Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 07

Total number of words is 4310
Total number of unique words is 2424
29.1 of words are in the 2000 most common words
42.6 of words are in the 5000 most common words
48.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Туруктуу болсо сөзүңүз,
Көрөсүз урмат өзүңүз:
- Келиңиз, - дешет кичүүлөр Келиңиз, төргө өтүңүз!
Туруксуз болсо сөзүңүз,
Туугандар да кел дешпейт,
Кадамыңыз төргө өтпөйт,
Бир адам урмат көргөзбөйт.
***
Булут күндү жашырат,
Бузук чынды качырат.
Бузукуну жок кылсаң,
Чындыктын күнү ачылат.
Жабыр тарткан алсызга
Жарыгы тиет чачырап.
***
Жылан сага дос болбойт,
Ийилип урмат кылсаң да,
Ак чачып көңүл бурсаң да,
Ийинде бирге турсаң да.
***
Сырын билбей бирөөнүн
Сыр каптын оозун чечпегин.
Жолуна дарбыз экпегин.
Иштеп күчүң жеткенин,
Дардалаңдап кетпегин.
Жакын менен жакын жүр,
Алыс менен алыс жүр,
Бирок дайым калыс жүр!
***
Эскерсем да мен өзүм,
Баягы бала мүнөзүм.
Мүнөзүм ээлеп алганбы?
Жаш кездин куунак дүйнөсүн?
Картайсам да мен өзүм,
Картайбайт жазган ыр сөзүм.
Өзгөрбөс, өчпөс боёктор
Ырыма өтүп жүрбөсүн?
Жашаш керек түк саргайбай, арчадай,
Сүйүү керек сулуулукту чарчабай.
Сулуу кызды мөлтүрөгөн алчадай,
Сүйгөндөй сүй ары-бери калчабай!
Өтөт сызып жаш өмүрүң арманда,
От чачуудан калсаң кумар таркабай.
***
Качкан куш мисал, о мезгил,
Калтырдың мынча көңүлдү?
Өчүрдүң кызыл өңүмдү,
Бүтүрдүң мүлжүп сөөгүмдү.
Бирок менин ырыма
Тишиң өтпөйт. Төгүнбү?
***
Ээ эңсеген калыстык,
Көз жетпеген алыстык.
Канчалык калыс болсоң да,
Жеңип кетет тааныштык...
***
Кармаш менен өмүр өттү, ал ырас,
Көп нерседен куру калдык, дагы ырас.
Кур калбадык тоодой бийик таалайдан,
Күн астынан көрүнгөнгө табылбас.
Ыраазы бол, Кубанычбек, ушуга,
Эл жактырган эмгегибиз карыбас.
***
Урук кууган дагы эле көп кыргызда,
Өз уругун көтөрөм деп жылдызга,
Жанын сабап кыйналганга күлөсүң.
Кайдан жүрүп ага жетмек - кол кыска.
Азамат уулу, камын жесең улуттун,
Кырк урууга бөлүнгөндү унуткун!
***
Өзүмчүл болсо жолдошуң
Өзгөнү кайдан колдосун.
Бириндеп жүргөн туугандын
Бирдигин кайдан ойлосун.
Алакандай кыргызды
Алты бөлгөн оңбосун.
***
Таза сүйүү мөлтүр суудай башаттагы,
Унуттурат мурун тарткан азаптарды.
Ооба, сүйүү өз боюна бириктирген
Адамдагы баардык жакшы сапаттарды.
Бооркеч кылат. Сезгич кылып жүрөгүңдү
Элге сүйкүм көргөзөт ал гүл өңүңдү.
Алымсынбай кулак менен укканга,
Жүрөгүмдү төшөй салам ырыңа.
Эс аламын ыр отуна жылына,
Чөмүлөнүп көздөрүңдүн нуруна.
***
Ачылган күндөй жаркырап
Сен күлсөң көөнүм ачылат.
Караңгы үйдүн төрүндө
Сен өзүң күйгөн шам чырак!
***
Күн нуру менен бирдейсиң,
Килемге түшкөн түрдөйсүң.
Анан неге, жалжал көз,
Мени карап күлбөйсүң?
***
Колуңа башын катпастан,
Бекинип үйдө жатпастан,
Ачыкка чыккан сүйүүнү
Айтпайт эч ким: «Дат баскан».
Чыныгы сүйүү чирибейт,
Эскирбейт, сүттөй ирибейт...
***
Сен менин сүйүү дайрам толкуп аккан,
Сен менин сүйүү көлүм чалкып жаткан.
Сен менин жайкы салкын жумшак желим
Желбиреп жап жыргаткан баардык жактан!
***
О, жаш сулуу! Мени мынча карайсың?
Дейт бекенсиң: «Сен эмнеге жарайсың?»
Билем, билем, менден бир аз жаш жанга
Жагына албай ар күн чачың тарайсың...
***
Жетимиш жашты унутуп,
Көп ойлойм сени уу жутуп.
Темиркул энеси Кайнар менен, 1940.
Темиркул Үмөталиев, 1933.
Темиркул кызы Жамал, жубайы Зуура менен, 1948.
Т.Үмөталиев жубайы Зуура менен, 1948.
Жазамын арман ырларын,
Көзүмдүн жашын кылгыртып
Азабын, тартам билбейсиң
Алымды сурап келбейсиң.
Мынчалык неге бооруң таш,
Кезиксем салам бербейсиң?
***
Көп карап отту көзүңдү
Унутуп калам өзүмдү.
Балбылдаган көздөрдөн
Алчудан бетер өчүмдү, Карачу болдум чарчабай,
0, сулуу бышкан алчадай!
Агарды чачым, сакалым,
Кийгизип кебин атанын.
Өзбек акыны Зульфия,
Кыз, келин менден уялат,
Кандайча көңүл ачамын?
Жаштыкты ченеп аз берген,
«Жараткан», сага капамын.
Боз жигитке сылык бол, силкип, какпай,
Кокус калса бир жерден иши жакпай.
Эгер сунса, жок дебей, алгын колун,
Кардан муздак сөз менен бетке чаппай.
Адам уулун кордосоң, кор болосуң,
Кадырыңды сыйлаарга киши таппай.
Сенден эч ким эч качан корунбасын,
Сен өзүң да турмуштун торундасың.
Киши болсоң сөзүңдөн сенин айткан
Түк эч кимдин көңүлү оорубасын.
Жаман десең жолдошту жакын жүргөн.
Андан жаман бирөөгө жолугасың.
***
Алы начар арыкмын,
Отурган үйдө карыпмын.
Кече күнү кеп басып,
Аябай чарчап калыпмын.
Пайдасыз ойго берилип,
Тургум келбей эринип,
Жашоо үчүн күрөштө
Калган өңдүү жеңилип.
***
Сексенден ашкан чагымда
Кыргыздын гүлзар багында,
Күү чертип, обон созомун,
Ыраазы болбой ак ырга.
Кыз, боз улан ыр жандуу
Бардыгы менин жанымда.
***
Асыл өмүр, кайран жаш
Алыс калды көрүнөт...
Кайгыргандан жардам аз,
Көзүмдүн жашы төгүлөт.
Кабырга сөөгүм кычырап,
Тигишинен сөгүлөт.
Темиркул, чөкпө, кайраттан!
Калкагар тоодон мал баккан
Кыргыздын кыраан уулусуң.
Кой төлүн ырдай жайнаткан
Эч нерседен коркпогон
Эрдигиңди карматсаң...
Дагы көп жыл турасың,
Далайга жетет кулачың.
Көрүнгөн тоодой өзүңө
Көңүлүн көптүн бурасың.
Аркыттан булбул үн салат,
Аны сен жыргап угасың.
Көп жашоо болсо керээзиң
Балдарыңа бересиң!
***
Арак-шарап ичпедим,
Тамеки да, чекпедим.
Үйрүлүп түшүп балдарга,
Үйдөн алыс кетпедим.
Ырдадым элдин бактысын,
Комуз болду черткеним.
Ушуну билген айылда
Урмат-сый болду жеткеним.
***
Башка келсе көрмөк бар,
Туулмак бар, өлмөк бар.
Тирүүсү ыйлап өкүрүп,
Өлгөнүн көргө көммөк бар.
Жакшы болсо артындан
Жакшы сөз айтчу өрнөк бар.
Алмашпай турган алтынга
Өрнөгүң калсын артыңда!
***
Атың Айдай, өзүң күндүн нурусуң
Күн десе күн, нур десе нур - сулуусуң,
Жалт карашың от жакчудай сезимге,
Аскадагы ак маралдай турушуң.
Көргөн сайын арнап сага ыр жазам,
Кыялымда сени менен бир басам...
***
Ачкадан эч ким өлгөн жок,
Ач көздүктөн алган бар.
Арсыздын күнүн көргөн бар
Абийрин көргө көмгөн бар
Жаркылдап күл, боз улан
Жакшы сөз чыксын оозуңдан!
***
Айлуу түндү шат кылып,
Ак кыз салган каткырык.
Кер Мурат, мырза бозойду
Калганы го жактырып?
Ак чөлмөк оюн башталсын,
Ак кыз барып башкарсын!
Кызытуучу оюнду
Ким болоору такталсын.
Кыз, боз улан жанашсын,
Күлкү менен таң атсын!
Бактыга толгон айлуу түн
Бүт ааламды каратсын!
Көп болсо ак кыз, боз улан
Жакшы сөз чыккан оозунан,
Ырдап, комуз черткен го
Мен дагы барып кошулам.
***
Түн катып, ыктуу жерде өтүк чечкен
Ит жатыш, мырза туруш кетпейт эстен.
Ах, чиркин, кайда калдың гүлгүн жаш чак,
Айтаарга сөз табалбай жаным дешкен?
***
Өмүр оту өчпөй турган нерсе эмес,
Пайдаланып калууга шаш жарыгын!
Эмгек менен бакыт жибин узун эш,
Кенен казгын жыргал турмуш арыгын!
Жаштык оту өчпөй турган нерсе эмес,
Жылынып кал, жакын отур жанына.
Жазылбасын, сүйүү жибин бекем эш
Чымын болуп коно калгын балына!
***
Жылкынын эти дары деп,
Чүйгүн оокат ары деп,
Казы, карта, жалды жеп,
Узартчудай көңүлдү,
Көтөрсөк бир аз көңүлдү,
Жакшы экени төгүнбү?
***
Көгөрөт кыргыз асманы,
Көп көрдүм бийик асканы
Көз алдымда жыбырайт
Көк белдин түркүн таштары.
***
Бел ашып жылкы карашат.
Бул кездин шайыр жаштары.
Сен окшойсуң, жалжал көз
Тагдырдын мага жазганы?
Карагым келбейт тигилип
Бир өзүңдөн башканы.
***
Мекенди сүй элди сүй,
Тиккен талың көктөсүн!
Бузулбасын эч бир үй,
Жанган чырак өчпөсүн!
Эч ким бекер жатпасын,
Күн түбөлүк батпасын!
***
Ар кимдин укпай ушагын,
Аттап өт койгон тузагын!
Бурулуш дебей, маарага
Басып жет жолдун узагын!
Баракелде, уулум деп.
Бак берди жайсын кучагын!
***
Күчүк баксаң, ит болот,
Итте сасык жыт болот.
Жүрсөң иттин жанында,
Кайдан сага кут конот?
Коделек баксаң, эшек болот,
Эшигиңе тезек болот.
Тезек жыттап отурганча
Шашпай ойлоп сөз корот.
Баксаң адам уулун бак,
Алкыш сөзү угулат.
Адамдай адам демине
Эт жүрөгүң жылынат.
Ит болбой, уулум, адам бол,
Арам болбой, адал бол!
***
Көп көрдүм, айлуу түндөрдү,
Көп уктум, мукам үндөрдү.
Көп аралап, көп бастым
Кулпунган жыттуу гүлдөрдү.
Мен көргөндүн бардыгы,
Жүрөгүм менен биргеби?
ТУРАМЫН ЧЫДАП
Өткөрдүм баштан далайды,
Көп коркуп көзүм алайды.
Жалган сөз, ушак жалаадан
Жүрөгүм күйүп карайды.
Жалакордун тумшугун
Жампайта койсом жарайбы?
Барына чыдап турамын,
Сексен жашта, курагым.
КОЙСО ЭКЕН
Окуганым газета,
Акыркы кабар дүйнөдөн:
Иштери алга жүрбөгөн
Көп жерлерде дүрбөлөң.
Көп жерлерде чыр-чатак
Көңүлүңдү муздатат.
Кара көз, сулуу селки да
Күлгөндү билбей, суз тартат.
Дүйнөдө тынчтык болсо экен,
Эл чатагын койсо экен.
ЭЙ, НАВОЙИ!
Шаңдуу чыгат добушуң.
Өзбек жери конушуң?
Ким бул бакка кондурган
Сен сыяктуу тоо кушун?
Алынгандай накылдан,
Ар сөзүң терең акылдан.
Сени бул кептерканага
Ким болду экен чакырган?
Кептер учса ыр калды,
Узатып сансыз жылдарды.
Эй, Навойи, өзүңдө
Жан билбес башка сыр барбы?
Түшүнүктүү сөздөрүң
Сөзүңдөй эмес өзгөнүң.
ШИЛТЕМДЕР
Айта турган арзым көп,
Бере турган карзым көп.
Ынтымак жок айылда
Жактоочум аз, каршым көп.
Чыдашым керек, чыдашым,
Чыдамкай менин бул башым.
Ойлогонум: бул баштан
Бир да мүйүз сынбасын!
Тойлогондо миң жашын,
Токтогул таңшып ырдасын!
Какшытпа, калкым, актоонун
Кашка суу аккан жылгасын.
***
Атыр жыттуу гүл сонун,
Ай чалкыган түн сонун.
Ааламды жарык көргөзөт,
Алтын кирпик күн сонун.
Күлкүсүнөн баланын
Күч кошуп, кубат аламын.
Кашатта турган бөбөктү
Кайрылып канча карадым.
Бакыраң көз, жөлөгүм,
Баарынан сонун өнөгүм.
«Бас, ары жогол тентек», - деп,
Мен ага кайдан көнөмүн?
***
Кечикти, мынча кечикти,
Дагы ким жолдон кезикти?
Кубантып кирип келээр деп,
Караймын улам эшикти.
Дарыгерим кубатым,
Дарым сен белең бир атым?
Күйүп бышкан карыпка
Көөнүңдү качан бурасың?
***
Жүрөгүң неден сыгылып,
Жүрөсүң кайдан жыгылып?
Азап тарткан окшойсуң
Аңгекке башың тыгылып?
Бутуң да сынып ыйлапсың,
Буркурап үнүң угулуп.
Көргөн ким бар Абдыны?
Кымындай абийир калдыбы?
Тойгон жерде чоросуң,
Тоо таянып коносуң,
Тоодон таруу оросуң.
Торсоюп бир аз толосуң.
Баш шылк этсе - молосуң.
Бат эле унут болосуң.
***
Көп сайраган күкүктүн
Сайраганы токтолот.
Койгондой бирөө ноктолоп,
Тили катып жок болот.
Чактап сайра күкүгүм,
Бүгүн турсун бүтүнүң!
Бассам да араң кыбырап,
Сексен жыл өттү зымырап.
Канча көп тоого урунуп,
Келер чак турат шыбырап.
Өткөн иш кайра келмек жок,
Алганын эч ким бермек жок.
Коё тур, тагдыр, шашпа деп,
Соодалашуу менде жок.
Жүр деген жакка барамын,
Кал десең үйдө каламын.
***
Кыргызым, деги качан оңолосуң?
Үңкүйсөң ушул бойдон жоголосуң.
Атырыл, алдыга жүр, кылчактаба!
Ыргыткан ташың өйдө тоголонсун!
Манастын урпагысың, тукумусуң,
Мизиң курч, бардык кезде учуң узун.
Асканы бузар күчтүү жасакыл бол!
Ардагым, сен жөнүндө бүтүм ушул.
***
Деним соо кезде жатпасмын,
Кыйындыктан качпасмын.
Айтып салам досторго,
Бүгүн кечке кат жаздым.
Болгун барың саламат!
Болбосун жерде алаамат!
Түгөл турсун жемиш бак,
Тепселбегин карагат!
Чырпыкты доол ийбесин,
Бөбөккө суук тийбесин.
***
Той дүң болсо жергеде,
Күлүк ат туйлайт кермеде.
Жар чакырат чоң акын
Башынан ыктуу термеге.
Булбул болуп сайрайт ал,
Бак болуп мөмө байлайт ал.
Ачылган гүлдөй жайнайт ал.
Эл эмгегин ырдасаң
Айтканың болот бир дастан.
Өмүр чиркин, бир атылган ок тура,
Алыс учаар таалай кушу жок тура.
Жетимиш жыл бир күнчөлүк байкалбай,
Бейит калат, суу акпаган коктуда.
Бийик баалап, өмүрүңдүн бир күнүн,
Адам менен адам окшош жүргөнүң!
***
Каалагандай эркин учкан шумкар элем,
Арасында жүрчүмүн учкулдардын.
Сен түшүрүп торуңа туткундадың,
Ошол күндөн бул күнгө куткарбадың.
Ушундайбы, сулуунун адат-салты
Же тилине кирдиңби, бузгандардын?
Томоголуу боз куштун алы канча,
Күн өткөрдүм капаста карыганча...
***
Сайларда суу комуз тартып,
Күн асманда оттой жанат.
Өмүр өтүп бара жатып,
Ыр угулса, токтой калат.
Өтпөй жаштык, өз ордунда
Жүз жыл турса... атаганат.
КЕРЕК БОЛСО
Мен эч качан, эл байлыгын чачпаймын,
Жоодон коркуп, эл кампасын ачпаймын.
Ар жыл сайын мөмө берген алманы
Өстүрөмүн, көбөйтөмүн, сактаймын.
Сүт бербеген уйду көпкө бакпаймын,
Пайдасы көп бардык ишти жактаймын.
От кечемин, тайгак жолдон өтөмүн,
Кыйын кезде, коңулга баш катпаймын.
Көл токтотуп, плотина курамын,
Канал казып, чөлдөргө суу бурамын.
Бирок, достор, өзүм үчүн эмес бул,
Мен ар дайым, бүт эл үчүн турамын.
Керек болсо, тоодон тоого аттаймын,
Бардык жерде эл ишенчин актаймын.
***
Ой - узун жол, аягына жеталбай,
Ой-чоң дайра, жүрөк даап качалбай
Олтурамын, толгон токой суроонун
Кур дегенде бир түйүнүң чечалбай.
Атын атап, эсеби жок көп иштин,
Бирок көрбөй эч биринин жеңишин
Өткөн азбы? Көп катырбай башыңды
Жемиш багын өстүрө бер эл үчүн!
ОСУЯТ
Эсте болсун ар качан эки нерсе:
Биринчиси - эл алдында карызыңды эсте!
Экинчиси - нар төөдөй талбай иште!
Эмгегиңди эл баалап - урмат кылса,
Кубанарсың баладай карган кезде.

II БӨЛҮМ
ПРОЗАЛАР
1. АВТОБИОГРАФИЯ
Бир жактан болуш бийлер алкын бузуп, болбогон жерден бей-бечараны айыпка
жыгып, колундагы бирин эки малын тартып алышса, экинчи жактан соодагер
сүткорлор күчөп, тыйынын сомго, сомун койго айлантышып, элдин терисин эки кабат
сыйрып турган кезде - 1908-жылы, азыркы Жаңы-Жол районуна караштуу Төө-Жар
деген кыштоодо, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулдум.
Менин атам Үмөталы, өз оокатына тың, колунан көөрү төгүлгөн уста, болгондо да
баары жоктун барын иштеген: күмүштөн ар кыл буюм жасаган зергер, жыгачтан ээрыңырчак, аяк-табак, кереге-уук, түндүк жасаган, кайыштан ат жабдыктарынын баарын
жасаган, тон, кементай жасаганды, өтүк ултарганды билген, шырдактын оюмчиймелерин кыйын билген оюмчу Эсеналынын уулу болгон. Бирок ал (Үмөталы)
атасынан бир дагы өнөр үйрөнгөн эмес. Менин энеме үйлөнгөндөн кийин эле
атасынан бөлүнүп чыккан. Башын жерден албай иштегенден башканы билбеген, жоош
киши болгон. Бир танап да сугат жери болгон эмес. Кайрак жерге буудай, арпа эгип,
жайды-жайлата чөп сактаган. Адегенде 15-20 эчкиси, бир аты, бир өгүзү, бир эшеги
болгон. Үйүн айыл менен кошо жайлоого көчүрүп жиберип, өзү бир эшеги менен
кыштоодо кала турган. Төө-Жарда эгин сугарууга эмес, ичээрге суу жок болгондуктан,
жарым күндүк жерден барып сууну чаначтарга же көзөгө (карападан жасаган өзү чоң,
оозу тар идиш) толтуруп ташып келише турган. Эшек ошол суу ташыганда керек
болгон.
1913-жылы азыркы Таш-Көмүрдөн Кетмен-Төбөгө жол салуу жөнүндө сөз болуп,
ыстарчындар жана элүү башылар кишилерди жолго айдайт. Ар ким өз азыгы, өз
кетмени же лом темири менен барууга аргасыз болот. Иштегени үчүн акы төлөбөйт.
Кыйыктанган кишилерди ыстарчындар сабашат.
Жазгы баар болгондо,
Көк чымырап толгондо
Оёздон отуз кат келди:
Кабактын жолун каз деди.
Каяша кылган кедейдин
Жонуна камчы тарс деди.
Экөө бара бир атка
Учкашкандар көп болду
Элүү башы чыр салып,
Мушташкандар көп болду, деген ырлар пайда болот. Кетмен-Төбө менен Таш-Көмүрдүн ортосундагы «Кабактын
жолу» деп аталган ошол чуулгандуу жолду курууга менин атам Үмөталы да барат.
Бирок, бир нече күндөн кийин качып кетип, айыбы үчүн кийин өгүзүн берип араң
кутулат. Эшеги болсо өзү качканда, ошол өзү минип барган жолдо калып жоголот.
1916-жылы беш үйгө бирден мендикер (эмгек армиясына киши берүү) түшкөндө,
ага биздин айыл үчүн Эсеналынын кичи уулу Сеңкибайды (менин атамдын иниси)
жиберишмекчи болот. Бирок Сеңкибай качып жоголот. Болуш-бийлер чоң атамды
айыпка жыгышып, анын бардык малын талап алышат. Атасынын малы менен кошо
талоонго Үмөталынын жалгыз аты да кетет. «Бул менин атым» деп талашса да,
Ташыкул болуштун жигиттери болушпай алып кете беришет.
Ошондон кийин Үмөталы кайрак жерге буудай айдоо түйшүгүнөн да кутулат. Андан
кийин ал Төө-Жарды таштап, Жүзүмжанга, менин энемдин төркүнүнө баш калкалап
барат да, ошол жерде туруп калат.
Менин энем Кайнар азыркы Жаңы-Жол районуна караштуу Жүзүмжан кыштагында
турган Кубат деген мергенчинин кызы болгон. Өз атасы эрте өлүп, өгөй атасы
Конушбайдын колунда чоңойгон. Таянем ырчы, жомокчу аял болгон экен. Жүзүмжан
бозокорлордун кыштагы болуп саналат. Комузчу, ырчы көп болот. Менин таякем Үрүс,
эл аралап ырдабаган менен, анча-мынча ырчыны ченине жолотпогон киши - бозонун
ырчысы. Жеңижок деген ырчы ошол Жүзүмжан кыштагында туруп, ошол жерде өткөн.
Менин өзүмдүн энем Кайнар ырды, жомокту көп билген, эмнени болбосун бир
укканда жат кылып алган зээндүү киши эле.
1917-жылдан 1918-жылга караган кышында чоң атам Эсеналы да биз менен бирге
Жүзүмжанга кыштады. Кыш катуу болду. Мал кырылды. Кандайдыр бир оору
жайылып, малдан киши көп кырылды. Аны эл ушул кезге чейин кара тумоо деп
эскерет. Ошол кара тумоодо бары кырылды: чоң энем, Сеңкебай абам, өзүмүн атам,
Айтбүбү аттуу карындашым алүштү. Чоң атам, өзүмүн энем катуу ооруп айыгышты. Жаз
болоюн деп, сайлардан суулар агып калган эле. Биздин үйдүн эшигинин алдына
кишилер толуп кетти. Керимкул, Биримкул деген бийлер келишти. Урушкансып катуукатуу сүйлөшүп жатышты. Анан чоң атам бир четке, Үрүс таякем экинчи четке барып
олтурушту. Биримкул деген бий ордунан туруп: «эжең, боз үйү менен сенде калат» деп
апамды колунан жетелеп барып Үрүс таякемдин жанына отургузду, «неберелериңиз
сиздин өзүңүзгө тиет», - деп мени, менин иним Өмүркул менен карындашым
Айкүмүштү (экөө тең кийин өлүп калышты) бүжүрөтүп жетелеп барып чоң атама
тапшырды. «Үмөталыдан он бир эчки калыптыр, төртөө сизге» деп чоң атама карады,
андан кийин: «төртөө сага» деп таякеме карады. «Үчөө бийдин акысы», - деп сөзүн
бүтүрдү. Апам мени карап, мен апамды карап, жулунуп бакырып өкүрүп ыйладык.
(Иним менен карындашым унчугушпай эле олтурушту. Анткени алар эмне иш болуп
жатканын түшүнүшкөн жок). Үнүбүздү уккан, кез жашыбызды керген киши болгон жок.
Ошол учурда Таласбай абам (атамдын иниси) келип калды. Ал Тегене кыштагында,
аялынын төркүнүндө жүрө турган. Ал бир чолок куйрук таргыл өгүз минип келген экен,
ага чоң атамды мингизди! Чоң атам Өмүркул менен Айкүмүштүн бирин өңөрүп, бирин
учкаштырды, биз Таласбай экөөбүз эчкилерди айдап жолго түштүк. Чоң атамдын үйү
тигилген бойдон ордунда калды (кийин аны алган албаганы да эсимде жок). Тегенени
көздөй бара жатканбыз. Жарым жолдон мен кайра Жүзүмжанга апамды карай качып
жөнөдүм. Таласбай мени кууп жөнөдү. Жолдон чыгып адырма-адыр качтым. Таласбай
жетип кармай турган болгондо,
аскадай болгон бир кызыл жарга түшө качып, жардын ортосуна туруп алдым.
Таласбай жардын башына келип турду. Ал эми алдап чакырды: «энең курусун, ал
эрге тиет, өгөй ата сени кууратат. Чоң атаңдын колунда, менин колумда жүрсөң кор
болбойсуң. Кежирлик кылбай бери чыгып кел», - дейт. Ага мен болбойм. Андан ал
мени коркута баштады: - «өлтүрөм, таш менен ыргыта коём!» Мен андан да
коркподум. Ал кесек менен, таш менен ура баштады:
- Келесиңби же жокпу?
- Барбайм, барбайм дедим - барбайм. Бир маалда мистенин дүмүрүнө окшогон бир
нерсени ыргытып жиберди, башымды калкалай бергенимде, дүңк деп түшүп, мойнум
үзүлүп кете жаздады.
Бир кезде көзүмдү ачсам күн батып бара жаткан экен. Жардын түбүндө Таласбай
мени алдына алып ыйлап олтуруптур. Ал мени ыргыта койгондо, жардан кулап түшүп,
эсим ооп калган экен.
- Кежирлик кылба десе болбойсуң, мен сени Кайнарга кайта бергиче өлтүрүп
таштаймын. Түшүндүңбү? - өлтүрүп таштаймын.
Ушуну айткан Таласбай өзү ыйлайт, анын көз жашы менин бетиме тамчылайт.
- Эми качпаймын, - дедим Таласбай экөөбүз жетелешип жолго түштүк. Тууган, ак
сүтүн эмизген, тогуз жыл агып торолткон өз энемден ажырап, андан башка жашоо үчүн
кетип бара жатамын. Чын эле... чын эле ажырадым (энемди ошол 1918-жылы
ажырашкан бойдон 1938-жылы издеп таптым).
***
Чоң атам, мен, менин эки бир тууганым Таласбайдын үйүндөбүз. Таласбайдын
өзүнүн да эки баласы бар экен. Анын үстүнө Таласбай үйдөн карыш чыкпаган, жүгөн,
куюшкан жана камчы өргөндөн башка эч иш кылбаган киши экен. Чоң атам үйдүн
жыгачын жасап сатат, кыз-келиндерге шакек, сырга, билерик жасап берип, кээ бир
кишилерге тердик, жүгөн, куюшкан жасап, өтүк ултарып берип акы алат. Ошондо да
анын тапканы бизге жетишпейт. Сүт катыктаган жүгөрү жарма биздин эң жакшы
оокатыбыз болоор эле.
Таласбайдыкында бир жылча жүрдүм. Кийим жыртылды, бут жыңайлак калды.
Иним менен карындашым андан бетер курсактары чыт болуп оттун боюнда жылаңач
олтурушат, жылуучулукта болсо топуракка оонашып эшикте отурушканы отурушкан.
Таласбай өзү да, анын аялы да күңк-мыңк этишип бизди сөз кыла башташты. Өз
балдарына тамакты жашырып-жаап берип, бизди бөлөктөй турган болушту. «Ач
арбак», «албарсты», «атасын жуткан желмогуз», «куу жетим», «шүмшүк», «куу
тумшук» деген сөздөрдү эми биз ар күнү укчу болдук. Ал турсун ыгы жок эле жерден
кыйыктап ура турган да болушту.
Бир күнү бир топ киши келип, жаңжалдашып жатып, Таласбайдын чолок куйрук
таргыл өгүзүн жетелеп кетишти. Көрсө, бир жыл мурун, Тегенеге жаңы келгенде, чоң
атам өзүнүн оокаттуу кабырга тууганы Эгембердиден бир пуд жүгөрү карыз алган экен.
«Бир пуд жүгөрүнү жазында септирсем, азыр кампа толгон эгин болот эле» деп
эсептеп жатып, ошого Таласбайдын жалгыз өгүзүн алыптыр. «Тууганчылыгың үчүн
калганын кечтим» деп Эгембердинин барк-барк эткени ушул кезге чейин кулагыма
угулгансып турат.
Таласбай атасы (менин чоң атам) экөө кыжылдашып уруша турган болушту. «Мен
жүгөрү карыз албайт элем. Куураган жетимдерди багам деп жүрүп, мени журтта
калтырдың, жалгыз өгүзүмдөн ажыраттың», - дейт Таласбай. Чоң атам байкуш
кылмышкер кишидей башын жерге салат да олтурат.
Бир күнү чоң атам Осмоналы дегени кишини ээрчитип келди: «сен ушул абаңа бала
болосуң. Жакшы киши, сени өз баласындай эркелетет» - деди мага. «Курсагым тойсо
эле болгону» деп ойлодум да, унчукпастан, Осмоналыны ээрчип кете бердим.
Осмоналы, аялы, анан жаңы баскан кызы болуп үч баш киши экен, жалгыз чоңоюп
калган инисин Супатай деген байга койчулукка салып коюптур. Өзүнүн бир бээси, бир
ую, он бештей эчкиси бар экен. Анын үстүнө Супатайдын жеринен арендага алып
жүгөрү, таруу эгет экен. Аялы экөө тең күн-түн тынбай иштешет. Мен алардын кызын
көтөрүп, үйүн карап жүрдүм.
Бир жылдан кийин, 1920-жылы болсо керек, Осмоналы жалгыз үй отуруп, мени
эчки кайтартып койду. Тегененин капчыгайында арчалуу тескейде эчкилерди жайып
турсам, кулактары тикчийишкен эки чоң көк дөбөт жетип келишти. Эчкилер үркүп
качты, дөбөттөр кууп жөнөштү. Мен коркуп кетип үйдү көздөй качып жөнөдүм.
Үйгө келсем эчкилердин жарымы менден мурун үйгө жеткен экен. Осмоналы аялы
экөө эшикке чыгышып үрпөйүшүп турушкан экен:
- Эмне болду? Эчкилердин жарымы кайда?
Мен көргөн-билгенимди айтып бердим. Осмоналы мени көмөлөтө бир муштап,
кокуйлаган бойдон капчыгайды көздөй чуркады. Мени үйдү карап тур - деп коюп, аялы
да артынан жүгүрдү. Көк дөбөттөр дегеним карышкырлар экен: эчкилердин ар бирин
ар сайга жарып салышыптыр. Бир эчкини тарпын койбой жеп, жети эчкини өлтүрүп
кетишиптир. Эт батпай калды.
Осмоналы менин оозу-мурдум кан жалаганча уруп, кууп жиберди. Бирок, чоң
атамдын койнуна бир эле түнөдүм. Эртеси Азык деген киши келип: «бул баатыр
биздикинде жүрсүн» деп чоң атамдан сурап алып кетти. Азык өзү соодагерчилик
менен эки жакка көп кеткен киши экен. Үйүндө өгөй энеси, бир койчусу, жаш аялы бар
экен. Койчусу болсо кой менен жайытта болот, өгөй энесине өзү ишенбеген киши экен.
Мени аялына аңдуучу кылып койду. Мен эмне билмек элем: кечке жаным тынбай
үйдүн ар кыл жумуштары менен убараланам да чарчаймын, түндө болсо өлгөн
кишиден бетер уктаймын.
Азык бир жакка барып келгенде дайым мас болуп келе турган. Ал бозого аракты
кошуп ичүүчү. Анын келишин күтүп турушуп, аялы менен өгөй энеси ага бирин-бири
жамандаша турган. Ал кээде аялын, кээде өгөй энесин уруп коюучу. Ошондо да ушак,
бирин-бири жамандоо токтолчу эмес. Азык мас болгондо аялын уруп, андан кийин
менин тапшырмамды аткарбайсың деп, мени да урчу болду. Жарым жылча араң
чыдадым да, качып кеттим. Үйгө дагы эле көп тура албадым. Молдо Ормотой деген
киши келип учкаштырып кетти. Ормотойдукунда кадимкидей койчу болдум. Анын
200дөн ашык кою жана эчкиси болор эле, ошону кайтарар элем. Жылкылары менен
уйлары да көп, аларды баккандар бөлөк кишилер эле. Жетимдикти да, жокчулукту да
ошол Ормотойдукунан көрдүм. Жаздан тартып, кечки күзгө чейин бир гана таар
көйнөкчөн жүрөр элем, бут ар дайым жылаңайлак. Кеч күздөн тартып жазга чейин
эчки териден тигилген тонум жана куур шымым болор эле. Күн жааганда тери тон
жибип аябай шөлбүрөчү. Күн ачылганда кулдурап катып, аркама жыйрылып, курсагым
ачылып кала турган. Бутума уйдун чылгый баш терисин ороп, жип менен чырмап
таңып алар элем. Кыштын күнү кара катык жүгөрү жарманы эртең менен жана кечинде
ичер элем. Эртең менен койду айдап бара жатканда Ормотойдун бөкчөйгөн картаң
энеси Камка кемпир, актаган таруунун кебегин сууга умачтап туруп, өмүрүндө
жуулбаган эски кир жоолукка ороп берер эле, менин кечке кой жайып жүрүп жей
турган гүл азыгым ошол болучу.
Жайдан тартып, кечки күзгө чейин айрандан башка тамак көрчү эмесмин.
Ормотойдун ашканасында нан толуп тураар эле, бирок андан мага тийчү эмес. Эт тезтез эле боло турган, бары бир мага тийчү эмес. Арткан сорпону итке куйчу, иттен артса
мага беришчү, артпаса сорпо да жок. Жумасына эки же үч жолу палоо басышаар эле,
бадырайган ак күрүчтөр майга жана этке аралашып менин көз алдымда демделер эле.
Бирок мен алардын даамы кандай болорун билчү эмесмин.
Жайдың күнү Ормотойдун кымызы суудай көп болор эле, бирок мен анын даамын
татып көргөн эмесмин. Кымыз ичсе уктап калат деп берчү эмес. Ал турсун койдун
жуураты мас кылат деп аны да беришчү эмес. Мага эчкинин же уйдун айранын гана
беришчү.
Мен жазында кой төлдөгөн айларда жыргачумун. Кой тууганда аны саап, чөбүнө
ууз бышырып жечүмүн (куурайдан жага коюп, жалпак таштын үстүн ысытып, сүт
толтурулган каканакты ошого коё койсо, ууз сүт сап-сары быштак болуп бышат, ал
абдан даамдуу болот).
Жайында өрүк, алма, жаңгак, жүзүм (баары жапайы) бышканда экинчи жолу
жыргачумун.
Ырды, жомокту айтар замат үйрөнүп алчумун. Ал турсун Молдо Ормотойдун
кыраат келтирип окуган сүрөөлөрүн да үйрөнүп алчумун. Жаагымды жанып
ырдачумун.
Каптал жерге кош салса
Туйлабаган кош өгүз
Капталдан ары бир чапса
Ыйлабаган кош өгүз
Кысталышта ээсин
Кыйнабаган кош өгүз
Ушинтип, өгүз жөнүндө, эчки жөнүндө, төө жөнүндө ар кимден үйрөнүп алган
ырларымды кайра кишилерге ырдап берер элем. Кийинчерээк «Манас», «СаринжиБөкөйдү», «Олжобай менен Кишимжанды» аз-аз айта турган болдум. Ошондон кийин
Ормотойдун үйүнө келишкен коноктор мени ырдатышып, анан эт жешкенде мага
устуканын беришчү болушту.
Ормотойдун Ысак, Ысрайыл деген эки уулу бар болучу. Ысак менден бир жаш улуу,
Ысрайыл менден бир жаш кичүү болучу. Шаардан алдырган бир молдо аларды окута
турган. Анын убакты сааты жок эле. Эртең мененден тартып эле жаткыча молдо ошол
эки бала менен кужулдашып олтурар эле. Тамак ичип жатып да «Алип-бээ» деп
кыйкырып отуруша турган. Чоң, чоң жазылган ариптерди астына жайып коюшуп, узун
камыш калем менен ар бир арипти сайып көрсөтүп окушар эле. Кечинде улагада от
жагып отуруп, эки көзүм ошолордо боло турган. Кээде мен да оттун күлүн өзүм жакка
тартып, алаканым менен аны таптап жайып, анан сөөмөйүм менен же от
ичкерештирген көсөө менен күлгө жазып: «алип», «бээ» деп ичимен окуп олтурчумун.
Жай күндөрү түштө кой саадырганы келгенде Камка кемпирге койду желиндетип
коюп, үйгө жүгүрүп кирип, Ысак менен Ысрайылдын окушканын карап тура тургамын.
-Темиркул! Козуну сал, -деген кыйкырык чыкканда кайра өз ишиме чуркап калар
элем. Кээде «сен кой саадырганды жакшылап окусаңчы» деп уруп коюшчу. Ага деле
болбостон тырышып жүрүп, аны-муну тамтаңдап окуп калдым.
Бир күнү айылда той болду: Осмонбек ажынын иниси Үмөталы кекиртек деген
кишинин кызына той түшүптүр. Кечинде четтеги бир үйгө кирип, кыдырата отурушкан
кишилердин аркасында улагада туруп турдум. Менин алдымда бирөө жампайып
отуруп эт туурап жатат эле. Бир кезде ал: «бычак сеники беле» - деп сурады менден,
жакшылап карабастан эле «меники» дедим. Андан кийин ал жакшынакай макинин
учуна томпойдой этти сайып мага узата берди. Мен шашып эшикке чыгып, этти жедим,
макини бүктөп таар көйнөктүн чөнтөгүнө салдым. Улам бир үйгө кирип, элдин арт
жагына турганда, макини акырын чыгарып, оттун жарыгына карап көрөмүн. Кичине,
чоң болуп үч бычагы, шибегеси, бурамасы бар өтө кооз маки. Короодо топтолушкан
балдардын жанына барамын, ал жерде да улам-улам макини колума алып,
кайра чөнтөккө саламын. Бир маалда карасам эле маки жок. Жанымда турган
балдардан көрдүм: «ой, менин маким жок, бергиле, силер эле алдыңар» деп безилдеп
жибердим. Алардын кээ бирлери карганышып чөнтөктөрүн көрсөтүштү, кээ бирлери
мени түрткүлөшүп, сөгүштү. Бир бала «сенин макиңди Өмүрбек алып кетти» деди.
- Кайсы Өмүрбек?
- Атаярдын Өмүрбеги.
Ичим жаман ачышты. Бирок кылар айла жок эле. Өмүрбекти издеп таба албадым.
Сакенин кыштоосу деп аталган, бузулган тамдардын жанына бир күнү кой жайып
бардым. Үстү түшүп, дубалдары бүтүн турган бир тамга кирдим: дубалдын ички
боорлору кооздолгон, оймо-чийме эң көп текчелери бар. Бир текчеде жыйылган
китептер чаң басып турат, баарын ачып көрүп жатып арасынан эскирген, баш-аягы жок
бир аптээк таап алдым. Ошондой китепти Ысак менен Ысрайылдан көрүп жүргөмүн,
аптээк экенин да билемин. Ал турсун ар кай жеринен эжелеп окуганды да билчүмүн.
Чаңын сүртүп тазалап, койнума катып алдым. Талаада жолуккан, аттуу бара жатышкан
кишилердин ичинен кат билгендерин таанысам эле болду: акебайлап жалынып жатып,
аптээктен жарым же бир барак окутуп, анын бир жазууну кандай окуганын тирмейип
карап турамын. Ошентип сабак алып каламын. Анан ошол баракты кечке бир нече
жолу кайталап окуп үйрөнө беремин. Окуганымды жат кыламын, ар бир сөздүн кандай
жазылганын, кайсы сөздүн кандай ариптерден турганын байкап, унутпай тургандай
кылып үйрөнөмүн.
Бир күнү аптээгимди Ысакка көрсөттүм, билген жерлеримди окуп бердим.
- Сен муну кайдан алдың? Окуганды кантип үйрөндүң? – деп сурады ал. Барын
жашырбастан айтым бердим. Анан андан мага сабак берип жүргүн деп сурадым.
Бирок ал:
- Сен молдо боломун деп жүрүп койлорду жоготосуң. Муну ташта, болбосо
молдокеме (атасын молдоке дечү) айтамын деди.
Аябай корктум. Аптээкти кайдан алсам, ошол жерге алып барып, өз ордуна коёмун,
молдокеме (мен дагы Ысак менен Ысрайылды ээрчип, Ормотойду молдоке дечүмүн)
айтпагын деп жалдырадым. Ал макул болду.
Бирок мен аптээкти катып жүрүп окуй бердим. Үйгө жакындаганда таштын
үңкүрүнө бекитип коюп, эртеси кой жайып чыкканда кайра алчумун.
Ысактар окуган молдодон Үмөталы табак (Тегенеде Үмөталы табак, Үмөталы
кекиртек, Үмөталы бака баш, Үмөталы этке тойбос деген кишилер бар эле) дегендин
уулу Жанаалы да окуп жүрүүчү. Ал жалпайган чоң сары бала эле, тилин жартысынан
тиштеп сүйлөгөн тантык болучу. Бир күнү ошолордун үйүнүн жанынан кой жайып өтүп
бара жатып, эшигинин алдында турган Жанаалыны көрдүм.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 08