Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04

Total number of words is 3636
Total number of unique words is 1862
22.2 of words are in the 2000 most common words
32.3 of words are in the 5000 most common words
39.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жүргүзүлөт. Жаз жана күз мезгилдеринде үйдү тигер замат сыртынан сол жана оң
капшытына казык кагып, аркан менен бастырат. Бул шамалдан сактайт. Төргө казык
кагып, ага эки жел боону катуу тартып байлаган учурлар да болот. Үйдүн ортосунда
коломто жайлашат да, төрдөн улагага жакын келет. Коломто чок ортодо болсо, түтүн
жакшы чыкпайт. Ошондуктан боз үйдүн алдыңкы үзүгү арткы үзүгүнө караганда тез
карарып кетет.
БОЗ ҮЙДҮН ЖАСАЛГАЛАРЫ — боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири — жабык
баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Тегирич менен түймөсү бар жабык баш:
төркү (арткы), алдыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт. Көркөм көчөт түшкөн
эшик чий, канат чий, чыгдан (ашкана) үйдүн жасалгасына кирет. Боз үйдүн ички
көркү өрмөкчүлүк аркылуу жүзөгө ашат. «Кажары» (букары), «беш кеште», «сызма»
деген түрлөрү бар. Кереге таңгыч, саканак чалгыч, кереге чалгыч, үзүк боо, туурдук
боо, жел боо (түндүк боо) өңдүүлөр кирет. Мунун ичинен «эки жүздүү терме» жана
«бир жүздүү терме» деп бөлүнөт.
Боз үйгө туш кийиз (туштук) тартуу — эзелтен берки салт. Анын боолору ууктун
билегине тагылат. Боз үйдүн кире беришиндеги оң ыптада аяк кап кереге көзүнө
илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Керегеге, же аш алабаканга көөкөр, көнөчөк,
көнөк, чыны кап улай илинсе, жакшы жарашат. Күзгү кап-текченин илиниши үйдү
ого бетер көрктөндүрүп жиберет. Азыр коломто болбогондуктан, үйгө шырдак
менен ала кийиз салынат. Көрпө көлдөлөң, курак, сайма төшөктөр төшөлөт.
Боз үйдүн жүгү да өзүнчө кооздук берет. Жүк жыя билүү кыз-келиндердин
чеберчилигин айкындайт. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы
килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер
элдик узчулук менен зергерчиликти таасын көрсөтүп турат.
Боз үйдүн ички жасалгасына коюлган андай чакан буюмдардан биз ширелишкен
композициялык байлыкты, оюм менен көчөттүн диапазонунун өтө кеңдигин,
геометриялык сызыктардын тууралыгын жана улуттук колориттин укмуштай
чагылышын көрөбүз. Элдик буюмдардан көркөм чыгармачылыктын чыныгы
жемишин, эстетикалык күчүн, жергиликтүү өзгөчөлүгүн, улуттук мүнөзүн
баамдайбыз.
БОЗ ҮЙДҮН ЧЕЧИЛИШИ — Оболу түндүк жабуу сыйрылат. Боолорун кырчоодон
чечип, төркү (арткы) үзүктү, анан алдыңкы (маңдайкы) үзүктү сыйрат. Үзүк үч
бүктөлүп коюлат. Мындан кийин жабык баш тегиричи менен түрүлүп
(томолоктоштуруп) алынат. Бел кырчоо алынып, эки туурдукту сыйрып, аларды
төрт бүктөйт. Канат чийлердин боолорун чечип, өзүнчө түрөт. Түрүлгөн чийлер өз
боолору менен арчындалып таңылат. Эшик чий кошо сыйрылып, бул өзүнчө оролот.
Эми уук тизгичти түрүп, ууктарды аттап чечүү керек. Он чакты уук чечиле электе
ала бакан (түндүк бакан) аркылуу жел боосун каттай кармап тиреп, түндүктү так
көтөрүп алат.
Чакан үйдүн уугу, керегеси экиден бөлүнүп таңылат. Уук жыйналары менен
кереге чалгыч, кереге таңгыч, саканак чалгычтар катар түрүлүп алынып, кереге
канаттарын бириктиребиз. Керегенин канатын жыйноодо саканактарын кынаптап
бастырып, аны саканак таңгыч же кереге чалгыч менен тыкан байлайт. Ууктар да
өзүнүн боолору аркылуу байланып, уук учтары сынбаска ага уук учтук кийгизилет.
БОЗ ҮЙДҮ ЖҮКТӨӨ — Боз үйдүн туурдугу төрт бүктөлүп, үзүк үч бүктөлүп,
унаанын белине коюлат. Эки бөлүк жүктөө мезгилинде унаанын бели талыбашы
үчүн иреттүүлүк сакталат. Бир унааны адегенде эле сылай артып койбойт, үй
эмеректери бир эле чакта кезеги менен бардык унааларга артылып кетет.
Көчтү жүктөөдө аягында идиш-аяктарга кезек келет. Алардын үстүнөн казан
көмкөрүлөт да, түндүк жабуу менен чүмкөлүп, унаанын бели тартылып, тулга
бастырылып, аягында түндүк көмкөрүлөт.
БОЗ ҮЙДҮ САКТОО — Мурун босого-таякка таштан, дөңгөчтөн же кыштан бут
кылып, үстүнө керегелерди жаткызат. Анын үстүнө ууктарды кынаптайт. Үстүнөн
канат чий, ашкана чий, эшик чий коюлат. Эми туурдук менен үзүктүн арасына үйдүн
жип-шуулары, ички жасалгалары орун алат да, үстүнө түндүк көмкөрүлөт.
Боз үйдүн жабууларын жана жабдууларын күбөдөн сактоодо кургак жайга
кармап, кез-кез күнгө жаюу, желдетүү зарыл. Азыр оролгон кийиздин араларына
нафталин сээп коюп да жүрүшөт.
БОСОГО-ТАЯК — «Кайыңдан түндүк ийдирген, Каалга, таяк босого, Канча түрдөп
чийдирген» («Манас»). Бул — боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин
жана каалгасынын жыгач кашеги. Ал уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта
тигилишин аныктайт. Үйдүн босого-таягынын узун болжолдо 1,4 метр, туурасы 1,0
метр, жазылыгы 25 см. келип, ал «таяк-босогого», «баш босогого», «каалга» болуп, үч
бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары менен сызма же эшме
жип аркылуу бекитилет. Баш босогонун үстүнөн үч-төрт эшик уугу орун алат.
Босого-таяктын жазылыгы 10—12 см. калыңдыгы 3 см. бийиктиги жана кенендиги
боз үйдүн көлөмүнө карата аныкталат. Эшик менен босого-таякка ич ара
үндөшкөндөй «табак», «кыял» оюмдарын арбын түшүргөн чеберлер бар. Ага
жыгаччылыкка таандык оюк ыкмасы пайдаланылат.
БУЛ ГААРЫ — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Көркөм буюм жасоонун,
иштетүүнүн ийкемдүү түрү. Бул азыр заводдон чыгат да, жаралуучу буюм-белектин
кагазга эскизин (үлгүсүн) түзүү шарттуу көрүнөт. Илгерки чеберлер терини сыйрып,
жыдытып, же жүнүн алуудан баштаса, мында булгаарынын бир нече түрү болуп,
булар ич ара көркөмдүктү түшүрүүгө өтө оңтойлошот. Ошого карап, чийилген
эскиздеги кооздук түшүрүлөт. Натыйжада, эскиздердин негизинде булгаары
бычылат. Элдик чеберлер тери бетине түрдүү кооздуктарды дароо эле чийим
шибегелери менен түшүрүүгө маш болушса, булгаары буюмдун абалы, анын үлгүсү
келтирилип тигилет. Ал колдонмолук эмес, көбүнчө белектик-жасалгалык мааниге
ээ болот.
Азыркы булгаары ашкана идиштеринин милдетин аткара албайт. Алсак,
чеберлер даяр заводдон чыккан булгаарыдан чыны кап, түрдүү түспөлдө кутуча
өңдүүлөрдү кармап, ал белек-бечкекке берилет.
Булгаарыны иштетүү — мындан чыгарма жаратуу. Буюм жасоо. Кол менен басып,
басма кылуу менен көркөмдүк түшүрүү. Демек, мында элдик ыкманын аздыр-көптүр
бөтөнчөлүктөрү сакталат. Бул «басма ыкмасы» деп аталат. Мында чийим шибеге
колдонулат.
Чеберлердин экинчи бир узануусу — бир сызык аркылуу чийим түшүрүү. Бул түр
да элдик мүнөзгө эгедер көрүнөт.
«Чаптама ыкмасы» бар. Бул «басмарлап түшүрүү» деп аталат. Алдыңкы булгаары
тилинип коюлуп, анын үстүнө башка булгаарыдан оюм-чийим түшүрүлөт. Демек,
бастырылат.
«Булгаары бетине боёк жабуу» ыкмасы азыр да көп колдонулат. Булгаарыны
«кайып тигүү» ыкмасын чеберлер кол учтарынан аткарат. Ал кадимки эле «көктөө
жолуна» окшойт. Мында чырашталып тигилет.
Булгаары карамган чеберлер — жарым-жартылай зергер. Булгаары бетине
күмүш, назильберь, мельхиор, датчалбас, жез, мис, коло сыяктуу түстүү металлдарды
чабуу чеберчиликтери азыр жанданууда.
Буюм бетин «тогуз төбөлөө» (айнек, асыл, таш, пластмасса чөгөрүү) сыяктуу
салттуу нускаларды кармай баштоо — узануунун кан жолун нарктуу тутуу.
Булгаарыга көркөмдүк түшүрүүдө анын бетин жылтыратуу зор мааниге ээ болот.
Аны үчүн чеберлер момду (аары балынын чөбөгүсү) пайдаланышат. Ал суу
өткөрбөйт. Теринин касиетин узакка сактайт. Мына ушул менен таза теринин бетин
сүртөт.
Булгаарынын бетине «чийме сынпос» түшүрүүдө чеберлердин узануулары үчүн
эн мүнөздүү ыкма — пресске басуу. Мында темир клише колдонулат. Аны жасоодо
цинк темирдин бетине типографиялык боёктор аркылуу оюм-чийим түшүрүлүп,
анан азот кислотасына салынып, темирди жедирүү жолу менен жүзөгө ашат.
Темирдин боек бар жери өйдө чыгып, боек тийбеген жери азот кислотасына
сүртүлүп жоюлуп калат. Мына ошоңун негизинде рельефтик (бетине түшкөн
кооздук) «чийме сынпос» пайда болот. Андан кийин пресс белгилүү өлчөмдө
ысытылып, алдына жумшак резина төшөлөт. Буюмга ченеп бычылган тери коюлат
да, үстүнө клишени катуу кысуу менен бастырылат. Ысыктыкта бир нече секунд
тургандан кийин булгаары бетиндеги көркөм оюмдар кашкаят.
Чеберлер аппликация ыкмаларында колдонушат. Мунун да үлгүсү кагазга
түшүрүлөт. Аппликация — курандылоо, кол өнөрчүлүктө бул — «курак». Мында
түрдүү түстөгү терилер кесилет да, ирээти менен чапталып чыгат. Бул —
булгаарынын өөн-бучкактарын кайра иштетүүнүн сыйда жолу. Өнөр жай
өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды кайра иштетүү жөнүндөгү программалык
негизги багыттарындагы көргөзмөлөрүнө ылайыкташтырып, буюм жасоо жагына
айкалыштыруу — бүгүнкү кол өнөрчүлөрдүн милдети. Чеберлер бул жөнөкөй ыкма
менен «китеп тышын», «куттуктоо папкасын», «кыздардын кол баштыктарын»,
«кур» өңдүүлөрдү арбыныраак жасоодо. Булгаары чеберлеринин негизги аспапкуралдарына чийим шибеге, шибеге кирет.
Булгаарыга — «наар» түшүрүүдө чеберлер «мүйүз», «бармак бооч», «кыял»
оюмдарын негиз тутушат, булгаарынын табияты кабыл алгандай оюмду майда үзүлкесилсиз берүүбүз керек. Мында оюмдан оюм жаралып, чөптүн сабактарын,
гүлдөрдүн бутактарын жана таажыларын, бак-дарактардын жалбырактарын
символдоштурууга болот. Албетте, булгаарыга түшкөн кооздукту башка жердиктер
кайталай албайт. Төтөн, күрөн, сары булгаарыга өң сиңирүү — чеберчилик. Чеберлер
жердиктин негизги касиеттерин таанып билет.
Булгаары боеонун бөтөнчөлүктөрүн алар билишет. Азыркы боектордун
жугушуна, теринин сырткы бетин тазалоого өзүнчө майы болот. Демек, булгаарыга
шавельовой кислотасы пайдаланылат. Булгаары күйүп кетпеске өз өлчөмүн билип
турушат. Боелгон теринин үстүнөн жылтыратыш үчүн мом сүртүлөт. Ал боекту
актайт, суу жугузбайт.
БУТ КИЙИМДЕР — Аяк кийимдеринин жалпы аталышы. Булардын жердиги
териден болот. Аны колдоо иштетүүнүн негизги бир түрү — малмага салуу.
Бут кийимдердин негизги жердиги күдөрү. Андан сый бут кийимдер, мээлей,
намиян сыяктуулар жасалган. Күдөрү ары көрктүү, абдан бышык болот, тез оңбойт,
суу өтпөйт. Ултаруу — өтүк, маазы, кепич, мөкү, кете, чарык өңдүү элдик бут
кийимдерине узануу-уздануу.
БУЮМ — «Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңдолот» (Осмонкул). Элдик
көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу, турмуш-тиричиликте колдонмо-жасалга катары
пайдаланылуучу нерселер, мүлктөр, эмеректер. Уста-усталардын жекече чыгармасы,
чеберчиликте узанып - узданып жараткан нускалары жана үлгүлөрү.
Көркөм буюм жаратуу — ал өнөр. «Буюм-тайым», «буюм-терим» деп айтыла
берет да, ал (утилитардуу колдонмолук-жасалгалык жана уникалдуу (өтө көркөм,
чында көрүнө турган) мааниге ээ болот. Демек, буюмдун жупунусу колдонмо, коозу
жасалга катары жашап жагат. Ушундан улам колдонмо-жасалга өнөрү келип чыккан.
Азыр бирикмелерде жана турмуш-тиричилик комбинаттарда эки максатты тең
көздөп, утилитардык мааниге ээ болгон буюм - сувенирлер чыгарылууда.
Бир эле буюмду көркөмдөп да, жупунулап да кармоого болот. Андай
бөтөнчөлүктөр устанын жана уздун өнөр дараметине байланышат. Ал эми азыркы
курулуп, архитектуралык өзгөчөлүктөрү бар бөлмөнүн ичинен белекке берилген
буюм-тайымдар өзүнө-өзү орун табат да, ошол эле тапта ал кооздукту да ыроолоп
турат.
БЫЧАК — «Бычакка саптуу уулуң жок, Кайгырып жашым төгүлдү». (эр Төштүк).
Бир жак кыры миздүү, кармоого эпиндүү, металлдан, мүйүздөн, сөөктөн, жыгачтан
жумуру сабы бар бирдемелерди кесүүчү аспап-курал. Бычактын сабына чеберлер
«сыя төгүү», «чапкылоо» сыяктуу зергерчиликтин түрдүү ыкмалары менен элдик
көркөм оюм-чийимдерди түшүрүшөт. Асыл таш, айнек аркылуу «тогуз төбөлөйт».
Бычакты пайдалануу да адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата болот. Сабына ар
кандай акак таштарды, айнекти чөгөрүлүп жасалган «бычактар» күлгүн жигиттерге
таандык болот. Мунун чоңун «шамшар» деп аташат. Мүйүз сап, жыгач сап, металл
сап бычактарды улгайгандар атайын кын жасатып, жанда алып жүрүшчү.
Депкир сабына күмүш жалатып, ага оюм-чийим түшүрүшкөн.
ДӨӨТҮ — Төкөр уста Бөлөкбай, Дөөтү менен дос болгон» («Сейтек»), Ал —
уламыш түрүндө айтылып келе жаткан усталардын атабашы, «усталардын
колдоочусу», «темир-тезектин пайгамбары», «темирчиликтин пири».
Металлга кооздук түшүрүү көркөм кол өнөрчүлүктүн кыл чокусу делингендиктен
эл арасында да ар түрдүү уламыш-болумуштар бар. Мисалы, «Дөөтүнүн кырк шекити
болуптур. Дөөтү аларды өнөрдүн кырктан ашык түрүнө үйрөтмөкчү экен. Өзү кырк
биринчи Дөөтү оттогу темирди кычкачсыз эле кармай турган. Бир курдай анын
шакирттеринин бири «кызыл жалын темирди кармайм» — деп мактанып,
«Кудайдын каарына калып», колун күйгүзүп алат. Анда Дөөтү: «Антип түк
мактанууга болбойт. Итке барчы, эмне кылып жатканын көрөсүң, ошондо билесиң.
Айыкканда келип узан» — дейт. Итти караса, эки колу менен эптүү кармап, сөөктү
кемирип жатат. Ошондон улам алиги шекит кычкач жасап узанат.
Дөөтү эч кимге көрүнбөй узануучу экен. Аны шекиттери (көөрүкчүлөрү) да
көрүшпөйт. Күндөрдүн биринде чыдамы кыстаган көөрүкчүлөрүнүн бири дүкөндүн
кичинекей жеринен тырмап тешип, жылчык чыгарып, шыкаалап караса, Дөөтүнүн
колунда кызыл жалын темир. Шекитинин антип көрүп жатканын байкаган ал аны
дароо «калакайлап» таштап жиберет. Анан шекитине «Ата, а, бир аз чыдай турсаң
эмне, колум күйүп калбадыбы» — дейт. Көрсө, Дөөтү шакирттерине кызыл жалын
темирди кычкачсыз эле кармап, кантип узануу керектигин үйрөтмөкчү экен. Аспап
жасап, ошондон кийин чоктуу темирди кычкач аркылуу кармап калышыптыр.
Эл арасында мыкты усталарды «Анын Дөөтүсү бар, Тегин уста эмес», «Дөөтүсү
колдогон», «Дөөтүнүн жолун жолдогон», «Дөөтүнүн изин баскан», «Дөөтүнүн
жайында жаткан» деген ишенимдер айтылат. Алар Дөөтүнүн шакирттери
(шекиттери) болуп саналат.
Айлакер усталардын өнөр дараметине адамзат баш уруп, анын өнөрүн ыраазы
кылышка эч нерселерин аяшпаган. Акыйкатта, ушунун өзүндө «сырттан кандайдыр
зор күч бар», «имишке» анча ишене бербегени» биз менен улуу усталардын өнөрүнө
баш урабыз, таазим кылабыз, таң калабыз. Демек, Дөөтү жана Дөөтүнүн
шекиттеринин бара-бара легендага айланып калуулары мына ушундай усталардын
жекече касиеттеринин молдугунан болот.
Күмүштү күлдүргөн, кара темирди камырдай жууруган усталардын ниетинде
Дөөтү бөтөнчө күч катары сакталып, алар узанганда «Дөөтү кошо узанып
жаткандай» туюшкан. Мындай шартта усталар күндүр-түндүр чаалыкпай чарчабай
узанган — деген ишенимдер бар.
«Дөөтүнүн кырк шекити аралашып, кармашып-термелишип, улуу устатына
дайыма ич-ара акыл-кенеш берип турчу имиш. Антпесе, «уста аттуулар унутчаак,
көңүлү бир жайда болбойт» — деген да уламыштар айтылат. Дөөтү кызыл чокко
колун салса да күйүүчү эмес экен. Шекиттерине минтет: «Эч убакта мактанбагыла,
эгер мактансаңар усталык өнөр ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен
кармабай каласыңар» — дейт. Шекиттеринин баары устанын айткандарын эске
тутушат. Ошентсе да алардын ичинен бирөөнө бир кары адам: — «Балам, усталыгың
кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?» — дептир. Анда шекит ала көөдөктөнүп:
«Дөөтүдөн да өтүп кеттим» — дейт. Дүкөнүн ачып, отко темир салып, көөрүгүн
басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир жабыша түшөт. Ал
ошондо гана мактангандыгын билет. Билет да: «Аттиң» — деп, оозун карманат.
Ошол чакта Дөөтү бүт ааламды кыдырып, шекиттерин көрүп жүргөн кези болот. Бул
шекитине кезигип: «Балам, иш кандай?» — дейт. Дөөтү уста иштин чоо-жайын
айттырбай түшүнүп көздөн кайым болот.
Бир күнү Дөөтү уста тегирменин чегип бүтүп, суу жыгайын деп жатса, чатырында
бир ителги отурган болот. Дөөтүгө салам берип, келүү максатын айтат. «Сиз менен
мелдешейин дедим эле. Эгер тегирмениңиздин ташын жара тээп берсем, мага
алтындан текөөр салып бересизби?»— дейт. Акыры мелдеш башталат. Ителги
асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип, тегирмендин ташын жара тээп,
кайра асманга атып чыгат. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып,
сууну жыгып, жүргүзүп жиберет. Дөөтүнүн айлакердигине ыза болгон ителги ыйлап
жиберет. Андан бери Дөөтүгө ителги кайрылып келбептир. Эгер келсе, тегирменди
токтотуп, чын эле эрдигин көргөзмөк, ызасын басмак имиш. Дөөтү зергер да ушул
күнгө чейин ителгини «келип калабы» деп күтүп жүргөн имиш.
Мукамбет пайгамбарга жумура-журту жапырт даттанышат: «Дөөтү алеки
саламды жоготуп жүрөбүз. Анын шекиттеринин бир да бирөө тийбейт. Узантаарга
уста таппай калдык» — дешет. Анда пайгамбар: — «Уста аттуулар көмүр тепсебейт.
Ким көмүр терип жүрсө, Дөөтүнүн шекйти, устанын дал өзү. Кармап алып узанта
бергиле? — дептир... «Жандоочу кийик аттырат» дейт. Мыкты усталарга шекити
менен көөрүкчүлөрү кеңеш берип турары шексиз. Мына ушундай касиеттер азыр да
көп усталарда сезилип турат.
ДӨШҮ — Усталардын негизги куралы, үстүнө металлды жаткызып таптоого,
сомдоого, чыңдоого ылайыкташылып, атайын куюп жасалган моюндуу келген чулу
темир. Анын моюну чокчоюп, темирди ийүүгө шартташкан. Кара устакерчиликте
чоктонгон темирди барскан менен уруу үчүн дүкөндөрдө көрүк, күжүнүн жанында
жайлашат. Ага коюп, ар түрдүү шаймандардын тетиктерине чейин кармоого болот.
Дөшү көлөмдүү келет. Ал эми зергерчиликте Дөшү ителгинин жемсөөсүндөй
сыйда жана чакан болуп, көчкөндө ала жүрүүгө шартташкан. Ага күмүш, жез, мис,
коло, калай жана башка буюмдун жердиктерин коюп чабууга оңтойлошот.
ДҮКӨН — (өнөркана, устакана). 1). Көркөм кол өнөрчүлүктө усталардын узана
турган жайы. Анда асма көөрүгү, алаа көөрүүгү, күжүсү, көмүркөйү, көмүрү, түрдүү
аспап-куралдары болот.
МТСте, РТСте, колхоз-совхоздордо айыл чарбасынын ар кандай өнөктүктөрүнө
карата шаймандарды оңдоочу, анын айрым бөлүктөрүн колдон кайра кармоочу
жайды да «дүкөн» деп атайт. Анда така, мык да жасап, ат такалайт. Ал — кара
усталар узануучу жай. Мында асма көөрүгү, таш көмүрү, ар кандай аспап-куралдары,
темир-тезектери, атайын көөрүкчүсү болот.
2). жыгач буюмдарын кыруучу кол механизм;
3). өрмөк согуучу (өрмөктү), килем токуучу (станокту) жайды айрым аймактарда
дүкөн дейт.
ЖАБЫК БАШ — «Жабыш башы кундуздан, жана токсон үй болду» («Манас»). Бул
— көбүнчө кийиз оюм менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете
тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң
негизгилеринин бири. Анын түрдүү үлгүлөрү бар. Мисалы, четине шырдактыкындай
эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат, «Бычак учуна» жана эки четине
дейре көбүнчө ак менен кызылдан сөөм-карыштай «кыял», «жарым кыял», «бадам»
оюмдарынан «ак этек» берилет. Жабык баштын ортолугуна көбүнчө шырдакка
таандык «табак оюмунун жана «түр оюмунун» бирин ирээти менен көчүрүлөт.
Жабык баш, адатта, кадимкидей шырдактык шырык аркылуу шырылат. Боз үйдүн
аянтына карата тегерете бычылган бул буюм эки же төрт бөлүктөн турат.
Айрым учурда ак өргөөлөргө илгери кош жабык баш да тартылган. Бул бир
эсептен ал үй ээсинин дөөлөтүн жана даражасын көрсөтсө, эң негизгиси ошол боз үй
тиккен чебердин узчулук дараметин айкындайт. «Жабыгын ачык ойдурган,
Жабыгынын жээгине, Жалпы кундуз койдурган» (Жеңижок) — дегендей уздар
жабык башты жасоодо көркөм үлгү катары мына муну пайдаланууда.
Адатта, «жабык баштын» четине кызыл менен карадан «жээк» түшүрүп алат.
Анан ак-карадан «ара тиш», «бычак учу», «ит куйрук» оюмдары берилет да, кызылкарадан кош «бадам оюмун» келтирет. Кайрадан кара-актан жогорудагы
оюмдардын бирөө түшүп, андан кийин эки-үч элидей кызыл жана кара өңдө «жээк»
берилет. Эми берилүүчү «аламычы» кызыл-көктөн болот да, ак-көктөн «бадам оюму»
анан кайрадан «аламычы» түшүп, ал кызыл өңдө жээктелет. Мында оюмду
айырмалоодо, аны кооздук даражасына ойдогудай келтирүүдө жеке эле «араа тиш»
(бычак учу) сыяктууларды арбын бербей, «ит куйрук оюмун» да, «бармак боочу
оюмун» да, «кыял оюмун» да, «бадам оюмун» да ортолук оюмдун ыңгайына карата
пайдалана берүүнүн зарылчылыгы бар. Кийизден оюм түшкөн көркөм буюмдарды
шыруу, ак-кара, көк-кызыл өңдөрдү ирээттүү колдоно билүү буюмдун жүзүн
ойдогудай ачат.
Кийизге чымкый кызылдан жээк берип туруп, кызылкөктөн «жүрөк оюмун» же
«табак оюмун» түшүрүп, астына кайрадан кызыл өң менен жээктеп, ак менен
чымкый көктөн «бадам оюмун» берип койсо, андан бетер жакшы көрүнөт.
Жабык башка көк менен кызылдан «капкан оюмун» түшүргөн уздар кездешет. Ал
табакча сыяктуу тегерекче-тегерекче келет да, ар бир тегерекче өзүнчө курчалып,
кудум кош жаактуу капкан сыяктанып, үзүл-кесилсиз улаштыра берилип кетет. Бул
да «жалпы оюм» аркылуу жүзөгө ашып, шырдак оюмдарынын нукура үлгүсүн
билгизет. «Капкан оюмдун» ортосу төрт мүйүзчөдөн турат. Мунун четтик оюму
«бычак учу», «ит куйрук», «бадам» оюмдардан болушу ортолук оюмун ого бетер кооз
көрсөтөт. «Тиштиш» өңдөнтүп аламычтантып берген «ортолук оюмдун» табакчатабакча болуп көрүнүшү, буюмдун өзүнө таандык көркөмдүгү белгилүү чекте ача
алат.
Жабык башта азыр жашыл-кызыл өң арбын беттешүүдө. Анда «кыял», «мүйүз»,
«кочкор мүйүз» оюмдарынын элементтери ич ара ширелишип, мындайынан
караганда көркөм буюмда «ийрек», «ит куйрук» оюмдарынын негизги элементтери
элестеп кетет.
Боз үйдүн ички жасалгасынын жалпы танабын «ак этек» ачат. Ал көбүнчө ак,
кызыл өңдө берилет. Адатта, боз үйгө баш баккан адам шырдак оюмдарын өзүнө
камтыган «жабык башка» үңүлөт. Эгер «табакча оюму» аркылуу берилсе, мунун
ичинде «мүйүз», «кош мүйүз», «сыңар мүйүз», «кочкор мүйүз», «бадам» оюмдарын
кыялдантуу керек. Анда табакча-табакча болуп түшкөн ортолук
оюмдун аралыктарын «бадам оюму» бириктирип, ал көк менен кызылдан
беттешсе, кооздуктун элдик мүнөзгө эгедер наркын билгизет. Анда ак-карадан
кыялданта берилген «ак этек» түшөт да, ал буюмдун башындагы «бычак учуна»
үндөшүп кетет. Буга «жүрөкчөлөнгөн» көркөм оюмдун четтерине «ит куйрук оюмун»
кыйыштырып, анын четине «бадам оюмун» берсе, ал «ак этек» болуп көрүнөт.
Жабык башта «табакча оюмунун» ичинен «мүйүз оюмун», «бармак боочу оюмун»
жарым кыялданта берүүбүз туура болот. Табакча-табакчалардын араларын «бадам
оюму» бириктирип турса, ал көк-кызыл менен беттештирсе, андай буюм сөзсүз кооз
көрүнөт.
Кийизге «жүрөкчө» болуп түшкөн көркөм оюмдун четтерине «ит куйрук оюмун»
кыялдантып, четтик оюмга «бадал оюмун» берсе, ал «ак этек» болуп саналат.
Оймочулук — сулуулукту күндөлүк турмуш менен айкалыштырып,
кылымдардын кыйрын кыркып, элдик чыгармачылыктын жемиши. Элибиз
көчмөңдүү жашоо мезгилинде эле натуралык чарбачылыктын астында көркөм табит
салттуулукта өнүгүп келүүгө жана калыптанууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Кутмандуу кыргыздар өзүнүн оюм-чийимдерин ар кандай шарттарда жараткан.
Демек, ала тоолор, арсак-арсак зоолор, арстан тиш аскалар, күмүш өзөндөр, гүлдүү
өрөөндөр, торгой көз булактар, карагай черлер, көз кыйкыткан мейкиндиктер, мал
жайыттар, алакандын отундай адыр белестерди курчаган кыйма-чийме жолдор
буларга шыктануу аркылуу жаратышканы баамдалып турат. Оюмдун жүзү кийизде
ачылат. Чебердикте «кочкор мүйүз оюму» ар дайым четтик оюмдун ордун ээлейт.
Буюмга өзөк болот да, буюмдун ортолугу бүтүндөй «мүйүз оюмдардан» да болушу
шарттуу көрүнөт. Жалаң «мүйүз оюмдарын» көркөм каражат кылып, кийиз
кармоодо анын «аламычын», «бычак учулап», «чагармактап», же «жарым
кыялдантып», ак-карадан жупташтыруу гана буюмга кооздук ыроолойт. Мындай
кылдаттык кызыл-көк беттешкен көркөм оюмга укмуштай жагым берет.
Уздар айрым учурларда «мүйүз оюмдарынын» ортолорун сары-көк түстө тиштиш кылып да көрсөтө алат. Анда төрт «кочкор мүйүз оюму» табакчаны түзөт да,
алардын четтери «араа тиш» (бычак учу), «жарым чагармак оюму» аркылуу
курчалат. Мында «табак оюму» оюмдун бир нече элементтеринин туундусу болуп
көрүнөт. Анткени, төрт-беш эле табакча көзгө толумдуу бир оюмду жарата алат. Бир
эле табакчадан бир чакан үлгү жаратууга да болот. Мында чеберлер оюм
баштарынан оюм чыгарууга да уз келишет. Көпчүлүк чеберлер «кочкор мүйүз оюму»
өңдүүлөрдүн баштарына «карга тырмак оюму» сыяктууларды берип жүрүшөт.
Көркөм оюмдардын түпкүлүктүү наркын сактаган жана улап жаткан уздар жердиги
манатка да, ноотуга да кооздуктардын өзүнчө кыялданган жакшынакай
формаларын сактайт.
Кээ бир аймактарда жабык башка да көркөм сайма көчөттөрүн түшүрөт. Мунун
четине кадимкидей туш кийиздей эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат.
Эки четине ак менен кызылдан сөөм-карыштай айырмалана турган сайма көчөттөрү
берилет. Бул боз үйдүн аянтына карата тегерете эндүүрөөк бычылып тартылат.
Жабык баштын «аламычын» «бычак учтантып», «чагармактатып», же «жарым
кыялдантып», ак-карадан жупташтыруубуз буюмга кооздук берет. Мындай уздук
кызыл-көк беттешкен көркөм оюмдарга таандык.
Айрым учурларда «мүйүз оюмдарынын» ортолорун сары-көк түстө тиш-тиш да
көрсөтүүгө болот. Анда төрт «кочкор мүйүз оюму» бир табакчаны түзөт да, алардын
четтери «араа тиш» (бычак учу), «жарым чагырмак» аркылуу курчалат. Мында
«табак оюму» оюмдун бир нече элементтеринин туундусу болуп көрүнөт. Анткени,
төрт-беш эле табакча көзгө толумдуу бир буюмду жаратат. Бир эле табакчадан бир
чакан үлгүнү жаратууга да болот. Мында чеберлер оюм баштарынан өзүнчө оюм
чыгарууга да уз келишет. «Кочкор мүйүз оюму» өңдүүлөрдүн баштарына «карга
тырмак» сыяктууларды берип, көркөм оюмдардын түпкүлүктүү наркын сактаган
жана улап жаткан уздар жердиги манатка да, ноотуга да кооздуктардын өзүнчө
кыялданган жакшынакай түрлөрүн сактайт.
Жабык башка да көркөм сайма көчөттөрүн түшүргөн аймактар бар. Мунун четине
кадимкидей туш кийиздей эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат. Эки
четине дейре ак менен кызылдан сөөм-карыштай айырмаланган сайма көчөттөрү
берилет. Мында да жээк (четтик) жана борбордук көчөттөр түшүрүлөт. Бул боз
үйдүн аянтына карата тегерете эндүүрөөк бычылат.
ЖАГДАН — «Баштык-үштүк,
жагдандын, Чечилип баары чачылды» (К.
Жантөшев). Бул — көн буюмдарынын бир түрү. Теричилик менен зерчиликтин күчү
менен көз уялта кооздолуучу буга кымбат баалуу буюмдар, адими жана кийимкечектер салынат. Жагдан жүктүн астына коюлат. «Кырмалуу жагдан кырк килем,
Кыргыздын жайын мен билем» («Семетей»). Үкөк, сандык, абдыра — деп да
айтылган ар кандай көлөмдө жасалат. Анын ичи жыгачтан үкөк өңдүү келип,
сыртынан кол булгаары менен капталат.
Же кол булгаарынын өзүнөн бүткөрүлгөн жагдан да салттуу болот. Анын мындай
бети зергерчиликте бай чегеленип, күмүш бөрктүү гүл мыктар урулуп, куйма кооз
топчулар чөгөрүлүп жасалган жагдандар бүгүнкү чемодандарды элестетет. Мунун да
кадимки үкөктөй, сандыктай кулпу салгычы болот. Үкөктөй тактайдын жасалган
жагдан да сырткы оңтоюна карата капталат.
Жалаң кол булгаарыдай жасалуучу жагдан бычылып, ичи шири идиштериндей
кептелип, ийине келет. Ага чөгөрүлгөн шөкөттөрдүн түрү көбүнчө куйма келет да,
кемерге, көөкөргө, чыны капка түшүрүлгөн көркөмдүктөргө аябай үндөшүп, «мүйүз»,
«кыял» оюмдарынын элементтерин ич ара айкалышканын элестетебиз.
Чиймесынпосту дагы даанарак көрсөтүү үчүн зергерлер күмүш зымчаларын имерип,
атайын из калтырышат. Жагдан сандыктын кооздугу түрдүү формада түшөт. Анда
көнгө түшүүчү кооздук ыроолонот. Жашык темирге күмүш жалатылып, ошол күмүш
топчуларга майда көркөм оюм-чийим түшүлүп, ага «себет төгүү» жүзөгө ашат.
Көбүнчө жагдандын маңдайкы бети гана мыкты көркөмдөлөт. Анын төрт бурчтуу
жана бекитүүчү илгичтерине да зер жалатылат. Же күмүш жалатылган темирлер
кесилип, ал оймолонот-чиймеленет.
Жагданга да айнек, акак, жакут, зумуруд, инжи жана башка асыл таштарды
чөгөрүшкөн. Мындай «тогуз төбөлөнгөн» анын тегерек четине улуу зергерлер
«сиркелетүү» (бул — конок, таруудай майда-майда тоголок күмүш) коюшкан.
Буюмга чөгөрүлгөн андай көркөм шөкөттөр көбүнчө төрт бурч тегерек көрүнөт, «күн
карама», «жылдызча» өңдүү чабылат. Алар өз ара түшүрүлгөн кооздуктарды бирибиринен айырмалап турат.
ЖАЗДЫК (балыш) — «Куш жаздыкта жазданып, Кыбыланы баштанып» (эл ыры).
— Бул — сайма аркылуу бүткөн жүк буюму. Сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу жаздык
(балыш) башка жаздалат. Жүктүн үстүнө же өзүнчө катар жыйылат. Сайма жана
курак аркылуу бүткөн мунун кичинекейин (30x45 см), «балыш» узун келип, эки адам
жазданууга шартташса (110X50 см), аны жаздык деп айтат. Буюмдун маңдайкы
бетине «илме дос» саймасы менен «тикме сайма», «тогуз төбө», «ай кеште»,
«кайкалак», «тескери кайкалак», «допу талаа» өңдүү көчөттөрү жупташа түшүп,
жөнөкөй кездемелер менен тышталып, ичине көбүнчө кебез салынат.
Илгери жаздык бөз жана таар менен да тышталып, ичине саман, чөп да салынган.
Саймачылар муну жасоодо үлгүлөрүн колдон-колго арбын өткөрүшөт. Алар буюм
бетиндеги көчөт өңүн байчечекейдей ача билүүгө өтө чебер
келишет. Буга көбүнчө кызыл, көк, сары, кара өңдөр ич ара такай катышат.
Түштүк Кыргызстандын (Лейлек, Баткен, Ноокат, Алай өңдүү («ичкиликтер»
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.