Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 13

Total number of words is 4093
Total number of unique words is 2147
28.5 of words are in the 2000 most common words
40.6 of words are in the 5000 most common words
47.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Анда мен көп туруп калдым. Же уруш жок же иш жок, фронтко жакын жердеги
запас полктордобуз, киши бекерчиликтен эригет. Мен ар күнү дээрлик Божике менен
карта же домино ойноп, ошол үйдө отурчу болдум. Ал мага «Тамаш» деп ат коюп
алды.
- Өзүнүн аты да мадиярча. Илгери менин жакшы мадиярка коңшум бар эле,
Божикеге ошол ат койгон. Эми менин үйүмдө, сени менен эки мадияр бар, уулум, - деп
күлдү энеси. Бир күн Божикеникине барбасам, кандайдыр бир зарыл ишим бүтпөй
калгансып турчу болду. Божикенин абалы да меникинен өйдө болбосо керек. Мен
барбай калган күнү эле «энем келип кетсин деди» деп айтып, ээрчитип кетип жүрдү.
- Тамаш! - деди ап бир жолу домино ойноп олтурганда, колун менин колумдун
үстүнө кое коюп.
- Эмне?
- Сенин көздөрүң абдан жакшы, Кремлдин жылдыздарындай балбылдап жанып
турат.
- Кремлди сен кайдан билесиң. Москвага бардың беле? -дедим.
-Жок, кинодон көргөмүн. Абдан көркөм. Сенин үйүң Москвадан алыспы?
-Алыс. Кыргызстанда.
Божике бир аз унчукпай мени тиктеп олтуруп, анан ордунан туруп, доминону алып
коюп, оозгу бөлмөнүн эшигин жаап келип, менин мойнумду кучактай олтурду.
- Уруш бүткөндөн кийин кайда барасың? Мында келесиңби же Кыргызстаныңа
кетесиңби?
- Кыргызстанга кетемин.
- Мени сүйбөйсүңбү?
Айнектей жаркырап, асмандын чолпонундай балбылдап, жайкы бактын
гүлдөрүндөй жадырап турган ашкере сулууну сүйбөгөн жигиттин жүрөгү жүрөк эмес
да.
- Эгер сени сүйбөсөм бул үйгө күнүгө келбес элем. Бирок, биринчи өзүмдүн
жеримди сүйөмүн. Макул десең, уруш бүткөндө мында келип, сени алып кетемин, дедим.
-Жок, мен Сербиядан чыгып алыс эч кайда барбаймын. Биздин жер көңүлүңө
жакпайбы. Терезеден карап көрчү, кандай көркөм жер! Гүлдөр ачылып турат, куштар
тынбай сайрашат. Жайында салкын, кышында жылуу, дүйнөдө мындан артык жер
барбы. Уруш бүтсө, сен келсең анан экөөбүз Тиссанын үстүндө кайык менен калкып
ойноп жүрөбүз. чынбы?
- Чын эмес. Сен макул болсоң Кыргызстанга бирге кетебиз. Чоң Чүйдүн каналы бар,
Ысык-Көл аттуу дүйнөдө теңдеши жок.
К. Акаев, X. Ергалиев, С.Липкин, С.Улуч-Заде, Т.Үмөталиев. Ташкент, 1954.
Т. Үмөталиев күйөө баласы Топчубек, кызы Жамал, жубайы Зуура менен, 1958.
Т.Үмөталиев, К.Маликов Кытай жазуучулары менен Кыргыз искусствонун 2декадасында. Москва, 1958.
Солдон онго: Кымбатбек Укаев, Райкан Шүкүрбеков, Молдогазы Токобаев,
Темиркул Үмөталиев, Николай Грибачев жана башкалар, 1958.
Т.Үмөталиевдин 50 жылдык юбилейи. Сүйлөп жаткан Т.Сыдыкбеков 1-катарда
А.Казакбаев, А.Усенбаев, О.Бөлөбалаев, Коргол, 1958.
Т. Үмөталиевдин 50 жылдык юбилейинде, 1958.
кооз көлүбүз бар. Экөөбүз кайык минип, кемеге түшүп анда да ойноп жүрөбүз. Ал бул
жерден да жакшы.
- Калп айтасың, Тамаш. Сен мени сынап жатасың. Уруш бүткөндөн кийин сен эч
кайда кетпейсиң. Чынбы, Тамаш, айтсаң? – деп өөп, кайра-кайра сурады. Мен да анын
башынан сылап өптүм. Бирок эч кандай келишимге кол койгонубуз жок.
Эртең фронтко жөнөтөбүз деген күнү кечинде да бардым. Менден «уруштан кийин
Сербияда каламын» деген убаданы ала албагандан кийин Божике төшөгүнө барып бүк
түштү.
Сербиянын периштеси ыйлап жатты. Анын кандай абалга учураганын, мен биринчи
көргөндө ок балтырына тийген болсо, азыр жүрөгүнө тийгенин, жараланган жүрөгүнүн
эбегейсиз катуу ооруп жатканын, аны айыктыруучу даба менде экенин ал даба,
кээ бир кишилер үчүн оңой эле айтыла кое турган, бир гана ооз сөз экенин билсем да,
унчукканым жок. Бар болгону жанына басып барып «эртең мененки саат тогузда
кетемин» деп айтып, анан кемпир менен коштошуп чыгып кеттим.
«Өзүң ушундай татынакай назик жигит болуп туруп, жүрөгүң мынча катуу», - деп
ойлодубу, капитан Орешин оңурайып лейтенантты карап койду,
- Эртеси вокзалга чейин узатып келди. Обочо алып чыгып бекем, бекем өөп, түнү
менен ыйлап чыгып шишиген көздөрүнөн жашын төгүп туруп ушул конвертти берди
да:
-Жоготпой сактап жүрүп, уруш бүткөн күнү ач, -деди.
- Эмне жазды болду экен?
- Ким билет?
- Кел ачып көрөлү, уруш эми бүтпөгөндө кайда барат эле? - дедим мен.
Османалы бир аз кыйшалактап туруп:
-Мейли, ачса ачалы, - деди.
Конвертти ачып, өтө кызык биздин элдин адатында жок иш көрдүк. Божике
кирпигинен беш алтыны жулуп, жука кагазга ороп, дагы бир жалбырак кагазга кыскача
жазган: «Тамаш! Сен кааласаң, көзүмдү чукуп, жүрөгүмдү сууруп беремин. Сенден эч
нерсе аябаймын, жалгыз гана Сербиядан кетким келбейт, сен карабай кетсең, ыйлайыйлай жүрүп, жаш менен кошо көзүм агып бүтүп, кирпиктин кылаар кызматы калбаган
кезде өлөмүн, Божикең».
Божикенин фотокарточкасын кайра баштап колдон колго өткөрүп карадык. Ким
билет, фото алдамчы болбосо эле кол менен жасалгандай сулуунун сулуусу көрүнөт.
- Бечара кыз, - дедим Османалыга карап, - чын эле сен ошону таштап кете
бересиңби?
Лейтенант:
Алып кетейин десем болбосо эмне кыламын деп бир аз ылдый
карап жер чукулап, анан бурулуп, күн чыгыш тарапта желге учуп бириндеп бара жаткан
жука сур булуттарды карады. Ушул учурда мен, анын Ысык-Көлдөй терең ойго чумуп
бара жаткан жүзүнөн: «Ар ким өз жеринде, өз үйүндө бактылуу. Мен дагы өзүбүздүн
барыга бирдей кенен, ар дайым жарык чоң ак үйдө Советтер Союзунда бактылуумун,»
-деген кичинекей философияны окудум.
9. ЖАЗУУЧУНУН БЕЙИТИНДЕ.
Кыргыз адабиятынын имаратына биринчилерден болуп кыш коюшкан, элдин оюна
ыр сыяктуу жат болушкан кишилер бизде анчалык көп эмес. Мына ошол, алтындай аз
болсо да, өтө кымбат баалуу, ардактуу ысымдардын бири акын, романчы, драматург,
котормочу жана коомдук ишмер - Мукай Элебаев болгонун кыргыз жергесинде
билбеген ким бар?
Москва, Ташкент ураанын Жакшы деп элден угамын. Ошолорду мен угуп Канткенде
чыдап турамын - деп окууну, билим алууну эңсеген кыргыз жаштарынын тилегин
обонго салган, күүгө келтирген мына ушул Мукай эмес беле. Бул ыр мындан элүү жыл
мурун кыргыз арасына таралганы белгилүү.
Кийин Мукай Ташкентке, Москвага баралбаса да, Фрунзе шаарынан окуп билим
алды. Газеталарда иштеп жүрүп ыр жана поэмалар, повесттер жана пьесалар жазды,
«Кыйын кезең», «Узак жол» повесть, романын жазды. СССР Жазуучуларынын 1съездинин делегаты да болду. Каламы такшалып, аты чыгып калган убагында каргыш
тийген согуш башталып, элдин уулу эр жигит катарында эл четине, жоо бетине жөнөдү,
советтик элдердин, ошонун ичинде кыргыз элинин эркиндигин, социалисттик Ата
Мекендин көз каранды эместигин, биздин балдарыбыздын бак-таалайын коргоп калуу
үчүн кетти. Калем кармаган колуна сүрдүү курал алып, бүткүл адамзаттын каардуу
душманы болгон Гитлердин баш кесерлерине каршы күрөшүү үчүн кетти.
Ошол бойдон ал артына кайрылган эмес. Ошол бойдон ал калкагар кыргыз тоолорун,
көгүлтүр Ысык-Көлүн, Фрунзе шаарын, ойлонуп басып, ал өзү ыр жазган гүл жыттуу
Дзержин бульварын, сүйгөн элин, сүйүп алган жарын, жалгыз перзенти Айгүлүн
кайра көргөн эмес. «Катардагы жоокер Мукай Элебаев 1944- жылы 15-майда Псков
шаары үчүн болгон согушта баатырларча курман болду», - деген кыскача билдирүүдөн,
кыргызча айтканда кара кагаздан башка толук кабар болгон эмес. Жесир аял,
чыпалактай жетим кыз эмне кылышмак? Ыйлашты, сөөктөрү зыркырап боздошту.
«Чын эле өлдүбү? чын эле эми кайра көрбөйбүзбү?, жаңылыш болуп жүрбөсүн?» дешти. Барып, мүрзөсүн кучактап ыйлашкылары келишти, бейитинин үстүнө гүл коюп
келүүнү да ойлошту. Бирок, кайда барышат? Кайдан издешет? Псков шаарынын кайсы
тарабынан карашат? Же жакын жер болсочу. Фрунзе кайда да, Псков кайда?
Жыл артынан жыл өттү. Окоптор, траншеялар, бомба казган чуңкурлар,
блиндаждар тегизделип, чөп чыгып, кыртышка айланышты. Жеңиш күнү майрам
болуп, жеңиш туулары көчөлөрдө желбиреп, жеңиш ырлары жүрөктөрдү
элжиретишти. Согуш жылдарында көргөн азаптын тагы кетип, көңүлдөгү кайгы
акырындап унутулду. Бурулча жеңе көптүн катарында эл башына келген кайгыны да,
кубанычты да бөлүштү: «Бир эле мен бекенмин», - деди. Айгүл бой жетип, үйлүүжайлуу, бала-бакыралуу болду. Көргөн эл: «Мукайдын кызы, Мукайдын неберелери»,
- деди. Тукум үзүлбөйт турбайбы.
Алтынды дат баспаган сыяктуу, эл кызматы сиңген атагы чыгып, аты эл оозунда
жүргөн азаматтын изи дайынсыз жоголбойт турбайбы. Ал жөнүндө баары
сурамжылап, изилдеп билүүгө аракет кылышат турбайбы. Анын аты алда кайда угулуп,
анын элеси алда кайдан көрүнүп турат экен.
Экскурсияга жана илимий командировкага баргандар кокустан көрүп калышып
Мукайдын сөөгү көмүлгөн жер, анын үстүнө жергиликтүү эл тарабынан коюлган белги
Кыргызстанга, маркумдун үй-бүлөсүнө акыры жүрүп белгилүү болду.
1973-жылы август айынын акырында биздин урматтуу Бурулча жеңебиз кызы
Айгүлдү, күйөө баласы Эмил Дүйшөналиевди, неберелери Элмираны, Таалайбекти
жана Сулайманды ээрчитип, орустун байыркы шаары Псковго барып, 29 жыл мурун
курман болгон өмүр шеригинин бейитине гүл коюп кайтты. Көрүп эле кайра тартышкан
жок. Псков шаарында мейманканага токтошуп, ар күнү эртең менен бейитке барып,
кечке ошондо болушту, үч-төрт күн кете алышпай жүрүштү. Ал жерден жол баштоочу
да, тарыхын айтып берүүчү да, окуянын кайда болгону жөнүндөгү документтерди
сактаган мекеме да табылды. Мукай Элебаевдин сөөгү коюлган көрүстөн чоң жолдун
боюнда, алда кайдан шаңкайган көрүнөө жерде. Ал жер «Лонев тоосу» деп аталганы
менен, тоо эмес эле дөңсөө. Мурун ал жерде «Лонева гора» деген кыштак болгон,
азыр бир да там жок - согушта немецтик фашисттер аны тып-тыйпыл кылып өрттөп
жоготушкан. Азыр андан бир аз арыраакта Москвино деген чоң кыштак пайда болду.
Согушта курман болушкан баатырлардын сөөктөрү коюлган жерде чоң белги (обелиск)
турат, анын бетине «Ата Мекендик согуш» ордени, анын астына: «1941-1944-жылдарда
биздин ата журттун эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн күрөштө курман
болушкан баатырларга түбөлүк даңк!» - деп ташка чегилип жазылган. Ошол белгинин
жанындагы атайын жасалган саркофагдын ичинде гүл өсүп турат. Анын четине: «Бул
жерде согушта курман болушкан 581 жоокер жатат» деген жазуу бар. Бирок, ал жерге
коюлгандардын тизмеси 581 эмес, 702 кишиден турат жана Мукайдын аты ал тизмеде
689чу болуп жүрөт.
Буга түшүнүктү Москвино сельсоветинин председатели Евдокия Михайловна
Иванова берди. 1944-жылдын жаз айларында 3-балтикалык фронттун аскерлери дал
ушул Катаал-Саз ойдуңунда немецтик фашисттерди талкалап, ушул жердеги көп эл
орношкон жайларды, алардын ичинде ушул эле Лонев тоосун, Пушкиндин атабабасынын коругу болгон Михайловскийди, Пушкин тоолору деп аталган дөңсөөлөрдү
бошотушкан. Кыргыз акыны Мукай Элебаев мына ошол кармаштардын көбүнө
катышкан, улуу орус акыны жүргөн жерлерди душмандан куткаргандардын арасында
болгону үчүн өзүн бактылуу да санаган.
Ал эми май айында согуш Псков шаарын душмандан бошотуу үчүн жүрө баштаган.
Лонев тоосунун жанындагы токойдо согуштук госпиталь турган. Жарадар болгондорду
Псковдон мына ушул госпиталга жеткиришкен. Албетте, бардыгын эмес, - дейт
Евдокия Михайловна, өтө оор жаралангандарын гана. Жеңил жарадар болгондор
дивизиялардын сан баттарында дарыланышкан. Госпиталга жеткирилген оор
жарадарлардын кээ бирлери каза болушкан. Тизмедеги 702 жоокер мына ошол
госпиталда өлүшкөндөр. Алардын көпчүлүгү мына ушул көрүстөнгө коюлушкан.
Калгандары жергиликтүү элден болушкандыктан, алардын сөөктөрүн туугандары алып
кетип турушкан. Тизмеде 702, көрүстөндө 581 болуп калганы ошол себептен.
Кыргыз жазуучусу Мукай Элебаев Псков шаарынын четинде катуу жарадар болуп,
14-май күнү госпиталга жеткирилген. Эртеси өлгөн. Ошол эле 1944-жылы 15-май күнү
ушул жерге коюлган. Көкүрөгүнө, курсагына бир нече ок бир убакта тийгени
госпиталда жазылган документтерде жүрөт. «Катардагы жоокер Мукай Элебаев 1905жылы туулган, 1944-жылы 15-май күнү катуу жарадар болуудан өлдү», - деп жазылган.
Ал чыныгы баатыр! - дейт Москвино сельсоветинин председатели Евдокия
Михайловна Иванова. - Баатыр уулу менен кыргыз эли сыймыктанса болот. Акыңар
бар, сыймыктангыла! Мына бул чүрпөлөрүңөрдү ошол таятасына окшогон патриот, эр
жүрөк кылып тарбиялагыла!
Евдокия Михайловна жергиликтүү аял, согуш жүрүп жаткан кезде ошол жерде
болуп, баарын өз көзү менен көргөн. Азыр ал башкарган сельсоветтин имараты музей
сыяктуу. Лонев тоосундагы көрүстөнгө коюлган баатырлар жөнүндө эстелик болуучу
маалыматтар, документтер, аныктамалар мына ошондо. Ортосу ачык таш күмбөздүн
(саркофагдын) ичине гүл тиктирип, ага суу куйдуруп, майрамдарда венок койдуруп, көз
болуп турган да ушул киши.
- Рахмат! - деди Евдокпя Михайловна, - азамат уулдарын жиберип, биздин
жерибизди душмандан бошотуу үчүн камкордук кылган кыргыз элине чоң рахмат!
Достук деген ушул. Бир туугандык деген ушул. Андан артык болмок беле. Биз
сүймөнчүлүк менен бул баатырларды эскеребиз, бейитине гүл өстүрөбүз. «Биз
көргөн күндү сиз да көрүпсүз, тагдырыбыз бир экен, эже-сиңдидей болуп жүрөлү», дейт Бурулча жеңени кучактап өпкөн орус аялы Евдокия Михайловна.
Биз, кыргыз жазуучулары, Мукай Элебаевдин каламдаш достору, инилери Бурулча
жеңебизге ыраазыбыз. Сурары жана издеп барары жок дедирбей Псковго чейин
барып, 30 жыл чамасы мурун казылган мүрзөгө гүл коюп, өмүрүнүн гүл чагын арнаган
курбусун эскерип келгени оңойбу. Урмат кылуу деген ушул, адамгерчилик деген ушул.
Элдин эркиндиги үчүн, балдардын бак-таалайы үчүн баатырларча күрөшкөн,
баатырларча курман болгон азаматтын жесири деген сөздүн өзү да сыймыктуу угулат,
ардактуу Бурулча жеңе.
10. ЖАҢЫ-ЖОЛ - ЫРЧЫ, КОМУЗЧУЛАРДЫН ЖЕРГЕСИ.
Чаткал тоолорунун түштүк багыты. Кара-Суу, Аблатундун жана Пача-Атанын
суулары тоолорду жарып, өздөрүнө жол таап, ары - Нарын дарыясына кошулуу үчүн
улунуп-жулунуп агып жатышат. Алардын бардыгы тең жапайы өсүшкөн алма, алмурут,
өрүк, тыт, алча, жаңгак, бадам сыяктуу мөмөлүү токойлорду аралай агышат.
Кээ бир сайпарында жүзүм да жапайы өсүп жемиш берет. Нарын дарыясынын бери
түндүк жагында, Чаткал тоолоруна жете бербей, орто жерде атайлап жасалган
Египеттик пирамидага окшоп соксойгон чоң тоо турат. Бийиктигинен башынан булут
үзүлбөйт. Ал тоонун аты - Бозбу. Мына ошол Бозбуну тегерете орношкон элдүү
кыштактар: Ак-Суу, Иренжит, Караван, Пача-Ата, Бозбиек, Жер-Капчыгай, Котур-Булак,
Баба-Ата, Аблатун, Аркыт, Жүзүмжан, Кара-Жыгач, Сыны, Малгалды, Ак-Жол, Тегене.
Мына ушунун 'баары биригип Жаңы-Жол району. Эки совхоз, 5 колхоз жана төрт
токой чарбасы бар. Мал, тамеки, жемиш бактары элинин көргөн күнү, өткөргөн
тиричилиги ошолор. Батыш жагы Ала-Бука, түндүк жагы Талас, Киров, чыгыш жагы
Токтогул, түштүк жагы Нарын дарыясы, Таш-Көмүр шаары, Ленин району,
Өзбекстандын Наманган областы менен чектешет.
Таш-Көмүр шаарынын бир аз өтө берген жерде Нарынга Кара- Суунун агып келип
кошулган жери кездешет. Мына ошол жерден Кара-Сууну бойлоп Түндүктү карай кете
берген жолоочу улам бир кооз капчыгайдан өтүп, улам бир жемиши жерге төгүлгөн
токой бакты аралай, улам бир чакан көлдү айланып өтүп отуруп Таласка жеткенин
билбей калат. Шаатыт, Каратыт деп аталган тоо кыпчылдарынан өзүнчө бир ажайып
дүйнө башталат. Адегенде чие, ар түрдүү, өздөрү да жемиштери да ар башка, чоң
кичине тыттар, мистелер, анан аскага жармашып, ташка жабышып чыгышкан
жүзүмдөр өсүп, андан да оңго жана солго карай биринин артынан экинчиси созулуп
жаткан жаңгактуу, алмалуу токойлор эсепсиз көп. Жалпак-Таш, Миң-Туур, Миң-Бугу,
Ак-Сай, Жыгач-Коргон, Кой-Таш, Малгалды, Жолборсту, Күрп, Сарсөгөт, Жүзүмжан,
Турдук, Аблатун, Баба-Ата, Пача-Ата, Кожо-Ата, Аркыт эмне деген укмуш жерлер. СарыЧелек, Кыла, Ийри-Көл, Кара-Камыш деген көлдөрүчү.
Бозбунун үстүнө чыгып ары, түштүк жагын карасаң Чап деп аталган шыбактуу
адырлар чет учу жоктой созулуп жатышат. Этегинде Кызыл-Жар совхозунун пахта
плантациясы, Шамалды- Сай шаарчасы, Үч-Коргон ГЭСи, Таш-Көмүр совхозу жана ТашКөмүр шаары жатат.
Батыш жагына карасаң Чанач, Ала-Бука, Касансай, Наманган, Чартак жатат. Андан
ары Кокон, анан Ташкент... Чыгыш жагын карасаң Токтогул району, Токтогул ГЭСи!
Түндүк жагы - Чаткал тоолору, айбаттуу аскалар, ак мөңгүлүү чокулар! Бозбунун
үстү жылаңач, көк шибер чөп, түштүк боору аскалардан кутулган жерден эле жаңгак,
алма, карагай, арча, кайың токойлор менен капталат. Атактуу чер! Түндүк жагынын
сайлары, капчыгайлары гана токой болуп, жондору, кырлардын үстү жылаңач. Алыстан
караган кишиге бүт эле жылаңачтай көрүнөт. Күн Чыгыш багыты токой - долоно,
айбансары, арча, төмөнүрөөктө жаңгак! Калың жаңгак. Батыш тарабы да жылга
жыбыттарынан башкасы жылыңач. Мына пирамидага окшоп соксойгон Бозбуну
айланып чыгуу үчүн бир жума керек. Өзүнчө жаткан эле бир дүйнө. Асмандан бир
тамчы жамгыр түшпөгөн жай чилдесинде да Бозбунун үстүнөн тердиктей кара булут
кетпейт. Ал жөнүндө молдолор легенда чыгарып алышкан. 8-кылымда Мухамет
пайгамбардын жээндери Мусулман абад куруу үчүн казатка келишкенде, жергиликтүү
эл түшүнбөй каршылык көрсөтүп, арабдардын шаштысын кетиргенде, алардын айласы
кеткен кол башчысы колундагы Ислам туусун (Мухамет пайгамбардын туусун) асманга
ыргыткан имиш, динсиздердин колуна түшүп кор болбой бийик тур деген имиш. Мына
ошол туу булут болуп Бозбунун үстүндө турат имиш. Бозбунун батыш агында
Ташмойнок аттуу бел жатат. Ал өтө төмөндөн орун алган. Ташмойнокту ашып
Караванга түшөт. Анын батыш жагы кайра көтөрүлүп бийик чоку болот. Аны Унгар
тоосу дешет. Унгардын батыш жагындагы сайда Заркан кыштагы бар. Ал азыр
Өзбекстанга карап калган. Азыр ошол Заркандын молдолору жогорку легенданы бир
аз өзгөртүп, Мухамет пайгамбардын туусу Бозбунун үстүндө эмес, ошол Унгар
тоосунун үстүндө турат деп алышыптыр. Ал туу даараты жок кишиге эч качан
көрүнбөйт имиш. Кудай деген, дааратын бузбай адал жүргөн кишиге жума намаздан
чыгып бара жатканда көрүнөт имиш. Жеңижок ырчынын өлөр алдында эл-жер менен
коштошкон ыры бар. Анда:
Иренжит, Аксуу, Кызыл-Жар,
Эстесем ичим тызылдар.
Зоот булан мазарым,
Астында Заркан базарым,
Үстүндө Бозбу тоосу бар,
Пайгамбар тиккен туусу бар, - деген саптар да бар. Мына
ошону да өзгөртүп:
Үстүндө Унгар тоосу бар,
Пайгамбар тиккен туусу бар, - дешип алышыптыр.
Мен азыркы Аксуу кыштагынын батыш тарабындагы Төө-Жар аттуу кыштоодо
туулгамын. Кышында ошол Төө-Жардын өзүндө, жазында бир аз төмөнүрөөк
жагындагы Каз деп аталган жаздоодо же бир аз өйдөрөөк орношкон Чер деген
токойлуу тоо этегинде отурчубуз. Жайкысын жайлоого көчө турганбыз. Иренжиттен,
Жалгыз Татыраңкыдан өтүп, Таш-Мойнокту ашып, Таш- Төбөнүн Бозбу тарабынан өтүп
Караванга кирбестен Турпакбел ашып, Котурбулактан, Аблатундан өтүп, Аркыт өрдөй,
кээде Сары-Челекке жакын Кыла боюна, кээде Ийри-Көл жакасына конуп, ашуу
ачылганча отурат элек. Анан Көтөрмөнү ашып, Кетмалды көлүнүн боюна түшүп конуп,
андан кийин Көлдү жээктей өтүп, Өкүн, Туюк-Төр жайлоолоруна кетер элек. Күзүндө
кайра тартып, Көтөрмөнү ашпай эле, Түрдүк ылдый Кара-Сууну бойлой көчүп,
Жүзүмжанга (менин таякелерим ошол сайда) бир конуп, азыраак отуруп, анан КараЖыгычтан өтүп, Бурананы ашып, Малгалдыга түшүп, Ак-Жолдон өтүп, Тегенеге конуп,
андан кийин Карасуудан кайра өтүп, Ак-Сууга чыгып, андан ары Төө-Жарга
көчүп барчубуз! Тууган аралап, жек-жаат издеп көчүп отуруп, Козу-Улак, Торпок-Танага
барып, дыйканчылык кылган элдерден ат жемдик жүгөрү, бозолук таруу жыйнап
алышар эле менин туугандарым. Көчмөн болчубуз, Төө-Жар суусуз жер. Кайрак
буудай, арпа гана экчү. Ал да кээде болсо, кээде болбой калчу.
Жаңы-Жолдун кайсы жерине барба табийгаттын өзү тарткан кооз сүрөттөр, көз
тайгылтат. Кагырап күнгө күйгөн чапта да апрель-май айларында шыбактын жыты жан
жыргатат. Торгой чулдурап, түркүн куш түркүн добуш салат. Алмалуу, жаңгактуу
токойлорунда булбулдардын симфониялык оркестри тынбай жаңырып турат. Эрте
жаздан тартып, кар жааганга чейин бышыкчылык - жоогазын, текей, чүкүрү, согон,
кымыздык, чие, тыт, өрүк, алма, жүзүм, жаңгак бышып дегендей тыным болбойт.
Кожагат, карагат, бүлдүркөн, ышкын, алгы, жапайы пыяз тергени чыгышкан кыз
келиндер, мисте жана бадам жыйнашкан боз уландар, жүзүмдөн шарап сыгышкан
жигиттер, алмакак, алча как жасашкан, катыраңкы талкан жасашкан, жаңгактын майын
сыгышкан келиндер токойлордо булбул менен үн салышып ырдашат. Баарынан
кызыгы өрүк жана алма бышкан мезгил. Өрүгү үстү-үстүнө түшө берип үйүлүп дөбө
болот, анан чирип көң болот. Алма да ошондой. Бирок жапайы алманын жытындай
сонун, жагымдуу жыт эч кайда жокко чиркин? Өрүк, алма жеп семирген
эчкинин майы тоңбойт деп даназа кылышат. Эчкинин жөргөмүн кадимки жылкынын
казысын сугунгандай сугунушат да, артынан муздак суу ичип кете беришет. Эч нерсе
болушпайт. Ошого караганда майы тоңбогону чын болушу керек.
Токойлордун арасында коен менен түлкүдөн тартып, суусар менен сүлөөсүнгө
чейин, элик менен доңуздан тартып аюу менен илбирске чейин бардыгы бар. Кечээ
эле жакынга чейин жолборс болгонун кеп кылышат. Ак-Суу кыштагында тайлак тоону
көтөрө качкан жолборс жөнүндө, Жолборсту айылында бир элдин уйларын бүт кырган
жолборс жөнүндө, Аркытта болсо жолборс ыргытып өлтүргөн Карача деген бай
жөнүндө сөз бар.
Карача Таласта өткөн атактуу куудул ырчы Айдаралы жөргөлөктүн тай атасы болгон.
Ал капкан салып, тор жайган, тузак тартып, ит агытып, куш салган, мылтык октоп кийик
уулаган ышкы-боз, ат таптап байгеге кошкон, аштан-тойдон калбаган киши болот. Кеч
күздө күлүгүн таң ашырып байлап койсо, түн ичинде кар жаайт. Жолборс келип
эшиктин алдында байланып турган атты көтөрүп кетет. Эртеси из кубалап, токой
аралап барып артынан тарпын табат. Жолборс жарып жегени билинет. «Дагы бир
келбей койбойт» деп ойлоп, тарптын айланасына бир нече капкан коюп кетет. Эртеси
барса капкандын бирин сүйрөп кеткен жолборстун изи жатат. Мылтыгын дүрмөттөй, из
кубат. Анчалык узай электе бакырып чыккан жолборс Карачаны апчып ыргытат.
Артынан бара жаткан жолдоштору өз кара баштарын ала качып араң кутулушат.
Карачанын өлүгүн жаңгактын башынан эптеп алышат да, көмүшөт
Бир жылдан кийин ошол Карачанын ашына көп ырчы барат. Ошондо Сибирден
жаңы кайткан Токтогул ырдаган дешет:
Алтын жаак жез капкан.
Аңдыганын түз чапкан.
Аны койгон аңчыны
Ак жолборс аттуу ит капкан.
Азыр жолборс жок. Үй башына экиден мылтыктуу болушкандан кийин качып
жоголсо керек? Токойлор да мурункусунан көп эле суюлушкан. Бир түбүн кыйып жыкса
бир чоң суунун үстүнө көпүрө болгон алп арчалар да азайышкан. Тегене менен Аксуу
ортосунан агып өткөн Кара-Сууга салынган бир көпүрөнү «Топонун көпүрөсү» деше
турган. Маңдай-тескей эки асканын ортосунда, суунун үстүнөн өтүүчү жол болуп бир
эле чоң жана узун арча жатчу. Үстүн бир аз жонуп, тегиздеп коюшкан. Атка минип,
төө жетелеген кишилер коркпой эле өтө беришчү, эмне үчүндүр ошол көпүрө
жөнүндөгү ырда башка кишилердин аттары аталуучу:
Белен кымыз,
Бекер кыргыз.
Узун арча,
Курч балта
Бокубай бокту жептир,
Көпүрө Молдо Мураттыкы.
Буга караганда көпүрөнү Бокубай деген киши салып, Мурат деген Молдо ээлеп
калса керек? Андай болсо «Топонун көпүрөсү» деген ат эмне себептен коюлганын
изилдөө керек. Азыр ошондой чоң арчалар жакын жерден табылбайт. Ошого карабай
токойлордун азыркы көрүнүшү деле оңой эмес. Кекилик учпас кең татырлардан
тартып, кишинин жүрөгү сүрдөгөн калың черлер, түнт токойлор, чытырмандыгынан,
жыштыгынан Улуу Кара-Түн, Кичи-Кара-Түн аталышкан массивдер (калың токойлор)
толуп жатат. Шылдырап аккан булак суулар, миңсан куштардын салышкан уяларын
көтөрүп турушкан алп бутактар эмне деген ажайып дүйнө? Көлөкөсүнө бир айыл
конуп, көңдөйүнө бир короо кой баткан алп жаңгактар, тогороктор, ак чечектер,
кызыл, сары арчалар эмне деген укмуш сулуулук! Ошондой чоң жыгачтардын
көңдөйлөрүнө аарылар кирип аларды бал челекке айландырышат. Чыгынган эптүү
кишилер даяр болгон учурда алышат да, балга тунушат.
Жаңы-Жолду мурун Кызыл-Жар болушу дешкен. Таластыктар менен КетменТөбөлүктөр болсо Аксы деше турган. Бул он алтынчы кылымга чейин белгилүү Аксы
шаарынын атына байланыштуу болсо керек? Азыр деле Ала-Бука менен Жаңы-Жолду
кошуп «Аксы» аташкан чалдар көп. «Комуз менен ырды Кудай Аксыга берген», деген
лакап бар. Ал бекеринен эмес. Нурмолдо аттуу кара жаак, ак таңдай ырчы ЖаңыЖолдун Аксуу кыштагынан болгон. Жуман ырчы, Ныязалы комузчу, Коргол ырчы,
Эшкожо... Ал эми Жеңижок Таластан бала кезинде качып барып, Жузүмжанда жердеп,
ошол жерде өлдү. Айдаралы Жөргөлөк, Токтогул, Эшмамбет, Курман, Калык жана
башкалар бат-бат барып өз өмүрлөрүнүн бир бөлүктөрүн Жаңы-Жолдо өткөрүшкөн.
Ырдабаган, комуз чертпеген кишини Жаңы-Жолдон табуу кыйын сыяктанат.
Ак-Суу кыштагы Бозбунун түштүк жагында, тоо түбүндө. Алма, өрүктүү, бактуу,
жылга-жыбытынан көк кашка тунук суулар аккан, чоң кыштак. Жүгөрү, таруу, тамеки
эгишет. Чер, Аксай, Жыгач-Коргон, Бүрчүкө сыяктуу жемиштери жерге төгүлгөн
токойлуу беттердин, сайлардын, капчыгайлардын ортосуна орношкон. Кыштактын
батыш тарабында Төө-Жар, Каз, Тилеке аттуу мал кыштата турган мистелүү, Каман-Азуу
аталган жапайы бадамдуу, шыбактуу жайыты кең кыштоолор бар. Түштүгүндө
Таш-Көмүр шаары, Нарын дарыясы, Ак-Суу совхозу орношкон.
Иренжит (азыркы аты Кош-Төбө) Бозбунун түштүк батышында, тоо этегинде. КурАйрык өрөөнүнөн жай алган. Сугат жерлерге тамеки, буудай, жүгөрү эгишет. Бак
шактуу дүмпүйгөн кыштак. Түштүгүндө Өзбекстандын Бышкаран, батыш тарабында
Өзбекстандын Азиретшаа кыштактары бар. Райондун борбору Караван кыштагына
баруу үчүн Азиретшааны аралап өтүшөт да, Таш-Мойнокту ашып барышат. Колхоздун
мал чарбасында саан уйлар басымдуулук кылат. Жазында Черге, жайында Бозбуга
чыгышат.
Таш-Төбө (Караван) райондун борбору, Бозбунун түндүк батыш түбүндө турат.
Пача-Атадан күбүр аркалуу келтирилген суу менен күн көрүшөт. Дүмпүйгөн кара
бактуу, негизинен алмалуу кыштактын түндүк-чыгыш четинде, Таш-Мойноктон ашып
түшкөн жерде таштарды үйүп кол менен жасап койгонсуган шоңшойгон чоң дөбө
турат. Ошого кара пилгери бул кыштакты Таш- Төбө дечүбүз. Кийин эле Сарымсак аттуу
бай киши, ары-бери өтүшкөн жолоочулар, айрыкча соодагерлер түнөп өтө турган
кербен сарай сала коюп, ошондон улам бирөөлөр Кербен, бирөөлөр Караван деп
жүрүшүп азыркы Караван аталып кетти. Каравандан түштүктү караган кишиге Унгар
тоосу, Чыгыш жагынан Бозбу, түндүк жагынан атактуу Чаткалдын Чарчатма, Көк-Сарай,
Баба-Ата деп аталган калкагар бийик тоолору көрүнөт. Кыштак-айланасы Фрунзе
атындагы колхозго карайт. Тамеки, жүгөрү, буудай эгишет. Алма багы көп, алмасы эң
жакшы даамдуу жана ширелүү. Мал чарбасы да бар.
Пача-Ата (азыркы аты Кашка-Суу) Каравандын түндүк батыш тарабында узун кеткен
капчыгайда мөңкүп аккан чоң Кашка-Суунун эки өйүзүн ээлеп турган узун кыштак.
Ленин атындагы колхоз бар. Тамеки, жүгөрү, буудай эгишет. Жылкы жана бодо
мал багылат. Жемиш бактуу, негизинен алмалуу кыштак. Алмасына курт түшпөгөн
кыштак дүйнөдө бирөө эле болсо, ошол ушул кыштак. Пача-Атаны өрдөп кете берген
киши, адегенде карагайдай узун жибек чачын шамалга сеңселткен кыз бурак
кайыңдарды аралап отуруп Кара-Буура, Чаткалга барганын билбей да калат. Пача-Ата
бурмалаган сөз. Чын мааниси - Падыша-Ата. Шералыны кыргыздар мына ушул
капчыгайдын көк жайыгында, ак кийизге салып хан көтөрүшүп, Коконго алып
барышкан. Мына ошого байланыштуу бул капчыгайды Падыша-Ата деп аташкан.
Кийин, кийин жүрүп сейилдеп, зыяраттап келишкен ар түркүн тилде сүйлөшкөн элдер
туура айталбай «Пачата» деп жүрүп акыры Пача-Ата.
Жер Капчыгай (азыркы Успеновка же болбосо Шевченко колхозу) Каравандын
түндүк чыгыш жагы, Турпан-Белден ашкан эле жерде. Бозбунун түндүк түбүндөгү
Бозбиек кыштагынын бет маңдайында Көксарай тоосунун түбүндө, Баба-Атага бара
жаткан жолдо. Кайрак жердин гектарынан 45 - 50 центнер буудай алган чакан колхоз
19 кылымдын акырында Россиядан көчүп келген 30 - 40 түтүн мужик курган кыштак.
Азыр алар кетип калышкан. Айланасындагы адырлардан, жылга-жыбыттан көчүп
келишкен кыргыздар ээлеп калышкан. Кыштактын атын ар ким ар башка айта берет:
бири Успеновка десе, экинчиси Шевченко, үчүнчүсү Жер Капчыгай дешет.
Жер Капчыгай жерге тал
Жериң менен куруп кал,
Катыны семиз эри арык
Элиң менен куруп кал, деп Токтогул ырдаган экен дешет. Чын-жалганын ким билсин. Бул кыштактан Бозбу,
Көк-сарай, Баба-Ата тоолору, Караван, Аблатун, Бозбиек, Котур-булак кыштактары
көрүнүп турат.
Аблатун кыштагы Бозбунун түндүк түбүнө түшкөн кыштак, Итагар жана Аблатун
сууларынын кошулган жеринде. Айлана-тегереги бүт тоо. Дүмпүйгөн бактуу кыштак.
Алма, алмурут, жаңгак бар. Тельман атындагы чоң колхоз ушунда, тамеки,
жүгөрү, буудай эгишет, мал чарбасы бар. Түндүктү көздөй Итагарды өрдөп Баба-Атага
барышат. Укмуштай кооз капчыгай, бирок анчалык узун эмес. Экинчи капчыгайды
өрдөп айтылуу Аблатун аскасына барат. Аябагандай узун капчыгай шар аккан чоң суу,
баш айланткан, көз чарчаткан аскалар бирине бири уланып кете берет. Жыгачтар
аралаш өскөн чытырман токойлору, чийдей калың карагайы бийик өскөн жалама
беттер, кожогат менен карагат жыш өскөн сайлар, жылгалар, алма, жаңгак ошондо.
Бир эле белди аша калсаң (чыгыш жагында) атактуу Аркыт капчыгайына түшөсүң, аны
өрдөп жаңгак токоюн аралап отуруп Сары-Челек көлүнө барасың. Аблатундун
түштүгүндө Бозбу тоосу, Аблатун капчыгайы менен суу бойлоп Чыгыш түштүгүн көздөй
жүрүп, Кара-Суу менен Аблатун суусунун кошулган жерине чыгасың. Бет маңдайында
Жүзүмжан кыштагы, Акташ, Белбашат тоолору шаңкайып турушат. Андан кийин Сыны
кыштагына барасың.
Сыны (Кара Жыгач деген да аты бар) Бозбунун күн чыгыш боорундагы чакан
кыштак. Айланасы токой, дүмпөйгөн тоо боорлору, астында чоң Карасуу күрүлдөп
жатат. Тамеки, буудай, жүгөрү эгишет. Жаңы-Жол совхозунун бир бөлүмү. Орто мектеп
бар. Жемиши жерге төгүлгөн кыштак. Бет маңдайында кол менен жасап кооздогондой
бураналар. Алардын аты жалпы жонунан Бурана. Кара-Сууну бойлоп, дагы бир
кичинекей капчыгайдан өтөр замат чоң кыштакка туш болосуң. Ал совхоздун башкы
бөлүмү турган Жаңы-Жол кыштагы (мурунку аты Малгалды). Бозбунун күн чыгыш түбү,
бирок суунун аркы өйүзүндө болгону үчүн орто тоо этеги деп аталат. Малгалды
суусунун Кара-Сууга куйган жери эң эле кооз. Бак, алма, жаңгак, жүзүм өсүп, тиккен
жүзүм да, жапайы жүзүм да мөмөлөп беришет. Мал чарбасы, тамеки, жүгөрү, буудай!
Совхоз борборунун бет маңдайында Бозбунун боорунда Койташ кыштагы бар.
Чытырман токойго жашынган чакан кыштак. Өтө кооз, санаторий сыяктанат.
Тогузунчу жана онунчу кыштактар: Ак-Жол, Жолборсту, Кечүү, Тегене, Ак-Жол суусу,
Ак-Жол капчыгайы... Өрдөшүндө Миңтуур, Бешарча, Жолборсту, Кечүү, Башталаш,
Суук-Дөбө. Андан ары жайлоолор. Токой десең, жемиш десең мына ошондо. Андан
өтүп Тегенеге барасың - Жоон-Бакан, Төө-Кыр, Жалгыз-Кыр тоолорунун ортосунда
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 14