Latin

Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 17

Total number of words is 4050
Total number of unique words is 2208
29.3 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
48.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Фронтто жүргөндө үйдөн кат алуу өзүнчө эле керемет учур эле, үйгө барып
келгендей болуп каласың. Темикем үйгө, жолдошторуна, бирге иштегендерине көп кат
жазып, ырларын жиберип турчу. Дайыма бирге болгондуктан анын жазган ырларынын
көпчүлүгү менин көз алдыман өтчү эле. Эргүү келгенде бир жерге отуруп алып,
ойлонуп жазуу кайда, жолдо баратып, оозун кыбыратып, бир нерсе сурасаң жооп
бербей, тыныга калганда сумкасын тизесине коюп, кагаздын бетине чиймелей берчү.
Көбүнчө сыя карандаш менен жазчу. Бир нерсе эсиме түшөт. Көбүнчө түн ичинде
жазчу, мен колуман келген жардамымды аячу эмесмин.
Бир түнү окопто жатабыз, кичине тынччылык болуп, жаан дыбырап жаап турган.
Моздоктун алдындабыз. Окоптун алдына саман төшөп, минометтун гильзасына май
куюп, чүпүрөктөн билик чалып чырак жасадым. Чатырыбызды окопко жаап, таякты
палаткага тиреп, тешик чыгарып койдум. Мен Темикемин жанына жатам. Темикем
боортоктоп жатып жазууга киришти. Таңга маал ойгонсом дагы эле жазып жатат.
Окоптон ичи каңырсыган түтүн. Темикемдин бети-башы капкара көө. «О, Темике, эмне
болуп калгансың?» десем, эрөөн-төрөөн албай «эмне болуптурмун?» деп мурдун,
көзүн эки колу менен аарчыды. Эки көзү үкүнүн көзүндөй болуп, мурдунун астында
мурут пайда болуп калды.
Мен боорум калбай күлүп, окоптон сыртка чыга качтым. Бул окуя ушул күнгө чейин
оюман кетпейт. Кээде Темикемди эстегенде ошол көрүнүшү ойго келип «бырс» күлүп
жиберем. Мына ошентип Темикем, көп-көп түйшүктүн, кыйналуунун, туруктуулуктун,
ырга өтө берилүүнүн натыйжасында дайыма алдыңкы линияда жүрүп, ырларын
жазды.
Калинин фронтунда бир аз согушкандан кийин биздин 4-аткычтар бригадасын
түштүккө -Түндүк Кавказга, Моздок шаарынын алдына жиберди. Моздоктун
алдындагы согуш өзүнчө кыямат болду, аны кийин эскерермин.
Кыргыз элинен бизге барган белекти бул макалада айтпай кеткеним туура эмес
болуп калаар. Белек бизге Кавказ тоосунун чокусуна жайгашкан Клинжикн деген
кыштакта берилди. Биздин 4-бригада кеңейип, 108-гвардиялык аткычтар дивизиясына
айланып калган кез болчу. Дивизиянын командири Советтер Союзунун эки жолку
Баатыры Даниловдун башчылыгы алдында белек тапшырылды. Ошондо 4-бригададан
бир аз эле жоокер болдук, бизди бир жерге чогултуп, баарыбызга бир чоң челек сары
май, 4-5 мүшөк колбаса, ар бирибизге бир литрден спирт, экиден посылка беришти.
Сары майды чакалап бөлүп алдык.
Эки ящик посылканы ачсам, бирөөндө чочконун майы экен. Чочконун майын орус
жолдошторго бердик, тамекини сактап жүрүп, нанга алмаштык.
Темикем «Белек» деген ырын жазып, аны Кыргызстанга берип жиберди. Ал ыр
«Кызыл Кыргызстан» газетесына чыгыптыр. Ыр чыккан газетаны Темикеме салып
жиберишиптир. Аны окуп кыргызстандыктар сүйүнгөнүбүздөн көзгө жаш алдык.
Темикемдин ошол «Белек» деген ыры бул:
Байпак келди Ат-Башыдан, Нарындан,
Мээлей келди кой жайылган айылдан.
Жоолук келди Ошто бүткөн шайыдан,
Тегереги жибек менен кыйылган.
Жаңгак келди Арстанбаптан, Аркыттан,
Вино келди көңүлүмдү чалкыткан.
Алып жедим Аравандын мейизин,
Ачып оозун кыздар тиккен баштыктан.
Көмкөрүлгөн чыныдай бар не бир чоң,
Өңчөй кызыл бир-бирине окшошкон,
Буркураган бир жакшына жыты бар
Алма келди Караколдон, Токмоктон.
Сүйгөн сулуу колу менен бергенсип,
Бир мен үчүн бактан үзүп келгенсип,
Алып жыттап ой-санааны унуттум,
Жаш жарымдын төшүн жыттап көргөнсүп!
Ишен, кыргыз, ушул менин саламым,
Белегиңди шаттык менен аламын.
«Куу - дейсиң го, - үйгө кирген ууруну»,
Куумак турсун, кырып бүтүп барамын!
Жалаң эле кыргызстандыктар эмес, бүт жоокерлер Темикемдин ырындагы өзүнүн
сагынган жарын жыттагандай, өзүнүн багындагы алмадан үзүп жегендей, өзүнүн
Мекенине барып, ата-энеси менен учурашкандай болушту.
Азыр мен ар жылы Жеңиш күнүнүн алдында окуткан окуучуларыма «Белекти»
жаттатам, өзүнүн салмактуу, ырга ылайык обон менен келиштире айттырып, 9-майга
салтанатка келген ата-энелерге тартуулатам.
Темикем майданда жүрүп көптөгөн ырларды жаратты, менин эскерүүм алардын
чырпындысы, калган ырларын жазсам түгөнбөйт. Темикем урушта жүрүп эки поэма
жаратты - «Үч баатыр жөнүндө ыр» жана «Кубат» поэмасы. «Үч баатыр жөнүндө ыр»
поэмасында баатыр – Кубат Жуматаев, экинчиси - Асылкерим Осмонов, үчүнчүсү Апсамат Ашырбаев. Кубат жана Асылкерим баатырдык менен өз Ата мекени үчүн каза
болушту.
1980-жылы 9-майга карата 108-дивизиядан калган жоокерлерди Нальчик шаарына
чакырышты, ага 157 киши ар кайсы жерден: Сибирден, Украинадан, Кавказдан ж.б.
региондордон келишти. Кыргызстандан жалгыз эле мен бардым. Темикем бели ооруп
бара албай калды. Жалгыз мен барышымдын себеби дивизия боюнча 3 эле киши
тирүүбүз: Темикем, мен, дагы бир куралдашыбыз, Темикемдин жанында жашайт,
фронтто ал шофер болуп жүрчү, аты эсимден чыгып кетиптир. Темикемдин ага арнаган
«Шофер» деген ыры бар.
Салтанат бүткөндөн кийин Нальчиктин чыгыш жагында, 600 километрге жакын
жердеги Моздоктун алдындагы Станида (мурда ошондой аталчу) - Ишерский деген
жерге келдим. 1942-жылы 9-сентябрда баатыр Кубаттын сөөгүн салтанат менен
Ишерскийдин чыгыш жагындагы Алпатово деген кыштактын четиндеги мүрзөгө
койгонбуз. Нальчикке кетээрдин алдында Темикеме жолугууга келдим. Темикем
«эгерде убактың жетсе, Кубаттын мүрзөсүнө барып, гүл кое кел» деп суранган.
Темикемдин суроосун аткаруу үчүн Ишерскийге кайрылдым. Биз салгылашта
жүргөндө жалгыз кудук бар эле, андан суу ичтим,. Андан чыгып дүкөнгө кирдим. Бир
бөлкө нан алдым, жарымын жеп, жарымын Темикеме берейин деп сактап, баштыгыма
салып алдым. Алпатовдон гүл сатып алып, Кубаттын мүрзөсүнө гүл койдум.
Ошентип 16-майда 1980-жылы эртең менен саат 8де Ишерскийдин кара нанын
көтөрүп Темикемдикине барып, нандын теңин куралдаш курбума бердим. Темикем
жеп бүткөндөн кийин «сенден башка киши муну иштей албайт эле, ыракмат сага!» деп
көзүнө жаш алды. Эмне үчүн муну айтып жатам? Себеби, мен Кубаттын мүрзөсүнө
барып гүл коюу менен өзүмдүн жолдоштук парзыман кутулдум. Темикемдин өтүнүчүн
аткардым.
Эми Темикем башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнүп турганына, анын
артыкчылык жактарына токтолмокчумун.
Биринчиден, Темикем уруш башталгандан бүткөнгө чейин Кара-Балтадан чыгып,
Москванын ар жагына өтүп, Түндүк, Түштүк Кавказды аралап, Калмактын чөлүнө
куйкаланып, Украинаны кыдырып, Бессарабияны, Молдавияны, Венгрияны,
Румынияны, Чехословакияны көркоолордон бошотуп, эки жолу жарадар болуп, өтүгүн
майтыгына басып үйүнө келди. Ал уруштун запкысын өз башынан өткөрдү.
Ал чыгармаларын шырдактын үстүндө, тегерек столдо отуруп жазган жок, уучуунун, ышкырыктын ичинде жазды. Ал мыкаачыларды калем учу менен да, найза
менен да жазалады. Экинчиден, Темикем өзү менен бирге согушка кыргыз, казак, орус
ж.б. улуттардын өкүлдөрүнүн баарынын салымы кандай болсо, дал ошондой суу
кошпостон китеп бетине түшүрдү. Өзү менен бирге согушкан жолдошторунун
баатырдыгын, чындыгын жазган «Үч баатыр жөнүндө ыр», «Кубат» поэмаларын
жаратты. Үчүнчүдөн, Темикемдин жүрөгүнүн илбериңки, назик, боорукерлигине ушул
күнгө чейин таң калам. Ал мени менен жүргөндө арабага түшкөн жок, атка да минген
жок, дайыма жоокерлер менен бирге жатып, бирге туруп, эч бой көтөрбөй, аскердин
ачуу-таттуусуна ар дайым аралашып жүрдү. Өмүрүмдүн эң аягына чейин Темикемдин
басып өткөн жолун элге баяндай бермекчим.
Апсамат Ашырбаев.
ЖЫРГАП ЖАТТЫМ, ТЕМИКЕ!
Ырдан бүткөн кең бөлмөдө термелип,
Жыргап жаттым жүрөк толкуп, бой эрип!
Жыга басып саламдашты мен менен
Жыпар жана Айсулуулар кол берип...
Жатса дагы Ысык-Көлдүн түбүндө,
Жомоктолуп эл оозунда күнүгө.
Кайтпас эрктүү Канышбекке жолугуп,
Таңыркадым баатыр мүнөз түрүнө!
... Дагы далай сонундарга кезиктим,
Көбүн таанып, көбүн көрбөй кечиктим.
Баарын толук жазуу мүмкүн болбоду, Темике!
Жаш калемди эске алып кечириң?!
Таң атканча кыял болду убарам,
Бул бөлмөдө жатканыма кубанам!..
Молдалы
ЖАКШЫНЫН ШАРАПАТЫ
Кызыл-Жар - Аксы багытындагы айтылуу өрөөндөрдүн бири. Башы Бөзбу тоосунан
башталат да, аягы келип Нарын дарыясына такалат. Ал эми өрөөндүн кеңдиги жөнүндө
кеп кыла турган болсок, кечээ эле согушка чейин онго жакын чачкын колхоз орун
алып турган. Мен мына ушул кең өрөөндүн жака жагында туулгамын. Темикем болсо
көкүрөк тараптагы Төө-Жар деген жерде төрөлгөн. Биздин колхоздун эли жаз-күзү
ушул Төө-Жардын билектей суу чыккан булагын байырлап отурар эле. Ошентип, мен
Төө-Жарды бала кезимден баштап билемин. Мен али мектепке кире элек кезимде
түшкүсүн козу-улак сугарганы күнүгө бир маал ушул булакка барчубуз. Мектепте окуп
калган ага-эжелерибиз «Ушул жер жазуучу Темиркул Үмөталиев төрөлгөн жер» деп
калышар эле. Аябай таң кала берчүмүн. Анда мен жазуучу дегенди жерде төрөлбөй
эле, асмандан өзү түшө калгандай элестетчүмүн. Кийин ойлосом мунум баео балалык
сезим экен. Мына ошол пайгамбар катары элестеткен Темикем менен таң калбай
эле бүгүн бир дасторкондон даам сызып отурбайбызбы?! Бирок Темикем менен
жердеш болуп калганыма өзүм да өтө сыймыктанамын. Республикабыздын булуңбурчуна барганда кимдир-бирөөлөр кай жерден экенимди сурап калганда шар эле
«Темикемдин инисимин» дейм. Бул сөз - менин калкка көрсөтөр күбөлүгүм. Ошентип
айтканда өзүмдүн да мартабам өйдөлөй түшкөнсүйт.
Мен Темикемдин өзүн көрө электе, анын «Жеңиш» деген китебин көрдүм. Бетине
Жеңиш ордени тартылган кызыл тыштуу китеп болчу. Колума кайдан жүрүп тийип
калганын билбейм, башыма жаздап жатып окучумун. Андагы ырлардын көбү азыр
да оюмда. Мектепте окуп жүргөндө дубал газетага оюма келгендей эле ойку-кайкы ыр
жазып чыгара берчүмүн. Ал эми чыгарманы туурап жазуу, акындан үйрөнүү дегенди
алгач мен ушул «Жеңиш» жыйнагынан баштадым десем жаңылышпас элем.
Мен
анда
Таш-Көмүрдө
онунчу
класста
окуп
жүргөн
кезим.
Бир күнү түш көрдүм. Түшүмдө менин ырым областтык газетага жарыяланыптыр.
Бирок фамилиям бир аз чаташып калыптыр. Окуп алып ыйлап жатыптырмын...
Басма сөзгө алгач жарыяланып жаткан ырым жөнүндө мынчалык кубанганымдын
жөнү бар эле... Эгерде Темикемдин «Болот чеп» деген ыры болбосо, менин да «Болот
коргон» деген ырым жарыяланбаган болоор эле. Анткени мен Темикемдин «Жеңиш»
жыйнагындагы ошол ырын караманча туурап жазган болчумун. Демек, биринчи
ырымдын жарыкка чыгышында сөзсүз Темикемдин ырынын таасири тийип, акындык
жолго алгач кадам таштаганымды азыр да унутпаймын.
Темикемдин чыгармалары менен дээрлик таанышмын десем - бул апырткандык
болбос. Акындын «Жеңиш» жыйнагынан кийинки менин сүйгөн чыгармам «Жыпар»
поэмасы болду. «Жыпарды» канча жолу окубадым дейсиз. Мен муну кыргыз
классикалык поэмаларынын бири дээр элем. Ал эми «Кызыл-Жар» поэмасынын
жарыкка чыгышы мени сүйүнттү да, күйүнттү да. Сүйүнгөнүм - менин киндик каным
тамган Кызыл-Жар жөнүндө болуп жатпайбы. Бул - дың жер эпопеясы! Кыргыз
поэзиясындагы дыйканчылык жөнүндөгү бирден бир ири чыгарма болуп саналат.
Күйүнгөнүм - Кызыл-Жар тууралуу поэма жазам деп мен да материал топтоп жүргөм
элем. Аны «Алтын топурак» деген ат менен очерк кылып, басмадан чыгардым. Бирок
поэмага айланта албадым. Кандайынан карасам деле Темикемдин «Кызыл-Жар»
поэмасынын көчүрмөсү болуп кала тургандай.
Темикемдин өзүн биринчи жолу Жалал-Абаддагы мугалимдер институтунда окуп
жүргөн кезимде көрдүм. Бул 1952-жылдын сентябрь айы эле. Темикем Төлөн амшиев
экөө Жалал-Абад областына командировкага келишкен экен. Шаардын
мейманканасынан атайын чакырып келип, институтта эки акын менен студенттердин
жолугушуусун өткөрдүк. Өмүрүмдө жазуучу дегенди ошондо биринчи көрүшүм.
Көргөндө да, өзүмдүн агамды, өзүмдүн устатымды көрдүм.
Темикем - ак көңүл, алабарман адам. Ичине кылдай да кир сактабаган, жакшысын
да, жаманын да бетке айткан туура киши. Ырыда ошондой.
Мейли адам катарында болсун, мейли акын катарында болсун, Темикемдин мага
тийгизген таасири чоң. Мен аны эч качан унутпаймын.
Салибай Шатманов
АБАМА!
Ак батаңыз актаймын.
Ат тизгинин тартпаймын.
Антым менин абаке
Акжолумдан кайтпаймын.
Атыңызды туу кылып,
Ар дайым эсте сактаймын!
Тынчтыкбек Нурманбетов
90 жылдык юбилейинде
Эскерүүлөр
ТЕМИКЕМДИ ЖОКТОП
Карачы тагдырдын курч өктөмдүгүн,
Карачы убакыттын өткөндүгүн.
Калкынын кан-жанына сиңип калган,
Бир жылдыз кулап түштү көктөн бүгүн.
Ким эле өмүр бойдон курат шаңды,
Шум ажал билет кыйын, сулатканды.
Кыйлага маалым болгон бийиктиги,
Кыргыздын бир аскасы урап калды.
Сарсанаа бүгүн мени тооруп калды,
Жүрөктү кайгы чырмап ооруп калды.
Күрүлдөп жайдыр-кыштыр агып турган
Кыргыздын бир дайрасы соолуп калды.
Калса да бүтпөй али көп иштери,
Калайык-журт көөнүнө төп иштери.
Чын достор кыйышпайт да, кетти бүгүн
Темикем алар менен көрүшкөнү.
Ташмат Арыков
ТЕМИКЕНИН ЭСТЕЛИГИНЕ
Булбул эле ыр багында сайраган,
Уккан сайын уккуң келчү кайрадан.
Дулдул эле ыр жолунан тайбаган,
Утурлачу чаман гүлдөр жайнаган.
Жоокер эле элин жоодон коргогон,
Жалтанчактык анда такыр болбогон.
Жоокер эле жерин жоодон коргогон.
Адам эле адилетчил, ак көңүл,
Акындыкка арналган да бүт өмүр.
Кол созбогон чарбагына өңгөнүн.
Калыс жанды кантип алды шум өлүм!..
Элге берген ийгиликти, жеңишти,
Элге берген ыр багынан жемишти,
Кош бол, акын! Каалайык-калк келишти
Каалап баары: ыйман менен бейишти!
Кош бол, акын!..
Түмөнбай Байзаков
ТЕМИКЕНИ ЭСКЕРИП
Темикени мен биринчи жолу 1942-жылы январь айында Кара- Балта шаарчасына
жакын жерде жаңыдан уюшулган кыргыз полкунун штабынан көргөн элем. Ал анда
согуштук наамы бар, саясий кызматкер экен. Биз болсок, атчан аскерлерди даярдоо
бөлүгүндө болчубуз. Күндүзү кечке талаага алпарып, курсанттар менен ар кандай
машыгууларды өткөрүшчү. Бизди көбүнчө ат үстүндө баратып кылычты кантип чабууну
үйрөтүп машыктырышчу. Мында да Темикемди дайыма көрүп жүрдүм. Чаканыраак,
тыкчыгый карагер аты болор эле. Атка отурганда жарашып калчу. Тизгинди бир аз
жыйыңкырай кармап, атты текирең-таскакка салып, өзү да ошого жараша кыймыл
жасап кетип баратканын карап калар элек. Көбүбүз мектеп партасынан жаңы эле
туруп келген балдарбыз... Буга чейин газета-журналдардан Темикенин ырларын көп
эле окуп жүргөндүктөн, өзүн мурда көрбөсөк да, аны кадимки эски тааныштай жакын
сезип, кайда жүрсө да ал кишинин соңунан ээрчип карап өтчүбүз. Ал киши менен
жолугуп сүйлөшсөк деп кызыкчубуз, бирок батынып бара алчу эмеспиз. Ошондой
мүмкүнчүлүк кийин болду.
Кара-Балтада машыгуу бүтөрү менен бизди дароо эле фронтко жөнөтө баштады.
Поезд менен Фрунзе станциясынан жөнөдүк. Тилекке жараша, бизди жөнөткөн
поездде Темикем да бар экен, болгондо да кошуна вагондо баратыптыр. Поездде
эмне кылар иш, салар куш, жок да, балдар сүйлөшүп алып, күнүгө Темикенин
вагонуна кирип барабыз. Ал киши да биздин эмне үчүн келгенибизди дароо түшүнөт.
«Келгиле, балдар, отургула!» деп жылуу тосуп алат. Олтурабыз. Аңгемени Темикем өзү
баштайт. Арийне, сөз адегенде жалпы журт башына түшкөн кайгылуу, катаал сыноокаргашалуу согуш тууралуу болот. Ал өзү бизден улуу киши жана командир катары,
жаш да болсок азыр бизге жүктөлүп олтурган ыйык милдетибиз тууралуу акыл-насаат
сөздөрүн айтып, кайрат-дем берип, көңүлдү көтөрүп таштайт. Анын үстүнө жаңыдан
жетилип келаткан жаштык кез, согуштун азап-тозогун туюп биле элекпиз, каякка кетип
баратканды да көп капарга албайбыз... Анан кийинки сөз, сөзсүз эле бирдаарыбыз
кызыгып жүргөн кыргыз адабияты. Кайсы акын же жазуучу эмне жазды, кимдер
фронтко кетти, кимдер калды - кеп ушулар жөнүндө болот. «Эң мыкты жазуучу ким?
деп да сурайбыз. Темике буга так жооп бербейт. «Кийин, балдар, кийин, аны өзүңөр
кийин окуп түшүнүп аласыңар!» дейт, күлүп тайсалдатып. Жазуучулардан тышкары
Темикенин дагы бир эң кызыктуу аңгемеси айтылуу Курманжан датка жөнүндө
бүгүнкүдөй менин эсимде. Ал кишинин таң каларлык өмүрү, ишмердүүлүгү, анын
адамдарга үлгүлүү мыкты сапаттары туурасында узун сабак кеп кылып, жеткире
айтып берген эле. Кыргыз тарыхындагы бул улуу аял жөнүндө мен ошондо
Темикемден биринчи жолу уккамын. Кийин ойлосом, Темике муну бизге бекеринен
эмес, атайы айтса керек.
Дегинкиси Темике жакшы аңгемечи эле. Биз сурайбыз. Ал айтып берет. Ошондогу
ал кишинин айтып бергендери бизге өзүнчө бир окуу сыяктуу болгон. Андыктан, дагы
бир кезектеги жолугушуудан мен Темикеден Жеңижок акын жөнүндө да айтып
берүүсүн өтүндүм. «Эң жакшы билем а кишини, - деди Темике адатынча сөзүн баштап.
-Таякелери Аксылык да. Биздин айылга жакын жерде азыр анын өзү курган коргонунун
орду, тиккен бак-дарагы, эл өтүп жүрсүн деп салган көпүрөсү турат. Үйү жок. Көк-сулуу
деген аялы чынында да келишимдүү, абдан сулуу аял болчу. Башында ал бир байдын
келини экен. Жеңижок көпкө аял албай бойдок жүрүп кал ат. Чү деген эле жерде
аксылык чоң акын Нурмолдону жеңип, «Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышаарга
теңи жок, Таластан чыккан Жеңижок, таймашарга теңи жок» деп айтылып элге
таанылып жүргөн, өзү да киши жылдыздуу адам болгон. Акынды өтө жакшы көрүп
калган манаптар аны «Сен аял ал, кайсы кызды кааласаң, ошону алып беребиз» дешсе,
ал: «Менин ала турганым бирөө эле болчу, бирок ал башка бирөөнүн келини. Өңгөнү
мен албайм» дейт. Колунда бийлик турган манаптар болчубу! Көксулуунун
кайнатасына «Сен келиниңди Жеңижокко бересиң, Жеңижок аны жакшы көрүп
калыптыр. Балаңа ушул чөлкөмдөн каалаган кызды алып берели» деп күчкө
салышат. Тигинин макул болбоско айласы канча. Бирок Көксулуу үйүнөн чыгарда
ызаланган кайненеси каарданып: «Үйдөн аркаң менен кетенчиктеп чыккын!», «Өмүрү
бала көрбөй, куу баш болуп өт» деп каргайт экен. Ошондонбу, жокпу, айтуу кыйын, тек
Көксулуу чынында эле төрөгөн эмес дешет...
Биз ошентип, поездде Темикенин күн сайын аңгемесин угуп, беш-алты күндө
Калинин калаасына келдик. Анда бизди согуштук бөлүктөргө бөлө баштады. Андан ары
жөө кеттик, анткени поезд менен жүрүү мүмкүн эмес болуп калган экен. Немецтик
самолеттор келип, бомбалап тындырбайт, өтө коркунучту дешти. Мен ошол жерде
орустун атактуу чексиз токойлорун биринчи жолу көрдүм. Бир күнү жалгыз таман жол
менен чубап баратсак, жол боюнда бир медсестра кыз менен Темике олтуруптур.
Көрүп, сүйүнүп кеттим. Көрсө, Темикенин эки бутун бирдей баягы армиялык кирзе өтүк
өйкөп салып, жара кылып жибериптир, бастырбай. Кантсе да, башта мынчалык көпкө
жөө жүрүп быша элек, анүстүнө чулгоо ороп өтүк кийип көнбөгөн адам эмеспизби.
Сестра кыз бутунун жараттарына дары сүйкөп, жакшылап таңып берип айтты: «Эми сиз
жөө бассаңыз кайра эле өтүк өйкөйт, андан көрө аркада курал салынган арабалар
келатат, ошолордун бирине олтуруп алыңыз». Темике көшөөрүп болбойт: «Жок,
болбойт, түшпөйм, элдин баары жөө баратса, уялбай мен кантип арабада олтуруп
алам? Кой аныңды!» Ошо бойдон аксак жөө кетти. Ал кишиге менин согуш убагындагы
жолукканым мына ушундайча болгон эле. Андан кийин Темикем менен согуш
бүткөндөн соң гана өзүбүздүн Фрунзеде бир көрүштүм. Бир чети каламдаш, бир чети
майдандаш катары өтө жакын сезип калдым.
Темикемдер анда Южная көчөсүндөгү эки кабат үйдө жашачу. Ал жерде төрт
жазуучу коңшу турушчу: Аалыке, Түгөлбай, Касымалы (Баялинов) жана Темике.
Кийинчерээк акын Кубаныч Акаев кошуна болуп келиптир эле. Мен согуштан жаңы эле
келип, Таласта областтык «Большевиктик туу» газетасында иштеп жүргөм. Ыр жаза
баштаганыма аз эле убакыт болгон. Анча-мынча болгондорун, согуш убагындагы
тааныштыктан улам өз киши катары Темикеме кат аркылуу жөнөтүп турчумун. Ал киши
мен жиберген ырларды топтоп, басмага өткөрүп, кийин алардын «Биринчи жаңырык»
деген наам менен өзүнчө чакан жыйнак болуп чыгышына демилгечи болду.
Биз ал кишинин көзү өткүчө өтө жакын чыгармачылык байланышта жүрдүк. Мен
адам катары да, акын катары да Темикени сыйлачумун жана өзүмдү ал кишинин
окуучусу-деп эсептечүмүн. Таластан Фрунзеге командировкага келгенде биринчи
Темикеге жолукчумун. Ошондо жетимиштерге барып калган энеси болор эле. Арык
кара тору, өтө жупуну, жакшы киши эле. Көп сүйлөчү эмес, бирдеме сурасаң эле жооп
берчү, анык айылдын кишиси болчу. Кызы Жамал анда өтө жаш болчу, болжолумда
төртүнчү класстарда окуп жүрсө керек эле. Темикенин жубайы Зуура жеңе адабиятты
жана жазуучуларды, алардын чыгармаларын жакшы билчү. Колунан берекеси төгүлгөн
даркан, анан сергек адам болчу. Кээ бир кезде шаардын чет жагындагы бактардын
ичине эс алууга чыкчубуз. Зууражеңе Темикени өтө сыйлачу, ал эми кам көрүү
жагынан, өмүрлүк жары эле эмес, энесине да окшоп кетчү. Качан да болсо: «Темиркул,
муну ич, тигини кий» деп баласындай эскертип айтып турар эле. Балким, Темике
мүнөзү жагынан жаш баладай болгон, өз боюна караганды да анча билбеген шашкалак
киши үчүн ошентет чыгар?
Чынында Темикем дүйнөгө бала кыял бойдон келип, бала кыял бойдон кеткендей
болду. А киши өмүр бою канчанчы размер кийим кие турганын да билген жок. Бир
жолу Москвада Кызыл Аянтта баратканбыз, декада учуру болуу керек. Карасам
Темикенин шымынын бир багелеги жерге сүйрөлүп калыптыр, ийинге салган резинасы
чыгып кеткен экен. Токтоңузчу, деп токтотуп, чыгып кеткен резинасын салып, оңдоптүзөп, анан: «Ие, Темике, Сиз канчанчы размер костюм киесиз?» деп сурасам, шашып
калды: «Ыя, канчанчы размер дейсиңби? Кое турчу, кечинде Зукешке (байбичесине)
телефон чалып, анан айтып берейинчи? Мен кийим сатып алганды да билбейт
эмесминби. Зукеш эмне алып берсе, ошону эле кие берем» деп өзү каткырып күлдү,
кайран киши.
Темикенин бала кыялдыгы туурасында Зуура жеңебиздин да айткандарынын бири
эсимде калыптыр: «Бир жолу бир жакка конокко бармак элек, кечигип калыптырбыз.
Шашып чыгып кетүүгө туура келди. Бардык. Столдо олтурабыз. Бир оокумда
Темиркулду карасам мойнунда эки галстук жүрөт. Акырын кулагына шыбырадым: «Ай,
сен эмне эки галстук тагып алгансың?» Темике колу менен мойнун кармалап көрүп
алып эле каткырып күлүп ийсе болобу? Отургандардын баары жабыла карап, алар
дагы аябай күлүштү. А мен ойлогом, эч кимге байкатпай эле, бирөөнү акырын чечип,
мага бере коетко» деп... Кайран кишилер, эркек-аял катары бирин-бири толуктап да,
бирине-бири жарашып да турушар эле.
1946-жылдын кеч күзү болсо керек эле, бир күнү үйгө бирөө телефон чалат, ала
койсом Темикем экен. Көрсө, Таластан чалып жатыптыр. Башта жалаң Фрунзеден
сүйлөшчү элек. Бир чети таңыркай түштүм. Кубанып көрүштүк. Шашпай, эркинче
сүйлөшүп, төрт-беш күнү бирге жүрдүк. Таластык жаш акындар менен жолугуштук. Көп
ирет ырлар окулду. Баса, ал кезде акын Молдогазы Токобаев да Таласта болчу, а киши
обкомдун биринчи катчысы болуп иштечү. Кийин билсем, Темикени да «келип кет»
деп, ошол киши чакырган экен. Бир күнү Темике менен бирге Молдогазы аксакал да
биздин үйдө конокто болушту. Экөөнүн көңүлдөрү жакын, жакшы жолдоштор
турбайбы, өткөндөрдү эскеришип, ар түрдүү тамашалардан айтып, жакшы олтурушту.
Анда биздин тун кызыбыз Зулайка бир жашка жаңы эле чыгып, тамтуң басып жүргөн.
Темикем ага арнап ошол жерден эле ыр жаза коюп, окуп берди. Эсимде калганы бул:
Зулайка деген суп-сулуу,
Жааган кардай аппак кыз.
Издеп жүрүп биз муну,
Фрунзеден таппаппыз.
Ошондо Темикени туулган айлыма алпарып бир аз эс алдырып келейин деп, оюмду
өзүнө айттым. Молдогазы аксакал дагы барсаңар мен машина берейин деген.
Шашылыш жумуштар бар, анүстүнө Зукеш күтүп калат» деп макул болгон жок.
Таластык жаш акындар кыйылып жатып, араң узаттык.
Темике кыргызга атагы дүңгүрөгөн чоң акын гана болбостон, өтө кичипейил, ак
көңүл жана жумшак да киши эле. Ошондуктан, анын тегерегине жаштар, айрыкча жаш
акындар көбүрөөк топтолушчу. Ата Мекендик согуш окуялары жөнүндө сүйлөгөн
учурларда өзүн нак фронтто жүргөндөй сезип, каны кызып, толкундап кетчү. Же
болбосо, айрыкча жетимчилик өмүрүнөн сөз козгоп калса да, аны узакка түгөтчү эмес.
Көрсө, жаш кезинде акын кордукту аябай тарткан экен. Малай болуп кой багып, колубутун чор басып, көзүнөн жаш куюлуп далайды көргөн. «Мындай кордуктан мени
кийин гана Совет бийлиги куткарды жана акын да кылды» деп, өзү көп айтчу.
Ооба, Темикем ушундай өтө жөнөкөй, таза, карыга да, жашка да жакын адам
болчу. Ал ошол бойдон миңдеген окуучулардын да, аны жакшы билген, аны менен
бирге жүргөн калемдештери биздин да эсибизде калды. Бул чакан макалада мен
көбүнчө Темикенин адамдык жагдайындагы айрым окуяларды гана эскерип
өттүм. Анткени, анын акындыгы жөнүндө мурда дагы макалаларымда жазгам,
ырларды да арнагам. Алардын бири – төмөндөгү чакан ыр Темикенин көзү өткөндөн
кийин жазылган эле. Бул эскерүүнүн этегине аны да берип коюну туура таптым.
ТЕМИКЕ
Ал каякта!
Турбайт беле кечээ эле.
Көк боектуу дарбазанын түбүндө.
Эки көзү өткүр карап көчөнү.
Ой дүбүрттөп, ыр жамгыры түрүндө?
Ал каякта?
Жолукканбыз кечээ эле
Ичтен жаттап, ырын жаңы жараткан,
Жалгыз өзү борбордук чоң көчөдө,
Жемин алган бүркүт окшоп бараткан.
Кээде чыгып, көрүнчү эле балкондон
Чабытоого алыс күндүн нуруна.
Бүркүт окшош, мында келип бир конгон...
Анда неге кайтпай калды тууруна?!
Сүйүнбай Эралиев
АСЫЛ АКЫН, АСЫЛ АДАМ
Мен Темиркул Үмөталиевдин атын айыл мектебинде окуп жүргөндөн баштап
укканмын жана билгенмин. Анын көп ырларын гезиттерден, журналдардан, окуу
китептеринен окуур элек. Айрыкча согуш мезгилинде акындын аты элге ого бетер
таанымал боло баштады. Анын ырлары «Кызыл Кыргызстан» гезитине көп чыгар эле.
Биз кан майданда согушуп жүргөн мезгилде да анда-санда колубузга тийип калган
гезиттерден Темиркул Үмөталиевдин ырларын окуур элек. Согуштан мурда патриоттук
ырларды жазып жүргөн акын, согуш башталары менен ошол ойлорун, мындайча
айтканда эл коргоо, мекен коргоо жөнүндөгү ойлорун иш жүзүнө ашырып, колуна
курал кармап, согуш өртү жалындап турган жерде эл алдындагы өз парызын аткарып
жүргөнүн анын ырларынан билип, акынга ыраазы болоор элек. Демек, акын
окурмандарды жел сөз менен алдабай, эл алдында, мекен алдында өзүнүн
граждандык да, акындык да милдетин аткарганы айрыкча биз өңдөнгөн майданда
жүргөн жоокерлерге дем берип, акындын ар бир сөзүнө ишенимди арттырар элек.
Көп жылдардан кийин Темике бир маектешүүнүн учурунда кан майданда жазган
ырларын дароо почтага салып, ошол кездеги «Кызыл Кыргызстан» гезитинин
редактору Мукамбет Дөгдүровго жиберип турганын, ал ырлар колуна тиери менен
Дөгдүров Темикенин ырларын гезитке жарыялап турганын, солдат гимнастеркасына
салып жүрүп, майданда жоголуп кеткен кээ бир ырларын Темике кийин ошол гезит
беттеринен таап алгандыгын кубаныч менен айтаар эле. Кан майданда жүрүп биз
окуган Темикенин ырларынын ичинен «Келипмин», «Коркпо, достор, тайманба!»,
«Белек», «Жер күйүп жатат» сыяктуу ырлары жоокерлердин көңүлүнө таасир
калтырып, алардын кээ бирлерин жаттап да айтып жүрүшкөнүнө күбөбүм. «Жердин
бетин кызыл жалын каптады, койдой жайнап танк тебелеп таптады. Баарынан да өтүп
кетти жаныма, биздин жерде биздин кандын акканы» деген ыр саптары согушта
жүргөн жоокерлердин намысын күчөтүп, душмандарга карай кыжырын кайнатчу.
Темиркул Үмөталиев фашисттерге каршы өзү гана согушпай, анын күжүрмөн акындык
сөзү да согушкандыгына бул айтылган ойлор далил. Демек, ал кан майданда өзүнүн
жоокерлик да, акындык да милдетин катар аткарган. Кызыл өрттүн арасында, ажал
арбашып жүргөн жерде жазылган ырлар аркылуу Темиркул Үмөталиев өзүнүн элинин
калың катмарына кеңири таанылып, чоң абройго ээ болду. Атын алыстан, бала
чагымдан угуп, ырларын зор канааттануу менен окуп, бирок, өзүн бир да көрө элек
акын Темиркул Үмөталиев менен согуш бүткөндөн кийин, 1946-жылы ноябрь айынын
аяк ченинде Фрунзе шаарында жолуктум. Кыргызстан комсомолунун IV съездине Ош
областынан делегат болуп келген болчумун. Съезд жүрүп жаткан учурда биринчи жолу
Аалы Токомбаевди, Темиркул Үмөталиевди, Кубанычбек Маликовду көрдүм. Танапис
учурунда Темиркул Үмөталиев менен кездешип, бир аз сүйлөшүп турдук, мен да
майданда жүргөндө ыр жазып, кээ бир ырларымды Жоомарт Бөкөнбаев журналга
жарыялангандыгы жөнүндө айтканымда, Жоомарттын мезгилсиз көз жумганына
кейип, ырларды дагы жаза беришимди, жазгандарымды жазуучулар Союзуна жиберип
туруумду айтты. Ошол бойдон Темике менен кайра 1947-жылы жаш жазуучулардын
республикалык биринчи кеңешмесине келгенде жолуктум. Өткөн жылдагы жолугуу
эсинде экен. Менин ыр жазганымды улантып жатканымды билип ыраазы болду,
кеңешмеде талкууга коюлган ырларыма башка жазуучулар тарабынан айтылган
пикирлерди кунт коюп угуп, ал ырлар жөнүндө өзүнүн бир топ пайдалуу пикирлерин
айтты. Менин бир топ жаңы ырларымдын республикалык гезит, журналдарга
чыгышына Темикем жардам бергени менин эсимден чыга элек. Адабиятка алгачкы
кадам шилтеген темир канат жаш жазуучуга ошондой колдоо көрсөтүп, жөлөп-таяган
Темикеме андан бери жарым кылым өтсө да ыраазы болуп, анын поэзия, акындык
чебердик жөнүндөгү кеңештеринин пайдасы мага тийгендигин канааттануу менен
ойго саламын.
Москва шаарындагы Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүп келген
соң, «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеп жаткан мезгилимде
Темикем менен чыгармачылык байланышым ого бетер күчөдү.
1958-жылдын май айында Фрунзе шаарында бак-дарактар жашыл жалбырак
жамынып турган мезгилде Темикенин 50 жылдык мааракесин майрамдадык.
Ал кезде жазуучулардын мааракесине арнап атайын чогулуш өтчү эмес. Темикелер
турган Дзержинский бульварындагы 3- номерлүү чоң үйдүн короосунда сый тамак
уюшулуп, ага республиканын көрүнүктүү жазуучулары, коомдук ишмерлери катышып,
Темикенин адресине жүрөктөн чыккан жылуу сөздөр, каалоолор биринин артынан
бири айтылып жатты. Мен Темикеме арнап жазган ырымды эл ортосуна салып окуудан
ийменип, кызыл булгарыдан жасалган папкеге салып, өз колуна тапшыргам.
Ал ыр «Акын агам Темиркулга» деп аталган болучу. Кийин менин тандалма
жыйнактарыма жарыяланып жүрдү:
Күн болбосо, гүлдөр кайдан жайнасын,
Гүл солуса, булбул кайдан сайрасын.
Жай артынан тили катып акын куш
Жашын төгөт табалбастан айласын.
Ал булбулдун ыры түгейт жайында,
Араңарда асман-жердей айырма.
А Сиз болсо аяз күнү ыр менен
Аппак карды айлантасыз жалынга.
Ырыскылуу Ала-тоолук элибиз,
Ыр кениңиз, ышкы берчү демиңиз.
Чырпык чымчып алты жума сайраган
Чымчык акын Сиздин эмес теңиңиз.
А Сиз болсо, Темике,
Акынысыз акыйкаттуу замандын,
Асылысыз, булбулусуз адамдын,
Адам үчүн таңшып сайрай бериңиз!
Менин ошол каалоом жүзөгө ашып, Темикем кыргыз эли үчүн узак жылдар бою
элдин корком табитин кандырып сайрап берди.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар, прозалар, арноолор - Темиркул Үмөталиев - 18