Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 08

Total number of words is 4201
Total number of unique words is 2142
30.9 of words are in the 2000 most common words
43.1 of words are in the 5000 most common words
48.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
- Мага бир сабак берип кой, аке! - деп аптээгимди койнумдан сууруп чыктым.
- Муну кайдан алдың? - деп сурады ал. Бирок менин жообумду күтпөй эле, аптээкти
ачып көрүп, «башы жок турбайбы, мындан кантип сабак берүүгө болот» деди. Мен
аптээктин орто жерин ачып: «ушул жерден окуп көрсөт, аке. Баш жагын билемин» дедим. Ал мага таң калып карады:
- Кайдан билесиң? Окуп көрчү. Билген жерлеримдин баарын окуп бердим. Андан
кийин кайдан, кантип окуганымды да айтып бердим. Ормотойго жана анын балдарына
айтпагын деп жалдырадым. Жанаалы мага өтө ыраазы болду. Анын атасы өз оокаты
өзүнө тың, тынбай иштеген, жоош, балбан киши эле. Жанаалы өзү да атасын тарткан
ала көөдөн, жоош бооркеч неме болучу.
- Бечара, жетимчем! Зээниң бар турбайбы. Мен сага жардам берип жүрөйүн.
Аптээкти, куранды бүт окуп түшүр, баарын жатка бил, анан кыраат келтирип окуганды
үйрөн. Ошондо сен «каары» болосуң, киши өлгөн жерлерге барып кутпа окуп, куран
түшүрүп, оокат кылгандай болсоң эле жыргабадыңбы. Андан башкасынын сага кереги
жок, жетимчем. Көп окуганда сен амалдар болот белең же болушка мырза болот
белең, - деди.
Жанаалынын ушул кийинки сөздөрү мага жаман учурады, кокустан эле башымдан
ылдый суу куюп жибергендей, бүткүл денемден кандайдыр бир нерсе жүгүрүп
өткөндөй болду. «Мен эмне үчүн амалдар же мырза боло албаймын?» -деген ой келе
түштү. Жанаалы мени кемсинткендей сездим.
Эч сөз айтпастан, Жанаалыдан сабак да албастан, басып кеттим.
Бир күнү туман түшүп, күн майда жаап турат. Төө кырдан Жолколотту көздөй тике
түшкөн жондо, жолдун боюнда кой жайып турсам, карагер быштыны минип Өмүрбек
келип калды. Ал өзүлөрүнүн Каратыттагы кыштоосунан Тегенедеги үйүнө келе жаткан
экен. Быштысынын тумшугу тумандын арасынан так эле мени түртүп чыга калгандай
болду. Мен аны жылоодон алдым:
- Макимди бер! Байдын баласы болуп туруп, ушул мага окшогон жетимдин макисин
уурдап аласыңбы? Бер!
- Кайдагы маки? Коё бер!
- Коё бербеймин! Үмөталы кекиртектин тоюндагычы... Бер!
Өмүрбек эң мурун танды, анан бир аздан кийин, менин коё бербесимди билип, алдым
эле, жоготуп койдум, ордуна башка маки таап келип берейин деп калды.
-Жок, мен эми сени кайдан издеп жүрөт элем. Азыр эле бер, калп айтасың,
жоготкон жоксуң! - деп кармап тура бердим. Аргасы түгөнгөн Өмүрбек чөнтөгүнөн бир
картман (булгаарыдан куркулдайдын уясындай кылып жасаган, күмүш менен
кыюулаган, оозу чаптырма тыйын салгыч) чыгарып:
- Макиңдин ордуна ушуну аласыңбы? -деди. Ал менин көзүмө өтө эле жакшынакай
болуп көрүндү.
-Аламын.
Кечинде Ысакка көрсөтүп, мактандым: «Карачы, кандай сонун! Таап алдым».
- Муну, мага бер, сен кайсы тыйыныңды салмак элең, мен сага акча беремин, деди.
- Акчанын мага кереги жок, аны мен эмне кылам? Бул жерде же базар болбосо.
Акчага эч ким эч нерсе сатпайт.
- Нан берейин, бересиңби?
-Жок, бербеймин... Үйгө чуркап кирип, бышырылган эт, нан алып чыкты: «эми бер!»
-Жок, бербеймин.
-Ар күнү бир маал сабак берип жүрсөң, бул картман сеники.
- Болуптур, сабак берип жүрөйүн.
- Калп айтсаң эмне болосуң?
- Энемди алайын, эми ишенесиңби?
- Ишенем, бирок эч ким билбесин, атаңа айтпа.
- Болуптур, айтпаймын.
-Айтсаң эмне болосуң?
-Айтсам капыр болоюн, энемди алайын.
Ошондон кийин Ысак ар күнү эртең менен эрте туруп, койлорду короодон
чыгарышып, бирге айдашып, айылдан бир аз ары чыгат да, аптээктен мага сабак
берип, кайра кайтат.
Ормотой болсо, «уулум эсине кирип калды, малга карай турган болду» деп сүйүнүп
жүрөт. Ошентип аптээктин аягына чыкканча Ысак жардамдашты. Андан кийин сабак
алганды койдум. Куран менен аптээк окшош болот экен, аны өзүм эле кыйналып,
кысталып окуй берчү болдум. «Сополдьмр», «Чар китептерди»
кыйналып-кысталып эжелеп окуй берчү болдум. Ысактын милдети: мен сураган
китептерди уурдап берет.
Жыл айланды. Койлордун алды төлдөй баштады. Ысак менен Ысрайылга да, мага
да кызамык чыкты. Ормотойдун чыйпыйы чыгып, кой союп, табыптарды, бакшыларды
чакырып, мойнуна курун салып, Ысак менен Ысрайылды ороп чулгап, алардын
жанынан чыкпайт. Мен болсом кызамык чыккан бойдон, этим от менен жалын болуп
койдун аркасында жүрөмүн.
Бир күнү алым куруп, жаным жер тартат. Кыйшайып жаткан бойдон уктап
калыптырмын. Ойгонсом күн бешим. Койлор жок. Аябай коркуп кетип, оорумду да
унутуп калдым. Утуру бир кырга чыгып караймын. Койлор кайра тартып, үйгө
жакындап калган экен. Жыгылып, туруп, чуркап отуруп, артынан жеттим. Эки жүздөн
ашык койлордун ар бирин кулагынан да, куйругунан да, шыйрагынан да ажыратып
таанычумун. Кыштан семиз чыккан жети шишек бар эле жок. Бир жерге бөлүнүп калган
экен деп ойлодум. Таппай барсам, Ормотой өлтүргөнү турат. Койлорду үйдү көздөй
каптатып жиберип, жоголгон шишектерди издеп жөнөдүм. Дөбөлөргө чыгып, эки
жагын караймын. Шектүү жерлердин барына бардым. Жакын жердеги кыштоолорго
барып, алардын койлоруна кошулдубу деп да карадым. Жок. Нуралынын кыштоосунан
өйдөкү жонго чыгып турдум. Караңгы түшүп калды. Кайда барууну да билбейм.
Курсагым ачканынан жыгылып кете жаздап, араң турамын. Жондогу токойдун
арасынан жылт-жылт эткен от көрүндү. Эмне болсо ошол болсун деп түз
бардым; туурдуктарынын жыртыктарынан оттун жарыгы жылдыздай жыбырап,
капкара жалгыз үй турат. Эшикте, үйдүн тушунда көгөнгө байланып жети-сегиз эчки
жатат. Үрүп чыккан ити болгон жок.
Руксаты жок эле кирип бардым: бир жак капшыты толгон жаңы туулган улактар
жатат. Отто казан асылып, сүт бышып жатат. Төрдө саамайлары сексейген бир кыз
отурат, ашкананын оозунда күйпүңдөп жүргөн аял мени карабастан «бул кирген ким?»
деп сурады. «Мен эле» деген менин үнүмдү угуп карай салды да.
- Ормотойдун койчуманы белең? - деп сурады. Көптөн бери таралбаган жана
жуулбаган чачтарынын көлөкөсүндө ого бетер карайган иреңинен жылтыраган
көздөрү менден өтүп кетти. Аял отуздардан араң ашса да, мага кемпир сыяктуу
көрүндү.
-Ооба, энеке, жети шишек жоголуп, ошолорду издеп жүрөмүн.
- Беттериң албырып турат да, шордуу бала. Кокуй, апакай чыккан турбайбы. Ушул
абалың менен жок издеп жүрөсүңбү?
Жок издемек турсун, кой кайтарып жүргөнүмдү, Ормотойдун балдары болсо,
оронуп-чүмкөнүп жатышканын, Ормотойдун кудайга жалынып, табыптарды, молдобакшыларды чакырганын айттым. «Кемпирдин» кыжыры кайнап, Ормотойду каргай
баштады.
- Эл аны «молдо» деп коёт. Молдо болбой жерге кирсин, иманы күйсүн. Анын
балдары бала да, сен бала эмес бекенсиң. Анын балдары көктөн түшүп, сен талаадан
табылыптырсыңбы. Селде оронгон башына... келме окуган оозуна... сен да бирөөнүн
кудайдан сурап-тилеп алган баласысың. Жетимсиң - айыбың эле ошол...
Кайнаган суута сүт чаңытып берди. Улактардын жогору жагына кийиз төшөп
жаткырып койду. «Айыкмайынча сени жибербеймин, балам. Койлору жоголмоктон
Ормотой өзү жоголуп кетсин. Сен суук ичип, тынч жатышың керек» деп бир топко
чейин чаңкылдады. Кайнатылып сүт чаңытылган сууну ичип бир жума жаттым. Андан
кийин бышырылган сүттүн өзүн ичип, нан жеп
дагы эки күн жаттым. Өзүмдү сергек жана тың сезип калдым.
Ормотой жерге кирсин, койлорун эчак эле таап алган. Сени издеп жүрүшөт.
Албарсты азытып кетсе керек, мылтык атса таштай качат имиш деп жүрүшөт. Эми бара
берсең болот, балам. Айыктың, - деди «кемпир».
-Урат го...
-Урбай кара жерге кирсин. Табылганына сүйүнөт. Жолду катар эмне деп айтууну
ойлоп келдим. Эшиктин алдында Ормотойдун энеси жолукту:
- Кайда жүрдүң, ботом? - Мен жооп берүүнүн ордуна кайра андан сурадым:
- Койлор үйгө келген жокпу, уктап калган экемин, тура калсам эле койлорум жок...
- Койлор эчак эле келген, ушунчалык уктайсыңбы? – Сенин жоголгонуңа он күн
болду?
Мен таң калымыш болдум:
- Бүгүн эртең менен короодон койлорду айдап чыкпадым беле? – Үйдөгүлөр тышка
чыгышып, айылдагылар чогулуп калышты.
- Кечөө аскаларды жаңыртып мылтык атканыбыз жакшы болгон экен. Албарсты
таштай качкан да. Адам периштеден улук деген чын, - деди Ормотой.
Ормотойдун энеси суу алып чыгып, башыман тегеретип, алыс чачты. Ушул окуядан
бир аз күндөн кийин кыштоодон жазгы журтка көчүп конушту. Ошол жазгы журтта
орозо айт болду. Койлорду саадырып, козуларды байлап, койлорду имерип короого
жаткырып, түн киргенде үйгө кирдим.
-Атаң сени кудайдан тилегенде «аркамда калып, шам жагып, куран окуур бекен»
деп тилеген. Чоң энеңе (Ормотойдун энесин «чоң эне» дечүмүн) шам оротуп алып, өз
колуң менен жак, мен куран окуп берейин, атаңа арнап алакан жайып бата кыл, - деди
Ормотой, мага карап.
Чийге эски чүпүрөктөн айрып ороп, 5 шам жасадым, аларды жерге сайдым, май
тамызып туруп, чычала менен күйгүздүм.
Ормотой камынып куран окуганы калды эле:
- Молдоке мен өзүм окуймун, - дедим. Ормотой мага ишенбеген көздөрү менен
карап калды. Мен «ясин» аттуу сүрөөнү дал Ормотой окугандай кыраат менен окуп
чыгып, бата кылдым. Бардыгы мага кошулуп бата кылышты. Бирок Ормотой таң калып
сурады:
- Сен эч качан мектепте болгон эмессиң, эч ким сени окуткан эмес. Куранды кайдан
үйрөндүң?
Мен ага шашпастан жооп кайтардым:
- Мен барын билемин. Куран окуганды да, намазды да, кишилерди дарабаса
жыкканды да билемин. Анын барын сизден үйрөндүм. Сиз үнүңүздү чыгарып, кыраат
тартып окуйсуз, ошондо мен угуп туруп үйрөнүп алгамын. Ырды, жомокту бир укканда
үйрөнөм. Бирок, куранды бир нече укканда үйрөндүм.
Ормотой ишенген жок.
Бир күнү түштө кой саадырып жатканмын. «Чоң энеме» бир койду желиндетип
коюп, үйгө кире калдым. Үйдө эч ким жок экен. Жүктүн бурчунда керегеге илинген чоң
ак куржун турчу. Анын эки көзү толтура китеп эле. Булгары мукабалуу «Чар китепти»
алып, жаңы эле барактай баштаганымда «чоң энем» какшана баштады.
- Козуну салбай кайда кетти, бул куу жетим?
Китепти кайра куржунга салууга ыңгайланганымда:
-Токто! - деген үн көк желкемден чыккан өңдүү мени чоочутуп жиберди. Көрсө
Ормотой акырын кирип, арт жагымдан карап турган экен. Китепти менин колуман
алып, биринчи бетин ачып, «оку» деди. Андан кийин ортосунан ачып: «оку» деди.
Дагы окуп бердим.
- Сен буларды кайдан билесиң?
- Ысак менен Ысрайыл окуп отурушканда карап отуруп үйрөнө беремин.
Ормотой ишенген жок. Ошондон кийин «Ормотойдун койчуманын кайып азытып
барып, окутуп молдо кылып жибериптир имиш» деген сөз таркалып кетти.
Мен эң көп таяк жедим. Китеп окуп, Ормотойду таң калтырган эле жылы эл
жайлоого көчөр алдында Нуралынын кыштоосунун төмөн жагындагы колотко кой
жайып бардым. Ал жердин чөп чабыла турган корук экенин билбептирмин. Бир
маалда эле бир даңкыйган айбан эме келип, колумдан кармап алып, ыргай
чыбык менен ал сынып бүткөнчө сабады. Жарылбаган жерим жок. Жаман көйнөгүм
калбыр болуп кетти. Жонумдан аккан кан жерге тамчылап, баскан изимди кызыл жип
жаткандай кылды. Колдорум, буттагымдын шыйрактарына чейин жарылып, көгөрүп,
дүмпүйүп шишип чыгышты. 15 күндөй үйдө тура албай жөөлүп жаттым. Мени урган
кишинин ким экенин да билбей калдым.
Кебетеси Нуралынын инилеринин бири окшоду.
Дагы бир жолу (кийинки жылы) буудайынын үстүнө кой жайып жиберип,
Балбанташ деген кишиден да катуу таяк жедим. Анда да эттерим көгөрүп, жонум
канады. Бирок жатып калганым жок.
Ошол жылы жайында Ормотой менен Муратапы деген киши коңшу болуп
жайлоого чыгышты. Мураталынын да 150 чамалуу кою бар, койчусу бар. Бирок,
койлорду кошуп, бир күнү мен, бир күнү Мураталынын койчусу кезек болуп кайтара
турган болдук. Бир күнү менин кезегим эле. Кечинде короону көздөй жайып келе
жатсам:
-Ары кайры, күн эрте! -деп айылдан кыйкырып чыгышты. Аңгыча козулар энелерин
көрүп, маарашып чуркашты. Мен койлорду артын көздөй айдап качтым. Мураталынын
Мырзарайым деген уулу чуркап жетип, козуларды үйдү көздөй кубалады. Койду ары,
козуларды бери сүрүп таштап, Мырзарайым экөөбүз топташ ойноп кеттик. Андан
чатакташып, мушташып калдык. Мен аны таяк менен башка бир чаптым. Ал өңгүрөгөн
бойдон үйгө кеткен. Бирок, мен ал жөнүндө ошол замат эле унутуп, айылдын үстүндөгү
кырга чыгып кеткен уйларды айылга айдап барыш үчүн өйдө чыгып кеткемин.
Артымдан күшүлдөп-бышылдап, көгөрүп-татарып Мураталы чыгып келди. Мага жете
бербей, отура калып:
-Темиркул, бери кел, - деп чакырды.
Эч нерсе оюмда жок жүгүрүп келсем, колумдан кармап алды.
Аябай жанчып уруп, анан кырдын башынан ылдый карата томолотуп, айылга жеткиче
кийиздей тебелеп барды. Эсим ооп жыгылып, бир жумага чейин тура албай шишип
жаттым.
Ормотойдукунажаңы эле келген жылы котур болдум. Элдин бары котур эле. «Бир
эшен келиптир, тумар жазып берет экен, ошонун тумарын тагынган эле киши котурдан
айыгып кетип жатыптыр» деген сөз жайылды.
Бир күнү Ормотой ошол эшенди үйүнө баштап келди. Кой сойду. Жатарга чейин
мейманканада от жагып, суу куюп, жаагымды жанып эшенге жана меймандарга ырдап
берип отурдум. Колумдун үстүндөгү котурду көрүп, «эрта билан келиң тумар жазып
бераман», - деди. Аябай сүйүнүп түнү менен уктай албай чыктым. Эртең менен
эшендин үстүнө кирдим. Ал менин атымды сурап, кагазга жаза баштады.
Бирок, ошол замат баласын жетелеп бир аял кирди. Эшен мага деген кагазын чала
жазылган бойдон токтото коюп, тигил аялдын баласына жазды. Аңгыча аялдар менен
балдар толуп кетишти. Алар колдоруна акчаларын тутамдашып, карын-карын сары
майларды көтөрүп кирип жатышты. Ошон үчүн эшен аларды тумар менен сыйлап,
биринин артынан экинчисин узатып жатты.
Менин тумарым чала жазылган бойдон жата берди. «Ата-энелүү балдар бактылуу
турбайбы» деген ой башыма келе түштү. Атам, энем эсиме түшүп, ичим өрттөндү.
Жүрөгүм кысылып, тамагым буула баштады.
-Темиркул, койлор бүгүн кородон чыкпайбы? - деген үн ачкүсөндүн чаңырыгындай
угулду. Ыза болуп ыйлап жибердим, эшендин селдесинен эч нерсе койбой сөгүп,
көзүмдүн жашын көл кылып короого чыктым. Ормотой менин эшенди сөккөнүмдү угуп
калып, чуркап чыкты. Колумдан кармап жаакка тартып жиберди эле, томолонуп
кеттим. Кайра тургузуп алып, экинчи жаагыма чоң шапалагын орнотту, дагы көмөлөнүп
кеттим. Оозумдан, мурдуман кан кетти, жаактарым шишип чыкты. Мени өлтүрүп коё
жаздаганда, эшен үйдөн чуркап чыгып ажыратты:
- Урмаң! Бала да акыры. Эшениңизни биладими бу.
Эшен мени сооротуп «Жүрүң, тумарыңызни жазып берам» - деди. Мен долуланып
болбой, өңгүрөп ыйлаган бойдон койлорду жайытка айдап кеттим. Эшенден тумары
жок эле айыгып кеттим. Эшенден тумар алган балдардын көбүнөн мурун айыктым.
1923-жылы жазгы конуштабыз. Күн жаанчыл. Буттарым кесилип кеткен.
Жарыктарына суу кирип ачыштырат. Ар дайым ысып турат, шишик басып тарабайт. Бир
күнү эртең менен «Тур, Темиркул, күн чыгып калды» деп Ормотой ойготту. Көзүмдү
ушалап тура калсам үйдө эч ким жок экен. Бутум ысыйт, эшиктеги көк чөптөрдө
мөлтүрөгөн шүүдүрүм көзүмө элестеп турат.
Эшикке чыккандан заарканам, желкем жар бербейт, жүрөгүм ооруп чыкты.
Буттарымдын жарыгына дагы шүүдүрүм кирет, дагы ачыштырат. Ысыган буттарымды
колум менен басып, эшикке чыккым келбей отурдум. Керегеде эки жуп өтүк илинип
турат. Ушунчалык кооз, ушунчалык сулуу, тим эле колго кармап турчудай көрүнүп
кетти. Ыргып туруп, бирин алып кийсем - буттарыма туура келип калды. Шашылып
чыгып койлорумду айдап кеттим. Шүүдүрүмдөрдү кечип, караган бутаны аралап,
таштан ташка ыргып өтүп жүрө бердим. Бир кезде бир бутум экинчи бутуман кыска
болуп басалбай калдым. Көрсө өкчөлүү өтүктөр экен, бир жагынын өкчөсү коңторулуп
түшүп калыптыр. Эки жагы
тең болсун үчүн чечип туруп, түшө элек өкчөсүн да коңторо койдум. Экөө тең өкчөсүз
жалпак таман болуп калды. Түштө койлорду саадырганы айдап келдим. Айылга
жакындаганда Ысрайыл алдыман тосуп чыкты:
- Менин өтүгүмдү сен кийип кеттиңби?
- Ооба! - дедим.
- Чеч өтүгүмдү, чеч! Тикенектерге тыттырып ит кылган турбайсыңбы, - деп
ыйлактап жиберди.
Бир жак бутуман өтүктү чечип, экинчи бутуман чечкиче ал мени шылып жиберди:
чечилген өтүктү кончунан кармап алып, өтүк менен башка салгылады. Экинчи
бутумдагы өтүктү чечип алып, мен да аны ура баштадым. Чердеңдешип эле мушташып
калдык. Бир маалда көк желкем уюй түштү. Карасам Ормотой өзү да чуркап жеткен
экен. Ал мени жарым саатча тепкиледи.
Оозу-мурдумдан кан акты. Таяк жеп жатып, Ормотойду селдесинен тартып, келме
келтирген оозуна чейин калтырбай сөгө баштадым. Эл чогула баштады. Ормотой
унчукпастан үйүн көздөй басып кетти.
Качып жөнөдүм. Ысак менен Ысрайыл аркаман кууп жетип кармашты:
-Кайда барасың? Биз тууганбыз, биздин атабыз сага ата эмеспи? Ата деген баласын
урат. Андан эмне болот эле. Бизди деле урат го...
Мен ата-бабасын койбой сөгүп, колума эмне тийсе, ошону менен аларды ура
бердим. Кайтпасымды билгенден кийин:
-Алдагы кийимдерди чечип кет дешти.
Бит баскан куур тон менен калдыраган жаргак шымды чечип бердим.
- Тебетейчи.
Башымдагы тамтыгы чыккан эски малакайды да ыргытып таштадым. Энеден жаңы
туугандай жылаңач бойдон эл аралап, 12 километр жол бастым. Таласбайдыкына да
жыпа-жылаңач бойдон кирип келдим. Таласбайдын аялы тим эле жерге төшөлгөн
таардан шым, көйнөк тигип берди.
Ормотойдукунда жүргөндө ит көрбөгөндү көрдүм. Мен тартпаган азап, мен
көрбөгөн кордук калган жок, мен татпаган ачуу суу калган жок. 1941-45-жылдардагы
Ата Мекендик согуш башталганга чейин түш көрсөм эле Ормотойдун өзүн, койлорун,
какчыйган жезкемпир энесин көрчүмүн. Ормотойдун чоң муштумунан башымды
далдалап, жүрөгүм болкулдап коркуп чыгуучумун.
Эми (уруштан кийин) түшүмө согуш көп кире турган болду.
Ормотой дагы эле түшүмө кирет, бирок, анда-санда.
Таласбайдыкында аз эле күн жүрдүм. Качан актын Жуманаласынын айылына эл
топтолуп жатты. Кемегелердеги казандарда эт кайнап жатат. От жагып чуркап жүрсөм,
Суранчы деген коржойгон узун киши «бери келчи» деп чакырып алып, колуман
жетелеп, четтеги бүгүн жаңы тигилген ак өргөөгө алып барды:
- Баягы, Темиркул деген, кайыптан окуп молдо болгон бала ушул, болуш, - деди
Суранчы төрдө отурган семиз кызыл кишиге карап.
- Олтур ошондой, жетимче, - деди болуш. Осмонбек ажынын уулу Жуманалы болуш
деген ошол экен. Ал менден кайып жөнүндө, кантип окуганым жөнүндө сурай
баштады. Мен бардык чындыкты айтсам, ишенишпеди.
- Айтпа - деп койсо керек, ошон үчүн кайып да, садагасы кетейин жарыктык,
кудайымдын ишин такып суроонун кереги жок, -деди болуштун оң кол жагындагы
отурган эчки сакал чаар киши.
- Эгер кишиге айтпа деген болсо, айтпа, уулум, - деди болуш.
Андан кийин Суранчы «бул ырчы бала» деп айтып, аябай ырдатышты.
Эл тарай баштаганда Суранчы мени дагы таап: «учкаш мага!»
деп буйрук кылды. Көрсө ал болуштун жигити экен, мени анын улуу салынды аялы
Кайнардын үйүнө алып барды:
- Сен ушул үйдө жүрөсүң, музоо карап, от жаккандан башка жумушуң жок, - деди
Суранчы.
Жуманалы болуштун Кайнар, Ажар, Таштан деген үч аялы, үч аялынын үч үйү, үч
бөлөк чарбасы бар. Ажары менен Таштаны коңшу туруп, болуш экөөнө кезек менен
конок болот экен. Кайнар болсо Жуманалынын өлгөн иниси Асанбекти жесири
Ачпейим менен коңшу болуп, бөлөк отурат экен. Болуш Кайнарга көп жылдан бери
жолобойт экен. Кайнардын Акбар, Акмат деген эки
уулу, экөө тең Ташкенде окушуп, үйүндө эки келини, бир кызматкер аялы, бир чал
кызматкери бар экен. Мени менен беш баш киши болуп калдык Ташкендеги экөөнү
кошпогондо). Курсагым тоюп, киймим бүтөлүп калды. Бирок жаным тыным албайт,
майда жумуштар эң эле көп. Кайнар өзү жана улуу келини мага унчугушпайт. Бирок
Сүйүмкан аттуу кичи келини (Акматынын аялы) чаар жыландай заарып чачат:
- Темиркул! Өлүгүңдү көрөйүн, куу жетим. Суу алып кел.
Отун керт. Музоолор кайда кетти? Соку алып кел, шалы акта...
Таң аткандан эл уктаганча, жаным тынбайт.
Бул жерде жүргөндө да бир жолу таяк жедим. Жуманалынын Атабек деген иниси
Кайнарга коңшу конуп калды. Бир күнү ал мени ат кармап келүүгө жумшады. Жолдо
бара жатып топташ ойношкон балдарга жолуктум да, алар менен топташ ойноп
калдым. Ат эсимден чыгып кетиптир. Кечке жакын короодо жүрсөм:
- Темиркул, бери кел! - деп чакырып калды Атабек. Ал дөбөдө отурган экен. Чуркап
барсам «тебетейиңди мага берчи» деди. Ошентип, тебетейимди алды да «биздин
үйдөн барып, менин камчымды алып келе койчу, айланайын», -деди. Капарыма эч
нерсе келбей эле камчысын алып жетип келдим. Сол колу менен билегимден кармап
алып, оң колундагы камчы менен чыпылдатып
башыма сабай берди. Көздөрүм карая түштү, ошол бойдон эмне болгонун билгеним
жок. Башымдын бардык жеринен ийне менен сайгылаган чаначтан аккан суудай кан
диркиреп, бетимди, мойнумду жууп кетиптир.
1923-25-жылдары Жуманалы болуштун салынды аялынын үйүндө жүрдүм. 1925жылы Жуманалынын уулу Акбар Ташкенден келип калган эле, ал мени интернатка
жетимдерди чогултуп жүргөн кишиге кошуп берди. Ошентип 1925-жылы Аксы балдар
үйүнө келдим, ошол жерде комсомолго өттүм. 1926-жылы Оштогу мугалимдер
техникумуна бардым. Аны кийин, 1929-жылы Жалал-Абад шаарында бүтүрдүм.
1928-29-жылдары
техникумда окуп жүргөндө газеталарга кабар, дубал
газетага ырлар жаза баштагамын. «Кызыл Кыргызстан», «Чалкан», «Ленинчил жаш»
ж.б. ыр менен жазган фельетондорум чыккан.
1929-жылдын август айынан тартып 1931-жылдын апрелине чейин Ноокатта
мугалим, кызыл үй башчысы, райкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп
иштедим. «Кызыл Кыргызстан» менен «Ленинчил жаш» газеталарынын үзбөй жазган
кабарчысы болуп жүрдүм. 1931-32-жылдары Фрунзеде облкомсомолдо бөлүм башчы
болуп иштедим. Андан кийин газета жумушунда, 1934-35-жылдары Араван МТСинде
саясий бөлүм начальнигинин
комсомол иши боюнча жардамчысы болуп иштедим. 1935-жылы август айынан 1937жылдын ноябрине чейин «Кыргызстан пионери» газетасына редактор, «Ленинчил
жашка» редактордун орун басары, «Кызыл Кыргызстан» газетасында бөлүм башчы
болуп иштедим. 1932-жылы Ташкенде, 1936-жылы Москвадагы (кызматтан
бошобостон эле) Коммунистик журналист институтун
бүттүм.
1937-жылдан 1941-жылга чейин (уруш башталганча) Кыргызстан Жазуучулар
союзунун жетекчиси болуп, адабият журналынын редактору, литфондунун директору
болуп иштедим. Согуш башталары менен армияга кеттим. Фронттордо согушка
катышып, жарадар, контуженный болдум. Калинин, Түндүк Кавказ, Кавказ арты, 2-, 3жана 4- Украин фронтторунда болуп, согуш менен Румынияга, Болгарияга,
Югославияга, Венгрияга, Австрияга барып кайттым.
Армиядан 1946-жылы кайттым. «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору
болуп иштедим. 1932-жылы партияга өткөмүн. 1938-40-жылдары, 1946-47-жылдары,
андан кийин 1951-52-жылдары Жазуучулар союзунда партиялык уюмдун секретары
болуп иштедим.
1935-жылы ВКП (б) Араван райкомуна, 1950 жана 1951-жылдары (эки жолу)
Кыргызстан КЩб) Биринчи май райкомуна мүчө болуп шайландым. 1934-жылы
Жазуучулар союзуна мүчө болуп өткөмүн.
Мен балалык чагым эң кыйын жылдарда өткөн. Бала болуп ойногон жокмун. Атаэнеме, агаларыма, эжелериме эркелеген да жокмун. Беш же алты жашта болушум
керек? Биздин айылдын кишилери күрөк, кетменин, керки-чотун алып, азык-түлүгүн
көтөрүп, Кабактын жолун казууга барабыз дешип кетип жатышчу. Падышанын буйругу,
аткарбаска айла жок, деген сөздөрдү бардыгы кайталап айтышканынан улам ырды
жаттагандай оюма жат кылып калсам керек, алиге унутпаймын. Кабактын жолу
дегенин кийин көрдүк. Азыркы Таш-Көмүр шаары турган жерден, азыркы Токтогул
районунун борборуна чейин араба менен каттай турган жол куруу жөнүндө жогортон
буйрук болуп, иш башталган экен. Бирок, көп узабай эле «согуш башталды» деген
кабар болуп, жол куруу иши токтолуп калыптыр. Көрсө, дүйнөлүк биринчи согуш
башталган, 1914-жыл тура.
Ошол «Кабактын жолу» деп аталган курулуш чоң окуя сыяктуу эсте калган. Уу-чуу,
уруш-жаңжал. Байлар, мырзалар, колунда бар кишилер үчүн эч кандай кыйынчылык
болбогон менен кедейлер, бечаралар үчүн азабы күчтүү болгон. Ач, жылаңач, өз
оокаттарын таштап, жер казып, таш оодарып, ээн капчыгайда
иштөө оңой болбосо керек. Бардык жумушту кара күчкө салып, кол менен бүтүрүү
оңойбу. Качып, жашынып, каршылык көрсөткөндөрдү бийликте тургандар аяшпаса
керек? Менин чоң энем жобурап, мага айтып калаар эле. Ошол окуяны сүрөттөгөн
Жеңижок ырчынын ырын да чоң энемден уккамын:
Жазгы баар болгондо,
Көк чымырап толгондо
Оёздон отуз кат келди,
Кабактын жолун каз деди.
Каяша кылган кишинин
Жонуна камчы тарс деди.
Экөө бара бир атка
Учкашкандар көп болду.
Эли башы чыр салып
Мушташкандар көп болду.
Үчөө бара бир атка
Учкашкандар көп болду.
Үйүңө жатып алдың деп
Мушташкандар көп болду.
Ошентип, жол курулушу башталып, бирок бүтпөй токтолуп калган. Кийин Совет
бийлигинин жылдарында кайра башталып, тасмадай сызылган чоң, даңгыр
автомобиль жолу бүттү. Фрунзе-Ош магистралынын чоң бөлүгүнүн Токтогул, Күрп-Сай,
Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Бостери менен байланыштырган сонун жолду азыр ким
билбейт. Падыша заманында бүтпөгөн иштердин бардыгы биздин заманда бүтүп
жатат. Илгери мүмкүн болбогондун бары азыр мүмкүн болду. Илгеркилердин колунан
келбеген иштер азыр биздин колдон бүтүп жатат.
Ошондон бир аз кийин «мендикер» деген сөз чыкты. «Алыс, бир жакка, жердин
түбүнө алып кетет экен. Кайра келбес сапарга кетишет экен», - деп чуулдашты. Чоң
атамдын бир тууган иниси Кошалы абам камынып, кийим-кечесин тактап, бешенеге
жазганын көрөбүз. Кырк жыл кыргын болгондо да бей ажал чымын өлбөйт имиш.
Көрөөр күн, ичээр суу түгөнбөгөн болсо, айланып кайра келээрбиз. Болбосо жигит
өлүгү Кайда калбаган», - деп бакылдап, кимгедир, бирөөгө ачууланып жатты. Күмүшай
жеңем чачын жайып салып: «айланайын жолборсум, акыреттик жолдошум, сенден
ажырап көргөн күнүм курусун, мен бейбак, мен шордуу. Мен өлөмүн, мени топуракка
жашырып кет!» - деп күйөөсүн тирүүлөй жоктоп, тирүүлөй аза күтүп чаңырып жатты.
«Кой, ыйлаба. Бир жылда, ашып кетсе эки жылда келем. Эки жылда келбесем, башка
бирөө менен кол кармашып оокат кыл. Андан көп күтпө, мен ыраазымын» дейт
Кошалы абам. Үрүс таякем, Сеңкибай абам, дагы башка туугандар: «Барбайбыз,
кармашып өлөбүз. Тоого чыгып кетебиз. Камынгыла, куралдангыла!» дешет. Үрүс
таякемдин колунда учунда муштумдай уютулган
темир ашталган таягы бар. «Мына бул шылк этме турганда мага ким батынып келет?
Он солдатты аттан түшүрө чапканга жараймын. Андан кийин өлсөм мейли», - дейт.
Кыйкырат. Көрсө, бул 1916-жыл экен. «Беш үйдөн бир киши бергиле, жумушчу
батальонуна биригип, согушка керектүү иштерди аткарышат, ок атылган жерге
барышпайт. Коркпогула-деп жатпайбы. Калп айтмак беле? Өкмөт калп айтпайт. Ажал
жетпесе, тез эле кайра келишет», - дейт Бердалы абам. Анын сөзүн уккан киши жок.
Кошалы абам кетип, кайра бат эле келип калгандай болду. Ийининде пагону бар
боз шинель, көлтөйгөн чоң өтүк, жез топчулуу кайыш шапка кийип келди. Арадан
канча убакыт өткөнүн билбейм, кеч күздө эл кыштоого көчүп жатканда келди. Улам
бир үйгө чакырып коноктоп, тегеректеп, сөз сурап жатышты.
- Николай падыша тактан түштү, силер эркинсиңер. Кааласаңар, үйүңөргө кете
бергиле! - деген буйрук болду. Ошентип, биз вагондорго жармашып келе бердик, дейт Кошалы абам.
- Николай түшсө, алтын такка ким олтурду? - дешет чуулдашып.
-Анысын мен кайдан билмек элем? - дейт Кошалы абам. Бир топ сөз уктум,
түшүнгөн жокмун. Ар түрдүү баракчаларды таркатып беришет, окуй албаймын.
Ошол эле жылы чөп чыкпай, кургакчылык болду. «Кара тумоо» деген оору каптады.
Кышында мал кырылып, малдан көп адам апат болду. Биздин айыл өлгөндөрдү көмө
албай калды. Мүрзө казууга киши чыкпайт. Сеңкибай абам, Баялы абам, Кошалы абам,
чоң энем, Каракөз, өз атам Үмөталы, карындашым Айтбүбү бир жуманын ичинде
өлүштү. Түндүк жабуу тартылбай, эшик ачылбай калды. Апам ооруп жатып айыкты.
Ызы-чуу, күрү-күү, ит улуп, кыштан эптеп чыктык. Жазгы баар болгондо, көк чымырап
толгондо, биздин үйдүн жанына эл топтолду. Быржыбай молдо баш болгон он чакты
аксакал келип, өкүм угузду: Үмөталы өлдү, Кайнар жаш калды. Ала турган кайниси жок
болгондон кийин, башын ачып койгонубуз жакшы. Үй - аялдыкы, Кайнарга калат.
Балдар чоң атасына калышат.
Ошентип көрүнгөндүн колунда жүрдүм. Койчуман атка кондум, көрбөгөнүм көр
болду. Кыштын ызгаарында жылаңаяк кар малтап, койдун артынан чуркадым. Көйнөк
жок, жылаңач этиме эчкинин терисинен жасалган куур тон кийип жүрдүм. Тоё тамак
жеп көрбөсөм керек. Катыксыз кара жарма менен кыштан чыгып, жайды жайлата
көргөнүм эчкинин айраны болду. Мойнум алманын сабагындай ничке, курсагым
чердейип, буттарым ийрейип, 16 жашка чыкканча 8 жашар баладан кичине көрүнүп
жүрдүм. Мени менен эч ким сүйлөшпөйт, адам деп санабайт, мага эч ким эч нерсе
айтпаса керек. 1924-жылы интернатка барганча Совет бийлиги жөнүндө таптакыр
укпаптырмын. Ак-Суу интернатынан окуй баштаганда гана «Октябрь революциясы,
Ленин,
партия, Совет бийлиги, комсомол, Кызыл Армия», - деген сөздөрдү угуп, ал сөздөрдүн
маанисин түшүнүүгө аракет кылдым. Көрсө, биз жашаган тоо арасы шаардан алыс
болуп, анын үстүнө качкан-бозгон басмачылар алыскы айылдарды мүңкүрөтүп,
коркутуп, кишилердин ооздоруна кулпу салган абалга туш кылган экен. Көрдөн
тирилип тургандай, кара түндөн кутулуп, жарык көргөндөй, туткундан бошоп
эркиндикке чыккандай болгонум эсимде. Интернатка да кечигип, окуунун
башталганына кыйла убак болгондо, декабрдын орто ченинде келгемин. Мына ошол
күндөн баштап менин шорум арылды. Совет бийлиги мага ата да, эне да болду.
Мамлекеттин эсебинен жашоого биротоло өтүп алдым.
Апамды өлүп калган деген сөзгө ишенип жүрсөм, тирүү экен. 1938-жылы, туура 20
жылдан кийин таптым.
2. ӨТКӨН ӨМҮР, БАСКАН ЖОЛ (Үзүндү)
АРСТАНАЛЫ
Ормотой экөөбүздүн кимибиз кара жолтой экенибизди кайдан билейин, иши
кылып, анын үйүндө мен жүргөн үч жыл мен үчүн гана эмес, бүт азыркы Жаңы-Жол
району орношкон аймак үчүн кыйын жылдар болду: ооруу-сыркоо, өлүм-житим,
ачкачылык, басмачылардан азап тартуу, кыскартып айтканда, баштан эмнелер өтпөдү.
Тегененин капчыгайында, Суук-Дөбөдө көмүлбөй, ит-куш сүйрөп жеп жаткан
адамдардын өлүктөрүн канча жолу көрбөдүм. Мен Ормотойдукуна жаңы эле барган
жылы кышында аябаган көп басмачы келип, бир үйдү соо койбой, бардыгын талап
кетти. Эмне үчүндүр малга жана данга тийбестен, жалаң буюм-кечелерди,
кийимдерди, ээр-токумдарды шыпырып кетти. Кээ бир үйлөрдө төшөнүп жана
жамынып жатаарга эч нерсе калбады. Эски ускудан башка жаңы кийим, эч кимде
мурун эч качан болбогон сыяктанды да калды. Кыз-келиндердин колдорунда
шакек, билерик, кулактарында сырга же сөйкө, моюндарында шуру да калбады. «Бул
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 09