Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17

Total number of words is 3818
Total number of unique words is 1808
21.2 of words are in the 2000 most common words
30.6 of words are in the 5000 most common words
38.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жыйырма беш тал жип күзүктөлөт. «Жел боону» ар бир уз өзүнүн көркөмдүк
табитине тарткандай жасалгалап алууга болот. Уздар мунун бетинин ичине «чачы
жасап», «седеп тагып» кармоо аркылуу көркөм көрсөтөт.
«Уук тизгич» үчүн жупташкан жип беш тал эле болот. Уздар эки жүздүү терме
үчүн «ит таман көчөтүнө» (иттин таманындай салаа-салаа болуп көрүнөт) тогуз
жипти керектейт. Өрмөкчүлөр таар көчөттөрүнө «баргекче көчөтү» көбүрөөк
колдонот. Жайлоодо болуучу баргек гүлүнө окшогон аны көбүнчө боз үйдүн
боочуларына көркөм көчөт кылып беришет.
ТЕРМЕЧИ — Өрмөктө көркөм көчөттөрдү түшүргөн уз.
«ТЕРМЕ ӨРҮМ» — «Он эки талдан Булдурсун, Чапса кулак тундурсун» («Манас»),
Бул — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бир түрү. Ал көбүнчө жыйырма төрт көк менен
өрүлөт. Аны бирден басып, бирден өткөрүп, төрт кыр кылып коет.
Камчы үчүн муну алты тал аркылуу да өрүүгө болот. Бир көктү бир көк басып,
бирөө үстүндө, бирөө астында кезектешип түшүп отурат. Тал ирээти менен
жупташат да, ал сегиз курдай терилет. Мындай ыкма үчүн чеберлер ондон-жыйырма
талга чейин көк тилет. Анда тал-талдар өтө ичке түшөт да, жыйырма көк ондон
экиге бөлүнөт. Бир көктү үстүнөн, бир көктү астынан алат. Буга сай түшпөй, тал
өзөктү айланта жүрүп отурат.
Өрүмчүлөр он тал көктү экиге бештен бөлүп, астынан бирден көктү үстүнө басып
турат. Ал эми 12 тал термени экиден басууга да болот. Эгер 16 тал көк болсо, ал
сегизден бөлүнүп, бирден жиги аркылуу карама-каршы басылып терилет да, текши
«боорсок көз» (чарчы) болуп түшөт. Мунун бир талы үзүлсө, ал талды жиги аркылуу
табууга мүмкүн эмес. Бул өрүм камчыланууга бышык да, сокмоктуу да келет.
Кээде камчы өрүмүнө он эки эле тал көк тилип, мында өрмөчү экиден бир тал
кылып «терет» да, сегиз-он талды болсо, бирден-бир кылып басат. Айрым өрүмчү
өрүмүн он талдан баштайт. Ал бештен экиге бөлүнүп, бирден көтөрүлүп, бирден
басылат да, он тал тең, бөлүнүп, экиден көтөрүлүп бирден басылат. 12 талдан
баштап, 32 тал көк менен бүтөт. Акыйкатта, 32 тал өрүм колу тетик, өнөрү жетик,
көзү курч, зерикпей отурган, өз ишин сүйгөн чыныгы чеберлердин колунан келет.
Мында өрүмчү «бурай басты», «илме басты» жана «буудай басты» деген эки колдун
он манжалары тең аракетке келүүчү эң татаал өрүмдөрдү аткарат.
«Терме» — «терип өрүү» деген сөздөн чыккан. Айрым чеберлер бул өнөрдү
жүзөгө ашыруу үчүн 10—12—14— 16—18—20—22—24 тал көк тилет. Мында тал
көктөр бири-бирине кайчылаша түшүп отурат. Өрүм төрт чарчы тор өңдөнүп
көрүнөт да, муну менен басмайылдын ортолорун да өрүүгө болот. Бул өнөр «терме
өрүм» деп аталганы менен «калмак өрүмгө» жакын.
ТЕРС КАЙЫК — Ийне сайманын бир түрү. Сайма көркөм көчөттөрү жердикке өтө
майда түшүрүлөт. Түшкөн жиптин көзгө илээшпей өтө майдалана берилиши
аркылуу сайымды бири-бирине улантып (конфигурацияланып) сайып кетүү тийиш.
Анын ички бети үч кошкон кейиптенет (кайчылашкан кошуу сызыктарын
кыргыздар «үч кошкон» деп айтышкан).
ТЕШЕ — керкинин түрү. Жыгач усталардын куралы. Муну менен көбүнчө ээр
чабат. Чуңкур буюмдардын ичин оюш үчүн пайдаланылат. Анын бир топ түрлөрү
бар. Мисалы «чуңкур теше», «узун теше» муну «карк теше» деп атайт. Чуңкур
тешенин ичи саал иймекей келип, керки өңдүү, бирок, андан чоңураак болот. Чоң
тешенин сабы күрөктөн узун, өзү чот кетмендей болот да, кудум керкидей көрүнүп,
ээрдин түспөлүн ушу менен чеберлер туруп алып чабат.
ТИЗГИЧ (уук тизгич). Боз үйдүн боо-чууларынын бири. Керегеге жапырт
сайылган (тигилген) ууктардын жылып кетпеси үчүн билегине текши кыркалай
имериле оролгон сызма, терме таар. Мунун өрмөгүнө жети гана тал жип чалынып,
ууктан оң-тетири тарабы көрүнүп тургандыктан көбүнчө көркөмдүк үчүн эки жүздүү
терме түрүндө согулат. «Уук тизгич» өрмөк түрүндө да, эшме жип түрүндө да болушу
ыктымал.
ТОГОО (сагалдырык) — кайыштын көзчөсүнө бел курдай кирип, бекип турган
төрт бурчтуураак шөкөт. Тогонун узундугу сегиз см, туурасы алты см, ортосундагы
бел курдай «олоң тилинин» узундугу үч см ге барабар. Катылган жүгөн чагарак
аркылуу бекитилет.
«ТОГУЗ ТӨБӨЛӨӨ» (асыл таш, айнек чөгөрүү) — Асем буюмдарды жасоодогу
элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Муну буюмдардын бардык бүтүндөй түрүнө
колдонууга болот. Акакты, айнекти, зумуратты, инжини кадимкидей буюм бетине
чөгөрүү үчүн мунун эки ыкмасы пайдаланылат. Биринчиси: мисалы, билериктик
күмүштүн үстүн оюп, кызыл жалын кылып эритип, айнекти ага куят. Апы зергерлер
көп колдонууда. Күмүштөн ага «жатак» кылып алдырат да, күмүш менен данакерди
аралаштырып, билерик үстүнө коет. Каухар, жакут, акак таштардан чөгөрүлгөн
сөйкө, билерик, чач учтук, чолпу, күбөк, желбирөөч, шакектердин беттери
жалатылып, өзүнчө асемдүү көрүнөт.
Асыл таштар менен «тогуз төбөлөө» ат жабдыктарына да мыкты көркөмдүк
тартуулайт. Күмүшкө акак, айнек жана башка асыл таштар чөгөрүлгөн нускалар жаш
өзгөчөлүгү боюнча келин-кыздарга жарашык берет.
ТОМОГО — «Томогосун кийген бүркүттөй, Той берген жерде шаңшуучу»
(Байдылда). Бул алгыр куштардын көзүн жаап коюучу тоголок тарткан булгаары
бөрк. Кушка туурга (үйдө) отурганда жана ууга чыгарда кийгизилип, аңга
салынаарда башынан алат. Булгаарыны же көндү (кол булгаары) алып, эки бөлүк
кылып, топудай тегерек бычат да, экөөнү беттеп, тарамыш жип аркылуу кайып
тигет. Чеберлер мунун төбөсүндө сыйдаланган булгаары чачыгын-чогун жасайт.
Алкымы сагакталат. Томогонун өзүнө тегерете күмүштөн жана жезден жакшынакай
шөкөттөр чабылат. Ал көркөмдүктөр көрчөгөлөргө окшошуп турат.
ТОМПОЙ — «Үйүрө кармап томпойду, Чийинди басып оңтойлуу, Топтошуп
турган чүкөнү, Шыкаалап туруп бир койду» («Манас»). Ал — абалактын бир түрү.
Мунун «ордо оюну» үчүн эң мурун чыккандыгы элдик эпостордо даана айтылат.
Кыргызстандын айрым аймактарында (Түштүк Кыргызстанда, Таласта, Чүйдө ж.б. )
«Ордо оюну» азыр да томпой менен ойнолууда. «Ордо» томпоюн жасаган чеберлер
да бар. Ордо атууга оң томпой керек. Айрым сологой ордочуларга сол томпой
жасалат. Натыйжада, мында «оң томпой», «сол томпой» деп айтыла берет. Ордо
томпоюн жасоодо бөктүн үстүн жана эки жанын бычак сырты кылып чабат. Демек,
алчысы терең эмес, тогологураак барып тууралжын тарткан томпойлор тандалат.
Ордо томпою үчкө бөлүнөт: чийки томпой оорураак келет. Куу томпойду
талаадан тандап алат. Боз томпой бышкан жиликтен алынат. Негизи атан төөнүн
чийки жилигинен омкоруп алган томпойдой болбойт. Ошондуктан, төөнүн, жүз
уйдун томпоюнан иргелип отуруп, бири тандалат.
ТОН (Бостон) — «Ак боз ат минип теңселип, Ак күбө тонду белсенип, Ак сакалы
сеңселип» (Манас). «Тон кадырын ээси билет» — (макал). Бул — койдун, эчкинин,
кийиктин терисинен жүнү ичине каратылып жасалган кышкы сырт кийим. Тери тон
сөөлөт үчүн да кийилет. Мунун бучкактарын да жерге таштабайт, андан курак
көлдөлөң, балдарга кийим-кечек бычылат. Малдын, кайберендердин жана аң
терилери көчмөңдүү элдин турмуш-тиричилигинде тигил же бул кийим-кечелерди
жасоого өтө керектүү жердик болгон. «Тогуз катар торкодон, токту акемдин түгү
өттү» — деген накыл айтылат.
Тон — өңдөлгөн (бордолгон) тон, ышкын түп жапкан тон (боелгон) тон делинет.
Карыяларыбыз көөлбүп кие турган тондун жакалык көрпөсүнүн жүнүнүн узундугу
эки-үч элидей болот да, адатта, тармал кара көрпөдөн салынышы нарктуу көрүнөт.
Анын өңүрү жана этек-жеңинин жүнү кыска кара көрпөдөн болот. Кара кыжымыдан,
чий баркуттан эни карыштай жана андан жазыраак көбөө коюлат. Тондун этекжеңинин, өңүрүнүн көрпөсүнүн жүнү жайкалып чыгып турат.
Тон топчуланбайт. Кол башы менен түрлөнүп чалынган, топ чачыланган боо
аркылуу байланат. Күмүш сакалдарын жайкалтып, каалгый кийген мындай сырт
кийимдин ичи да кара көрпөдөн болушу тийиш. Тондук тери боедон өткөндөн кийин
аны кийген чакта куучуйуп тарып кетпеши үчүн керип-чоюп, колдо ийлеп, булуңбурчтарын керип тырмактап бычкан. «Жымырата тиктирген, Жылаан боор
бүктүргөн» (Калык). Тигишин жаткызыш үчүн тиштеткен.
Жоого каршы аттанганда кийүүчү тонду «туулга тон», «чарайна тон» деп
аташкан.
Кийинчерээк уздар бүйүрмө тон да тигишкен. Анын этеги жайылып кенен, бели
беш-он жеринен бүйрүлүп, көкүрөк тарабы денеге чакталып бычылат. Анын
көбөөлөрүнүн эни эки элидей келет да, жүнү кыска ак, кара көрпөдөн болот. Мында
көбөө кийимдин этек-жеңинен, өңүрүнөн сырткары төштүн эки жагына да
бастырылат. Бүйүрмө тондун жакасы пальтонукундай болот да, буга көбүнчө темир
илгич коюлат. Антип көбөөлөнбөй, бүйүрмөлөнбөй эле жакалуу же жакасыз этекжеңи кенен тондор да тигилет. Тонду тигүүдө жана кийип жүрүүдө да аймактык
айырмачылыктар көрүнүп турат.
ТОПУ — «Желкеден чыгып топусу, Жейрен шым бутта калдырап» (Казыбек). Бул
— тегерек баш кийим. Илгери топу ар кандай кездемелерден төбөсү кууш бычылып,
бүйрө тигилип, ак кездеме менен ичтелип кештеленген.
Кыз-келиндер төбөсү бийик жана кууш топу кийишкен. Бара-бара ал ар кыл
түстөгү жердиктен төбөсү менен алкагы тегерек жана жапыз тигилип, зер, бермет,
шуру, акак өңдүүлөр менен кооздолуп, үкү (канаты) тагылган. Кийин топу бир
түстүү кездемеден эле төрт бурч сымал жээги бир бүтүн келип, төбөсүндөгү төрт
талаасы саймаланган. Эркектердин топусу ак, кара, жашыл, көк өңдүү кездемелерден
тигилет да, мунун тегерек, төбөсү бөрктүү (чокчо) түрлөрү бар.
Калпак менен тебетейдин ичинен такай кие турган тегерек топуну «ичмек топу»
дейт. Ал тебетей менен калпактын ичин кирдетпейт. Топучан отурууга да болот. Ал
көбүнчө кир көтөрүмдүү баркут, чийбаркут, трайке сыяктуу адими кездемелерден
болот да, кырбуусун өзүнчө, төбөсүн өзүнчө бычып алып, колдо бүрүп да, машинада
тигип да кармайт. Ал эми төбөсү чокчо ак топуну «тепчиме топу» деп айтат. Аны
уздар учуктуу ийне аркылуу колдо тепчип, ага да «секирме сайма» (бири-бирине
улаштырылбай сайылган сайма) берилет. Ак топу ичмек топудай такай малакай,
тебетей менен калпактын ичинде жүргөн эмес, атайын төрт бүктөп жанда ала жүрүп,
же үйдө бир жерге таза коюп, сөөлөт катары карыялар кийүүгө шартташкан.
Кыз балдардын топусун «такыя топу» дейт. Ал көбүнчө жашыл, кызыл, көк
өңдөгү кыжымылардан, тасбаркуттан жасалат. Бул баш кийимдин төбөсү менен
алкагы жапыс жана тегерек тигилет. Төрт талаа (төрт бурч) болуп жээктелет. Төбөсү
томпок, ортосу учтуураак келип, топуга тегерете көркөм көчөттөр «кыял оюм»,
«бадам оюм», «ийрек оюм», «бычак учу оюм» өңдүү кооздуктарга окшошот.
Көркөм көчөт-оюмдардын ордуна акак таш, шуру, бермет өңдүү асыл заттарды
ийректете тизип, алтын-күмүш торчолор менен курчайт. Мунун «бүйүрмө топу»,
«кайырма топу», «малакай (макабай) топу» сыяктуу түрлөрү бар. Бул баш кийимди
кийүүдө жана тигүүдө аймактык бөтөнчөлүктөр байкалат.
ТОПЧУ — «Күмүштөн топчу бүчүмдө, Күйүтүм турат ичимде» (Боогачы). Бул —
зер буюму. Улуттук кийим-кечектерге жакшы жарашкан кыз-келиндерибиз үчүн
зергерлер колодон, жезден, күмүштөн, мүйүздөн асемдеп үлгү жасашкан. Салттуу
буюмдун катарына кирет мунун бетине зергерчилик менен кооздук түшүрүшкөн.
Адатта, топчуну темирден жана мүйүздөн арбын кармашат. Темир болсо ич жагынан
кийим-кечеге кадалуучу илгичин жасап, аны кепшер аркылуу бекитет. Топчунун оң
бетине ат жабдыктарын шөкөттөгөндөй калтыркан күмүш жалатып, каалагандай
оюм-чийим түшүрүшкөн.
Топчу тегерек, томпок келет. Эгер муну «чапкылоо» ыкмасы аркылуу из түшүрүп
жасаса, «кочкор мүйүз», «кулжа мүйүз», «ит куйрук», «кыял», «жарым кыял», «ийрек»
балатынын бутактары сыяктанат. «Жарым мүйүз», «бармак боочу» оюмдары
кейиптенип, же айбанаттардын элесин берген кооздуктар да көз алдыга тартылат.
Элибиз үчүн күмүш бетине түшкөн «мүйүз», «кыял» оюмундагы «мөөр топчу»
(себет сүртүлгөн) салттуу болуп саналган.
ТОР ЧАЧЫК — түймө өнөрүнүн бир кооз түрү. Түймөчүлөр анын адегенде
«керенесин» (кыюусун) түйөт. Ал төрт катар кыюулангандан кийин эки тал
жиптерди «төкмө чачы» кылып алат. Мунун ар бири төрт-төрттөн байланышат. Ал
кайрадан эки-экиден ажырайт. Ошондо түйүлүп жаткан чачы көзөнөкчөлөрү төрт
чарчы өңдөнүп, байчечекей гүлүнө окшошот. Тор чачыктын эң жөнөкөйү төрт
көзөнөкчө менен бүтөт. Анын он тал жиптен эки элидей (4—5 см) «чогу» чыгат.
Чачыкка төрт кат жип пайдаланылат.
ТОГУЗ КОРГООЛ (тогуз кумалак) — Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн
жасалган жыгач буюму. Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу,
оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында
кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда чоңураак
жанаша эки казынасы (казан чара) бар сүйрүлөнгөн такта. Анын жердиги
карагайдан да, арчадан да, талдан да, теректен да, өрүктөн да, жаңгактан да болот.
Чеберлер аны жасоодо араа, керки, бычак пайдаланышат. Чуңкурун, казынасын
чебердеп оюу-жонуу үчүн атайын кичинекей ийгиси бар. Эгер кыйып келээри менен
дароо чаба койсо, ага каймак, же сорпо майын «ичирип» (аябай сыйпап) көлөкөдө
кургатуу керек. Тогуз кумалактын көлөмү койдун коргоолундай 162 коргоолу да
жыгачтан бипбирдей тоголок жасалат.
ТОРЧОЛОО (тордоо) — чыйратылган күмүш зымды асем нускалоо. Бул —
зергерчиликтин бир ыкмасы. Мында зым түрдүү жоондукта чыйратылат. Ал улам
ичкертилип, чыйратылган сайын чеберчилик да артылып жүрүп отурат. Илгерки
зергердин зым тарткычтарынан айырмаланып, бирок, түспөлү ага окшошуп, атайын
заводдон жасалган өзүнүн аспабы бар. Демек, анын отуз беш тешигинен (эң ичкеси
0,3 мм, эң жоону 0,6 мм) улам өткөн сайын ичкерип отурат. Ар бир тешиктен өткөн
сайын зымды отко кызытып алат. Ансыз ал үзүлүп кетет. Ал эми зымды чыйратууда
аны атайын түрө жана эше турган тигүү машинасынын туткасы сымал айлантууга
эптеп дүкөнү болот. Муну дагы зергер буюмдун формасына жана колдонулушуна
карата кынаптап, түрдүү оюм-чийимдеп, данакерлейт. (Бул «Зым тарткыч» деген
макалада айтылат.)
ТӨӨНӨГҮЧ — Төшкө тагылуучу кыз-келиндердин азем буюму. Төөнөгүч ар
кандай формада жасалат. Ага зергерчиликтин ыкмаларынын бардык түрлөрүн
пайдаланууга болот.
Зергерлер мүнөздүү узанууда мындай бир ыкма бар. Алгач төөнөгүчтү күмүш
зымдан жөнөкөй эшип, чыйрак чыйратып, дөшүгө салып, балка аркылуу жалпактайт.
Анын эки түрү бар. Төөнөгүчтүн ортосуна ар түрдүү асыл таштар, айнек, пластмасса
сымал жалтырак заттар коюлат. Ошол таштардын аймагына (тегерегине)
курчалуучу күмүш зымды белгилүү жукалыкка чейин келтирет. Мунун жукартуусу,
биринчиден эки эсе жоон болушу керек. Демек, ага элдик көркөм күмүш оюмду
түшүрүү үчүн күмүш зымдарды атайын отко жашытат. Анан кертип - кертип, аны
бөлүп алып, тегерек ооз кыпчууру аркылуу формасына келтирет. Ошентип,
төөнөгүчтүн бардык бөлүктөрү даяр болгондон кийин алардын ар бири кайрадан
күмүш менен ширетилип, чөгөрүлгөн айнектин тегерегине сирке төгүлөт.
Күмүштү күмүш менен ширетүүгө ак данакер колдонулат. Күмүштү эшүү
ыкмасындай эле күмүштү кертүү ийүү аркылуу да төөнөгүчтү жасоого болот.
Мындай аземдүү буюмдарды жасоодо зергерлер мельхиорду да пайдаланат. Анда
чыйратылган зымды кайрадан эшип туруп, көз салгандай кылат. Ал өзүнчө формада
жүрөкчө болуп ширетилет да, анан түрдүү асыл таш, айнек чөгөрүлөт. Анда
жүрөкчөнүн үч жагына тең «сирке» төгүлөт.
Төөнөгүчтү «бүчүлүк» деп да атайт. Буга узануунун негизги ыкмалары топчу,
билерик, желбирөөч сыяктууларга окшошот да, тегерек темирдин четтерин күн
карама кейиптентип кесип алып, ага күмүш жалатат. Анын ичинен өзүнчө из
түшүрүүчү жээк чыгарып, мунун төөнөчү «олоң тили» чок ортосунда болот. Калган
тараптары кадимкидей «себет төгүү» — «зооткер түшүрүү «аркылуу кооздолот. Ага
түшкөн көркөм көчөттөр «кочкор мүйүз», «жарым бадам» жана кудум туш кийиз
сайма көчөттөрүнө окшошот.
Тептегерек көмкөрүлгөн күмүш топчу түспөлүндө төөнөгүч да жасалат. Мунун
төөнөй турган «олоң тили» ичинен бекийт да, жалаң «чапкынын» ар кандай
түрлөрүн алып, чапкылоо ыкмасы аркылуу түшүрүлүүчү издер «кыял оюму»
окшотуп, төөнөгүч кооз көрүнөт.
ТӨР КӨРПӨ (жер көрпө, жер төшөк). «Көк болот ийне сапталган, Көк тубар көрпө
капталган. Ак болот ийне сапталган, Ак макмал көрпө капталган» — (Жеңижок). Бул
— шырдак, ала кийиз, шалча, килем сыяктуу жерге төшөлүүчү буюмдардын үстүнө
салынуучу (1,5x1,0 м) төшөк. Ал ашатылып, өндөлгөн саксак көрпөдөн (бостектен)
жасалып, төргө салынгандыктан «төр көрпө» деп аталат. Элибизде тармал кара
көрпөнү төшөк кылып урунуу нарктуу. Кийинчирээк ичине жүн, кебез салынып,
тукаба, баркут, атлас, трайке өңдүү кездемелерден төшөктөр тигиле баштайт.
Төшөктүн четине башка кездемелерден «көбөө» коюп, тегереги «кыюуланат» да,
«милте» (жээк, ыскыт) басылат.
Азыр сайма төшөк басымдуу кылат. Уздар мунун бетине көркөм сайма
көчөттөрүн түшүрүп (сайма төшөк), бөлөк өңдөгу кездемелерден, же көрпөлөрдөн
шырдак оюмдарын чыгарып, аны чыраштап (оюм төшөк), түрдүү өңдөгү өөнбучкактардан курап (курак төшөк) жасап жатышат.
Мунун ортолук көчөтү беш, жети, тогуз, он бир табакчаны түзөт да, алар биринебири шарттуу окшош келиши мүмкүн. Ал табакчалардын ортосуна сайма көчөттөрү
«жарым кыял» болуп түшөт. Ар бир тегерек табакчанын четине «суу» (аламыч)
берилет да, бир эле табакчадан төрт «кош мүйүздүн» ортосунда төрт «карга тырмак»
бар. Мындай шартта мунун «четтик көчөтүн» берүүгө да, бербей эндей калтырууга
да болот.
ТУУРДУК — Боз үйдүн өрө кийизинин бир бөлүгү. Туурдуктун этек жагы жазы
келип, ууктун билегине чейин жабуучу баш жагы кууш болот. Анткени, боз үй
керегеден өткөндөн кийин улам жогорулаган сайын кууш болот. Ал — үйдүн кереге
жабдуусу. Мунун узундугу 1,80—2 м дей, туурасы 4,5—5 метрдей бычылат, ал
көбүнчө төрт бөлүктөн турат. Буга көбүнчө эчки менен топоздун кылтагынан караак жип, кээде кызыл-ак жип эшиле жээктелет. Аны «туурдуктун жээги» дейт.
Туурдуктун эшме, сызма терме боолорунан эки башы уукка бекитилет. Ал
боолордун учтары «төкмө чачыланат» же «топ чачыланат».
ТУШАМЫШ (чидер) — Ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаа отко коюлганда
алыс кетпес үчүн атайын анын алдыңкы эки бутун (кишен, тушоо) же алдыңкы эки
жана арткы бир бутун белгилүү узундукка байлап коюучу ат жабдыгынын бир түрү.
Тушамын алгач жердиктен (кайыш, жип, кыл аркан) жасалып, унаанын алдыңкы
бутунун бакайынан бир аз өйдөрөөк жерине (тушарына), алдыңкы буттар менен
шилтенбей тургандай кылынып байланган. Мындай чидердин узундугу 1,5—2,5
карыштай болуп, эки учу унаанын алдыңкы буттарына мүйүз, жыгач тээктери
(узуну 4—5 см) менен бекитилген. Өзгөчө азоо унаалардын алдыңкы эки буту менен
бир буту чидер менен тушоолонгон. Тушамышты (тушоону) же чидерди чеберлер
майда тал кайыштардан өрүп да, кайып да жасалат. «Чидерлеп кой» (үч бутун
тушоо), «тушап кой» (эки бутун тушоо). Чидер үч буттуу, тушоо эки буттуу тушамыш
болуп саналат.
ТУШ КИЙИЗ (туштук) — сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу асыл буюм. Ал — үйдүн
керегесине тартуу үчүн оюм-чийимдерди жана көркөм көчөттөрү менен
саймаланган асем үлгү. Мунун узундугу 2,5—3 метрдей, четинин эни 40—50 см дей
болсо ошол жасалгага ылайыкташат. Адеп туш кийизден кармалат. Кийизге оюмчийим көчөт түшүрүлүп жасалган да, чети кундуз менен басылган. Баш жагына шуру,
бермет, маржан өңдүү асемдер тизилген. Кийин алар ар кыл тукаба, парча, баркут
сыяктуу кездемелерге өткөн. Туш кийиздин ич жагы астарланат (ичтелет) да, жээги
саймаланбай, чети кара кызыл жана башка түстөгү калың жердик менен (5—7 см)
«жээктелип», ал ийрек же ромбик түрүндөгү кош тигиш менен шырылып, чети чий
баркыттан, макмалдан жасалып, бетине сайма көчөттөрү түшүрүлөт. Туш кийиздин
ортосу четинин өңүнө карата тандалат. Чети кандай жердиктен болсо, ошол эле
жердиктен анын дал ортосуна (кээде эки-төрт бурчуна да, тумарча «ортолук»
капкалдырык) коюлат. Уздар кыргыздын элдик салтын, көркөмдүгү менен ыкмасын
сактоо менен катар мыкты туш кийиздин үлгүсүн жаратууда анын чекесине «кыял
оюмунун» элесин берген бир узун «жээк» көчөтүн жүргүзөт. Башка кездемеден
каттай шырылып, төрт элидей тилке жээк койсо болот. Анан анын ортосундагы
эндүү көчөттөрдүн өзүнө таандык түрү жогорудагы көркөмдүккө жупташат. Мында
ар бир чийимдин ичин да илме саймалап толтуруу керек. Ошол көчөттүн ажарын
ачуу үчүн ага «суу» (ала мончок) жүргүзүлөт. Анда кызылга-сары, же кызылга-акты
айкалыштырат. Эми көчөттөргө карата жиптердин түрү тандалат. Четки
чийимдерине кызыл жана көк өң тандалса, анын ичи сары-кызыл, ак-кызыл менен
«чаар ала мончоктолот». Эгерде жашылдан чийим түшсө, анын сыртынан кызылды
берип, ичин сары өң аркылуу ачат.
Көмүрдөй кара жердиктен жашыл көчөттү окчундатып көрсөтүү үчүн анын
сыртынан ачык кызылды жүгүртүп, ичине болсо кызыл-сары, ак-сары өң аркылуу
айырмалайт. Туш кийиз «капкалдырыгына» ошол көчөттөрдүн өзү үч булуң болуп
түшөт. «Капкалдырыксыз да туш кийиздер жасалат».
Эгерде туш кийиздин жердиги кара баркуттан болсо, мунун эң четине кызылдан
бир кат эле жол (суу) түшүрүп алат. Анан «бычак учу» сымал түрдүү сары менен
сайып, аны да кызыл жип аркылуу кара жердиктен айырмалайт. Анан туш кийиздин
четтик көчөтүн түшүрөт. Ал уздун өздүк чыгармачылык мамилесине карата
тандалат. Мүмкүн катар «жарым бадам», «жарым кыял», «бармак боочу» өңдүү
оюмдардын элементтерин бутак тарамдатып, аларды кызыл, сары, көк өңдөр менен
анча (коюулатпай), ирээттүү көчүрүп, шибеге менен бир сыйра сайып кетүү зарыл.
Туш кийиздин четки саймасы менен ортолугун айырмалап турган эндүүрөөк «ала
мончок» өзүнчө «жээк» түшөт. Анда кызыл, сары өңдөрдөн турган кооздуктар «тап
бердире» (сейректете саюу) сайылат. Туш кийиздин ортолук саймасына түшүүчү
көркөм көчөттөр буюмдун жердигине байланышат. Жогоруда түшкөн түрлөргө
карата өңдү саймачы өзү тандайт. Мүмкүн катар мунун көркүн чыгара турган
көчөттөр «бугу мүйүз» өңдөнүп бутактанып, «кулжа мүйүз», «тоо теке мүйүздөнүп»
чагарактанып, алма, алча, алмурут шактары сыяктанып ийилип, тескей гүлдөрүндөй
бажыраят. Бул көчөттөрдү бири-биринен имериле аккан күмүш өзөн кейиптенип
сайманын «суусу» айырмалайт. Адатта, сайманын «суусу» ак, сары жиптерден болот
да, бутактанып кетет. Ортолук көчөттөрдүн алдына түшкөн «ала мончок» эшилген
алтын-күмүш зым сымал өзүнчө «кыялданат».
Көчөттөн көчөт таралат, оюмдан оюм жаралат. Мыкты кооздуктар адамга акыл
кошот. Адатта, туш кийизге, жалпы эле саймага түр берүүдө, оюм түшүрүүдө уздар
көрөкөрө көзөм болушат. Буюмдун башына эки курдай кызылдан суу жүгүртүп алып,
анан «жарым бадам оюмдун» ортолору толтурула сайылып, буга бир кат эле жип
берип, кайрадан бир кат сары-кызыл жип «ала мончок» өңдүү келет. Саймачылыкка
түшкөн шырдак оюмдарын ичке учтанта «кыялданта» берилет. Ортолук көчөткө
түшкөн ар кыл көчөттөргө төө өркөчтөнгөн эки элидей жарыш «суу» жүргүзүлүп,
анын араларына да түр түшүрүлөт. Албетте, мындай сайма өнөрүнүн жүрүп турган
каны «суу» болот да, ал буюмдун «ортолук көчөтүнөн» кийин да берилет.
Туш кийизге түшкөн көчөттөрдүн көркүн бөтөнчөрөөк чыгаруу үчүн буюмдун
кырка четине «суу» жүгүртүп алса да болот. Бул сайманын кооз каражатын
көкүрөккө тагуучу көз мончок сымалдантып, «төө өркөчтүү», «кол толкуну» сыяктуу
сайып чыгуу керек. Ал сары жана жашыл өңдөн турат. Берилүүчү негизги көчөттүн
чети да ак жана жашыл жип аркылуу алмаштыра кайрадан «суу» жүгүртүлүп кетет.
Мында көчөттүн көркүн ак ачат.
Туш кийизге кош капкалдырык кылса, ал буюмга ого бетер жарашык оодарат.
Туш кийиздеги кызыл өңдүн үч түрү берки мала жашыл өңдөрдү өзүнө имерип ага
көк жипти кошуп саюу андан бетер кооз көрсөтөт. Жердиги кара тукабага кызыл өң
көбүрөөк орун алса, сайма буюмунун жүзү ачылат. Муну менен катар уз сары, ак,
жашыл, көк өңдүү гүлдүн, чөптүн жана башка өсүмдүктөрдүн жалбырактарын
көркөм көчөткө элемент кылып, өңдү ич ара ойдогудай айкалыштыра алган уздун
буюмунда шырдак оюмдарынын элементтерине караганда нукура саймачылыкка
таандык көчөттөр көбүрөөк көрүнөт. Ал көчөттөрдүн ар бири төрт элементтерден
турат да, алар өз-өзүнчө табакча болот. Туш кийиздин ортосун четинин өңүнө карата
тандоого болот. Чети кандай жердиктен болсо, ошол эле жердиктен анын дал
ортосуна (кээде эки бурчуна да) тумарча ортолук коет. Эгер буюмдун жердиги кара
баркуттан болсо, мунун эң четине кызылдан бир кат эле жол түшүрүлөт. Анан
«бычак учу оюмун» көчөт кылып, сары менен сайып, аны да кара жердиктен кызыл
жип аркылуу айырмалайт. Туш кийиздин көчөтүнө «жарым бадам», «жарым кыял»,
«бармак боочу» өңдүү оюм элементтерин бутактантып, тарам-тарам кылып, аларды
кызыл, сары, көк өңдөр аркылуу анча коюлатпай бир сыйра ирээттүү көчүрөт.
Буюмдун четки саймасы менен ортолук саймасын айырмалай турган эндүүрөөк «ала
мончоктото» өзүнчө «жээк» түшүрүп, анда кызыл, сары өңдөрдү «тап бердире» гана
саят. (Саймачылыкта «тап бердире» көчөттү коюу эмес, сейректете саюу.) Буюмдун
ортолук саймасындагы көчөттөр буюмдун жердигине түшкөн көчөттөргө үндөшөт.
Айрым туш кийиздерде «кош мүйүз», «кочкор мүйүз», кыргак (дандын кылканы
сымал) сыяктуу кооздуктар түшөт да, ортолук көчөткө «кыял оюмдарынын»
элементтерин арбын пайдаланат. Анын борборун тегерек тартып, «багжагай оюм»
сымалданып кетет. Ал «карга канат көчөтү» менен үндөшүп турат. Аны айрымдар
«кош кайкалак» дейт. Көп көркөм көчөттүн аталышында эле эмес, көркөмдүк бирибирине өтүшүп, кооздуктан кооздук жаралса ошол өнөрдүн салты болуп саналат.
Ортолук көчөттөрдө да «кош мүйүздүн», «кочкор мүйүздүн» орун алышы тийиш.
Мында «мүйүз оюмдары» ичин карай имерилип турат. Ал «чагарак мүйүз көчөтү»
деп аталат. Ошондо туш кийизиндеги бир эле тегерек табакча көчөтү бир нече
курдай шарттуу жана ыргактуу кайталанат. Анда төрт мүйүз оюмунун («кош мүйүз»
деп да айтса болот) четтери кыргактанып (кылкандалып), төрт «кош багжагай
көчөтү» менен өз ара тутумдашып, бир табакчаны түзөт. Ал ошол табакчалардын
(сабактары) сыяктуу көчөттөр болот. Аны «сабак көчөтү» деп атаса жарашат. Бир эле
буюмдун ичинен «илме сайманы» (шибеге сайманы) «илме дос» (ийне сайма) менен
айкалыштыра кармай алат. Бир эле үлгүдө ушул эки ыкма эриш-аркак түшөт.
Бир беткей кызыл кездемеге «кыргак көчөтүн» дандын кылканын сымалдантып,
элдик «сыңар мүйүз оюмунун» элементин ага негизги каражат кылып, бир гана
сары-көк түстү айкалыштыруу аркылуу буюмдун өзүнө таандык өңүн ача жана
жупташтыра алууга болот. Мында кездеменин бетине түшкөн көчөттөрүн анча жыш
албашы керек. Ошондой эле сайманын жердикте өтө суйдаң болушу да буюмга анча
жарашык алып келбейт.
Сайма көчөттөрү түшкөн туш кийиздерде чеберлер поэзия менен көркөмдүктүн
ыргактарын шайкештирип, аны чечмелей алат. Саймадагы кооздукту ырга айланта
алат. Ырдагы көркөмдүктү сайма оодара алат. «Ай көчөттөрүн» түшүрүүнүн себеби.
«Азыркы биздин оюбуз, айга да жетти колубуз» — дегенден келип чыгат. Илимий
техникалык прогресстин жетишкендиктерин көркөмдүктө сезгендер ушундан улам
көчөт жаратып, аны илме сайма аркылуу жүзөгө ашырып: «Кубанган элим учкучка,
жашасын элим тынчтыкта» — деп, ал туш кийизге «тынчтык» деген ат коюшат.
Демек, чеберлер поэзия ыргактарынан көркөм көчөттүн ыргактарын таба да, ала да
билишет. «Адамдын көөнү ачылбайт, аралап басып жүрбөсө. Опийим, пахта, жүгөрү,
Жердин көркү гүлдөсө» — деп мына ушундай көрүнүштөрдөн өсүмдүктөрдүн гүлдөп,
бүрдөп, байчечегин ачып турган учурун элестеткен көркөм көчөттөр шибеге сайма
аркылуу чачырата берилүүдө. Мында узчулуктагы чеберчилик ыр-күү, тил, аспапкурал менен эмес, эт жүрөк аркылуу ар кыл буюм-тайым беттеринде оюм-көчөт
түшүрүлө берилет. Натыйжада, анын сайма көчөттөрү жана кийиз оюмдары жалпыга
түшүнүктүү тилге айланат. Мисалы, кийиздин көчөттөрүн түрдүүчө чечмелөөгө
болот. Алсак, тынчтыктын символу болгон эки көгүчкөндү тиктештирип, төрт
бурчуна музыка арфасынын белгисин түшүрсө, «бул — биздин нур заманыбыз ыр,
күүнүн кучагында турат» — деген маанини берет. «Жүрөк оюму» эки бөлүнүп
түшүрүлөт да, бирок, анын жээги эч качан үзүлбөйт. Анан суу берүүнүн өзү эле
толгон ойду камтыйт. Көпчүлүк учурларда баамдабай эле кыпкызыл же башка өң
менен кийиздин «жээгин» бере коюш туура болбойт. Анткени, көчөт көп нерсени
чечет. Мисалы, бөлөк түшкөн «жүрөк оюмунун» бир жибин ак, экинчисин сары түс
басат. Демек, ал жип — ак тилек, сары — кусалык, сагыныч. Ал эми жээгиндеги
көчөттүн үзүлбөгөнү — жүрөк жүрөккө дайым тартылып турганы. Көгүчкөндөрдү
көгүш менен басып, канаттарын тарамдарын майда саюу аркылуу түшүрүшөт. Буюм
чети он беш түркүн жип менен түшүрүлгөнү — биздин 15 союздук
республикабыздан турган өлкөбүз бузулгус, бекем экендигинин белгиси. Төрт
бурчуна чок тагылганынын себеби ал — жерге салынбайт, асыл буюм катары тушка
тартылат деген ой.
Көрүүчүлөр сыдырата да, кыдырата да караганда мыкты туш кийиздер «тогуз
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.