Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 01

Total number of words is 4020
Total number of unique words is 2282
25.4 of words are in the 2000 most common words
37.5 of words are in the 5000 most common words
44.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кыргыз элинин көркөм сөз өнөрүн өнүктүрүүдө акын Темиркул Үмөталиевдин
өзгөчө орду бар. Ал профессионалдуу адабиятыбызга негиз салуучулардын бири.
Ошону менен бирге Темике тунгуч кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөшкөн
коомдук ишмерлерден да эле. Ал көптөгөн айжаркын классикалык ыр, поэма, проза,
публицистика, котормолорду мурас калтырган. Өзгөчө Темикенин Улуу Ата Мекендик
согуш жөнүндө жазган ыр-поэмалары кыргыз поэзиясында көрүнүктүү орунду ээлейт.
Улуу акындын бул бир томдук жыйнагы анын 90 жылдык мааракесине карата
даярдалган. Буга Темикенин мурда жарык көрө элек ырлары, прозалары,
замандаштарына арнап жазгандары жана акын жөнүндөгү эскерүүлөрү кирди.
КИРИШ СӨЗ
Классик-акын Темикем
Ардактуу окурман, колуңардагы бир томдук Темиркул Үмөталиевдин 90 жылдык
юбилейине арналды. Мурда элге кеңири белгилүү эмес ырлары, прозалары жана
замандаштарынын арноолорун кошкондо үч бөлүмдөн турган китеп кантсе да, маркум
акындын личносттук касиетин ача турган жаркын мурастардан болуп каларында шек
жок.
Темиркул Үмөталиев 1908-жылы Аксы районундагы Төө-Жар айылында жарык
дүйнөгө келген. Бармактай чагынан жетимчиликке коштолгон татаал замандын азаптозокторун башынан өткөргөн. Интернатта, педтехникумда окуп, мугалим болуп
иштеген. Райондук комсомол комитетинин катчысы, комсомолдун Борбордук
Комитетинин жооптуу кызматкери болуп иштейт. Москвадагы Коммунисттик
журналистика институтун бүтүргөн.
Темикем экөөбүз ата-баладай ынак элек. Ушундан улам, Темикенин үй-бүлөлүк
турмушу менен анын жеке керт башына тийиштүү айрым штрихтерди бул жерде
кошумчалай кетпесем өксүк болоор. Темике билгенге өтө бала кыял, ачык айрым, ак
көңүл, жоомарт, өтө ишенчээк жана курч, тайманбас көк жал адам эле. Жакшы көргөн
кишинин алдында агынан жарыла төгүлүп калчу. Кас көргөнүн албарс кылычча шылып
таштачу. Темике менен кошулуп жол жүргөндөн ыракат алчубуз. Жоомарттыгы өзгөчө,
тим эле чачылып калар эле. Үйүндө конокто болгонубузда дасторконунун молдугун,
берекесин айтпа, өзүнчө бир жомоктогудай жайыл дасторкон сезилчү. Жыйындарда
топ бузуп, тим эле алоолоно күйүп турчу. Темике өтө курч болчу. Бирок, ылайым
кекчил эмес эле. Тез жазылып, ыктуу сөзгө жыгылып калчу. Темике бала чагында
далай кордукту көрүп, Ата Мекендик согушка баштан аяк катышса да, кийинчерээк ал
өлөр өлгөнчө хандар көргүс доорон сүрдү. Өкмөттүн, элдин сыйынан ылайым кемиген
жок. Журт башы, эл бийлешкендин баары менен насиптеш жүрдү. Эч ким анын
көңүлүн ооруткан жок. Ал эми жеке турмушунда, үй-бүлөдө Темикедей бактылуу эч
ким жоктур. Өмүрлүк жары Зуура эже, жалгыз кызы Жамал, күйөө баласы Тойчубек
Темикени алаканына салып баладай бапестеп турушар эле. Ушундай гана камкорлук,
сый акынды сексенден ашыра жашатты деп ойлойм. Т.Үмөталиев каны-жаны менен
совет доорунун уулу экени чын. Совет өкмөтү менен компартия үчүн ал жан кыйууга
даяр эле. Темике каза болгондон кийин СССР кулады, аны көрбөгөнү жакшы болду
дедик. СССРдин кыйрашын көргөндө көтөрө алмак эмес. Темике турмушунда канчалык
жайдары, ак көңүл болсо анын чыгармалары да ошончолук өзүндөй карапайым, элге
жетимдүү элпек жана тереңдиги, сезимге жугарлыгы менен айырмаланат. Өзү
башынан кечирген Ата Мекендик согуш жөнүндө жазгандары накта классика. Согуш
жөнүндө Темикече эч бир кыргыз акыны жеткиликтүү жаза алган жок. Темикенин
согуш ырлары али изилденип, өз баасын ала элек.
Темиркул Үмөталиев кыргыз улуттук адабиятынын классиги, көрүнүктүү коомдук
ишмер да эле. Ал 1937-жылдан 1941-жылга чейин Кыргызстан Жазуучулар союзун
башкарган. Ушул мезгилде анын демилгеси менен кыргыздын элдик оозеки
чыгармачылыгынын туу чокусу «Манас» баш болгон көптөгөн кенже эпостор биринчи
жолу жыйналып, басмадан китеп болуп чыгарылган. Анын тикелей кийлигишүүсү
аркасында Жазуучулар союзуна өзү сыяктуу таланттуу жаш жазуучулар: Касымалы
Жантөшев, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков, Тазабек Саманчин,
Абдрасул Токтомушев, Касымбек Эшмамбетов, төкмө акын, манасчы-аткаруучулар:
Осмонкул, Алымкул, Саякбай сыяктуулар кабыл алынган. Ошентип улуттук жазма
адабиятыбыздын түптөлүшүнө зор салым кошулган.
Темиркул Үмөталиев Республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын
уюштурууга демилгечи болгон.
Кыргыз улуттук адабиятын өнүктүрүүдөгү зор эмгеги үчүн Темиркул Үмөталиев
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын
лауреаты деген жогорку наамга ээ болгон. Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл
Туу, Эл достугу, эки жолу «Ардак белгиси» орденин, ошондой эле майдандагы эрдиги
үчүн Кызыл Жылдыз, Ата Мекендик согуш ордендерин жана көптөгөн медалдарды
алып, мурдагы Союздун жана республиканын бир нече Ардак грамоталары менен
сыйланган. Тынчтыкты коргоо комитетинин мүчөсү, Республиканын китеп сүйүүчүлөр
коомунун алмашуусуз төрагасы, СССР Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан
Жазуучулар союзунун башкармасынын мүчөсү да болгон. Ошентип улуттук
адабиятыбыздын бул зор өкүлү, улуу акыныбыз Темиркул Үмөталиев өзү үчүн
өлбөс-өчпөс эстелик тургузду.
Мен ишенем: кыргыз кыргыз болуп турганда Т.Үмөталиев эч качан унутулбайт.
Эркиндик бульварында Темикенин маңкайган эстелиги коюлду. Темикем жашаган
үйгө эстелик такта орнотулду. Ош университетине Темикенин ысымы ыйгарылды.
Бишкек шаарындагы орто мектеп, акындын киндик каны тамган Аксыда колледж да
классик акыныбыздын ысмын алып жүрмөкчү. Бишкек шаарында, Жалал-Абад
областында көчөлөргө Темикемдин аты коюлду.
Өкмөт тарабынан мынчалык сый кимге буйруптур.
Арбагың раазы болсун, Темике.
Асанбек Стамов
ЖУРТ АГАСЫ ТЕМИКЕМ
Бүгүнкү күн кандайдыр бир даражада кыргыз элинин маданияты үчүн эсте
каларлык майрам деп айтсам аша чапкандык болбос. Себеп дегенде:
профессионалдуу жазма адабиятыбызга негиз салган акындардын бири, кыргыз
көркөм сөз өнөрүнүн классиги, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокери Темиркул
Үмөталиевге
борбор
калаабыздын
жүрөгүнүн
толтосу
деп
эсептелген
Эркиндик бульварында эстелик ачып жатабыз. Атактуу бульварда эстелигин орнотуу бул дүйнөдөн кеткен бардык эле атактуу деген инсандардын бактысына туура келбейт.
Бул жерде Темикеге эстелик тургузуу жагы дагы кокусунан болуп жаткан жок.
Темиркул Үмөталиев Ата Журт алдында сиңирген зор эмгеги үчүн жана акындык
даражасынын бийиктиги аркылуу гана мына ушундай урмат-сыйга ээ болууда.
Темикебиз мындан 90 жыл мурда кыргыздын эң бир кооз жерлеринин бири атактуу
Аксыда туулган. Жетимчиликтин азабын көп тартып, кор болуп майып болуп
каларында анын бактысын Октябрь революциясы ачкан. Жаш Темике Ош шаарындагы
педагогика техникумун бүтүргөн. Мына ошондон тартып Темикенин акындык жана
коомдук ишмердик жолу башталат. Мен айтаар элем: Темиркул Үмөталиев өз
заманынын, совет доорунун чыныгы эр жүрөк, патриот уулу эле. Ошондуктан, акын
Темиркул жүрөгү сокпой калганга чейин улуу өлкө деп эсептелген көп улуттуу советтик
түзүлүштү, элдердин ортосундагы интернационалдык достукту, ынтымакты,
эл-жерди сүйүүнү, ак эмгекти, тазалыкты жана ар-намыстуулукту даңктап жүрүп өттү.
Акын Темиркул Үмөталиев табият берген талант деңгээлинин өтө бийиктиги жана керт
башындагы зор адамгерчилик, ак пейил мүнөзү жагынан Чолпон жылдыздай
жаркырап күйүп турчу. Кыргыз адабиятында гана эмес Темиркул Үмөталиев талант
деңгээли боюнча жалпы союздук көрүнүш же табылга деп айтарлык жаркын инсан эле.
Ушул жерден мен акындын өмүр жолундагы айрым маанилүү учурларга токтоло
кетейин. Темикебиз отузунчу жылдардын башталышында улуу Горький тарабынан
уюштурулган СССР Жазуучулар союзунун 1 уюштуруу съездинин делегаты болгон.
Ошол съездге Кыргызстандан А. Локомбаев, К.Маликов, Ж. Бөкөнбаев, К. Тыныстанов,
Т.Үмөталиев катышышкан болучу. Союздук съездден кайра Кыргызстанга келип
Т.Үмөталиев Кыргыз Республикасында жазуучулар союзун уюштурууга активдүү
катышып, 1937-жылдан 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанганга чейин
Союздун төрагасы болуп иштеп турган. Кыргызстан Жазуучулар союзун жетектеп турган
4 жыл ичинде Т.Үмөталиев аткарган иштердин көлөмү өтө көп. Мисалы: Темике анда
кыргыздын эң байыркы кенже эпосторунун баарын жыйнатып, жаздырып, аларды бүт
бойдон өз-өзүнчө китеп кылып, көп нускада бастырып чыгарган. Темиркул Үмөталиев
жыйнаган кенже эпостор бүгүнкү күндө да кыргыз элинин ата мурасы, баа жеткис
энчисине айланды. Ушуга эле катар Темике ал кезде көпчүлүк анча тааный элек улуу
манасчы Саякбайды борборго алдыртып келип, «Манастын» «Семетейге» чейинки
негизги варианттарын жаздырып алган. Ал учурда Кыргыз Республикасы өтө жаш,
жарды болгондугун эске алып, Темике аталган кенже эпостор менен «Манасты»
жаздырып алууга кетчү чыгымдарды бүт бойдон Москванын Жазуучулар союзундагы
литфондусунан бөлдүрүп алгандыгы дагы өз учурундагы эрдик эле. Мындан башка
акын Т.Үмөталиевдин баа жеткис эмгеги - ал өз учурунда улуу демократ-акын
Токтогулдун мурастарын жыйнатып, бастырып чыгарууга, пропагандалоого аябай көп
күч жумшап, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты чектөө жөнүндө өкмөттүн
токтомун кабыл алууга активдүү катышты.
Темике Улуу Ата Мекендик согуштун азап-тозогун баштан аяк өз көзү менен
көргөндүгү үчүн, анын согуш темасына арнап жазган ыр, поэмалары акындын
чыгармачылык жолунда өзгөчө орунду ээлейт. Темикенин согуш темасындагы
чыгармалары кыргыз адабиятында теңдешсиз шедеврлер. Темике өзүнүн мекен
алдындагы граждандык, адамдык, патриоттук парзын актаган улуу инсан эле.
Ошондуктан, мезгил өтүп, доор өзгөрүп, коомдук формация алмашса да Темикенин
тарых алдындагы коомдук орду бөксөрмөк тургай кайра жаңырып, ажарына чыгып,
кийинки жаңы муундарга үлгү болуп жаткандыгы бизди, замандаштарын кубантпай
койбойт.
Мен Үмөталиевди көп жылдар бою билген замандашы, санаалашы жана жолдошу
катары өзүмдүн жекече байкоомду айта кетким келет. Темике акын катары өтө
таланттуу, алп жазуучу болсо, адам катары кең пейил, ой дүйнөсү кенен, өтө март жана
өтө өткүр адам эле. Ал полемикага келгенде эч кимден тайманбаган курч, чечен
болуучу. Бирок көкүрөгүнө кек сактабаган ак пейил жан экендигин да жакшы билебиз.
Темике кыргыз элин өрөөндөргө бөлбөгөн, жердешчиликти, уруучулукту жек көргөн
эл-журттун накта айкөл уулу эле. Темике кыргыз элинин биримдигин көздүн
карегиндей сактап, улуттар арасындагы ынтымакты кыйшаюусуз жактаган асыл
сапатын да билебиз.
Темиркул Үмөталиевдин акындык талантына зор маани берип, анын Ата Журт
алдында сиңирген эмгегин жогору баалап, ага сонун монумент эстелик тургузуп, Ош
шаарындагы университетти анын ысмына ыйгарып отурганы үчүн биз Кыргыз
Республикасынын тунгуч Президенти Аскар Акаевич Акаевге зор ыраазычылыгыбызды
билдиребиз.
Темикенин арбагы эли - жерине ыраазы болсун. Улуу акын, касиеттүү карыябыз эли
жеринин эси - көөнүнөн эч качан кетпей, тарых барагынан өчпөй, кылымдан кылым
карытарына ишенебиз.
Турдакун Усубалиев
ТЕМИКЕМ - УПУТТУК ТАБЫЛГА
Мен Темикемдин 80 жылдык акыркы мааракесинин төрагасы болуп, ошол
юбилейди көпчүлүк менен өткөргөнүбүз али күнчө көз алдымда. Бул чоң окуяга абдан
маани берилип, окурмандар жыкжыйма болуп, ал турсун боордош казак, өзбек
элдерибизден, Москвадагы Жазуучулар союзунан куттуктоолор келип, улуттук
поэзиянын талантын баалоонун эң жогорку урматы, таазими менен уюштурган элек.
Эми минтип мезгил деген бир жерде турбайт экен, аңгыча ал кишинин көзү өтүп, 90
жаштык мааракеси жакындап калыптыр. Албетте, ар бир кишинин дүйнөдө жашоосу
тагдырына жараша чектелери белгилүү. Антсе да, Үмөталиев сыяктуу адамдын азыркы
кезеңге туш келиши өзүнө түгөнбөгөн азап-үңүлүүлөр болор эле деп ойлойм. Совет
системасы түп тамырынан жоюлуп кетиши ал кишинин түшүнө үч уктаса кирген эмес.
Адабиятчылар, акын-жазуучулар, замандаштар Темикем тууралуу өз ой-пикирлерин
айтышар... Менин пикирим жанагыдай.
Эгерде тарыхый мезгилди эске алып карасак, Үмөталиев анык Совет доорунда
жаралган, Совет доору менен чыгармачылыгын баштаган жана ошону менен куйрук
улаш келе жатып аяктаган кыргыздын эң көрүнүктүү акыны да, Совет дооруна жандили менен берилген, коргоп, сүйүп жүргөн киши да болчу.
Азыр болсо замандар өзгөрүлдү, ой-санаа, пикирлер башкача. Совет доору менен
тагдыры байланыш дүйнө-инсандар, иштер, толуп жаткан проблемалар, ал албетте
учурдун ийгиликтери, жетишкендиктери аны менен катар диктатура басымы,
эркиндикти тумчуктурган терс мүнөз жактары маңдайыбызга тамга баскандай, анын
баары белгилүү, бирок ал да өзүнчө бир дүйнөлүк тарых эмеспи, өзүнчө бир заман,
оор тажрыйба, антсе да аны кандайдыр бир таптакыр баштан аяк тескерисинче
түшүнүү туура эмес.
Советтик замандын кубаттуу жактары баарыбызга пайдасын тийгизген. Мына ушул
доордун жакшылыгын Темикем өз чыгармачылыгында чын ыкласы менен элестүү
көрсөтө алды. Анткени, ал жөнөкөй карапайым элдин чөйрөсүнөн чыкты. Мындайча
айтканда, кедей-дыйкан өкүлү ошол чөйрөнүн анык чыгармачылык жана турмуштагы
патриоттук жоокери болду. Темикем баралына жетип, турмуш сүргөндөн тартып
өмүрүнүн аягына чейин бешенесине жазылган Совет дооруна ылайык келген киши
экен. Муну улам кайталап жатканым советтик түзүлүш акыл-эсине, кан-жанына,
дилине сиңген адамды азыркы убакытта кандайдыр четтетип салуу тарыхта
чыккынчылык кылуу менен барабар болор эле. Кантсе да Үмөталиев - улуттук табылга.
Эң негизги маселе ушул. Мисалы, кийинки учурларда пролетариат жазуучусу
Горькийди адабияттан таптакыр чийип салууга аракет кылып жаткандар да жок эмес,
бирок ал баары бир XX кылымдын орус адабиятына из салып кеткендигин танууга
болбос. Анын сыңары Темикемдин ошол мезгилге ылайык талантынын, көз
карашынын, жүрүм-турумунун, патриоттуулугунун төп келишүүсү өзүнчө бир көрүнүш.
Темикем адабияттагы партиялуулук дегенди түздөн-түз кабыл алчу. Оң мааниде
алганда ага өтө берилген, өзүнүн заманынын толкунуна кошулган адам катары
эсептейм. Ал эми улуттук мааниси - кыргыз көркөм маданиятынын, поэзиянын
түзүүчүлөрүнүн бири.
Ал эми адам катары замандашпыз, ар кандай учурларда катташып, келишип, биз
жашыраак болгондон кийин анын үйүнө көбүрөөк барар элек. 1-Май көчөсүндөгү
тамында майрамдарды бирге тосуп, саясат, коом, адабият жөнүндө аңгеме дүкөн
курар элек. Ал кезде Жазуучулар союзу маданияттын эң кубаттуу ордосу болчу.
Темикем жыйналыштарда принципиалдуу пикирлерин билдирип турган, ал өзүнүн
сөзүнөн кайра тартпаган адам эле, кээде катуураак айтып койдубу деп ойлоп кетер
элек. Ал сөздүн баркын, наркын терең билчү жана да ак көңүл болор эле. Чет элден
келген меймандарды да бирге күтүп, узатчубуз. Көп делегацияларда, фестивалдарда
бирге жүрдүк. Темикемдин жолдошу Зуура эже жаныбызда болуп, өзүнүн ачык-айрым
мүнөзү, адамгерчилиги менен айырмаланып турчу.
Өзгөчө эсте калган окуялар 1968-жылы Темикемдин бО жылдыгына байланыштуу
туулган жерине барганыбыз болду. Суусамырды аралап, Чычкан суусуна жеткенде эс
алып, отун терип, от жагып, күлкү, тамаша менен чер жазышып кадыр түн тосконбуз.
Ал киши өзүнчө эле бир жандуу энциклопедия болчу. Тарыхый окуяларды, жер-суу
аттарынын чечмеленишин, легенда уламыштарды жакшы билип, төкпөй-чачпай айтып
берчү. Ал турсун «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү да жакшы айтаарына күбө болдум.
Жайдын ысык аптабына, жолдун узактыгына карабай өзүн тыкан, шайдоот алып жүрдү.
Темикемди айыл кадырлап, урматтап, тосуп алышты, адабий кечелер,
жолугушуулар болду. Көлдүн жээгиндеги, көк шиберлүү, карагай шуулдаган боз
үйлөрдө түнөдүк. Жаңы-Жол районуна бардык, ошондо көздүн көркүн алган СарыЧелекти биринчи жолу көрүшүм. Табияттын сулуулугуна, келишимдүү кереметине
катуу толкундандым. Темикем бардыгын өзү ээрчитип жүрдү. Кырдын чокусунан карай
салсаң алды жагыбызда ажайып бир алаканга салгандай кооз аалам көрүнгөндөй.
Темикемдин поэзиясынын жаралыш булагы туулуп өскөн айылы турбайбы! «Залкар
акындар табиятка жараша төрөлөбү?» деп да кеттим.
Ошондо эсиме көңүлүмдөгү бир деталь түштү. Менин Айымкан деген чоң энем
жомокту көп билер эле, ал дайыма Аксыны көп эстер эле, көрсө төркүнү Аксы экен.
Бала кезимде чоң энем «таякелериң, таежелериң Аксыда» деп көп айтчу. Темикеме
мунун жөн-жайын айтсам, аябай таң калып, анан «сенин да Аксыга тиешең бар
турбайбы?!» деп толкунданып алганы али күнчө көз алдымда.
Темикемдин поэзиясы өз заманына жооп берген чоң поэзия. Кыргыз адабиятынын
өсүп-өнүгүшүнө залкар акын эбегейсиз салым кошту. Темикем улуу адам, улуу акын
эле!
Чыңгыз Айтматов
АТАМ ЖӨНҮНДӨ БИР ООЗ СӨЗ
Атам кыргыз элинин булбулу, улуу акыны эле. Элинин тагдырын өзүнүкүндөй
көрүп, ажыратчу эмес. Согуш башталганда кетип, согуш бүткөндө гана үйгө айткан.
Турмушта атам ак көңүл, бала кыял, жөнөкөй болгону менен бизди, балдарын бир
жактан - жанынан артык көрүп, назик мамиле жасап, экинчи жактан - катуу тартипте
тарбиялаган. Бизге жакшы билим берген. Небереси Чынар Москвадагы Чайковский
атындагы консерваториянын теория факультетин Кыргызстандан биринчи болуп
бүткөн. Чөбөрөсүнүн бирөө «Жаш таланттар» деген фестивалга катышып, виолончель
боюнча жыл сайын 1-даражадагы дипломдорго ээ болуп келе жатат.
Атам небереси Чынарды, анын балдарын - Турсунбек, Тургунбек деген
чөбөрөлөрүн ушунча жакшы көрүп, аттарын өзү коюп, аларга көп ырлар арнаган. Бир
ырынан үзүндү:
Чырагы сен үйүмдүн,
Жылдызы сен көгүмдүн,
Көркү сен көргөн күнүмдүн,
Кызылы сен өңүмдүн!
Чырагым өчпөй жанып тур,
Жылдызым көктө жанып тур.
Апам атамды баланы баккандай бакчу эле. Экөө жаш кезинде кошулуп 60 жыл чоң
ынтымакта бири бирин сыйлап өтүштү. Эч качан атам апама кайрылганда атынан
«Зуура» дебей «Зукеш» дечи эле. Бу да болсо бийик маданияттын бир белгиси экен.
Апам жогорку билимдүү адам эле (филология факультетин бүткөн). Өз убагында
журналист да болуп иштеген. Бир жагынан фотокорреспондент да болучу. Аялдар
журналын түзгөндөрдүн бири болгон.
Поэзияны жакшы түшүнгөндүктөн апам атамдын чыгармаларын биринчи окуп баа
берип жана томдорун чыгарууга даярдаган. Башкача айтканда, атамдын биринчи
сынчысы да, редактору да болгон.
Экөөнүн ою да, сөзү да бир, экөө бир кишидей эле.
Көп жазуучулар менен катышышчу. Алардын ичинде орус жазуучулары Алексей
Сурков, Ярослав Смеляков, Татьяна Стрешнева, Владимир Максимов ж.б. Булар
атамдын ырларын которушчу. Казак жазуучулар Мухтар Ауэзов, Сабит Муканов,
түркмөн жазуучусу Берды Кербабаев, тажик жазуучулары Улугзаде, Турсун-заде, өзбек
жазуучулары Шараф Рашидов, Зульфия, дагестан акыны Расул Гамзатов, балкар акыны
Кайсын Кулиев, украин, белорус, прибалт жана венгр, немец ж.б. жазуучулар менен да
катышышчу. Алардын көбү биздин үйдө болуп, ата-энем аларга барышчу.
Чыңгыз Айтматов болсо атамдын баласындай болуп, көп келип, майрамдарды
бирге өткөрчүбүз. Атактуу жазуучулар Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Кубаныч
Акаев, Муса Жангазиев, Асанбек Стамов, Жунай Мавлянов, Турар Кожомбердиев жана
көп жаш акындар бу кишини атасындай көрүп өтө сыйлашчу.
Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев окшогон чоң акын-ырчылар да атамдын
үйүнө келип турушчу. Ал эми Коргол болсо Токтогулдан атайын келип, атам менен
аябай чечилип сүйлөшүп, черин жазып кетчү.
Ушундан мурун биздин үйгө (менин бала кезим) Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев,
Ясыр Шиваза, Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов, Мукай Элебаевдер келип
ырларын окушчу. Жоомарт Бөкөнбаев болсо атамдын эң жакын жолдошу эле. Бала
кезинен жолугушуп, Жалал-Абад, Ош педтехникумдарында бирге окушкан. Ал киши
биздин үйгө көп келчү. Үйлөнүү тоюн атам башкарып берген. Атам аны «Жоке» дечү
эле. Атамды ал «Теке» дечү. Согушка жөнөтүп жатып, атамды кучактап: «Теке, биз
башка көрүшпөйбүз», - деп ыйлаганы али да көз алдымда. Айтканындай эле экөө
көрүшпөй калышты.
Баардык жагынан атам бизге үлгү болчу. А киши өзүнчө эле жандуу энциклопедия
эле. Бизге көп нерсени үйрөтүп кетти.
Атам үч нерсеге көбүрөөк көңүл коюп, ошону бизден талап кылчу. Биринчи
эмгекчил болгула, эмгек талаада калбайт дечү (өзү болсо укмуштай эмгекчил эле. Таң
атпай туруп иштечү. 11-июнда, өмүрүнүн акыркы күнүндө да ырлар жазыптыр). Экинчи
адамгерчиликтүү болгула, кечиримдүү болгула. Адамга колуңардан келгиче жакшылык
кылгыла дечү (өзү ар бир адамга жакшылык каалап, анын ийгиликтерине баладай
кубанчу). Үчүнчү - кыргыз элин бөлбөш керек, кыргыз деген бир эле адамдай дечү.
Көрсө, бул үч нерсе атамдын бүт өмүрүнүн принциби экен.
Кыргызстандын жерлерин бирдей сүйүп, булуң-бурчтарын жакшы билип, аларга
суктанып көп поэмалар, ырлар жараткан.
Кийинки жылдары элинин биримдүүлүгүн ойлоп, көп тынчсызданган. Ушуга
байланыштуу бир ырында:
Бирдик барда күчтүүсүң,
Бийиксиң, бекем түптүүсүң! - деген.
Сөзүмдүн аягында, атабыздын эмгегин ушунча бийик баалаганы үчүн,
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевич Акаевге бүт кыргыз журтчулугуна
биз, балдары, чоң ыраазычылыгыбызды билдирип, башыбызды ийебиз.
Биз - балдары, небере-чөбөрөлөрү, ата-энебиздин бүт урпактары түбөлүккө
жүрөгүбүздө алардын назик, жарык элесин сактайбыз. Ата-энебиз баа жеткис адамдар
эле. Мындай ата-эне бул дүйнөдө аз болсо керек!
Үмөталиева Жамал Темиркул кызы
I БӨЛҮМ
ЫРЛАР
АЙКӨЛ КЫРГЫЗ
Шаңдуу десе, шаңдуу сенин тоолоруң,
Айтып турат качан эмне болгонун.
0, кыргызым, узун жомок өмүрүң,
Бассаң керек миң жылдардын жолдорун?
Терең десең, терең сенин көлдөрүң,
Ким так айтат көлдөр эмне көргөнүн?
Башкасын кой, жалгыз Ысык-Көлүңө
Ким теңесин бүткүл дүйнө чөлдөрүн?
Тунук десе, тунук сенин Нарының,
Ырдап агат, үнүн тыңша шарынын.
Караңгыны билбесин деп, аябай
Бергенин көр электрдин жарыгын!
Курорт кайда, кыргыз сенин жергеңдей,
Күңгөй тоолор күн мейманга келгендей!
Жаркылдаган пейлиң үчүн бул жерди,
Жараткан күч сени сыйлап бергендей!
Айкөл кыргыз, конушуң суу башында,
Гүл жамынып жыргайт сенин ташың да.
Аба таза, салкын жайлоо, көк шибер!
Каалаганым, бул көркүңдү жашырба!
МЕКЕН
Учу-кыйры кең мекен,
Алдейлеген энем сен.
Бүт дүйнөнү кыдырсам,
Табалбаймын сага тең.
Демиң мага жалындай,
Ташың кымбат жанымдай.
Тунук кашка сууларың,
Жүрүп турган канымдай.
Булагыңдан суу ичем,
Гүлзарыңдан гүл үзөм.
Балдан таттуу сезилет,
Бак алмаңды мен жесем.
Жаркырап тийген күнүңдү,
Багыңдагы гүлүңдү.
Гүлүң турсун бир гана
Бутактагы бүрүңдү.
Көңүлүмдө жаттаймын,
Жүрөгүмдө сактаймын.
Алтын, күмүш, каухарга
Алмашпаймын, сатпаймын.
Жатка ыраа көрбөймүн,
Көз артканга бербеймин.
Зордукчуга тарттырбай,
Жергем сени жердеймин.
МЕКЕНИМ МЕНИН
Ата-журтум, мекеним!
Сен үчүн болсун жан курман.
Жалындап сүйүү мендеги,
Жалбырттап күйүү мендеги
Сен үчүн болсо жок арман.
Бүт сезимим, көңүлүм,
Бүткүл менин өмүрүм
Бир өзүңө арналган.
Арнагам сага жанымды,
Арнагам кайрат алымды.
Сен үчүн кеткем согушка
Ыйлатып сүйгөн жарымды.
Кызыл кыргын майданда
Сен үчүн төккөм канымды.
Аябайм сенден малымды,
Аябайм колдо барымды.
Бергемин сенин эркиңе
Жүрөктө кызыл жалынды,
Кызгангандай башкадан
Иче турган ашымды,
Тоо, токой, көл, сазыңды.
Керек болсо мен анан
Калкалайм сени душмандан,
Кылычка тосуп башымды.
КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИ
Берекем кыргыз жергеси
Бейиштин 1улзар багындай,
Бак алманын, жүзүмдүн
Бышып турган чагындай.
Алыс барсаң, кайткыча
Жүрүү кыйын сагынбай.
Ушул жерде төрөлдүм,
Ушул жерде көгөрдүм.
Окуп, иштеп тынымсыз
Далайын билдим өнөрдүн.
Көп нерсеге кол жетти,
Күн нуруна бөлөндүм.
Арасында гүлдөрдүн
Ь1р жаздым, иштеп күн көрдүм.
Жыргаткан мени сыйкыры
Жан эриткен күүлөрдүн.
Эсимде турат ар дайым
Мал карап, тоодо жүргөн күн.
Унуткам эчак, унуткам
Ызгаарын кышкы түндөрдүн.
Майданында эмгектин
Муңаюуну билбедим.
Бутуна таазим кылуу аз
Бул жердин баркын билгендин
Бул жерди көрүп кетүүгө,
Тоо сууларын кечүүгө
Үн кошуп, комуз чертүүгө
Бул өмүргө бир келдим.
КЫРГЫЗДЫН ЖҮРӨГҮ
Жатты сүйүп, жанбаган,
Өздү жерип, чанбаган
Менде бар кыргыз жүрөгү,
Сүйгөндү сүйүп танбаган.
Апа-Тоодон чыкпаган,
Чыкса да кир жукпаган
Менде бар кыргыз жүрөгү
Дат басчу жерге букпаган.
УКЧУ МЕНИ, ЖЕР ЭНЕ
Баарыбыз сенин турпагың,
Баарыбыз сенин урпагың,
Баарыбызды сен өзүң
Бак дөөлөт болуп, курчадың.
Нысап кылбай биз ага,
Чөбүңдү тепсеп семирдик.
Сууңду булгап элирдик,
Кылабыз кээде кежирлик.
Кээ бирөөгө бул дагы аз,
Курсагы тойсо кутурат,
Жуткан сайын жутунат.
Бирок утпайт, утулат.
Кээ бирөөнү, жер эне,
Сен өзүңдө өстүргөн,
Чактабастан көптүргөн,
Сактабастан өлтүргөн?
Бул кандайча өнөрүң?
Алтынга да бөлөдүң,
Ал эми кээ бир балаңды
Азапка да чөгөрдүң.
Жакшы, жаман жорук көп,
Баарын сенден көрөмүн.
***
Кыргыз менен сыймыктанам, кубанам,
Кыргыз үчүн бардык тарткан убарам,
Кыргыз үчүн жан чыкканча тынбастан
Жерге батып иштейм деген убадам.
Алтын жыйбай, атак-даңкка кызыкпай,
Мен ушуну тагдырыман сурагам.
Жан эс алткан алтын сарай сыяктуу,
О, кыргызым, мага сенин улагаң!
АТА-ЖУРТ
Тегене, Төө-Жар, Сары-Челек,
Сулуулукту болбойт ченеп.
Сөз катпастан айтып турат,
Ак-Суудагы чынар терек,
Аркыттагы калың терек,
Булбулу канча? Болбойт санап...
Ак, кызыл, жашыл укмуш көп гүл,
Миң кулпунуп оттой жанат.
0, Ата журт, жүрөгүм сен,
Мен куш болсом, түнөгүм сен!
Алыс сапар жол тартканда,
Ыр арнап ойлоп жүрөөрүм сен.
Сууларыңды мөңкүп аккан,
Көлдөрүңдү толкуп жаткан.
Көргөн сайын термелемин
Сураймын: «Муну ким жараткан?»
Бейишке теңеп сазыңды,
Алтыңга теңеп ташыңды,
Барабар сага сөз таппай,
Кыйнадым канча башымды.
Комузуң болуп чертилип,
Көркүңдү күүгө келтирип,
Созсом деймин өлбөс ыр,
Сен үчүн ишке жең түрүп!
Ушул жерде, кой короонун четинде
Курсак ачка, ызгаар уруп кечинде,
Ыза-кордук катуу тийип сезимге,
Бала кезде ыйлаганым эсимде.
Ушул жерде кучагында жыргалдын
Бүгүн мына кубангандан ыйладым.
0,Тегене! 0, сүйүктүү тууган жер!
Көрүп, билген күбөсү сен кыйланын.
Ата журту шордуулардын бир кезде,
Ата журту бактылуунун бул кезде!
Урматына элге арналган эмгектин
Өзүңдө бар жетишээрлик гүлдесте!
ЫСЫК-КӨЛ ЖЕРГЕСИ
Маңдай-тескей чокулар ак калпакчан,
Ортосунда айдың көл чалкып жаткан.
Чалкыган бул толтура ырыс-кешик
Толук турар түбөлүк чарпылбастан.
Көрсөм кыргыз кеңдигин карап турган,
Калкагар чоң күзгүдөн таза, тунук.
Бара жатсам астымдан тосо чыгып,
Бакыт сулуу тургансыйт кымыз сунуп.
Көрөм кыргыз жергесин калдайган кең,
Кыялымда ааламга бир өзү тең.
Бардык кубат жергемде, элестетем.
Максат - ак куу, мен - шумкар, куусам жетем.
Кээде толкуйт түрүлүп, өркөчтөнүп,
Кээде тыптынч тургандай ыкка көнүп.
Мүнөт сайын жаратат бөтөнчөлүк,
Мүнөт сайын өзгөрүү турат өнүп...
Карай берем көл үстүн көзүмдү албай,.
Көрбөгөнсүп эч качан көлдү мындай.
Жел козгобой мелтиреп жатат кээде
Жигит ырын тыңшаган жаш сулуудай.
Кумар болбос менчелик эч бир ашык,
Жан эс алат жээгинде жүрсөм басып.
Жыргай түшүп кайыкка отурганда,
Бетти тосом толкунга черди жазып.
Кетким келбей кылчактайм эл жатарда,
Чөмүлгөнү барамын таң атарда.
Көл желпиген жагымдуу салкын аба
Кан жөткүргөн дарттууга табар арга.
Ээлеп ойду бир жолу алганыбы,
Каным менен биригип калганыбы.
Ысык-Көлдү кызганып турчу болдум
Кызгангандай жан бирге жалжалымды.
Кызганамын чын эле ач көз жоодон,
Жүрөк калкан найзага, төшүм коргон,
Өмүр жетсе түбөлүк болуп сакчы,
Күзөтүндө турмакмын ушул бойдон.
Маңдай-тескей чокулар ак калпакчан, __
Ортосунда айдың көл чалкып жаткан.
Арнайт элем күч жетсе бир чоң дастан
Мактоо ырын чогултуп бардык жактан.
АРКЫТ
Али турат эсимде
Бала кезде жүргөнүм,
Кыз сүйө элек кезимде
Ушул жерди сүйгөмүн:
Кол менен жасап койгондой
Кооз бурчу дүйнөнүн!
Жаңгак турат мен көргөн
Баягыдай көк тиреп,
Көлү турат көгөргөн
Күзгүдөн тунук мелтиреп,
Кытыгылап кыялды,
Ырдагымды келтирип.
Мөлтүрөп бышкан алчасы
Кыздар тизген шурудай.
Карайт мени канчасы
Кылыктанган сулуудай.
Суктантпаса сулуулук,
Ыр чыгабы курулай.
Алмуруту эзилет
Семиз койдун этиндей,
Ар кыл алма кезигет
Сулуулардын бетиндей:
Чачыла болуп чачылган,
Кыз тою түшкөн кезиндей.
Орнотуптур токой совхозу,
Бапестеп баккан жыгачты.
Ыктуу экен жумушчу,
Жыгачка жыгач улашты.
Бирин миңге арттырып,
Байлыкка байлык курашты.
Мурункудан Аркытым
Миң эсе сулуу көрүндү
Күлгөндөй сүйгөн жаркыным,
Күндүн нуру төгүлдү.
Шаттык ырын койчу ырдап
Көтөрүптүр көңүлдү.
Али турат эсимде
Бала кезде жүргөнүм,
Кыз сүйө элек кезимде
Аркытты мен сүйгөмүн.
Кол менен жасап койгондой
Кооз бурчу дүйнөнүн.
АРАВАН
Көрүштүм тооң менен асмандаган,
Өбүштүм күнүң менен жаркыраган,
Сүйлөштүм сууң менен шаркыраган,
Араван!
Араван!
Араван!
Көрүштүм тооң менен сагынганда
Жер менен биринчи ирет көрүшкөндөй.
Өбүштүм күнүң менен барынан да,
Кыз менен биринчи ирет өбүшкөндөй!
Сүйлөштүм сууң менен алышып үн,
Биринчи сулуу менен сырдашкандай!
Угамын түрсүлдөшүн жүрөгүңдүн,
Башынан канык болгон курдаш жандай!
Дос болдум тооң менен асмандаган,
Күнүңө ашык болдум жаркыраган,
Ырдаштым сууң менен шаркыраган,
Араван!
Араван!
Араван!
Дос болдум тооң менен бир башкача,
Бул тоодон менин каным жаралгандай,
Күнүңө махабатым кандай таза,
Жүрөгүм жарык нурун жамынгандай!
Ырдаштым сууң менен Керме тоону,
Лермонтов Кавказ тоосун ырдагандай.
Макташтым ак алтындуу кенен коону,
Некрасов орус жерин мактагандай!
Ырдаштым эркин эмгек кылган элди,
Эл эркин эңсеп Пушкин ыр жазгандай,
Макташтым кечке пахта тергендерди,
Теримчи кыздарыңды Турсункандай.
Бул жерде иштегенмин мен бир кезде,
Түзгөмүн көп колхозду колум менен.
Мынакей, эми карап эл ишине,
Суктанам, ыр ойлоймун... болсун терең.
Көрүштүм элиң менен пахта тапкан,
Кармадым балбан колун кетмен чапкан,
Сүйлөштүм кыздар менен жаркылдашып,
Араван!
Араван!
Араван!
КАРГЫШ
Ысык-Көлдүн эгинин,
Алмасын бышкан багында,
Турса да жакын жанында Бекитет бербей Нарынга.
Алыш-бериш зор эле
Областтар бирге чагында.
Таластык башчы Таласка
Болбосун дейт сөз каткан,
Болбосун дейт из тапкан,
Келбесин эч ким эч жактан.
Айтпасаң дейт бир да сөз
Жүрөгүмдү муздаткан.
Оштук башчы мурчуйду,
Шайлатпай тыштан барганды.
Жактырбайт телефон чалганды.
Жактырбайт кеңеш салганды.
Куулду оштук Бишкектен,
Көңүлү сууп калганбы?
Ысык-Көл, Нарын жанаша
Тең бөлгөн бир бөлкөнү
Эки башка өлкөбү?
Токтойбу өспөй өркөнү?
Кыргыздар эмес дейбизби
Талас, Ош, Бишкек, Чүй төртөөнү?
Жоголбосо бул жорук,
Оңолбосо сөзүбүз,
Ачылбаса көзүбүз
Жарылат бир күн өтүбүз.
Салат бизди азапка
Жүрөктү эзген өкүнүч...
Бир улутту бир миңге
Бөлүп-жарган оңбосун,
Бир башы эки болбосун,
Кампасы данга толбосун!
Өзүнүн тийсин башына
Ал өзү аткан коргошун!
СЕН БАР ҮЧҮН
Ата Мекен! Сага кандай баа жетсин!
Бүт ааламдын бардык алмаз, берметин.
Жыйнасак да, анын баары бир гана
Ала-Тоонун көргөзө албайт келбетин.
Сен бар үчүн эркин басып жүрүү бар,
Сен бар үчүн көңүл ачып күлүү бар.
Сен бар үчүн жүрөк согот көөдөндө,
Сен бар үчүн жаркын өмүр сүрүү бар.
Сен бар үчүн жалын чачып күйүү бар,
Сен бар үчүн жаштык сезим сүйүү бар.
Сен бар үчүн уясы бар шумкардын,
Мендейдин да баш калкалаар үйү бар.
Карааныңан кагылайын, Мекеним!
Коргоп сени кыйын жолдун неченин
Көрдүм көптү. Ошолорду ойлосом:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 02