Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 09

Total number of words is 4096
Total number of unique words is 2117
30.8 of words are in the 2000 most common words
42.6 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
эмне деген басмачы», -деп күбүр-шыбыр болуп жатты. Көрсө алыстан, Оштон келген
Калхожо Эшен аттуу корбашы экен. Малды айдап кетүү кыйьга болгон үчүн, жалаң
артынып кете турган дүнүйөнү качырган турбайбы. Андан кийин Аман-Палбан деген
бирөө алтымыш-жетимиш каракчылары менен келип, Тегенени эки жолу чапты.
Биринчи жолу эл жайлоого жаңы эле көчүп барганда келип, көзүнө чалдыккан, буту
менен өзү баскан малдын бардыгын айдап кетти. Ошол келгенде Осмонбек ажыны
кармап алып:
- Балдарың кайда? Жуманалы кайда? Арстаналы орусуң кайда? Айтып бер, таап
бер! - деп суракка алды.
Кайда жүрүшкөнүн билбеймин. Ар кимиси ар жакта сенден качып, сенден
жашынып жүрүшсө керек? - деди Осмонбек.
-Айткың келбейт го? Айтасың! - деди Аман Паңсат. - Чечиндирип, көмкөрөсүнөн
жерге басышты. Эки колун эки жакка сундуруп, эки жигит басып олтурушту. Бир жигит
камчы менен эки далынын ортосуна, май куйрукка чыпылдатып сабады.
- Өлтүргүлө! Кыйнабай эле атып салгыла мени. Бары бир эч нерсе айтпаймын
силерге. Жетимиш алтыга чыктым. Эми канча жашамак элем? Атып сал мени! О,
каракчы! Зоңкойгон акмак! Менин он уулум бар, беш кызым, жүзгө жакын небере чөбүрө бар. Жармысын өлтүрсөң, жармысы калат. Бири тирүү калганда да, сенден өч
алат. Уктуңбу, башы жок келесоо? - деди Осмонбек тилин тартпай.
Ажынын үнүн угуп анын энелеш иниси Үмөталы Кекиртектин тун уулу Өмүралы
жүгүрүп жетип.
- Бул эмне деген салтта жок жырткычтык? Пайгамбар жашынан эчак өткөн карыяны
да урабы? Бир да хан мындай иш кылган эмес, -деп кыйкырды.
- Ушул жигит туура айтат, - деди Аман. - Осмонбекти тургузгула да, анын ордуна
ушул баатырдын өзүн жаткыргыла! Салт бузулбасын!
Буйрук дароо орундалды. Бири чарчаганда, бири сабап жатып, анан бир кезде
өлүктү эки жигит айылдан обочо сүйрөп барып ташташты. Кагелес бойлуу, кара тору,
кара каш, кер мурут, бир көргөн кызды менин жарым болсо дедирген Өмүралы боз
улан бойдон таяктын уусуна чыдабай көз жумду, кырчынында кыйылды да калды.
Басмачылар кетишкенден кийин эл ичи күбүр-шыбыр болуп, ар ким ар башка
жоруп жатты:
- Аман уурунун күнү бүттү. Арстаналы эми тынч жата койбос? Бир айласын кылат.
- Эмне кылмак эле? Аман ууру жалгыз дейсиңби? Ага курал жаракты, ок-дарыны
ошол өкмөттө иштешкендердин өздөрү берип жатышпайбы.
-Жок, андай эмес. Бирин-экин ичи кара акмактары болбосо, азыркы жаңы өкмөт
күчтүү го? Арстаналы Ферганада жаңы өкмөттүн бир чоң кызматын аткарат дешет го?
- Арстаналы кайда? - деп такып сураганы да, издеп жүргөнү да ошол болуу керек?
Кокус бул жерге келип калса, кармап алуу үчүн түлкүчө култ коюп жетип келген да.
- Бул туура. Жуманалы өзүнүн тун уулу Акбаралыны Сейитбектин кызына үйлөп, той
берип жатканда түн жамынып келип басканы да ошол себептен. Арстаналы тойго
келбей койбос деген да.
-Тойдун болорун кайдан билди бул ууру?
-Туугандардын баары эле жакшы кишилерби? Сөз ташып турган акмактар да жок
эместир акыры?
- Көп деле күч керек эмес. Жүз атчан кызыл аскер артынан түшсө болду. Аман ууру
кайда барып жашынарын билбей, алактап жүрүп жок болот.
Арадан үч-төрт күн өтпөй эле, айылда биринен экинчиси сүйүнчү сурай баштады.
- Осмонбек ажы баш болуп, Аман байлатып кеткендердин бардыгы аман-эсен
Тегенеге кайтышыптыр. Арстаналы Мужуктан мылтыкчан кишилерди баштап чыгып,
жолун тосуп калган экен, басмачылар байлап бара жатышкан кишилерди да, айдап
бара жаткан малдарды да таштай качышыптыр.
- Малдын бардыгын эмес, койлорду гана таштай качыптыр. Төөлөрдү, жылкыны
жана уйларды айдашкандар узап кетишсе керек? Бододон, жылкы менен төөдөн
айрылыппыз. Иттики десе, мал аз көрүнчү эле. Жоо чапканда көрүнөт экен. Бир
айылдын жалаң төөлөрү тогуз жүздөн ашык экен, бары кетти. Бары жок болду.
- Бышкаранга жетти дегиче, жоголгону ошол. «Төө көрдүңбү? Жок. Бээ көрдүңбү?
Жок» - деген заман орногон ал жерге. Басмачылардын уюгу эмеспи.
-Туткундарды айдашкандар кантип узап кете алышпады экен?
- Басмачылар чогуу жүрүшпөй, төө айдагандары бир башка, кой айдагандары башка
сай менен жөнөшсө керек? Туткундарды байлап, матап бара жатышкандар бар
болгону беш-алты киши экен. Ошолор да өздөрү билген жол менен кетишиптир. Анын
үстүнө туткундардын көпчүлүгү шишик басып, таяктан алсырашкан кишилер, атка жүрө
алышпай, айдап бара жатышкандарды да кыйнашса керек? Анысы аз келгенсип бир
атка экиден учкаштырып, бирден басмачы жетелеп бара жатышкан экен. Жийделиге
барып, басмачылар өздөрү тыныгып, суу ичип отурушканда артынан Арстаналы
баштаган жигиттер жетип барышыптыр.
- Көзү жок эр да Арстаналы! Атасына кошуп башка туугандарды да бошотуп алган
экен. А берки туткундарды айдап бара жатышкан басмачыларды эмне кылышты экен?
- Эмне кылышмак эле? Ошол жерге атып таштап, бастыра беришиптир. Өлгүлөрү
келишпесе, жашагылары келишсе коңшу айылга кол салбай тынч жашашпайбы?
Жарым жыл өтпөй, Аман корбашы экинчи жолу келип, биздин айылдын калган
катканын дагы талап кетти. Кийизге чейин, кийим-кечеге чейин талады. Ат дегенден,
семиз жылкы, семиз уй дегенден эч бирин калтырбады. Койчулар таягын көтөрүшүп,
жылкычылар укуруктарын сүйрөп басып калышты.
Мына ошол окуядан кийин бир аз күн өтпөй эле кайдандыр, Арстаналы келип,
айылдан айыл кыдырып, көбүнчө түн ичинде, өзү курдуу жигиттер менен сүйлөшүп,
кишилерди тизмеге алып кетти. Анан бат эле, «Арстаналыга жигит болобуз» дешип,
биздин айылдан Бекмандын Айбашалысы, Байтиктин Акматы, Мураталынын
Барсанайы, Боталынын Кебекбайы, Субанкул, Базарбай, Сарыбай, Калдар деген
жигиттер, Арстаналынын өзүнүн Алым, Алымбек, Добулбек деген инилери түн катып,
кайдадыр жөнөп кетишти. Эл ичинде ар кандай кишилер бар тура:
- Эми шорубуз катты. Арстаналынын өкмөттөн мылтык алганы кеткенин укса, Аманалбан түндөп келип бизди кырат, тирүү жан калтырбайт, - дешти кээ бирөөлөр.
Үйлөрүнө жатышпай токойлорго, тоо арасына, үңкүрлөргө жашынышкандары да
болушту. Бирок, Амандын каракчыларынан мурун Тегенеликтер Арстаналынын атчан
эскадронун тосуп, аябай кубанышты. Кайдан алышканын ким билсин, 183 жигит,
183 кылыч байланып, 183 беш атар мылтык асынып, 183 алчаңдаган семиз тору ат
минип, боз шинель, маңдайына жылдыз таккан шалпаң кулак, шоңшойгон тебетей
кийип, айылды шаңга бөлөп ырдап келишти. Осмонбектин Тегенедеги кыштоосун
айландыра бийик коргон курушту, ар кай жерине мылтык сунуп шыкалай
турган тешик жасашты. Коргондун ичине 40-50 ат сыярлык аткана, аскерлер жата
турган казарма курушту. Бат эле эптеп-септеп бүтүштү. Тегенени басмачылардан
коргоп тура турган гарнизон, отуздай киши, алардын командири Осмонбеков Алым
болду. Башкасы, Арстаналы баш болуп, Ак-Сууга барып, анда да бир
чоң коргон куруп алышты. Аны крепость деп аташты.
Эң эле биринчи Күрп-Сайда бекинип жүргөн, кээде он, кээде он беш киши боло
калып, өздөрүн «бектер» деп аташкан, башчысы Айтмырза бий болгон өзүбүздүн
жергиликтүү басмачыларды колго түшүрүп, куралсыздандырып, кээ бирлерин
«оокатыңды кыл» деп үйлөрүнө коё берип, кээ бирлерин ат-тону, курал жарагы менен
өз отрядына кошуп алды Арстаналы. Ошол басмачы болуп жүрүп, Арстаналынын
эскадронуна өтүшкөндөрдүн эң эле көрүнүктүүлөрүнүн бири - Абдыразак тарсагай
аттуу ар кандай чуулгандуу окуянын ичинен чыккан, отко салса күйбөгөн, сууга
салса акпаган, көлгө салса чөкпөгөн, ташка салса таш кескен, бөрк ал десе баш кескен,
керек болсо калкагар тоону көзөп өткөн эргул эле. Кийин кедейлер тобуна кирип,
сельсоветте, колхоздо иштемиш болуп жүргөнү үчүн оозун көптүрүп «мен совет
бийлигин орноткомун» деп кечөө эле жакынга чейин жолуккан адамга айтып, эл
топтолгон жерлерде кыйкырып да жүргөн. Илгери болушка жигит болгонун, андан
кийин басмачы болуп элди талап, байлык жыйнаганын сөз да кылчу эмес.
Арстаналынын жардамы менен Айтмырза бий баш болуп алардын бары совет бийлиги
тарабына өз ыктыярлары менен өтүшкөндөр, мурун түшүнүшпөгөндүктөн адашып
жүрүшкөндөр болуп аталышты.
Арстаналы эскадрондун командири болгонун угушкандан кийин сол эсерлердин
өзүн өзү коргоочу отрядында кызмат кылып жүрүшкөндөрдөн Даңканай баш болгон
бир тобу, Аман-Палбандын шайкасында жүрүшкөндөрдөн Бийназар, Ашыралы, Коргол
ырчы сыяктуулар өздөрү келишип, куралдарын тапшырышты. Бирок, аларды таркатып
жибербей, бардыгын Арстаналы өзүнө кошуп алды. Эскадрон чоңоюп өзүнчө кыргыз
атчандарынын дивизиону деп аталды. Кызыл жоокерлердин саны төрт жүз болду.
Чынында да өзүнчө шаңдуу күчкө айланып алды. Арстаналы «Кызыл командир»
аталды. Кандайдыр бир коркунучтуу оорудан биротоло айыккан кишидей болдук.
Басмачылар биз тарапка барышмак турсун, алыстан көз чаптырып карашканын да
койгондой болушту.
- Назаралы корбашы кармалыптыр, сүйүнчү!
- Кайран Арстакем, ишке жараган экен!
- Баягы Аман-Палбан сүрүп кеткен малдын жарым-жартылайы
да табылыптыр. Аларды ээлерине кайтарып беришет экен? - дешип өздөрүнчө
күдүңдөшүп жатышты биздин айылдагылар..
Чын эле ошондой болуп чыкты. Назаралы корбашы он чакты жигит менен Аманалбандын чарбасын башкарып, үч миңден ашык кой, үч жүздөн ашык жылкы, жүздөн
ашык бодо менен Черге көчүп чыккан экен. Ажалың жеткирди көрсөң, Ак-Сууда
Арстаналы дивизиону менен жатса, кыйкырган үн угулган жерге келип, токойдун
арасына айыл кондуруптур. Тоолордун кыпчылып, калың токойдун арасы болсо
кайдан көрмөк эле, ким айтмак эле десе керек? Анын үстүнө ушунчалык жакын келет
деп ким ойлойт, ким шек санайт?
Бирок басмачылардан жадап бүткөн, тезирээк жоголушун каалаган эл көрбөй,
кабар кылбай коймок беле. Бардыгын тактап билип алгандан кийин, Арстаналы
элүүдөй гана киши менен барып, айлуу түндө Назаралынын айылын курчатып коюп,
өзү бастырып корбашынын эшигине барат.
- Назаралы! 0, Назаралы! Тур! Колуңду көтөрүп эшикке чык! Мен Арстаналымын.
Каршылык кылсаң өлдүң. Беш жүз кызыл аскер курчап турат. Жаныңдан үмүт кылсаң тез кыймылда! -дейт. Назаралы кепинге оронгон немедей ак көйнөкчөн, балбыраган
ак дамбалчан, жылаңбаш, эки колун көтөрүп айлуу түндө эшикке чыгат.
- Бол, жигиттериңдин бардыгы куралдарын таштап, колдорун көтөрүп, бул жерге
келишсин! Кыйкыр! Өзүң буйрук бер!
Таң ата колго түшкөндөрдү алып келишти. Ак-Сууга мал батпай кетти. Көбү эле
баягыда Тегенеден сүрүлүп кеткен малдар. Катын-бала, басмачылардын да көбү
бошотулуп, алар өз айылдарына кетишти. Назаралынын өзүн эки жигити менен алып
калып, айылдан айылга кыдыртып айдап, элге көргөзүп.
-Буларды тааныйсыңарбы? Жакшы кишилер беле же жаман кишилер беле? -деп
сурап, элдин пикирин билди Арстаналы.
- Атасынын башы, жакшы кишиби. Аман-Палбанга жагынуу үчүн өз атасын да
аябаган мыкаачы, кымындай кылмышы жок кишилердин да моюндарына кылыч
кармап, кээ бирөөлөрдү өлөрчө сабап, бей-бечарага көрбөгөндү көргөзгөн зулумдун
өзү да. Кимди кордобогон, кимди талабаган! Жигиттери да дал өзүндөй.
-Ушу сен да кыргызсыңбы? - деди Арстаналы үч күндөн кийин Назаралыны ээгинен
өйдө түртүн, тилин чайнап сүйлөп, намысың кайда? Кыргызды талап, малын айдап
барып кимге бердиң? Өз туугандарыңдын бирин-экин малы, балдарын сүтсүз таштап,
өздөрүн ачка таштап, бүт чогултуп алып кимге семиртип берүү үчүн Черге чыктың?
Корбашы имиш. Малайсың. Кайдан келгени, ким экени белгисиз коржойгон уурунун
малайысың, сен. Сага убал жок. Октябрь революциясынын атынан, кеңеш өкмөтүнүн
атынан, силерден азап көргөн элдин атынан, үчөөнү тең өлүм жазасына өкүм кылам.
Итке ит өлүмү!
Сапен орус деп аталган узун бойлуу арык жигит менен тегенелик Калдар жана
Сарыбай үчөө айдап жөнөштү. Ак-Кыянын башына алып чыгышып, элди каратып туруп
эле, күп-күндүз үчөөнү катар тургузуп атышты.
Эми кезек Калыбайга келди дешип, Арстаналы өзү баш болуп, Эш-Сайга жөнөштү.
Анда, азыркы Таш-Көмүр шаары менен Токтогул районунун ортосундагы Узун
капчыгайды бүт ээлеп, карындашын Аман Паңсатка берип, жыйырмадай мылтык алып,
артынан жыйырмадай куралдуу жигит ээрчитип жүргөн, жолдон киши өткөрбөй тосуп
карактаган, өзүн «Кабактын жолборсу» атаган бирөө бар эле. Калыбай корбашы дегени
ошол. Аны колго түшүрүү, Назаралыны колго түшүрүүдөн кыйын болду. Түн жамынын
барып, туш тарабынан курчап калышса да болбойт. Калыбай атышып жатып,
курчоодон чыгып качты. Бирок, жигиттеринин жарымы Абланын аскасынан кулап, бир
тууган агасы баш болуп далайы Нарындын суусуна агып, кыйрысын ургандай болду.
Кабактын жолборсу ошол бойдон дайынсыз жоголду. Арстаналынын бир жигити
жарадар болуп, бир жигити окко учту. Өлгөн жигиттин артында жападан жалгыз энеси
жер кучактап ыйлап калды. «Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын
ала чуркаптыр деген ушул», - дешти тегенеликтер.
Бирок уу-чуу жоголуп, эл тынчып, кабактын ичи менен арыбери жолоочулар каттап,
кадимкидей турмуш, кадимкидей тартип орноду. Баланчанын атын тартып алыптыр,
түкүнчөнү кыштын кычыраган суугунда таң атканча жаңгакка таңып коюптур
деген сыяктуу шыбыр-күбүрлөрдөн да кутулуп, эл кенеле түшкөнсүдү.
Арстаналынын дивизиону Аман-Палбанды, Ахматты, Баясты, Жакыпбекти кубалап,
Коконго, Ангренге, Чаткалга чейин барып келип жатты. Кокондун жанында болгон бир
атышууда Боталынын жалгыз уулу Кебекбай окко учту. Анын өлүгүн Кокондон
Тегенеге чейин атка жүктөп келишти. Жашы бир топко барып каттан шордуу Боталы
баласынан кийин көп кечикпей эле көз жумду, тиги дүйнөгө уулунун артынан жөнөдү.
Баястын шайкасын жарым-жартылай кырып, калганын Таласка ашыра кууп,
Чаткалдан кайра келе жатып Арстаналы Караванга токтойт. Түн ичинде бирөө келип
кабар берет.
- Ушул эле кыштактын тиги четинде, жарым чакырым араң келет, Барпыбай
корбашы тупа-туура он беш жигити менен өз үйүнө келип түштү. Силердин бул жерде
экениңерди биле элек.
Кабар алып келген киши өзүнүн ким экенин да айтпастан, колун бооруна алып,
артына кетенчиктеп эшикке чыгып кетти. Арстаналы дароо козголуп, отрядды уйкудан
ойготуп, шырп билгизбей алып жөнөдү. Барпыбайдын үйү чоң коргондун ичинде
экен, ат байлай турган сарайы да коргондун ичинде, бардыгы коргонго камалып алып
уктап жатышкан учур экен. Коргонду айланта курчап алгандан кийин, Арстаналы
дарбазаны барып какты.
- Барпыбай! О, Барпыбай! Мен Арстаналымын. Курчальга калдың, баатыр. Жашагың
келсе, каршылык кылбай бери чык! Куралыңарды таштап, баарыңар чыккыла!
Назаралы корбашыны кандайча колго түшүрсө, дал ошонун өзү болду. Бирден
санап, он бешин катар тургузуп, колдорун аркаларына байлашты. Кызыл аскерлер
коргонго киришип басмачылардын жарактарын алып чыгышты, он беш атты да
атканадан жетелеп чыгып жатышты!
- Эми эмне кылабыз? Буларды аттарына мингизелиби? – деди Даңканай.
- Кайда жетелеп жүрмөк элек, ок чыгарып, айланага чуу түшүрбөй, ушул жерге чаап
таштагыла! - деди Арстаналы.
Коргол ырчы атынан ыргып түшүп, Арстаналынын тизесин кучактады.
-Айланайын, Арстаке! Райым кыл! Бул иттин тогуз уулу бар. Үйү толгон эле тооктун
жөжөлөрүндөй жаш балдар. Убал болуп кетпесин?
Барпыбай орто дыйкан киши, Аман ууру аны зордоп жигит кылган. Кийин
чыйрактыгын көрүп, бир отрядка башчы кылып койгон. Ошондон кийин Барпыбай
корбашы атанган. Коргол ырчы өзү да ошонун тобунда жүргөн экен. Теги жаман киши
эмес.
- Ушундайбы? - деди Арстаналы. - Ырысың бар экен, Барпыбай. Тогуз уулдун
урматы үчүн кашык каныңды кечтим. Мындан ары балдарыңды багып, үйүңдө
болосуңбу же дагы Амандын аркасынан чабасыңбы? Экинчи жолу кечирим болбойт.
- Бул айкөлдүгүңдү унутсам, эки дүйнөдө жакшылык көрөмбү? - деди Барпыбай. Анда мен адам эмес эле, ит болбоймунбу, айланайын Арстаналы! Өмүрүң узун болсун!
Балдарыңдын убайын көр.
- Кеттик! - деди Арстаналы.
- Буларды эмне кылабыз? - деди Даңканай.
- Аттарын, курал-жарактарын ала кетебиз. Өздөрүн ташта ушул жерге! Корбашысын
аман коюп, жигиттерин өлтүрмөк белең? - деди кызыл командир. Барпыбайга
айтылган сөздөр ушулардын барына тиешелүү, экинчи колго түшүшсө кечирим
болбойт.
Ушул окуядан кийин Арстаналыны бардык жерде кеп кылышты, бооркеч, сонун
киши турбайбы дешти. Арстаналы бар болгону 1920-23-жылдын акырына чейин атчан
дивизионго командир болду. Бирок, ошол үч жарым жыл ичинде ал өз дивизионунун
астындагы милдетти толугу менен жана абийирдүүлүк менен аткарды. Чаткал
тоолорунун капчыгайларына жашынып алып, ыгы келе калганда Наманган, Кокон
айланасына, ал турсун кээде Ташкенге жакын жерлерге да жортуул жасап турушкан
басмачылар түп тамыры менен сууруп салгандай жок болушту. Арстаналы баш болуп,
он бир кызыл жоокер ошол кездеги эң жогорку сыйлык болуп саналган Кызыл Туу
ордени менен сыйланышты. Түркстан фронтунун командованиясынын атайын
приказында «башында Арстаналы Осмонбеков турган кыргыз атчандар дивизиону
айрыкча эрдик көрсөттү!», - деп жазылган. Албетте, Орто Азиянын басмачылардан
тазалоодо көрсөткөн эрдиги жөнүндө айтылган.
«Басмачы» бул «ууру» деген сөз эле. Уурулар бир нечеге бөлүнүшөт: чөнтөккө кол
салып, акча уурдаганды «чөнтөкчү» же «кисавир» дешет. Жол тосуп, жолоочунун аттонун тоноп алганды «каракчы» дейбиз. Ал эми түн ичинде кирип, үй ичиндеги
буюмдарды алып кеткенди - «басмачы» дешет. «Түн ичинде басып алыптыр» деген
сөздөн улам жайылган ат. Ушул түрдөгү уурулар айрыкча биринчи дүйнөлүк согуштун
жылдарында көбөйүшкөн. Чыгымдарды, байлардан алышкан карыздарын төлөй
алышпай, жерлеринен, үй-жайларынан, малдарынан ажырап, барар жери калышпаган
кедейлер төрттөн-бештен биригишип, түн ичинде кирип барышып, байлардын үйлөрүн
басып ала башташкан. Мына дал ошолорду «басмачы» дешкен. Кийин алар,
биринчиден, түшүнүшпөгөндүктөн, экинчиден, кээ бир ою бузук төбөлдөрдүн
колдоруна түшүп калышкандыктан, алар тарабынан таратылган ушактарга ишенип
алданышкандыктан - революцияга, жаңы совет бийлигине каршы чыгышкан. Жеткен
жерин талап, колдоруна тийгенди өлтүрүп, кыздарды зордукташып, чыныгы
ээнбаштыкка жол ачышкан, чыныгы контрреволюционерлер болуп кетишкен. Аларды
башкарышкандар дагы эле болсо байлардын, манаптардын өкүлдөрү болушкан.
Мисалы: Калкожо эшен, Мадаминбек, Баяс, Мойдун, Жакыпбек болуш жана
башкалары сыяктуу паңсаттар.
Арстаналы өзүнүн азамат кызыл атчандары менен мына дал ошол
контрреволюцияны жоготууда чоң кызмат көргөзгөн, кыргызга аты ардактуу, бүткүл
Орто Азияга таанымал баатыр катарында белгилүү болгон. 1924-жылы 7-ноябрда
кыргыз тилиндеги биринчи газета болгон «Эркин Тоонун» биринчи эле санында
Арстаналы Осмонбековдун атчан, кызыл командирдин формасын кийип түшкөн сүрөтү
басылып чыккан. Арстаналынын кайдан чыкканы жана кандайча чыкканы жөнүндө ар
түрдүү чаташкан сөздөр көп. Бири «чоң манап» болгон десе, экинчиси «итке минген
кедей» болгон дешет. Экөө тең так айтылган сөз эмес. Арстаналы Осмонбектин он
уулунун бири, тун уулу Жуманалыдан кийинкиси Осмонбек болсо, Жангарач байдын
карыганда токолдон көргөн эң эле кенже уулу болгон. Атасы өлгөндө сегиз
же тогуз жашта болуп, энелери бөлөк агалары батырбай, Тогуз-Торого таякелерине
кетип, ал жакка да батпай, энеси да өлүп, томолой жетим калгандан кийин кайра
Тегенеге келген. Энесинин экинчи күйөөдөн төрөгөн уулу Үмөталыны жетелей келген.
Чоң эле жигит болгондо келген. Анын келгенине эч ким сүйүнгөн да эмес. Аны энелери
бөлөк агалары малай кылып жумшашкан. Өзүнүн бышыктыгынан жогортон келишкен
төрөлөрдүн көздөрүнө чалдыгып, элпектиги менен, жүгүрүп кызмат көрсөтүшү менен
таанымал боло баштаган. «0, бул жигиттин колунан иш келет» дешкендердин
жардамы аркасында а дегенде ыстарчын, андан кийин болуш да болот. Малдуу,
мүлктүү да болот, үч аял алат. Карыган кезинде болуштугун тун уулу Жуманалыга
өткөрүп берип, ажыга барат. Ак падышага кызмат сиңиргендиги
үчүн ийининде эполети бар чепкен менен, Романовдордун династиясынын үч жүз
жылдыгын майрамдаганда юбилейлик медаль менен сыйланган.
Арстаналы мына ошол Осмонбек Жангарачевдин уулу. Бала кезинде азыр
Өзбекстанга карап калган Нанай деген кыштакта ачылган жергиликтүү мектепте
(туземная школа) орусча окуган деп айтышчу. Андан башка дагы кандай мектептен
окуганын билбеймин. Бирок орусча да, кыргызча да, арабча да катасы жок
туура жазган. Кыргызча жана орусча туура сүйлөгөн, көп нерседен кабары бар, өзү
жашаган жердеги элдин эң эле билимдүү жана маданияттуу кишиси болучу. Башы
ооруп, эти ысыган киши Арстаналыга бара турган. Башын басып, көзүн ачып, тилин
сундуруп көрүп:
- Эч нерсе эмес, сасык тумоо эле. Мына муну ичип, үч-төрт күн жылууланып жат! деп, темир сандыгын ачып, кагазга оролгон дары чыгарып берчү. Аспирин, аналгин,
хинин деген дарыларды биз эң биринчи Арстаналыдан көргөнбүз. Көрсө, шаарга
барганда аптекалардан ала келип, сандыгына салып коёт экен. Громофон деп аталган
мойну узун патефонду да эң биринчи анын үйүнөн көргөнбүз. «Арстаналынын кишиче
сүйлөгөн сандыгы бар экен» деп таң калышар эле кишилер.
191&-ЖЫЛЫ майданга жумушчу батальонуна кеткен. 1917- жылы падыша тактап
түшкөндөн кийин кайра келип, Фергана шаарында областтык Советтин бөлүм башчысы
болуп иштеп турганда, жашырынып кыргыз арасына, басмачылар ээлеп турушкан
жерлерге барып, үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн дешет. Нечен жолу басмачылардын
колуна түшүп кала жаздап, качып кутулганы жөнүндө, атышып жатып, курчоодон
чыгып кеткени жөнүндө кишилер жомок сыяктуу кылып сүйлөп отурушканын
көп уккамын. Өзүм окуган жокмун. Бирок окушкан кишилердин айтышканына
караганда, 1917-жылдын орто ченинде убактылуу өкмөттүн жергиликтүү
органдарынын бири чакырып Осмонбекти коркуткан көрүнөт. Иши кылып
«Наманганский вестник» деген газетага Осмонбектин колу менен ачык кат
жарыяланыптыр. Анда Осмонбек: «Менин экинчи уулум Арстаналы жөнүндө
эл арасында көп сөз болуп жатат. Мен өзүм аны эки жылдан бери көрө элекмин.
Кишилердин күбүр-шыбырына караганда ал тетири жолго түшкөн, бузуку
балчайбектер менен жүрөт имиш. Эгер ушул чын болсо, мен андан кечтим, аны мен
мындан ары уулум дебеймин. Кармалган жерде атып таштаса да, түрмөгө камап
койсо да Жогорку бийликке капа болбоймун», - деген билдирүү жасаган көрүнөт.
Белоруссияда жумушчу батальонунда жүргөндө да Арстаналынын большевиктер
менен байланыштуу болгондугу жөнүндө, жандармдар артынан тыңчы коюшуп, андып
калышканы жөнүндө ал жакка аны менен кошо барган, бирге жүргөн Мырза Атанаев
деген киши көп айтуучу. Партбилет албаса да, анын коммунисттер менен
тилектештигинде, коммунисттер менен бирдикте революцияга кызмат кылгандыгында
талаш жок.
Тегенеге барган сайын учурашканы келишкендерге жаңы заман, жаңы бийлик
жөнүндө айтып, түшүндүрүп кетээр эле. Эшигинде бирден же экиден жумуш иштеген
койчу, жылкычы, кошчулары бар кишилерге:
- Капа кылбагыла, акыларын толук төлөгүлө! Курсагы төк, кийими бүтүн болсун!
Эркиндиктин, теңдиктин заманы болгонун көрбөй турасыңарбы? Кибиреген жетим
балдарды койдун артынан салып койгонуңарды таштагыла. Алар окуп, билим алышы
керек. Шаарларда мына ушуларды, мамлекеттен кийим берип, оокат берип, окута
турган мектептер ачылып жатат. Ошого жиберүү керек. Кийин билбептирбиз,
түшүнбөптүрбүз дегениңер менен эч нерсе чыкпай калат. Өзүңөргө жаман болот дечү.
Арстаналыны мен 1924-жылдан баштап биле баштадым. Ал кезде атчан дивизион
таркатылып, бир аз гана, өздөрүн жумушчу-дыйкан милициясы деп аташкан. Куралдуу
жигиттери менен Аксуудагы крепостто туруучу эле. Аксууда жаңы ачылган мектеп
«Интернат» деп аталчу. Долбоор боюнча курулууга тийиш болгон үч имараттын экөө
бүтүп, окуунун жүрө баштаганына бир жыл айланып калса да, үчүнчүсү курулуп жаткан
эле. Элдин баары ал мектеп-интернатты кээде «Жетимдер үйү» дешсе, кээде
«Арстаналынын мектеби» деше турган. Анын себеби: ачарчылыкта жана басмачылар
кутурушкан жылдарда ата-энесиз калышкан балдарды жыйнап багуу максатында
Арстаналынын демилгеси менен курула баштаган жай болучу. Мен көргөндө бардыгы
эле окуп жатышкан экен. Жетимдерге кийим берилип, алар интернатта жашап, бекер
оокат жешип, бардыгы алар үчүн интернаттын эсебинен экен. Ата-энелүү
балдар болсо келип, кетип окушуп, оокат, кийим, калам, кагаз жана башка окуу
куралдары өздөрүнүн эсебинен экен.
Арстаналы мектепке бат-бат келип, балдар жана окутуучулар менен да сүйлөшүп,
ашкананы, жатаканаларды текшерип тура турган. Кээде өтүгүн чечип, жылаңайлак
болуп алып, атын жетелеп ылай кечип курулушту тездетүү үчүн жардамдашып
башкаларга үлгү көрсөтө турган.
Ал кезде биздин жерде дыйканчылык кош өгүзү бар гана кишилердин иши сыяктуу
болучу. Буурусун, тиркич, моюнтурук сыяктуу гана колдон жасалган айыл чарба
шаймандары боло турган. Базардан сатып алына турган жалгыздан жалгыз «техника»
буурусундун башына аштап коюлуучу чоюн тиш. Араба деген биз жакта жок эле. Өгүзгө
чийне сүйрөтүп алып, чөп ташыганды гана билишээр эле. Арстаналы биринчилерден
болуп темир соко алып келип, аны атка чиркеп жер жыртканды, кош айдаганды элге
көргөздү. Өгүз менен кош айдаганга караганда, ат менен кош айдаган, буурусун менен
кош айдаганга караганда, темир соко менен кош айдаган натыйжалуу экени дароо эле
байкалса да, айрым кишилер: «өгүз турса, атты кыйнап, кош айдайт. Асыл малды
кордойт деген эмне? Орустан көргөнүн иштеп жатат», - дешип жактырышкан жок.
Бирок өгүзгө караганда ат жолду тез арбыткандай эле, ишти да тез бүтүрөрү, көбүрөөк
жер айдоого жардамдаш болору көпчүлүктүн сезимине жетти. Көпчүлүк эл
Арстаналынын кийирген жаңылыгын жактырып, колдоп жана сүрөп кетти. Темир соко
да, ат кош да тез эле жайылып кетти.
Биз тоо арасында болуп, көп эле жактан артта калган айыл болсок керек?
Картөшкөнү, помидорду, капустаны, бадыраңды да жегенди билчү эмеспиз.
Ушулардын бардыгын, ал турсун сабизди, пиязды да эккен эмеспиз. Арстаналы өз
үйүнүн эшик алдына, крепосттун ар тарабындагы жерлерге бардыгынан аз-аздан
эгип, карап бышырып, үйүнө келген кишилерге берип отуруп, барыбызга жайды. Кээ
бирөөлөрдүн сөзү менен айтканда баарыбызга «чөп жегенди» үйрөттү.
Мен, Ак-Суу интернатында окуп жаткамын. Комсомолго өтүп, ал турсун мектептин
алдындагы комсомол ячейкасынын секретары да болчумун. Ошол кездеги
терминология боюнча жоопту катчы элем. Бир күнү таң эртең менен карасак эле,
крепосттун сыртында бир короо кой жайылып жатат. Андан мурун ал жерде
аскерлердин аттарынан башка кыбыраган эч нерсе жок болучу. Бир аздан кийин
Аккыядан чубап түшүп, Шекинин коргону деп аталган өрүк зардуу үйлөрдүн жанынан
өтүп, тумшук өйдө чыгып, он чакты атчан аял эркек крепостко киришти. Кээ
бирөөлөрүнүн жетелеген жылкылары бар...
Арстаналы кээде келип, мектептин комсомол чогулушуна катышып, жаңы
тартиптер жөнүндө, эркиндик, теңдик жөнүндө, мамлекетти башкаруу ишине элдин
кандайча катыша тургандыгы жөнүндө сүйлөп бере турган.
Эскиден келе жаткан кээ бир үрп-адаттар мындан ары жоюлууга тийиш, - деген ал
бир жолу. - Мисалы, калың төлөп аял алуу, эки аял алуу, кыздарды каалабаган
кишисине зордоп берүү, жаш кызды карыган киши алуу кылмыш катарында каралат.
Ал эми мына: Арстаналынын үйүнө аттары жетелешкен кишилер келип жатышат.
койлор да келип калыптыр, Куда түшүп келишкендер эмес бекен? Жабар деген кызы
бар. Келишкендер кимдер болушту экен?
Так эле биз ойлогондой болуп чыкты. Чоң арыктын боюндагы чоң түп алмуруттун
көлөкөсүндө отурушкан мугалимдер мени кол булгалап чакырышканынан барсам:
- Арстакеңди көрдүңбү? -дешти. Өзү келип, бизге калыңга кыз саткан кылмыштуу
иш дейт. Анан өзү болсо кызына калың алып олтурат.
- Кандайча калың алып отурат?
- Көрбөй турасыңбы тиги жайылган койлорду? Иренжиттеги Чыныбек бий өзүнүн
уулу Миркыяска Жабарды алып берүү үчүн куда түшүп отурат. Сен комсомол
ячейкасынын жооптуу катчысы болсоң, сатылып жаткан кыз комсомол мүчөсү болсо,
анан элге кантип кызыңарды өздөрү каалагандарына калыңсыз эле бере бергиле
дейсиң? Эл эмне дейт сага? Өздөрү эскиликтен кутула алышпай отуруп, бизге жаңы
законду таңуулашат дешпейби?
- Эмне кылабыз? - дедим мен.
-Бул эмне кылганыңыз? - деп Арстаналынын өзүнөн сурап көр! Сенин сурай турган
акың бар. Ячейканын катчысы сенсиң, - дешти.
Башымды кашып бир аз ойлонуп турдум да, кат жаздым «Арстаке! Өзүңүз кызды
калыңга саткан кылмыш болот дейсиз. Элди жаңы тартиптерге үйрөтүү комсомолдун
милдети дебедиңиз беле? Анан эмне үчүн өзүңүздүн кызыңызга калың алып отурасыз?
Сизге каршы биз эч нерсе иштей албасак да, Жабар менен Акматбекти комсомол
чогулушуна коюп, талкуулайбыз. Өздөрү комсомол мүчөлөрү боло туруп, мындай эски
адатка каршылык көрсөтө алышпаганы үчүн уулуңузду да, кызыңызды да комсомол
катарынан чыгарабыз.
Аксуу интернатынын комсомол ячейкасынын жооптуу
катчысы Темиркул ҮМӨТАЛИЕВ».
Жумабеков деген кичинекей баладан катты Арстаналыга берип жибердим.
Чымылдаган бойдон чуркап кеткен бала тез эле кайра жетип келди.
-Бердиңби?
- Бердим.
-Арстакемдин өз колуна бердиңби?
- Өз колуна бердим.
- Арстакем кайда отурган экен?
-Мейман үйүндө меймандары менен сүйлөшүп отурган экен, кирип барып акырын
бере койдум.
- Эмне деди?
-Унчукпай, өз ичинен окуп, анан Уулкан деп аялын чакырып, катты ага берди. «Өз
ичиңен оку» деди аялына.
-Анан эмне болду?
-Ук апам катты алып өз үйүнө чыгып кетти. Мен кайра чуркап баса бердим. Эмне
дешкенин уккан жокмун, - деди Жумабеков.
Арстаналынын кызы Жабар менден бир класс алдыда окуучу. Комсомолго мүчө
болуп өткөн эле. Тун уулу Акматбек Ташкенде окуй турган. Бирок каникулга келип,
жылдын көбүн эле үйүндө өткөрүүчү, биздин ячейканын учетунда туруучу. Ошол
окуянын убагында ал үйүндө болучу. Ага да ошол жылы аял алып берген эле.
Бешим ченде Арстаналынын аялы жетип келди. Мен коркуп, класска бекинип
калдым. Үч-төрт мугалим астын тосуп, саламдашып жатышты. «Мага жанагы Темиркул
жетимди таап бергиле! Курсагы тоюп калган экен анын. Окутуп, кийиндирип, биттенкурттан куткарып койсо, мунун иштеп отурганын көр. «Малдын баласын баксаң
оозуңду майлайт, адамдын баласын баксаң оозу-мурдуңду кандайт», - деген ушул
тура. Жакшылыкка жамандык кылышат экен да бул томаяктар. Мына бул алмуруттун
бутагына тирсегинен астырып, койбосом эле, менин Уулкан атым өчсүн!
Таап бергиле!» - деп чаңкылдап жатты.
Мектептин директору Сармат Качикеев деген узун бойлуу, мурутуна чейин сапсары
киши:
- Барыңыз, Укапа! Кудаларыңызды, кудагыйларыңызды караңыз! Бул эмне болуп
жатат дешпесин? Темиркул жетим келе жатканыңызды көрүп качып кетти көрүнөт?
Аны алдап-соолап колго түшүрбөсө болбойт. Аны бизге коюңуз, - деп жатты.
- Ооба, ошондой кылгыла! Кармап, менин колума бир тийгизгиле! - деп кыйкырып
сүйлөп кетип калды.
Директор мени чакырып кейиди:
-Жаман иш кылып коюптурсуң, жетимче. Ойлобой иштептирсиң. Арстаналыны
билбейсиңби? Назаралы корбашы дегенди жигиттери менен бирге тээтиги кырда атып
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 10