Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 21

Total number of words is 3942
Total number of unique words is 2173
28.0 of words are in the 2000 most common words
41.4 of words are in the 5000 most common words
48.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жабышып баратканда басып баратып бир нече секунд «тук этип» ала койсоң
кадимкидей уйкуң канып, сергий түшөсүң го чиркин!
Чет өлкөлөрдүн шаарларынан оркестр менен шандуу басып отүп жүрдүк. Ал жерде
жашаган адамдар бизди таң кала карап калышат. Ошондогу бир окуя эсимден кетпейт.
Кайсы бир жерде бирпаста тыныга калганыбызда менин жаныма бир киши басып
келди да: «Силердин аскерлериңер бир нече жол менен суудай агып өтүп жатышат.
Деги түгөнө тургандай көрүнбөйт. Оор согушту башыңардан өткөрбөгөнсүп көңүлүңөр
да куунак. Ушундай түмөндөгөн элди багындырам деген Гитлердин да эси жок экен.
Акыры ошонусу өз башына жетти», - деди.
Эки жарым миң чакырымдай жер басып, нечен тоолорду ашып, талааларды басып
күндөп-түндөп жүрүп олтуруп, эки жарым ай чамасында Украинанын Винниңа
областына келип токтодук. Ошондон кийин мен Темикемди көрбөй калдым. Мен
1946- жылы жайында келдим. Фрунзеден жолугуштук. Ошондо Темикемдин жары
Зуура жеңемдин: «Ушунча жылы кызыл кыргында жүрүп, алты саныңар аман, эсен-соо
эли жериңерге келген Темиркул экөөңөрдүн бактыңар Ала-Тоодой», -деп айтканы
дайыма кулагыма угулуп турат. Темикем өтө жөнөкөй, кең пейил, ак көңүл,
адамгерчилиги бийик, айкөл адам эле. Мен анын акылман сөздөрүн көп уктум.
Бир жолу жолугушканыбызда кыргыздын уруулары жөнүндө сөз кыла, биз кыргыздар
уруучулук доордон өтө элекпиз. Ошондуктан уруу-урууга бөлүнүү сезими кала элек.
Бул жаңы коомду курууга терс таасирин тийгизбей койбойт, - деген. Ал эми ошол
доордон өткөн элдерде уруучулук деген жок, - деп уланткан сөзүн. Мисалы, орустарды
алчы, алар бизчилеп бири биринен УРУУҢ ким деп сурашпайт. Тек гана жашаган же
туулган жерин айтышат (Уралдан, Сибирден же Москванын жанынан) -дебеди
беле.
Кээде тамаша кептерди айтып калаар эле. Бир жолу Түштүк-Чыгыш өлкөлөрүнө
барып келгенин айтып олтурду. «Мени менен баргандардын баарынын сааттары
токтоп калып, жалгыз гана менин саатым Бишкек убактысын так көрсөтүп турду, - деп
күлдү.
«Эмне болгон саат эле?» - деп сурадым таңгала.
«Ал баягы согушта сен мага белек кылып берген саат болчу», - деп жылмайды.
«Оо, ошол саатыңыз ушул убакытка чейин барбы?» - деп сурасам: «Балдар анын
бырын-чырынын чыгарып ташташкан»,- деп ажайып күлгөнү көзүмө көрүнүп турат.
Менин кайним Турар Кожомбердиевдин акын болуп калыптанышы үчүн да
Темикем бир топ эмгек кылды. Ап мындай болду. Турар мектепте окуп жүргөн кезинде
эле ыр жазууга далалат кылып жүргөнүнөн улам бир жолу аны Темикеме ээрчитип
бардым. Темикем анда темир жол станчасынын жанында Дзержинский көчөсүнүн
боюндагы үч кабат үйдө турчу.
Турардын кол жазмаларын Темикем шашпай кайра-кайра барактап далайга дейре
тигилип окуду. Оозунан эмне деген сөз чыгаар экен деп соттун өкүмүн күткөндөй
болуп кыпылдап олтурабыз. Өзгөчө Турардын жүрөгү азоо тайдай туйлап жатса керек
эле. Бирок калбаат Турар кээде мени, кээде Темикемди астыртан карап коюп олтурду.
Жайбаракат окуп бүткөн соң Темикем адетинче оор басырыктуу гана: «Арасында
жакшы ырлар бар экен. Аны эми басмадагылар өзүлөрү иргеп алышат», - деди. «Бирок
сен, Турар, ыр жазганды таштаба,» - деп кеңеш берди.
Коштошоордо Темикем мага кайрылып: «Кайниңдин арыш ташташы мыкты экен.
Мындан жакшы акын чыгат», - деди угулаар угулмаксан үн менен.
Кийин Темикем Турардын чыгармачылыгына дайыма көз кырын салып турду. Бир
жолу «Ленинчил жаш» газетасын окуп олтурсам Темикемдин макаласы жүрөт. Анда
Темикем Турардын ыр жаратуудагы дараметин көкөлөтө мактап салыптыр.
Темикеме телефон чалып, ал жайды сурашкан соң: «Темике, бу сиз Турарды
ашкере мактап жибергенсиз го. Эртерээк эмеспи?» - дедим. «Жок, - деди ал. Турардын
таланты эми бышып жетилди. Дал ушу тапта ал ушундай мактоого татыктуу да, муктаж
да», - деди Темикем.
Темикемдин ошондогу көрөгөчтүгү, мүнүшкөрлүгү мени дале таңгалдырат.
Осмоналы Исманкулов
ЭЛИН СҮЙГӨН ПАТРИОТ, ЭР ЖҮРОК ЖООКЕР, АКЫН
Темикем эл акыны, элине, жерине ак ниет эмгегин, өмүр бою кызматын аябаган
патриот. Адамды чексиз сүйгөн, аны терең баалап, өмүрүн, өзүнүн бардык күчкубатын, ак-ниет эмгегин аябай кызмат кылган акын. Темикем төрөлүп бойго жеткен
чагынан эле тартып өмүр бою улут маданиятына, адабиятына өзүнүн көрүнүктүү
чыгармачылык салымын кошкон Кыргыз элинин сыймыктуу уулу.
Акын Темиркул Үмөталиев көркөм сезими жана байкоолору өтө бай экендиги анын
негизги жанры болгон поэзияда толук көрүнгөн. Акындын бул негизги жанрдан башка
да балдар адабиятында жомокторду, тамсилдерди, бир нече китептерди жаш
өспүрүмдөрдү өзүнүн өлкөсүн, элин сүйүү, ага ак ниети менен кызмат өтөө, жогорку
патриоттук духта тарбиялоо таасирин тийгизген. Мына ушунда анын жаштардын ички
дүйнөсүнө толук чөмүлүп аларды мекенибиздин, элибиздин келечектеги негизги
күчү, куруучусу катары баалап накта көркөм чыгармачылык чебер, ак тилек сөздөрү
менен көрсөтө алган. Мына ушунда анын чыгармачылыгынын Темикеме гана
тиешелүү өзгөчөлүгү сезилет.
Мына ушинтип, советтик доордогу саясий лириканын туусун жогору көтөрүү тилеги
менен акын Темиркул Үмөталиев 1930- жылдарда адабият майданына келген. Мындай
деп жазат:
Өзүм сүйүп, өзүм кирген партия,
Берчи мага кыйын тапшырма.
Менин сөзүм айтпаган сөз талаага,
Мен кичине, чабал киши... караба,
Алыс жолдо «чарчадымды» айтпайын,
Берчи мага жүгү залкар араба.
Окурмандардын сүймөнчүлүгү болгон таланттуу акын өзүнүн көркөм чыгармачылык
жолундагы поэтикалык чеберчилиги менен китеп окуучулардын аң сезимине зор
таасир тийгизип, ойгото аларлык чыгармалар аркылуу Кыргыз адабиятынын
тарыхында өз ордун ээлейт. Алгачкы ырлары басма сөз беттерине 1931-жылы жарыкка
чыга баштаган. Ал эми тунгуч ырлар жыйнагы 1935-жылы жарыкка чыккан. Анын
ырларында жаңы советтик турмуштун жаралышы жана орношу, советтик элдин
түзүүчүлүк эмгеги дээрлик көркөм чагылдырылган. Ал чыгармалардын арасында «Айсулуу», «Туратбай», «Сүйүү» аттуу поэмалар, «Гүлдөр өлкөсү» аттуу
жыйнактары бар.
Темикем адабий изилдөө жана сын маселелерине да өзүнүн татыктуу макалалары
аркылуу катышып келген. Ошондой эле көркөм котормо ишине да көп күч жумшап,
өзүнүн чыгармачылык аң-сезимин айкалыштырып жогорку деңгээлге жетише алган. Ал
Пушкин, Навои, Низами, Маяковский, Церетели, Тукай, Тихонов, Турсун-Заде жана
башка ири акындардын бир топ ырларын кыргыз окурмандарына чебер көркөм сөзү
менен жеткире алган.
Темикем социалисттик Родинанын мүдөөсүн ырдаган алдыңкы акын гана эмес,
ошол мүдөөнүн ишке ашырылышы үчүн болгон элдик зор окуяларда, түздөн түз кол
кабыш кылып, жан дили менен аралашып жүргөн накай улуу патриот гражданин,
Родинанын эр жүрөк жоокери. Бейкут жаткан совет элине немецтик фашисттер 1941жылы 22-июнда жүзүкаралык менен капыстан кол салган. Мына ошондо совет элинин
кайраттуу уул кыздары колдоруна курал алып, эл жерибиздин эркиндигин коргоого,
немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы күрөшүүгө жапырт аттанып чыгышты.
Ата Мекендик согуш жылдарында көп улуттуу Совет адабияты менен бирдикте
кыргыз адабияты да алдыңкы катарда душманга каршы турду. Акын
жазуучуларыбыздын кээ бирлери фронттун алдыңкы катарында фашисттер менен
бетме бет күрөшсө, айрымдары алыскы тылда өздөрүнүн татынакай көркөм
чыгармаларын жазышып, душманды жек көрүүгө, кашык каны калганча салгылашууга
чакырып Советтик жоокерлердин патриоттук духун жогору көтөрүп турушту. Улуу Ата
Мекендик согуш башталганда өзүнүн граждандык ыйык милдетин аткаруу үчүн
Темикем да курал алып, согуш майданына жөнөйт. Өзүнүн коштошуу ырында эли
жерине минтип кайрылган:
Кош кызыл гүл, мынча неге жайнадың,
Сага конуп булбул куштай сайрадым.
Кош, кең жайлоо, тунук булак, таза аба,
Кошкун, менин жатка кыйбас жайларым!
Кетип барам жоо жакадан алганда,
Бир серпилтпей кантип калам арманда.
Кантип карап турмак элем душманым
Шыбагама уу чеңгелин салганда!
Темикем согуштун акырына чейин, душманга канын, жанын аябай советтик коп улуттан
турган жоокерлердин катарында жүрдү жана душман менен салгылашты. Ал Калинин
областын, Түндүк Кавказды, Украинаны, ошондой эле, Румынияны, Австрияны,
Болгарияны, Югославияны, Венгрияны бошотууга катышты.
Ушунун баардыгы акындын чыгармачылыгына, анын өсүп, курчуп жогорку
деңгээлге көтөрүлүшүнө түрткү болгон конкреттүү бай материал берди. Ошондуктан
акындын согуш кезиндеги жана согуштун материалынан алынып жазылган согуштан
кийинки чыгармалары өзүнүн эң бай проблематикасы, чебер көркөмдүк деңгээли
менен кыргыз элинин улуттук адабиятынын рамкасын аттап, ошол кездеги көп улуттуу
совет адабиятынын жана бүткүл дүйнөлүк адабиятынын кылымдар бою түзүлүп келген
чыгармачылык байлыгына кошулду десек менимче эч качан жаңылбайбыз.
Акындын чыгармачылыгында башта орун алып келген эмгек темалары элибиздин
тынчтыкты, Родинанын эркиндиги үчүн болгон баатырдык күрөш менен алмашылат.
Мен Темикем менен сүйлөшүп калган убакта ал мындай деп эсине салаар эле:
«Мен жөнүндө, менин калемдеш кээ бир досторум: «Темикем согуш башталбастан бир
жыл мурун согушка кетип, согуш бүткөндөн бир жыл кийин согуштан келген» - деп
тамашалашат. Бирок тамашанын туура жагы да бар. 1941-жылы 3-май күнү Оштогу
военкоматка барып, ошол жерден жаңы ачылган үч айлык курста окуй баштадым. Ал
Кызыл Армиянын саясий жетекчилерин даярдоо курсу болчу.
Курсту 1941-жылдын август айында бүтүрүп, Ташкентке Орто Азия аскер округунун
карамагына өттүм. Запастагы аскер кызматкерлерин чакырып, алардын кыргыздарын
Кара-Балтада кыргыз атчан дивизиясын, Токмокко кыргыз атчандар полкун, Фергана
жөө аскерлердин 4-бригадасын түзүп, аларды майданга даярдоо жөнүндө чечим
болду. Мен башка көп жолдоштордун катарында мына ошол аскердик бөлүктөрдү
уюштуруу ишине катыштым. Уюштуруп бүткөндөн кийин Кара-Балтадагы атчандар
дивизиясынын биринчи полкунун биринчи эскадронуна саясий жетекчи болуп
дайындалдым. Милдетибиз карамагыбыздагы атчан кыргыздарды согушка даярдоо
болду. 1941-жылдын сентябрь айынын онунчу числолорунан тартып эшалонго отуруп,
кан суудай агып жаткан Калинин багытын көздөй жолго чыккандардын арасында
болдум. Ал эми аскерден бошоп, үйгө 1946-жылы 15-январда кайттым. Себеби согуш
бүткөндөн кийин биздин 108-дивизия Австрияны кармап туруучу аскердин тобуна
кирип калган эле. Ошол себептен ал жакта көбүрөөк жүрүп калдык. Согуш
бир кишилер үчүн, айрыкча каардуу күндөрдү баштарынан өткөрүшпөгөн кишилер
үчүн, бул жөнөкөй эле, анчалык мааниси деле жок соз сыяктанат. Ал эми мага окшогон
көп кишилер үчүн бул өтө катуу сөз. Согуш жүрөктү титиреткен өтө коркунучтуу, өтө
каардуу сөз. Согуш деген сөздү укканда көз алдыңа биринин артынан бири чубуруп
кызарып, ышкырып учкан октор, кишилерди камгактай тебелеп келаткан танкалар,
күрүлдөп учуп, бомба таштап жүрүшкөн самолеттор көрүнө баштайт. Мен эмнелерди
көрбөдүм. Иче карды аңтарылып, топуракка, чаңга аралашып калса да: «Тезинен
санбатка жеткирсеңер аман калат элем» - деп жалдыраган жаш жоокердин аянычтуу
көздөрү менин көзүмдөн ушул убакка чейин кетпейт. Ыйлабай көрчү? Кимдин жүрөгү
сыздабайт? Үйдөн чоң танк биздин окопторду тепсеп кирет. Блиндаждардын бырынчырынын чыгарат. Айрым окоптун үстүнө токтоп, анан чимирилсе, танк жерге терең
батат. Анан кайра чимирилсе өйдө көтөрүлөт. Астында калган жоокердин денеси
топуракка жуурулуп, кызыл тазыл болуп туурагычтан өткөрүлгөн эттей майдаланат» деп сыздап, көз жашын кылгыртып, каргылданып айтар сөзүн тактай албай калтырап
ачуусу келип токтолоор эле...
Мына ушинтип акын башка кээ бир ошол кездеги акын жазуучулардай бронь менен
согушка барбай эле калууга толук мүмкүнчүлүгү болсо да, ага карабастан Родинасын,
элин душмандан сактоо үчүн ыктыярдуу түрдө жашырынып калбастан, алдыңкы
катардагы советтик жоокерлер менен фронтко колуна курал алып, отко, өрткө, өлүмгө
коркпостон жөнөшү бул анын граждандык, патриоттук бир артыкчылыгы, өзүнчө бир
өзгөчөлүгү, элин, мекенин сүйгөнүнүн улуу белгиси.
Согуштун алгачкы учурларында эл арасында кеңири колдоого ээ болгон. Родинаны
коргоо үчүн ант берүү сыяктуу жакшы салттарга үнүн кошуп «Аткарам берген
антымды», «Энеге берген ант», «Жигиттин ыры» жана башка ушул сыяктуу ырларында
жоокердик Родинанын көз каранды эместигин сөзсүз сактап, душманды жеңип
кайтышы жөнүндө эне-атасына, сүйгөн жарына, жалпы эле элине берген анты
ырдалат. Мисалы, «Жигиттин ыры» деген чыгармасында:
Жоону жеңип орундаймын шертиңди,
Кантип берем теңдигимди, элимди.
Көмбөй туруп терең көргө Гитлерди,
Кантип көрөм сенин айдай көркүңдү! деп акын бул согушта сөзсүз жеңишке ээ болуп келе тургандыгы жөнүндө ант берет.
Акын «Танк», «Беттешип бир күн туруш бар», «Кез ушул», «Күн тутулбайт, ай батпайт»,
«Коркпо, достор, тайманба», «Жер күйүп жатат» сыяктуу ырлары элдик чакырыкты
сүрөттөө маанисиндеги ырлардан болуп Мекендин көз каранды болбостугу үчүн
бардык күч кубатын жумшоого даяр тургандыгын билдирген чыгармалар эле.
Темикем өзүнүн сөзүнө мындай дээр эле: «1942-жылы сентябрь-октябрь
айларында Моздок чөлүндө мына ушундай кызыл кыргынды башыбыздан өткөрдүк.
Бир ротадан бир да киши калбай, тыйпыл болгонун көрдүм. Саясий жетекчи Кубат
Жуматаев бир нече гранатаны белине кыстарып алып, өтүп бара жаткан
танктын астына жүгүрүп барып жата калганы укмуш эмеспи. Мен аны менен КараБалтада бирге болгонмун, бир эшелонго түшүп, майданга бирге барганмын. Өлүгүн өз
колум менен мүрзөгө жашырганмын. Ыйлабай, жүрөгү сыздабай ким турат. Көп
ыйладым. Жүрөгүм да көп сыздады, Моздок, Моздок!...» - деп сөзүн аяктап
көз жашын колу менен сүртөт эле.
Советтик баатыр жоокерлердин сапатын, мекеним үчүн, элинин боштондугу үчүн,
анын келечекте жашоосу үчүн өзүнүн канын, жанын аябастыкка даяр экендигин
даңктаган, ок менен кан өкүм сүргөн, фронттун татаал абалын сүрөттөгөн көлөмдүү
«Кубат» деген поэмасын, акын согуштан кийин жазган.
Акындын согуш мезгилиндеги чыгармалары жалпы советтик адабият менен бирге
душманга күрөшкө үндөп чакырган үгүтчүл жана өзү да кошо салгылашып күрөшкөн
жеңишчил чыгармадан болуп калды. Акын мурунку айткан сөзүн улантып: «Кубат
Жуматаев сыяктуу согушка мени менен бирге барышкан жолдоштордун чоң тобу:
Омор Асылов, Сагын Түнгатаров, Асылкерим Осмонов, Назикул Жапаркулов душман
менен тайманбай канын төгүп, жанын аябай эли үчүн, жери үчүн ошол эле бир жерде
Моздок жана Калмак чөлдөрүндө курман болушту. Ыйлабай көрчү? Көзүмдүн жашы
кургабай...
Жердин бетин кызыл жалын каптады,
Койдой жайнап танк тебелеп таптады
Баарынан да батып кетти жаныма
Биздин жерде биздин кандын акканы...
Бул сыяктуу чакырык ырларынын патриоттук тарбиялык мааниси, элдин патриоттук
сезимин арттырып көтөрүүдө болчу, элибиздин күн сайын өсүп бара жаткан
каармандык демилгелери, душманды жек көрүүчүлүгү, акындын позициясында чебер
сүрөттөлүп, түздөн түз «бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!» - деген жалпы
элдик ураандын таасири алдында жаралды. Акын алыскы тылдын беделдүү күчүнө
айланган, өз элине кайрылып, публицисттик темперамент менен душманга каршы
күрөш үчүн өз үлүшүн кошууга үндөдү.
Акындын «Кармашам», «Алга», «Атышуу», «Ууру», «Качпа» - деген ырларында
советтик жоокерлердин моралдык туруктуулугу, патриоттук сезими, жоокер
баатырдык иштери жогору даңазаланып, жалпы совет адамдарынын атынан айтылган
жалындуу сөздөрдөй угулат:
Келтирбе Грозныйдын нефтисине,
Өткөрбө суунун берки өйүзүнө!
Иреңин көрүп балдар чочушпасын,
Жолотпо оз багыңдын жемишине!
Темикем өзүнүн жеңишке арнаган ырларында тыл менен фронттун биримдигин
жеңиштин булагы катарында, негизги себеби катарында көрсөтөт. Мисалы, «Жеңиш»
деген ырында:
Төрт жылы күн-түн тыным жок,
Кемпир чат кетмен чабышты.
Келин, кыз иштеп, жасап ок,
Чекеден терин агызды.
Жамгырдай төгүп ок чачып
Өчөшкөн өжөр душманга
Отту кечип чок басып,
Араң жеттик биз сага.
Акындын бул ыры согуш мезгилиндеги бардык Совет эли менен бирдикте кыргыз
элинин да салымын далилдеген чыгарма. Акын чакан ырларында тыл менен фронтту
байланыштырып сүрөттөп, экөөнүн тең темирдей бузулбастыгын душманга каршы
көрсөткөн андагы советтик адамдардын, советтик жоокерлердин баатырдык
демилгелерин, иштеген кызматтарын көрсөткөн, аны ачык көркөм сөз менен так
далилдеген. Мисалы, «Белек» деген ырын алсак:
Байпак келди Ат-Башыдан, Нарындан
Мээлей келди кой жайылган айылдан
Жоолук келди Ошто бүткөн шайыдан
Тегереги жибек менен кайылган.
Ишен, кыргыз, ушул менин саламым,
Белегиңди шаттык менен аламын!
«Куу» - дейсиң го үйгө кирген ууруну
Куумак турсун, кырып бүтүп барамын!
Темикем өз жерине, өз элине, тунук сезимин, сагынычын билгизип согуш бүтөр
кезинде жазган «Мекен» деген ырында:
Учу кыйры кең мекен
Бүт дүйнөнү кыдырсам,
Таба албайм сага тең, деп мекенге болгон сүйүүсүн билгизет.
Акындын согуш мезгилиндеги поэзиясы анын чыгармачылыгынын жаңы этабын
түздү. Ал 1946-жылы өзүнүн көлөмдүү ырлар жыйнагын «Жеңиш» деген ат менен
окурмандарга сунуш кылды.
Биз көргөндү эми балдар көрүшпөсүн. Биздин көзүбүздүн жаш акканын, биз төккөн
канды, биз тарткан азапты, кыйынчылыктарды мындан ары эч ким башынан
өткөрбөсүн. 1941-1945 жылдары майданда кан кечип жүргөндө мен эмнелерди
ойлободум. «Иши кылып эле өлбөй аман барып, Ала-Тоону бир көрүп, өз
үйүмдүн эшигин ачып «Ата!» деп чуркап турган кызымды -Жамалтайымды башынан
жыттап, анан ошол замат өлүп кетсем арманым жок» - деген ой менин башыма канча
жолу келгенин эсептей да албай калбадым беле. Азыр мына сексенден ашып
чөбүрөлөрүмдү жыттап олтурамын. Алардын бири үч жашар Тургунбек, сыналган
бийчи кыздарды көрүп бийлөөгө, ырчы кыздарды көрүп ырдоого аракеттенет... Мен
кубанып жетине албайм.
Кичинекей тентегим
Сенсиң менин эртеңим
Айтылуу кыргыз күүлөрүн
Арнап сага чертемин!
Бийчи болсоң бийчи бол
Ырчы болсоң ырчы бол!
Бийиң менен ырыңа
Биздин ойду бурчу бол!
Туягы бол тулпардын
Канаты бол шумкардын! -
деп ыр жазып олтурам. Мындан ары дайыма эле ушундай тынчтыктын күүсү чертилип,
тынчтык ырлары жаңырып турсун! - деп зор кубанычта жүрөгүнөн чыккан ак тилегин
арнап, аталык бата сөзүн айтаар эле.
Мына ушинтип, Темикем согуш чындыгы жөнүндө сүйлөгөн сөздөрүн өзүнүн ошол
кездеги чыгармаларында камтылган жоокерлердин баатырдык иштерин сүрөттөгөн
жагымдуу ырлар менен толуктар эле. Ар ыры кайра-кайра кол чабуулар менен тосулуп
алынып, чоң колдоого, сөзсүз ээ болоор эле. Ошондуктан Темикемди ал аскер
мектебинин мугалимдери, тарбиялоочу офицерлери, окуучулары дайыма конокко
чакырып, урматтап тосуп алып акын менен учурашууну майрам катарында сезер эле.
Темикемди алар ата катарында сезип, ал кишинин 80 жашка чыккан торколуу тоюна да
келип, ага арналган салтанаттуу жыйналышта жалпы коллективи менен чыгып ал
кишиге арналган жылуу сөздөрүн айтып, торколуу тою менен куттуктап акынды чоң
кубандырганы эсимде. Акын бардык чыгармаларында эмгектин маанисин жогору
коюп, эмгекти адамдын жашоосундагы негизги өмүр булагы, бакыт таалайы катарында
көркөмдөп сүрөттөгөн. Көпчүлүктүн, коомдун, Родинанын жана элдин ишин,
келечегин жеке адамдыкынан жогору баалаган.
Акын жарым кылымдан ашуун, адабий чыгармачылык ишинде эмгектенди. Ап
көптөгөн ырлар жана поэмалар жыйнактарын чыгарды жана тандалма чыгармалары
бир нече жолу басылып чыкты.
Акын жазуучу Темиркул Үмөталиев көркөм чыгармаларында форма менен
мазмундун бирдиктүүлүгүн сактап, кыргыз элине татыктуу чыгармаларды жаратты.
Жыйынтыктап айтканда залкар акын кыргыз эли үчүн бүткүл өмүр бою ак ниети менен
эмгектенип адамдарды жакшылыкка, биримдүүлүккө, досчулукка, адамгерчиликке
чакырган баа жеткис мурас калтырды.
Өлкөсүнүн, кыргыз элинин алдындагы сиңирген зор эмгеги үчүн, элин, Мекенин
ыйык сүйгөн улуу патриот жоокер, улуу акын Темиркул Үмөталиев «Кыргыз
Республикасынын эл акыны» деген жогорку наамга татыктуу болду. Ага «Кыргыз
Республикасынын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты»
деген наам берилди. Ошондой эле ал СССРдин Президиумунун указы менен Ленин,
Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу, Октябрь революциясы, Кызыл Жылдыз, Ата
Мекендик согуш, эки жолу «Ардак белгиси» ордендери жана көптөгөн медалдар
менен сыйланган. Анын элеси элинин эсинде дайыма сакталат.
Дайыр Асанов
АКЫН ЭЛЕ ДАЙРАДАЙ
Көл дайрадай Темике ашып турчу,
Отуралбай бир жерге шашып турчу.
Көйгөйлүү бир маселе чыга калса
Көп акындан мурдараак жазып турчу.
Кыялы бир чалкыган деңиз эле.
Баарыбызга атадай тегиз эле.
Бирде жамгыр, бирде күн жарк эткендей
Ырларына мүнөзү эгиз эле.
Жаш акынды сүрөөлөп коштоп жүрчү,
Дарак баккан багбанга окшоп жүрчү.
Артыбыздан жаштарды өстүрсөк деп
Камкордугун алардын козгоп жүрчү.
Көп жаштардын Темике жолун ачкан,
Көбүбүзгө Темике баш сөз жазган.
Турарбектей ышкыбоз жаш акынды
Баласындай үйүнө кээде баккан.
Кытмыры жок ичинде момун болчу,
Үйдө дагы мүнөзү сонун болчу.
Байбичесин Зукеш деп эркелетип
Жашоо турмуш буларга оюн болчу.
Таланттарын унутпай эли эстейт,
Эмгектери жаркырап улам көктөйт.
Кайрандардын ысымы тарыхтарда
Алтын менен жазылып аты өчпөйт.
Субайылда Абдыкадырова
КЫДЫР ЖЫЛООЛОГОН КИШИ ЭЛЕ
Элүүнчү жылдардын аяк чени эле. Райондук «Колхоз жолу» деген газета (ЖалалАбад областы, Жаңы-Жол району, азыркы Аксы) колума тийип калып белгилүү акын,
Темиркул Үмөталиевдин «Китеп окууну адатка айлантсак» деген көлөмдүү макаласын
окуп калдым. Кийин ушундай рубрика боюнча бир жылга жакын окуучулардын ойпикирлери чыгып жүрдү. Мага бул макала чоң таасир берди. Мен да өз пикиримди
жазып, үн кошконум эсимде.
Ал жылдары мектеп окуучусу болуп, кызыл жагоо тагынган эч нерседен капарсыз
жүргөн чагым. Ошол жылдардан баштап белгилүү акындын китептерине, торгой
таңшык ырларына кызыгуум күч алды.
Көп китептерди окуп ички дүйнөмдү байыттым. Мектеп партасынан эле алты жылга
жакын кан кечип, от аралап, жанын үрөп согуштун азап-тозогун көрүп, ондогон
патриоттук ырларды жаратып, бир нече жолу жарат алып, өз эл жерине аман-эсен
келгенин билчүмүн.
Ооба, бир топ жылдар өттү... Мугалимдик кесибиме байланыштуу кыргыз тил
адабиятынан жүздөгөн, миңдеген өспүрүмдөргө кыргыз адабиятын түптөгөн акын
жазуучулардан сабак бердим. Турмуш шартка байланыштуу борборго келип иштөөгө
туура келди.
1977-1986-жылдардын аралыгында мени эңсеткен эң сүйүктүү акыным Темиркул
Үмөталиев менен бирге эмгектендим. Бул менин турмушумдагы эң чоң кубанычтуу
окуя десем болот. Окуумду дагы улантсам деп аракет жасап, аным ишке ашпай калып,
сүйгөн кесибим боюнча жумуш таппай республикалык китеп коомунда редактор,
кийин бөлүм башчы болуп иштеп калдым. Темике ушул коомдук уюмдун төрагасы,
жазуучу Санжы Егиналиев биринчи орун басары экен.
Ошондо белгилүү акын Темиркул Үмөталиевдин «Китеп окууну адатка айлантсак»
деген макаласы эсиме түшүп, мындан 20 жыл мурдагы ою эми СССР боюнча
көтөрүлүп, коомдук уюмга айланганына ынандым. Таңдандым. Ушундай жакшы
адамдар менен жакындан таанышып, мамиле түзүп, өз ара ымалашып иштөө
кандай сыймык. Улуу акынды эстегенде жапалдаш бойлуу, буурул чач, маңдайжүзүнөн жылуулук төгүлгөн, ажарлуу, ар бир ишке, турмушка шаша караган кең пейил
адам элестеп кетет.
Кызматка байланыштуу Кыргызстандын көптөгөн жерлеринде жолугушууларга
алып барып, китеп достору, анын сүйүүчүлөрү менен жолугушууларды өткөрчүбүз.
- Кабинетте отуруп, область, райондордон отчет жыйнап, телефон менен алек
болуп, кагазга басылып калбай, эл менен аралашып иш кылгыла, китеп окуучулар
менен акын-жазуучуларды, белгилүү адамдарды жолугуштургула. Жаңы чыккан
китептер өз окуучусуна, өз ээсине жетсин. Мына силердин жумушуңардын маңызы дечү ал ар бир жыйында.
Бул сөз план түзүп, аны-муну жасамай болуп жаткан бизге катуу тийчү. Кийин бир
жарым жыл иштегенден кийин мени басма бөлүмүнүн башчысы кылды. Китептерди,
анын авторлору акын-жазуучулардын юбилейлик буклеттерин даярдап чыгарып
жүрдүм. Ар бир чыккан буклеттерди, плакаттарды, чакан китепчелерди көрүп окуп,
жасалгаланган полиграфиялык жагдайларына да назар салчу. Анан өз пикирин айтчу
эле.
Бир жолу Токтогул жөнүндө бир кооз сүрөттүү плакат чыгарып, жаңы эле басмадан
алып келип түшүрүп жатсак, Темикем үстүнөн чыгып калып:
- Азаматсың!
Акынга
экинчи
өмүр
бергениң
ушул!
деди.
Ичимен дагы жакшы иштегим келип сүйүнүп калдым.
Жетимиш жылдык юбилейине карата күн мурунтан аракет кылып, юбилейлик
буклет чыгаруу жөнүндө Темике менен кеңешсем:
-Түзүүчүсү өзүң эле бол. Кыргызчасын орусчага которуп сал, - деп койду. 1978жылдын апрелинде даяр болуп чыкты. Кызматкерлердин биринен үйүнө 5-6 нусканы
берип жибердим. Эртеси жумушта отурсам телефон чырылдады: - Алло! Жумакесиңби?
- Ооба, Саламатсызбы, Темике? - Менин буклетими убагында чыгарганыңарга
ыракмат, балам. Майга дедиң эле, бир ай мурда чыгыптыр. Жакшы. Түзүүчүсү өзүң бол
дедим эле го...
-Темике, белгилүү киши болбосом, же акын, жазуучу, журналист да эмесмин...
фамилиямды, атымды койгондон уялдым...
- Ээ, бала, баланын нши чала - деген ушу. Ар бир нерсенин өзүнүн мыйзам ченеми
бар да деи трубканы нааразы болгонсуп коюп койду. Ошол эле күнү түштөн кийин
келгенде мен: «75,80 жылдык юбилейиңизде сөзсүз сиз айткандай болот!» десем,
адатынча каткырып күлүп: мейли аманчылык болсо... көрөбүз, менин көңүлүмдү улап
атасың!» - деди да коштошуп чыгып кетти.
Кийин 5 жылдан кийин мен дагы түзүүчү болуп, фамилиямды, атымды жаздым.
Жаш баладай сүйүнүп күлүп - бул башка иш. Көч бара-бара түздөлөт! - деп койду.
Ооба, мезгил ордунда турбайт го.
1988-жылы Темикенин 80 жылдыгын кыргыз коомчулугу чоң салтанат менен
белгилешти. Юбилейлик салтанат Кыргыз Мамлекеттик Академиялык драма
театрында өттү. Анда мен аскер лицейинде кыргыз тил, адабият мугалими болуп
иштеп калган элем. Беш-алты окуучуга Темикенин патриоттук темадагы ырларынан
көркөм окууга даярдатып, куттуктоо папка алып 200дөй курсанттар, тарбиячы офицерлер, эки-үч ротанын командирлери, Дайыр Асанов (ал кезде лиңейдин
начальниги эле, Советтер Союзунун Баатыры) баш болуп катышып, Темикени
куттуктаганбыз.
Ошондо Кубанычбек Маликов замандаш курбусу, кесиптешиң Темике жөнүндө
укмуштай ораторлугун көрсөткөн болчу.
1988-жылдын 14-июну эле. Фрунзе шаардык китеп коомунун президиумунун
кезектеги жыйыны болуп, бир жарым сааттай мезгилде бүттү. Темике баарыбыз менен
коштошуп чыгып кеткен. Тиги Зууракан Кайназарованын айкелине жеткенде кайра
коомду көздөй тартты, мурдагы Калинин, азыркы манасчы Саякбай көчөсү. Темике
шашып баратып дагы бирдемесин унуткан го деп утурлай чыктым жолун тосуп.
- Эмне болду, Темике?
- Унутуп
баратыптырмын,
сага
айтам
деп.
Эртең
эмес,
бүрсүгүнү - бейшембиде Асанбек Стамовдун мен жөнүндө бир макаласы чыгат ошону
алып оку. Кийин экөөбүз талкуулашабыз. Командировкаң качан? -деди.
- Июндун аягында мүчөлүк акылар боюнча Нарынга барам го, - дедим. Ал киши
кетип калды.
«Кыргызстан маданияты» жумалыгынын 16-июнундагы санына (№25) Асанбек
Стамовдун: «Темиркул Үмөталиев - 80 жашта» деген рубриканын алдында
«...Темикем... алтындай ырдын кени сен» деген чоң кызыктуу макаласы жарык көрдү.
Жума күнү менин кабинетимде бул макала жөнүндө 3-4 сааттай талкуулашканым
эсимде. Анткени ушул сыяктуу адабият, маданият, искусство, акын-жазуучулар,
өкмөттүк жетекчи адамдар, тарыхка байланыштуу темалар боюнча суроо берип,
моокум канганча жооп алып, жарпым жазыла калчу. Эң кызыктууларын чөнтөк
дептериме шилтей койчумун. Көп сүроо бергенименби «Маңыз болбочу» - деп
каткырып койчу эле ыраматылык.
«Маңыздыгымын» пайдасын кийин мугалим болуп жүргөнүмдө билип,
пайдаланып жүрбөймүнбү.
Дагы бир окуя эске түшөт. 1990-жылдын апрель айы болсо керек. Кыргыз
Мамлекеттик Улуттук аскер лицейинде жогорку класстарга кыргыз адабиятынан
Темиркул Үмөталиевдин «Кубат» поэмасын жаңы тема кылып етүп, мурда етүлгон
акындын «Үч баатыр жөнүндөгү ыр», 3-4 согуш жөнүндөгү ырларынан 2-3 куплеттен
жаттоого үйгө тапшырма бергем. Бир курсантым чуркап келип:
- Агай, Темиркул Үмөталиевди эки-үч киши менен Дайыр Асанов ээрчитип жүрөт деди. Чыксам ардак тактада илинген курсанттардын сүрөттөрүн көрүп турушуптур.
Учураштым. Түмөнбай Байзаков, Сооронбай Жусуев, Кулназар Ташиевдер бар экен.
-Жүр, кабинетиңи көрсөт-деп, Кыргыз адабият кабинетине кирди. Менин өтүнүчүм
менен 45 мүнөттүк сабагыма катышып, 5—10 мүнөттөй окуучуларга Кубат Жуматаев,
Апсамат Ашырбаев, Асьшкерим Осмонов жөнүндө, бул чыгармалардын кандайча
жазылгандыгы тууралуу маек куруп берди. Окуучулар суроолорду жаадырды.
Жыйырма жылдан бери мектепте иштеп жүрүп бүгүнкүдөй кызыктуу сабак өтө элек
экемин деп эми таңданам. Ошондо эки взводдун окуучуларынын сабагына катышып,
окуучулар көп суроо бергендиктен Темике:
- Аманчылык болсо, Апсамат Ашырбаевди ээрчитип келип көрсөтүп, чоң жолугушуу
өткөрүп берермин. Качан экенин агайыңарга айтам - деген эле. Бул ар кандай себептер
менен ишке ашпай калды. Окуучулар сурап жүрүштү.
Бул чакан эскерүүнү мен жүрөгүм сыздап бир чети толкунданып олтуруп жаздым.
Кайгырганым дегеним, ал киши биздин арабызда жок. Өтө өкүнүчтүү. Толкунданганым
- ошол бирге иштеген, чогуу өткөргөн ЗООдөн ашуун жолугушуулар кинонун
экранындагыдай көзгө тартылат... Дагы эле бирге жүрүп, элге, китеп сүйүүчүлөргө
бирге баргандай элестей берем. Ал күндөр унутулгустай...
Ооба, Темике жөнүндө көп унутулгус элестер, кызыктуу айтып жүрө турган жандуу
окуялар калды. Мен окуучуларга Темиркул Үмөталиевдин өмүрү, чыгармалары
жөнүндө кезектеги сабакты баштарда:
- Балдар, биз сабакта сөз кылып жаткан жазуучу-акындардын ичинен окуу адабият
китебиңердеги Т.Үмөталиев жөнүндө жазылгандан башка көп нерсени билем, анткени
Темиркул Үмөталиев менен он жылга жакын иштеп калдым, - деп баштайм. Бул
мага адат болуп калган. Кыргыз аскер лицейинде көп жолу курсанттар менен
жолугушуу өткөрдүк. Жеңиштин 45 жылдыгында Дайыр Асановдун демилгеси менен
Москвадан «Советский воин» журналынан атайын сүрөт кабарчысын чакыртып
Темикенин курсанттар менен сүрөтүн 3-4 номерине чыгарттык. Аны көрүп, жаш
баладай кубанганын айтпа. Аны окуучуларга көрсөткүлө! - деген. Темике көптү көрдү,
көп жашады. Торгой таңшык акын болуп, тоо элине аттын кашкасындай таанылды.
Анын улуу адамдык абийри, касиети, баркы өзүнүн күлкүсүндөй шаңк этип
эл арасында кала берди. Бул кишини билбеген кыргыз жок. Акындын экинчи өмүрүн
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 22