Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 14

Total number of words is 4299
Total number of unique words is 2639
24.7 of words are in the 2000 most common words
36.2 of words are in the 5000 most common words
42.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жаткан аябагандай чоң өңгүл-дөңгүл жерлердин жалпы аты Тегене. Бир сельсовет эл
бар. Жан-Сөгөт, Каракоо, Чат, Обут, Актерек, Кыр деген кыштоолор бар. Жалгыз
кырдын чыгыш тарабында тоолордун арасында кыпчылган Күрп деген чакан, өтө эле
кооз капчыгайыбыз бар. Эл жашайт. Ошол капчыгайдын түгөнгөн жеринде Күрп-Сай
ГЭСи курулуп жатат.
Тегенеде аккан чоң суу жок. Жылга-жыбыттарындагы жылжып аккан суулар шор
болот. Бардыгы кайрак жер. Бирок ошол кайрак жерлерге эгип койсо буудай менен
арпа гана эмес, таруу, конок жүгөрү, ал турсун кээде коон, дарбыз бышат. Башка
жерлердин баарында кургакчылык болгон жылдары да Тегенеде эгин, чөп мол болот.
Мал киндиктүү сонун жер. Жапайы алма, алча, долоно бардык жеринде күтүрөп калың
өсүшөт. Кесип, кыйып турбаса чытырман токой болуп кетет. Капчыгайларында жапайы
жүзүм болот.
Жоолбаканды ашып Бүрчүкөгө түшүп, Карасуудан кайра өткөн эле жерде Ак-Суу
кыштагы - биринчи кыштак.
Ушинтип Жаңы-Жол районун сүрөттөп көргөзүү аракетинде Бозбу тоосун айланып
чыктык. Ак-Суудан чыгып, кайра Ак-Сууга келдик.
Сары алтын Аксы жерденсиң,
Сан урук саруу элденсиң, деп Токтогул атактуу комузчу Ныязалыны ырдаган имиш. Ошол бир кезде «Сары
алтын Аксы» аталган жер азыркы Жаңы-Жол району, менин туулуп өскөн жергем.
Сары алтын Аксы жөнүндө көп ырчылар жаактарын жанып ырдашкан. Айрыкча
атактуу Жеңижок өтө суктанып, өтө сыймыктанып ырдаган.
Ар түркүн алча кезигет
Сулуу кыздын бетиндей,
Алмуруту эзилет
Семиз койдун этиндей.
Алмасы аттын башындай,
Жаңгагы сайдын ташындай
Аркыттай укмуш жер кайда?
Биздин элдей эл кайда?
Таласка көчүп барып төркүндөрүнүн жанында туруп калган жесир аял арман кылып:
Балдарымдын азыгы,
Торпогумдун казыгы
Аркыттай сонун жер барбы, деген имиш. Кышында карды буту менен тээп, астынан жаңгак чогулткан кишини көрүү
таң каларлык көрүнүш эмес.
«Жаңы-Жол» совхозунун дирекциясы орношкон кыштактын туш тарабын айланып
караган киши асман өбүшкөн ак баш тоолорду көрөт.
Миң-Теке, Миң-Бугу, Шумкар-Уя жана ошол сыяктуу аттар ал тоолорго бекеринен
коюлбагандай сезилет. Суулардын шары аскаларды жаңыртып, шамал Ныязалынын
комузун күүгө келтирип тургандай, Нурмолдо менен Жеңижоктун алым сабак
ырдашканын, Токтогулдун «Алымканын» жана Ныязалыны мактаганын эскерткендей
байкалат.
Жашаган жериң, комузчум,
Орто тоо, Бозбу арасы.
Өзүң Борбаш чалдын баласы.
Сары алтын Аксы жерденсиң,
Сан урук саруу элденсиң
Саргалдык Майлыбайды Таласта
Санат күү менен жеңгенсиң.
Тор жорго болду мингениң
Торко тон болду кийгениң
Топ жыйын болду жүргөнүң,
Тозоктуу кыздар сүйгөнүң.
Карачач сулуу алганың,
Кай жерде сенин арманың?
Дүрдана болду алганың
Дүйнөдө жоктур арманың?
Жеңижоктун өз аты, Өтө. Ал Таластын этегинде, азыркы Киров районуна караштуу
Жоон-Дөбө совхозу орношкон жерде жашаган. Көкө деген бечара кишинин баласы
болгон. Өтө он бешке чыкканда атасы, он жетиге келгенде энеси өлүп, тумалай жетим
калат. Барар жери, багар кишиси болбогондон кийин, өзүнөн алты жаш кичүү Болотой
деген иниси экөө тең айылдын аксакалы, байы Ташкара дегендикинде жүрүп калышат.
Ошентип, эки же үч жыл өткөндөн кийин, эл жайлоого көчүп барганда Ташкаранын
үйүндө конок күтүү болот. Эт бышып, колго суу куюлсун дегенде, ал милдетти Өтө
аткара баштайт. Ташкарага жеткенде, ал Өтөнүн колун көрө коюп:
- Бул эмне болгон? - деп сурайт.
- Билбейм, болуш. Ушинтип эле эттерим агара баштады – деп жооп берет Өтө.
- Чык эшикке! Башка бирөө суу куйсун дейт. Өтө чыгып кетет. Ташкара бир жигитин
чакырып алып буйрук берет:
- Жанагы жетимдин эти ала болуп кеткен турбайбы. Өтө жаман жугуштуу оору
бул. Бойго жетип калган неме ычкыры бош кыз келиндерге бара берип, тукумду бузат.
Өлтүрүп, мойнуна таш байлап, айлампага таштап кой! Көзүн жоготуу керек дейт.
Жигит Өтөнү таап: «Ташкарага жин тийди. Сени өлтүргөнү жатат» деп болгон сөздүн
баарын айтат. Өтө иниси Болотойду жетелеп качып жоголот. Жигит көптөн кийин кайра
кирип:
- Болуш! Жана сиз мага тапшырма берип жатканда үйдүн сыртында туруп бардык
сөздү уккан экен, карматпай кетти. Издеген жерим калбады. Караңгыда табуу кыйын.
Кайда качса да эртең менен белгилүү болот, качып кутулмак беле, - деди.
Өтө болсо Кара-Буурадан качып, суунун аркы өйүзүндөгү аксылыктар жайлашкан
Өкүн жайлоосуна барат. 12 жашар иниси Болотойду эрчитип улам бир айылга барып:
- Баласы жокко бала болобуз, ботосу жокко бото болобуз. Тумалай жетимбиз.
Бизди батырып ала турган бооркеч адам барбы? - деп зор какшай жаагын жанат.
Кишилер айтып, сурамжылап отуруп Айыке байбичеге туш болот. Айыке оозунда сөзү,
сөзүндө касиети бар, элге кадырлуу байбиче болот. Анын жалгыз уулу Садыр-бий бай
болот, үч аялы болсо да, бала көрбөйт. Мына ошон үчүнбү, Айыке Өтөнү, иниси
Болотойду үйүнө киргизип:
- Болуптур. Мен экөөңдү тең бала кылып алам. Мындан ары Өтө Садыр уулу,
Болотой Садыр уулу болосуңар. Макулбу? - дейт.
Макул болбогондочу. Болуштун кеңсаларына барышып, эл эсеби катталган
дептерге катталышат. Өтө Садыр уулу, Болотой Садыр уулу болушат. Айыке байбиче
неберелүү болуп, той берет. Молдо жалдай (шаардан алдырып) Садыр эки уулун
окутат. Болотой эптеп кат билген молдо болот. Өтө болсо өтө зээндүү болгондуктан
бардык нерседен кабары бар, бардыгын билген чоң молдо болот. Бирок тубаса шыгы
бар Өтө ырды биринчи орунга коюп, эл чогулган жерде үлпөттөрдө ырдап жүрөт. Аны
билип калган Садыр намыс кылып:
- Сен менин баламсың. Сага эмне жетпейт? Ырды ташта! - дейт.
Өтө макул болот. Атасынын көзүнчө, жакын туугандардын көзүнчө ачык ырдабайт!
Кээде чыдабай, буулугуп кеткенде убадасын бузат. Чоң ырчыларды издеп кетчү болот.
Кээде айлап жоголот. Ошол жөнүндө угуп калган Сулайманкул датка (Аксынын эң чоң
манабы) Садырды чакырып алып:
-Сенин балаң кыйын ырчы дейт. Сен ага тыйуу салган окшопсуң? Кудайдын берген
өнөрүн жактырбаганың кандай? Андай кылбай уруксат бер! Ырдай берсин, - дейт.
Ошол жылы күзүндө Сулайманкул датка келип, той берет. Ээр токумун аябай
келиштирген ат мингизип, суусар тебетей, кызыл баркыт шым, жашыл баркыт кемсел
тиктирип, кемселдин жеңин чыканагынан келтирип, кыска жасатып кийгизип, колуна
комуз берип Өтөнү баштап барган Садыр бий, Сулайманкулга көрсөтүп:
-Мына, даткам, менин ырчы уулум сиздин тойуңузга ырдаганы келди. Батаңызды
бериңиз!, - дейт.
Ошентип, ошол тойдо Өтө биринчи жолу атчан той аралап ырдайт. Атактуу
Нурмолдо менен алым сабак ырдашып, үстөмдүк көргөзөт. Элдин бары жаалап:
- Ой мына бул Жеңижок бала укмуш турбайбы. Нурмолдону кое турган эмес деп
бири кыйкырса, экинчиси:
- Кое турган эмес эле, алсыратып таштады. Жеңди, - дейт.
Нурмолдо жеңилгенин мойнуна алып, минип турган атын, комузун берет.
- Ыр сага өттү, уулум. Мен бүгүндөн баштап ырды токтоттум. Жолуң ачылсын! - деп
бата берет.
Жеңижок бала Нурмолдону жеңди деген сөз тарап, ошондон кийин Өтөнүн эл
берген аты - Жеңижок болуп калат. Жеңижок теңдеши жок ырчы болот. Кийинчерээк
Таласка келип, Эсенаманды жана башка ырчылардын баарын жеңип, Ташкараны баш
кылып бардык болуш бийлерди шылдың кылып кетет. Таластык ырчыларды бий,
болуштарды, байларды, эч нерседен кабары жок, эч нерсе билбеген, тартипсиз, мал
катары жашаган наадандар деп, өзү тентип барып тапкан Аксынын жерин, элин,
адамдарын аябай көкөлөтүп ырдайт. Күндүн чыккан жери да, баткан жери да Аксы,
акыл-ойдун, адамгерчиликтин мол жери да Аксы, кембагалдардын, кудайдын сүйгөн
жери да Аксы, береке байлык ырыс-кешиктин, бак-таалайдын чалкыган жери да Аксы
дейт. Эсенаманды болсо: «Бул жерде жүрсөң доңуз бойдон өлүп, тозокко түшөсүң аба.
Аксыга көчүп барып, динге кир, мусулман бол, адамча өлүп, бейишке чык», - деп
кордогон.
Мурунку Аксы, азыркы Жаңы-Жол жөнүндө ырчылардын ою мына ушул жогоруда
Жеңижок айткандай. Тоолордун бийиги да, суулардын тунугу да, чөптөрдүн жыттуусу
да, жыгычтардын мөмөлүүсү да, Жеңижок айткандай Аксыдабы деп ойлоп кетер
биринчи көргөн адам...
III бөлүм
АРНООЛОР
50 жылдык юбилейинде
КӨРҮШӨЛҮ ЖҮЗ ЖАШТА!
Эли менен жаны бир,
Ыры менен каны бир Бала кыял Темике
Элүү жашты демите
Кирип келди - шашкалак,
Ыр үрөнүн чачкылап.
Жеңени ала келиңиз,
Кетирбестен сынынан,
Көрүшөлү дагы биз
Эми, дал жүз жаштык кырынан!
Окуп берем ошондо
«Отуз жаштын» ырынан!
Түмөнбай Байзаков
ТЕМИКЕМЕ
Айтсам сизге, о Темике, чынымды,
Арзый турган таба албадым ырымды,
Ар кыл сөздүн кураштырып баштарын,
Ачкым келет кээде ички сырымды.
Бирок, сырым өзүңүзгө ап-ачык,
Бир күн эмес, жылдап келем сырдашып.
Көңүлүмдүн тереңинен жай алып,
Көргөнүм жок көтөрүлүп чырдашып.
Теңтушуңа теңдеши жок адамсың,
Тең каламдаш, ою аралаш агасың.
Кыл сакалдын кымбат байы болсоң да,
Кыздар эмес, бизге дагы баласың!
Артык баалап кымбат көргөн жаныңан,
Арбын-арбын ыр жараткын каныңан.
Күүсү артык ширин тилдүү булбулдай,
Күндө элиң кезиктирсин багынан!
Кубаныч Акаев
ИНИМ ТЕМИРКУЛГА
Калам алып жазганы
Кабарыңды эл билет.
Эркин жаштан өйдөлөп,
Элүүгө бүгүн келди деп,
Эринип чарчап турбастан
Эрктүү Совет элине
Эмгек кылып берди деп,
Партия менен өкүмөт
Барктап сыйлап олтурат
Тартынбай калам шилтеген
Эмгегиңди белгилеп.
Бетимди сакал басты деп,
Өткөн жашты ырдадың.
Али жашсың, Темиркул,
Андайга пейлиң бурбагын.
Талыкпай, иним, жаза бер,
Таалайлуу элдин жыргалын.
Гүлдөгөн жаштар колунда,
Күндө окулат ырларың.
Келин-кыздар алыстап
Кете элек сенин кырдалың.
Жаш катары санаба,
Иним жаактын чыккан кылдарын.
Жаш кезиңде баш кошкон,
Оорутуп көөнүн калтырба
Жаныңда жарың Зууранын.
Бардыңар ээрчип артынан
Башчыбыз улуу оруска.
Ажалдуу октон баш тартпай
Атака коюп кыйкырып.
Аралаш жүрдүң, Темиркул,
Кечээ батышта болгон согушта.
Ата Мекен жер үчүн,
Таалайлуу Совет эли үчүн,
Желбиретип туу кармап,
Жеңиштүү келдиң конушка.
Эскирдим деп ойлобо
Эр ортосу элүүнү.
Эринбей толкун жаза бер
Эл окусун кебиңди,
Уул үйлөп, кыз берип,
Урматка толтур көңүлдү.
Уккун, Зуура, Темиркул,
Ушул айткан кебимди.
Убайымсыз, кайгысыз
Сүргүлө узак өмүрдү.
Алымкул Үсөнбаев
КАЛЕМДЕШИМЕ
Эгер жигит
Эч жалтанбай ырдаса,
Эли сүйүп,
Ал акынды сыйласа,
Талдым дебейт
Темиркулдун калеми
Дагы-дагы,
Кооз сөз менен күү чалса.
Замандашым,
Элүү жашың кут болсун!
Карыдым деп ойлонбой,
Умтул алга!
Жүрөгүмдөн,
Ысык салам агаңдан,
Жазгы гүлдөй
Жашай бергин заманда!
Молдогазы Токобаев
БОЛ, ТЕМИКЕ, ЫЛДАМ ЖҮР!
Аска зоодон шаркырап,
Суу куласа жаркырап,
Тазалыгын ырга сал,
Ырга айлант, ырдап кал.
Заман учса заркырап,
Канаттары жалтырап,
Бирге учкун күү менен
Үн чыгара шаңкылдап.
Чач агарса, агарсын,
Кашың да кар калансын.
Жаш баладай жылмайып,
Ырың күндө жашарсын.
Жаш кезде кой баккансың,
Таалайга көз арткансың.
Таңдан кеч таш баскансың,
Таш төшөнүп жаткансың.
Көрдүм ошол сырыңды,
Кой кайтарчу кырыңды.
Сенин ушул таалайың
Батырбайбы кылымды.
Ар бир зоонун таштары,
Сени карай баштады.
Сен кой жайчу тоонун да
Сеникиндей чачтары.
Чачтын кеппи аппагы,
Ырында акын жаштары.
Үн чыгарсаң -жаңырса,
Үнүң зоого жакканы.
Жаккан үндү аяба,
Карыга да, балага,
Каалаганча ырдай бер,
Элүү жашка караба!
Кел, Темике, ырдайлы,
Барган сайын чыңдайлы.
Биз ырдаган саптарды.
Элдер тыңшап турбайбы.
Насирдин Байтемиров.
АКЫН АГАЙГА КАТ!
Агайым саламыңды алып окуп,
Жүрөгүм кубанычка толду толкуп.
Эмгегим элге айтылып сыналчудай,
Жаш оюм алда кайда кетти ойкуп.
Сизден алдым кубанычтуу саламды,
Көп коюпсуз мага орчундуу таламды.
Орундатам сөзсүз берген кеңешиң,
Жолдош кылып колго болот каламды.
Сиз, Темиркул, булбулусуз калкымдын,
Сөзүң менен кенин каздың алтындын.
Эл таалайын мен да мактап сайроого,
Жаңы гана кулач жайып талпындым.
Ырас, менин курчуй элек каламым,
Чындыгында көлдөн терең талабым.
Жаш каламым курчуп, өсүп жетилет,
Кенен жолдо тарбия алып барамын.
Ушул ырды агай сизге арнадым,
Аз учкундан тутанат го чоң жалын,
Ыр жазууга талап коюп жаңыдан,
Өз ишиме дилгир болгон жаш чагым.
Ыр түзүүгө ширин сөздү тандадым,
Оң колума күлүк калем кармадым.
Саяпкерсиз күлүк тапка келеби,
Күтөм Сизден чын агалык жардамын.
Шүкүрбек Бейшеналиев.
АКЫНГА ТИЛЕК
I
Ыр болбосо бул дүйнөнүн жыргалы аз,
Ыр болбосо болбос эле сулуу жаз,
Ырас айтам ыр болбосо дүйнөдө,
Ысык-Көлгө конбос эле өрдөк-каз.
Көккө карай көбүк бүрккөн Нарынын,
Ала-Тоонун, карт Памирдей карынын,
Ак алтындуу түштүгүңдүн талаасын,
Арстанбаптын алма жыттуу адырын,
Күзгү түстүү Ысык-Көлдүн толкунун,
Кенен Чүйдүн байлык баскан жагымын,
Аралап Сиз жараткан учкул ыр
Калкка төгүп, калкка берип жалынын.
Андай болсо тилегибиз акынга,
Артка серпкен бүт кылымдын жарымын.
Тең жаргандай кең асманды чагылган,
Тез таралып, жаралгандай жалындан,
Көркөм ырды көп жараттың Темике,
Көбүк калпып көккө атылган Нарындан.
Алп талантың агын суудай шар аксын,
Ак-Буурадай ырлар жаратсын.
Көркөм жерде кийген сулуудай,
Көркөм ырың көпчүлүккө жарашсын.
Алмасындай Арстанбаптын, Аркыттын,
Көпчүлүктүн көңүлдөрүн чалкытсын.
Айлуу түндө шаракташып гүл жаштар,
Акынынын шаттуу ырын айтышсын.
II
Күндө окуйм ырларын моокум канбайт,
Кечке көрөм мен аны көзүм талбайт.
Кыргыз кызы боз оюн карагандай,
Караганым көп болду көөнүм калбайт.
Назик болсун түштүктүн жибегиндей,
Таза болсун бөбөктүн тилегиндей,
Таттуу болсун кантындай Зууракандын,
Чебер болсун уздардын килеминдей.
Учкул болсун жайлоонун шамалындай,
Өчпөс болсун тарыхтын барагындый,
Тунук болсун Соң-Көлдөй, Чатыр-Көлдөй,
Көркөм болсун сулуунун жамалындай.
Эл ичинде эл сүйгөн жакшы акындын,
Куттуктаймын жүрөктөн элүү жылын.
Акын ыры жашасын Ысык-Көлчө,
Акын өзү дагы да эчен кылым.
Айтмамат Үмөталиев
ТАРБИЯЧЫМ ТЕМИКЕМДИ КУТТУКТАЙМ!
Сен бийик ырдын залкар мунарасы,
Сен түркүн гүлгө толгон айланасы!
Жайнаган ошол гүлдүн биримин мен,
Жыпардын буруксуган жыты жакшы!
Ал жыттын жакшылыгын мындан билгин:
Жанымдан артык көрүп элди сүйдүм.
Чынында жүрөгүмө эктиң өзүң,
Чыныгы тарбиянын көркөм гүлүн!
Ошол гүл жайнап күндө гүлүн ачты,
Оюма, бүт денеме жарык чачты!
Мендеги быгып жаткан кара туман,
Мындан соң келгис болуп алыс качты!
Темике, куттуу болсун элүү жашың!
Түк чыкпас көңүлүмдөн сенин атың!
Аяба коом үчүн бар күчүңдү,
Анткени уулусуң сен адамзаттын!
Сен бийик ырдын залкар мунарасы,
Сан түркүн гүлгө толгон айланасы!
Өс дагы, токтолбостон асманга жет,
Өзүңдү даана көрсүн дүйнө калкы!
Токтосун Тыныбеков
ТЕМИРКУЛ ЖӨНҮНДӨ ДАСТАН
Көпкө олтуруп, көпкө ойлонуп бир өзүм,
Кыял кезип, ашуу аштым далайга.
Көп түйшөлдүм түшүнө албай таптакыр,
Көз алдымда өтүп жаткан абалга.
Көрүнүшү жөп-жөнөкөй бир киши,
Көчө ылдый шашкалактап баратты.
Колун шилтеп күнгүрөнөт өзүнчө
Элтең карайт, эки жагын, адатпы?
Ал ким экен, аты жөнүн билгиче,
Октос урган шар өзөнгө бой атты.
Күкүктөнө күпүлдөгөн дарыя,
Күмүш күбөк шарларына илинткен.
Кантти экен ай, шордуу байкуш пай-пай деп
Карай калсам кулач уруп ирешкен.
Бирде чумкуйт, бирде булт дейт али да
Бар алынча чабак уруп тирешкен.
Дарманым жок колдон тартып алсам дейм,
Бирок берсин бир өзүңө дарман дейм!
Көз айрыбай шарда аккан мен ага,
Келечегин тилеймин да, талба дейм!..
Эптеп четтеп, о катыгүн жээктеп,
Тал шагынан буйтап бирди карма дейм.
Ал убагы шар күбүндө үнүмдү,
Андан бетер терең чумкуйт алппы бейм?
Кийин көрүп гүлзар бактын ичинен,
Тааныбастан таңыркандым киши мен,
- Бакка кирип даам татып эс алып,
Анан кеткин! - деп колумдан жетелеп,
Кое берди, араладым көз тоюп,
Мөмөсүн жеп, гүлүн жыттап эркелеп.
Куштар үнү кубулжуган комуздай
Бой балкытат, жаш жүрөгүм энтелеп.
Берээк келчи! Тааныш эмес адамым,
Гүл экен го баскан кадамың.
Бул жер мурда чөл эле го какшыган,
Кайдан бүткөн, айтчы бул бак калдым таң?
- Күрөш менен дайра шарын мен буруп,
Чырпык сайдым бак жаратты угуп ал.
Ошол киши лирадан бак жараткан,
Темиркул деп, ээ окуучум, билип ал.
Камчы Жунусов
КЫМБАТТУУ БИЗДИН ТЕМИКЕ!
Ысык салам Тегенеден, Аркыттан,
Тунук суусу турмушуңду балкыткан.
Тууган жердин топурагы алтын го,
Шык жаратып, ойлоруңду чалкыткан.
Биздин кайрат сиздин дагы демиңиз,
Көркүн ачып, жыргап тапты жерибиз.
Бир туугандык ысык салам жиберет,
Бир боордош туулуп өскөн элиңиз.
Куттуу болсун, сиздин элүү жашыңыз,
Элүү эмес жүздөн ары ашыңыз.
Чын жүрөктөн так ушундай тилейбиз,
Жалпы кыргыз кары менен жашыбыз.
Мырсатаев
ТЕМИКЕМЕ!
Өзгөрүп алга сызса далай кылым,
Өмүрдү салыштыруу өтө кыйын.
Темике, баарыбыздын сыймыгыбыз,
Көп жашап сары кагазда калчу ырың.
Турмушта бакыт деген шол эмеспи,
Ар дайым ардакталса акын сөзү.
Окушса көңүлдөрүн толкундатып,
Кийинки неберенин небереси.
Элдики согуп турган сизде жүрөк,
Андыктан өз акынын эл да сүйөт.
Ак чачтуу Ала-Тоодой карыса деп,
Темике, чын сезимден биздин тилек.
Билим Карагулов.
ТЕМИКЕМЕ АРНОО
Иргеп сөздүн кооз-кооз гүлдөрүн,
Ата-Журттун бак-таалайын ырдаган.
Ыр койнунда шат өткөрүп күндөрүн,
Бүгүнкүдөй күндө майрам жыргаган.
Кыргызымдын кызын кошуп лирага,
Сүйүү гүлүн кадап назик төшүнө.
Келин-кызга жаккан өңдүү бир гана,
Келишимдүү маашыр кылган сөзүнө.
Даңазалап зор эмгегин элинин,
Мукам созуп үнүн бийик чыгарган.
Тамшандырып балы таамп кебинин,
Окугандар чыккан жыргап кумардан.
Кымтып алып бир кылымдын жартысын,
Бул кайсы акын, кубанычка бөлөнгөн?
Даңктап келген Ата-Журттун бактысын,
Ал Темикем! Эли үчүн төрөлгөн...
Сизге берген кубанычты, күлкүнү,
Куттуу болсун салтанаттуу тоюңуз!
Талыкпастан жемиштүү иштеп ар күнү,
Арабызда дагы элүү жыл болуңуз!
Эсенгул Чопиев
ТЕМИРКҮЛ АГАМА
Белегим тунгуч китеп акын ага,
Беремин чын жүрөктөн сүйүп сага.
Көп жаша эмгектенип элиң үчүн,
Калемден шекер сөздүн балы тама.
Өзүңдүн өрнөгүңдү алып калсам,
Мөрөйгө мен да жетем чаба-чаба.
Үсөнкул Жумабаев
АКЫН АГАЙ ТЕМИРКУЛГА!
Ырларын окуганда кезек-кезек
Тезирээк көрсөм ээ... деп таңдай безеп,
Каламын акын агам Темиркулду
Көргөндөр эң жөнөкөй адам дешет.
Жараткан «Айсулуудай» поэманы
Эсепсиз «Жыпар», «Сүйүү» дагы, дагы...
Чынында накта лирик болсо керек
Тез сезип ырга кошоор жаңыларды.
Чындыкты айтуудан мен жазганамбы
Жактырбайм жалган жерден мактанганды.
«Көшөкөр экен го» деп ойлобоңуз,
Иниңиз өзүңүздөн таалим алды.
Б. Аманбаев
60 жылдык юбилейинде
ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВГЕ
Алтымыш асый болгондо
Тайтору чыккан байгеден...
Кырк жети асый толгондо
Чайпалып калчу сен белең?!
Чек эмес экен жүгүрсө,
Сай күлүк үчүн ал деген!
Саяпкер кылдат, келишкен,
Тизгинди чоюп күжүлдө!
Төшөлө түшүп эңиштен,
Өр талаш жаадай дирилде!
Сүрөөсүз тосуп алайын
Аламан байге күнүндө!
Абдрасул Токтомушев
ТЕМИКЕГЕ
Темике, өзүң жөнүндө,
Көп ыр жаздым көңүлдө...
Дагы жазып жатамын,
Түшүмдө эмес, өңүмдө.
Кулагыман чойгулап,
Кубат бердиң өмүргө.
Мен ыраазы түбөлүк,
Өзүңү берген теңирге!..
Жунай Мавлянов
КӨП ЖАШАҢЫЗ
Өз талантын өргө чаап үрөгөн,
Кырман күтүп, ырдан кызыл күрөгөн.
Таалим берип тарбиялап жаштарды,
Такшалдырып улам алга сүрөгөн.
Далай сонун дастандарды жараткан,
Окусам деп окуучусун саматкан.
Калем кармап кайраттанып олтурса,
Күн алмашып, түн түрүлүп таң аткан.
Ыр устаты, көркөм сөздүн чебери,
Акылга бай, акындардын тереңи.
Темикемдин үч томдугун эске алсак,
Андан да көп, бизге жазып берери.
Баатырлар көп Кубаттардай, Саяктай,
Сулуулар бар Айсулуудай, Жыпардай.
Ошолордун урпактарын унутпай,
Жаз, Темике, жаш кезиңдей такалбай.
Алтымыш жаш аз эле го билгенге,
Карылыкка кабылдым деп күй мөлбө.
Ойноок мезгил отуз жашты эске алам,
Кабак жаркып Сиз карсылдап күлгөндө.
Бакыт менен байырлашып башыңыз,
Куттуу болсун юбилейлик жашыңыз.
Ак ниетимден айта турган сөзүм бул:
Алтымыш аз,.. жүздөн ары ашыңыз!!!
Анаш Сооронбаев
ТЕМИРКУЛ ЖАНА 60 ЖЫЛ
Жашында жетим калып жалчы болгон,
Саргайып, үшүк уруп гүлдөй солгон,
Тил угуп, таякты жеп, түйшүк тартып
Кечкисин жаткан орду мал короодон Бул Темикем.
Октябрь таңы бизге атар менен,
Бай-манап күнү жаңы батар менен,
Билим жеп жөө жалаң күнү-түнү,
Жалал-Абад шаарына шаша келген Бул Темикем.
Колуна калем кармап Жокем менен,
Партия бул экөөнө багыт берген.
Кыргыздын кымбат баалуу «ак алтынын»
Ырдаган дал өзүндөй абдан зергер Бул Темикем.
Чыны биз көрбөсөк да, окуйбуз да,
Фашисттер капысынан кол салганда.
Кан төккөн кармаштарда жан аябай
Жеңишти ала келген баарыбызга Бул Темикем.
Чачтарын ала булут басса дагы,
Желкелеп жетимишти жатса дагы
Командир бардык жерде: эң алдыда
Партиянын жоокери катардагы Бул Темикем!
Райымбек Мамытбеков
ТЕМИРКУЛУ УМЕТАЛИЕВУ
(в знак благодарности)
Мы Вам признательны, поэт, за то,
Что нет в душе у Вас минут затишья.
В знак благодарности позвольте мне прочесть
Лишь малеиькие три четверостишья:
Вы - верный сын киргизского народа,
И стих Ваш звучен, будто мирный атом,
При встрече хочется Вас каждому назвать
Киргизским старшим, милым нашим братом.
Пускай виски посеребрила непрошенная седина,
В стихах у Вас надежда, сила,
Акына звучая струна.
Стихом пусть люди чаще сердце греют,
И радостью засветится в горах ночной аил.
Пусть к нам в Кызыл-Кия почаще приезжает
Поэт Уметалиев Темиркул.
Л.Стефанович
ТЕМИРКУЛУ - ЗА СТОЛОМ
Мне прошлым летом, Темиркул
При встрече как-то намекнул,
Что я старик,
А он - джигит.
И я, конечно, был убит.
Двенадцать месяцев подряд
Ходил я,
Сам себе не рад,
И Темиркулу говорил:
«Ты охлади свой юный пыл!
Запомни, в будущем году
Разоблачатьтебя приду!.
Ты потихоньку подрастал,
Два раза в сутки бриться стал
И шляпу с белой головы
Ни днем, ни ночью не снимал.
И вот, мой друг, твой час настал!
Как ни крути - одно учти,
Что ты меня догнал почти.
Шести десяткам вопреки,
Чудить умеют старики!
Но званье каверзное это,
Имеющее свой секрет,
Не присуждается поэтам Ни в шестьдесят,
Ни в двести лет!
Сергей Фиксин
ИЗ СТРОК СТИХОВ ОН ВЬШОЖИЛ УТЕС
В моей душе я с детства берегу
Любовь к родным вершинам Ала-Тоо,
Идут года и словно на бегу,
Остановясь, я припадаю снова
К их роднику.
0 мойТянь-Шань, лавин, обвалов горы,
ГдеТоктогул иТоголок Молдо родился,
И где Уметалиев Темиркул
Из родникаживой воды напился,
Но до сих пор его каменотес,
Не отдыхая, тяжкий камень колет.
Из строк стихов он выложил утес
0 славных предках и киргизской доле,
Все видел тот утес издалека,
Он выше, чем Кызыл-Омпол в Рыбачьем.
Живут стихи и каждая строка
Звенит, поет, тревожится и плачет.
Он мне дороже брата по крови
МойТемиркул, Россию воспевая,
Звенит родник его большой любви
И глубина его неиссякаема!
Я ирипадаю снова к роднику,
Когда в душе моей созвездья меркнут.
И говорит со мноюТемиркул
И на руке приподнимает Беркута.
Тот бьет крылом и в небо устремясь,
Уже летит навстречу вольной жизни.
И в этом вся у Темиркула связь
К народу, к жизни, к песне и отчизне!
В.Ф. Лучинин
70 жылдык юбилейинде
ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВГЕ
Аз айталы жан кейитчү ар жагын,
Баса айталы пейил түзөөр бер жагын,
Жетимишке чукул кирип келгенде
Мага жетет сен ойлоно калганың.
Сен экөөбүз таш бакадай кагыштык,
Жөндүү дагы, жөнсүз дагы чабыштык.
Мына ошондон пайдаланды кай бирөө,
Көп нерседен бирге куру калыштык...
Турмуш чиркин бардыгына тараза,
Адам сезет улам артын караса.
Жакшы экен го дайым болуп эмгектеш,
Эл алдына басып чыксаң жанаша.
Кантсе дагы карт күрөңдүн бирисиң,
Өз журтуңдун сайрап турган тилисиң.
Кай бирөөнүн мөлтүлдөгөн сөзүнөн,
Сенин жакшы сөгүп-сагып киришиң!
Эмгек деген башат экен соолубас,
Эмгек деген алтын экен чирибес,
Акыр бир күн биздин көздөр жумулса
Балким жүрөр эмгегибиз мүрүлөш...
Кубанычбек Маликов
АКСЫ ТАРАБЫ
Бир убакта Темикем:
«Мен төрөлгөн Тегене,
Телегейи тегиз кең,
Жер соорусу» деди эле.
«Сөзсүз барып көр?» деген...
Акындын бул айылын.
Али барып көрбөгөн
Бар өзүмдүн айыбым.
Бутагын колго кармасам,
Даракта бүрчүк көбүрөт.
Аксыга бачым барбасам,
Жаз келип калган көрүнөт.
Авлетин тоосун бир ашып.
Кожожаш болуп көрбөсөм.
Аскасы менен сырдашып,
Ырдаса ырдап көнбөсөм.
Кыдырып кокту, кырларын,
Кадыр түн күтүп чыкпасам.
Кылымдан берки сырларын,
Кангыча жатып укпасам.
Же минип күлүк аттарын,
Агытып алсам бир оозун!...
Аткаргым келет, аткаргым,
Акындын ал бир суроосун.
Сүйүнбай Эралиев
АКЫН АГАМА
Жүрөгү кээ бирөөнүн сырга толгон,
Жүрөгү кээ бирөөнүн чырга толгон.
А сенин алабарман ак жүрөгүң,
Ала-Тоо кендериндей ырга толгон.
Бирөөнүн жүрөгүнө чуулар толгон,
Бирөөнүн жүрөгүнө уулар толгон.
А сенин айдың чалкар жүрөгүңө,
Айланып апапакай куулар конгон.
Жүрөк бар май айында муздай тоңгон,
Жүрөк бар тикен өсүп, гүлү солгон.
А сенин карт жүрөгүң кандай асыл,
Айсулуу, Жыпар сүйүп ашык болгон.
Буурул чач бир адам бар шашып жүргөн,
Бир бассаң бир кадамча ашып жүргөн.
Ыкласын, ырыскысын ырга коюп,
Ышкырып ыр дандарын ташып жүргөн.
Көйнөгү канча экенин билбейт жаңы,
Көңүлдө ар тоголок ырдын даны.
Арийне, акын - дыйкан, ыр - дан болсо,
Дан өңү - өчпөс кызыл жүрөк каны.
Ак көңүл, бапыраңдап алаңгазар,
Үйүндө үй мүлкүнө салбайт назар.
Күрпүлдөп ыр окуса күчтүү акын Соодасы дүркүрөгөн кызуу базар.
Салибай Шатманов
ТЕМИКЕМЕ!
Биз жөнүндө көп жаздыңыз, Темике,
Не бир укмуш салыштыруу таптыңыз.
Терип асыл сөз гүлдөрүн сый кылып,
Кулпундуруп боюбузга тактыңыз.
Биз жөнүндө көп жаздыңыз, Темике,
Ичиңизге эчен сырды каттыңыз.
Ырыңызда көккө бөлөп сыйкырлап,
Жылдыз кылып бийиктикке тактыңыз.
Биз жөнүндө көп жаздыңыз, Темике,
Ырыңызга келдик сөздөр үн болуп.
Бизге ийилип дүйнөдөгү сулуулук,
Жайнап чыктык ырыңызга гүл болуп.
Биз жөнүндө көп жаздыңыз, Темике,
Ак тоолордон ак таң болуп аттыңыз.
Алкыш анда Айсулуулар атынан,
Таазим сизге кыз-келиндер калкынан.
Арта берсин зоболоңуз, баркыңыз.
Ай ааламды багындырсын атыңыз.
Арбый берсин дал ушундай
Бизди жазчу салтыңыз.
Гүлсайра Момунова
ТЕМИРКУЛ АГАЙГА
Бейпил күндө ырдаган,
Акындык назик жүрөк.
Ырдады кан майданда,
Жоокерлерди алга сүрөп.
Ырдап гана тим болбой...
Душманга душманындай,
Жооп берди, жумшап күчүн,
Калемин мылтык кылып,
Элинин бактысы үчүн.
Ошондуктан,
Эмгегиңиз текке кетпей.
Эл акыны болдуңуз.
Том, томдогон китеп жазып,
Темике агай, 70ке толдуңуз.
Бул чек эмес өмүрүңүзгө,
Көп жашооңуз алдыда...
Кыргыз элге арка болчу,
Ырлар күтүп калды да!
Керез Зарлыкова
ЖЕТИМИШ ЖАШ
Турмуштун ачуу-таттуу даамын таткан,
Жолунда поэзия алга баскан.
Сыналып чоң турмуштун күрөшүндө,
Жаралды өз колуңдан далай дастан.
Күрөштөрдө ырлары кубат берген,
Каршылашкан душманды жеңүү үчүн.
Акын да, жоокер болуп Темике сен,
Жеңиш үчүн жумшадың кайрат-күчүң.
Жаша дагы көп жылдар жашай бергин,
Сексен, токсон, жүздөн да аша бергин.
Адабият майданында ат салышып,
Тоо суусундай толкундап таша бергин,
Эл достугун, жеңишин ырдай бергин,
Урмат-сыйга бөлөнүп жыргай бергин!..
Эл достугун, жеңишин ырдай бергин.
Шабданкул Казыбеков
АКЫН АГАМ ТЕМИРКУЛГА
Темике, сизге тең келбейт,
Акындык жактан абалым.
Анткен менен менин да,
Аябай зор талабым.
Таалимин алсам деп жүрөм,
Таланттуу сиздей аганын.
Ырларын окуп коюңуз,
Ышкыбоз мендей баланын...
Биримкул Алыбаев
АГАЙЫМ ТЕМИРКУЛГА
Жаштай болуп күлүңүз,
Марттай болуп жүрүңүз.
Чыгармаңыз чуурулуп,
Түк өчпөсүн күнүңүз!
Камчы Жунусов
ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВГЕ
Тарыхка жазылды алтын тамга менен,
Темиркул баатыр акын сыймыгыбыз.
Эмгегиң элге жетип, ыйгарылды,
Кут болсун! «Достук» орден сыйлыгыңыз!
Кыргызымдын алп акыны Темиркул,
Мына быйыл 70 жыл жашадың.
Таза жүрөк, тунук акыл, кең пейил,
Агайыбыз жүздөн аша жашагын.
Жаңы-Жолго бара жаткан кездеримде,
Жалама-Аска зоолоруңду каранамын.
Эстеймин байдын коюн кайтарганда,
Таманыңды таш тилип канаганын.
Ойлосом жаш кезиңди жүрөк сыздайт,
Обу жок көпкөн байдын сабаганын.
Октябрь таалай берген ошол жетим,
Кара, элим, кандай ишке жараганын!
Эркиндикке чыккан ошол «куу жетим»,
Эзүүчүн бетин ачты, каргады.
Эргип учуп, жаш барчындай шаңшыды,
Эл жерине бүт өмүрүн арнады.
Аяган жок арабызда жаттарды,
Ырлар жазып чоң чабуулга аттанды.
Жоокер акын элин коргоп душмандан,
Эли урматтап, эми мына баркталды.
Калем сабы автоматка ок болуп,
Аябадың, жоо жүрөгүн жара аттың.
Бирде автомат, бирде ыр менен дос болуп,
Айтор жоону ар тараптан жадаттың.
Аман келип Ала-Тоого умтулуп,
Жеңиш менен салам айттың ийилип.
Тосуп алды кызгалдактар гүл сунуп,
Ак калпактуу кыргыз элиң сүйүнүп.
Андан бери далай ирет жер үстү,
Актан чапан, көктөн чапан кийишти.
А Темикем чынар болуп элине,
Чырпыктарың ырыңды окуп, сүйүштү.
Анар Жуманазарова
АКЫН АТАМДЫН МААРАКЕСИН УТУРЛАП
Толом деп жашка жетимиш
Толукшуп турган кезиңиз.
Тоодой талант Темике,
Токсонду кууп жетиңиз!
Адамдын көөнүн кыйбаган Адамдын баары сыйлаган,
Атамдай көргөн Акынга
Жамбылдын жашын ыйгарам!
Жетимиш эмне көп бекен?
Акынга ал жаш чек бекен?
Сизди да жүзгө чыгат дейм
Тиңиан чалды эстесем.
Тегене жактан келдиңиз,
Берметин ырдын тердиңиз.
Азыркы кездин Чүрөгү «Айсулуу» кызды бердиңиз.
Фашистти элим сулатты,
Темикем - жоокер ок атты.
Калкыңыз кантип унутат
Сиз жазган баатыр Кубатты...
Негизги иш жашта эмес,
Тарыхта калат башка элес,
Алтындай Сиздин ырларды
Ала-Тоо, кыргыз аз дебес.
Ырыңыз көлдөй чайпалат,
Жаштыктын деми байкалат.
Балдай тил, бала мүнөздүү
Сизди ким чал деп айталат?
Күн өткөн сайын күчөгөн,
Калк үчүн күйүп-түтөгөн.
Темикем чебер киши да
Жыртылганды бүтөгөн.
Туш келди ар ким күн көрөт,
Сиздики, бирок, бир бөлөк.
Жазганыңды жатташка
Жетимиш, сексен жыл керек!
Качкан да кудай дейт имиш,
Кууган да кудай дейт имиш.
Куткарып бирөө калбаса,
Жеткени жемин жейт имиш.
Сизде азыр бийлик, башчылык,
Кылсаңыз экен жакшылык.
Антпесе уулуң Аскарды
Кетчүүдөй бирөө «аш» кылып?
Аскар
80 жылдык юбилейинде
АКЫН ЫРЫ
Акын ыры шам болуп күйүп чыккан,
Азат заман нур берип күлүп чыккан.
Адамдардын бактысы жигер болуп,
Арыбаган бурактай күлүк чыккан.
Акын ыры татына сүрөт болгон,
Ашыктарга дүкүлдөк жүрөк болгон.
Обон болуп, күү болуп касиеттүү,
Оттуу, таттуу сезимге түнөк болгон.
Жоо келгенде күчтөнүп акын ыры
Болду сансыз жоокердин жакын ыры.
Өзгөлөргө дем берди алга сүрөп,
Өрттү кечкен акындын чакырыгы.
Акын ыры ок болуп майдандагы,
Араан ачкан ажалдан тайманбады.
Арсыз душман мертинип жеңилгенде
Акын ыры жадырап жайдаңдады.
Акын ыры эл жолун жолдоп келет,
Акыйкатты астейдил колдоп келет.
Ала-Тоонун атагын даңазалап,
Анын ыйык сөөлөтүн коргоп келет.
Салмак салып өмүргө басырыгы,
Калса да артта жолдун көп чакырымы,
Жоокер акын мүнөзүн жазбай тартып,
Жоокер бойдон келатат акын ыры.
Сооронбай Жусуев
«ХАНДАР БАСПАС ЖОЛ БАСТЫМ...»
Темиркул Үмөталиевдин төрөлгөн айлы - Төө-Жар. Биздин айыл - Кош-Дөбө. Бул эки
айылды бөлүп турган кичинекей бөксө жайлоо бар. Ал - Чер деп аталат. Чер аты айтып
тургандай коюн-колтугу токой, болгондо да жаңгагы, алмасы, алмурутуна чейин ойноо
балдардай моюндашып өскөн токой. Гүлдөрүчү! Май айында барып калсаң, тушарды
жаап желпилдеген шиберге аралаш өскөн түркүн гүлгө, бут койгондон аянасың.
Булбулдарычы! Эки айылдын малчылары булбул үнүн жыл сайын а дегенде ушул
жерден угушат. Бул жердин булбулдары ушунчалык көп, анан ушунчалык мукам үндүү
дейсиң!..
Болочок акындын кулагына энесинин бешик ырына кошул- ташыл угулуп, наристе
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 15