Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 18

Total number of words is 3961
Total number of unique words is 2181
27.8 of words are in the 2000 most common words
41.4 of words are in the 5000 most common words
48.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ал эми ошол 1958-жылы октябрь айында Москвада кыргыз адабияты менен
искусствосунун декадасы зор ийгилик менен өттү. Кыргыз элинин өрчүп-өнүп, канатын
кең жайып бараткан адабияты менен искусствосунун жогорку деңгээли
москвалыктарга, ал турсун чет элдиктерге айкын көрүндү. СССР Жазуучулар Союзунун
имаратынын конференц залында кыргыз жазуучуларынын бардык муундарынын жаңы
чыгармалары талкууга алынып, көп жазуучуларыбыз мактоого татыктуу болушту.
Айрыкча, ал декададагы биздин калемдешибиз Чыңгыз Айтматовдун
чыгармачылык жеңиши жалпы эле кыргыз адабиятынын жеңиши экендиги бизди
сыймыктантпай койгон жок. Талкуу убагында калемдеш курдаштарымдын катарында
мага да москвалык калем чеберлери тарабынан бир топ жылуу сөздөр ыйгарылды.
Менин китептерим, чыгармаларым жөнүндө сөз болуп жатканда Темиркул Үмөталиев
кагазга бир нерселерди жазып, столдун үстү менен бери жылдырды. Анда эмне
жазылганын Абдрасул Токтомушев окуй коюп, ал өзү да бир нерселерди жазгандай
болду. Кагаз мага келип жеткенде окусам, мындай ыр саптары бар экен:
Сооронбай!
Ооруса да аялың,
Жакшы сенин абалың.
Канат бүттү ырыңа,
Чыктың өлкө кырына.
Жыргатып бизге той бергин,
Ачылсын шампан жарым миң!
1983.
Небере күйөө баласы Эмиль менен,
Т.Үмөталиев күйөө баласы Топчубек
жана чөбөрөлөрү Турсунбек менен Тургунбек, Т. Үмөталиев небереси Чынар менен,
1988.
Темиркул Үмөталиев, 1984.
жубайы Зуура жана Сонунбүбү менен, 1978.
Темиркул небереси Чынар,
«Эл к-уту» эсгелиги, 1995.
Темиркул Үмөталиев турган үйгө орнотулган эстелик тактанын жанында небереси
Чынар жана анын уулу Темир, 1998
Чындыгында эле аялым Шааркүл күтпөгөн жерден ооруп калып, Склифосовский
ооруканасына жаткан учур эле. Ошол ырдын төмөн жагына Абдрасул Токтомушев
мындай саптарды жазыптыр:
Темикемин сөзү чын,
Сага айтылды сонун сын.
Агаларың чакырып,
Анча-мынча ырым кыл!
Албетте, айтылуу акындарыбыздын сөздөрүн эки кылууга болбойт эле. Жарым миң
болбосо да, бир нече шампан ачылып, ак санатай акын агаларым менен көңүлдүү
олтурганым али эсимде. Азыр ошондон кырк жыл өткөндөн кийин саргайган баракта
жазылып калган алардын ыр саптарын окуп олтуруп декада өткөн сонун мезгилди
дагы бир жолу эстедим. Айрыкча декада чоң ийгилик менен аяктап, «Москва» мейман
үйүнүн 3-кабатындагы кең жана келишимдүү ресторанда декаданын жыйынтыгына
арналган сый тамак жана анда республиканын жетекчиси Искак Раззаковдун эргип
сүйлөгөн сөзү, андагы жалпы көтөрүңкү атмосфера Раззаков менен атактуу
балеринабыз Бүбүсайра Бейшеналиеванын укмуштай бийлешкени декаданын
катышуучуларынын эсинен кетмек эмес.
Декада ийгиликтүү аяктап, анын катышуучулары поездге түшүп үйгө кайра жол
тарттык. Ар купеде жакшы сөздөр угулуп, тамылжыган жайдары жүздөр көрүнөт.
Темике биздин купеде мейман болуп олтуруп, мындан 19 жыл мурда кыргыз
адабиятынын жана искусствосунун биринчи декадасына катышкан күндөрү
жөнүндө аңгеме куруп олтурду. Ошондо Москваны карай поездде баратканда Темике
жазган төрт сап ырынын тарыхын айтып берүүнү сурансак, вагондун там борунда
жолуккан татынакай сулуу кызды кучактап, бетинен өөп койгондо, ал кыз «Ий агай,
сакалыңыз бетимди сайып ийди!» деп жылмайып өтүп кеткенден кийин, купеге барып:
Кайран өмүр жашчылык,
Качып барат шаштырып.
Кыздар өпкөн бетимди
Кыл сакалга бастырып! деген саптарды жазгандыгын айтып берди. Ал эми азыр Ала-Тоого бараткандардын
бардыгы тынчып, вагондун радиосуна кулак салышты. Көрсө СССР Жогорку Советинин
кыргыз декадасынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндөгү Указын диктор окуп
жаткан экен. Айрыкча Ленин ордени менен сыйланган биздин айтылуу акындарыбыз
Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликовдун атын укканыбызда абдан кубанып,
аларды чын жүрөктөн куттуктадык. Зымырап жүрүп бараткан поезддин вагондорунда
салтанат уланып баратты.
1960-жылы атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин 50 жылдыгы белгиленди.
Токтогул районунун жетекчилеринин чакыруусу жана Кыргызстан жазуучулар
Союзунун жиберүүсү менен Жоомарт Бөкөнбаевдин 50 жылдык мааракесин өткөрүп
келүү үчүн Темиркул Үмөталиев башындагы жазуучулардын делегациясы Токтогул
районуна бардык. Токтогулдуктар бизди кубанычтуу тосуп алышып, жаныбызга
Токтогулдун шакирти, атактуу ырчы Корголду кошуп беришти. Биз Жоомарттын туулуп,
өскөн айлында болуп, Токтогулдун күмбөзүнө таазим кылып, анан райондун
борборундагы клубда Жоомартка арналган чоң эскерүү кечесине катышып, сөз сүйлөп,
ыр окудук. Темикем Жоомарт жөнүндө өзүнүн эсиндеги окуяларды, акындын кыргыз
эли, кыргыз адабиятына анын сиңирген укмуштай эмгектери жөнүндө айтып берип
элди ыраазы кылды.
Айрыкча, айтылуу Коргол ырчынын Жоомарт жөнүндөгү эскерүүлөрү, ал
Токтогулдун ырларын Арым жайлоосунда чатыр тигип алып бир топ айлар бою
Корголдун оозунан жазганын айтып берди.
Бизди меймандаган бир үйдө кечки чай ичүү маалында Темике Жоомарт жөнүндө
мындай бир болгон окуяны бизге баяндап берди. Темике майданда жүрүп, үйүнө
отпускага келет. Аны майданга кайра узатуу үчүн Фрунзе темир жол вокзалына бир
тобу барышат. Темике жайгашкан вагондун купесине Жоомарт, анын жубайы Тенти,
Темикенин жубайы Зуура жеңелер киришет. Жоомарт: «Ургачылар, силер сыртка чыга
тургула. Темикеме жеке айта турган сөзүм бар!» дейт. Тигилер купеден чыгып кеткен
соң, Жоомарт Темикени бек кучактап туруп: «Теке! Мындан кийин экөөбүз эч качан
көрүшпөйбүз! Же сен өлөсүң, же мен өлөм! Ушуну айтып коеюн дедим эле. Кош,
Теке!» деп, көзүнөн жаш кылгырып, буулугуп турду. Мен: «Кой, Жоке! Жиндинин
кебин айтпачы! Сен кызуусуң го!» десем, ал: «Мен болор чындыкты айтып жатам!»
деп сөзүн бүтө электе поезд ордунан козголду эле, Жоомарт шашылып вагондон жерге
түштү. Бизди узаткандар менен кол булгап коштоштум. Жоомарт да колун булгаган
бойдон перрондо кала берди. Чыныңда эле ал айткандай экөөбүз тирүүбүздө
көрүшкөн жокбуз. Мен ичимден кырсык болсо эле октун арасында жүргөн мен жакта
болот го деп чочулаганмын. Тагдырдын буйругу экен, жайдын толуп турган кезинде
мемиреген Ысык-Көлдүн боюнда Жоомарт машина кырсыгына дуушар болуп, ар
кадам сайын ажал аңдып турган кан майдандан мен аман-эсен келбедимби» деп
Темике сөзүн бүтүп, терең үшкүрдү. Бири-бирине чыныгы дос болуп, жан аябай
жакшылык көрсөтүшкөн ушул эки акындын мамилеси башкаларга сонун үлгү болорлук
мамиле экендиги жөнүндө көрүнүктүү журналист, коомдук ишмер Тургунбек
Суванбердиев бизге айтып бергени эсимде. Согуш кызуу жүрүп жаткан учурда
майдандагы жоокерлерге кыргыз элинин жиберген белектерин алып баруучу өкүл
болуп, Түндүк Кавказ багытына жөнөөгө даярданып жаткан учурда Жоомарт аны
билип калып, Темикенин ошол жерде экендигин эстеп, ошол армиянын
командирлерине биздин республиканын жетекчилеринен Темиркул Үмөталиев кыргыз
элинин атактуу акыны, ага майданда көз салып, согушуп да, ырларды да жазып
жүрүшүнө шарт түзүп берүү жөнүндө сураныч жазылган кат даярдатып жүргөн учурда,
Суванбердиевдер түшкөн поезд Фрунзе вокзалынан жөнөп кетип, катты
Суванбердиевдин колуна берүүгө Жоомарт үлгүрө албай калат. Поезд Пишкек
вокзалында 30-40 мүнөттөй токтоп турарын билген Жоомарт Фрунзе вокзалынан
Пишкек вокзалына чейин чуркап олтуруп жетет да, жанагы катты Суванбердиевге
тапшырып Темикеге салам жиберет. Ал катты Суванбердиев майданда Темикенин
командирлерине тапшырып, Темикенин өзү менен көрүшүп, Жоомарттын ага болгон
достук, курдаштык мамилеси жөнүндө айтканда Темике ага ыраазы болуп, кубанычы
койнуна батпаган дейт. Эки акындын бир- бирине жасаган ушундай мамилеси укмуш,
адам суктанарлык мамиле.
Бардык акындардын арасында мындай таттуу мамиле ар дайым боло бербейт
эмеспи. Мисалы, калемдеш акыны Кубанычбек Маликов менен Темиркул
Үмөталиевдин өз ара мамилеси көп жылдар бою татаал болуп келгендигин өз көзүбүз
менен көрүп жүрдүк, алардын бир-бирине кезенишкен учурларына да күбө болгонубуз
бар. Кийин, көп жылдар өткөн соң, кыргыз эли кадырлаган бул эки атактуу акындын
мамилеси жакшы жагына өзгөрүп, бири-бирине көз караштары оңолгонуна да күбө
болдук. «Кыргызстан маданияты» газетинин 16-бетине Кубанычбек Маликовдун бир
топ жазуучуларга, искусство ишмерлерине арналган ырлары жарыяланганы эсимде. Ал
ырлардын ичинен айрыкча Темиркул Үмөталиевге арналган ыры чындыкты ашкере
жазган, жүрөктөн чыккан ыр экендиги менен айырмаланып турганын окурмандар
дароо байкашып, жакшы баа беришкен. Ал ырда Кубанычбек Маликов Темике экөө
далай жылдардан бери бекер каршылашып, кажышып жүрүшкөнүн кеч болсо да
түшүнгөндүгүн, кокустан көзүбүз өтүп кетсе, кайсы жерде болбосун экөөбүздүн
«балким жүрөр эмгегибиз мүрүлөш» деген ойду айткан.
1978-жылы Темиркул Үмөталиевдин 70 жылдык мааракеси республикада кеңири
белгиленип, академиялык кыргыз драма театрында салтанаттуу кече өткөндө
баяндамадан кийин биринчи болуп Кубанычбек Маликов сүйлөп, Темиркул
Үмөталиевдин жазуучулук да, коомдук ишмердик да жүзүн даана көрсөткөн сөздөр
менен өзүнүн калемдеш курдашына жогорку баа бергендиги баарыбыздын эсибизде.
Ал эми тагдыр өлчөп берген өмүр жолу кыска болгондуктан, Кубанычбек Маликов
ошол эле жылдын аягында дүйнөдөн өтүп, «Аларча» көрүстөнүндө анын сөөгүн жерге
коюп жатканда Темиркул Үмөталиев чоң акын жөнүндө чоң сөз сүйлөп, ага арналган
ырын окуп бергени дагы баарыбыздын эсибизде. Кубанычбек Маликов өзүнүн ырында
жазгандай кыргыздын эки улуу акынынын ысмы качан болсо катар жазылып, кыргыз
адабиятынын тарыхынан ардактуу орун алары шексиз.
Темикем эл арасында көп болуп, элдин пикирин угуп, андан таасир алып, жаңы
чыгармаларды
жаратууну
дайым
каалоочу.
Аны менен мен Москвада өткөн ар кыл чоң чогулуштарда болдум, Ташкенде өткөн
аскер адабиятына арналган чогулуштарда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Өзгөн аарларында,
Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Сузак, Базар-Коргон жана башка райондордо бирге болуп,
эл менен жолугуп, аларга жаңы ырлардан окуп берип, окурмандардын кыргыз
адабияты, жазуучулар жөнүндөгү баалуу ойлорун укканбыз. Мындай жолугушуулардан
кийин Темикем жаңы, жакшы ырларды жазганына күбөмүн. Элетте жүргөндө Темикем
өзүн өтө жупуну кармачу, бардык ыңгайсыз шарттарга көнө берчү, алыскы жолдо
кыйналгандыгын башкаларга билдирчү эмес. Дайыма өзүн жаш сезе турган. Ошондой
сапарда жүргөндө Темикеме төмөндөгү ыр саптарын жазып, колуна берсем,
жылмайып күлүп коюп, ырды чөнтөгүнө салып алганы эсимде:
Калкка кызмат кылдыңыз эбегейсиз,
Карылыкты али да кенебейсиз.
Алдыңызга аш келсе, жашка берип,
Аткарылчу иш болсо, «Келе!» дейсиз.
Кызыл гүлгө сиз дале жанашасыз,
Кыял эргип сонун ыр жаратасыз.
Кыл сакалга бетиңиз басылбастан,
Кырчын болуп жашарып баратасыз.
Чынында эле Темикемдин курагы жогору болгону менен жүрөгү, көңүлү жаш эле.
Ал эми өз өмүрүн кыргыз эли үчүн ак кызмат өтөөгө арнады. Өзүнүн талантын, күчүн
кыргыз адабияты үчүн, демек, кыргыз эли үчүн жумшады. Элинин урмат-сыйына
бөлөнүп, адамдык жана акындык парзынын абийирдүүлүк менен актап кетти. АлаТоонун атактуу акыны, кыргыз элинин сыймыктуу уулу Темиркул Үмөталиев 1991жылы жайдын толуп турган кезинде - 11-июнь күнү дүйнөдөн өттү. Ал өөр ооруп
төшөктө узак жатпай, Бөкөнбаев көчөсүндөгү чоң үйдүн короосунда коңшулары менен
эс алып, маектешип, гезит окуп олтуруп, үйүнө киргенден бир аздан кийин диванда
кынтайган абалында жан берди. Өзүнүн пейилине жараша өлүмү жеңил болду.
Алтымыш жылдан ашуун кыргыз адабиятында калемин бек кармап эмгектенген улуу
акынын өз эли чоң урмат менен «Аларча» көрүстөнүнө сөөгүн койду. Асыл акындын
асыл өмүрү ушуну менен аяктаган жок. Ал артына калтырып кеткен бай адабий мурас
кыргыз адабиятынын алтын казынасында, демек эл жүрөгүндө узакка чейин
сакталмак. Темикемдин өмүрлүк жубайы, бардыгыбыз урматтаган Зуура жеңе
дүйнөдөн кайткандан кийин, анын сөөгү Темикенин сөөгүнө жанаша бир бейитке
коюлганы ойдогудай иш болду. Мен өмүрүмдө көп эле жубайларды көрдүм, бирок,
Темикем менен Зуура жеңедей бир-бирин чын ыклас менен урматтап, сыйлап,
ынтымакта жашашкан жубайларды чанда гана көрдүм. Эми дагы ал эки жубай жер
астында жанаша жатышып, баштарынан өткөн окуяларды эстешип, тынымсыз
маектешип жаткансып туюлат мага.
«Аларча» көрүстөнүндөгү мүрзөсүнүн үстүндө Темикем менен Зуура жеңенин
эстеликтери коюлду, Бишкек шаарындагы бир чоң көчөгө, бир орто мектепте
Темикенин ысымы коюлду. Анын 90 жылдыгына карата Эркиндик бульварында
эстелиги орнотулду. Колуңуздардагы Темикенин кийинки мезгилде жазган
чыгармалары жана ага арналган ырлар, эскерүүлөр Темикени өз эли
унутпагандыгынын, урматтагандыгынын дагы бир белгиси. Ушул иштердин бардыгына
Темикенин кызы искусство илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук
Илимдер Академиясынын мүчө-корр., АКШнын Калифорния академиясынын
академиги, Эл аралык көркөм сүрөт Академиясынын академиги Жамал
Үмөталиеванын кол кабышы, тынымсыз жасаган эмгеги аркылуу болгондугун ага
ыраазылыгыбызды билдирүү менен айта кетишибиз калыстык иш.
Темикемдин өткөн бардык мааракелеринин комиссиясынын катчысы болуп
иштегениме жана 1989-жылы «Адабият» басмасынан чыккан эки томдук
«Тандалмаларына» башкы редактор болгонума сыймыктанамын.
Бул макалада Темикем жөнүндө жетээрлик айтылбай калды. Ал жөнүндө көп
адамдар тарабынан толгон жакшы сөздөр айтыларына, ал сөздөр аркылуу атактуу
акыныбыздын көз алдында даана тартылчу унутулгус сүрөтү тартыларына ишенебиз.
Кыргыз адабиятынын түппайын бекемдешкен, алаамат мезгилинде кызыл өрттү кечип,
ажал менен арбашкан, кыргыз элинин ар-намысын сакташкан, өзүнүн өлбөс-өчпөс
поэзиясы менен кыргыз адабиятына салмактуу салым кошуп, аны ого бетер байыткан,
өз өмүрүн бүт бойдон элге кызмат кылууга арнаган улуу акыныбыз Темиркул
Үмөталиевдин ысмы элибиздин жүрөгүндө бекем жана узак сакталары бышык.
Сооронбай Жусуев
ТЕМИКЕМЕ
Учкан эле суктанып барчынга,
Учкул мезгил, жаңы заман шартында
Ыр уялап анын назик жүрөгүн
Ыр чыгарды түбөлүктүү даңкын да...
Эл журтуна арнап коюп кан-жанын,
Көргөн жокмун чарчаганын, талганын.
Айтаар эле акыл-насаат кептерин,
Айтаар эле кубанычын, арманын...
Издери өчүп кылымдагы издерден
Аты аталбай далай мыкты иргелген.
Ал кут эле кыргыз үчүн жаралган Ал кут эле заманага бир келген!
Көзгө дайым нур элесин тартасың,
Көрсөк дагы калемгердин канчасын.
Кайра келбес Темикемдей ыр-дүйнө Кайра келбес Темикемдей алп акын!
Маркабай Ааматов
«КАЙРАН ӨМҮР ШАШТЫРЫП...»
Темиркул Үмөталиев жарык дүйнөдө 83 жыл жашап туруп, келбес сапарга жүрүп
кетти. Анын поэтикалык ааламын сүйгөн жана урматтаган калкы жана окурмандары
кайгынын туңгуюгуна чөмүлө түштү, жүрөктөрү сыздады. Ачык-айрым, бала кыял,
чынчыл, эл башына согуш апааты түшкөндө колуна курал алып, майданга жөнөп
кеткен жоокер, поэзия дүйнөсүнүн талыкпас булбулу каардуу ажалга багынып, кантип
жанын кыйды экен? Бул кырдаалды калың элдин көздөрүнөн аккан жаш гана
билдирип турду. Баарыбыз аза тутуп, айрылгыбыз келбей турду. Көз алдыбызга
жашоодогу татаал өмүрү, баскан жолу, чыгармачылык багы тартыла берди...
Акын жүздөн ашык китепти өз элине тартуулады, жыйырмага жакын китеби башка
боордош элдердин тилинде жарык көрдү, бир нече китепти кыргыз тилине которду.
Бүткүл өмүрүн чыгармачылык дүйнөсүнө арнады жана ошол дүйнөдө жашады.
Маркум акын 1937-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болуп туруп,
өзүнчө бир ойго келет. Ар бир эр жигит аскердик милдетти аткарууга милдеттүү,
аскердик машыгууга үйрөнүү керек... Өзүнүн бул оюн ишке ашырууга аракет кылат.
Анын үстүнө ошол кезде «Эгер эртең согуш болсо» деген сыяктуу ырлар көп ырдала
баштаган эле. Кийин ал үч айлык аскердик курска барып, аны бүтүрүп келет.
Чыгармачылык сапарына бир катар аскердик ыргактар кошулат. 1941-жылы 22-июнда
капысынан душман кол салат. Бүткүл эл жоого каршы аттанат. Темиркул Үмөталиев да
граждандык кийимин таштап, аскер кийимин кийет, аскердик катарга кошулат, согуш
майданын көздөй жол тартат. Москва багытындагы, Түндүк Кавказдагы, Украина
жергесиндеги салгылашуулардын майданында болот, алдыңкы чекте жүрөт, курал
колунан түшпөйт. Ооруп калса да, өз катарынан кетпейт, жоокерлер менен кошо
жүрөт, майдандаштары да дарылоо жайларга калтырышпайт, араба болсо арабага,
машина болсо машинага салып алып кетишет. Согуштун биздин жерде, биздин элде
болуп жатышы, оор кырдаал акындын жанын кейитет:
Баарынан да батып кетти жаныма,
Биздин жерде биздин кандын акканы!
Мына акындын үнү, мына акындын ыры. Өч алууга, элди-жерди душмандан
куткарууга умтулат.
Жоокердик сапар улана берди. Жергебиз душмандан тазаланды. Согуш улана
берди. Жоокер акын да ушул саптар менен алга бара берди. Болгарияны,
Югославияны, Венгрияны, Австрияны бошотууга катышты. Аскердик ар кандай
кызматты ийгиликтүү аткарды. Согушта жүрүп бир далай ырларды, поэмаларды,
очерктерди жазды. Алар газета-журналдарда дайыма басылып турду. Бир кызык
окуяны айта кетүү керек. Биздин аскерлер душмандан Будапештти бошоткондо
капитан Темиркул Үмөталиев патрулдук топтун начальниги болуп шаарды аралап келе
жатса бир көчөдөн чырылдаган үн угулат, бурулуп бара калса, бир топ солдат бир
үйдүн ээсин сыртка айдап чыгарып, ал үйдү бошоттуруп жаткан экен, «Эмне болду?»
деп сураса, солдаттар: «Бул үйдө штаб болот, бошотуп жатабыз» дешет. Капитан
Үмөталиев үйгө кирсе, бир абышка кемпири менен бүжүрөп отуруптур. Т.Үмөталиев
венгерче билбейт, тигилер орусча билбейт. Тиги абышка өзүнүн китебин көрсөтөт.
Т.Үмөталиев анын акын экендигин түшүнөт. Анын аты-жөнүн билет да, тиги
солдаттарды кайтарып жиберет. Кетейин десе тиги абышка кетирбейт, кичине
тактайчаны алып келет да, «бир деме жаз» деп ишарат кылат. Анда Темикең: «Бул
үйдө атактуу венгер акыны Сабо Лоренц жашайт. Эч кимиңер тийбегиле. Капитан
Т.Үмөталиев» деп жазат да үйдүн эшигине кадап коет.
Согуштан кийин Сабо Лоренц Темикеңди издеп Москвага каттар жазат, бирок
албайт. Көп ырлар жазып Темикеңе арнайт. Ал ырларга обондор чыгат, фестивалдар
өтөт. Бир канча жылдардан кийин Т.Үмөталиев Будапештке барса баягы тактайча
адабият музейинде турат. Таң калат, Темике өзүн тааныштырат. Адабият чөйрөсү аны
курчап алып, бардык жерлерге алып барат. Кошут сыйлыгынын лауреаты, венгер
адабиятынын классиги Сабо Лоренцтин чыгармачылык дүйнөсү менен
тааныштырышат, жолугуулар уюштурулат. Т.Үмөталиев мадияр антологиясына
киргендигин айтышат. Кийинки убактарда мадияр адабиятынын өкүлдөрү келишти,
Темикеңдин коногу болушту, бир нече чыгармалар жазышты.
Биздин учурдуу басма сөзүбүздө бир аз болсо да бул жөнүндө сөз болду. Кийин
унутулуп калды. Эмнегедир чет жактарда Темиркул Үмөталиевди гуманист акын
катары баалап, даңкын жогору көтөрүп жатса, биз ушул убакка чейин унчукпай келдик
ал жөнүндө, согушта жүрүп чоң акынды сактап калгандыгы жөнүндө макалалар жазып,
чыгармаларды түзбөй келдик. Акын Т.Үмөталиев төрт жыл бою кан кечип, от аралап,
ок жааган согушта жүрдү. Ал жөнүндө чыныгы чыгармаларды жазды, өзү көргөндөрдү
жазуу - чындык. Өзү көрбөй болжол жазгандардын апыртмаларын четке кагат.
Темикем алааматты көргөн, өмүрүнүн аягына чейин согуш чыгарууга умтулган
желмогуздарды ыры менен бомбулап келди. Ар дайым жүрөктө жашайсың, элдин
булбулу, чындыктын жарчысы, калк коргоонун жоокери!
Түмөнбай Байзаков
АДАМ ЭЛЕҢ ЧЫНЫНДА
Темикемди мен биринчи көргөндө,
Чоң согуштан жеңиш менен келгенде,
Таанышканмын сыймыктанып өзүмчө
Кол тамгасын жазып китеп бергенде.
Ыйманы ысык, айкын мүнөз жайдары,
Анда жеңем Чолпон сымак таңдагы.
Кырчын жигит Темикеме эркелеп
Кошо күлүп турган окшоп ай дагы.
Жарым кылым өтүп кетти заматта,
Мезгил күлүк токтоо бербей чабат да.
Улуулардын акыл сөзүн актасаң
Бул өзүнчө турмуштагы сабак да.
Темикеме теңтуш болуп жетилдик,
Эстен чыгып элеңдеген жетимдик.
Доорубуздун өйдө-ылдыйын үйрөнүп
Ышкы келсе ыр сабына көчүрдүк.
Бирге жүрдүк айыл, шаарды аралап,
Темикеңдин турмуш суусу шар агат.
Кезигинде тазаланып «Айсулуу»
Түзөп боюн, кундуз чачын таранат.
Суу боюна тал, теректер тиккенбиз,
Ь1ргагына ылайлабай түшкөнбүз.
Көрбөй калсак Темикемди бир аз күн
Сагынганбыз, атабыздай күткөнбүз,
Таалим алып кыялынан, ырынан,
Кеңеш берсе кебин угам, туюнам.
Үлгү болуп өмүр бою Темикем
Ошол үчүн арбагына сыйынам.
Жаркын өттү комсомолдук курагы,
Жүрөгүндө тунук поэзия булагы.
Күйө берет, өчпөйт дайым нур себет
Темикемдин ырдан бүткөн чырагы.
Ата Мекен тапшырмасын аткарып,
Кылган иши үч томдукта такталып.
Жагалданып татынакай карыды
Өркүндөдүң өз журтуңда макталып.
Жетимсиреп калган бизге кыйын да,
Атам элең ардактагам чынында.
Кош айтышып кете бердиң жылмайып
Ыр сепилин куруп коюп кылымга.
Муса Жангазиев
АДАБ ИЯТЫБЫЗДЫН ЗАЛКАР ӨКҮЛҮ
Бүгүн улуттук адабиятыбыз жана маданиятыбыз дагы бир залкар өкүлүнөн
айрылды!
Мен – Темикенин жердешимин. Анын киндик каны төгүлгөн атактуу Бозбу-Ата
тоосунун бир өңүрүндөгү Төө-Жар кыштоосу менин Кош-Дөбө аталган айлыман балык
сырты болуп жаткан Чер деген бир гана кыр бөлүп турат. Демек, маркумдун дайыма
сыймыктана жүрчү жердештеринин бири катарында анын адамдык асыл сапаттарын
да, акындык кудуретин да жаш кезден бери жакындан байкап-көрүп, жакындан сезип
жүргөндүктөн, бүгүн бардык жердештеримдин атынан: Темикебиздин күнөөсү жок,
эгер анча-мынча болсо да анысы төрт жылга созулган кызыл кыргында төккөн каны
менен, алтымыш жылдык адабий майдандагы ак эмгек менен жуулуп кетти деп
ойлойбуз!
Темике - жаштыктын жана сулуулуктун акыны эле.
Кайран өмүр жашчылык,
Өтүп барат шаштырып.
Кыздар өпкөн бетимди,
Кыл сакалга бастырып, деген анын ыр саптарын жатка билбеген кыргызды табуу кыйын. Тагыраак айтканда,
Темике Жыпарларды, Айсулууларды, Абазбектерди даңазалап жүрүп өттү. Же
болбосо:
Кыз сүйө элек кезимде,
Мен Аркытты сүйгөмүн.
Кол менен жасап койгондой
Кооз бурчу дүйнөнүн, деген өңдүү сулуунун сулуулугун ого бетер арттырган шуру, акак, бермет сымал Аркыт,
Арстанбап, Ысык-Кал, Соң-Кал өңдүү жергебиздин чырайына чырай кошуп турган кооз
бурчтардын ар бирине ондогон ырларды арнаганына күбөбүз. Темике сулуулуктун
акыны эле.
Темике - жакшы адамдардын акыны эле. Качан, кайдан, кайсы кесип адамы менен
жолукпасын, анын бир артыкчылыгын көрүп калса, билип калса, ал жөнүндө ошол
күнү эле ыр, же очерк жазуу үчүн калем менен кагазына жетүүгө шашканын көрүп
жүрдүк.
Темике - эрдиктин акыны эле. Башкача айтканда, өзү башынан аягына чейин
катышкан Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз жигиттеринен эл-жери үчүн өмүрүн
сайып согушкан Асылкеримдин, Кубаттардын, Апсаматтардын эрдигин ырдап жүрүп
өттү.
Күн сайын таң заардан туруп ажырыктын тамырындай чырмалышкан бу турмуштун
али ачыла элек сырларын, издегендей дайыма шашыла басып, шашыла сүйлөп,
алдынан чыккан улууга да, кичүүгө да саламы менен кошо айланып-кагылып, ошонусу
менен анын жүрөгүнө улуу адамгерчиликтин үрөнүн таштап, анан анысына өзү да
ыраазы болгондой бешенесин жаркырата күлүңдөгөн бойдон өзү менен өзү сүйлөшүп
кете берчү. Темикенин ырдан, асыл адамгерчиликтен бүткөндөй касиеттүү карааны
мына бүгүндөн баштап жашылга оронуп гүл жыттанган Бишкек калаабыздын
көчөлөрүнөн көрүнбөйт. Ал караан бүгүндөн тартып мына бул кара жер астында,
тирүүлөргө жер, көз жумгандарыбызга жууркан-төшөк болуп берүүчү Эне жердин
астында калып жатат. Жаратылыштын пендесине атаган эң акыркы шыбагасы ушул
тура Ошондуктан бу сапарда: «Кошуңуз!»-дегенден башка колубуздан эч нерсе
келбесин моюнга алуу менен: «Кошуңуз, Темике! Жаткан жериңиз жайлуу, артыңыз
кайрылуу болсун!» демекпиз.
Жунай Мавлянов
КҮЛҮКСҮЗ КЕЛЕ ЖАТКАН ОЗУП АЛГА
Мен Сиздин ырыңызды окуганда,
Булакты элестетем дароо гана.
Анткени, Сиздин жазган ырларыңыз,
Булактай агып жаткан мөлтүр таза.
Мен Сиздин ырыңызды окуганда,
Деңизди элестетем дароо гана.
Анткени, сиздин жазган ырларыңыз,
Деңиздей толкуп турат ал буттана.
Мен Сиздин ырыңызды окуганда,
Асканы элестетем дароо гана.
Анткени, Сиздин жазган ырларыңыз,
Көк мелжийт ак булакта тумшук мала.
Мен Сиздин ырыңызды окуганда,
Жалынды элестетем дароо гана.
Анткени, Сиздин жазган ырларыңыз,
От болуп алоолонуп турат жана.
Темике!
Тоонун дагы тоосу бар да.
Темике!
Зоонун дагы зоосу бар да.
Бүгүнкү поэзия мелдешинде,
Күлүксүз келе жаткан озуп алга!
Ташмат Арыков
КАЙРАН КИШИ
Бул макаланы мен жүрөгүм ооруп, жаным кейип жазып олтурам. Ал түгүл «Темикем
эми биздин арабызда жок» деген суук кабарга ишенгим да келбей турат. Атаганат,
жалган дүйнө деген ушу белем! Кыргыз адабияты дагы бир орду толбос жоготууга
учурады, анын дагы бир бийик чокусу урап түшкөндөй болду. Кайран киши! Кыргыз
адабияты жаңыдан төрөлүп, там-туң баскан учурунан тартып, бүгүнкүдөй алдыңкы
адабияттардын катарына өсүп чыкканга чейин анын башында кошо турушуп, ысыксуугуна кошо күйүшүп, ал үчүн кам көрүшүп, чоң мээнет өтөгөн маалимибиз,
калемдешибиз эле. Бардык эле убактарда андан аталык, агалык мээрим келип турар
эле, «айланайындар» деп койгон бир ооз сөзүндө канча боорукерлик, кенендик жана
жылуулук сезилип турчу. Кээде сүйлөшүп олтуруп, тамашалуу бир сөз айтып коюп,
баарынын көңүлүн кубандырып, өзү каткырып күлгөн бойдон чыгып кетер эле.
Мындан сексен үч жыл мурда Жаңы-Жол аймагында туулуп, жетим өсүп эч кимдин
назарында жок баладан атагы бүтүндөй өлкөгө угулган. Эл акыны деген бийик
даражага жеткен Темиркул Үмөталиевди Ала-Тоо кыргыз журтчулугунун баш-аягы
терең урматтоочу. Ал кайсы жерге, кайсы айылга барса да өмүр бою аралаш жашаган
кадырман адамы катары аттан көтөрүп алышчу жана аны кайра да көргөнү үчүн
сыймыктанып калышчу. Тарыхты, элди, турмушту мыкты билген, анүстүнө сөзмөр
Темике кай жерде болбосун уккандарды өзүнүн кызыктуу аңгемеси менен кандырып,
кубандырып, көңүлдөрүн ыраазы кылып койчу. Чанда кездешчү элпек, бала кыял,
бирөөнүн көңүлүн оорутпаган жумшак киши эле. Качан да болсо кабары ачык,
жаркылдап жүрчү. Ошондой сүйкүмдүү, кымбат адамыбыз эми биздин арабыздан
түбөлүккө кетти. Бирок, жок, акынды антип айтууга да тил барбайт. Анын өмүрүн
ырлары улайт.
Акындын ички дүйнөсү, жашоого, адам коомунун өнүгүшүнө, анын өткөндөрүнө,
азыркысына жана келечегине болгон көз карашы, акындык кудурети, адамдык элеси
эми анын жазган ырларында жашап, элдин, жердин эсинде түбөлүккө калып калат.
Бүгүнкү кыргыз адабиятын жана маданиятын Темиркул Үмөталиевдин калдайган
бийик караанысыз, анын ырларысыз көз алдыга элестетүүгө мүмкүн эмес. Ал элдин
калың катмарынан чыгып, анын кайгы-кубанычы, мүдөөсүн, ыр-күүлөрүнөн, ойлоо
кудуретинен, даанышмандыгынан азыктанды жана дүйнөнү, турмушту заман
кубулуштарын таанып билүү үчүн болгон акындык ички күрөшүндө жетилип чыкты.
Биздин кылымда адам башынан кечирген бардык-бардык нерселерге Темикенин
таланты менен калеми кийлигишпей койгон жок. Ал өзүнүн ушул бүгүнкү сексен үч
жаш курагында да табигый күүсүнөн тайган жок, эмоцияга бай, эргиген ырларды
жазып, заман менен үзөңгүлөш жашады, демек, ал киши өзү айткандай «кеп
карылыкта же жаштыкта эмес, акындын талант кудуретинде, өзүн мезгил менен
курчута билишинде» тура.
Темикенин «Жеңиш» деп аталган атактуу жыйнагын ким кастарлап окубаган. Ал
жыйнак согуш бүтөр замат жарык көрдү. Темикенин куду өзү окшоп, шинель кийип,
автомат асынган ошол китептеги ырлары согуш караанын, аккан кан менен көз аштын
ырлары эле. Аларда канча сагыныч, канча күйүнүч бар! Ал ырлар менен биз да
окоптордо бирге түнөп, биз менен алар да душманга каршы ок атышып, акырында
элге жеңиш алып кайткандай болдук. «Жеңиш» жыйнагы элдик эрдиктин улуулугу
жана өлбөстүгү жөнүндөгү баян болуп жүрөктөрдө кала берди.
Темикенин адамдык сапаты, акындык кенендиги - жаштарга, айрыкча, жаңыдан ыр
жазып жүргөндөргө ар дайым аталык мамиле жасап, алгачкы китептерибизге ал киши
«ак жол» жазып берген. Кыргыз адбияты, кыргыз маданияты Темикемин арбагына көп
карыз. Анын окутуучулук таалими жана ал кишиге болгон окуучулук ыраазычылык
калды биздин жаштарда.
Кайран киши, кайран Темике! Ушундай кымбат адамыбызга бүгүн биз аргасыздан
«Кош!» айтып олтурабыз. Кош, Темике!
Сүйүнбай Эралиев
ЖҮРӨКТРӨДӨ ЖҮРӨСҮҢ
Өзгөчө ашып-ташкан акын элең,
Атадай баарыбызга жакын элең.
Ак көңүл, эң ишенчээк жаш баладай,
Эмне айтса сен ошого макул элең.
Жаркылдап кабак-кашың дайым жарык,
Каткырсаң каткырыгың аба жарып.
Ушул саат кыялыңды эстей калып,
Отурам улутунуп, дүйнөм тарып.
Көргөндө жакшы көргөн адамыңды,
Утурлап ылдамдатып кадамыңды,
Капыстан чыга калсам, камынттырбай,
- Озуна мурда айтчу элең саламыңды.
Өмүрүң өттү кызуу күрөш менен,
А ким бар бу турмушта күрөшпөгөн?
Адамдар бар эмеспи эң каразгөй,
Кажышып, кармашуусуз күнү өтпөгөн.
Катыгын андайлардын берип келдиң,
Жеңишчил күчүң менен жеңип келдиң.
Ишинде өз сөзүңдө бекем туруп,
Арамды алгыр куштай эңип келдиң.
Дүйнө тар...
Асыл Током айткандай же:
«Жакшыны өлбөс кылып жаратса не».
Сүйкүм бир адатындай күлүп коюп,
Көч баштап алдыбызда баратсаң не.
Темике!
Аргабыз жок кош дебеске,
Жүрөсүң жүрөктөрдө эрте-кечте.
Мүнөзүң жаркылдаган, бала кыял,
Элесиң унутулбай, дайым эсте.
Жолдошбай Абдыкалыков
КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН "АЛТЫН ДООРУН" ЖАРАТКАНДАРДЫН
БИРИ.
Физика илиминде уламдан улам кеңейип, жайылып жана чар тарапка чачырап
бара жаткан аалам жөнүндө бир өтө кызык гипотеза, теория бар. Ошол теория боюнча
миллиарддаган жылдар мурун галактикалардын түпкүрүндө эбегейсиз зор жарылуу
болуп, ошондон бери аалам тынымсыз кеңейүү процессин баштан өткөрүп келе
жатат...
Бир канча жыл мурун Кыргызстан опера жана балет театрында Темиркул
Үмөталиевдин туулгандан бери 85 жашка толушуна арналган салтанаттуу кече өткөн
эле. Мага да кыскача сөз сүйлөөгө туура келгендиктен сөзүмдү ошол тынымсыз
жазылып-жайылып, кеңейип келе жаткан аалам жөнүндөгү теориялык жобону эске
салуу менен баштаган болчумун. Албетте, бирөө болбосо, бирөө ал илимий теорияжоромол менен акындын чыгармачылыгынын ортосунда кандай байланыш бар деп
бүшүркөшү мүмкүн эле.
А мен үчүн болсо маселенин жөн-жайы, маңызы түшүнүктүү, алаканга салгандай
даана. Акындын жүрөгү, анын ички дүйнөсү ааламдын борбору деген сыяктуу
поэтикалык аныктамалар, метафоралар чыгармачылык иште далайдан бери эле
колдонулуп келе жаткан көркөм каражаттардан. Мисалы, жер шарынын ортосунан
жарака кетсе, ал акындын жүрөгүн аралап өтөт деген сыяктуу канаттуу сөздү
сынчыларыбыз, сүрөткерлерибиз дайыма эле ыгы менен пайдаланып келе
жатышпайбы. Бул – образдуу ойду күчөтүүчү бөек, ага керектүү түс берүүчү каражат.
Мына ушуга окшогон аныктамаларга Темикемдин таланттуу сүрөтчүлүк, бийик
даражалуу инсандык, чыныгы адамдык аброюнун түздөн түз тиешеси бар. Акындын
туулуп өскөн жерлери Төө-Жар, Аркыт, Тегене ж.б. аймактарында жазылган, же
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 19