Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14

Total number of words is 3669
Total number of unique words is 2076
21.5 of words are in the 2000 most common words
31.1 of words are in the 5000 most common words
38.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
менен чебер иштеши. Демек, кызыл, көк, жашыл жана башка түстөр өз ара
чеберчиликте айкалышып, буюмдардын ажарын ачып турат. Мында биринин өңүн
экинчиси басып кеткен түстөр эч качан жанаша колдонулбайт. Дагы бир өзгөчөлүк
— буюмдун көлөмүн сезе билүү. Жасалып жаткан буюмдун жалпы аянты менен
сайма көчөттөрүнүн көлөмүнүн ич ара катышы туура чечилет. Буюмдун көлөмү
менен ага түшкөн көркөм көчөттөрдүн өзүнчө мыйзамченемдүү байланышы бар.
Эгер сайма көчөттөрү чоң-чоң түшсө, буюмдун бетинен бери чыгып кетет.
Тескерисинче, кичине сайылса, жердиктин бетине жутулуп, анча билинбей калат.
Бүгүн саймадагы жаңычылдык жердикке жана боекко байланышат. Буюмтайымдардын жөнөкөйлүгү, жупунулугу сындан өтөт. Түс, өң буюм-тайымдын
ажарын ачат. Сайма үлгүлөрүнө түшкөн «мүйүз», «кыргак», «жарым кыял», «бармак
боочу», «гүл» оюм-көчөттөрүнүн ич ара жупталышында ак — өңдөр ала
чакмактантпайт, күрөң, кара түс «күңүрттөтпөйт», сары өң өзүнө калган түстөрдү
оодарып албайт, көк кызыл түстөр илбериңки келип, уздардын өзүндөй коңурдукту,
сылыктыкты, адептүүлүктү, ата-эне салттарын баамдатат. Андай узчулукта
жаралган нускалар мамлекеттик сүрөт, тарых музейлеринде турат. Элдик көркөм
кол өнөрчүлүк Бирикмелеринин буюм-тайымдары менен чет өлкөлөрдөгү
көргөзмөлөргө такай катышууда.
Кыргыз саймасынын жана бир бөтөнчөлүгү — анын бышыктыгы. Анткени ал
тыгыз сайылат. Чоң энелерибиздин, тайэнелерибиздин, энелерибиздин качандыр
бир кармаган саймалары күнү бүгүнкүдөй жаркырап турат. Мында көчөттөрдөн
мурда анын жердигинин көөнөргөндүгү, бул — биздин сайманын эң бир
салттуулугунун, өмүрүнүн узактыгынын далили.
Демек, жогоруда айткандай, алкак кергичти алып, жердикти керип, илме
шибегени кармап, түрдүү түстөгү жиптерди тандап, ар кыл көркөм көчөттөрдү
тырсылдата сайып адамдын ой-пикирин кылчактай турган кооздукту жаратуу
ыкмалары биздин өнөрдүн салттуулугун аныктаган. Мында буюмдун жердиги
баркуттан кийизден, териден, таардан, трайкеден, сатинден болот да, ага карата
көркөм көчөттөрдүн ич ара айкалыштары түр жиптер аркылуу кереметтенип турган.
Албетте, ар бир аймактын өзүнүн бөтөнчөлүктөрү болот. Ал жер шартына, элинин
кесибине, башка улуттардын маданиятынын таасирине ич ара байланышат. ТяньШань бөксөлөрүндө, Көл кылаасында, Сары Өзөн Чүйдүн ичинде, анан Талас
өрөөнүндө узданган уздар туш кийизди бөтөнчө кастарлап кармоочу. Ал аруу
буюмубуз наркка өтүп, аттык баада турган. Деле ушул туш кийиз эле эмес, шырдак,
ат жабдык, чыгдан, шалча, килем, зерден кармалган азем жасалгалардын ар бири
бирден карага татыган. Ал улам убакыт өткөн сайын уникалдуу чыгарма катары
баасы, баркы артылып барууда. Анткени, салттуу нуска кармаган уздардын саны
улам барган сайын азайып баратат...
Сайманын көркөм каражаты — көчөт. Сайма аркылуу түшкөн көркөм көчөттөрдө
өзүбүз жашаган крайдын жакшынакай элестери символдошот. Муну уздар өзүнүн
көркөмдүк табитине, чеберчилик дараметине жараша түрдөн-түр, кооздуктанкооздук түшүрө алышат. Сайма көчөттөрүндө кийиз оюмдун, чий чырмакчылыктын,
өрмөк согуунун жана килем токуунун кооздук түрлөрүнүн ич ара кереметтүү
айкалыштары ширелишип кетет. Мында үлгүсү эскирген саймаларга түшкөн
көчөттөр кайта табылгыстай сезилет.
Азыр жаштарыбыз «болгар саймасына» буга бөтөнчө назар таштап кетүүсүнүн
бир жактуу себептери бар. Мында уздар чыгармачылыкта издене албайт. «Крест
саймасы» аркылуу элдик саймачылыктын салттуу көркөм көчөттөрү ийкемдүү
түшпөйт. Азыркы саймачылар антип кооздук жаратууга анча аракеттенбей,
түйшүктүн жеңил тарабына тап коюп жатышканы, акыйкатта, жакшы жышаана
эмес.
Эгер ар кыл көркөм өнөрдүн өнүгүү тарыхына көз сала келсек, анда элдердин
тарыхый-маданий байланыштардын, бирине-бири жукканын, ич ара байытканын
көрүп турабыз. Аны биз бир жагынан колдообуз керек. Маселенин экинчи жагы биз
үчүн бөтөнчө маанилүү, ошол жаңыдан кирип «орун-очок» алып жаткан өнөргө
ыклас коюп жатып, өзүбүздүн нукура улуттук кыртыштан өнгөн өнөрүбүздү унутуп
коюшубуз акыйкатта жакшы жорук эмес. Биз айтып отурган «болгар саймасын» ала
турган болсок анын өнүп-өскөн кыртышы Европа элдерине таандык көрүнүш.
Жалпы эле ошол региондо жаралган жана жашаган элдердин мейли
архитектурасын, мейли жасалга өнөрлөрүн албайлы, аларда «крест ыкмасы»,
архитектурасында готикалык стиль өкүм сүрөт. Үч бурчтуу бийик чатырчалуу үйлөр
— мына ушунун баарынын түпкү тамыры бир кубулушту пайда кылат. Бул ошол
региондогу дүйнөнү формалар аркылуу кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрүнүн бири
катары карайбыз. Ал эми чыгыш элдеринде, асыресе, биздин оюм-чийимдерибиздин
стили көбүнчө символдорго, ой жүгүртүүнүн эпикалык формаларына туура келет.
Ошонун бири бизде сайма өнөрүбүз болуп көрүнөт. Саймачылык — элибиз өзүнүн
узак кылымдык жолунда өз тажрыйбасы аркылуу акырындык менен түзүлүп,
чогултулуп алган нукура өнөрүбүз. Ошол сайманын үлгүсүнө канча бир уздардын
көз нуру, көкүрөк мээри, акыл табы сиңгени байкалат. Ошентип, элдик колдонможасалга өнөрүнүн кайталангыс бир тармагы түзүлгөнүн билебиз. Максат ошол
өнөрдүн элдик түрүн сактап калуу жана андан ары жандандыруу, унутулганын кайра
калыбына келтирүү жаатында болушу зарыл.
Илме сайма аркылуу буюм жаратууда уздун чеберчилиги менен катар үлгү сары
сапталат, аябай аяр жасалат да, ал өтө бышык болот. Ошончолук жай бүткөрүлөт да,
бул искусствонун тузуна даана татып турат. Буюмду арыдан-бери бүткөрө коюу ал
нукура
узчулук,
даана
чыгармачылык
эмес,
алаколдуулукту,
өнөрдү
барктабоочулукту, ага «доо» кетирүүнү билгизет.
Азыркы кээ бир саймаларда элдик узчулуктун жоболору сакталбай калып, «эптеп
эле бир буюм жасалды» болуп жатышы, албетте, көрүүчүлөрдүн көңүлүн
ирээнжитет. Өнөрүбүздүн түпкүлүгүнө шек келтирет. Саймачылык бузулуп,
негизинен анын көркөм көчөттөрү этибарга алынбайт. «Болгар саймасы»
кыргыздын элдик саймасынын табиятына коошо бербейт. Жалаң «Крестти» —
түшүрүү көңүлгө серт көрүнөт. Биз анын улуттук колоритин таба албай жатабыз.
Мында өнөрдүн кооздук каражаты элдик көркөм көчөтүбүздүн түп нускалары
көрүнбөйт. Ал эми кутмандуу калкыбыздан чыккан чеге чеберлер андай көркөм
көчөттөрдүн түрлөрүнүн санжыргасын айтып, чечмелей алышат. Албетте, саймада
түпкүлүктүү кыргыз турмушу чөгөрүлүп жатат. Демек, «болгар саймасында» андай
адамдардын илхамын өзүнө имерчиктете ала турган туюнтмаларды берүү биз үчүн
байкалбайт. Бул ыкма аркылуу андай көркөмдүктү жаратуунун өзү да кыйындап,
буюм беттеринде бир гана сүрөт түшүрүүчүлүк бар. Сайма аркылуу айбанаттардын,
чөптөрдүн, гүлдөрдүн, тоолордун, канаттуулардын жана башкалардын сөлөкөттөрүн
так өзүндөй берүүлөрү адамды эстетикалык аракет кылып келе да албайт.
Тескерисинче, маанайды чөгөрүп, кабыл алуубузду басаңдатып жиберет. Андай
кооздукту улуттук татымга келе албай, бөтөн элдин «обонун созуп, чоорун тартып,
күүсүн чертип» турганын билип турабыз. Анткени, кайталап айтсак биздин элдик
сайманын тили менен дили — символ. Конкреттүү сүрөттөр менен ошол кереметтүү
символдор аркылуу ой жүгүртүүбүздөн жаралат.
Сайманын жасалышы жердикке байланышат. Саймачылыкта жердик, ал —
буюмдун фону. Азыркы чеберлер сайма үчүн чий баркутту арбын пайдаланып
жатышат. Кара жердикке түшүрүлгөн кочкул кызыл, коюу жашыл өңдөр бирибирине жутулуп кетет да, бөлмөнү ого бетер күңүрттөтүп таштайт. Андай
көрүнүштөр ар кандай жасалгалардын жалпы фонуна коошо албайт, кополураак
айтканда, «койдон качкан жат эчкидей» өзү эле четтеп турат. Мындай терс
көрүнүштөр көркөм кол өнөрчүлүгүбүздүн өсүшүн басаңдатпай койбойт. Бирок, муну
биз салттуу өнөрүбүздөгү убактылуу «агым» катары баалайбыз.
Бардык нерсе эскирет, арып ачат, баштапкы нугун өзгөртөт. Өнөр ээси узданат,
иштүүлүгүн көрсөтөт. Ушул учурда эле колунан келишинче өз нускасын башкаларга
үйрөткөнгө аракет кылып, өз өнөрүн соңкуларга калтыргысы келет. Бул өзүнүн
өнөрүн муундан-муунга, ооздон-оозго, колдон-колго жоготпой өткөрүп келген
элибиздин табиятындагы касиет, мыкты сапат. Маселенин экинчи бир жагы биз
үчүн маанилүү. Демек, анын өнөрүн алып калууга куштар чөйрөнүн өзү болушу
шарт... Баарыдан мурда жаштардын өзүлөрү, коомчулуктун кызыгуусу керек. Аны
жан-дилинен колдоо керек. Анткени, азыр көпчүлүк айылдарда уздар бар. Өнөрдү
өөрчүтүүгө, жаш муундарга үйрөтүүдө мектептердеги предметтик мугалимдер роль
ойнойт. Мында мектеп реформасынын талабына ылайык ар бир улут өзүнүн
татымын, жергиликтүү бөтөнчөлүктөрүн бергендей жагдайлар түзүлүүсү зарыл...
Анда «чебер колдор клубу», «сайма-оймо ийримдери» бар. Мында элдик саймачылык
өнөрү, бул улуттук көркөм өнөрдүн кайталангыс туундусу, түптүү байлыгы
экендигин жете сезүүгө мүмкүнчүлүктөр туулат.
Салттуу буюмубузду — элдик нусканы, эски даанышман үлгүлөрүбүздү жерүү —
«эски», «мунун доору бүттү», «бул өткөндү көксөө», деп, ата-бабанын салтын, үрпадатын жерүү түпкүлүгү жакшы жорук эместигин турмуш өзү калыстайт. Өкүнүчтүү,
мындай жоруктардан улам биз элдик көп нускалардан айрылып отурабыз. Көбүн
азыр табылгыс кылып өзгөртүп да жибердик. Түпкү көркөмдүгү эми кайдан
табылат, анын орду толбойт. Көпчүлүк чеберлер өз өнөрлөрүн кийинкилерге таштай
албай кетишкени абдан аянычтуу. Ошондуктан эми өнөрдү кайра жаратуучулар —
жалындуу жаштар.
Саймачылыкты кайрадан калыбына келтирүү үчүн бул өнөр боюнча
үйрөнчүктөрдүн өз алдынча мектебин уюштуруубуз керек. Буга «сүрөт», «черчение»,
«кол эмгеги» сабактарынын мааниси зор. Саймачылыктын салттуу жагдайларында
бүгүн талаптагыдай назар таштабоо — сайма өнөрүнүн өнөрүнө балта чабуу. Мында
уруя сайма, беш кеште сайма тууралуу сөз болуп жатат. Көбүнчө ак жердикке түшкөн
ушундай сайманын түрлөрү азыркы муундар үчүн кандайдыр жаңылыктай, же
кереги жоктой сезилиши ыктымал. «Уруя көйнөк этинде, кызыл эндик бетинде».
Мында уруя сайма деген түшүнүктү берип турат. Дааналап баяндаганда уруялап
саюу — жердик бетине жыш саюу буюмдун эки бетине бирдей көркөмдүк түшүрүү,
көчөт келтирүү. Көркөм кол өнөрчүлүктө бул тарыхтын жандоочусу болуп кыйла
кылымдардын сыноосунан өткөн тажрыйбасын, акыл-оюн чагылдырышат. Салттуу
буюмдардын көөнөрбөс үлгүлөрүн изилдөө — иликтөө, аны үйрөнүү ал элдин атамзамандан берки ой-санаасын, чыгармачылык мүдөөлөрүн билүүгө жардам берет.
«Саркечтеп сайган жоолугуң, Сары санаа кылат жоругуң, Көк кечтеп сайган
жоолугуң, Көп санаа кылат жоругуң» (Токтогул). Саркечтеп — «сары кештелеп»
деген сөз. Кечте — сайма, мында сары жип менен ак жердикке сайган кооздук
түшүндүрүлөт. Көк кечтеп — «көк кештелеп» деген сөз. Мунун түшүндүрмөсү да
жогорудагыдай болуп саналат. Айрыкча, саймачылыктан чындыктын үлүшү
шайкештенип турат. Анын көркөм көчөттөрүнө өсүмдүктөр, бак-дарактар, алардын
жалбырактары, бутактары, сабактары гүлдөрү, чөптөрү, суулары, айбанаттары —
мына ушулар ич ара айкалышып, мындан биз эстетикалык ырахат алуу менен
өзүбүздүн киндик кан тамган жерибизди түбөлүктүү сүйүү сезимибиз көрүнүп турат.
Буюмга түшкөн кооздуктар өзүнчө табакча (короону) түзүп, бүткөн бойду туюндура
турган элес тартуулайт. Улуу чеберлердин жөрөлгөлөрү ошол короо (табакча) эмне
үчүн көркөм көчөт менен берилгенин чечмелей алабыз. Анда адамдын жашоотиричилигинен бир элес символдошот. Мисалы, күр жайлоо, көк конуш, коңур короо,
анда кой, кермеде уй, төштө жылкы, суу боюнча желе, алаңда топоз... Чеберлер мына
ушул кыргыздын жайкы мелт-калт турмушун уздук кол аркылуу өзүлөрүнүн
буюмдарына чөгөрөт.
САЙМА КӨЧӨТҮ — саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм
бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт —
бүтүм оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик.
Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү
түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук жана ырааттуулук
жол-жобосун сакташат. Мында да боек, (өң, түс) бирден-бир мааниге ээ болот.
Саймачылар негизинен кызыл-көктү, кызыл-сарыны, кызыл-жашылды, кызыл-акты
берип, анан кайра кызыл-көктү, кызыл-жашылды... айтор, көркөм көчөттөр
тактыктан түк жазбайт.
Негизги элдик сайма көчөттөрүнө: «мүйүз», «айчык», «бадам» (миндаль)
«тырмак», «гүл» өңдүүлөр кирет да, Түштүк-Түндүк Кыргызстандын журтчулугун
бирдей аралаган. «Добу талаа», «такыя дөбө», «тогуз дөбө», «көөкөр» (түштүктө).
Ушул сыяктуу түрлөрүнөн башка айбанаттар менен өсүмдүктөрдүн шарттуу
сөлөкөттөрү да сайма көчөттөрүнөн жана көчөттөр үчүн оюм-чийимдерден сезилип
турат.
Түштүк Кыргызстандын уздары саймачылыктын салттуу түрлөрүн ойдогудай
улантып жатышат. Ал сайма көчөттөргө: «тал барки» (талдын жалбырагы), «ит
таман» (төрт бөлүктөн турат, мунун ар биринин үчтөн элементи бар. Мындай
элемент «карга тырмакты» да элестетет), «бадам» — анын жарымы «калемпир
көчөт» болуп көрүнөт. Айрым уздардын айтымында, «бадам көчөтү» барыдан мурда
пайда болот. Саймачылыкта «калемпир көчөт» (муну М. В. Рындин «мурч» деп айтат
да, башкараак элестейт) да арбын пайдаланылат. «Анар көчөтү» көбүнчө «комуз
тили» деген наамда таралат. Анын бир нече варианттары бар. Аны жердикке жоон
алып да, ичке алып да сайса сайма көчөт жаралат. «Тогуз дөбө» — сайма
көчөттөрүнүн канышасы. Бул сегиз жылдыз болуп да түшөт. Мунун элементтери
бычак учтанып (араа тиштенип), он эки жылдыздай да көрүнөт. Ал, төтөн, балыш,
жаздык өңдүү буюмдардагы кооздуктун жүзүн ачат. Аты айтып тургандай «балаты
көчөтү» бутактанып, ийне жалбырактары жана тобурчактары өзү эле элестүү
сезилет.
Түштүк Кыргызстанда саймачылардын көркөм көчөттөрдү сары саптоосунда
канатташ элдер менен болгон маданий байланыштар билинет. Мисалы, «комуз
тили» (өзбекче чарвача чарвахозийства) XIX кылымдарда Ташкент саймаларында
арбын учурайт. «Чайнек койчу» (түпкүч), «чайнек» (чайнек көчөт) өзбектердин
сайма буюмдарында арбын пайдаланылып келүүдө. «Сүлөөсүн тырмак» тажик
саймаларында бар. Буларды чеберлер килем үлгүлөрүнө да колдоно беришет. Мына
ушундай бай т\7рлерү ич ара айкалыштыруу аркылуу уздануу өзүбүздүн
чеберлердин чыгармачылык татымын көрсөтөт.
Атактуу уздардын аты — жөнү кошо айтылып келе жаткан көркөм көчөттөр бар.
«Абысайнап Баймоңолова (Нарын шаары). Ал көчөт элементтерин гүлдөн алат.
«Сары көчөт» (Сары Алдаярбекова Ат-Башы району 1-Май айылы) уз шырдак
оюмдарынан көркөм көчөт жаратат. Анан «Рапыя көчөт» (Абдыбекова Рапия, ЖетиӨгүз району Кичи-Жаргылчак айылы). Ал көркөм көчөт үчүн элементти өсүмдүктөн
алат. «Сайнап көчөттө» (Мусинова Сайнап Жети-Өгүз району Покровка айылы) уз
шырдак оюмдары менен сайма көчөттөрүн айкалыштырып берет. «Жеңилдик
көчөтүндө» (Жеңилдик Аралбаева — Фрунзе шаары) — кооздук мындайынан
караганда дандын кылканы сымалданып, элдик «сыңар мүйүз» оюмунун элементин
негизги каражат кылып алат. Ал «Жеңилдиктин кыргак көчөтү» деп айтылат.
Натыйжада, ар кандай шартты, турмуштук кырдаалды эске тутуп, элдик бул
чебердин саймасы массалуулукта бара жатат.
Элдик сайма көчөттөрүнөн сырткары саймачылар сүймөнчүлүккө жердик бетине
В. И. Ленинди түшүрүшкөн. Ай жылдыздарды аралаган «спутник», «тынчтык
көгүчкөндөрү», «байчечекей гүлдөрү» менен катар элдик оюм-чийимдин бөтөнчө
белгилерин берүү аркылуу өзүнчө түзгөн сюжеттик-композициялар да сайма
көчөттөрүнө бай каражат болууда. Уздар көркөм көчөттөрдүн чок ортосуна Мурдагы
СССРдин анан Кыргыз ССРинин мамлекеттик гербдерин түшүрүүнү адатка
айлантышкан. Ага саймачы өзүнө таандык «кыялын кошо берет». Мында да сүрөт
түшүрүүчүлүккө берилип кетүүчүлүк болуп жатат.
Айрым саймачылар көркөм көчөттөр үчүн бай каражатты өзү жашаган чөйрөдөн
алышат. Жаратылышы кооз жайлоолор, чытырман чыккан айгыр жалдуу арчалар,
шоолдоп бой тиреген карагайлар, дүйүм гүлдөр уздарга элес берет. Ошол айтып
бүткүс атайын көрүнүштөр бүгүн да, эртең да чыгармачыл адамдардын көкүрөгүнө
жанып, көркөмдүк шыкты тартуулап турат. Көпчүлүк уздар мурун мунун үлгүсүн
чийип алат. Чийип алган сайма көчөтү сайганда так түшөт.
Элдик сайма көчөттөрүнүн салттуулугунан жанып, бир нерсенин сүрөтүн
түшүрүү, анын тегерегине көчөт элементтерин берүү көбөйүүдө. Айрым сайма
буюмдарында «достук» деген жалпы мазмун даана берилет. Чок ортодон Советтик
Социалисттик республикаларынын мамлекеттик Гербдери орун алып, ак кептерлер
соболоп, байчечекей менен жоогазын гүлдөрү бажырайып, мындай саябалар
жогорудагы берилген маанилүү сүрөттөргө айкалышат. Айрыкча, белгилей турган
эң негизги бөтөнчөлүк анда тематика бар. Андай буюм бетиндеги сайма бир бүтүн
учкай түшүнүктү тыкан түзүп турат. Анын чеке-бели, элдик оюм-чийимдин саймага
таандык түрү менен кештеленет. Жөнөкөй кездемеге он-он беш өңдүн кашкая
ачылып, анча да жыш көрүнбөй, көчөттөр ашык-кемсиз жыйнактуу жана айкын
элестүү бүтүшү менен бир чети купулга толот. Саймачылар көчөт ордуна «Кремль»,
«ак кептер», «спутник», «восток кораблдери», «ВЛКСМдин белгиси», «Октябряттын
белгиси», «Пионердин белгиси», «Жеңиш ордени», «жайлоо», «боз үй» өңдүү даяр
теманын сүрөтүн саймачылыкта түшүрүүлөрү өнөрүбүз үчүн анча мааниге ээ эмес.
Албетте, булар чынында нагыз элдик сайма көркөм көчөттөрүн символдоштуруп
түшүрүү табиятына түк коошпойт.
САЙМА ШИБЕГЕ — сайма аспабы. Чеберлер илме шибегенин сабын
жумурулатып, эптүү болушка бармак, сөөм, ортондун кармоочу жагы жалпак келет.
САКАНАК ТАҢГЫЧ — жайылган керегелердин бири-бирине ашталган
саканактарын бириктирип бекитүүчү сызма. Мунун өрмөкчүлүк аркылуу бүткөнүн
эни уук тизгичтей келет. Бир жүздүү, эки жүздүү терме менен да согулат. Жөнөкөй
эле сызма түрүндө да болот. Эшилген жиптен «саканак таңгыч» кылып да жүрушөт.
Буга түшүрүлгөн көркөм көчөттөр «уук тизгичке» окшошот. Алар биринин
кооздугун бири кайталайт.
СЕБЕТ — оюм-чийимге төгө турган сыя, зер боегу. Илгери темирге жалатылган
күмүш бетиндеги оюм-чийимге мөөр түшүрүү ыкмасы жергеде кеңири таралган.
Аны жалпысынан «себет» деп да айтат. Айлакер зергерлер күмүш буюмунун түбөлүк
өчпөй, кооз көрүнүп калышы үчүн жекече чеберчиликтери менен «боекту» (сыяны)
өз колдорунан чыгарышат. Аны жасап алуунун ар кандай түрлөрү бар. Мунун ички
сырын, кандай касиетке ээ экендигин бир гана чебердин өзү билет. Ошондуктан, ал
ыкмалар бири-бирине окшошпойт.
Кызыл жездин, күкүрттүн, коргошундун жана таза күмүштүн кошундусун
мыскыл таразага так тартат да, бул заттардын бирөөсүнүн үлүшүн оодугураак алат.
Баарын аябай аралаштырып, тышы темир, ичи чопо чөйчөктү «эриткич» деп айтат.
Ошол идишке салып, мүнөздүү эритип туруп, муну кызыл чоң болгон жыгач көмүр
менен аралаштырат. Эритме бышкан чакта кара баркуттай жылт-жулт кулпунуп
калат. Аны таза темирге куйганда, ал дароо эле колдоюп сууйт. Аны тозгоктой майда
талкалап, кичине чөйчөкчөсүнө салып, «ак данакерди» кошот. Оюм-чийим түшкөн
жайга кенедей калакчасы менен кылдат салып, оттун табына этият кармаганда
ошол чуңкурча толот. Муну абдан кургатып, өгөөлөп койгондо, кол менен даана
тарткандай күмүштүн көркөм оюму пайда болот. Мындай «сыя төгүү» (себеттөө)
менен түшкөн тигил же бул күмүш бетине берилген элдик оюмдарды көпчүлүк
жерлерде «зооткер» («зоот түшүрүү») деп аташат. Натыйжада, ал күмүштүн негизги
«саймасы» болуп эсептелет.
Элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелеринде узанып жаткан зергерлер антип
көркөм оюмдун четин карартуу үчүн шпосульфиттин эритиндисинде күкүрт
кислотасынан кичине кошот. Күмүш буюмун ошого салат да, аны болжолдоп
кайнатат.
Чөйчөкчө кылып кургатып алган чопого мистин (кызыл жез), жездин (сары жез)
өз өлчөмүн мыскал таразага тартып алып кайнатат. Бул эки заттын бириктирип
эритип, ага коргошунду кошот. Зергер кайнатып жатканда утуру күкүрттөн салып
аралаштырып турат. Бир кезде кайноосу жеткилең болгон бул суюктук жалтылдап
чыкканда гана аны чыгарып алат, Чыгарар замат муну жука темирге куят. Аны
катырып туруп, күлбото кылып талкалап алат. Айрым зергерлер минтип жасалган
себетке суу кошуп эзип, аны металл бетине түшкөн көркөм оюм чийимге кичинекей
калакчасы аркылуу кылдат куюп, кайра отко кармаганда себет агарып ысып чыгат.
Аны чычырканактын көмүрүнө көмөт да, алаа көөрүгү менен жай басат. Мында буюм
жалпы карайып калат. Зергер себет жабылган ал буюмду өгөөлөгөндө күмүш оюму
кашкая көрүнөт. Чебер ал оюмга дагы жандама чийим түшүрөт.
Коргошун, күкүрт, күмүш — үчөөнүн кошмосунун ич ара үлүштөрүн таразалап,
бири-биринен ашык-кем өлчөп, аларды үч-төрт курдай кайра эритип, кайра
майдалап, кайра эритип, кайра майдалайт. «Сыяны» алтын-күмүш гана кабыл алат.
Мындай көрүнүш асыл заттардын касиетин баамдатат. Минтип, мөөр түшүрүү
сыянын (себеттин) бөтөнчөлүктөрүн көргөзөт. Себетти күмүш бетине түшүрүүгө
зергер адегенде берилүүчү оюмду чийип, анан аны аябай жылтылдата тазалайт.
Ношотур порошокту сууга эзип, ага күлмайда «сыяны» кошуп, буламыктай
суюктукта жууруп, аябай аралаштырат. Ошонун өзүнүн калакчасы менен оюм-
чийимдин үстүнө этият жаткызат. Аны отко коюп ысытканда мөлтүлдөп эрип
чыкканын зергер даана билет. Эгер оттун табына өткөрө кармап койсо, себеттин
сапаты жоголуп, түшкөн мөөр узакка сактала албайт. Түшкөн сыя суугандан кийин
өгөө аркылуу тазаланат. Аны жылтыратып, жүзүнө чыгаруу үчүн бүгүнкү
чеберлердин өзүнчө механизми бар. Алар — азем үлгүлөрүндө көбүнчө «ай», «жарым
ай», «шөкүлө» өңдөнгөн түспөлдү арбын кармап келүүдө. Аларга шуру, маржан
чачыктарын чыгарат. Мындан майда гүл өңдүү калакчалар пайда болот. Ошондо
зергердин устакерчилик өз жүзү, чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү келип чыгат.
2. СЕБЕТ — буудайдын паясынан тордоло токулуп, жасалган кулакчан боолуу
жер жемиш терүүгө жеңил идиш. Мында ыргалып өсүп турган буудай данынын
паясын оруп келип, сууга салып жибитип, өзүнөн өзөк кылат да, ал өзөккө бирден
ороп, экинчи өзөккө бириктириле оңго буралат. Мында улам түбү тегерек тартып
кеңейип, табакка окшотот да, түйүмдүн негизги өзөгү сфера формасында берилет.
Себетти жер-жемиштери бай жерлерде, айрыкча, Түштүк Кыргызстанда көп
колдонушат.
СЕП — «Кымкаптын өөнүн эп кылган, Кыздарына сеп кылган, Баркуттун өөнүн эп
кылган, Балдарына сеп кылган» (Калык). Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм
жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюмкечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз,
шалча, ала кийиз, килем, сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чачкан, кеп такыя, билерик,
шакек, оймок, бой тумар, төөнөгүч, сыяктуу өздүк буюмдары, ат жабдыктары,
жууркан-төшөктөрү, кийим-кечектери жана башкалар кирет. Атайын көтөрүлүп
берилген ак өргөө кыз себинин ата башын түзгөн. Кыз тестиер чагынан тартып эне
менен эженин, же айылдаш чеберлердин нускоолору аркасында узчулуктун учугун
саптап, узданууга максаттанган. Ошентип, өзүнө таандык себин өзү баса отуруп, аруу
колдон даярдап чыккан. Ал кыздын асем жасалгаларына, ат жабдыктарына усталар
узанышкан. Ага атайын үй көтөрүп, көмүрүн өчүрүүгө, көрүгүн басууга, күжүсүн
күйгүзүүгө адам шайланган. Устанын узануу акысы күн мурунтан бычылган. Өрмөк
согууда, килем токууда, шырдак шырууда, кийиз уютууда, чий чырмоодо, кийимкечектерин бычып-тигүүдө биргелешип узануунун салттары болгон. Үй ээси аларды
мыкты күтүнүп алган. Бул элдик өнөрдүн жагымдуу жагдайлары кийинкиге дейре
Ош тарапта үймө-үй өнүгүп келген. Кыз бала он-он төрт жаштардан баштап эле ал
өзү өрмөк согуунун, килем токуунун, сайма саюунун, курак куроонун, шырдак
шыруунун, түймө түйүүнүн, чий чырмактоонун түйшүктөрүнө адистешкен. Мындай
аракеттер менен сеп даяр болуп, узчулуктун мектебин көрсөткөн.
Өнөрүбүздүн өсүү жактарына назар ташталып, бир жоголсо табылгыс муну
кайрадан жандантууга басым бар. Ошондо сеп даярдоо жөнүндө да сөз болгондо
«Азыр кыздар учук саптай алышабы? Узчулуктун кайсылары алардын колдорунан
келе алат? Бош убактыларын кыздар кандай пайдаланат? Жар күтүүчү жигиттер
ушул жагына назар ташташабы? Ага ата-энелер, ага-туугандар, жерге жээк да муну
баамдаса». Кыз балдары үчүн эне чоң жоопкерчиликте болгон. Кыз эс тартканы жүк
маанектечү. Куурчак ойноо узчулуктун башаты эле. Кыз ошол учурунан тартып эле
бирдемеге тетиктелген. Жүк маанектөө — узданууга отуруучу, абалы сайма саюучу.
Кызынын чоркок болуп калышы энесинин намысына камчы чапкан. «Кызыңдын
эчтекелерге эби жок» — деген сөздү мен укпайын — деп аталар алдыртан сөз
таштап коюучу. Түштүк кыргыздарда Ата-энеден ийбаа кылуу наркы бар. Алар азыр
килем токушат. Өрмөк согушат, үйдүн ичин «илме дос», «терс кайык», «чыраш»,
«басма» саймалары аркылуу жасалгалашат. Демек, узчулук сылыктыкка,
сыпайычылыкка үйрөтөт. «Баланчанын келини укмуштуудай уз», «Түкүнчөнүн кызы
иштүү экен» сымал жышаандар айыл аралап кетүүдө. «Сеп калыңына жараша»
дешет. Байыркы көчмөн убакта сепке боз үйдөн сырткары саанына уй, минерине ат,
жук артарына төө же өгүз, үй ичинде күнүмдүк турмушунда уруна турган буюмдары
туткучуна дейре даярдалган. Ар убак шартына, мүмкүнчүлүгүнө карата келген.
Кээде себи бир төшөк, бир жууркан, эки жаздык, алдына салар ала кийиз, же ашык
бирдемени деле кылышпай, ата-энелер эки жаштын бактылуу өмүр сүрүшө
берүүсүнө ыраазы болушкан учурлары көп болуп келген.
Күйөөнүн атасы эмне бере алганына карап бүгүнкү барчылык мезгилде себине
эки жаштын күнүмдүк тирилигине зарыл төшөк-буюм кылып берип жатат. Кээде
муну көптөп бүтүрөт. Бирок, көп көңүл жумшалган буюм, кийим, эмерек эки жаштын
купулуна толобу, алардын рухий, маданий деңгээлине шайкеш болобу — алардын
каалоосун, зарылчылыгын эсепке алуу абзел.
СИРКЕЛЕТҮҮ (СИРКЕ ТӨГҮҮ) — Элдик зергерчиликте буюмду кооздоонун бир
ыкмасы. Мында зергер күмүш зымды үшкүгө ченеп кесет. Жыгач көмүрдүн бетин
кестик менен этият жонуп, тептегиз жалпактап, үшкүлүү шибеге (учу тоголок)
аркылуу жалпак көмүрдүн бетин сыйда оюп, аны кыдырата коет. Үшкүгө ченеп
кесип алган майда күмүштү көмүрдүн ошол чуңкурчаларына чымчуур аркылуу
салып, анын үстүнө ошондой жалпак көмүрдү капкактайт. Ошол тапта эриген
күмүштүн өңү жашыл түскө өзгөргөн чакта үстүндөгү көмүрдү шилеп, күмүштү
жалпак темирдин үстүнө төккөндө, топтоголок «кызыл таруулар» мөлт эте түшөт.
Ошентип, мында күмүштөн майда «сиркелер», («таруулар») пайда болот.
Куткундап чыгарган буюмдардын оюмуна ошол майда күмүштү данакерге малып
тизип чыгат да, аны көмүр табына коет. Күмүш күйүп кетпесин үчүн тутанган чокту
жез түтүкчөсү менен үйлөйт. Ошондо күмүшкө аралашкан данакер жалтырап эрип,
ал чыбырчыктаган «таруудай күмүштү» чап кармайт. Кыз-келиндердин кооз
буюмдары: билерик, сөйкө, шакек, желбирөөч, оймок, топчу жана башкаларга мына
ушундай ыкма арбын колдонулат.
Мельхиорду, же жезди бир өлчөмдө кесип, аны «бурага» сугарып, ошону кадимки
эле бышкан кыштын үстүнө коюп, белгилүү өлчөмдөгү жалында эриткенде ал
топтоголок болуп калат. Мунун тоголокторунун көлөмү ар башка кетилиши
ыктымал. Анткени, мында буюмдун көлөмүнө жана мүнөздүү белгилерине карата
ага берилүүчү «сиркелетүүчү» кооздук аныкталат. Ал улам майда болгон
сайын, буюмга жыш түшкөн ал үлгүнүн ажары ачылып, зердик касиети жүзүн
кубултуп, зергердин чеберчилиги артылып барат.
Сиркелетүү — өтө тыкыр ыкма. Мөлт эткен таруудай «сымаптар» көзгө ойноктоп
турат. Мындан буюм кармоого зерикпеген зергерлердин колунан гана келет. Майда
тоголок (сиркелер) жасалып жаткан буюмга ширетүүдө аны кайрадан бурага чылап,
от коюп, анан данакер тийгизет. Ошондо данакер эрип, тоголокту чап кармап калат.
СОГУУ—СОМДОО — Зергерчиликтин ыкмасы. Бул — темир бетине ар кандай
сөлөкөттөрдү түшүрүү. Ал — бүгүнкү зергерлерге айрыкча мүнөздүү көрүнүш.
Сомдоп согуп, андан көркөм буюм жаратуу — жаңыча узануунун бир оңтойлуу
үлгүсү. Мында оболу кагазга үлгүсүн жасайт. Анан атайын жумшак топурактан алып,
мунун тескери жагын гипске түшүрөт. Анын үстүнө берилүүчү түргө — калай, жез,
коло өңдүүлөр коюлат да, аны жыгач балка менен акырын таптай чабат. Аны
«рельефтик сомдоо» дейт.
Сомдоп-согуунун экинчи түрүндө буюмдун көлөмдүк көрүнүшү бөлүкбөлүктөрдөн турат да, ал кадимкидей каңдалат. Мындай ыкма аркылуу бүгүн
коомдук жайлар, үй ичи кооздолууда. Ага ар кандай сүрөт түшүрүлөт, адрес папкалар
да ушундан жасалат. Муну мындан ары дагы кенен-кесир өркүндөтүү үчүн атайын
окуу жайларында адис кылып чыгаруучу бөлүмдөр жана туруктуу узануучу ңехтер
бар. Албетте, бул кыргыздын элдик зергерчиликке анча коошо бербейт. Илгери
айрым усталар чайнек, табак, чөөгүн жасашкан. Казак-кыргызда муну согуу-сомдоо
болгону менен орусча «чеканка» дейт.
СОКУ — «Такта соку, так билек, Такылдатпа жеңеке» (эл ыры). Бул — жыгач
идиштеринин бири. Муну менен данды түктөйт, таруу, конок актайт, данекти,
ышкын түптү жана башкаларды жанчат. Бул идишти чеберлер арчанын, талдын,
кайыңдын жана ушул сымал катуу жыгачтардын дөңгөчүнөн жасашат. Оозу бир аз
кенен, түбү бир аз куушураак, чуңкурая оюлуп, болжолдо бийиктиги 55— 70 см, дм
30—35 см болот да, ага 5—6 кг эгин батат. Сокунун сокбилеги (жанчууру, баласы)
идиштин көлөмүнө карай болжолдо бийиктиги—1,5 м ылайыкталып, сокуну салмак
менен күйшөөгө шартташат. Анын ортосунда көзөнөгү бар. Ал эптүү эки туткалуу
жоон шыргый болот. Соку да табак, челек, аяк, чөйчөк идиштериндей
муунакчаланып кештеленген. Анын күч менен күйшөөдө жыгылбагандай аягы
(таманы) тегерек келип, орунтуктуу жасалат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.