Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16

Total number of words is 3898
Total number of unique words is 1919
21.7 of words are in the 2000 most common words
31.6 of words are in the 5000 most common words
39.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
көчөтү» түшкөн болсо, анын кара-кызылдан «суусу» (чычкан изи) берилет.
Кызылдан «кыйдым» көчөтү түшсө, карадан «беш иликче» ак-карадан «суу»
(«чычкан изи», «ала мончогу») болсо, ал буюм ого бетер жарашат. Же сары-карадан
«төө көз», караактан «суу», кызыл-карадан он беш жиптен «эки жүздүүнүн» көчөтүн
берүүгө болот. «Кайра «чычкан изин» — түшүрүп, анан «тор чачыкталса» кажары
терме өз өңүнө чыгат. Тегиричтин эни ар кандай чогулат. Бул көбүнчө жүз сегиз
жиптен күзүктөлөт да, буюм жээги (өрмөктүн эриш учу) карадан болот. Мында
аркакты жөнөкөй өткөрүп, анан бир курдай кызыл, бир курдай көк алмашып чыгат.
Андан кийин көркөм көчөт түшүрүүдө тал жиптерди терүү башталат. Алсак терип
чалуунун биринчи башталышында эки көк, эки кызыл, кайра төрт көк, эки кызыл,
кайра төрт көк, кайрадан эки кызыл, эки көк, анан төрт кызыл, кайра эки көк, эки
кызыл анан эки көк, анан төрт кызыл, кайра эки көк, эки кызыл, анан эки көк, эки
кызыл, дагы эки көк, эки кызыл, анан төрт көк терилгенде «омуртка оюму»
көчөтүнүн башы чыгат.
ТЕГИРМЕН — «Ун чыгарып тегирмен, Упадай ак нан жедирген». (Мидин). Бул —
таш буюмдарынын көрүнүктүүсү. Эгинден ун-талкан тартат. Суу барасы аркылуу
чуркап турган тегерек кош таштан орнотулган дүкөн. Аны чуркатыш үчүн чеберлер
ташын, темирин жана жыгачын тандайт да, оңтойлуу жайын даярдоосу зарыл.
Темир таштын үстүңкү бетине келсе, муну «бака» деп коет. Үстүнкү ташты
айландыруучу астыңкы ташта «барасы» болот. Анын моюнуна «шимек» орнотулат.
Ал «шимек» «баканын» моюнуна илинет. «Бака болсо, ташты шар аккан суу аркылуу
тегеретет. «Барага» суунун шары тийгенде, ага күч келип, таш айланат.
Чеберлер «шимекти» ат арабанын ок темиринен да жасап келишкен. Суу менен
жүрүчү тегирмендин ташын айлантуучу бараларды бекиткен жери тегирмендин
«күпчөгү» деп айтылат. Ал тоголок тартып турат. Баранын жыгачтан он эки, же он
беш калагы болот. Мунун астында узата коюлган жыгачы бар. Бул «турум» деп
аталат. Мындан өйдө «ноо» кетет. Ал беш-алты метрге созулат. Бараны жүгүртүү
үчүн чакан арык суунун катуу шары белгилүү өлчөмдө болушу керек. Эгер ноо
бийиктикте орнотулуп, суу өтө эле шар келсе, жерди бат эле оюп, кум чайкап кетет.
Мунун кампасы жыгачтан жасалат да, бир куйганда «чымчып буума кап» (бир
центнердей) эгин сыят. Анын башы жазы, аягы кууш келет да, төрт буттуу аштамага
асылган. Данды өлчөп түшүрө турган калагы болот. Данды аз, арбындатып берүүгө
шартташкан анын жиби түркүктөн өткөрүлүп, ал «тээкте» бекийт. Тээк буралса, жип
чыйралып, дандын түшүүсү азаят. Тээк бошоңдосо, калак данды арбын берет. Чийки
данды майдалоодо көбүнчө жип чыйратылат, куурган данды салууга жип
бошотулат. Ошол тээк аркылуу жип бир чыйратылып, бир бошоңдоп турат.
Тегирмендин жүрүү темпин аныктоочусун «Тегирмендин шакылдагы» дейт.
Тегирмен ташы жаткан жайынан тандалат. Тегирмен такай чуркап турган чакта
астыңкы-үстүңкү бетин апта сайын метилеп турбаса, таш жешилип, бүкүлү данды
ойдогудай майдалай албай калат. Натыйжада, тегирмен зарыл нерсе. Аны кармоо,
такай чуркатуу аракеттерин кайрадан жандандырууга назар ташталууда.
Тегирмен ташы элүү сантиметр калыңдыкта келет. Астыңкы ташы үстүнкү
таштан жукараак жана жеңилирээк болот. Үстүңкү таштын оорураак болушунун
себеби, ал данды тез талкалайт. Тегирменчилер жер ыңгайына, суунун шарынын
күчүнө карата ташын жасашкан. Айрым чеберлер таштын узунун бир метр, кырк см
кылат. Тегирмендин астыңкы ташын кынтыксыз-кыймылсыз кылып, тактай менен
кыстара бекитет. Ал эми талкан салган чакта жемди көтөрүңкү таштайт.
Тегирмендин шакылдагы катуу жыгачтан жасалат да, ал ташка шакылдап тийип,
калаада (кампада) эгиндин калбай калганы жөнүндө белги берип турат.
Тегирмендин ташы суу боюндагы көмүлүп турган таштан тандалат. Ачык жаткан
таш абдан катуу болот да, аны чегүү кыйын. Таш чегүүгө балка менен керки
өңдөнгөн эки миздүү балка керектелет. Таш «Г» формасында чегилет. Анын таманы
бодурала болот. Төрт бурч аспап аркылуу эгиндин түшкөн жериндеги тегерегин
чегет. Учтугуй курч темир балка менен сайын жана чуңкурун оет. Тегирмен таштын
бетин кескич менен жымсалдайт. Мыкты тегирмендин ташы минутасына беш жүз
жолу айланат.
ТЕГИРМЕНЧИ — Таш чегип, тегирмен чуркатып, аны кесип туткан адам.
ТЕЗ — «Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт» (Макал).
Бул — жыгач усталардын дүкөнү. Боз үйдүн кереге-уугун жасоодо тал
таяктардын түзүн ийе турган, ийрисин түзөй турган аспабы. Мунун бийиктиги 80—
100 см дей келет да, ача жыгачтын ача жагы жогору каратылып, жерге орнотулат.
Ага узундугу бир жарым метрдей ийилбес жоон жыгачтын бир жагы бекитилет.
Анын 20 мм дей төмөн жеринен уук-кереге болуучу талдын аяктарын камтый
кармап, тездин оюкчасына (шыктоорго) матайт, ошондо ылайыгына жараша ийриси
түзөлөт, түзү ийилет.
Тез жасоодо да ич ара айырмачылыктар баамдалат. Чеберлер оор жана катуу
жыгачтан үч буттуу, же эки буттуу кылып алып, жыгачтын ортосун азыраак оюп, же
эки буттуу жыгачтын баш жагын башка бийик жыгачка бекитип алат. Аны
«ыкшоор» дейт. Мына ошол оюлган жерге керегенин башын, же ууктун билегин
салып, экинчи учун уста белине кармап туруп, тезге салып иет. Жыгачты ийип
алгандан кийин, ийилгени кургай электе аны чыңоо иретинде матоого салат.
Тез — үй жыгач жасоонун негизги аспаптарынын бири. Ал эки ача жоон өрүк
жыгачынан да жасалууда. Анын жоон башына дагы эки буту салынат. Жыгачты
матай турган үстү жагы муунак болуп, тереңдиги 20 см, уз. 20 см оюлат. Оюктун эки
жагына, ички бетине жумшак жыгачтан эки кабырга жыгач уук-керегени матап
жаткан учурда алардын билектерине так калтырбай, сыйда түшүшүнө себеп болот.
Матоо жыгачынын эки түрү бар. Экөө тал жыгачтан жасалат. Биринчисинин
ийилиши саал гана ийри көрүнөт, экинчисиники, уук-керегенин ийилиши кандай
болсо, дал ошого окшош келет. Ал ийри жыгачтан атайын ийилте жасалбастан
керки, вольт менен чебер ийри чаап, ойдогудай ийкемдүү кылып алат. Бул ийилген
аралыктын узундугу 80 см болот. Калган сап жагы түз келет. Матоо жыгач менен
маталуучу жыгач тездин оюгуна салынып, устанын сол капталына такалып туруп
коопшолот. Ошол мезгилдерде жыгачтын билектеринин ички жалпак бети, ууктун
ички билеги пайда болот, минтип узануу учурунда он чактысы бир маталып турат.
(Жыгач морттук касиетке ээ болсо, жыгач сейрек, ар кандай шартта өссө, андай
жыгачты жибитүү үчүн кыкты түтөтүү (кок кылуу) ыкмасын колдонуубуз керек.
Эгер калемчеленип өскөн жыгач болсо корго салынбай эле маталат. Жыгач матоодо,
копшолуп жатканда ички кабыгы өзү эле тазаланып кетет. Анан тарткыдан калган
тактары түрпү менен өгөө аркылуу жылмаланат.
ТЕКЧЕ (секичек, текичек, нишап) — кыз-келиндердин тебетей, элечек, көйнөк,
чыптама өңдүү өздүк кийим-кечектерин коюучу буюм (баштыкча). Текче күзгү
каптын үстүнө тагылат. Ар бир буюмдун өзүнчө өзгөчөлөнгөн жүз ачаар көркөмдүгүн
уздар сары саптай алышат. Мунун жердиги үчүн көбүнчө кара же күрөң баркут
тандайт. Буюмдун (75X40 см) четине «бычак учун» берип, анан сары өң менен кош
жарыш сызык айланта «суу» жүргүзүп алат. Эми «Кыял оюмун» кызыл жиптен
берип, анын четине көк жипти курчай саят да, кайрадан толкун өңдөнтүп, кызыл,
сары кара жип аркылуу «ала мончок» (суу) жүргүзөт. Ушундан кийин төрт
чарчыланган бадырайган сайма көчөттөрү бутактанып, «кочкор мүйүз оюму»
өңдөнүп, булардын аралары «күн карама» же «байчечек», тынчтыктын символу — ак
кептер кейиптенген көчөттөр сайылат.
Саймачылар сары өңдү кызыл өңдөн айырмалоодо жашыл жаңыш өңдү айланта
алуу менен буюмду көркүнө чыгарат. Демек, төрт ири, төрт майда көчөттөрдүн
арасына эми «тогуз төбөлөнгөн» «сууну» актан толкундата жүгүртүү керек. Ал кара
жердикти көркөм көчөттөрдөн өзүнчө бөлүп көрсөтөт. Мунун ичинен бутактанып
окшошкон майда көчөттөрдүн элементтери чыгат да, алардын араларын жашыл өң
бөлөт. Буюмдун чок ортосуна «күн карама көчөтүн» ак жип менен берип, ал кызыл,
жашыл өң аркылуу бөлүнөт. Анын ортосун кылдат сайып, кызыл, сары өңдө түр
берүү ыкмаларын саймачылар өтө көрөгөчтүктө жүзөгө ашырышат.
Текче териден да, кийизден да, баркыттан да, шайы өңдүү таза кездемеден да
тигилген. Тегереги чачыланып, бети кооз саймаланат. Анын төрт бурчуна боо
тагылып, экөө керегенин башына, экөө уукка байланат. Мындай текченин эки жагы
ачык болуп, буюм ошол көңдөйчөгө салынган. Мунун жээгин да бир элидей
кундуздайт. Ага түшкөн сайма көчөттөрүнүн чекеси ак жип аркылуу күзгү каптай
«ала мончоктолот».
Түштүк Кыргызстанда күзгү кап менен текче курак менен айкалыша жасалат.
Туштук төрт «кочкор мүйүздүн» башында төрт «карга тырмак» чыгып, бурчбурчунда — «карга тырмак» өзүнчө берилсе, кара жердикке кызыл өң жарашып,
чакан туштукка бир эле табакча көрүнөт. Мунун четине «жагалмай канаттан»
«жээги» чыгып, аралары «карга тырмак» көрүнөт. Топ чачылары, тор чачыктары
анын көркөмдүгүн арттырып турат.
ТЕМИР КОМУЗ — Элдик үндүү аспап. Тилин сөөмөй менен кагып, көмөкөй
аркылуу күүгө келтирүүчү муну жасоодо ар бир устанын өзүнүн жекече ыкмасы
болот. Комуз үчүн темирдин акурча түрү да тандалат. Адатта, мунун тышкы
көлөмүнүн узундугун төрт см дей кылат.
Өткүр (курч) чалгынын кырынан ооз комуздун тилин созуп алат да, мунун
чыңдоосун майда өгөө аркылуу ийине келтирет. Ал эми комуздун жаагын болсо
балка менен чаап, буюмду сынына чыгарат. Ошондо комуз тилинин иймегин үч мм
дей ийип, учуна калай жабыштырганда ал салмактуу келип, какканда үнү катуу
чыгат.
Же комуз жаагын жезден тандап, темирге күмүштү жалатат. Комуз тилине
көбүнчө болот зымды (пружина) керек. Зымды кесип, отко салып, кызыл тап
болгондо аны өгөөлөп, жаакка түздөп ченеп кесет. Кайра өгөөлөп, анан кынап алып,
кайрадан отко салып, тилин ийип, аны жаакка кынаптап уруп таштайт. Чынында,
комуздун жердигин тандай билүүсү устанын устаттыгын аныктайт.
Комуздун жаагы жумшак темирден, күмүштөн, колодон, жезден жасалса, анын
тили сөзсүз түрдө курч темирден — болоттон тандалат. Жакшынакай өгөп, табына
келтире сугарбаса, үнү жакшы чыкпай калат. Тил кадимки эле чалгы, өгөө же магнит
өңдүүлөрдөн жасалса, эң жакшы болот. Өгөө менен жылмакайлап, кынаптап сүрүү
керек.
Кандим усталар кадимки болот темирди: «кара болот», «ак болот» — деп экиге
бөлүшөт да, атайын байкоодон өткөрүшөт. Мунун ич ара болгон айырмасын
байкашат. «Ак болот» комуздун кагылуусу жумшагыраак, муңайымдуу үн берет.
Чынында кара болоттун үнү коңгуроодой бийик жана уккулуктуу болот. Кара
болотту отко салса жумшайт, сугарган сайын ал катуулайт, морт да келет. Андыктан
аны иштетүүдө усталар шумкар асыраган мүнүшкөрдөй өтө кылдат мамиле жасашат.
Темирди өзүлөрү билгендей жибитип, ойдогудай таптап алышат. Демек, анын
жаагын жезден да, чоюндан да жасоого болот. Кара болотту комуздун жаагынын
узунуна жараша кесип, аны сомдоп алып, майда . тиштүү өгөөсү менен жукартып,
жаакка бириктирип, анан анын үнүн текшерүү зарыл.
Темир комузду эски салт боюнча кыз-келиндерибиз каккан. Бирок, темир
комузду жасаган усталар эркек болгондуктан алар да кага билген. Өздөрү кага
билбесе, анын үнүнүн кандайча чыгышын биле албайт. Темир комуздун жасалышы
өтө татаал келет. Аны бардык усталар кармай албайт. Бир темир комуз жасоого
караганда бир ат жабдыктарынын бүтүндөй бөлүктөрүнө, же аялдардын азем
буюмдарына узануу, арийне, жеңилдей туюлат. Мындай абалы үндү таба билүүбүз
зарыл. Ага узануу анын жаагын жакшылап жасоодон башталат.
Жаак — комуздун тилинин эки жагындагы үч кырдуу, оозго салып кагаарда
тишке тие турган (такала турган) кол кармоочу тегерек чаңгарактан созулуп чыккан
кош
сызыкча темир. Темир комуздун жаагын усталар муңайым темирге кумуш да
жалатып коет. Бирок, таза күмүштөн жаак жасабоо керек. Анткени күмүш өтө
жумшак келип, ал үндү анча бере албайт. Кадимки темир жаакка күмүштү жалатат.
Мында аны дат чалбайт, жаркырап көрк берип турат. Күмүш жалаткан темир
комуздарды таза чүпүрөк менен кез-кез сүртүп коет. Үн кубулуштары (жоон, орто,
ичке) болушу анын тилине жараша болот.
Зергерлер аны көп чабылып жышылып калган чалгынын мизинен алат. Башка
темирди чозуп, анан өгөөлөп кылоосуна келтиргенче, чалгыны кармоо оңой.
Комуздун жаагынын өлчөмүнө жараша кесип алып, кыстыргычка карматып
өгөөлөйт. Тилди кошо турган жерине жазыраак кош жаагын кошуп ширетип, тилдин
учун кош жаактын учунан кичине ашырып туруп ийет. Аны «тилдин учу» дейт.
Какканда колго кирбес үчүн тилдин учун тоголокчо кылып ийип коет. Тилди
атайылап кып-кызыл ийди темир менен ийип, аны аяр сугаруубуз зарыл. Курч
темир өтө катуу сугарса, чорт ыргып кетет. Ошондо эле тил өйдө-төмөн ийилгенде
чорт сынма болуп калат.
Усталардын темир комуздардын үндөрүн бир калыпта жасай алышы өтө
кыйынга турат. Комуздун жаагын ийгенде учтарынан бири узунураак, бири
кыскараак болуп калышы да ыктымал. Кош жаактын учу бирдей болсо тишке
такаганда экөө бир турат да, комуздун тили какканда бир калыпта үн берет.
Темир комуздун өзүнө жараша үнү да өтө назик келет. Аны каккан убакта дем
алуу ыкмасын жакшылап билүү керек. Желди ичке тартканда, чыгарганда кагып
жаткан күүбү же обонбу, аны көкүрөк менен ойлонуп, көмөкөй менен акырындап
кайрыш керек. Дем алуу жөнөкөй отургандагыдай эле бир калыпта болбосо,
бышылдап-күшүлдөп, желди ичине катуу тартса же сыртка катуу чыгарса, комуздун
тили үйлөнүп калат да, комуздун тилине чөпкө бубак түшкөнсүп, илешмелер
жабышат. Аны жакшы билгендер ичке ийне менен акырындап сүртүп,
илешмелерден тазалап коет. Билбегендер жоон темене же төөнөгүч менен сүртөбүз
— деп, тилин майрыйтып же чалкасына кайрып салат.
Темир комузда бардык эле обондор, күүлөр келе бербейт. Баштооч үнүнөн башка
төрт же беш үндү араң алат. Анда дагы көөдөндөн чыккан желдин кысымы менен
алат. Өтө жоон үндү алышы кыйын болот.
Усталар темир комуздун жаагына да бөтөнчө көңүл бурушат. Анткени, комуздун
үндү талаптагыдай чыгарышы көбүнчө жаагына да байланышат. Жумшагыраак
металлдан тандалат. Себеби, муңайым темир ийип-чоюуга ийкемдүү. Аны отко
салбай деле иштетсе болот, оңой менен сынбайт.
Темир комуздун тилине өтө курч металл болот гана жарайт. Курч темир катуу
сугатты көтөрө албагандыктан аз-аздан кылдаттык менен сугарып, анан өгөөлөйт.
Комуздун дабыштуулугун тилди өгөөлөп жатканда эле билишет. Тил жаакка
салынаар убактысында ал тилдин көмөкөй жагын кычкачтап кармап туруп, сөөмөй
менен чалып серпилтип көрөт. Качан гана «дың-дың» деген коңур үн чыкканда
жаакка аны орнотот. Тилди жаакка салганда жаактын төрт кырынын бири сөзсүз
тилге барабар келип, түз жайгашышы зарыл. Темир комуздун жаагынын узундугу
алты жарым же жети см дей болушу талапка ылайыкташат.
Темир комуз менен да «Так теке» ойнотулат. Андыктан усталар «так текени»
өзүлөрү жасайт. Темир комузга кош тил чыгарышат. Анын бирөө ичкерээк, бирөө
жоонураак үн берет. Какканда үнгө-үн кошкондой угулат. Бул кош үндүн бирөө
жоонураак, экинчиси ичкерээк сезилип турат.
ТЕМИР КОМУЗ КУТУСУ — жыгач буюмдарынын бир түрү. Ал — үндүү аспапты
катуучу жатак. Темир комуздун түспөлүндөй жыгачтын ичин ал баткандай оюп,
тили баткандай жана аны сактагандай тешикти шибеге-шиш аркылуу чыгарып,
үстүн капкактайт. Демек, темир комуздун жатагы жана капкактын эки башы
тешилип, экөөнү бириктирүүчү боо өткөрүлөт. Ал боо түрдүү түстөгү жиптерден
турат да, кол башы менен чалынат. Учу топ чачыланат да, боз үйдүн «эпче»
тарабында кереге башына илинет. Бул бир чети үйдүн ички көрүнүшүнө өзүнүн
чакан жарашыгын кошуп турат.
Усталар салттуу эмерек, айырмач ээри жана кырма идиштери сыяктуу мунун
жыгачын көбүнчө талдан тандашат. Талды күз айларында (сентябрь) кыйып келип,
мээлүүн жайда кургатып, араалап, комуз жатагын комуз түспөлүнө келтирип туруп,
бычак аркылуу акырын жонуп кирет. Мында бычак негизги ролду ойнойт. Комуз
жатагы комуз кырын жашыргандай болсун. Бул куту темир комуздун назик тилин
талаптагыдай сактоо максатында колдонулат. Тили жатак алгандай, ошол ичкелиги
темене баткандай тешикти шибеге шишти отко ысытып алып көзөйт. Комуз
капкагы көбүнчө бүкүрөйүңкү келип, кутунун өзү сыртынан кадимки темир комузду
элестетет да, кол жеткистей кооздолот. Усталар ага кадимкидей күмүш чегелеп,
шырдак оюмдарын түшүрө алышат. «Ийрек» «чычкан изи» сыяктуу «кеште»
түшүрүп, анан кичине, шартка байланыштуу лак жалатып койсо, андан бетер кооз
көрүнөт. Темир комуз кутусунун формасы ар кандай. Эки башы
«кочкор мүйүз» өңдүү кутуларды да көп көрүп жүрөбүз.
ТЕРДИК — «Атка тердик салдырып, Ак каңкы ээр алдырып» («Манас»),
«Булгаары тердик, муз желдик, Бурчтарын чеге жылдыздап» (Казыбек). Ал—ат
жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрди астына, ичмектин үстүнө салынуучу, унаанын
жонун ээрге бастырбай, каптал жыгачтарынын жонго түшүүчү басымын жумшактоо
үчүн колдонулуучу токум. Токулушу боюнча кыз-келиндерге жана эркектерге
арналып, булгаары менен кийизден жасалат. Тердиктин ичи адатта, боз кийизден
болот. Кыз-келиндердин тердигинин өлчөмү (140—150x50—60 см), эркектердики
(90—100x50—55 см) чоңураак келет да. өтө чебер кооздолуп, кыргактары
сыйдаланып, баркут же манат менен кыюуланып, кундуз бастырылган.
Тердиктин нарктуусу булгаарыдан тышталат да, анын эки этегине темир көчөт
чөгөрүп, ага күмүш жалатат. Антип чабылган шөкөттөрдүн формасы тегерек, сүйрү,
томпок, иймекей келет да, атайын «куш тумшук», «каркыра канат», «карга тырмак»,
«мүйүзчө», «кыял» сыяктуу көркөм оюмдарды элестетет. Ар бир шөкөттүн өзүнчө
куйма калыбы болот. Мындай тердиктин кооздугу ээрдин каптыргасынан жана
көрпөчөдөн көрүнүп турат. Булгаары тердиктин асем топчулары үч-төрт түрдөн
турат. Ал ирээти менен булгаары бетине кадимки саймага, чырмакка, өрмөккө,
килемге түшкөн көчөттөрдөй шарттуу түшүп чабылат. Андай көркөмдүктөргө эки-үч
жеринен муунактуу «төрт бурчтук», «тегерек көрчөгө», «жылдызча» жана «чымын
канат» өңдүүлөр кирет. Чабылган андай шөкөт-топчулардын араларына «чийим
сынпос» түшүрүлсө, андан бетер көркүнө чыгат. Муну менен катар зергерлер
булгаары тердикке көрчөгөлөрдү сейректете уруп, өзүнчө оюмду ак жип (кебез жип,
тарамыш жип) кайып түшүрүүгө маш. Ошондой эле анын төрт бурчуна жана
ортосуна башка өңдөгү булгаарыдан оюм келтирип кайып тигип басат. Булгаары
тердиктердин жээктери да булгаары аркылуу төкмө чачыланат.
«Ак куланын чон тердик,
Жармандай атка салганы,
Жаадай болгон союлгур,
Комсоо болуп калганы». («Манас»).
Көндөн тердик жана ээр тердиги жасалат. Капталган ээрдин эки жагы кадимки
кыргыз тердигинин энине чакталып, же ошол кийиз тердиктин кыюусуна барабар
келет. Сорпо майы «кана ичирилген» (майланып, май сиңди болгон) «наар
түшүрүлгөн» кол булгаары бир аз убакыттан соң жүзүнө чыгат. Муну эч кандай
наарысыз эле ээр тердигинин жээктерине эле «тырмак изин» түшүрсө болот. Мында
көркөмдүктүн жөнөкөй түрү деле кандайдыр сыйда көрүнөт. Чеберлер «чийме
сынпос» менен ээрди кооздоодо буюмдун түбөлүктүүлүгү үчүн төө терисин
пайдаланышкан. Бүгүнкүлөр заводдон чыккан кара жана күрөң булгаары менен
ээрди, ээр тердигин каптап, ага өзүнүн «жекече кыялын» түшүрүү менен анын
чеберчилиги көрүүчүлөрдүн купулуна толууда.
НААР ТҮШҮРҮҮ — салттуу көн (шири) буюмдарына жана ашкана идиштерине
көркөмдүк берүүнүн эң эле эски ыкмасы. Мында кыз-келиндер токуна турган
тердикте түшкөн «наар» башкалардан айырмаланат. Бул' түр өтө сыйда, ичкерээк,
назик көрүнөт. Эч кандай кайыкчылыкты колдонбой, буюмдан өөн-бучкак
келтирбей, бир четинен мөмө шак бутактанып, же «бадамча», «мүйүзчө», «жүрөкчө»
оюмдарынын элементтерин «кыялданып» таштоочу чеберлер көп чыккан. Мунун да
кыз-келиндерге жана эркектерге таандык үлгүлөрү бар. Ал булгаары менен кара
кийизден жасалат. Айрым жерде таар тердик да болот.
Тердикке боз кийиз ичтелет. Кыз-келиндердин тердиги өлчөмү боюнча эркек
тердиктен чоңураак келет да, анын бети саймаланат. Жээктерине «кыял»,
«кайкалак» көчөттөрү түшүп, ал баркут же манат, нооту менен кыюуланат. Ага
илгери кундуз да бастырышкан.
ТЕРИДЕН ИШТЕТИЛГЕН БУЮМДАР (Теричилик) — элдик көркөм кол
өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул терини түрдүү ыкмага салып, жасалга колдонмо буюмтайымдарына жердик кылуу. Терини жергиликтүү жердик катары урунуу.
Иштетилген терилер «түктүү» жана «түксүз» делинип экиге бөлүнөт. Терини колдон
иштетүүдө «жыдытуу», «малмага салуу», «ашатуу», «ийлөө», «жибитүү», «өңдөө»
(бордоо), «боео», «ыштоо», «тилүү» жана башка ушул өңдөнгөн түркүн жолдору бар.
Ушундай ар кыл ыкмаларды таасын колдонуу менен түркүн буюм-тайымдар
жасалат. Тери буюмдарын кармоо элибиздин күндөлүк жашоо-турмуш шартына
тыгыз байланышкан.
Малдын, кайберендин жана аңдардын терилери көчмөңдүү элдин буюм
жасоолору үчүн өтө зарыл болот. Ушундан улам «Тогуз катар торкодон акемдин түгү
өтүптүр» деген калк накылы чыккан. Азыркы учурда теринин баркы ого бетер
артылууда. Жалаң гана териден жасалган кийим-кечектердин түрлөрүнө: тон,
чыптама (өпкө кап), ичик, шым, тебетей, малакай, тумак, көн буюмдары кепич,
маасы, кол кап, мөкү, көкжеке, кур (кемер), томого, каргы, чыны кап өңдүүлөр кирет.
Ошондой эле шири идиштери: көнөк, көөкөр, көнөчөк, сабаа, чанач, супура, тулуп
сыяктуулар тоолук элдердин сынбаган-бүлүнбөгөн, урунууга бышык идиштери
болот.
Ат жабдыктарына да малдын, кайберендин, терилери бирден-бир жердик болот.
«Тилүү», «каптоо», «каюу», «оюм, наар түшүрүү» жана «өрүү» өңдүү сыналган өнөрү
аркылуу тери буюмдарын жүзөгө ашырган элдик чеберлердин эчактан бери келе
жаткан жөрөлгөлөрүн жаземдебей улаган усталар жана уздар азыр да бар.
Жашоо-тиричилигибизде тон, желетке, чыптама (өпкө кап) жасоого да көңүл
бурулган. Мында кийимдин жасалышы боюнча ар кыл өзгөрүүлөр байкалат. Бир
кездерде тери кийимдеринин белине, көкүрөк тушуна, этек-жеңдерине көрпөдөн
«жээк» кыюуланган. Мындай кадимки пальто формасындагы кийин чыккан
кийимдерге көбүнчө топчу да, илгич да кадалуучу. Улуу Ата Мекендик согуштун
мезгилинде ага чейин тери менен жүн кийимдерин колдон иштетүү өтө
өөрчүгөндүгүн көрөбүз. Албетте, буга бир эсептен кыйынчылык жашоо-турмуш өзү
себепкер.
Малдын терисинен элдик кол өнөрчүлүктүн мурунку жөрөлгөсүн сактап, кийимкече кылып кийүү таламдары улам барган сайын тарууда. Элет жерлеринде гана
көрпө саксактан ичик жасашат. Аны баш кийит катары баалашат. Күндөлүк жашоотиричилик жагдайын тике багыттаган түркүн тери буюмдарынын саны баштагыдан
абдан азаюуда. Бирок, мал киндиктүү кыргыз жергесинде көөкөр, көнөчөк, көнөк,
сабаа, төтөн, чанач сыяктуу идиштерди урунуунун зарылчылыгы аябай бар. Азыр
жылкы чарбасын өстүрүп, анын продуктуулугун арттырууда багыт берилүүдө. АлаТоону түптөп отуруп, желе байлап, кымыз ачыткан, боз үй тиккен кыргыз элине
мындай шири идиштерин мындан ары өнүктүрүүгө ойдогудай мүмкүндүк берет.
Ата-бабаларыбыздан, тээ, түпкү чыгышыбыздан бери малдын терилеринен
түркүн буюмдар кармалуучу, азыр уйдун, жылкынын, топоздун, төөнүн терилерин
анча барктабай баратабыз. Ал эми жандыктардын терилеринин жүнүн жыдытып,
жаргагын ыргытып жиберебиз. Булар — ошол элдик көөнөрбөс нускалардын
түбөлүктүү жердиги. Бардар турмуштун мына ушул малдын, кайберендин
терилеринен мурдатан келе жаткан көркөм өнөрдүн жөрөлгөлөрүн андан ары
өнүктүрүүнү сүрүп чыгарды. Аны сактап, кийим-кечек тигип кийүүнү четке кагууда.
Күндөлүк тиричилик жагдайын, багыттаган ар кандай тери буюмдарынын саны
баштагыдан абдан азаюуда. Кыргыз элинин тоолук турмушу мындай идиштерге
качан да болсо муктаж. Муну мындан ары тиричиликтик буюм-тайым жана элдик
өнөр катары өнүктүрүүгө шарттар боло албай жатат. Сабаабыз челекке, көөкөрүбүз
мискейге, чаначыбыз конистрге, супурабыз клеенкага, тулупубуз баштыкка
алмашып, даяр нерселерди гана колдонуудабыз. Кыргыздын өзүнүн улуттук
буюмдары кылымдар бою көчмөңдүү турмушубузга байланыштуу болгондуктан
булар азыркы мал чарбачылыгы өрүш алган элибиздин эмки жашоосуна да айрыкча
маанилүү. Аларды көчүп-конуп, талаа-түздө жүргөн турмушубузда урунуу өтө
ыңгайлуу.
Буларга куюлган тамак-аш эч качан өзүнүн даамын, түсүн жана сапатын бузбайт,
кайра жакшыртат. Кымыз куюлган чаначта, бышылган сабаада гана даана даамына
чыгат.
ТЕМЕНЕ — «Темене тартып төө алат» (макал). Бул — тери буюмдарынын аспабы.
Чеберлердин уздук куралы. Муну өрө кийиздерди тигүүгө, жууркан-төшөк, тери
буюмдарын көктөөгө колдонушат. Усталар аны муңайым темирден ийнеден жоон
кылып жасап беришет.
ТЕРИНИ ЖЫДЫТУУ — Теринин түгүн алуу, кайыш кылуунун башталыш
аракети. Бул байыркы ыкмалардын бири. Чеберлер жаңы сыйрылган төөнүн,
топоздун жана уйдун терисин жайып, күнгө бир аз тоборсуткан соң аны шар сууга
бастырышкан, мында бир аз убакыттан кийин теринин жүнү колго келбей жыдып
калат. Терини бир топко күнгө төрт бүктөп ороп коюу менен да жыдытып алышкан.
ТЕРИНИ ӨҢДӨӨ (бордоо) — борду бышырып, майдалап сүртүү менен теринин
бетин агартуу. Ашаткыга ойдогудай кирген тери балбырап жумшарат. Ийине келген
теринин жүн жаккы бетин күбүп, самындап жууйт да, эки кишилеп бучкагынан
кармап силкип, күнгө коюп, кайрадан кургатат. Бордоо алдында чебер үчүн омоктуу
болушка чийге, таарга, же кийизге терини жайып тазалайт.
Терини сүртүү куралы кол чалгы менен орок болот. Улам терини сүрүп, кайра бор
себелеп, кайра сүрүп... Акыры териге ак өң сиңет.
ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ — кайыш жана кол булгаары жасоонун башталыш
ыкмасы. Терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Андыктан чеберлер терини суудан
алып чыгып, кайрадан күнгө тоборсутат. Чоң жыгач челекке айранды, тузду жана
улпакты аралаштырып, ашаткы кылат. Ага ал чылгый терини салат. Бул «малмага
салуу» же бодонун терисин «ашаткыга салуу» деп аталат.
Кайыш булгаары жасоо үчүн бодонун, кайберендин, кээде майда жандыктын
териси да малмага салынган. Тери малмага салаарда челденет. Аны күн алыс
аралаштырып турат. Тери ашаткыны боюна тарткандан кийин (5— 7 күн) алынат.
Челектен чыккан терини кайрадан агын сууга шапшыйт. Анан «талкууга» алынат.
Азыр айрым чеберлер бодонун сыйрылган терисине 1акиташ салышат. Мында
теринин калыңдыгы бир элидей болуп көбөт. Анын жүнүн бычак менен шыпырат.
Же суу куюлуп, белгилүү өлчөмдө ун салынып, туз 1татыган чоң челекте
жыйырма-отуз күндөй терини кез-кез аралаштырып турат. Анан тоборсуган чакта
алып, талкууга эт бышымдай ийлегенде кадимкидей эле аппак кайыш пайда болот.
Мындан жалаң гана ат жабдыктардын бөлүктөрү кармалат.
Уйдун терисиң бир күнгө тузга коюп, анан ички бетине керосин сыйпайт. ^н
уйдун терисине бир жарым литрге чейин керосин төгүлөт. Аны бүктөп койсо, түгү
өзү эле жыдып калат. Күнгө көргөзбөй, улам сызга таштап, талкууга салат. Качан
өзүнүн нымы кургаганда даяр ак кайыш пайда болот. Ошентип, тери ийленип
бүткөндөн кийин ага автол сыйпап, нымга таштап койсо, кайыш иштөөгө жумшак
болот. Кайыш баш-аягы эки-үч күндө эле даярдалат.
Тери ката түшсө, кыртышы сынат. Эгер тери нымда жатса, майды тез кабыл алат.
Чеберлердин колдон терини иштетүүдө дагы мындай ыкмасы бар: уйдун
терисин сыйраары менен бетине акиташ себет. Анан жүнүн жыдытат. Эгер бычакты
тийгизсең, теринин кыртышы, сапаты бузулат. Андан кийин тери «малмага»
салынат. Мундуктан ун, айран, улпак — үчөөнү кошуп, малма жасалат. Ал
кадимкидей ачып жыттанып чыгат. Ага салынган тери калыңдалат. Малма жылуу
жайда турушу керек. Аны улам көрүп турат. Убактысы жеткенде (20 күндөй) алып,
көлөкөдө эки күнчө сергитет (Күн көрсө, ал дароо курушат). Эки күнчө талкууга
алынат. Ийине канчалык келип, тери жумшак болсо, аны пайдалануу ошончолук
жеңил келет. Мындан ак кайыш пайда болот.
ТЕРМЕ — өрмөчүлүк өнөрүнүн көркөм түрү. Анын көркөм көчөттөрү, ар кыл
болуп, кештелердин негизи менен сөлөкөттөрү бири-бирине так жана төп
айкалышып, өрмөк согуу өнөрүнүн накай жасалгалык жагдайын көздөп турат.
Терме — өрмөктүн эриш жиптерин «терип согуу», «көркөм көчөт келтирип согуу»
деген түшүнүктү берет. Термеде үч см ден 70—75 см ге чейинки эндүүлүктөгү
буюмдар согулат. Ага боз үйдүн боо-чуулары: «уук тизгич», «кереге баш чалгыч»,
«үзүк боо», «туурдук боо», «жабык баш боо», «жел боо» (түндүк боо, тастар боо) жана
салттуу үлгүлөр «кылдырооч», «тегирич», «кереге таңуу», «шалча», «ат жабуу»,
«ээрге салгыч», «куржун» сыяктуулар кирет.
Терме «кара терме», «кажары» (букары) терме болуп бөлүнөт. Кара терменин
«бир жүздүү терме», «эки жүздүү терме» деген түрлөрү бар. Кара термеде жиптин
кызылы да, карасы да терилип согулат. Анткени, өрмөктү күзүктөгөндө кара жип
күзүктүн бир тарабына, кызыл жип күзүктүн экинчи тарабында болот. Ошондуктан,
согулганда кызылы да, карасы да көркөм көчөт үчүн терилет.
Кара терме таарларга көбүнчө «ай көчөт» менен «тор көчөттү» арбын
пайдалангандар бар. Мында «тор көчөттү» кайра кайталоо менен биринин ичинен
бирин туташтырып чыгуу менен бара-бара «тор көчөт» болуп көрүнөт. Ал эми «ай
көчөттө» ошол көчөттөр сыртынан төрт тарабына карай кайталана берилет.
Терме — тал жиптерди чалуу аркылуу кооздук түшүрүү. Кооз көчөттөр аркылуу
жүзөгө ашкан боз үйдүн боочууларынын бири «баш чалгыч» (кереге чалгыч) «үзүк
боо», «туурдук боо», «жабык баш боо» он үч жипти «жел боого» (түндүк боо)
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.