Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 15

Total number of words is 4059
Total number of unique words is 2264
29.5 of words are in the 2000 most common words
43.3 of words are in the 5000 most common words
49.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жүрөгүнө акындык үрөнүн а деп таштап койгон да так ошол Чердин ажайып
булбулдарыбы деп да жүрөм! Бирок, Чердин ары жагында а киши төрөлүп, бери
жагында мен төрөлгөнүм менен экөөбүз биринчи жолу согуштан кийин гана көрүштүк.
Мен согуштан оор жарадар болуп кайтып келгенден кийин кайрадан мектепте иштеп
жатканмын. Согуш бүткөн жылдын кышы эле. Сельсовет боюнча бир гана жети
жылдык мектеп бар, ошондо директормун. Күндөгүдөй эртең менен мектепке келсем,
мугалимдер да, окуучулар да дуулдап жатышыптыр: «Темиркул Умөталиев келиптир!
Айтикеевдикинде имиш кечетен бери. Кантип жолугушууга болор экен?!» - дешип.
Бул кабар мени да ээликтирди. Китептерин бала кезден окуп, көбүнүн аттарын
жатка билгенибиз менен «акын», «жазуучу» дегендердин өздөрүн окуучуларыбыз
эмес, алардын агайлары биз да көрө элекпиз да.
Мен отура калып эле кат жазып кирдим Темикеге. Эмне үчүн анткеними деле
билбейм. Айтикеев Раман деген биздин мектеп аймагына жайгашкан «КызылДыйкан» деген колхоздун башкармасы. Темике менен ал бала кезде бирге кой
кайтарышканын (бул да жетим экен), кийин Ак-Суу балдар үйүндө да чогуу окушканын
өзүнөн укканым бар. Анын үйү мектепке жакын. Кайра аттанып, аерге заматта жетип
барсам деле болмок, а мен болсо минтип кат жазып отуруп албадымбы. Аңгыча
сырттан бир мугалим келип: «Кетип атышат!» - деп аптыкты. Тышка чыксак, нарыдагы
жолдон үч-төрт атчан кишилер баратыптыр. Бирөө аскер кийимчен экен. Ошону
Темике деп чечтик. Беркилери тааныш колхоздун активдери.
Ошентип, баарыбыз умсунуп кала бердик. Мугалимдер бөлмөсүнө кирип кайрадан
мен жанагы жазып жаткан катымды андан ары уланттым. Сабагымын жогунан
пайдаланып үч-төрт саатка чейин баш көтөрбөй жаза бердим. Темике жөнүндө ошого
чейин эмне билсем, ошонун баарын кагазга түшүргөндөй болдум. Эмне үчүн?
Билбейм. Эмнегедир, эле толкунданып аттым. Анан чыгарма жаратып койгонсуп,
дептердин сегиз барагына жазып таштаган жанагы катымды танаписте мугалимдерге
да окуп берип атпаймбы! Буга да түшүнбөдүм. Айлыбызга өзү келип калган чоң
акындардын бири менен кездешүү мүмкүнчүлүгү болуп туруп, анын ишке ашпай
калганына ызаланып кетсем керек го. Катка Темикенин: «Алма берип колунан,
кучактатып мойнунан, эркелетип атабыз, эркин өсүп жатабыз» деген бөбөктөргө
арналган ырынан тартып, тээ кан майданда жүрүп жазган ырларына чейин (аларды
согуштан 1944-жылы келгенден кийин окуганмын да) жатка билгендерими (ошонум
менен акынга болгон чын ыкласымы билдирейин дегеним да) кошуп жаздым.
«Сербиянын, Хорваттын, сейил кылдым тоо-ташын. Алыстан келген бүркүттөй түнөк
кылдым зоокасын» - уруштун алгачкы күндөрүнөн тартып, аягына чейин кан майданда
жүргөнүн Кавказдын Моздок чөлүнөн тыягы Венгрия, Румынияга чейин жеткенин, от
кечип жүрүп да ыр жазганын токтотпостон, демек, башка жоокерлер бир ок чыгарса,
бу киши душманга карата дайыма эки ок чыгарып (ырын кошкондо), анан аман-эсен
калганын укканда бала кезден жүрөктө жүргөн кадыр баркы ого бетер арта түшкөнүн,
аны көрүүгө, аны менен жолугушууга ынтызар болуп дегдеп жүргөндө бул жакка
келип, бирок, биз жакка кылчайып карап да койбой кете бергенине чейин
жазыптырмын.
Бу катымды окуп бүткөндөн кийин жашы ошондо алтымыштан ашып калган, орус
тилинен сабак берчү Касым Салахутдинов (улуту татар) деген карыя мугалимибиз урап
калды: «Бул катың мага абдан жагып калды, өзүмчө да бир окуп чыгайын. Эртең кайра
беремин. Баары бир, бул кат адрестелген киши кетип калбадыбы» деди. Бердим.
Кызыкты эртесинде укпадымбы. Касым агай (баарыбыздан улуубуз да, илимдүүбүз
да ошо киши болгондуктан аны: «Агай» деп сыйлачубуз), жанагы менин катымды алып
райондун борборуна барыптыр. Сурамжылап отуруп, Темике кимдикинде экенин да
билип алыптыр. Турдубаев Үчкемпир дегендикинде экен. Турдубаев - менин ушул
райондун борборундагы интернаты бар орто мектептен төрт жыл окуганымда кыргыз
тилинен сабак берген агайым. Анын бир кезде Темике менен Ош педтехникумунда
чогуу окуганын, Темике болсо-болбосо ошонукуна барарын жанагы каттан улам мен
айткан элем. Ошону болжолдоп барган тура Касым агай. Турдубаев анда райкомдун
үчүнчү секретары болуп иштечү.
Улгайган кишинин кар малтап кыштын күнү он эки чакырым жерге жөө барып
келгенине бир жагынан кубансам, экинчи жагынан уялып калдым.
Кат колуна тиери менен Темике окуп чыгыптыр. Анан жанындагыларга угузуп дагы
бир жолу окуп берген имиш. «Барамын! Сөзсүз, кайра барамын ал айылга ушул жигит
үчүн. Буга жолугуп кетпесем болбойт. Бир нерсе чыкчу неме экен» дептир.
Ушул кабарды билдирүү менен Касым агай жылмая муну кошумчалады: «Уялбай
эле кой, директор. Шыгыңды байкап калдым. Ошондуктан, улуу болсом да бир жолу
сага кызмат кылып коеюн дедим».
Жок, Темике ал жолу келген жок. Жанагыдай достору үч-төрт күн ойнотуп алып
жүрүшүп, анан ошондон ары Наманган аркылуу поезд менен узатып жиберишиптир.
Айтикеев Рамандын айтуусу боюнча кийинки келишинде биринчи меникине келмей
болгон имиш.
Ошентип, Темике менен 1950-жылы гана көрүштүк. Баягында Айтикеевдин айтканы
чын экен, бир күнү эле а киши жадырап жайнап, көптөн көрүшүп жүргөн немедей
атымдан айтып, үйүбүзгө кучак жая кирип келсе болобу! Мына ошондон бери а киши
менен жанаша жашап, жанаша басып, дегендей, ошондуктан, анын Адамдык да,
Акындык да жүрөгүнүн кандай кагышын жакындан угуп, жакындан сезип жүрдүм.
Темике адабиятка согуштан кийин келишкен мен өңдүүлөрдүн далайынын устаты.
Алардын адабият айлынан орун-очок алып калышына түздөн-түз кол кабыш
кылгандардан. Дээриндеги дасмиясына ишенип-ишенбей адабият аттуу чоң жана
сырдуу дүйнөнүн эшик алдында калтаарып турган кезде ичкериден: «Кире
бер» - деген ишенимдүү үндүн чыгышы кандай күчкө, кандай мааниге ээ экенин ар бир
жаш талапкер жакшы түшүнөт.
... Менин алгачкы ырлар жыйнагым Жазуучулар союзунда талкууланып жатканда
да биринчи болуп тигинтип ичкериден үн салып колдоп чыккан ушу Темике болгон.
«Мен Аркытты Жунайдан мурда көргөнмүн. Демек, Аркытка андан мурда ашык болуп,
андан мурда ага арнап ыр жазган элем. Бирок, Жунайдын Аркыт жөнүндөгү ырын ушул
жыйнактан окуп алып, өзүмкүнөн жогору койдум» - деп мен такыр күтпөгөн ойду
айткан.
Бирок, Темикенин мага тиешелүү ырды мынчалык көтөрө чаап мактаганына туура
түшүндүм. Жаш калемгерге колдоо керек эмеспи андайда. Мен ичимен: «Жок, Темике,
«Кыз сүйө элек кезимде мен Аркытты сүйгөнмүн, Кол менен жасап койгондой кооз
бурчу дүйнөнүн» деген сиздин калемге таандык ыр саптарынан өткөн ыр, менимче
жазыла элек, мындан ары жазыларын да кудай билет», - деп отурдум.
Баш сөз жазып «Ала-Тоо» журналына да ырларымы биринчи сунуш кылган ушу
киши. Демек, менин да адабиятка келишиме Темикенин көмөгү зор.
Дээрлик бардык акындар сыяктуу эле Темикенин алгачкы ырлары да өзүнүн
киндик каны тамган жерге Төө-Жарга арналган.
Киндик каны тамган жер... Ошентип, туулган жердин топурагынын ысык-суугун өз
таманы менен сезгенде гана, авасынын артыкчылыгын өз тулку бою менен туйганда
гана, ал жерде өскөн түркүн-түмөн гүл жыты каңылжаарынан биротоло кетпей
калганда гана адам ошол жердин кулуну, ошол айылдын перзенти экенин биротоло
мойнуна алып, атуулдук жоопкерчилигин аркалоого бел байлайт. Дээринде акындык
шыгы барга сырдуу илхам ошондой сааттарда, ошондой минуталарда келип, тула
бойду коргошундай көлкүлдөтө эритип, жүрөктөн сыгып алып кагаз бетине ыр
төгүлтөт. Кайда жүрбөсүн ошол жандүйнөсүнө тамга болуп басылып калган өз
«Мисири» эсине түшкөндө өзүнөн гана эмес, окугандын да жүрөгүн элжиретип,
делебесин козгоп, ага да өзүнүн кичине Мекенин эсине салып, ага болгон сагынычын,
кусалыгын арттырат.
Сенде жүргөн чоң атам
Эске түшөт санасам.
Карегимдей көрүнөт,
Капталыңды карасам.
Адырмын жаткан дебесең,
Жер аз экен сага тең.
Кагылайын, тууган жер,
Кандай сүйкүм кебетең!
Бул саптар акындын «Төө-Жар» деген ырынан. Мына, акындык кудурет деген
алакандын отундай жерди ааламдай көрсөтүп, дүйнөнүн эң сонун бир бурчундай
сүрөттөп таштады! Чыныгы уулдун чыныгы ыкласынан, сүйүүсүнөн жаралган саптар
гана ушундай касиетке ээ!
Отузунчу жылдардын башында жаңыдан гана түзүлүп жаткан улуттук жаш адабият
«хоруна» Үмөталиев келип кошулганда ал хордун үнү дагы бийигирээк, дагы
шаңдуураак угула баштаган. Андан бери алтымыш жылга жакын убакыт өтсө да
ошондогу түштүктүн аптабына тотуккан буудай ирең, жел желпиген Сары-Челек
көлүнүн бетиндей толкундуу кара чач, орто бойлуу «солисттин» добушу кардыкпай
чыгып, эл сыноосунан жогору баа менен өттү. Т.Үмөталиев ошондо өзү менен кошо
эми гана түптөнүп келаткан адабиятка түштүктүн «Ак алтыны», «Кара алтыны», «Сары
алтыны» жөнүндө, кийинчерээк өзү жазгандай: «Кол менен жасап койгондой
дүйнөнүн кооз бурчтары» - Аркыт, Арстанбап тууралу жаңы ырларды ала келди.
Түштүгүм менин ак алтын.
Түгөнбөс айтса санатын
Түштүктө жүрүп жетилип
Чалгын болгон канатым.
Ооба, ага өмүр берген, ырдаганга шык берген – адегенде Түштүк. Анан Кыргызстан.
Акындын поэзиясынын аймагы ушундай.
Т.Үмөталиев - революцияга чейинки тагдырдын «өгөй балдарынын» бири. Ата
энесинен эрте ажырап, тумалай жетим калган ал андан ары кандай күн кечиргенин өзү
айтып берсинчи:
Жашымда жетим калдым, жалчы болдум.
Саргайдым, үшүк урган гүлдөй солдум.
Тил уктум, таяк жедим, түйшүк тарттым.
Түнкүсүн короо болду жаткан ордум.
Чалканга бөлөп урду жылаңачтап,
Боорумду кебеп кылды отко кактап.
Күйкөгө тоют болуп кетеримде
Большевик туйгун жетип калды сактап.
Ошентип, болочок акын көрүнгөндүн эшигинде отунун жагып, күлүн чыгарып
дегендей эртеден-кечке ач-жылаңач темпейип иш кылса да, үйдүн ичинен орун тийбей
кык төшөнүп, таш жазданып, койлор менен кошо короодо жатып күн кечирип
жүргөндө дагы бир ушундай эле тагдырдагы акын айткандай: «Мурун зарлап, шымы
жаргак» жүргөндөргө жаңы заман: «Кел берилеп сунган кол». Бул кол Октябрь
революциясынын кыргыз жергесине чейин жетип келген касиеттүү колу эле. Ал кол
кедей-кембагалдардын, Темиркулдай жетимдердин көз жашын арчыган. Таякка
уугуп, «чалканга таланып» жылаңач жаткандардын колунан кармап, өйдө тургузган.
Ошого чейин тигинин ата-энеси койгон атына уккан сайын муз тийгендей денеси
ичиркенген «жетим» деген сөз дайыма жанаша айтылып келген. А турсун, ал азыркы
Аксы районуна караштуу Ак-Суу деген жерде биринчи интернат ачылып (1924-жылы),
ага кирип окуп калгандан кийин деле аны билгендер «Темиркул жетим» дешип
жүргөнүн Темике өзү айтып калар эле. Көкөйгө тийген мындай кемсинтүүдөн да аны
совет бийлиги куткарат. Ал интернатка киргенде он алты жашка келип калган. Бирок,
ага чейин эле ал тамгаларды таанычу. Эшигинде коюн кайтарып жүргөн Тегенелик
Ормотой деген байдын балдарын окуткан молдодон дээринен зээндүү Темиркул да
эртели-кеч кемегеге от жагып отуруп тигилерге тирмие тиктеп жүрүп сабатсыздыгын
жоюп алган эле. Айырмасы, бай балдары кагазга калем менен жазса, «Темиркул
жетим» муздап калган күлдү астына тарта алаканы менен тегиздеп алып сөөмөйү
менен жазчу экен. Кой кайтарып талаага чыкканда топуракты кагаз ордуна пайдаланып
жүрүптүр. Ошондуктан аталган интернатка келгенден кийин класстан-класска аттап
отуруп, экинчи жагынан жашы өтүп бараткандыктан Ош педтехникумуна которушат.
Анын чыгармачылыгы да мына ушул жерден башталат. Тагыраак айтканда, мурдагы
«Темиркул жетимди» «Темиркул акын» атка алып барчу байсалдуу жол ушул Оштон
башталган.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз калемгерлеринин ичинен анын
башталышынан бүткөнүнө чейин катышкан, башкача айтканда, алардын эң
«стаждуусу» да ушул Темике. Эгер согуш 1418 күнгө созулган болсо, анын бардыгын бу
киши жоокер кийими, жоокер жарагы, жоокер ыры менен өткөрдү. Башкалар жоо
беттеп жалгыз куралы, жоокердик жарагы менен гана барса, бу адам душманга каршы
төрт жыл бою кош курал менен автоматы жана ыры менен барды, саясий кызматкер,
капитан Үмөталиевдин ызылдап ок учпай калган мүнөттөрдө, сааттарда дайыма
офицердик планшетинде жүрчү блокнотуна жазылып калган жоокердик тер жана ок
жыттанган ырлары кийин «Жеңиш» аттуу чоң китепти түзгөн. «Кубат» поэмасын
жараткан.
Фашизимге каршы жүргүзүлгөн согуш социалисттик коомубуздун саясий-моралдык
жактан күч кубатын гана сынабастан, анын ар бир адамынын патриоттук жана
граждандык парзын кандай түшүнөөрүн, аны мындай кыйын, кыстоо кырдаалда
кандай аткарарын да сыноодон өткөрдү. Советтик адамдар өз жерин, ошону менен
бирге Октябрь революциясынын бергендерин сактап калуу үчүн бир кишидей болуп
өлүмгө тике карап барышты. Алардын ичинде азыр биз сөз кылып жаткан Үмөталиев
да бар эле.
Жердин бетин кызыл жалын каптады.
Койдой жайнап танк тебелеп таптады.
Баарынан да батып кетти жаныма
Биздин жерде биздин кандын акканы.
Мына, чыныгы атуулдук ар намыстын сөзү! Өзүн гана эмес, курал кармоого
жарактуу ар бир кишинин ар намысын козгоп, ууруларча түн жамынып ыйык чек
арабызды бузуп кирген душманга каршы аттанууга чакырган ураандай угулган сөз!
Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согушка катышуу менен жалаң гана өз
өлкөсүнүн эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн күрөшпөстөн, башка элдердин
да фашисттик кулчулуктан кутулушуна жардам көрсөтүү аркылуу интернационалдык
милдетин да өтөштү. Буга далил катарында Темикенин венгр элинин көрүнүктүү акыны
Сабо Лоринцти өлүм коркунучунан куткарып калганын айтсак жетиштүү. Анда эмесе
Сабонун өзүнө сөз берели:
Темиркул Үмөтали кыргыз акын.
Кайдасың ушул бүгүн сен курдашым.
Тарсылдап теребелде металл уруп
Турганда куу тагдырга моюн сунуп
Жардамга ким жиберди, кайдан шаштың?
Кийимиң өөн, кайдан сени тааныштырды
Айткансың ал тозокто: «Жакынмын» -деп.
Капыстан жарк эткенсип жарык жылдыз
Күбүрөйм: «Керемет» -деп ченебеген
Курдашың жүрөгүндө сүйөт али
Көңүлдө унутулбай жүрөт али
Эки сөз - ал Темиркул Үмөтали.
Темиркул Үмөталиевдин согуш мезгилиндеги ырлары, поэмалары анын
чыгармачылыгынын бийик чокусу деп жүрүшөт адабият теоретиктери. Туура баа.
Акындын жүрөгү канамайын андан жакшы ыр чыкпайт. Ал эми жоокер акындын
жүрөгү төрт жыл бою тынымсыз канап жүрбөдүбү!
Чыгармаларынын табияты боюнча Темике негизинен «Жыргал турмуш» акыны.
Анын көп жылдык акындык эмгегинин басымдуу бөлүгү жаркын маанайдагы
ырлардан турат. Мейли, койчу, шахтерду ырдасын, мейли, окумуштуу менен
балеринаны ырдасын, анын акындык добушун бейкут турмуштун шаңдуу
күүлөрү коштоп турат.
Темикенин улуттук адабий казынабызды башка элдердин адабиятынын
чыгармалары менен байытууда сиңирген эмгеги да чоң. Ал Пушкиндин,
Маяковскийдин, Бажандын, Навоинин, Турсун-Заденин жана башкалардын ырларын
эне тилине которгон.
Темикенин адабиятка сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланды. Ал
Ленин, Эмгек кызыл туу, Кызыл жылдыз, Ата мекендик согуш, «Ардак белгиси»
ордендери, көптөгөн медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эл акыны.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Малай элем, хандар баспас жол бастым.
Ким бактылуу, мен бактылуу болсом! –
деп тура айткансыз, Темике.
Жунай Мавлянов
АКЫН АГАМ ТЕМИРКУЛГА
Акын деп айтсак аныгын,
Ар түрү бар го карынын
Алтынбы, жезби, таланты,
Баасы бир эмес баарынын.
Кыйлага даңкы жарыя,
Кыргызда бир топ карыя...
Өнөрлүү өскөн жаштарга
Өзүңүз Нарын дарыя!
Биз Сизге куйган булакбыз...
Былдырап аккан «чунакбыз»,
Билээрсиз сөздүн төркүнүн
Булаксыз дайра кубатсыз.
Колуна калем кармаган,
«Чымындуу» көп го жайнаган.
Ким кеңеш угуп кунт коюп,
Ким сизден сабак албаган!
Байдылда Сарногоев
АКЫНДЫН ӨРНӨГҮ
Ар бир чоң акын - элдики. Андыктан, кыргыз адабиятын баштоочулардын жана
анын ири өкүлдөрүнүн бири, Кыргыз ССРинин эл акыны Темиркул Үмөталиевдин бул
күндөрү белгиленип жаткан 80 жылдык тою да жалпы кыргыз элине, анын ичинде
бүтүндөй маданиятыбызга тиешелүү майрам.
Темиркул Үмөталиев ыр жазуу өнөрүнө 1930-жылдардан баштап киришкен. Андан
берки алтымыш жылга жакын убакыт анын чыгармачылык мээнети менен жык толгон
жана акталган. Бир кезде, азыркы Жаңы-Жол районуна караштуу Төө-Жар айылында
төрөлүп, жетим калып ар кимдин улагасында жүрүп күн көргөн, эч кимдин назарында
жок бир бечара баладан, азыр Ала-Тоо аймагынын булуң-бурчтарына чейин атагы
тараган, эл-жүрт урматтап, элдик акын деген ардактуу наамын ыйгарганга чейинки
басып өткөн анын даражалуу сапары буга күбө.
Акындын ички дүйнөсү, анын турмушка жана адам коомунун өнүгүшүнө, тарыхка
көз карашы, анын табигат берген талантынын күчүнө жараша көркөм кабылдай алуу
кудурети - анын китептери экендиги айкын. Темикем көптөгөн китептердин автору.
Демек, ал өзүнө гана тиешелүү көркөм, асыл дүйнөгө ошончолук бай. Жакында эле
кадырлуу аксакалдын кийинки кездерде жазылган ырларын окуп, алардын мезгил
менен шайкештигине, баштагы акындык эмоция дагы да тукулжурай электигине бир
чети таң калсам, бир чети ыраазы болдум. Демек, акын бүгүнкү өзүнүн сексен жаш
курагында да, табигый күүсүнөн тайган эмес, биздин күндөрдүн негизги белгилерин
ырларда тутуп калууга азыр да дилгир. «Ыр - жаш куракта» деп коюшат, бирок,
чынымды айтсам, мен буга көп деле ишене бербей калдым. Балким, кеп карыжаштыкта эмес чыгар, акындын талант кудуретинде, өзүн мезгил менен курчута
билишинде чыгар? Турмуш менен мезгилди тең кармай билүү чоң искусство, чоң
касиет. Темикем муну далилдеди. Бул - чоң акындын өрнөгү.
Темиркул Үмөталиевди акын катары элге таанытып, ага аздыр-көптүр алгач кадырбарк алып келген чыгармасы «Айсулуу» поэмасы деп жүрүшөт. Бул чындык. Ал 1930жылдардын аягында жазылып, ошол учурдагы окурмандардын ой-сезимин өзүнө
тарта алган. Жаштык жана махабат сырларына кандырылган бул чыгарманын бир
өзгөчөлүгү - ар кандай жакшы поэзия сыяктуу эле өзүнүн көркөмдүк жана мазмундук
касиеттерин сыртына калпытпай, ичине терең каткан. Поэманын: «Айсулуу чынында
да бир сулуу кыз, бир көрсөң көпкө чейин унутулгус», - деген башталгыч саптарын
окурмандар эми да айтып калышат, демек, чыгарма элге жеткен, анын башкы
каарманы - айыл кыздарынын бардык жакшы сапаттарын өзүнө топтогон Айсулуу кыз
элдик сүймөнчүлүгүнө айланган деген сөз... Албетте, мунун баарына себепкер
акындын чеберчилиги.
Акындын эрдиктери менен бирге Темиркул Үмөталиев адамдык, граждандык
эрдиктерди да жасаган киши. Улуу Ата мекендик согуш башталган күндөрдөн тартып,
ал бүткөнгө чейин фронтто каламы менен да, куралы менен да каардуу душманга
каршы салгылашты, совет адамдарын немецтик-фашисттик баскынчыларды тезирээк
кыйратып жеңишти камсыз кылууга чакырган көптөгөн күжүрмөн ырларын жазды.
Сел жүргүзүп аккан кандан, көз жаштан,
Согуш менен душман келди батыштан.
Тартынбады талагандан кыштакты,
Тынч жатышкан кемпир, чалды атыштан.
Ал эми анын:
Баарынан да батып кетти жаныма,
Биздин жерде биздин кандын акканы. деген сыяктуу ыр саптары накыл сөз катары айтылып кеткен эле. Акындын согуш
кезинде жазылган ырлары «Жеңиш» аттуу жыйнак болуп, 1946-жылдардын экинчи
жарымында жарык көрдү. Колдон түшүрбөй окуп жүрдүк. Солдат шинелин кийип,
автомат асынган андагы ырлар биздин жаштык сезимге «эшик какпай, түз эле» кирип
келген. Анткени, «Жеңиш» китебинин туруп келген ал жоокерлер менен биз фронтто
бирге жүрүп, окоптордо бир түнөп, жоого каршы чабуулга да чогуу чыгып жүргөнбүз.
Баса, Темикенин «Жеңиш» китебине байланыштуу бир окуя азыр менин эсиме
түшөт. Согуш бүткөнүнө бир аз эле жыл болгондон кийин, Фрунзеде жаш акындардын
кеңешмеси өтүп, чакырылып калдык. Бир күнү кечке жуук Жазуучулар союзуна
кайрылсам, жоон топ эл катышкан жыйын бар экен, көрсө ушул «Жеңиш» жыйнагы
талкууланып жатыптыр. Докладчы маркум Касымбек Эшмамбетов экен. Доклад
бүткөндөн кийин талкууга өтүштү. Жыйнактагы «Коркпо, достор, тайманба!» деген бир
ырда мындай бир саптар бар болчу:
Куштай учуп, желдей сызып
Көрдүк жерди алыскы.
Бири калып, бири озуп,
Карагайлар жарышты...
Ырдын акыркы эки сабына олтургандардын көбү каршы чыгышты: «Жарышкандай
эмне, карагайлардын жаны бар беле?» - дешти. Мен да өз ичимден аларга
кошулгандай болдум. Темикем мойнуна албай, аларга бир топ каяша айтты. Ошондогу
сындын туура болбой калгандыгын мен кийин түшүндүм. А көрсө, ат менен чаап, же
машинада катуу кетип бараткан кишиге жол боюндагы зым карагайлар чын эле
ошондой сезилет тура, ал эми экинчиден, акындын көркөм кыял менен күчөтүлгөн
көрүүсүндө алар ого бетер чуркап, жарышып бараткандай сезилери бышык.
Темиркул Үмөталиевдин бир өзгөлүчүгү - кенендиги. Жаштарга, айрыкча жаңыдан
жазып жүргөндөргө ал ар дайым жылуу мамиле кылып, алар үчүн кам көрөт. Кол
жазмаларын көтөрүп келгендерге кимисине болсо да атайын убактысын бөлүп, алар
менен эринбей олтуруп иштешет. Баса, менин биринчи китебимди түзгөн, ага баш сөз
жазып, редакторлогон да ушул урматтуу аксакал болчу.
Сүйүнбай Эралиев
АГАМ ТЕМИКЕМИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА
Сексенге чыккан да бар, чыкпаган бар,
Сексенге жетпей жолдо уктаган бар.
Кадырың, сыйың артып Темике деп,
Калкың бар Апа-Тоолук сыймыктанар.
Ак тоюңа жетсем деп шашып келдим,
Ак карлуу Ала-Тоону ашып келдим.
Аткарып Ата журттун ыйык салтын,
Атынан туулган жердин салам бердим.
Кубанчын билдиремин жетпес ченем,
Куттуктап сексен жылдык тоюң менен!
Турууңдун туу казыгын көтөрүшкөн,
Туугандар салам айтты Тегенеден!
Бир кезде арылбаган ыйлуу шордон,
Темикем бүгүн залкар акын болгон,
Айтышты жолдоштору ысык салам,
Аркыттан, Ак-Суу менен Жаңы-Жолдон.
Ысык салам Темике, ак тоюңа,
Сезим куунак сексенди басканыңа,
Т.Сыдыкбеков, Т.Үмөталиев, К.Баялинов, А.Токомбаев, Я.Шиваза, 1960
Т.Үмөталиев жана С.Жусуев, 1958.
Т.Үмөталиев жубайы Зуура менен, 1963.
Т.Садыков, венгр акыны Томаш жана Т.Үмөталиев, 1966.
Солдон оңго: Л.Соболев, С.Сасыкбаев, Т.Үмөталиев, С.Шимеев, якут акыны
М.Тимофеев, 1948.
Р.Гамзатов, Т.Үмөталиев, Ч.Айтматов, 1968.
Солдон оңго: 1-катарда А.Токомбаев, К. Каракеев, Т. Үмөталиев, 2-катарда Т. Сарбанов,
А. Карыпкулов, С. Акиев, 1970.
Т. Садыков, Т. Усубалиев, А.Кибальников,М.Аникушкин, Т.Үмөталиев «Революциянын
каармандарына» эстелигинин ачылышында, 1978.
Т.Үмөталиев жана Ч.Айтматов, 1979.
Т.Үмөталиев окуучулар менен, 1980.
Ташыркабас таланттуу агам сенсиң,
Атыңды айтып акым бар мактанууга.
Ары жок талантсыздын богоп жолун,
Поэма, ырлар жаздың сонун-сонун.
Алыска канат сермеп бийик учкан,
Темике шумкарысың Ала-Тоонун.
Көп жазып ыр саптарын элге сундуң,
Эмгегиң урматталып сыйга тундуң.
Териме батпай турам кубангандан,
Темике, сыймыгысың кыргызымдын!
Өмүргө өрнөк болуп жазган ырың,
Өтсө да жашай берет нечен кылым.
Тоготпой карылыктын чидерине,
Токсонду тоголотуп, жүзгө чыгың!
Анаш Сооронбаев
«... ТЕМИКЕМ... АЛТЫНДАЙ ЫРДЫН КЕНИ СЕН...»
Акын Турар Кожомбердиевдин бир учурда Темикеге арнап жазган ыры ушинтип
башталчу. Андан бери далай жыл өттү. Темикенин юбилейи да кирип келиптир. Баса,
кечээ эле аксакал жазуучунун 70 жылдыгын белгилегендей болгонбуз. Көрсө, андан
бери он жыл өтүп кеткен экен да. Убакыттын тез өткөнүнө таңгалганыбыз жок.
Таңгалганым башкада: кыркынчы жылдын аяк ченинде кызыл жагоо тагынган мен
өзүм кайсы бир майрамда Темикенин басмадан жаңы эле чыккан «Аркыт» деген ыр
китебин белекке алганымды эстедим. Сырты кургай электей көрүнгөн китеп.
Кыпкызыл алма кучактаган кара башыл жаш бала. Ошентип, туура кырк жыл мурда
мен Темиркул Үмөталиев деген жазуучу менен таанышсам, азыр өзүмдүн да жашым
улгайып, чач агарып дегендей, картая баштаган окшойм. Ал кезде Темике канча жашта
экени ойго келген эмес дечи, бирок андагы мен сыртынан билген акын беш жылдан
ашык кан күйгөн согуштун азап-тозогун көрүп, эли-журтуна жаңы эле аман-эсен кайтып
келген жоокер жигит турбайбы. Мына ушулар жөнүндө ойлой мен таңгалып, жүрөк
өйүгөн нерсем башкада экенин түшүндүм. Андан бери кырк жылча мезгил өтсө, ошого
жараша өмүр дагы бекер өтпөгөндүр. Ал аралыкта университетти бүтүрдүк. Каржалып,
чүнчүп, иштегендей болсок, кээде көтөрүлүп, а мүмкүн бирде курулай жерден бой
көтөрүп, кайра эле кимдир бирөөдөн көңүл кала, дос күттүк окшойт. Акыры келип:
кандай иш бүтүрдүм, табийгат тартуулаган өмүрдү кандай сүрүп келатам деген ой
көңүлдөн кетпей жүрөк өйүйт. Кантсе да көзгө толбогон, эгер өмүр өтсө, изи ошо замат
сууган азыраак эмгегибиз бардыр. Аны эске салбаганда деле, адам баласы кара жанын
багыш үчүн болсо да эмгектенет. Эмгектенүүдөн бөлөк да адам башына жүктөлгөн
милдет арбын. Жашоодо, билгенге бир адам менен экинчи адамдын өз ара мамиле
түзүп, ымалага келиши да оңой эмес. Демек, ушундан улам мен көптөгөн жакшы
адамдарга туш болгонумду өзүм үчүн чоң олжо деп эсептейм. Алардын ичинде
элибиздин жазма адабиятын түзгөн жазуучуларыбыздын бири биздин Темикебиз.
Ошентип, өзүм бала кезимден жакшы көргөн, анын ичинде жыйырма беш жылча
бетме-бет сүйлөшүп, кыял-жоругун билип, чыгармаларын кумарлана окуган Темикени
эстегенде муундар ортосундагы карым-катнашка токтолгум келди.
Темике көз алдыга келгенде ар дайым шашып бараткансыган буурул чач, орто
бойлуу, бак жайган, маңдайы жарык, каштары коюу, көздөрү чүңкүрүрөөк, баатыр
мүнөз, эр көкүрөк элпек адам көз алдыма келе калат. Жолуккан жерден адам менен
пейилин сала кенен учурашып, ачык күлүп, тез-тез сүйлөйт да «айланайын» деп
эркелете кош айтышкан бойдон чолосу тийбеген адамча андан ары шашып жөнөйт.
Биз адеп көргөн кезде анын кайраттуу, коюу буурул чачы боло турган. Азыр Темикенин
чачы төөнүн чуудасынча жупжумшак, аппак кыроо баскан кези. Бул штрихтер бир
көргөн адамдын көзүнө дароо урунган, көпкө чейин анын эсинен кетпеген Темикенин
тышкы портрети. Ал эми бирге басып, чогуу отуруп жай сүйлөшкөндө алдыдагы биз
эскерткенден такыр эле башка адам менен бет келгениңе таң калбай койбойсуң.
Мындайда акын өтө оор басырыктуу, жай сүйлөйт, сөзүнө басым коюп салмактуу
сүйлөйт. Кээде көп жашап, көптү көргөн адамдар отуруштарда көпчүлүккө сөз бербей,
жалгыз өзү сүйлөп, бабыр болуп калганын да көрүп жүрөбүз. Темике сексенге чыккан
адам жана сөз гүлүн өнөр туткан акын. Бирок чогулган жерлерде, же жекече
маектешип отурганда сүйлөшүүнүн маданиятын кылдат сезген акылман адам. Ыгы
келсе ал сөзүңдү тыңшап канча болсо да унчукпай отура бергенден тажабайт. Бет
алдында отурган адамына ким болбосун өтө аяр мамиле кыла сөзүн бөлбөйт, өзүнүн
улуулугу, кадыр-даңкы менен аны чүнчүткүсү келбегени түрүнөн көрүнүп турат. Өзүнө
башкалардын оюн жеткире угуп, кезеги келгенде өзү да моокумуңду кандыра сүйлөп
бере алат. Байкашыбызча, Темике кургак чечендик кылып, кооздой, жымсалдап,
куюлуштура, макалдата сүйлөгөндөн качып турат. Ушундан улам сүйлөгөн сөзүнө
карап Темикеде накта жоокердин мүнөзү бар экенин байкайсың. Кыйын кыстоолордо
жүрүп көнгөн жоокерлер да буйрукту так берип, аны аткарганга көнгөн сыяктуу ойдун
карапайым, так жана жеткиликтүү болушун каалайт Темике.
Экинчиден, Темиркул Үмөталиевди мен өтө эле сыпайы, тамашакөй адам катары
билем. Сапарда жүргөн кездерде ал тамаша айтыша, каткыра күлүп жаш менен жаш,
кары менен кары болуп калат. Тегерегинен кары-жашы үзүлбөй, көпчүлүктөн
айырмаланбастан өзүн улуулар менен жаштардын ортосунда калыс жүргөн адамдар
чанда кездешет. Ошентип мен бул жерде Темикенин улгайган жашын эске алуу менен
бирге аны муундар ортосундагы көпүрө сыяктуу сезем. Айрым бир адамдар жашы
өйдөлөп, кадыры көтөрүлгөн сайын өз боюна башкалардан оолак тута баштайт да,
жашы төмөндөрү баласынткысы келет. Ал кичүү деген муун эртең эле өзүнөн ашып
түшүп, өзүнө башчылык кылары менен иши болбойт. Ошентип турмуштун өнүгүү
жолундагы диалектиканы түшүнбөйт. Өз баласына жашташ өнөрпоздун шыгы улам
курчуп, мартабасы артып жатканын көрө албай ичинде ызырынат. Жолуна эч кимди
чыгарбай жүрүп көнгөн андай инсан өзү үстөмдүк кылып көнгөн замандаштарынан
ажыраган сайын жүдөйт, коңултуктайт да, жаңы чыккан жаш муундардын ортосуна
келсе кулжадай каркайып батпай калат. Анын жолун, улуулугун, даңкын бирөөлөр
талашып жатпаган соң, жөн жашай бербей өзүнчө кыжырланат. Кийинкилерге акарат
көрсөтөм деп жүрүп, акыр аягында көпчүлүккө жек көрүнөт да калат. Осмонкул менен
Алымкулду билгендер кайран залкарлар жыйында отурганда чоң менен чоң, жаш
менен жаш болушуп, бирөөнү зекимек тургай, деле эч кимдин кемчилдигин байкабай
калышар эле деп эскеришет. Муну айтып жатканыбыздын себеби, муун жаңырып,
муун алмашканда ошентип өзүмчүл адамдар батпай калары чындык. Ал эми жалган
дүйнөдө элге батпай, көпчүлүккө жек көрүнүп калуудан табият сактасын. Бу агынан
Темике ар кыл муундун өкүлдөрү менен камыр-жумур түз жашап, тыгыз байланышта
келатса, анын баары акындын адамгерчилигин, жүрөгүнүн тазалыгын далилдөөчү
айкын мисалдардын бири го. Экинчиден, Темике өзү туткан принцибинен, көз
карашынан баш тартпаган адам. Чабуулдарда коркуу дегенди билбеген жоокер
сыяктуу тайманбаган Темикенин көкжал мүнөзүн биз мындан отуз жылча мурда боло
берчү адабий дискуссияларда көп көргөнбүз. Булар акын жана гражданин
Т.Үмөталиевдин ички жана тышкы мүнөзүн белгилей турган айрым бир портреттик
деталдар гана экенин баса белгилейм. Болбосо, Темике жөнүндө жазылган макалалар,
изилдөөлөр өтө арбын, ошого жараша акындын жандуу портретин түзгөн очерк жокко
эсе. Анын үстүнө кыргыз адабиятынын салтына портреттик очерктер негедир аз
жазылган. Ал тургай мемуар жанры өтө эле артта калды көрүнөт. Ушу жерден мен
өзүмдүн сынчы эмес экендигимди белгилегим келет. Чыгармалар жана бирөөнүн
чыгармачылыгы жөнүндө макаланы чанда гана жазам. Андыктан, бул жердеги биздин
максат: акын жөнүндөгү көп жылдык байкоомду жөн гана ортого салмакчыбыз. Сөз
кезеги келгендиктен, эми акын Т.Үмөталиевге анын замандашы, жолдошу жана
«касы», Кыргыз ССРинин эл акыны К.Маликовду катар койгум келет. Көзү өтүп кеткен
курбусунун ой-пикирин ортого салганда гана биз кеп кылып жаткан залкар акын
Темикенин жандуу образы даанараак көрүнөбү деп ойлойм.
Ошол 1978-жылдын март айынын баш чени, К.Маликов менен жолугуп калдым.
Тагыраак айтканда, Кукем мен иштеп отурган кабинетке шарт кирип келди. Оозгу
бөлмөдө отурган секретарь кызга бир кезде: «Ушу адам качан, кайсы убакта келсе да,
үстүмө токтотпой кое бер» - деп эскерткен элем. Ошондуктан, Кукем мага туш келди
кире бере турган. Адатынча, башты чулгуй суроону түз берди:
- Бу, эмне үчүн Үмөталиевдин юбилейи өтпөй турган болду?..
Мен Кукеме кызыга карадым:
-Жарыктык, аны мен кайдан билем?
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 16