Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 10

Total number of words is 4290
Total number of unique words is 2144
32.0 of words are in the 2000 most common words
45.0 of words are in the 5000 most common words
51.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
салган. Сени деле ошентип атып салып, басмачы болгон деп койсо, эмне кыла турган
айлабыз бар биздин? Шордуу жетим, сенин алың эмнеге жетет?
Унчукканым жок. Коркуп ойлоно баштадым. Чын эле атып салар бекен? Мен
кичинемин. Басмачы болду дегенине ким ишенет? Бирок корккон, кошомат кылган
кишилер Арстанапы туура кылган деп коюшар бекен?...
Күн батар алдында Акматбек келди:
- Комсомол чогулушун өткөрөбүз, коңгуроо как! Чакыр барын, экинчи класска
чогулсун! - деди.
- Эмне маселе? Бүгүн чогулуш боло турган күн эмес, - дедим.
- Мен Ташкенден комсомол ячейкаларынын иштерин текшерип, жардам көргөзгөнү
келгемин. Мына кагазым, - деп бир орусча жазылып, мөөр басылган күбөлүк кат
көргөздү.
Анысын түшүнгөнүм да жок. Бирок коңгуроо кагып, комсомол чогулушу болорун
жарыяладым. Класска кишилер батпай, тике туруп калышты. Комсомолдо бары да,
жогу да келди. Арстаналынын Сапан орус, Сарыбай, Даңканай, Калдар деген партияда
да, комсомолдо да жок жигиттери да жыгач каптуу маузерлерин жандарына
салбаңдатып байланышкан бойдон кирип отуруп алышты. Комсомолдо жок
мугалимдер да отурушат.
Акматбек өзү эле чогулушту ачык деп жарыялап, президиум деле шайлабастан
сүйлөй баштады.
-Жолдоштор! - деди ал турган элге карап. - Акемди билесиңер го? Арстаналы
Осмонбековду билбеген ким бар? Басмачыларды түп-тамыры менен жоготуп, айланатегеректин барында Кеңеш өкмөтүн орноткон киши. Жаңы заман жараткан, элге,
өкмөткө эмгеги сиңген киши. Ушундай кишини жамандаган болобу?
- Ким жамандап жатат? -деди Чоткара Керимбаев деген мугалим.
- Мына бул, Темиркул жетим, - деди Акматбек. - Кат жазып бузукулук кылып жатат.
Муну комсомолдон чыгарылсын дегениңер кол көтөргүлө!
Бүт отурган эл дуу кол көтөрдү. Комсомолдо бары да, жогу да кол көтөрдү. Сакалы
белине жеткен чоң кишилер да кол көтөрүштү. «Интернаттан да, мектептен да
чыгарылсын дегениңер кол көтөргүлө!» - деди Акматбек.
Бир добуштан кол көтөрүштү.
-Интернаттан берилген кийимдерди чечип берип кетсин дегениңер кол көтөргүлө.
Дагы эле ошол добуштан чечим кабыл алынды.
- Кана, Темиркул! Комсомол билетиңди бер! Кийимиңди чеч! - деди Акматбек мага
карап.
Уйкудан жаңы ойгонгондой көздөрүм ачыла түштү, кандайдыр бир укмушта жок
күч, чечкиндүүлүк, аябагандай кайрат пайда болду мага. Отурган ордуман тура калып:
- Комсомол билетин мен Арстаналынын уулунан алган эмесмин. Ошон үчүн буга
билетимди бербеймин. Комсомолдун өзүнүн уставы бар, жогору жакта райондук,
кантондук комитеттери бар. Жаңы заман, жаңы бийлик орногон. Бай-манаптар өздөрү
каалагандай иш кылышкан заман жер менен жексен болгон. Бул жерде комсомол
ячейкасынын катчысы менмин. Чогулушту мен чакырып, мен ачышым керек болучу.
Мунун чогулушту ача турган кандай акысы бар? Мен чогулушту ачкан жокмун.
Ошондуктан чогулуш болгон жок. Акматбектен башка бир да киши өз пикирин айткан
жок. Тарагыла! Комсомол чогулушу болгон жок, эч кандай чечим да болгон жок.
Темиркул комсомолдон да, интернаттан да чыгарылган жок. Мурункусундай эле
ячейканын катчысы, интернаттын тарбиялануучусу! - деп үнүмдүн бардыгынча өкүрүп
бакырдым.
Отургандар бүт бойдон орундарынан дуу этип турушту, эшикке чыга башташты.
Акматбек кыйкырып «токтогула бир аз, кеңешели» деп жатты. Мен болсом: «тарагыла,
кете бергиле!» - деп жаттым. Кишилер токтошкон жок, эшикке чыгып, тарап кетип
жатышкансыды. Кандайдыр, көңүлүм көтөрүлүп, сыймыктанып калдым. Өзүмдү күчтүү
сезип, менин сөзүмдү деле кишилер угушат турбайбы дедим өз ичимен. Көздөрүмөн
жаш чыгып, толкундап кетти.
- Эмне болсо да болду. Эми атса атып салсын. Менчелик эч ким өлбөптүрбү? дедим.
Элдин барынан кийин эшикке чыксам, «П» тамгасына окшотуп курулган
имараттардын ортосундагы аянтта он чакты киши топтолуп турат. Кыжы-кужу сөз
угулду: «Мейли, окуудан да, комсомолдон да чыкпасын. «Сөгүш берилсин» деп
койгула эң кур дегенде». Акматбектин үнү. Жакын басып бардым:
- Сөгүш керек болсо, өзүң ал ошону! - дедим, чыйралганымдан жазылбай. - Кайсы
күнөөм үчүн сөгүш алам? Карындашыңды малга сатып жатканың жалганбы?
Акматбекти тегеректеп турушкандар мугалимдер экен. Басып кетишти. Акматбек да
үйүн көздөй басты. Менин сөзүмө жооп кайырган жок. Кыжылдашып тургусу келбеди
көрүнөт. Бой көтөрдү окшойт.
Эртеси, кудалары кетишкенден кийин, түш ченде Арстаналы тору жоргосун
алчаңдата бастырып, түз эле ортодогу аянтка кирип келди. Мугалимдер бүт чуркап
чыгышып, биринен бири озунуп учураша башташты. Арстаналы аттан түшкөн жок.
Башында шоңшогой, шалпаң кулак буденовка, шинелчен, жанында маузер. Класстан
чыкпай терезеден карап тура бердим.
- Арстаке! Бизди Темиркул жетим сизге уят кылды. Балалык кылып сизге болбогон
бир кат жазыптыр. Жемелеп жатабыз, - деди биздин директорубуз адатынча мурду
менен кыңылдап сүйлөп.
- Ал кайда жүрөт? Мен аны менен сүйлөшкөнү келдим эле. Аман жүрсө адам болот.
Туура жазган. Анын эмнесине уяласыңар? Азамат, Темиркул! - деди Арстаналы,
жаркылдап күлүп.
Өңүндө капа болгон да, каарданган да, жаман ойлогон да белги байкалбайт.
Чакыртпай эле чуркап чыгып, салам бердим.
- Саламат жүрөсүзбү, Арстаке?
- Айтпадымбы азамат деп, мына өзү келди! -деди Арстаналы. Мындай жүрчү,
жетимче, эки ооз сөзүм бар эле, туугандарча сүйлөшүп алалы.
Тегеректеп турушкандар менен кайырлашып, мектептин сол жагындагы капталга
бастырды. Мен артынан эрчип бастым. Бир аз узагандан кийин токтоп, оң бутун
атынын жалына таштап койду.
- Кечээ жеңең келип, сени болбогон сөздөр менен каргап-шилеген көрүнөт? Катын
да. Ага капа болбо, айланайын! Барын туура жазыптырсың. Иш мындай. Баяс
корбашыдан түшүрүп алган бир Айкашка деген күлүгүм бар экенин сен өзүң деле
билесиң. Миң койго сатпай жүргөмүн. Наманганда бирөөнүн үйүндө
ичип отуруп, кызып калган кезде ушул Чыныбек: «Дос бололу, Арстаке, Айкашканы
мага бер!» - деп калса болобу. Мастык менен: «Сураганың ушул болсо - ал!» - деп
коюп, кийин чегине албай калдым. Чыныбек атты алып кеткен бойдон дайынсыз
жоголду. Беришин берип коюп, ичим күйүп калды. Жакында Наманган шаарында дагы
жолугушканда, мен өзүм:
- Сенде уул бар экен, Чыныбек, менде бир жаман кыз бойго жетип калды.
Достугубуз бекем болсун үчүн куда болсок кантет? - дегемин.
Ал макул деген эле. Жабардын кулагына сөйкө салып кетиш үчүн келишиптир.
Алып келишкенин кайра кетирбей алып калдым. Дагы алам. Айкашканын кунун толук
алып бүткөн кезде: «Азыркы заманга жараша болсун! Балдар өздөрү билишсин, экөө
тең бирин бири сүйүшсө гана той кылалы. Зордоо болбойт», - деймин да, ишти
бүтүрөмүн. Жабар Чыныбектин келесоо уулуна барбайт. Эгер ушул сөзүм ордунан
чыкпай, менин кызым Иренжитке кетсе, сен элдин көзүнчө келип: «Арстаке, сиздин
сөзүңүз да эки болот турбайбы», - деп койсоң, мен өлбөдүмбү. Түшүндүңбү,
айланайын! - деди.
-Түшүндүм, Арстаке.
- Анда кечке жакын биздикине бар, жеңең менен жараштырып коёюн, -деди да,
атына түздөнүп отуруп, жөнөп кетти.
Мен кайра келсем, мугалимдер баягы эле турган жеринде чогуу бойдон турушкан
экен. Мени көрө коюп, утурлай баскан директор:
- Эмне болду? - деди чоочуган түрүн өзгөртө албай.
Төкпөй-чачпай, эч нерсени унутпай, барын айтып бердим. Сармат агай жөн эле
сүйүнүп кеткендей болду. Азыр эле үрпөйүп турган киши жадырай түштү:
- Айланайын Арстакем! Жакшы киши да. Биз коркуп, качан тарс деген үн чыгат деп
калчылдап турбадыкпы. Мектепти имериле бастырганда аябай коркподукпу. Айкөл
турбайбы. Бекеринен ушунчалык даражага жетип, Арстаналы болбогон экен да!
Бар, айланайын! Арстаналы өзү чакыргандан кийин баруу керек, - деди мектепинтернаттын директору Сармат Качикеев.
Кечке жакын бардым. Крепосттун ичиндеги боз үйгө кирдим. Үйдө Уулкан жеңе өзү
эле бар экен. Мени көрө коюп: «Кел, айланайын! Алдагы жерге отура кой! Капа болбо,
кечээ ачуум менен барып, катуу сөздөр айттым. Сени көтөрөт деп айттым. Мен сенин
энеңдей кишимин, анын үстүнө сенин апаң экөөбүз эже-сиңдидей элек, бир айылдын,
бир элдин кыздарыбыз», - деди өтө шашып сүйлөп.
Арстаналы эшиктен келди:
- Кандай Темиш, жеңең менен жараштыңбы?
- Урушкан деле эмеспиз, - дедим мен. - Укапам бир аз ачууланганда, ага мен капа
болгон да эмесмин.
- Айланайын десе, акылы бар тура. - деди Уулкан жеңе мага ыраазы болуп, - ар бир
сөздү орду менен айтканын көр мунун!
Дасторкон жайып, нан, айран, муздаган эт, өрүк, мейиз, конфеттер койду.
Арстаналы жакшынакай маки менен козунун жаак этин кесип, менин астыма коюп
жатты:
-Же! Уялба. Интернаттын оокатынын мааниси жок көрүнөт. Курсагың ачка келип,
жеңең менен доолашып болсо да, үйдө болгонун ичип-жеп тургун!
- Чын эле ошент, айланайын! Эгер мен үйдө жок болсом, аңтарып, ашканада эмне
болсо, ошону жеп кете бер! - деди Уулкан.
Дасторконго бата кылгандан кийин Арстаналы аялына карап:
- Акматбектин кийимдеринен Темиркулга чагы барбы? – деп сурады.
- Бар болбогондочу, - деди Уулкан жеңе, - азыр табамын.
Сандык ачып, жашыл ала кездемеден орусча тигилген күрмө, шым алып чыкты.
Жөн эле мага өлчөп тиккендей.
- Эми, мынчалык болгонго жараша, буту да жаңырсын, - деди Арстаналы, - карачы
тиги бурчтан! Бир ботинка көргөндөй болдум эле?
Жап-жаңы ботинкалуу да болдум. Барын колтугума кысып эшикти бет алганымда,
Арстаналы дагы токтотту.
- Эмне керек болсо, тартынбай келип, айтып тур! Биз тууган болобуз, - деди
эмненидир түшүндүргүсү келип Арстаналы, - азыркы балдар билишпейт. Бүгүн эртең
менен Акматбекке да айттым. Сен Сарыдансың, мен Көчүмдөнмүн. Сары менен Көчүм
экөө тең Келдей деген кишинин балдары. Бир атадан тараганбыз.
Эч нерсе дегеним жок. Унчукпай башымды ийкеп коюп угуп турдум да, үйдөн
чыктым. Кийин аксакал кишилерден сураштырып көрсөм, чын эле жети-сегиз ата
өтүшкөн тууган экенбиз. Ошол жылы, Октябрь айында мени менен бир класста
окушкан Исабек Бөрүбаев жана башкалары болуп сегиз бала күлүңдөшүп, шаарга
окууга кетебиз дешип сүйүнүп жүрүшкөнүн көрүп, таң калдым. Жаңы окуу жылынын
башталганына бир айдан ашып калган.
- Кайда барасыңар?
-Жалал-Абадка барат экенбиз. Ал жерде кээбизди Ошко, кээбизди Ташкенге,
Пишпекке жөнөтөт экен.
- А мени эмне үчүн жибербейт?
- Кайдан билебиз? Директорго бар, ошондон сурап көр. Чын эле сени эмне үчүн
жибербейт?
Сармат агайды шаштырып кирдим.
- Мен эмне үчүн окууга барбаймын? Тигилер менден жакшы окушабы? Менден көп
билишеби?
- А шордуу жетим! - деди Сармат Качикеев. - Шаарга баруу үчүн чөнтөк толтура
болушу керек. Сууну да эч ким сага бекер бербейт. Поездке түшөсүң - акча төлөйсүң.
Чайканага түнөп кетүү үчүн да акча керек. Интернаттын сага бере турган акчасы
жок. Тиги бара жатышкан балдарга ата-энелери бээ сатып, он-он бештен кой сатып,
акча кылып берип жатышат. Сен азырынча тура тур ушунда. Кийин, балким, өкмөттүн
эсебинен окууга жибере турган болуп калаар, ошондо барарсың каалаган шаарыңа?
Оюма Арстакем кылт эте түштү: «Эмне керек болсо, тартынбай келип, айтып тур»
дебеди беле. Жүгүргөн бойдон Арстаналынын үйүнө бардым. Менин бактыма ал
үйүндө экен. Сөз айтпай эле ыйлап жибердим. Менин ыйлаган себебимди уккандан
кийин, Арстаналы бир барак кагазга кат жазып, мага берди:
- Качикеевге бер, бул катты.
Жолдо бара жатып окудум: «Интернаттын бричкасына аттарды чегип, айдоочусунун
жанына Темиркулду отургузуп, Шекинин коргонуна жөнөт! Мен азыр ошол жакка
барамын. Күтүп калбайын, тезирээк барышсын», -дептир. Эч нерсеге түшүнгөнүм
жок, бирок бардым. Арстакем менден мурун жетип, эшиктин алдында күтүп турган
экен. Өзбекче чаар допу кийген кызыл тору жигитти чакырып:
- Бул бричканын үстүнө он чыпта кап алып чыгып ташта! Ооздорун тиге турган
шоона да бер! - деди.
Баары даяр болгондон кийин.
- Тиги Кайырманы билесиңби? Көрдүң беле! - деди мага карап. Анан менин
жообумду күтпөй эле, сөзүн уланта берди:
- Жаңгагы аябай болуптур, бышып төгүлүп турат. Тилиңди алган балдардан бир
тобун эрчитип ал да, барып тергиле! Бул мешокторду толтуруп, жүктөп келип, бул
жерге мына бул акеңе өткөрө бер! Анан өз акчаң менен окууга кетесиң. Түшүндүңбү?
Эки күн эртеден кечке жаңгак тердик. Каптар толоору менен бричкага жүктөп, мен
өткөргөнү кетемин. Калгандар тере беришет. Бричка эки күн ичинде бир нече жолу
каттагандан кийин:
- Эми жетишет, - деди Арстаналы, - калганын эл терип алсын! Өзбекче допу кийген
жигит дептерге жазылгандарды карап, чот кагып эсептеп чыгып:
- Бул жерге кол кой! - деди.
Кол коюп, 147 сом 50 тыйын алдым. Чөнтөгүм толо түшкөндөй болду. Акчалуу
чөнтөктүн астындагы ныптам ысып, өзүм жерге батпай бара жаткансыдым. Арстаналы
арт жагымда турган экен.
- Эми кайда кааласаң, ошол жакка барып окуйсуң, - деди. - Атасы бээ сатып
камынткан баланын акчасы да сеникинчелик эмес. Сен барынан бай болдуң. Мындан
ары жетиммин деген сөздү айтпай жүр!
-Ушунун барын өзүм аламынбы? Бирге теришкен балдарчы? -дедим.
- Алар сенин жолдошторуң, сага жардам кылышты, - деди Арстаналы.
-Унчукпай кете бер. Качикеевге мен айтын койгомун. Алар келерки жылы да,
ушинтип, сага окшогон колунда жок балдарга жардам кылышат. Түшүндүңбү?
-Түшүндүм, Арстаке! Сизге рахмат!
Бир нече күн өткөндөн кийин Жалал-Абадка билет алалбай, Үч-Коргондо, темир
жол вокзалында турсак, кайдандыр Ормотой молдо келип калды. Учурашпай жатып
эле мени жемелеп кирди:
-Абийири жок, уятсыз. Арстаналыга асылыптырсың. Анын кызынан калың жегени
менен сенин ишиң эмне? Арстаналы ким?
Сен кимсиң? Пилге карап үргөн кандек итке окшобой куруп кал десе!
- Оозуңузга карап сүйлөңүз, молдоке! Багыңыз башыңыздан тайганын биле элек
көрүнөсүз? - дедим кишилердин көзүнчө.
Сөз угар эмес. Ого бетер күчөдү.
- Арстаналы деген жарым паша, кыргыздын ханы! Эмне иштесе өз эрки. Сен
кимсиң, куураган куу жетим!
Кайдан келип, качан бул үйгө кирип кеткенин билбейм, вокзалдын бир бөлмөсүнөн
Арстаналы чыга калды. Барыбыз аны менен учурашууга шашылдык. Ормотой
экөөбүздүн кыжылдашканыбызды уккан укпаганын билбеймин. Бирок Ормотойго
карап:
-Темиркул жетимди көрүп турасызбы, молдоке? Өлбөсө мыкты жигит болот. Окууга
бара жатат көрүнөт? Жардам берүү керек. Сизде мунун акысы көп. Жанагы саткан
койлоруңуздун жарым акчасын буга бериңиз! - деди.
- Берем, берем, - деди Ормотой шашып сүйлөп.
Бирок эч нерсе берген жок. Ошол бойдон Арстаналыны эки жылда, үч жылда бир
жолу Оштон, Фрунзеден, Тегенеден, Ак-Суудан көрүп калып жүрдүм. 1931-жылы
Оштон көрүп: «Уккандырсың, Темиркул? Мен сөзүмө турдум. Жабар барган жок
Миркыяска. Фрунзеден уполномочен болуп келген, өзү Кочкорлук Сексеков деген бир
жигитке тийип кетти», -деди. Мен ал жөнүндө уккан эмес болучумун.
- Жакшы болуптур, Арстаке. Бактылуу болушсун! «Кызым алыс кетти», - деп Укапам
капа болгон жокпу?» -дедим.
- Болору болгондон кийин, капа болгондо эмне, болбогондо эмне? Биз менен
кеңешкен жок Жабар, өзү тапты, өзү кетти.
Ошол кезде Арстаналы Ошто областтык жер бөлүмүндө иштеп жүргөн экен.
Кийинчерээк Фрунзеге келип, Финансы эл комиссариатында иштеп жүрдү. Бирок, бат
эле кетип калгандай болду. 1935-38-жылдары Өзбекстанга караган Азирети-Шаа
кыштагында колхоз председатели болуп иштеди. Согуш жылдарында Тегененин
өзүндө колхоз председатели болуп иштеп, экинчи жагынан колхозчулардан түзүлгөн
ыктыярдуу отрядды башкарып, аскерден качкан дезертирлерди кубалап кармап
жүрүптүр.
Ошол кызматы үчүн Ардак грамотасы менен сыйлангандыгы жөнүндө Кыргыз ССР
Жогорку Советинин Президиумунун указын мен согуш бүтөөр астында Австрияда
жүрүп үйдөн барган газетадан окугам. «Кайран киши, дагы эле жоокер бойдон экен!» дегем өз ичимден. Акматбек, Ооганбек деген эки уулу, Жабар, Жамал деген эки кызы
бар эле. Эки уулу тең согушка барып, бири Латвияда, экинчиси Генсбергде
баатырларча курман болушуптур. Ооганбеги учкуч экен, аба согушунда самолөту
менен бирге асмандан күйүп түшүптүр. Балдарынын өлүшкөндүгү жөнүндө
билдирүүлөрдү алгандан кийин бат эле, 1945-жылы, алтымыш бир жашында өзү да көз
жумуптур. «Кайгырганын билдирбей, ичинен түтөгөн киши экен, балдарынын күйүтүнө
чыдабай кеткендей болду», - дешет ошол кезде коңшу отурушкан адамдар.
1946-жылы аскерден бошонуп келгенден кийин айылга барып, жүзгө чыккан, көптү
көргөн, Кудаяр хандын убагында Кокондон окуган Сейиткул молдону көрдүм. Ал киши
мага адамдын өмүр бою ажырабас бир эле жолдошу боло тургандыгы жөнүндө сөз
салып берди: «Байлык кишиге түбөлүк жолдош боло албайт экен. Кызмат даражасы
деле ошондой экен. Адамга адамдын жолдоштугу деле бирде барда, бирде жок экен.
Эч качан чанбаган, башың менен кошо жата турган жолдош эле билим болот экен.
Мисалы, Арстаналы өлөр өлгүчө кадыр барктан калган жок. Өзүнөн кичүүдөн да,
улуудан да «Арстаке» деген сөздү угуп, урмат сыйдын үстүндө болду. Көп окуган, көптү
түшүнгөн киши ошондой болсо керек? Ал өлгөндө тоо кулагандай эле болду.
Кыздары тирүү. Жамалы педагог, өз кезинде атасы крепость тургузган жердеги
Арстаналы Осмонбеков атындагы Ак-Суу орто мектебинин мугалими, окуучу
балдардын ордендер жана медалдар менен сыйланган кадырлуу эжеси. Ташкендин,
Фрунзенин, Оштун, Жалал-Абаддын, Кокондун, Намангандын Аскердик даңк
музейлеринен кызыл командир Арстаналы Осмонбековдун портретин сыймыктануу
менен карап көрөмүн. Кыргыз тарыхынын биринчи томунда да ал жөнүндө бир нече
сөз жана портрети жүрөт. Жүрбөгөндөчү, Кыргыздын Чапаеви да. Өз элинин баатыр
уулу да. Шаарларда көчөнү, мектепти, кыштактарды, колхозду анын атына койсо да,
эстелик тургузса да боло турган. Бардыгына арзый турган киши болгон, кыргыз
асманындагы эң эле жаркырак жылдыздардын бири болгон менин жердешим,
менин агам Арстаналы!
3. ЭСКЕ ТҮШҮРҮҮ
I
Менин өз атам да, чоң атам да акын же ырчы болушкан эмес. Бирок чоң үйдүн жүк
бурчунда бир комуз илинип тураар эле. Аны чоң атам Эсеналыдан башка эч ким
колуна да алчу эмес. Чоң атам өзү болсо күн-түн бирдей жумуштан колу бошобогон
уста киши болучу. Анда-санда гана түш көргөндөй комузун кыңгыратып кала турган.
Чоң энем Каракөз абышкасын тамашалап:
-Баягы эле «Кара теке бой-бой» башка эч нерсе билбегенден кийин жөн эле
койбойбу, -дечү.
- Андай дебе, кемпир. Муну мен Токтогулдун өзүнөн үйрөнгөмүн. Бир келгенде бир
күүсүн үйрөнүп калдым, эми дагы бир келсе, дагы бир күүсүн алып калам. Анан ушул
оңойбу. Жакшылап көңүл коюп, кулагыңды салчы, - деп черте баштачу. Комуздун өзү:
«Кара теке бой-бой, семизинде сойбой, жөргөмүнө тойбой», -деп кишиче сүйлөчү.
- Мына көрдүңбү. Бир эле күү билет дейсиң. Ооба бирөө эле. Бирок кандай күү! деп мактанып койчу чоң атам.
Чоң энем жомокторду, эл ырларын, белгилүү ырчылардын ырларын да көп биле
турган. Бардыгын мага айтып, үйрөтүп отурчу, койнуна алып жатып, түндө да бир
оокумга чейин уктабай кобурап, жомок айтып, мени менен сүйлөшө берчү.
Маңдайдан элик бакырат, Байдын кызы чакырат Барайын десем - ит үрөт,
Барбайын десем - ич күйөт... деген бир сабак ырды бат эле үйрөнүп алып, кайра өзүнө
ырдап берсем, чоң энемдин аябай сүйүнгөнү ушул кезге чейин көзүмө элестеп турат.
«Зээндүү. Өлбөсө киши болот, менин ушул балам», - деп келген-кеткен аялдарга айта
берчү. Өзүнүн ошол «өлбөсө киши болот» деген оюна өзү ишенип алса керек, өзү
билгендин баарын мага айтып берип, бул Жеңижоктун ыры, бул Токтогулдуку, бул
Нурмолдонуку дечү. Анан ал ырчылардын кимиси кайдан экенин, кандай ырчы экенин
айтуучу.
Нурмолдо ушул Ак-Суу кыштагынан болгон, өтө карып, баягы жылы эле дүйнөдөн
кайтты. Жайлоого чыкчу эмес. Сулуу жерге буудай, жүгөрү эгип, бак тигип,
кыштоосунан эч кайда көчпөгөн киши эле. Башкаларды да отурукташууга үндөп жүрүп
өттү. Көчүп жүрүп мүйүзүңөр чыккан жок, тамташ салып, бир жерден турук алсаңар
болбойбу дечү. Бир жылы биз жайлоодон жаңы эле көчүп келип, кыштоого конгондо
келиптир. Түшүп, үйдөн даам татыңыз десем болбой, атчан туруп алып ырдаганы:
Бир жерге бир ай конбогон, Күлү додо болбогон, Буудай эгип, орбогон,
Кампасы данга толбогон, Ат жеми сурап барбаган Бир да кыштак калбаган,
Бак айтпаган элсиңер Башынан кудай каргаган.
- Мына ошондон Үмөталы намыстанып, кайракка болсо да урук чачып, кыштоого
саман, чөп үйүп, орого дан ката турган болду, - дечү чоң энем.
- Нурмолдо кыйын ырчы экен, чоң эне, - десем:
- Ооба, кыйын болгондо да кандай, топ жарган сай күлүк эле да,- дечү.
-Жеңижокчу, чоң эне? Ал да кыйын беле?
-Оо, балам! Жеңижок кармашканын кайсаган кара жаак, кайкы тил деген
ырчылардан болучу. Аны менен айтышып бир да ырчы абийир алган эмес.
- Абдан кыйын ырдаган киши экен ээ, чоң эне. Жеңижок азыр кайда? Тирүүбү же
өлгөнбү? - деп сурасам.
-Сен аны билбейсиңби? Үрүс таякең менен коңшу отурат го? Көргөн сайын сени
астына өңөрүп ары-бери бастырчу эмес беле? Быйыл эле жайлоодо чоң сары ат минип
келбеди беле? - деди.
-А-а, чоң сакал, бакыраң көз чулуу кишиби?
- Ооба, жайкалган сакалы, жайнаган көздөрү бар, - деди чоң энем.
- Ал Жеңижок эмес, Өтө. Үрүс таякем Өтөгө тең келээр ырчы жер үстүндө гана
эмес, айда да жок дейт.
- Ошол өзү. Өтө анын өз аты, ал эми Жеңижок эл койгон аты.
Кээде Токтогулдай ырчы жок дейсиз го, чоң эне. Токтогул кыйынбы же Өтө
кыйынбы?
- Экөө тең астына ат салышпаган күлүктөр. Жеңижок ат үстүндө ырдаганга, бирөөнү
мактап, шарыяттан, пайгамбардан сөз козгоп ырдаганга кыйын. Комуз чертпейт. Ал
эми Токтогул болсо санат, нуска, акыл айткан ырларга кыйын. Эл оозундагы
жомокторду да, нуска сөздөрдү да көп билет. Комуз черткен жагынан болсо ага жан
тең келбесе керек? Комузду кызыл өрүктөн өзү чаап, өзү жасап алат. Комузу кичинекей
эле, колтугуна же койнуна ката койсо, көрүнбөй калат. Токтогул жасаган комузду
керегеге жөлөп койсо өзү эле чертилип, күү чыгып турат. Аябаган сыйкырдуу киши.
Аны бардыгы сыйлашат, кадырлашат. Өзү чүкөдөй кичине болгону менен барааны чоң,
сүрдүү киши. Чындыкты бетке айтып, бей-бечараны жактап ырдаган ырчы.
Ошон үчүн тилинин азабын тартып, болуш-бийлердин каарына калып, алыска
шыбырга айдалып барып келген. Көп жыл бою айдоодо жүргөн.
-Айтып берсеңиз, чоң эне.
- Көп билбейм. Бир аз эле билем, ошону айтып берейин.
Алты аркар жылдыз батканча, Агарып ак таң атканча Алты айланып эмизген,
Алдап тамак жегизген, Кымбат баа кийим кийгизип, Кимдин уулу дегизген,
Айланайын апакем, Апакем аман бар бекен? - деп зар какшаган экен кайран булбул.
- 0, кыйын тура. Токтогул тирүүбү? Кай жерде турат? Эмне үчүн бул жерге келбейт?
- Токтогул тирүү. Кетмен-Төбө деген жерде турат. Биздин жайлоого жакын. Илгери
бир жолу келип, Акжигиттикине, Атанайдыкына жана башка үйлөргө конуп, бир топ
жүргөн. Ошондо чоң атаң күү үйрөнөм деп жанынан чыкпай кошо жүрүп үйрөнгөнү
жалгыз жанагы, «Кара теке». Башка эч нерсе да билбейт, байкушум.
Өзүмдүн апам Кайнар да бир укканын жаттап алган, эл ырларын жана жомокторду
көп билген киши эле. Андан да көптү угуп, көптү үйрөнгөм. Мындан башка чоң
атамдын таанышы Жуман аттуу ырчы киши биздикине көп келе турган. Ал Манас
айтуучу. "Анын Манасы казактын Көкчөсү менен сайышып, ошону жеңип алчу.
Сайышканда да бизге жакын жерде, Нарын суусунун боюнда, «Айдайкактын талаасы»
деп аталган болор болбос жайыкта сайышчу. Мен ошону да үйрөнүп алгамын. Менин
башталгыч мектебим, алгачкы адабий ийримим мына ушулар менен чектелгендей
сезилет.
II
Биздин жерди азыр, Жаңы-Жол району деп жүрүшпөйбү. Илгери Кызыл-Жар
көчмөн болушу дечү. Ырчы, комузчу көп эле болгон. Атактуу Ныязалы комузчу,
Нурмолдо, Эшкожо куудул, Жуман ырчыларга Таластан бала кезинде келип, ошол
бойдон туруп калган Өтө кошулган, Токтогул, Коргол, Курман, Эшмамбет, ал турсун
Айдаралы жөргөлөк деп аталган таластык куудул комузчунун да көп өмүрлөрү биз
жакта өтүптүр. Калык, Алымкул, Атай, Эркесары жана башкалар да биз тарапка көп
келишкен. Мен алардын кээ бирлерин көрүп, ырларын угуп жүрүп чоңойдум. Айрыкча
Коргол ырчы биздин айылдан кетчү эмес.
Токтогулду карыган кезинде эки жолу жолуктурдум. Биринчи жолу 1925-жылы
Тегенеге Айтмырза бийдин ашына барганда көрдүм. Ал кезде мен Ак-Суу
интернатында элем. Чоткара Керимбаев деген мугалим башчы болуп, бир топ бала
аштан жетим акы өндүрүү үчүн барганбыз. Токтогул кечигип, аш башталганына үч күн
болгондо келди. Ошон үчүн аны кыйыкташып, Корголду кыстап ага каршы ырдатышты.
Токтогулду астынан тосо чыгып, Коргол:
Оозуңда бүдүр тишиң жок,
Азууңдан чалыпсың Карыганча топко ырдап
Акылыңан таныпсың.
Таалайы качкан Токтогул
Тарыптыр сенин мүнөзүң.
Алтымыштан ашсаң да
Алиге өлбөй жүрөсүң, -
деп дагы бирдемелерди ырдап жатты. Токтогул ыр менен жооп бербей эле, көр бол,
балам, көр бол! - деп бастырып өтө берди.
Кай бирөөлөр «Токтогул чын эле карыган экен, ырдаша албады», - дешти. Кай
бирөөлөр «Коргол катырды, кыйын экен», - дешти. Көрсө Коргол өз ичинен чыдабай
эле, ырчыларга эчактан белгилүү Карамырзанын Накенге ырдаган ырын кайталап
коюптур. Аны мен кийин түшүндүм. Кечинде Токтогул конгон үйгө кире албадым. Эл
шыкалып калыптыр. Мен тургай, менден чоң жигиттер да кирээрге тешик табалбай,
үйдү айланып, улам бир жерге кулак тосуп жүрүштү.
Экинчи жолу 1928-жылы Сарчечекей жайлоосунда көрдүм. Ал кезде Ош
педтехникумунда окучумун. Жайкы каникулга баргамын. Биздин айыл Токтогулду
атайын чакырышкан экен. Айылдын четиндеги дөбөгө чатыр тигип, ырчыны ошондо
түшүрүштү. Орусча кийинип, чач коюп калган учурум. Болбой эле өтүп барып, Токомун
жанына отурамын. Башка ырчыларга окшоп үй ээсин, анын ата бабасын мактап, тегин
сүрүштүрүп ырдабайт экен, аялын же күлүгүн даңазалап ырдоо жок экен. Отурган элге,
көбүнчө жаш жагына карап, ошого жараша ырдап, комуз чертип, бирөөнү ыйлатса,
бирөөнү күлдүрүп, булбулдай таңшып отуруп таң атырат. Жаштарга көңүл ырларын,
кыз оюн ырларын, эмгекке жана эрдикке шыктандырган ырларды көбүрөөк
ырдаса, улгайган кишилерге санат ырларын, калыстык жана зулумдук, адамгерчилик
жана аргасыздык жөнүндөгү ырларды, элдик дастандарды айтып берет. Өз башынан
өткөндөрүн, ак жеринен Сибирге айдалганын, айдоодо көргөн кордуктарын, кайра
келгиче жалгыз иниси Эшмат менен жалгыз уулу Топчубайдын өлүп,
аялынын эрге тийип кеткенин, энеси Бурманын бир үйдө жалгыз ыйлап олтуруп, эки
көзү тең сокур болуп калганын айтып ырдаганда кары-картаң кишилер, айрыкча өз
тагдырлары Токтогулдукуна окшош кишилер шолоктоп ыйлап отурушат экен.
«Курманбекти», «Кедейканды», «Жаныш-Байышты», «Сарынжи -Бөкөйдү», «Олжобай
менен Кишимжанды», «Кожожаш мергенди» айтуучу.
Ошондо ал биздин жайлоодо жыйырма күндөй жүрдү. Чөп чапканга чөлгө
кетишкен кишилер да бир-эки күндө жетип келишип, Токтогулдун ырын угуп, кайра
кетип жатышты. Күн ачылып, жылуу болуп турганда, чатырдан чыгып, элдин ортосуна
барып отуруп ырдайт. Бир даары жерге отурушат, бир даары алардын артында тике
туруп, дагы бир даары алардын артында атчан турушат. Майда балдар жакын келе
алышпай, элдин эң арт жагында топурашып ары-бери чуркап жүрүшөт. Аны байкаган
Токтогул бир күнү:
- Мага кичине мүмкүндүк берсеңер, бир аз басып, буту-колумду керип-чоюп
алайын. Анан мага жетпей жаткан да эл бар окшойт? Ошолор менен да учурашып
алайын, - деди.
Мен карап турат белем, артынан ээрчип алдым. Бир аз баскандан кийин, Токтогул
колу менен жаңсап, балдарды: «бери келгиле!» деп чакырып алды. Чапанын чечип,
кок чөптүн үстүнө төшөп отурду да: «Кана, кайсы ырды каалайсыңар?» -деди. Эч ким
эч нерсе дебеди. Мен гана: «Кара теке бой-бой», - деп жибердим. Чоң атам, чертип,
чоң энем: «ушундан башка эч нерсе билбейт байкушум. Муну да Токтогулдан
үйрөнгөн», - дегени жадымда турган эле.
Током чын эле ошону чертип, өзү унчукпаса деле, комузу кишиче сүйлөп «Кара теке
бой-бой» деп жатты. Көрсө менин чоң атам эптеп эле үч сөзүн сүйлөтчү экен. Током
колун ойнотуп, бир топко чейин чертти. Комузу тим эле таңшыды. Анын артынан
«Айдаралынын көйрөң күү» деп, бир күү чертти. Тебетейин алып жерге койду, чачын
устара менен таза кырдырса керек. Чөнтөгүнөн көк тукаба допу алып башына кийди.
Анан ичин кыймылдатып, каштарын серпип, ары-бери сүлкүлдөп комузга колун ойното
баштады эле, допусу бир туруп оң кулагында, бир туруп көзүнө, бир туруп желкесине
барып кийилип, тынбай ары-бери жылып турду. Мында да Токтогул өзү унчукпай эле,
комузу:
Менин атым сурасаң
Айдаралы жөргөлөк,
Керегенин түбүнөн
Кирип кетем жөргөлөп, - деп кишиче сүйлөп жатты.
Балдар аябай күлүштү. Анан Токтогул кемселин да чечип, көйнөкчөн болуп отурду
да, балдарды «Мына бул жакка өтүп, менин курсагымды карап тургула!, - деп оң
жагын көргөздү. «Коон үзмөй» деген күү деп черте баштады. Бир кезде «ув!» деп
койсо, курсагы кадимки коонго окшоп түйүлүп чыга калды.
Анан: «Эми бул жакка өткүлө» деп сол жагын көргөздү. Бир кезде курсагы дагы
коонго окшоп томпоюп чыга калды. Балдар аябай күлүштү.
- Эми балдар, мага уруксат кылгыла! Дем алайын. Карыган киши бат эле чарчап
калат экен. Көрдүңөрбү? - деп оозун ачып көргөздү бир да тиши жок, кызыл эт экен.
Сибирде жүргөндө эле карасаң болуп ооруп, тиштери күбүлүп калганын кийин уктум.
Токтогулдун балдар үчүн өзүнчө репертуары бардыгын ошондо көргөнмүн. Ошол,
Токомду акыркы көрүшүм болду.
III
Эң эле кичинекей кезимен ырга шыктуу болсом да, адабиятка кечигип келдим.
Анын себеби: биринчиден - маани берген жокмун, ооба, ырга да ырчыга да маани
берчү эмесмин. Ырларды жатка билүү, ырдап көңүл ачуу, убактыны өткөрүү үчүн гана
керек деп ойлочумун. Экинчиден - окуй баштагандан тартып эле жетекчи, кызматкер
болууну эңсей баштагамын. Чогулуштарда чыгып сөз сүйлөгөндү чоң иш катары
ойлочумун. Чогулуштарга калбай барчумун. Докладдарды, лекцияларды аябай көңүл
коюп угуучумун. Ошто партиянын Кантондук комитетинин секретары Эркинбек
Эсенаманов сүйлөгөндө көз айырбай карап, кулак төшөп, бир да сөзүн кетирбей
угуучумун. Чечен киши эле. Мен да ушундай болор бекемин деп ойлогондо өзүмдүн
кайда отурганымды да билбей калчумун. Жоомарт Бөкөнбаев, Жаныбек Жоробаев
үчөөбүз бир курста, бир партада отуруп окуганыбыз аз келгенсип, жатаканада да бир
бөлмөдө жанаша жатчубуз. Ким болуу жөнүндө сүйлөшкөндө, Жоомарт ошондо эле
акын боломун, кыргыздын Пушкини боломун дечү. Жаныбек - генерал
болом, аскер кызматкери болом дечү. Мен - жетекчи кызматкер болом, Эсенаманов
болом дечүмүн.
Мына дал ошол үчүн дубал газеталарга жазган ырларым, ал турсун «Ленинчил
жашка» жарыяланган ыр менен жазылган фельетондорум өзүмдө сакталбай, ошол
бойдон жоголчу. Бул көпкө созулду. 1931-жылы Фрунзеге келгенде да Жоомарт менен
Жаныбекти таап алып, дагы бирге тура баштадык. Жаныбек комсомолдун Фрунзе
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 11