Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 05

Total number of words is 4216
Total number of unique words is 2594
23.8 of words are in the 2000 most common words
35.5 of words are in the 5000 most common words
42.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ай, күн, жаз, жай барын кошуп ширеткен
Укмуш заттан жаралгандай ким өзүң?
Болуп жүрбө, баягыда, бир кезде
Бооркеч тагдыр мага-сунган гүлдесте?
ОЙНОБО
Ойлобостон, оокат жөнүн, үй жөнүн,
Ойлобостон, миң кызыгын дүйнөнүн,
Жалбырттатып жүрөгүмдүн жалынын,
Жал-жал көзүм, жалгыз сени сүйгөмүн.
А, сен болсоң, абалымды билбедиң,
Адам ойлоп, көзүңө да илбедиң.
Узун түндө кирпик какпай, көк тиктеп,
Азап тартуу энчим болду бир менин.
Мейлиң, мени ойлобосоң ойлобо,
Бирок, жаным, жүрөк менен ойнобо!
ГҮЛАЙЫМГА
Айчүрөк түспөл Гүлайым,
Айтканыңды угайын.
Ак жүзүңдү сүйкүмдүү
Ар дайым карап турайын.
Жерге жарык нур төгүп,
Жүз миң жыл жаша ылайым.
Жакшылык кыл деп, адамга,
Жараткан сени кудайым.
Өмүр күнүм батканча
Өзүң деп какшап ырдайын.
Өлтүрсөң өзүң өлтүргүн,
Тапшырба мени башкага.
Дарыгерим унутпа,
Унутуп шорум курутпа!
ЖАЛТ ЭТИП КОЙ
Кезигебиз. Баягыдай карабайсың,
«Жанымсен»,- деп жалбарганга жарабайсың.
Тиричилик тушоо болуп, кечиккенди
Түшүнбөстөн, таарынган баладайсың.
Унуттуңбу, укпай толгон ушактарды,
Тепсеп өтүп, алар тарткан тузактарды.
Гүл жыттанган бак аралап, айлуу түндө
Үйүңөче мен өзүңдү узатканды?
А, мен болсом, жүрөм барын унутпастан.
Элжиреген жүрөгүмдү суутпастан.
Кур дегенде, айтып койсоң болбойбу:
Эмнеликтен ай жүзүңдү булут баскан?
Жалт этип кой, жарк этип кой, жалжалым!
Кайгы күчөп, курубасын дарманым.
КАРГОО
О, жалжал көз! Бооруң таш сенин мынча?
Канча жолу айылыңды араладым,
Бир жолу да мен жакка карабадың,
Салам берсем, аликке жарабадың.
Канча жолу сени мен коштум ырга,
Канча жолу сага мен жалдырадым.
Сен тоготпой, чыкпаган калды жаным,
Жардан учкан тайлактай шалдырадым.
Арап болсом, мен сени каргайт элем:
Артында кал сыйлаган дос-туугандын,
Бардыгынан кийин кал тааныгандын.
Бүт дүйнөгө угулсун наалыганың!
Цыган болсом, мен сени каргайт элем:
Тоодон аккан суулардын бирин кечпей,
Жел уңшуган талаага эч бир жетпей,
Узак жана тар үйдө, эркин кетпей!
Бирок сага, кыргызча тилегеним:
Сүзүп өткүн, өмүрдүн сүйүү көлүн!
Жылгасында күн тийген Ала-Тоонун
Жаша тооктой ээрчиткен жөжөлөрүн!
ЖИГИТТИН ЫРЫ
Келе жаткан жолуңду тоссом деймин,
Салам айтып, колумду созсом деймин.
О, жалжал көз, жаш сулуу перизаттай!
Жүрөгүңө жүрөгүмдү кошсом деймин.
Алыс кетсең артыңдан барсам деймин,
Убадаңды тезирээк алсам деймин,
Кайра келбей, ал жакта тураар болсоң,
Мен да сенин жаныңда калсам деймин.
Айтчы жаным, сөзүңдү айтчы бачым,
Көлдөй толкун, күйүтүм ташыбасын.
КАЙДА
Кызыл гүл элең солупсуң,
Кыз элең, жубан болупсуң.
Кадыркечим, сырдашым,
Кандай күнгө жолуктуң?
Жалжылдап күлгөн наз кайда?
Жылыткан жанды жаз кайда?
Кечиксем бир аз, көзүңдөн
Кылгырып чыккан жаш кайда?
Бузулбас бекем сөз кайда?
Болжошуп чыккан кез кайда?
Ак чөлмөк оюн, айлуу түн.
Калбаганбы эч кайда?
КАРЫЛЫК
Курусунчу карылык
Күлбөйсүң маңдай жарылып.
Карабайсың ааламды
Кайгы-муңдан арылып.
Үңкүйөсүң көп кезде
Бүткөндөй дүйнө тарылып.
Кайра келбейт жаш чагың
Күтсөң да жүз жыл зарылып.
Кайгырба көп, кайгырба,
Карыганды ар кылба.
Мен ушундай элем де,
Эр жигит көрсөң ай-жылда.
ДҮРДАНА
Ак жүзү айдай Дүрдана!
Ыр арнап сендей дилбарга,
Колуңду коө бербестен,
Бир жүрөм узак жылдарга...
Жароокер сулуу жалжалым,
Сен болсоң сүйүп алганым,
Бул дүйнөдө эч качан
Болбосо деймин арманым.
Боконом бошоп, шалдырап,
Кетпе бекем дарманым?
Каңырык түтөп айтканды
Көңүлүңө албагын!
Чолпон сары жылдыздай,
Перизатым, ардагым!
КЫЗДЫН ЫРЫ
Сен өткөндө тереземдин түбүнөн,
Кыялымда арт жагыңдан жүгүрөм.
Кокус ана узап кетсең, кылчайбай,
Бир секундка үмүт үзөм, түңүлөм.
Бирок кээде күлүп карап турасың,
Бери кел деп жайылгансыйт кулачың,
Гүлүң да бар үзүп келген бакчадан...
Сурасамбы «качан үлпөт курасың!»
Оюң болсо, зарылтпай айткын бачым,
Сага тартуу ай жүзүм алтын башым!
УНУТАЛБАЙМ
Кайра баштан уланчудай үзүлгөн,
Кара көзүм, кетпей койдуң түшүмдөн.
Жыргал сезем, калбаса да эч бир жук
Биз экөөбүз чогуу көргөн үзүрдөн.
Үзүлгөндү улаганга сен эптүү,
Унуталбайм, өзүңдү ошол себептүү.
ОҢОЙБУ
Бах чиркин, жалының - ай, жаштык- сүйүү!
Жеңилдир, сенден көрө чокто күйүү?
Оңойбу азаптуу бир бактыны эңсеп
Мойнуңа белгисиздик жүгүн үйүү!
БИЛБЕЙМ
Бирөө мени шоксуң дейт,
Күйгүзүүчү чоксуң дейт.
Бирөө мени: «байкушум,
Тирүү туруп жоксуң», - дейт.
Ким чын айтат, билбеймин?
Уккан сайын кирдеймин.
КАНДАЙ КҮЧ БАР
Үнүңдү уккан сайын жашарамын,
Эс алам, өлүп кайра тирилгендей.
Өңүңдү көргөн сайын тазарамын,
Гүлдөрдүн атырына кирингендей.
Сыйкырдуу окшойт үнүң, эй, жалжалым,
Өңүңдө кандай күч бар мен билбеген?
Тапкансыйт түбөлүктү менин жаным
Өзүңдүн көздөрүңдөн күлүңдөгөн!
КЕЛГИЛЕ, АЗИЗ ДОСТОР
Келгиле, азиз достор, бизге мейман!
Кубаныч толкундатат дос жүрөгүн.
Жүз жарык жүрөктөрдөн чыккан нурдан,
Дос угат достун ырын, достун үнүн.
Ырдашат, үн алышып Сурхаб, Нарын,
Жанаша көк тирешет Памир, Апай.
Турушат жомоктотуп айтып барын.
Күрөштү, жеңиштерди далай-далай.
Шыбырайт мурункунун азаптарын,
Көргөндөй миң жылдызды кайра барып.
Калтырбай кандай акын жазат барын,
Ак чачтуу тоо башындай өткөн тарых.
Шыбырайт: Кара баатыр болгон ашык
Шуудурай сулуулугун Тегененин.
Бул жомок, жеткен бизге, Кысар ашып,
Жылытып уккан ар бир жигит жанын.
Аркырап тоо шамалы, шыбырабай,
Чакырды эмгектеги баатырлыкка.
Эргидик, жапырт турдук, кыбырабай,
Көнбөдүк азабы чоң жакырлыкка.
Аркырап тоо шамалы кошот ырга:
Жыргалын бары кенен бүгүнкүнүн,
Атылган бактыбызды жылдан жылга,
Багыбыз көбөйткөнүн гүлдүн түрүн.
Сүйлөшүп, макулдашып гүл ачкандай
Жанаша эки бактан үздүк жемиш.
Бир жерден өсүп, өнгөн курдаштардай
Ойлогон оюбуз да аркак-эриш!
Кат жазат кыргыз кызы жигитине,
Жаңырткан сүйүү ырын, Бадахшанда.
Бой жеткен тажик кызы гүл ичинде,
Өстүрөт мал тоютун Тыяншанда.
Памирдин арсак тиштүү чокулары
Сунулган кол сыяктуу жазып черин,
Издешет челип кирип булуттарды
Алайдын тирсейишкен эмчектерин.
Шаркырап үн алышат биздин суулар,
Жанаша желпинишет биздин туулар.
Жаркыган жакшылыкка колун сунар
Эки элбиз жергеси бар, конушу бар.
Жүрсөк да ар күн угуп ырыңарды,
Эңсейбиз булбул таңшык сөзүңөрдү.
Билсек да, таанысак да баарыңарды
Көрсөк деп, сагынабыз өзүңөрдү.
Келдиңер (жүрөгүбүз турат сезип)
Саадиден, Рудакиден ырлар ташып.
Келгиле, азиз достор! Биздин эшик,
Мынаке, силер үчүн дайым ачык.
БИР ГҮЛГӨ
Өзүңдү кимден коргойсуң?
Жыттайын десем, болбойсуң.
Жаныңа барсам, терс карап,
Мойнуңду мынча толгойсуң?
Көп эле болсо, гүлбурак,
Кеч күзгө чейин солбойсуң.
О, БУЛБУЛ
Тепкедей бала кезимде,
Толкуган жыйын четинде,
Токтогулду көргөнүм
Азыр да менин эсимде.
Кылга тийсе кол учу,
Кишиче сүйлөп комузу,
Тоо жаңыртып турчу эле
Токтогулдун добушу.
Аңтарып бүткүл дүйнөдөн,
Аңкыган атыр гүлдөрдөн
Ыр чогулткан өнөрдү
Токтогулдан үйрөнгөм.
Устаты терең ойлордун
Шыбырга сүргүн болгонун,
Айтуучу коңур үн менен
Басаагындай жоргонун.
Айтуучу, көптү көргөнүн,
Далайдын шордоп өлгөнүн,
Элди сүйгөн эрлерди
Өз колу менен көмгөнүн.
Айдалып барып конуштан,
Ага-ини тапкан орустан.
Басалбай жүрүп кишенден.
Бечарага болушкан.
Эмгекчини жактаган
Эр кишини мактаган,
Кармалганды күнөөсүз
Сот алдында актаган.
Баатыр эле Токтогул,
Акын эле, Токтогул.
Эл үчүн жаны күйгөнгө
Жакын эле Токтогул.
О, булбулум, кубанчым!
Азыр да таңшып турасың.
Акыйкат, чындык ишине
Эл көңүлүн бурасың.
ӨЗҮҢӨ
Ырда, сулуу, чыгар бийик үнүңдү,
Ырыңды уксам, жан эс алат бир башка.
Өзүң өңдүү жарык кылган күнүмдү,
Айкыш айткым келет сендей курдашка.
Бек кучактап, бекем кысам төшүмө
Бүт оюмду айтсам деймин өзүңө...
Кайда барсаң мен кошулсам, көчүңө,
Арзыр белем «жаным бозой» дешиңе?
Ырда, сулуу, бийик чыгар үнүңдү,
Сенин үнүң тартып барат жүлүндү.
Таткан сайын байкуш жүрөк бүлүндү, Жыттар бекем жыпары көп гүлүңдү!
НЕ ЖЕТСИН
Сени таштап, Чүй бою,
Кетким келбейт эч жакка.
Акыныңдын бүт ою
Өзүң тарткан тузакта.
Бул тузак мага, таалай-бак,
Үзгүм келбейт булкунуп,
Сулуу турмуш туш тарап
Суктандырат кулпунуп!
Тегеректен карашат
Теңтуштардын көздөрү.
Көркөмдүк берип жарашат,
Караба дейт өзгөнү.
Кулагымдан кетпейт түк
Кумар көздүн ырлары.
Болбойт окшойт мүнөттүк
Сүйүүнүн азап, жыргалы.
Бул турмуш - тузак кетирбей
Күн көргөнгө не жетсин!
Өмүрдүн чети кетилбей
Гүлдөгөнгө не жетсин!
..ГА
Ар сөзүңдү ыр сыяктуу жаттаймын.
Олтур десең карыш алыс баспаймын.
0, жалжалым! Мени карап бир эле
Күлүп койсоң, эрип кала жаздаймын.
Кайдан жүрүп туткун кылдың сен мени?
Ушулбу же эңсеген күн келгени?
ОЛТУРАМ КАЧАН
Көргөндө сени ар дайым,
Көзүмдү сенден албаймын.
Кыйнабай айтчы аныгын:
Колуңду качан кармаймын?
Эс алып жеңиш багында,
Олтурам качан жаныңда?
Бар десең, үйгө барайын
Кал десең, үйдө калайын.
Буйругуңду аткарып,
Болоюн сенин малайың.
Каркырадай кыздардан
Көрсөм дагы далайын
Бир өзүңдү карайын...
Балбылдаган көзүңдүн
Балакетин алайын!
АЛДЫҢ МЫНЧА ТЫНЧЫМДЫ?
Кимдир бирөө койгон өңдүү нур шыбап,
Көрүнүшү күмүш чеге, тишиң ак,
Көзүң кара, чачың кара, жүзүң ак!
Көрсөм ээ деп, сени күндө үч убак
Жүрөк жалын кыпындарын учурат.
Жетилчүдөй кайрап менин курчумду,
Жароокерим алдың мынча тынчымды?
Же жүрөктү толкундаткан ырсыңбы?
УНУТУП КОЙ
Унутпаймын ай жарык түндөрдү ошол,
Кандай сулуу укмуштай кошчан, Шанкөл!
Жемиш бышкан жыргалдуу гүлзар бактай,
Мен колтуктап, сен ыктап биз баскан жол!
Өпкүм келип изиңдин топурагын,
Басып кеткен жериңде отурамын.
«Энем үйдө, кош!» - деген назик сөзүң
Эске түшүп азыр да чоочуп алдым...
Тыңшагансыйт оюмду Алтын Казык,
Кайкысынан күн чыгып алтын чачып,
Жарык кылат суу жээгин биз жүгүргөн,
Эми көрдүм; жок экен сенде жазык...
Мен экемин жаңылган... ажыраштык,
Иштептирмин өзүмө өзүм кастык.
Мен алыста, сен мында жыл алмашып,
Аткан октой зымырап өттү жаштык.
Өмүр чиркин армансыз болбойт экен,
Сени эстесем милтедей түтөп кетем.
Жаным сен деп жалжылдап караганда
Сен салган так жүрөктө турат бекем.
Жүрөгүңдө сенин да калганбы так?
Жүрөсүңбү менчилеп тартып азап?
Жок, жок, жалжал, азапты тартайын мен,
Сен бактылуу өмүр сүр, куунак жашап!
Жүргөн болсом оюңда, унутуп кой,
Эми бизге туугандар жасашпайт той.
Сагындырып кыйноого арзыбаймын,
Сезсең болду дүйнөдө, мен түк жоктой.
КҮЛҮП КОЙСО
Мен башканы теңебеймин жарыма,
Ишенбеймин андан сулуу барына.
Ал жөнүндө оюм тунук, тап-таза,
Киринткендей тоо суусунун шарына.
Караганы аягандай сезилет,
Күлүп койсо, кайрат жибим эшилет.
«Жок» деп айтса «бар» дегендей угулуп,
Урушканын жыргап жаным кечирет.
Эркелесе, ал олтуруп жаныма,
Кан кошулуп жаткан өңдүү каныма,
Коргошундай балкып кетет бүткөн бой,
Жылынамын бактылуу бир жалынга!
Досторума каалаганым дал ушул:
Таза күтсүн, ар кими өз шурусун.
Өз жарына ишенбеген шордуунун
Ичкен суусу, көргөн күнү курусун.
ЭРКИН ЫР
Жанымдын жармы деп жүрөм
Жан менен сүйгөн жарымды!
Арнагам ага барымды,
Арнагам намыс-арымды.
Сагынам үйдөн чыкканда,
Саргаям ушак укканда.
Барабар мойнун жытташым
Бир аяк кымыз жутканга.
Муңайса болом жарадар,
Жарабай эргип учканга,
Көзүнөн өпсөм - барабар
Көл абасын жутканга.
Жанымда турса жалжалым:
Баккан малым семиздей,
Телегейим тегиздей,
Жоголот бардык арманым...
ЗЫРП ЭТЕТ
Караганың күлүңдөй,
Кең төрдүн жашыл гүлүндөй.
Жүрөк байкуш зырп этет,
Ал кантет анан бүлүнбөй.
Жолдошумдай бирге өскөн
Жакын келип сүйлөшсөң,
Кантип чыдап турамын
Жалын чачып күйбөстөн...
БИР СЕЛКИГЕ
Ай чырайлуу, нур жүздүү
Ааламда жок сулуусуң,
Ай менен күндөн нурдуусуң,
Ак маралдай турушуң.
Көрүнсөң сени бүт карап,
Ар бири сага суктанат.
Жанымда жаштык жалыны
Жок кылат дебей куйкалап...
Башкадан сени кызганат.
Айтчы - сени ким чанат.
ҮЧ НЕРСЕ
Сүйгөнүңдүн төшөгү,
Наристе жыты кечеги.
Ширелүү, даамдуу аш-тамак.
Сезимиңден кетеби?
Билерманың айтсынчы Бул үчөөнө жетеби:
Ааламдын бардык алтыны?
Айлуу түндүн салкыны?
Искендер, Чыңгыз жөнүндө
Тарыхтардын айтымы?
Бардыгы тең келбесе,
Айтмак элек кайсыны?
СОЗУП КАЛ
Таң атат да, кеч кирет,
Кеч кирет да, таң атат.
Өмүр өтүп баратат,
Өткөндөрдү санатат.
Күн куйкалап, жел согуп
Кара чачты агартат
Кетирбей бекем кылымды,
Созуп кал, сүйгөн ырыңды!
САГЫНДЫРГАН БИРӨӨГӨ
Сагындырып кыйнадың,
Канчага чыдайт, бир жаным?
Эмне болот аясаң,
Оюмдан кетпес жыргалым?
Көзүмдүн жашы көл болду,
Көрө турган киши жок.
Акыл айтып кеңешип
Бере турган киши жок.
Издеп сени артыңан
Бара турган киши жок.
Бүгүндөн калбай бир кабар
Ала турган киши жок.
Ушулбу сенин сүйгөнүң?
Сезилбейт мага күйгөнүң?
БЕРИ ЧЫК
Кат жазып кабар албадың,
Аман бекен мал жаның?
Ак үйдө жанган чырактай,
Айпери түспөл, жалжалым!
Жалынган сөзүм укпайсың,
Чакыртпай үйдөн чыкпайсың.
Өзүңдү сүйгөн жигитти
Ойлобой кантип, уктайсың?
Бери чык бакка баралы,
Гүл жыттап сергип алалы.
ЭРКЕЛЕСЕ
Ай чырайлуу, карындаш!
Айым сен деген жаңылбас?
Болбосоң мага айылдаш,
Арманым ичтен арылбас.
Күн чырайлуу, карындаш!
Ким сүйүп сени сагынбас?
Бар бекен жигит бир көрүп,
Карегиңден кагылбас?
Эркелесе жалын жаш,
Эч ким ага таарынбас.
АЗБЫ САГА
Көздөрүмдү, көздөрүңдөн албадым,
Канчалык көп карасам да канбадым.
Ойлоп сени, таң атырдым уктабай,
Ушунчалык азаптарга салганың
Азбы сага? Менин кайсы жазыгым?
Айтсаң боло, эзе бербей, жалжалым.
АЛСЫЗ БОЛСОҢ, ӨЛГӨНҮҢ
Бомба түшүп жарылып,
Кимдир, бирөө чаңырып,
Карап турган адамдын
Кең дүйнөсү тарылып.
Кишиге кырсык кармашып,
Канчаларды там басып,
Жеткенче күчү эр жигит
Желмогуз менен кармашып.
Астына танктын жыгылды,
Кимдир, бирөө чаңырды.
Оңдоочу уста жок беле
Башынан ою кыңырды...
Кыйрады калаа, өрттөндү,
Жердин түрү өзгөрдү.
Эсептеген эч ким жок
Деңизге кулап чөккөндү.
Автоматчан янкилер
Кемеден түшүп жатышты.
Көрүнгөндү атышты.
Канчалар тоого качышты.
Тим коюу кайда бүтүндү,
Кишинин буту үзүлдү.
Жарадарлар, оорулар
Жутушту ачуу түтүндү.
Үйлөрдү тинтип карашты,
Үйлөрдү тоноп талашты.
Жаш балдарды, чалдарды
Жөн коюшпай камашты.
Тепселеди тулаңын,
Бийиктеги кулады.
Гренада- карт эне
Ачууланып сурады:
Себеби кайсы жаңжалдын
Курчуткан мизин канжардын?
Кызыл кыргын кылгыдай
Кылмышы кайсы балдардын?
Кайдандыр, бирөө үн катты:
Кылмышы - күчү жоктугу.
Мүйүзү жок токтуну
Көргөндө күчөп шоктугу.
Карышкыр тике качырат,
Көзү күйүп чачырап,
Аңырдай оозу ачылат,
Тиш салганы шашылат.
Козу болсоң — жеп кетет,
Кийиз болсоң - тепсешет.
Өлөсө бир жан экен деп,
Өзүңдү кайра жектешет.
Кереги жок төлгөнүн,
Талашсыз чындык көргөнүң,
Аябайт зулум начарды,
Алсыз болсоң - өлгөнүң.
Жашоо үчүн күрөшкүн,
Жалынын шилеп жүрөктүн!
Үй аңдыган ууруну
Коркутат күчү билектин.
Жыгыласың, жалтанасың,
Болосуң аман сактансаң.
Балбандарга каракчы
Батынган эмес баштаган.
КЕЛ БЕРИ
Сүйөсүңбү, сен мени?
Суйкайып турбай, кел бери!
Сүйүүнүн жылын отуна
Жанып турган мендеги!
«Мен - Мажнун, Сен - Ляйли»
Болгон жаман турбайбы.
Ашыгына жетпесе,
Анын өзү миң кайгы.
Көп кайгырган жыргайбы?
Кол кармашып ырдайлы!
Кайталанбас жаштыкты,
Кадырлайлы, сыйлайлы!
АДАМЗАТ
Ыйлап түшсөң энеден,
Ыйлатып достун нечесин
Бул өмүрдөн кетесиң
Оюңа кайдан жетесиң?
Хан тактына минсең да,
Кунары жок бечелсиң.
Жарабайт өтө көпкөнүң,
Жылт эткениң- өчкөнүң.
УЯТ ЭМИ
Жетим калып, тентиредиң, өлбөдүң,
Байдан нечен тепки жедиң, өлбөдүң,
Ач-жылаңач эмнелерди көрбөдүң?
Ошондо да кетилбедиң, өлбөдүң.
Окоп казып, сызга жаттың, өлбөдүң,
Бел курчоодон сазга баттың, өлбөдүң,
Кыш чилдеде муздай каттың, өлбөдүң,
О, Темиркул, эмнелерди көрбөдүң?!
Согуш жолун басып өттүң, өлбөдүң,
Ок жаңылып, кан да төктүң, өлбөдүң.
Нечен жолу суута чөктүң, өлбөдүң,
О, Темиркул, эмнелерди көрбөдүң?!
Азыр мынча жыргап турган убагың,
Небереңди эркелетип, кубандың.
Кыскарбадың, үзүлбөдүң - уландың,
Бүлүнбөдүң, чачылбадың - куралдың.
Көргөзгүн сен чыдамкайлык өрнөгүн,
Соккондо сен узун өмүр өрмөгүн.
Таалай күнү тийип турат жергеңе,
О, Темиркул, уят эми өлгөнүң!
КҮБҮРӨЙТ БИРӨӨ
Чакырат, чык деп, Ала-Тоо,
Бийикке чыгаар алым жок.
Баягы жаштык жалын жок.
Баягы өткүр чагым жок.
Эңиштедим, картайдым,
Этим качып тартайдым.
Айылчы катын көп минген
Арык аттай шалпайдым.
Эми кайдан оңолдум?
Күбүрөйт бирөө:... жоголгун!
БЕШ КҮНДҮК
Сексен жаш өттү зымырап,
Сегиз күнчө билинбей,
Сегиз күндүн бириндей
Сөөлөтү көзгө илинбей.
Көрүндү чөйрө болгону
Кеч бешим өткөн иңирдей.
Бала менен карынын
Аралыгы беш күндүк.
Беш күндө көптү өстүрдүк.
Канчаларын көптүрдүк
Карыган шордуу күбүрөйт:
«Кай жерде калды өткүрлүк?»
ОТУЗ ЖАШЫМА
Кайран өмүр жашчылык
Качып барат шаштырып,
Кыздар өпкөн бетимди
Кыл сакалга бастырып...
КОЛДУ ШИЛТЕ
Ушул бекен карылыктын жеткени? Убайымдуу бырыш басты беттерди.
Кыйналбай көр ойлогондо бетиңди
Кыздын колу сылап турган кездерди.
Мезгил шүмшүк мүлжүгөнүн койбоду,
Бизди канча мүлжүсө да тойбоду.
Баардыгына колду шилте, Темиркул,
Бир да жанды жыргатпаган ойлонуу...
ӨЗҮМӨ
(Күзгүгө карап)
Кайда сенин көөдөй кара каштарың?
Кайда сенин коюу тармал чачтарың?
Кар түшкөндөй сакал-мурут бүт аппак,
Кебин кийип алгансыңыбы башканын?
Күйүп-жанган оту кайда көзүңдүн?
Кан тамгандай нуру кайда жүзүңдүн?
Өмүрүңдүн жаз учурун баа жетпес,
Түн ичинде кайсы жерге түшүрдүң?
МОРТ ЭМЕСМИН
Көз чаптырбай жүз жылга,
Күч жеткенче ырдаймын.
Көп жашаган кузгунга
Ичи тарлык кылбаймын.
Бар болгону баштаган
Ишимди бүтпөй тынбаймын.
Жашоо үчүн күрөшпү?
Далайын көрдүм мындайдын.
Морт эмесмин анчалык,
Күн көрүп өскөн ыргаймын:
Анча-мынча бороондон
Жыгылбаймын, сынбаймын.
КЕЛДИ, МЫНА
Артта калды жетимиш,
Калган өңдүү сагынып.
Келди мына, карылык.
Көрөөр күн барат тарылып.
Сексенди серпип өтсөм дейм,
Токсонго да жетсем дейм.
Ойлобой өлүм жөнүндө,
Өмүр күүсүн чертсем дейм.
Ойлогондой болобу?
Ойрондоп же коөбу
Көрүнгөндү кыйраткан
Кырсыктын ийри орогу?
Эч нерседен коркпогон
Ак бараңдын октолгон
Даяр турган огу мен,
Бир атылсам -жок болом.
***
Жаштыкты суудай бурмак жок,
Боз улан бойдон турмак жок.
Жалжал көз менен гүлзарда
Ар дайым сейил курмак жок.
Карыйсың, кетет дарманың,
Кайгыртат күчөп арманың.
ДАГЫ УШУЛ
Досторумду кучактап өптүм беттен,
Ал учурлар мен өлбөй кетеби эстен.
Салам айттым кезиккен тааныштарга,
Эңкейгенге эңкейдим ким дебестен.
Бир кишиге жамандык кылганым жок,
Эр баратса жол бөгөп турганым жок.
Келе жаткан бирөөнүн душмандыгын
Билбей туруп найзамды сунганым жок.
Каалаганым жакшылык баарыңарга:
Күн батпасын жашаган жагыңарда!
Гүл ачылып миң түркүн багыңарда,
Ь1рчы куштар таңшысын шагыңарда.
Айтып турам баардыгын жүрөгүмдөн,
Ырым ушул дайыма ырдап жүргөн,
Ишим ушул атамдан мен үйрөнгөн,
Алгач энчим дагы ушул бул дүйнөдөн!
У5УН ДАСТАН
Атам мени мойнуна илип жүргөн,
Атамды мен ат кылып минип жүргөм.
Алып келип базардан белектерди,
Атам мени эсепсиз сүйүндүргөн.
Атам мени бооруна нечен кыскан,
Алпечтеген кийгизип көйнөк, ыштан.
Атам мага үй болгон от жагылган,
Ошондуктан чыккамын өлбөй кыштан.
Атам мени жыттаган мооку канбай,
Көздөрүмдөн бир нерсе окугандай,
Көп караган эңкейип көзүн албай
Эркелеткен жадабай өчү бардай.
Атамды мен бир күн да баккан жокмун,
Арнап ага жакшы сөз тапкан жокмун.
Жорго токуп астына тарткан жокмун,
Бейитине алкыш от жаккан жокмун.
Өтүп барам карызымдан кутулбастан,
Ата даңкын куш кылып учурбастан.
Аталардан балдарга өткөн кызмат
Айтып, жазып түгөткүс узун дастан...
АР ДАЙЫМ АЧЫК
Ар дайым ачык кабагым,
Кайгырууну билбеймин,
Көрбөймүн, көзгө илбеймин.
Куунак өскөн башынан,
Күлкүгө көнгөн жашынан.
Гүл жигит менен бирдеймин!
Бүркөлбөйт менин кабагым,
Булутсуз ачык күндөймүн,
Күн нурун сүйгөн күңгөймүн!
Күү кайырбай жүрбөймүн,
Күкүктөр салган үндөймүн,
Булбул конгон гүлдөймүн!
УШУЛ БОЛСО КАРЫЛЫК
Күндө майрам, күндө той,
Жыргап жүрүп карыдык.
Бак-таалай бизге жолдоштой,
Ырдап жүрүп карыдык.
Азыр да бир топ чыйракбыз,
Ушул болсо карылык:
Дагы көп жашайт окшойбуз.
Өлөбүз деп коркпойбуз.
Өңү сары кайгынын
Өрмөгүн да сокпойбуз.
КАЙГЫРБА
Эңсебе карылыкты, ал тез жетет,
Сарайдын эскиргенин элестетет.
Токтобой тоссоң да жол кунан чагың
Кошкуруп азоо аттай үркүп өтөт.
Чакырба ажалыңды ал тез угат,
Дар курбай, мылтык сунбай, чалып жыгат
Бул турмуш эшиги ачык мейманкана,
Тыным жок, бири кирсе, бири чыгат.
Бул дүйнө бар болгону кептер кана,
Бири учса, бири конот, учат жана.
Аз укта, көп кыймылда, өмүр ээси,
Калбасын баштаган иш бүтпөй чала.
Кайгырба өмүр чиркин аздыгына,
Жаткыча караңгынын жаздыгына,
Жыргалдын жаңгагынан көп тергин да,
Таштагын укум-тукум баштыгына.
Уул-кызың уландысы өмүрүңдүн.
Чөбүрөң узарганы өңүрүңдүн.
Башкага кетпейт сенин жыйнаганың,
Ойлосоң эртеңкиңди иште бүгүн!
ЫРЛАРЫМА ӨТҮШКӨН
Жаз элем гүлдөр жайнаган,
Бак элем булбул сайраган,
Күз айындай кубарды
Өзүм түгүл айланам...
Билбейм неге шашканын,
Агарып кетти чачтарым?
Ар жагында Алайдын
Алыста калды жаш чагым...
Күн күйгүзгөн таштарын
Күңгөйдөгү аскамын.
Көз артпаймын бирок мен
Күлкүсүнө башканын.
Бала чагым эсимде,
Барса да өмүр бешимге,
Суктанбаймын эч кимдин
Сулуу, жаштык кезине.
Өмүр жолун баскамын,
Карыбас үчүн жазгамын,
Ырларыма өтүшкөн
Тармал кара чачтарым!
ШАШЫЛБАДЫМ
Жай жүрдүм, шашылбадым максатка
Эч качан тыгылбадым баткакка.
Убара кылганым жок эч кимди,
Себеби жок мени коргоп макташка.
Жай жүрдүм, шашылбадым максатка,
Жөлөдүм, жардам бердим аксакка.
Дал ушуну чын эрдиктей түшүндүм,
Колумдан көп иш бүткөн жаш чакта.
ОТУРАМ
Ак жондон соккон жел элем,
Ак-Сайдан жүргөн сел элем.
Душманыма ок элем,
Досторума бел элем.
Ала-Тоо менен тең элем,
Казса бүтпөс кен элем.
Күч кубат кетип карыдым,
Көп минген аттай арыдым.
Өз балама кур десе
Жетпейт турат жарыгым.
Тор жайып кармоо эми жок
Соң-Көлдүн майлуу балыгын.
Кыбыраарга алым жок,
Баягы ысык жалын жок.
Жел дыр этсе, өпкөмдү
Чалабы деп жаным жок.
Отурам үйдөн чыкпастан,
Чакырган үндү укпастан.
АЛЫПМЫН
Далайды баштан өткөргөн,
Кордукту да көп көргөн,
Кезеги келе калганда
Душманын атка бөктөргөн.
Кыргыздын уулу мен өзүм
Мурас кылып, энчиме
Алыпмын кыргыз мүнөзүн...
ӨЗҮМӨ
Аракет, үмүт алдабас,
Отургандан жардам аз.
Өзүнөн-өзү иш бүтпөс...
Бирөөнү бирөө жалгабас.
Картайдым дебей алга бас!
Чарчадым дебей алга бас!
Ыр шумкарын түнөткөн
Өзүңө туура жүрөктөн
Жалбырттат отун чындыктын!
Кубансын жергең гүл өскөн!
Эл ишенсин сөзүңө,
Темиркул, ишен өзүңө!
ШАШТЫРБА
Эч кимге жаман сөз катпай,
Эч кимдин көөнүн муздатпай.
Жүрсөм да элден обочо
Дем кыстыгып уктатпай.
Жүрөгүм сыздап ооруду,
Мурунтан ою башкадай.
Керектей мага башка жай,
Ажал шүмшүк тооруду.
Токтой тур, ажал, шаштырба,
Дагы бир аз жашайын.
Ырымды да жазайын,
Ырдын даамын татайын.
Гүл жыттанган Бишкекти
Аралап көңүл ачайын.
Чөбүрөмдү жетелеп,
Дагы бир аз басайын.
ЖАЙ АЙЫН ЭСТЕСЕМ
Кел, сулуу жай, менин жакшы көргөнүм!
Апам эсте, отурган токуп өрмөгүн,
Чоң энем ичек-карын тазалап,
«Сен жейсиң», - деп жасап кирген жөргөмүн.
Элестетем катар тиккен үйлөрдү,
Жеңем чыгып, үй эшигин түргөндү.
Козуну мен жылаңайлак кубалап,
Тепсегенди нечен сонун гүлдөрдү.
Эсте калган мен көргөндөр өтө көп,
Гүлгө конуп, укмуштай кооз көпөлөк,
Мени канча ыза кылган карматпай,
Жакын барсам, уча качып көкөлөп.
Бүт айлана тартиби бар, ырааттуу,
Мышыктар да чатакташпайт, уяттуу.
Оозун ачат балапаны торгойдун,
Мени карайт жем сураган сыяктуу.
Ушул дөңдөн арка жакты карасак,
Укмуш башка дүйнө мисал бала чак.
Айра билбей жакшы менен жаманды,
Моюндашып, басышканы жарашат.
Арасында адамдардын миңдеген
Ач көздүктү, жек көргөндү билбеген.
Артык мүлктү, малды көзгө илбеген,
Четке чыгып, жаман жолго кирбеген..
Калыс жүргөн, чын сүйлөгөн ар качан,
Бул оңой деп, бай отунун жарбастан.
Бузукунун айткан тилин албастан,
Катуу, кыйын иш издеген талбастан.
Адамдардын мен да болсом тобунда,
Жаш баладай эч өзгөрбөй кубулбай,
Дайым турса бала мүнөз сулуу жай,
Сулуу барбы, күндүн алтын нурундай!
АЛГАНЫҢ ТОСУП ТУРБАСА
Алганың тосуп турбаса,
Сулуулугуң не керек?
Балдарың урмат кылбаса,
Улуулугуң не керек?
Түндүгүңө куш конбой,
Жолунан таалай туш болбойт.
Түркүн куш уя салбаса,
Токойдун барбы кереги?
Көргөнү эч ким барбаса,
Көрксүз да, тоонун тереги.
Пайдасыз төрдөн чөл артык
Каз, өрдөк конгон көл артык.
КОЛ ҮЗБӨ
Негизи жакшы кишинин
Эч кимге тийбейт кесири.
Иштей турган кесиби,
Айта турган чечими:
Ачык болсун досторго
Үйүбүздүн эшиги
Кол үзбө, жакшы кишиден,
Алып жүр үлгү ишинен!
ББКЕМБИ
Мени мынча ой басты,
Ой түбүнө жетемби?
Өткөргөм баштан неченди,
Көргөмүн далай чеченди.
Ойлоймун ушул дүйнөнүн
Түп-тамыры бекемби.
Же көп сөздөн, чатактан
Кутулбай өтүп кетемби?
ЫРДЫ СҮЙСӨҢ
Бир студент суроо берип, кат сунду:
- Окуйсузбу башкалардын ырларын?
- О, боз улан! Келтирбе көп ачуумду,
Сезбейсиңби, жаным ырдан турганын?
Окуганмын Пушкин, Саади, Байронду,
Окугамын дагы башка далайды.
Кайдан жүрүп менин шыгым ойгонду,
Жат билбесем Токтогулду, Абайды?
Мен ыр менен чайкагамын оозумду,
Ыр ичкемин башка наар албастан.
Ырлар менин каныма да кошулду,
Курсагымды ыр тойгузуп, жан баккам.
Мен эчактан, бала чактан, баштатан
Бүт дүйнөлүк акындарга жакынмын.
Мекке барып сыйынбагам эч качан,
Сыйынгамын бейитине акындын.
Көрүү үчүн баргам Веймар шаарына,
Окугамын «поэзия чындыгын»,
Таңыркаган Гёте, Шиллер багына,
Тургансыган ыр жаратып миң кылым.
О, боз улан! Таанып жүр сен атаңды,
Көптү көрүп, көп жол баскан чарчабай,
Ырды сүйсөң, алгын менин батамды,
Көңүлүңө түй сөзүмдү таштабай!
КЕЧИГҮҮ
Кырсыктар жолдон кезигип,
Кыйналсын дейби эзилип.
Күттүрүп бакыт ар дайым
Келиптир мага кечигип.
Жашынган өңдүү жол оңу,
Мен окшоп жандын чологу.
Он алты жашка толгондо
Мектепке жетсем болобу.
Ишенүү кыйын укканга,
Жарабай эргип учканга.
Ыр жазууну баштапмын
Жыйырма үчкө чыкканда.
Кишилик баркым кетирип,
Көрбөгөмүн эсирип.
Салт болсо мага шашылбоо,
Ажал да келээр кечигип?
КҮҮ КЫЛЫП БЕРДИМ
Таякты таштап, колума
Алтын калам кармадым.
Өлкөмдүн өсүү жолуна
Өмүрүмдү арнадым.
Жакшылыкты ырдадым,
Жамандыкты жактырбай.
Желпинип туунун турганын
Жан биргем элдин бактындай.
Айландырып дастанга,
Көкөлөттүң асманга.
Сөз калаар дедим айтаарга
Бактысы тоодой жаштарга.
Бул чоң күрөш жолунда,
Кээде ток, кээде ачкарын,
Кулатып тоонун таштарын
Кай ашуудан ашпадым?
Тар жол тайгак кечүүдөн
Түк тартынган жокмун мен.
Кан майданда от күйгөн
Көп жериме ок тийген.
Ушунун баарын унутпай,
Добуш улап добушка.
Калсын деп ата конушка,
Күү кылып бердим комузга.
АКЫЛ
Жакын кылып алысты,
Зым аркылуу сүйлөтүп,
Айтып тилге киргизип,
Ак шумкарды үйрөтүп,
Аралатып булутту,
Алтын канат күүлөтүп,
Миң бир түркүн укмуштун
Баарын тапкан бул акыл.
Ачылбаган сырлардын
Баарын ачкан бул акыл.
Баш-аягын метрлеп,
Ченеп болбойт акылды,
Бийик-бийик чынарга
Теңеп болбойт акылды.
Таразага таш салып,
Өлчөп болбойт акылды,
Болбос жерден кор кылып,
Тепсеп болбойт акылды!
ДАГЫ КӨП ЖЫЛ ЖАРЫК ЧАЧ
(Усубалиев Турдакундун 60 жашына)
Кыргыз жерин гүлдөтүүгө,
Кыргыз элин ирдентүүгө
Сен кошкон салым сөз болду,
Нечен жерде, нечен тилде.
Кеңитип кыргыз кыранын,
Какшыган жерди сугардың.
Лениндин туусун көтөрүп,
Кыргыздын даңкын чыгардың.
Кетеби биздин көңүлдөн,
Каз өрдөк качпай көлүмдөн.
Сен тиккен көчөт бак болду,
Жемиши жерге төгүлгөн!
Күч сынашкан жарышта,
Чуркап бердиң алыска.
Туу түбүндө туруу бар,
Туулган эр намыска.
Куттуу болсун алтымыш жаш,
Аман жүрсүн алтын баш!
Элди сүйгөн жүрөгүңдүн отунан,
Күн тийгизип дагы көп жыл
Жарык чач!
ЭЛ ВРАЧЫ ГҮЛАЙЫМГА
Ал эңкейип көкүрөгүм тыңшады,
Араң согуп жаткан эле жүрөгүм.
Өмүрдүн да өчелекпи бир шамы
Нур чайкады татынакай гүл өңүн?!
Ал тамырчы, менин колум кармады,
Ошол бойдон ач ажалга берген жок.
Дарылады. Түшүнүктүү калганы,
Андан качкан ажал кайра келген жок.
Кыргыз кызы, ак халатчан Гүлайым,
Дарыгер кыз, өмүрлөрдүн сакчысы!
Сен жаз гүлү, соолбос көп жыл ылайым,
Сендей кыздар ата журттун бактысы!
АЛМАГҮЛ
Алмагүл, сенин бул эмнең?
Издесем жоксуң ордуңда.
Ачылган кызыл гүл элең,
Аяз уруп солдуң да.
Жадырап эми кайрадан
Ачылбай турган болдуң да.
Жагымдуу жумшак мүнөзүң,
Жаркырап тийген күн өзүң
Чыпчыргасы коробой,
Оюбузда жүрөсүң.
Түшүбүзгө киресиң,
Таштабайт бизди эсесиң.
БҮТ ЭСТЕ
Колуң бошпу? Көзүңдү сал китепке,
Кызыктардын кызыктары китепте.
Кыргыздарга Манас башчы бир кезде
Кылыч кармап Сыргак турган күзөттө.
Жарк дей түшөт Азиянын ортосу,
Кыргыз жүргөн Ойкүмөндүн чоң тоосу.
Урянхайдын шагылында жатпайбы
Унут калган жабагынын ноктосу.
Алтай, Шибер, Кызыл Жардын токою,
Жыртылган жай кыргыздардын чокою.
Эске салып жоокерчилик жылдарды
Боздогондо Токтогулдун «Ботою».
Хакас, Шору, Тува биздин туугандар,
Бир кездерде бирге жашап тургандар.
Бирдик туусун желбиретип асманга,
Хан - Кайларга найзаларын сунгандар.
Баардыгы тең кыргыз дешкен өздөрүн,
Көз артышпай бактысына өзгөнүн.
Каалашпастан эч бир оттун өчкөнүн,
Эңсешкен дейт Ата Журттун көктөмүн.
Ушулардын баардыгы бар китепте.
Көңүл буруп, көзүңдү сал китепке!
Достук, бирдик бек болушун кааласаң,
Өткөн кезди, эртеңкини бүт эсте!
ДАҢАЗАЛА
Киши барат жамандыктан жакшылыкка,
Адашуудан, жаңылуудан чындыкка.
Төмөндүктөн улуулукка, асылдыкка,
Согуш ачат өңү суук кылмышка.
Киши барат караңгыдан жарыкка,
Согуш атып жолотпостон жайытка.
Достошууну жазат мактап тарыхка,
Өзүмчүлдү жыгат катуу айыпка.
Биргелешүү, жакындашуу жакшылык,
Ал укмуш ыр, алуу керек жат кылып,
Кол кармашып иштөө кандай сүйкүмдүү,
Ал жыргатат көңүлүңдү шат кылып.
О добушум, о жалындуу ыр сөзүм!
Даңазала чындык арыш керишин!
Даңазала өзүң сүйгөн эл ишин!
Даңазала достук, бирдик жеңишин!
БЕЙИТ
Силерге айтам, жаш балдар,
Акылы ою аз балдар,
Басканы тентек, тетири,
Бак-таалайга мас балдар.
Бир караган кишиге
Байкалбайт кымбат дастандар.
Мына бул бейит дөмпөйгөн
Кетпес эч бир көкөйдөн
Кайгылуу эң чоң көрүнүш,
Арзан дебе текейден...
Дал ушунун урпагы,
Сен окшош бир топ кекейген.
Тепсей берээр көрүнгөн,
Таштанды дебе төгүлгөн.
Топурак эмес үйүлгөн,
Бул жерде киши көмүлгөн.
Чоң атаң чыгаар өзүңдүн?
Чочубай, качпай өмүрдөн.
Күрөшүп жүрүп кеткендир
Көп кыйын азап чеккендир?
Жер талашкан жексурдун
Жебеси түпкө жеткендир?
Мүрзөнү казган жигиттер:
«Теңдешсиз баатыр!» - дешкендир?
Коркконду билбес эр неме
Чеп болгон чыгаар жергеңе?
Атылган чыгаар ок болуп,
Алыстан ач көз келгенде?
Сыйласаң, ыйык санасаң,
Сыймыктан муну көргөндө!
Куланбасын, көчпөсүн,
Жазуулары өчпөсүн!
Тепсебе чыгып үстүнө,
Жемирилип чөкпөсүн.
Кордолгон ата арбагы
Көзүнүн жашын төкпөсүн.
Көргүлө, көңүл бургула,
Көргөнү келип тургула!
Көрүнүш көркү жакшырсын,
Отоо чөп койбой жулгула!
Түркүн гүл өстүр айланта,
Мекен болсун булбулга!
ойло ДАЙЫМ
Душманыңа эшик ачсаң
Ажырайсың үйүңдөн.
Туура жүрбөй, кыйшык бассаң
Айрыласың сүйүүңдөн
Үйүң, сүйүүң
Жакын эгиз баладай.
Кара жаның карабай,
Баасы канча, санабай,
Төшүңдү тосуп окко,
Түшсөң да кызыл чокко,
Экөөнү бирдей сакта!
Ал экөө жокто
Зордукчунун кулусуң,
Жашаганың курусун.
Ойло дайым экөөнүн
Түптүү тоодой турушун!
Үйүң - мекен,
Сүйүүң бекем ал барда.
Жашың өтүп, карганда
Болбос үчүн арманда,
Күркүрөп тур жолборстой,
Душманыңа жалбарба!
АЙТА ТУРГАН БИР СӨЗ
(кыргызга)
Ачып көздү жумганча
Өттү жылдар бир канча.
Толгон токой иш бүттү,
Акын жазган ыр канча.
Баатыр өттү эл сүйгөн,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 06