Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 04

Total number of words is 4186
Total number of unique words is 2538
24.2 of words are in the 2000 most common words
35.1 of words are in the 5000 most common words
42.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Алачыктай зөөкүр танк
Сен атканда кулаган.
Курт-кумурска, жыландан
Бири тирүү калбаган.
Өрт күйгөн ошол талаада
Кайратыбыз чыңалган.
Кылычыбыз сыналган.
Катылганды катырып,
Күлүн көккө сапырып,
Биз чыкканбыз кумардан.
Эсиңдедир, Сагынбек,
Атактуу Казбек кар баскан?
Ал дагы четте калбастан,
Ачкараак жоо кармашкан.
Самолёттор эсепсиз
Чөкө таандай жайгашкан.
Эки тарап кармашкан,
Бирин-бири кадимки
Карышкырдай чайнашкан.
Ажыдаардай оп тартып,
Койбочудай жарбастан,
Бирин-бири арбашкан.
Бирине бири ажалды
Эсеп кылбай айдашкан.
Тартынабы андайда
Бирин-бири жайлаштан.
Ошол кезде сен болдуң,
Сен болгон жерде мен болдум.
Тарп аңдышкан жорулар
Чокусун ээлеп асканын,
Канжарын алып колуна,
Канкор желдет басканын,
Жазайылдар чаңырып,
Быркыратып таштарын,
Тоолорду бузуп жатканын,
Көрүнгөндү атканын.
Сагынбек сержант, сен көрдүң,
Сен көргөн өрттү мен көрдүм.
Лермонтов жүргөн дайрада,
Кызыл кан аккан майданда,
Биздин кошун душмандын
Астын тосуп алганда,
Фашисттер алга жутунган
Жол таба албай калганда.
Биздин эң көп бомбовоз
Чабуул коюп барганда.
Чалдырбасты чалганда,
Жардырбасты жарганда,
Биздин танк, биздин «Катюша»
Кызыл кыргын салганда,
Теңирсинген желдеттин
Талпагын ташка жайганда,
Пайдаланып учурдан,
Согуш ачып кутурган,
Бир күндө биз тарапка
Миң самолөт учурган.
Он миң танке жиберип,
Бирок, утпай, утулган.
Каны толуп ичине,
Кебете-кейпи бузулган.
Фашисттердин абалын
Жазбай көрдүң ушундан.
Снаряд жулуп ыргытып,
Айрылсаң да бутуңдан,
О, Сагынбек, мергеним,
Беттешкенди сен жеңдиң.
Куланчиев Сагынбек,
Фашисттин танкын кырган сен,
Атырылган жексурдун
Астын бөгөп турган сен,
Бекиген чебин кыйратып,
Артына кайра кууган сен.
Баатыр сержант Сагынбек,
Бастырбай жоого өрүшүн,
Аткардың канча эл ишин.
Кулач уруп өткөн сен
Азаптын канча деңизин.
Келтиргендин бири сен
Элимдин улуу Жеңишин
Узак жашап, көрүп өт
Эрдигиңдин жемишин!
ТҮШКӨН ЭМЕС АСМАНДАН
Биз түшкөн жол, тар чакта,
Күч-кубатым бар чакта,
Өтпөгөн менен алдыга,
Жүргөн да жокмун, арт жакта.
Акмактын мойнун толгодум,
Ата журт, сени коргодум.
Ашкан баатыр эмесмин,
Бирок, коркок болбодум.
Тирешкен менен тирештим,
Күрөшкөн менен күрөштүм.
Огумду, канкор фашисттин
Жүрөгүнө түнөттүм.
Сайышкан менен сайыштым,
Чабышкан менен чабыштым.
Арасында сан-миңдин
Көтөрдүм туусун намыстын.
Уулум, сен муну түшүнгүн:
Эл ишин өзүң башкарган,
Сен жашаган ушул күн
Түшкөн эмес асмандан...
«ЖАТ» ЖАНА «ӨЗ»
Жылдар өтүп, жоголот «жат» деген сөз,
Бир-бирине кишилер болушат «өз».
Биригишкен элдерди көрөт дүйнө,
Таң атканда бардыгын көргөндөй көз.
Ойлошпостон душмандык бир бирине,
Керек болбой бомбалар эч бир элге,
Орок, чалгы болушат жоо жарагы,
Достук гүлү тепселбей турат жерде.
Бардыгынын бир болуп билген тили,
Тарап достук желинен көңүл кири,
Араб дебей, түрк дебей, датчан дебей,
Өз кишидей көрүшөт бирин-бири.
«Жат» жеңилет, жок болот калбай түгү,
Сөз баатыры «өз» жеңет акыр түбү,
Чама жетип көрүүгө көкүрөктү,
Дал ошондо жеңилдейт адам жүгү.
АК ЭМГЕК
Көрөөр күндөр көпсүнүп,
Көп ойнодук, көп күлдүк,
Көтөралбай эл жүгүн,
Кыйналганда жөткүрдүк.
Кайран элдер деп күлдү
Карап турган көпчүлүк.
Кеп ойнобой көп иште,
Иштеген жетет жеңишке.
Атырылбай турбаган,
Азамат чыгат эңишке.
Атак-даңкка ээ кылат,
Ак эмгек аттуу периште.
АЯБАГЫН
Жүзүмжандын жүзүмү,
Жумурай журттун үзүрү.
Көп болсун баба дыйкандын
Берекеси, түшүмү!
Балалуу үйгө жөнөт тез
Базарга сатпай сүтүңдү.
Ата Мекен дегенде
Аяба, досум, күчүңдү!
АР ДАЙЫМ
Ай батпай, сулуу таң атсын!
Алдыңкыга жанашкан.
Ар жылы баатыр койчулар,
Арбын төл алып санашсын.
Ар дайым чыгып байге алсын
Аккуласы Манастын!
ИШЕНГИН
Атак-даңк өзү келбеген,
Акчага бирөө бербеген.
Токтогул ырчы айткандай
Эр жигит көркү эл менен.
Элге арна кайрат, күчүңдү.
Эл баалайт сенин ишиңди.
Эл эскерип кадырлайт
Артыңда калган изиңди.
Бек болсун десең үзөнгүң
Ишенгин элге, ишенгин!
ТАБЫЛБАЙТ ГО
(Көлдөева Алимага)
Араванда күн-түн аттан түшпөдүк,
Колхоз куруп, бирге кызмат иштедик.
Уйку кайда, үйдө бир аз отуруп,
Кур дегенде чай кайнатып ичпедик.
Курт бактырдык кыргыз мурун көрбөгөн,
Пахта эктирдик кыргыз мурун билбеген.
Кыздарды да отургуздук чакырып
Тракторго кыргыз мурун минбеген.
Өзүбүздү унутканбыз ойлобой,
Айлар батты, биз ак чөлмөк ойнобой.
Кезиккенде эл жөнүндө сүйлөштүк,
Комуз алып жаштык күүсүн толгобой.
Өттү жылдар, өттү канча мүшкүл түн,
Тагдырга да көз чаптырдык үстүртөн.
Эми издесек табылбайт го күлгүн кез
Пахтасынын арасынан түштүктүн?
БУП ТУРМУШ КЫЗЫК
Чулдурап торгой үн салат
Тоолордун башын күн чалат
Ат кишенип, кой маарап,
Киришет ишке туш тарап.
Бул турмуш кызык башкача,
Көрүп туруп ким танат?
Жашагым келет, жашагым,
Жашоодон кайда качамын?
БАРСАМБЫ
Козулар мынча маарашат?
Койчулар койду санашат.
Кой көп болсо жибек жүн
Биздин жерге жарашат.
Капталдап көп кой баратат,
Кимди болсо каратат,
Койчу жигит уктабай,
Кой артында таң атат.
Кыялданбай аразат,
Койду кымбат баалашат.
Кой эти, жүнү канча деп,
Өз ара сөздү талашат.
Көк шибер, көйкөл жыргал жай
Биз үчүн жашап тургандай,
Жайнаган миң-сан козу, кой
Тизилген сапка ырлардай!
Караган көзгө сүйкүмдүү,
Керемет укмуш миң түрдүү.
Жүрөгүң толкуп башкача,
Угулат таңшып, түркүн күү.
Суусамырга барсамбы?
Койчу болуп алсамбы?
БҮБҮЙНАГА
(Бүбүйна Орузбаеванын филология илимдеринин доктору
болушуна карата)
Ак дүйнө күйгөн чырагым,
Адырда жийде бурагым!
Кут болсун даңктуу жеңишиң!
Кубанып ырдап турамын.
Сен түшүп илим соңунан,
Тоскондой бакыт жолуңан.
Укмуштай иш бүтүрдүң,
Ар кимдин келбес колунан.
Көрбөгөн деп чыгыштан,
Таңыркап бир сөз ыргытсам,
«Манасты жыккан кыз Сайкал
Чыккан дешет кыргыздан!»
Көздөгөнүн кармаган,
Качырса жетпей калбаган
Ургаачы туйгун кушта бар,
Учкандан канат талбаган.
О, туйгун кыз Бүбүйна!
Чарчаба чабыт салгандан,
Чабыттап алыс баргандан,
Ашып уч бийик кырларды!
Анда мен жазам ырларды,
Атайы сага арналган...
ЭҢ ЭЛЕ КЕРЕК ҮЧ НЕРСЕ
Биринчиси - тазалык,
Ыплас иштен качалык.
Жуунуп көңүл ачалык,
Таза жайга жаталык.
Экинчиси - эң керек
Эне-атадан бир белек.
Тартиптүүлүк. Аны биз
Сактабасак ким берет?
Үчүнчүсү - ак эмгек,
Үйрөн, көнүп жаш кезден!
Үйүң толот иштесең,
Табылат жогуң издесең.
Жакшылык, жыргал биз көргөн
Ак эмгектин жемиши,
Эмгекчинин жеңиши.
Эмгексиз турбайт эр киши.
ДОСТУН БЕЛЕГИ
Кара чоюн - белеги бул досумдун!
Карай-карай достун достук жосунун,
Келет буга, жуурулушуп кошулгум,
Айтат жүрөк: «Кечикпегин озунгун!»
Кара чоюн - Казакстан жеринен,
Жумушчунун аккан маңдай теринен,
Жолдоштордун оттой ысык деминен
Калыпка түшүп, шыркыраган, эриген!
Келбесе да түндүк, түштүк уюлдан,
Караганда заводунда куюлган,
Ошондуктан, кымбат бардык буюмдан!
Ошондуктан кетпейт менин оюмдан!
Кыргызстан! Сага белек бул чоюн,
Ширетилген бул бир белеги ушундай!
Достугубуз дал ушунун курчундай
Турмак бекем ширөөсүнөн бузулбай!
Кыргызстан! Сага келген бул белек
Чоюн эмес, достун жүрөк канынан!
Досту досу артык көрөт жанынан,
Жакын көрөт, жакындардын баарынан!
Чоюн эмес, темир эмес, жез эмес,
Бул башкача баалап өлчөп, ченебес,
Бул укмуш сый башка сыйга теңебес,
Достук сүйүү сезимиңен бир элес!
Менин досум, дос эмес жаңы таанышкан,
Достук желе тартылып келген алыстан,
Эски доспуз жыт сиңишип калышкан,
Бир бирине амандык сурап барышкан.
Окопторду жанаша жатып казганбыз,
Альпыларды жанаша басып ашканбыз
Пулемётту бирге орнотуп атканбыз,
Кыйын кездин мурчун да бирге татканбыз.
Сындырым нан... ошону дагы бөлүшкөн,
Колдо барын бирине бири беришкен,
Кыйышпаган, кайрылышы келишкен
Эски доспуз, табылса бөлүп тең ичкен!
Түн ичинде өткөнбүз бирге деңизден,
Өйдө карай чыкканбыз тоого тегизден,
Төмөн карай түшкөнбүз бирге эңиштен,
Өмүр жазын көргөнбүз чогуу жеңиштен!
Көзүбүздүн карегиндей сактоочу
Ушул достук келе жаткан алыстан.
Ширетилген күрөштөрдө намыстан!
Ажырашпайт азаптуу отто табышкан.
Солдатыбыз азыр да тынчтык майдандын,
Көрбөгөнбүз оорукта калып эч качан.
Күрөшөбүз кыйындыктан качпастан,
Жеңиштерди камдайбыз бирге жатпастан.
Уюлтулган чоюндан бекем бул достук,
Ширетилген болоттон бекем чынында.
Мындай достук элдердин сүйгөн ырында,
Жаңыруучу кылымдан ары кылымга!
ЫРДАСЫН ТЫНБАЙ
Музыка таңшып таң атат,
Эл чубап ишке баратат.
Биздеги турмуш дүбүртү
Бүт дүйнөнү каратат.
Ырдасын тынбай жүрөгүң,
Ырыңды бүт эл жаттасын!
Булбулдун гүлзар түнөгүн
Душман буту баспасын!
Жазы жок жерге жаз чыксын,
Чертели күүсүн шаттыктын!
Биз жашап турган бул өлкө
Ата журту жаштыктын.
Күрөштөн биздер качпайбыз,
Ач көзгө эшик ачпайбыз.
Калкагар тоодой бактыбыз,
Бактыбызды сактайбыз.
БӨЛҮНБӨ
Дыңга жакшы картошка
Дүйүм жемиш - бак өсөт,
Дарбыз, коону дагы өсөт,
Арпа, буудай бары өсөт.
Кактоо качар кыртышка
Кокон, тикен көп өсөт,
Кой жебеген чөп өсөт.
Күзгө жетпей өңү өчөт.
Дал ошонун сыңары,
Жаманы жок бир дагы.
Айкөл жакшы бүлөдө
Адамдын өсөт чынары.
Акылы терең деңиздей
Ак көңүл өсөт пейли кең,
Азамат өсөт керилген,
Эл үчүн ишке берилген.
Жакшылык иште адамга,
Гүлдөшүн ойло жергеңдин!
Жерде калбайт эмгегиң,
Талаага кетпейт бергениң.
Кунарсыз, начар бүлөдө,
Агытып алкын бузулган,
Ач көз өсөт жутунган,
Зөөкүр өсөт кутурган.
Ичи тар өсөт өзүмчүл,
Көтөрүп өзүн сүйлөгөн,
Эч кимге жаны күйбөгөн.
Түк эч кимди сүйбөгөн.
Жамандын жаман сапаты:
Менден чыгат акыл дейт.
Менмин жалгыз, баатыр дейт,
Менмин жалгыз, акын дейт.
Көрсө бийик сеңирди:
Ошол чоку менмин дейт,
Көктөгү күнгө теңмин дейт,
Мен ушундай эрмин дейт.
Айтарым сага, иничек,
Аз күнчүлүк өмүрдө
Көтөрүлбө, көбүрбө,
Ар дайым болсун көңүлдө:
Киши менен кишисиң,
Кишилерден бөлүнбө.
ТАҢШЫ, БУЛБУЛ ТОКТОГУЛ
Сөзүмдүн жок жалганы:
Током сен ырдын балбаны.
Алтымыш батман алтындай
Ар сөзүңдүн салмагы.
Жолдошуң болгон кишинин
Жок чыгаар эч бир арманы?
Созуп кой, Токо, созуп кой
Сейдимкан уккан ырлардан!
Сүйүнсүн, тыңшап, турган жан,
Сузгандай ырды кырмандан!
Жактырсын, угуп жалжал көз
Жаш кайыңдай ыргалган!
Сайрай түш, дагы Токтогул!
Жылдыздар көктөн карашсын!
Күн кылтыйып, таң атсын!
Таңшысын, «Термең», «Санатың!»
«Токтогул» деп, «Гомер» деп,
Ала-Тоо, Парнас талашсын!
Таңшы, булбул Токтогул,
Үнүңдү жыргап угайын!
Ийилип таазим кылайын,
Ырыңдын учун улайын!
Нарын кирип ташкандай,
Тоо жаңырат, Током, ак таңдай!
ЫРДЫН АТЫ ТОКТОГУЛ
Бир кезде торго чалынган,
Колуна кишен салынган.
Күнөөсүз Сибирь айдалып,
Кыргыз жерин сагынган...
Токтогул акын бул кезде
Эң чоңу жарык жылдыздын.
Атагы-даңкы кыргыздын,
Сыймыгы эркин чыгыштын.
Токтогулдун «Термеси»,
Токтогулдун «Кербези»
Торгойдой таңшып турбайбы,
Токтогулдун жергеси.
Туманы жок, күн ачык,
Турган чагы гүл ачып,
Көргөнү келет канча жан,
Көп жол басып, кыр ашып.
Асылдыгы ченде жок,
Акындыгы ченде жок.
Эл таламын талашкан
Баатырдыгы ченде жок.
Токтогул терең Чалкардан,
Кем эмес эч бир залкардан.
Токтогул аты алмаздын
Банк сейфинде сакталган.
Ырдын аты -Токтогул,
Күүнүн аты -Токтогул.
Ала-Тоодон жаңырган
Үндүн аты -Токтогул.
Көлдүн аты -Токтогул,
Өрдүн аты -Токтогул.
Көк шибер көйкөл гүл жыттуу,
Төрдүн аты -Токтогул.
Токтогулдун чырагы
Өчпөй жанган убагы.
Токтогул деп күү чертет
Тоо боорунун булагы.
ТОКТОГУЛ ЖАЛАЛ-АБАДДА
Булбул, таңшык, Токтогул
Көтөрүп бийик добушун,
Кишиден бетер колу узун
Кеңитип жатат конушун.
Аралап чыгып Таласты,
Арстанбаптан ары ашты.
Эл кыдырып жүрөт деп,
Бүт ааламдар карашты.
Атактуу Жалал-Абадда
Алыстан карап баратты.
Жеткенде шаардын четине
Жүрөгүнө таң атты.
Дөбөнү көздөй озунду,
Комузун күүлөп отурду.
Акынга койгон эстелик
Өлбөстөргө кошулду.
Токтогул - алоо өчпөгөн,
Токтогул - сеңир чөкпөгөн.
Токтогул - ыйык байтерек,
Картайбай миң жыл көктөгөн.
Түбөлүк акын ак таңдай,
Күн сүйүп, нурун чачкандай,
Жашайт ар бир жүрөктө
Бактысын эли ачкандай.
САЯКБАЙ
Саякбай эске түшкөндө
Ысык-Көл толкуп жаткансыйт.
Нарын кирип ташкансыйт.
Манас баштап чабуулду,
Коңурбай шашып качкансыйт,
Каңгайдын күнү баткансыйт.
Саякбай айтса «Манасын»,
Туралбай түтөп жанасың.
Алтымыш дастан, жүз миң ыр,
Ошол чер токой арасын
Аңтарып түгөл көргөндөй,
Аябай жыргап каласың.
Биз үчүн нурдуу жылдыздан,
Дастандарды ыргыткан.
Саякбайлар кийин да,
Чыгышаар бекен кыргыздан?
ЭРКЕСАРЫГА
Эркесары, эй, укмуш Эркесары!
Колдоруңду карады элдин баары.
Күүлөрүңдөн жалжылдап көрүнгөнсүйт
Кер муруттуу жигиттин сүйгөн жары!
Комуз чертип отурсаң, Эркесары,
Кайра келип калгансыйт Ниязалы.
Теңегим жок өзүңө дыңкылдатып
Чертмек боорун тырмаган кунасаны.
Эркесары, чертип кой «Кетбуканы»
Элдин баары чогулду күү укканы,
«Күлүп турат» дедиртсең, отуралы Супа салсын, биз жатпай кыштын таңы!
ЖЫШ ЖАРА
Жароокер сулуу кыз бала
Жүрөктү тилээр устара.
Арзыган менен жетпесең,
Ал тийген жүрөк жыш жара.
Жара кылбай жүрөктү
Жаштык кез качан тим өттү?
Телмирген селки көздөрү
Темиркулду жүдөттү...
«САРЫ БАРПЫ»
«Сары Барпы» күү кандай
Ниязалы таңшыткан! Муңун айтып тургандай
Уккан жанды жашыткан...
Чертмек боорун каратып,
Батырат ойго ар башка.
Алсыратып баратып,
Чакырат кайра кармашка.
Бошошкон жанды чыйралтат,
Нымшыган бойду сергитет.
Чаалыкканды эс алтат,
Талпынтат көккө, эргитет.
Чокуп сал дейт көздөрүн
Тойбогон ач көз жыландын.
Энчиси эмес өзгөнүн
Булбул уя шыраалжын!
Учкун дейт эркин кыргыйдай,
Көтөрөт бийик асманга.
Өзгөчө узун шыргыйдай
Өмүр тилейт жаш жанга.
Ойлоймун: «укса бул күүнү
Тирилер өлүп бараткан!
Көрсөткөн экен үлгүнү
Ушул күүнү жараткан.
Уккан сайын эс алам,
Укмуш күү куштай сайраган!
Уккан сайын жашарам,
Он бешке келип кайрадан.
Бактылууга өткөн күү
Бактысы жок муңдуудан.
Жадасам да булбулдан,
Жадабайм муну угуудан.
«Сары барпы» күү кандай
Ныязалы таңшыткан!
Укмуш күү чыгып тургандай
Өмүрдү сүйгөн ашыктан!
САЙРА ТАҢШЫП
Таңшы, комуз, сайра, сайра!
Таңшыт күүнү кайра, кайра!
Кыргыз күүсү укмуш кандай
Уксун бүт эл айланада!
Жашыл жайлоо кулак түрдү,
Ким тыңшабайт мукам үндү!
Сайра таңшып, таң калтыр сен
Таң атканда чыккан күндү!
Шаңкылдай бер, таңшый да бер,
Кумар канып жазылсын чер!
Жан эргиткен кыргыз күүсү
Бүт дүйнөгө кулачың кер!
АЛАЙ ХАНЫШАСЫ ЖӨНҮНДӨ
Хан Курманжан датканын
Кап-кара сулуу чачтарын,
Көк көлдөн чыккан кундуздай
Кулпунуп турган жаш чагын
Сүрөт кылып тартпадым,
Дастан кылып жазбадым,
Жомок кылып айтпадым
Бүркүт конгон асканын.
Сен баскан жолдон баспадым,
Сен ашкан тоодон ашпадым
Тар кыяда колума
Тийген жок сенин чачпагың.
Тойлорго бирге барбадым,
Ушул чыгар жалжалым
Күйүтү күчтүү арманым?
УКМУШТА ЖОК
(Чыңгыздын юбилейине)
Оюма алсам Чыңгызды,
Ойлоймун бүткүл кыргызды.
Олтурсам Чыңгыз жанына
Өзүмдү сезем сыймыктуу.
Акындан ашкан акын бул,
Алмаз учкан закым бул.
Он миң жыл турса дат баспас
Укмушта жок алтын бул.
Келбети айтсам адашпай,
Кеңдиги кеңкол Таластай.
Кең көкүрөк, кең далы,
Турушуң айкөл Манастай.
Уулу бул менин жергемдин,
Уулундай бардык элдердин.
Күн болуп Чыңгыз күлүңдөп,
Көз майын алат көргөндүн.
Ар кимдин ою бурулган
Алгыр куш учкан туурдан.
Атагы болду кыргыздын
Ай-ааламга угулган.
Керемет уулду бул өңдүү,
От болсо да өчпөгөн,
Сактайлы чеки сөздөрдөн
Сактайлы чекир көздөрдөн!
ЭЛҮҮГӨ ЭЛҮҮ КОШУЛСУН
(Стамов Асанбекке)
Айланайын Асанбек,
Айта турган казал көп:
Үмүт үзбөй жүрөмүн
Өлбөс бир дастан жазаар деп, Чьщгыз баскан тоолордун
Далайынан ашаар деп.
Алмаз, алтын кенде бар,
Адамдык сапат сенде бар.
Айткан чындык сөзүңдү
Баалоочу калыс элде бар.
Ак жолборстой айбаттуу,
Азамат эрсиң кайратуу.
Көз жетпеген аскарсың,
Сүрүңөн душман жалтансын!
Элүүнү көп жаш ойлобо,
Боз жигит деген айтаар чын.
Жүзгө толгон тоюнду
Эсентур баатыр башкарсын!
БОЛСО МҮМКҮН
(Каракеевдин 50 жашына)
Адамдын сын-сапатын кайра баштан
Оңдоого болсо мүмкүн жазып дастан,
Курмандай тыкан туруп чачылбастан,
Курманча байкап иштеп шашылбастан,
Курманга окшоштуруп көбүңөрдү,
Күлкүдөн жарык кылып өңүңөрдү,
Кайрадан калыпка куюп жасамакмын.
Ой, анда ар бир жигит талдап, иргеп,
Окшотуп барып турган кейпин киймек
Көтөргөн элдин жүгүн азаматтын.
Ой, анда ар бир жигит куудул сүйлөп,
Ойчулдун өрмөгүнүн жибин түрмөк.
Болсо да түркүн түйүн, чатыш, иймек,
Ар кимдин ичин көрүп, күчүн билмек.
Жаңылбай нурун чачкан кышында да,
Күн мисал ар убакта калыс жүрмөк.
Жан тартпай уулуна да, кызына да,
Күзгүдөй тунук, таза өмүр сүрмөк.
ЖООМАРТКА
Дулдул элең чуркай чыккан жашыңан,
Булбул элең мукам үндүү башынан,
Элиң сага эстелигин тургузду
Өзүң сүйгөн кыргыз тоонун ташынан.
Эсиңе да сенин мактап жазганың,
Сүйүп карайт жалын жүрөк жаштарың.
Ысык-Көлдүн толкунундай көрүнүп
Түрмөктөлүп тармалданса чачтарың...
Мактанышат Пушкини деп кыргыздын,
Гүлү эле дейт биздин жыргал турмуштун,
«Гүл турмушту» күн үч убак ырдашат,
Ушул жаштар сени кантип унутсун.
Ыр ойлонуп өзүң баскан бир учур,
Гүл оронгон Дзержин көчөң дал ушул.
Кубандырат ушул жерде жадырап,
Гүлгө оронгон булбул куштай турушуң.
«АЛТЫН КЫЗЫҢ», «ЧЫНАРЫҢ»
Бир уядан бир чыккан,
Бир талпынган, бир учкан,
Бүркүтү элең асканын.
Канатымды кайрылтып,
Кантейин мени таштадың.
Бир үнгө салып ырдашкан,
Бир гүлгө конуп сайрашкан.
Булбул элек окшошкон, Парнаска учуп барууга,
Парнастан ыр, күү алууга
Талапкер элек кол созгон.
Учуп жетип коңгуча,
Ойлогон ой болгуча
Канат какпай кошулуп,
Жүрөгүмдү сыздатып,
Мөңгүдөн кыйын муздатып,
Токтодуң, курбум, озунуп.
Эл кубанып караса:
Эки гүл элек жанаша,
Сен, солуп, мына, мен калдым,
Бийик өскөн көкөлөп,
Бир талдын эки шагы элек,
Сен сынып, мына, мен калдым.
Чак түштө тийген күн элең,
Мезгилсиз баттың: бул эмнең,
Башыма тоодой кайгы үйүп?
Нес болдум кулак укпай сөз,
Тунарды көрбөй кара көз,
Караңгы тартып ай күйүп...
Жок, жок, мен көп жаңылып,
Жүрөгүм канап сабылып,
Ботодой боздойм кур-бекер,
Өзүң жазган ырларың,
«Алтын кызың», «Чынарың»
Мүрзөңдүн үстүн гүлдөткөн!
КЕРИМБҮБҮ ШОПОКОВАГА
Керимбүбү, аманбы?
Келип көрдүм, жаманбы?
Бактылуулар макташат
Биз жашаган заманды.
Ушул жыргал заман го
Баатыр кылган адамды?
Аман болгун, баатырым,
Мен өзүңдүн жакының
Бул жерден биздин үйгөче
Көп болсо он беш чакырым.
Келип, кетип жүргүнүң,
Менин жок сөзүм жашырын.
КЕРБАБАЕВГЕ ОДА
Көргөн жокмун өлгөнүн,
Тирүүсүндө көргөнмүн.
Окугам, жазган китебин,
Алгамын бир топ өрнөгүн.
Өткүр эле Берди ага,
Отурчу эмес иш барда.
Жакын эле кыздарга,
Жал-жал көз сулуу уздарга.
Сөз айтканга эптүү эле,
Куштай сызып жетчү эле,
Кыргоол түспөл селкини
Кыргыйдай серпип кетчи эле.
Астынан чыкса айпери,
Айтаар сөзүн жаттаган,
Артын көздөй качпаган.
Артык эле башкадан.
Буйга жактан көрүнсө,
Бура тартып түз барган.
Калтар чач жымсал кыздардын
Качан бирин куткарган?
Өктөм эле Берди ага,
Эми жок, ошол эр кана?
УЛУКМАНДЫ ЭСКЕРҮҮ
(Ахунбаев жөнүндө)
Ыйса менен жылдарды өткөргөмүн.
Кызмат десе чыдабай өрттөнгөнүн,
Узартам деп, өмүрдүн кыска жолун
Ойлонгонун уктабай көп көргөмүн.
О, күн нуру, чак түштө жаркылдаган,
О, көк жолборс, эч жерде тартынбаган!
Сүрөт болдуң жакшыраак тартылбаган.
Жомок да сен, жеткире айтылбаган.
Кыйшайганды оңдогон чебер элең,
Миң тамырын жүрөктүн билген терең.
Жардам берүү адамга керек болсо
Жүгүрбөстөн, үйүндө чиренбеген.
Укмуш элең, улаган үзүлгөндү,
Сенин колуң кай ишти бүтүрбөдү?
Кубанычка айланткан канча жолу
Коркунучту сыркоонун жүзүндөгү.
Баатыр элең, эр элең барып турган,
Өлүп бара жатканда айыктырган.
Улукмандын өзү элең адамдардын
Үмүт отун өчүрбөй жарык кылган.
КОШ, ГАПАР!
Сулуулукту кол менен жараткан эр,
Суктандырып далайды караткан эр.
Баштаганын бүтүрсө ойлогондой,
Жүрөгүнө күн тийип, таң аткан эр.
Булбул мекен гүлзардан неге качтың?
Тойго бара жаткандай кайда шаштың?
Сен сүйгөнсүң көгүлтүр Ысык-Көлдү,
Көк шибери көйкөлгөн жашыл төрдү.
Сени сүйгөн уулум деп кыргыз эли,
Сүйүнткөндө эмгегиң жазып черди.
Сен жашайсың өзүң тарткан сүрөттөрдө,
Сен жашайсың сени сүйгөн жүрөктөрдө.
КОШ КУКЕ
(Маликовго)
Жаш чагыңан бер жакка,
Эмгекчи эле жатпаган.
Көкүрөгү, көөдөнү
Өз үйүнө батпаган.
Залкар эле тоодон чоң,
Бир көргөндү ойлонткон.
Өжөр эле тынбаган,
Түн уктабай ырдаган.
Сөзмөр эле башкача,
Сөзүн уккан жыргаган.
Бекем эле болоттон,
Ийилбеген, сынбаган.
Отко салса, от кечкен,
Ташка салса, таш кескен.
Өткүр эле кылычтай,
Шилтегенде жалт эткен.
Оозунда сөзү мол эле,
Сөзүнүн күчү зор эле.
Булбул мекен багында,
Сайрап турган чагында
Кандай кырсык туш болду?
Кабыргабыз кайышты,
Калкагар тоо майышты.
Томпойду бейит казылган,
Алып тынды асылган.
Алгыча шашты шум ажал,
Ач көздүгү ашынган.
Эл үчүн керек деген жок,
Эл үчүн кайгы жеген жок.
КОШТОШУУ
(Раззаковду эскерүү)
О, кичине кыргызым!
Качкандай бакта булбулуң,
Баткандай көктө жылдызың
Дүйнөдөн кетти бир уулуң Ат салбаган астына
Айтылуу Исхак дулдулуң.
Жар эле бийик - көчтү да,
От эле күйгөн - өчтү да.
Аттанган алыс жолоочу,
Аз токтолуп өттү да.
Оңойбу эрден айрылуу,
Ала-Тоо бүгүн кайгылуу.
Акылынын тереңи,
Ысык-Көлгө тең эле.
Казса бүткүс кен эле,
Көсөмдүгү тири укмуш,
Чечендиги тири укмуш,
Карааны тоодой эр эле.
Сел болуп акты көздөн жаш...
О, тагдыр, мынча бооруң таш?
Жакшыны жакшы дебейсиң,
Мынчалык неге мээриң аз?
Ажыдаар болуп ачуулу
Качырбасаң не болот?
Алууга жакшы адамды
Шашылбасаң не болот?
АРГА КАНЧА
(Бейшеналиева менен коштошуу)
Ак куу качты Соң-Көлдөн, Ысык-Көлдөн,
Көз кайгыткан көрк качты жашыл төрдөн.
Жылдыз учту кыргыздын асманынан,
Караганга жарыгын чачып көнгөн.
Жомоктогу сыйкырчы эмес белең,
Бийлегенден бир да кыз теңешпеген,
Кыяк таңшып, күү чыккан буттарыңдан
Укмуштардын укмушу элестеген...
Сен өлбөдүң, Бүбүсара, күн жашынды.
Сулуу гүлдүн үстүнө чым басылды.
Бүт дүйнөнүн ыр болгон каухарына
Берет белек биз сенин бир башыңды?
Арга канча? Айрылып калдык сенден,
Сендей уздар жыл сайын өнбөйт жерден,
Бирок үмүт сооротот ыйлаганды,
Сен окшогон чыгар деп кыргыз элден...
АЯЛГА
Ыйыксың, ак шумкардын түнөгүндөй,
Назиксиң, акындардын жүрөгүндөй,
Сулуусуң жыпар жыттуу бак гүлүндөй,
Көркөмсүң уздун соккон килеминдей.
Жакшысың кан бир жерден таралгандай,
Ынаксың жаныбыз бир жаралгандай,
Тартасың электрдин кубатындай,
Көзүңдө махабаттын кенчи бардай.
Таттуусуң өзүң куйган канттуу чайдай,
Кененсиң ырыскы жол биздин жайдай,
Тазасың таштан аккан тоо суусундай,
Жарыксың күн менен ай бир чыккандай.
Ысыксың жайкы күндүн илебиндей,
Жакшысың жаш баланын тилегиндей.
Кымбатсың асыл заттын көп жериндей,
Өзүңдүн бак өстүрчү эмгегиңдей.
Жайлуусуң айдың көлдүн кемесиндей,
Аппаксың таңкы чолпон денесиндей,
Тунуксуң бүт дүйнөнүн күзгүсүндөй,
Улуксуң баатырлардын энесиндей.
Турмуш бар сен бар жерде, кубануу бар,
Өмүрдүн чырагысың жанып турар.
Дүйнөдө жан бир болсо, жармы сенсиң,
Эмгектеш, мен - ашыгың, сен сулуу жар.
КОРГОЙМ СЕНИ
Кыйын учур келгенде сактануучу,
Сактабаймын өзүмдү, сактайм сени,
Жактабаймын өзүмдү, жактайм сени.
Сен экөөбүз бүтүрсөк бир жумушту,
Мактабаймын өзүмдү, мактайм сени,
Күндүз күнүм, чырагым түндө жанган!
Аягандан, сүйгөндөн, кызгангандан,
Баардык болчу күнөөдөн актайм сени.
Ойлобоймун өзүмдү, ойлойм сени.
Осол сөздөн, ушактан коргойм сени.
ҮШҮТПӨСӨҢ
Кулпунасың жоогазындай жаздагы,
Балбылдайсың таңкы чолпон жылдыздай.
Жалжылдашың күндүн шоола чачканы,
Тамшантасың бейиштеги үр кыздай.
Оюм туткун, жаным туткун өзүңө,
Сенден оолак кеталбаймын эч кайда.
Алгын мени кошуп шаңдуу көчүңө,
Сен жок болсоң үй жок мага эч жайда.
Бооруңа тарт, жылыт мени, жалжалым,
Үшүтпөсөң кайдан болсун арманым.
АЛИ КҮНГӨ
Мен да мурун кырчын талдай толгонмун,
Түк калбагам театрдан, кинодон.
Достор менен татып көргөм көп жолу
Нечен таттуу, нечен сонун винодон...
Көп ичпегем, мас болгомун жаштыктан,
Көйрөңдүктөн, акыл эсим аздыктан.
Али күнгө алалбаймын оюмду
Кыздын чачы уйпаланган жаздыктан.
Ошол бир кез эске түшсө кылт этип,
Кырчын жаштык көрүнгөнсүйт жылт этип
Жел ыргаган жалбырактай дирилдеп
Жүрөк бийлеп, жүрөк ырдайт күү чертип.
АШЫГЛЫК
Бирде таттуу, бирде кычкыл ашыглык,
Азабымды тарткының дейт асылып.
Капкан салат, торун жаят азгырып,
Капка ташка калалбайсың жашынып.
Жашынбастан, алдын тоскун озунуп,
Азабың тарт, жыргалын көр кошулуп.
Алса чырмап ак жибектей созулуп,
Торуна түш, туткуну бол бой сунуп.
СЕБЕБИ СЕН
Ойлой-ойлой баш катырдым, себеби сен.
Кирпик какпай таң атырдым, себеби сен.
Жанчып салган жылан окшоп дарманы жок
Жыйрылалбай сулк жатырмын, себеби сен.
Сагынычтуу ырлар жаздым, себеби сен,
Суу ичкендей өңдөн аздым, себеби сен.
Ашуу аштым, жол да бастым, себеби сен,
Арак ичпей кээде масмын, себеби сен.
Уйку бербей кыйнагандай менби касың?
Ой түбүнө чөгөргөндө не табасың?
Болсоң кантет таалайлуу ыр, себеби сен,
Сагындырып кууратпастан, карындашым!
СЕНСИЗ
Сен бар жерде баары бар.
Кубаныч, жыргал, бак-таалай,
Күндүз - күн, түндө - аппак ай!
Сен жок жерде астым жар,
Кең дүйнө жалгыз мага тар.
Сенсиз-үйүм караңгы,
Эрибей - кетпей муздак кар,
Кыш түшүп жалгыз мен үчүн
Жаткандай каптап жер жүзүн,
Жабыр тартып жүрөгүм,
Жалгыздык сезип жүрөмүн,
Жагалмай куштун өзүмүн
Жүдөгөн таппай түнөгүн...
АЗЫР БОЛСО
Сени көрсөм эстеймин жаш чагымды,
Сен жаткан үй эшигин ачканымды.
«Тармалым» деп ар качан сылачу элең,
Тартиби жок үрпөйгөн чачтарымды.
Сулуу болгон эмесмин мен эч качан,
«Сулуу жигит» дечүсүң калп айтпасам.
Сага сүйкүм көрүнгөн мүнөзүм да,
Сандыраган сөз айтып, кыйшактасам...
Мен жаш элем чарчоону түк билбеген,
Жаккан оттой жалбырттап турчу денем.
Азыр болсо сен мени: «Кет!» дейт элең Аңшаңдаган эмесиң кайдан жүргөн?..
ДА БИР ЖОЛУ
Токоюнда Аркыттын жүрдүк эле
Кубалашып, суу чачышып күлдүк эле,
Уктук эле куштардын сайрашканын,
Ошол жыргал бир эле күндүк беле.
Көп жыл өттү арадан бак гүл ачкан,
Акындар да жазышты эң көп дастан.
Чач агарттык экөөбүз ар кай жерде,
Ошол бойдон көрүшпөй кайра баштан.
Жалынына сүйүүнүн күйсөк деймин,
Жайдак өткөн жылдарга күлсөк деймин.
Токоюнда Аркыттын да бир жолу
Баягыдай гүл жыттап жүрсөк деймин...
ЖАЛТЫЛДАП КОЙ!
Көздөрүңөн, жан эркем, жалжылдаган,
Таңда чыккан чолпондой балбылдаган.
Азоо элем, канаттуу тулпар элем,
Оңой менен укурук салдырбаган.
Сени көрүп эсимден тана жаздым,
Бир ай ачка калгандай өңдөн аздым.
Курубайын ажалдан мурун өлүп,
Түшкү күндөй түз карап нуруң чачкын!
Экөөбүзгө түшкөндөй жаңыдан той,
Жел козгогон атластай жалтылдап кой!
КЫЗ ОЮН ЫРЫ
0, кыз бала, мени сүй,
Тандабастан мага тий.
Алсаң мына жүрөгүм,
Өзүң эге, өзүң бий.
Белиңдеги куруңмун.
Мойнуңдагы шуруңмун.
Капа кылбайм эч качан,
Ак жүзүңдүн нурумун.
Издегендей кезиктиң,
Ак нерсеге жетикмин.
Киериңе көйнөкмүн,
Кирериңе эшикмин.
Кирсең эшик ачамын,
Чыксаң бирге басамын.
Айсыз түндө жолуңа
От болуп жарык чачамын.
Базарыңа барамын,
Көтөртпөй жүгүң аламын.
Очоктон күлүң чыгарып,
Отуңду өзүм жагамын.
Көркүмүн гүлдүү чагыңдын,
Көтөрчү мөмө шагыңмын.
Кышкысьга жылуу үйүңмүн,
Жайкысын салкын багыңмын.
О, кыз бала, мени сүй,
Тандабастан мага тий.
Алсаң мына жүрөгүм:
Өзүң эге, өзүң бий.
КӨП КАРАБА
Күздө түшөт дарактын жалбырагы,
Күтөт жыгач мезгилди алдыдагы.
Жазда кайра көгөрөт, гүл жамынат,
Булбул сайрап шаңдантат ар жьш аны.
Өткөн күнүн адамга көрмөк кайда,
Жолдон кармап түк эч ким бербейт кайра.
Бырыш басат беттерди, чач агарат,
Өмүр жазы аттанат келбес жайга.
Калат сенин жаштыгың балдарыңда,
Конот булбул балаңдын чарбагына.
Көп караба суктанып андай болсо,
Көз жетпеген тоолордун ар жагына.
АЙТСАҢЧЫ
Убада сөзүң бекемби?
Оюма салдың неченди.
Узун жомок дүйнөдөн
Убайым тартып өтөмбү?
Айыктырбай жараны,
Азаптын тагы калабы?
Жүгүргөн жетпей, тоо гүлүн
Буйруган бирөө алабы?
Азапка салбай жанымды,
Айтсаңчы бир сөз жагымдуу!
ТҮБӨЛҮК БОЛСО...
Сен жакшысың жалжалым,
Сен барда түгөл мал-жаным.
Сен карап турсаң жанында,
Оюну жакшы балдардын.
Сен турган жупун үй жакшы,
Сен токуган чий жакшы.
Теңтуштар курган үлпөттө
Сен аткарган бий жакшы.
Сен баскан жол эң жакшы,
Сен гүл эккен жер жакшы.
Сен экөөбүз бир барып
Карагат терген чер жакшы.
Сен ойлоп чыккан кыр жакшы,
Арналган сага ыр жакшы.
Түбөлүк болсо канаке
Экөөбүзгө бул бакты!
САГЫНУУ
Унутпасаң азабын айрылуунун,
Таарынбагын, сен мага таарынбагын!
Айтуу кыйын сөз менен кургуруңдун,
Көрбөй көпкө өзүңдү сагынамын.
Сагынуудан азаптуу эч нерсе жок,
Күчтүү кайгы, ал өзү күчтүү кайгы.
Отко кактап жаныңды, чокко тосот
Табалбайсың эс алып турчу жайды.
Секунд сайын ойлоймун бир өзүңдү,
Желбир жибек, кыз эрке мүнөзүңдү.
ЖОМОК ӨҢДҮҮ
Таң атканча кирпик какпай сүйлөштүк,
Кээде жаным, шапар тептик, бийлештик.
Бирок сенин ак бетиңен оппөдүм,
Кечирип кой менден өтсө билбестик.
Укмуш элең, ачылган ак гүл элең,
Чаңкай түштө көз уялткан күн элең.
Сөз айталбай канча жигит сүрдөгөн,
Бактылуумун дебедиби бир көргөн.
Ал сонун кез учуп өттү зымырап,
Азыр айтсам жомок өңдүү угулат.
АМАН ЖҮР, МЕНИН БЕРЕКЕМ
(Сооронбайдын 50 жашына)
Акын сенсиң булбул тилдүү,
Акын сенсиң арген үндүү.
Кыл кыяктын дал өзү сен
Күү таңшыган түркүн түрдүү.
Жарашыктуу байтерексиң
Жалбырактуу, күлгүн гүлдүү.
Жаш баладай кебетең
Поэзия кени экен.
Төгүлүп турган ырыңа
Кучагым жетпейт ченесем...
Күчүң жетсе миң жылга
Аман жүр, менин берекем!
УБАГЫНДА
Кызыл гүл элең - соолупсуң,
Кыз элең - жубан болупсуң.
Сыр бербей басып кетчү элең,
Соолуган кезде жолуктуң.
Жалжылдабай жалдырап,
Жүрөгүмдү ооруттуң.
Убагында ар нерсе:
Убагында келбесе,
Тилегиңди эңсеген
Убагында бербесе Өтөт бары кайрылбай
Эскерүү калат кайгыдай.
ЖУК КАЛБАПТЫР
Сен билесиң, өзүң менен катташпагам,
Бир да жолу сыр билгизип кат жазбагам.
Бирок сени ойлочумун «бул бир асыл
Алтын окшош түк эч качан дат баспаган».
Балбылдаган чолпон элең көгүмдөгү,
Өзүң элең мен сүйгөн гүл көңүлдөгү.
Кайда калды, перизатым, бир көргөндү
Туткун кылган күн чырайың өңүңдөгү?
Бүрүшүпсүң гүлдөн бетер үшүк урган,
Беттериңде жук калбаптыр кызыл нурдан.
Кайдан мага жолуктуң сен? Токтотоюн
Сага жаштык гүл сунса да ушул ырдан...
КАРАНСАҢ КАРАН
Күзгү бар жүздү көрсөткөн,
Көрсөткөн бурбай жакынды.
Бирок жок күзгү сулууга,
Күн түспөл аппак нурдууга
Көрсөткөн терең акылды.
Бар болсо сүйүү күзгүдө,
Карансаң каран, жаш сулуу,
Тарансаң таран, жаш сулуу!
О, жаш сулуу бактылуу,
Жок да бирок жигитсиз
Кыз көңүлүн азгыруу...
***
Чөнтөгүмдө, жүрөгүмдүн үстүндө
Жүрөсүң сен, алып көрөм мен күндө,
Жаныңда мен, жаркырайсың, күлөсүң.
Жетет дебе, бул сен эмес, сүрөтүң.
***
Түндө жатып уктасам
Түшүмө кирдиң Зукешим.
Ойгонсом жалгыз мен жатам,
Элестейт көзгө тиктешиң.
Ооба, сен алыс үйдөсүң.
Билбеймин кандай күндөсүң,
Кандай күндө жүрөсүң?
***
Куттуктаймын, сегизинчи мартыңды,
Бир жүргөндө билбептирмин баркыңды.
Ортобузда он айчылык жол жатат,
Ойлоп сени, карап көрсөм артымды.
Жүрөгүмдү сүйүндүрүп ким айтат:
Кайра барып көрөмүнбү алтынды?
ГҮЛДЕСТЕ
Кээде менин түшүмө да киресиң.
Бак аралап, мени менен жүрөсүң,
Жал-жал карап, жан эритип күлөсүң.
Жазыгы жок, арсак бала мүнөзүң.
Жагымдуулук, жароокерлик, сулуулук
Бардыгына татычудай бир өзүң.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 05