Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 03

Total number of words is 4170
Total number of unique words is 2512
25.0 of words are in the 2000 most common words
36.4 of words are in the 5000 most common words
43.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Докторлорго жалынам,
Колдорунан кагылам,
Эритип ташты жок кылса,
Ошол кымбат баарынан.
3.
Кубанычым, кубатым!
Атаңдын зарын угаарсың?
Карыган менин бактыма
Күн бөлүп тийип турарсың.
Кутулсаң ушул оорудан,
Куусаң кетпей тооруган.
Чатыраар элем үйүңдө,
Чай ичип сенин колуңдан.
4.
Чарчабаган бир дагы
чалдардын элем чыйрагы.
Чалдыбы көзү душмандын,
Чынартай ооруп кыйналды.
Жылдызым эмне болот деп,
Жүрөгүм сыздап ыйлады.
Сар-санаа күүсү турбайбы
Бул турмуштун бир жагы.
Ойлоймун өткөн жылдарды,
Ал жылдарга сын барбы?
Элестейт көзгө Чынардын,
Эркелеп минип турганы...
«Атакебай, чү» -десе,
Арнадым канча ырларды.
Алтынга бергис экен да
Ал кездин ошол жыргалы!
Күн жаркырап тийип турат асмандан,
Тоо жаңырткан ыр угулат жаштардан.
Анан неге мен мынчалык самтырайм
Эски тондой кең дөбөгө ташталган?
Чынартайым ойноп айыгып,
Чуркайт сергип тоо суусуна чайынып.
Жыттайт тандап Ала-Тоонун гүлдөрүн,
Эртең эле көрөм жыргап күлгөнүн.
6.
Түн уйкумдан ойгондум,
Чынартай, сени ойлодум.
Болочок күндү сүрөттөп,
Ыр жазганды койгомун.
Ойлогонум бир өзүң,
Көз алдымда сүрөтүң.
«Бөйрөгүмдө таш бар» деп
Коркутуп мени күлөсүң.
Ошол таштан кутулуп,
Бак-таалайга жутунуп,
Ойноп жүрөр бекенсиң,
Бул кырсык сенден кутулуп?
7.
Бул балакет ооруга
Кайдан жүрүп кабылдың?
Тыкан элең башынан,
Сергек элең жашыңан.
Кандайынча жаңылдың?
Ооруган сени көргөнү
Бул кандай менин келгеним?
Мен ооруп, көрсөң сен келип,
Ыр жазбайт белем термелип,
Кагылайын эрмегим!
8.
Айланайын үнүңдөн,
«Ата» деген тилиңден!
Өзүңө, чолпон жылдызым,
Каалаганым дилимден:
Мындан ары ооруба!
Кут болсун китеп колуңа!
Кайда бассаң, бак-таалай
Карап турсун жолуңда!
Кулпунганы жарашкан,
Көргөндөр токтоп карашкан
Ала-Тоонун гүлү бол,
Адамдын баары талашкан!
9.
Чынартайым, чырагым,
Мойнумдагы тумарым!
Карабасам күндө бир,
Түк таркабайт кумарым.
Чынартайым, чырагым.
Үн салган тоодон уларым!
Угуп жүрүп үнүңдү
Үйрөнүптүр кулагым.
Чынартайым, чырагым,
Таңшый турган убагың.
Таңшып сайрап отурсаң,
Түк жадабай угамын.
Чынартайым, чырагым,
Сен барсың жашап турамын.
Таштан ташка секирген
Менин тентек улагым!
Айыгып кет, ооруба!
Сен керексиң дооруңа.
Сүйүнүп кыргыз, күү чертсең,
Гүл карматсын колуңа!
10.
Чынартайым, көлөкөм,
Кагылайын берекем!
Сен бар үчүн бул дүйнө
Жарык экен, кең экен!
Көп ооруп мени карытпа,
Кең дүйнөмдү тарытпа!
Барып турган бактылуу
Жашайт тура жарыкта.
11.
Төшөктө жатсам мен ооруп,
Сен келип мага суу берсең.
«Атаке, жатпай, тур» - десең
Ооруган эмне билбесең Жыргал даамын татмакмын,
Жыргап күлүп жатмакмын.
Сен жүргөн ата конушка
Он миң алкыш айтмакмын.
12.
Бир ай болду, мен мына,
Жок туруп эч бир чатагым,
Москвада жатамын.
Жатпай кайда качамын.
Ооруганы баланын,
Азабы тура атанын.
Түптүз сары-санаанын
Тереңине батамын
Коркунучтун уу даамын
Бир күндө жүз миң татамын.
Ак үйдө жанган чырактай,
Айланам, сенден Чынартай!
Секирип ойноор бекенсиң
Жаңы отуккан улактай?
13.
Каргыш тийген коркунуч
Кетпей мага бурулат.
Каарын чачып жулунат.
Найза болуп сунулат.
Калбыр кылып бооруңду
Кайнатам дейт шоруңду.
- Үзүлбөс укмуш дебегин
Мага жайган торуңду.
Далай торду тыткамын,
Далай ордон чыккамын.
Жети башым бар деген.
Желмогузду жыккамын.
Коркутуудан коркпогом,
Кылмыштууну соттогом.
Мен турган жерде сендейлер
Жети атасын жоктогон.
Чынартайым айыгат,
Жүрөт менин жанымда
Үй жарык анын барында,
Ал тийген күн Нарынга!
14.
Элде сөз бар айтылган:
«Ден соолук кымбат алтындан»,
Менин бактым бар экен
Сен айыктың дартыңдан.
Чырагы жанып үйүмдүн,
Мен аябай сүйүндүм.
Эч качан эми батпастай
Тийип турган бүгүн күн.
Багбаны өмүр гүлүңдүн
Докторго, балам, жүгүндүм!
АРЫК КЫЗ
Кичинекей арык кыз
Бешенеси жарык кыз.
Уул болбой калды деп
Ушуну бекер чаныпбыз.
Үйрөндү тилин кыргыздын,
Үнү бийик бул кыздын.
Таңшып турат булбулдай,
Атын билет жылдыздын.
Бармактай болгон жыргалым,
Билет орус ырларын
Кубанамын көргөндө
Күкүкчө сайрап турганын.
Кошоматчы дебегин,
Кучактайт мойнун эненин.
Атакелеп чакырса
Эшиктен кайра келемин.
Дегенине көнөмүн,
Чекесинен өбөмүн.
Өпкөн сайын өмүрдүн
Өчпөс жазын көрөмүн.
КУТТУКТОО
Туулган күнү Чынардын
Жаркыраган нурдуу күн,
Жашыл гүл жаздай сулуу күн.
Теңдеши жок улуу күн.
Кареги кара көзүмдүн,
Касиети сөзүмдүн Кагылам сенден Чынарым!
Сен бар өлбөй турамын.
Ачылып күндөй көңүлүң,
Куунак болсун өмүрүң.
Балдарың багып жаныңда
Жүз жыл жүрсүн Эмилиң!
Азамат болсун Турсунуң,
Акылы деңиз көк ирим!
ЧЫНАРТАЙГА
Борбойгон жаман уул төрөп,
Баарыбызды жүгүрттүң.
Баарыбызды сүйүнттүң
Бактылуу ушул күн үчүн
Дастан жазам, ыр жазам
Уктабастан күнү-түн.
Айланам сенден, алтыным
Айланам сенден, күмүшүм
Сен өзүңсүң, Чынартай
Жакшылыктан үмүтүм.
ҮЙҮМДҮН ЖАРЫК ЧЫРАГЫ
Күнү менен көгүмдүн,
Кызыл нуру өңүмдүн,
Күкүктөй таңшып отурса
Кубанычы көңүлдүн!
Үйүмдүн жарык чырагы,
Багымдын жийде булагы,
Чынартай, бүгүн атаңдын
Ырдай турган убагы!
ЭМИЛ ООРУГАНДА
Этиң ысып кайталап,
Эмилтайым, күчүгүм,
Жүрөгүмдү түшүрдүң,
Коркутуп мени бүтүрдүң,
Керек болсо кудайга Мен барайын, сен барба.
Мен ылайык мындайда,
Караган дурус ыңгайга.
Мен куурайын, сен көгөр,
Мен өлөйүн, сен күн көр!
Кагылайын, Эмилим,
Капа кылды сени ким?
Оорунун берип жеңилин,
Сактасын сени теңирим!
Чынарың менен гүл жыттап,
Тоого чыгып ойногун,
Тоо сууларын бойлогун!
Бирок алыс барбагын,
Турсунтай ыйлап калбасын,
Турсунтайды ойлогун!
Айланайын, Эмилим,
Узун болсун өмүрүң!
Акылыңдын тереңи
Океандай көк ирим,
Акылыңдан кагылам,
Айыгып кет баарынан!
Кандай жакшы бүгүн күн,
Карааны жок күүгүмдүн.
Айыгып барат Эмилтай,
Аябай катуу сүйүндүм.
Жаркырап нурдуу чар тарап,
Жаз айы ар күн салтанат!
Эмилим келди үйүмө,
Үйүмдө той күнүгө.
Зүкөшүм конок чакырып,
Кызмат кылды сүйүнө:
- Келгиле, достор, келгиле,
Коюлган даамды жегиле!
ТУРСУНБЕККЕ
Байчечекей жабырайт,
Бактардын башы шыбырайт.
Суу шаркырап жылгадан,
Жаз обону угулат.
Турсунтай, жазга обон кош,
Угушсун балдар короолош!
Чаналарын сүйрөшүп,
Жүргүлө тез, жүр дешип,
Жар кезиксе бир өтүп,
Суу кезиксе бир кечип,
Балдар ойноп жатышат,
Көп кызыкка батышат.
Бирин бири кубалап,
Кар чеңгелдеп атышат.
Лялукасы келгенде,
Турсунтайым сүйүндү,
Ары-бери жүгүрдү,
Айтаар сөз таппай бүлүндү.
Төбөсүнө көтөрдү
Менин көөнө үйүмдү.
Жакшы бала бул өзү
Жакындарга күйүмдүү.
Турсунтайдын өнөрү,
Чыгып жатат күн санап.
Кубанабыз биз карап,
Кубанып карайт туш тарап.
Көз тийбегей эле деп,
Кимдендир оюм кызганат.
Айланайын чүрпөмдүн
Чулдур тили керемет.
Чокума чыгат тебелеп,
Ким ушуга теңелет?
Үргүлөм сенден, чөбүрөм,
Тоом сенсиң көрүнгөн.
ТУРСУНТАЙГА
Ага, тууган мактаган,
Айтканын айылы жактаган.
Пайдалуу иштен качпаган,
Үйдө бекер жатпаган
Бирөөнүн көөнүн оорутуп,
Эч бирөөнү какпаган,
Чалгын чалып, жол карап,
Эл ишенчин актаган.
Астын торой душмандын,
Чек араны сактаган
Арстан түспөл эр болот,
Атасын тарткан ак балам.
ТУРСУНТАЙДЫН ТӨРӨЛГӨН КҮНҮНӨ
Январь айдын сегизи
Турсунтай бизге келген күн,
Тилекти кудай берген күн.
Бактыбыздын ак жүзүн
Биз кубанып көргөн күн, Кандай сонун жаркырап!
Күмүш нуру чачырап,
Көргөндүн көөнү ачылат.
Ага, тууган, ата, эне Бардыгы түгөл барында,
Кирген суудай шарылда!
Айланам сенден, Турсунум!
Ак албарстай курчугун!
Эр жигит бол жетилип,
Тилеги бол журтуңун!
ТУРГУНБЕККЕ СЕГИЗ АЙ
Тургунбекке сегиз ай
Толду бүгүн. Жакшынам.
Болчудай булбул таңшыган,
Чынарды кармап чачынан,
Үн чыгарып кеп айтты:
Мама, папа деп айтты.
Кичинекей сары баатыр,
Сени биз жакшы көрөбүз.
Сенсиң биздин төрөбүз
Айтканыңа көнөбүз,
Алты жашка чыкканда
Аял алып беребиз!
АЙЛАНАЙЫН КӨЗҮҢДӨН
Айланайын көзүңдөн,
Айланам чулдур сөзүңдөн!
Чулдурум аман жүрсө деп,
Кудайдан мен өтүнөм.
Улуу тоого чыкса дейм,
Улардын үнүн укса дейм.
Байкап жакшы, жаманды,
Бардык ишке бышса дейм.
Турсунтайым, Турсунум,
Өзүмө жагат ушунум!
ТАРТИБИ ЖАКШЫ, ЖАН БАЛАМ
Дасторкон толгон алмадан
Сурабай бирин албаган,
Кишилердин көзүнчө
Кыйнап чатак салбаган,
Күн чырайлуу, нур жүздүү,
Тартиби жакшы, жан балам,
Турсунтайым, күчүгүм,
Арнап сага өстүргөм
Аравандын жүзүмүн.
БАТА БЕРҮҮ
(Турсунтай бир жашка толгондо)
Турсунтайым, тентегим,
Күндөй нурдуу эртеңиң.
Таңшыган булбул комузду
Арнап сага чертемин.
Жигит бол, өсүп керилген,
Жигит бол, ишке берилген!
Алга жүрүп жол баштап,
Алкыш ук, кыргыз элиңен!
Кайраты кайнап шакардай,
Кысталышта такалбай
Акыл тапкан, жол тапкан,
Байыркы Бакай атаңдай
Өмүрдүн узак жолун бас,
Жолдошуң болсун, бак-таалай!
КИЧИНЕКЕЙ ЧЫМЧЫГЫМ
Турсунтайым, Турсунум,
Кнчинекей чымчыгым!
Сени көрүп курчудум,
Сен бар жерде өзү мен
Чымчыктай сайрап турчумун,
Сен барда мен ырчымын!
Турсунтайым өмөгүм,
Сүйгөн ырым, жомогум.
Көргөн сайын өзүңдү
Өлбөчүдөй боломун.
ТИЛЕГИМ УШУЛ
Мен өскөн жерге барыпсың, Турсун.
салкында сергип алыпсың, Турсун.
Манаста көргөн байыркы жерди
Текшерип чалгын чалыпсың, Турсун.
Кийинки биздин урпактар үчүн
Уламыш ыйык тарыхсың, Турсун.
Мен баскан жолдон басып жүр, Турсун.
Мен ашкан тоодон ашып жүр, Турсун.
Жергеңе жарык чачып жүр, Турсун.
Жердештин бактын ачып жүр, Турсун.
Ааламдын каухар, алтынын алып, Турсун.
Элиңе арнап ташып жүр, Турсун.
Мен кечкен сууну сен кечкин, Турсун.
Саякат жасап, жер кезгин, Турсун.
Талашкан жерди жоо келсе кокус, Турсун.
Намысты колдон бербессиң, Турсун.
Максатка түпкү мен жетпей калган
Самолёт минип сен жеткин, Турсун.
Болсо дейм сенин өмүрүң узун
Арнаган сага тилегим ушул.
ӨСӨТ АНДА КӨҢҮЛҮМ
Ким берет мага батасын,
Ким ойлойт мени жашасын?
Ат бол деп кыйнайт Турсунбек
Сексенге чыккан атасын.
Күлүктүн тапса оңоюн,
Ат болсом, мейли, болоюн.
Миңгизсе мага кыргызым
Өзүнөн чыккан Жолоюн.
Өсөт анда көңүлүм,
Өткүчө бүткүл өмүрүм.
ЧЕБЕРЕМЕ
Кат жиберип чакырсам,
Тай союп, казан астырсам,
Келээр бекен, Тургунбек?
Саргайганды сагынып,
Жалбарганды жагынып,
Билээр бекен, Тургунбек?
Сагындым сени, сагындым,
Мен тарткан эң көп жабырдын
Эң кыйыны ушулдур:
Кай жеримден жаңылдым?
Тургунбек, качан келесиң?
Мени сен качан көрөсүң?
Тургунбекке сегиз ай
Толду бүгүн, жакшынам
Болчудай булбул таңшыган,
Чынарды кармап чачынан,
Үн чыгарып кеп айтты:
Мама, мама деп айтты...
ТУРГУНБЕК ҮЧКӨ ТОЛГОНДО
Сар балапан тентегим,
Сенсиң менин эртеңим.
Ак калпак кыргыз күүлөрүн
Арнап сага чертемин.
Бийчи болсоң, бийчи бол,
Ырчы болсоң, ырчы бол!
Бийиң менен ырыңа
Биздин ойду бурчу бол!
Туягы бол тулпардын,
Канаты бол шумкардын!
Күйүп бүтүп күл болсун,
Көрө албаган душманың.
Кайгы-капа болбосун,
Көп болсун досуң, жолдошуң.
Көп жаша, Манас атанын
Арбагы сени колдосун!
ЭКИ ЫР АТАСЫ МЕНЕН БАЛАСЫ
УУЛУ:
Көп ойнодук, көп күлдүк,
Кубанып көңүл өстүрдүк.
Эркелетип эркиндик,
Энчибиз болду өткүрлүк.
Жеткирген буга мекендин,
Үйрөнүп кайсы нускасын,
Кармадык кайсы туткасын?
Аткардык кайсы кызматын?
АТАСЫ:
Урук чачтым, кургабай өнөрсүң деп,
Арык каздым, жергемди көгөрсүн деп.
Чекте турдум, согуштун жолун тороп,
Неберелер тынчтыкта төрөлсүн деп.
Укум-тукум жыргалдын даамын татып,
Кайра-кетпес бактыга бөлөнсүн деп.
Маңдайымда сымап тер тамчылады,
Азаптарды көп көрдүм, жан чыдады.
Ошондо да, максатым дем алдырбай,
Улам алга сүрөдү, камчылады.
Мен сүйгөн жер, бак болуп жемиш бышкан.
Таалай күнү астында жаркырады.
Жаркыраган бул жерди күтүп алгын,
Кысыр аңыз дедирбей түшүм алгын!
Алма жыйнап, себеттен анар үзүп,
Бал татыган ширелүү жүзүм алгын!
Эшик ачпа, душманга, четтен келген,
Эркин жашоо энчиси күчү бардын!
СЫРГАКТЫ ЭСКЕРҮҮ
Карыптык тарткан наристем,
Канаты сынык периштем.
Кандайча учуп кеттиң сен,
Көк орой чалгын келишкен,
Көк шибери кулпунган
Көрктүү ата журтуңдан?
Бир жанга тилиң тийген жок,
Бир да жан сенден күйгөн жок.
Гүлдөрдү бутуң күүгөн жок,
Кишиге итиң үргөн жок.
Бирөөнүн чөбүн чачпадың.
Бирөөнүн үйүн ачпадың.
Эч кимден алга өтпөдүң,
Эч кимдин сүтүн төкпөдүң.
Боз улан болуп керилген
Бир кыздын бетин өппөдүң.
Учу жок кайгы, арман күн
Ушулбу, оттой өчкөнүң?
Бүтөлбөй жатып жыртыгым,
Сынды менин чырпыгым...
Чырпыгым, чынар болсо деп
Ырдап жүргөн ырчымын
Канжар тилди жүрөгүн,
Каптады кайгы түнөгүн.
Айтаар сөзүм табалбай,
Алым кетип жүдөдүм.
Жаз келсе гүлдөр жайнаган,
Бактарда булбул сайраган,
Күлкүсүн угуп балдардын
Кубанаар бекем кайрадан.
МЕНИН ТҮШҮМӨ КИРГЕН ЫР
Атбашыны чалып кел,
Айылга кабар салып кел!
Он сегиз кызга барып кел,
Он алтысын чалып кел!
Көөхар сөйкө сый кылып,
Бирин үйгө алып кел!
Кыз келсе болот, той деген,
Эл чакырып той берем.
Кыз тоюна союуга
Жүз жылкы, бир миң кой берем!
Тургунбекке жолукту
Айпери түспөл колукту!
БАЛДАР МЕНЕН ОЙНОП КЕП
Кара сууну бойлоп кел,
Балдар менен ойноп кел!
Тууган элди аралап,
Майрамдап кел, тойлоп кел!
Жапайы бакты көрүп кел,
Жаңгагын да терип кел!
Түндүк менен Аркытка
Менден салам берип кел!
Улуу Тоого чыгып кел,
Улардын үнүн угуп кел.
Сары-Челектин бир азын
Бери көздөй буруп кел!
Жалпакташка конуп кел
Жыргаткан багбан болуп кел!
БАЛДАРЫМА
Айланса болот балдардан,
Атакелеп турушат.
Ардактайт, урмат кылышат.
Карыган бизди аяшат,
Үй-оокатка карашат.
Ушунун өзү адамга
Кандай сонун жарашат!
Чүрпөлөр аман болушсун,
Ушулар барда кол узун!
АТА ТИЛЕК
Ойлогону атанын:
Балам аман болсун дейт,
Атына чөп орсун дейт.
Болсо да мейли ойчул дейт.
Үй көтөрүп өзүнчө,
Конушуна консун дейт.
Бактысынын чөйчөгү
Бөксөрбөсүн, толсун дейт.
Жаман бала атасын:
Болбо дейт бөгөт жолума,
Салба дейт чынжыр колума,
Камаба дейт торуңа.
Мойнума арткан жүк болуп,
Калба дейт менин шорума.
Окуп намаз беш ирет,
Өлгүнүң дейт тезирээк.
Үйүң мага калат дейт,
Калат дейт бардык мал-мүлкүң,
Калат дейт мурас ар түркүн.
Иштей турган бар күчүм,
Чагышат жарык мен үчүн:
Асмандан күн, айлуу түн.
Жер жуткур, сенин үзүлсүн,
Ордунан чыкпай үмүтүң...
СОНУНБҮБҮ
Сонунбүбү айылдан,
Келет бүгүн кубанып.
Колубузга туу алып,
Астын тосуп туралык.
Бордолгон кара күрп келет,
Сары май, каймак бүт келет.
КОШ
Кош, Арстанбап, кошкун Арпа салкын тор!
Кош, Ала-Тоо, кошкун сонун Ысык-Көл,
Уулуң кетти Батыш жакка зымырап,
Кош, Кызыл-Жар, кошкун мени тууган жер!
Кош, кызыл гүл, мынча эмне жайнадың,
Сага конуп булбул куштай сайрадым,
Кош, кең жайлоо, тунук булак, таза аба,
Кошкун, менин жатка кыйбас жайларым!
Кош, келин-кыз, кошкун, сулуу Сайракан,
Өбүшөөрбүз келээр болсом кайрадан.
Эстен кетпес биз ойногон айлуу түн,
Жалжылдаган көздөрүңдөн айланам!..
Эстен кетпес бирге тепкен селкинчек,
Унутпаска беришкен кез антты бек.
Унутпасмын, сүйүп алган жалжалым,
Кайгы тартпа, мени алыска кетти деп.
Кетип барам жоо жакадан алганда,
Бир серпишпей кантип калам арманда.
Кантип карап турмак элем, душманым
Шыбагама уу чеңгелин салганда.
Тепсетпеймин, кызыл гүлдү тепсетпейм,
Гүлдөн айрып акын кушту эңсетпейм.
Какшытпаймын, сайды суусуз какшытпайм,
Бейбак кылып энекемди көксөтпөйм.
Сүйбөгөнгө бактын шагын кайрытпайм,
Келин-кызды селкинчектен айрылтпайм,
Жашыл жайлоо, сени жатка бербеймин,
Сүйгөнүмдү муңдуу кылып кайгыртпайм.
А, көрөкчө, кан жөткүрүп өлөмүн...
Жоо алды деп тирүү кантип келемин...
Кыялбастан жигитмин деп, мен анан
Сүйгөнүмдүн жүзүн кантип көрөмүн...
Кош, Ысык-Көл, кан майданга барамын,
Кайда жүрсө ою сенде балаңдын.
Эгер уксаң эрдик кылды деген сөз,
Ошол болоор сага салган саламым.
Кош, келин-кыз, ойноп күлүп аман кал,
Жеңип келем, ойноп күлүп тосуп ал,
Алдыман чык, амандашып атымды ал,
Айдай жаркын, кадыр билгич сүйгөн жар.
КЫРГЫЗДАР КЕЛДИ МАЙДАНГА
Ак шумкардай айланып,
Ак болоттой кайралып,
Кыргыздар келди майданга
Кылычын кыя байланып.
Талас, Чүйдүн боюнда,
Ысык-көлдүн оюнда,
Кызылын сузуп кырманда
Кубаныч батпай коюнга,
Баба дыйкан атанган
Жигит келди майданга.
Багынтып жерди пахта алган,
Көмүрүн казып шаттанган.
Абийири жок душманга,
Алыста жүрүп кастанган, Кимди атарын оштуктар
Билип келди майданга.
Алып чалгы чөп чапкан,
Айдап тоодо мал баккан,
Күндүзү кымыз, түн оюн,
Тоо жаңыртып ырдашкан,
Жылкычы атын булкунтуп
Минип келди майданга.
Тянь-Шандын койчусу
Дагы келди майданга,
Барып турган баатырдын
Баары келди майданга.
Ак-Буураны бойлогон,
Ак чөлмөк атып ойногон
Жалжылдаган сулуунун
Жары келди майданга.
Атыша кетсе, атышып
Чабыша кетсе, чабышып,
Жан алгычтан жалтанбай,
Башка, көзгө салышып,
Кыргыздар кирди согушка,
Сайыша келсе сайышып,
Мекен үчүн «Ура!» дейт
Көөр эмес майышып...
ЫР ЭКӨӨБҮЗ...
Окко каршы бара жатып ыр жазып,
Өрт аралаш ырым менен бир бастым
Ыр экөөбүз качкан жоону кубалап,
Суудан өттүм, нечен бийик кыр аштым.
Ыр экөөбүз окопко да бир жаттык,
Демибиз от, сыз окопту кургаттык.
Пулеметтон ок жаадырып, ааламды
Багынтууга жутунганды сулаттык.
Дал ошондо канат бүткөн ырларга,
Дал ошондо, көлдөн терең сыр бар да.
Отмун - өчсөм, ырым менин атымды,
Жомок кылат дагы далай жылдарга.
ӨЗҮҢ ТӨРКҮН
Эстей берем Моздок чөлүн,
Арбашканды өмүр, өлүм.
Танк тебелеп, окопторго
Теңтуштардын көмүлгөнүн...
Эстей берем, эстей берем,
Кур санааны көрбөй эрен.
Ал каардуу кез сай сөөгүмө
Батса керек өтө терең?
Көз алдымда жер чымырап,
«Баң!» - дейт бомба, башты жулат.
Бирок биздин чыдамкайлык
Ушул күнгө эсте турат.
Кыргын каптап ойду, кырды,
Күн-түн көрбөй кылыч кынды
Турган кезде, бизге тийген
Таш быркырап, темир сынды.
Жоо болдук элдин жоосуна биз,
Өрт коюп ажал тоосуна биз,
Тик карадык ажыдаардын
Ачылып турган оозуна биз.
Жутуудан бизди үмүт үзгөн
Желмогуз качты коркуп бизден.
Сый көрбөдү октон башка
Уч-кыйры жок мейкин түздөн.
0, мейкин түз, бопбоз мейкин!
Шамал сырдуу жортот эркин.
Кыргыз, кыргыз, улуу жеңиш Бардыгына өзүң төркүн!
Жактырбаган ач көздөрдү
Жүрөк сыйлайт бул сөздөрдү,
Алиге биздин эрдик ишти
Ырдап турат Моздок чөлү.
ЖОЛ
Таң калба, дос! Чаң ызгыган ушул жол
Укмуштардын барын көргөн ушул жол.
Бизден мурун өткөн канча кылымда
Адам каны далай аккан кызыл жол.
Бир билгени, кынсыз кылыч байланган,
Бар өнөрү, баш кесүүгө шайланган,
Торко кийип, ат мингени болбосо,
Жырткычтыгы ашып түшкөн айбандан.
Адам туруп, адамдарга өчүккөн,
Отту басып, канды кечкен өтүкчөн
Чынгызханга окшош нечен жексурлар
Ушул жолдон канча жолу өтүшкөн.
Жигиттерге жоокер ишин үйрөтүп,
Жоокерлери замбирегин сүйрөтүп,
Кол башчынын канчасы өткөн бу жолдон,
Тынчын алып, бейкут элди дүрбөтүп.
Манас өткөн, Аккуласын чайпалтып,
Бакай өткөн, ак сакалын жайкалтып.
Баатыр өткөн, акыл, эрдик күчүнө
Ач көз жоодон ата журтун кайтартып.
Төөлөрү көп кербендер да өтүшкөн,
Аң уулашкан мергендер да өтүшкөн.
Бак өстүрүп, эгин жыйып, тапканын
Өз элине бергендер да өтүшкөн.
Токтогулдай ырчылар да өтүшкөн,
Толубайдай сынчылар да өтүшкөн.
Канчалары караңгыда кыйналып,
Жарык нурдуу күн чыгарда өтүшкөн.
Эркиндиктин күүсүн кайрып жүрөктөн,
Кишилердин бактысы үчүн күрөшкөн.
Канчалардын кишен өйкөп буттарын,
Ушул жолдо, канча жыл, канча күн өткөн.
Берен өткөн бечараны колдогон,
Көсөм өткөн бузулганды оңдогон.
Акылмандар кылымдардан кабардар,
Айткылачы: Ким өтпөгөн бу жолдон?
АПСАМАТ
Асманда бир бирине урунушуп,
Ач калган карышкырдай улуп-уңшуп,
Жарышты замбиректер жүз миңдеп ок,
Тез жетсе байге алчудай жулунушуп.
Үйдөй чым асманга учту, жер тытылып,
Качырып карагайлар жатты сынып.
Кайың, тал оңко-чоңко түшүп жатты,
Атайын таштагандай жулуп туруп.
Үн чыгып туш-тараптан: «Ура-ура!»
Арстандар бири калбай тура, тура,
Жылтылдап он миң колдо сан миң найза,
Жапырып чуркашканда жан жабыла.
Ийинден чыгып качкан кашкулактай
Фашисттер чыкты окоптон, көрсүн шашпай.
Кылчайган аркасына бир жан чыкпай,
Качышты жоо куралын таштай, таштай.
Кай бирөө окобунда жатты сулап,
Кай бири кол көтөрдү жан соогалап,
Кай бири жоготкондой айтчу сөзүн,
Калчылдап ар кимге бир карап турат.
Жеткенин басып алып кабыргага,
Апсамат чуркай берди улам алга.
Кубалап качкан жоону бара жатып,
Негедир көз чаптырды чокчо талга.
Бүркүттөн корголошкон кекиликтей,
Чогулуп бир топ немец турат кетпей.
Апсамат гранатын ыргытты эле,
Сегизи кол көтөрдү бир сөз дешпей.
Апсамат сегизин бир айдап келип,
Аскерче тура калып салам берип,
Айтты эле баштан аяк болгон ишти,
Командир толкуп кетти шерди көрүп.
Сегиздин бири офицер Отто Вильгельм,
Карышкыр көптү көргөн, көптү билген,
Оттого кызыл арстан суроо берди:
- Муну сиз түшүнтөсүз эмне менен?
- Ок калды ондон, бештен солдаттарда,
Максатка жетпейт элек кармашсак да...
Командир карап койду Апсаматка:
-Теңеп көр Осмоновго же Кубатка!
МЕЙЛИҢ, КАБАР ТАМАНЫМ
Мейлиң, кабар таманым,
Сен ачыштың, карадым.
Каканактап,канталап
Кабармактан, кабаргын!
Туу желбиреп салтанат,
Көкүрөк ойдо, көңүл шат,
Качырып жоону ура-а-лап.
Алга жүр, алга! Алгалап,
Жаркылдап колдо жарагым,
Ачылып күндөй кабагым,
Жоо колун койдой жуушатып
Тепсеп өтүп барамын!
ЖЕҢИШ ЫРЫ
О, бул жеңиш, алыс жол,
Алыс жолго чыкканбыз.
Азабын чегип бышканбыз.
Серпишкенди жыкканбыз.
Жер астына түшкөнбүз
Асманга да учканбыз.
О, бул жеңиш, кыйын жол,
Кыйын дебей кеткенбиз,
Көп суулардан кечкенбиз.
Өлүм бирөө дешкенбиз,
Кырылышаар майданга
Куштай учуп жеткенбиз.
Тийбегенге тийишкен,
Өзү келип катылган,
Пулемёт болуп атылган,
Карышкыр болуп качырган.
Жексурларды көргөнбүз,
Желдеттиги ашынган.
Катылганга катылып,
Биз дагы жалын чачканбыз,
Замбирек октоп атканбыз,
Тизеден канга батканбыз.
Жоолошконго айтканбыз:
Сен дөбөт, биз - арстанбыз!
Качырып кирип арстандай,
Качпаганын кырганбыз.
Кебелбей бекем турганбыз,
Келгенин кайра кууганбыз.
Таянаар тоосун калтырбай,
Ташын талкан кылганбыз.
Көл көтөртүп көбүнө,
Бекингенин тапканбыз,
Бетине кара жапканбыз.
Берлинге желек асканбыз
«Даңаза» коога бүттү деп,
Дубалдарга жазганбыз.
Сураган бизден жооп угат:
Сепил бузган селденбиз,
Жазбай аткан мергенбиз,
Жеңип көнгөн элденбиз.
Жеңиш ырын жаңыртып
Жерге кайра келгенбиз.
ТҮШКӨ КИРГЕН ЫР
Түшүмө кирди өткөн күн.
Баратам алга кыйкырып,
Кабырга сөөгүм кыркылып,
Колдорум окко чырпылып,
Ташка тийип буттарым,
Тамандарым жыртылып,
Ошондо да баратам
Оозумдан түрмөк ыр чыгып.
Снаряд тийип, ок тийип,
Үйүлгөн чөптөй танк күйүп.
Кулашат үйлөр түртүлүп,
Учушат көккө бүркүлүп.
Бомба түшүп жарылат,
Жердин жону миң тилик,
Көрбөгөндү көрсөм да,
Отуруу кайда үңкүйүп.
Менден качып жаналгыч,
Баратамын кубалап.
Жүрөгүм алга ура-а-лап.
Улам бир фашист куланат.
Желбиреп туусу жеңиштин,
Үнүмдү бийик чыгарат
Жаркырап жазы тынчтыктын,
Эркин дүйнө кубанат!
ТУРСА ДЕЙБИЗ
Ар дайым менин түшүмдө:
Ок учат алга тартынбай,
Жарылып бомба тарсылдайт,
Чагылган түшүп чартылдайт.
Бетбак Гитлер чуу салып,
Төрт жыл жүрдүк кан кечип,
Кыш тыным жок кар кечип,
Жаз келер күн бар дешип.
Күрүлдөп танк олчойгон
Келет мени басканы,
Келет түртүп асканы,
Көрсөм дейби, качканды?
Бирок, биздер качпайбыз,
Жоо күчүн кайра жапырып,
Катюшалар атылып,
Көрсөттүк катуу каршылык.
Чабылбас жерден чабышып,
Кагышпас жерден кагышып,
Кишилерди күнөөсүз
Тирүүлөй отко жагышып...
Анан ошол немецтер,
Айрылбаган арынан
Элбиз дешет жарыган,
Өйдөбүз дешет баарынан.
Маданияттуу жагынан
Турабыз дешет алдыда
Бооркечпиз дешет жардыга,
Багабыз дешет чалды да.
Аларды мен көргөмүн:
Коркокту жетип атышат,
Коркпогондон качышат.
Намыстарын сатышат.
Уялбайт аңдып баргандан,
Уялбайт уурдап алгандан.
Баланын нанын тартып жеп,
Алдым дейт, сатып жалгандан.
Биздер койгон оттордон,
Биздер аткан октордон.
Душман чеби ойрондоп,
Качышкан алар, корккондон...
Биз жеттик тынчтык үйүнө,
Аны биз карап күнүгө.
Турса дейбиз түбөлүк
Согушсуз бейпил, бул дүйнө.
Ынтымак, бирдик бузулбай,
Кут болсун жыргал ушундай.
ВЕТЕРАНДЫН ЫРЫ
Күркүрөйт чоң Кашка-Суу сайга батпай,
Күүсүнөн тоо жаңырат мылтык атпай.
Өткөрдүн арыз-арманын ичке катпай
Жел жортот, шамал уңшуйт тынчып жатпай.
Кагылам бийик, шаңдуу тоолорумдан,
Көрөмүн сулуулукту ой, жонунан
Зергердин жаралгандай колдорунан,
Тир укмуш чыгармадай ойлонулган!
Кордукту көрсөм дагы жаш чагымдан
Тилишкен буттарымды таштарыңдан,
Ала-Тоо, сени кандай сүйгөнүмдү,
Билерсиң арнап сага жазган ырдан.
Качанкы кандуу жылдар түшөт эске,
Ант берип, жоону жакын келтирбеске.
Желдеттин колун сага жеткирбеске,
Согуштун азаптарын чектирбеске.
Мен тороп келе жаткан жоонун астын,
Канчалык азабы көп жолду бастым.
Ок атып, кан деп келген фашисттердин
Түбөлүк жата турган көрүн каздым.
Кыйкырып, чабуул коюп, кырлар аштым,
Сүйлөттүм пулемётту, ыр да жыздым.
Ойлодум, ой Ала-Тоо, даңгыр жолун
Атыңды, атагыңды булгабастын.
Жеңиштин добулбасын өзүм кактым,
Менменсип көпкөн дөөнүн оозун жаптым.
Мекеним, сенин ыйык буйругуңду
Бир эмес, нечен ирет орундаттым.
Күркүрөйт чоң Кашка-Суу сайга батпай,
Күүсүнөн тоо жаңырат мылтык атпай.
Жеңишти кырк жыл мурун колго тийген
Үн кошуп, ырдап келем, тынчып жатпай.
ЖЕҢИШ КҮҮСҮ
Мен баскан жол упузун,
Согуш жолун баскамын.
Согушта өттү жаш чагым,
Андыктан каардуу жазганым.
Октон коркпой от кечтим,
Жан алгыч менен беттештим.
Алачыктай танктерге
Далай жолду тепсеттим.
Тынбай учуп самолөт,
Танк менен танк сүзүштү,
Өмүрдү жиптей үзүштү,
Көп шаарды бузуп бүтүштү.
Ловать суусу боюнда,
Мен бүркүтү асканын
Белчемден сазга баткамын,
Чыкканча саздан шашкамын.
Чиркей да мени талаган,
Кантала сорду канымды.
Кейитип кыйнап жанымды,
Кетирген бир топ алымды.
Тынымсыз жааган нөшөрдөй
Бомбалар түшүп асмандан,
Жалын чыккан таштардан
Карышкырдай ач калган.
Фрицтер алга жутунган.
Канга тоюп кутурган:
Коркоктун кейпин учурган,
Алар да бизден утулган.
Торопец, Пено, Холм шаары
Кетеби менин эсимден?
Кеп чуркап таман тешилген,
Жүрөгүм канча эзилген.
Кавказдын жылга, жыбыты,
Мөңкүгөн Терек боюнда.
Автомат бар колумда,
Бардыгы турат оюмда...
Семөн Ильич Савенок
Жарадар болгон он ирет.
Биз менен кайра бир жүрөт,
Чабуулга дагы бир кирет.
Петров, Омор, Назикул
Ар бири бир арстандай,
Сүрүнөн жоо качкандай,
Атылган октон жазганбай.
Ура-а-лашып кыйкырган,
Алардан чыккан толкундан
Жер титиреп солкунган.
Чыдай карап олтурган.
Окоптон тура жүгүргөн
Миллиондун үнүнөн
Бүгүлбөгөн бүгүлгөн,
Далайы жандан түңүлгөн.
Азоо аттай жулкунган
Желдет немец шалпайды.
Жап-жаш туруп картайды,
Эт качып, сөөгү каркайды.
Күн өткөн сайын азайды
Бомба, снаряд, ок-дары.
Астына салып балдарды,
Согушка кирди чалдары.
Улам күчөп биз тарап,
Өлгөн сайын өрчүдүк.
Биз менен болду өткүрлүк.
Коркок аз, баатыр көпчүлүк.
Бардыгы бизде көбөйдү:
Самолөт чүмкөп асманды,
Танктар жанчып таштарды,
Тепседи жетип качканды.
Миллиондун бири мен,
Деги мен кайда барбадым?
Европанын тең жармын
Жөө басып, чалгын чалгамын.
Мелитопаль, Одесса
Жолдордун тоому мен баскан!
Мен кубалап, жоо качкан
Ар бири узун бир дастан.
Бухарест көргөн өзүмдү,
Баскамын Болгар жолдорун.
Будапеште болгомун,
Ээлегем далай коргонун.
Балатон кетпейт эсимден,
Ок жаңылып саныма,
Өтүгүм толгон каныма
Аңдыган ажал жанымда.
Австрия жергеси
Жер эмес калчу айтылбай.
Араладым калтырбай,
Атышкан жоодон тартынбай.
Тогузунчу май күнү
Биз төгүп, жез ок нөшөрдү,
Баш кесер катуу жөтөлдү.
Баш ийип, колун көтөрдү.
Кырылышкан майданда
Бузулбай түндүү сеңирди,
Чегинбеген чегинди.
Эңемин деген эңилди,
Жеңемин деген жеңилди.
Төгүлбөгөн төгүлдү
Тоготпогон теңирди
Терең көргө көмүлдү.
Көргөнүн кайдан унутсун,
Билет көп жер биз барган:
Адам жеп тойбос жуттардан
Бүт дүйнөнү куткарган.
Менин Кызыл Армиям,
Советтик элим өзүмдүн!
Кудаймын деген кесирдин
Күйгүзгөн отун өчүрдүң.
Куттукташып жеңишти,
Кан чачар бизге келишти.
Жарышып салам беришти.
Бары турат эсимде,
Элестеттим көзүмө
Толкуп ташкан деңизди.
Келишкендер биз менен
Кучакташып көрүштү,
Кубанычты бөлүштү.
Кубанып көз жаш төгүштү.
Жеңиш бул тар жол эң узун,
Укканым кыйын дешкенин.
Кыйла суудан кечкемин,
Кыйында болсо, жеткемин
Суктанткан сулуу жериме
Соолубас гүл эккемин.
Жыргалы мол бул күндө
Жеңиш күүсү черткеним!
БЕЛЕК
Байпак келди Ат-Башыдан, Нарындан,
Мээлей келди кой жайылган айылдан.
Жоолук келди Оштон бүткөн шайыдан,
Тегереги жибек менен кайылган.
Жаңгак келди Арстанбаптан, Аркыттан,
Анар келди көңүлүмдү чалкыткан.
Алып жедим Аравандын мейизин,
Ачып оозун кыздар тиккен баштыктан.
Көмкөрүлгөн чыныдай бар, не бир чоң,
Өңчөй кызыл бир-бирине окшошкон,
Буркураган бир жакшына жыты бар,
Алма келди Караколдон, Токмоктон.
Сүйгөн сулуу колу менен бергенсип,
Бир мен үчүн бактан үзүп келгенсип,
Алып жыттап, ой-санааны унуттум,
Жаш жарымдын төшүн жыттап көргөнсүп!
Ишен, кыргыз, ушул менин саламым,
Белегиңди шаттык менен аламын! «Куу - дейсиң го - үйгө кирген ууруну»
Куумак турсун, кырып бүтүп барамын!
БИЗДИН ДОСТУК
(Полковник Ысманкулов Осмоналыга)
Таанышканбыз ок ызылдап учкан жерде,
Бомба түшүп жаткан кезде кутман жерге,
Окоп казып канча жолу батып терге,
Кан кечиште душманды биз уткан жерде.
Жаткан кезде эки тарап бычакташып,
Достошконбуз кол кармашып, кучакташып.
Мен көз жуумп, сен үйүңө аман кайтсаң,
Күн жарк этсе караңгы түн узак качып...
Айтып баргын менин сүйгөн жалжалыма:
Арман кылбай жаштай жесир калганына,
Сыймыктансын, ырын созсун баатырлыктын!
Атасынын жөнүн айтсын балдарына!
Дешпедикпи чабуулга турар кезде,
Ураа-а-лаган үндү майдан угар кезде.
Найзаларды жоо төшүнө сунар кезде,
Же жыгылып, же душманды жыгар кезде.
Жоо жеңилип, биз согуштан кайттык аман,
Жерди көрдүк күн нурунан жаркыраган!
Колдорубуз кан майданда биз кармашкан.
Турат эрдей эч бир жоодон тартынбаган.
Кармашкан кол ушул күнгө эстеликтей,
Келе жатат ажырашпай, эстен кетпей.
Жашоо, өмүр узак жолун бастык бирге,
Жаман учур артта калды бизге жетпей.
ЭСИҢДЕ БАРБЫ?
(Ата Мекендик согуштун инвалиди
Сагынбек Куланчиевге арнаймын)
Эсиңде барбы, Сагынбек,
Боз шинель кийген жаш чагың?
Кавказдын басып таштарын,
Канча кырдан ашканың?
Какшыган калмак чөлүндө
Окопту терең казганың?
Жоо жолун тороп жатканың,
Нечен ойго батканың?
Кырчылдашка киргени
Кызыл аскер жаштардын?
Кубанып көзүн көргөнү
Кан ичер бизден качканын?
Дүрмөттөп узун мылтыкты,
Душмандын танкын атканың?
Ажыдаар келсе качырып,
Аны сен атып таштадың.
Эсиңде барбы, Сагынбек,
Самолөтто асмандан
Сансыз көп бомба ташталган
Ар бири тийген жеринин
Ичегисин аңтарган
Жарылуунун күчүнөн
Жар көчүп деңиз чайпалган,
Сүрүнөн ар ким жалтанган.
Илебинен өрт кетип,
Урунган мизди майтарган?
Чочубасын кандай эр
Чаңырып келген шайтандай?
Ажал улуп-уңшуду
Карышкырдай ач калган.
Ошонун баарын сен көрдүң,
Түгөнбөс жомок көргөнүң.
Танк менен танк кагышты,
Ок менен ок жарышты.
Снаряд менен токойду
Өрттөп чатак салышты.
Эки тарап тирешкен
Кылыч сууруп чабышты.
Кекиртектен илишти,
Толорсуктап чалышты.
Бирин-бири курсакка
Найза менен сайышты.
Салмагынан согуштун
Залкар тоо да майышты.
Ошонун баарын сен көрдүң,
Сен көргөндү мен көрдүм.
Эсиңде бардыр, Сагынбек,
Ловать дайра тынч аккан,
Сазга батып курсактан,
Токойлордун тынч жаткан
Тынчын алган күндөрүң?
Чиркейи талап бир жактан,
Сыз окоп жанды муздаткан,
Кара жамгыр сөөгүңдү
Ок тийгендей сыздаткан.
Уктабаган узун түн
Чалгынчы менен мушташкан?
Снаряд түшүп чаңырып,
Жарышып бомба жарылып,
Чыккан өрт жакын кыштактан.
Күйгүзүп суюк каныңды,
Кейитти канча жаныңды.
Эсиңде бардыр, Сагынбек,
Моздок чөлү кубарган?
Учкан чаң, түтүн, тумандан
Көрбөй көзүң тунарган,
Танк менен танк сүзүшкөн
Узун жолдор чубалган?
Өмүрдү жиптей үзүшкөн
Коркпогон эч бир убалдан.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 04