, комузга мурдагыдай экинчи планда, же болбосо
түс (фон) катары ойноп келген жосунун биринчи баскычка чыгаруу, бул чоң
машакат болуп саналат.
Комузда кооз, мукам үн чыккандыктан анын жасалышы илимий көз карашка
физика мыйзамы менен да байланышы бар. Ооба, комузчулар физика илими менен
тааныш эмес. Бирок, көкүрөк тунук, баамдоолору жана чеберчиликтери мына ушул
илимге шайкеш келип турган. Муну бүгүнкү күндөгү иликтөөлөрдө даана байкалып
отурат.
Айрым усталар комуз чабылып бүткөндөн кийин айнек менен сүрөт. Андан
кийин майда кум кайрак кагазы жана нооту менен сүртөт, анан жаңы бышырылган
акиташтын 70—80 процент эритмеси менен актап, анан ал кургагандан кийин
кургак чүпүрөк менен сүртүп, техникалык вазелин менен бир аз майлап коюшат.
Мында өрүк комуз кыпкызыл болгон түскө келет. Комузга лактай эле сырды
пайдалануунун кереги жок. Алар комуздун үнүн да, тембрин да өзгөртүп жиберет.
Комуздардын көлөмү ар кандай келет. Узуну 70 см, экинчиси — 65 см, үчүнчүсү —
60 см болот. Бул өлчөмдө комуз жасоого ниеттенгендер комуздун чарасы менен
моюнун өлчөгөндө тең ортосунан алыш керек. Мисалы, 70 см комуздун моюнунун
узундугу 35 см, чарасынын узундугу 35 см; 65 см комузда 32,5 см ж.б. Мындай
комуздарды, адатта, бала комуз жана чоң комуз деп бөлөбүз. Физикалык жагынан
алганда комуздун ортонку кылын күүлөгөндө кайсы нотадан резонанс кубулушун
берерин аныкташыбыз керек.
«Резонанс» деп комуздун өздүк жыштыгы менен кылдын термелүү жыштыгы
бирдей болгон учурдагы комуздан так жана катуу үн чыгарышын айтабыз. Резонанс
кубулушу бардык эле аваздык аспаптарда колдонулат. Мисалы: гитара, мандолина,
балалайка, рояль ж.б. (Бул аспаптар физикалык жактан жетишээрлик даражада
изилденип бүткөн.)
Эгерде комуздун кылы катуу чыңалып калса, үндүн аваздык жагынан бузулуп
калаарын байкайбыз. Чындыгында комуздан уккулуктуу үн чыкпай чыйылдайт. Биз
комуз жасоодо кандай жасалганда анын мукам үнү сакталып калаарына
кызыгышыбыз керек.
Эгерде комузду чоң өлчөмдө 80—90 см узундукта жасап, терең ойгондо катуу үн
чыгарат деп ойлосок, ал чоң жаңылыштык болот. Мындай комуздан күңгүрөмө,
мыңкылдаган уккулуксуз үн чыгарын иш жүзүндө аныкталган. Илгерки комуз
жасоочулар мындай комуздун үндүүлүгүн, анын физикалык жактан болгон
кубулуштарын өздөрүнүн жекече байкоолорунан улам билишкен. Эгер комуз өтө эле
чакан жасалса, (60 см ден кичине) анда дагы комуздун үнү өтө эле чыңкылдап,
уккулуктуу үн бербей калуусу да ыктымал.
Комуздун уккулуктуу үн чыгарышы температурага, басымга, нымдуулукка
жараша болот. Эртең мененки жана кечки салкында комуздан абдан уккулуктуу үн
чыгат. Себеби — абанын температурасы, басымы, нымдуулугу күндүн мезгилине
жараша алмашып турат.
Комузду сактаганда да бирдей температурадагы бөлмөдө боосунан илип коюш
керек.
Аваздык аспаптын чарасын же көндөй бөлүгүн калыңыраак чапканда, үн өтө эле
пас чыгып калат. Жукараак чапса, күңгүрөмө угулат. Ошондуктан, жогору жагы
жукараак — 0,6 см, анан улам калыңыраактап барып, комуздун көчүгү 0,8 см болот.
Андан кийин анын чарасынын көчүк жагы, жогорку жагынан да бир аз калыңыраак
келиши керек. Мындай ыкмалар мурунку усталардын чапкан комуздарынан бөтөнчө
байкалып турат. Комуз күүлөрүнүн сыйкырдуу сырлары канча болсо, аны жасоонун
машакаты да ошончо болот. Комуздун мойну (же грифи) өтө эле түптүз болсо, чечен
комуз аталат. Бир аз эле эңкейип же иймейип турса, ал күү келтирүүгө чоң залакасын
тийгизет. Ошондуктан, комуз жасай турган өрүктү койдун кыгына түтөтүп же
сомдолгон комузду сууга, салидолго эки саат чамасында кайнатса болот. Себеби —
комузду чаап жатканда ийрейип же кажып кетпейт.
Колдон чыккан аспаптардын бардыгы эле бирдей үн бере бербейт. Музыкалык
аспаптын эң башкы касиети добушун мындай коелу, сырткы көрүнүшү, кооздолушу
эле эчен изденүүнү, убарачылыкты талап кыларын унутпоо зарыл.
Тал, терек, кара жыгач, жаңгак, алча, алма, алмурут, тыт... айтор, жергебизде
өскөн дарактардын бардыгынан үндүү аспаптарды кармап келишти. Атам замандан
элибиз комуз үчүн көбүнчө өрүктү тандап келгени да бекеринен эмес. Чеберлер тыт
жана алмуруттан чабылган комуз да жакшы «сүйлөөрүн» билишет. Кээ бир аспап
чабуучулар өрүктүн сөңгөгүн тең бөлүп, жок эле дегенде эки жыл какшытып коет.
Адатта, ал көлөкөдө шамалдап кургатылат. Күн жерге койсоң какжырап жарылып
кетет.
Тамдын чатырынын ичи бул үчүн өтө ыңгайлуу жай. Мынчалык мөөнөттө
кургабаган жыгачты «куу чеке» мезгилге жетпептир деп коюшат. Ал эми жыгач
какшыган сайын толгонуп ийилет. Демек, ал курук болбосо, андан чабылган комуз
кийин жарылат, же ийрийип калат.
Сөңгөктүн бутаксыз болгону да маанилүү. Эски үйдөгү отуз жылдай түркүк болуп
турган торсун жыгачы чеберлер үчүн өзүнчү эле табылга. Жыгач канчалык жакшы
кургаса, чабылганда айныбай, эң башкысы добушу бийик чыгат.
Комуз үнүнүн шаңкылдап чыгышы кобулдарынын тегиз оюлушуна, ичи-сыртына
тегиз жылмаланышына да көп байланышат. («Темир комуз» макаласы.
«Зергерчилик жана темирчилик» аттуу бөлүмдө берилди).
КОЛО — «Алтынбы, жезби, колобу, Акындын жайын эл билет» (Байдылда). Ал —
зергерчиликти иштетүүдө буюмдун жердиги. Жездин, коргошундун, калайдын
аралашмасынан пайда болуп, аны колдонуу ийкемдүү келет. Колонун эки түрү бар.
Ал сары жана ак саргыл түстө көрүнөт да, бул жезге караганда тазараак, анча дат
чалбайт. Андан ат жабдыктарына, салттуу буюмдарга шөкөттөрдү, аялдардын кооз
нускаларын жана идиш-аяктарды, салттуу буюмдардын, кишен өңдүүлөрдү жасайт.
Бул чоюлбай катуу, сынма келет. Ошондуктан, ал айыл чарба, өнөр жай
техникаларында аз колдонулат. Колодон үзөңгүнү бир да бөлүп-бөлүп куюуга да
болот. Коло жездей кепшер боло албайт. Ал эми күмүштүн, жездин аралашмалары
аркылуу бирдемелер карматылат.
КОҢГУРОО — Конус формасында металлдан жасалат да, ички көңдөйүндө
термелип кага турган тили болот. Муну кербенчилер көп колдонушат.
КОРГОШУН — «Залкарын, бирок, аз таптым, Салмагы жактан коргошун»
(Байдылда). Бул — устакерчиликте пайдалануучу зат. Салмагы оор, оңой эритиле
турган кара көк түстүү металл. Муну «ыроо» деп да коет. Ал себет жасоодо, буюмду
кепшерлөөдө пайдаланылат. Усталар бир топ буюмдарда колдонушат. Андан өгөө
жасоого атайын калып кылат. Өгөөнүн майтарылбасы үчүн улам бир тарабын
коргошунга чаап турат. Мындан кыт куюлат. Салмактуу болушу үчүн чоң бычактарга
толто жасалат. Ийик баш куят, мергенчилер бараңга ок-бытыроо жасаган. Ал ок —
бытыроолор салмактуу келип, алыс учуп, мээлеген бутасына түз барып тиет. «Кан
деп учат, жан деп учат коргошун» (Мидин).
КОШ ЭТЕК — «Кокту-кокту кокту бел, Коктулай соккон шамал жел. Короолош
жүрүп билбепмин, Кош этек кийген бураң бел» (Эл ыры). Бул — улуттук мүнөздү
айкындаган, ак, сары, көк жибектен тигилген, кыргыздын кыз-келиндери кийишкен
элдик кийимдин бир түрү. Бычылган көйнөктүн жакасынын кылда учу бир элидей
бүйүрмөлөнөт да, төшү туюкталып, топчусу артына кадалат. Белине чак чыпталган
анын этегинин учу жарым элидей кайрыла тигилет. Этегинен өйдө сөөмдөй,
жазылыгы беш элидей бүйүрмөлөнгөн эки жеңи басса-турса желпилдеп,
жарашыктуу көрүнөт. Илгери кош этек көйнөктүн этек-жеңдерин кызыл-тазылдоого
айрыкча көңүл коюлган.
Бүгүн Кыргыз театрлар союзунун өнөрканасынан маданий мекемелердин
атайын тапшырмалары боюнча кош этек чыптамасы менен тигилүүдө. Анда улуттук
бул форманы бычып-тигүүнүн элдик жол-жоболору ойдогудай сакталган. Үч-төрт
кийимди бат кие коюш үчүн бир эле тигип, бир бүтүмдү түзгөн элдик кийимдин
өзгөчөлөнгөн формасын тиккен уздар да бар. Ошондо шым, кемсел, чыптама өңдүү
эркектердин формасын же кыздардын кош этегин, чыптамасын жана кемселин өзөзүнчө чечпей, өз-өзүнчө кийбей, бир эле курдай үстүгө салып кетүүгө мүмкүнчүлүк
болот. Андай кийим-кечелер мурдагы Москвадагы эл чарбачылыгынын
жетишкендиктеринин Бүткүл союздук Көргөзмөсүнө коюлуп, күмүш медалына
татыган.
КОШУНДУ — куюшканга чабылуучу кооздук. Ал — узуну 6—7 см, туурасы эки см
«Н» тамгасы формасындагы кош шөкөт. Анын ортосунун узундугу эки смге, туурасы
бир смге барабар. Чынында, «кошунду» деген термин мына ушундан калат. Муну
кайышка алты мис мык аркылуу чаап бекитет. Ал эми «сүзмө», «солондор» эки
«купа» бир эле жеринен чабылат. Куюшкандын аттын эки соорусуна түшүп, тогоого
кирип-чыгып турган кайышка эки жерине чабыла турган сүйрүлөнгөн шөкөттү
«солондор» дейбиз. Мунун, узуну болжолдо 5 смдей, туурасы 2,5 см дей болот.
КӨБӨӨ — баш жана бут кийимдердин жакасынын, жеңинин, тегинин,
багалегинин: талаасынын, кырбуусунун, кончунун жээгине, ошондой эле жууркан,
төшөк, төр көрпө, көлдөлөң, кийиз күзгү кап, аяк кап, баштык, тердик ж.б.
буюмдардын четине бастырылып тигилген башка түстөгү кездеме, таар, көрпө,
кийиз. Көбөөнү кыйык деп да коет. Жасалган буюмга ылайыкталып айрым көбөөлөр
атайын саймаланып, «ала мончоктолуп» да тигилет. Көрпө, териден жасалган буюм
кечектер кездеме менен көбөөлөнөт. Элде: «Көбөө келсе көйкөлөт, жака келсе
жайкалат» — деген кеп бар.
КӨГӨН— эки казыкка керилип, козу-улак, кой-эчки байлануучу эшме аркан.
Ортосу кежигенин арасына кыпчылып кармалган, бир учу көзөнөктөлгөн, экинчиси,
томпоюп чоң түйүлгөн эки кат эшме жип «буурчакка» жандыктар каршы-терши
тизилет. Бир көгөндөгү буурчактын саны болжолдо 50—60 ка дейре болот.
КӨЗӨӨЧ — Устачылыктын куралы. Чеберлер металлды, сөөктү, мүйүздү теше
турган бургу сыяктуу аспаптарды өзүлөрү жасап алышкан. Анын жердиги кара курч
темирден тандалып, көбүнчө сабы темирден болот.
КӨК — өрүм (өрмө) буюмдардынын жердиги. Жүнү жылытылып, челденген
чылгый тери жана андан тилинген талдар. Ал — тери буюмдарын көктөйт, бекитет.
Камчы көгү жалпысынан «тасма» деп айтат. Көк тилүү — өрүмдү баштоо аракети.
Татаал өрүмдөрдүн жердиги көбүнчө кийиктин терисинен болот. Ал камчы өрүмүнө
бир өңчөйлүк кылат да, мунун тилинин текши келет да, өрүмү таасын түшөт.
Чеберлер тайлактын, кийиктин, торпок-музоонун жана эчкинин сыйрылган
терилерин нымдуу жайга коет, же шар сууга үч күндөй бастырат да, жүнүн бычак
менен шыпырат. Тегиз жерге тоборсутуп керип, суу бүркүп жумшартып тилсе,
«көктүн талы» делинет. Көк менен кайыштан жасалуучу буюмдарды тигүүнү
«көктөө» дейбиз.
Көк камчы өрүмдөй эле «эшик чий» согууда, керегени, бут кийимди көктөөдө да
кадимкидей колдонулат. Бодонун терилеринин бир жери калың болот. Бир жери
жука көрүнүп, текшилиги бирдей эмес. Илгери өрүмчүлөр даакысы түшкөн арык
тайдын терисин камчы өрүмдүн негизги жердиги кылышкан.
Айрымдар көк үчүн жаңы союлган кулундун, жабагынын жана музоонун
терилерин алат. Негизги тайдын териси калыңдык кылат. Анын боорунан тилип
алса болот.
Көккө керектей турган терини жылуулай бойдон жылуу сууга салуу зарыл. Же
терини шар аккан сууга байлоо керек. Ал бир жумага жетпей, колго келбей жыдыйт.
Муну түз жерге кергенде тери калдайып, тегиз кургап катат.
Мында көктү тилүүнүн эки ыкмасы бар. Адегенде жөнөкөй эле бычак аркылуу
тал-тал тилип алат. Анан аларды сындырыкка салып өткөрүү керек. Мында көк
текшиленип, көк талдары сыйда келет. Ошону үчүн анын өрүмү кооз көрүнөт.
КӨМӨЛДҮРҮК — «Көмөлдүрүк, куюшкан. Көркүм үчүн жарашкан» (Эл ыры). Бул
— ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрдин алдыңкы эки актасына бекитилип,
чагарак менен туташып, аттын омуроосуна тартылуучу каттай кайылган кайыш же
өрүм. Ал өр таяна бастырганда ат токулгасын артка жылдырбаш үчүн тагылат.
Көмөлдүрүктүн бир учу чагаракка бекитилип, экинчи жагы сагак менен биригет.
Мунун да жүгөндүкүндөй «сүзмөсү», «балдагы» менен «олоң тили» бар.
Көмөлдүрүктүн учундагы чачылуу «жүрөкчө», «сүзмөгө» чагарак аркылуу
байланышкан. Анын чеке-бели да кайыштан чачыланат. Үлгү катары жасала турган
көмөлдүрүктүн оң капталы 48— 50 см болсо, аттанаар сол тарабы 40—45 см, ошондо
илгичи артык башы менен 18—20 см болот.
Көмөлдүрүктүн көркөмдүгү анын «жүрөкчөсүнүн» ар кандай формада
шөкөттөлүшүнөн көрүнөт. Ал шөкөт тегерек, томпогой да келет. Демек, асыл
таштарды чөгөрүп, анын тегерек-четтерин күмүш торчолоп, ага өзүнчө көзчөлөрдү
чыгарып, кудум төөнөгүч, тамандуу шакек, куткундуу билерик кейиптенип кеткен
формасы да бар. Күмүш жалаткан көмөлдүрүктүн «жүрөкчөсүнө» атайын «зооткер»
түшүрүү да салтка айланган.
Ат жабдыктарынын бүтүндөй бөлүктөрүнүн шөкөттөрүнө акак таш жана ага тете
заттарды чөгөрүп, «тогуз төбөлөө» чеберчилиги күмүштү күлдүргөн зергерчиликтин
доорунда мыкты өнүгөт. Аларга «сыя төгүү», «чапкылоо» ыкмасы аркылуу
түшүрүлгөн элдик оюм-чийимдер «мүйүзчөлөнүп» да, «кыялданып» да берилет.
Азыркы чеберлердин кармаган көмөлдүрүгүнүн узундугу бир метр 40—50 смден
кем болбоо керек. Ээрдин алдыңкы актасына урулуучу шакекче алты см, учтуу
мыкча аркылуу бекийт. Ал жүзмөгө чакан эки чагарак менен туташат.
Көмөлдүрүктүн жүрөкчөсү да кош сүзмөлүү чагарак аркылуу бекийт. «Жүрөкчөнүн»
узундугу 5,5—6 см, туурасы 2,8—4 см келет. Ал кайышка үч жеринен чабылып,
жүрөкчө бекиген кайыштын учунда 5—7 смдей сеңселген беш-жети тал чачысы
болот.
КӨН БУЮМДАРЫ — Бодонун терисинен колдо иштетилген булгаары. Андан
салттуу буюмдар: жагдан, чыны кап, ат жабдыктары: жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл,
куюшкан, тердик (кичим) жасалат. Кепич, мөкү, маасы, көк жеке өңдүү бут кийимдер
тигилет.
Эңдейлене жана каттала тигилип, ал күмүш, жез, мис, калай, коло сыяктуулар
аркылуу шөкөттөлөт. Көндү «кол булгаары» деп айтабыз.
Чеберлер төөнүн, топоздун, уйдун, бугунун, булбулдун терисин жыдытат. Же
тери сыйрылаары менен туз сээп туруп, төрт бүктөп коет. Кээде муну кадимкидей
эле шар сууга бастырышат. Теринин өңүн буруу үчүн казанга чыланган сууга
салынган темир «кузат». Анын өңүн өзгөртөт. Ошол терини он беш, жыйырма күнчө
ышка коет. Ачуу ыш ичине жедеп сиңген терини сууга шапшыйт да, кайрадан
ыштайт. Мында тери мурунку абалын таптакыр өзгөртүп, калыңына тартып,
кадимки булгаары өңдөнүп, буржуюп калат.
Көңдүн ийи — сууга салуу менен ышка коюу. Анан тери ийленет. Бул — буюмкечектерди жасоого жердик даярдоо иш-аракети.
Мында ийлөөнүн эки түрү бар: майда жандыктардын жана кайберендердин
терилери кол учунда ийленет. Бодонун, бугу-маралдын терилери болсо өз
талкуусуна коюлат. Көн кургатылат. Даяр андан көбүнчө кепич, маасы, өтүк
өңдүүлөр ултарылып, кемер кур, жагдан, чыны куту өңдүү буюмдар жасалат. Ээр,
тердик, желдик тышталып, ага «чийме сынпоос» түшүрүлгөн.
Көн булгаарыга муңайым темир чөгөрүлүп, күмүш жалатылат. Акак, айнек,
каухар, жакут, зумурат коюп, «тогуз төбөлөйт». Азыр элдик чеберлер көн жасоого,
анча кызыгышпай калды.
Ак кайышты көнгө (кол булгаары) айлантуу үчүн жаз айларынан мурдараак тоо
талдын кабыгын алып келип кургатып, жаргылчакка тартып, аны кайнатат.
Чыгарып, тери күйбөгөндөй сууганда ал кайнатманы анын бетине төгүп ороп коет.
Аны анан талкууга бир аз ийлейт. Ошондо териге кол боек сиңет да, мала кызыл өң
берет. Ал жаанга калса да, күндө турса да, эч качан катпай, иштетүүгө өтө
ийкемделет. Муну кара өңгө айландырыш үчүн ага ачыган кара жарманын үстүңкү
тунган суусун куюп алып, дат баскан темирди буга салат. Чеберлер айткандай,
«темир кузат» (темир жарманын суусун өзгөртөт). Мында тери көк-кара өңгө
бурулат. Муну да бир аз талкууга алат. Мындай жол аркылуу өтө көмүрдөй кара
болбосо да, өңүн өчүрбөгөн кол булгаары (көн) пайда болот.
Көн жасоонун көп түрлөрү болушу керек. Бул көп ыкмалардын ичинен бир
ыкмасы болуп саналат.
Уйдун терисин сыйраары менен бетине акиташ сээп, жүнүн жыдытат. Эгер
бычакты тийгизсең, теринин кыртышы да, жалпы сапаты да бузулуп калышы
ыктымал.
КӨНӨК — Бул шири идиштеринин бир түрү. Бээ саачу, кымыз куюучу, кыскасы,
актын касиетин узакка ойдогудай сактоочу шири идиш. Муну көркөмдөп жасоодо
көпчүлүк чеберлер анын орточо бийиктигин жана диаметрин 26, 32 смден
ашырышпайт.
Чакан көнөктүн сыйымдуулугу он-он эки литрге барабар. Түп жагы оозунан бир
аз кененирээк келет. Идиштин чоргосу 18—20 смдей (болжолдо сөөм, карыштай)
болушу тийиш. Көнөктүн оозуна эки элидей (үч-төрт см дей) коюлган жыгач алкак
кайрылып кайып тигилет. Көнөк көчмөңдүү турмушта чакалык милдет аткарган. Ага
суу, сүт, айран, жарма, бозо сыяктуу суюктуктар куюла берген.
Нооматы келип турган күр жайлоодо боз үй тигилип, окчун жайда желе
байланып, кыз-келиндерибиз көнөктү карууга илип, желени карай кыялай
басуулары кыргыз элинин салтын, маданиятын, жайлоо келбетин көрсөтүп турат.
Көнөктүн ичтүүлүгү менен катар анын жасалуусу түрдүү формада болот. Айрым
көнөктүн чоргосу чайнек менен чөөгүндөй түбүнөн моюну узун келип, өйдө караса,
кээ бир көнөктүн чоргосунун көзү төмөн карайт. «Үч ийдирип сааганда, көнөк толо
сүт алдың» (Тоголок Молдо) — деп сүрөттөйт.
Кээ бир көнөктөрдүн түбү менен оозу бирдей кеңдикте болот. Түбүнөн оозу бир
аз куушураак көнөктү да чеберлер кармашкан. Бул идишке «кочкор мүйүз оюмун»,
«кыйма оюмун» көбүрөөк түшүрүп келишкен. Көөкөргө, көнөккө, сабаага, көнөчөккө
түшкөн «чийме сынпостор» ич ара бири-бирине катыш жасай беришет. Шири
буюмдарынын көркөмдүгү белгилүү болуп турат. Ал бардык идиштерге бирдей
түшөт.
Көнөк бээ сааганга өтө ыңгайлуу, колго токтомдуу, денеге жумшак. Ошондой эле
калдырап, саан берип жаткан бээни чочутпайт. Ал эми бир чочуган же үрккөн мал
экинчи жолу аягына адам жолотпойт, саадырбайт, чалпоо болуп калат.
Башка көн идиштердей эле терини ийлеп, ыштап, кептеп жасатат. Ага бээ саайт,
кымыз куят, куюлган актын касиети ойдогудай сакталат. Чакан көнөктүн
сыйымдуулугу 10—12 литрге барабар. Түп жагы оозунан кеңири келип, чоргосу 18—
20 см болот. Чоргонун жоон түбүнө чыпка коюлган. Көнөктүн оозуна 3—4
сантиметрдей (эки элидей) жыгач алкак кайрылып тигилип, эки жагынан өрмө кыл
боо тагылат.
Маселенин дагы бир жагы — шири буюмдарыбыз турмуш-тиричиликке гана
байланыштуу сөзсүз эле керек эмес. Бул — элдик кол өнөрчүлүгүбүздө өзүнчө
кайталангыс түрү. Аны нарктуу нуска катары сактообуз, кайрадан өөрчүтүүбүз үчүн
да маанилүү жагы бар. Тери буюмдарын, ага түшүрүүчү көркөмдүктөрдү азыркы
муундар көрбөй да, түшүнбөй да калышты.
Илгерки чеберлердин уздануу жана узануу аракеттеринде да көп кырдуулук,
терең сырдуулук болгон. Алар жараткан көркөмдүктөр биринен-бири өтүп, ошондой
эле окчун айырмаланган бөтөнчөлүктөрүн эми кимдер үйрөнүшөт? Мына ушул
жагын чечүү зарыл. Бул идиш улуу «Манаста»: «Көөдөндөн жулуп чөп берип, Көнөк
менен суу берип» — деп айтылат.
КӨӨКӨР — «Көөкөрүм кооз болсун — деп, Көп жубанга бычтырган, Көк жибек
менен тиктирген» (Жеңижок). Бул — шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз
куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан.
Калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан. Көөкөр
кармоодо аймактык айырмачылыктар бар. Мисалы, жаңы сыйрылган уйдун
терисинин жүнүн кырып алып, аны шилтеге салат. (Шилтеге салуу — комуз кактын
түбү менен чиенин карагандын бир түрү түбүн казып келип, аны казанга кайнатып,
ошого терини салуу.) Ал үч-төрт күндөн кийин аябай былпылдап жумшап калат. Аны
казандан чыгаргандан кийин ошол жумшак боюнча бычып тигет. Ичине кум салып,
анан тоборсуп калаар чакта ага өзүнүн мүйүз сындырыгы аркылуу (чийим шибеси)
көркөм оюм-чийим келтирилет. Тери ичиндеги куму боюнча кургайт. Көөкөрдүн
ийинин, моюнун жана түбүн көркүнө келтирүү үчүн шиши болот. Демек, кептөөдө
шиш, кум зарыл. Ал буюмдун кебин ойдогудай келтирет. Ага оюм-чийим батырыла
түшөт. Кумду төгөөрү менен ал дандайган көөкөр болуп калат.
Төө тери калың болот. Жибитүүдөн чыккандан кийин муну негизинен кол күрөк
менен челдейт. Көөкөр болуп бычылган теринин сырткы кыртышын өзүнчө, ички эт
жагын өзүнчө шибеге-темене менен тигет. Ал көөкөр кейпин бергенден кийин
теринин ичине топуракты, кумду, көбүнчө кум аралаш топуракты шыкайт. Көпчүлүк
көөкөрлөрдүн формасы — оозу кууш, моюну узун, түбү кенен, жалпак жана ийиндүү
келет.
Чеберлер көөкөрдүн көлөмүн ар кандай жасашат. Анын чоңунда алты-сегиз литр
суюктук сыят. Идиштин бир, бир жарым литрдик эң кичинеси да тигилет. Көөкөрдүн
ийинин, моюнун, булуң-бурчтарын атайын ийри шиш аркылуу көркүнө келтирип,
шыкалган топурак тоборсуур менен ага көркөм «чийме сынпос» түшүрүлөт.
Буга түшкөн оюм-чийимдердин же көркөм көчөттөрдүн элементтери негизинен
«ийрекке», «мүйүзгө», («кочкор мүйүзгө») «кыял», «жарым кыял» оюмдарына
окшошот. Ушундай эле кымыз куя турган шири кумарага (чайдөш түзбөлүндөгү
чорголуу идиш) да «кыйма», «карга тырмак» мүнөздүү келет.
Тери кийимге — көн тердикте «кыял», «мүйүз» оюмдары шарттуудай сезилгени
менен булардагы кооздуктарды жаратуу ыкмалары окшош болгондуктан бирибирине өтүшүп отурат. Орточо көөкөргө төрт-беш литр суюктук куюлат.
Зергерлер көөкөрдүн булун-бурчтарына, ийинине, моюнуна күмүш, мис, жез,
коло, калай өңдүүлөрдү да чөгөргөн. Ал түшкөн шөкөттөрдүн формасы ар кандай
көркөмдүктө болот. Көөкөрдүн кепкегине да түстүү металлдарды чөгөрүп, адатта,
жезден чагарак салынган. Анын кайыш боосу болгон.
Көөкөрлөр ар кандай формада жасалып, кыз-келиндерге арналган көөкөрлөр
андан бетер сыйдаланат да, «чийме сынпос» менен аруу кооздолот. «Токту берип
ыштаткан, Торко менен тыштаткан» — деп, идиш ышталып турган. Көөкөрдү
тыштап да коюшкан. Ал көчтүн сынын чыгарган. Тарых жана этнографиялык
музейлерде көөкөрдүн ондон ашуун түрү бар. Андагы түшкөн «чийме сынпостор»
бири-биринен айырмаланат.
Эки ийинсиз эле узун тал моюндуу, тегерек келип, ийин ордуна боо тагылган
көөкөр да жасалган. Буга түшкөн көркөм оюм-чийимдер жалпы алганда
«байчечекей» өңдөнүп, чийим ичинен кайра «чийим сынпос» чыгып, ортолору «тоок
көздөнүп» кетет.
Адатта, көөкөр кош ийиндүү болот. Моюну узунураак келип, койкоюп турса, ошол
көркөм көрүнөт. Мунун муунак-муунак сызыктардан туруп берилген «табактабакча» оюм-чийимдер үч бурчтукту түзүп, алар чийим шибеге аркылуу
«ийректелсе» анда да . буюм кооз болот.
«Көк шибери жайкалган, Көөкөрдө кымыз чайкалган» (Т. Үмөталиев) — деп
сүрөттөлөт. Көөкөрдүн мейман дастарконунун четинде койкоюп турушу, андан
таңдайды тарткан ынак кымыздын куюлушу элибиздин сыйкордугунун күбөсү
болгон. Демек, элдик кол өнөрчүлүктүн салтында түркүн буюмдун бетине көөкөрдү
элестеткен көркөм оюмду берүү жөрөлгөлөрүн чечмелей келгенде ал токчулуктун
символун туюндурат.
Желини булактаган бээни «көөкөр эмчек» деген турмуштук салыштыруулар бар.
Ыштоо менен шири идишке айланып, дайыма катуу абалын сактайт. Шири
идишти жылына бир-эки жолу ыштообуз зарыл. Зергерлер мындай көөкөрлөрдүн
булуң-бурчтарына, ийини жана мойнуна да күмүш, жез, мис, коло, өңдүү асыл
заттарды чаап, көрчөгөлөрдү чегелей турган. Андай көөкөргө чөгөрүлгөн шөкөттөргө
да элдик оюм-чийим беришкен.
Мыкты көөкөрлөр көлөмүнө карата кош ийини «кочкор мүйүздөнүп» түшкөн
оюмдары таза жана так, моюну койкоюп узун да, кыска да болуп, жалпы көрүнүшү
жыйнактуу келип, көргөндүн көөнүнө толгон.
Албетте, мал чарбачылыгы бар жерде көөкөр сөзсүз керек. «Көөкөрдөн куюп
кымызды, Көк бөрү тартып жаткан эл» (Манас) деп айтылат. Андан ардактуу
меймандарыбызга кымыз куюп сунуп, кыргыздын каада-салтын туюндуруп
туруубуз тийиш.
Сыйымдуулугу төрт-беш литр көөкөр жасоодо уйдун терисин жибитип, жүнүн
кырып, ички челдерин алып, эки бөлүктөн турган кеп жасап, ошону жатак алдырып,
көөкөр түспөлүн берүүгө болот. Мында эки беттүү жыгач калыпты алганда тери
кургаары менен көөкөр формасын сактап калат, ыштоо үчүн карагайдын
таарындысын пайдаланса жарайт. Мунун кепкеги чөйчөктүк да, кепкектик да
милдет аткаргандай кармалса болот.
КӨНӨЧӨК — «Кадымдан али кете элек, Карагай терген көнөчөк» (Байдылда).
Бул — шири идиштеринин бир түрү. Муну да чеберлер көнөктөй, көөкөрдөй эле
ыштап, бычып, кептеп өзүнүн формасына келтиришет. Көнөчөктүн көлөмү —
сыйымдуулугу ар кандай болот. Бирок, көнөктөй анча ичтүү эмес, чаканыраак келет.
Ага орточо үч-төрт литр суюктук сыят.
Адатта, каймак жыйноочу, ак куюучу, карагат терүүчү идиш болуп саналат.
Идиштин оозу түбүнөн бир аз кууш келет да, ашканадагы ала баканга илүү үчүн
кылдан же кайыштан боо тагылат. Көнөчөк уйдун желининен да жасалат. Буга кооз
«чийме сынпос» түшөт. Андагы көркөмдүк берки шири идиштерден анча
айырмаланбайт. Тактап айтканда, биринин кооздугун бири толуктап тургандай
туюлат.
Айрым чеберлер терини союлары менен жылуулай жүнүн алып, чиеге кайнатып,
кан жылымык кылып туруп, терини ага боеп, түнөтүп коет. Эртесинде керип,
кургатып туруп, аны бычып тигет. Анан ичине топурак шыкап, кептеп, тырмак изи
түшкөндөй кургаган чакта сыртынан темир шиш менен чийим түшүрүшөт. Анан
идиштер ыштоого коюлат. Андан кийин тери челекке салынат. Мундуктан ун, айран,
улпак — үчөөнү кошуп, «малма» жасалат. Бул «малмага» салуу деп аталат. Ал
кадимкидей ачып, жыттанып чыгат. Ага салынган тери өзү эле калыңдалат. Малма
жылуу жайда болот да, аны чебер улам байкап турат.
Убактысы жеткенде (20 күндөй) алып, көлөкөдө эки күнчө сергитет (Күн көрсө,
ал дароо курушат). Эки күнчө тери талкууга алынат. Ийине канчалык келип, тери
жумшак болсо, аны пайдалануу ошончолук жеңил.
КӨМҮР — «Көмүрүнө чыдабай, көп токойлор кыйылды» («Манас»). Бул — күйгөн
жыгачтын өчүрүлгөн чогу. Көмүрсүз көрүк үйлөнбөйт. Зергерлер жыгач отундун
чогун этиеттеп, гүлгө айлантпай өчүрүп алуунун сырларын да укмуштай билишкен.
Демек, чок болуп күйгөн отундун өчүрүлгөн ал кара күйүгү устакерчиликти
иштетүүнүн эң зарыл каражаты болот.
Көмүрдү өчүрүү аракети жана орду суу жээгине ылайыкташтырылат. Аны
өчүрүүдө кургак жыгач додо үйүлүп, от улуу жагылат. Күйгөн чакта чок күл болуп
калбагыдай, аны улам четинен атайын оюлган чуңкурга көсөө аркылуу шилеп, дароо
топурак менен жылчыксыз көөмп турат. Карды текши сээп, же сууну текши бүркүп
да, көмүр өчүрүп алууга болот. Өчүрүлгөн көмүргө аба кирсе, күйүп калат.
Четин, шилби, кайың, чычырканак сыяктуу катуу жыгачтардан өчүрүлгөн көмүр
шыңгыраган дабыш берип, чогунун өңү аппак келип, таптуу болот. Мындай көмүр
менен көбүнчө кара темир эритилет. Арчанын, карагайдын, талдын, теректин
көмүрүнүн чогу кызгылттанып, табы мүнөздүү келгендиктен зергерлер күмүш, жез,
мис, калай өңдүүлөрдү эритишет.
КӨМҮРЧҮ — «Карала болуп көмүрчү, карсылдаткан темирди» (Токтогул). Ал —
көмүр өчүргөн адам.
КӨМҮРКӨЙ — «Көңүлү менен болтуруп, Көмүркөйүн толтуруп» (Элдик ооз эки
адабияттан). Ал — аспап-куралдар сакталуучу сандыкча. Бул — темирден да,
жыгачтан да, шириден болот, ар кандай көлөмдө жасалат. Көмүркөйдө усталардын
зергерчиликке, ат жабдыктарына, жыгаччылыкка жана теричиликке, өрүмчүлүккө,
таш чегүүчүлүккө байланыштуу узана турган ар кандай аспап-куралдары менен
жасала турган буюмдардын жердиктери сакталат.
КӨӨРҮК (көрүк) — усталардын көмүрдү үйлөтө турган аспабы. Көмүргө көөрүк
жан киргизет. Кыргыздар урунган көөрүк «кол көөрүк» же «ала көөрүк» деп аталган.
Бул эки туюк териден, ача жыгачтан, түтүк темирден турган. Кош багалектүү
көөрүктүн сырты түктүү да, жаргактуу да келген. Буга эчкинин, койдун, кийиктин,
музоонун жана кулундун терисин колдонушкан. Көөрүктүн жерге тийип турган эки
жагында кармай турган казыкчасы болот. Мунун колго алуучу тарабында
«жуушанча» жыгачы бар. Анда баш бармакка илүүчү, төрт салаага кирүүчү
кайыштары бар. Ал ачылып-жумулуп турат. Жел ууртатууда көөрүктү алма-телме
көтөрүш керек. Көөрүк жыйырылып, жел чыкпай калбашка анын алаасын керип
туруучу казыкча орнотулат.
Көөрүктүн учундагы бирөөнүн жоондугу билектей кош жыгач адегенде темир
бурама аркылуу чебер тешилген. Ошол көңдөйүнүн кенендиги баланын билеги
баткандай эки тешик бир жайдан чыгат.
КӨӨРҮКЧҮ — устанын көрүгүн басуучу, балка, барсканын чабуучу жардамчысы.
КӨӨР (Каухар, көөкар) «Андаштын уулу Сары эле, Айдалып барган а деле,
Колунан көөрү төгүлгөн, Усталыгы бар эле» (Токтогул). Ал — ар кандай асем
буюмдардын жүзүн ачуучу асыл зат. Демек, чебердин колунан жараткан аруу
нускалар «көө хардай жанып турат» деген түшүнүктү берет. Айлакер чеберлерге, иш
билги зергерлерге карата даңктала айтылат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.