Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 06

Total number of words is 4231
Total number of unique words is 2588
24.1 of words are in the 2000 most common words
35.2 of words are in the 5000 most common words
41.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Дыйкан өттү жер чийген.
Кемпир болду кыз бурак,
Тиши жок, эрди кемшийген...
Жер каз кетмен сынганча,
Иште тердеп дунганча!
Антпесең өтөт өмүрүң
Ачып көздү жумганча.
ЖАРАБАС
Капасы жок адам аз,
Чыдабасак жарабас.
Бир күндө бир миң өзгөрүү
Жакшы, жаман аралаш
Баардыгын чыдап көтөргөн
Жашагандан жадабас.
Жадабасак өмүрдөн,
Кайгы-муң кетет көңүлдөн.
Тыйылат көздөн аккан жаш,
Тарайт булут көгүңдөн.
Угабыз канча ырларды
Алыс жүрсөк өлүмдөн.
ЖОГОЛГОНБУ
Эл адашты акылдан,
Жардам жок же бир баатырдан.
Жоголгонбу пайгамбар
Жакшылыкка чакырган?
Көбөйүп жатат күнөөсүз
Көчөлөрдө атылган.
Көбөйүп жатат байлардын
Акчасын көрүп сатылган.
Бий болом деп, тамагы
Айрылганча бакырган.
Көбөйүп жатат камгактай,
Өлүүгө даяр, жан бакпай,
Коркутуу үчүн атасын,
Бөбөккө шилтейт балтасын.
ОЙЛОШКӨНДОР ӨЗДӨРҮН
Өзүмчүлдөр өлкөнүн
Жоготуу үчүн көркөмүн,
Өстүрбөө үчүн өркөнүн, Апчысам деп кай жерин,
Алсам деп жулуп бай жерин
Кызартышат көздөрүн...
Ойлошуп жалаң өздөрүн,
Өздөрүнүн чөнтөгүн
Толтурушуп жатышат.
Эл байлыгын чачышат,
Эптешет, кымтып катышат,
Бөйрөгүнө мекендин
Уу чеңгелин батырат.
Сөзүн ук андай «чечендин»,
Ал мындайча бакырат:
«Бактысы үчүн жергемин
Бардык күчтү бергемин,
Өлкөсүн сүйгөн эр менмин!»
Айтпай калсын өлсө да
Акты «кара» дегенин,
Өлкөнү талап жегенин.
Бүтүрбөй жумуш кымындай,
Бекерге көнгөн чымындай
Балга конуп келгенин...
ДЕБЕГИН
Өз жериңди сүйбөсөң,
Өз элиңе күйбөсөң,
Бириңе-бириң карашып,
Бир кишидей жүрбөсөң,
Башканы да сүйбөйсүң,
Башкага да күйбөйсүң.
Жактабасаң элдердин
Жаратуучу эмгегин.
Колдобосоң бирдигин
Көп улуттуу жергенин,
Эркиндиктин желегин
Мен көтөрөм дебегин.
КУБАНТАТ
Ар кимдин сүйгөн ыры бар,
Отуна жаны жылынар.
Мен сүйгөн ыр жаш кезден
Тазалык менен сулуулук!
Кубантат ал ыр эстесем
Кулагыма угулуп...
САЯПКЕР
Саяпкер үйдө жатпасын,
Саяпкер күлүк таптасын,
Эр милдетин аткарсын.
Эрегиште байге алып,
Эл ишенчин актасын!
Бакканы учкул шамалдай,
Көрүнүшү маралдай,
Жарышса жетпейт жагалмай.
Куткарбайт минсең кууганды,
Качырган калат таба албай.
ҮМҮТКӨР КЫЛДЫҢ
Билбеймин кандай көрөсүң?
Ачылган ак гүл мүнөзүң!
Үйүңө барсам кылтыңдап,
Үмүткөр кылдың сен өзүң...
УККУМ КЕЛЕТ
Күн төбөдөн от жагып тердеткенде
Уккум келет сөзүңдү бал кымыздай.
«Жел бар бекен боюмду сергитээрге?»
Дегим келет өзүңө жанга угузбай.
Көктө жылдыз жыбырап, ай турганда
Уккум келет үнүңдү кубулжуган.
Сенин тааныш добушуң угулганда
Сагынганын тапкансыйт, бул курган жан.
Көктөн жылдыз суюлуп, таң сүргөндө
Уккум келет ырыңды жан эриткен.
Кылчактаймын бир жакка жол жүргөндө
Кетким келбей кыйылам эмнеликтен?
КУБАНУУ
О, жаш акын, бир боорум!
Ойлон, изден, ойлогун!
Ой чаркар көл, түбү жок,
Кур убара болбогун!
Күчтүү сезим кубануу Кайың эмес бүрдөгөн,
Өрүк эмес гүлдөгөн,
Өңүн эч ким көрбөгөн.
Байлабайт мөмө алмадай,
Аары да эмес балга бай.
Тарпылдап канат какпайт ал
Түнөгү жок каргадай.
Кубантат сени эмгегиң,
Чыгарсаң көркүн жергеңин.
Көп болсун десең кубануу,
Күрөш, иште, тердегин!
Мен кубангам жол бүтүп,
Суусамырга ашканда.
Сүйүнчүлөп жаштарга,
Ошого бир ыр жазганда.
Мен кубангам майданда
Жоо жеңилип качканда,
Туу желбиреп асманда,
Күн нурун бизге чачканда!
Мен кубангам ошондо
Кайтып элге келгенде,
Сүрөттөй сулуу жергемде
Сүйгөнүмдү көргөндө.
Келбейт өзү кубануу,
Отурсаң бекер иштебей.
Адырга бүткөн мистедей
Эл үчүн бакыт издебей.
САНЖЫРАЧЫГА
Тарыхты эчак жериген,
Жаңылган айтчы кебинен.
Бөлүп, жарып урукка,
Айрылган тууган элинен.
Санжырачы кетсин дейт
Кыргызды кыргыз жеринен.
Ары тур, баарын иритпей,
Былгытып, бузуп чиритпей.
Өрчүйсүң, кайдан өнөсүң
Өлгөн салтты тирилтпей?
Бөлбөй жүр кушчу, сарууга,
Эл болуу кыйын бирикпей.
Бирдик бар жерде күчтүүсүң,
Бийиксиң, бекем түптүүсүң.
БАЙКАП ӨТ
Аралап чөптү, мыяны,
Басканда каптал, кыяны,
Тийбей өт көрсөң уяны,
Түк тийбейт сага зыяны.
Жатпайбы ак күп балапан,
Бузбагын чымчык уясын
Жаш бөбөк окшош карасаң,
Өлүмгө кантип кыясың...
Чыйпылдайт байкуш алы жок,
Кылалбайт жандын аргасын.
Байкап өт, бутуң чалбасын,
Жанчылып жатып калбасын.
ТАЛАНТ ӨЛБӨЙТ
Сары жез чирийт акыры
Сандыкка салып катса да.
Чын алтынды дат баспайт
Миң жыл жерде жатса да,
Өткүр жигит өйдө өтөт,
Жүргөн жерин гүлдөтөт.
Тоо жыгылып, таш кулап,
Төбөсүнөн басса да.
Талант өлбөйт, жигиттер,
Дарга алпарып асса да.
КЭЭДЕ
Күнүн көрүп жетимдин,
Курчумдан эрте кетилдим.
Таяктады көрүнгөн,
Тамтыгы жок этимдин.
Көгөрбөсөм чынардай,
Кайдан жүрүп эсирдим?
Аябаса тууганым,
Анан кайдан куунадым?
Чалгы тийип кесилген
Чөптөн бетер кургадым.
Ошон үчүн мен кээде
Өткөндү сөгүп ырдадым...
ТАҢЫРКОО, АЛКЫШ АРАЛАШ
Профессор эмес бул,
Бирок, эң көп билгени.
Эмдебеди кимдерди?
Ар качан иши илгери.
Илимпоздон кем эмес,
Изилдеп чыккан бардыгын,
Көрсө да дүйнө тардыгын,
Өткөрбөгөн бекерге
Өмүрүнүн ай-жылын.
Билет кай бир жардынын
Кай дарыга зардыгын.
Ичирип суусун мүрөктүн,
Илдетин басат жүрөктүн.
Жакшылыктан башкага
Коротпойт бир да мүнөтүн.
О, Гүлайым, эмчи кыз,
Ай десе, айдан нурдуусуң.
Жайкы күндөй турушуң
Улукмандан улуусуң.
Астыңан чыккан ар адам,
Ай жүзүңдү караган.
Айыга турган тез эле
Ай балта тийген жарадан.
Сактанганды билбестен,
Соо жанымды кирдеткен.
Санда жок шордуу мени да
Сакайттың канча илдеттен.
Муунткан кесел жоголду,
Кыйраган жаным оңолду.
Өлбөй турсам, аз күндө
Ашып өтөм Долонду.
Эң көп көрөм - бир өзүң
Эмканада жүрөсүң.
Курбулар менен гүлзарда
Качан ойноп күлөсүң?
Сенден артык ойлобойт
Өң-түс жактан күн өзүн
Ак үйүңө бактынын
Ак шумкары түнөсүн!
Сакадай бою сары алтын,
Ойлогон ою бары алтын
Кыргыз кызы Гүлайым,
Көз сал, сага кудайым!
МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙ
Эч ким менен кеңешпей.
Эч кимге боюн ченетпей,
Аталардын үйүнүн
Эшигин ачты Семетей.
Башындагы тебетей
Хан Бакай баштап көтөргөн
Касиеттүү желектей.
Көрүнүшү башкача:
Көөхар, алтын тап-таза
Баа жетпес укмуш белектей.
Айтса бүтпөс жомоктой
Дат баспаган болоттой.
Оюна кир жолотпой,
Манастын уулу Семетей,
Миң жыл жана, аман жүр!
Ак пейил бол, адал жүр!
АДЕПТҮҮЛҮК
«Адептүү бол!», «Адилет бол!», «Чын сүйлө!»
Ушул үч сөз, күчтүү кезде, бул дүйнө
Жарашыктуу жана сулуу укмуштай,
Үчөөнү тең жактагыла, сүйгүлө!
Айтылган сөз жылдар бою миңдеген,
Деги ким бар, бул ырларды билбеген?
Адептүүлүк жөнүндөгү чоң китеп
Колдон колго өтүп жүрүп кирдеген.
«Адептүү бол», - деп сайраган бир акын
Алып көндү, эки күндө бир катын.
О, теңтуштар, кандай болот бул дүйнө
Адепсиздик жайып алса кулачын?
МӨӨР БОЛУП БАСЫЛГАН
Көк шибер, көйкөл жайлоодо
Көкбөрү тарткан күн эсте,
Селкинчек тепкен түн эсте,
Бийчи кыз сунган гүл эсте,
Ырчы кыз салган үн эсте.
Ал жыргал кез жүрөккө
Сүрөт болуп тартылган,
Дастан болуп жазылган.
Өчпөй турган миң жылга
Мөөр болуп басылган.
НООРУЗ
Өмүр тилеп балдарга,
Ден соолук тилеп чалдарга,
Өсүүнү тилеп көк тиреп.
Карагай, кайың, талдарга
Келди Нооруз майрамы,
Көрүнүшү жайдары.
Көрүнүп шаңдуу кап-кайдан,
Ала-Тоодой чалкайган,
Ысык-Көлдөй жайкалган
Келди каалап, жаз майрам:
Көл бөксөрбөй, толушун,
Элде тынчтык болушун.
Сайраңдап эркин бой керип,
Сүмөлөк жасап, той берип,
Келди майрам нур жүздүү!
Ө, жаш досум, бол шерик!
Достук ырын ырдайлы,
Болбосун элде муң-кайгы.
КӨТӨР ТУУСУН
Көтөр туусун тынчтыктын,
Жашоо үчүн күрөшкүн!
Багында түркүн гүл өссүн.
Мойнуңду сулуу күн өпсүн!
Көтөр туусун достуктун,
Өчсүн оту кастыктын!
Калбасын изи эч жерде
«Жек көрөм», - деген пастыктын!
Каалабайт эч ким кырсыкты.
Кемечтеп оозу кыйшыкты,
Жактагыла, тынчтыкты!
Сактагыла, тынчтыкты!
КИТЕПТЕ
Китеп менин эски досум айрылбас,
Максатынан, өз сөзүнөн айныбас.
Китеп менен алга баскан адашпас,
Мүлк жыйнабай, китеп жыйган жаңылбас.
Мен китептен издегеним табамын,
Мен китептен каалаганым аламын.
Китеп казна, илим-билим булагы,
Ким алтынга сатсын китеп барагын.
Китеп мага өмүр жолун тааныткан,
Китеп мага качан болсо жарык таң.
Акылыма акыл кошот чарчабай,
Кабар берет эчак өчкөн алыстан.
Билбегенди окуп билем китептен,
Жакшы китеп менин шыгым күчөткөн.
Китеппи деп ойлоп кетем кээде мен.
Жүрөгүмдүн ыр милтесин түтөткөн?
Акылмандын табылгасы китепте,
Акындардын жалындашы китепте.
Бүт ааламдын жабык сырын көрөсүң,
Көңүл коюп карай билсең китепке!
КАЙДАГЫ ДӨДӨЙ
Тоңдонмун дейт бир жигит,
Бети кызыл манаттай,
Мас болуптур таң атпай,
Челкейип ичи чаначтай.
Кебетеси илгерки
Этке тойгон манаптай.
Өткөрдү сындан көп элди,
Бирин дагы жаратпай...
Кайдагы дөдөй бул өзү,
Айтаар сөздөн адашкан?
Талашпас сөздү талашкан
Уккавдарды жадаткан?
Уялбастан түз эле,
Туулгам дейт Манастан.
Саруу качып келген дейт,
Эр өлтүрүп Таластан...
Кайдагы дөдөй деги бул,
Токтобос жолго токтогон?
Төрт кылым мурда ноктодон
Кутулганды жоктогон?
Түп атаң кески болчу деп,
Тууганга мылтык октогон?
Уялбаган эл-журттан
Же кудайдан коркпогон?
Көчсүн дейт сырдуу Даркандан,
Өлсүн дейт учуп Чаткалдан...
Таш капсын жаман тилегиң,
Сен өзүң кула аскадан!
Сен көргөндү көрбөсүн,
Бир дагы сенден башка жан.
Жер жутсун ою жаманды,
Көл жутсун куйтку адамды.
БААРЫНАН ЖАКШЫ
Айгыр болуп тебишпей,
Бука болуп челишпей,
Ынтымактуу болгула,
Боз балдар окшош эгиздей!
Кеткен жаман көрүшпөй,
Бир жүргөн жакшы кол үзбөй.
Жөнү жок тетир карашпай,
Жердештин жерин талашпай,
Акылга бай болгула
Атаңар айкөл Манастай!
Бөлгөн жаман кошпостон
Баарынан жакшы достошкон.
БИЛБЕСЕҢ
Жаман жок карап туруудан,
Алдыга чыгат жулунган.
Оңкочук атат ал бирок,
Табалбай түз жол булуңдан.
Билбесең: «билем» дебегин,
Билгендин карма элегин.
ҮНДӨП АЛ
Көбөйүп жатат тыңсынган,
Көбөйүп жатат кыйкырган.
Кыргыздын бийи менмин деп,
Көмөкөйү жыртылган.
Күчүң жетсе, күнгө бар,
Каухар, жакут күндө бар.
Акылың жетсе, кыйкырбай,
Ак шумкарды үндөп ал!
ЖЫРГАТСА БОЛДУ
Түшүнүксүз кез келди,
Кай бир сөздөр тескери.
Чын болбосун деп корком
Акыр заман дешкени?
Эч ким жок тыштан кол салган,
Согушта жок, от жанган.
Анан неге көп жерлер
Кош чыкпастан бош калган?
Көп киши бошоп кызматтан,
Дыйкан качты кыштактан.
Бул кандай жаман көрүнүш
Эл көңүлүн муздаткан?
Эл баягы биз билген,
Жер баягы биз көргөн.
Бирок жүргөн адам көп
Ой пикири өзгөргөн.
Ал деген ооздон чыкпастан,
Бер дейт арзың укпастан.
Тойгуз дейт ачка курсакты,
Айтпай кабар иш жактан.
Буурусун шайман чечилбей
Баба дыйкан эңилбей,
Бош жатат канча адыр, түз
Буудай же таруу эгилбей.
Жүрүшкөнү хандардай,
«Кетсек дешет сандалбай»...
Ойлошкону Америка
Ал жакта бекер нан бардай.
Ата болгон ар адам
Аямак беле баладан,
Бирок быштак, май түгүл,
Дүкөндө жок, кара нан.
Кайдан ким келип куруткан?
Калктын көбү унуткан.
Мал жок жерге чүйгүн эт
Түшмөк беле булуттан?
Тиш жуугуч жок, самын жок,
Барыбызды кир басты,
Балдар да мойнун тырмашты.
Ызалуу акын ыр жазды.
Алып сатар көбөйдү,
Аябай алкы бузулду,
Акырын баспай кутурду.
Өрдөгүн көккө учурду.
Отуз сомдук өтүктү,
Беш жүз сомго сатышты,
Акчага белден батышты.
Алтынды жерге катышты.
Бир ырды чогуу ырдашып
Жүрүшкөндөр бир басып,
Алым сактан душмандай,
Ажырашты чырдашып.
Бирин бири жектешет,
Жолобой жакын, четтешет.
Байлыгын тартып алчудай
Бул айылдан кет! - дешет.
Тетири жүргөн андан көп
Бирин бири тузактайт.
Бирин бири бычактайт.
Кетирбейт, алыс узатпайт.
Бирин бири торошот,
Бирин бири тоношот.
Кур десе укум-тукумду
Жыргатар болду болочок.
КУУГУЛА АЛЫС
Адамдын өтө жаманы,
Ак дейт, коодой караны.
Конуштан бир мал жоголсо,
Коңшуга жабат жалааны.
Бул мындай деп бурмалап,
Бузат дайым араны.
Өзүнүн билбей жаманын,
Жаман дейт, жакшы тууганды.
Төмөн дейт, бийик турганды,
Чоркок дейт, чоң үй курганды.
Айылдан алыс куугула
Ал өңдүү кудай урганды!
О, ЖАШ ДОСУМ
Жыргаар кезде кайгы жок
Үй издейт, тураар жайы жок.
Сыпаа жигит акылдуу
Сүйлөбөйт сөздү дайны жок.
О, жаш досум, боз улан!
Болбойт сага жаңылуу,
Болбойт ыксыз чамынуу.
Болгун дайым сабырлуу!
Кыргыз салтын бузбагын,
Кызуу кандуу болбогун,
Эртеңкиңди ойлогун!
Тынч болсун курган коргонуң!
Кимге керек чыр чатак?
Жигит болсоң жосундуу
Колдо дайым досуңду,
Капа кылба коңшуңду!
Биздин ата-бабалар
Бирге жашап конушкан.
Бак конгон кенен өрүштөн
Табылганды бөлүшкөн.
Жамандыкка кыйбастан,
Бирин бири сыйлашкан,
Тоо жаңыртып ырдашкан,
Тойлордо бирге жыргашкан.
Аракет, бирдик бир жерде
Жоголгонуң табылат,
Эскиргениң жаңырат,
Үйдүн да үстү жабылат.
О, жаш досум, боз улан!
Жек көрүү уусу кошулган,
Жаман сөздөр эч качан
Чыкпасын сенин оозуңдан!
Дос жолун бөгөп тоспогун,
Достук ыр болсун созгонуң!
Орус, өзбек бардыгы
Болушсун жакшы досторуң!
Күч атасы бирдикте,
Бирдикти сыйла ар дайым,
Элиңди ойло ал жайын!
Ойлогун: «четте калбайын».
Күч кошулса күчүңө,
Түк эч кимди кор тутпа,
Түк эч кимди коркутпа!
Эңкейиште колтукта!
Жалгыз шерик өнөк бол,
Алсыздарга жөлөк бол!
Тар жол, тайгак кечүүдө
«Сен ким?» дебей, көмөк бол!
САКТАГЫН
Ден соолугуң болбосо,
Отуң кайдан жагылсын.
Малың кайдан багылсын,
Кайгы-муң кайдан арылсын.
Ден соолугуң болбосо,
Тирүү туруп шалсың сен.
Жаш болсоң да чалсың сен.
Жоктон көрө барсың сен.
Сасык тумоо сасыкты,
Ага сен эшик ачпагын.
Ал кирген үйгө жатпагын.
Өзүңдү андан сактагын!
КИМ ТАНАТ
Кийинки бизде жаңылык:
Угулчу болду чаңырык...
Коркушканы «калбасын
Капчыгыбыз кагылып?»
Коңшуларды чыр каптап,
Бардыгы барат кымбаттап.
Жалганчы көпкө жашайбы?
Чын сүйлөгөн азайды.
Көл толкунун көрбөстөн,
Көзүбүз мынча кашайды?
«Бар» деген сөз өгөйбү?
«Жок» деген сөз көбөйдү.
Эч нерсе жок дүкөндө,
Катылып жатат бардыгы.
Мен айтамын Үсөнгө:
Адамдын пейли тардыгы
Артып барат күн санап,
Бул чындыкты ким танат?
ЫГЫ ЖОК МАКТАНУУ
Эшек атка мактанды:
Кудайга ишим жакканбы?
Көрүп келе жатамын
Маңдайыма жазганды.
Барын менден сурагын!
Барынан чоң кулагым.
Болгон ишти дүйнөдө
Барыңан мурун угамын.
Сен кичине кулактын
Азабын тарткан чунаксың.
Шылдыр үнүн укпайсың
Капталдагы булактын.
Жерди чапчып, ат айтты:
Тээтиги кырга чыгалы,
Сергип бир аз туралы,
Улардын үнүн угалы!
Жүгүргөнү билинбей,
Учту көзгө илинбей.
Чаң көрүндү алыстан,
Ок жыландын тилиндей.
Чоң кулагы шалпайып,
Эшек калды аңкайып.
Карап турду мыскылдап,
Калкагар чоң тоо чалкайып.
ЭЛГЕ ТЕҢ ЖҮР
Баатыр болсоң жеңип көр өзүңдөгү
Ач көздүктү, эч нерсеге тойбогон,
Ич тарлыкты, кызганганын койбогон,
Макоолукту, өз керт башын ойлогон!
Напсиң тый, агытпа көп алкыңды,
Баш оорутпа, ойлой берип алтынды.
Алтын сенин өмүр, күнүң узартпайт,
Жек көрүнүп, кетирбесе баркыңды.
Көп чуркаба, кишен жок деп бутумда,
Элге тең жүр, белгисизге жутунба!
АЧУУ ЧЫНДЫК
Учуу кайда асманга,
Жарабайм алыс басканга.
Отурам чакан ыр жазып,
Жетпей күчүм дастанга.
Жалын чачып эргүүнү
Өткөрүп бергем жаштарга.
Карылыгы курусун,
Менин ушул турмушум:
Кечегиден начармын,
Эртеңкиден дурусмун.
Ошондо да акырын
Бүтүп жатат жумушум.
КАРАЙ БЕРЕМ
Чабыт карап, тоонун алгыр кушундай,
Келе жатам, айныбай же бузулбай.
Жакшы көрөм, ар бир жакшы кишини.
Илгертеден билген салтым ушундай.
Кыртыш тандап, жакшылыктын үрөнүн
Толук сепкен менин ырчы жүрөгүм.
Канбайм карап, кыз бурактын гүл өңүн,
Карагандай бак кушунун түнөгүн.
Сулуулукту мынча жакшы көрөмүн?
Карай берем Ысык-Көлдүн чүрөгүн.
Карайм жана Сар-Челектин кылаасын,
Ал бир укмуш, айтсам сөздүн ырасын!
СӨЗ ТАШЫГАН БИРӨӨГӨ
Жолдошумдун «күнөөсүн» эсептедиң,
«Жакшылыкты» билбеген эшек, -дедиң.
Акты кара кылууну өнөр көргөн
Яго болсоң -тилиңди, кесем сенин.
Жүргүн эсен эч нерсең коробостон,
Жүргүн бирок, мага түк жолобостон!
УЙКУСУЗ ТҮН
Уп-узун түн. Жатам кирпик какпастан.
Кап-караңгы. Жатам чырак жакпастан.
Ары бери оодарылам, тынчым жок,
Жалдыратты, таң тезирээк атпастан.
0, моймолум, мени мынча кыйнадың?
Ойдо турат сага жазган ырларым...
ЖАШТАРГА
Биринчи милдет - тетигүү,
Үйрөнүп, окуп жетилүү.
Экинчи милдет - эл үчүн
Иштеп өмүр кечирүү.
Үчүнчү милдет - бул өзү
Тынчтык үчүн күрөшүү.
ТОРПОГУМ
(Элден жана Тоголок Молдодон бир аздан
өөнөп)
Астыга кетсең бөрү жейт,
Атасынын көрү дейт,
Жесем көпкө жетпейби.
Ушул жылдын төлү дейт.
Кылоо, кылоо, торпогум,
Карышкырдан коркомун.
Артта калсаң ууру бар,
Аяшпайт сени уурулар.
Ортодон орун беришээр
Жаш жагынан улуулар?
Бүжүрөп артта калбагын,
Адашып алыс барбагын.
Ичинде жүр баданын,
Өзүң билгин ар жагын.
Кылоо, кылоо, торпогум,
Карышкырдан коркомун.
Анжыяндын камышын
Аралаган торпогум,
Атка салган саманды
Сагаалаган торпогум.
Той болот деп бөрүгө,
Торпогум сенден коркомун.
БИРИ КЕМ ДҮЙНӨ
Телегейи тегиз ким?
Бири чолок сегиздин.
Бары бирдей турабы
Бакта бышкан жемиштин?
Салайын десе кушу жок
Арманын айтат учу жок.
Уккандын айныйт көңүлү
Аш ичкендей тузу жок.
Кээ бир кыздын себи жок,
Кээ жигиттин эби жок,
Кээ бирөөнүн оозунда
Кишилер угаар кеби жок.
Кээ бир куштун тууру жок,
Кээ бирөөнүн пулу жок
Бардыгы толук болсо да
Киши бар, кээ бир куну жок.
Бири кем дүйнө ушундай,
Бири болсо, бири жок.
Ат акылдуу, тили жок.
Адам аз, ичте кири жок.
Телегейи тегиз ким?
Бири чолок сегиздин,
Бир эмчеги шишиген
Жаңы тууган чебичтин.
ЖОГОЛСУН КЕЙПИ
Ит эмессиң, ырылдашпа,
Мышык болуп кырылдашпа.
Бир бириңди тытып, үзүп,
Эртели-кеч чырылдашпа.
О, кыргызым, сен бүтүн эл,
Сенин созоор ырың башка.
Бир бириңди аягының.
Жоголсун кейпи, баягынын!
КӨП КЕЗДЕ
Убактылуу дүйнөдө,
Убайым көп үйлөрдө.
Уруш-талаш чыр менен
Убара тартып жүргөнгө
Жыргал өңдүү жергебиз
Эсиребиз кээде биз.
Сезбейбиз пейил тардыгын,
Укпайбыз муңун жардынын.
Байкабайбыз далайдын.
Күн чубакка зардыгын.
Унутабыз көп кезде
Муңдуу турмуш бардыгын.
МУҢКАНУУ
Калдык окшойт жукарып?
От болуп кайдан тутандык?
Куш болуп алыс учпадык.
Басар жол барат кыскарып,
Эми кайдан узардык?
Болбос жерден ич, тарып,
Коңшулардан жайытты
Не кылабыз кызганып?
Кайда бүгүн көргөндү
Таң калтырган усталык?
Көп болду биз жоолошуп,
Эч кимдин чебин бузбадык.
Гүл ачып багы достуктун,
Жоголсо дейбиз душмандык.
ЭҢ ЖАМАНЫ
Кылмыштын эң жаманы:
Каптатып өрткө талааны
Жазайылы атылып,
Жок кылат бузуп калааны.
Кылмыштын эң жаманы:
Ырбатып, чукуп жараны,
Ажырашат жубайлар
Жетим кылып баланы.
БИР МАКТАНГАН ДОСУМА
Көп ойлодуң, ой түбүнө жетпедиң,
Өстүң, бирок элден ашып кетпедиң.
Узак чуркап, озгонуң жок эч кимден,
Түбөлүктүн дары чөбүн экпедиң.
Ойло, бирок терең чөгүп житпегин,
Өскүн, бирок көккө чыгып кетпегин.
Чурка, бирок бөлүнбөгүн эл журттан,
Эл жок жерде турмуш жогун эстегин!
Сендей өткүр, көп табылат жаштардан,
Өзүңдү өйдө ойлобогун башкадан.
Качан болсо мактануунун чеги бар,
Көп элирсең куланасың аскадан.
ЧӨП ЭМЕС
Адам деген өскөн гүл жол четинде,
Басып өтсөң тап-такыр былчыйбайбы.
Ардактасаң, көтөрсөң жаш кезинде
Алмаз кошкон болоттой курчубайбы.
Кордолуптур көп адам бизден мурун,
Кор болбосун азыркы эл баштагыдай.
Тепсебегин, баспагын адам уулун,
Ал чөп эмес, уйпалап таштагыдай.
Жердин, көктүн эгеси ар бир адам,
Гүлдөн назик, коохардан канча кымбат!
Сулуулугу дүйнөнүн жалжылдаган!
Ошон үчүн ал күтөт ызат-урмат.
КОРДОБОГУН БАШКАНЫ
Кордук көргүң келбесе,
Кордобогун башканы.
Ачууну басып жеңбесе,
Акылдын алыс качканы.
Келбейби сенин тепселгиң?
Тепсебей жүр өзгөнү.
Кырам деп жеңди чечкениң
Күчүңдүн оту өчкөнү...
Жоготом десең бирөөнү,
Жоголосуң сен өзүң.
Болсо да канча күнөөлүү,
Жолдоштун кечир күнөөсүн!
ИЧ ТАРЛЫК
Жерге кирсин ич тарлык
Көрө албаган жолдошту.
Ойлойт экен душмандык,
Ойлобой ишин оңдошту.
Түз турса да, кыйшык деп,
Тузак тартат кишиге.
Жүрсө да калыс, бузук деп,
Көө чачат баскан изине.
Билбейт ал дөдөй сүйүүнү,
Ал адамдын душманы.
Ар бириңдин үйүңү
Аңдып турат бузганы.
ТҮШСҮН МАГА ЖАРЫГЫҢ
Жүрөгүм сени сагынды
Жылытуучу жанымды
Сенин демиң барында,
От чачкан жалын, жалынбы.
Көңүлүм сен деп зарыкты.
Аячу мендей арыкты
Ак жүзүң жаркып турганда,
Күн чачкан жарык, жарыкпы.
Жылытсын мени жалының!
Түшсүн мага жарыгың!
Кумарын артып күн сайын,
Каалаганы жанымын!
***
Жаман албай көңүлгө,
Узак жол каалап өмүргө,
Кыргыйдай учкул жаштарды
Кыйбагыла өлүмгө!
Чын өмүр кыска дегенди
Чыгаргыла төгүнгө!
Ар кимдин укпай ушагын,
Аттап от койгон тузагын.
Бурулуш дебей марага
Басып жет жолдун узагын!
Баракелде, уулум деп,
Бак берди жайсын кучагын!
УЛАНТСАҢ
Эр дедик, коё бер деп булкунганды,
Эр дедик, урамын деп жулкунганды.
Эр дедик, түк жарашпас душманындай
Аябай сабаганды бир тууганды.
Уялбай, демократия ушул дедик
Коңшуну кордоп, согуп кыйкырганды.
«Эң бийик маданият» дегендер бар
Көчөдө бирин бири сүйрөшкөндү,
Иштебей ушак айтып күн өткөндү
Окубай, китеп ачпай өткөргөндү
Бекерге өтө кымбат мүнөттөрдү.
Кыргызым, ушул бойдон жүрө берсең,
Улутка бириктирбей уруктарды,
Улантсаң бөлүп, жарып урушканды,
Беттешип, ызырынып турушканды,
Эл болбой, кыргыз болбой бытырайсың...
Кудайдын, анда бизди унутканы.
ИЧКИН
Отурбай, карап, биз эми
Ичели кымыз, ичели.
Ачылып бир аз көңүлдөр,
Жылый түшсүн ичеги
Тойгон кезде туралы,
Ушалап каткан тизени.
Кымызындай кыргыздын,
Келген өңдүү Аркыттан,
Көңүлүңдү чалкыткан.
Бүткөн бойду балкыткан
Ичкин, укмуш кымызды,
Сагындырган, арзыткан.
ӨЗ ООЗУНАН
Мен жөнүндө айтаар чынын бар көргөн,
«Кыргыз тилин Токтогулдан үйрөнгөн».
Бейитине ар күн десте койсом да
Кыздар карап, өстүрүшкөн гүлдөрдөн,
Кутулбаймын мойнумдагы карзымдан,
Кимдир бирөө эскерткенсийт артымдан.
Кыргыз элдей ырга чебер устанын
Ырларынын жетилгенин, бышканын,
Сарчечекей жайлоосунда бир жүрүп,
Токтогулдун өз оозунан укканмын.
Ким көрүптүр, андай укмуш баатырды
Ыры менен оңколоткон душманын...
Карыздармын, Узун-Акмат боюна
Тез-тез барып, гүлчамбарын коюуга.
Таңшыйт күн-түн Токтогулдун кербези,
Ал укмуш күү дайым турат оюмда.
Кыргыз тили, кыргыз ыры -Токтогул,
Анын бары бирдей бийик орунда.
САКТАЙ БИЛ
Сабырдын түбү сары алтын,
Сактай бил аны жоготпо!
Төгүп, чачып коротпо!
Ач көздөргө тонотпо!
Үлпөттүн баркын билбести
Үйүңө жакын жолотпо!
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымак болсун үйүңдө.
Барып, келип күнүгө,
Үн кош достун үнүнө!
Алты кылым өтсө да,
Ажырашпа бүлүнбө!
Ынтымакка, достукка
Бекем болгун, чабышпай!
Дос кайра берип, алышпай!
Колтугуна жабышпай?
Айылдаш менен андышпа,
Адам бол, итче кабышпай.
Сабырдын түбү сары алтын,
Сары алтын ар күн жарасын!
Акылмандар жердешсин
Анжыян, Аркыт арасын!
Кыргыз сүйсүн өзбекти
Сүйгөндөй тууган баласын!
Ачуу душман, акыл дос,
Алыс жүр дайым ачуудан.
Пайда жок эч бир шашуудан,
Ушак сөздү ташуудан.
Өзбек, кыргыз достошкон,
Өтүшөт көк муз ашуудан.
Сабырлуу шашпайт көчкүдөн,
Азамат коркпойт эч кимден,
Шашкалактык, жеңилдик
Качан эле эскирген.
Ынтымак, достук адамды
Бак-таалайга жеткирген.
КАЙСЫ ШАЙТАН
Адамды адам өлтүрүү
Акылга сыйбайт мунусу.
Ажыдаар түспөл турушу
Айбандардын жумушу.
Баш тарткын бул жумуштан,
Пайда жок мындай уруштан.
Абийирдүү адам капкачан
Урушканды унуткан.
Карт олтуруп жаш менен
Бир табактан аш жеген.
Ширин даамы жеп тойбой
Мынча неге аз деген.
Кыргыз, өзбек кас беле?
«Той, тамаша, айт» десе
Эңиш, күрөш, достук ыр
Жаңырган добуш ашкере.
Анжыяндык, аксылык
Адыр, түздү бак кылып,
Ач арыкты тойгузган,
Ойлогону жакшылык.
Жакшылык өтсүн алдыга!
Бардык эл жетсин бактыга!
Колуңдан келсе дос кылгын
Атасы чоочун касты да!
Өлтүрдүм деп, мактанба,
Сени да бирөө өлтүрөт.
Төө болсоң да чөктүрөт.
Каныңды жерге төктүрөт.
Күйгөн отуң өчүрөт.
Күнөөңдү ким кечирет!
Анжыян, Аксы чөлкөмө
Теңдеш жер кайсы өлкөдө?
Карасаң көзүң кубанат
Кар кеткен жашыл көктөмдө.
Миң түрү бар жемиштин,
Кел, дос, тууган теришкин!
Ата-энелер балдарга
Анжир, анар беришсин!
Араздашкан жакшыбы?
Айлантпай койбойт башыңды.
Ал дегиче чөктүрөт
Астыңа келген ашыңды.
Бир туугандай эл элек,
Кайсы шайтан азгырды?
Азгырылбай жүрөлү,
Абийирдүү өмүр сүрөлү.
Сурашалы кечирим
Ойлонбой болсок күнөөлүү.
Дат баспаган алтындай.
Өзбек, кыргыз жүрөгү!
БИЗДИКИ
Күн төбөсүн көтөрүп,
Көөхар шөкүлө безенип,
Балбылдаса нур дүйнө,
Баарыбыз үчүн дешелик.
Ай төбөсүн көтөрүп,
Алтын нур жерге төшөлүп,
Жаркыраган дүйнөдө
Жыргап жүрүп өтөлүк.
Бактарды кимдер өстүргөн
Бизге кимдер жеткирген?
Берекелүү жер бетин
Кызганбайлы эч кимден.
Ак үйдө комуз чертилген,
Гүл жытын бизге сездирген,
Көк шибер, көйкөл жайытты
Кызганбайлы эч кимден,
Араван да биздики,
Маргалаң да биздики.
ЖӨНҮ БАР
Өмүр өчөт дебегин,
Өксүп кайгы жебегин.
Өлбөс дүйнө ар дайым
Берип турат белегин.
Өмүр, жашоо узарат,
Зергер тынбай узанат!
Жарык нур чачып жалтылда,
Балдарың бар артыңда.
Нөбүрө, анан чөбүрө
Алмашпай турган алтынга.
Өнүгүү бар, өмүр бар,
Айтканымдын жөнү бар.
БАРСАМ ДЕЙМ
Келин-кыз салган каткырык
Ышкылуу жанды шаштырып,
Алаксытып, азгырып,
Жыргалына мас кылып,
Нокто катат жигитке
Кандай укмуш жакшылык!
Сексенге чыккан мен дагы
Сур жорго минип бастырып,
Барсам жаштык ойнуна
Ыр куржун илип мойнума.
КИМГЕ КЕРЕК
Каалайт адам, жаштыкты, жакшылыкты,
Каалайт жердин саргайбай, көгөргөнүн,
Каалайт элдин азайбай, көбөйгөнүн
Каалайт бөбөк ар үйдө төрөлгөнүн,
Каалайт жана жоголбойт, бардык жерде
Бар болушун, миң түркүн, жөрөлгөнүн.
Каалайт күндүн эч качан тутулбасын,
Каалайт гүлдөп өөрчүшүн өнөрлөрдүн,
Өтсүн алга, жакшынын жакшылыгы!
Кимге керек жамандын азгырыгы.
КҮН БОЛСО ДЕЙБИ
Чымчыктар шашып жатышат,
Кай кызыкка батышат?
Уяны көп салышкан,
Балапан да ачышат.
Учат бир күн балапан
Балапанды карашкан
Балдарды көрөт канча бак,
Биздин жерге жарашкан.
Көк шибер көйкөл жерибиз,
Түзүбүз менен керибиз.
Түркүн гүлдү жамынган,
Жазылат биздин черибиз.
Жерибиз турат ныксырап,
Жел аргы куунак ышкырат.
Ушул жердин үстүндө
Күн болсо дейби тынчыраак?
Чымчыктар учуп конушат,
Айткандай бир сөз, болушат...
Ынтымактуу дүйнөнү
Кимдендир алар корушат.
ЧЫКТЫ ЧИЛДЕ
Чыкты чилде ышкырган,
Сасык, тумоо бышкырган
Кетет эми үйлөрдөн,
Кар кетет жаткан, ычкырдан.
Эч ким жана күйбөгөн
Жамандык кетет дүйнөдөн.
Күн кылат сулуу селкидей
Бул айылга бир келген.
Мунун атын жаз дешет,
Жыбырайт төштө байчечек.
УЙКУСУРОО АРАСЫНДА
Адамдар тирүү жүрүшкөн
Бирине бири, өнөктүр,
Бирине бири көмөктүр,
Бирине бири, жөлөктүр.
Өлгөндөрдүн карызын
Тирүүлөрү төлөптүр.
Бардыгында өрүштүн
Адамдар өмүр көрүшсүн!
Ай астында жашаган
Азайбасын, өнүксүн!
БОЛГОН ЭМЕС ТҮБӨЛҮК
Сен бир байкуш соносуң,
Суу бойлоп учуп коносуң,
Суудан чыкпай тоңосуң.
Кандай жүрүп оңосуң.
Бийикке жетпей, куланып,
Балдарга шылдың болосуң.
Чамына бербе мынчалык,
Чамынып кайда барасың?
Кайсы сенин талашың?
Талашып эмне аласың?
Ойлогонго жетпестен
Бир чуңкурда каласың.
Күнгө чыктым дебегин,
Күндү кандай күтөсүң?
Күнгө кайдан түтөсүң?
Жашоодон үмүт үзөсүң.
Кайгылуу жердин үстүнө
Куйкаланып түшөсүң.
Бийликке көп да жутунба,
Бийикке жеткен учурда.
Өзгөрбө, көппө, кутурба!
Карөзгөй болуп бузулба!
Сени жарып жайлар күч
Бычагыңдын учунда.
Көтөрүлүп жаштарга,
Көп сүйлөбө, мактанба!
Актанбас иштен актанба.
Аттанбас иштен аттанба!
Түлкү болуп жойлосоң,
Түшөсүң бир күн капканга.
Калган жок жарык түгөнүп,
Түн түшкөн жок түнөрүп.
Күн тийип, түркүн гүл өнүп
Турганда ойноп күлөлүк.
Бийик тоо, бийлик эч кимге
Болгон эмес түбөлүк.
ЖӨЖӨЛӨР
Чыйып, чыйп жөжөлөр!
Чыйпылдабай, келгиле!
Чачылган жемди жегиле,
Бул кандай жакшы дегиле!
Сактангыла түлкүдөн,
Аңдып келип калбасын!
Бириңди тиштеп албасын,
Жумуруна салбасын!
Асмандан көрүп билбесин,
Айры куйрук илбесин!
Алкы бузук, кулалы
Араңарга кирбесин!
Аксак жөжө, чыйп, чыйп,
Короодон ыраак кетпегин!
Короо толо көп жемиң,
Тарууну мен көп эккемин.
ҮЛПӨТ ЫРЫ
Бүгүн жок себеп, кайгыга.
Дасторконду жайгыла!
Дасторконго койгула Бал, боорсок, нанды, чайды да.
Мейиз, кант, шире өрүктү,
Казы-карта, майды да!
Бир күн эмес, бул үлпөт
Уланса кана ай-жылга...
Ырк бузаар кетсин келбеске,
Сыйлансын жеңген мелдеште!
Теги ким мунуң дебестен,
Бак консун дейли жердешке,
Тең укуктуу бул кезде,
Тең болууну түй эске.
Бай, кедейге бөлбөсөк,
Барына жетет гүлдесте.
КӨПТҮ КӨРГӨН БИРӨӨГӨ
Көрбөгөндү көргөн бар,
Көп азап тартып көнгөн бар,
Баласы туруп эр жеткен,
Багаары жок өлгөн бар.
Кайдагы сөздү уккан бар,
Күрөшкөндү жыккан бар.
Байгеге кошсо жүгүрүп,
Баарынан алга чыккан бар.
Тойдон тойго барып жүр,
Кыйкырып топту жарып жүр!
Ойлобой эчак өткөндү,
Жеңип мөрөй алып жүр!
АЗ ТУРА
Ойлосом терең көлдөймүн,
Кубансам жашыл төрдөймүн.
Канча көп ашуу тоолордо,
Алардын көбүн көрбөймүн.
Айтылган сөздөр төгүнбү?
Аз тура күндөр көңүлдүү.
Көбөт деп, кудай адамга
Көп бербептир өмүрдү.
КЫСКА
Жан-жаныбар жакшы көргөн турмушта
Өмүр таттуу, ошон үчүн бул кыска.
Жарк дейбиз да, ошол замат өчөбүз,
Отко түшкөн кагаз окшош бир нуска.
Гагарин жок барып келген жылдызга,
Чынар бийик чыгамын деп тырмышпа.
Жыгыласың колуң жетпей кылычка
Бийик бийлик жакын болот кылмышка.
Такка минсең, жөнү менен ыргышта.
Бир да султан, кут болбогон, кыргызга.
Тал чокуга колуң жетпейт бой кыска.
ЖАКШЫЛЫК
Чакыргыла шаштырып!
Айкашка минип бастырып,
Күнүгө ар бир кишиге
Кечикпей келсин жакшылык!
Алдына келбей эшиктин,
Ажал шүмшүк, кечиксин!
КУБАН, ДОСУМ, УШУГА
Карап жатпа,
Жатта, жатта
Чын достуктун ырларын!
Ойдо сакта,
Пулга сатпа
Тынчтык күндүн жыргалын!
Эй, тынчтык күн,
Жердин үстүн
Бомба, снаряд тытпагын!
Боору бүтүн
Бүт эл үчүн
Жемиш барбы бышпаган!
Эй, бейпил күн,
Жердин үстүн
Эчен түркүн гүл жапкан,
Бурап түтүн
Турат күн-түн,
Келген өңдүү бир жактан.
Карттарда-ой,
Жаштарга - той,
Жадырайт сулуу жер келсе,
Турат солбой
Түк жоголбой
Өз орунда ар нерсе.
Кайкып учуп
Конот чымчык
Терезеңдин тушуна.
Калган жоошуп,
Учпайт чоочуп Кубан, досум, ушуга!
Карап жатпа,
Жатта, жатта
Чын достуктун ырларын!
Ойдо сакта,
Пулга сатпа
Тынчтык күндүн жыргалын!
ЖАКШЫ КӨР
Аягын, баатыр, кишини,
Бурбагын андан жүзүңү.
Дасторконуң толтурган,
Киши бар бактын жүзүмү!
Жакшы көр, акын кишини
Жоготпойт жазган ишиңи.
Коргоп унут болуудан,
Кадырлайт баскан изиңи.
СЫНДЫРТПА
Жалбыраксыз жылаңач жыгачтарга
Жабылыша конушат кузгун карга.
Балдар чоочуп ыйлашат каркылдашса,
Уруп кууган колуңда ташың барда!
Чынар көрксүз турганда жалбыраксыз,
Бутагы жок сомойгон терек алсыз.
Жалбырактуу бутактар чеп сыяктуу!
Бутагыңды сындыртпа! Сен жок ансыз.
Бирге жүрүп достуктан бузулбаган,
Тилеги бир, ою бир бардык адам.
Бир бирине жалбырак жана бутак!
Бооруң бүтүн, бириксең, башың аман!
БААРЫҢАРГА
Баарыңарга каалаганым жакшылык,
Жолдошуңар болсун күлкү-каткырык.
Атаганат, колдон келсе канаке,
Койбос белем карыңарды жаш кылып.
ЭЛИМ БАР
Араванда бир чынар бар көк мелжиген,
Алдынан өйдө көздөй ашкан мерген
Ак бараңдан, беш атардан аткан менен Эзелден кылда учуңа ок жетпеген.
Бутагы көп, бири сынса бири чыгат,
Былк этпей, качан көрсөң чынар турат.
Элим - ошол чоң түп чынар, мен - бир бутак,
Мен өлсөм, элим тирүү, атым угат!..
АВТОПОРТРЕТ
(күзгүгө карап)
Кара сакал Темиркул,
Кандай кылган ишиң бул? Карабапсың боюңа:
Сакалыңды кырбастан,
Же колуң менен жулбастан,
Коюптурсуң оюна...
БИР ШИЛТЕМДЕР
***
Кичине деп баарынан
Кумурсканы жанчпагын.
Айбат туу деп баарынан
Ажыдаардан качпагын
Азамат болсоң түз мелже,
Таамай тийсин атканың!
Тепсебе чырпык экен деп,
Турушкан шаңдуу көк тиреп
Чынарлар ошол чырпыктан,
Колуңдан келсе өстүр көп!
Жашасын десең миң жылга.
Сактагын аны, сындырба!
***
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 07