Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 12

Total number of words is 4114
Total number of unique words is 2203
30.3 of words are in the 2000 most common words
42.3 of words are in the 5000 most common words
48.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
дивизиясын, Токмокко Кыргыз атчандар полкун, Ферганага жөө аскерлердин 4бригадасын түзүп, аларды майданга даярдоо жөнүндө чечим болду. Мен башка көп
жолдоштордун катарында мына ошол аскердик бөлүктөрдү уюштуруу ишине
катыштым. Уюштурулуп бүткөндөн кийин Кара-Балтадагы Атчандар дивизиясынын
биринчи полкунун биринчи эскадронуна саясый жетекчи болуп дайындалдым.
Милдетибиз карамагыбыздагы атчан кыргыздарды согушка даярдоо болду.
1942-жылы 1-Май майрамы өтөрү менен эшалонго отуруп, кан суудай агып жаткан
Калинин багытын көздөй жолго чыккандардын арасында болдум. Ач эми аскерден
бошоп, үйгө 1946-жылы 15-январда кайттым. Себеби согуш бүткөндөн кийин биздин
108-дивизия Австрияны кармап туруучу аскерлердин тобуна кирип калган эле. Ошол
себептен ал жакта көбүрөөк жүрүп калдым.
Согуш кээ бир кишилер үчүн, айрыкча каардуу күндөр баштарынан өтпөгөндөр үчүн
жөнөкөй эле бир, анчалык мааниси деле жок сөз сыяктанат. Ал эми мага окшогон көп
кишилер үчүн бул өтө катуу сөз. Согуш жүрөктү титиреткен өтө коркунучтуу, өтө
оор сөз. Согуш деген сөздү укканда көз алдыңа биринин артынан бири чууруп,
кызарып ышкырып учкан октор, кишилерди камгактай тебелеп, атырылган танктар,
чарк айлана учуруп, бомба таштап жүрүшкөн самолеттор көрүнө баштайт.
Мен эмнелерди көрбөдүм. Ичеги-карды аңтарылып, топуракка, чаңга аралашып
калса да: «Тезинен санбатка жеткирсеңер аман калат элем», - деп жалдыраган жаш
жоокердин аянычтуу көздөрү менин көзүмдөн ушул убакка чейин кетпейт. Ыйлабай
көрчү. Кимдин жүрөгү сыздабайт? Үйдөй чоң танк биздин окопторду тепсеп кирет.
Блиндаждардын бырын-чырын чыгарат. Айрым окоптун үстүнө токтоп, анан
чимирилсе, танк жерге терең батат. Анан кайра чимирилсе өйдө көтөрүлөт. Астында
калган жоокердин денеси топуракка жуурулушуп, кызыл-тазыл болуп туурагычтан
өткөрүлгөн эттей майдаланат.
1942-жылы сентябрь, октябрь айларында Моздок чөлүндө мына ушундай кызыл
кыргынды башыбыздан өткөрдүк. Бир ротадан бир да киши калбай, тыйпыл болгонун
көрдүм. Саясый жетекчи Кубат Жуматаев курчоодон чыгуу мүмкүн болбой калганына
көзү жеткенде, бир нече гранатаны белине кыстарып алып, өтүп бара жаткан танктын
астына жүгүрүп барып жата калганы укмуш эмеспи. Мен аны менен Кара-Балтада
бирге болгомун, бир эшалонго түшүп, майданга бирге баргамын. Өлүгүн өз колум
менен мүрзөгө жашыргамын. Ыйлабай, жүрөгү сыздабай ким турат? Көп ыйладым.
Жүрөгүм да көп сыздады. Моздок, Моздок...
Түндүк Кавказга келбестен мурун төрт айга жакын Капинин багытында, жоо
тарапта, биз да коргонуу согушун жүргүзүп турганбыз. Анда санда замбиректер
күркүрөп, снаряддар жарылып, самолеттор учушуп, бомба таштап турушчу. Көп
кыйналдык, чиркей талап жеп бүтүрчүдөй. Окопто, блиндажда, траншеяда
суу. Кургак, жылуу жер көздөн учат. Тезирээк эле башка бир жакка жылсак дейбиз.
Бирок, ал жердин жакшы жагы эмнеде экенин билбептирбиз. Чабуулга өтпөй, эки
тарап тең коргонуп жатышканынын себеби, көлкүлдөгөн сазда танктар жүрө албайт
тура. Самолеттор деле көп учушпайт. Сазга, көлгө, сууга түшкөн снаряддар менен
бомбалар жарылса да, айлана-тегерегине анчалык көп зыян келтире
албайт тура. Кеч күзгө чейин ушул көрүнүш болсо, кышында кандай болот?
Мына ошол үчүн немецтер күчтөрүнүн көбүн түштүккө чогултуп, Түндүк Кавказга
жана Сталинградка таштаган тура. Ошого байланыштуу бизди шашылыш түрдө
Моздокко жөнөткөн тура. Холм, Великие Луки, Торопец тараптан чети оюлбай, толук
бойдон келген гвардиячыл 4-аткычтар бригадасы аз убакыттын ичинде үч жолу
бөксөрүп, үч жолу толуктоо алууга жетишти. Бригаданын катарындагы беш жүзгө
жакын кыргыздын теңинен көбү Моздок жана калмак чөлдөрүндө калышты. Омор
Асылов, Сагын Түнкатаров, Камал Айтиев, Асылкерим Осмонов, Назикул Жапаркулов,
Кубат Жуматаев сыяктуу согушка мени менен чогу барышкан жолдоштордун чоң тобу
ошол бир эле жерде көз жумгандай болушту. Ыйлабай көрчү. Көзүмдүн жашы
кургабай жүрүп өлөмүн го дегемин. Зээним кейип, баарын ойлоп:
Жердин жүзүн кызыл жалын каптады, Койдой жайнап танк тебелеп таптады.
Барынан да батып кетти жаныма, Биздин жерде, биздин кандын акканы! деген ыр жаздым. Ыйлап туруп, көзүмдүн жашын көл кылып отуруп жазбадымбы.
Ошол бойдон кургабай, көз жаш ага берчүдөй сезилди эле.
Андай эмес, кургайт экен. Баарына чыдайт экенсиң. «Кырк жыл кыргын болсо
бейажал чымын өлбөйт», -деген эл сөзү, кыргыз сөзү чынбы деп да ойлойт экенсиң.
Көздүн жашы да кургап түгөнөт экен.
Ага кошумча 1942-жылдын акырынан тарта жоо тараптын күчү бөксөрө баштаганы
сезилди. Биз тарап болсо, бардык жагынан күчүбүзгө күч кошулуп, бет алган
жагыбызды эңшерип кирчү болдук. 1942-жылы 7-ноябрь майрам күнү Орджоникидзе
шаарына кирип келген жеринен фашисттерди кайра кубалап, Кизел кыштагынын
айланасында чөп чапкандай кыйраттык. Ошол күнү кайдандыр самолеттор да, он
чакты «катюша» да бизге жардамга келишти. Чаң асманга чыгып, күн көрүнбөй калды.
Мурун өлгөндөрүн ала кетип жүрүшкөн немецтер бул жолу баарын таштап качышты.
Койдой жуушап калган фашисттик кан ичерлердин өлүктөрүн жергиликтүү эл бир
жумага чейин турпакка жашырып бүтө алышпай кыйналышты. Кизелден бир аз ары
өткөн жердеги токойдун ичинде немецтик дивизиянын штабы кыйраптыр. Толгон
автобустар, жүк тарткыч, жеңил автомашиналар, брондуу машиналар өтө
көп. Жасалгалуу автобустардын ичинде жаза турган машинкалар,
дептерлер, альбомдор, том-том документтер, консервалар, колбасалар, коньяктар,
шоколаддар. Курортто эс алып жатышкан сыяктуу кызыл чийкил офицерлер өлүп
жатышат. Эсеп жетпейт.
- Душмандын күнү батат деген ушул! - деп кыйкырып жибергенимди өзүм да
билбей калыпмын. Майданга баргандан тартып биринчи жолу кубанганым ушул чыгар.
Андан кийин мындай учурлар тез-тез болуп турду. Кечээ эле жакында жолборстой
атырылышкан немецтер, эми бүркүттү көргөн коёндордой артын карашпай турган
болушту. Краснодар крайында, Мелитопль менен Каховка аралыгында немецтерди
кууп жетпей кыйналган күндөрүбүз да болду. Чабуул коюп, чыгышты көздөй жутунуп
келе жаткан фашисттик баскынчылар өлгөндөрүнүн ар бирин мүрзөгө көөмп, үстүнө
аттарын, анысы ким экенин билдирген жазуу жазып, кээ бирлерине эстелик орнотуп
жүрүшкөн. Кийинчерээк миң солдатын бир чуңкурга жашырып, үстүнө бир эле
фрицтин аты жазылчу да болду. Андан кийинчерээк такыр эле көмүшпөй, бензин куюп
өрттөп, күлүн көккө сапырып жок кылыша турган да болду.
Андай көрүнүштөрдүн бардыгы жоо тараптын эртеңи караңгы экенин көрсөткөн
далил эле. Днепрден өткөндөн кийин немецтер кээде коргонуп калышты: Николаев,
Одесса, Тирасполдогу коп жоготуулар болгон салгылаштардан кийин биздин жеңе
тургандыгыбыз айдан ачык болуп калды.
Румыниянын, Болгариянын, Югославиянын көп жерлерин бошотуу биз үчүн
анчалык кыйын болгон жок. Баскынчылар качып, биз артынан кууп жетпей эле жүрүп
отургандай сезилип калды.
Ал эми Венгрия андай болгон жок. Чыныгы фашист Салаша башкарган мадьяр
аскерлери немецтер менен биригип, аябай бекем турушту. Ар бир кыштакты, ар бир
шаарды ок өтпөс сепилге айландыруу аракетинде болушту. Айрыкча Будапештти көпкө
кармашты. Бир эле үйдүн бир бөлмөсүн биз, экинчи бөлмөсүн немец ээлеп, бирибизди
бирибиз аңдып турган кездер болду. Эки айга жакын Будапешттин ичинде согушуп, кан
агып, өлүк сасып жатты. Немецтер андан кийин Балатон көлүнүн түштүк-чыгыш
жээгине жүздөн ашык «Тигр» аталган танктарын топтоп, чабуулга өтүүгө аракет
жасады. 1945-жылы 18-март күнү ошол чабуулда жарадар болдум. Баары бир душман
ийгиликке жеткен жок. Көп кечикпей, 4-апрель күнү Венгрия бүт бошотулду.
Акылынан адашып, жинди болуп калышкан немец солдаттарын да өз көзүм менен
көрдүм. Жөө аскерлер калбай эле, брондуу машиналардын, танктардын үстүнө чыгып
алганбыз. Будапешт - Вена жолу, жол эмес эле, аянттай темир бетон менен
жасалган. Немецтер качып, биз кууп бара жатабыз. Жолдон тышка чыкса, туш тарапка
бириндеп качса болбойбу? Бири өлсө, бири тирүү калышы, качып кутулушу мүмкүн го.
Бирок алар эч жакка бурулбастан, түз эле жол менен качышкандыктан танктардын
астында калып жатышты.
Австрияны тез эле ээлеп алдык. Гитлердин туулган үйүндө, окуган мектебинде,
шыбакчы болуп иштеген, сүрөт тартып отурган жерлерин да көрдүк. Согушу жок эле,
душман качып, биз кууп жүрүп отургандай болдук, Мүрөк деген Югославия менен
Австриянын чек ара шаарына кирип, андан ары Грац, Фойцберг, Леобен, Брук
шаарларын бошотуп, Мур дарыясынан өтүп, Залцбургду көздөй бара жатып, радиодон
согуштун бүткөнүн уктум. Ошол эле учурда биздин астыбыздан америкалык аскер
бөлүктөрү тосуп чыгышты. Бирибизди-бирибиз куттуктап, белек берип, конок кылып
эле жатып калдык. Аябай катуу сүйүндүм. Өзүм тирүү калганым үчүн эле эмес,
бардыгы үчүн. Эл, журт, үй-бүлө, балдар, өзүм менен бирге жүрүшкөн аскер жигиттер
үчүн сүйүндүм. Моздокто кызыл кыргынды башынан өткөргөн менин 4-бригадам
кийин 108-дивизияга айланып, чоңойгон болучу. Өзүм болсом батальондун парторгу
элем. Батальондун аскерлерин катарга тургузуп да куттуктадым, чогулуп оокаттанган
жерде да куттуктадым. Ар бирин бирден кучактап, көп куттуктадым. Австрияга кирер
алдында толуктоо келип, дивизиянын аскердик составы толук болучу. Жаңы келишкен
жаштар да көп болучу. Ошолордун аман калышканын ойлогондо кубанычым көлдөй
толкуду.
Согуш бүттү. Эми үйгө кетебиз, тез эле кетебиз дедим эле өз оюмда. Андай болбой
калды. Согушка биз тараптык болуп катышкан өлкөлөр өз ара сүйлөшүп, бардыгын
тартипке салып, бир келишимге келгиче үйгө кетпес болуппуз. Биздин дивизия
Австрияны оккупациялап туруучу аскер бөлүктөрүнүн бири катарында Австрияда туруп
калды. «Көпкө созулбас» деп ойлоп, ошого ишенип жүрө бердим. Подсдамдт
конференциясы бүткөндөн кийин, «сүйүктүү ата мекен кайдасың», - деп катарга
тизилдик да, чыгышты көздөй жөнөдүк. Австриядан чыгып, Венгриянын жолдорун
басып келе жатабыз. Атайынбы, эмнеси болсо да, согушта кайсы жерде болсок, ошол
жерлерди аралап, согушта көбүрөөк токтолгон жерлерге токтоп келе жатабыз. Кээ бир
жерде согуш убагында жолугуп, таанышып калган кишилер кезигип калып
жатышты. «Ырас болду, тирүү экени бизди көрдү», - деп ойлоп, ошого да кубанамын.
Дал ошондой болду. Бардык советтик элдер сыяктуу кыргыз эли да тынчтыкта өнүпөстү. Жети жүз миңден ашпаган кыргыздар республикабызда азыр эки миллиондон
ашып турат. Ушунун өзү эле оңойбу. Элдин турмуш абалы тез эле жакшырды.
Маданият, илим, билим, искусство өркүндөп өстү. Ар түрдүү себептер менен шаар
жерлеринде кыргыз тили унутула баштаган эле. Акыры өз эне тилибизди Мамлекеттик
тилге айландырып жатабыз. Тынчтык эле болуп турса бардыгы жакшы болорунда шек
жок.
Биз көргөндү эмки балдар көрүшпөсүн. Биздин көзүбүздөн жаш акканын, биз
төккөн канды, биз тарткан азапты, кыйынчылыктарды мындан ары эч ким башынан
өткөрбөсүн. 1941-1945- жылдары майданда кан кечип жүргөндө мен эмнелерди
ойлободум. «Иши кылып эле өлбөй аман барып, Апа-Тоону бир көрүп, өз
үйүмдүн эшигин ачып, «ата» деп чуркап турган кызымды - Жамалтайымды башынан
жыттап, анан ошол эле замат кетсем арманым жок», - деген ой менин башыма канча
жолу келгенин эсептей да албай калбадым беле. Азыр мына сексенден ашып, аны
унутуп, өлгүм келбей калды. Азыр мына сексенден ашып, чөбүрөлөрүмдү жыттап
олтурамын. Алардын бири үч жашар - Тургунбек, сыналган бийчи кыздарды көрүп
бийлөөгө, ырчы кыздарды карап ырдоого аракеттенет... Мен кубанып, жетине албай:
Кичинекей тентегим,
Сенсиң менин эртеңим,
Айтылуу кыргыз күүлөрүн
Арнап сага чертемин.
Бийчи болсоң бийчи бол
Ырчы болсоң ырчы бол!
Бийиң менен ырыңа
Биздин ойду бурчу бол!
Туягы бол тулпардын
Канаты бол шумкардын!,
- деп ыр жазып отурамын.
Мындан ары дайым эле ушундай Тынчтыктын күүсү чертилип, Тынчтык ырлары
жаңырып турсун!
7. ЖОЛБОРС ЖҮРӨК, ЭР ЖҮРӨК
Биринчи Белорус фронтунун аскерлери Одер дарыясынан өтүп, чоң, акыркы
чечүүчү чабуулга даярдык көрүп жатышкан. Март айынын экинчи жарымы жаанчыл
болгондуктан - жер ным, жол ылай. Чалгынга атчандар гана жарап турушкан.
Түнү бою Прецель жана Зелов шаарларынын ортосундагы токойлордо болгон
атчандар, кайра тартып, темир жолдон өтө бергенде таң сүрө баштады. Бул Кызыл Туу
жана Александр Невский ордендери менен сыйланган 16-гвардия полкунун 1эскадрону эле. Суу кезиксе токтолуп көрбөгөн, оттон кайра тартпаган, бет алган жагына
чагылгандай учуп жеткен, тийген жерин кылычтай кыйып түшкөн белгилүү эскадрон
болучу.
Эскадрондун алды темир жолдон өтүп, арты өтө электе оң жактагы токойдон
автоматтар тытырашты, ошол замат сол тараптан да ок жаай баштады. Адегенде
бирөө, анан дагы эки жоокер аттан учуп түштү.
- Чачылып, алга карай чу койгула! -деп кыйкырды, абалды сезген эскадрон
командири.
- Биз өтүп баратканда сезишкен экен да, - деди пулемет жүктөлгөн атты жетелеп
бара жаткан солдат жанаша бараткан жолдошуна, -жолду тосуп, бастырма коюп
салышкан турбайбы...
Ал ушинтип айтты да, жетелегенин таштап чу койду. Жолдошунун «токто!» дегенин
уккан да жок. Аңгыча пулемет жүктөлгөн карагер оңкочук атып жыгылды. Ошол эле
учурдун өзүндө чу коюп жөнөгөндүн артынан «токто!» деп кыйкырган жоокердин
астындагы жээрде кашка аргымак да, чыңырып жыгылды.
Жигит шамдагайлык менен аттын башынан аттап, жыгылбастан чуркап кетти.
Бирок, көп алыс кете албады. Он, он беш кадам шилтебей сол колу менен кулагынын
жогор жагын аткып алып, отура калды. Көздөрү тунара түштү, жер оодарылып бара
жаткандай сезилди. «Жок, болбойт», - деди өз ичинен. Көзүн ачып, алга карады:
эскадрон узап кетиптир, көрө албады. Атуулар дагы эле токтоло элек: Ажалды алып
учушкан октор аба жарып жыландай ышкырышат.
Оң жагына көз чаптырды: каска кийишкен, көк шинелчендер токойдон чыгып келе
жатышат. «Өлөт деген ушул», - деди бүткөн боюн титирек басып бара жатып, кайра
чыйрала түштү. Артына кылчайып, пулемет жүктөлгөн карагердин өтө жакын жатканын
көрдү. «Ажал, ач көз ажал! Сен менден күчсүзсүң, - деп кыйкырып жибере таштады.
Тез жылып жетип, кылычы менен кайыштарды кесип жиберип, пулеметту аттан
ажыратып алды. «Горюнов -1943» пулемету жеңил экенине карабай «Максимден» кем
сокпосун ойлогондо, кайратына кайрат кошулгандай болду. Өлүп жаткан карагердин
далдасына орното коюп, патрон салынган ящикти жылдырып сол жагына коюп,
капкагын ачты. Эки жүз элүү ок тизилген лентаны чубап чыгып, пулеметту тууралады.
Жоо аскерлеринин асты жакын, өтө жакын келип калды – отуз же кырк эле метр.
Жаңыдан чөп чыгып келе жаткан нымдуу жерге боортоктоп, бутун сунуп жиберип
жатты да, пулеметтун затылнигин алга итерди. Таруу куурулгандай бытыраган үн
чыкты. Кана, туруштук берип көрсүнчү. Жоо аскерлеринин алдыңкы катары койдой
жуушап, арт жагындагылары жапырылып качып берди. Экинчи лента салынып, ал да
бир заматта атылып бүттү. Үчүнчү лентаны стволдук кутуга кийирип жатканда сол
тараптан ата башташты. Советтик жоокер абалды сезе коюп, «баатырдын сөзү аз
болот, баатырдын иши бат болот», - деп Жоомарттын ырын өз ичинен кыңылдап
айтып, пулеметтун оозун дароо солго бурду. Жакын келип калган фашисттер ителгини
көргөн таандан бетер бытырап качышты. Бир нече лента атылып бүтүү. Пулеметтун
стволу ысып, кызарып чыкты. Эмне кылуу керек? Жоокер бейшеби кыстаганын бая эле
сезсе да, чыдап, атуу менен убара болучу. Дароо муздатуу үчүн стволдун үстүнө даарат
ушатуудан башка айла жогун ойлоп, ордунан тура калганда, кимдир бирөө акырекке
чоюн баш менен чапкандай кетенчиктей түшүп, жыгылып кетти.
Чалгынга чыккан эскадрондун командири бастырмадан чыгып, бир аз узагандан
кийин артына кылчайып, качып бара жатышкан жоо аскерлерин көрүп, пулеметтун
тытыраган үнүн укту.
- Эскадрон! Менин артыман! - деп кыйкырып, кайра душманды карай ат койду.
«Ура-а!» деп кыйкырганча эскадрон коенду качыргандай бүркүттөй шуңгуп жөнөдү.
Аттардын туяктарынан ыргыган ылайлар, бомба түшүп жарылган жердин кыртыштары
учуп, кайра жерге мөндүрдөй жаап жатты. Командир бара жатып пулеметтон ок
жаадырып жаткан өз жоокерин көрдү. Анын тура калып, кайра жыгылып түшкөнүн да
көрдү:
- Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү взвод! Жоону карай ок жаадыргыла! Биринчи взвод!
Баатыр пулеметчуну бул жерден алып чыксын! - деп буйрук сөзүн кыйкырды. Өзү
биринчи чаап жетип, аттан ыргып түштү, көмкөрөсүнөн жаткан жоокердин башын
көтөрүп:
-Тирүү! Кана кимиң өңөрөсүң? -деп кыйкырды. Командирдин көзү эстен танган
пулеметчунун погонуна жана төшүндөгү ордендерине түштү; гвардиянын кенже
сержантынын төшүн Кызыл Туу ордени менен эки «Эрдиги үчүн» медалы жаркыратып
турушкан экен. Беттери кан жана ылай, көздөрү көрүнбөйт.
- Бул баягы, баатыр кыргыз, Самат Садыков турбайбы! - деди
командир өз ичинен. - Мындай уулду энелер али көп төрөшө элек.
Айланага кез чаптырып, командир темир жол менен токойдун аралыгында ачык
жерде жоонун өлүктөрүнүн шахматтын фигураларындай жыбырап жатышканын көрдү.
Ар кандай жерден онтогон үндөр угулуп турду.
Баракелде! Баракелде, жигит, - деди командир өз ичинен, - сени тууган энеге да,
сени тарбиялаган кыргыз элине да чоң рахмат!
Эскадрондун калкалоосу астында биринчи взводдун командири кенже лейтенант
Тарасов Саматты өңөрүп жөнөдү. Эскадрон улам кайрылып атышып отуруп, бастырма
коюлган жерлерден узап чыкты.
- Суу! - деди бир кезде көзүн ачпастан Садыков.
- Самат! - деди Тарасов жоокердин эсине келе калганына сүйүнүп. Анан артынан
жете келген жоокерге буйрук кылып, анын жардамы менен фляганын оозун ачып,
жарадардын оозуна тосту. Кеберсиген эриндер калай идиштин оозуна жабыша түшүп,
кылкылдатып жута баштады.
- Айыгасың, жигит! Сага окшогон баатырлар өлүүгө тийиш эмес. Сен ажалды да
жеңесиң. Сен андан күчтүсүң, - деп толкундап кетти Тарасов.
Оңойбу анан. Бул анын карамагындагы солдаты гана эмес, өз колу менен
тарбиялаган иниси, көптөн бери бирге келе жаткан таанышы, шериги, ал турсун
ишенген сырдашы сыяктуу жигит болуп калбады беле. 1940-жылы 6-октябрь күнү өз
взводуна келгенде көрөр замат жактырбады беле. Орус тилин билген, чыйрак, качан
болсо жылмайып, ар жагынан адамгерчиликтин учкундары көрүнүп турган акылдуу
уланды пулеметчулардын отделениесине өз колу менен кошкон эле го. Эч нерсени
унутпай, ар бир сөздү эсептеп, берилген буйруктарды так аткаргандыгы менен бат эле
жолдошторуна жагып, командирлерге да сүйгүнчүктүү болуп калган эле го. Аскердик
үйрөнүүлөр арасындагы тыныгуу мезгилдеринде кеп салып: «атам Сүлүктү көмүр
кенинде шахтер, энем үй кызматынан жана балдарды кароодон бошобойт, эки иним,
бир карындашым бар - бардыгы тең жөжөдөй бүжүрөгөн жаш. Туну менмин. Кайра
барсам, атама жардамчы болуп, үй бүлөнү багышат элем», - дечү эмес беле.
Тарасов бардыгын эске түшүрдү. Анын көз алдынан бул жапалдаш келген, таш
салган салмоордой тыкан кыргыз жигитинин кылык-жоругу, жүрүш-турушу жана
көргөзгөн эрдиктери жипке тизген мончоктой биринин артынан бири чубап өтүп
жатты. Аскердик даярдыктан өтүп, 1943-жылы март айында согушка бирге келишкенде
Брянскийдин сазы менен токойлору Алай тоолорундай эле көзүнө жылуу учураганын
айтып «ушул укмуштай кооз жерлерди душман буту менен басып турганын көрүп,
кантип чыдап турабыз?», - дебеди беле.
«Карачев шаарынын жанында да дал бүгүнкүдөй болгон, - деди Тарасов өз ичинен
өткөндү эске түшүрүп, - бирок анда жай айы болуп, жер кургак эле. Эскадрон жөө
аскердин тартибинде окопторду ээлеп, коргонуп жатпады беле. Жоо чытырман токой
менен көрүнбөй келип, жакын жерден окту жамгырдай жаадырып, окопторго граната
ыргытып, биздин шаштыбызды кетиргенде, ушул өзү чыканактай, кайраты тоодой
Садыков шашпай туруп, фашисттер дал мурдунун астына келгенде, оң ныптадан
душман күтпөгөн учурда пулемет менен атып, кызыл кыргын салып, мактанчаак
эсэсовчуларды чочкодой чыңыртып кайра куубады беле. Анын бет маңдайындагы
тердиктин бетиндей түздө жоо аскери жайыттагы малдай жыбырап калган. Кийин ал
жерде калган үч жүздөн ашык гитлерчилердин арасында эки майор, он беш
лейтенант жана обер-лейтенант, үч капитан жатышканын өз көзүбүз менен көрбөдүк
беле. Моздок чөлүндө жарадар болсо да катардан кетпей, жоонун чабуулун кайтарып,
элүүдөй фрицти кырып, алардын он пулеметун түшүрүп калбады беле.
Ал эми Полыпа жериндеги эрдигичи. Бломберг шаарынын жанындагы кан сел
болуп аккан катуу кагылышта пулеметун сүйрөп, согушуп жаткан эки тараптын
ортосундагы эч кимдики эмес дөбөгө чыгып барып, ошол дөбөдө жашырынып алып,
жоонун алдыңкы окопторуна ок, снаряд, мина ташып жеткирип турган
автомашиналарын атып, далайын өрттөп, далайын иштен чыгарганычы! Миналарын от
алдырып, жоонун өзүн анын өз куралы менен кырганычы!..»
Тарасовдун оюн Саматтын: «Ата, сен да согушка келдиңби? Бөбөктөрүмдү кимге
таштадың? Апам... апам жалгыз кантип багып жатат?» - деп жөөлүшү бузду. Чекесин
басып көрсө от менен жалын болуп, чыккан экен. Жанындагы жоокерге буйрук
кылып, фляганы ачтырып, жүзаарчысын суулап, жарадардын чекесине басты.
- Асыл жигит! - деди Тарасов оор күрсүнүп, сенин бардык иштеген ишиңди, сен
кырган жоону эсептеп бүтүрүү мүмкүн эмес. Биз көрбөгөнү, биз турсун, сен өзүң
көрбөй калганы, бирок сен аткан октон далдаада кырылган жоо канча!... Биздин
барыбыз сенин эрдигиңдей эрдик көргөзсөкчү! 0, анда минтип төрт жылга созуп
отурбай, бир эле айда согушту бүтүп койбойт белек.
Саматтын чекесине басылган жоолуктун, суусун сыгып, чөнтөгүнө салды да,
ылдамдата бастырган Тарасов «мага бериңиз, жолдош гвардиянын кенже лейтенанты,
мен өңөрөйүн», - деп келген коржойгон узун, тыржыйган арык сержантка жалт карап:
-Жок, өзүм жеткирем, - деди - бул эрдик көргөзүүдөн чарчаган эмес, мен да муну
өңөргөндөн чарчабаймын.
Бир аз бастыргандан кийин анын оюн кайра Самат ээледи. «Асыл жигит, кайран
азамат! Сенин жүрөгүң жолборстун жүрөгүндөй. Кыргыз тоолорунун кыраан
бүркүттөрү да сени көрүп суктанышаар. Сен алардан да учкулсуң, алардан да
алгырсың! Сен эч качан душмандын огунан корккон эмессиң, душман сенден
корккон... Мына азыр ажал дагы сенден коркуп, батына албай турат».
Саматты санбатка тапшырып, дайындап коюп, эскадрондун командири полктун
командирине барды:
-Уруксат кылыңыз, жолдош гвардиянын полковниги!
-Айтыңыз!
- Биринчи эскадрон чалгындан кайтып келди.
Кырк километр кирип барып, душмандын тылын чалгындап кайттык. Зелов,
Преңель, Гольңев райондорунда душман коргоону чептерин бекемдеп жатат.
Преңелдин чыгыш жагындагы токойлорго эң көп танк топтолгон. Атайын поезддер
жана машиналар снаряддар менен миналарды нары шаарды көздөй ташып
жатышат. Артиллерия алдыңкы линиядан алынып, Преңелди көздөй кетип жатат.
Биздин бет алдыбызда негизинен аткыч - дивизиялар, полктук артиллериялар гана
турушат.
- Демек, немецтер бизди Прецель жанында токтотмокчу болушат, - деди олковник,
- токтотоорсуң, күчүң жетсе токтотоорсуң... Түгөл кайттыңарбы?
- Үч киши, беш ат чыгым болуп, эки киши оор, төрт киши жеңил жараланды.
Бастырмага капталып калдык, жолдош гвардиянын полковниги.
Саматтын эрдиги жөнүндө айтканда, гвардиянын полковниги Горобец көзүн
ирмебей эскадрон командиринин оозун тиктеп турду да:
-Ушул чынбы? - деп сурады.
- Чын, жолдош гвардиянын полковниги. Бүт эскадрон көрдү. Көрбөгөн киши
ишенбей турган, тим эле жомоктогудай иш болду.
- Чынында да муну укумдан тукумга жомок кылып айтышат. Акындар ыр жазышат,
сүрөтчүлөр сүрөтүн тартып, композиторлор күүгө салышат. Азамат десе, комсомолец
чыгар?
- Былтырдан бери партиянын мүчөсү, өзүбүз өткөргөнбүз. Горобец телефонду алып:
-Жетиген, жетиген! Мен чагылганмын. Мен чагылганмын. Чоң сакалды чакырып
кой! - деди, - чоң сакалсыңбы? О, кайран эр десе. Азыр силерге бир жарадар барды,
Самат Садыков! Өзүң жанында туруп карагын, Петр Васильевич. Бардык күчтү жумшап
аман алып калуу керек. Абалы жөнүндө ар эки саатта мага кабар кылып тур. Эмне
дейсиң? Жок, госпиталга жибербейсиң, уктуңбу? Өзүң карап айыктырасың.
Түшүндүңбү? Эмне дедим? Кайталап айтчы... ошондой болсун.
Телефонду ордуна койгондон кийин, эскадрон командирине карап, мындай деди:
- Эскадрон дем алсын, бирок сиз штабдын начальнигине барып, Садыков жөнүндө
бардыгын жазып бериңиз, бардык маалыматтарды бериңиз. Тезинен толтуруп мага
кол коюга алып келсин: аны Советтер Союзунун Баатыры деген наамга көргөзөбүз.
Түшүндүңүзбү?
-Түшүндүм, жолдош гвардиянын полковниги. Буйругуңузду аткарууга уруксат
кылыңыз.
- Барыңыз, ушул жумушту бүтүргөндөн кийин дем аласыз.
Эскадрондун командири оң колунун учун кашынын үстүнө жеткире көтөрүп, оң
өтүгүнүн жүлүгүн сол өтүгүнүн апкытына карс бир уруп, шарт бурулуп, көз ачып
жумганча блиндаждан чыгып кетти.
Полктун командири ордунан туруп, колун аркасына алып, кең жана бийик казылган
немең блиндажынын ичинде ары бери басып, ичинен кыңылдап ырдагандай
кыраатын келтирип мындай деди:
- Садыков! Самат Садыков! Көрчү, бизде кандай кыраан шумкарлар бар! Өзү
жалгыз... Бет алдында жоо өлүгү койдой жуушап, сай ташындай чачылып жатат...
ушундай жигиттери бар өлкөгө кол салган жоонун ажалы жеткени да. Ой, азамат!
Самат!.. Самат!..
Полковник өз добушун өзү тыңшап тура калды. Ага блиндаждагы бардык буюмдар,
стол, орундук, кагаз, калам, илинип турган кылыч, ал турсун блиндаждын шаңырайган
эшигинен көрүнүп турган тээтиги адырдагы токой жыгачтары да «Самат!» Самат!, деп шыбырашып жаткандай болуп кетти.
8. АР КИМ ӨЗ ЖЕРИНДЕ БАКТЫЛУУ.
Апрель айы. Согуш бүтө элек. Алдыңкы линияга барып келе жатып, токойдун
четинде сүйлөшүп олтурушкан үч офицерди көрдүк. Менин жолдошум, капитан
Орешин:
- Биздин резервдеги офицерлер көрүнөт, ушулардын жанына бир аз олтуруп дем
алалы, - деди. Биз алардын жанына бардык.
Орундарынан тура калышып, аскердик тартип боюнча учурашып, анан кол алышты.
- Кыргызсыңбы? - дедим мен, гвардиянын лейтенанты Осмоналы Ысманкуловдон.
Гвардиянын лейтенанты сымбаттуу, мөлтүрөгөн ак саргыл жигит эле.
-Кыргызмын.
-Кайсы жерденсиң?
-Чүй боюнан.
- Өзүң лейтенант болсоң да, абдан жашсың го?
-О, жок, жолдош капитан, картаңмын. 1924-жылы туулгамын.
Таанышып, ал жайыбызды сурашып болгондон кийин, ал мага элден алган
каттарын, жолдоштору менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп олтурду. Ушул учурда анын
кагаздарынын арасынан бир конверт жерге түшүп кетти.
- Бул кандай конверт? - дедим, аркасында: «согуш бүткөн күнү ач», - деген жазууну
окуп.
- Ичинде эмне бардыгын билбейм. Мына бул кыз берген, - деди да бир кыздын
фотокарточкасын көрсөттү. Жигиттердин баары талашып көрө башташты.
Фотокарточканын аркасында:
-Тамаш, эстеп жүрөр бекенсиң? Божике, - деп жазылган.
- Мадиярча коюлган аттар го?
- Ооба, аттары мадиярча. Бирок, бири сербиянка, экинчиси кыргыз, - деп күлдү,
лейтенант.
Апрель айынын акыркы мезгили кандай сонун. Тушардан чыккан көк шибер жана
ак кайыңдар жаңы көйнөк кийген кыздай болуп желге ыргалып ары-бери теңселет.
Куштар сайрап кулактын кужурун алат. Көк шибердин үстүнө тегерек тартып олтуруп,
көптөп кыстап жатып, жаш лейтенантка фотокарточка менен сырдуу конверттин сырын
айттырдык. Жигит мындай деди:
- Ал кезде Сербияны немецтерден куткаруу үчүн уруш жүрүп жаткандыгын
билесиздер. Сентябрь айынын суук же ысык эмес, жагымдуу күндөрүнүн биринде
суудан өтүп Сент-Канижа кыштагын ээледик. Бул стратегиялык жагынан өтө маанилүү
жерден ажырап калуу немецтер үчүн аябаган зор жоготуу эле. Чындыгында да душман
буга ызаланды. Ал бизди Тиссага кайра сүрүү максаты менен 25 танк, өзү жүрүүчү 7
замбирек, 13 бронетранспортерун, бир полкко жакын жөө аскерин бизге каршы
чабуулга жиберди.
Эки көчөнүн бурчундагы чоң эки кабат үйдүн түбүнө өзүмдүн танкага каршы
замбиректеримди орноттуруп, немецтик танктардын жакын келишин күтүп турган
элем. Короого түшүп жарылган снаряддын добушунан чоочуп, көчөгө качып чыккан
каздарын кайра короого кийирүү үчүн бойго жеткен бир кыз жүгүрүп чыга келди.
- Ой, кыз, каздарды эмне кыласың? Тез үйүңө кет! Өлүп каласың дегенимче болбой,
ак маралдай маңкайган сулуу «Эне!» деп бир чыңырып алып, түбүнө чалгы тийген
гүлкайырдай жыгылып түштү. Анын аркасынан снаряддын жарылганы угулуп менин
бетиме топурак жаба берди.
Жүгүрүп барып аны жаш баладай кылып төшүмө көтөрүп алып, үй ээлери
корголошуп олтурган жертөлөгө жеткирдим. Энеси көрө коюп, «Божикем!» - деп
чыңырып жиберди.
- Божикенин жарасы жеңил, коркпоңуз, -дедим. Жөн эле коркуп кетип жыгылган
болсо керек деп ойлодум. Сулуунун эки бутуна тең снаряддын өтө майда сыныктары
тийиптир. Жанымдан өзүмдүн даяр пакетимди алып, кыздын жарасын шашыш
таңдым да, кишилер менен кайырлашууну да унутуп тышты көздөй жөнөдүм.
Жертөлөдөн жаңы эле чыккан кезимде кимдир бирөө суу талды тамыры менен
жулуп алып, келтирип туруп жоон санга чапкандай болду. Теңселе түшүп жыгылып
кеттим.
- Жолдош командир взвод, кайсы жериңизге тийди? – деп кыйкырды менин
биринчи замбирегимдин наводчиги сержант Петров.
-Саныма.
-Жертөлө жакты кайра карадым. Бирок бул азыр Божикени көтөрүп эмес, өзүм
Петровдун ийинине сүйөнүп араң кирдим. Жертөлөдөгүлөр чоочуп кетишти. Божике
көздөрү алая түшүп, «эмне болду?» - деп сурады.
- Сага эмне болсо, мага да ошо болду, - дедим.
- Оңбой калдым го, - деген элем. Снаряддын мекен жүгөрүнүн данындай болгон
кичине гана сыныгы тийиптир. Чыккан жери көрүнбөйт, этке терең батып токтоп
калыптыр.
Жарамды таңып болушкандан кийин:
- Взводдун командиринин милдетин сага тапшырамын, - дедим биринчи
орудиянын командири старшина Савельевге.
-Танк келе жатат... Үчөө.
- Бир бронетранспортерду талкалап, өрттөп жибердик.
- Дагы бир танканы токтото койдук.
- Жогорку көчөдө да немецтик танк күйүп жатат. Мишанын расчету атса керек?
-Жоо кайра артка сүрүлө баштады, - дешип, улам бири кирип мага айтып турушту.
Санитарлар келип алып кеткиче, эки саат чамасы Божикенин жанында болуп.
«Мени сактаймын деп өзү жарадар болду» десе керек, аяган көздөрү менен утур-утур
мени карап коет.
Бир жарым айдан кийин госпиталдан чыгып, издеп же атайын суранып келген
кишиден бетер, дал ошол Сентканижанын өзүнө запас полкко келдим. Өзүм замбирек
орноткон көчөдөгү чоң ак үйдү, Божикени көтөрүп кийирген жертөлөнү дароо эле
тааныдым.
- Мүмкүнбү? - дедим эшикти такылдатып.
Эшикти Божике ачты. Мени көрө коюп, байпак сайган илмектери менен түрмөк
жибин ыргытып жиберип, эчактан тааныш кишиден бетер, менин мойнума жабыша
түштү, бекем-бекем чопулдатып өптү, төркү бөлмөнү карай бурулуп «Эне!» деп
кыйкырды - Эмне! - деп кемпир жүгүрүп чыкты. Мени көрө коюп:
- Кел, уулум! - деди. Бирок тааныган жок. Божике айткандан кийин маңдайыман
өөп, сүйүнүп кетти:
- Олтур, уулум, жараң айыктыбы? Кудайга шүгүр. Божикенин жарасы тез айыкты.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 13