Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 22

Total number of words is 1933
Total number of unique words is 1262
31.2 of words are in the 2000 most common words
44.5 of words are in the 5000 most common words
51.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
залкар ырлары улай берет. Өз өмүрүндө адамдык ыйык парызын аткарып, инсандык
милдетин өтөп, байсалдуу өмүр кечирген киши -Темике.
...Учу-кыйыры кең Мекен.
Алдейлеген энем сен.
Бүт дүйнөнү кыдырсам.
Таба албайм сага тең! - деп боз бала кезибизден ырдап чоңоюп, эми балдарыбыз,
неберелерибиз ырдаса, мыкты акын-жазуучулар өлбөйт турбайбы деп каниет этип,
тооп кылат экенсиң. Ала-Тоого, башка элдерге төбөсү көрүнгөн акындар Сооронбай
Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Байдылда Сарногоев, Түмөнбай Байзаков, Муса Жангазиев,
Жолдошбай Абдыкалыков жана башка акындар Темике биздин окутуучубуз,
устатыбыз, бизди жетелеп, ээрчитип өстүргөн - дешчү. Кино драматург Базаркул
Сагынбековдун «Орошон поэзия» деген документалдуу сңенарийи да акын Темиркул
Үмоталиевдин поэзиясын чагылдырып экрандаштырылбадыбы. Ошондо кинодраматург Базаркул Сагынбеков эпиграф кылып алган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун
сөзүндө:
«... Анын чыгармалары, поэзиясы кыргыз тоолорун аралып агып жаткан Нарын
дарыясын эске салат» деп баа берген экен. Бул оңой баабы?
Ооба, Темикенин бийик адамгерчилик касиети, поэзиясы Нарын дарыясындай
соолбос болуп кыргыз тоолорун аралап ага берсин, ага берсин!
Жумабек Тыныбеков
ТЕМИКЕ
Чакырчу экен: «Темир! Темир!» деп энең.
Чынында да сен темирдей бек элең
Кордук көрүп жетим кезде чор таман
Күн аз болгон өзүң токмок жебеген.
Ок да атып, сөз да атып согуштуң,
Аптапта ысып, аязда сен тоңупсуң.
Окоптордо жазган ырдан чогулган
Китебиңдин атын «Жеңиш» коюпсуң.
Таткан сымал дамын улуу Жеңиштин,
Жеңиш күнү таттуу шарап сен ичтиң.
Асылышса «Жеңишиңе» арсыздар,
Алар менен шумкар сындуу тебиштиң.
Ал эргулдар «Жеңишиңе» асылган
Алааматта ар коңулга жашынган.
Жоодон качкан ал суу жүрөк шумпайлар
Жоо жеңишкен сендей эрге таш урган.
Опол тоодой тууган элиң дем берип,
Оорукта да чыккан элең сен жеңип.
Асылгандар темирдей бек эркине
Алы жетпей кала берген сенделип.
Аруу жандуу адам элең, Темике,
Адамдардын адалы элең, Темике.
Аман жүрсөң, алоолонуп от сымал
Адам үчүн жанар элең, Темике.
Ардактаган бүткүл кыргыз элибиз
Адам элең атак-даңкың кемигис.
Сен бейишке чыкпаганда, ким чыкмак,
Ишенебиз бейиште деп сени биз.
Сооронбай Жусуев
АК БАТАҢ БЕР!
Темике, сизди бул дүйнөдөн өттү деген суук кабарды укканда тууган-урук, бир боор
эл-журтуңуз гана эмес Аксынын ар бир тооташы, өзүңүз ырга кошкон Аркыт,
Арстанбаптын дүр-дүйнөсү, дарактары да ушул чоң жоготууну сезгендей баш чайкап,
кайгы басып жерден боюн тарта албай ийилип тургандай болду. Сиз адам дүйнөсүнүн
артыкчылыгын сезе билип, анын кымбатчылыгын адилеттүүлүк менен баалаган
акылман, мээрман, даанышман атабыз элеңиз. Туугандарыңыздын түрдүү кубанычкайгыларына тең ортоктош болуп, өз кеңеш-насаатыңызды аябаган гумандуу адам
элеңиз. Мындан эки ай мурун тең курбуңуз Атаяр уулу Өмүрбек дүйнөдөн кайтканда
өзүңүз ооруканада жатып, колуңузга телеграмманы аларыңыз менен кайгыбызды
бөлүшүп, терең мазмундагы ыр жана кат жазып жибергениңиз бүткүл тегенелик
туугандарыңыздын сезимин козгоду. Сиз бул адамды эч убакта унутпай ыйык тууган,
ысык теңтуш катары өз чыгармачылык дүйнөңүздө кошо ала жүрдүңүз. Кайсы гана
китебиңиз басмадан жарык көрбөсүн, алгачкы нускасын биринчи иретте Өмүкөмө
жибергенсиз.
Темике, сиз өз өмүрүңүздөн бизге ак пейилдүүлүктүн, адилеттүүлүктүн,
боорукердиктин жана эмгекчилдиктин асыл үлгүлөрүн калтырып кеттиңиз. Сиздин
ушул баа жеткис касиеттериңиз кыргыз уул-кыздарынын жан дүйнөсүнөн мурас катары
орун таап, жумурай журтубуздун ырысына туулган, эл кызматын өтөгөн өзүңүздөй
сүйүктүү адамдардан болушуна Ак батаңызды бере жатыңыз!
Бурул Султан кызы
АК БАТАСЫН АЛГАН ЭЛЕМ
Токтой тур ажал шаштырба
Дагы бир аз жашайын.
Ырымды дагы жазайын,
Ырдын даамын татайын.
Гүл жыттанган Бишкекти
Аралап көңүл ачайын.
Чөбөрөмдү жетелеп
Дагы бир аз басайын.
Жогорку ыр саптары акын Темиркул Үмөталиевдин калемине таандык. Акын үзүндү
келтирген «Шаштырба» деген ырын 1991-жылдын 17-мартында жазган экен. Акын
жүрөгүнүн ушунчалык сезгичтигине таң каласың, таң бересиң. Антпегенде арадан үч ай
толук өтпөй, Ала-Тоодон Венгрия, Австрия жергесине чейин жөө жеткен майдангер
акындын сексен үч жыл тыным билбей соккон жүрөгү тып токтоп, жарык дүйнөдөн
мүрт кеткенине жыл айланды.
Чыгармачыл ар бир жандын ары сыймыктанган, ары бел туткан, ары жан дилинен
кадырлаган адамы болот. Менин андай адамым Темиркул Үмөталиев эле. Азыр кагаз
каатчылыгынан басмадан китептер басылбаса, тээ дымыган сексенинчи жылдары
таанышсыз, сүрөө-колдоосуз китептердин кол жазмалары «саргарып» сандыкта жатчу.
Мен да «Мекен мээри» деген ыр жыйнагымдын жарыкка чыгышын беш жыл күттүм.
Эгер «Кыргызстан» басмасынын редактору Т. Ташмаматов кол жазмамды Темиркул
Үмөталиевге окутуп, пикирин билбегенде, китеп жарыкка чыкпай калышы да ыктымал
эле. А. Темикем болсо пикирин айтмак тургай «Ак жол сага, жаш акын!» деп бет ачар
жазып ак батасын берген. Акын атанын жаркын элесин эскерип төмөнкү ыр саптарын
жаздым.
Аксы элинин кулуну эле
Акын калктын дулдулу эле,
Сексен үч жаш өмүр сүрүп,
Сегиз жашар бала сымал,
Сегиз жашар бала кыял,
Дили таза, нээти ак,
Жандан башка бир жаралган
Айкөл, асыл кайран абам!
Жыл айланды, көз жумганга
Жүрөк сыздайт, муунум бошоп
Орду толбос жоготууга таппай арга.
Ыр сапарга аттанарда
Ак батасын алган элем.
Акын-Адам мүрт кеткенде
Жаным ачып бил) кейигем.
ТЕМИКЕМДЕЙ телегейи тегиз тең
Эрте-кечтир чыгаар бекен жеримен?
Жети кылым өтсө дагы,
Жанар тоолор өчсө дагы,
Жанбай такыр жаштык демдер
Алыстабай ыр жандуу кыргыз элден
Темикемдин түбөлүккө жашарына ишенем!
Тынчтыкбек Нурманбетов
ЭСТЕЛИКТЕР ЖӨНҮНДӨ ЧЫНДЫК ЖАНА ТАМАША
Токтогул акын карыган,
Ал-күч кетип каруудан,
Орун алып олтурат,
Операнын жанынан.
Алпурушуп бир азга,
Ою менен орчундуу,
Андан алыс узабай
Аалыкем да олтурду.
Сакемди кантип айтпайлы
Филармониянын алдында,
Малдаш уруп отуруп
Манас айтып жатпайбы.
Мураталы Күрөңкөй,
Тоголок Молдо үлдүрөп,
Москва көчө боюнда,
Олтурушат үргүлөп.
Залкарлары кыргыздын,
Шаардын ар кай жеринде,
Буттары талып кеткенсип
Олтурушат баары эле.
Анткени, алар майданда
Ылай басып, кар басып,
Душман менен бетме-бет
Көргөн эмес кармашып.
Ошолордун ичинен,
Өзүн жакшы сезип эң,
Жоокерлигин билгизип,
Туруп турат, Темикем!
Ташмат Арыков
ЛИРИКАНЫН ЧОҢ ЧЕБЕРИ ЭЛЕ
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын
лауреаты Темиркул Үмөталиев 60 жыл кыргыз адабиятына, демек, кыргыз элине
кызмат кылып, 83 жаш курагында дүйнөдөн кайтып, артына бай адабий мурас
калтырып кетти.
Мен бул макаламда залкар акындын лирикасын, мындайча айтканда, лирикалык
чыгармалары жөнүндө сөз кылмакмын. Лирика деп биз автордун турмушка, өмүргө,
дүйнөгө өз сезими, өз көз карашы аркылуу субъективдүү түрдө чагылткан көркөм
адабияттын бир түрүн айтсак, мындай мүнөздөгү чыгармаларга акын Темиркул
Үмөталиев өтө бай. Акын өз жолун баштаган мезгилдеги советтик система,
тоталитардык заман анын чыгармачылыгына тиешелүү таасир, белгилүү из калтырган.
Согуштан мурдагы, отузунчу жылдардын акыр жагындагы катаал учур, идеология
күрөшү күчөп турган убак Темиркул Үмөталиевге гана эмес, ошол кездеги анын
калемдештеринин баарына эркин ойлоп, каалагандай чыгармаларды жазышына
жолтоо болгон. Бул үчүн акындарды айыптоого болбойт. Ал эми Т.Үмөталиевдин
ырларынын көбү ушундай саясатташтырылган ырлар деп айтуудан алыспыз. Акындын
ырларынын көпчүлүгү адамзатка, адамдарга арналган көп мезгилдердин кырларынан
ашып өтүп, узак өмүр сүрө турган ырлар экендиги даана көрүнүп турат!
Фашисттик Германия тарабынан коркунуч туулганын туйган акын жоокерчиликке
алдын-ала даярданып, Ош шаарындагы офицерлердин саясий кызматкерлеринин
курсун бүтүп келет да, Мекен менен элине «Качан тиет керегим?» деп ыр жазып
жүргөн кезде согуш башталып, акын кан майданга аттанат да душман менен беттешип,
ок да атып, ыр да жазып эр жүрөк жоокердик милдет аткарат.» Темиркул
Үмөталиевдин аскердик же майдан лирикасы жөнүндө сөз кылганда ал акын катары
майданда таанылгыстай өскөндүгүн айтуу абзел. Жер кепеде бир жатып, согуштун
азабын бирге тартышкан, эрдик көрсөткөн жоокерлердин майдандагы турмушу, ойсанаасы жөнүндө чындыкты чагылдырган, атылган куралдардын дарысы, аккан
кандын жыты жыттанган жоокер ырларды жазып, акындык чебердиги күн сайын
өркүндөп, чыгармачылыктын жогорку тепкичтерине көтөрүлдү. Жоокер акын кан
майданда өз көзү менен көрүп, жүрөгү менен туйган, сезген окуялардын
маанилүүлөрүн көңүл призмасынан өткөрүп жараткан майдан лирикасы аркылуу
кыргыз адабиятына баа жеткис салым кошту. Акындын майдан лирикасы анын
чыгармачылыгындагы эң маанилүү этап болуп калды, кан майдандан ал эр жүрөк
жоокер жана элибизге кеңири таанымал, атактуу, сүйкүмдүү акын болуп кайра келди.
Темиркул Үмөталиевдин майдандык лирикасы хрестоматиялык чыгармага айланып,
кыргыз адабиятынын тарыхынын алтын барактарынан орун алып, жарым кылымдан
ашуун убакыттан бери элибизге кызмат кылып келе жатат.
Темиркул Үмөталиев адеп колуна калем кармагандан тартып, чыгармачылык
өмүрүнүн аягына чейин поэзиянын негизги түрлөрүнөн болгон лирика менен эпиканын
кош тизгинин кармап келди. Анын көптөгөн дастандарында лирикалык баяндар,
лиро-эпикалык белгилер, элементтер бар экендигин көрөбүз. Акын кан майдандан эл
алдындагы зор милдетин аткарып, жоо жеңгендердин катарында маңдайы жарык,
кубанычы койнуна батпай Ала-Тоого кайтып келгенден кийин эргиген жүрөгүнөн
чыккан ырларды жаратат.
Ырым сага кур сулуулук бербестен
Азайбаган, түк эч качан бүтпөгөн,
Азабына көп жан чыдап түтпөгөн,
Эл кызматын, эр милдетин жүктөгөм, дейт. Бул ой өзү жөнүндө, өзүнө жүктөлгөн милдет жөнүндө айтылып жатпайбы. Согуш
өртүн өчүрүшкөн акын дагы бир ырында мындай дейт.
Көргүм келет мен сенин
Ак нурга бөлөп эсимди,
Ай болуп чыккан кезиңди Бирин-бири аяган,
Ынтымакты, достукту
Баарынан өйдө санаган
Адамзатты сезимдүү!
Адамзат тынчтыкта гана жыргап таап, учугу узарып, өзү жазган Аравандагы укмуш
чынардай тамырын жерге терең жаярын согуштан кийинки жазган ырларында улам
кайталап айтат, бейпилдикти, бейкуттукту даңазалайт. «Согуш курсун, согушту мен
билемин» деп, акын адамдарды жемиштүү эмгекке, бейпил турмуштун, ыракатын
көрүүгө үндөйт.
Чекте турдум согуштун жолун тороп,
Неберелер тынчтыкта төрөлсүн деп.
Укум-тукум бактынын даамын татып,
Күндүн алтын нуруна бөлөнсүн деп.
Маңдайымдан сымап тер тамчылады,
Азабы көп жол бастым, жан чыдады, дейт өзүнүн акындык жана жарандык парызын кандай аткарганы жөнүндө.
Өмүр бою ак кызматын аткарып жүргөн Ата мекенге акын жүрөк сезиминин
сызылып чыккан асыл оюн минтип арнаган:
О, Ата журт, жүрөгүм сен,
Мен куш болсом, түнөгүм сен.
Алыс сапар жол тартканда
Ыр арнап, ойлоп жүрөрүм сен.
Бейишке теңеп сазыңды,
Алтынга теңеп ташыңды,
Барабар сага сөз таппай,
Кыйнадым канча башымды.
Акындын жарандык лирикасынан бир мисал келтирели. Бул төрт сапта ал
философиялык мындай терең ой айтат:
Токтолуу кыйын, шоктонуу оңой,
Акталуу кыйын, соттолуу оңой.
Эл менен жүрүп, эл менен иштеп,
Бар болуу кыйын, жок болуу оңой.
Аялдар темасы акындын лирикалык чыгармаларындагы маанилүү темалардын
бири. Ал өзүн терең, ак сүтүн эмизген энесине бул сөздөрдү арнайт:
Апа! Апа! Жаным апа, сен өзүң
Акыр түбү мен деп жүрүп өлөсүң.
Эмгегиңдин он миңден бир үлүшүн
Эси жогуң кайдан сага төлөсүн.
Акын аялзатына лириканын көптөгөн мөлтүр тунук саптарын тартуу кылып,
дүйнөдөгү өтө кымбат, өтө ыйык нерселерге салыштырып, өмүрүнүн аягына чейин
даңазалады:
Ыйыксың ак шумкардын түнөгүндөй,
Назиксиң акындардын жүрөгүндөй.
Сулуусуң жыпар жыттуу бак гүлүндөй,
Көркөмсүң уздун соккон килеминдей.
Жайлуусуң айдың көлдүн кемесиндей,
Аппаксың таңкы чолпон денесиндей,
Тунуксуң бүт дүйнөнүн күзгүсүндөй,
Улуксуң баатырлардын энесиндей.
Чоң акын, чебер акын жүрөк ышкысынан жаралган ашыклык лирикасынын сонун
үлгүлөрүн калтырып кетти. Акындын берген баасына караганда:
Сүйүү - бул бир жүрөгүңө жагылган,
Оттой күйүп, учуп өткөн чагылган.
Өмүрүнүн аягына чейин ашыклык лирикасын ийгиликтүү улантып келгендигин
акындын төмөнкү ыр саптары далилдеп турат:
Көп ичпегем, мас бөлгөмун жаштыктан,
Көйрөңдүктөн, акыл-эсим аздыктан.
Али күнгө алалбаймын оюмду
Кыздын чачы уйпаланган жаздыктан...
Акындын табият көркүнө арналган лирикалык ырларында Ала- Тоо жергесинин
көрүнүштөрү ар бир кыргыздын жүрөгүнө кымбат экендигин баяндайт.
Ысык-Көлдүн боюнда
Карадым таңдын атышын,
Карадым күндүн батышын,
Көгөрүп көлдүн жатышын.
Деген менен «ыр улук»,
Сөз жетпейт толук айтууга Тнри укмуш кандай сулуулук!
Темиркул Үмөталиев акындын парызы жөнүндө бир топ жакшы лирикалык
ырларды жазган. Ал поэзия менен өзүнүн тагдыры бирге экендиги жөнүндө төмөнкү
ойду айтат:
Мен досмун поэзия, сени менен,
Эч качан ажырагыс досмун сага.
Күчүмдү күрөштөрдө жеңилбеген
Үнүмдү, жүрөгүмдү коштум сага!
«Калат» деген ырында поэзиянын кудуретин, касиетин жогору баалап, анын узун
өмүр сүрүшүнө ишенгендигин билдирет:
Бул жүргөндүн баары кетет,
Баатыр кетет опол тоодой көрүнгөн,
Акын кетет оозунан ыр төгүлгөн,
Сулуу кетет күн жылмайган өңүнөн
Калат кетпей көз жетпеген жылдарга
Акын жазып, эл жактырган ыр гана.
Акын бул ырында айткандай, анын укмуш талантынан жаралган адам сезимин
күүгө келтирген мыкты ырлар «көз жетпеген жылдарга» калары чын.
Ал акындык жолун адеп баштаган мезгилде:
Үмүтүм чоң күндөй жаркып күлөрмүн,
Күндөй сулуу гүл жамынып түнөрмүн.
Учкул куштай канат кагып айланып,
Ыр тоолордун бийигинде жүрөрмүн. деп, өзүнүн келечеги жөнүндөгү оюн айткан эле. Чынында да акын ал ыйык тилегине
жетип, өзүнүн өчпөс, жаркыраган таланты аркылуу кыргыз адабиятынын туу чокусуна
чыкты. Темиркул Үмөталиев акындык тагдырына, ырга айланган өмүрүнө канааттанып:
«Ким бактылуу мен бактылуу болбосом!», «Мен бактылуу акынмын!» деп
сыймыктанып, өзүн акын кылып өстүргөн элине төмөнкү ыр саптары менен кайрылган:
Кыймылдаарга алым барда,
Көкүрөгүмдө жаным барда,
Баштагыдан аз болсо да,
Жүрөгүмдө жалын барда,
Кыйкыргым келет жер жаңырта:
«Ыраазымын баарыңарга!»
Өз элин, өз жерин өмүр бою жалындуу жүрөгүнөн жаралган айжаркын поэзиясы
аркылуу даңазалаган адамдык акындык вазифасын ак аткарган өзүнүн сыймыктуу
уулуна, улуу акынына кыргыз эли да дайыма ыраазы.
Сооронбай Жусуев
ТЕМИРКУЛГА
Ал каякта?
Турбайт беле кечээ эле,
Шашкалактап, дарбазасы түбүндө,
Эки көзү болгон менен көчөдө,
Ой дүбүрттөп, ыр жамгыры түрүндө.
Ал каякта?
Жолукканбыз кечээ эле,
Ичтен жаттап ырын жаңы жараткан.
Жалгыз өзү борбордук чоң көчөдө,
Жемин алган бүркүт окшоп бараткан.
Ал каякта?
Караан үзүп кечээ эле,
Кеткен болчу күндүн алыс нуруна.
Бирок кайтып, жаны сүйгөн көчөгө,
Бүгүн мына, конду өзүнүн тууруна.
Сүйүнбай Эралиев

You have read 1 text from Kyrgyz literature.