Latin

Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01

Total number of words is 3703
Total number of unique words is 1968
22.1 of words are in the 2000 most common words
31.6 of words are in the 5000 most common words
38.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
АВТОРДОН
Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүнүн түшүндүрмө сөздүгү биринчи жолу
чыгып жатат. Ал түпкүлүктүү эмгек катары каралат. Нечендеген кылымдар бою
уста-уздардын узануу-уздануу ыкмалары муундан-муунга өтүп, өздөрү жараткан
буюм-тайымдарында жекече кыял чабыттарын чагылдырып келишкен. Андай
үлгүлөр, нускалар жасаган чеберлердин атагын алыска тараткан. Бирок, аларды
жыйноо, иликтөө анча колго алынбай келген. Акыркы жылдарда гана жандана
баштады. Сөздүктү түзүүдө «Кыргызстан», «Адабият» басмаларынан жарык
көргөн «Жасалга өнөр чеберлери» (1982), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1984),
«Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү» (1988), «Усталар жана уздар» (1990) өңдүү
китептеримдин негизинде жана андан берки иликтөө-изилдөөлөрүм бул
сөздүктүн түзүлүшүнө уютку болду. Алардан башка сөздүктү жазууда Канташ
уулу Капар (Тянь-Шань), Молдокабыл уулу Абдыжапар, Байбөрү келини
Бурушбүбү, Жунушбай небереси Мадис (Нарын шаары), Алдаярбек уулу
Айсыракун, Копо уулу Азиз (Ат-Башы), Момунбай уулу Сүйүнаалы (Ак-Талаа),
Балтабай келини Эмил (Жумгал), Сопубек келини Кенжеш, Карынбай келини
Гүлай (Кочкор), Токтосун уулу Базарбай (Тоң), Бекеш уулу Асек (Түп), Исраил
уулу Садык (Кемин), Сейтаалы келини Күлүшары (Аламүдүн), Карач келини
Батый (Кант), Көбөн кызы Жийдегүл (Чүй), Кызгара уулу Кошалы (Сокулук),
Ысак келини Күлүйпа, Апыш уулу Рыспай (Талас), Сооронкул келини Фатима,
Чотон уулу Абдыракман (Бакай-Ата), Кочкор уулу Календер (Базар-Коргон),
Үркүмбай кызы Калбү (Алай), Айжигит кызы Тажы (Баткен), Илияс кызы Ибадат,
Асан кызы Карачач (Өзгөн) сыяктуу таанымал уста-уздардын үлгүлөрдү
кармоодогу ыкмалары да пайдаланылды.
Өз кезегинде баалуу материалды берген, арабыздан көзү өтүп кеткен
маркумдарга жана азыркы күндө талыкпай изденип жаткан чеберлерге
ыраазылыгымды билдирем. Сөздүк негизинен мектеп окуучуларына, орто жана
жогорку окуу жайларынын студенттерине, жалпы эле кол өнөрчүлүктүн
тарыхына кызыккан ар бир күйөрманга арналат.
КАЛЕМДЕШТЕН КАБАР
Педагог, журналист, көркөм өнөр таануучу Амантур Сейталы уулу Акматалиев —
окурмандарыбызга элибиздин этнографиясын, каада-салтын, тарыхын, маданий
байлыгын, өзгөчө кол өнөрчүлүгүн ийине-жибине чейин талыкпай иликтеп келе
жаткан көрүнүктүү этнограф катары белгилүү. Ал мурдагы СССР (азыркы Кыргыз)
Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмери, Республикабыздын өнөр жайынын отличниги.
Белгилүү этнограф Амантур Сейталы уулу 1934-жылы бештин айынын 11 күнү
Нарын областына караштуу Тянь-Шань районунун Бөрүлүү кыштоосунда жарык
дүйнөгө келген. Кийин Нарын, Кочкор балдар үйлөрүндө тарбияланат.
1948—54-жылдары Нарын шаарындагы окуу жайын, андан соң Нарындагы
мугалимдер пединститутунун тил-адабият факультетин ийгиликтүү бүтүрөт.
Амантурдун кыргыздын элдик кол өнөрчүлүгүнүн этнографиясын иликтөөсүнө
кызыгуусу Ош областынын Лейлек районунун «Искра» жана Калинин атындагы
жети жылдык мектептерде мугалим, директор болуп иштеп жүргөндө башталган.
Айрыкча Ош аймагындагы элдик уздардын оймо-чиймелери, туш-кийиздери ж. б.
буюмдарынын кооздуктары Амантурдун аң-сезимине от коюп, шыгына-шык кошот.
Амантур этнографтык кесиптикти Кыргызстан Мамлекеттик Университетинин
журналистика бөлүмүн артыкчылык диплом менен бүтүрүп, «Советтик
Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде адабий кызматкер, бөлүм
башчысы болуп иштей баштагандан өркүндөтөт. Редакциянын тапшырмасы менен
командировкаларга чыгып, эл арасында көбүрөөк болот. Атактуу кол өнөрчүлөр
менен жолугушат. Алардын көргөндөрдүн көз жоолорун алган көркөм кооз
өнөрлөрүнүн жасоо, көркөмдөө сырларын эрикпей кагаз беттерине түшүрөт.
Кылымдардан-кылымдарды аркалаган уздардын кымбат баалуу мурастары
жөнүндө ондогон макалаларды, очерктерди, баяндамаларды жазат. Булар
окурмандардын арасында зор кызыгууну туудурат.
Амантур да кол өнөрчүлүктүн көп жактуу, ар тараптуу түрлөрүн тереңдеп
изилдөөгө белсемдүү киришет. Кийин бүткүл өмүрүн, бүтүндөй чыгармачылык
күчүн элдик кол өнөрчүлүктүн тарыхын, этнографиясын изилдөөгө арнайт. Ал
кыргыз жергесин түгөл аралайт. Амантурдун Кыргызстанда аралабаган айылы,
жолугушпаган уздары, усталары калбайт. Мына ушундай талыкпаган эмгектенүүнүн
натыйжасында Амантур окурмандарыбызга «Кыргыздын кол өнөрчүлүгү», «Жасалга
өнөр чеберлери», «Көркөм кол өнөрчүлүк», «Кыргыздын улуттук кийимдери»,
«Кыргыздын колдонмо-жасалма өнөрү», «Усталар жана уздар», «Баба салты, эне
адеби» ж. б. аттуу ондогон очерктерди, монографияларды тартуулайт. Булар бүгүнкү
күндө кыргыздын элдик кол өнөрчүлүгүнүн тарыхынын уюткусун түздү. Автордун
сиздерге тартууланып отурган акыркы эмгегинде элдик кол өнөрчүлүктө жолуккан
бүтүндөй терминдерге кеңири түшүндүрмөлөр, баяндамалар берилген. Бул
көлөмдүү эмгек алгачкы жолу жазылып жаткандыктан, баардык терминдерге
берилген түшүндүрмөлөрдүн телегейи тегиз деп айта албайбыз. «Талкуудан тактык
жаралат» дегендей окурмандардын талкууларынан кийин терминдер такталып, бир
калыпка түшөт го дейбиз. Ал эми алтымышты аркалаган калемдешибиз Амантур
Сейталы уулуна чын, ден-соолукту, чыгармачылык ийгиликти каалайбыз. Эл
ичинде, жер бетинде айдан аман, жылдан эсен жашап, бар бол, калемдешим!
Балбай Алагушов,
Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
АБАЙЫ — «Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы
менен жабуулап» («Семетей»), Бул — кийинчерээк көбүнчө кыз-келиндердин
токулгасына салынуучу кооз ат жабуу. Уздар анын жердигин эндей таардан,
кездемеден тандап, ага, «Илме дос», «басма сайма» аркылуу түр жиптерден көркөм
көчөттөрдү табакча-табакча кылып, ат соорусунан даана көрүнгөндөй беришкен.
АБАЛАК — «Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып,
төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот).
Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер
кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко
кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз
чуңкурча, кайкыраак болушу үчүн ага шынаа сымалданган жыгач коюп, тегиз эки
жыгачтын ортосуна кыпчытып, кайыш же зым менен таңып, оор ташты үстүнө
бастырат. Бир топ күндөн кийин калыбын сактаган мүйүздүн чеке-белдерин аралап,
өгөөлөп, жонуп, абалак түспөлүн берет. Эптүү болушка анын баш бармак, сөөмөй,
ортон кармай турган эки чети араа, бычак аркылуу каршы-терши «торчолонот».
Абалактын көлөмү ар кандай болот. Ал эми кулжанын мүйүзү өтө эле катуу
келгендиктен абалак жасоо кыйын. Ошондой эле абалактын бир жагы жазы, экинчи
тарабы кууш келип калат. Буга беш карыштан жогору болгон текенин мүйүзүн
тандоо керек. Картаң текелердин мүйүзү тогуз карышка дейре жетет. Абалак үчүн
мына ошолор табылгыс жердик болот. Мында мүйүздүн жарымы туюк келип,
жарымынын ичинде өзөгү же көңдөйүрөөк көрүнөт. Так ошондой алты карыш
мүйүздүн үч карышы, сегиз карыштын төрт карышы калың келет.
Абалактын үч түрү бар: Топ бузаар (ураттаар) абалак — бул чоң абалак. Шадылуу
адамдардын колдоруна токтомдуу келет да, узуну бир нукумдан бир элидей
ашыгыраак болуп (шадылуу колдуу адамдардын өлчөмү менен) туурасы төрт жарым
элиге чейин жетет. Бул абалак томпойдон эки эсе оор көрүнөт да, калыңдыгы бир
жарым элидей болот.
Орто абалак-чүкөнү чертет. Жемек — кадоочу, тооручак — тооручу абалак.
Мунун узуну нукум, туурасы төрт элидей келип, калыңдыгы элиден азыраак ашат.
Текенин мүйүзү араа аркылуу кесилет да, керки менен тегизделип, бодур жерлери
кайрак таштарга сүртүлө, өгөөлөнүп жылманалат. Абалактын жерге тийүүчү тарабы
саал кайкыраак келет. Ансыз анын кырлары жерге тийип, абалак жакшы жүрбөй
калат. Абалак үстү көбүнчө тегиз келип, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал.
Абалак кичине болсо чеберлер үшкүлөп, ага коргошундан кыт куюшат. Өтө оор
абалак чүкөнү сындырат.
Топ бузуучу, топ атуучу адамдарды «ордо оюнунда» «ураткан» деп да аташат.
Мыкты абалактар «козулук абалак», «койлук абалак», «улактык абалак» деп
айтылат.
АБДЫРЫНА — Төшөктүн аяк-башына жазданууга атайын ылайыктала жасалган
жыгач буюм. Бул кыргыздар отурукташуудан кийин көбүрөөк колдонула баштап,
жыгаччылар муну сыйдалап кармап, кооз буюм катарында урунууга
аракеттенишкен. Көчмөңдүү жана жоокерчилик турмушта төшөктүн аягы жапыс
көрүнсө, ээр анын үстүнө желдик же тердик, кийиз өңдүүлөрдү коюшкан.
Улуулардын айтымдарында, ат үстүндөгүлөрдүн кан тамырлары жүгүрүп, буттун эс
алышына шарт түзөт.
АДЫРГЫ — Өрмөк согууда колдонуучу жыгач курал. Узундугу 40—45 см,
жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы — 3—5 см, баш-аягы, эки кыры бирдей
жукартылып, тактайдан жасалат. Адыргынын эки учунда көзөнөгү болот. Мындан
кудум жүн сабоодой эки таякчанын ичке жагы өткөрүлүп, нукумдай жоон башына
такалат. Күзүктүн жардамы менен адыргы аркылуу өрмөктөгү эриштин үстүнө
астыңкы жиптерин, үстүңкү жиптерин астына алмак-телмек өткөрүп турат. Мунун
ар бир өтүшүндө аркакты эриштердин арасына кысып калтырат.
Адыргынын жердиги талдан да, теректен да, карагайдан да, арчадан да жасалат.
Ал кыйылып келинери менен чеберлер аны кадимки тактайдан жонуп, көлөкө жайда
кургатылып, кем карчы бычак аркылуу тегизделет. Адыргыны аракетке келтирүүчү
жүн сабоодой эки таякча ыргайдан да, талдан да, табылгыдан да болот.
АЙЫРМАЧ — «Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып» (А.
Үсөнбаев). Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6
жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тайкунанга
мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын
бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала
жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай
жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна
тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот.
Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага
жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып,
«кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга
түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүккөрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат.
Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана
арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл.
2) Алдыдагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын бири-бирине
кайчылаштырып жасайт. Бул — унаага кийиз салып токуп жүк артууга
ылайыкташкан ээрдин (ыңырчактын) бир түрү. Көчмөңдүү турмушта минтип
ээрдин ар кандайына узануу абдан өнүккөнүн тарых музейлериндеги экспонаттар
далилдеп турат.
Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн
өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан.
Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташыныпкөчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп
калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу
зарыл.
АКАК (Акак таш) — «Акак мончок тагынам, Койчу кулду не кылам, жылкычыны
сагынам» (Эл ыры). Бул — буюмдун жердиги. Элдик зергерчиликте буюм бетине
чөгөрүү үчүн колдонулуучу ийне жалбырактуу жыгачтардын ташка айланып, ар
кандай түстө кубулган (көбүнчө сары) чайыры. Бул баалуу зат шакек, желбирөөч,
бой тумар, сөйкө, билерик, чолпу (чач учтук), топу өңдүү кыз-келиндердин зер буюмтайымдарына, эр кемерине, ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө «тогуз төбөлөп»
(«куткундап») кооздоодо колдонулат. «Кызыл шуру, ак бермет, Акак, каухар аралаш»
(Н. Жетикашкаева).
АК КАЛПАК (калпак) — «Ак калпак кийип, ат минген, Кыргызымды сагындым,
Ар дайым менден кат күткөн, Бир кызымды сагындым» (Мидин). Бул — АлаТообузга символдоштурган элдик баш кийим. Аны жасоодо, абал жүндү кылдап,
саксагыраагын майдалап кыркып сабайт. Уютулган жүндү басып кургатып, кайра
бышырган соң борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүктөп, кийизди катуу кылат.
Башка чакталып, калпактын төрт талаасы бычылат да, алардын ортолоруна «милте»
коюлат. Калпактын «Айры калпак» деген түрү бар. Анын төрт талаасынын кошулган
жерлери жана жээги «кыюуланып», төрт жеринен кичине шара тилик калтырылат.
Ал эми «Тилик калпакта» төрт талаасы «кыюуланбайт» да, ак жип аркылуу
бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылат... «Туюк калпакта» жүн
калпак түрүндө уютулат да, муну улам катуу басып, анан өбүлүктөп, кайра
бышырып, төбөсү топ-тоголок, этеги тегерек түргө келтирилет.
Кыздарга ак жүндөн жука кылып, этегин эркектердикинен тайкы, тегерете
жээгин үстүн көздөй имерилте бычып, ага үкү таккан. Аларга түрдүү ийне сайма
аркылуу, көркөм көчөттөрдү келтирет. Калпактын кол саймасы «секиртме», «тап
бердирме» деп аталат. Мында тигүүчүлөр эки ыкманы жүзөгө ашырат. Биринчи
калпактын төрт талаасын бири-бирине «милтелеп» (жээктеп) кошот. Экинчи
«кыюусу» (алкагы) тигилет. Андан кийин учук аркылуу ичи жөрмөлүп, топ чачыгы
(«чогун») чыгат. Анан тигүү машинасында анын кырын жүргүзөт. Андай калпак
барктуу болот. Бөрксүз калпак телпек сыяктанып калат. Мындан «калпакпы же
телпекпи» деген сөз чыгат. Анда башка токтому жок болуп калат. Кийизи өтө жука
келсе, бир жайдан чыкпайт. «Сайма калпактын» бөтөнчөлүктөрү уяң жүндөн
уютулат. Ал кийизге берилген көркөм көчөттөр ого бетер назиктелип, уландар эле
эмес, кыз-келиндерибиз да кийип жүрүүгө шартташат. Буга түшкөн сайма көчөттөр
«кыялданат». Мындагы көркөм көчөт оюмдун элементтерин уздар чөптөрдүн
сабагынан, мөмө жемиштеринин шагынан, ийилген бутактарынан алышат. Ал сөзсүз
бир нерсеге окшошуп, бул сайма көчөттөрдөн «бармак боочу», «ит куйрук», «ийрек»,
«бычак учу» өңдүү көркөм оюмдар элестейт. Элдик оюмдун элементтери экинчи бир
кооз оюм-көчөттүн туулушу үчүн көркөм каражат болот. Оюмдан-оюм, көчөттөнкөчөт чыгат. Ошондуктан, көркөм оюм — ойдун кумары болуп көрүнөт. Бул ар бир
уздун изденүүлөрүнө жана жаңыча узданууларына негиз түзөт, «Бабабыз кийген ак
калпак, Баркына жетип жүрөлү» — деген саптар баш кийимдин баркын арттырат.
Кыргыз калпагы мурдагы эл чарбачылыгынын Бүткүл союздук көргөзмөсүнө
коюлуп, «күмүш медалына» татыктуу болгон.
Азыр кыз калпагын тигүүнүн үлгүсү кайрадан жанданууда. Ак, кызыл, көк,
жашыл өңдөгү жасалуучу бул баш
кийимге берилген көркөм көчөттөр кемселге, чыптамага, белдемчиге окшошот.
Калпак чети чырашталат. «Чыраш» — сайманын бир ыкмасы. Мында төрт
талаасы «кайчы кулак» же «кереге көз» аркылуу биригип турат. Бул — «илме
достун» бир түрү. Калпак чекелери да так ошондой сайма аркылуу кештеленет.
«Кештелөө» — чыраштоонун бир түрү. «Кештелүү калпак — кыймалуу калпак —
саймалуу өңүр кештелүү өңүр — булар тигиш ордуна берилүүчү кооздуктар.
«Кыймалуу калпак кара шым, Кие турсам не болмок» (Жеңижок). Демек, уздар
буюмдун өмүрүн өткөн керезден, мурастан жана табариктерден алышат. Калпактын
алдыңкы эки талаасына маңдайлаштырылып, бири-бирине төп келген эки жөнөкөй
көчөт элементтен турган саймалар орун алат. Андагы оюм-чийимдер өсүмдүктөрдүн
жалбырактарын элестетет да, уз көркөм көчөттү чөптүн сабактарынан алат. Сайма
калың жыш болот, көчөттүн элементтерин коюулата саюу убакытты талап кылат.
Сайма көчөттөрүн суйдан алуу уздуктун табиятында назиктикти тартуулайт.
Шайырлар кийүүгө, шартташкан калпакта «кайык сайма» мүнөздүү келет. Ак
жердикке кара жип кара аттын кашкасындай ачыктыкты, тактыкты көрсөтүп,
мындай өң көбүн эсе улгайгандарга арналат. Ал эми жиби кызылы улан-кыздарга
мүнөздүү келет.
Калпак — назик баш кийим. Анда шаң да, нарктуулук болгондуктан муну
жасоодой эле кийүүдө да ардактай билүү талап кылынат. Баш кийим назиктикти,
жеңилдикти, сыйдалыкты өзүнө ич ара ширетип турат. Бул калпактын бычылышы
— башка калпактан бир аз айырмаланат. Мында эки алдыңкы талаасы жазыраак,
эки арткы талаасы Ичкерээк болот. Анткени, кийимди артынан караганда анын үч
талаасынын тигиштери бирдей көрүнөт.
Түштүк кыргыздардын чеберлери Алай тукумдагы коюнун, козунун айрыкча
күзгү жүнүн керектешет. Эгер ал аз болсо, жазгы жүндү белгилүү өлчөмдө кошот.
Мында жүн тазаланат, кылданат, майда тытылат, кайчы аркылуу жүн 5 см. дей
кырчылат. Табылгы сабоо менен сабалат. Жүндүн 1, 2, 3 тарамы болот. Эң биринчи
тазасы үстүңкү бетине чыгат. Аны уютууда абалы ысык сууну чачып, чийди оройт,
анан тоголото баштайт. Уютулганы белгиленгенден кийин ал он, сол болуп басылат.
Кийизди кургатып дагы жууйт жана да оң, сол басат. Дагы кургатып, кайра жана
басат.
Көп басуу — кийизди катуу уютуунун шарты. Ал аракет жазгы, күзгү жүнгө
карата болот. Кийизди эми бордоо үчүн тоодогу борду алып келип, корго көмөт.
Бордун чекелерин кырып, бышканын баамдайт. Сыртын кырып таштап, тоскоктой
майдалап, аны ысык сууга чылайт. Мына ошонун тунмасын кийизге сүртүп, дагы оң,
сол эки жолу басып, ачык күнгө жайып, кийизди кургатып алат. Мисалы, 59
өлчөмүндөгү (25 см) калпактын бир талаасы 28 см. болсо, 12,5 см. кыюусу келет.
Мында төрт талаанын ичин кыйып, ал 2 см. кыйык тигилип бүткөндө бир см. болот.
Калпактын чогу (чачык) 6,5 см ге, боосу 8 см ге өлчөнөт.
Айрым чеберлер калпактын төрт талаасында 8 секиртме (тап бердирме)
саймаларын берет. Анын аралары 1,5 см ден 25—27 курдай элементтери бар.
Мында уздар буюмду кармоодо абалы анын эскизин кагазга түшүрөт. Мисалы,
катуу салфетканы кагаз эскиздин үстүнө жаткырат да, ошол түшкөн оюм-көчөт
боюнча чегип алып, кийизге түрдү түшүрүүдө тигүүчү машинанын майына малып,
кийиздин алкындысы менен эзип, ага ошол чегилген из боюнча кайрадан чегип
алат.
Айрымдар адаттан тышкары ат, айгырдын туу куйругун тартып алып, аны
муздак сууга чылап, калпактын төрт талаасын бири-бири менен жип аркылуу
ичинен бириктирип, берки төрт тал кылды ийнеге саптап алып, ичине эчтеке
койбой кадимкидей чыраштайт.
Кээ уздар кийизди уютууда козунун күзгү ак жүнүнөн алат. Ал өтө арсайбай
үлпүлдөк, назик келет. Аны жууп, бор кошуп (бор таш кат-кат болуп көрүнөт. Ошону
алып келип, корго салып бышырып, сыртын кырып, ички тазасын сокуга жанчат)
казанга кичине кайнатат. Үстүнө муздак суу куюп, жүндү чылап коет. Эки-үч күндөй
жаткан аны «кирип» кетпесин үчүн көз-көз ийне менен илип-тартып араларын ачып,
борго аралаштырып турат. Суу боюнча араларын ача жүндү таза ачык күнү кермеге
илип коет. Мында сабап, майдалап тытып, чийдин үстүнө таза кездемени же
клеёнканы жайып (ансыз чийдин кабыгы, уютулган жүндү жулат, кийизди бузат),
ошого жүндү тарамдайт. Ага кайнак сууну чөмүч менен текши сээп, бир четинен
чийди тоголоктоп, тепкилебей, кол менен басып ийлейт. Ошондо кийиз кирет да,
чийдин үстүнө коюп билектеп таза суу менен тазалайт, жууйт, бүткөн кийиз
бүктөлүп кирделет. Зарыккан кийизди күн ачыкта жайып кургатат. Ак калпакты
кыйыктоодо манатты пайдаланып, төрт талаасына «мүйүз оюмун», «көөкөр оюмун»
түшүрүп, төбөсүнө папик менен чачылагандар бар. Өспүрүмдөрдүн калпагынын
папигине илгери бирөөлөрдүн көзү тийбөө үчүн көз мончок менен шуру өткөргөн.
АЛА БАКАН (ача бакан) — «Баканды жакшы көрсөткөн, Башында майлуу сүр
болот» (Осмонкул). Бул — салттуу үй буюму. Анын эки түрү бар. Төр ала бакандын
түп жагы төрт бурчтуу келет да, андан өйдө төрт-беш жерден муунакталып, илгич
кадалган жерлери гана муунакталышы шарттуу көрүнөт. Бул бакандын аяк-башы
ичкерээк, ортосу муунакталып, ага күмүш шөкөктөр салынат. Ал жоон көрүнүшү да
ыктымал. Буга чабылган көркөмдүк «сыя төгүү», «көрчөгөлөп чабуу» сыяктуу
ыкмалар аркылуу бөтөнчөлөнөт. Мында «кочкор мүйүз», «ит куйрук», «куш тырмак»
өңдүү элдик оюм-чийимдин элементтерин берүүгө зергерлер көбүрөөк көңүл
бөлүшкөн.
Мындан сырткары ар бир муунакка экиден илгич тагып, анын тушуна тегерек
томпок көрчөгөлөр чөгөрүлүп, анын ортосуна зергерчиликтин саймасы «зооткор»
түшүрүлөт. Ала бакандын аягынан башына дейре жука темир бет бурулуп урулуп,
адатта, ага күмүш жалатылат. Мында мык ордуна кагылып, көрчөгөлөр атайын эле
көркөмдүк үчүн чабылгандай элес берет. Кээде буга түшкөн шөкөттөр «мүйүз»,
«жарым ай», «тегерек», «байчечек», «жарым бадам» оюмдарынын жарым жартылай
элементтеринен турат.
Ала бакандын мындан бөлөкчө шөкөттөлгөн түрлөрү да бар. Ага төрт кыр жыгач
тандалат да, мунун маңдай бетине гана жыш көркөмдүк түшүрүлөт. Ала бакан
көбүнчө иймек темирден алты бутактуу болот. Ага берилген кооздук абалы
жукартылган жазы темирге жалатылып, даана күмүш көрүнгөн тактаны кайчылап,
кудум шырдак оюмдары түшүрүлөт. Анын ортолоруна айырмалана берилген
тегерек көркөмдүктөр буюмдун көркүн ачат. Ала бакан башы уукка найза учу
кейиптенип барып, ачакейлене тандалат.
АЛА КИЙИЗ (карала кийиз) «Кыргыз кийизге туулга» (макал). «Ала кийиз, төшөк
жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз
буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары арбын.
Бул адими буюм катары бааланат да, узак убакыт урунууга шартташкан.
Ала кийиз (карала кийиз) деген ат илгери кара жана ак койдун жүнүнөн эле түр
түшүрүүнү түшүндүргөн. Уяң жүндүн баары эле боекко жакшы кириши мүмкүн эмес.
Кылчыктуу, жарым кылчыктуу жүндү да боёкко абдан кандыра салып, муздак суу
менен жакшылап жууп алышыбыз керек. Бирок, ал мындай караганда бир аз
бозомук тартып калышы да зарыл.
Уздардын айтымында бир койдун жүнүнө (болжол менен алганда бир чоң чака
суу, 200 грамм боёк туура келет). Эгер жүн малыш койдуку болсо, ага 300, 350 грамм
боёкту сарптоо максатка ылайыкташат. Орточо ала кийизге он кг. кара жүн керек.
Анын түрүнө бир жарым кг. жүн чыгымдалат. Оюм жашыл, кызыл, ак, сары өңдөргө
тармакталып келет. Мында «уй мүйүз оюмун» чарчыланта берүүгө да болот.
Ала кийизге түшүүчү көркөм оюмдардын ички дүйнөсүн өңү-түсү ачат. Мында
буюмдун четтиги кара кийизден жалаң берилип, айрым чеберлер аны да «ала
мончоктотот». Ала кийиздеги «ала мончоктотуу» — бул шырдак оюмундагы «араа
тиш», «бычак учу», «ит куйрук», «бадам» сыяктуу негизги оюмдарды
айырмалоочудай мааниге ээ көрүнүш. Анан кийиздик оюмду бере турган четтеги
төрт бурчу ак-карадан «ала мончоктолот» да, кадимки кийиз оюмдары берилет. Эгер
кара фонго оюм кызыл жүндөн тарамдалса, анда ал ак жүн аркылуу «жээктелет...»
Мында ар бир кийиз оюму бири-биринен айырмалануу үчүн ошол «ала мончокту»
(оюмдарды бөлүп туруучу көркөм белги) жүргүзүү тийиш. Кийиз ак, кара, кызыл
өңдөрдөн турса, уютуу учурунда алар биринин супсундары бирине өтүп, кандайдыр
кара күрөңдөнүп, кара малаланып, же кызгылттанып, боёктору кереметтенип,
жаратылыштын бир нооматына келип турган таланттуу сүрөтчүлөрдүн сыйкырдуу
чыгармаларындай сезимге өтө эле жагымдуу таасир келтирип турат.
Буюмдун четин кара жүндөн тарап туруп, эки элидей сарыдан четин «жээк»
берип, жашыл менен кызылдан түшкөн «бадам оюмунун» араларын сары өң аркылуу
берүүбүз керек. Мына ушул үч өңдү ич чара айырмалата берүү менен «табак оюму»,
«бармак башы оюму» сыяктуу кооздуктарды текшилеп төптөштүрө берүүгө да
укмуштай машыгышкан уздар бар. Минтип, кызыл-жашыл өңдү кийизчиликте
колдонуу азыркы учурда жапырт салтка айланууда. Андыктан бул эки колоритти
күчтүү өңгө мала сарыны данакер катары пайдалануубуз керек.
Ооба, ала кийиз үчүн күрөң, мала сары, көгүш, кара өңдөр мүнөздүү болот. Анда
көбүнчө «кочкор мүйүз оюмунун» төбөсүнөн «карга тырмак» чыккан оюм
элементтери жаралат да, буюмдун ортолугу кадимкидей табакча сымалданып
кетүүсү керек. Мунун ичинде «шырдак оюмдарынын» элементтери көбүнчө «мүйүз
оюмдары» аркылуу мүнөздүү келет. Андыктан ак өңдү ала кийизде арбын
пайдалануу буюмдун бетин «алачакмактатып» (чакчайтып) таштайт. Оюм
уюлданып, чагаракталып, үзүл-кесилсиз берилүүсү тийиш.
Ала кийиздин кооздугу — оюмду майда-майда берилүүсү менен бардык өңдөр ич
ара жуурулуша аралашып, ортодон бир өңдүн чыгуусу менен ойдогудай бааланат. Ал
ак да, кызыл да, күрөң да, көк да, жашыл да эмес, ортодон бир өң чыгаруубуз зарыл.
Башкача айтканда көп боёктордон сүрөтчүлөрдүн пейзажын элестете алышы керек.
Эгер көркөм буюмга ак, жашыл, кызыл, сары өңдөр болсо, анда көк-жашыл менен
ак-кызыл менен жупташат. Мунун четине «чагырмактан», «ит куйруктан» аккызылдан «аламыч» түшөт да, буюм ортосунда төрт табакча үзүл - кезилсиз берилет.
Фону кызыл өңдүн ичинде «кош мүйүздүн» үстүнөн «кайкалак» (мүйүздүн башка
түрү) түшөт. Ал «карга тырмак» менен да айырмаланат. Минтип айтып жаткан
себебибиз мыкты оймочулар жөнөкөй оюмдарды түрлөнтүп жиберүүгө өтө кылдат
келишет. Так баяндаганда, «кош мүйүз оюму» «карга тырмак оюму» менен биригип,
табакчаны түзсө, экинчисинде, тик берилген «ит тырмак оюму», «кош мүйүз оюму»
аркылуу биригет. Ушинтип, буюмдун ортолук табакчалары ирээти менен пайда боло
берет. Ал эми төрт бурч берилген бул табакчалардын эки четтеринде үч бурч
(тумарча) «жарым табакча оюмун» элестетет да, ал жашыл ак түстө беттелсе,
жарашыктуу көрүнөт. Мында уздар шырдак менен ала кийиз оюмдарынын негизги
элементтерин бири-бирине алмак-салмак колдоно берет) Жалпы жасалга
буюмдарынын ичинен көпчүлүктүн көңүлүн тегиз тартып туруучу эмоциялык
ачыктыкты, тактыкты, мыйзам ченемдүүлүктү өзүнө сиңирип турат.
Абалы буюмга тандалган кара жүндү тазалап алат. Аны сабап, чийге чабактап,
бышыра электе эле жууйт. Мында кийиз былбырап калат. Оюм түшкөн ылдыраган
кийизди кара кийиздин үстүнө жаткызып алат. Эми жаткызылган оюмдун аралары,
ички кысыктары ар түрдүү жүндөр менен толтурулат. Ачык айтканда, оюмду ичинен
оюм жаралат. Койдун бөтөнчө, кара койдун күзгү жүнү мыкты болот, уяң жүн
бышырганда анча кирбейт. Анткени менен боёкту ырас кабыл алат.
Чеберлердин чечмелөөлөрүндө майда оюмдар түшсө, ал «кыз оюм» деп аталат.
Эгер кийиз бетине кезек оюмдар болсо, «чоң оюм» дейт. Буюмдардагы негизги
оюмдардын (ала кийизде оюмду «түр» деп айтса да болот) араларын , ачык жана так
көрсөтүү үчүн живопистик маанай берүүдө уздарда кооздукту тааный билүү касиети
бар.
Буюмдун четтик оюму кезек берилиши мүмкүн. Мисалы, «бадам оюмдун» четине
«бычак учу» (араа тиш) түшөт. Аянттуу буюмда төрт табакча орун алат. Ал «жалпы
оюм» аркылуу берилет да, негизги оюм өтө майда көрүнөт. Ар бир табакча төрт
бөлүктөн турат. Анын ар биринде үч-төрттөн оюм элементи кездешет. Ал
табакчаларда «бугу мүйүз оюму» да орун алат. Демек, көркөм оюмдарды мындай
берүү биз үчүн илгерки энесайлык кыргыздардын буюм үлгүлөрүн элестетет.
Биз анын кызыл-көк өңдөрдү беттеп, көркөм оюм берген көлөмдүрөөк буюмда
өңдү ача, ич ара жупташууларын табууда уздар кол боёкту кое туруп, күрөң менен ак
жүндүн өзүнүн нукура бөтөнчөлүгүн уздуктукта колдоно билишет. Айткандай,
буюмдун жердигинин нукура болушу көркөм кол өнөрчүлүктүн элдик салтына
коошуп турат. Демек, буюмдун өңүн жердиктин өзүнөн издөөгө болот. Кара койдун,
боз койдун, кызыл койдун, күрөң койдун, көк койдун кыркылган өз жүнү эле боёктук
милдетти аткарат..Натыйжада, буюмга түшкөн көркөм оюм-көчөттөрдүн өңү өтө эле
ачык, ала чакмактанбай, коңур, басмырт баамдалып, таланттуу сүрөтчүнүн көп
боёкторду ич ара сиңирип, сыйкырдуу кыл калеминен жаралган жаратылыштын
бир кооз көрүнүшүн элестетип кетет.
«АЛАМАЧ» — шырдактын ортолук оюму (борбордук оюму) менен жээк оюмун
(четтик оюмун) бөлүп туруучу түр. Ал көбүнчө ак-карадан, кара-сарыдан берилет.
Аны «ала мончок» деп да атайт. Ал «араа тиш оюмдан», «тумарча оюмдан», «ийрек
оюмдан», «ит куйрук оюмдан», «бадам оюмунан», «бычак учу оюмдан» ж.б.
оюмдардан түшүрүлөт. Аламач — буюмдун четине да, ортосуна да коюлат. Айрыкча,
ак жана кара өң буюмдун түзүн аттын кашкасындай ачып, жалпы эле кийиздин
ажарын өзүнө оодарып турат. Ошондуктан, мунун четине көбүнчө «тумарча оюму»,
ортосуна «бадамча оюму» түшүрүлөт.
Кийиз оюмдары үчүн кара-ак өңдөгү «аламыч» түбөлүктүүдөй туюлат да, ар
кандай өңдөгү ортолук жана четтик оюмдарды бөлүп турат. Көк-кызыл оюмдарга
жүргүзүлгөн чаар «ыскыттар» (милтелер) сайманын «суусундай» дааналап көрсөтөт.
Анын «аламычы» «кош мүйүздөн», «бадамдан» болот. Уздар «Жээк (четтик) оюмун»
көбүнчө өзүнүн «жарым кыялынан» да түшүрө алышат.
Акыйкатта, мыкты уздар элдик үлгүлөрдүн жалпы кооздугуна доо кетирбей
туруп, өзүнчө «чыйыр салып», чыгармачылыкта буруп, «табак оюмдун»
композициясын куруп кетет. Мында «кочкор мүйүздөрдүн» башына «карга тырмак»
чыгарып, экөөнөн бир табакчаны түзүү, же эки «кочкор мүйүз», эки «карга
тырмактан» бир табакча жаратуу аркылуу четтерине «араа тиштен», «аламыч»
курчоо менен түр шырдак кармоо уздарда мыкты өнүккөн.
Буюм четиндеги карама-каршы «жүрөк оюму» «жагалмай канат оюму» менен
бириксе, «жээк оюму» болуп көрүнөт. Ага сарыдан «милте» басып, ак-карадан «араа
тиш», «аламыч» түшкөндө «милтеси» мала кызылдан келиши шарттуу сезилип, бул
буюмдун өңүн даана ачат. Анын «ортолук оюму» толук төрт табакчаны түзүп төрт
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
  • Parts
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 01
    Total number of words is 3703
    Total number of unique words is 1968
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    38.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 02
    Total number of words is 3780
    Total number of unique words is 1991
    21.6 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    38.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 03
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2012
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    34.6 of words are in the 5000 most common words
    41.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 04
    Total number of words is 3636
    Total number of unique words is 1862
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.3 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 05
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 1874
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.7 of words are in the 5000 most common words
    39.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 06
    Total number of words is 3787
    Total number of unique words is 1996
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    36.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 07
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 1999
    20.7 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 08
    Total number of words is 3839
    Total number of unique words is 1954
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    32.5 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 09
    Total number of words is 3855
    Total number of unique words is 2021
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 10
    Total number of words is 3842
    Total number of unique words is 2084
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    37.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 11
    Total number of words is 3631
    Total number of unique words is 1863
    21.4 of words are in the 2000 most common words
    30.7 of words are in the 5000 most common words
    37.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 12
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2040
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 13
    Total number of words is 3676
    Total number of unique words is 1936
    22.1 of words are in the 2000 most common words
    32.9 of words are in the 5000 most common words
    40.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 14
    Total number of words is 3669
    Total number of unique words is 2076
    21.5 of words are in the 2000 most common words
    31.1 of words are in the 5000 most common words
    38.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 15
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 1959
    20.6 of words are in the 2000 most common words
    31.5 of words are in the 5000 most common words
    38.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 16
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 1919
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.6 of words are in the 5000 most common words
    39.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 17
    Total number of words is 3818
    Total number of unique words is 1808
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    30.6 of words are in the 5000 most common words
    38.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 18
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1968
    21.7 of words are in the 2000 most common words
    31.8 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 19
    Total number of words is 3988
    Total number of unique words is 1958
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 20
    Total number of words is 3778
    Total number of unique words is 1975
    20.0 of words are in the 2000 most common words
    30.2 of words are in the 5000 most common words
    37.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 21
    Total number of words is 3660
    Total number of unique words is 1798
    20.8 of words are in the 2000 most common words
    29.7 of words are in the 5000 most common words
    37.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 22
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1929
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    34.2 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыздын Кол Өнөрчүлүгү - 23
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1832
    23.4 of words are in the 2000 most common words
    33.5 of words are in the 5000 most common words
    40.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.