Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20

Total number of words is 3778
Total number of unique words is 1975
20.0 of words are in the 2000 most common words
30.2 of words are in the 5000 most common words
37.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Үй жыгачын ийиш үчүн адегенде алардын узун-кыскасын ченеп кесип алат.
Даярдалган ууктук жана керегелик жыгачты түтөгөн морго салгандар бар. Кык
күйүп кетпесин үчүн үстүнө суу бүркүп турат.
Түштүк кыргыздарда үй жыгачын кызытуу бөтөнчөрөөк. Топурактан бийик меш
(мор) жасайт. Анын моюн жагы ичке болот. Мордогу жыгач солкулдап жумшайт.
Кадимки эле койдун саргектей жаңы кыгын бир чекесинен жайып, ага суу сээп, анын
үстүнө кайрадан кык кошуп, дагы суу чачып, тизе боюндай сары кыр үйүлгөндө ууккерегелик талды ошого сойлотот. Билектей талдардын бир тобун, ошентип, катар
сойлотуп жаткызгандан кийин анын үстүнө дагы кык бастырып, кайрадан чакалап
сууну кол менен шапшып себет. Талды дагы үстүнө тизе баштайт. Акыры үйүлгөн
кык балык жон болот. Бир жарым саат убакыттан кийин ысык буу өйдө көтөрүлүп
чыгат.
Анан жыгачтарды сууруп алганда ысыган жыгачтын илеби көпкө суубай,
талаптагыдай жашып турат. Тезге дароо коюп, ийри-муйрусу жеңил түзөтүлөт.
Айрым аймакта эчки талды «сомби тал» дейт. Кесилген карт талдардын ордуна
майда талдар өсөт. Муну кыйып, нымдуу жерге атайын жыш тигип таштайт. Ал
камчы саптай түз чыгып, өтө ийилгич келгендиктен, аны кыйып келип, кабыгын
аарчыбай туруп кургатат. Бул да күзүндө кыркылат. Кабыгын дароо аарчыса, жыгач
жарылма болот. Кыштай жаткан талды жазда сууга бир жумадай таштаса, ал аябай
жибийт. Андан кийин кабыгы аарчылат да, тезге коет. Тарткычын учурунда
жыгачтын кабыгы жылмаланып кетет. Талды кыйып келип, кабыгын дароо аарчып
кургатып, анан тезге салууга да болот. Тал тарткыдан өткөндөн кийин матоого
түшөт. Мурун үшкү аркылуу көзөлсө, алар азыр сверлону колдонуп жатышат.
Үй жыгачтык талды январь, февраль айларында барып кыйгандар да бар. Ошол
тапта өсүмдүктүн өзөгүнө суу жугузбай, жыгач Хаана бышып, катуусуна тарткан
учуру болот. Калган чактары жыгачтардын кандайдыр борпоңдугу сезилет. Ошондо
кыйылган жыгач майга дейре кыймылдабай бир орунда жатат. Тал эки айда
талаптагыдай кургайт. Ал табы менен кургабаса жарылып кетет. Чеберлер жасап
алган узундугу төрт метр бочкасына жыгачтарды толтура салат. Жел чыкпаган
бууга талдарды эки саатча кармайт. Ошондо жыгач былпылдап жашыйт. Албетте,
бул — жаңы ыкма, минтип буюм кармоо усталардын новатордугу болуп саналат.
Матоодо жана тезге салууда кереге баштарын артка кайкалата, уук
билериктерин имерилте ийген чеберчилик мында бөтөнчө сезилет. Натыйжада, боз
үй өтө кептүү тигилет. Жоон талдарды (төрт чарчылап) тилип, аны кайнатып алып
матаса, андан бетер мыкты болот. Чеберлер көркөм буюм кармоодо ар бир
жыгачтын ийкемдүү жагдайларын жакшы билишет.
ҮРТҮК — «Абайы үртүк, ак быштан, Аргымак аттар көрүнөт» («Манас»). Бул — ат
жабуунун адими түрү. Бул — аш-тойлордо байгеге чабылуучу белгилүү жорголорду,
кулүктөрдү жана каркыралуу көч баштаган кыз-келиндердин мингендерин кол
жеткиздей кооздоо. Үртүктүк жип көбүнчө ичке ийрилет. Ал терме, беш кеште,
кажары түрүндө да согулат. Кымбат жердиктен (нооту, абайыдан да) тандалат.
«Абайылап жасалган, кыз-келиндин үртүгү» — деп айтылат. Аттын моюнун,
көкүрөгүн ороп, капталын жана соорусун жаап, ичи жука кийиз аркылуу ичтелип,
чети учкул кыялы аркылуу укмуштай саймаланат да, жээктери төкмө чачыланат.
«Аттарынын баарысы, үртүк менен жабылган» («Курманбек»).
ҮШКҮ — жыгач усталардын негизги аспабы. Чеберлер буга жумуру жыгач
саптайт. Учу миздүү болот. Муну менен уук баштарын, кереге көздөрүн көзөйт.
Кобул салгычтын төрт-алты тиши бар. Алардын аралыгы үч мм ге барабар. Кичине
үшкү төрт тиштүү, чоң үшкү алты тиштүү болот. Чебер үшкүнү өзүн карай тартып,
жыгачка «тап» (кобул) түшүрөт. Кереге жел көзбү, же тор көзбү, ошого ылайыктап,
бардык өлчөмдөрү бирдей болгондой кылып, чен жыгач жасалат. Мына ошол
аркылуу керегени башынан аягына чейин көзөлүүчү жерине так (темгил) түшүрөт.
Үшкүнүн жумушчу бөлүгү жаанын жебесинин учу түспөлдүү келет. Ал өтө курч,
шиштүү болот. Анын сабы алты-сегиз кырдуу, буроонун (гайканын) түспөлүн берет.
Мына ошого кайыш оролот. Үшкү жерге кагылган эки жыгачка орнотулат.
Кайыштын эки учунан кармап туруп, алмак-салмак кое берип тартуу менен үшкү
кыймылга келип айланат. Мында чебер өзү үшкүлөйт. Жардамчысы темгил түшкөн
жерин үшкүгө кармап берет.
Азыр чеберлер үшкү ордуна бургу (сверло), матоо ордуна пресстөөчү
станокторду пайдаланышат.
ҮКҮК — жыгачтан жасалган ашкана буюму. Жыгач усталардын
чеберчиликтерин баамдатаар үкөккө ар кандай тамак-аштар сактала турган. Ал —
бир эсептен жыгач сандыкча. Муну кайыңдан, теректен, карагайдан, арчадан,
жыгачтан, өрүктөн жана башка ушул сыяктуу ар түркүн жыгачтардан жасашат. Үкөк
баштапкы абалын сакташы үчүн жыгач уста тактайды татынакай кургатат.
Болжолдо, үкөктүн узуну 80—100—95—102 см, туурасы 40—50— 45—55 см болсо
сыйда көрүнөт. Мунун бийиктиги 40— 50—55 см келет. Үкөктүн капкагын эки
допшо менен бекитет. Маңдай бетинен ортосуна кадай турган кичинекей кулпу
салгычы болот.
Үкөк көчмөндүү турмушка шартташкан. Аны өтө эле көлөмдүү эмес, орточо жасоо
максатка ылайыкташкан. Жыгач чеберлери үкөктүн маңдай бетине элдик көркөм
оюм-чийимдерин түшүрүшкөн.
Жыгачка көркөм оюм түшүрүү үлгүсү мына ушул буюмдан баамдалат. Абалы,
мунун бетине түшүрүүчү оюмду шибеге аркылуу акырын билинээр-билинбес
негиздеп алат. Анан анын изин бычак менен үстүнөн дааналайт. Текенин мүйүзүнөн
учтуу таякча жасап, ошону менен алиги чийимдин артынан дааналап салмак менен
басканда көркөм оюм-чийим кашкаят. Түшкөн жыгач кооздугу чагарак имерилип, ич
ара шайкеш жана төп келип, көбүн
эсе негизги «мүйүз-оюмун» («кочкор мүйүз», «кош мүйүз», «теке мүйүз», «кулжа
мүйүз») элестелет. Мында шырдактай «табак оюмдары» да орун алат. Үкөктүн
жыгач оюму рельефтүү келет. Оюмду жаратуу үчүн мүйүздөй эле учтуу жумуру
темирди да пайдаланышат.
Үкөк — элдик жыгаччылык өнөрүндөгү көркөм нуска. Бул үйгө өзүнчө көрк
берет. Анын ичине баалуу буюмдарды катууга болот. Ал адими буюмду күбөдөн
жана чаңдан сактайт. Муну салттуу үлгү катары кайрадан өнүктүрүү
жыгаччылардын асыл милдети болуп саналат.
Мырза теректен буюм кармоо жеңил, ага көркөм оюм-чийимди түшүрүү өтө
ийкемдүү келет. Үкөк оюмдары бул унутулуп баратылган көркөмдүктү кайрадан
эске салат. Кадимки «Кыял оюмунун» элементтери «кулжа мүйүз», «мүйүз оюму»
менен тирелишип, ич ара табак оюмду түзүп тутумдашып турат.
ЧАВАДАН — Жаздыктын алдынан башка жаздалуучу, жүккө жыюуда өзүнчө көрк
ыроолочу сеп катары кызга берилүүчү килемче. Анын калган бөлүгү бөздөн, таардан
тышталып, ичинде кебез же саман салынган. Ал кадимки жаздыктык милдет
аткарат. Болжолдо орточо чавадандын узунуна — «эришине» 150 тал жип кетет да,
анын каттай чыйратылган жоондугу бир мм дей эчкинин кылтагынан аркагы болот.
Муну эки метрдей кылып куруп согот, Аны согуу килемдей келет. Эриш-аркагына
эки кило, жүлүнө 1,5 килодой — ошондо орточо 3,5 килодой жүн-кылтак кетет.
Чаваданды соккондо эки четине «тумарча» үчүн 14тал (7 + 7) жип сарпталат.
Анын ичине «ала мончок» келтирилет. Анан «кош кайкалак көчөтү» менен
«жылдызча көчөтү» түшүрүлөт. Ортосуна «чоң тумарча көчөтү» келсе, негизинен
анда «үч жылдызча», «алты коргончосу» болот. Бул токулганда узуну 90 см ге
барабар. Ага да кызыл, ак, көк, сары, күрөң өңдөр ич ара жупташат.
ЧАКЧА (НАСКАБАК) — «Чалдар да жыргап ал кезде, Чакчадан насын чекчү эле»
(Байдылда). Бул — назбай чегүүчүлөрдүн өздүк буюму. Илгери элибизде мүйүз чакча
урунуу салттуу болгон. Ага назбай салынып, чөнтөккө дайыма сакталуучу. Бул чакан
идиш күмүштөн да, жезден да, мистен да, калайдан да чүкүрттөлүп жасалып, анын
бетине кадимки металлга таандык элдик көркөм оюм-чийим түшкөн. Ашкабактан
кургатылып оюлган чакчаны «наскабак» дейт. Муну көбүнчө Түштүк
Кыргызстандын журтчулугу арбын колдонушат. Чеберлер чакчаны жасоодо
адегенде жердигин тандашкан. Буюм негизинен төрт бөлүмдөн турат. Чакчанын эки
капталынан бирөө жазыраак, экинчиси кичирээк алынат да, аларды өзүнүн
мүйүздөн же жыгачтан жасалган жатагына коюп, эки бөйрөгүн чыгарып туруп,
ичинен бири-бирине жиксиз бириктирет. Айрым зергерлер алардын бөлүктөрүн
ичтен кабыштырууда ыро колдонушат. Коргошун менен кепшердейт. Чакчаны
моюнунун оозуна кайрыла коюлуучу жери «чакчанын курбусу» деп аталат. Анын
оозу менен моюну гана данакерленип, тыгыны чачыланат да, күмүш, жез, калай, мис
аркылуу чүкүрттөлөт. Чакчанын эки жак беттерине «чапкылоо ыкмасы» аркылуу
чапкылар менен түшүрүлүүчү оюм-чийимдер негизинен «мүйүзчөлөнүп», ич ара
«табакчаланып», «куш тырмактанып», «жарым кыялданып», кудум шырдак
оюмдары сымалданып кетет. Чакчанын бөлүктөрүн ичинен жиксиз бириктирүүдө
зергерлердин жекече ыкмаларынын жашыруун сырларын өзүлөрү гана билишкен.
ЧАМГАРАК — түндүктүн негизги бөлүгү. Аны чеберлер каалагандай жасай
алышат. Ал кооздугуна карай үч-төрт катардан коюлушу ыктымал. Чамгарак
тешиктери ууктукуна карама-каршы үстүнөн тешилет. Эми баскак болсо
чамгарактын үстүнө түшөт. Ал чамгарактардын жылып кетпеси жана кооздук үчүн
коюлат. Жалпы алганда Баскак кандайдыр көркөм оюм түспөлүндө берилет. Муну
усталар кол жеткистей кармоодо.
ЧАПАН — «Туугандыгын билгизип, Тукабадан сарпай кийгизип». («Манас») —
(«Сарпай» — «чапан» деген түшүнүктү берет.) Бул — сырт кийимдин бир түрү.
Чапандын жердиги башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүүлөрдөн тандалат.
Жеңи менен бою бир бычылган ага жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет.
Чапандын ичи-сыртын бирдей шырыйт. Элибизде каптама чапан мүнөздүү болгон.
Кийим мында кенен бычылат да, ичи шырылган, сырты капталган. Албетте,
чапанды бычып тигүүдө жергиликтүү өзгөчөлүктөр байкалат.
ЧАПКЫЛОО — Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн
издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо. Металл бетине оюм-чийим түшүрүү.
Муну бүгүнкү зергерлер абдан пайдаланышат. Алар жез, мис, коло, датчалбас,
нейзильберь, мельхиор, калай өңдүү заттарды тандабай, бирдей даражада
иштетүүлөрүнөн билинүүдө. Бул ыкма менен зергерлердин өз колунан жасап алган
аспап-чапкыларынын көп түрү бар. Аны бири-биринен чатыштырбай, темир бетине
даана чаба билүүсү менен буюмдарга кайталангыс кооздук берилет.
Ар бир аспабын жасоодо зергер өзүнүн жекече «кыял чабыттарын» негиз кылып
алат. «Айыш чапкы» деген ошол зер буюмга «жээк» салат. Оюм-чийимдин кичине
чоңуна карата «ат туяк», «тай туяк» деген чапкылар колдонулат. Учун беш кыр
кылып чыгарган, кичине — чоң мыктан жасаган «жылдызча» өңдүү чапкы буюмдун
түрлөрүн асемдүү кылат. «Чаар чапкы» оюм-чийимдин тегерегине көп чекит
түшүрөт. «Чуңкур такта», «тоок көз» андан да майда «чымчык көз» өңдүү
чапкылардын өзүлөрүнүн өз алдынча, бири-бирин кайталагыс кооздук берүүчү
бөтөнчөлүктөрү бар. Зергердин «кар чапкы» дегени чилдеде кымкарлап жааган
кардын кандайдыр жылдыз кейиптенип кеткенин элестетет. «Кайчы кулак», «кыял
ачаке» чапкыларынын түшүргөн кооздуктары адамды суктантат.
Чеберлерде үч бурчтуулук менен ар кандай түр бере турган аспаптардан он
чактайы болот. Кээде бир эле буюмга бул чапкылардын баарын жаземдебей
колдонууга туура келет.
ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар
жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик
үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс
алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет. Күндөлүк
жашоону канааттандырууга шартташкан бул өңдүү чоң жыгач керебет арчадан да,
карагайдан да, талдан да, теректен да жасалат. Анын болжолдуу узундугу 2—2,5 м,
туурасы 1,8 метрдей келет. Супанын кабелтең төрт кыр, же жумуру буту болот. Эки
башы кереге көздөнүп, бул чебер муунактала кырылып, өзүнчө кооз көрүнөт.
Чарпая тактайланат, үстүнө килем, шалча, шырдак, төшөк салынат. Бул Түштүк
Кыргызстанда үймө-үй бар. Чарбактын ичинде бирден-экиден чарпая күткөндөр
көп. Алардын көркөмдүгү ар кандай көрүнөт.
ЧАЧПАК — «Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул
— зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн
тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач
байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем
көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече
маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат.
ЧАЧКАП — «Чачкап таккан чачыңан. Үргүлөйүн ай тамак» (эл ыры). Бул — азем
буюмдардын бири. Ал чолпу менен чач учтукту жаап, чачты чаңдан сактап, кооздук
үчүн тагылат. Анын жердиги, кара, кызыл, жашыл, көк өңдөгү тас баркуттан
тандалат да, эки өрүм чачка чакталып жасалган. Мунун бетине түшкөн көркөм
шөкөттөр да ар кандай болот. Түшкөн көрчөгөлөрдүн формасы түрдөнүп, сайма
көчөтү сымал алмаша чегеленет. Чач кептин учу төкмө чачыланат. Анан бой тумар
сыяктуу төрт чарчы чач кептин туура эниндей күмүш тактача кадалат. Анын бети
оймо-чиймеленип кетет. Андан өйдө көркөм калыптан чыккан, же кайчыланып
жасалган жука жана майда шөкөттөр үч-төрт катар аземделе чөгөрүлөт. Чач кептин
башына кайрадан жазы тактача күмүштөр бекитилет да, анын өзүнчө кооздугу бар.
Орточо чачкаптын узундугу — 40—50 см дей, туурасы 15 см дей келет да, «аркалык»
деп күмүштөн чабылган көркөмдүктү аягына тагат. Анын өйдө жагы төрт каттала
узунунан шуруланат. Андан өйдөсүнө чегеленген («чеге» деген «чегелөө» дегенден
чыккан) кооздук менен седептер орун алат да, өйдө жагы чачка тагылат. Чач каптын
үч чогунун узундугу беш см дей келип, шурулана чачыланат.
ЧАЧПАПИК — «Эңкейсе эрке чайпалган, күбөңдү сагындым» (Аалы). Бул — азем
буюмунун бир түрү. Бапик анын коюу төкмө чачыларынан улам айтылат. Чолпунун
бир түрү. «Күбөк» деп да аталат. Ал да кол жеткиздей кооз жасалат. Күбөктү
кармоонун өзүнчө таасын ыкмасы бар. Чачта анын өтө эле келишимдүү көрүнө
турган кооздуктары өзү эле баамдалат. Бул азем буюм Талас, Кетмен-Төбө, Ала-Бука,
Чаткал, Аксы тараптагы жашаган элдерде көп кездешет. Күбөктүн күмүштөн болгон
түрү конустай, же көмкөрүлгөн калпакчадай көрүнөт да, мунун бетине чийим түшөт.
Ага сөзсүз себет жугузат. Ал оюмдар «карга тырмактанат» «кыялданып» кетет.
Кебезден, жүндөн ийрилген жип чыйрак чыйратылып, челденип, топ чачыланып,
зердин көңдөйүнө бекитилет. Анын сыртынан шуруларды, мончокторду сеңселтип
коюуга болот.
ЧАЧЫК — элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Ал эки ыкма менен жүзөгө ашат. Түймө
чачыны керип алып, бир баштан түйүүнү бир эле уз аткарат. «Төкмө чачыга» эки же
андан ашуун адамдын колу тиет. Бирөө чачыктын эришин эпилдетип өткөрсө,
беркиси катуу чыйратылган жипти калыбынан жылдырбай өткөрүп турат. Ошентип,
чыйратуусу келишкен жип тегиз селкилдеп, төкмө чачысы көңүлгө тойгондой
элести тартуулайт. Төкмө чачыда «чок» болбойт.
Түймө чачыны да кылдырооч «тегирич» үчүн пайдаланабыз. Муну колу
билгендер түрлөнтүп жиберишет. Албетте, мында түймөчүлөрдүн ыкмалары бирибиринен
айырмаланат.
Мурунку
уздардын
уздануу
ыкмаларынын
бөтөнчөлүктөрүнүн бири саймаланган түймө чачыга шуру да өткөрүшкөн. Андай
кооз буюмдарды айыл арасынан азыр да кездештиребиз. Түймө чачыны жасоодо
түймөчүлөр ар бири үчтөн тал жипти он төрт жолу чалып, кырк эки тал жипти
жаңылбай түйүп, анын торчосуна сегиз тал жип колдонушат.
ЧАЯН ТҮЙҮШ — элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Чаян түйүштө абалы жиити
ызгыттай чыйратып, муну бир нече каттайт. Анан жасалуучу буюмдун болжолундай
ченеп, кесип-кесип алат да, анын сыртынан жиптер менен түрлөнтүп оройт. Эми
анын «илгичи» жасалат. Болжолдоп алганда ууктун учуна илгендей кылып, ал
көзөнөкчө жип аркылуу бекитилет. Аягына Чаян түйүштү берүү үчүн эшилип
алынган үч жип бири-биринен арчындалып өткөзүлөт да, аягына узундугу
нукумдай, сөөмдөй «топ чачык» жасалат. Алдынан эки айрыкча (бутча) мунун «топ
чачыктан» көрүнүп тургандай ар биринин жогорудагыдай түйүшү бар. Андан соң
чаян түйүлгөн үч жип үч илингиси аркылуу кайрадан биригип, эми бул жерден чаян
түйүшү менен «топ чачысы» пайда болот. Ар бир айрыгынан дагы үч бутчанын төрт
чаян түйүшү жана эки илмесинин этеги да топ чачы аркылуу бүтөт. Ал боз үйдүн
ички себи үчүн колдонулат. Ууктун эки же төрт тарабына илинүүчү кооздукту уздар
чаян түйүп жасашып, эшикти ачып-жабууда эпкин аркылуу жылаажындай жагымдуу
үн бергендей ага кичинекей коңгуроолорду тагышкан. Илингенде чаян түйүш жана
топ чачылары бажырайып салаңдап турган мындай буюмду айрым жерлерде «уук
учтук» («дабыш берет») деп аташат.
ЧЕБЕР-АТКАРУУЧУ— элдик көркөм кол өнөрчүлүктө өзүнчө чыгармачылыгы
жок, ошол нагыз элдик уздардын атайын жараткан үлгүлөрү боюнча бирин көрүп
бири, бирин көрүп бири уздануу үчүн учук саптаган адам. Мисалы, шырдак жасоодо,
сайма саюуда, өрмөк согууда, килем токууда, түймө чалууда, чий чырмоодо, жип-шуу
эшүүдө, кийим тигүүдө, асем буюмдарын, ат жабдыктарын кармоодо, боз үй тигүүдө
мындай чебер-аткаруучулар айыл ичинде арбын, көпчүлүк үйдө бар.
Элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелери турмуш-тиричилик жана өнөр жай
комбинаттары өңдүү коомдук ишканаларда бир нукта механизацияны колдонуп, же
колдонбой, керектүү буюмдардын ар кандай түрлөрүн чыгарып жатышкандарды да
биз чебер-аткаруучулардын катарына кошобуз.
ЧЕЛЕК — «Алкак ийип арчадан, Түп кынагын челекке» (Калык). Бул — жыгач
идиштеринин бир түрү. Көбүнчө суюк нерселерди куюуга, ачытууга, уютууга
колдонулган идиш челекти чеберлер арчадан, кайыңдан, карагайдан жана
башкалардан жасашат. Болжолдуу калыңдыгы эки см дей, бийиктиги (бою) 46—
55—65—75 см дей, 3— 16 литр сыйымдуулукта (ичтүүлүктө) кармашат. Мында
чебер керектүү чоңдуктагы жыгачты кыйып келип, жарып кургатат да, өз-өзүнчө
чабактап чыгат. Аны керектүү формада кынаптайт. Бири-бирине калай, жез, мис,
көбүнчө жукартылган тал, арчадан алкак ийип, курчап бириктирет.
Жыгачтын ичин оюп, чакан челек да жасалат. Ага көркөм кештелерди
түшүрүшөт. Мында кырмачылык ыкмасы колдонулат. Ал «бал челек», «май челек»
деп аталат. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамын бузбай сактоодо
муну кез-кез ыштап, мал майына кандыра майлап турат.
ЧООР — «Эриккен жаным чоорду алып, Сызгырылта баштадым» (К. Баялинов)
бул — элдик аспаптардын бири. Үйлөмө аспаптардын түрлөрүнө кирет.
Чоор — элдик үндүү аспаптардын эң байыркысы. Ал негизинен өрүк, карагайдан
жасалат. Мурун куурайдан да, шилбиден да чоор жасалган. Аларга койдун кызыл
өңгөчүн каптап, чоордун эки башы ачык болгон. Чоорду жасоо жана аны тартуу —
жеринен сейрек көрүнүш. Натыйжада, чоорчулар аз. Азыр анын аягы тыйылып
баратат. Үч-төрт гана үн чыгып, айрым обондор чоорго келүүчү эмес. Чоор кийин
жокко чыгып баратышы төгүндөлбөйт. Мына ушуларды эске алып, аны жакшыртуу
үчүн нооталык түзүлүшүнө ылайыктап кайра өзгөртүп жасоого чеберлер
узанышууда. Мында аспапка үн, көрк жана форма берүү көңүлдүн башында турат.
Ооздон чыккан жел түтүк аркылуу чоордон үн берүүчү тешигин үйлөнүп, жеңил үн
чыгарууга мүмкүндүк түзүлүүдө. Ошондо чоордун ичиндеги «жөнгө салгыч» оңго же
солго буралып, чоордогу үн берүүчү тешикти издейт. Эгерде бул жөнгө салгыч толук
өз милдетин аткара албаса, анда «жардамчы жөнгө салгычтын» буроосун бошотуп,
оңго же солго айлантып, же узартып, же кыскартып, чоордун үнүн издеп табууга
болот.. Бул «жардамчы жөнгө салгыч» жез түтүгүнөн жасалууда. Анын узундугу 14
см, дм 8 мм болот. Мындай элдик үндүү аспап оркестрге кошулууда.
ЧҮКҮРТТӨӨ — камчы, чакча, кепкек өңдүүлөрдүн булгаары чачыктарын күмүш,
жез, мис, калай өңдүү жумшак металлдар аркылуу шакекче кылып шөкөттөө.
ЧЕПКЕН — «Алдына ат тарткан, үстүнө чепкен жапкан» (макал). Бул — сырт
кийим. Башкы кийит. Анын жердигин уздар таардан да, кездемеден да тандашат.
Суп чепкен төөнүн жүнүнөн чарык жиптей ичке ийрип, аны оңго-солго чыйратып,
өрмөк аркылуу таңдайлаштырып, эндүү согуп, муну бычып, жалаңкат ичтеп
тигилген. Аны «төө чепкен» деп да атайт. Кийим мала күрөң тартып, ачык маанайды
берет да, ошончолук бышык болот. Койдун жүнүнөн, кебезден ичкерээк ийрип,
жалаң бир өңдө же эки-үч өңдө күзүктөп, аркак салуу аркылуу согулуп да чепкен
тигилет. Чепкен чапандан көөлгүй кенен тигилет да, ичтелип, ага жүн менен кебез
калыңыраак салынат. Буга бүчүлүк менен топчу кадалат. Азыр чепкен-чапан, чапанчепкен аралаш мааниде колдонулууда.
Мал чарбачылыгын арка тутуп, көчүп-конуп, жашоо-тиричиликтерин өткөргөн
кыргыз элинде жалаң жүндөн жасалган чепкен наркка өткөн. Тепме чепкенди «таар
чепкен» деп айтат. Тепме чепкенди — өрмөктө кезек согулган таарды кайнатып,
кадимки кийиздей киргизип, тепкилеп, басып сыйдалта жасаган. Пиясы чепкен
жеңил да, сыйда да болот. Кездемелердин жердигине карата — бөз чепкен, нооту
чепкен, чий-баркут чепкен, баркут чепкен, кымкап чепкен, парча чепкен, трайке
чепкен деп айтылат. Булар тигилишине карата басма чепкен, шырыма чепкен,
жалаңкат өңдүүлөргө бөлүнөт.
Азыр өнөр жай ишканаларында элге эң керектүү буюмдардын жана кийимдердин
катарында чепкен менен чапан тигилүүдө. Анда бул эки сырт кийимдин
айырмалары анча баамдалбайт. Булардын негизги жердиги кездемеден болот.
Чапанга караганда чепкенди жалаңкат эле ичтелген тукаба, баркут, чий-баркут
чепкендерге көркөм сайма көчөттөрү түшүрүлүүдө.
Аялдар үчүн тигилген чепкендин жердиги адими кездемелерден тандалат. Анын
жакасына, өңүрүнө жана этек-жеңдерине баалуу аң терилери бастырылат. Мында үй
ичинде, эс алуу жайларында дөөлөт катарында жүрүүгө шартташкан. Мунун
жердиги кара, жашыл, көк, кызыл тас баркуттан жана чий баркуттан тандалып,
анын өңүнө карата көркөм көчөттөрү түшүрүлүүдө. Кара баркутта кызыл кочкул
кандайдыр басмырттыкты пайда кылат. Элдик «ит куйрук оюмун» чийип, сайма
көчөттүн геометриялык жактан татаал айкалыштарын берүүгө да болот. Анда
чийимди жоонойтпой, бирдей ичкеликте алып, уздар кыялданта берет.
Чепкендин — чапандын жакасына өзүнүн энине карата көчөттү ичкерээк берүү
кооз сыяктанат. Өңүрүнө, этегине жана жеңинин учуна түшкөн көркөм саймалар
бирдей көрүнөт. Кийимдин эки каптал этегиндеги берилген көчөттөр буюмдагы
жалпы кооздукту өзүнө оодарып, төгөрөктөлө шарттуу имерилет.
Ошондой эле кара баркуттагы түшкөн саймалардын жээгиндей берилген, анча
жыш салынбаган негизги көчөттөрдү толкун сызыктар, же «чычкан изи» сымал
актан «суу» (көчөттөрдүн араларын бөлүп турган жол) берүү менен буюмдун ажарын
ачуучу кооздукту кашкайтып таштоого болот. Буюмдун жердиги көк баркуттан
турса, мунун жиби кызыл кочкул өңдөн тандалса, «бычак учу»,
«бармак боочу» жана «мүйүз» оюмдарынын элементтерин ич ара шарттуу алып,
алардан бутакчаларды, сабакчаларды чыгарып, көл толкуну сыяктуу «кыялдантып»
кармалат. Муну тегерете курчоочу «суусу» сары менен кызылдан болот. Эгер кызыл
кочкул, күрөң кызыл сымал өңдөр буюмдун сайма көчөттөрүнүн негизин түзсө, анда
анын жүгүртүлүүчү «суусу» же «ала мончогу» (көчөттөрдү айырмалап турган түр)
актан болсо, чакчайыңкы келип, түшкөн көчөттөрдү өзүнө оодарып алат да, анча
жагымдуу таасир калтырбайт.
ЧИЙ — «Килем көчөт келтирип, чырмак салган чийине» («Манас»). Бул — элдик
көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, чырмакчылыкты жүзөгө ашырууда
негизги материалы.
Чий өсүмдүгүнүн бышкан маалы августтун экинчи жарымына туура келет. Өтө
ката элек чийдин түбүн жумшак кезинде ыгы менен жулуп, мээлүүн кургатат. Чийди
түбүнөн кетмендеп казып алууга да болот. Согуу жана чырмактоо алдында абалы
боолап коюлган мунун кабыгы аарчылат. Нымдуу жайда жаткан чий чирип кетиши
ыктымал.
Күнөстүү Кыргызстанда чий өтө көп өскөн. Мурдагы Кыргыз ССР сүрөтчүлөр
Союзунун көркөм фондусу, Кыргыз ССР театрлар Коому жана Кыргыз ССР
жергиликтүү өнөр жай Министрлигинин, Бишкектеги «Кыял» менен Оштогу
«Мурас» бирикмелери аркылуу жүзөгө ашырылып турулган өкмөттүк маанилүү
тапшырмалар үчүн накта чийдин жердиги республикабыздын Тоң, Ысык-Көл, АкТалаа, Тогуз-Торо, Ат-Башы, Жумгал, Тянь-Шань, Түн, Алай-Куу, Чоң-Алай сыяктуу
аймактарынан арбын даярдалган. Кенес Анархайда да бул мыкты өсөт.
Бирок, айдоо аянтынын кеңейишине, жердин эрозиясына байланыштуу чийдин
өсүшү улам убакыт өткөн сайын суюлуп баратат. Албетте, бул чийди даярдоону бир
кыйла оордотот. Чийсиз элдик чыгармачылык нукуралыгына жетише албайт.
Ошондуктан, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн бүгүнкү күндүн талабына
ылайык кенен өркүндөтүү үчүн жер ыңгайына карата айрым аянттарга атайын
чийди белгилүү өлчөмдө өстүрүүбүз максатка ылайыкташат.
ЧИЙ ТОКУУ — бир метрдей бийик эки казыкчага узата коюлган түндүк бакан же
ошол өңдүү жыгач тал чийлерди токуунун элдик дүкөнү. Чийди токуунун салттуу
жөрөлгөсүндө токула турган жердик шоона төөнүн чудасынан, же койдун узункылчык жүнүнөн ийирилип, чыйратылган. Ага тандалып алынган сайдын бирдей
томпойгон сүйрү таштарынын жыйырмадайы белинен байланат. Чийдин талы бирбирден кезеги менен дүкөнгө коюлган сайын шоонага чырмалып, салаңдаган таштар
бири-бири менен алмашып турат.
Азыр чий боюнча көркөм өнөрканалардагы чырмакчылар шоона ордуна
чыйратылган кебез жипти, таш ордуна эки жагында муунагы бар темирди
колдонушат. Ал шоонадай байлоого эптүү, таштай кармоого сыйда болот. Токуучу
жиптин жоон-ичкелиги жасалуучу буюмдун үлгүсүнө, чийдин түрүнө жараша
ылайыкташат. Токулган чийдин аяк-башына кара жиптен «ийрек» түшөт.
ЧОЛПУ (ЧАЧУЧТУК, УЧТУК) — «Чач учтугун шурудан, таппадым сендей
сулуудан» (эл ыры). — Бул — зер буюму, кыз-келиндерибизге таандык көрүнүктүү
септердин бири. Буга узануунун ар кандай жолдорунун бири буюмдун тегерек
табакчаларынын ортосунан бир табакча чыгарылып, тегерек-четтери күмүш
зымчалар менен торчолонот. Анын бети «сыялоо» (сыя төгүү) же «чапкылоо» (из
түшүрүү) аркылуу көркөм оюм түшүрүлөт.
Же асыл таштарды чөгөрүү үчүн анда өзүнчө жатак жасалат. Үч канат чолпунун
ортолугу «жүрөкчө», «тумарча» жана «төрт бурчтуу» болуп маңдайына кооздук берүү
— зергерчиликте жеринен салттуу көрүнүш. Чолпунун ар бир табакчасына кандай
көркөм оюмду ыроолош — ал зергердин жекече чеберчилигине байланышат.
Аялдардын бул асем буюмунун көркөмдүгүн дагы арттыруучу жагдайы үчүн
мында түрдүү түстөгү суу мончокторду жана шуруларды тизүү керек. Ал күмүш
менен кынапталат. Зергерлер буга да түрдүүчө узанат. Абалы, буюмдун
«тумарчасын» жасап алат. Ал жазы болот да, ошол тумарча темирдин бетине
жаркырата күмүш жалатып, ага кооз оюм-чийимди түшүрүшөт.
Же, жамбы күмүштү эритип, ага башка металлдарды аралаштырып, мында
күмүштү көбүрөөк кошуп чолпу жасалган. Күмүш бетиндеги оюм-чийимдер кийизге
түшкөн «мүйүз», «кыял», «бармак боочу», «карга тырмак», «айчык» оюмун элестетет.
ЧӨГӨРҮҮ — күмүшкө асыл ташты жатак алдыруу. Буюмга акак таш, айнек
чөгөрүүнүн бир топ ыкмасын колдонобуз. Мында күмүштү буюм формасына
келтирип, ортосун оюп, ага ташты жатак алдырабыз. Экинчиден, таштыбы,
айнектиби жатак кылып, күмүш менен данакерди аралаштырып, буюм үстүн
ширетип таштайбыз.
Күмүшкө айнек, асыл таш чөгөрүү салты менен узанылган азем буюмдарды
урунуу, албетте, жаштарга таандык. Ал эми «сыя төгүү» — себеттөө улгайгандар
урунуучу буюмдар болуп саналат.
ЧӨЙЧӨК — Жыгач идиш. Көлөмү кичине, сыйымдуулугу аз болот да, ал арча,
кайың, карагай, тал, өрүк, жаңгак, ак чечек, алча жыгачтардан чабылса «чапма
чөйчөк», кырылса «кырма чөйчөк» деп аталат. Ышталуу жана урунуу аркылуу ал
акыры кара чөйчөк болуп калат. Мында чеберлер жыгачын кыйып келишип, дароо
чабат да, мээлүүн жайда кургатат. Кырма чөйчөк да кырма табактай, аяктай тепме
дүкөнгө коюлуп жасалат. Ал жарылып кетпеси үчүн берки идиштердей каймак май
менен ичи-сырты шыбалат. Жалынга тосулуп алынат. Чөйчөк — жаш балдарга
энчиленген, чай чыны менен иштеш идиш.
«ЧЫБЫРТКЫ ӨРҮМ»— майда өрүм. Буга 12—15—27 талдан көк тилинет.
Илгеркилер эң майда жана сыйда өрүмдөрдү «чыбырткы өрүм» деп коюшкан.
Негизинен булар камчы өрүм болуп, мунун бири «суйсалма өрүмдү», «жылан боор
өрүмү» алмаштырат. Көгүн 8—12 талдан жоонураак тилип, «музоо тиш өрүмүн» да
өрүүгө болот.
ЧЫГДАН — (ашкана). Ичине идиш-аяк, тамак-аш коюлуучу чийден жасалган боз
үйдүн эпчи жаккы бөлүгү. Бул (болжолдоо 120—150 м) 2—2,5 мм кооз чырмак оюм
салынып да, жөнөкөй да токулат. Өң жагы уукка байланган чыгдандын эки жагында
үчтөн алты кулагы болот да, босого тарабы ашкана оозу (чыгдан оозу) чий аркылуу
тосулат. Урунтуктуу болсун үчүн аяк-башы 10—15 см че кездеме менен капталып,
өйдө жагындагы жердикке жарашыктуу сайма көчөттөрү түшүп, түрдүү
мончоктолгон «топ чачы» да тагылат.
Чыгдан чырмакта көчөт берүүбүз тийиш болсо, канат чийиндей ар бир тал
чийдин эсеби алдын-ала такталат. Ошентип, чырмалган талдар биринен кийин бири
тизмектеше байланып, бара-бара оюмдун ажары чыгат. Албетте, мындай ыкма бир
гана боз үй көтөргөндө «Чыгданга», «Канат чийге», жана «Эшик чийге» түшкөн
көркөм оюм менен көчөттөрдө келтирилет.
Чыгдан чийдин баш-аягы канат чийдей кара жүн менен ийректенет. Эгер
көчөттөрдүн фону сары болсо, анда кызыл, көк өңдөр буюм бетине үстөмдүк кылат.
Четтерине «бадам оюм», «мүйүз оюму» түшүп, буюмдун ортолугу табакчаланып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.