Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 19

Total number of words is 3975
Total number of unique words is 2377
25.5 of words are in the 2000 most common words
37.4 of words are in the 5000 most common words
44.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
алгачта көкүрөктө жаралып, көңүлдө түптөлгөн ырлар көп узабай эле калың журтка
таанылды, калк кадырына ээ болду, а эң негизгиси акындын андан кийинки далай
жылга созулган өтө жемиштүү чыгармачылык сапарындагы образдык «Ядрону» түздү.
Ошол Ядродо, «Уюлда» акындын өзү сүйгөн элинин кубаттуу поэтикалык
потенциалынын салмактуу бир үлүшү катылып турганы маалым болду. Алгачкы эле
жарык көргөн жыйнактары менен Темике миң сандаган китеп окуучуларын тапты,
сынчылардын сын баасына арзыды, чынында да ошондон баштап, ардактуу
акыныбыздын чыгармачылык бейнеси көз алдыга уламдан-улам таасын
тартыла берди, анын поэтикалык «ааламы» тынымсыз кеңейүү ритмине, жолуна түштү,
ырчылык шыгы болсо учугун узарта берди.
Буга кандай турмуштук факторлор, чыгармачылык себептер түрткү болду? Өбөлгө
түздү? Мурда мындай суроолорго кыйналып-кысталбай жооп берер элек. А бүгүн
болсо «мурда», «азыр» деп, айдай ачык фактыларга жик салуу, чек коюу менен
мамиле жасоого аргасызбыз. Шарт ошондой, кырдаал ошондой.
Бирок андай шарттан, андай кырдаалдан жогору турган фактылар бар, аларды
эстен чыгаруу акыйкат ишине сыйбай турган нерсе.
Ошентип, кандай чыгармачылык, кандай турмуштук факторлор Темикенин адабият
Олимпине эргип чыгуусуна дем берди? Бул жөн гана риторикалык суроо салуу эмес.
Бул - өткөн менен азыркынын байланышын аныктоочу, баа берүүчү критерийлердин
бири. Мисалы, кечээ эле өз башыбыздан кечирген, драматизмге, айыгышкан
жаатташууга сугарылган соңиалдык-саясий окуялардын бүгүнкү, же эртеңки
турмушубузга көрсөтө турган таасири жөнүндөгү маселени алалы. Аны биз
философиянын тилинде диалектикалык көрүнүш, оң-терс жагы тутумдаш жолуккан
чындык кубулушу деп коебуз. Мына ошондой күн тийген жана көлөкө түшкөн жагы,
агы жана карасы диалектикалык бирдикте кездешкен чындык - советтик чындык
болгонун ким билбейт. Ал эми Темикем адабият аренасына чыккан учурда көз алдыда
көбүнчө бир гана нерсе - жаңы, совет бийлигинин, совет курулушунун деми, жаңы,
алоолонуп күйгөн жалыны туюлуп, көрүнүп турган. Мунун баары акын үчүн
шыктануунун булагы болуп кызмат кылды. Азыр муну биз айткыбыз келеби-келбейби,
бирок башкача болушу мүмкүн эмес эле.
Буга окшогон тарыхый кырдаалды, төгүнсүз фактыларды эстен чыгарып, өткөнгө
жалаң нигилисттик позициядан мамиле жасасак, анда историзм принцибинен илимий
жол-жободон тайган болор элек. Муну менен 70 жыл ичинде калк кадырмандары
болуп өсүп чыгышкан акын-жазуучуларыбыз биз кайсыл турмушту, кайсы заманды
ырдап жүрүп, орошон сөз устаттарынан, калк кастарлаган маданият ишмерлеринен
болуп, тарбияланып чыгышты деген суроого жооп таба алмак эмеспиз.
Же болбосо шаарыбыздын жакшынакай жерлерине эстеликтери коюлган Алыкул
Осмонов, Аалы Токомбаев сыяктуу акындарыбыз өздөрүнүн эң мыкты деп эсептелген
ыр, поэмаларын Совет бийлигинин агарткыч, көгөрткүч кубатын, каада-салтын
даңазалоо аркылуу гана өз максаттарына жетишпеди беле? Темиркул Үмөталиев да
дайыма ошол устаттардын алдыңкы катарында, жаркыраган топ жылдыздардын
арасында жүрдү. Албетте, өздөрү жашаган, иштеген доордун катаал жактарын,
кемчиликтерин өксүктөрүн Темике, Аалыке сыяктуу улуу инсандарыбыз өз учурунда
жетигине жеткире сындап келишти. Башкасын айтпаганда да Аалыкенин «Момиясын»
окуган киши муну жакшы түшүнөт. Бул жагынан да алар алдыга эч кимди өткөрүшкөн
эмес. Мына ошондуктан алар жараткан, алар калтырган монументалдуу фреска
кылымдардан кылымдарга көөнөрбөй сакталчу, өтчү көркөм мурас катары элдин
жүрөгүндө, тагдырында, тарыхында түбөлүк калмакчы. Анткени Темике ырдаса өзүнө
гана мүнөздүү болгон үнү бар эле, жазса өз темасы, проблемасы болду. Байдылда
айткандай, чаалыкпас, чарчабас «жоргологон калем сабы» болду. Коомдун саясий,
турмуштук ж.б. идеалдары менен Үмөталиевдин жүрөгүнүн кагышынын, көкүрөк
күүлөрүнүн ортосунан кандайдыр бир ажырым жиги эч качан аралап өткөн эмес,
аларды бөлгөн эмес.
Мына ушул жерде сөзүбүздүн мазмунуна түздөн-түз тиешеси бар маанилүү бир
фактыны эскере кетели. Советтик доорго бир жактуу мамиле жасоонун калпыстыгын
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бир нече жолу белгилеген. Кыргызстандын эл
акыны Аалы Токомбаевге эстелик ачуу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө Аскар Акаевич
акыныбыз жашаган, иштеген мезгилди маданиятыбыздын «алтын доору» деп атады
(«Эркин- Тоо», 1997-ж., № 14). Туура, бул калетсиз айтылган сөз! Албетте,
президентибиз тоталитардык доордун кандуу барактарын унутпоону дайыма эске
салып келет. Бул жөнүндө массалык репрессиялардын курмандарына багышталган таш
обелисктин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө президент мындай деди: «Этот обелиск
должен быть напоминанием нашим детям и потомкам об удушающей атмосфере
кровавых тридцатых, сороковых и начала пятидесятых годов» («Слово Кыргызстана»,
9,10 мая, 1997 г). Бул ойдун да акыйкаттыгы талашсыз. Бул айтылган сөздөрдү,
берилген бааларды Аскар Акаевдин 1994-жылы Кыргыз автономиялуу областынын
түзүлгөнүнө 70 жыл толушуна байланыштуу өткөрүлгөн салтанаттуу чогулушта жасаган
докладында айтылган жакшынакай ойлор менен толуктайлы: «Однако Советское
рошлое несет в себе не только тенн, не только страдания и кровь, но и свет культуры и
прогресса кыргызской нации... Кыргызы были спасены от геноцида, что существлялось
культурное строительство, которое при всех своих издержках, не может не вызывать
восхищения» («Слово Кыргызстана», 11 октября, 1994 г.).
Мына ушундай карама-каршылуу доордо өзүнүн сүрөтчүлүк, атуулдук бийиктигин
иастатиай, чыгармачьшык принципти туу сымал дайыма көкөлөтө кармап келген
Темикенин адамдык, атуулдук, акындык сапаттарынын бир кылка децгээлде, биринбири толуктаган ыңгайда болушунун алдында кулдук уруп, суктануу менен,
ыраазычылык менен таазым кылбай кое албайсың. Акын агабыздын ошондой асыл
касиеттери «кайра куруу» деп аталган чуулгандуу, опурталдуу заманда дагы бир ирет
жаркырап көрүндү. Ал мезгилде өткөн күнгө көө сүйкөп, «упай» топтогондордун
арасында Темикенин карааны көрүнбөдү. Жүрөгү жараланып, ичинен сызса да, анын
күрөшчүл, акыйкатчыл мүнөзү өзүнүн түпкү сапаттарынан айрылган жок... Бир жолу ал
кездеги «Советтик Кыргызстан» газетасына мага жалган жеринен күнөө коюлган
саптары бар материал чыгыптыр. Анын калпыстыгын дароо байкаган, фактыны жакшы
билген Темике токтоосуз редакцияга келип, мунуңар туура эмес, иштин жайы
бурмаланып калыптыр - деп, чуу салган экен. Албетте, Темике мага жолугуп,
редакцияда сени жалаадан коргодум, уруштум деп айткан да жок. Бул жөн гана
акыйкат үчүн кармаша көнгөн инсандын жакшынакай сапаттарынын бир көрүнүшү эле.
Окуянын жөн-жайын башка адамдардан угуп, ыраазы болгонмун. Ошондон кийин
жалган маалымды төгүнгө чыгарган менин жообум редакция тарабынан гезитке бат
эле чыгып кетти. Ал эми кайра куруу учурунда (80 жылдар) далайыбыз жаңы
бийликтегилердин куугунтугунда жүргөнбүз. Андыктан бул фактынын мааниси бир
канча терең эле.
Темиркул Үмөталиевдин турмушка сын көз менен карай билген акын болгонун
жогоруда айттык. Бул ойго бир мисал келтирели:
Өзүбүздү жазуучу деп билебиз,
Эл көзүнө көтөрүлүп жүрөбүз...
Бирок, курсун, чала сабат кишибиз
Ыр, аңгеме - баарын ката чиебиз.
Бул жерден көрүнүп тургандай, кесипке тиешелүү кемчиликтерди автор өзүнүн
кесиптештерине да ыраа көргөн эмес. Акын «биз» деп, өзү сындаган топко өзүн да
кошкону менен, акыбал чынында башка болчу. Темике кыргызча да, орусча да так,
таза сүйлөй да, жаза да билген адам эле. Албетте, биз муну менен жазуучунун
талантын, жөндөмүн тилдин грамматикалык, же синтаксистик эрежелерин туура
билгендик, колдонгондук менен ченеп-өлчөп жаткан жокпуз. Жөн гана көркөм шыгы
бар кишинин кошумча жөндөмгө, сапатка ээ болушу адабияттын пайдасына гана
кызмат кылчу нерсе экенин айтып жатканыбыз. А Темикем болсо так ошондой
турмушта сейрек кездешкен инсандардын бири эле.
Темиркул Үмөталиев жаркын чыгармачылык өмүрүндө чындыктын, саясаттын,
социалдык турмуштун миң түркүн кубулуштарын, маселелерин чыныгы акындык,
жалындуу сүрөтчүлүк кумар менен сыпаттады. Ошол акыйкат, адам эмгегине жараша
мамлекеттен, өкмөттөн сый-урмат көрдү, орден, наам, сыйлыктарга ээ болду. Ошол
алган сыйлыкка, көрсөтүлгөн урматка жараша ыр жазды, сөз сүйлөдү, макала жазды.
Бул - жеке адамдын керт башында коом кубулуштарынын табигый түрдө чагылып
көрүнүшүнүн бир мисалы.
Жалпылап айтканда Темикебиз замандын таза күзгүсү эле, гүлзар бакта сайраган
анын мукам үндүү булбулу эле.
Албетте, акындын чыгармачылыгы жалаң эле саясаттын, бийик пафостун,
социалдык теманын орбитасында айланган көркөм кубулуш экен деген түшүнүк
жаралбашы керек. Темикенин ички дүйнөсү ошондой эле адам психологиясынын миң
кырдуу өзгөрүүлөрүнө, кубулууларына, көңүл күүлөрүнүн ыргактарына, ажайып
кайрууларын абай эле, рухий, сүрөтчүлүк дүйнөсү, турпаты ошол тараптарга да
ыкташып турар эле. Темикенин ички дүйнөсү ошондой эле жүрөктөгү назик
сезимдерди козгогон, табият менен адамдын биримдигин поэтизациялаган,
жаратылыштын кооздугуна суктанууну чыгармачылык процесстин омоктуу
таянычына айландырган образдык импульстарга да бай болчу. Болмуштун,
тиричиликтин көп кырдуулугу өзүнүн образдуу чындыгын жазуучулардын көркөм
жаратмаларынан табат деген сөздүн ырастыгы Темикенин китептеринен оңой эле
байкалат.
Жалдыраба өткөн-кеткен адамга,
Кокусунан жолугасың жаманга.
Жаман киши жакшылыкты унутуп,
Жамандыктын мыгын кагат таманга.
Көрүнгөнгө урунба да, таарынба,
Кишисиң сен ийнинде баш барында.
Күн астынан өз жолуңду издегин,
Калкыбастан белгисиздик шарында.
(«Өз жолуңду издегин»)
Өзүң салган тамдан мурун кулайсың,
Өзүң сайган талдан мурун сулайсың.
Өмүр кыска бычагыңдын сабынан,
Бүгүн - адам, эртең - жерде ылайсың...
Бирок иштеп үйрөн гүлгүн чагыңан,
Элге жакса ишиң бардык жагынан
Өмүрүңө өз атыңды улайсың.
Өзүң өтсөң, атың калат эл менен,
Ишиң жашайт эл сыяктуу өлбөгөн.
(«Адам»)
... Кайгырба өмүр чиркин аздыгына,
Жаткыча караңгынын жаздыгына,
Жыргалдын жаңгагынан көп тергин да,
Таштагын укум-тукум баштыгына.
(«Кайгырба»)
Аралап чөптү, мыяны,
Басканда каптал, кыяны,
Тийбей өт көрсөң уяны,
Түк тийбейт сага зыяны.
Жатпайбы ак күп балапан
Бузбагын чымчык уясын
Жаш бөбөк окшош карасаң,
Өлүмгө кантип кыясың...
Чыйпылдайт байкуш алы жок
Кылалбайт жандын аргасын.
Байкап өт, бутуң чалбасын,
Жанчылып жатып калбасын.
(«Байкап өт»)
Өмүрдү кыстап жүрбөсүн?
Шаштырып журттан сүрбөсүн.
Ансыз да тагдыр өмүрдүн
Бычпаптыр узун күрмөсүн.
(«Сагат үнү»)
Темиркул Үмөталиевдин уламдан-улам кеңейип, кулач жайып бара жаткан
чыгармачылык ааламы жөнүндө сөз кылганыбызда биз ошол акындык дүйнөнү
түзүүчү, ага «компоненттик» кызматты аткарган айрым турмуштун, муундардын
жалгаштык ж.б. фактыларын эске салабыз. Көңүлүбүзгө, мисалы, Жамал Темиркул
кызы келет. Мен 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөндөн кийин
Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясындагы философия жана укук бөлүмүнө
аспирантурага киргемин. Жамал Үмөталиева ошол жерде илимий кызматкер болуп
иштеп жүргөн экен. Жаш жагыбыздан көп болсо эки-үч жыл гана айырмабыз болгону
менен ал мага көп нерсени үйрөттү. Айрыкча ал кездеги философтордун кичине тобуна
кирген адамдардын кимиси ким экенин, илимдеги чамасы, потенциясын түшүнүүгө
көп жардамын берди. Ошондон бери Темикенин үй-бүлөсү мен үчүн Фрунзе
шаарындагы өзгөчө сый менен мамиле кылган кадырман үй-бүлөлөрдүн биринен
болуп калды.
Ал эми атанын атак-даңкын бөксөртпөй, калемин колдон түшүрбөй кармап келе
жаткан Жамал Үмөталиева ушул санжыралуу үй-бүлөнүн сарамжалдуу мурасчысы. Өзү
илимдин бийик сересине чыккан билимдүү да, таланттуу да кыргыз кыздарынын бири.
Өз учурунда Москва менен Ленинграддын белгилүү окуу жайларынан билим алган.
Андан соң искусство таануу илимдери боюнча аспираитураны, докторантураны
бүтүргөн. Орто Азияда биринчи болуп, сүрөт искусствосунун теориясы боюнча
доктордук диссертациясын жактаган. Илимге, маданиятка кошкон салымы үчүн Жамал
Темиркуловна Кыргыз Илимдер Академиясына мүчө-корреспондент болуп шайланды.
Азыркы кезде өзүнүн билимин, акылын элибиздин турмушунда мурда жолукпаган
көркөм өнөрчүлүк тармагында калың журтка жайып, калк каадасына тете, заман
талабына жараша ишин жүргүзүп, өрчүтүп келе жатат. Акыл-эсти, өнөрдү ата-энеден
алып, аларды андан ары улаштыруунун, жалгаштыруунун жана дегеле муун
улантуучулуктун жаркын бир көрүнүшү ушунда эмеспи!
Темикенин чыгармачылык, инсандык портретине дагы бирэки штрих кошуп коелу.
Акындын дайыма куунак, жайдары сезимди жараткан поэзиясына анын өзүнүн
адамдык мүнөзү дал, туура келчү. Айталы, алыска сапар тартканда, же самолетто, же
поездде болсун, же машинада жол жүрүүгө туура келбесин, ал өзүн дайыма тыкан,
эркин, шайдоот кармачу эле. Эч качан мен чарчап турам, тигил, же бул жолугушууга
катышпай эле коеюнчу деген сыяктуу сөз айтканын уккан эмесмин. Өткөрүлгөн
кечелердин оор-жеңилине карабай Темике эртең менен баарыбыздан мурда туруп,
номерлерге кирип, ойготуп чыгар эле. Сөз сүйлөөгө, ыр окуганга келгенде мындай
ишти дайыма чоң маани берип аткарчу. Ар бир нерсени ийине чыгара, аягына чейин
жеткире жасоону өзүнүн пенделик парзы деп билчү. Ал эми адабияттагы, коомдогу,
саясаттагы маанилүү маселелер козголгон учурда Темикенин ою, сөзү, позициясы
уютулган коргошундай салмактуу чыкчу. Тигил, же бул чыгармачылык жамаат акындын
сөзүнө, оюна дайыма муктаж болду.
Деги Темикенин адамдык сапаттарынын кайсы жагын албайлы, көз алдыга эл
ичинде анча деле көп жолуга бербеген атуулдун образы тартылат.
Жыйынтыктап айтсак, чыгармачылыктын бир далай куну кеткен ушул учурда
Темиркул Үмөталиевдин өлбөс-өчпөс мурасы көркөм өнөрчүлүк, эстетикалык
жаңылануунун булагы болуп кызмат кылуусун улантууда. Мындан ары да ушундай
боло бермекчи.
Теңдик Аскаров
ЖҮРӨКТӨН - ЖҮРӨКТӨРГӨ ӨТӨТ
Ажал адаттагы тажаалдыгын дагы бир жолу көрсөтүп, ак калпак кыргыздын атактуу
акынынын алтымыш жыл бою ыр жазган каламын колунан түшүрдү. Чоң акындын
ушул аралыкта жазган ырлары менен дастандары элибиздин турмушу,
адамдарыбыздын ой-санаалары, максаттары менен дайым үндөшүп келди. Темикенин
акындык тагдыры Ала-Тоо жана кыргыз эли менен тыгыз байланышта болучу.
Элибиздин башынан өткөн маанилүү окуяларынын бардыгы дээрлик Темикенин
чыгармаларында көркөм каражаттар менен чагылдырылган. Темике чебер лирик да,
арымдуу дастанчы да эле. Анын адабий мурасы элибиздин маданий кенчине кошулган
салмактуу салым. Акындын таланты каардуу кан майданда такшалды. Ал эки курал: ок
менен да, ыр менен да кас душманга каршы күрөштү. Темике жаркын талантын,
өмүрүн бүт бойдон кыргыз адабиятына, демек, кыргыз элине ак кызмат өтөөгө
астейдил арнады.
Темике адамдардын бардыгына бирдей тегиз калыс караган, адил мамиле кылган,
аларга дайым чын ыкласы менен жакшылык каалаган, эч кимдин көңүлүн оорутпаган,
жумшак жана кең пейил, боорукер, аксанатай инсан эле. Ар бир акындын өз мүнөзү
анын чыгармаларына өтөт эмеспи. Дал ушул себептен акындын поэзиясы адамдарга
мээримдин нурларын сээп турган жайдары мүнөз, жарык маңдай поэзия эле.
Темике жакшы өмүр сүрүп, жакшы карыды. Замандаштары ага берген чыныгы
жакшы акын, чыныгы жакшы адам деген бааны, наамды өмүрүнүн аягына чейин
абийир менен бийик сактап келди. Анын Ала-Тоо жергеси, кыргыз эли үчүн дүкүлдөп
соккон жүрөгүнөн чыккан терең, маанилүү, мукам ыргактуу, көз менен көңүлгө
жагымдуу боегу бар ырлары биздин жүрөгүбүзгө, элдин жүрөгүнө эчак өтүп, бекем
орун алган. Темикемдин ошол акжаркын, асыл поэзиясы адамдардын жүрөгүндө
түбөлүк жашай бермек.
Сооронбай Жусуев
АДАБИЯТТЫН ТҮПТҮҮ ЧЫНАРЫ ЭЛЕ
Темикем кыргыз адабиятынын бай түп чынары сыяктуу болуп калган пайгамбардай
аксакалыбыз эмес беле?! Мына, өмүр деген ушул белем, бай түп чынарыбыз да жерге
кулап түшүп, баарыбызды кайгыртып олтурат. «Сынбасты уста жасабайт, өлбөстү кудай
жаратпайт», - деген эл макалына кайрадан ынанасың, бир өлүмдүн өз башыңда
жүргөнүнө таң бересиң.
Т.Үмөталиев кыргыз адабиятына зор эмгек кылган, анын жер пайын түптөшкөн,
дубалын тургузушуп, чатырын жабышкан кайратман карыяларыбыздын бири эмес
беле. Эми ал аксакалыбыздын да көзү өтүп олтурат. Адам кадыры тирүүсүндө, бирге
аралашып жүргөн учурда эч билинбейт окшойт. Адам кадыры анын
көзү өткөн соң билинип, орду жоктолот турбайбы! Мына бүгүн биз да Темикемдин
ордун жоктоп кайгырып олтурабыз. Анын адамдарга, жаштарга кылган жакшылыгын,
адамгерчилигин, ишмердигин сөз кылып жатабыз. Темикем ак көңүл, бала кыял, улуукичүүнү бирдей көргөн дилгир, көңүлүнө кир сактабаган дили таза адам эле. Качан
көрсөңүз өз башынан өткөргөн окуяларды айтып, шаша сүйлөп, каткырып жарыла
күлүп кабак-кашым дебеген пейили жакшы адам болучу. Мен ал киши менен көп жолу
бирге болдум, ошондой эле эл аралап да бирге жүргөнбүз. Бишкектенби, Оштонбу,
кайсы жерден болбосун ал кишиге жолугуп калсак, ийилип салам берип, анан ден
соолук сурап, ары-бери өткөн тааныгандар токтоло калып, Темикемди сүйлөтүп,
тегеректеп калаар элек.
60-жылдардын башталышы болчу. Ал учурда мен Кыргыз мамлекеттик
университетинде окуп жүргөн убагым. Ошол жылдары жаш акындардын фестивалы
башталып, ырларга талкуулар жүрүп, аттуу-баштуу акындар пикир айтып, семинарлар
жүрүп жаткан эле. Ошол фестивалда менин кол жазмаларым Темикемдин колуна
тийген экен. Мен анда сабактан бошоп келе албай, фестивалга катыша да албай
калгам. Эртеси балдар: «сенин ырларыңды Темикем аябай мактады, эми өзүнө барып
жолукпасаң болбойт» дешти. Бир күнү ырларымды көтөрүп алып Темикемдин үйүнө
бардым. Өз кабинетинде иштеп олтурган экен. Мени абдан жылуу кабыл алып,
алкыбалымды сурап, анан ырларымды, ишин токтотуп коюп, кайрадан окуп чыкты.
- Мына, мынабу «Кыз кайгысы» деген ырыңды мен кечээ жаштардын жыйынында
мактабадым беле? Өзүң жок белең? Эң сонун ыр. Ушундай ырларды жаз. Коп оку, кеп
жаз. Тез эле акын болуп кетесиң. Сен азыр жетилип даяр болуп калыпсың. Китебиңди
басмага тапшырдың беле? - деп сурады. Мен «жок, тапшырган жок элем» десем,
«басмага тапшырып чыгарууга аракет кыл, эгерде чыгарышпаса, мага келип айт!» деп
менин көңүлүмдү аябай көтөрүп койду.
Темикем жакшы жашады, эли-жерине кадыр-баркы сиңди. Өз сөзүн, ырын элине
арнады. Эли да Темикемди урмат кылды, ага улуу урмат-сый көрсөттү, өкмөттүк
сыйлыктарды берди. Бирок, баары бир эли үчүн, окурмандары үчүн, калемдештери
үчүн оор жоготуу болду. Бай түп чынар кулап олтурат. Эми анын орду эч убакта
толбойт.
Өмүр деген ушундай бир нерсеби,
Өтүп кете берет тура билинбей!
Кирип келип бүгүнкүнүн эртеңи,
Жылып агып турат суунун бириндей!
Жетимдикти өз башыңыздан кечирип,
Кыйындыкты жаш кезиңде тарттыңыз.
Турган чакта үмүт шамын өчүрүп,
Бир жарк этип ачылган зор бактыңыз.
Ырлар жазып мактап, ырдап Мекенди
Даңктап өттүң алп эмгектин адамын.
Ырга айлантып, күүгө айлантып неченди,
Дастан кылдың жоокерлердин кадамын.
Кыйратам деп, кырамын деп мактанып,
Кастык кылып душман чыкса батыштан.
Ага каршы курал алып аттанып,
Эң биринчи душманга ок атышкан.
Аткарылып ойдо максат, тилегиң
Желбиреди Жеңиштин зор байрагы,
Жоокер акын - жоокер экен жүрөгүң
Оң колуңдан калемиң эч тайбады.
Арнап бүтүп талантыңды элиңе,
Эбегейсиз зор эмгекти аткарып, Чыгып туруп өмүрдүн туу белине
Кете бердиң жоокер сымак аттанып!
Кармышак Ташбаев
НЕГЕ КӨНДҮ
Арга жок мезгил жетти, кези келди,
Ач ажал Темикемди бизден бөлдү.
Кош деймин, каңырыгым ичтен түтөп,
Кейитти кенен пейил кыргыз элди.
Кылымдын чокусуна жетсе болмок,
Аттиң ай, ичер суусу түгөнгөнбү?
Аттиң ай, татаар тузу түгөнгөнбү,
Айтчу көп эл алдында сөздү жөндүү.
Бактагы булбул менен үн алышып,
Ырдачу сулуулукту, элди, жерди.
Ак көңүл адам эле жай күнүндөй,
Ажалга барбайм дебей, неге көндү?!
Жашоонун түйшүгү көп жолун чалды,
Жалтанбай убагында жоого аттанды.
Белести, белди ашты бороон беттеп,
Бек кармап адамдагы намыс-арды.
Түбөлүк кыргыз журту эстеп жүрөр,
Темикемдин алтын сөйкө ыры калды.
Барктабас Абакиров
АСЫЛ ИНСАН
Кечээ жакында акын Темике, аксакал Темике, жоокер, намыскөй, эр Темике көз
жумуп, калайык калк, кыргыз журтчулугу аны кайткыс сапарынаузатты. Темике кыргыз
жазма адабиятын түзгөн акындарыбыздын бири. Ал топ жарып, туу баштап ар дайым
журтчулук жыйналган жерде эл башында жүргөн көйкашкаларыбыздан эле. Биз
мындан ары Темикени таба албайбыз. Акындын элеси, жаркын, жайдары, кең пейил
мүнөзү эси-көөнүбүздөн эч качан кетпейт. Темикенин канаттуу ырлары түбөлүктүү
жашай берет арабызда. Акындын даңазалуу өмүрү жөнүндө далай-далай эмгектер
жазылар. Темикенин өмүрү арабызда - адам парасатын эң бийик алып жүрүүнүн үлгүсү
катары жашайт. Анжыян, Аксы, Алай тараптагылар каракөз, биздин кулун дешет. Ал да
туура, анткени Темикенин киндик каны айтылуу Аксы жергесине тамган. Касиеттүү Көл
аймагы менен Нарын, Кең-Көл, кең таластыктар даТемике өз уулубуз дешет. Бул
да туура, анткени Темике кыргыздын бул ыйык жерлерин жанындай сүйүп, алар үчүн
өрт кечкен. Мындан тышкары, Сары Өзөн чүйлүктөр Темикени өз кулунубуз дешсе,
андан бетер жарашат. Анткени, Темике өмүрүнүн негизин Чүйдөн жашап өткөрдү.
Ушул ыйык жердин абасынан кана дем алып, суусун ичти, даамын татты. Темикенин
асыл жүрөгүн да ыйык Сары Өзөндүн топурагына жашырганы отурабыз. Ошондуктан,
карыя акыныбыз бүтүндөй кыргызга тең орток залкарлардан. Темике кыргыздын
чыныгы уулу, ал баарыбызга ата, ага, жолдош, замандаш, ар дайым калыс жүргөн
адамдык парасаты зор, акындык кудурети күчтүү, куттуу карыябыз эле.
Каниет кылалык, Темике узак жашады. Бирок ал табияттан бир келген өмүрдүн
сересине жетип, инсандык улуу касиетти төмөн түшүрбөй мазмундуу жашаганына
күбөбүз. Кала берсе Темикебиз бул үзүрлүү карылыкка зор даярдык менен келген
болчу. Ыймандуу карыган, жакшы карыган адам чатактан, чуудан четтеп пейли кеңийт,
адамдык касиети артат. Душман көргөн адамына кечирим берип, майда таарынычтан,
бирөөдөн өч алуулуктан качат. Таш менен урганды аш менен урат, атасын
өлтүргөнгө аш берет. Темикебиз кыргыздын ушундай эзелки сонун салтын жакшы
билген, аны боюна сиңирген үлгүлүү карылардан эле. Пайгамбар жаш, дөөлөттүү
карылык деген менен иши болбой, кунак жашаган, айрым бир кекчил, териси тар,
бирөөдөн өч алгыч карыя сөрөйлөргө Темикенин өмүрү үлгү болсун, ошолордун
пейлин жибитсин. Өмүрү кийинки муундарга үлгү болсун.
Өлгөн адамга эмне деген тилек каалайм? Айтарым эле: касиеттүү карыя, залкар
акын, жаткан жериң жайлуу болсун. Жаның жанаттан орун алсын, Сиздин ыйманга
бейиш буйрусун.
Кош, Темике, топурагың торко болсун!
Асанбек Стамов
КОШ, ТЕМИКЕ!
Асман канча чаңкайбагын бүгүн сен,
Азам оор... Карай албайм жылдызга.
Ажал шумпай алып кетти акынды
Аскар тоодой болуп турган кыргызга!
Өмүр дайым коштойт окшойт жашоону
Өмүр чегин узун, кыска жаратып,
Ак Куладай тулпар мөңкүп кетти-ой-й,
Аруулуктун айдыңында баратып.
Кыргыз өксүйт, кылым өксүйт карыган
Күн Чыгыштын жамалында сарсанаа-а,
Ким ишенет, көз жаш көлгө айланып Кайран, эсил, талбас буудан чарчады-а-аа?!
Алп Темиркул, арабызда жүргөн күн,
Ата мурас, айкөл мезгил аталып...
Кереметтүү кебин угуп, ыр окуп Кейиш билбей, көңүлдөр ток жашадык.
АКЫН өттү. Аза тулкту ныгырып,
Ала-Тоо да чөгө түшкөн нар сымак...
Кош, Темике, түбөлүктүү ырларың Калкың үчүн болуп калат шам чырак!
Турабай Жороев
ЭЛ АКЫНЫН УНУТПАЙТ
Өмүр менен өлүмдүн даана чек-арасы сыяктуу көрүнгөн жана жүрө-жүрө топосу
көңүлдү сууткан өлүмдүн бейит аттуу ыйык жайына узатып, биз бүгүн, Кыргыз
Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, чоң
коомдук ишмер, Улуу Ата мекендик согуштун каарман катышуучусу, 59 жылдан бери
ак дили менен өз саясий ишенимине берилген чыныгы коммунист, залкар инсан
Темиркул Үмөталиев менен коштошуп турабыз.
Биз, жазуучулар, жашыбыздан карыбызга чейин бул инсандын ысымын жибектей
сылап, терең урматтап, тек гана Темике деп койчубуз. Темике деген урмат, Темиркул
аттуу талант, Темиркул ысымын элге даңаза кылган ак эмгек, өз түшүнүгүнө бекем
туруп турмуштун ар кандай оош-кыйышында жанып кетпеген адамдык чоң абийир
дайыма жаныбызга акындын турпаты менен кошо жүрчү эле; калкагар тоодой, бирок
бала кыял, ак көңүл, жакшылык кылганга элпек, намыскөй жана ишкер чоң
адамыбыздан айрылуу менен, оболу кыргыз адабияты, жалпы эле совет адабияты чоң
жоготууга учурады.
Эгер артыбызга кылчайып Темиркул Үмөталиевдин жеке өмүр жолуна серп салып
карасак, анын жеке тагдыры жалпы эле адабиятыбыздын, маданиятыбыздын өнүгүшү
менен тутумдашып, нукташып кетет, анын өмүрүн көз алдыга келтирсек кыргыз совет
адабиятынын мөлтүр жаш кези көз алдыбызга келет. Анын башатында,
адабиятыбызды баштоочулардын алдыңкы катарында Темиркул Үмөталиев да турган.
Алар Кыргыз Республикасынын жазуучулар уюмун түзүп, анын пайдубалын
бекемдешкен, аны өөрчүтүшкөн, биздин адабиятты жалпы союздук ийгиликтерге
жеткирген даңктуу адамдарыбыздын бири – Темиркул Үмөталиев болгон. Эми минтип
кеч баштаган адамдарыбыздын катары улам суюлуп, кантели, адабиятыбыздын
ардактуу аксакалы, аны негиздөөчүлөрдүн бири, улут адабияты үчүн өмүрүн бүт арнап,
жүрөгүнүн акыркы кагышына чейин ак ниеттик менен талантын берип келген,
элдин кут токтогон чоң акынынан ажырап олтурабыз.
Ал жаңы замандын жарчысы эле! «Айсулуу», «Туратбай» сыяктуу ири эпикалык
полотнолорду жаратып, кыргыз адабиятынын поэма жанрын баштагандардын,
өнүктүргөндөрдүн бири да ушул Темикем болгон.
Темиркул Үмөталиев кылдат лирик экендигин жумурай журт билет. Анын кыска,
бирок мазмундуу лирикалык ырлары окурмандардын назик сезимин ойготуп, адамды
табиятты сүйүүгө, сулуулукту көрө билүүгө жана суктанууга чакырган.
Темиркул Үмөталиевдин калкка болгон терең сүйүүсү эл башына, Мекенге зор
алаамат келгенде жоокер болуп, кызыл өрттү аралап, колуна курал алып душман
менен салгылашканда даана билинген. Биз бүгүн тайманбай эрдик көрсөткөн жоокер
акыныбыз менен коштошуп жатабыз.
Темиркул Үмөталиевдин ысымы биздин республиканын чегинен эчак чыгып,
алыска тараган. Анын поэзиясы чет элдерге чейин маалым. Ошондой эле Темиркул
Үмөталиев боордош калктардын көптөгөн мыкты акындарынын чыгармаларын кыргыз
тилине которгон дасыккан котормочу, патриот жана интернационалист акыныбыз
менен коштошуп жатабыз. Темике жаштардын таасирдүү кеңешчиси, алар жөнүндө
чын дилинен кам көргөн адам эле. Бүгүн көп акындардын таалимчиси Темиркул
Үмөталиев менен коштошуп жатабыз.
Кош, Темике!
Өзүңүз ырга салып даңазалган, ошол ырларыңыз аркылуу ак кызмат өтөгөн АлаТоолук кыргыз элиңиз Сиздей сыймыктуу уулун, жакшы акынын жана жакшы адамын
эч качан унутмак эмес! Жаткан жайыңыз түбөлүктүү болсун, Темике!
Асан Жакшылыков
САБО ЛОРЕНЦ КЛАССИК ВЕНГЕРСКОЙ ПОЭЗИИ ПОСВЯТИЛ ПОЭТУ
ПОЭМУ И РЯД СТИХОТВОРЕНИЙ КИРГИЗСКОМУ ПОЭТУ ТЕМИРКУЛУ
УМЕТАЛИЕВУ
В дни освобождения Будапешта от немеңко-фашистских захватчиков советский
офиңерТемиркул Уметалиев спас классика венгерской поэзии Сабо Лоренца и его
библиотеку. Два поэта встретились в необычной обстановке. А коллегой Сабо Лоренц
оказался представитель Средией Азии, которую на западе изображали страной
варваров, потомков Чингизхана, ринувшихся сокрушать цивилизацию. И Сабо Лоренц
посвятил ряд произведений этой встрече с кыргызским воином-поэтом. Приводим
здесь одно из его стихотворений:
Где ты сегодня, Темиркул Уметали,
Певец Киргизии? И кто тебя послал
Ко мне тогда, когда вокруг ревел металл
И мы ни в чем спасенья видеть не могли?
Ты был в мундире, незнаком мне тогда,
Но родственным сердцам преград в их дружбе нет.
Ты первый в том аду сказал мне вновь: «Поэт» Так в тучах вдруг блеснет забытая звезда,
Сын Средней Азии, ты голосом любви
Мадьяра падавшего воскресил. И нам
В придачу к славным, всем известным именам,
Как переводчик, служили сны твои.
Ты сам не знал, что сделал, - чем же оплачу
Я доброту, столь благородную твою?
Ты мне вернул библиотеку, жизнь, семью,
А может быть и больше. «Чудо», - я шепчу.
Звучат в душе - куда навеки залегли Два звонких слова: Темиркул Уметали...
ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВГЕ
Мен шаттанам ырдап, жыргап жүргөнгө,
Мен мактанам Темиркулду билгенге:
Бир бөлмөгө кеңейтем деп үйүмдү
Бир кезекте бир таксиге мингенге.
Такси минип шашкалактап жүргөнбүз,
Таамай сүзүп шаараткомго киргенбиз.
Темикемди Баян досу урматтап,
Үч бөлмө үй берерин да билгенбиз!
Айтпачы анда кубанычты ичтеги,
Ак сарайдай үч бөлмө үй биздеги!
Ала-Тоо кубанычыңды эстей бер
Баштан өткөн бак-таалайлуу сиздеги.
Ал кезекте мен жаш элем ыргалган,
Акын ыры жүрөгүмдө ырдалган.
Акын агам Темикенин мээринен
Апакемдин ай жүзүнөн нур жанган.
Мен мактанам Темикемдин ишине,
Айтпай кылган жакшылыгын кишиге.
Так өзүндөй барпалаңдап эстеймин
Кирбесе да бир ак жолу түшүмө.
Мен шаттанам ырдап, жыргап жүргөнгө,
Мен мактанам Темикемди билгенге,
Бир бөлмөгө кеңейтем деп үйүмдү
Бир учурда бир таксиге мингенге.
Мырзабек Тойбаев
УЛУУ АКЫН
Темиркул ата-энесинен эрте жетим калып, балалык кези өтө кыйын жылдарга туш
болгон. Өзүнүн таржымалында Темиркул мындай деп жазат: «Менин балалык кезим
өтө кыйын жылдарга туш болду. Чынында кыргыз эли үчүн 1916-жылдан баштап, 1919жылга чейин өтө татаал убакыттар болгон. Ошол жылдары согуш, үркүн, каатчылык,
ачарчылык, оору-сыркоо көп болуп, менин атам да, бир тууган карындашым да, чоң
энем да каза болушту. Атам 1917-жылы дүйнөдөн кайткан. Мен ар кимдин колунда
жүрдүм. Ошол учурда менин көргөн күнүмдү эч ким көрбөсүн. Ак-Суу деген жерде
жетим балдар үйүндө тарбияландым».
1969-жылдын 25-январында Темиркул мага жана менин аялым Күлүйпага «Чын
ыкласым менен эскерме үчүн» деп жазып берген «Торгой таңшык» деген ырлар
жыйнагында башынан өткөргөн кыйын жылдарды Темиркул эске алып, «Тууган» деген
ыр жазат:
«Жашымда жетим калдым, жалчы болдум,
Саргайдым үшүк урган гүлдөй солдум.
Тил уктум, таяк жедим, түйшүк тарттым,
Кечкисин короо болду жаткан ордум.
«Туугандар» издеп мени келишкен жок,
Козүмдөн аккан жашты көрүшкөн жок.
Түшсөм да түбү терең караңгы орго,
Чыккын деп жардам колун беришкен жок».
Темиркул айтуучу эле: «Мен жети жашка чыккандан баштап Токтогул жөнүндө көп
уккамын. Чоң энем Токтогул чоң ырчы жана комузчу дечү. Ал эми Жеңижокту
көргөмүн. Ош педтехникумунда Жоомарт Бөкөнбаев экөөбүз бирге окуп жүрдүк. Мен
ошол кезде дубал гезитке ыр жаза койчумун. «Манас» эпосунан анчалык чоң эмес
үзүндү айтчумун. «Кожожаш», «Саринжи-Бөкөй», кичи эпосторду жакшы билчүмүн.
Жеңижоктун, Токтогулдун ырларын ырдап жүрчүмүн».
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 20