Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 20

Total number of words is 3913
Total number of unique words is 2312
27.4 of words are in the 2000 most common words
39.8 of words are in the 5000 most common words
45.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
1933- 36-жылдарда «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында жана ВЛКСМ
Кыргыз обкомунда иштеп жүргөнүмдө Темиркул Үмөталиев менен жакын жолдош
болуп жүрдүм. Экөөбүздүн жакын жолдоштук мамилелерибиз эч качан үзүлгөн эмес.
Отузунчу жылдарда Темиркул комсомолдун областтык комитетинде пионер
бөлүмүнүн башчысы, «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш»
гезитинин редакторунун орун басары болуп иштөөчү. Ошол жылдарда Темиркулдун
ырлары жана макалалары гезиттерде чыгып туруучу.
Темиркул Үмөталиевдин 30- 40-жылдардагы чыгармаларында кыргыз элинин
өзгөргөн турмушу, маданияттагы жетишкен ийгиликтери, эмгектеги чыгармачылык
мамилелер, элдердин достугу сүрөттөлгөн. Темиркул Ата Мекенин чексиз сүйгөн
патриот эле. Кыргызстандын жетишкендиктерине чексиз кубанып, далай ырларды
жаратты. Мисалы, «Республикам» деген ырында:
Республика жанымдай,
Айланайын көркүңдөн.
Кантип турам жалынбай,
Өзүң мени өстүргөн Жетпегенге жеткирген жөлөмөлөп,
Көрбөгөндү көргөзгөн нурга бөлөп.
Темиркул Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден кийин көп ырлар жана
аңгемелер, адабий-сын макалалар жазды. Ал Гейненин, Пушкиндин, Навоинин,
Лахутинин чыгармаларын кыргыз тилине которду.
Темиркул Үмөталиев кыргыз көркөм адабиятына негиз салуучулардын бири, улуу
акын.
Курман-Гали Каракеев
ТӨРӨП БЕРДИ АКЫНДЫ
Оймоктой болгон Тегене,
Окшошуп мээрбан энеге,
Төрөп берди акынды
Кыргызга кымбат эң эле.
Апп акын анда өрт эле,
Музага көзү төрт эле.
Акын кылып жараткан,
Ошол жердин көркү эле.
Жеңижоктон үйрөнгөн,
Токтогулдан күүлөнгөн.
Ошолордон курчуган,
Ошолордон бүлөнгөн.
Келечек акын даанышман,
Лермонтов менен таанышкан.
Улуу акын Пушкиндин
Ырларынан даам сызган.
Жарака кетсе дүйнөдөн,
Кени болгон акылдын,
Өтөт тура ал өзү
Жүрөгүнөн акындын.
Согуш оту калыңдап,
Батыш тарап жалындап,
Күйүп турган кезинде
Туралбады жан чыдап.
Баарыбызга тең дүйнө,
Турганда тарып кең дүйнө.
Жексен кылып душманын
Жеңиш менен келди үйгө.
Жайнаган орден төшүндө,
Жарашып калчу өзүнө.
Кандай адам экени,
Калк көзүнө көрүнө.
Тагдыр буйруп койгондой,
Башканы такыр ойлонбой,
Кайгы менен шаттыкты,
Сайраган экен торгойдой.
Болсо кана кургур ай!
Түбөлүк жашап тургудай.
Көз ирмемдей өмүрдү,
Сайраган экен булбулдай.
Сөз бузулбайт чынынан:
Жылынып тийген нурунан,
Тарбия алды канча муун,
Темикемдин ырынан.
Козголбогон опол тоо,
Оту очпөген коломто,
Ала-Тоо канча жашаса,
Темикем жашайт ошончо.
Сезип турмуш шарын да,
Сактап намыс - арын да,
Жашай берет Темикем,
Кыргыз эли Барында!
Ташмат Арыков
АКЫРКЫ ЖАРКЫН ЭЛЕС
Темикем өмүр бою кол үзбөй алакалашып турган мурдагы «Эркин Тоо», «Кызыл
Кыргызстан», «Советтик Кыргызстан», азыркы «КыргызТуусу» газетинин редакциясына
эң акыркы жолу бул дүйнөдөн көчөөр алдында эки жума мурда эле келип кеткен
болучу.
Ал редакцияга келген сайын адегенде адабият бөлүмүнө (кийинки жылдары
бөлүмдү башкарган Нурпаис Жаркынбайга) кирип маектешип, андан кийин каттар
бөлүмүнө шексиз баш багып кетер эле.
Темикемдии кечээ эле, бизге ошол акыркы келишинде мурдагысьпздай багжаңдап,
борс-борс күлүп, көңүлү көтөрүңкү, жайдары болуп, жаныңда бала бакча жашындагы,
бирок кагазга чиймелеп сүрөт тартууга ынтызар чөбөрөсүн жетелеп ээрчитип альштыр.
Редакцияга ушул жолку акыркы келишиңце а киши калемдешинин, жан жолдошунун,
чоң акын Ясыр Шивазанын 85 жылдыгына карата акыркы эскерүү макаласынын
тагдырын иликтеп келген тура жарыктык. Тирүүчүлүктүн кишилик парасаты мына
ушундайда бааланат эмеспи.
- Бу мени ата деп айтат, ананайыным! - Чөбөрөсүнүн башынан сылай бөлмө
жаңыртып тааныш, акыркы күлкүсү ушул азыр да кулакка жаңырат. Анан чөбөрөсүнө
сырты оюнчук сымал жасалган карандаш, калемсап, өчүргүч, анака-мынака салына
турган чакан кутучаны белекке тартуулап, залкар киши менен анын эң сүйүктүү
ымыркай наристесинин көңүлдөрүн кушубак узаткан элек, бөлмөдө маңдайтескейлеш олтурган жазуучу Абдиламит экөөбүз.
Кыргыз калкынын ушунчалык урматын жөнөкөйлүк менен көтөргөн кандай кайран
залкар кишибиз! Анын адабият жаатында, акын жазуучулардын чордонунда көркөм
сөз чеберинин устаттыгы, жеке өмүрү калайык-калкыбызга, урпактарга өзүнчө
үлгү болуп кала бермекчи.
Темикемдин өмүрү бапалык чагынан тартып өтө оор, нары кыямат татаал
жолдорду басып, жетимдик турмушта жетилип, анан Ата Мекендик согуштун кан
кечкен майдан алааматынан кажыбас-кайрат, эр жүрөк каармандык менен суурулуп
чыгып, адамдардын жүрөг үнөн түнөк тапкан - Кыргыз эл акынынын бийиктигинде
өзүнө дөөлөт сыйын түбөлүккө калтырып кетти. Жоокер, акын, публицист-журналист
Темиркул Үмөталиевдин нечендеген баа жеткис чыгармаларын атабаганда да, анын
«Үч баатыр» поэмасындагы тарыхый инсан - куралдаш курбусу – Кубат Жуматаев
жөнүндөгү ыр түрмөктөрүндөгү баатырдык образ кыргыз жергесинде кимдин эсинен
чыксын. Биз, азыр элүүдөн кыңкайган ошол кездеги классташтар, Темикемдин ушул
поэмасы эл оозуна алынган кезде Кубат Жуматаевдин киндик каны таамп, балалык
чагынын элестери калган - Панфилов районунун Орто-Кайырма айылындагы Эркин-Сай
мектеп-интернатында окуп жаткан учурубуз эле. Темикем ошол күндөн ушул күнгө
өмүрү өткөнгө чейин ыры менен да, сөзү менен да Кубат Жуматаевге Советтер
Союзунун Баатыры деген наамды ыйгарып берүү жөнүндө чыныгы патриоттук
сезимде, аракетте болбодубу.
Береги, Темикемдин инилери биз менен түшкөн сүрөтү «Кыргызстан туусу»
редакциясынын сүрөт кабарчысы Шекербек Сартовдун тасмасынан жаңы эле
чыгарылды. Атаганат, көзүнүн тирүүсүндө муну өзү көрбөй калды. Балким, бул сүрөт а
кишинин жандуу элесинин акыркысыдыр! Бирок, Темикемдин өчпөс жаркын элеси
кыргыз калкынын муундан-муундарына түбөлүк кала бермекчи.
Асанкул Алыкулов
АКЫН ӨЛӨТ, ЫР ЖҮРӨГҮ ӨЛБӨЙТ
Таш боор ажал кимдин ким экендигин ылгабайт, ыр жүрөктүү атактуу акыныбыз
Темикемди да мойсоп кеткендигин угуп, маданий кенчибиздин бир капшыты бошоп,
орду толбос жоготуу болгондугу кабыргабызды кайыштырып, жер каратып отурат.
Темиркул Үмөталиев кыргыздын улуттук поэзиясынын чыныгы тулпары эле. Анын
калеминен жаралган ырлар менен поэмалар салттуу поэзиябыздын алтын фондусун
байыткан өзүнчө эле океан болучу. Бул үчүн ыр жандуу сүйүктүү акын бүт өмүрүн,
агымы күчтүү талантын арнап, кыргыз тукумунун бир нече муунун эстетикалык
асылдуулук менен азыктандырып келбеди беле!
Отузунчу жылдардан тартып, кыргыз адабиятынын чок ортосунда болуп, сандаган
поэзия жыйнактарын, «Айсулуу», «Сүйүү», «Канышбек», «Кубат», «Жыпар» өңдүү
ондогон поэмаларды жараткан акын күнү бүгүнгө чейин адабият майданынын көч
башында болгондугу менен сыймыктанабыз. Темиркулдай акынды берген элге таазим
кылып, жүрөгү эл деп соккон калемгерибиз жалпы жумурияты менен түбөлүккө жашай
бере тургандыгы менен азыр биз өзүбүздү сооротуп олтурабыз.
Темиркул Үмөталиев элүү жылдан ашык өмүрүн нукура поэзияга арноо менен
чыныгы акындыктын үлгүсүн даңазалаган кыргыз поэзиясынын өзүнчө бир чоң
мектеби болучу. Ал эми ушул мектеп эми анын өлбөс-өчпөс салтын улантаарына
канааттанып, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун деп айтууга мажбур
болдук. Тагдырга айла жок, Кыргыз Республикасынын эл акыны, мамлекеттик Токтогул
сыйлыгынын лауреаты Темикемдин чыгармачылык өмүрү, ыр жүрөктүү таланты
кутмандуу калкынын арасында түбөлүккө жашай берет! Эчендеген доорлордун катаал
сыноосунан өтүп, Темиркулдун поэзиясы таңкы Чолпон жылдыздай дайыма жанып
турарына мен терең ишенемин.
Жээналы Шериев
ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУ
Кыргыз адабияты өзүнүн дагы бир чоң акынынан айрылып олтурат. Темикем
улуттук жазма адабиятынын жер пайын түптөшкөн, чанда кездешчү залкарлардын
бири эле. Эми минтип ошол чыгаан инсаныбыздан ажырадык. Биз - кыргыз жаштары
мектеп астанасын аттаган алгачкы күндөрүбүздөн баштап Темикемдин тунук поэзиясы
менен оозанганбыз. Кийинчерээк жогорку сыныптарда окуп жүргөнүбүздө, айрыкча
университетте студент курагыбызда чоң акындын чыгармалары менен тереңдеп
таанышканбыз. Бизге ошондо 30- жылдардын акырында жазылган «Айсулуу» поэмасы,
согуш мезгилиндеги майдандык ырлары, «Кубат» поэмасы чоң таасир калтырган.
Темикем өзүнүн узак өмүрүндө эчендеген улуттук жаш акындарды тарбиялап
чыгарды. Ал ак көңүл, кичи пейил адам эле. Өзүнүн акыл-кеңештерин жаштардан эч
аячу эмес. Ар дайым ак сүйлөп, адал жашаган чоң талант болучу.
Бирок, бу бир кем дүйнөдө өмүр жана өлүм ар дайым жанаша жүрөт тура.
Бирөөлөр аз жашаса, экинчилери көп жашайт. Темикем ошол көп, үзүк жашаган пенде
заттарынан болду. Ал киши даркан өмүр сүрүп гана тек болбостон, өз артына мол
байлык калтырды. Ал бизге калтыргаи мурас байлык – Темикемдии мөлтүр поэзиясы.
Ал мурас жалпы кыргызга таандык мурас болуп калат. Темикем өзүнүн экинчи өмүрүн
эми ошо поэзиясында уланта берет.
Улууну да, кичүүнү да тең көргөн,
Акын эле аябаган кеңешин.
Кеткен менен о дүйнөгө жол жүрүп,
Кыргыз барда жашай бермек элесиң...
- Кош, Темике, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! деп дуба
багыштагандан башка аргабыз жок.
Сатыбалды Кадыр
ЖҮРӨГҮ КАЛДЫ ЫРЫНДА
«Темикем ааламдан өттү» деген жан күйгүзчү, чоктой кепти укканымда поэзиядан
бүткөн темир атын теминген, кадимден биз кадыр туткан аксакалыбыздан
ажыраганыбыздын, туурасы - Темикемин поэзиядан куралган темир атын бизгекыргыз адабиятына таштап, өзү март мүнөзү менен кылчактабай жүрүп кеткенин
мойнума алдым... Анан дароо Темикем менен болгон жолугушуулардын ичинен үч
бурчтук сыяктанган, айрыкча эсте калган бир учурашууларды эскергим келди.
1961-жылы биз университетте окуучуда биздеги «Турмуш күүлөрү» адабий
ийриминин тобуна көрүнүктүү акын-жазуучулар келип кеңеш курар эле. Кезектеги
учурашуга мен эбактан окуу китептен тааныган Темиркул Үмөталиев келди. Темике
поэзиянын сырлары, албетте, поэзия жаратуунун сырлары жөнүндө узакка аңгеме
куруп, өзү согуш акыны, орус акыны Исаковскийди кастарлайт экен, ошо кишинин
ырлары, анан салыштырып өз ырлары жөнүндө практикальж сөз курду. Жаным жыргап
(анда ырлар жазчубуз четтен), ушунчалык кумарданып таңдандым. Көпкө ал күнкү
кептен айрылгым келбей, өзүмчө эле жыргал дүйнөдө жүргөндөй болдум...
1965-жылдын июну эле. Ноокатка (мен анда «Колхозчу» гезитинде иштейт элем)
айтылуу акын Камчы Жунусовдун 50 жылдык мааракесин өткөрчү топту баштап, мурда
Ноокатта иштеген Темикем келиптир. Бирге жүрүп, отуруштарда кантип жүрөр
таалимди алдым купуя түрдө. Өзүн куштай эркин, ары этият тутуп, чагынча оокат жеп,
күлкү шоокко мерчеми менен аралашып, өзүн пакиза алып жүргөнү жакты. Кийин
кетип жатып, «Волганын» ачык айнегинен башын чыгарып: «Камсанаба, барганымда
«Ала-Тоо» журналынан жазмаларынын кабарын териштирем» дегени күнү
бүгүнкүдөй эсимде.
«Ала-Тоодон» кабар келди-келбеди, бирок камбыл акындын мамилеси жүрөгүмдү
жылыткан. Ар бир аксакал ушундай көңүл уласа, жаман эмес деп, ниеттенгенмин
адабий тагдырыма ыраазы тейде. 1986- 87жылдары Темикемди «Арашан»
чыгармачылык үйүндө көрдүм. Жакындан сөзгө аралашып, ой бөлүшүп, айрыкча
тыныгуу убактылары аксакал өз өмүр баяны жөнүндө кошумча аңгеме куруп, (ал
аңгемелер караманча окуу китептерде аксакалдын өмүр таржымалында
камтылбаганы менен айырмаланган), чоң-кичүүлөр бака-шака түшүп сүйлөшүп
калчууда Салижан аке Темикени кепке күбө тартып, аксакал кыйыктанбай, же
сөөлөт күтпөй кадимки теңтушча чечилип сүйлөп берер эле. Мамилесин билдиргени,
маселеден өзүн оолак тутпаганы, ар бир өтмүшкө анын катыштыгы бардыгы
айкындала келгени кызык сезилип, аз болсо да, көптөй көрүп, угуп канааттанганым
бар...
Мына бүгүн эми ошол аксакалыбыздан айрылып, бөксөрүп олтурабыз. Согуш
учурундагы Темиркул Үмөталиевдин оргуштаган, эргиген, нукура жүрөктөн чыккан
ырларын кантип эстебей коёбуз. Ушундай азалуу ирмемдерде, кайгы тиштеген
күндөрдө атактуу акындын канаттуу ырлары бир азга демөөр байлап, оор жоготууну
нары сүргөнсүйт.
«Баарыдан да, батып кетти жаныма, Биздин жерде биздин кандын акканы!» - деген
кыргыз поэзиясынын нар төөдөй акыны Темиркул Үмөталиевдин жалындуу саптары
согуш темасындагы анын керемет поэзиясынын даражасын айгактап, тирүү жоокер
сыяктуу калкыбызга кызмат кылып жүрөт.
Биз нарытан насаатчы туткан, кичипейил, ары камкор Темикенин ызат-сыйы,
сымбаты жана кымбаты кадимки темир тулпардай алыстан караан берген бараандуу
чыгармаларында, томдорунда калбадыбы. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, поэзиянын
темир тулпарын теминген, абаке!
Абдимитал Камалов
"КИМ БАКТЫЛУУ, МЕН БАКТЬШУУ БОЛБОСОМ..."
Белгилүү го, өткөн-кеткендин улуу акындары көбүнчө драмалуу өмүр сүргөн,
алардын ичинде «өзүн бактылуумун» деп жарып айтканы жок. Бүтүндөй рухий
мүдөөлөр менен жашаган, ой азабын тартып кыйналган, өзүнүн, элдин, дүйнөнүн
кайгысын жеген калемгердин өзүн бактылуу сезип туюп жүрүшү абдан кыйын.
Ошондуктан жер жүзүнүн улуу акындарынын чыгармаларында күйүт, арман, капалык,
пессимизм басымдуулук кылат.
Балким, дүйнөлүк адабият тарыхында Темиркул Үмөталиев гана жеке өзүн: «Ким
бактылуу, мен бактылуу болбосом!» - деп ырга кошкондур? Анын минтип жар
салганында кадыресе жүйөө бар. Анткени Темикем итке минген кедейдин үйбүлөөсүнөн чыккан, бармактайында жетим калып, тууган-туушкандарынан запкы жеп,
көргүлүктү көрүп чоңойгон. Анын бала чагындагы, балким, өспүрүм кезиндеги
көксөгөн тилеги эле бүтүн кийим кийинип, тамак-ашка кенелип, өзүнчө түтүн булатуу
болсо керек. Тек совет бийлиги гана аны бекер окутуп, жаңы коом курабыз деп
талпынгандардын алдыңкы катарына чыгарды, улуттук интеллигенция арасына кошту,
көр оокат кылуу көйгөйүнөн куткарды, чыгармачылык иш менен мейлинче
шугулданууга мүмкүнчүлүк берди, кыргыз элинин ардактуу адамдарынын даражасына
көтөрдү. Албетте, жеке тагдыры ушундай оңуна тегеренген акындын: «Ким бактылуу,
мен бактылуу болбосом!» деп кыйкырык салганга акысы бар эле.
Темикем совет бийлигине жан-дили менен берилген киши болучу. Ал
коммунисттик партиянын идеологиясын эч бир шек келтирбей кабыл алган, ырга
кошкон. Чын-чынына келгенде, Темикем өз алдынча же өзгөчө ойлонгон эмес,
советтик идеологиянын алкагында гана ой сүрүү менен чектелген. Ал өзүн партиянын
солдатымын деп эсептеген, партиянын айткан-дегендерин ырга салуу ишин адамдык
да, акындык да парзым деп билген. Андыктан анын поэзиясы социалисттик
идеологиянын духу менен ширелген.
Темикемдин тубаса акындык жагы бары бат эле далилденди. Ал эне тилинин акичүкүсүнө чейин жакшы билген, бала чагынан Токтогул, Жеңижок сыяктуу эл
ырчыларынын ырларын угуп чоңойгон. Дегинкиси элдин ыр өнөрүнүн казынасын жаш
кезинде эле дурус акыл-эсине сиңирген. Ошондой камылгасы барынан ал жаңыдан
жаралып келаткан улуттук жазма поэзиясынын техникалык жетиштиктерин бат эле
үйрөнүп алып, өз учурунун мыкты делген акындарынын катарына чыга келген.
Темикем көпчүлүк калемдештери сыяктуу драма, проза, киносценарий жазганга
азгырылган жок. Негизинен ыр жазуу менен алектенип өттү. Ырас, ал аңгеме, очерктер
да жазды. Өмүрүнүн акыркы жылдарында мемуардык жазмаларын жарыялады.
Чындап артынан түшсө, андан эң мыкты прозаик чыгары шексиз эле. Себеп дегенде ал
өтө чебер, өтө таланттуу аңгемечи болучу. Төрт тарабы төп келишкен оозеки аңгеме,
повесттерди бир дем менен айтып салар эле.
80-жылдардын ортосунда болсо керек, бир күнү кечинде Кыргызстан жазуучулар
союзунун «Арашан» аттуу эс алуу үйүнүн экинчи катарында коридордо бейиши болгур
маркумдар Түмөнбай Байзаков, Шабданбай Абдраманов үчөөбүз отурганбыз. Темикем
да Зуура жеңе ошол үйдүн биринчи катарында турган эле. Темикемдин
чыгармачылыгынан сөз жүрүп калганда мен:
-Темикем кара сөз жазса болмок экен, оозеки баяндарынын ар бири өзүнчө эле
көркөм шедевр, - дедим Түмөнбай менен Шабданбай акелердин көзүнчө Темикемди
узак аңгемеге салдым. Ал Касымалы Баялиновдун бозой чагында Сахипжамал аттуу
бай кызына кантип үйлөнбөй калганын, өзүнүн Зуура жеңе менен кантип баш
кошконун, Жоомарттын кантип партиядан чыгып, Сталинге телеграмма жиберүү менен
кайра партияда калганын айтып берди. Темикем бөлмөсүнө кеткенден кийин бир
топко мелтиреп унчукпай туруп калган Шабданбай аке:
- Айтканыңарча бар экен -деди. Ушул айткандарын азыр айткандай эле кагазга
түшүрсө, сонун-сонун аңгемелер чыкмак. Темикем карыганда ыр жазып эмне кылат,
көргөн-билгендерин кара сөз менен жаз бербейби.
Акыйкатта да Темикем жашы улгайгандан кийин прозага өтүп, башынан
кечиргендерин, көзү менен көргөндөрүн, кулагы менен уккандарын саясатка такабай
жаза берсе, мыкты кара сөз туундуларынын өзүнчө бир сериясын жаратып салмак.
Аттиң дүйнө, ал кишинин эс-жалында жаткан көп сандаган кызыктуу тарыхтар өзү
менен кошо кетти. Темикем ак көңүл, бала кыял, куулук-шумдугу жок киши эле. Кээде
тамашаны чындап кабыл ала турган. Мен өзүмдүн бир кыйла обу жоктук, ээн баштык,
балким, баатырдык жагыман Темиркул Үмөталиевич, Түгөлбай Сыдыкбекович,
Кубанычбек Маликович сыяктуу жазуучулар менен теңтушчасынан тамашалаша
берчүмүн. Алар да С. Гемикемден башкалары) мага теңелип шакабалалаша беришчү.
Темикем менен тамашалашканыман бир-эки мисал келтирейин.
Бир сапар мен Дзержинский азыркы Эркиндик бульвары менен кетип баратсам,
Темикем баш болгон бир катар жазуучулар Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигинин
маңдайында турушуптур. Мени чакырып калышты. Көрсө, Темикем туурасын да
документ фильм тартылып аткан экен.
-Темикем менен кошо киного түшүп атабыз, Темикеми бир күлдүрчү, - деди бирөө.
- Темикем юбилей өткөрүп, орден менен сыйланып, жетимиштин кырында дегеле
серьезный болуп турган чагы, канча купшуңдасам деле Темикем күлбөйт ко, - дедим.
Ошондо Темикем шашкалактай калып:
-Жок-жок, мен оңой эле күлө берем, - деп айтып ийди.
Баарыбыз дуу күлүп калдык. Темикем да кошо күлдү. Аңгыча болбой кинооператор
барыбызга кайрылып:
-Сүйлөгөнүңөр синхронго жазылбайт. Темике, оюңузга эмне келсе, ошону сүйлөй
бериңиз, калганыңар жакшылап кулак түрүп, маал-маал күлүп тургула, -деди.
Темикем Жоомарттын кылык жоруктарынан айта баштады. Бир аз сүйлөгөн соң
мен туурадан чыккан туз баштык болдум:
-Темике, андан көрө Жоомарт Сизди кантип уруп койду эле, ошону айтсаңыз,
Темикем чочуп кетип, көздөрүн чоң-чоң ача коюп:
-Жок-жок, мени эмес, Атай Огонбаевди уруп койгон, - деди апыл-бапыл.
Тургандар баарыбыз каткырык салып күлдүк.
Кийин, документ фильм даяр болгон соң, Темикем жолдо мага жолугуп:
- Баягы кино бүтүптүр, көрдүм, жакшы чыгыптыр, - деди. - Баягы Жоомарттын
эстелигинин алдында сен калжырап тургандагы моменттер сонун болуптур.
70-жылдардын башында Темикемдин тандамал жыйнагы чыкканы аткан экен,
мени баш сөз жазып бер дешти эле, жазып бердим. Бир күнү менин үстүмө (мен анда
Кыргыз совет энциклопедиясынын баш редакторунун орун басары элем) Темикем
кирип келди да:
-Китебим чыкты, баш сөздү окудум, жакшы жазыпсың, -деди.
-Жакшы жазганым менен 80 сом эле гонорар алдым, - дедим мен сустайып. Бу мага
аз. Касым Кайымовичтин китебине да баш сөз жаздым эле, 80 сом беришкенинен,
Касыкеме аз десем, чөнтөгүнөн 1000 сом чыгарып берди!
- Эмне, карыз беле сага?
- Жок, мен баш сөздү баарынан жакшы жазам, басмадан койгон гонорарын алам,
үстүнө ар бир автордон 1000 сом алам. Таксам ушундай.
- Эмне, акчаң жокпу, турмуштан кыйналып жүрөсүңбү? – деди Темикем.
-Жок, кыйналганым жок. Бирок квалификациясы жогору адисмин, баш сөздү,
өзүңүз деле айттыңыз, жакшы жазам. Кошумча дайыма 1000 сом алам, -деп
кытайчасынан кайталадым.
Темикем мени менен коштошуп чыгып баратканда:
-Темике 1000 сом карызсыз, даярдап коюңуз, үйүңүзгө барып алам, - дедим.
- Ооба, аласың, -деген бойдон тамашамды чын көрүп чыгып кетти, Темикем.
Мен Темикемдин жүргөн-турганын, айткан-дегенин, атүгүл ыр окуганын
белимчилеп туурасам, калемдештерим кадыресе окшоштурганыма аябай күлүп
калышар эле. Темикем менен талашкандарым тууралуу оозеки аңгемелерим абдан
көп. Тилеке каршы, алар кагаз бетине түңгүрүлгөндө тузун (юмордук касиетин,
кызыктуулугун ж.б. ) жоготуп коёт. Ошон үчүн сөздүн этек-жеңин кымтып, Темикем
менен эң акыркы тамашалашканыман кеп салайын.
«Апа-Тоо» журналынын редакциясында Төлөгөн Касымбеков, дагы бир топ жазуучу
менен аны-муну кажылдашып отурганбыз. Үстүбүзгө Темикем кирип келди.
Саламдашып ошо кезде журналда басылып аткан мемуарын окуган-окубаганыбызды
сурады. Көбү окуганын айтып, мактады. Мен болсом Темикеге тийишип:
- Мемуарыңызды окугам, малай кылган туугандарыңыз сизди улам-улам эле ура
берет экен, - дедим. Эмне алар жөн эле турсаңыз деле ура береби?
- Урса, урду деп жазам да, - деди Темикем. - Мен бала чакта көп таяк жегемин.
- Ким эле жөн турган баланы ура берсин, - деп тескерилендим мен. Темике, сизде
да бар да. Жөн жүрбөй, урганга жем таштап койчусуз го.
- Сен эски заманды билбейсиң. Эски байлардын пейли-куюн көргөн эмессиң.
Баарыңар билбейсиңер, - деди Темикем менин айткандарымдын жөнөкөй гана
тамаша экенин элес албай.
Кайран киши Темикем өзүнчө бир колориттүү, кайталанбас муундун типтүү өкүлү
эле. Бу жарык дүйнөдө жакшы эле жашап өттү. Эми а дүйнөсүнөн берсин, кокус а
дүйнө чын эле болуп калса.
Салижан Жигитов
ЭЛ АКЫНЫ ЖОО БЕТИНДЕ
Улуу согуштун алоолонгон отторун кечип жүргөн кезинде мага кезиккен жападан
жалгыз кыргыз атуулу эр жүрөк жоокер акын Темиркул Үмөталиев эле.
Улуу Адам жөнөкөй болот эмеспи. Темикем өзүнүн жөнөкөйлүгү, мээрмандыгы
менен бооруна тартып тез эле бир тууган ага инидей болуп кеттик. Салгылашуунун оор
күндөрүндө улуулук кеңеши менен жылытып, кайрат берчү. Согуштан кийин
да ошол мамилебиз солгундаган жок. Асыл агайым жөнүндө көргөн билгенимди
колумдан келишинче кыскарак айтып берүүгө аракеттенейин. Ал жөнүндө өлүм
алдында Темикем менен бирге жүргөн мен айтпасам ким айтат.
... Согуш башталганда сегизинчи классты бүткөн кезим эле. Фронтко жөнөткүлө деп
үстөкө босток сурана бердим. Акыры согушка жөнөй турган болуп Кара-Балтанын
темир жол станциясын карай бет алдык. Жүк ташый турган (товарный) вагондорго
сала турган болушту (ал кезде аны «теплушка» деп коюшчу). Боюм өтө эле кичинекей
болгондуктан «теплушканын» тепкичине бутум жетпей атам көтөрүп олтургузду да
ыйлап жиберди.
Кара бука (паровозду кээде ушинтип аташчу) чоюн «туяктары» менен темир жолду
чапчып, коюу кара түтүнүн асманга бүркө, чиркелген вагондорун сүйрөп батышты
карай жулкунду. Бирок поезд бизди Түркмөнстандын Мары шаарына алып барып
түшүрдү. Ал жерде пулеметчулардын командирлерин даярдай турган окуу жайы бар
экен. Көрсө биз ошол окуу жайына жөнөтүлүптүрбүз.
Мектеп жашындагы балдарды передовойго жөнөтүп алоолонуп жаткан отко
чырпык таштагандай кылбайлы дешкенби, же окуу жайын бүткөнчө кабыргалары
катып, зээндүүлөрү кийинчерээк балким чалгы сапка жарап кетишээр бекен деп
үмүттөнүшкөнбү, айтор эмнеси болсо да сууга агып келатып ташка илинип
калган куурайдай болуп Мары шаарындагы окуу жайында окуп калып бир нече ай
фронттон обочо болдук. Окуу жайынын эки жылдык программасын бир жылга жетпей
бүтүрүп, ийнибизге кенже лейтенанттын жылдызы тагылган күнү согуштун алдыңкы
катарын карай аттандык.
Передовойго жеткенибизде күн кечтеп бараткан. Берирээк жагындагы коктуда
адамдын өлүгү батпайт. Астыларынан кан сыгылып агып жатат. Аны көргөндө денем
«өлүп калды». «Какаганга муштаган» болуп ошол эле күнү фронтко мени менен кошо
кирген классташтарым Апас Ажыпбаев менен Сайлы Адамкуловдордун дайнын таппай
калдым (кайда кеткендерин, өлүү же тирүү экендерин билбейм). «Атадан алтоо
болсоң да ар жалгыздык башка түшөт» дегендей ошондон кийин бир топ жылдар
кыргыз баласына жолуга албадым.
... Күндөрдүн биринде душман адетинче окту жамгырдай жаадырды. Оор
замбиректердин октору, миналар, бомбалар келип түшкөндө жер солкулдайт. Айлана
бир пастын ичинде соко менен айдагандай болуп тилинди. Ошол маалда кайданжайдан келгендери белгисиз, асмандан түшө калгансыган эки офицер биздин окопторубузда пайда болду. Бирөө - орус, экинчиси азиялыктай көрүнөт - шыңга
бойлуу, кара-тору жигит экен (бизге жаңы офицерлер келген экен го деп койдум). Ал
мага жакындап келип: «Казаксыңбы, же кыргызсыңбы?» - деп жылмайды. Далайдан
бери кыргызча сөз укпаган жаным эмне болуп кеткенимди билбей калыптырмын.
Эсиме келе калып: «Кыргызмын», - дедим. Кучакташып көрүштүк. Анан ал өзүн
тааныштырды. Октун чуулдаганы сөзүбүздү угузбай - кыйкырып сүйлөшүп жатабыз.
Менин жөн жайымды билген соң: «О-о, Кара-Балтадан болсоң, мен ал жерде
атчандар полкунда машыгып жүргөм», -деди. Ата-энемди сурап, анан келинчегиң
барбы - дегенде мен уялып жерди карап, башымды чайкадым. Айтаар сөзүм деле
түгөнүп калды. Ошондо да Темикем кетип калбаса экен деп октун жамгырдай жаай
бергенин самап турам. Анан эстей калып Темикеме собол таштадым: «Гвардиянын
канитаны Темиркул Үмөталиев башчылык кылган рота душмандар менен жан аябай
салгылашкандыктары жөнүндө газетадан окуй калчу элем. Ошол сиздин ротаңыз
беле?» - «Ооба. Менин ротам болчу,» - деп жылмайды. «Эмне үчүн болчу? Азырчы?» деп сурадым мен шашкалактап. «Ротаны мен башка кишиге өткөрүп бергем. Менин
акын экенимди билишкен соң дивизиялык газетада иштөөгө которушкан.
Азыр ошондо иштеп жүрөм», - деди. «Баатырдын даңкын уксаң алыстан ук. Жанына
барсаң бир киши», - деген ырас турбайбы деп ойлодум ичимен.
Ар нерсенин акыры болот дегендей октун жааганы басаңдап, алиги офицерлер
кете турган болушту. Темикем мага аманчылык каалап: «Аман болсом мүмкүнчүлүгүм
болгон сайын келипжолугуп турам,» - деп мени кучактады.
Андан кийин нечен жолу жолугуштук. Днепр, Днестр, Прут, Дунай дарыяларынан
жамгырдай жааган октун астында «а кудайлап» бирге өттүк.
Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрия элдерин баскынчьшардан
бошотууга чогуу катыштык. Фронттогу эпизоддордун баарын айтып олтурушка чамада,
чак да келбес, убакыт да жетпес. Ошондо да эсте калгандарынан бир-экөөнү айта
кетпесем болбос. Кырк төртүнчү жыл. Кыш келип калган. Душман Дунай дарыясынын
аркы жээгине бекем чеп куруп алып, бизди ал чепти ала ачышпайт деп ишенишкен
эле. Биз болсок күч топтоп ошол чептин бырын-чырынын чыгарып гитлерчилерди
андан ары сүрүүго даярданып жаттык. Менин взводум биринчилерден болуп жээкке
жетип душманды басып калуу керек болчу. Айтылган күнү даярдыктардын баары бүтүп
сигналды гана күтүп турабыз. Солдаттар тамекини кере-кере тартып, бири-бири менен
коштошуп, үч бурчтук конверттерди эл жерине жеткирүүнү суранышып бул жерде кала
турган почтальонго тапшырып жатышты. Дайындалган саат болгондо биздин
артиллерия ок жаадырып душмандын позицияларын уйпалай баштады. Көзүбүз
тигилип душман тарапты теше карап жатабыз. Түнкү саат экиде атакага өтүүгө сигнал
берилди. Кайыктарга түшүп алып тиги жээкке бет алдык. Адегенде гитлерчилер эмне
болуп кеткенин түшүнүшкон жок. Эсине келген соң окту жаадырбайт бекен.
Парашютка илинип күйүп тура турган ракеталар суунун үстүн күндүзгүдөй жарык
кылды. Миналар, чоң снаряддар келип түшкөндө суу столбадай көтөрүлүп асманга
атылып жатты. Дарыянын үстү учу-кыйры жок сансыз фонтандай болуп кетти: ок тийген
кайыктар чөгүп, жарадар болгондордун ызычуусу... Сууга агып кетип жаткан
жоокерлер андан көп. Кыскасы жай агып жаткан дарыя бирпастын ичинде кыям аткайымга айланды. Бир маалда биздин кайыгыбыздын жанына снаряд келип түшүп
көтөрүлгөн суунун толкуну кайыкты көңтөрүп таштады. Бактыбызга жараша ал жердеги
суу тайыз экен. Аңгыча биздин жаныбыздан өтүп бараткан кайыктан менин атымды
атаган үн чыккансыды. Карасам Темикемдин карааны көрүндү, ал жээкти карай
сүзгүлө дегендей жаңсады.
«Менин артымдан!» - деп солдаттарыма команда бердим да душмандын жээгин
карай сүзүп жөнөдүм. Жээкке жетээрибиз менен гитлерчилерди басып калдык.
Айрымдары окоптордон чыга качышты. Биз аларды күндөп-түндөп бир жума куудук.
Качкандардын карааны үзүлгөндө гана тыныгуу эсибизге келди. Бирок бут
кийимдерибизди чече албай бир топ убара болдук (көрсө бутубуз, чулгоолорубуз, бут
кийимдерибиз - баары бири-бирине чапталышып калыптыр). Жакын жерде турган
Темикем басып келип: «Бая күнү Дунайдан өтүп жатканыбызда менин жаңсаганыма
түшүндүң беле?» - деп күлдү. «Түшүнгөнүм үчүн сиздин жаңсаганыңыздай
кылбадыкпы», - деп мен да күлдүм. «Суунун үстүндө жашына турган жер жок эмеспи.
Ошондуктан ал жерден мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүү керек болчу,» деди да, салгылашуудан да биртоп нерсени үйрөнүүгө болот - деп тамашалады.
... Будапешт шаарын бошотконубузда (ар бир үй, көчө үчүн) бир жарым ай
салгылаштык. Бир үйдү ээлегенибизде душман танкалары менен жакын келип бизди
мээлеп атып жатты. Канчалык каршылык көрсөтсөк да гитлерчилер басымдуулук
кылып, көз байланып калган ченде менин акыркы солдатым окко учуп мен жалгыз
калдым. Эртеси күчүбүздү жыйнап атаканы кайра кайталап алиги үйдү кайтарып
алдык. Ошондо бир абышкага жолуктук Темикем экөөбүз. Ал адам орусча билет экен,
менин мурунку күнү кантип тирүү калганыма аябай таңгалды да башымды
куттуктап бир блокнот берди. Ал кезде түбү спираль менен түптөлгөн блокноттор биз
тарапта жок болчу. «Жашоо деген бүгүн бар да эртең жок дейт эмеспи, Темике. Бул
жерде ар бир мүнөттө «жалп» дей түшүгө мүмкүн эмеспи. Ошондуктан -деп
уланттым мен сөзүмдү, кокустан мен көз жумсам эстей жүрүңүз,» - деп колумдагы
саатымды чечип Темикеме сундум (көзүм да жашылдана түштү окшойт). Темикем
белегимди ыңгайсыздана алды да: «Антпегин. «Кырк жылы кыргын болсо бей ажал
чымын
өлбөстүр»
деген
кеп
бар.
Аманчылыктан
үмүт
үзбөйлү.
чекебизге жазылса эли жерибизге аман эсен жадырап-жайнап барып калгыбыз
бардыр», - деп жооткотту. Ошондо акылман Темикемдин оозуна сала берген экен...
Согуштун узак жолдорунда азап-тозокту көп тарттык. Ошолор жөнүндө Темикем далай
макалаларды жазды («Сколько же их, осколков...», «Ар ким өз жеринде бактылуу» ж.б.
). Кийин мага бир китебин белек кылып берди. Анда Темикемдин мага арнаган
ыры бар экен. Ич жагында өз колу менен жазган мындай сөздөрү турат:
Полковник досума
Осмоналыга!
Днестр дарыясы менен
Будапештеги согуштарда
бирге болгонубузду унутпасаң,
мени да унутпасыңа ишенемин.
Өмүрүң узун болсун!
Автордон
8.02.91ж.
Бишкек шаары.
Согуш басылган күнү биз Австриянын токойлорунда элек. Ал жерде бир нече күн
тургандан кийин курал жарактарыбызды асынып алып, жөө-жалаңдап жергебизди
карай жол тарттык. Походдо жүргөнүңдө уйкуң келип, кирпиктериң бири-бирине
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 21