Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13

Total number of words is 3676
Total number of unique words is 1936
22.1 of words are in the 2000 most common words
32.9 of words are in the 5000 most common words
40.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
датчалбас өңдүү түстүү металлдарды чабуу аракеттеринин аягы тыйылып
баратышы адамды тынчсыздандырбай койбойт. Зер мүйүздүн да, сөөктүн да,
жыгачтын да, көндүн да, ширинин да жүзүн ачат. Буларга элдик көркөм оюм
түшүрүүдө нукуралыктар анча баамдалбай баратат. Буюм бетине «тап бердирип»
(чала чарпып кооздук түшүрүү) эле коюу жөрөлгөлөрү көрүнүүдө. Чеберлер муну
майдалата кылдат «кыялданта» берүүгө машыгууда. Көркөм оюм улам майдаланып
барган сайын чебердин кылдаттыктары артылып отурат. Кичине, чакан белекбечкектерге майда оюм-чийимдер гана жарашык бере алат. Аны калыпка куюп
берүүгө да оңтойлуу болот.
Мүйүзчүлөр элге эң керектүү эле буюм-тайымдар менен чектелбей, уникалдуу
үлгүлөрдү жаратуулары зарыл. Мындай узануу чебердин аракеттерине
чыгармачылык шык кошот. Үлгүлөр көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга коюуга
шартташат. Усталар алардын түбөлүктүүлүгү үчүн кам көрүүлөрү тийиш.
Сөөк менен мүйүздү иштетүүдө мурунку салттуулукту сактоо менен бүгүнкү
шартка жараша тема таба билүү аракеттери сүрөтчү-прикладниктерде жана
чеберлерде бар. Сөөктөн ваза жасоо өзүнчө жүз берип, көрүнө турган жасалга
буюмдук да, колдонмолук да мааниси бар. Даярдалган сөөккө буюмдун түрүн чийип
алып, ошол боюнча өгөөлөп, элдик оюм-чийимдерди түшүрүү үчүн чеберлер (бор
машинасын, чийип бере турган медициналык аспап) колдонушат.
Демек, оюмду берүүдө анын үлгүсүн кагазга түшүрүп, же сөөктүн бетине
карандаш аркылуу дааналап алат. Буюм бетине «жагалмай канат» жана «мүйүз
оюмдарын» арбын берүү үчүн «кочкор мүйүз оюмунун» алдынан «жагалмай канат
оюму» орун алып, түшүрүлгөн кооздуктар таза, так, ич ара төп айкалышат.
«Карандаш салгыч», Азия, Африка өлкөлөрүнө таандык эски мунаралардын
жакшынакай тарыхый кооздуктары сакталган нерселер чыгып жатат. «Сөөк
кутучасындагы» «ит куйрук» оюмдун ортосуна жалбырак, гүл түшүрүүлөр бар. Аны
андай кылбай «мүйүз оюм», «карга тырмак» өңдүүлөрдү берип, буюмдун
түпкүрчүндө «кочкор мүйүз оюмун», «кыял оюму» менен айкалыштыруу сөөк да
элдик көркөмдүктү кабыл алаарын көрсөтөт
МҮЙҮЗ ЖЕРДИГИН ДАЯРДОО — бул мүйүзгө узануудагы чеберлердин жалпы
ыкмасы. Алар буюмдун жердигин даярдоо үчүн кандай гана малдын мүйүзү
болбосун аны абалы кайнатышат. Мында анын ичиндеги өзөгү, кекелиндердин
жасалгасы жана ат жасалгаларынын мүнөздүү белгилери сакталат. Муну биз зер
буюмдарынын бардык шөкөттөрүнөн да көрүп турабыз.
ӨРӨ КИЙИЗ — Бөз үйдүн жабуусу. Түр салынбай, боёлбой, ак менен кара жүндөн
калың жасалган кийиздин бир түрү. Өрө кийиз көбүнчө боз үйгө жабууга
ылайыкталат. Ал күзгү жүндөн уютулуп, мунун бир жагы боз, экинчи жагы кара
болсо ал сөзсүз бышырылат. Өрө кийиз өргөө тигүүдөн байкалат.
Боз үйдүн өнүгүшүндө жүндүн мааниси өтө зор. Демек, үйдүн жабуусу анын
боочулары жана ички жасалгалары үчүн да ошончолук мааниге ээ экенин билебиз.
Боз үйдүн жабуусу төрт бөлүктөн турат. Аларга туурдук (тутуусу), үзүк, түндүк жабуу
жана эшик тыш кирет. Орточо үйлөр, негизинен төрт туурдукка, эки үзүккө
чакталат. Алардын чоң-кичинеси, узун-кыскасы үйдүн көлөмүнө карата бычылат.
Мисалы, он эки канат үйдүн алты туурдугу, үч үзүк жабуусу болгон.
(ӨРҮМ, ӨРМӨ) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Кайышты жана
көктү тилүү аркылуу ат жабдыктарын жүзөгө ашыруу.
Өрүм экиге бөлүнөт: 1-жөнөкөй өрүм: Ага: «үч өрүм» («жон өрүм», «жом өрүм»),
«жарым өрүм», «калмак өрүм», «ал даяр өрүм», «нокору өрүм», «жети кашка өрүм»,
«беш кашка өрүм», «мурунтук өрүм», «жөрмөм өрүм» өңдүүлөр кирет да, өрүм жалаң
кайыш аркылуу өрүлөт 2- «Терме өрүм», «музоо тиш өрүм», «суйсал өрүм», «бугу
өрүм» жана башка өрүмдөр үчүн көк жасалат.
«Беш башка өрүм» үчүн беш тал кайыш жоонураак тилинет. Ал «беш өрүм» деп да
аталат. Ал эми «жети кашка өрүмдү» «жети өрүм» деп коет. Мунун кайышы саал
ичкерээк тилинет. Тигиндей тилинсе, жоон көрүнүп калат. Эки өрүмдө тең бир тал
кайыш аркак болуп, өтө сыйда да, жөнөкөйрөөк да көрүнөт. «Он өрүмдү» «куран төш»
деп да айтат. Анын төбөсүндө саал жал сымал кыры болот. Айрымдар аны «жон
өрүм» — «жом өрүм» деп да жүрүшөт. «Жал өрүм» десек да болот. Он тал кайыш
тилингендиктен «он өрүм» дейбиз. Ал сууга тийсе эле аралары алжайып, жалы
ырсыйып, өрүмдүн баштапкы сыйда абалы сакталбайт. Ансыз деле заводдон чыккан
кайыш буржуюп, катуу да, калың да келип, өрүм өнөрүнүн касиетин ойдогудай
сактай албайт. Мындан да татаалыраак он бир тал аркылуу өрүм жаратылса, «котур
өрүм» же «он бир өрүм» дейбиз. Өрүм талдары тигинден кичирээк тилинет. Талдын
ага жоондугу «жети кашка өрүмүнүн» жарымындай келет да, талдар экиге бөлүнүп,
бир жагы бештен, бир жагы алтыдан болуп, алты талдын бирөө бешөөнү карай өтүп
турат. Ошентип, бир талы аркак болуп түшөт. Демек, мында кайыштын
тартымдуулугу эске алынат. Кайыш калың да, жука да болбошу керек. Калың тал
томпоюп, бири-бирине кыналышпайт, жука тал ичке көрүнүп калат. Демек, тилүүчү
кайыктын калың-жукасы, бирдейлиги эске алынат. Өрүмгө байланыштуу кайыштын
да, көктүн да, тасманын да жердигин абалы тандап, тегиз тилип алуу зарыл. Он бир
талдан кармалса, «нокору өрүм» деп айтылат. Мунун кайыштын тандоосу, тилүүсү
«он бир өрүм» сыяктуу келет. Өрүмчү ченеп алып, канча карыш тал өргөндөн кийин
канча болот, муну билип алат. Өрүм он бир өрүмгө окшошот. Мунун талдары да
экиге бөлүнүп, бирөө аркак катары оңдон солго, солдон оңго өтүп турат. Мисалы,
жүгөн бир нече бөлүккө бөлүнөт. Анын узун жаагына чебердин колу менен алты
карыш, кыска жагына беш карыш, тумшугуна төрт карыш, сагалдырыгына беш
карыш тал тилинет. «Жети кашка өрүм» алты карыш тилинип, өргөндө беш карыш
болот. Өрүлбөй турган жери бир карыш келет.
Тизгинди тилип, бир жагына бурап, бирдемеге катуу керип, анын учун «чаян
түйүш» — «окуроо түйүш» кылынат. «Он беш өрүмдө» бир жагы жети, экинчи жагы
сегиз тал кайыштар өрүм учурунда сегиз жагы жетиге айланып, эки тал сыртына
калып, алдынан жети тал жаагына өтүп турат. Кайра да сегиз жагы жети жагына
айланат. Өрүм алды тегиз түшүп, токулганда аттын жонун өйкөбөйт.
Союлган серкенин терисин дароо тасма кылыш үчүн үзөңгүнүн көзүнөн сабы
жумуру ыргайдын учун өткөрүп, бир адам кармайт. Экинчиси, эки элиден тилинген
терини кичине калган үзөңгү жылчыктан өткөрүп, чирене тартат. Ошондо теридеги
чели да, суусу да, майы да сыгылып чыгып, жалаң тасмасы калат. Мына ошол камчы
өрүмүнүн жердиги болот. «Тартканда тасмадай» деген сөз бар. Ал мындайынан таза
да, сыйда да көрүнүп, жаралган өрүм кооз түшөт. Ачык айтканда, көк жыдытылса,
тасма жылытылбай да, мал союлаары менен, ушинтип, үзөңгү көзүнөн өткөрүлөт.
Камчыларга тасма тилим керектелет. «Жылаан боор өрүм» үчүн узундугу үч
карыш тасма тилинсе, ал өрүлгөндө эки карыш болуп калат. Камчынын түшкүнүн
бекитиште өрүмдөн бөлөк өзүнчө тасма тилинип, шибеге менен ичиндеги өзөккө
каттай тартыла сайыла бекитилет.
ӨРМӨЧҮ (өрүмчү) — өрмө (өрүм) өнөрүнүн чебери.
ӨРМӨЧҮЛҮК (өрүмчүлүк) — ат жабдыктарына узануудагы элдик эски
ыкмаларынын бири. Бул көркөм кол өнөрчүлүгүнүн татаал түрүнө кирет.
Мунун негизги жердиги бир гана кайыш жана көк болот. Өрмө буюмдарын
жасоонун маңызы көзгө илээшпеген көктүн тал-тал ичке тегиз жана өтө кылдат
тилүүсүндө болуп саналат. Ошол тилим талдар бир жеринен үзүлбөсө, өрүмү кооз
чыкса, бул өрмөчүлүктү аныктайт. Өрүм кайыш менен көктү тилишке да
байланышат.
ӨРМӨК — ийрилген жүн жип менен көркөм өнөрдү жүзөгө ашыруучу кол дүкөн
(Шайман). Өрмөктү курууга эки киши керек. Төрт чарчы жерге төрт казык кагылат
да, ал боюнча бир адам жипти илип, жүгүрүп өтүп турат. Экинчиси, бир жерде
отуруп, ар бир жипти өңү менен чаташтырбай күзүктөйт.
Күзүк өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын эркек («өрмөктүн үстүңкү
жиби) жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу эң орчундуу
бөлүгү. Өрмөктүн эриш жиби казыкта жүгүртүлүп жатканда күзүк өтөт. Эриш
жиптердин ургаачылары күздүккө илинет да, эркек жиптери болсо илинбейт.
Өрмөкчү адыргыны өзүн көздөй тартып, кырынан тургузганда эркек жип күзүк
жиптин арасы менен өөдө чыгып, адыргыны жалпагынан ары жылдырганда ургаачы
жиптин арасы менен төмөн түшүп турат.
Күзүктөлгөн эриштерди көтөрүп согууга даярдоо асма «үч бут мара» болот.
Эриштин эки тарап жыш жиптери бат-бат алмашып, арасына аркакты кысып алат.
Өрмөктүн токулган бөлүгү жылган сайын күзүк да, күзүк өткөргүч «мара» да (можу,
иймек) «күйөөнү» көздөй жылдырылат.
ӨРМӨКЧҮ — Өрмөк аркылуу таар жараткан уз.
ӨРМӨК СОГУУЧУЛУК (өрмөкчүлүк) — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир
түрү. Бул — өрмөк аркылуу ийрилген жиптен турмуш-тиричиликке ылайыкташкан
ар кандай буюмдарды жасоо ыкмасы. Албетте, мал чарбачылыктуу кыргыздын
көркөм өнөрүндө чыйратылган жиптен түрдөнтүп таар согуп, андан буюм жасоо
аракеттери да укмуштай өнүгөт. Согулган таардын эң жөнөкөй түрүн «кара таар»
дейт. Бул эришине аркак жипти жүгүртүү менен эле жүзөгө ашат. Таарга кооздук
берүү жүгүртүлгөн жиптин ар түрдүүлөп күзүктөлүшүнө байланышат. Өрмөк менен
бүткөн буюмдардын көлөмдүүсүнө жана адимисине жерге төшөлүүчү, дубалга
тартылуучу «шалча» кирет. Боз үйдүн ички жасалгасы жана сызма — боочуларына
«тегирич», «уук тизгич», «кереге чалгыч», «үзүк боо», «туурдук боо», «жел боо»,
«кереге таңгыч», «саканак таңгыч», өңдүүлөр кирет. Үй буюмдары: «кап», «куржун»,
«ат жабуу», «такта жабуу», «көпчүк», «ээрге салгыч», «баштык, «жембаштык» жана
таар кийим-кечелер да бүткөрүлгөн.
Таар кооздолуп да, кооздолбой да согулат. Анын көркөм түрү «терме» («кара
терме»), «кажары» (бакары) терме жана «беш кеште» деп бөлүнөт. Таардын мындай
түрлөрүн кыргыз жергесинин бардык аймактарынан жолуктурабыз. Ал эми Түштүк
Кыргызстанда Талас, областысынын айрым жерлеринде «кажары» (букары), «беш
кеште» согуу ыкмасы мүнөздүү болсо, кара терме Ысык Көл», Нарын тарапта мыкты
өнүгөт.
Өрмөк согуучулук элибиздин мал чарбачылыгына тыгыз байланышып, байыртан
берки көркөм кол өнөрчүлүктүн кооз түрүнө киргендиктен мындан таар согуу
ыкмаларында элдик аймак боюнча айырмачылыктар бар.
Таар буюмдарынын татаал жана кооз түрлөрүн жаратууда чеберлер элдик
оймочулардай жекече чыгармачылыктагы «кыял» чабыты менен «фантазиясына»
анча чоң маани беришпеген. Албетте, түр түшүрүп, өрмөк согуу көркөм өнөрдүн
бөлөк тармактарына караганда баш катырма жагдайы да баамдалат. Мында башка
уздардай «оюм-чийим» чыгармачылыкта анча колдонулбайт. Айткандай, дароо
көкүрөккө жаттап, тал жиптердин бири-бири менен чаташтырбай, көчөттү дапдаана
берүүсү аркылуу гана өрмөкчүлүк өнөрү баамдалат.
Кыргызда «кыйначу адамыңа өрмөк соктур же төө кайтарт» — деген кеп бар.
Ушундай татаал аракеттен улам ушул сөз чыкканы көрүнүп турат. Таң аткандан
баштап (өрмөк адатта, ак жайда, узун күндө курулат) күрөң күүгүмгө чейин какайып,
өрмөкчүлөр өрмөк үстүндө отурушат. Ошондой түйшүк аркылуу көз алдында
кулпунган адими буюмду бир колдон чыгаруу бир гана биздин элибизден чыккан
уздарга таандыктай сезилет. Буга жеринен кутмандуу кыргыздын кыз-келиндери
баштарын тигип коюп, түк жаземдебей, чарчабай-чаалыкпай баса отурушкан.
Өрмөкчүлүктө «кило» дегендин ордуна «түйдөк жип», «түрмөк жип» деген өлчөм
колдонулат. Түрмөк ар кандай көлөмдө келет. Орточо түрмөктө төрт-беш ийик жип
болот. Жипти жоон ийирсе, андан шалча, кап, куржун өңдүү таар согулат. Ал эми төө
чепкендин, үртүктүн, ат жабуунун жибин ийрүүдө, албетте, кылдаттык керек.
Буларга таңдай түшүрүлө согулат. Ат жабууда терме көчөттөр түшүрүлөт.
Өрмөкчүлүктө оболу күзүктөлгөн ар бир тал жиптин эсеби тапатак алынат. Аны
чеберлер жадыбалдай жатка билишет. Ошондо канча кг жүн, канча түйдөк жип
кетээринен алар жаңылбайт. Кайсы өңдү чалганда кандай түр менен кетээри
өрмөкчүлүктө айдан ачык билинет. Ал эми өрмөктү адеп курган кезде анын күзүгүн
кармаганда да жиптин ар бир талынан жаземделбейт.
«Терип-согуу» өрмөктөгү жиптердин талын санап, эриш-аркакты айкалыштырын
өткөрүү аркылуу таар буюмуна бир кооздукту (көркөм көчөттү) түшүрүү дегендик.
Терип-согуунун татаал ыкмасы түрдүү жиптерден турган эришке байланышат.
Кээде өрмөкчүлүктө эки түр менен эле терип соксо, жети-сегиз өңдөгү жипти бир
учурда чаташтырбай кармоо ыкмалары да бар.
Азыр атайын боз үй көтөрүүгө байланыштуу өрмөкчүлүк жергебизде өнүгүүдө.
Өрмөктө так эсеп керек. Өрмөкчү өрмөккө олтуруудан мурун ага түшүрүүчү
көркөм көчөттөргө атайын ой толгоо жүргүзүп, тере турган түрдү алдын-ала
элестете алат. Берилүүчү кооздукту так билбей, өрмөк башталгандан бүткөнгө чейин
тал кайра-кайра курулай эле санай берүү өрмөкчүлүктүн табиятына сыйбайт.
Мурунтан арбын согулуп, таанымал болгон эл ичиндеги эски көчөттөрдүн кандайын
көрбөсүн карап отуруп, аны жазбай баштап кетүү өрмөкчүлүктүн наркы болот. Ал
эми кагазга гана түшкөн ар кандай жаңы көркөм көчөттөрдү жаземдебей шыр терип
согуп кетүүгө өнөрдүн салттуу жөрөлгөсү керек. Терип-согууда өрмөктү так күзүктөө
зарыл.
ӨРМӨКЧҮЛҮКТҮН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨРҮ — Бул буюмга түшкөн көркөм
каражаттар. Ал негизинен килем көчөттөрүнө окшошот. Ошентсе да «баргекче»,
«казан кулак», «кырк мойнок», «бычак учу», «бачайы көчөт», «алтымыш жиптүү ай
көчөт», «токсон жиптүү тор көчөт» жана башка ушул өңдүү көркөм каражаттарды
өрмөкчүлөр термечилер өрмөкчүлүккө кеңири пайдаланып келишкен. Адатта,
буларга «тай туяк оюму» түшөт да, ачык сары, көк өң менен четине «бычак учу»
берилет. Ал «араа тиш» аркылуу да кооздолушу мүмкүн. Түштүк Кыргызстандын
уздарынын узданууларына ылайык төмөндөгүдөй негизги көркөм көчөттөрү бар.
Алсак: «тай туяк көчөтү» (бул 15— 25 тал жиптен терилет да, тайдын изи сымал
түшөт). «Тайлак таман» (түр тайлактын изи өңдөнүп турат), «Тогуз төбө» —
«Кочкерек» (кайкалак) көчөттөрү үчүн 60 тал жип керектелет. Ал эми 90 жип
аркылуу «кырк шак» көчөтү терилет. Булардын «бычак учу» айдан ачык
айырмаланат. (Орус балтанын башын, бычак учун элестетет). Мындайынан
караганда ал шырдак оюмундагы «араа тиш», «бычак учу» болуп саналат.
Айткандай, «кочкорек», «кайкалак», «кочкор мүйүз» көчөттөрү бири-бирине
окшош. Айрым аймактарда булар аралаш айтыла берет. Өрмөкчүлүктө «тогуз төбө»
алты, беш жылдыз өңдүү берилет. «Тай туяк», «тай таман» көчөтүнөн айырмаланып,
алты бурч болуп, ал чарчы көрүнөт. «Ит таман көчөтү» мындан сөлпү келип, иттин
таманын баамдатат.
Өрмөкчүлүктө жүз ачаар көчөттөрдүн бири «кош мүйүз» ромбиктин эки жагында
берилет да, ал «чагармак» менен «шак» көчөттөрүнө окшошуп кетет. «Башайы
көчөтү» ромбиктин ичинде өзүнчө көчөттүн татаал элементин пайда кылат. Бул
Түштүк Кыргызстанда кеңири тараган. Өрмөктө «кыял көчөтү» алты элементтен
турат. Мындан сырткары «сыңар мүйүз» «жарым чагармак» болуп көрүнүшү
ыктымал. «Ала мончок» терме өнөрүндө чабалакейдей элпек, бардык жерде
катышып жүрө берет. Өрмөкчүлөр мына ушундай көркөм каражаттарды узчулугуна
бай каражат катары өздөштүрүп, аянттуу буюмдарды жасап жатышкандыктарын
көрөбүз. Терменин «кажары» (букары) түрүндө көркөм көчөттөрдүн берилиши
бөлөкчөлөнүп кетет. Мында негизги көчөттөрдүн бирине «табакча» кирет. Мунун
бештен эки тиши тумарчадан бөлүнүп чыгат да, ал төрт бурчтукка эки канатчадан
чыгат. «Таракча көчөтү» үч тиштен да болушу мүмкүн. Аны айрымдар «айрыча» деп
да аташат.
Кажарыда көчөттөрдүн эң татаалы «чатырма» (чатыраш) болуп саналат.
Көчөттүн он-он беш элементтери бутактана барат. Эки четтери төрт бурчтукту
түзүп, көчөттөрүнүн аяк-башы ирээтсиз, андан майда таракчалар чыгат. Мындай
аты айтып тургандай чатышма түрдү чанда өрмөкчү-термекчилер гана сого алышат.
Кыргыздарда килемден мурун өрмөк өнөрү чыкканы баамдалат. Өрмөкчүлөр
таар четине ак-карадан өзүнчө өрмөктө согулган буюм жээги жасалат. Анын четинде
«каркыра изи» түшкөнү билинип турат. Мунун борбордук көчөтүндө «91 жиптүү тор
көчөт» түшөт. Ичинде «кайкалак», анын ичинде «жолборс көзү» бар. Табакчалардын
ортосунда «колтук» түшөт. Ансыз «жолборс көзү» көчөтү пайда болбойт.
Табакчалардын ортосу «тумарча көчөтү» аркылуу бири-биринен» айырмаланат.
Мында буюм четине «пара көз» көчөтүн түшүрүп алып, анан ак-кара өңдө «тескери
кайкалак» берилет.
Ортолук көчөтүнө «61 жиптүү ай көчөт» келип, андагы кош кайкалактын ичи
«бычак учунан» турат. Термеде ар бир табакчанын ортосунда «колтук» бар. Ансыз
«61 жиптүү ай көчөт» түшпөй калат. Ушул эле күзүктөлгөн өрмөк аркылуу бөлөк
көчөттөрдү түшүрүүгө мүмкүн. Мында «кычкач», «чөмүч сабы» өңдүүлөр берилет да,
ортосуна «бычак учу» түшүп, көчөттөр «жеке сабак» (жалгыз сабак) менен биригип,
өзүнчө табакчаларды пайда кылат. Ал эми таардын үчүнчү түрүндө «41 жиптен 40
мойнок көчөтү» жаралат. Болжолдо, «кайкалак көчөтү» жаралат, «кайкалак көчөтү»
өрмөкчүлүктө биринчи чыккан деген кеп бар.
ӨРМӨКТҮН КҮЙӨӨ ЖИБИ — өрмөктү чаташтырбай согуу үчүн жиптерди
чыбыкка үстүнөн топ-топ кылып байлоо. Андыктан эриш жиптин ортосундагы
жиптерди арбыныраак, четки жиптерди аз-аздан бириктирип байлайт.
ӨТҮК (кете, мөкү, көк жеке) — сыйда бут кийим. Кош оймолуу, көк жалдуу,
булгаары өтүк, миз таман.
«Өкчөсү карыш «көк жеке»
Оймо така ичинде,
Алтындан кылган жылаажын.
Кош коңгуроо жеке сан.
Козголсо үнү шыңгырап»,
(«Манас»).
(«Манас» жана «Семетей» эпосторунда көк жеке, жекесаң, упуке, накери,
кырмызы маасы деген бут кийимдердин аттары көп кездешет. Ошондой эле
алардын кандай шарттарда жана максатта кийилгендиги кеңири айтылат. Булардын
ичинен эң баалуу жана аземдүүсү Көк жеке өтүгү. Ал эркектердин кымбат баалуу бут
кийими. Аны бир гана эл башкаруучулар кийген. Кээде бийик такасы көңдөй
жасалып, жылаажын салынып коюлган.
Жасалгалуу өтүктөрдү, дегеле кийимдерди алтын, күмүш чөгөрүп, кооздоо
ыкмасы II—VI кылымдарда Борбордук жана Орто Азия, Жакынкы Чыгыш
аймактарында жашаган көчмөн элдерде айрыкча таралганы тарыхтан маалым.
Көчмөңдүү турмушта ат жалында күн өткөргөн элибиздин тынымсыз көчтөрүндө
жекесаң коңгуроо тагылган төө жетектеп, күмүш жабдыктуу ат минип, ала тамак
шөкүлө, чачпактардын шаңгыраган үнүнө үн коштуруп жыбылжыган жылаажындуу
«көк жеке» өтүк, намеркан маасы кийишкен кыз-келиндер өздөрү жашаган айылдын
көркү болушкан.
Өтүк кара малдын терисинен иштетилген булгаарыдан жасалат. Бүтүндөй
кайыш менен тигилет. Атка минип, түшкөн ыңгайлуу болуш үчүн тумшугу учтуураак
келип, жогору карай азыраак кайкалап турган. Таманын жана апкытын кабатталган
кайыш менен калыңдатып, өкчөсүн бийик жасап, алдыңкы бетиндеги атайын
жасалган оюкка же кончуна коңгуроо тагылган. Ошондой эле узун келип, тизени
жаап турган. Ал эми кончтун арткы жагы кыйгач кесилип, ат үстүндө жүрүүгө,
отуруп турууга ылайыкташтырылган. Муну ултарууда адегенде анын кончун,
башын жана апкытын бычат да, үчөөнү бириктире илме шибеге менен кайыйт. Эми
кеп жыгачты салуу үчүн ич таманды жаткызып алат да, өтүктүн башы жана
апкыттын жээктерин ич тамандын үстүнө керип, узундугу 1,5 смдей жыгач мыкты
урат.
Өтүкчүлөр кайыңды араалап, тапка кургатып, жука тилип, бир башын эки кыр
учтап, жыгач мыкты өзүлөрү жасап алышат. Андан кийин сырт таман коюлуп,
урулган мыкты өтүктүн ич таманы кармайт да, өтүк така урулат. Кайың мык сууга
тийсе, ого бетер көөп, бекиткен жерин катуу кармайт. Ал эми темир мыкты дат басат
да, бат эле чирип калат. «Келинге кете кийгизип, кызматын журтка тийгизип» (кете
— куш тумшуктанган бут кийим) — деп, элдик эпостордо айтылат.
Ултаруу көбүнчө эркектерге таандык өнөр болгон.
Өтүк узун кончтуу, такалуу болгондуктан кончуна чийме сынпос (булгаарыга
түшкөн кооздук) берилген. Ал башка көп буюмдарына түшкөн оюм-чийимдерден
анча айырмаланбайт. Кыз-келиндердин өтүгүнүн өкчөсүнө өтүкчүлөр жылаажын
коюшкан. Ал басып турганда кулакка угулаар-угулбас жагымдуу үндү берген.
Өтүктүн накери, мөкү жана башка түрлөрү болгон. «Алтындан наалы, жез өкчө,
Айдаркан уулу эр Көкчө» — деп «Манаста» сүрөттөлөт. Бир кездердеги элдин кол
өнөрүнөн, чексиз талантынан жаралган ажайып кооздуктагы байыркы элдик
кийимдерди өткөндүн ыйык белеги, сулуулуктун сүйкүмдүү көркү катары кийинки
муундарга мурас кылып калтыруу биздин милдетибиз гана эмес, күндөлүк жашоотурмушубуздун бир бүтүндүгү болууга тийиш. Ошондуктан, мындай баалуу
эстеликтерди изилдеп, окуп, үйрөнүү менен бирге, аларды өз калыбына келтирип, эл
керектөөсүнө кайрып берүү учурубуздагы зарыл талаптарынын бири. Ошол эл
ичинен чыккан колунан көөрү төгүлгөн чеберлердин таланты менен бирдикте
«Мурас», «Кыял» бирикмелери жогоруда сөз кылынган эпикалык «накери»
өтүктөрдү чыгарууга назар таштоолору зарыл.
САЙМА (кеште) — кандайдыр бир заттын (нерсенин) сөлөкөтүнө окшош, уйкаш
элементтерин (көчөттөрүн) кездеменин, теринин, кийиздин, таардын жана
башкалардын бетине ырааттуулук, ыргактуулук менен кайталанган кооздук. Ал
оюм-чийим, сайма, курак, түрдөн турат.
САЙМАЧЫ — жердикке көчөттөрдү (кештени) түшүрүүчү уз.
САЙМАЧЫЛЫК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Эл ичиндеги
кездешүүчү адими буюмдарындагы формасы ар кандай, мазмуну терең сайма
көчөттөрү бүгүн да көөнөрбөй, чеберлердин чыныгы узундугу жана ашкере
таланттуулугун дааналап көрсөтөт. «Энени көрүп, кыз өсөт. Эжени көрүп сиңди өсөт»
— дегендей, кыз бала тестиер чагынан тартып жалаң сайма саюу менен алектенүүчү.
Бул — тоолуу калкыбыздын турмушунун элестүү белгилеринин бири. Элдик
колдонмо-жасалга өнөрүндө негизги орунду ээлеген саймачылыктын өнүгүшүнүн
өтө мерчемдүүсү өткөн кылымдарга өзгөчө таандык. Ал эми жыйырманчы
кылымдын башынан тартып элибизде саймачылык өнөрү андан бетер кеңири кулач
жаят. Элдик өнөрдүн берки көркөм түрлөрүндөй эле саймачылык да элибиздин
көчмөңдүү турмуш-тиричилигин, кесибин, калк мүдөөсүн жан дилинен чагылдырып
келет.
Саймачылыктын элдик санжыргалуу салты абалы — боз үйдүн ичи-сыртын
кооздоодо жаралганы чындык. Ал кийиз оюму, чий чырмагы, таар термелери, килем
көчөттөрү, тор чачыктары менен кошо боз үйгө улуттук өз алдынчалыкты тартуулап
турган. Бул өнөр аркылуу боз үйдүн «эшик тышы» кооздолгон. «Ашкана башын»
саймалоо-кештелөө, элибизде адатка айланган.
Жүк жыюуда тактанын үстүндө «алтыгат» коюп, андан өңдөштүрүп жууркандар
кертимделип жыйылат. Анан «жаздыктын» (балыштын) чети, ортосу саймаланган.
Айрым аймакта боз үйдүн «жабык башы» кездемеден болот.
Бир кездерде боз үйдүн керегесине жалаң кийиз тартылган. Андыктан үй ичи
жылуу, ары таза турган. Анан мындан кийиз бети аста-секин кооздоо жышааны
башталат. Төтөн, жүндөн анан кебезден ийрилген жипке дүйүм өсүмдүктөрдүн
тамыры менен жалбырагынан колго жасалган боекту сиңирип, башкаларына
караганда алгач ак кийиз бетин саймалоо өңдүү жупуну аракеттери бара-бара
талапка ылайыкташкан. Сайма өнөрү оболу ушул туш кийиз бетинен көрүнгөн.
Андан кийин уздар жалаң кийизге эле эмес соккон таардын, ийлеп өңдөлгөн
теринин (жаргак) беттерин да кештелеп саймалашат. Боз үйдүн керегесине
кыдырата илинип, саймасы аркылуу кооздукка-кооздук жалгаган: «Күзгү кап» да,
«кайчы кап» да, «самын кап» да, «текче» («секиче») жана ушул өңдүү буюмжасалгалары кийизден, териден, таардан басымдуу болуп келген. Илгерки элдик
салттарыбызда, наркыбызда каркырадай калың көчтү баштоочу, үлпөт менен
күйөөгө аттануучу бийкечтердин ат үстү саймаланган «үртүк», «тердик», «көрпөчө»
өңдүүлөр болот. «Көшөгө», «кеп такыя», «белдемчи», «кемсел», «элечек» мындан
сырткары күлгүн жигиттердин адими кийимдери да түрдүү саймалар менен
кештеленген.
Кыргыздар Орто Азиянын боордош элдери менен тыгыз байланышта өнүккөнү,
алардын таасири менен фабриканын жиби менен элдик көчөттөрдү көркөмдөп
түшүрүүгө өтөт. Саймачылык өнөрүн иштетүүнүн баалуу жердиги эми баркут, нооту,
манат өңдүү бышык кездемелер болуп калат.
Өлкөдө совет бийлиги орной, калкыбыз отурукташа баштагандан улам
саймачылык өнөрү өзүнүн милдетин бир кыйла кеңейтти. Боз үйдүн ичин-сыртын
жасалгалоодогу уздардын айрым жогорудагы кооздуктары менен күтүүсүз жаңы
шартта үйдүн жасалгалоо жагдайына байланыштуу өзгөрүүлөр кирип, уздар
«керебетке тарткыч», «кийим жапкыч», «сүлгү», «эшик пардоо», «терезе пардоо»,
«бет аарчы» сыяктуу буюмдарды ак полотнойго (ак сурп) «ийне сайма» ыкмасы
аркылуу ар кандай чөптөрдүн (гүлдүн) формаларын бажырайта бере башташты.
Мында орус, украин, белорус элдеринин сайма ыргактарынын мыкты үлгүлөрү
арбын учурайт. Кыргыз саймаларынын өңүнүн ачыктыгы жана кооздугу, көп
кырдуулугу аркылуу ойдогудай баркталат. Мындай биз кесе айтып жаткан
көрүнүштү, баарыдан мурда, тектеш тилдердеги жана канатташ жашаган бир тууган
элдердин сайма көчөттөрүнүн өтө окшошун, ич ара жуурулушуп жана жупташып
кеткенинен баамдайбыз. «Ирис жип болсо, укмуштай туш кийиздерди сайып
таштаар элем» дешет.
Азыр болгар саймасына жаштар жапырт аттанышууда. Өзүбүздүн жашоотиричилигибизди символ аркылуу түшүндүргөн кыргыз саймаларынын табиятына
ал такыр коошпойт. Мында жашыл өң үстөмдүк кылып, үйдүн, гүлдүн, куштун,
айбанаттардын сүрөттөрүн көркөм көчөт ордуна түшүрүүлөрү кыргыз баласына
серт көрүнөт да, асылдуулукту алып сүйүү сезимин козгой албайт. Өнөр тарыхында
кийиз саймачылыктын жердиги болгон. (Туш кийиз — үйдүн жылуулугу үчүн тушка
тартылган. Анан анын бети акырындык менен саймаланган.) Өңдөлгөн жана кол
боекко боелгон жаргак териге, бир өңчөй күзүктөлүп согулган таарга сайма саюу
салттуулугун өзүнчө өздөштүрүү менен бүгүн жаңы шартта калыбына келтирүүгө,
унутулган түрүн кайра жаратууга, аны жаңыча өнүктүрүүгө бел байлаган уздардын
изденүүлөрү өз жемишин берүүдө. Ал изденүүлөрүнүн негизги саймачылыктын
жаңычылыгына (новатору) барып такалат. Деп айтканыбыз буюм-тайымдарда түптамырынан бери саймачылыктын өзүнө таандык жолу, аны кармоо ыкмасы пайда
болууда. Алар азыр бул өнөрдүн элдик салттуулугун жана профессионалдуулугун
бири-бирине тутумдаштыра алып барышууда. Демек, буюмдарга түшүрүлгөн четтик
жана ортолук көчөттөрү килемге, чийге, таарга берилгендей шарттуу көрүнөт.
Мында эки көчөттүн ич ара катышынын мыйзамченемдүүлүгүн кылдат туюнтуп,
сайманын көркөм көчөтүнүн «суусу» толкундалып, төө өркөчтөнүп, кош
сызыктанып, шакекчеленип, өзүнчө түрдөн-түр чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кээде шибеге ичке, жиби жоон болуп калышы да мүмкүн. Уздук чынында көчөттү
таңдайлаштырып саюудан билинет, ошондо чийим боюнча жиптүү шибеге бир
айланып чыгып, кайра ошол из аркылуу сайылуусу керек. Жердикке түшкөн сайма
кайберен сонуркап оттой турган кумай чөбүнө окшошот. Ал кандайдыр эшилип,
чыйратылган жип сыяктуу таңдайлаша түшүп, өзүнчө кооздук ыроолойт. Көп
жылдар урунулуп, жердиги таптакыр эскирип, өңү өчкөн сайын саймасы жүзүнө
чыга келет. Антип таңдайлаштырып сайып берүү менен катар боекторун күрөңдөтүп
жана көгүштөнтүп, коңур түр түшүрүү сайма өнөрүнүн сыйкырдуулугун айкындайт.
Биз мындан Ала-Тоонун жыпар желин, дүйүм гүлдөрүн, үлбүрөтүп желпип кетүүчү
назиктигин жана жумшактыгын туя алабыз. Көрүүчүлөр жана сынакейлер үкүнүн
солоңдору сымал андай өңдү дал өзүндөй назик жана мээримдүү кабыл алат.
Басмырт өң да көчөттөрдүн көркүн өзүнчө шарттуулукка ачат. Ал буюмду өтө эле
«ала чакмактатып» жибербейт. «Ала чакмактатуу» — саймачылыкта ак, сары жипти
арбын колдонуу. Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүнүн табиятында бул «күтүүсүз
чакыйбай», андай касиет буюмда басмырттыкты, коңурдукту сылыктыкты жана
муңайымдуулукту сездирип, тилектештикти, жүрөктөштүктү, айгинелеп турат.
Арийне, өнөр да элибиздин мүнөзүн, улуттук бөтөнчөлүктөрүн аныктайт. Анткени,
карапайымдыкты,
коңурдукту,
жоомарттыкты,
меймандостукту,
кичипейилдүүлүктү, басмырттыкты ала тоолуктардын табиятына жазган. Бул
пейилибизди башкаларга түк алмаштыра албайбыз.
Саймаларда совет доорундагы кыргыз элинин адамзат таң каларлык гүлдөөсү
чагылдырат. Себеби, көрүүчүлөргө таңкы кызгалдактай нооматы келип, жетилип
тургандай турмуш элестетилет. Көркөм көчөт аркылуу элибиздин үрп-адатын,
пейилин, дилин, жана сезими көрүнүп турат. Көрүүчүлөргө кызгалдактай жалындап
тургандай туюлат. Албетте, бул уздардын таалайы болуп саналат.
Саймачылыктын да адамзат менен тагдырлаш узак өмүр жолу бар. Анын өздүк
тажрыйбасы аркылуу акырындык менен түзүп, чогултуп, сарамжалдап алган
тактыгы жана тазалыгы билинет. Ошол көркөм буюмдун үлгүсүнө канча бир
чеберлердин көз нуру, көкүрөк мээри, акыл табы сиңирилип, жасалга колдонмо
өнөрүнүн кайталангыс салттуулугу жаралган. Бүгүн жана эртең ушундай өнөрдүн
элдик түрүн сактап калуу, анын унутулганын кайра калыбына келтирүү, жагымдуу
жактарын талаптагыдай жандандыруу милдеттери күн тартибинде турат.
Элдик саймачылыктын дагы дааналанган касиетинин бири — алардын түстөр
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.