Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 16

Total number of words is 4064
Total number of unique words is 2336
29.4 of words are in the 2000 most common words
42.3 of words are in the 5000 most common words
48.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
- Сен билбесең, ким билет? - деди алгыр бүркүтчө ормое карап, кала берсе мени
кекеткен, ачууланган түрү бар. Тамаша айтып кутулайын деген жаным, Кукемдин түрүн
көрүп батына албадым:
- Куке, чын билбейт экемин.
- Билишиң керек эле. Сен аралашып жүрбөйсүңбү? - деди, Кукем эми жибиген
түрдө.
Жоошуй түшкөн акынды эми соороттум:
- Куке, азыркы талап ошондой. Юбилейлер азыраак өтсүн деп жатышат го...
Куке ачуулана түштү:
- Деги эмне деп жатасың? Кеп кимдин юбилейин өткөрүп, кимдикин өткөрбөө
жөнүндө баратат. Темиркул юбилейи өтпөй калчу акындардан бекен? Билгенге ал,
кыргыз адабиятын негиздегендердин бири. Кан күйгөн согушта баштан аяк болуп
келди. Темиркул көптүн бири эмес.
Жумушум кычаган мен анын эмнесин мага айтасың дегендей Кукемден көзүмдү
албайм. Өтө эле темпераменттүү, нар кескен кылычча курч эле го кайран киши. Ошол
өткүрлүгү менен:
-Темиркулдун юбилейи өтпөй калса, уят болосуңар! -деди. Юбилейди өткөрбөй уят
болуучулардын ичине мени да кошо басым жасаганына анча капа болгон жокмун.
Кукем ордунан туруп баратып:
-Темиркулдун юбилейи өтүш керек! Өткөрөбүз! -деп коюп, адатынча башты чулгуй
басып кетти. Макалабыздын башында К.Маликов жөнүндө эскерткенде анын
Темикенин «касы» деген сөздү атайын тырмакчага алганымды чечмелебесем көпчүлүк
күдүк ойдо калар. Революциядан берки жазма адабиятыбыз өзүнүн өнүгүү жолунда
көптөгөн талаш-тартыштарды туудурганын билебиз. Ар кандай чыгарма менен
чыгармачыл адамдардын керт башынын тегерегинде не деген карама-каршы көз
караштар болбоду? Ал кезде дискуссиялар өтө эле көп болорун айттык го. Ооба,
негизинен талаш анда адабияттын тазалыгы жана идеялык көз караштардын
келишпегендигинен чыкчу. Кичинекей эле талаш чоң чатакка айланчу да, көбүнчө
адабиятчылар менен жазуучулар эки жаат болушуп, бири-бирин аео деген менен
иштери болбой, кала берсе күчтүүлүк кылган тарабы курулай жалаа жабууга чейин
барышкан учур да болгон. Анда доордун талабына жараша адабиятчылардын
деңгээли ошондой эле. Ошондой таймашкан заманда Темике менен Куке да өз ара
аябай кырчылдашкан. Бири-биринин адресине не деген гана ачуу сөздөр айтышпады.
Экөөнүн ортосундагы айыгышкан карама-каршылык, кыргызча айтканда, жарма
таарынычтан чыкпагандыгы анык. Кара таман топордун тукумдары ошончолук
өнүгүштүн түйүнүн идеялардын, көз караштардын келишпестигинен келип чыкты деп
түшүнүшкөн. Тап күрөшү үчүн деп айыгышкан алар чындыгында өздөрү кайсы таптын
кызыкчылыгын колдоп жатканын жакшылыктуу сезишпесе керек. Башында айттык го,
бул өзү караандай жаатташуу эле. Кала берсе, жүрөктөрүндө кири жок ак көңүл
жолдоштордун колтугуна суу бүрккөн адам да болбой койгон жок. Аны өлөр алдында
Маликовдун өзү мойнуна алганы көңүлдө. Ошентип, бири-бири менен чогуу басмак
тургай, саламдашпай калышкан кезинде Маликовдун Темикенин юбилейин
кененирээк өткөрүү жөнүндө кылган камкордугун мен адегенде түшүнбөй калганымды
азыр жашыргым келбейт. Анан барып эсиме түштү, ошондон төрт-беш ай мурда
Маликовдун Үмөталиевге арнап жазылган ыры «Кыргызстан маданияты» газетасына
басылган болчу. Ак дилден чыккан ырында Кукем Темикеден кечирим сурагандай түрү
бар эле. Айтор эки курбунун көңүлдөрү жибип, мамилеше баштаганына өзүмчө
ыраазы болдум. Ошондон көп өтпөй Кукем кайра келди мага. Мөрөйү колуна тийген
адамча жүзү күлүңдөйт.
- А жигит, - деп чулгуй маңдайыма келип отурду. – Баарын макулдатып чыктым.
Айтпадым беле, Темиркулдун юбилейин өткөрөбүз деп, болгондо да чоң өтөт.
- Эң жакшы кылыпсыз, Куке, - деп аны кубаттай берсем, Маликов мени сынагандай
тиктеп туруп:
- Негизги докладды сен жасайсың, жигит, — деп аярлай калды.
Чоочуп кеттим:
- Эмне дейт, Куке! Мен адабиятчы же сынчы болбосом делеби? Кукем адатынча
чапчаңдык менен сөзүмдү жулуп алды.
- Сени докладчы болот деп макулдашып койдум. Каршылык кылба.
Ал баш чайкады.
Байкасам, Темикенин өмүр жолун, чыгармачылыгын дурус эле билет окшойм.
Анын үстүнө акынды өзүм да жакшы көрө турганымды эске алып, мен юбилейлик
докладды жазууга Кукеме сөз бердим.
Май айынын аяк чени бекен, айтор, Темикенин 70 жылдык юбилейи айткандай эле
Кыргыз драма театрынын чоң залында өттү. Сахна толо гүл, эл батпайт. Президиумда
аксакал Т. Кулатов баш болгон коомчулуктун көптөгөн өкүлдөрү, Темикенин
чыгармачылыгы жөнүндөгү менин баяндамамдан кийин биринчи сөздү Кукем алды.
Кукемди көргөн замандаштары эң жакшы билишет. Кыргыз тилин быякка коёлук,
орусча да эркин сүйлөгөн, өтө сөзмөр, чечен адам эле го. Сөз келгенде Кукем
тайсалдап көргөн жан эмес. Ушунчалык ырааттуу, логикалуу сүйлөгөн Кукемдин
алдында зал тунуп, уюй түшөр эле. Анын сөзүнүн күчүнө ошо кезде ишенбеген,
таңгалбаган адам болбой турган. Чоң топту жарган, чоң топко түшүп көнгөн Маликов
азыр ойлосок, жарык дүйнөгө бир келип кеткен залкар турбайбы, кайран киши.
Маликовдун сөзү айрым бир замандашына жакпай калганын да билебиз. Бирок
Маликовдун Темике жөнүндөгү баасы жөн эле юбилейлерде ооз көптүрө көп айтылган
жел сөздөрдөн эмес болчу. Анын үстүнө Маликов бирөөлөрдү курулай мактаганды да
жаман көрөрүн билчүбүз. Кукем бирөөнү алкап-мактаса же ачуусу келип жамандаса да
дилиндегисин гана айта алчу. Дегинкиси, Кукем ошондо замандашы, курбусу Темиркул
Үмөталиевдин чыгармаларына чоң баа берип келип, анын уюштуруучулугун,
ишмердигин да баса белгиледи...
-жылы улуу акын Токтогул көз жумат да, анын сөөгүн коюга катышып келген
Жоомарт акындын мурасын топтоо боюнча маселе кое баштайт. Ооба, анда Токтогул
эл арасында өтө белгилүү болуп, ошо кезде кыргыз акындарынын баары дээрлик
аны өздөрүнүн пири катары сезишсе да. Токомдун оозунан чыккан алтын сөздөр али
жыйнала элек кез экен. Ошентип, Жоомарт тарабынан көтөрүлгөн маселе учурунда
колдоого алынбай, Токтогулдун он жылча Сибирде түрмөдө жүрүп келген чагы эстен
чыгып, аны эски доордон, бай манаптардын ырчысы катары көмүскөгө калтыргысы
келгендер да учураган.
Мына ушу кезде Жоомартка көмөкчү болуп Темике турат да, Анжиян. Ташкент,
Иркутскинин архивдери изилдөөгө алынат. Бактыга жараша Токтогулдун Москва
менен Иркутск шаарындагы «Александровский централь» түрмөлөрүндө болгон
кездери, ал эмесТоктогул менен Сибирдин түрмөлөрүндө бир жүргөн Көгартта
жашоочу Болот Жыртаковду да таап чыгышат. Калык, Алымкул, Коргол баш болушуп
Токомду көргөн акындар борборго чакырылат да, кыргыз стенографистка кыздарына
акындар Токомдун ырларын айтып бере башташат. Жоомарт менен Темикенин
демилгесин өкмөт колдоого алып, акыры Төрөбай Кулатовдун төрагалыгы астында
Токтогулдун мурастарын жыйноо боюнча атайын комитет түзүлөт, анын орун
басарлыгын ат. Үмөталиев шайланат. Ошентип, Жоомарт менен Темиркулдун
тикеден тике кийлигишүүсү менен Токомдун өлбөс-өчпөс мурасы жазылып алынганын
айтып келип, Кукем 1937-1941-жылдардын аралыгында Темике Жазуучулар союзуна
төрага болуп шайланганынан баштады:
- Ушу жерден мен Темиркул уюштуруучу жана демилге көтөрсө анын аягына
чыкмайынча жаны тынчыбаган ишмер экендигин белгилегим келет, - деп сөзүн
улантты. -Темиркул Жазуучулар союзуна төрт жылга жакын жетекчилик кылган
мезгилдин ортосунда жасаган иштерин айтып берейин. Стенографиялык курста окуп
жаткан кыргыз кыздарын союзга чакырып, «Манас» эпосун жана он жетиден ашык
элдик кенже эпосторду жаздырып алып, аларды биринин артынан бирин басмадан
китеп кылып чыгарып турду. Алар: «Курманбек», «Кожожаш», «Кедейкан», «Сейтек»,
«Семетей», «Жаныш-Байыш», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл-Мырза»,
«Кулмурза», «Ак Саткын», «Шырдакбек», «Эр Табылды» ж.б. Бул эпосторду
жаздырууга ошо кездеги залкар акындар: Калык, Алымкул, Барпы, Осмонкул, Коргол,
Тоголок Молдодон тартып, улуу манасчылар Саякбай менен Мусулманкулга чейин
чакыртылат.
Эскерте кетелик, Темике өтө карапайым, сыпаа адам экени ушунда, ал «мен
баланчада мындай иш бүтүрдүм» эле деп ооз көптүрүп сүйлөгөндү жактырбайт.
Эгерде замандашы Маликов айтпаганда, элдин алтын казынасына таандык болгон
жанагы эпосторду жаздырып, аны көпчүлүктүн кенчине айландырганы, а мүмкүн
билинбей деле кала бермек. Алар учурунда Темикенин демилгеси менен жазылып
калбаса, залкар таланттардын көзү өтүп кетип, балким ал эпостор колубузга тийбей
калат беле, ким билет?
Бир курдай Темикеден сурап калдым:
- Темике, ошол «Манасты», кенже эпосторду жаздырууда акча каражатты кайдан
алдыңыз? Же акындар бекер айтып бериштиби?
Темике күлүп жиберди:
-Токто, айтып берейин. Анын жайы мындай. Жазуучулардын саны анда аз. Басма болсо
иштеп жаткан кез. Бирок китеп кылып чыгаралык десек, кол жазма жок. Анын үстүнө
сабатсыздыгы жоюлган калың элге китеп жетпейт. Окуй турган китеп сураган каттар
дайыма келе берет. Ойлоп отуруп кыргыздын элдик эпосторун жаздырып алууну
чечтим. Ырас эле анда айтуучуларга төлөйлүк десек акча жок. Совминден акча
сурасам, бербеди. Айлам кеткенде Москвага жөнөдүм. Ошо кезде Горькийден кийин
Союздун 1-секретары болуп Ставский деген адабиятчы иштей турган. Туура эле ошого
бардым. Акыбалды айтып берсем, мени түшүнгөн ал дароо эле Фрунзеге, ал кездеги
Борбордук Комитетибиздин 1-секретары Ваговго телефон урду. Айтор жардам бер деп
айтты эле, жолдош Вагов макул болду көрүнөт. Ставский мени карап: «Мына ишиң
бүттү бара бер», -деди. Көшөрүп болбогон мен:
- Оозеки айтылган сөз башка, мага Ваговдун атына кат жазып бер, - деп отуруп
алдым, - дейт Темике.
Ошентип Темике Фрунзеге келгенде Вагов Совминге айтып жатып Жазуучулар
союзунун фондусуна бир миллиондон ашык акча-каражат бөлдүрүп берген тура.
- Анда Илимдер академиябыз уюшула элек кез. Тил, адабият институтубуз да жок
болчу. Акча колго тиери менен: Калык, Алымкул, Куйручукту баш кылып, Саякбайды
кошо ишке тарттык. Баса манасчы Саякбай ал кезде Көлдүн Ак-Өлөң деген жеринде
айыл Советинин төрагасы экен. Ошентип, эки-үч жылдын аралыгында огеле көп элдик
дастандар, жомоктор, майда ашыктык-арман ырлары жазылды, - деп өзү бүтүргөн
Темике, ишине анча маани берген деле жок.
Ошол күнү Темикенин юбилейлик кечеси аяктаган соң, Кукем баш болгон беш-алты
кишини Темике үйүнө чакырды. Темикенин төрүндө - К.Маликов. Элдин улуу эки
адамы минтип дасторкон четинде жайма-жай жолукпаганына канча болду экен деп
мен өзүмчө ойлоп коем. Кукем анда тамак-ашты ылгап жеп, өңү шишимик тарта ооруп
жүргөн кези эле. Ошол жылдын кеч күзү ченде кайран кишинин көз жумарын анда ким
билиптир. Маликовдун көрүстөнүндө Гемике сөз сүйлөйт деп ойго да келген эмес.
Зуура апа Кукемдин алдына тузу жок сууга бышырылган тоокту бүкүлү коюп койгон.
Тамакка табити чаппаган Куке:
- Кана куйбайсыңарбы? - деди, чарчап турганын билгизбөөгө аракеттенип. Кукем
көп жылдан бери шараптын даамын татпай калганын да билчүбүз. Ошентсе да
Кукемдин талабы дароо аткарылып, бокалдар шарапка толду. Куке ордунан жай турду.
Деги эле ал башынан тост сөздү отуруп сүйлөгөндү жаман көрөр эле. Адатынча
ордунан туракалып:
- Эки адам касташат, душмандаша берет, - деп баштады ал. - Достор айрылат.
Ошентип касташкандардын бири «атаңды» деп сөксө, экинчиси андан өткөрө сөгүүгө
барат. Бири кол көтөрсө, экинчиси колуна таш ала жулунат. Айтор, урушуп, эрегишип
эки адам бири-бирин жеңе албайт экен. Антип касташып жүрүп, өз ара учурашпаган
экөө кокусунан көчөдөн бет келишип калды деп коелук. Ошо кезде бирөө озунуп
салам айтса, экинчиси унчукпай өтүп кетер. Алар экинчи жолу жолугушканда,
мурдагысы дагы эле озунуп салам айтса, баягы алик албай кеткени сөзсүз баш
ийкеп жооп бергенге жарайт. Эгер үчүнчү жолу жолукканда тиги курбусу дагы салам
айтса, экинчиси өзү келип колун сунат. Кол алышкан соң эки адамдын бири-бирине
дили өтөт. Дил өткөн жерде ич жылып, пикирлешүү башталат. Аңгемелешип
сүйлөшкөн жерде көңүлдүн кири кетип, бир кездеги касташкан достор кайрадан
ымалага келишет. Курулай жерден Темиркул экөөбүз жоолашабыз деп жүрүп далай
убакытты текке кетирдик. Көп нерседен куру да калдык. Биздин чатагыбыздан
башкалар пайдаланып кетти. Аны чач агарып, минтип жашыбыз жетимишке келгенде
гана түшүнүп отурабыз. Кеч болсо да түшүнүшүп алганга не жетсин. Түшүнүшүп,
сыйлашып жүргөндөн башканын баары эч нерсеге арзыбайт тура. Саламдашып
жүрөлүк, саламыбызды жазбайлык, Темиркул, - деп токтой калды.
Калдактаган Темике Маликовду көздөй жөнөгөндө, Кукем да туруп албай, аны
көздөй утурлады да, эзелки эки курбу кучактарын жая, төштөрү төштөрүнө тийишкен
бойдон пейлин сала бекем-бекем өбүштү. Байкасам экөөнүн тең көздөрү нымшып
жашып алышыптыр. Ошо кезде алардын жүрөгүндө кыпындай да кир калбастан,
чындап дилдери кошула, көңүлдөрү агарганын баарыбыз түшүнүп турдук. Жай отуруп
сөз арбыды. Алы кетип араң отургансыган Кукем да мурдагысындай шашкан жок.
Көбүнчө Маликов сүйлөп, калгандарыбыз аны гана тыңшоодобуз. Мен байкаганы
Кукем эч кимди көзүнчө мактоочу эмес. Бул жолу ал чечилип кетти. Адатынча, алгыр
бүркүтчө куушурулган кайран киши Темикени ачык мактап, анын акындыгына,
адамдыгына, жоокердигине ачык баа берип, деле бир балача жетине албай
отурганына ичибизден биз да кубануудабыз. Экинчи жолу кездешкенде мен:
- Досуңузду аябай көкөлөттүңүз. Сөөгү агарды көрүнөт, - деп жай тамашаладым.
Кыялымда Кукем өткөндөгү сөздөрү жөнүндө эмне дейт? Мүмкүн ошондо эмоцияга
берилип кеткен акын, азыр башкача сүйлөр бекен деген ойдо элем.
- Темиркулду сен кандай деп ойлойсуң? - деп кайра мага оңурая карады. Мен
күлдүм:
- Куке, ошону мен сизден сурап жатпаймынбы?
- Анда мен Темиркул жөнүндө жүрөгүмдүн толтосунда катылып жүргөн сырымды
айттым. Азыр ойлосом жеткире айта албай калган сыяктанам. Биринчиден, Темиркул
өтө ак көңүл, балача ишенчээк адам. Анын ишенчээктигинен, менин курчтугумдан
кээ бирөөлөр пайдаланып кетишти. Экөөбүздү тытыштырып коюшуп, өздөрү тээ обочо
кыткылыктай күлүп тура беришкен тура. Бая күнү айтпадымбы, мындан Темиркул да,
мен да көп эле жапа чектик. Эки адам чаташкан жерден дайыма үчүнчү адам пайда
табат. Биз өз пайдабызга эмес, бөтөн бирөөлөрдүн пайдасына чабышкан экенбиз.
Анан калса Темиркул менен касташуу анчалык коркунучтуу болгон жок. Темиркул
чатакташуунун маданиятын сактай билген адам...
Мен кызыга түшкөн экемин:
- Куке, чатакташуунун да маданияты болобу? - деп сурап жибердим.
-Ананчы, - деди Кукем, - маселен сен кобра деген жыланды кез алдыңа элестетчи?
Ал бирөөгө кол салардын алдында башын көтөрүп, айбат көрсөтө баштайт. Аны сезген
сен дагы сактанууга үлгүрөсүң. Ал эми айрымдар душмандашуунун эң жаман жолун
тандап алышат. Мисалы, андайлар ал түндө келип уктап жаткан жериңден билгизбей
чагып өлтүргөн кара курттун өзү. Же болбосо жүзүңө күлүп, дос болуп жүрүп эле
ичинен ашыңа уу салып кетчүлөр да бар. Андайлар менен душмандашуу өтө
коркунучтуу. Темиркул экөөбүз ачык касташтык. Тал аш-тартыштарда бири бирибизге
аянбай ачык чыктык. Анан калса биздин доорубуз ошондой болду го...
Мен дагы сурадым:
- Куке, бая күнү сиз Темикенин акындык дарамети жөнүндө жакшы баа бердиңиз.
Бирок оюңуз конкреттүү болгон жок. Өзүңүздүн шык менен Темикеникинин ортосунда
айырма барбы?
Кукем дароо жооп берди:
-Темиркулдун менден ашып турган бир жери бар, - деп Куке кайтадан шарт айта
салды. Мен дагы сурадым:
-Кайсы жери?
-Темиркул эр адам - жүрөгүндө карасы жок баатыр ал.
Өзү суранып согуш баштала электе жарым жыл мурда кетти аскерге. Накта кызыл
кыргындын ичинде жүрүп, согуш бүткөндөн кийин жарым жыл кечигип келди.
Билесиң, согуш жөнүндө жазган Темиркулдун ырларын тиктегенде эле жүрөктөн
чыкканы дароо сезилет. Согуштун психологиясын билбегендиктен биз согуш жөнүндө
Темиркулча таасын жаза алган жокпуз. Жазуучу качан өзү жакшы билген турмушту
жазганда гана күчтүү чыгат. Билсең, Темиркул жашоонун оңой жолун издебеди. Ал
согушка даңк үчүн барган жок. Атак-даңк алам деп да өлүмгө башын байлоочу беле
адам баласы. Түшүнсөң, Темиркулдун менден ашып турган жагы - анын жоокердиги.
Ок атылып, дары жыттанган алааматты көздөй бир эле жолу басып көрчү. Даай
албайсың. Жүрөгүң түшөт. Темиркул болсо баштан аяк жүрдү го согушта.
Бири-биринин жакшы жагын чыгаруу - таланттуу адамдардын гана колунан келет.
Азыр ойлосом Маликов өзү залкар болбосо, Темикенин бийиктигин түшүнөт беле. Ал
эми эки таланттуу адам ар дайым чогуу жүрө албайт. Кыраан бүркүт дайыма көктө
жалгыз каалгыйт. Анын тегерегинде таандар, тарп андыган жорулар көп самсыйт.
Ушундан улам доордун бир улуу уулун эске түшүрөм. Ал дагы четте жүрүп элге
келгенде - жанына түлкүчө жойпуланып, каны ичине тарткан кээ бир шылуундар
биринчи жетип барышат. Ал да ошолордун сөзүн угат. Аны жандап күн көргөнүнө
берки жойпулар чын ниетинен каниет кылышат. Бирок кыраандын атын жойпу түлкү
чыгарбайт. Кыраандын баркын, дааналыгын кыран гана түшүнөт. Атаганат, «эки
кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген чын экен да. Ошентип элибиздин эки улуу адамы бири-бирин кеч түшүнүштү. Бирок, түшүнүшүп калганы да
жакшы болду...
1934-жылы СССРде биринчи жолу Жазуучулар союзу түзүлөт. Ошондо улуу
Горькийдин колу коюлган «жазуучу» деген билетти алгачкы ирет алган кыргыз
жазуучуларынын саны сегиз гана киши болгон. Алар: К.Тыныстанов, Т.Үмөталиев,
А.Токомбаев, М.Элебаев, Ж.Бөкөнбаев, К.Маликов, Ж.Турусбеков жана Я. Шиваза.
Андан бери туура элүү жыл өтүптүр. «Элүү жылда эл жаңырат, жүз жылда жер» деп
айтышат. Элүү жылдан ашык чыгармачылык жолунда Темике далайды баштан
өткөрдү. Жетилип, өсүп, бүгүнкү күндө кыргыз адабияты өзүнчө бир чоң дарыяга
айланды деп эсептесек, ошол дүйнөгө добушу угулган дарыянын бир башаты Темиркул
Үмөталиев эмеспи. Демек, ошол элүү төрт жыл аралыгында Темике нечен окуялардын,
нечен бир жаңыдан ачылган таланттардын күбөсү болду дечи. Темикенин
өмүрү ошончо жылдан бери чыгып келаткан нечен жаңы муундардын ортосундагы
көпүрөгө окшойт. Чачы куудай, кыялы балача жаш, баскан-турганы сергек Темике
өзүнчө эле көчөдө келатса, көчөнүн көркү ачылып, элдин аксакалы, жазуучулардын
кутманын сыртынан көрүп суктанбай койбойсуң. «Карысы болбой эл болбойт, казөрдөгү жок көл болбойт» деп айтылат. Бирок ошол кары элинин куту болуп, элине жек
көрүнбөй жакшы карыганда гана анын алдына эч ким чыкпайт. Темикебиз ошондой
жакшы карыган, салттуу карыган сыймыктуу адамыбыз. Аны бүтүндөй кыргыз сыйлайт.
Аны менен эртели-кеч сүйлөшүп, чогуу басканыма мен өзүм да сыймыктанам.
Фрунзеге жаз келди. Бул Темике көргөн сексенинчи жаз. Дарактар жашыл, айлана
гүлзарга толгон. Тигине чырпыгында өзү сайган Дзержинский бульварын бойлой
өйдөтөн эл акыны Темиркул Үмөталиев келатат. Кары-жаш дебей аны таанышат. Баары
тура калып учурашып, ага жол бошотууда.
Темикенин желкесинен ары карт Ала-Тоонун ак чокусу кылаят. Байкасам, чачы
куудай Темике да Ала-Тоого окшош экен...
Саламат жүр, Темике!
Кирпигиңден күндүн нуру көпкө үзүлбөсүн, кутмандуу карыя!
Асанбек Стамов
ТЕМИКЕМДИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА
Темике, куттуу болсун юбилейиң,
Бийиксиң аска зоодой кебелбеген.
Адамдык асыл сапат баары сенде,
Баа жетпес, өлчөйм кандай ченем менен?
Жоокер акын өткөн улуу согушта,
Душманды кууп, өрт аралап от кечип.
Ата-Журтка бөлөк кылып жеңишти,
Аман келдиң, шинелиңди ок тешип.
Күн нурунан коштуң ырлар сабына,
Күн нурундай бүт ааламга тийсин деп,
Күч кубаттуу күжүрмөндөр көбөйүп,
Гүл мекеним гүлдөп алга жүрсүн деп.
Өзүңдө жөнөкөйлүк, мээримдүүлүк,
Пейлиң чалкып жаткан терең деңиз.
Талантың ташыркабас талбас күлүк,
Максатың арнап элге ырлар бериш.
Ден соолукта, узун болсун өмүрүң,
Кырсык чалбай, суук тийбей ар кандай.
Кылым жаша кыргыздын алп акыны,
Бүт өмүрүң өтсүн шаңдуу майрамдай.
Анар Жуманазарова
ПОЭЗИЯНЫН КАРЖАЛБАС ЖООКЕРИ
Кыргыз жери чынында да аябай кооз жер. Анын эчендердин сугун арттырган кооз
бурчтарынын бири айтылуу Сары-Челек менен Аркыт. Аркыт жөнүндө көп ырлар
жазылды. Анын ичинде Темиркул Үмөталиев да көркөмдүгү төп келишкен ондогон
ырлардын автору болду. Бир мисал:
Кыз сүйө элек кезимде
Ушул жерди сүйгөнүм.
Кол менен жасап койгондой.
Кооз бурчу дүйнөнүн, деген саптары эле акындын тууган жерге болгон чоң сүйүүсүн, алоо көңүлүн тастыктап
турат. Айткандай эле Аркыт да аябай кооз жер. Анын кектү челген карт аскаларын
этектей жайгашкан чалкак төрлөрү, бураң бел кыздай апакай кайыңдары, карагай,
арча, жаңгактарычы! Деги койчу, көрүп көзүң, угуп кулагың канбаган бир укмуш
керемет жер го чиркин.
Кыргыз элинин жашынан өбөктөгөн карысына дейре аты дайын таланттуу
акындарыбыздын бири Кыргыз ССРинин эл акыны, Республиканын Токтогул атындагы
мамлекеттик сыйлыгынын ээси Темиркул Үмөталиев ушундай жерде мындан сексен
жыл мурда төрөлгөн экен. Акындын өмүр таржымалын билбеген кыргыз баласы
жоктур. Жетимчиликтин азабын тартып, көрбөгөнү көр болуп, ар кимдин эшигинде
жалчылык кылып теңсиз турмуштун кээрин аябай көрүп эрезеге жетиптир. Кийин акын
бала кезинде көргөн күндөрүн минтип жазып жүрбөйбү:
Жашымда жетим калдым, жалчы болдум.
Саргайдым үшүк урган гүлдөй солдум.
Тил уктум, таяк жедим, түйшүк тарттым,
Кечкисин короо болду жаткан ордум.
Ооба, Темикем жашынан мээнеткеч, кедейлик менен жокчулуктун азабын аябай
тартып чоңойгон. Анысы деле бекерге кетпептир, акындын кийинки чыгармачылыгына
түгөнгүс күлазык болуп берди. Жетимдиктин айынан убагында окуп алалбай, те кийин,
он алтыга чыгып солдойгон жигит болуп көзгө көрүнүп калганда окуу эңсеп жолго
чыкты. Алгач Ак-Суудагы балдар үйүнөн тарбияланып, Жалал-Абаддагы педагогикалык
техникумдан окуйт. МТСте саясий бөлүмдүн начальниги, мектептерде мугалим болуп
кызмат өтөйт. Кийин адабий ишке баш-оту менен берилип, республикалык басма сөз
органдарында жооптуу кызматтарда иштеди.
Темиркул Үмөталиевдин чыгармачылыгы туурасында сөз кылганда эң алгач эле
анын согуштук поэзиясын эске алабыз. Мунун жөндүү себеби бар. Анткени Темикенин
акындык жылдызы дал ушул согуштук темадан жаркырап чолпон жылдыздай жанып
чыга келди.
Тепсеймин дейт ачылган таза гүлүмдү,
Кесемин дейт таңшыган булбул тилимди.
Башка чапса кыңк этпеген кул кылып
Басамын дейт шаңдуу добуш үнүмдү.
Бузамын дейт алтын сарай үйүмдү,
Батырам дейт тийип турган күнүмдү.
Акындын согуш майданынан жазган ырлары, очерктери жоокерлерге кайрат дем
берип, аларды күрөшкө шыктандырган. Саясий кызматкер катары жоокерлер менен
иш алып баруу, кан майдандын дары, түтүн, күйүк жыттанган сыз окоптордо жатып да
Темикем каламын таштаган жок. Душман менен жан аябай кармашып жаткан
жоокерлердин майтарылбас духун, алардын баатырдык сапатын айкын ачык
көрсөткөн эчен бир таасирдүү көркөм ырларды жазды. Кыргыз поэзиясында дары,
түтүн жыттанган «жоокердик» ырларды саналуу гана адамдар жазды.
Темикемин поэзиясы бул жагынан белгилүү өлчөмдө ошол кан майдандын көркөм
документи катары кызмат өтөөрүндө шек жок. Темикемин ой-дүйнөсү бай. Анын
поэзиясынан шатыра-шатман шайыр турмуштун илебин, болбосо адамдын жүрөк
кылын черткен назик лириканы, айтор, андан толгон-токой белгилерди таба алабыз.
Анткени акындын поэзиясы ошончолук бай, ошончолук терең. Муну бир кезде Чыңгыз
Айтматов да белгилеген эле.
Мен сынчы эмесмин. Ошондон акындын айрым бир маанилүү деген ырларын да
талдап отурууга куштарым жок. Бир нерсени өзгөчө белгилей кетейин. Темикемин
жазгандары окурмандарын өзгөчө кызыгуусун туудуруп, алардын колдон түшпөс
китеби болуп калганы качан. Темикем кан майдандан кайтпай калган
курбалдаштары жөнүндө жазабы, болбосо Оштун пахтачылары, Алай малчылары,
Чүйдүн кызылчачылары, Ысык-Көлдүн касиеттүү сулуулугун күүгө кошобу - чыныгы
поэзиялык көркөмдүктө, адам суктанарлык деңгээлде жаза алат. Ошондон анын
поэзиясынан бүгүнкү жыргал эмгек менен кубаныч-шаттыкка мелт-калт турмушубуздун
күүсүн айкын уга алабыз. Ал эми кечеки согуштун азап-тозоктору, азыркы айрым
империалисттик чөйрөдөгүлөрдүн согуштук саясатына каршы жазган ырларычы!
Өзүнчө чоң дүйнө, өзүнчө бир айыл.
Жарым кылым. Көппү, азбы? Тарых үчүн алганда анчалык көп эмес. Бир адамдын
өмүрү үчүн алганда кыйла жыл. Темикем жарым кылымдан ашуун поэзия менен
алпурушуп келатышынын өзү эле азыркы жаш акындарга үлгү болорлук поэтикалык
өмүр. Азыр да Темикем карылыкты капарына да илбей, мурдагыдай эле күжүлдөп ыр
үстүнө ыр жаратып, китеп артынан китеп жазып атат. Анын ырлары окууга жеңил,
өзүнөн өзү күүгө келип, ырдалып турат.
Темикемин кыргыз журтуна белгилүү поэмалары жөнүндө да бир-эки ооз сөз айта
кетели. Акын «Айсулуу», «Сүйүү», «Жыпар», «Канышбек», «Кубат» ж.б. поэмаларды
жазды. Анда совет элинин кажыбас эмгеги чоң поэтикалык көркөмдүктө даңазаланат,
жаш адамдардын сүйүүсү, эмгеги, Мекенди коргоо темалары көрсөтүлөт.
Жыл өтөт. улам жаңы муундар келет. Адабиятка, анын туундуларына болгон
окурмандардын мамилеси өзгөрөт. Темикемин ырлары да алиге өз күүсүнөн жанбай,
мурдагыдай эле окурмандардын кызыгуусун туудуруп келатат. Мунун айкын мисалы
катары акындын кийинки жылдардагы изденүүсүнүн жемиши «Тоо гүлдөрү» ыр
жыйнагы республикабыздагы эң жогорку сыйлык болуп эсептелген Токтогул
сыйлыгына арзышынын өзү эле ырастап турат.
Араванда бир чынар бар көк мелжиген,
Алдынан өйдө көздөй ашкан мерген
Ак бараңдан, беш атардан аткан менен –
Эзелден кылда учуна ок жетпеген.
Бутагы көп бири сынса, бири чыгат,
Былк этпей качан көрсөң чынар турат.
Элим - ошол чоң түп чынар, мен - бир бутак,
Мен өлсөм, элим тирүү атымды угат!..
Албетте, акындын поэтикалык ыймандай сырын жумгактап өзүндө кармап турган
ушул саптарда Темикемин бүткүл чыгармачылык өмүрү камтылган десек эч ким каршы
болбос.
Акындын китептери колдон колго өтүп, дүкөндөрдө чаң басып жатпайт. Советтер
өлкөсүнүн көптөгөн тилдерине, бир катар чет тилдерге которулуп өзүнүн
миллиондогон окурмандарын таап жатат.
Эми, урматтуу Темике, Сизге мындан ары ден-соолугуңуздун чың болуп,
мурдагыдай эле күжүлдөп элиңизге эчен-эчен ыр китептерди тартууларыңызга
ишенгенибизди билдирип кетүүгө уруксат этиңиз. Чыгармачылыгыңыз Аравандын
чынарындай дагы бийиктеп көкөлөй берсин!
Муса Жангазиев
ЫЙЫК КӨРӨМ
Түшкөн кезде Союзума кыйындык,
Туш-туш жактан «Энгельске» жыйылдык.
Аерде биз аскердикке баш ийип,
Ар бирибиз командирге сыйындык.
Темикемди мен ошондо көргөмүм,
Тез таанышып, ага көңүл бөлгөмүн.
Аскерлерди саясатка сугарып,
Айтып жүрдү баатырлардын өрнөгүн.
Тагдыр аны түндүк жакка, таштаган,
Так ошерден өрт жирешти баштаган.
Аерден ал жөнөтүлүп Моздокко
Ара жолдо майып боло жаздаган.
Андан ары кан да кечти майданда,
Акыл айтты кайратынан тайганда.
Жалын бүрктү Темикемдин куралы,
Жаш балдарга ок жаадырган айбанга.
Ал ошентип эмнелерди көрбөдү?
Апаат болчу төрт жыл бою көргөнү.
Баш көтөрбөс коргошун жаап турса да,
Фашизмдин зордугуна көнбөдү.
Ызааттаймын көптөн бери чынында
Ыйык көрөм өзү түгүл, ырын да.
Бойго сиңер, жүрөк толкур ыр жазат,
Болсо дагы сексен жаштын кырында.
Көңүлдөрдө гүлдөөрүнө ишенем
Көп казалы кылымдардан кылымга.
Акынбек Күрүчбеков
МАЙДАНДА БИРГЕ Б0ЛГ0НБУЗ
Майданда мага Кыргыз ССРинин эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик
сыйлыктын лауреаты, жоокер акын Темиркул Үмөталиев менен бирге салгылашуу
шыбагасы туура келди. Темикем бир эскерүүсүндө: «Мен ага чейин армияда болгон
эмесмин. Колума курал да кармап көргөн эмесмин. Кокус согуш башталса, майданга
кетээрим шексиз эле. Эч нерсе билбеген бойдон барсам, мен эмнеге жарайм? Абалым
эмне болот? Биринчи эле атылган ок мага тийип жүрбөсүн?» деген ойду өзүмө-өзүм
берип кыйнала баштадым. Апрель айынын акырында генерал Панфиловго жолугуп,
жан кейиткен оюмду айтып, кур дегенде мылтык атканды үйрөтө турган окууга
жиберишин сурандым. Генерал менин оюмду жактырды, куттуктады, ырахмат айтты»,
- деген.
Ошентип, Темикем Ошто ачылган саясий кызматкерлерди даярдаган курстан өтүп,
лейтенант наамында согушка жөнөйт. Темикем экөөбүз Кара-Балтада уюшулган 4гвардиялык аткычтар бригадасында болуп, 1942-жылы 10-майда урушту көздөй жол
тарттык. 4-бригада чылк кыргыз жигиттеринен түзүлгөн эле. Биз Түлкү уюкка барганда
бригадага казак уландары кошулду.
Жолдон, бир тынышта бизге, казак балдарына өзүнүн согуш башталарда эле
чыгарган «Күн тутулбайт, ай батпайт», деген ырын коңгуроодой үнүнүн коштоосунда
өтө берилүү менен окуп берди:
Сел жүргүзүп аккан кандан, көз жаштан,
Согуш менен душман келди батыштан.
Тартынбады талагандан кыштакты,
Тынч жатышкан кемпир-чалды атыштан.
Өчүрөм дейт жылдызымды асмандан,
Качырам дейт туйгунумду аскамдан.
Тартынбасмын, коркок жигит мен эмес,
Кол көтөрүп туруп берчү шашкандан.
Гүлүм турат мурункудай ачылып,
Күнүм турат күмүш нуру чачылып.
Мен ишенем: күн тутулбайт, ай батпайт,
Келген жоону кетиремин качырып...
Ындыны өчүп, жер карап отурган кээ бир жигиттер баш көтөрүп, Темикемдин бул
ырына маашыр болуп, алакан чаптык. Бизди тартып бара жаткан поезд Москванын
алдына барганда немецтердин самолету поезд жолду бомбалап талкалап
таштагандыктан, андан аркы жолду 500 километрге чейин жөө бастык.
Темикем биздин ротанын командиринин орун басары, саясий жетекчи эле.
Темикем улам бизге келип, чепеңдеп, бизге боору оруп, ал-ахыбалды сурап кетет. 10
күндөн ашык жол жүрүп, Холм шаарынын чыгыш четине бардык. Ал жөнүндө
Темикем: «1942- жылдын 21-май күнү Калинин фронтуна, алдыңкы позицияга - түз эле
окопко бардык. Ловать суусунун сол жээги, Холм шаарынын чыгыш чети. Саз, чиркей.
Жоо самолету тынымсыз учканы учкан. Артиллерия дем алганды билбейт» - деп
согушка жаңыдан бара жаткан кезди эскерет.
Темикемдин «чиркей» дегенинин чоң мааниси бар. Баскынчылар Москванын
алдында өтө чоң жоготууга учурап, бир канча жүздөгөн чакырым жерге артын карабай
качкан. Душман сөөктөрү ар кайсыл жерде үйүлүп жатат. Жайкы ысыкта фрицтердин
канына тойгон чиркейлер чымындай болуп ызылдайт. Бети-колубуз шишип, айла кетип
кашынып отурабыз, башыбызга сүлгүнү чулгап алабыз, ага да болбойт. Көп аскерлер
чиркейдин чакканынан безгек менен ооруп, Ловать дарыясынын суусунун даамы
жыгачтын тамыры даамданып турат экен, ага көнбөгөн тоо башында, ээн талаада
жүргөн кыргыз-казак жигиттери ооруп, далайларын госпиталга жибердик.
Үч-төрт күндөн кийин урушка кирдик, көнүмүш болуп калды, коркуу артта калды.
Бир канча күндөн кийин биздин ротаны жана башка роталарды катарга тургузду.
Темикем чыгып: «9-10-классты бүткөндөр бир кадам алга баскыла!» деп буюрду. Бир
канча киши катардан чыкты. Көрсө кат тааныган, сабаттуу аскерлерден отряд
уюштурушуптур.
Темикем мени катардан чыкканда өзүнө чакырып алып: «Менин байланышчым
болосуң» деди. Ошондон баштап Темикем менен бирге жүрүп, бирге жатып, согуштун
азабын бирге тартууга туура келди.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 17